LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 10
Süzlärneñ gomumi sanı 3923
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Будда күн сайын эртең менен окуучуларынын алдына келип, өзүнүн окуусунун
маңызы жөнүндө бир сааттан айтып жүрдү. Бир күнү ал негедир окуучуларына колуна
гүл кармап келди. Чыкты да үн катпай тура берди, болгону гүлдү улам-улам мурдуна
жакын алып келип, анын жыпар жытынан рахат алып жатты. Ошентип, бир саат өттү.
Будда кетти, окуучулары болсо, анын муну менен эмне айткысы келгендигин
билишпей аң-таң калышты.
Ошентип, алардын ичинен Кашьяна аттуу бирөө мындай деди:
— Мен бул окуунун маңызын түшүндүм. Окутуучу бизге окуунун чыныгы маңызы
гүлдүн жыпар жыты сыяктуу эле көзгө көрсөтүүгө мүмкүн эмес экендигин билдиргиси
келиптир. Окуунун чыныгы маңызын жалаң эле сөздөрдүн жардамы менен берүү
мүмкүн эмес, бирок окуу кантсе да окуучуларга берилет.
Ушул сыяктуу эле нерсени баягы көкөлөп учкан көпөлөк жөнүндө жазган окутуучу
Чжуан Цзы (окутуучу Чжуан) да айткан. Ал мындай деген: «Сөздөрдү унутуп калган
адамды кайдан таап, аны менен сүйлөшө алар экемин».
Биз эгер кандайдыр татаал жана маанилүү нерсени билдиргибиз келсе, сөздөрсүз
эч нерсе кыла албайбыз. Бирок биз сөздөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин,
логика адамзаттын түпкү маңызына жете албай тургандыгын, өзгөчө сүйүү жөнүндө
сөз болгондо ушундай экендигин эске тутушубуз абзел. Чындап эле эгер сүйүү
жөнүндө сөз кылгың келсе, карандай логиканын, дегеле нукура илимдин чегинде кала
берүүгө болбойт.
ОН-12435524364374687 номерлүү кубик тим эле ыйлап жибергидей болду.
Кызматчы робот өзүн салабаттуу кармап, анын аппараттары сүйүү деген түшүнүктүн
маанисин билдирүүгө сөздөрдүн кубаты жетпегендиги жөнүндөгү кепти дыкаттык
менен жазып жатты.
— Бул маселени чындап изилдөөгө тартынбай киришкен илим өзүндө илим менен
искусствону кандайдыр айкалыштыра билиш керек. Анткени, Лев Николаевич Толстой
айткандай, искусствонун башкы максаты адамдын руху жөнүндөгү акыйкаттыкты ачуу,
жөнөкөй сөз менен айтууга мүмкүн болбогон сырларды айта билүү болуп саналат.
— Додо! Сүйүү жөнүндө жөнөкөй, башкача айтканда, логикалуу, илимий сөз менен
дегеле эч нерсе айтууга мүмкүн болбой калбайбы?
— Жок, андай болбойт дечи. Бирок акын Овидий өзүнүн китебин «Сүйүү илими»
деп, ал эми олуттуу, абдан олуттуу психолог Эрих Фромм өзүнүн илимий эмгегин
«Сүйүү искусствосу» деп аташында кандайдыр бир мазмундук парадокс бар.
— Мен да парадокстуу бир нерсени эстедим, — деди ички добушу.
— Бул цитата. Ал эң узун бойлуу, эң арык жана эң эле сапсары, жамы журтка
маалым акылманга таандык. Ал мына: «Адамзат токтоосуз өнүккөн илимдин күчү
менен сыйкырланып калган, аны искусство гана чыныгы турмушка кайрып келе алат».
— Жооп берчи мага, дегеле билбегени жок, арсыз киши, сен эмне үчүн мен эч качан
учуратпаган, карганып деле берейин, цитаталарды эстеп жүрөсүң?
— Тим эле Ньютондун биному имиш! Бир сабатсыз кызматчы аял жөөлүп жатып
латын, грек жана байыркы эврей тилдеринде сүйлөп жибериптир. Көрсө, анын
кожоюну өзүнүн диний үгүтүн үйдү айланып басып жүрүп, үнүн чыгарып
даярдагандыгы кийин дайын болду. А сен болсо, канткен менен сабаттуусуң, китеп
окуйсуң.
Туура, мындай уялып тартынбаган, ырайымсыз, бетпак, уятсыз, орой, шылдыңчыл,
какшыкчыл, өткүр, көптү билген, жагымсыз жана түрү суук ички добуш күтүү оңой иш
эмес.
— Урматтуу лектор, аталышы жасалмараак болсо да сүйүү жөнүндөгү илимий
чыгарманын негизги оюн баяндап берүүгө болбос бекен? — деп сурады логикалык
кристалл.
— Эмне үчүн болбосун, болот. Автор баарынан мурда адамды өз жашоосун өзү
аңдап билген макулук катары эсептейт.
Кубик бардык капталдарын кыймылдатып майыша түштү, бирок үндөгөн жок.
— Бардык убактарда, бардык элдердин маданиятында адамзат астына баягы эле
суроо коюлуп келген: бөлүнүүчүлүктү кантип жоюу керек, биримдикке кантип жетишүү
керек, өзүнүн жеке турмушунун чектеринен кантип чыгып, биримдик таба билүү керек.
Сүйүү — бул адамдагы жигердүү күч, адамдар арасындагы биригүүнү эңсөө — бир
түпкүрдөн чыккан терең самоо. Сүйүүдө парадокс бар — эки адам кошулуп бирөө
болот да, ошол эле мезгилде экөө башка бойдон кала берет.
— Парадокссуз жашай албайбыз, — деп күңкүлдөдү сергек үн.
— Адамдар бири-бирине өзүндө болгон нерселерди: өзүнүн сүйүнүчүн,
кызыгуусун, түшүнүгүн, тамашасын, кайгысын бере алат. Толук аңдап билүүнүн
жападан-жалгыз жолу — сүйүү жолу. Ал ойдун, сөздөрдүн чегине батпай турат.
— Сиз муну мурда эле айткансыз, — кубик карманып тура албады, — сөздүн
чегинен чыккан жол кайда барат, кайсы жакка барат деги, ушуну билсек кызык болор
эле?
— Сүйүү эгер эки адам тиричилик өткөрүүнүн чордону аркылуу байланышып турса
гана болушу мүмкүн. Сүйүүнүн бар экендигине бир эле далил бар: мамилелердин
тереңдиги, ар бир сүйгөн адамдын өмүрдө керектиги, күчү. Бул сүйүүнү аңдап
билдирүүчү мөмө.
— Улуу урматтуу карыя! Сиз айткан сөздөрдүн бардыгын мен түшүнөм. Алардын
башка сөздөр менен жалгашуу ыкмалары да эч кандай кыйынчылыктарды, суроолорду
туудурбайт. Анын үстүнө сиздин билдирүүлөрүңүз мен үчүн эч кандай жаңы маалымат
берген жок, анын жалпы мааниси таптакыр күңүрт жана чачкын бойдон кала берди.
— Менин оюмча, бул сиздин контекстти түшүнбөгөндүгүңүздөн болуп жатат.
Текстти түшүнүү мүмкүнчүлүгү анда түздөн-түз камтылган маалыматтар менен гана
эмес, бүткүл сиздин билгендериңиз маалыматтар булагына, анын тилине,
маданиятына, жашоосуна, айлана-чөйрөсүнө байланыштуу түшүнүгүңүз жана аларды
сезе билүүңүз менен да аныкталат.
Жөнөкөй бир мисал. Федор Иванович Тютчевдин «Silentium» деген ырынан
төмөнкү сап дегеле көп келтирилет: «Мысль изреченная есть ложь» — «Айтылган ой —
төгүн». Сиз кандай ойлойсуз, ушул айтылган сөздүн мааниси эмнеде?
— Кана, адегенде мен, — одоно жана менменсиген үн кыпчыла калды.
«Изреченная» — бул бир эски түр, бул сөз «айтылган» деген маанини түшүндүрөт.
Эгерде карандай логикага салсак, бул айтылгандын мааниси мындай: ар кандай угуза
айтылган, же кагазга жазылган ой — төгүн. Дегинкиси, автор бардык жазып жана
сүйлөп жаткандар калп айтып жатышат деген ойду тастыктап жатат. Баса, бул автордун
өзүнө да таандык. Балким, бул сиздин жакшы көргөн Эпименидиңизден да өтүп кетет,
ал го криттиктер менен гана чектелген эле.
Ойлоочу кубик толук кошуларын билдирип антенналары менен абага шаңдуу
булгалады. Алиса жылдызы түшүп, унчукпай отурду. Ушу тапта көк майсанда муңайым
көздүү, Мюнхендин акыркы модасы менен кийинген али жапжаш жигит пайда болду.
Ал көз айнегин түзөп, анча бийик эмес үн менен, бирок абдан жеткиликтүү кылып окуп
берди:
Унчукпагын, бекит жана жашыргын
Ичтеги сыр, максатын керт башыңдын.
Турсун алар дил түпкүрүн түнөктөп,
Түнкү жылдыз сыяктанып, бербей шек,
Чыгып кайра бата берсин жайына
Унчукпастан суктан ага дайыма.
Кантип жүрөк айтып сырын билдирет?
Башка сени түшүнөбү — ким билет?
Түшүнөбү неге өтүүдө өмүрүң?
Шөкөттөлүп айтылган ой төгүнүн
Каяша айтсаң — насип качты анда эле
Жан бага бер — бирок такыр үндөбө!
Өзүң менен өзүң болуп жашай бил —
Жан дүйнөңдө ааламы бар бүтүн бир,
Сырдуу жана сыйкырдуу ой санаанын.
Басып кетет сырткы ызы-чуу арааны,
Нурлар барын айдап салат күн чыкса,
Былк этпестен баарын байка — унчукпа!
— Негедир тигинин ыр өлчөмү дурус эмес го, — деди жагымсыз, түрү суук жана таш
боор үн.
— Ыр өлчөмү эмес, сөзгө коюлчу басымды туура пайдаланбай жатат. Ал кезде
басымды башкача коюшкан, акындар өздөрү деле кээде абалтан келе жаткан
эрежелерди бузууга жол беришкен.
—Сен эмне үчүн аны менен сүйлөшүп жатасың, Додо, ал таптакыр эле уятсыз эме,
атайын эле менин кыжырымды келтириш үчүн ушунун баарын айтып жатпайбы.
— Эч качан андай эмес. Мен ички аёо сезимимди Уятсыздыктын сырткы пардасы
менен жашырып турам.
Алиса колун шилтеп койду. Ал сырткы ызы-чууну көбөйтүп, ырды талдап отургусу
келген жок, бирок ал жөнүндө кандайдыр ой жүгүртүп, ичинен аны талдап көрүүгө
куштар эле. Бир жарым кылым мурда жашап өткөн башка бир адамдын сөздөрү
аркылуу чакырылган рух жаңырыгына кулак түрүүгө ынтызар эле. Анын өмүрү, чөйрөсү
Алисага дээрлик белгисиз болучу, ал эмес сөздөрү да бир аз башкачараак эшитилип
жаткан, бирок аны түшүнөрүн кантсе да сезип турган.
— Ар бир ырдагы сөздөрдүн, — деп улантты Додо, — баары өз-өз алдынча
турганда маанилүү эмес, алар башка бардык жагынан байланыштуулугу менен баалуу.
Ырда баары үндөшүп турат, ар бир сөз башка сөздөрдүн жаңырышы жана мааниси
менен ширелишкен. Поэзия — бул сөздөр менен сыйкыр оюнун ойноо. Ыр, ал гана
эмес, жөнөкөй, түз, кадимки мааниге ээ болбой калышы да мүмкүн, бирок айтылган
сөздөр биздин көңүлүбүздү сөздөрдөн сырткары турган нерселерге багыттайт.
— Мага эмнегедир түшүнүү менен сүйүү бир эле нерсе сыяктуу сезилип кетти, —
деди Алиса. Бирок мен кандайы туура болорун билбейм: сүйгөн кишиңди түшүнө
билесиңби, же түшүнө билген кишиңди сүйүп каласыңбы?
Алиса акыркы сөздөрүн айтып жатканда — ким билсин, анын сөздөрү бул окуянын
болушуна түрткү бердиби, же жөн эле туш келип калдыбы, кубик эмнегедир кочкул
кызыл тартып, өйдө көтөрүлө баштады, анан ышкырган бойдон белгисиз жакка учуп
кетти. КР болсо өзүнүн кубаттуу антенналарын — же төбөсүндө турган нерселерин
соройтуп өзү эркин тандап алган эмесинин артынан түштү. Айран таң калган Геркулес
болбогон нерсеге эле үрө берчү адаты болбосо да, алардын артынан үрүп-үрүп
жиберди.
Алиса көк майсанга пудель менен катар жатты, аны кучактап, сылагылай баштады.
—Додо, мына бу бечара роботторго менин боорум ооруйт.
— Ооба, бийкеч. Чындыгында, алар адам эмес, балким биз сыяктуу сезе алышпайт.
Мисалы, эч ким сүйбөгөн адамдар ошол себептен ооруп калышат. Көпчүлүгү
психотерапевттерге барышат, анткени алар менен эч ким жан-дили менен сүйлөшпөйт.
Гераша чалкасынан оодарылды да, буттарын өйдө көтөрдү. Ага дайыма Алисанын
аны курсагынан сылаганы жакчу. Ал минтип канча болсо да жата берчү. Акыры Алиса
чарчап:
— Жетишет, Гераша, мен кантсе да ит сылачу машина эмесмин да.
Додо, албетте, бул көрүнүштөн илимий жыйынтык чыгаруу мүмкүнчүлүгүн
жоготкон жок.
— Эч ким сылабаган айбандар туура эмес өсүшөт. Колдун тийиши алардын
өмүрүндө өтө чоң мааниге ээ. Эгерде маймылдын жаны туулган баласын өзүнүн энеси
эмес, атайын сүт эмүүгө ылайыкталып коюлган сөлөкөттөн сүт эмизсе, ал же бардык
нерсеге көңүл кош, же бардык нерсеге каардуу болуп өсөт. Ал үй-бүлөлүк турмушка да,
энелик мээримге да жөндөмсүз болуп калат.
— Маймылдарга карата ушундай түшүнүктөрдү колдонууга болобу?
— Жок дечи, албетте, бирок бул адамга да таандык деп эсептейм. Мага балдар
үйүндө тарбиялангандардын көпчүлүгү чоңойгондо өздөрүнүн балдарына мээрим чача
алышкан эместигин, буга алар аябай кайгырышкандыгын айтышкан.
— Өздөрүнүн сүйө билүүгө жөндөмсүз болгондуктары үчүн катуу кайгырышканбы?
— Психиатрияда мына мындай термин бар: «Anaisthesia psychika dolorosa». Муну
орус тилине «скорбное бесчувствие» — «кайгылуу ташбоордук» деп которсо болот. Рух
өз балдарына карата эч нерсе сезбегендигин билип жатат — ошондуктан азап чегет.
— Мүмкүн биздин роботторго да ушул сыяктуу бирдеме болуп жатпасын? Алар
мүмкүн дайыма бир нерсеге түшүнбөй жаткандыгын билип жүрүшпөсүн. Башканы кой,
адамдардын бирин-бири түшүнүшү кыйын болуп жаткандан кийин... Сен кандай
ойлойсун, алар кайтып келишеби?
— Ар нерсенин өз учуру бар, — деди Додо. — Изденүү учуру, жоготуу учуру:
унчукпоо учуру жана сүйлөй турган учуру, кетүү учуру жана кайтып келүү учуру. Мурда
сен убакытты токтото билчү элен, а эми, сыягы ылдамдатууну каалап турат окшойсун.
— Мен эч нерсени ылдамдаткым келбейт, менин жөн эле аларга боорум ооруп
жатат.
Додо Алисага үндөбөй, бир нерсени күткөндөй карады. Аңдап билүү кызыкчылыгы,
ойлонулган тажрыйбалар, андап билүүнүн сүйүнүчү, өмүрдү сезүү, сүйүүнүн ишкердүү
аракети, сүйүүнүн жемиштүү аракети.
Рухтун жашоодогу саякатынын аки-чүкүсүн, эсеп-кысабын бирден терип-тепчип
эсептеп чыгууга мүмкүнбү? Ооба, ар нерсенин өз убагы бар, бирок качан, эмне
болорун алдын ала айтууга болобу?
Эгерде сүт куюлган упчулуу идиш бекитилген сөлөкөт жумшак мата менен
капталган болсо, маймылдын баласы корккондо, же кайгырганда ага келип сүйкөнүп
сооронот. Мындай болгон учурда ал бардык нерсеге кайдыгер же чектен чыккан
ачуулуу болбойт. Көрсө, жансыз болсо да жумшак жана жылуу нерсеге сүйөнүү
мүмкүнчүлүгүнүн болушу зарыл экен.
Додо Алисага үндөбөй, бир нерсени күткөнсүп карап турду.
— Мен сезип жатам, Додо, мен билем, мен ал гана эмес түшүнөм, бирок мен
кандай жасашты билбейм...
— Бул жерде биле турган деле эч нерсе жок. Клетканын бурчуна ташталган кадимки
эле жумшак чүпүрөк сөлөкөттөн эне күткөн маймылдын ачуулуу эмес, ар кыл жорукжосуну жок, демейкидей эле жакшынакай жылуу макулук болуп өсүшүнө жардам
берди. Кыйналба, Алиса, жөн гана аталышка ээ боло албаган жана аны каалабаган
эменин ишке ашышына жол бер.
Тээ алыскы көк майсанда акырындык менен кемпай темир курулмалардын
сөлөкөтү көрүнө баштады. Додо унчукпай, алардын артынан ойлуу карап турду.
9-БАП
МАШИНА ОЙ ЖҮГҮРТӨ АЛАБЫ?
Мунаранын кыйшайып турганына көп жыл болбогондуктан, аны кулап кетет деп эч
ким коркпой калган. Теребелге көз чаптырып көңүл ачуу үчүн пизалыктар жана
сырттан келгендер анын башына коркпой эле чыга беришчү.
Жаздын күнү эле, көгүш асмандуу, ак булуттуу күн ачык болчу. Колуна тери баштык
алган жыйырма беш жаш курагындагы бир адам мунаранын башына чыкты.
Мунаранын төбөсүндөгү тегизге чыгып туруп, баштыктын боосун чечти да,
замбиректин чоюндан жасалган тобун жана мушкет мылтыктын огун алып чыкты.
Тосмодон эңкейе карап, ал жолдошторунун төмөндө, таштаган нерсе түшчү жерден
бир аз четкерээк өздөрүнө тапшырылган ишти аткарууга даяр болуп тургандыктарына
көзү жетти.
Бир колуна топту, экинчи колуна окту алды да Галилей аларды тосмодон ары сунду.
Бир жагына ооп турган мунара башынан бир нерсе таштоого атайын ыңгайлашып
тургансыйт.
Топ менен ок жерге барабар түштү — муну байкоочулар да, Галилей өзү да көрдү,
обочороокто турган Алиса менен Додо да күбө болушту. Бул окуяны жазып туруучу
аппарат КР ЖЗНЭ кабылдап туруучу ОН да каттап алды.
— Дегеле кой, улуу тажрыйба имиш, — деди эч нерсени жактырбаган жана
менменсинген добуш, — шыпка чыгып туруп бир оор, бир жеңил нерсени жерге
таштап жиберүү ар кандай кеңкелестин колунан келет. Албетте, алар жерге тең келип
түшөт. Мунун эсебин мектептин ар бир окуучусу чече алат.
— Мунун эсебин чыгарганы, маселен, мен да билем, — деди Алиса, — ал эми бул
эмне үчүн ушундай экендигин түшүндүрүүнү кантсе да мойнума албас элем.
— А сен Аристотелден Галилейге чейин канча убакыт өткөндүгүн эсептей
аласынбы?
— Додо, сен менин жылдарды начар эске тутаарымды билесиң го.
— Аристотель 322-жылы өлгөн, азыр болсо, биздин Пизада — +1590-жыл.
— Муну эсептей алам: 1590го 322ни кошуу керек, окуу, он тогуз кылымдан ашуун
убакыт өтүптүр.
— А эмне үчүн кошуп жатасың? — жагымсыз, менменсиген үн күңкүлдөдү.
— Минус төртүнчү кылымдын орто ченинде Аристотель зат канчалык оор болсо, ал
дүйнөнүн борборун көздөй ошончолук тездик менен умтулат, демек, жерге
ылдамыраак түшөт деген. Анан да мунун баары көптөгөн байкоолор менен
тастыкталган болучу: алсак, дарактын жалбырагы жерге акырындык менен түшөт, ал
эми апельсин болсо, өтө эле тездик менен жерге келип түшөт — муну баары эчен ирет
көрүшкөн.
— Апельсин эмес, алма, — күбүрөндү ички добушу.
— Алма — ал Ньютондуку, — деди Алиса.
— Мейли, Ньютондуку эле болсун, ал убакта баары бир Грецияда эч кандай
апельсин өсчү эмес. Апельсин немис тилинде кытай алмасы дегенди түшүндүрөт,
демек, аны кийинчерээк эле Кытайдан Европага эмнегедир Грецияны кыйгач өтүп, түз
эле Германияга алып келишкен.
— Додо, ал чын айтып жатабы?
— Билбейм, Алиса, мен бул жерде өз эрудициямдын кемчилдигин сезип турам.
Биринчи кылымда Европанын Кытай менен соода байланышы болгон, бул жөнүндө
рим адабиятында маалымат бар, бирок эмне деген буюмдарды алып келип
жаткандыгы жөнүндө эсимде так эч нерсе жок. Сыягы, анда жибек маталар жөнүндө
айтылат. Ал эми апельсин... Канткен менен мунун өзү бир топ таң каларлык. Менин
эсимде, помидор, картошка — булар Америкадан, адегенде буларды эмне кылууну
билишкен эмес, картошканын гүлү менен кавалерлер шляпаларын кооздошкон.
— Урматтуу карыя, менимче, биз алаксып кетип жатабыз. Жаңылбасам, бизди, бир
жагынан, адамдын чыгармачыл ойлоосунун өзгөчөлүгү, экинчи жагынан, жөн гана,
ошону менен катар эмне үчүн ар башка салмактагы нерселер жерге барабар келип
түшүшөт. Билишимде каяша айтылгандай болгон — жалбырак жана мөмө, байкоолор
көрсөткөндөй, жерге барабар келип түшүшпөйт.
Ооба, кароо, көрүү жана ойлонуу керек. Байкоо жана ой абалындагы жана терең
ойлонулган тажрыйба жүргүзүү. Адамдар жалбырак менен мөмө жерге ар кыл
убакытта түшөрүн көп байкашкан, бирок төмөнкүдөй нерсени да көп байкоого туура
келген — мисалы, бийиктен кулаган бир кичине, бир чоң таш урандысы капчыгайдын
түбүнө бир мезгилде келип жетет.
Он тогуз кылымдан ашуун убакыт бою адамдар кайсынысы оор болсо, ошол жерге
биринчи түшөт деп ишенген соң, кандай тело ылдамыраак түшөт деген суроону абдан
дөдөй киши гана берет деп ойлоп келишкен. Дагы үч чейрек кылым өткөн соң,
алманын бутактан түшкөнүн байкап отуруп, Ньютон өзүнө өзү дегеле кеңкелес суроо
койгон: эмне үчүн алма ылдый гана кулайт, эмне үчүн кайсы бир каптал жакка, же
таптакыр эле өйдө көздөй кулабайт? Эмне үчүн чындыгында эле алма жердин гана
борборун көздөй умтулушу керек, тиги жакты көздөй умтулбайбы, ай деле
ошентпейби? Кийинчерээк ал өзүнүн атактуу вакуум түтүкчөлөрүн жасап, андан
түшүрүлгөн тоголок чачма менен канат түтүктүн башынан аягына чейин бирдей эле
убакытта басып өтүшкөн.
Эйнштейнден бир күнү анын ыктымалдуулуктун жалпы теориясын кантип түзүп
салгандыгы жөнүндө сурап калышыптыр. Ал өзүнүн психикалык өнүгүшүнүн токтоп
калгандыгы жөнүндө айтат: кулап бара жаткан лифттин эмне болору бардык эле
балдарга кызык, бирок чоңойгондон кийин алар аны кызык деп эсептебей калышат
дейт. Ал болсо, бул жөнүндө дайыма ойлонуп жүрүптүр.
Галилей мунарадан түштү. Бош тери баштык белинде салбырап жүрөт. Жолдоштору
Галилейге чуркап келишип, үчөө тең жандуу кыймыл-аракет менен тажрыйбанын
натыйжасын талкуулай башташты. Додо менен Алиса жакын басып келишти, темир
келгиндер алыстан байкоо салып турушту (алардын жазып туруучу аппаратынын
мүмкүнчүлүгү бир далай чоң эле).
— Профессор, — Додо Галилейге кайрылды, — суроо берүүгө уруксат этиңиз:
Түпкүлүгүндө бардык телолор бирдей түшөт деген идея сиздин башыңызга кайдан
келди? Сиз кантип мааниси азыраак кырдаалдардан баш тартып, негизгисин гана көрө
билдиңиз? Салмактуу телолорду мунарадан кокус өтүп бараткандардын өмүрүнө
коркунуч келтирип жатып таштаган Сиз, албетте, ага чейин бул тажрыйбанын
натыйжасы кандай болору жөнүндө өзүңүздүн гипотезаңызда жараткандырсыз?
— Сизге кандай десем, кесиптеш. Муну гипотеза деп айтууга болбостур. Баарынан
мурда, эгер мен телолордун жерге түшүшүнүн терен философиялык маңызы жөнүндө
ойлоно баштасам, анда мен эч качан токтобоого баш байлаарымды түшүндүм. Анан
мен анткендин ордуна анын кантип ишке ашарын көз алдыга так келтирүү үчүн
далалат жасадым.
Көз алдыбызга эки телону келтирели: бири жеңилирээк, экинчиси оорураак.
Оорураагы ылдамыраак кулайт эле дейличи. Эми акылыбызда аларды бириктирип
коёлу. Ошондо жеңилирээги акырын түшкөндүктөн, өзү жалгыз болгондо ылдам түшчү
оор телонун ылдамдыгын азайтып коёбу? Экөө бириккенде андан да оорураак салмак
болуп, түшүү ылдамдыгы артпайбы? Бул парадоксту чечүүнүн бир гана жолу — алар
бирдей ылдамдыкта түшүшөт деп болжолдоо болуп саналат.
— Сиздин окумуштууңуз абдан акылга сыярлык ой жүгүртүп жатат, — деди ОН12435524364374687, — мен аны менен өзүмдүн ой жүгүртүүчү аппаратымдын
ортосунан эч кандай айырмачылыктарды байкай албай жатам. Телолордун жерге
түшүү маселесине эч ким мурдатан белгилүү болгон ойдун туткунунан чыгып карай
албаган он тогуз кылым жөнүндөгү сөз бир эле нерсени билдирет: адамдар өздөрүнүн
башындагы эскиден калган ой-бүтүмдөр менен бекем байланышкан, анын өзү эркин
изилдөө жүргүзүү духун өчүрүп коёт. Кулаганы турган атактуу мунара өткөн мезгилде
жана мейкиндиктин башка чекитинде турган; Алиса, Додо, Геркулес жана келгиндер
дайра боюндагы чөптүн үстүнө жайгашышты.
— Сиз, демек, карандай логикалык жол менен ачылыш жасоого болот деп
ойлойсузбу?
— Мен дегеле силердин эмнени ачылыш деп эсептээриңерди жакшы түшүнбөйм,
ал эми логиканын жардамы менен болбогондо, дагы кантип ой жүгүртүү мүмкүн
экендигин таптакыр түшүнбөйм. Ар кандай көрүнүш жөнүндө акыл-эстүү суроо коюп,
анан себеп менен натыйжанын байланыштарын ырааттуу карап отуруп, чындыкты
тапса болот.
— Ал үчүн жаратылышта дегеле кандай себептер боло тургандыгын алдын ала
билүү керек да. Маселен, Аристотель бардык телолор дүйнөнүн борборун көздөй
умтулат деп эсептеген, ал эми Ньютон болсо башка болжолду айтып жатат — бардык
телолор бири-бирине тартылып турат. Аны кайсы логика ушул ойго алып келди?
— Эгер логика болбосо, анда эмне алып келди?
— Чыгармачылык ойлоонун механизмдери али жакшы изилдене элек...
Тиги ойлоочу кубик терең түшүнгөн түр көрсөтүп, бир жак капталы менен термелип
койду.
—бирок, менимче, болжол, туюу, көз ачылуу жана башка ушундай көрүнүштөр
карандай логикага барып такалбашы керек. Машина бардыгын БАР же ЖОК дегенге
алып барат, ал эми адамда болсо, чыгармачылык ой башкача жүргүзүлөт.
— Ал кандайча жүргүзүлөт?
— Мына, мисалы, химия бензолдун түзүлүшүнүн формуласын табууга далалат
кылып жатат дейли...
Шалбаа тумандай түштү, анан кайра таркап, кандайдыр бир үйдүн бурчу көрүндү.
Камин күйүп жатат, ага жакын коюлган ыңгайлуу креслодо бир адам үлгүрөп отурат. Ал
күтүүсүз жерден селт эте түштү, ыргып туруп жазуу столуна жөнөдү. Жарым жолдон
токтой калып, көрүп тургандарга бурулду да, мындай деди:
— Мен химия боюнча окуу китебин жазып жатып үргүлөп кетипмин. Уйку-соонун
арасында акылыма ошол эле замат атомдордун чынжырчасынын элеси келе калды.
Алар биригип, анан ажырап жатышты, кандайдыр бир татаал жана назик бийди
жыландай буралып бийлеп турушту. Бир маалда жыландардын бирөө өз куйругун
кайрылып тиштеп алды, анан бул фигура менин көз алдыма күлкү келтирерлик болуп
тегерене баштады. Чагылгандын жарк этип түшкөнүнөн ойгонгонсуган мен түндүн
калган бөлүгүн — жаңы гипотезанын натыйжасын баштан аяк майдалап иштеп чыгуу
менен өткөрдүм.
— Көп окумуштуулар, — деп улантты Додо, — күтүлбөгөн жерден көздүн
ачылышы — маселенин күтүүсүз эле жерден чечилип калышы жөнүндө айтышат.
Шалбаада кен далылуу, чырайлуу, философ жана акын, Сократтын шакирти пайда
боло калды да, ойлуу сүйлөдү:
— «Күтүлбөгөн жерден» деген, сыягы, тиги же бул тарапка карай өзгөрүүнүн
башталышы дегенди билдирет окшойт. Чынында эле, тынчтануу болуп турганда,
кыймыл кыймыл болуп токтобой уланып жатканда өзгөрүү болбойт; бирок
«күтүлбөгөн жерден» деген өзүнүн табияты боюнча ажайып түшүнүк кыймыл менен
тынчтануунун ортосунда, убакыттан таптакыр сырткары турат.
Ушуну айтты да, бир аз кыймылсыз туруп анан күтүүсүз жерден жок болуп кетти.
Алиса бул капилет пайда болуу менен ошондой эле капилет көздөн кайым болуу ишке
ашкан жерди кунт коюп карап турду.
— Бирок, Додо, өзгөрүү «күтүүсүз жерден» ишке ашабы? Эгерде аскадан бир чоң
таш күтүлбөгөн жерден эле кулап кетсе, анын турган жери көптөн бери эле бекем
болбой келгенин билгизбейби?
— Узак же кыска убакыт болгонун кантип баалоого болот, Алиса?
ОН-12435524364374687 токтоо жана жеңген түр менен үндөбөй турду, анын темир
капталдарында төмөнкүдөй жазуу тим эле чоң-чоң тамгалар менен жазылып
тургандай эле:
— Мына силердин чуулгандуу ассоциативдүү ойлоонор, эч нерсеге акыл токтото
албай жатасыңар.
— Нукура логикалык жол менен эң татаал теореманы чыгарууга болот, бул
колдорунан келерин компьютерлер да алда качан далилдешкен. Бирок теорема эч бир
жерден чыгарууга мүмкүн болбогон аксиомаларга, кандайдыр бир постулаттарга
негизделет. Ал гана эмес, сөз нукура математикалык чыгармачылык жөнүндө жүрүп
жатканда да, формалык логика корутундулоочу, акыркы, толуктап иштеп чыгуу,
текшерүү, жазып чыгуу учурунда катышат, ал эми гипотеза жасоо кандайдыр бир
башка түрдө ишке ашат. Гаусс айткан: «Мен өз натыйжамды көрүп турам, бирок
алигиче ага кантип барууну билбейм» — деп. Георг Кантор болсо өз натыйжасы
тууралуу ал турсун төмөнкүчө айткан: «Мен аны көрүп турам, бирок мен ага
ишенбейм».
— Инсандын эки анжыланышы, — деп белгиледи кытмыр үн. — Инсандын эки
анжыланышы — бул оору, а биз болсо ден соолугу чың адамдар жөнүндө сөз кылып
жатабыз. Тим гана ден соолугу чын адамдар эмес, жөндөмдүү, илим менен
искусствону жараткан адамдар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бирок жалпысынан
алганда ар бир адам өз ичине жок дегенде эки нерсени — аң-сезимдүүлүктү жана аңсезимсиздикти камтыйт.
Аң-сезим түшүнүктөр аркылуу иштейт, ырааттуу иш алып барат. Ал карамакаршылыктарга жол бербейт, себеп менен натыйжалардын чынжырын түзөт жана
ошол эле мезгилде биринен экинчисине өтүүнүн чектелүү санын, ой баскычтарын
көнүлүндө даана тута алат — анын көрүү талаасы бир кыйла кууш.
Аң-сезимсиз өтөлүп жаткан иш көңүлдөн таптакыр чыгып кетет, биз анын кантип
аткарылып жатканын билбейбиз, бирок натыйжасына карап туруп бир нерсени
боолгой алабыз. Мисалы, биз көчөдө тааныш адамды учуратканда шак эле тааный
коёбуз, кантип? Биз акылыбызда анын жүзүнүн мүнөздүү белгилерин, мүчөсүн жана
басыгын эсептеп отурбайбыз да. Биз аларды көрсөтүп, атап, айтып да бере албайбыз,
бирок аң-сезимсиз механизмдер кандайдыр бир кыска убакыт ичинде таанууну ишке
ашырат, болгондо да кайсы параметрлер боюнча экендиги так белгилүү болбойт. Аңсезимдик кандайдыр бир эле мезгилде көптөгөн ар түрдүү маалымат агымдарын
карап чыгууга үлгүрөт жана карама-каршылыктарды анчалык сезе бербейт. Кээде түш
көрүү учурунда бир эле каарман эки башка адамдан туруп калган болот, уктап жаткан
адам буга жай эле макул болот.
— Кечирип кой, Додо, уктап жаткан адамдын аң-сезими жайындабы, же жокпу?
— Бул оор суроо, Алиса, психиканын аң-сезимге жана аң-сезимдикке бөлүнүшү
шарттуу мүнөзгө ээ дебедимби.
— Анда кантип аң-сезим менен аң-сезимсиздикти айрым- айрым изилдөөгө болсун,
эгерде бул бөлүштүрүү шарттуу болсо?
— Ооба, демейде, талап боюнча, аң-сезим менен аң-сезимсиздик бирге иштейт, ар
биринин салымы канча экенин айырмалаш кыйын. Бирок азыр көпчүлүк адамдардын
аң-сезими, логикасы, сүйлөөр сөзү, акылы, аңдоосу — баары мээсинин сол жартысына
топтоштурулган, ал эми оң жарым шары элестүү моделдер аркылуу дүйнөнү аңсезимсиз өздөштүрөт.
Көбүнчө нейрохирургия институтунда мээсинин бир жак жарым шары — оң же сол
жагы инсульт болгон адамдарда ооруу кандайча өтөрү жөнүндө маалыматтар көп
топтолгон.
Жалаң гана оң жарым шар иштеп жатканда адам айтылган сөздөрдүн маанилерин
кабыл албай калат, ал интонацияны гана ажыратып биле алат. Ал дайыма
кабатырланып, ичинен буулуга берет. Ооруу кыйынчылык менен өтөт, оорулуу
сакайып кетүүгө аябай далалат кылат, ооруга чалдыккан жарым шар өзүнө баш ийген
колду эми башкара албагандыктан, таза колу шал колго жардам берет (бул жерде сол
жарым шар оң колду, оң жарым шар сол колду башкарат, айта кетели — эволюция
процессинде ушундайча калыптанган).
Оң жарым шардын милдети болгон дүйнөнү элестүү кабыл алуу, ал турсун күч алат,
көркөм чыгармачылыкка болгон жөндөм өөрчүшү мүмкүн — сол жарым шарын гана
жаракаттанткан оор инсультка кабылган бир композитор мурдагыга караганда жакшы
музыка жаза баштаган. Адам психикасынын али пайдаланылбай жаткан резервдери
дагы канчалык көп дейсиң, — деди кытмыр, уят-сыйытты билбеген жана сезимсиз үн.
— Эгерде жалгыз гана сол жарым шар иштеген болсо, — деди Додо, — анын
клиникалык көрүнүшү такыр башка. Мындай оору өзүн мезгил менен мейкиндикте
жаман алып жүрөт, айрыкча убакыт ага бир кызыктай сезилет: убакыт бир токтоп, бир
акырындап, бирде дегеле созулуп кетет, кээде убакытты сезүү жоголот, адам өзүн
убакыттан тышкары сыяктуу эсептейт.
Мейкиндик маселеси да жөнөкөй эмес: адам кээде дегеле «башка бир
мейкиндикке» өтүп кетет, өзүн өзү адаштырат. Болуп жаткан нерседен обочолонуп
калуу бардык башка адамдар оюнчуктар, фарфор куурчактар дегенге жетет,
адамдарды тааныбайт, эркек менен аялды да ажырата албай калат, ал эми өзүнө өзү
ошол эле мезгилде сезимсиз автомат катары туюлат.
Эң эле таң калыштуусу, оорулууга ушул бардык оор бузулуулардын баары өзүн-өзү
жекече оюнда эң мыкты сезүүгө тоскоол болбойт: ал демейдегидей ак көңүл, көп
сөздүү, көңүлү көтөрүңкү, мас болгон сыяктуу, көп учурда дарылоочуларга жана
туугандарына орунсуз сөздөр сүйлөйт.
— Ананчы, фарфор куурчактар менен убараланып отурмак беле...
— Дагы маанилүүсү, мындай ооруларда сол колдун функциясы жакшы
калыптанбайт, ал жөнүндө жөн гана унутуп калышат, ооруну сезүү жана ага кайгыруу
деген болбойт.
— Кандай таң каларлык, — деди Алиса, — аң-сезимдүү жарым шар ооруну
аңдабайт, ал эми аң-сезимсиз жарым шар — андайт. Жана да оң жарым шар
жаракаттанган учурда ар кыл ооруксунган сезимдер бир канча көп болот.
— Ооба, өзү менен өзү болуп, дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды түздөн-түз кабыл

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 11
- Büleklär
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4018Unikal süzlärneñ gomumi sanı 180432.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3994Unikal süzlärneñ gomumi sanı 169432.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4044Unikal süzlärneñ gomumi sanı 168031.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3957Unikal süzlärneñ gomumi sanı 183530.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3946Unikal süzlärneñ gomumi sanı 182731.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3783Unikal süzlärneñ gomumi sanı 183529.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.39.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3928Unikal süzlärneñ gomumi sanı 176232.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3937Unikal süzlärneñ gomumi sanı 184531.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3916Unikal süzlärneñ gomumi sanı 191931.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3923Unikal süzlärneñ gomumi sanı 193630.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3917Unikal süzlärneñ gomumi sanı 198829.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3781Unikal süzlärneñ gomumi sanı 206328.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.