Latin

Ырлар - Джорж Байрон - 1

Общее количество слов 3690
Общее количество уникальных слов составляет 2237
27.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
38.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
44.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Джорж Гордон Ноэль Байрон 1788-жылы 22-январда Лондондо туулган.
Анын атасы Англиянын кедейленип кеткен эски аристократиялык уруусуна
жаткан лорд болгон. Акындын энеси Шотландиялык бай үй-бүлөдөн болгон.
Келечектеги акын туулгандан бир аздан кийин эле эне-атасы ажырашып
кетишкен. Акындын атасы аялынын байлыгын бүт жок кылып доочулардан
кутулуш үчүн Францияга качып кетип, анда 1791-жылы өлгөн.
Байрон балалык кезинин алгачкы учурун энеси менен бирге Шотландияда
өткөргөн. Алар киши менен катышпай турушкан. Байрон бала кезинен эле
тубаса аксак болгон, бирок анын аксак болушу мыкты сууда сүзгүч. боксёр
болууга жана атка мыкты минип жүрүүгө тоскоолдук кылган эмес. Келечектеги
акын, бала кезинен тартып эле өзүнүн Родинасы деп эсептелген Шотландиянын
табиятын өтө сүйгөн. Шотландиянын эл акыны Бернс мактап ырдаган тоолуу
Шотландиядагы дыйкандардын турмушунда ал кезде мурунку патриархалдыкуруулук байланыштардын калдыгы бар болчу. Бул акындын эсинде эркиндиктин
символу катарында өмүр бою сакталып калган.
Байрон он жашка чыкканда, эки ата өткөн чоң атасы өлгөндөн кийин, лорд
деген титулдун мурасчысы болуп жана Ноттингэм графствосундагы Ньюстед
деген ата-бабадан калган поместьени ээлеген.
1807-жылы жайында анын биринчи ырлар жыйнагы «Бош убактыда» деген
ат менен чыккан. «Бош убактыда» деген жыйнакта Байрондун башка акындарды
туурап жазган, али өсүп жете элек ырлары көп болучу. Бирок ушул эле
жыйнактан Байрондун келечекте мыкты акын боло тургандыгы сезилген.
Байрондун 1809—1811-жылдарда чет өлкөлөргө саякат
кылышы, жаш акындын коомдук турмушка жакындашынын жаңы этабы болгон.
Байрон саякат кылган Европа жана Жакынкы Чыгышта согуш болуп турган.
Жаш саякатчы наполеондук интервенттерге катуу сокку уруп турган испандык
партизандарды—гверильястарды өз көзү менен көргөн. Ал түрктүк
янычарлардын таманы алдында эзилип жаткан жана элди боштондукка чыгаруу
үчүн күрөшкө күчүн жыйнаган Грецияны көргөн. Веллингтондун командасы
астында Пиренейде Наполеонго каршы урушуп жаткан Британиянын армиясын,
Британ флотунун Орто Жер деңизиндеги базасы болгон — Мальтадагы согуш
аракеттерин көрүп Великобританиянын реакциячыл өкмөтүнүн тышкы
саясатына Байрон сын көз менен баа берген.
Байрондун саякат кылуусу, жаны жер, жаны элди көрүүсү, бөтөн өлкөнүн
үрп-адаттары менен таанышуусу акындын байкоолорун байыткан жана акындын
коомдук-саясий кругозорун кеңейткен. Ал башка элдердин маданиятын барктап,
кызыгып үйрөнө баштаган. Байрон биринчи саякат кылган кезинен баштап эле
түрк, жаңы грек, албан тилдерин жана фольклорун шыктануу менен үйрөнүп,
Италия тили менен таанышат. Кийин ал Италияда жашаган мезгилде Италия
тилинде жакшы сүйлөй баштайт, 1816-жылы армян тилин үйрөнүүгө киришет.
Байрондун элдердин маданиятын жана саясатын мындай кызыгып үйрөнүшү,
акындын патриотизмине каршы келбестен, тескерисинче аны чыңдаган. ,, Мына
ушул саякаттын натыйжасында. Байрондун Англияда жана чет өлкөлөрдө акын
катарында атагын чыгарган «Чайльд-Гарольддун саякаты» деген поэмасынын
биринчи жана экинчи ыры пайда болгон. Поэма 1812-жылы март айында
жарыкка чыккан. Окуучуларга өтө жагып атактуу болгондуктан поэма жылдын
акырына чейин беш жолу басылган. «Чайльд-Гарольддо» автор өзү көрүп, өзү
катышкан, элдин көңүлүн бөлгөн, зор масштабдагы тарыхый окуяларды сын көз
менен карап жалпылоого умтулган.
Поэмада коллективдүү герой катарында ошол кездеги Европадагы элдердин
— испандык партизандардын, албандык жоокерлердин, гректердин образдары
сүрөттөлгөн жана акын аларды эркиндик үчүн күрөшүүгө чакырган. Байрон элди
чыныгы патриот жана эркиндикти сүйүүчү катарында көрсөтүп, аны ошол
кездеги коомдук өсүштүн чыныгы жандандыруучу күчү деп санаган. Англиядагы
XIX кылымдын 10—20-жылдарында жумушчу кыймылы Байрондун
чыгармасынын түзүлүшүнө жана өсүшүнө зор таасир бергени шексиз.
Ошол кезде Байрон «Чыгыш поэмалары» деп аталган поэмалардын тобун
жазган. Аларга «Каапыр» (1813), «Абидосстук колукту» (1813), «Деңиз
каракчысы». (1814), «Лара» (1814) жана 1815-жылы жазылып 1816- жылдын
башында бир жыйнак болуп басылган «Коринфди курчоо», «Паризина» деген
поэмалар кирет.
Акындын романтикалык формада каймана түрүндө жазылган ыр саптарында
жана 1813—1815-жылдарда жазылган бунтардык поэмаларында адамдын
тагдыры үчүн коом жооп бериш керек деген ой терең жана күчтүү берилген.
«Каапыр», «Декиз каракчысы», «Лара» деген поэмаларда Байронду айрыкча
толкундаткан гуманисттик тема, баатырдык көрсөтүүгө жарактуу болгон
мүмкүнчүлүктүн ишке ашпай калгандыгы, жумшарга чыныгы иш табылбай текке
кетип, пайдаланылбаган күч, зор энергия, талант жана сезим темасы берилген.
«Каапыр» поэмасынын герою Каапыр өзүндө болгон зор күчтүн жумшалбай
текке кеткендигине капа болуп кайгырат.
«Дениз каракчысы» поэмасынын герою «жүрөгү назик сүйүүгө арналган»
Конрадды ошол кездеги шарт, жүрөгү музтап, дени сенек болуп калган баш
кесер каракчыга айландырат. Жаш кезинде адамга пайда кылууну ойлогон
Лара, өзүнүн тилеги, ою жана идеалы ишке ашпай калгандыгына капаланып,
киши менен жакындашпаган жападан-жалгыз жүргөн кишиге айланат.
«Еврей күүсү» Байрон тарабынан 1814—1815-жылдардын ортосунда
жазылган. «Чыгыш поэмаларына» мүнөздүү болгон трагедиялык жалгыздык,
терең кайгыруу жана бир нерседен көңүл калуу темасы «Көңүлүм капа»,
«Уйкусуздардын күнү» деген ырларда зор поэзиялык күч менен көрсөтүлгөн.
Бирок «Еврей күүсү» циклиндеги ырлардын негизин эзүүчүлөрдү жек көрүп, эркиндикке умтулган элдин тарыхый тагдыры жөнүндөгү жалпыланган тема түзөт.
Мында жеке адамдын баатырдыгы жалпы элдик патриоттук мааниге ээ болот.
«Еврей күүсүндөгү» алдыңкы прогрессивдүү идея — элдин
боштондукту сүйүүсү өлбөй-өчпөй тургандыгын көрсөтүү болуп саналат
Англиянын реакциясы Байрондон өч алууну эчак эле ойлоп жүргөн болучу.
Анын парламентте тайманбай сүйлөгөнү, акындын саясий жана дин жактан
эркин болууну сүйгөндүгү, анын эл ичинде өтө чоң атакка ээ болгондугу —
башкаруучу чөйрөлөрдүн улам кыжырын келтирген. Байрондун өкмөткө каршы
ырлары, принцрегентке каршы жазган күйдүргүч эпиграммасы окуучулардын
арасында кеңири тарап кеткен болучу. Акын 1814-жылдын башында өзүнүн
фамилиясы менен «Ыйлаган ледиге карата ыр» деген эпиграмманы жарыялаганда жана «Деңиз каракчысы» деген поэма экинчи жолу басылып чыкканда
өкмөттүк басма сөздүн аябай ачуусу келип Байронду жаманаттай баштады.
1816-жылы Байронду жаманаттап куугунтуктоо саясий себептин негизинде
болгон. Байрондун аялы менен ажырашын кеткенин реакциячылар акындан өч
алуу үчүн пайдаланышкан. Байронго каршы ар түрдүү ыктар колдонулган. Анын
мүлкү катталып, үйүн полицейлик приставдар ээлеп, газеталар акындын
сыймыктуу атын күлгө тепсеп ушактай баштаган. Англиянын
буржуазиялык-аристократиялык башкаруу чөйрөсү Байрондун күчүн мокотуп,
колунда куралын түшүрө алган эмес, бирок аны туулган жеринен кубалашкан.
Байрон 1816-жылы 25- апрелде өз родинасын түбөлүккө таштап кеткен. Ал
сыяктуу эле бир жылдан кийин ушундай шартта Англиянын экинчи улуу акыны
Шелли да родинасын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Байрон Швецарияга келип
орношкон.
Байрон Швецарияда болгон кезинде «Манфред» сыяктуу романтикалык
чыгармалар менен катар коомдук чындыкты түздөн-түз чагылыштырып
көрсөткөн жана күрөштү улантууга чакырган чыгармаларды жазат. Ал «Шильон
туткуну» (1816), ага жакындаган «Шильонго сонет», «Прометейдин үзүндүсү»,
«Шеридандын өлүмүнө монодея» деген чыгармаларында, айрыкча ЧайльдГарольддун саякатынын үчүнчү, төртүнчү ырларында өмүрдүн жана
искусствонун максаты эркиндик үчүн күрөшүү деп көрсөткөн.
«Шильон туткунунун» герою романтикалык жалгыз бунтар эмес, өзүнүн
күрөшүн өз элинин прогрессивдүү умтулуусу менен тыгыз байланыштырган
коомдук ишмер. Поэманын негизги мотиви жакындары менен бирге өзүнүн
иштеген иши үчүн азап тарткан адамга терең боор ооругандык болуп саналат.
Байрондун бул поэмасы ал кездеги реакцияга жалындуу түрдө каршы чыгуу
болгон. «Шильонго карата сонет» түрмөдөн да, кишен- ден да коркпогон
боштондук үчүн күрөшкөндөргө арналган гимн.
Байрон 1816-жылдын күзүндө Италияга келген. Италияга келгенден кийин
анын чыгармаларында жаңы, өтө жемиштүү мезгил башталат. Ал Италияда
жазган биринчи чыгармаларында эле жаңы, турмуштук-конкреттүү саясий
мазмунду көрсөтө баштайт. ал үчүн ачык, так поэзиялык формаларды издейт.
Байрондун Италияда жашаган мезгилиндеги эң маанилүү сатирасы «Бронза
кылымы» деген поэмасы болгон. Бул саясий сатирасында акын европалык
реакциянын жетекчилерин катуу сынга алат.
Революциячыл романтика менен чыныгы реализм айкалышкан Байрондун
чыгармалары «Бронза кылымы» жана «Дон-Жуан» болуп саналат.
Байрон «Дон-Жуанды» Италияда жашаган кезинде бир нече жыл бою
жазган. Поэма 1819-жылдан баштап 1824-жылга чейин басылган. Байрондун
чыгармасынын эң барып жеткен жери «Дон-Жуан» поэмасы — Европадагы
коомдук турмуштун өз алдынча бир сатиралык энциклопедиясы. Байрон
Грециядагы согуш аракеттерине катышуу үчүн 1823-жылы июнда «Геркулес»
деген кемеге түшүп Грецияга жөнөйт.
Байрон эң мурун Кефалонияга келип, андан грек порту Миссолонгиге
жөнөйт. Ага баруу өтө коркунучтуу болучу. Байрон түшкөн кеме жолдо кыйрайт,
Байрон өзүнүн жолдоштору менен түрктөрдүн куугунтуктоосу- нан араң кутулат.
Миссолонгиде гректер элдик манифестациялар жана согуштук сыймык көрсөтүү
аркылуу Байронду кубаныч менен тосуп алышат. Байрон келери менен өзүнүн
бүт күчүн Миссолонгиде гректин аскер бөлүктөрүн түзүүгө жумшайт. Байрон
гректин боштондук кыймылын иш жүзүндө чыңдоого, анын бардык күчүн
бириктирүүгө аракеттенет. Байрондун өзү катышкан Грециядагы эркиндик үчүн
күрөш анын чыгармачылыгынын булагы болгон. Акындын аз болсо да,
уз жазылган Грециядагы ырлары анын эң мыкты лирикасына жатат. Аларга
«Сулиотторго ыр», «Менин отуз алты жашка чыккан күнүмө», «Кефалония
күндөлүгүнөн үзүндү» деген ырлар кирет.
Туш-туш жагынан курчалган шаарда лагердеги оор турмуш жана зор эмгек
Байронду күчтөн тайытты. Ал безгек менен ооруп, 1824-жылы 19-апрелде
Миссолонгиде дүйнөдөн кайткан.
ЧАЙЛЬД ГАРОЛЬДДУН САЯКАТЫ
БИРИНЧИ ЫРДАН
Касиеттүү ыр энеси — о Муза,
Байыркыда тең элең сен кудайга,
Бирок кийин кара нээт, арамза,
Кор болгонсуң ырчы сөрөй далайга.
Зыяраттап Дельфиңе 1 баш урсам да,
Булагыңдын шылдыр күүсүн уксам да 2
Эми сенин тынчыңды кур албайын,
Көмөк сурап алдыңа да барбайын,
Караборчо ырларымдан калбайын.
Өз өмүрүн тигип койгон шапарга
Албиондо 3 бар болчу бир безери;
Бузуктуктан башка ой кирбей капарга,
Арам жолду нуска туткан эзели.
Зөөкүр болду, кызыкчылык жаңылтып,
Уят-сыйды эсине да албады.
Тамашаны күндө кайта жаңыртып,
Үлпөт куруп, ичкиликке чардады,
Күндө башка аялдарды жандады.
Анын өзү Чайльд Гарольд аталган,
Баары бир да ким болгону бабасы!
Ата наамын булгабайбы даңкталган,
Жаман чыкса жакшылардын баласы.

Дельфи—Парнас тоосунун боорундагы байыркы Грециядагы шаар; байыркы гректердин дини
боюнча бу жерде күндүн кудайы, илим, өнөр (искусствонун колдоочусу) Апаллон менен дагы
искусствону колдогон тогуз бир тууган кыз — Муза жашаган. Жомок боюнча Дельфиде
Апаллондун мазары (храмы) болуп, олуялар (пифиялар) келечекти, жазмышты «ачык айтып»
туруш- кан. Каймана мааниде Парнас—ыр, поэзия дүнүйөсү. Муза — акындык чыгармачылык,
акындын шыгы, шык.
Булак — байыркы гректердин жомогундагы акындарга шык бере турган Касталиядагы атактуу
булак.
Альбион—Англиянын байыркы аты.
Канча атактуу болсо дагы тукуму,
Канча мактап ырдашса да баланы,
Кайдан тиет атасынын жугуму,
Кантип айтат ак деп чылгый караны,
Кантип түз дейт ийри чыккан аланы!
Жигит болуп толуп турган кезинде,
Көпөлөкчө сайрандады эсирип,
Ал баланын болгон да жок эсинде
Суук түшүп, жел согорун кеч кирип.
Бир күндөрдө дүнүйө капар мырзанын
Алас уруп, зээни катуу кейиди.
Коёр жерин таппай туйлап өз жанын,
Ата мекен, тууган үйдөн жериди,
Баарын танып, баарын кечип, тениди.
Ал ошентип уят-сыйды эскербей,
Масчылыкты сүрүп күндө чардаган;
Бирди тандап, минди азгырып көзгө илбей,
Бирди сүйүп, аташкан жар албаган.
Ырыстуулар бузукунун торуна,
Кутулушкан себеп болуп илинбей,
Кете бермек зөөкүрлөрдүн тобуна,
Жарым деген жаш селкини теңсинбей,
Үй турмуштун бейиштигин элебей.
Жыргал, шапар, кызыкчылык токтолуп,
Бир кездерде жаш Гарольдду ой басты,
Ыйлагысы келип кээде бук болуп,
Намысынан токтотчу араң көз жашты.
Көкүрөккө укмуш куса топтолуп,
Киндик кескен өз жеринен жадатты,
Үстү-үстүнө кайгы-зары козголуп,
Киши жерин кыдырганды саматты.
Альбиондон артык көрдү азапты.
Чөп, эңилчек басып сүрдүү карайган,
Дүмпүйүңкү заңгыраган, заңкайган,
Эски куттуу үйүн Гарольд бүт таштап,
Жаңы жерди эңсей-эңсей жол тарткан.
Эскилердин айткан сөзү боюнча,
Бул монастырь болгон экен байырда,
Пастырлары 1 тымызындан оюнча,
Ойнош, шарап менен өткөн шапарда,
Бүгүн бул үй так ошондой азыр да.
Бирок кээде ичип, дуулап бийлесе,
Көп учурда Гарольд көөнү кирдеген.
Же душманын, же өткөнүн бир эсе
Ойлогонун эч тирүү жан билбеген.
Ойлор басып, жаны катуу кейисе,
Бирөө менен жакындашып кетпеген.
Көкүрөктү тымызын чер тиресе,
Жан кишиге сырын айтып бербеген,
Бирөөлөрдүн акылына кирбеген.
Дүйнөдө мында жолдош болбогон,
Ичирсе да, жедирсе да далайды,
Өзү билчү аш-тамакка тойбогон,
Күйүмү жок, шүмшүк урган сайларды.
Аялдар да муңу жакшы көрбөгөн.
О, кудаяй, дүйнө, мүлктү айдасак,
Кандай аял колго келип түшпөгөн!
Көпөлөк да чыракты ээрчип айланмак,
Шайтан күлсө периште өксүп ыйламак.

Пастыр — монастырдагы кудайга кулдук ургандар.
Жөнөгөндө белгисиз жол-сапарга,
Көрбөй калды алпештеген энеси.
Коштошалбай калды батып муң-зарга,
Күйөрманы — жалгыз сырдаш эжеси.
Жакыны да, тууганы да, курдашы,
'Кош айтышып чыгалбады узатып.
Бирок анын коштошуучу көз жашы
Көп жыл бою ичте жүргөн сыздатып,
Калган эмес болчу боору таш катып.
Атасынан калган мурас—көп мүлкүн,
Бабасынан калган жер-суу, үй-жайын,
Өзү сүйгөн сулуулардын күлкүсүн,
Жоодураган көзү менен саамайын,
Делебесин козгоп далай сүйгүзгөм,
Селкилерди, сопуну да күйгүзгөн,
Аяк толо мелт-калт болгон шарапты,—
Баарын таштап, туман, шамал тарапты
Бет алды да, түштүк жакка баратты.
Парус көлкүп, солуп турду салкын жел,
Кеме барат барган сайын алыстап.
Бүлбүл этип, жээк-жерге, тууган-эл,
Кала берди мейкиндикте закымдап.
Жат бир жакка жөнөшүнө ич күйүп,
Балким анын зээни кейип тургандыр?
Бирок Чайльд ыйлаган жок үшкүрүп,
Жолоочулар, алдагансып шум тагдыр,
Кайгы-зарга батып калды таптакыр.
Күндүн кыры толкундарга тийгенде,
Чайльд туруп коё берди күү чалып,
Же сүйүнүп, же кайгы тон кийгенде,
Сырын айтар сыбызгысын колго алып.
Жүрөк кокус онтогонсуп зыркырап,
Сыбызгысы муңдуу, мукам күү тартты.
Чайльд ырдап, бриг 1 сууда аркырап,
Жат жергеге жакын тартып баратты,
Күңгүрөгөн күүнү толкун оп тартты:
Кош бол, кечир! Шамал жүрүп,
Туулуп-өскөн калды аймак.
Толкун ыйлап, жел үшкүрүп,
Шаңшып учат ак чардак.
Күндү толкун алды каптап,
Күн менен биз бир жолдош.
Таңга чейин кош бол аптап,
Кечир, жергем, болгун кош!
Эртең кайта күн жаркырап,
Чыгат артып көркөмү.
Деңиз менен көктү карап,
Бирок көрбөйм өлкөмү.
Үй аңгырап, отум өчүп,
Шамал жойлойт кутуруп,
Жан жок, үн жок, чөптөр өсүп,
Калды жалгыз ит улуп.
Паж 2 жигитим, неге үлдүрөп,
Неге өксүйсүң улутунуп?
Чочудуңбу жел күркүрөп,
Турса толкун жулкунуп?
Менин кемем бек жасалган,
Ыйлап төкпө куру жаш,
Шумкар дагы зыпылдаган
Бизден ылдам учалбас.

бриг — эки мачталуу согуш кемеси.

Паж — төрө, мырзалардын жанындагы тектүү жерден чыккан жигит, нөкөр, бу жерде жан
жолдш.
«Чагылганы чарт-чурт этип,
Толкун жүрсө шарпыша,
Коркпойм, мырза, эсим кетип,
Менин ыйым башкача.
Жалгызы элем ата-энемин,
Эми көрбөйм далайга,
Эми жалгыз ишенемин
Сиз менен бир кудайга.
Атам ыйын билгизбестен,
Берди туруп батасын.
Энем байкуш танып эстен,
Бөлдү санга санаасын».
— Кой, паж жигит, жашык белең,
Капаланба, башың жаш.
Мен да бүгүн ыйлар элем,
Чыгар болсо сокур жаш.
Кыйбас жолдош, азып-жүдөп,
Саргайыпсың, тартып суз,
Же бороондон коркуп, сүрдөп,
Же чочутар француз? 1
«Жоого түшсөм болом алды,
Бороон жайын мен билем,
Бирок жайлуу үйүм калды,
Калды сүйгөн үй-бүлөм.
Жолду карайт, ыйламсырап,
Жарым байкуш калды ыраак,
«Кайда атам?»—деп, улам сурап,

Чайльд Гарольддун саякаты убагында Англия. Испанияга болушумуш болуп, Франция менен
согушуп турган.
Уулум турат жалдырап...»
— Сени кайгы турат басып,
Сезип, кейип турамын,
Мен кайгыдан оолак качып,
Тамашага бурамын.
Билем аял кейип кетсе,
Токтоналбай эчкирет,
Кайта бирөө эркелетсе,
Кайгысы ылдам эскирет.
Мен өткөнгө өкүнбөймүн,
Калтыстан жок коркорум.
Үйүмдү эстеп үшкүрбөймүн,
Табылбады жоктоорум.
Мен жалгызмын, бул дүйнөдө,
Мага курдаш толкун жел.
Менин камым кимдер жемек?
Менде ким бар кылар бел?
Жалгыз итим улуп-улуп,
Караңгыга корголор.
Аш бергендин кулу болуп,
Аркасынан жорголор.
Сызгын кемем, алда кайда,
Мен эркиндеп, чардайын!
Кайда айдасаң, мейлиң айда,
Бирок элге барбайын!
Салам айтам, мейкин деңиз,
Артта калган тоо-токой,
Салам айтам, жолдон тегиз!
Тууган өлкөм, кечип кой!
Кеме келет мейкин деңиз жээгинде,
Түнөрүңкү тартат Бискай шарпылдап,
Жер көрүндү араң беш күн дегенде,
Кайрат берип тургандарга калчылдап.
Синтранын 1 көркөм тоосу жаркылдап,
Деңиз үчүн эмчек болуп, үн салган,
Эки бөксө ортосунан жаркырап,
Орула элек эгин бойлоп ыргалган,
Таго 2 суусу агат мелт-калт шаркырап.
Гүлдөп турган жер болорбу мындай да?
Берекеси, бейпилдиги көз тойгус!
Жыгач көркү, гүлдүн көркү бу жайда,
Эгин жатат ыкшалышып, мейкин түз.
Жакасын көр, өзөнүн көр, кырын көр,
Бирок желдет басып кирген бу жерге!
О теңири, шүмшүктөрдү кыра көр,
Бүткүл мээнет, балакетти иттерге
Салып, Галлдан3 өч алышты ыра көр!
Кайда болсун: черде, жолдун боюнда,
Баскан жердин баарында да крест бар.
Муну бирөө кудай болуп оюнда,
Койгон эмес өзү болуп ынтызар.
Бул өлкөгө чабуул жүрүп, бүлүнүп,
Мээнеткечтин каны суудай төгүлүп
Турган чакта жер чыдабай кылып зар,
Эмгекчинин жер кучактап өлгөнүн,
Кабар кылат ушул жерге көмгөнүн.

Синтра — Португалиядагы шаар менен тоонун аты.

Таг, Таго— Испания менен Португалияны басып өткөн суу.

Галл—француздар. 1807-жылы Португалияны Франция басып алган
Чалдыбарлар ээлеп бийик кырларды,
Өткөндү айтып турат мында кыркалап,
Князь турган сыйкор сонун жайларды,
Эми калың чөптөр чыгып, баскан таш.
Тетиги чеп аймак башы турган жай.
Ватек 1 сен да өз жериңди гүлдөтүп,
Бейиш кылдың, чиригендей болуп бай;
Сарайыңды миң кубулттуң, түрдөнтүп,
Опосу жок дүйнө экенин билалбай.
Сөөлөт, жыргал, шаң үчүн сен көркөмдөп,
Заңгыратып жай салдың бул өрөнгө.
Эми калды баары аңгырап, басып чөп.
Жайыт болуп куурай менен өлөңгө.
Өзүңө окшоп сарай калды жалгызак.
Жокко чыкты жүргөндөрүң сен көксөп,
Төбөсү урап, кайгы салып көргөнгө.
Бир азаматтык окшойт жыргал татымак,
Мына ошентип көл бир толкуп, бир
кайтмак.
Бүлбүлдөгөн ойлор ойлоп, илгери
Чайльд барат аска аралап ылдамдап.
Качмак болот сулуу болсо жерлери,
Жаны ачынып, алыс жакка күч камдап.
Же болбосо киргенби дейм акыл-ой?
Анысы чын, зөөкүр болуп жүргөнүн,
Аялга да, тамашага түк тойбой,
Жаш өмүрдүн ойлойт бекер өлгөнүн,
Кабак бүркөйт ойлоп чындык көргөнүн.

Ватек — Байронго замандаш — Англия жазуучусу Бэкфорддун романындагы герой
Ат тарт, ат тарт! Келди куса топтолуп,
Жарашыктуу жерди Гарольд көзгө илбейт.
Эңсеген жок шойкун күндү бук болуп,
Ойнош, вино, зоокчулук издебейт.
Көп өлкөнү, көп элдерди кезмейин,
Алдыдагы максатты түз сезмейин,
Кайда кандай укмуш болсо канчалык,
Баарын көрүп, токтолмоюн, билмейин,
Жер үстүнөн таппайт жаны жайчылык.
Адыр, кырлар сейрек болуп, түз тартты,
Эгинге да көп мол эмес, башка көк, 1
Учу-кыйыры билинбеген чөл жатты,
Гүл жайнаган жерге окшобойт, бир бөлөк.
Бет алдында Испания жапжалаң,
Билген сындуу сансыз малды бакканды,
Ирегелеш душман салса капсалаң,
Койчусу да билет кылыч чапканды.
Тур, испандык, эркиндикке бер жанды! 2
Испания! Өчпөс даңктын өлкөсү!
Душман кылыч көтөргөндө өрт жана,
Кан болгондо тоолоруңдун бөксөсү,
Сен майданга кармап кирген туу кана?
Готтор 3 сансыз кырылганда боо түшүп,
Ирим сууну далай кечип жатканда,
Араптардын күнү батып, түн түшүп,
Өз чөлүнө тым-тыракай качканда,
Сен майданга кармап кирген туу кана?

Көк — чөп

Бул учурда Наполеон Испанияны камап, согуш жүрүп жаткан

Готтор — байыркы герман уруулары
Ал күн даңкы кала берди ырдалып,
Эрдин ушул жаратылган турпагы:
Өлсө дагы өткөн иштер унт калып,
Эрдин атын сүйлөй берет урпагы.
Куру намыс ал бир куру убара,
Андан эрге эмес сыймык токтомок;
Таштар урайт, чирийт кагаз кубара,
Тарых тантып, кошоматчы жоголмок,
Жалгыз ырчы урпактарын жоктомок.
Испандыктар, өч ал, киргин, майданга!
Даңк теңири баатырларды чакырат.
Эмне пайда найза менен сайганда,
Найза менен булутка ким жеталат!
Октор учуп, туш-туш жакка жаркырап,
Замбиректер сүрдүү оозун ачпайбы!
Намыс: «Алга!» деп силерге баркырап.
Бир кездерде Андалустун 1 балдарын
Чакыргансып, силерди үндөп жатпайбы!
Ат дүбүрөп, темир, болот качырап,
Угам таңда согуш үнүн бакырган,
Алар силер, турган жаттан кансырап.
Ал Эркиндик, өч алууга чакырган.
Өч ал! Душман каныңарга болду мас!
Тоо башынан замбиректер атылды,
Ажал жүрөт бууракандап, тын албас,
Сансыз өлүк туш-тарапка чачылды.
Согуш теңири чатак салбай тим турбас.

Андалусия (андалузия) — Испаниянын түндүк батышындагы бир область; буга Кадикс,
Севилья, Альмерия ж.б. шаарлар кирет
Согуш деген өзү кызык тамаша,
(Сиз өзүңүз четтен байкап турсаңыз),
Жарк-журк этип, күр-шар түшүп,
тартыша.
Ала байрак, кызыл шарфтар бир аңыз.
Муздай темир туш-тараптан жаландап,
Жоо качырып, өчөгүшүп, жан кыят.
Бири күлүп, бири жерге салаңдап,
Жер энебиз баарына тең жылмаят.
Өз аскерин ажал жыйнап ырсаят.
Үч бирдей туу 1 көкөлөдү асмандап,
Үч буруу тил талаш-тартыш чыгарды.
Француз, испан бритт 2 болуп, көк чаңдап,
Испан жерин кызыл канга сугарды.
Талаверде 3 үчөө бирдей беттешти,
Өнөктөшү болуша да койгонсуп,
Ушул жерден өзүнө өлүм издешти.
Үйдө өлүмдүн биз эгеси болгонсуп,
Жер семиртип, кузгундарды жемдешти.
Ушул жерде өлсүн даңкка семирген,
Даңк табыты алар үчүн арзымак!
Мен-менсиген, теңсинбеген, керилген
Шум желдеттер элди болду жок кылмак.
Тагын курду адамдардын башынан,
Бийлик курду, элдин эрки басылмак.

Үч туу - Испания, Англия жана француз аскерлери. Байрон Испанияны басып кирген
Наполеондун аскерлери менен Испаниянын согушканын айтат. Испан элинин өз теңдиги үчүн
жүргүзгөн күрөшүн Англия өз мүдөсүнө пайдаланганына Байрондун жаны ачыган.
Брит — Англия

Талавер — 1809-жылы Талаверда Англия менен Испаниянын аскерлери Наполеондун
аскерлерине катуу сокку берген. Байрон Англиянын Испаниядагы бузукчулугун өтө жаман көрүп,
пайдасы жок кыргынды сүйлөйт.
Бирок өзү өлүк болуп сасыган.
Акыр бир күн тар табыттан жай алмак,
Чапкан жери болмок кайта сыйыртмак.
Мына көрдү Севилияны 1 кезгинчи,
Эркин шаар дале көркөм, жаркылдап,
Бирок мында бар сыяктуу бир энчи,
Кузгун жүрөт тегеренип, каркылдап.
Баскан жерин өрттөп, кыйнап, салып чуу,
Душман кирип каланы бүт таламак.
Аттиң, пенде өзү билер болсочу,
Эмес анда Тир 2, Троя3 куламак.
Чындык өлүп эмес зулум дууламак.
Келе жаткан зор кырсыктан бей кабар,
Севилия ырдап, күлүп, бийледи.
Патриоттордун4 эл менен не иши бар!
Эл тагдырын алар көзгө илбеди.
Сыбызгы ойнойт, бирок какпайт добулбас,
Баары бирдей дүйнө капар, күр шапар,
Аңдып келди түн ооганда канга мас,
Түнкү шойкун, түнкү желдет, зулумдар,
Бул каланын дарманы жок кыймылдар.
Дыйкан башка, аялы экөө чалкалап,
Жатмак турсун түн уйкуну билишпейт.
Жүзүм багын согуш кеткен талкалап,
Фандангону 5 көптөн бери бийлешпейт.

Севилия — Севилия шаары француздарга 1810-жылга чейин катуу туруштук берген.

Тир — Алексаидр Македонский талкалаган Финикиянын байыркы шаары.

Троя — Көп жылдар бою камап жатып гректер бул шаарды алып. талкалаган.

Патриот — деп, Байрон Севилия шаарынын төрөлөрүн мыскылдайт

Фанданго — Испаниянын эл бийи
Ашыктыктын жылдыздары чыкса эгер,
Шаңгыраган кыяк тарткан бир жан жок.
Падышалар! Турмушту элче билсеңер,
Алда качан эл чапкандар жоголмок.
Эл башына эмес кырсык тоголмок.
Алыс жолго испан айдап качырын,
Жол кыскартат ырдап азыр кайсы ырын?
Байыркыча, түйшүгү жок жыргалды,
Мактайбы эрдик, сүйүү, келме, өз сырын?
Жок, ал азыр Vivaelrey 1 ну ырдады.
Годойду эстеп, түшүп кетип көп ойго,
Ачууланып, Карлди да каргады.
Өз намысын берип коюп Годойго.
Боштугунан зайыбы өзүн алдады.
Куру талаа, бийик турган аскадан
Маврлардын2 мунарасы көрүнгөн.
Эгин күйүп, көмүр болгон бышкан дан.
Аттар тепсеп, жер жарылып бөлүнгөн.
Ушул жерде душман колун качырып.
Андалустук көп дыйкандар беттешкен.
Ушул жерде душман каны чачылып.
Желдеттерди-камап ташка кептешкен.
Ажыдаарды далай жолу тепсешкен.

Жашасын король (испанча). Карл IV Испаниянын королу. Испанияны Наполеонго жем кылганы
үчүн эл аны чыккынчы атап, анын тактан түшүшүн, такка анын уулу Фердинанд VII нин отурушун
каалаган. Ордо кишилеринен зор бийлиги бар киши Годой болуп, Годой королдун зайыбы менен
жакын болуу менен бирге, Испаниянын Наполеонго багынышына тилектеш болгон.
Мавр — араптар.
Калпагына кызыл лента** 1 байлабай.
Ушул жерден өталбаган жан киши..
Өтөм десе анын шору кайнамай,. '
Мен патриот эмесминдин белгиси.
Бычагы өткүр, эмес эч ким өталмак!
Франция! Жок дегенде бул элде,
Жарак болсо сени басмак калчылдак,
Жаны ачыган элге курал тийгенде.
Кылыч мокоп, замбиректер таш капмак.
Моренанын* 2 тоолорунан үңкүйүп,
Чөлдү карай мойнун созот замбирек.
Туш тарап чеп, сепилдери дүмпүйүп,
Ор сууларга толуп кеткен тегерек.
Он илтик көз тегерекке кадалып,
Күзөтчүсү мылтыгына таянат.
Дубалдарга замбиректер маталып.
Ок топтолуп, милтелери тутанат.
Испандардын уландары, жаштары.
Тагдыр чындап силерге өлүм жазганбы?
Же багынып, же чабылып баштары,
Өлкө бүтүн жоголгону калганбы?
Болмок белең сен душманга басынды!
Кудаң кайда? Турат бекен же көрбөй.
Же укпайбы зар менен көз жашыңды?
Эрдик, намыс, темир кайрат, кан төкмөй.
Согуш өнөр болобу же кур кетмей?
Ошондуктан түпкө жетер гитарын.
Испан кызы эми таштап талга илип.

Кызыл лента — король IV менен француздарга каршы күрөшкөн партизандар калпагына кызыл
лента тагышкан
Маренанын тоосун калкаланып. испан патриоттору француздарга каршылык көрсөтмөк болгон.
Артык көрүп эркектердин катарын.
Ырын ырдап, жоону беттеп ал кирип.
Кайрат байлап барган окшойт майданга.
Үкү түндө уулдаса эс кетип,
Купкуу болчу колун ийне сайганга,
Испан кызы болуп жүрөт Минерва 1,
Көргөндө Марс 2 үрөйү учуп, селт этип.
Муну укканда тургандырсың таң калып.
Үйдөгүсүн билсең боло теңселген,
Бакта жүрсө, басса-турса суйсалып,
Шаркыратма суудай чачы сеңселген.
Нур чачырап жоодураган кара көз,
Күлкүсү укмуш, шыңкылдаган жаракөр.
Муну айтууга ыр да жетпес, сөз жетпес,
Сарагостун чептерин сен ойлоп көр.
Горгонго 3 окшоп караганда кеткен эс.
Сүйгөн жарга ок жанылса жаш төкпөйт.
Колду баштайт жаздым болсо капитан;
Өз кишиси качса үндөп: «Алга!» — дейт,
Каптап кирген жоону сүргөн кайтадан,
Жарадарды кимдер жөлөп кармаган?
Жоокер өлсө, өч алган ким галдардан?
Эркектерге кимдер кайрат байлаган?
Ушундайлар чыгып жалаң уздардан.
Галл шерменде болуп качты кыздардан!

Минерва (Афина Паллада) — Байыркы грек мифтериндеги акыл периште, акылмандыктын
кудайы (аял), согуш энеси, шаарлардын колдоочусу
Марс — Согуш кудайы

Горгондор — караганда тирүү жандын баары таш боло турган аял
О Парнасым! 1 Түшүмдө эмес өңүмдө,
Көз алдыма көрүндүң го шаңданып,
Касиеттүү ушул жердин өзүндө
Миң жыл бою келе жаткан даңктанып.
Көркү сонун улуу жерсиң чалкагай,
Зыяраттап сени келдим аңыздап,
Кантип койсо болот сени алкабай!
Мукам үнүн уккум келди жан сыздап,
Чалгын кагып, учар муза аскалай!
Далай жолу түш уйкумда көрүнүп,
Байыркынын уктум сонун ырларын.
Тизелерим барат өзү бүгүлүп,
Мезгил жетип, ачтың мага сырларың,
Айланамда акындардын сүлдөрү,
Мен аларга теңалалбайм, уялам,
Кайдан чыгат сени мактоо сөздөрү!
Төбөм көккө жетип, тилсиз кубарам,
Парнас сени көргөнүмө кубанам.
Сени көрбөй, өлкөңө да каттабай,
Далайлары бийигиңди ырдашты.
Жаным сабыр кылар эмес ырдабай, Билбей турам кантип токтоп чыдашты.
Музалардын тагы болгон байыркы,
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Ырлар - Джорж Байрон - 2
  • Части
  • Ырлар - Джорж Байрон - 1
    Общее количество слов 3690
    Общее количество уникальных слов составляет 2237
    27.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 2
    Общее количество слов 3724
    Общее количество уникальных слов составляет 2403
    25.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 3
    Общее количество слов 3682
    Общее количество уникальных слов составляет 2495
    24.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 4
    Общее количество слов 3849
    Общее количество уникальных слов составляет 2220
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 5
    Общее количество слов 3858
    Общее количество уникальных слов составляет 2175
    28.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 6
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2130
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 7
    Общее количество слов 3802
    Общее количество уникальных слов составляет 2347
    26.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ырлар - Джорж Байрон - 8
    Общее количество слов 666
    Общее количество уникальных слов составляет 560
    34.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов