LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 02
Süzlärneñ gomumi sanı 3994
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1694
32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Күзгү артындагы мейкиндикте Алиса алда качан болгон, бирок азыр ага, эгер
чындап эле элементардык бөлүкчөлөргө жеткиси келсе, таптакыр башка бир
мейкиндикке сүңгүп кириши керек болуп турду.
Алар Додо экөө көлөмү жагынан аябай кичиришсе да эмдигиче түзүлүшү боюнча
дээрлик татаал жандыктарга толгон баягы эле көнүмүш, тааныш, кадимки дүйнөдө
калып жатышты. Ал эми эң элементардык нерселердин дүйнөсү кандай экендигин
элестетүү дегеле кыйын болчу.
Алиса менен Додо жакын жердеги кулактары жылтылдаган суунун молекуласына
учуп келишти, коркунучтан бүрүшө калышты (ооба-ооба, Додо да), анан: «Бир, эки, үч»
деп шыбырап, кыялый элестетүү жөндөмүнө басым жасашты.
Алар көзүн ачканда айланада эч ким жок болучу.
Туурараагы, андан да жаман-аларды боштук гана курчап турду.
Андан да тагыраак (мына ушунун өзүнөн андан бетер коркунуч артты) — тээ бир
ченин алууга мүмкүн болбогон ыраакта, не экенин айрып билүүгө мүмкүн болбогон,
бир бар болуп, бир жок болуп турган нерсе байкалып жатты.
Түш көрүп жатып гана өзүндү ушундай сезген күндөр болот — балконго чыгасың да,
анын тозмосу жок экендигиң билесиң, түбү болсо, сыртты көздөй кыйшайып турат,
төмөндө болсо, тээ кайдадыр жер бар, же таптакыр эле эч нерсе жок. Мүмкүн,
бийиктиктең коркуу — чын-чынына келгенде, боштуктан коркуу чыгар.
— Боштук менен чексиздикте жогорку менен төмөнкүнүн айырмасы жок, — деди
Додо акырын, — кыймылга келтирилген тело эмне үчүн кайдадыр бир жерге мисалы,
тетиги жакка же мына ушу жерге токтоорун эч ким айта албайт.
Аристотелдин боштук деген жок, болууга да мүмкүн эмес дегенине эми гана
түшүнүп жатам. Жана да Ньютон мейкиндикти эмне үчүн «sensorium Dei» кудайдын
сезүү майданы, башкача айтканда, кудайдын дүйнөнү туюуда колдонуучусу деп
атаганын да эми түшүндүм.
— Бирок, Додо, сен Кудайга ишенбейсиң да?
— Мен ишенбейм, ал эми Ньютон болсо ишенген. Ал гана эмес, теология боюнча
китептер да жазган. Кандай болгондо да, кудай барбы, же жокпу, вакуум, боштук, эч
нерсенин жоктугу — бул абдан таң каларлык, ал гана эмес, үрөй учурарлык нерсе.
Баса, жоктукту нерсе деп атоого болобу? Мына мен эми гана Парменид үчүн тигинин
бар болгонунун өзү эле башка нерсенин жок экенинин далили деген бүтүмдүн кандай
келишпес карама-каршылык болуп көрүнгөнүн эми гана акыл менен эле эмес, бүткүл
рухум (Алиса ушул жерде рух акыл-эстең эмнеси менен айырмаланат деп сурап
жиберип, Додонун сөзүн бөлүп албас үчүн оозун алаканы менен шашылып жаба
калды) менен сездим.
— Бирок, Додо, көрүп жатпайсыңбы, тээ алыста бир нерсе жылтылдагансыйт,
көрүнөт да, кайрадан жок болуп калат.
— Андан иш жеңилдеп калбайт Алиса, ал кайра баш катырат: ошол бир нерсең
кайда жоголуп, анан кайдан кайра пайда болуп жатат? Анан дагы — эмне үчүн ал
жоголот жана эмне үчүн кайра пайда болот?
— Додо, билесиңби, кел ошого түптүз учуп баралы да, өзүнөн сурайлы.
Ушинтип турганда алардын жанында бир нерсе пайда боло калды да кайра
жоголуп кетти. Алиса менен Додо бош мейкиндиктеги азыр эле жаңкы окуя болуп
өткөн жерди аябай кунт коюп, карап турушту. Алар узакка күтүп, көз айрыбай карап
турушту, бирок аны менен эч нерсенин башы ачылган жок, кайра тескерисинче, дагы
бир суроо келип чыкты: эгер чыдамкайлык менен күтүп турса, баягы бир нерсе пайда
болуп кайра жок болгон жерде, кайрадан дагы бир нерсе пайда болобу же жокпу?
— Ал, сыягы, орундун өзүнөн болуу керек. Алиса, көрүп жатасыңбы — тээ алыста,
бир нерсе тынбай жылтылдап жатат.
— Анда эмне үчүн биз ага тез учуп жетпей бул жерде кокоюп турабыз?
— Адегенде абдан таңдануу зарыл, андан соң окуя болгон жерге сызып жөнөө
керек, антпесең эч кандай окуяны да сезбей каласың, ошондуктан биз бул жерде
жогоруда сен эң эле көркөмдөп айткандай, кокоюп турабыз.
Мына эми — учтук.
Дайыма эле бардык жакта бир нерселер жылтылдап тургансыды, бирок бир жерде
бул абдан жыш болуп жатты.
Алиса менен Додо, өздөрүнүн ою боюнча, жакын барып чындап эле ошол бөлүкчө
болсо, анын түз эле суроо берүүгө ылайыктуу аралыкта пайда болушун күтүп калышты.
Убакыт зымыроодо, бөлүкчөлөр пайда болуп жатты, айрымдары жапжакын эле
жерден чыга калып жатышты, бирок баары бир аларга суроо берүүгө эч кандай
мүмкүнчүлүк болбоду — алар кандай күтүүсүз жерден чыга калышса, так ошондой көз
ирмемде көздөн кайым болуп турушту.
Алиса эмнегедир Библиянын кайсы бир бөлүгүндө бир каармандын Күндү
токтотконун эстей калды — анда салгылашуунун жүрүшү еврейлердин пайдасына ооп
жаткан, эгер түн түшсө эле, баарын кайра башынан баштоого туура келмек.
Анын оюна кечээ жакындагы өзгөчө бир шартта суунун молекуласы менен болгон
аңгемелешүүсү түштү. Бири экинчиси менен кандайдыр тамырлаш эле.
Азырынча ал ушунун баары жөнүндө ойлонуп, аларды салыштырып көрүүгө
аракеттенип жатты, ал капилеттен өзүнүн үнүн укту, үн төмөнкүлөрдү айтты:
— Додо, кел убакытты токтотобуз.
Ушул сөз оозунан чыгар менен таң каларлык бир иш болду.
Алиса менен Додо буга чейин бардык ушул пайда болуу менен жоголуулардын
бирдей эмес жыштыктагы жылтылдак булутунун орто ченинде турушкан эле. Алисанын
үнү чыгары менен булут жок болуп кетти да, алыста гана бир чекит катып турду.
Чындыгында бул жерде биздин каармандар да катып калышы керек эле. Анда
баяндообуз да жүрбөй калмак. Окурмандарга да катып калууга туура келмек. Убакыт
бул жерде китептин өзүнүн кабыл алуу мейкиндигинде эмес, китеп каармандарынын
кыялый элестөөсүндө гана токтотулган. Ошондуктан...
Алиса менен Додо кол кармашкан бойдон интервью алыш үчүн пайда болуу менен
жоголуунун жүрүшүн токтотууга мажбур болгон чекитке ээндик аркылуу жөнөштү.
— Кечирип коюңуз, сиздин атыңызды билүүгө болобу?
— Мейлиңиз. Мен — Электронос Лептонос Элементарусмун.
— Кечириңиз, бу кайсы тилде?
— Байыркы грек-латын-аралашма тилде! Менимче, мындай лингвистикалык
изилдөөнү сезе берүүгө болбойт — силер эмне, убакытты түбөлүккө токтотуп койду
деп ойлоп жатасыңарбы?
— Ээ, ошондойбу! Андай болсо айтыңызчы, сиздер бул жерде канчоосуздар?
— Биз бул жерде молекуланын түзүлүшү жөнүндө кепти тереңдетпейли, эгерде
суутектин өз алдынча атомун карап көрсөк, мен анда жалгыз ганамын.
— Кантип жалгыз? Булут кайдан?!
— Эмнени айтып жатасыз, кайдагы булут. Анын баары чыныгы булут эмес, ал
ыктымалдуулуктун булуту. Ал эми суутектин атомунда лептондордон мен жалгызмын.
— Ооба, лептондордон! Демек, дагы кандайдыр бир башка бөлүкчөлөр да бар да?
—А алар, бул жакка учуп келе жатканда, тээ борбордогу занкайган немени көргөн
жок белеңер? Протонос Барионос Элементарустун өзү ал.
— Бул да грек-латынчабы?
— Албетте. Бирок шашылыңыздар, негизги суроолоруңуздарды бериңиздер.
— Жакшы, анда. Жооп бериңизчи, кайда жоголуп, кайдан пайда болуп жатасыздар
жана эмне үчүн?
Электронос ойлоно баштады, көпкө ойлонду. Алисага убакыттын жүрүшү
кашаңдагансып кетти. Албетте, андай болбошу анык иш, анткени, убакыт ансыз да
жылбай турган. Акырында Электронос тынчтыкты бузду да, муну айтты:
— Бул жөнүндө эч кандай түшүнүгүм жок.
Ушул сөздү айтаар менен жок болуп да кетти. Заматта айлана дагы баягыдай,
бирдей эмес тыгыздыктагы булут жылтылдай баштады. Алиса менен Додо мунун
чыныгы эмес, ыктымалдуулуктун булуту экендигин билишкен, бирок анын өзү Додо
менен Алиса үчүн эч нерсени өзгөртө алмак эмес.
Убакыт дагы жүрө баштады, эң негизги берилген суроо жоопсуз бойдон калды, уят
эле, баягы экөө капарына албай калган борбордогу заңкайган неме менен сүйлөшүүгө
аракет жасоо керек болду. Эми аны, ошо борборду табуу керек эле.
Заңкайган эме ордунда болуп чыкты. Алиса менен Додого аны менен аңгемелешүү
үчүн өз көлөмдөрүн бир топ чоңойтууга туура келди.
— Сиз бул жерде жалгыз зериккен жоксузбу? — Алиса заңкайгандан сурады.
Электрон булутунун билинер-билинбес жылтылдагында да Протоностун кандайча
кызаргандыгы ачык байкалып калды.
— Эмне кылабыз, — деди ал, — чоң атомдордо, албетте, мындан шаңдуураак. Анда
бул жердегидей кантип болсун, ядродо биздейлер көп.
— Токтой туруңуз, мырза Протон. Сиз, билишибизде, заряддалып турган болушуңуз
керек.
— Ооба, заряддалуумун, эмне экен?
— Эгерде сиз сыяктуулардын бир нечесин бир жерге топтосок, алар бири-бири
менен түртүлүшөбү же жокпу?
— Сиз деги эмнеге кыйытып жатасыз?
— Эч нерсеге кыйыткан жерибиз жок, жөн гана биздин оюбузча, сиз ядро деп
атаган нерсе өз алдынча бир бүтүн курам катары өмүр сүрө албайт — протондор бирибири менен түртүшүп олтуруп, туш тарапка чачырап кетишет да.
Протонос андан бетер кызарып кетти.
— Силер эмне, билбейсиңерби? Биз анда... кандайча кылып муну акылдуураак
айтса болот... Биз ал жерде жалгыз эмеспиз да. Ал жерде дагы нейтрондор бар
эмеспи.
— Эмне экен, нейтрондор болсо эмне? Түртүшүү ал үчүн жоюлуп калбайт да?
Протон таптакыр кызыл сырга малынып калгансып, төмөнкүлөрдү күңкүлдөдү:
— Түртүлүүдөн кубаттуураак күчтөр бар. Мынчалык болгон соң, айтайын: биз ал
жерде баарыбыз бир-бирибизге айланып турабыз, мунун өзү бирибизге бирибизди
шумдук бир күч менен тартылтып турат.
— Ачык - айрымдыгыңыз үчүн рахмат, Протон мырза, атомдо дагы башка бирөөжарым барбы?
— Ядродо башка эч нерсе жок, ал эми чет тараптарда жеңил баа электрондор
шимшилеп жүрүшөт. Баса, алар да заряддалуу, бирок таптакыр карама-каршы
тартипте.
— Маалыматыңыз үчүн сизге абдан чоң ыраазыбыз, Протон мырза. Уруксат болсо,
эң акыркы сурообузду берели: эмне, ядролордо протондордун саны менен
нейтрондордун саны бирдейби?
— Жок, — деди протон, — тилекке каршы, андай эмес. Андай кээ-кээде гана болот,
андай болуп калган учурларда эң туруктуу ядролор пайда болушат. Башка учурларда
түркүндөрдүн кыйроосу жана түзүлүшү мүмкүн.
— Кечиресиз, мырза, бирок түркүндөрдүн кыйроосу жана түзүлүшү бири-бирине
анчалык коошпой тургансыйт.
— Эң соңун эле коошот. Силер бул акыркы суроо жөнүндө бирдеме айткандай
болдуңарбы?
Алиса менен Додо мындан ары суроо берүү бей адептик экенин түшүнүштү.
Жүгүнө, арты менен ээндик аркылуу улам күчөгөн ылдамдык менен сызып баратып,
күү менен электрондук булутка кирип кетишти.
— Билесиңби, Додо, мына бул өчүп-жануудан менин көзүм тунарып жатат. Чынын
айтсам, мен баягы дарыя боюндагы, саякатка чейинки отурган соңун, жакшына жерге
жан-дилим менен кайтаар элем.
— Демек, сен жөнөкөй бөлүкчөлөр жөнүндө жетишерлик билдим деп
ойлойсуңбу?
— О, Жараткан, албетте, жок! Мен жөн гана чарчадым. Кел, сен экөөбүз бир аз эс
алалы, баарын талкуулайлы — сен өзүн мындан ары эмнени кандай кылуу керек
экендигин талкуудан соң чечебиз дебедиң беле.
...Алиса дарыя кылаасына отуруп алып ойго батты. Ал кээде, кыла турган башка
иши жок болуп калса, ушинтип отура берчү. Ал көк асман, учкан куш жана чымынчиркейлерди карап отуруп мындай ойго келди:
— Мына эми мен бардык телолор бирдей орток бөлүкчөлөрдөн турарын билип
гана тим болбой, түшүнөм жана сезем. Мен аларды өз көзүм менен көрдүм.
— Түшүндө, — деди ички добушу, ачык байкалган жагымсыз шылдың менен.
— Сен кандай түрү сууксуң, — деп кыйкырды Алиса, — уялбайсыңбы! Сен деле
ошол жерде болбодуңбу, мунун баарын өз көзүм менен көргөнүмдү, өзүм электрон,
протондор менен сүйлөшкөнүмдү билесиң да.
— Акыйкаттыкты адашуудан кантип ажыратса болот?
— Мындай суроо бул бапка таандык эмес!
— Оо, сен кандай жетишкендиктердин ээси болдуң, Алиса? Мүмкүн сен эми
керектүү суроолорду гана берип жүрбө?
— Кандай гана жагымсыз жана жаман эме бул! Додо, айтчы буга!
Ошондо гана Додо ишендирүү жана далилдөө — бул таптакыр эле ишке ашпоочу
сыяктанган кыйын иш экендигин түшүндү. Ал гана эмес, сөздү эмнеден баштоо керек
экендиги да түшүнүксүз эле. Ушундай боло турсун.
Кылымдардан кылымдар өтүп, муундар алмашып, күндөрдүн бир күнүндө
Фракиянын Абдеры шаарында Демокрит аттуу бала дүйнөгө келди. Бала чоңойду. Ага
жаратылыштын кантип түзүлгөндүгү жөнүндө ойлонуу жакчу. Анан ал кийин өзүнө
окутуучу, улуу да болсо досу болуп калган Левкиппти жолуктуруу убактысына туш
болду. Күндөрдүн биринде ал экөө тоонун башына чыгып алып, жанындагы тоого
жайылып чыгып бараткан койлорго байкоо салып отурушту.
— Карачы, — деди Левкипп, — алыстан койлор тобу тоого сойлоп чыгып бараткан
бир чоң жандыкка окшоп турат. Кандайдыр бир бүтүн нерсе эмес, айрым-айрым көп
кой экендигин билгендигибизден гана...
Ал күтүүсүз жерден унчукпай калды.
Демокрит айтты:
— Мүмкүн биз бүтүндүк кабыл алган буюмдар да, кичинекей айрым-айрым
бөлүкчөлөрдөн туруп жүрбөсүн.
— Кичинекейби?
— Абдан кичинекей.
— Эгерде аларды даанараак карап көрсөкчү?
— Бул эми баш-аягы жок эле чексиз улана бербейт да...
— «Бул» дегенин эмне?
— Бөлүкчөлөргө ажыроо. Ушинтип отуруп сен экөөбүз андан ары ажыратууга
мүмкүн болбогон бөлүкчөгө чейин жетип барабыз.
— Эмне үчүн мүмкүн эмес бөлүүгө?
— Анткени алар ушундай, андан ары бөлүнүшпөйт.
Ал муну, албетте, эне тили болгон байыркы грек тилинде айтты, ошондуктан
«атомос» — «бөлүнбөс» болуп калды.
— Эмне, Додо, бардык грек сөздөрү «ос» менен бүтөбү? Атомос — атомдорбу?
—Көпчүлүгү, Алиса, абдан көбү, бирок азыркы мен айтып берген тарыхка эч кандай
тиешеси жок.
— Сен эмне, сен мага бүткүл ТАРЫХТЫ айтып бергин келип жатабы?
—Жакшы анда, эмесе эки мин жылды өткөрүп жиберели.
— Көп-көп кылымдар өткөндөн кийин алыскы Жаңы Зеландияда — кой өстүрүүнү
сүйгөн жана билген жерде Эрнест аттуу бала төрөлдү. Ага да материянын түзүлүш
сырлары жөнүндө ой жүгүртүү жакчу.
Ал жетилди. Океанды кесип өтүп, Англияга келип жайгашты — өзүнүн киндик каны
тамган, жалпы аянты 269 мин чарчы километрден турган аралдары андан кичирээк,
аянты баары болуп 131 мин чарчы километр болгон башка кичирээк аралга алмашты.
— Мына ошол жерде, бүткүл дүйнөгө Кембриж деген ат менен таанылган
кичинекей шаарда ал түбөлүктүү, бузулбас нерселерди, эң негизгиси бөлүнбөс
атомдорду (эрксизден жиберилген кайталоолорум үчүн кечирим сурайм) бытчытын
чыгара ажыратып салды.
Эрнест Резерфорд, же болгонго жараша Эрнест мырза Лорд Резерфорд атомдун
борбордогу ядросу жана планеталар күндү кандай айланса, ошентип айланып турган
электрондору менен бүгүн баарыга маалым болгон атомдун планетардык моделин
тургузду.
— Бирок, Додо, биз андан планетага окшогон эч бир нерсе көргөн жокпуз да. Анда
ыктымалдуулуктун жылтылдаган булуту гана бар болучу, ал да кийин жалгыз электрон
гана болуп калбадыбы.
— Алиса, бизге башка нерсени көрүүгө мүмкүн эмес болучу, эмнени табууну
эңсесең, ошону гана көрөсүң. Ал эми атомдун азыркы модели атомдогу
электрондордун абалын ыктымалдуулук түшүнүктөрү аркылуу баяндап берет.
— Жок, Додо, мага бул жакпайт, бул негедир акыйкатсыз да, мен атомдун
чынында эле кандай түзүлүштө болгондугун билүүнү каалайм.
— Алиса, сен «чынында» деген сөзгө кандай маани берип жатасың?
— Мен эмнени ойлоп жатканымды сен абдан эле жакшы билесиң, Додо, муну
баары эле билишет. «Чынында» деген чынында эле, факты түрүндө, акыйкатта,
чыныгы дегенди түшүндүрөт — дагы кандай айтышым керек.
— Ачууланба, Алиса сулуу, андан көрө, окумуштуулар Дүйнөнүн түзүлүшү
жөнүндөгү ойлорун кайдан алышат деген маселе жөнүндө тереңирээк ой жүгүртүүгө
аракет кылсаң.
— Кайдан аларын мен билем, — деди ички добушу. — Алар короолуу топ койлорду
кунт коюу менен карашат.
— Эх, жагымсыз ай, айланы алты кетирдиң. Мен азыр сени өчүрүп коём.
— А сен ошентүүнү билесиңби?
— Билген-билбегенимдин айырмасы кайсы, жадаттың сен мени. Азыр мен бир
маселе жөнүндө терең ойго батып кетем, сен ошондо жоголосуң. Биз сен экөөбүз бул
китепте эч кимге бардык суроолорго жооп табабыз деп убада берген эмеспиз. Кел, мен
сага азыр бир абдан жашыруун сырды ачайын, эгер кааласаң?
— Албетте, каалайм, мен эң жашыруун сырларды абдан жакшы көрөм.
— Бул китеп, Алиса, бул китеп жооптордун китеби эмес, суроолордун китеби. Анда,
албетте, кандайдыр бир маалыматтар жандата айтылат, бирок бул окуу китеби эмес,
Алиса, таптакыр окуу китеби эмес.
— Жакшы, Додо, окуу китеби болбой эле койсун, бирок талкууну кандай кылабыз?
— Аны болуп өттү десек болот. Сен «чындыгында эмне болгону» жөнүндө суроо
бергенинде, мен ага кандайча маани берерин тууралуу сурадым, мына ошондо эле
баары ишке ашкан. Талкуу деги эмне үчүн керек? Көргөнүн жана укканың жөнүндө
терең ойлонуу үчүн керек.
— Мен негизинен макулмун дечи, Додо, бирок биз муну башында башкачараак
элестеткендей болдук эле.
— Ооба, башкача. Бирок сен мага айтчы — Христофор Колумб кай жакка баруунун
жолун издеди эле?
— Индияга.
— А эмнеге туш болду?
— Америкага.
— Мына ошондой боло берет.
2-БАП
ЭМНЕ ҮЧҮН АСМАН КӨГҮШ
Көгүш асмандуу, кыймылсыз чалкайган ак булуттуу татынакай ак жайдын күнү эле.
Жанга жагымдуу, таза жана жапжарык жайдын күнү. Алиса менен Додо дарыя
боюндагы көк майсанда тээ бийикке көз чаптырып, чалкаларынан жатышкан.
Аба абалкысындай эле көзгө көрүнбөйт, бирок кечээки күндөн бери ал аба болбой
эле газдардын аралашмасы болуп калды. Ал газдардын ичинде эмнегедир дем алуу
үчүн абдан зарыл болгон кислород да бар эле. Ал эми дем алуу болсо, өз кезегинде
эмне үчүндүр жашоо үчүн абдан керек экен. Анда көмүр кычкыл газы да бар эле. Кечээ
түшүндө ал жөнүндө бирдемелерди көрсөтүп же айтып жаткан болсо да, Алиса аны
менен али жакын тааныш эмес.
Алиса эстөөгө аракеттенип жатты — кечеги түштө кандайдыр бир өлгүдөй
өкүнүчтүү нерсе бар эле, эмнегедир абдан өкүнүчтүү жана сууга чыланган... Эх, ооба,
баягы адепсиз молекула айтты эле го...
— О, койчу эми, — деп соорото күбүрөндү ички добуш, — эмне, суудан болсо,
суудан да, эмне экен.
Сыягы, Фалестин ою канткен менен көп жагынан туура болгон. Айлана-тегеректе
суу канча дейсиң! Ал тим эле бардык жерде бар: деңиз, дарыя, ак булуттар, кара
булуттар жана аягында... Койчу, тим эле адам чыдагыс. Дээрлик сексен пайыз же
мүмкүн андан да маскара — токсон пайыз.
— Эч кандай деле шумдук нерсе жок. Деги сен өзүңдү кандайча элестетесиң? Деги
сенин тээ түпкү тегиң ким экендиги өзүнө дайынбы?
Бул ички добушу эмне үчүн аны менен мындай одоно сүйлөшүп жатканын Алиса
жакшы түшүнбөдү, бирок жек-жааты жөнүндө кандайдыр бир кызык нерсе айтып
калбасын деп азырынча аны токтоткон жок.
— Бул жерде анын кандай тийешеси бар? Эмне экен, маймылдар менен дейли...
— Маймылбы! Аларды, тим эле эки ата өткөн туугандарым десең да болот. Мен тээ
алыскы, деңизден кургактыкка кандайдыр бир макулуктун жаргактардын жардамы
менен эмес, бирок али алакандары менен да эмес, чыккан мезгилин айтып жатам...
Ооба Алиса, айтса-айтпаса төгүнбү, сенин денеңдеги бардык суюктуктардын негизин
дал ошол суу түзөт, ал универсалдуу эриткич.
Бирок Алиса канткен менен өзүн кемсингендей сезди. Эмне, ал суу толтурулган
баштык беле!
— Айтчы, Додо, мен чындап эле суу толтурулган баштык баштанып турамбы?
— Эмне үчүн? Сен эң эле сын-сыпаттуу кызсың.
— Мейли, ошондой эле болсун. Мен сенин оюңча суу толтурулган сын-сыпаттуу
баштыкка окшоймунбу, жокпу?
— Карабайсыңбы, Алиса, — Додо кебелбестен жооп бере баштады, — бул эң эле
татаал нерсенин өтө эле жөнөкөй модели дээр элем. Ошол аябагандай татаал нерсе
сенсиң. А эмне үчүн сенде ушундай үрөй учурган образ пайда болду?
— Себеп дегенде... Мына айтчы, Додо, эгерде булут суунун молекулаларынан турса,
анда суунун молекуласын булуттун бөлүкчөлөрү дешке болобу?
— Айтса да болор эле, Алиса, эмнегедир ага тил барбайт. Булут бул жөн гана суу
эмес да, ал өзү ак, барпагай, асманда калкып жүрөт. Ушунун баарын суунун
молекуласы дей салсак болоор беле?
Алисага бул жооп жагып калды. Булут кандайдыр бир пайыз гана эмес дегеле
толугу менен суудан турат, ошентсе да, Додо суунун молекуласын анын бөлүкчөсү деп
атаганга даабай жатпайбы. Туманчы? Ал деле суунун молекуласынан турат эмеспи.
Кызык, туман таркаганда ал эмнеге айланат болду экен?
— Анда таптакыр эле кызыга турган эч нерсе жок. Аба көрүнбөй эле турбайбы?
Туман деле таркагандан кийин ошол сыяктуу көрүнбөй калат.
Мында кандайдыр бир ой бар болучу, бирок Алисага ички добушу эң негизгисин
али толук айтпагандай сезилди. Бу кандай?
— Жабыштың да калдың! Адамдар айрым-айрым молекулаларды көрүшпөйт,
көргөндү билишпейт, көрө алышпайт. Сен андан көрө тескерисинче ойлосоң болмок.
— Кандай, тескерисинче?
— Жөпжөнөкөй эле. Эмне үчүн сен булутту же туманды көрүп жатасың?
—Кантип ушундай болуп калат, — деп ойлоду Алиса, — бөлүкчөлөр бардык жерде
бипбирдей да, алар түзүп турган нерселер ушунчалык ар башка? Адамдар, иттер,
өсүмдүктөр жөнүндө айтпаганда да, молекулалары бирдей болгон сууну алсак: эмне
үчүн кар — ак, ал эми суу — тунук? Муз да — тунук? Башкача айтканда көрүнбөйт?
Терезенин таза айнегин биз көрбөйбүз, биз алардын ары жагындагы башка
нерселерди көрөбүз. Аба да көзгө көрүнбөгөн тунук... А булут болсо ак.
Додо үндөбөстөн, акылын топтой албай көктү караган бойдон жатты. Булут акырын
жылып баратты. Жана алардын бирөө өзүнүн көлөкөсү менен аларды жапканы жаткан.
Эмне үчүн булуттан көлөкө түшөт?
Додонун жүзүндө маанайы пас жана бир аз аргасыздыктын күлкүсү турду. Эгерде
жаш балада бир нерсени билүүгө ынтызарлык пайда болсо, аны ошол замат
канааттандыруу зарылбы, же эң жакшысы алгач бир азга күтүп туруу
керекпи? Эгер күтүп туруу керек болсо, анда эмнени күтүп туруу керек?
Булут Алиса менен Додонун как төбөсүндө алоодой жанып турду. Алисанын башы
бир аз айлангансыды. «Сен даярсыңбы? Сен коркпойсуңбу?» деп акырын сурады,
баягы түрү суук жана жаман эмес, башка добуш. Бул жанында катар жаткан эмес,
кандайдыр ичинде жашап жаткан Додо сыяктанып туюлду. «Мен даярмын, мен
коркпойм, мен каалап турам», — деп ойлоду Алиса, анан алар көгүш асманга
атырылып чыгып, китке бир аз түспөлдөшүп кеткен булутка жакындай башташты. Жону
кадимки эле киттикиндей болучу. Көлөмү да киттикине жакын эле — суунун
молекуласынын көрктүү үймөсү.
— Мынакей! — деп ички добушу капилет заңк этти.
— Сен деги эмнени айтып жатасың? — деди Алиса.
— Кристалл да эмес, суюктук да эмес, газ да эмес жана буу да эмес, үймө.
Ички добушу ошентип кыйкырды да, эч нерсени түшүндүрбөстөн тынып калды.
Додо да эч нерсе дебестен Алисаны күтө, тиктеп турду. Алиса болсо, булуттарды
карап турду, андан эч нерсе өзгөрүп кеткен жок.
Ошентип турганда кандайдыр бир бейтааныш добуш бийик жана бек чыкты:
— Дүйнөнү максатсыз тиктей бербе!
Бул кантсе да көңүл орутарлык иш эле. А добуш болсо уланта берди:
— Ички көрүмүңдү иштет, Алиса, анык нерседен да шек санай бил. Булут, албетте,
ак, асман — көгүш, кара булуттар — капкара, эмне экен? Аба сенин айтымыңда
көрүнбөс, ал эми асман көгүшпү? Анда асман деген өзү эмне? Сенин көздөрүң сени
алдаган жок Алиса, бирок акыйкаттыкты айтып турган жери жок.
Алиса, өзүңдөн өзүн бөлүнүп чыгып, өзүңдү өзүн сырттан карасаң, деги сен эмнени
турмуштун аныктыгы, акыйкаттыгы, чындыгы деп эсептейсиң? Сенин көргөндөрүн сен
булардын бардыгын билгендигиң менен байланышкан. Эмне үчүн булуттан көлөкө
түшөт? Эмне үчүн ай менен күн кызарып батат? Кандайдыр бир терең ойлонулган
тажрыйба жүргүз, булут астында кыймылсыз асылып тура бербе.
Добуш кандайдыр алыстап, басаңдай баштады. Алиса аны таптакыр басылып калат
экен деп, чочуп, күтүлбөгөн жерден өзүнөн өзү кыйкырып жиберди:
— А сен кайсы, сырткысыңбы, же ичкисиңби?
— Анын баары түккө турбаган нерселер, Алиса, баары эле бир. Ичинде эмне,
сыртыңда эмне бар экенин аңдап билүүгө дайым эле мүмкүн боло бербейт.
— Сен кимсиң деги, атың ким? — таптакыр калтаарый түшүп, үнүн бек чыгарды
Алиса. Добуш жооп кайтарды:
— Альберт Парменидович Однокамушкин.
Ошондо гана Алиса таанып билүү кызыкчылыгынан сырткары дагы кандайдыр бир
нерсени ишке чегүү керек экендигин түшүндү. Ал кандайча атады эле:
«ойлонулганбы», же «оюн менен элестетилгенби?» Эмне, бул жерде экөө бирдей эле
болуп калды бейм.
Алиса акыл токтотуп, бир баштан ой жүгүртүүгө аракеттенди. Аба көзгө көрүнбөйт,
анткени андан жарык өтөт, ал эми булут болсо, жарык менен кандайдыр бир башкача
мамиледе болот. Жарык Күндөн чыгып, бардык нерселерге жарык чачат, алар жарык
менен кандайдыр бир катнашта болушат, ошондуктан алар көзгө көрүнөт.
— Көз көрүнө (Көзгө көрүнө) нерсе, — деди ички добуш, — түндөсү эч нерсени
көрүүгө болбойт.
Булуттар жарыкты эмне кылат?
Акыл-эс жана элестетүүнүн апачык көзү менен Алиса, Додо экөө ойго келбеген
жана элестетүүгө мүмкүн болбогон ылдамдык менен суунун молекулаларын кыйгап,
тепчип өтүп жаткан, аларга али бейтааныш болгон, кипкичинекей бөлүкчөлөрдү
көрүштү. Алар жалгыздан эмес, топ-тобу менен эле. Алар бири-биринен кандайдыр
байкалбаган бир нерселери аркылуу айырмаланып турганы менен, баары бир гана
текке киргендиги айдан ачык эле. Алардын айырмачылыктары эмнеде экендигин
Алиса ички көрүмү менен эч аныктап тааный албай жатты.
— Ички көрүмүн менен жете албасаң, сырткы көрүмүңдү жумша, —
Однокамушкиндин үнү дагы келип жетти.
— Парменидыч, уксаң, — деди дагы бир ороюраак, бирок жакшылык
каалагансыган үн, — кызга да кыйын болуп жатпайбы.
Додонун үнү менен:
— Асыл нерсеге жетүү дайыма кыйын, — деди мейкиндик.
Алиса менен Додо булут астынан учуп бара жатышып өздөрүнүн ички, сырткы
көрүү сезимдери аркылуу кичинекей бөлүкчөлөрдүн топтору менен суунун
молекуласынын топторуна барып тийип, алгачкы түз бара жаткан жолунан чыгып, учуу
багытын кантип өзгөртүп кетип бараткандыктарын жана андайдын өтөле көп
кайталанып жаткандыгын көрүштү.
— Додо, кантип ушундай болуп жатат: кадимки сырткы көрүү сезимибиз менен биз
жарыкты дайыма көрө алабыз да, аны түзүп турган кичинекей бөлүкчөлөрдү эч качан
көрө албайбыз.
— Жарыкты көрүү бул фотондорду — ошол бөлүкчөлөрдүн өзүн кабылдоо деген
сөз. Алар көзгө тушма-туш келгенде ага кандайдыр таасир этишет да, адамдарга — мен
көрүп жатам дешке мүмкүндүк түзүп беришет.
— Демек, биз бир нерсени көрүп жатканда фотондорду гана көрөт экенбиз да?
— Сен өзүң азыр эле «биз аларды эч качан көрө албайбыз» дебедиңби.
— Күзгүгө каранып жатканда мен эмнени көрөм?
— Суу толтурулган баштыкты, — деди жагымсыз, жаман үн. Кээде бөлүкчөлөр
молекулалар менен бет келишкенден кийин кайдадыр житип кетип жатышты, бери
болгондо Алиса алардын эмне болуп жатканын таптакыр көрө албай койду.
— Додо! Сен экөөбүз көрбөдүкпү, айрым фотондордун молекулага кабылары
менен жоголуп жатканын. Мүмкүн, көздө да ошондой бир нерсе болуп жүрбөсүн?
— Сен дагы бой көтөрө баштадың, Алиса, — деп чымчыды ички (же сырткыбы жана
канчанчы ирет?) добуш.
_А сенин көзүндө, эмне, молекула жокпу? Ооба Алиса, сен акыл-эстүү нерселердин
катарына киресиң, акыл-ой, ан-сезим, туюу — дагы эмнелерин бар? Ошентсе да, сен
баары бир молекуладан, дээрлик татаал, албетте, ар түрдүү молекуладан турасын,
бирок...
_Ай, суранам, кереги жок, дагы ушул жөнүндө...
— А мен таптакыр эле ал жөнүндө айтайын дегеним жок. Сенин көзүңдө, деп
жатам мен, атайын бир ушундай молекулалар бар...
Алисанын бул жөнүндө дагы уга берүүгө шайманы калбады. Бир дегенде эле
баарын камтып кетүү кыйын, бул тууралуу мындай макал да бар: «Жутаарыңды ойлоп
сугун».
— Чын эле. Молекулалар жанагы фотондорду жутуп алышабы? Мүмкүн, кара
булуттар жарыктын баарын жутуп алып, ошондон улам бизге анын эч нерсеси жетпей
жатып жүрбөсүн?
— Ошого эле жакын, Алиса, бирок, бул жөнүндө бир аз башкачараак айтышат.
Мындай сөз бар — сиңирүү...
— Сен алар аны жутпайт, сиңирип алат дегиң келип турабы?
Алиса күндөн күчтүү агым менен келе жаткан фотондордун айрымдары булуттарды
тепчип өтүп, айрым бөлүктөрү молекулалар тарабынан туш тарапка чачыратылып, ал
эми дагы бир бөлүгү кайда экени белгисиз болуп житип жатканын карап турду. Алиса
Додого карады. Ал жылмайып:
—Ооба, Алиса, мунун аныгына жетүүнүн бир гана жолу бар. Сен даярсыңбы? —
деди.
Алиса менен Додо бекем кол кармашкан боюнча булуттун тереңин көздөй сүңгүп
кетишти. Жөнөкөй байкоо жүргүзүү алардын кызыккан суроосуна жооп бере албайт
эле, алар чыныгы иликтөөнүн жолуна түшүп калышкан.
Алиса менен Додо мындай ой жүгүртүштү: кылмышкердин кайда экендиги
жөнүндө эч кандай маалымат жок болсо, ал ар кандай болжолдонбогон эле жерден
чыгышы мүмкүн. Ошондуктан алар дал ошол болжолдонбогон бир жерге токтошту да
суунун бир молекуласын байкоонун бутасы кылып алышты жана милдеттерди тактап
алышты : Алиса молекулага учуп келген фотондордун, ал эми Додо болсо, учуп чыккан
фотондордун эсебин алды.
Турмушта көп, ал эми детективдик романдарда ар дайым кездешкендей, башкы
окуя күтүлбөгөн жерден болуп өтүп, каармандардын байкагычтыгынан жана
көрөгөчтүгүнөн гана көзгө түшүп калды: Дододо Алисага караганда бир фотон аз
чыкты. Бирок, бул эмнеден болгондугун байкоочулар баамдабай калышты:
электрондун топтому жай жылтылдап жатты, ал эми анын артында тээ бир алыста
ядролор термелүүдө.
Ядролор дегеле эч нерсеге катышы жок, күнөөсүздөй сезилди, алардан эч ким шек
санаган да жок. Ал эми электрондун топтомучу, мына ушулар канткен менен шектүү
туюлуп, кандайдыр бир өтө эле бейкапар жылтылдап турушкан. Анан да ал абдан эле
симметриясыз болучу. Бирок кай бир жеринен фотонду көрүү мүмкүн эмес болучу.
Жеп коюштубу, ким билет?
— Кыязы, Алиса, убакытты дагы бир ирет токтотууга туура келет окшойт. Сен аны
жасоонун жолун унуткан жоксуңбу?

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 03
- Büleklär
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4018Unikal süzlärneñ gomumi sanı 180432.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3994Unikal süzlärneñ gomumi sanı 169432.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4044Unikal süzlärneñ gomumi sanı 168031.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3957Unikal süzlärneñ gomumi sanı 183530.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3946Unikal süzlärneñ gomumi sanı 182731.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3783Unikal süzlärneñ gomumi sanı 183529.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.39.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3928Unikal süzlärneñ gomumi sanı 176232.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3937Unikal süzlärneñ gomumi sanı 184531.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3916Unikal süzlärneñ gomumi sanı 191931.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3923Unikal süzlärneñ gomumi sanı 193630.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3917Unikal süzlärneñ gomumi sanı 198829.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Алиса Суроолор Дүйнөсүндө - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3781Unikal süzlärneñ gomumi sanı 206328.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.