Latin

Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 03

Süzlärneñ gomumi sanı 4044
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1680
31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
— Албетте, унуткан жокмун, Додо, деги мен аны эч качан билген да эмесмин. Кел,
токтотолу, эгерде ал фотондорду табууга жардам берсе, жок дегенде...
Алиса сөзүн бүтө электе жылтылдак өчтү, электрондук булут көздөн кайым болду,
тинтүүлөрдүн бет алдында чапчаң лептон пайда болду. Ал тигилерге өтө эле тааныш
сезилди. Бирок, амандашып, суроо-жооп алып отурганга убакыт жок эле (ал
токтотулган болсо да, же мүмкүн дал ошол үчүндүр), Алиса бир секунданы да текке
кетирбей, сылык-сыпаа суроо таштады:
— Кечиресиз, эмелеки фотондорду жутуп жиберген Сиз белеңиз?
— Менби, же башкабы — айырмасы кайсы — биз электрондор бири-бирибизден
айырмаланбайбыз. Бирок силер жутуп жиберди деп эмнени айтып жатасыңар? Мен
аны эмнеме жутмак элем? Менин ичимде эч нерсе жок, тактап айтканда, менин эч
кандай «ичим» жок, мен эч кандай ички түзүлүшкө ээ эмесмин.
Сыягы, күдүктүү эме өзүнүн кылмыш ишине катышы жок экенин, болгондо да, эн
татаал жол менен көрсөткүсү
келди окшойт. Бир жагынан алганда — айырмаланбоочулук, экинчи жагынан — ички
түзүлүштүн таптакыр жоктугу. Мейли, мунун баары ушундай эле болсун, ал эми
фотондор кайда житип кетип жатты.
_ Демек, Сиз аны жуткан жоксуз? — Алиса, не бар, не
жок, тактап койду.
_ Жутту эмес, сиңирди, — деп жооп берди Электрон,
сыягы эч кандай уят-сыйытты ойлобой туруп.
_ Айырмасы кандай? Анан кантип Сиз, ички түзүлүшүңүз жок туруп, аны кай жакка
ката салдыңыз?
— Кимдин кимди кайда ката салгандыгы али белгисиз. Мен бул жерде өзүмчө эле
жылт-жылт этип коюп турам, эч кимге катылбайм, анан кандайдыр бир эме жетип
келери менен мен энергиянын башка деңгээлиңе өтүп калам.
— Жакшы, Сиз энергиянын башка бир деңгээлиндесиз, а фотончу, ал кайда?
— Мен аны сиңирип алдым, мен аны эми нур кылып чачыратам.
— Кантип эле ушундай болсун? Демек, ал кантсе да Сиздин кайсы бир жериңизде
да?
— Жок, антип айтууга болбойт. Ал азыр эч жерде жок, силер мейкиндик-убакыт
менен ушул сөөдүрөк оюнду баштаарыңарда, аны эми учурганы жаткамын.
— Мейкиндикти биз эч нерсе кылган жокпуз, — деп Алиса каяша айтты. Электрон
аны кандайдыр бир башкача тиктеди эле, ал өзүн ыңгайсыз сезип кетти.
— Оо, Алиса десе, — деди Додо акырын. — Сенин унутуп калбагандыгыңды,
унутмак турсун сенин аны эч убакта билбегендигиңди мен билем, ошентсе да бул
сенин гана эркиңе баш ийет.
— Бирок мен...
Мына ушул жерде электрон көздөн кайым болду, кайдан экенин ким билсин,
фотон пайда боло калды да, көз ирмемде белгисиз бир багытка кетип жок болду.
Электрон топтому кайрадан пайда болду, бирок ал мурдагыга, ушул кичинекей
сукбатка чейинкиге, көп окшош эмес эле: негедир бүрүшүп, көлөмү кичирип жана
сырткы түзүлүшү өзгөрүп калыптыр.
Чынында эле ойго түртө турган нерсе бар эле.
— Ии, жакшы, — деди Алиса, — бул кандай сиңирип алса, ошондой нурга
айландырып чачыратып жиберди, бар болгону башка гана багытка. Чамасы, мен ак
булуттун эмне үчүн ак экендигин түшүнө баштадым, бирок, кара булуттар фотондорду
кайда жоготуп жатышат? Ал жерде деле суунун молекулалары эмеспи. Туура, алар ал
жерде чоң-чоң тамчыларга жыйналышат, мүмкүн, иштин баары ушу жерде
жаткандыр? Демек, кара түс — жок болгон ак түспү? Тагыраак айтканда, ак түстүн жок
учуру. Анда абаны эмне кылабыз? Эгерде ал көрүнбөс болсо, эмне үчүн асман көгүш
көрүнөт?
— Булуттарчы — көрүнөбү?
— Албетте, сен экөөбүз дайыма аларга суктанып жүрбөйбүзбү.
— Биз булутту эмес, күндүн чачыранды жарыгын гана көрүп жатабыз да.
— Жакшы, Додо, жарыксыз эч нерсе көрүнбөгөндүктөн, биз анда дайыма күндүн
жарыгын гана көрөт экенбиз да.
— Эми ошентсе да, күзгүдөн каранып жатканда эмнени көрөсүң?
Алиса акылын бир жерге топтоду. Жашыл жалбырактар, кызыл шар, кара үй күчүк
пудель... Топ ар кыл фотондордон турат... Булут фотондорду чачат, себелейт... Ар бир
тело ар башка болуп көрүнөт.
— Додо! Сыягы, мен бирдеме түшүндүм. Бизге күндүн жарыгынын фотондорунун
бүткүл бир тобу таасир этсе, анда ак түстү көрсөтөт. Булут фотондордун бир бөлүгүн
сиңирип алат, бирок калганын топтун составын бузбай туруп чачат. Абада жарык
чачыраган учурда фотон тобунун составы кандайдыр өзгөрүүгө учурайт. Мүмкүн аба
көгүш түс берүүчү фотондордон башканын баарын сиңирип алат көрүнөт?
— Эгерде бул ошондой болсо, күн батардагы кызыл күндү, кызгылт сары айды көрө
албайт элек.
— Ай, ал эмне, жөн гана күндүн нурун чагылдырабы?
— Аристотель айды дегеле бир күзгү сымал нерсе деп эсептеген. Бирок, ал
чагылдырып гана тим болбойт, башка телолор сыяктуу эле бетине түшкөн жарыкты
чагылдырат да, чачат да, сиңирет да. Ал анчалык деле көп эмес, бар болгону бетине
түшкөн жарыктын жети пайызын гана чагылдырат. Айтмакчы, кара баркыт түшкөн
жарыктын эки пайызын чагылдырат — көрүп турасын, айырмачылык өтө деле чоң
эмес.
Ошентсе да ай кээ бир учурларда ушунчалык жарык көрүнөт!
Ай таптакыр караңгы түндүн фонунда гана «ушунчалык» жарык көрүнөт, Алиса,
андай убакта эн эле араң жан жылдыздар да дап-даана көрүнүп калат.
Алиса жылдыздарды тиктеп отурганды жакшы көрчү. Көк, сары, жашыл жана
кадимки эле ак түс берип, ушунчалык жарашыктуу көрүнүшөт, көз кысып жаткансып
дайыма жылтылдашат. Аларды жөн эле карап отургандын өзү да кызык, ал эми
аларды талдап карасаң, андан да кызыгыраак : түсү жана көлөмү боюнча салыштыруу,
топ жылдыздардын, эң эле белгилүүлөрүн — Кассиопеяны, Орионду, анан, албетте,
Чоң жана Кичи жетигендерди гана ажырата билчү. Алиса алардын эч бир аюуга
окшогон жерин таба алчу эмес, бирок негизинен алар дээрлик жакшы таасир калтырчу.
— Додо, эмне үчүн жылдыздар түркүн түстүү болушат?
Ушул убакта мезгил менен мейкиндикке бирдеме болду: Алиса менен Додо
кайрадан баягы дарыя боюндагы кадимки орундарында болуп калышты, караңгы
асманда жылдыздар жылтылдайт, ай жапжарык нурун чачып турат. Додо асманды
карады да, ичинен бир нерсе деп күбүрөнүп койду.
Жылдыздар кээде асан-үсөндүн бардык түстөрүн кулпунтуп жатты — бирде ачык
жаркырай калып, бирде басаңдай түшүп, ал эми кээде таптакыр эле жоголуп кетип
жатышты. Чындыгында ушунун баары, мүмкүн, жылтылдоо эле болуп саналат.
— Айтчы, Додо, эмне үчүн жылдыздар жылтылдашат?
Додо жооп бербестен, күңкүлдөгөнүн уланта берди. Алиса акырын кулак салды да,
түшүндү: бул жөн эле кадимки күңкүлдөө эмес болучу, бул өзүнчө жаткан иш эле, сөз
Додо жөнүндө болуп жаткан соң, муну ырдоо деп атоо керек болучу. (Додонун угуму
жок гана эмес, ал дайыма ноталардын арасынан жылмышып кеткенге чебер эле,
анысы аз келгенсип, ар жолу, ар кандай жол менен ошентчү).
Ошентип, Додо ырдап жатты:
Ааламдардын арасында, жымыңында жылдыздын
Бир Жылдыздын атын атайм талбастан.
А мен Аны сүйгөн үчүн ошентпейм,
Башкасынан чарчайм чамам калбастан.
Эгер мени арабөктүк кыйнаса,
Жолун издейм ошондон жооп алыштын.
Андан шоола көп түшкөндөн эмес да —
Ал турганда кереги жок жарыктын.
— Додо, айтчы, өтүнөм, эмне үчүн сен «жылдыз» деген сөздү баш тамга менен
жазасын?
— А мен эч нерсе жазганым жок, жөн эле ырдап жатам. Бул жерде жылдыз
таптакыр эле жылдыз эмес... жок бирок, жылдыз да дечи, бул эми ыр да. Сен
метафоралар жөнүндө бирдеме уктуң беле?
— Эх, дагы баягы грек сөздөрү. Албетте, уккам, бирок мен азыр анын эмнени
түшүндүрөрүн жеткиликтүү айтып бере албасмын.
— Метафора бул маанинин өтүп кетиши, Алиса. Сөз бул жерде өзүнүн маанисин
сактап калат да, дагы бирдемелерди кошумча түшүндүрөт, же негизинен баягы
кадимки маанисинен башка маанини билдирип калат.
— Кечирип кой, Додо, сен бул романсты дагы ырдайсыңбы, же мен суроолорумду
кайталап бере берейинби?
— Мен, мүмкүн, дагы ырдайт элем, бирок сен өзүңдүн суроолорун менен
лирикалык бейпил маанайымды качырып жибердиң. Мен билем го, сен азыр нукура
илимий бирдемени сурайсың. Эмне үчүн кичинекей кыздардын баары эле ушундай
карандай акылгөйлөр?
— Эмне дейсиң, Додо, мен эмне, карандай акылгөй бекемин? Мен анын эмне
экенин да билбейм.
— Андай болуш үчүн анын эмне экендигин билүүнүн дегеле кажети жок.
— Жок, Додо, менимче, сенин мунуң калыстык эмес. Жана да сен эмне үчүн өңчөй
эле бардык кичинекей кыздар жөнүндө сүйлөйсүң? Анан, мен эмне — кичине
кызмынбы?
Додо Алисаны карады да, анан чебердик менен өзүнөн өзү чыгып, өзүн өзү
тышкарыдан карап көрдү, анан калыстык кылбаганын түшүндү. Ал гана эмес, калыстык
кылбагандан да алда канча жаман — ката кетирүүгө ар кимдин акысы бар, бирок,
досун, болгондо да жашы кичинекей досун, болгондо да карандай акылгөйдү
таарынтууга ушундай салабаттуу адам, мырза жигит эч качан жол бербеши керек.
— Кечирип кой, Алиса сулуу, мен ырдап жатканда, ойго чөгүп кетиптирмин,
ошентип, өзүмдү гана ойлоп алган окшойм. Туурараагы, мен жылдыздар жана ырлар
жөнүндө ойлодум, ошентип жатып өзүмө өзүм таптакыр чөгүп кетиптирмин. Мен
ойлодум — биз жылдыздар жөнүндө айтабызбы же ырлар жөнүндөбү, эн башкысы —
бутуңдун астын гана карай бербестен, башты дайыма бийик көтөрүү керек.
Ушул убакта шылдыңдаган бышкырык угулду жана шайыр, бирок кандайдыр
ээнбашыраак үн:
— Ооба, силердин сүйгөн Фалесинер дайыма башын жогору кайкалатып жылдыз
тиктеп жүрүп кудукка түшүп кеткен.
— Додо, бул эмне деп жатат? Деги ким бул?
— Укпай эле кой, Алиса, Фалес эч качан анткен эмес, Эзоптун гана ушундай тамсили
бар. А тиги болсо сөздү куйкумдуу айтыш үчүн өз атасына да ырайым кылбайт.
— Бул ким өзү?
— Диоген, бирок баягы ак эткенден так этип адам издеген эмес, Диоген Лаэрций
деген, эгер Диоген Лаэреский десек, андан да туура болоор эле. Баса, бул суроо талаштартыштуу, анткени бул ысым эмне, бул адам кайда жашады жана жазды, анын
чыгармаларынын тек аталыштары кандай, бул анчалык мааниге ээ болбосо да,
таптакыр белгисиз.
— Додо, айтчы, сен өмүрүндө жок дегенде бир жолу кандайдыр бир жөп-жөнөкөй
суроого кыска жана түшүнүктүү жооп берген күнүн болобу? — акырын, чын дили
менен, кыска сурады Алиса.
Додо ойго чөктү, адаттагыдай эле терең, узак ойго батып кетти. Кудай жалгап,
колун ээгинен тартты (эмне үчүн биз ойлонуп жатканда башыбызды көбүнчө колубуз
менен тиреп алабыз? Ойлонуудан оорлошуп кетеби?) да муну айтты:
— Чынын айтсам, билбейм, Алиса. Колуман келет деп айта албайм. Деген менен
бул берилген суроого да карайт, Бирок мен аракет кылып көрөм. Кел, мына ушул
жерден эле байкап көрөлү.
— Жакшы. Айтчы, суранам, Додо, эмне үчүн жылдыздар жымыңдашат?
— Так айтканда, сен эмнени жылтылдоо деп эсептейсиң, Алиса? — Додо жандама
суроо берди да, ошол замат каткырып жиберди.
Люцфер деп да аталган чоң, көгүш Чолпон жылдыз, жымыңдабай эле бир калыпта,
ырааттуу жарык чачып турду. Бул ысым «жарык алып жүрүүчү» деген маани берет,
ошол эле мезгилде Сатананын энчилүү аттарынын бири болуп эсептелет.
Кассиопейден алыс эмес жерде байыркы эгипеттиктер жөн гана Гипопотам деп атаган
Чоң жетигендин өзүнүн жөнөкөйлүгү менен көзгө оңой таанылган чөмүч сабы илинип
турду.
— Алиса, алыскы бир шаарга келип, вагон терезесинен караганында жымыңдап
жайнаган көп отторду көргөн күнүн болду беле?
— Болгон, албетте. Сен жылдыздан башкалар да жымыңдай алышат дегени
турасыңбы?
— Мен андан да катуураак айтайын деп турам — жылдыздар биздин аларды
жымыңдак кылып көрүп жаткандыгыбыз үчүн эч бир күнөөлүү эмес да.
— Мен түшүндүм Додо, улантпай эле койсоң болот. Азыр сен ушунун баарын
кылып жаткан атмосфера дегени турасын.
— Сенин жымыңдабаган жылдыздарды өз көзүң менен көргүң келеби?
— Азыр алыскы саясатка аттануу үчүн өтө эле кеч болуп калган жокпу?
— Биз анчалык деле алыс кетпейбиз да: азырынча ай астындагы дүйнөнүн гана
чегинде болобуз. Сен даярсыңбы? Кайратыны жыйдыңбы? Башка эч нерсенин кереги
жок.
Алиса өзүнүн кичинекей колун Додого сунду да, бүрүшө калды.
Коркпо, буга болгону көз ирмем гана убакыт жетет. Ошентип, элестетүүнүн чечүүчү
күчтөнүүсүн жасайбыз...
Асман эмнегедир таптакыр эле капкара көрүнүп кетти. Аны мындан ары асман деп
атоого болор беле, болбос беле — капкара баркыт ичиликте түркүн түстүү жылдыздар
бир калыпта жылтырайт. Алар мурдагыдан даанараак жана чоңураак сыяктанып
көрүндү. Күн менен жылдыздар бир эле мезгилде көрүнүп турду жана да үлбүрөккөгүлтүр эме тим эле жапжакын жерде жаркырап тургансыйт.
—Сен өз планетаңды тааныдыңбы, Алиса?
— Бул Жерби, Додо? А эмне үчүн ал көгүш?
— Мына ушунун өзү баарына атмосфера күнөөлүү дегенди билдирет.
— Эх, Додо, мен асманды эч качан сыртынан туруп көрө элек болучумун. Мен
атмосфераны буга чейин көргөн эмесмин, а асмандын тагдырына болсо, ошентип
көгүш тартып туруу буйруган. Көгүш асман, апапак күн, мына так азыркысындай
саргыч, күмүш түстүү ай. Бул дайыма ушундай болуп тура берет, «эмне үчүн»,
«неликтең?» мындай деген суроолорду дөдөй киши гана берүүгө мүмкүн. Алиса
чындыгында эле эч бир жылтырабаган, башкача айтканда нур чачпаган, жарык
түшүрбөгөн түнкү жылдызды ойлуу карап турду.
— Додо, айтчы, Ай муздак болгондугу үчүн эч бир нур бөлүп чыгарбайбы?
— А сен, Алиса, муздак телолор такыр эле нур бөлүп чыгарбаганына ишенесиңби?
— Эгер сенин сөзүн ушундай болсо, мен ага толук ишене албайм, бирок биз өз
көзүбүз менен көрүп жатпайбызбы...
Алиса ушул жерден мактана калды да, кайра оңоло калып, кайраттуулук менен
сөзүн улантты:
—маселен, кадимки эле стул эч кандай жарык чыгарбайт.
Айтчы, Алиса, сен кайсы телолорду муздак деп, ал эми кайсыларды ысык деп
эсептейсиң? Сен ысык деп айтышың үчүн телону канча градуска чейин кызытуу зарыл?
Додо, бул калыстык эмес. Суроону биринчи мен бердим. Бардык жерде кандайдыр
бир тартип болушу керек. Мына, алсак, ай — анын муздак экени суу кошпогон чындык
эмеспи?
— Жакшы, Алиса, мен макулмун, тартип болуу керек, Мына менде тартип мындай:
мен адегенде тиги же бул сөз эмне түшүндүрөрүн билип алууга тырышам, андан кийин
гана аны суроо берүү учурунда колдоном.
— Ошондойбу? Эгерде мен ошол тартипти колдонсом, дегеле өмүрүмдө бир да
суроо бере алмак эмесмин. Мен дегеле эч качан, эч нерсени айта да, сурай да албайт
элем.
— Азаматсың, Алиса, — деди жагымсыз жана жаман үн, — ырас кана болот
билерманга.
Додо ойго бата түштү, ал гана эмес, уялып да кетти. Балким ошондуктан ал дээрлик
бир калыпта жана салабаттуу сөз баштады:
— Ай боюнча эсептелген бир түндүн ичинде, Алиса (ал эми анын узактыгы болсо,
жердеги эки жумага чамалаш келет), экватордо айдын бети 125 градус цельсияга
чейин ысыйт. Ал эми Ай боюнча эсептеген түндүн ичинде минус 150 градуска чейин
барат. Кандай, сенин оюң боюнча бул көппү, же азбы?
— Бирок ал өзү ошончолук ысык эмес да, аны күн ошончолук ысытып жатпайбы.
— Дайыма эле ошондой эмес, Алиса. Айдын да өз ичинен чыгып турган жылуулугу
бар, бирок ал, албетте, күндүкүнө жетпейт.
Жакын эле аралыктан, кандайдыр бир космостук гиппопотам ыңгыранып, күрсүнүп
жаткансыган оор жана терең үшкүрүк угулду. Андан соң сөздөр жаңырды:
— Негедир ушунун баары анчалык сыпайы көрүнбөйт. Таптакыр жакын жерде
асылып туруп алышып, мени жөндөн жөн эле талкуулап жатышат. Мен, албетте, эски
муздаган космостук теломун, бирок таптакыр эле сезимсиз эмесмин да. Жана да
белгилүү болгондой, мен анчалык муздак да эмесмин.
Ачуусу келгенине чыдабай Алисанын үнү байланып калды:
— Айтчы, урматтуу Ай...
— Селена, ыракым этиңиз. Же Селена Гиперионовна десе болот.
— Урматтуу Селена Гиперионовна, — Додо сөздү илип кетти, — Сиздин жүзүңүздү
бизге жерден туруп караганда неликтең бир туруп көгүлтүр-күмүш түс, бир туруп
саргыч, кээде, кечиресиз көп түспөлдүү кызгылт-күрөн болуп көрүнөт. («О, кудай,
кантип ушунчалык сылык-сыпаа сүйлөйт бу, мен өмүр бою мындай сүйлөгөндү үйрөнө
албайм», деп ойлоду Алиса).
— Силер, байкашымда, силерди бул ушунчалык тандантып жаткандан кийин,
менин түсүм толук боюнча агама көз каранды экен деп ойлойсуңар го. Бирок, иш
андан алда канча татаалыраак: чоң энеден түшкөн жарык өз кезегинде менин сыртыма
келип чагылып, агамдын жарыгы менен аралашып кетет. Ал гана эмес, чоң энем мени
агамдан таптакыр тосуп калганда да баары бир жарыгынын кайсы бир бөлүгү анын
атмосферасынан менин бетиме кайрылып жетип келет.
— Айтыңызчы, суранам, Селена Гиперионовна, сиздин өзүңүздүн жекече
атмосфераңыз качандыр бир кезде болду беле?
Уран менен Геянын небереси оор күрсүндү, үндөбөй калды да анан жооп берди:
— Мен аны жоготуп алдым. Мен андан айрылдым. Албетте, мен чоң энем сыяктуу
анчалык чоң, оор эмесмин жана дайыма эле муздап турчу эмес элем.
Урматтуу айымдын эмнени айтып жатканын Алиса анчалык жакшы түшүнгөн жок,
бирок төмөнкү суроо бышып жетилип калган эле.
Ал Айдын кайдан чыкканын, дайыма эле жерди айланып жүргөнбү, ушуларды
билүүнү абдан каалаган эле, ал ыңгайлуу учурду өткөрүп жибербөөнү чечти. Бирок ал
жооп катары урматтуу Селенанын санжырасы жөнүндө жаңы маалыматтарды алууну
каалабады: кары кемпир күн системасындагы телолордун келип чыгуу маселеси менен
мифологиялык космогонияны сөзсүз чаташтырып алган. Азыр ал суроону ачыгыраак
жана ошол эле мезгилде сылыгыраак түрдө берүүнүн амалын ойлоп жатты. Мына эми,
ал туура келчү туюнтманы тапкандай болду:
— Айтыңызчы, Сиздин агаңыз сизден көп улуубу, же сиз менен болжолу бирдей
эле курактабы?
Жымжырттык көпкө созулду. Акыры, Ай Тынчалуу Деңизин жүлжүйттү да,
Кризистер деңизин акырын көтөрүп-көтөрбөстөн мындай деди:
— Мен кайдан билмек элем?
Анан унчукпай калды. Алиса менен Додо дагы бир аа убакыт күтүштү, бирок Селена
Гиперионовна сөздү уланткысы келген жок.
— Эмнеси болсо да, мен бир нерсени туура эмес кылдым, Алиса капаланды, Додо
болсо аны өзүнүн демейдеги ойчулдугу менен жоошутту:
— Жол артты көздөй эмес, алга көздөй кетет, — олуттуу сүйлөдү ал.
Балким, таңдануудандыр, айтор, Алиса негедир бейпайланбай калды — болуптур,
оңтойсуз айткандыр — эмне, эми ошол үчүн муунуп калуу керекпи?
Ал кайрылып алып Жерди карап жатты. Өзүңдүн планетаңды тигиндейден туруп
алып караган бир кызык: жакшынакай гана көгүлтүр топ турат бет алдыңда.
— Додо, эмне үчүн атмосфера көгүлтүр көрүнөт?
— Анткени атмосферадагы абанын молекулалары эң кичинекей гана
топтолууларды түзүшөт. Булуттагы суунун молекулаларынын тобу, ал чындыгында
суунун эле кичинекей тамчылары, а суунун кичинекей тамчысы атмосфера абасындагы
молекулалардын тобуна салыштырганда абдан эле чоң.
— Топтолуунун көлөмү кандай мааниге ээ боло алат?
— Кип-кичинекей топтор көк, кызгылт көк жана ток кызгылт көк фотондорду кызыл
жана сарыга караганда күчтүүрөөк чачат.
—А ток кызгылт көк деген эмне, Додо? Менимче, «ток кызгылт көк» деген кызгылт
көккө караганда да кызгылт көгүрөөк дегенди билдирет — бирок бул бир аз тан
каларлык угулат.
— Эмне экен, айрым бир мааниси жагынан ошондой эле, бирок азыр биз үчүн эң
негизги нерсе — биз асманга тиктегенде чачыранды жарыкты байкайбыз, аларда көк
фотондор көбүрөөк, ал эми батып бараткан күндү карасак. биз, албетте, кызыл
фотондору көп, көктөрү аз калган топторду көрөбүз.
— Жашылдарчы?
— Эмне — жашылдар?
— Жашылдар ал жерде да барбы?
— Ооба, албетте.
А эмне үчүн анда күн кызгылт-жашыл эмес, кызыл сыяктанат?
— Кайсыл көрүмүн менен түстү көрүп жатасың, Алиса, ички мененби, же тышкы
мененби?
— Мен түстөрдү көзүм менен көрүп жатам, Додо, аларда кандайдыр бир
молекулалар бар, жанагы жагымсыз жана жаман үн айткандай.
— Жакшы, Алиса, мейли, молекулалар эле болсун. Түшүнө жашыл крокодил
кыпкызыл көздөрү менен киргенде эмнең менен көрөсүң? Ал убакта көздөрүң
жабылуу болот эмеспи.
— Байкашымда, Додо, сен чындыгында эч кайда, эч кандай түс жок деп айтууну
каалап турасын.
— Эч кандай, антип айтайын деп ойлогон эмесмин, Алиса. Сен бул дүйнөдө жашап
жаткан кишисиң го?
— Ошондой го деп ойлойм.
Ушул убакта бир топ алыста, бирок дапдаана көрүүгө мүмкүн болгон саргыч жүздүү
бирөө чыга калды да байыркы кытай тилинде негедир баарыга түшүнүктүү кылып
сүйлөй баштады:
— Бир күнү Чжуан Чжоу түш көрсө, ал көпөлөк имиш. Жеңил, гүлдөн гүлгө конуп
жүргөн көпөлөк экен. Анан Чжуан Чжоу ойлоптур: «Көпөлөк өзү Чжуан Чжоунун гана
түшүнө кирерин билеби? А мүмкүн, бул өзү таптакыр мындай эместир жана мен өзүм
Чжуан Чжоу көпөлөктүн түшүдүрмүн. Мунун акыйкатына кантип жетүүгө болот?»
Алиса ачуусу да келди, эмне кыларын билбей да калды. Ал өзүнүн эч качан кай
бирөөнүн түшү эместигин ал абдан ачык-айкын сезип жатты, бирок ошол эле мезгилде
кандайча жооп айтууну билген жок.
— А көпөлөктөр эч качан укташпайт, — ал кайдандыр өз Добушун укту.
Так илимий жооп алынды дешке болбойт, ошентсе да акыркы сөз Алисада калды.
3-БАП
ЭМНЕ ҮЧҮН БУЛУТТАР ЖЕРГЕ ТҮШҮП КЕТИШПЕЙТ?
Көпөлөк гүлдөн гүлгө учуп конуп жүрүп, кытайча сүйлөп жатты, бирок баары
түшүнүктүү эле:
— Кызыл жана жашыл, Алиса, ал сенин элестетүүңдө гана, сенин дүйнө жөнүндө
түшүнүктөрүңдүн субъективдүү мейкиндигинде гана жашайт. Мен, мисалы, ага
окшогондун эч нерсесин көрбөйм. Ал эми бөтөн планетадагылар — алыскы бир
жылдыздарда жашагандар, фотондорду таптакыр эле кабылдай алышпайт, алардын
көздөрүндө фотондорду кабылдай турган молекулалар жок, ал турсун алардын
көздөрү да жок.
Алиса болсо ага Гётенин сөзү менен жооп берди:
—Эгерде адамдын көзү ушунчалык күн сыпаттуу болбосо, күндү кантип көрө
алмак?
Чындыгында Алиса көз менен күндүн ортосунан эч кандай деле жалпылык таба
алган жок, бирок канткен менен бул сөздөрдө, ал байкагандай, жүйөө бар эле. Ырас,
анын кандай жүйөө экендиги түшүнүксүз болучу. Сырдуу ээндик деңиздей агылып,
чайпалып жаткан, Алисага тааныш жана азырынча таптакыр эле бейтааныш ар кыл
бөлүкчөлөрдүн жарык чачкан чекиттери кандайдыр алыс-алыс сүзүп кетип, жок болуп,
анан кайрадан чыга калып жатышты. Сиракузанын көчөлөрүндө молекулалары
жылаңач чуркап жүрүштү жана жамысы «Хаос-газ! Хаос-газ!» деп добуш салып
жатышты.
Анан кандайдыр мурдагы Советтер Союзунун баштагы Баш Төбөлү пайда боло
калды да, космонавттардын баштыгына айтты: «Биз бул жерде кенешип олтуруп,
космонавттарды Күнгө жиберүүнү чечтик». Космонавттардын баштыгы бир аз
апкаарый түштү да: «Кантип, алар күндө күйүп кетишпейби?» деди. Баш Төбөл болсо,
минтип жооп берди: «Бардыгы эсепке алынган — түндөсү учушат».
Мурдагы Баш Төбөл болсо каштарын керип туруп мындай деди:
— Учуунун убактысы келди.
—Кудайга шүгүр, — деди ички добушу, — сени бул жерде кечке чейин жата берер
бекен дедим эле.
—Кандай гана оройсуң деги сен, — деди да, Алиса ойгонуп кетти.
Бул сапар да көгүш асмандуу, ак булуттуу жайдын жакшынакай аба ырайы болуп
турду эле. Кызгылт көктөн кызгылт көгүрөөк фотондор атмосферага кирип алып, Алиса
менен Додонун денесине кандайдыр бир таасир этип жатышты, ошондон улам
алардын сырткы денеси башка фотондорду мурдагыдан башкачараак чагылдыра,
сиңире жана чачырата баштады. Фотондор дарактардын жашыл жалбырактарына да
келип түшүп, жер үстүндөгү жашоо үчүн эн керектүү иштерди жасап жатышты. Асманда
болсо булуттар назик агарыңкы тартып турушту.
— Эмне үчүн булуттар жерге түшүп кетишпейт? — деп сурады Алиса. — Мен
түшүнөм, сен мага абанын молекулалары дайыма эле түшүп бара жаткан абалда
болушат, бирок дайыма түртүшүү аларды туш тарапка чачыратат деп айткансың. Ал
эми булутчу? Алар ушунчалык чоң да. Таш кулайт, суу кара булуттардан, чөөгүндөн же
стакандан агат, ал эми ак булуттар болсо асманда, биздин так төбөбүздө кыймылсыз
турушат, же жай гана жылып жүрүшөт, бирок кылдай да жерге түшүп койбойт.
— Бир тамчысы да түшпөйбү? же тамчылары да түшпөйбү?
— Таптакыр түшүшпөйт дейин деп ойлогом. Эмне үчүн?
— Жакшы, азыр биз муну териштирип алууга аракет кылабыз бирок, оболу
жөнөкөй гана байкоо жүргүзмөкчү болгон маалыматтарыбызды аныктап, тактап
алалычы. Ошентип, жерге жакын аралыкта, биз колубуз менен абада кармап туруп,
анан коё берген буюмдар жерге түшүшөт, кээ бир жел толтурулган, жерге түшпөгөн,
тескерисинче, көкөлөп бийиктеген шарлар гана бул эсепке кирбейт. Ак булуттардын
жерге тартылганын, ага жакындаганын көзүбүз менен көрө элекпиз. Ошонун өзү эле
алардын жерге түшпөй хургандыгын билдирет.
— Так ошондой. Мен билем, ушул бардык жерге түшчү телолорду жер өзүнө тартып
турат, дегеле бардык телолор бири-бирине тартылып турушат, бул жаратылыштын
негизги мыйзамдарынын бири экенин да билем; чынын айтсам, кантип ушундай
болорун түшүнө албайм. Кантип бир тело экинчи бир телого алыс аралыктан туруп
таасир эте алат? Жакын аралыктан деле, эч кандай бири-бирине тийбей туруп,
таптакыр боштук аркылуу бул кантип ишке ашат?
— Бир киши экинчи бир кишини колу менен түртүп жатып неси менен таасир этет?
— Неси менен дегенин кандай, Додо? Колу менен эле таасир этет да.
— А сен муну кунт коюбураак, маселен, адегенде микроскоп, анан электрондук
микроскоп, андан соң элестетүүнүн нурлары аркылуу карап көр. Адегенде биз
манжаларды, пиджакты, анан-молекулаларды, анан — эмнегедир сыртка түртүнүп
турган электрондук кабыкчаларды көрөбүз. Муну да эсиңизге алып коюңуз, урматтуу
Алиса, — боштук аркылуу болуп жатат.
— Жакшы, Додо, андай болсо, мен сага мурда, тээ биринчи бапта эле айтсамбы
деп, бирок ушуга чейин тартынып жүргөн нерсени айтайын. Эмне үчүн атомдор жана
молекулалар ушунчалык чоң жана көндөй болушат, деги буларды эмне кармап турат?
Аларды катуу силкип жиберсе, электрондор ядролорго жармашып калар беле — алар,
ядро менен электрондор бири-бирине тартылып турушат эмеспи. Мына ошондо, алар
ядрого тийгенде кыйрап калып, бири-бирине жармашып, кипкичинекей кесекке
айланып, анан кипкичинекей бир жерге себеленип калар эле.
Алиса ушуларды айтты да, анчалык сылык иш кылбаганынан сезгенден улам селт
эте түштү — анан өзүнүн атом жана молекулалардан турарын да жадысында бек тутуп
турган. Эгер аны келиштирип туруп бир силкип жиберсечи?
— Болуптур, Алиса, эмне үчүн электрондор ядрого түшпөгөндүгүн сен экөөбүз
түшүнүүгө аракет кылабыз. Бирок, айтчы, адегенде эмне үчүн Ай жерге түшүп кетпейт,
сен кандай ойлойсуң?
— Сен ушу жерде кандайдыр бир байланыш бар деп айткын келип турабы.
— Ооба, ошентип айткым келип турат. Сөз Ай жөнүндө, анын эмне үчүн Жерге
түшпөгөндүгү жөнүндө баратпайбы?
— Мына азыр биз анын өзүнөн эле бул жөнүндө сурап алабыз, — деди Алиса,
кайрат менен, ошол эле көз ирмемде (кызык, ушу көз ирмем — мгновение деген
сөздүн уңгусу кайсы болду экен?). Алиса менен Додо кечээки урматтуу Селена
Гиперионовна менен бирге болгон жерде туруп калышты.
— Кечирип коюңуз, — деди Алиса,
— Сиз деги чоң энеңиздин айланасында айланып эле жатасыз, айланып эле
жатасыз, кантип ушундай, ушуга чейин Сиз анын үстүнө кулап түшкөн жоксузбу?
— Эмне үчүн мен анын үстүнө кулап түшүшүм керек? Ансыз деле ага көздөй
тынымсыз кулап баратпаймынбы.
— Кечирип коюңузчу, Селена Гиперионовна, Додо дайыма эле мени менен ушу
жөнүндө сүйлөшө берет. Сиз эмне себептен тынымсыз кулап баратканыңызды,
ошентсе да эч качан түшүп кетпешиңизди жөп-жөнөкөй түшүндүрүп берүүгө аракет
кылып көрөсүзбү?
— Эң жөнөкөй айтканда мындай: эгерде менде эч кандай ылдамдык болбогондо,
мен сөзсүз түшүп калат элем. Менде ылдамдык бар, болгондо да капталды көздөй
умтулган, бирок тартылуу күчүнүн кубаты аны дайыма кайрылып, имерип жүрүп
отурууга жете тургандай ылдамдык бар.
— Оо, чоң рахмат Сизге! Додо, уктуңбу? Эгер сен да ушундай жакшы түшүндүрө
алсаң эмне?
Додо Алисанын жүзүн үйрө карады, бирок Алиса бул көз карашты байкамаксан
болуп койду.
Байкоостон баары — убакыт, мейкиндик, дагы эмнелер эле? — жай-жайына келе
түштү, түшкөнү, түшпөгөнү тууралуу суроо кайрадан эсинде турду. Молекула жана
атомдор жөнүндө да баары эле түшүнүктүү эмес болучу, бирок шаа жеткис нерсенин
баарын камтыш мүмкүн эмес, ал эми адегенде эле камтып кетиш андан бетер мүмкүн
эмес.
Албетте, сөздү газдын табиятынан баштоо керек. Молекулалар туш тарапты көздөй
учуп жатышат, иретсиз, башаламан быкпырдай кайноо аларды туш тарапка
тыркыратып чачууда, ал эми оордук күчү болсо, аларды төмөн түшүрүүнүн аракетинде.
Сууга ыргытылган таш сөзсүз түрдө чөгөт, башкача айтканда, жерге түшөт.
Албетте, сөздү булуттардын табиятынан баштоо керек. Ооба, булуттардын жана
газдын табиятынан баштоо керек. Хаос — бул барып турган иретсиздик. Таптакыр
иретсиздик өкүм сүргөн жерде кандайдыр бир мыйзамдуулукту орнотууга, демек,
кандайдыр бир тартип киргизүүгө болобу? Жок нерсенин бар болушу мүмкүнбү?
Эгерде чындап акылга салып... Чынында эле, маселен, Архимед, аны «сууда
жашаган» деп айтса да болот, дайыма сууну көрүп, ал жөнүндө ойлонуп жүргөн.
Ошентсе да ал жанагы бири-биринен эркин жылмышып турган кичинекей
бөлүкчөлөрдү кантип көрүп алды экен.
Суюктук үчүн «бирдей деңгээлде жайгашып жана бири- бирине ыктап турган анын
бөлүкчөлөрүнүн ичинен азыраак кысылгандарын көбүрөөк кысылгандары сүрүп
чыгарына жана ар бир бөлүкчө үстүнөн түшүп турган суюктук менен сүрүлүп чыгарына»
кантип акылы жетти?
— Додо, менин ордума айтып бергениңди токтот азыр!
Мен билем го, ар кандай цитаталарды жатка айтуу сенин гана колуңан келерин,
Архимедден цитата келтирүү эч качан Ленин колуман келбес эле. Сен андан көрө мага
мына буларды айтып бер: эмне үчүн кээ бир телолор сууга чөгөт, кээ бир телолор
калкып турат?
— Сен дегеле жатасыңбы, Алиса! — одоно, жагымсыз жана жаман үн кайрадан
жаңырды. — Эс алууга убакыт жок, ойго келбеген эксперименттерди жасоонун учуру
келди.
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 04
  • Büleklär
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4018
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1804
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3994
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1694
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4044
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1680
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1835
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3946
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1827
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3783
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1835
    29.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3928
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1762
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3937
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1919
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3923
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3917
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1988
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3781
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.