Latin

Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 4018
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1804
32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Китеп суроолор дүйнөсүнө, ар түркүн укмуштуу окуяларга бай саякат жасоого
чакырат, суроолорго жооп издеп, аларды табуу оюнун баштайт. Китептин
каармандары: Алиса, анын досу Додо, пудель Геркулес, космостук келгиндер жана
көптөгөн чоң жана майда жандуу жана жансыз заттар — көргөндөрүн ар кыл
өлкөлөрдүн жана доорлордун окумуштуулары, жазуучулары жана философтору менен
талкууга алышып, нерселердин түпкү маңызына кыялдануу саякатын жасашат.

КИРИШҮҮ:
СУРООЛОР КАНДАЙ БОЛУШАТ?
Алиса жайкы күндөрдүн биринде дарыя кылаасында отуруп алып ойго батты. Ал
кээде, кыла турган башка иши жок болуп калса, ушинтип отура берчү. Азыр болсо,
каникул убагы эмеспи. Алиса көк асман, аккан суу, учкан куш жана чымынчиркейлерди карап отуруп, мындай ойго келди: «Дүйнөдөгү нерселер ушунчалык ар
түркүн дейсиң, бири бирине дегеле окшобойт — түсү, түзүлүшү, жыты боюнча ар
башка; чоң-кичине, өлүү-тирүү, жандуу-жансыз, тикенектүү, одуракай жана сыйда
болушат. Мен булардын кантип ушундай болуп жаралгандыгы жөнүндө бирдеме
уккам, бирок анын баары чындап эле ошондой экендигине кантип ишенмек элем?»
Алиса ушул ойлорунун акырына чыга электе анын жанына жыла басып, улуу да
болсо досу Додо келип калды. Аны бул ат кайдан чыгып, эмне маани берери жөнүндө
ойлонбой туруп эле ушинтип атап алган. Жашы Алисадан үч эседей чоң эле, анын
дегеле бу дүйнөдө билбегени жок болучу. Алиса аны баарын — дегеле бүт-бүт баарын
билет деп да ойлогон. Бирок, мына бул окуяга күбө болгон ар бир адам дүйнөдө бүтбүт-бүт баарын билүү мүмкүн эмес экендигине көзү жетет. Додо чындап эле көптү
билчү, эң башкысы, мурда өзү билбеген нерселерди билип алуу колунан келер эле. Ал
эми мындай жөндөмдүн ээси болуш чындап эле, бир чоң сырдын ачкычы колунда
болгон менен барар эмеспи. Анын азыр, ойго батуунун эң оор учурунда жанына келе
калганына Алиса абдан сүйүнүп кетти.
— Айтчы Додо, мен атомдун түзүлүшү, аталык менен энелик, күн системасы жана
ак сөөк билимдарлардын нака өкүлдөрү жөнүндө бирдемелерди уккам жана окугам.
Мунун баарына макул эле дейли, баары жакшы, акылга сыярлык, бирок алардын
чынында эле ошондой экенин кайдан билем? Мен аларды эч качан көргөн эмесмин
да, эмне үчүн мен мунун баарына өз көзүм менен көрбөй туруп ишенишим керек? —
деп сурады Алиса.
— Көрдүңбү Алиса, бир нерсеге ишенүү, же ишенбөө адамдын өзүнөн гана. Эч
кандай далил сурабай туруп, эмне айтсаң, ошого ишенүүгө даяр турган адамдар да
бар. Ал эми экинчи бирөөлөрү өз колу менен кармап көрмөйүнчө, өз көзү менен күбө
болмоюнча түк да ишенишпейт, — деп жооп берди Додо.
— Бирок, Додо, мисалы, атомдорду кантип көз менен көрүүгө, кол менен кармоого
мүмкүн, алар эң эле майда, көзгө, колго илинбеген нерселер чыгар?
— Ооба, бул маанилүү суроо, Алиса, бул абдан олуттуу суроо. Кел эми, экөөбүз
мындайча макулдашалы: сен адегенде мага ишенүүгө тырыш, анан сен экөөбүз
нерселердин түпкү маңызына кыялыбызда саякат жасап чыгабыз. Андан кийин сен
менден мунун баары курулай фантазия эмес, жаратылыш өзү ушундай түзгөндүгүн сага
кандай жол менен болсо да далилдеп берүүмдү талап кыласың. Сен суроо бересиң,
мен болсо, жооп берүүгө аракеттенем. Сен ички туюмуң менен кеңешип, сени
ишендире алдымбы, же жокпу — аны түшүнүүгө далалат кыласың. Бул аягында
талкуулоо үчүн кино көргөн сыяктуу иш болот.
—Абдан жакшы, Додо, мен макулмун. Бирок бир суроону мен сага азыртан эле
берип алгым келип турат. Айтчы, эгерде кимдир бирөө көрүлгөн фильмди талкуулоого
калгысы келбесе, ал акырын гана туруп кетип калса болот да, ээ?
— Албетте, Алиса, ошол кимдир бирөөң кааласа, кетсе кетип калар, бирок сен үчүн
андай жол жок — биз экөөбүз элебиз да, эгерде бирибиз эле кетип калсак, анда
кандай талкуу болмокчу?
Алиса муну менен макул болбой коё алган жок. Дегеле талкуу деген сөзсүз
зериктирме болуш керек деп ким айтыптыр? Ар кандай талкуунун сапаты барып-келип
эле ал талкууга катышкан адамдардын жеке сапаттары менен аныкталат. Кызык
суроолорду таап бере билген адамдар бар, бир нерсени кызыктуу кылып айтып
берүүгө жөндөмдүү, бирок ушул саатта эмне жөнүндө аңгемелешүү баарынан артык
экенин дайым эле түшүнө бербеген адамдар да болот. Ошондуктан жакшы талкуу бул
— эң көп ар кыл адамдар катышкан талкуу. Алардын башына түрдүү-түркүн нерселер
келет, алар болсо, ошол нерселердин баарын айтышат жана талкуулашат. Байыркы
гректер талашкан эки кишинин жеңилгени утушка ээ болот — анткени ал өзүнүн
билимин арттырып алат деген.
Деген менен, кандайдыр бир талкуу, сөз, талаш-тартыш башталыш үчүн кимдир
бирөө бүйүр кызыткан кызыктуу бир суроо ташташы керек.
— Билесиңби, Додо, мен мурда суроо берүү ушунчалык маанилүү иш экендигин
ойлобоптурмун, ал эми аны кантип берүүнү да билиш керек экендиги жөнүндөгү ой
башыма келген да эмес. Менин суроолорум өздөрү эле бериле берет, алар тим эле
оозумдан атып чыгып турат, чыкканда да ушунчалык тездик менен чыгат — акылдуу
же дөдөй суроо экендиги жөнүндө ой жүгүртүүгө жетише албай да калам — мүмкүн,
берүүгө арзыбаган уят суроодур.
— Алиса, сен акылдуу суроону дөдөй суроодон ажыратып алуу дайым эле оңой
деп ойлойсуңбу?
— Кандайча, Додо, өзүң деле эң соңун билесиң, кээде болот го: суроону берип
коюп карасаң тегеректин баары күлүп жатат.
Додо өкүнүч менен үшкүрдү да, табышмактуу жылмайып койду, анан мындай бир
окуяны айтып берди.
Миссионерлер Африкадагы байыркы абалында сакталып калган бир уруу
адамдарынан сурашыптыр: «Шамал эмнеден болот? Ай кайдан жаралды? Жылдыздар
неликтен жымыңдашат? Аксакалдар көпкө чейин унчугушпайт, жооп бергилери
келбейт, акыры мындай сурактан кутулуунун башка айласын таба албагандыктан,
мындай дешиптир: «Ал абалтан эле ошондой болуп келген жана дайыма боло берет,
ошондуктан «эмне үчүн», «неликтең» деген суроолорду эң бир дөдөй кишилер гана
берет».
— Эх, Додо, мейли, дөдөй эле болоюн, айтчы, баса, шамал кайдан чыгат? Мен
мурда эмнегедир бул жөнүндө ойлонбоптурмун, бул жөнүндө башка бирөөлөрдүн да
сураганын көргөн эмесмин.
— Эмне, Ай жөнүндөгү суроо кызык эмеспи? Жылдыз жөнүндөгүчү? Чагылган
менен күндүн күркүрөгөнү жөнүндөгүчү? Неликтен чагылган дайыма ийри-муйру
болуп түшөт? Дагы суроолор жөнүндө — дегеле суроолор кандайча болот?
— Жок, Додо, минткен жарабайт. Сен мага дайыма адегенде бир ишти бүткөрүп
туруп, анан экинчи ишке өтүү керек деп айтуучусун. Мен шамалдын кайдан чыкканын
билгим келет. Эгерде жаш балада бир нерсени билүү үчүн кызыгуу пайда болсо, аны
ошол замат канааттандыруу керек го, туурабы?
— Бул дагы бир башка суроо, Алиса сулуу, болгондо да абдан олуттуу суроо, а сен
болсо аны суроо эмес, жооп сыяктуу кылып айтып жатасың. Кел, мындай кылалы:
шамал жөнүндө бир аз кийинчерээк сүйлөшөлү, азыр болсо, сен менен бирге дегеле
суроолор кандай болору тууралуу ой жүгүрткүм келип турат.
— Макул, Додо, кечирип кой. Сен экөөбүз башында сөздү акылдуу жана дөдөй
суроолор жөнүндө баштабадык беле, андан кийин гана сен мага алиги байыркы шамал
жөнүндө айтып бердиң. Ошентип, мен баштадым. Суроолор: дөдөй, мажес, күлкү
келтирерлик, балача, акмактай, орунсуз, кызыктай, одоно, чакырык...
— Эмнени чакырат?
— Эмне — эмнени?
— Эмнени чакырат? Эмнени, же кимди чакырат бул суроолор?
— Билбейм, Додо, коё турчу. Алар жөн эле бир нерсеге чакыруучу суроолор —
андайлар чакырык таштайт. Демек, мен уланта берем. Суроолор: акылсыз, зөөкүр,
кычыкы, көйрөн, чымчыма, куру чечен, акылдуусунган, талкалагыч...
— Токто. Токтой тур, Алиса. Кандай балакет. Келчи, мен айтып көрөйүн. Ошентип
суроолор: маанилүү, татаал, олуттуу, маселелүү, тематикалык, изилдөөчүлүк,
жетелеме, кошумча, тактагыч, машыктырма, терең, илимий, турмуштук,
философиялык...
— Суроолор: каргашалуу, кара сааттуу, көз ачырбас, ыңгайсыз, маанисиз, кокус,
«орунсуз»..
— 0, Жараткан! Алиса! Бул эмне деген? Эмне үчүн сенин башыңа дал ушул сөздөр
келет? Орунсуз деген сөз түбүндө эмнени түшүндүрөт — туура эмес дегендиби? Анда
туура суроолор кандай аталат?
— Мен сага, айтканымды өз кулагым менен укканга чейин эмне айтарымды эч
качан өзүм билбейм деп түшүндүрдүм го, Додо, «Эмне үчүн?» деген да суроо эмеспи.
«Эмне үчүн, качан, кайда, неликтен, кантип, кандайча?» жана да «Бул эмне?», «Муну
кандайча түшүнүүгө болот?», «Эмнеси менен айырмаланат?»... Додо, байкашымда
мен токтоно албай баратам.
— Алиса, сен экөөбүз суроо безгеги менен ооруп калдыкпы деп корком,
билишимде бул оорунун дарысын али эч ким таба элек. Менин оюмча, биз
суроолордун так ачык-айкын, так айтылган, түбөлүктүү, убактылуу; алдамчылар,
крокодилдер жана селсаяктар жөнүндө; ай, бөлүкчөлөр, жылдыздар... туурасында
суроолор болорун түшүнсөк гана бул оорудан сакайып кетебиз деп ойлойм.
— Додо, мен коркуп жатам. Тезирээк, тамашалап жатам де да, токтотчу.
— Мен эч кандай тамашалаган жокмун, Алиса. Суроо безгегин илим сакайта
албайт, бирок байыркы табыптар анын таасирдүү дарысын кокусунан ачып алышкан.
Ал мындайча: адегенде, мисалы, мындай суроо бересиң: «Эмне үчүн кар ак да, суу
тунук?», же дагы: «Эмне үчүн ак булуттар ак да, кара булуттар кара?», же дагы бир:
«Өлүү нерсе тирүүдөн кантип айырмаланат?»
— Додо, мен сенден суранам, токтотчу. Булардын баары мен үчүн да абдан кызык,
бирок коркуп жатам, менимче, сен ошол суроо безгегинин коркунучтуу талмасына туш
келип калдын окшойт.
— Коркпо, Алиса. Суроо берип аласың да, ага жооп берүүгө аракеттене баштайсың.
Бул нерсе эки гана нерсе менен бүтүшү мүмкүн: биринчиси — ошол замат айыгып
кетесиң, же болбосо, бул оорунун өнөкөт түрүнө туш болосуң, мына ошондо ал сени
өмүр бою, тээ... жеткенче, артыңдан калбай, кээде бир аз басыла калып, кээде
эпкиндеп күчөп кетип коштоп жүрө берет. Сен экөөбүз ар кандай: балача туура эмес,
орунсуз жана да соңун, акылман, өткүр... суроолорду коёбуз талкуулайбыз.
— Кой, бүттү, бүттү, Додо, биринчи бапты баштайлы. Албетте, суроодон
баштайбыз. Акырында айтып коёюн, канткен менен кай бир маанилүү нерселерди
түшүнүп алдым: суроолор Алисача, Додочо болуп да бөлүнөт.
1-БАП
ДҮЙНӨ ЭМНЕДЕН ТУРАТ?
— Додо, айтсаң, бардык телолор, заттар, буюмдар — баары бирдей
бөлүкчөлөрдөн туруп калышы таң каларлык ээ? Сары түстүү ыпысык күн, мупмуздак
агын суу, шак-бутактуу дарак, менин сүймөнчүктүү үйкүчүгүм Геркулес жана да мен
өзүм — койчу, деги ушунун баары түпкүлүгүндө бирдей, орток, бөлүкчөлөрдөн
турабы? Ушуга кантип ишенүүгө болсун?
— Анда эмесе, Алиса, экөөбүз макулдашпадык беле. Кел эми, бардыгына өз көзүбүз
менен күбө болууга аракет жасап көрөлү.
Алиса өзүнүн өткөн жашоосунда — мурдагы китеп боюнча — ар кандай түргө
келип, түрдүү-түркүн кубулуп турууга, өзгөчө тулку боюн өзгөртүүгө көнүп бүткөн.
Дайыма эле же чоңоюп, же кичирип турууга туура келе берчү. Дүйнөдө бардык
нерсенин, жада калса анын өзүнүн да баарына орток болгон кипкичинекей
бөлүкчөлөрдөн турарын мындай кубулуусуз көрүүгө мүмкүн эмес экендигин түшүнчү.
Бирок Алиса кайра кайткыс чечимге келди: бул сапар эч кандай самса, козукарын,
белгисиз бирдеме куюлган шише идиш дегендер жарабайт — бул ашмалтайы чыккан
алхимиянын баары анын көңүлүнө качан эле көк таштай тийген (Алиса дайыма эле
чыныгы бийкечтердей сылык-сыпаа сүйлөчү эмес, бирок сүйлөгөндө эч качан жаман
сөздөрдү колдончу да эмес, андай сөздөрдү жек көрчү).
Өзүнүн турпатын жана башка көп нерселерин өзгөртүп кубулуунун акыл-эс аркылуу
жасалчу бир гана жолу бар. Ал — кыялый элестетүү жөндөмүн бир аз көбүрөөк
иштетүү. Мына эми Алиса менен Додо дарыя кылаасындагы баягы сүйлөшүп
отурушкан жеринен кол кармашкан бойдон учуп чыгышты, жол ката улам кичирейипкичирейип отурушуп, дарыяга ылдам, бирок бир калыпта учуп келишти.
Додо менен Алиса бөлүкчөлөр дүйнөсүн көрүү үчүн эмне себептен сууну тандап
алышканы так белгилүү эмес, бирок бир божомолдун туура чыгып калышы толук
ыктымал. Европа табият таануусун негиздеген Миллеттик Фалес дал ушул сууну
бардык нерсенин негизин түзгөн зат, башка нерселердин баары келип чыккан эң
жөнөкөй башат деп эсептеген. Грекче бул «стойхейон» — «алгачкы негиз, элемент»
деп аталган, ал эми орус тилинде буга эң эле жакын «стихия» деген сөз бар.
Фалестин окуучусу жана досу Анаксимандр бул ойго таянуу менен, бардык
нерселер өз алдынча турганда эч бир сапатка ээ болбогон бирдемеден турат деп
болжолдогон. Муну грекче бир сөз менен «апейрон» деп атаган. Дүйнөнүн көзгө
көрүнүп турган көп түрдүү нерселери кандайдыр бир жол менен мына ушундан гана
жаралат деген. (Баса, өз ордунда жетишерлик деңгээлде бек турган нерсеге гана
таянып, андан түртүлүп чыгууга мүмкүн эмеспи).
Бирок Анаксимандр көп эле алдыга жүткүнүп кеткен эле — анын досу жана
окуучусу Анаксимен, артты көздөй кылдат бир кадам таштады: ал бардык нерсенин түп
негизи, эң жөнөкөй элемент болуп аба эсептелет деген божомол айтты. (Аба көзгө
көрүнбөйт (турабы?), бардык жандуу нерселер үчүн (бардыкпы?) аба зарыл, канткен
менен бул турмушта бар нерсе, кайдагы бир ойдон чыгарылган апейрон эмес да).
Анаксимен өзүнүн досун абдан жакшы көргөн, көп жагынан ага милдеткер болгон,
бирок чындык издеп, ал өз жолу менен кеткен. Муну Анаксимандрдын өзү да туура
түшүнгөн жана жактырган. Аба элеби? Мына дал ошол абанын өзүндө Алиса менен
Додо улам кичирейип-кичирейип, алга жылуу улам кыйындап бара жатканын сезип,
дарыяны көздөй учуп баратышты.
Алиса адегенде жанынан өткөн килейген бир петродактилге — байыркы учуучу
курбакага окшогон Мокочоңу көрүп, коркконунан жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Алиса
аны, албетте, эч качан көргөн эмес, себеби алар алда качан кырылып жок болуп, бир
да ажайыпканада сакталып калбаган. Ал анын сүрөткө түшүрүлгөн сөлөкөтүн гана
көрүп, минтип ойлогону эсимде: «Эгерде адамдардын бири да эч качан муну
көрүшпөсө, анын сөлөкөтү кандай экендигин кайдан билишти?»
Бирок бул сапар анын укмуштуу божомол ой жооруп отурууга чамасы жок эле:
адегенде ал чочуп кетти, анан сыр билгизбөөгө аракет жасады, андан соң, эсине келе
түштү — бир жөнөкөй эле таранчы чымчык эмеспи — кызда тааныш эле нерселерди да
адаттан сырт көз караш менен көрө билүү тажрыйбасы бар болучу. Бирок негизги
кыйынчылык канаттууларда эмес эле.
Элестеткиле: Алиса дарыяны көздөй учуп бара жатат, эч кимге тийиштик кылган
жери жок, ошентсе да бир маалда капталына дегеле катуу түрткүнчүк жейт.
Алиса тарбиячы жакшы кыз, ал, албетте, мындай дейт:
— Апей, кечирип коюңуз — бирок эч кандай жооп болбойт, ылдам алыстап
бараткан чоң, менменсинген, тоголок шарды гана көрөт.
Алиса учуп бараткан багытын аргасыздан өзгөрттү да, башка бир белгисиз тарапты
көздөй сызып баратып, капилеттен дагы бир шар десе шар эмес, кандайдыр бир
кулактары бар шумурайга барып урунду.
— Кечирип коюңуз, — деди Алиса жанагы шумурайга, ал эми тиги болсо заматта
житип жок болду. Андан соң Алисанын кечирим сурагысы да келбей калды:
мейкиндик тим эле жык-жыйма экен...
Жок, жык-жыйма дешке да болбойт, ээленген мейкиндиктен көрө бош жаткан
мейкиндиктер көп болучу, албетте, ал бацилл бактериясы эмес дечи, бирок кандайдыр
бир кулактуу жана кулаксыз шумурайларды тим эле шыкап койгондой эле. Кээде
шарлар туш келет, кээде болсо, каракатицалардын эң татаал түрү... Мына ушулардын
баары бардык ойго келген жана келбеген багыттарга тынымсыз учуп, бири-бирине
Алисага урунуп учуп жатышты...
... Мына эми гана жанында Додонун жок экендигин биле койду. Алисанын абалы
анчалык эле адам сүйүнөрлүк эмес болучу: туш тараптан болгон түрткүнчүктөр
белгилүү бир багытты көздөй, дегеле кайдадыр түз учууга мүмкүнчүлүк бербей жатты.
Бул бөлүкчөлөр жамаатында урундудан урундуга чейин гана жашап, анын
ортосунда күү менен учуп гана жүрүүгө туура келди. Эч ким ага атайын жамандык
кылайын деген эмес, Алисага келип урунганга чейин аны эч кайсынысы көргөн да жок.
А мүмкүн эң эле өкүнүчтүүсү ушундадыр — алар үчүн кызбы, же кандайдыр бир
дардайган сегиздикпи, же акмактай болгон шарбы, алар үчүн бирдей болучу. Бул
шумурайлардын жана каракатицалардын баарына кайда учуу, ким менен кагышып
калуу сыягы, таптакыр эле баары бир эле.
Додо да жакын жерде жок. Алиса ушунчалык кыйналып, жалгыздыктын кусасын
тарткандыктан, не болсо да досун көрүү үчүн бирин-экин туура суроолорго жооп
берүүгө да макул эле.
Кыйынчылык башка түшкөндө Алиса дайыма өзүнө төмөнкү суроону берчү: Менин
ордума Мэри-Энн болсо, эмне кылмак?
Мэри-Энн анын ордунда өзүн өзү кандай алып жүрөрүн ачык-айкын элестетүүгө
жетишкенден кийин гана ал дайыма тигинин тескерисин жасоо керек экендигин
түшүнчү. Бирок, тилекке каршы, ар бир абалда анын тескерисин жасоо деген эмне
экенин аныктоого дайыма эле жетише алчу эмес.
Мына, мисалы, Алиса Мэри-Энндин ушул кырдаалда өзүн жоготуп, дүрбөлөңгө
түшөрүн арийне көрдү, албетте, Алисага антүүгө эч качан болбос эле, бул түшүнүктүү,
бирок Алисага бул шартта кантүү керек экени таптакыр түшүнүксүз болучу.
Ошентип, бул суроого такыр жооп таба албаган соң, Алиса капаланып, сегиздиктер
мененби, шарлар же каракатицалар мененби — кайсы бөлүкчөлөр менен көбүрөөк
түртүшүп жатканын санай баштады. А эмне үчүн абада ар кандай шумдуктуу нерселер
көп?
— «Эмне үчүн абада» дегениң эмнең? Сен эмне жөнүндө айтып жатасың деги? —
деп, капыстан эле сегиздиктердин бирөө сурай салса болобу, — Мына биз баарыбыз,
мейкиндикте учуп, түртүшүп жүргөндөр абаны түзөбүз, абанын өзү ошол.
— Эмне үчүн алар мынчалык көп түрдүү? — деп ойлонду Алиса. Бөлүкчө ошол эле
замат жооп берди:
— Не дегенде, биз кандайдыр бир жөп-жөнөкөй нерсе эмеспиз, биз молекулалар
жана атомдорбуз — дээрлик татаал бөлүкчөлөрбүз.
— Мына сага, — деп ойлонду Алиса, — көрбөйсүңбү, алар татаал экен. Анда алар
эмнелерден турат?
Алиса кандайдыр бир таң каларлык нерсе болуп жатканын, бул таң каларлык
нерсенин кандайдыр үч катмардан турарын сезип жатты. Эң таң каларлыгы молекула
анын оюн түшүнө коюп жаткандыгы да эмес эле, Алисаны баарынан көп таңдантканы
анын кайсы бир жолдор аркылуу молекулалар менен кагышып гана тим болбостон,
алар менен маалымат алышууга үлгүрүп жаткандыгы болду.
— Демек, биз аба менен эмес, молекулалар менен дем алат турбайбызбы, — деп
көңүлсүз ойлоду Алиса, — А эмне, сөзсүз эле дем алыш керекпи? Эсимде, мен
кайдандыр бир жерден кислород өмүр үчүн керек дегенди уккам, бирок эмне үчүн ал
бизге таасир кылат, бул жагын жакшы элестете албайм...
Кардан тургузулган башы жок чоң айкел сүлпөттүү бир бөлүкчө Алисага урунган
соң, өтө эле жайбаракаттык менен андан алыстап баратты. Жашоонун мынчалык
жайма-жай жүрүшү жанагы тез келип урунуп, кайра тез кайткан, айрыкча акыркы
учурларда караманча кутула албай койгон тири укмуштардан таптакыр айырмаланып
турду. Муну Алиса: «Убакыт, дал ушул убакыт гана бир шойкомго учурады» деп чечти.
Негедир анын агымы акырындагандыктанбы, же жөн эле Алисага кислород жетишпей
жаткандыктанбы, — ал эми кислороддун эмне үчүн керектиги түшүнүксүз бойдон кала
бербедиби, — кандайдыр баары туш тарапка калкып, сүзүп жок болуп жатышты.
— А эмне үчүн мынабу татаалсынган молекулалар жерге түшүп кетишпейт? — деп
ойлоду Алиса, акыркы эркин жыйнап туруп. — Кантип эле алар түшпөй калсын? —
кайдан-жайдандыр Додо келип урунду ага. — Эмне үчүн түшпөсүн, булардын
тынымсыз кылган иши бир гана ошол болуп жатса?
Алиса сүйүнүчтөн өрөпкүп, дагы адашып кетпес үчүн Додонун колунан бекем
кармады да, кантсе да айтты:
— Деги булар кайда гана учушпайт — өйдө, капталдай, ылдый да — бирок аны
жерге түшүү десе болобу?
— Туура, алар, албетте, туш тарапка учуп жатышат, бирок ошол эле убакта алар
дайыма түшүп жатышат — жердин тартылуу күчү таасир этип жатпайбы. Эгер алар
түшпөсө, дегеле кайдадыр белгисиз жактарга учуп кетмек да. Салмактын күчү дайыма
бардык бөлүкчөлөрдү жерге түшүрүүгө мажбурлайт, ал эми бул акылга коошпогон
чалды-куйду баш аламандык бөлүкчөлөрдү бүткүл космос боюнча тегиз аралаштырып,
аларды дайыма тегиз чачып турат. Айтмакчы, «газ» деген сөз дал ошол «хаос» деген
грек сөзүнөн келип чыгат. Хаос — бул толук иретсиздик, азыр эле сен экөөбүз
ынангандай, газ анчалык деле иреттүү болбойт.
Канткен менен бул түртүшмөлөрдүн баары Алисанын эсин эки кылды. Ал отуруп,
оюн иреттеп алса жакшы болорун сезип жатты.
—Демек, кислород — газ, тетиги мүчөлөрү чыгып турган тайтак буттуулар да,
балким, кандайдыр бир газды түзөт, анда аба эмне болуп калды?
— Аба болсо, ал — газдардын аралашмасы, Алиса, — деп ички сезим негедир
акырын жана жоошута айткандай болду. — Баары жакшы, Алиса, баары тынч, баары өз
жайында. Кыйшайып бир аз уктап ал. Алдыда дагы көп кызыктар жана кыйынчылыктар
бар.
Алиса адегенде каршы болуп, кобурай берди — биз апейрон издеп, сууну көздөй
учпадык беле, ал эми мында болсо, Анаксимен өзүнүн абасы менен каракатицалар
жана көмүр кычкыл газ (али эч кандай көмүр кычкыл газы болгон эмес, кудай акы жок
болучу, ал жөн гана чаалыккандан айтып жатат), бирок көздөрү сүзүлүп бараткан,
убакыт жылбай эле акырын нымтырап бараткан. Өлчөөсүн эч ким албаган бир канча
убакыт өткөндөн кийин Алиса Додонун колун бек кармаган боюнча уктап калды.
Кыңкайып демекчи, бул жерде ички сезим көңүлдөгү каалоосун акыйкаттык менен
чаташтырып алды — ал жерде — ободо, эч кандай кыңкая койчу жер жок эле — анын
ордуна Алиса менен Додо дарыяны көздөй, кандайдыр кереметтин күчү менен ошол
газ аралашмасынын бөлүкчөлөрүнө кабылбоонун амалын кылып, шар жана бир
калыпта каалгып кетип баратышкан. Мүмкүн ушундай сыйкырдуу, ошол замат уктатып
салчу күчкө Додонун аңгемеси ээ болуп жаткандыр. Ал акырын, бирок эргүү менен суу,
байыркы мезгилдер, философтор жана окумуштуулар жөнүндө айтып жатты.
Архимед Сиракузада жашагандыктан, суунун жайын абдан жакшы билген. Сиракуза
биздин эрага чейинки үчүнчү кылымда, ушу азыркы сыяктуу эле порт, кеме куруу иши
өнүккөн шаар болгон. Деңизде тээ атам замандан бери эле кемелер сүзүп жүрүшкөн,
көп болбосо да айрымдары чөгүп да кетишчү, эгер оодарылып кетсе, бүттү, деңиздин
түпкүрүнө кетип, анын олжосуна айланчу. Анда-мында адамдар да чөгүп кетчү. Ал эми
сууга ыргытылган таш болсо түз эле деңиздин түбүнө чөгүп калчу. Оор жез идиштер
абдан кызык чөгөр эле — алар адегенде кораблдар сыяктуу эле сүзүп жүрө алышчу,
оодарылганда гана чөгүп кетишер эле. Акырындап, ичиндеги абаны булк-булк эте
чыгарып жатып, суу түбүнө кетчү.
Адамдар чөө-жайын өздөрү түшүндүрө албаган буюмдарды да жасай билишкен —
бул Архимед үчүн адамдарды акылга келүүгө чакыруу болгон. Кудайлар адамдарга
алардын акылына баш ийбеген: кеме, кумура, же жөнөкөй эле ашканада пайдаланчу
идишти жасатып, адамдар менен колундагы оюнчуктай кылып ойноп, көңүл ачып
жаткандай эле. Суу өзү да табышмак, аны жандыруу, кандайча түзүлгөндүгүн чечүү
аябай зарыл болучу. Ушунун баарынын эмдигиче аткарылбай келе жаткандыгы
(Фалестең бери 300 жыл өттү) дагы Архимед үчүн андан бетер — бейтартиптик жана
милдетин аткарбагандык болуп көрүнгөн.
Ошентип, күндөрдүн биринде Архимеддин акылына сыйкырдуу окуяларга окшогон
жактары көп бир иш келди. Сиракузанын төбөлү, Архимеддин тууганы Гиерон
зергерлерден өзү жасаткан таажысын алды. Аны жасоо үчүн эң мыкты алтындын бир
топ үлүшү сарп кылынган эле. Аны кийип көрүп, Гиерон эмнегедир алтынынын туура
жумшалганына шектенип калды. Кыязы, зергерлердин кабак-кашы жакпай калган го,
мүмкүн алардын көздөрү ойноктоп тургандыр. Ал эми төбөлдөр ар замандарда адам
табиятын мыкты билген инсандар болушкан, же өздөрүн ошентип санашкан. Кандай
болсо да, Гиерон шек санап калган соң, Архимедден ушул алтын деп эсептелген
тажыда күмүштүн аралашмасы барбы? деген маселени чечүүсүн өтүндү.
Архимед бул маселеге акыл-оюн бүт үрөдү. Мунун өзү бул маселени кантип чечүү
жөнүндө баш көтөрбөй ойлонуп жүрүү дегендик эмеспи. Албетте, эргүүнүн болушу
чыгармачылык иште белгилүү, ал гана эмес, чоң роль ойнойт дечи. Бирок адегенде
маселеге акыл топтоп, эгерим, капилет келип калган эргүү болсо, иш үстүнөн тапкыдай
болуп акыл иштетип жүрүү керек.
Архимед кайсы бир күнү күл менен самынданып алып ваннага түштү.
Эгерде Алиса ойгоо болсо, ал мына ушул жерге сөзсүз суроо бермек:
— Кызык го, күл Менен самынданууга кантип болсун?
Анда Додо жооп бермек:
— Ал кезде самын чыга элек болучу, азыр ал анчалык мааниге ээ эмес. Андан
аркысын ук.
Архимед ваннага чөмүлдү да, ойлуу бойдон кайра көтөрүлдү. Анан ваннага дагы
отурду. Суу анын аракетине жараша өзгөрө берди: Архимед отурганда өйдө чыгып,
турганда төмөн түшүп жатты.
Алиса мына ушул жерде сөзсүз төмөнкүлөрдү айтмак:
— Эмне экен? Суу ваннадан ашып төгүлүп жатат. Бул шектүү таажы да эгерде накта
алтындан жасалса гана сууну ваннадан ашырып жиберип, эгерде андай болбосо, суу
ордунда кала берет бекен. Өмүрүндө жок дегенде бир ирет бир нерсени башынан
баштап аягына чейин ойлонуп көрүү керек да! Эмне үчүн ушундай болуп жатат, эмне
үчүн кайсы бир телолор чөгөт да, калгандары чөкпөйт, суунун өзү кандайча түзүлгөн
жана зергерлер канча алтынды кымырып алышты? Антпесе, дайыма бир нерсени айта
эле беришет: Архимед жылаңач бойдон Сиракузанын көчөлөрүндө «Эврикалап!»
кыйкырып, чуркап жүрүптүр. Айтчы, Додо, чындап эле ушундай болгонбу?
Додо, чындыгында Алисаны уктап жатканын, булардын эч нерсесин айтпаганын
эсинен чыгарып салып, «эврика» деген сөз байыркы грекче «таптым» дегенди
билдирерин, албетте, атактуу окумуштуу жана падышанын тууганынын шаардын
көчөсүндө жылаңач жүгүрүп баратканын элестетүү кыйын, ошентсе, көңүл эргиген
учурда ар кандай болуп кетиши ыктымал экендигин, кантсе да, уламышта дал ушундай
айтыларын сүйлөп берди.
Архимед деги легенданын кишиси болгон — анын өмүр жолу, өлүмү да жаны
легендалардын жаралышына негиз болгон. Архимед римдиктер Сиракузаны басып
алып жатканда өлгөн. Ал бир маселе жөнүндө терең ойго батып, кумга чийме түшүрүп
жатыптыр. Римдик жоокер Архимедге кылыч көтөрө чуркаганда окумуштуу башын
көтөрүп: «Чиймемди бузуп жатасың, арыраактан өтчү, суранам» дептир. Турмуштагы
көнүмүш жөнөкөй чындык менен дайыма эле дал келе бербесе да уламыштарда
кандайдыр бир терең акыйкаттык бар. Архимед өлөрүнө жакын калганда
туугандарынан мүрзөсүнүн башына цилиндрге түшүрүлгөн шар тургузуп, анан алардын
көлөмдөрүнүн катышын жазып коюусун өтүнүптүр.
Алиса бул катыштын эсебин чыгарууга аракеттенип жатып ойгонуп кетти. Тагыраак
айтканда, эсеп чыгарып деле эмес, муну чыгара билгендер кандай жол менен иштерин
элестете албай жатып, демек, акыйкатын айтсак, терең, бирок натыйжасыз ой
жүгүртүүдөн улам ойгонуп кетти.
— Албетте, сөздү суюктуктардын табиятынан баштоо керек, Архимед өзүнүн «Сууга
чөкпөгөн телолор жөнүндө» деген чыгармасын дал ушундан баштаган. Архимеддин
ою боюнча, суюктук бири-бирине эн эле жакын турган, бирок тийбеген, биринен бири
эркин жылмышып турган кичинекей бөлүкчөлөрдөн турат.
Алисанын абалы мурдагыдан жакшырып кеткен жок. Кысталыш убакта
жүргүнчүлөр жык толгон автобуста бараткандай абалда эле.
Мурда болсо, тынымсыз уланган түрткүнчүктөрдөн кутулууга мүмкүн эмес эле,
бирок араларында инерция менен болсо да учууга мүмкүн болучу. Эми болсо туш
тараптан: жогортон да, төмөнтөн да өңчөй шалпак кулактар гана тегеренип, оолжуп,
бийлей калып жана кулактарын кыймылдатып баары бир учурда, туш тараптан каптап
— эгерде автобуска салыштырууну улантсак, бардык жүргүнчүлөр бир эшикти көздөй
жүткүнгөнгө окшоп жатты.
Француздар айткандай, ар кандай салыштыруу бир жеринен аксап турат, а бул
болсо дегеле көп жагынан аксап жатат, анткени тигилер чыны менен эле ыкчамдык
менен туш тараптан агып келишти, бирок эч кандай чыга турган жер жок эле.
Анткен менен кандайдыр бир эшик, балким болсо керек, антпесе, суунун
молекуласы, апей кечиргиле, шалпаң кулактар, абада кайдан пайда болуп калсын? Суу
менен абанын чек арасына Алиса түшүндө учуп баргандыктан, аны абдан аныктап көрө
албай калган.
— Додо, мага бул жер анчалык жакпай турат, — деди Алиса.
— Дайыма артыңа кайрыла жүр, бирок артыңа кайтып кетпе, — деп, бир аз
коошпосо да (ким билсин) философторчо үн кошту.
— Менин артыма кайтайын деген ниетим жок, Додо, сен экөөбүз элементардык
бөлүкчөлөрдү издеп жүрбөйбүзбү, ал эми бул жерде болсо, дээрлик татаал, кулактуу
молекулалардын өңчөй эле карбаластоосу жана түртүшмөсү (мүмкүн — түртүшүүсү
жана карбаластоосу) экен.
—Сен да ушул кулактардын ээсисиң да! — деди капыстан жандата түртүп өткөн
молекула, кыжырдана кулактарын кыймылдатып. — Сен өзүңдү да күзгүдөн карап
көрсөң! Сенин өзүңдө эле билесиңби, алардын канчоосу бар экенин?
— Алар дегениң кимдер?
_ Биз, ким болмок эле? Колум бар, бутум бар деп ойлойт, ал эми электрондук
микроскоп менен карасаң — карандай эле суу.
— Кантип, карандай суу?
_ Ошентип эле — адам денесинин сексен пайызын суу түзүп турат.
Же токсон пайызын беле, так эсимде жок.
_ Көлөмүнүн пайызыбы, же салмагынынбы? — Додо иш билги адамча тактады.
—О койчу эми сен, дегеле акылдуусуң. Кана эми, мындай тур, — молекула андан
ары чайпала, бийлей жөнөдү.
Канткен менен сууда күзгү сыяктуу кандайдыр бир сыйкыр бар. Күзгү балдарды
жана акындарды сыйкырлап салат, суу-күзгүдө чагылган жээк бойлогон жаратылышты
чексиз тиктеп олтурса болот. Ал эми бир фильмде ажал резина калпактарды кийип
алып, колду алдыга сунган бойдон тиги дүйнөгө өтүп кетет — ал күзгүгө сууга
түшкөндөй чөмүлөт.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 02
  • Büleklär
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4018
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1804
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3994
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1694
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4044
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1680
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1835
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3946
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1827
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3783
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1835
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3928
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1762
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3937
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1919
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3923
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1988
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3781
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.