ферма I ж. с.-х. ферма (айыл чарбачылыгынын айрым бир тармагы менен кесиптенүүчү, айрым адистешкен, специализациялашкан чарба); колхозная ферма колхоз фермасы; овцеводческая ферма кой фермасы; молочная ферма сүт фермасы. ферма II ж. тех. ферма (түптөрүн бириктирип, айрыкча жол менен жайлаштырылган брустардан, төрт кырдуу устундардан турган инженердик курулуш); стальная ферма болот ферма; железобетонная ферма темир бетондуу ферма.