Latin

Куштар кеткенде - 1

Общее количество слов 4147
Общее количество уникальных слов составляет 1925
33.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
45.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
(Түрк тилинен которгон Таалай Абдиев)
-İ- «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан эмнеге кеттиң дейсиңби?
Мунун таң кала турган деле эч нерсеси жок. Алган алтымыш эки лира айлыгым
эч нерсеге жетчү эмес. Мойнумда кызыл чиедей эки бир тууганым, оорукчан
апам бар… Кээде апам суукту, бир туугандарым кара курсакты айтып
кыңкылдашчу. Мен ийними куушуруп: «Эмне кылайын, болгону ушул болуп
атпайбы. Тапканымы барда, балда ичип-жеп, силерди ушинтип жалдыратып
койсом, айтсаңар болот эле. Бирок баарын көрүп турбайсыңарбы»,- дечүмүн.
Бул ачык акыйкатты түшүнүшсө жакшы болбойт беле. Түшүнбөгөн соң:
«Ханымдар, эфендилер, бул отелдин дасторкону жакпаса, акчасын кем
бересиңер. Мындан жакшыраагын билген бирөө болсо, айтсын, дароо ошол
жакка баралы»,- деп калжыраган эски эшикти карс жаап, чыгып кетем. Апам,
карыган кемпир… Бир туугандарым, Кудайдын эки бечарасы… Мен ушинтип
чыгып кеткенден кийин мүңкүрөп отуруп калышчу. Бирок муну чоң жиндиге,
мага кантип түшүндүрөсүң? Жашым отузга келди… Дени-кардым соо…
табиятыман арсыз окшойм... эмне көрсөм эңсейм да турам... тамак көрсөм,
жегим келет, кийим көрсөм, кийгим келет. Менин да башкалардай эле акым бар
да деген ой кетет... Иш ушундай болгон соң ичимдеги кыямат-кайымды ойлоп
көрүңүз.
Кыштын караңгы кечтери тешик таманымдан өткөн жаандын сызы
өпкөмө жетип, карызым бар дүкөндөрдүн жанынан өтпөйүн деп көчөлөрдү
айланып-тегеренип үйгө баратканда, жанымдан жалтылдаган машиналар өтөт.
Ичиндегилердин бир тобун тааныйм. Көңүл ачып, акча чачканы баратышат.
Ичим бир күйөт, өзүмөн өзүм сурайм: Булардын баары менден мыкты
немелерби? Алар ушинтип сайрандап жүргөндө, мен эмнеге ит сыяктуу көчөдө
тентип жүрөм? Каалаганымы жеп-ичип, кийине албайм? Өзүм каалаган бир
аялдын койнунда бир жолу жата албайм?
Ушинтип жылдар бою өзүм менен өзүм алышып жүрүп акырында
ушундай бир чечимге келдим: Атам өтө намыскөй киши экен... Бир атанын
балдарына калтыра турган эң кымбат мурасы таза ысым деп кете бериптир...
Таза ысым бир аз дүнүйө менен болсо жакшы, бирок кембагал бүлөдө ага бир,
болуптур эки гана муун таяна алат. Эми атам байкуш жакшы кылганбы, жаман
кылганбы, ал өзүнчө бир кеп... Бирок тегеректеги байлардын баары туулганда
эле чек китепчесин колтугуна кысып түшкөн жок да... Уят-сыйытты коюп эле
колуна тийгендин баарын сатып жүрүп, эсептеп жүрүп байышты да... Мээси
жок, эшек сыяктуу неме болбогондон кийин колуңду байлаган эч ким жок да,
туурабы? Тилемчидей болуп муңканып отургандан көрө таалайыңды бир сынап
көр да... Оңунан чыкса жакшы... Болбосо: «Эмне кылалы эми, колдон келгенин
кылып көрдүк, болбоду»,- деп күнөөнү көр таалайга жүктөп өтүп кетесиң.
Муну айтып аткан неме бир ай мурун фирманын бухгалтериясынан
кеткен кара тору, тиши аппак жигит эле. Ал унутуп кеткен буюм-тайымын
алганча чогуу иштеген эски достору менен учурашып кеткени келген экен.
Түшкү тыныгуу маалы эле. Кызматкерлердин ак сөөк чалыштары
маңдайдагы ашканадан жумуртка салат, баштын муздак этин, төө буурчак
жегени кетип, акчасы жоктор быштак, зайтун, жумуртка менен курсактарын
тойгузганча мурунку кесиптешин тыңдап отурушту. Ал болсо үстөлдөрдүн
биринин үстүнө узунунан түшүп, туфлисинин өкчөсү менен чачылып жаткан
кагаздарды тээп коюп, сөзүн уланта берди:
- Ошентип, сөзсүз бир нерсе кылууну чечкен соң айлана-чөйрөмү карап
көрдүм... Аттуу-баштуу эле адамдар мектеп окуучулары сыяктуу биринин
артына бири тизилип, бир таң каларлык топко кирип, ордубузда эсептейбиз.
Отурган жериңде канчалык көп иштеп, аракет кылсаң, алдыңдагыны,
жаныңдагыны канчалык түртүп, сүрүп чыгарсаң... Билбейм, канча жыл өтөт да,
айлыгың канча тыйынга көбөйөт. Бири иштен кетет, же өлөт да, эки кадам
илгерилейсиң. Ошентип, тобокел, эмне болсо, ошо болсун дедим да, бул
катардан, «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан, чыгып кеттим... Араңардан
кеткениме бир ай болдубу? Балким, боло деле элек... Дароо эле ирдене
түшүптүрмүнбү?
Өйдө болуп, жибек байпагын, жаңы көйнөгүн сыймыктана көрсөтүп,
күлүп турду:
- Эмне, жаман иш кылып атыпмынбы? Бирөөнүн малына, жашоосуна,
абийирине кол салып атамбы? Болгону Навйардагы бир комиссионердин
жанында иштейм... Анын эсебине бажыдан товар алам. Азырынча азыраак бир
айлык, анан да чөнтөккө анча-мынча акча түшүп турат... Бирок Алла берекесин
берсин, гүлдөй жашап атам...
Бир көк жөтөл чал терең улутунуп: «Туура, акың бар... айла жок, бизге кеч
болуп калды»,- деп кобурады; жыйырма жаштардагы эки баёо жүздүү жигит
спорт чемпионун көргөн сыяктуу бир чети суктанып, бир чети ичи күйүп карап
турушту. Бир жак бети согушта күйгөн кырк жаштардагы кызматкердин гана
эмне ойлоп отурганы белгисиз эле. Муштумун ээгине такап, жеп аткан тамагын
жарым-жартылай калтырган бойдон көзүн жуумп ойлонуп отурат.
Жигит үстөлдөн түштү. Мештин оозунан көрүнө калып жаткан жалындан
тамекисин күйгүзгөн соң, ары-бери басып, Навйардагыларга, бажыга тиешелүү
оңой олжо, бекер акча тууралуу кеп кыла баштады. Алардын көпчүлүгү бирге
миңи кошулган апыртмалар эле. Бирок бул кембагалдар аларды айткандай
кабыл алып, элдер тигинтип алтынды күрөк менен күрөп жатканда, өздөрүнүн
минтип сыз бөлмөдө бир нече лира үчүн жарым ач куурап отурганына ичинен
сызып турушту. Бир маалда тиги жигиттин көзү бөлмөнүн караңгы бурчундагы
чоң үстөлдүн артынан өзүн карап турган чалдын көзүнө чагылыша түштү.
Дароо уялып, сына түшкөндөй унчукпай калды.
Бул Али Риза бей деген алтымыштардагы бир эски кызматкер эле.
Бөлмөнүн бир бурчундагы үстөлүндө чөлдө калып кеткен сыяктуу дайыма
жалгыз, унутта калган сыяктуу иштеп отурчу, эч ким менен сүйлөшчү эмес.
Өзү абдан жакшы, нускалуу киши болгондуктан, улуу-кичүүнүн баары
аны сыйлашчу.
Али Риза бей түшкү тамакка чыкпаган кызматкерлерден эле. Калай
идишине алып келген кургак котлети менен көк зайтунун жеп жатып, эрксизден
бул кепке кулак салып, уккан нерселери табитин кескен сыяктуу айрысын
таштап, башын көтөрдү.
Конок бир айып иш үстүнөн кармалгандай ыңгайсызданып турду, бирок
мунусун билдиргиси келбей, күлүмсүрөп:
- Бейэфенди, бул сөздөрүм, балким, сизге жакпас, бирок эмне кылалы,
акыйкат ушул...,- деди
Али Риза бей мектеп окуучусунун уяңдыгы менен жооп берди:
- Билесиз, мен башка бирөөнүн ишине киришпейм, өзүңүз каалаган,
өзүңүзгө пайдалуу бардык нерсени ээн-эркин жасай бериңиз. Бирок, уруксат
берсеңиз, башка бир нерсени эскертейин. Өз бурчунда иштеп отурган, балким,
өз абалына, жашоосуна ыраазы кишилерди ишке ашкыс кыялга салып, жан
дүйнөсүн будуң-чаң кылган туурабы? Абийирдүү жигитсиз... Ойлонуп
көрсөңүз, сиздики да туура экен дейсиз.
Кары кызматкердин көп сүйлөгүсү келбегени сезилип турду, бирок конок
аны жайына койгон жок. Абдан тарбиялуу бир адамдын таризинде:
- Бул ачуу чындыкты айткан жалгыз мен болсом, анда акыңыз бар эле,
бейэфенди, бирок, эмне кылалы, жаңы замандын адамдары бул чындыкты бири
биринен эмес, жашоонун өзүнөн, гезиттердеги жашоо жагдайы, экономикалык
абал деген нерселерден билип жатышат. Өзгөчө согуштан кийин дүйнөдө таң
каларлык бир ойгонуш болду. Азыр адамдар сиздин заманыңыздын адамдары
эмес. Көздөрдүн ачылышы менен каалоолор, эңсөөлөр артты. Азыр эч ким өз
абалына ыраазы эмес. Бул процесстин натыйжасында эски адеп-ахлак
эрежелеринин бузулбай, өзгөрбөй калышы мүмкүн эмес.
Али Риза бей кубарды, эриндери менен сакалынын титирей түшкөнүн
билдиргиси келбей күлүмсүрөдү:
- Мен эски кишимин. Түшүнүшө албайбыз. Адамдардын акчадан башка
нерселер менен да бактылуу болоруна ишенип жашадым. Ушул ишенимим
менен өлөм.
Жигит Али Риза бейге боору ооругандай түр менен жооп берди:
- Сөзүңүздүн баары туура эмес деп айта албайм. Инсан, маселен, Кудайга
сыйынып, же бир музыкалык аспап менен алектенип, жашылча, гүл, же болбосо
бала өстүрүп да өзүн жубатышы мүмкүн. Бирок бул үчүн да эч болбосо күн
көрө тургандай бир акча керек. Гүлгө кызыгасыз, бирок акчаңыз жок. Канчалык
аракет кылсаңыз да, топурактан каалаган түстө, каалагандай жыты бар гүл ала
албайсыз... Атасыз, балдарыңыз бар, акчаңыз жок. Балдарыңыз өмүрүңүздүн
соңунда куштар учуп кеткендей жүрөк ооруткандан башка жыргал бербейт.
Сөз ушуну менен бүттү. Али Риза бей тамактануусун улантмак болуп
кайра башын ийди. Бирок алкымынан аш өтпөй калды. Ага өзгөчө соңку сөздөр
катуу тийди. Өзү – беш баланын атасы. Балдардын эч кимиси али өз жолун таба
элек. Жанагы жигиттин бул ачуу чындыкты адамдар жашоо жагдайынан,
экономикалык абалдан билип жатат дегени жакшы сөз эмес эле.
Бүтүн жашоосун балдарына жакшы көз караш, жакшы адеп-ахлак бериш
үчүн сарптады. Бул жаңы замандын эпкини аларды да уруп, карыган ата
өмүрдүн кеч күзүндө куштар кеткенин карап кала береби?
Али Риза бей ой баккан кишилерден эле. Бул коркунуч мурун да көп жолу
оюна келген. Бирок эч качан мынчалык жакын көрүнгөн эмес. Өзү динге көп
ишенбесе да, көктөн эч нерсе күтпөсө да: «Йарабби, балдарымы колдой көр!»деп алакан жайып, дуба кылчу.
-İİАли Риза бей Бабиалиден чыккан административдик кызматкердин бири
эле. Отуз жашына чейин кеңселердин биринде иштеди. Балким, өлгөнгө чейин
ошол жерде калмак. Бирок карындашы менен апасы эки ай ичинде биринин
артынан бири көз жумган соң, Стамбулдан көңүлү сууду. Бул Сириядагы бир
райондун акими болуп чет жерге кетишине себеп болду.
Тажрыйбасыз бейтап сыяктуу адамдын азабы жаткан төшөгүнөн,
айланасындагы буюмдарынан болот, андан кутулуунун эң жакшы чарасы жер
которуу деп ойлогон.
Ошол бойдон Али Риза бей Стамбулга кайра барбады, жыйырма беш жыл
ар түрдүү кызматтар менен Анадолунун ар кайсы жерлеринде жүрдү.
Абдан маалыматтуу, эмгекчил адам эле. Бирок маалыматы да,
эмгекчилдиги да ишке жарабады.
Арап жана перс тилдеринен башка англисче менен французчаны да билчү.
Жаш кезинде адабият менен алектенип, журналдарга псевдоним менен бир топ
мыкты газелдери басылган. Кийинчерээк философия менен тарыхка да кызыгып
жүрдү. Бош убактысын эле эмес, кээде иш убактысын да китеп окуп өткөрчү.
Бул анын узун кызматкерлик жашоосундагы мамлекет казынасынан кымтыган
жалгыз нерсеси эле.
Кежир дей тургандай таза, күлө тургандай сылык жана тартынчаак бир
адам болчу. Бирөөнүн акысын жеп коёмбу, мыйзамга каршы келип калабы,
бирөөнүн жүрөгүн оорутуп коёмбу деп чочулап, эч иш кыла алчу эмес.
Колунан чыккан иштин мыйзамга эле эмес, адат-салтка, адамгерчилик
менен адеп-ахлакка да ылайык келишин, башкача айтканда, төрт тарабы төп
болушун каалачу...
Аны: «Жакшы киши... Пайгамбар сыяктуу адам... Колун өп... батасын ал...
Илимден сура... Ыр окут... Эмне кылсаң кыл, бирок иш кылдыра көрбө»,дешчү.
Үйлөнгөндө кыркка жакындап калган эле. Үй-бүлө куруу ал үчүн жаңы
бир мамлекет кургандай олуттуу иш болчу. Ушундан улам, балким, үйлөнбөй
да кала беле, бирок бир жакын досу бир күнү туугандарынан бир кызды айтып
калды. Али Риза бей да жок дегенден уялып, макул болгон.
Колуктусу, бактысына жараша, оор басырык, таза аял чыкты. Жыйырма
жашта дешкени менен кеминде жыйырма бештерде бар эле. Али Риза бей
демография жагынан мамлекеттин башка эч бир кызматында кылбаган аракетти
кылды. Жети жыл ичинде биринин артынан бири төрт наристе жарык дүйнөгө
келди. Акырында төрт жылдык бир тыныгуудан кийин, элүүгө караган күнү
балдардын саны бешке жетти.
Кээде бош убактысында дагы эле ырлар, газелдер жазган Али Риза бейдин
бир жакшы көргөн салыштыруусу бар эле. Айланасындагы болуп жаткан
окуяларды күрүлдөгөн селге, өзүн болсо бул селге алыстан сереп салган адамга
окшотчу. Өсө турган кызматкер болгонуна карабастан, эч убакта бул селге
кошулбай, жашоодо дайыма бир серепчи катары калмак эле... Анын оюнча, бул
селди аккан сайынан бурууга аракет кылуу бошко кете турган эмгек эле.
Ушундай боло келген, боло берет да дечү оюнда.
Бирок удаама-удаа келген бул беш наристе бул жагдайды өзгөртүүгө
мажбур кылды. Кызыл чиедей беш баласы бар адам жашоодо кайдыгер серепчи
бойдон кала алмак эмес. Ошондон баштап баягы көпшөк, көңүлкош кызматкер
калып, балдары дегенде жанын аябаган бир аракетчил ата чыга келди.
Балдары үчүн күнү-түнү иштөөдөн чарчабай, тескерисинче, өзүн
бактылуу сезчү. Жалгыз гана бир ой опкоолжутчу: «Өтө кеч калган жокмунбу?»
Кээде чарчап, көңүл чөккөн саттарда бул ой анын тынчын алчу. Бирок
муну көп ойлобой: «Дени-кардым куландай соо... Бир кырсык эле болуп
кетпесе, дагы кеминде жыйырма жыл жашап, иштээрмин»,- деп өзүн жубатчу.
Бул жыйырма жыл абдан кеңири алынган бир эсеп эле. Чымырканса,
мунун жарымы да ага жетмек. Эң соңку наристеси Айша күтүлбөгөн жерден
келбедиби. Бирок мунун да корко тургандай эч нерсеси жок эле. Керек болсо өз
милдетин балдардын чоңуна да кылчактабай таштаса болот. Балдары өзү
каалагандай жетилсе болду...
Бирок ошентип жүргөндө, үч уктаса түшкө кирбеген бир окуя Али Риза
бейдин бул эсептерин астын-үстүн кылып, элүү беш жашында мамлекет
кызматынан кетүүгө мажбур кылды.
Ал кезде Трабзон райондорунун биринде аким эле. Бир күнү бир келин
качыруу окуясы болуп, анда келиндин күйөөсү менен келинди ала качмак
болгон жигит бычакташа кетишиптир.
Келиндин күйөөсү бир бечара дыйкан, тиги болсо бүтүн шаарчанын эли
сыйлаган белгилүү бир кишинин уулу эле. Ошондуктан чыныгы
кылмышкердин сайрандап жүрүшүнө көз жуумп, намысына доо кеткен адамды
көкүрөгүндөгү жарааты менен камаш керек эле. Адатта бейтарап турчу Али
Риза бей бул маселеде көжөлүп, өзүн иштен алганга чейин турду. Эмне
кылсын? Бул бир адилеттик, абийир жана намыс иши эле. Өз милдетине көз
жумса, аны Алла таала балдары аркылуу жазаламак.
Али Риза бей Стамбулда бир топко ишсиз жүрдү. Жыйнаган акчасы деле
жок эле. Беш балалуу акимде кайдан ашык акча болсун? Кудай жалгап
Багларбашында атасынан калган эски үйү бар болчу. Аялынын сөйкөшакектеринен сатып, ремонт жасатты да, бала-чакасын баш калкалатты.
Али Риза бей жаңыдан кызмат алыш үчүн Бабиали коридорлорун кезе
баштады. Бир күнү ички иштер министринин кабинетинен чыккан узун бойлуу
бир жигит келип, колунан өөп:
- Мени тааныбадыңызбы, агай? Мен окуучуңуз Музаффермин да,- деди.
Али Риза бей жакшылап карап туруп эстеди: бир кезде вилайеттердин
биринде жүргөндө, беш-алты ай ооруп калган тарых мугалиминин ордунда
иштеген эле. Ушул Музаффер ал кезде окуучу болчу. Абдан зирек, эмгекчил
болгондуктан, Али Риза бейде жакшы таасир калган. Ички иштер министринин
кабинетинен ээн-эркин чыгып, коридордо тартынбай күлүп сүйлөгөнүнө
караганда, бул бала бир топ жогорулап калса керек. Бир аздан кийин Али Риза
бейдин бул божомолу туура болуп чыкты.
Музаффер эки чоң фирманын башкаруу кеңешинин мүчөсү жана «Алтын
жалбырак аноним» фирмасынын директору экен. Агайынын жагдайын аңдаган
соң бир иш сунуш кылып калды. Ушул жашында кайра чет элге кетиш туура
эмес эле. Негизинен, Египет жана Англия менен иштеген фирманын арапча
менен англисчени билген кызматкерге муктаждыгы бар эле. Агайынын баалуу
киши экенин билчү. Ал кааласа мамлекеттен ала турган акчаны, ал турсун андан
да көбүрөөгүн фирмадан да ала алмак. Али Риза бей бул сунушту абдан сүйүнүп
кабыл алды. Фирма мамлекеттен ала турган айлыгынан көбүрөөк эмес, азыраак
берсе да жан-дили менен макул болмок.
Эми Стамбулдан кеткиси келбей калган эле. Балдары да чоңоюп калды.
Эми аларды ээрчитип алып аймактан аймакка көчүп жүрө алмак эмес.
Мурунку санжак1 акими ушинтип беш жылдан бери «Алтын жалбырак
аноним» фирмасынын эң мыкты кызматкери болуп келет. Эртеден кечке
тынымсыз иштеп, үч кишинин ишин жасайт. Мунун эки негизги себеби бар эле:
биринчиси, Музаффердин кылган жакшылыгын актоо, экинчиси, кылган
ишинин элчиликтен тынымсыз келген котормо болушу, сөздөн башка эч
кимдин акысына тийбегени…

Эски административдик бирдик, болжол менен областка туура келет.
-İİİКарыган курьер Али Риза бейге келип:
- Бей, сага бир аял келди, Леман ханымдын апасы экен,- деди.
Леман фирманын секретары эле. Али Риза бей мындан 10-12 жылдай
мурун иштеген вилайеттердин бириндеги токой чарба мүдүрүнүн кызы эле. Ал
кезде 7-8 жашар кыз болчу. Кээде кыздары менен ойногону келип калчу.
Бир жыл мурун Үскүдар пристанында Али Риза бейге татынакай бир жаш
кыз келип: «Мен кыздарыңыздын курбусу Леманмын, аба»,- деп тартынбастан
колун өпкөн эле. Леман беш жыл мурун атасынан айрылыптыр. Эми болсо
апасы экөө Фындыклыда турушат экен. Турмуштан абдан кыйналышыптыр.
Жаш кыздын ал-абалын ачык айтышы Али Риза бейдин зээнин кейитти.
Чындыгында атасы экөөнүн көп деле жакындыгы жок болчу, бирок өз балдары
менен жашташ Лемандын минтип жетим калганын көрүп, жардам бергиси
келди. Леман жакшы билим албаптыр, бирок окуп жаза алат экен, анан да
машинка басканды бир аз билет экен. Али Риза бей эптеп жүрүп аны 45 лира
айлык менен фирмага алдырды.
Карыган адамдын бул жаш кызга кылайын деген жакшылыгы бул эле эмес
болчу. Леманга ата ордуна ата болгусу, бул жаштагы эч кимиси жок жаш
кыздарды тооруган коркунучтардан аны коругусу келчү. Бүгүн бул кыздын
башына келген нерселер эртең өз балдарынын башына келип калышы мүмкүн
да.
Али Риза бей аталык жана коргоочулук милдетине чындап киришти.
Бирок бир нече жума өткөн соң, тилекке каршы, абдан кеч калганына көзү
жетти.
Леман, балким, жакшы кыз эле, бирок абдан жеңил ойлуу, анан да
түркөйүрөөк болчу. Өзүн алып жүргөндү билбей, фирмадагы кызматкерлер
менен ыгы жок тамашалаша берчү.
Али Риза бей бир нече жолу ага насаат окуду. Жаш кыз аны тыңдап
жатканда сиздики туура дегендей, өз кылык-жоругунан уялгандай түр көрсөтчү.
Бирок жарым саат өтүп өтпөй баягы жөнү жок тамашаларын баштачу.
Али Риза бей бир күнү чыдай албай аны урушмак болду. Жаш кыздын
дароо кыжыры келип, эч кимдин киришүүсүнө чыдай албасын айтты. Али Риза
бей аны фирмага алдырып, Алла ыраазы болсун, жакшы иш кылды, бирок муну
дайыма эсине салып, кылган-эткенинин баарына кирише берүү туура эмес.
Чал башын ийип, айласыз күлүмсүрөп: «Өзүңүз билиңиз, кызым,
таарынбаңыз»,- деген эле. Ошондон баштап Лемандын атын да атабай, жүзүнө
да бакпай калды. Кээде гана анын уятсыз шайкелеңдигин көргөндө: «Кайдан
дагы муну бул жакка алдырдым эле?»- деп өзүнө жини келчү.
Леман сегиз-он күндөн бери фирмада көрүнбөй калган. Сыягы, ооруп
жүрсө керек. Бирок эмнегедир аны издеп, сураштырууну каалаган эмес.
экен?
Лемандын апасы, ушу күнгө чейин жүзүн көрбөгөн аял, эмнеге келди
Али Риза бей коридордон эски чоң кара жоолугун чүмкөй салынган,
кыска бойлуу аялды көрдү. Абал жүзүнө карай албай:
- Кош келипсиз, эже, бир нерсе айтайын дедеңиз беле?- деп сурады.
Аял дароо жооп берген жок. Бүткөн бою, колдору безгек болгондой
титиреп турду. Чал таң калып өйдө карады. Аялдын ыйдан шишиген көздөрүн,
мүңкүрөгөн жүзүн көрдү. Оюна жамандык келди. Леманды жек көрүп
жеригенин унутуп:
- Кыз кандай?- деди. Аял эзилип ыйлап:
- Леман жерге кирсин, ушундан көрө өлүп калсачы!- деп жиберди.
Али Риза бей бир аздан кийин болгон ишти уккан соң карыган эненин
сөзүн туура көрдү: ооба, Леман бул балакетке кабылгандан көрө намысы менен
өлсөчү.
Иш мындай экен: мүдүр Музаффер бей башын айландырыптыр... Леман
он күн мурун: «Аралдагы бир курбум тоюна чакырды, үч-төрт күн келбейм»,деп апасынан уруксат алыптыр... Бир ооруканада боюнан алдырыптыр! Кечээ
териси менен эле сөөгү калган немени үйгө таштап кетишиптир... Апасына
бардыгын болгонун болгондой айтып бериптир...
Али Риза бей шал тийгендей болду. Турган жеринде колу-буту чымырап,
кызды өзү жолдон чыгаргандай коркуп, уялып, жүзүн жаап алып: «Вах, вах,
вах...»,-дей берди.
Карыган аял анын аягына жыгылчудай болуп жалбарып турду:
- Сизден башка эч кимибиз жок. Биздин көргөн күнүбүз эмне болот? Бизге
бир акыл бериңиз. Сиздин да балдарыңыз бар го...
Али Риза бейдин кайгысы бир катынпоздун кызды ойрон кылышынан
улам эмес, бул ишке өзүнүн себепкер болушунан улам болуп жатпайбы.
Ошондой да, бу кызды фирмага алдырбаса, бул балакет кайдан болмок
эле? Карыган аял башка эч кимди тааныбагандыктан, эски үй-бүлө досу деп ага
чуркап келген эле. Бирок Али Риза бей анын сөзүн: «Кылгылыкты кылдың, эми
жооп бер»,- дегендей түшүндү. Чал бир аз өзүнө келген соң аялды жубатты:
- Эже... Сизге кыжалат болбоңуз деп айта албайм. Иштин кандай болорун
да азыр билбейм. Бирок колумдан келгенди кылам. Мен тааныган Музаффер
бей адамгерчиликтүү бала. Бир жаш кыздын көз алдында ойрон болушуна
абийири чыдабас. Леманды никелеп алат го деп ойлойм. Өз айыбын жууйт...
Кыжалат болбоңуз… Адамдар негизи жакшы.
Буга чейин төрт дубалынан башканы көрбөгөн бул баёо, ары сабатсыз аял
адамдар негизи жакшы экенине эмнегедир бул көптү көргөн, аттуу-баштуу,
бийликте жүргөн киши сыяктуу ишенген жок, эзилип ыйлаган бойдон кетти.
-İV-
Иш эми минтип өз башына түштү. Убакытты өткөрбөй Музаффер бейге
жолугуп, бул байкуш адамдар менен бирге өз абийирин да тазалаш керек эле.
Али Риза бейдин ою боюнча, өзү алып келип, калкалап жүргөн бир кызга
асылган киши анын намысына да доо кетирди. Бир нече ай мурун айлыгына
тогуз-он лира кошулган эле. Ошондо фирманын бир мас, адеп-ахлаксыз
кызматкери: «Албетте, колдоочулары барлар турганда, алардыкына эмес биздин
айлыгыбызга кошулмак беле!»- деп айтканын кулагы чалган.
Али Риза бей анда бул сөзгө көп деле маани берген эмес; бирок азыр ошол
эсине түшкөндө, мааниси таптакыр башка туюлуп, аза бою дүркүрөдү. Бардыгы
эле өзү сыяктуу кайдыгер эмес эле. Алар мүдүр менен Лемандын мамилесин
мурун эле билишип, буга анын да тиешеси бар деп жок жерден күнөөсүн
көтөрүп жүрүшкөн.
Сыртынан али да сыйламыш болуп жүргөн бул кишилер аркасынан эмне
деп жүрүшкөнүн ким билсин.
Ушундай таза жашап жүрүп, ушул жашка келгенде башына ушундай иш
түшмөк беле?
Бир туруп Музафферге жолукпай эле кетип калгысы келди. Эң жакшы
жолу ушул эле. Бирок бул оюнан тез эле айныды. Эски үйдөгү бала-чакасы бар
эле. Анын үстүнө мүдүр бул ишти намысы бар адам катары чечет го деп ойлоду.
Өчөшкөндөй ал күнү фирмада иш абдан көп эле. Мүдүрдүн кабинети
аарынын уюгундай күүлдөп иштеп жатты. Али Риза бей Музафферге кирбей
калып, кайратыман жанып кетемби деп коркуп турду. Анан олку-солку болуп
туруп, түнү кандай азап чегерин элестетти да, керек болсо караңгы киргенге
чейин күтөйүн деп чечти.
Чал ал күнү кечке чейин иштеген жок; отурган жеринде Музафферге айта
турган сөздөрүн камдап жатты. Акылына келгендердин таасирине өзү да чыдай
албай ыйлап ийип, бетаарчысынын учу менен көзүн сүртүп коюп отурду.
Али Риза бей жайы-кышы иши болсо да, болбосо да ар күн саат тогузда
иштин башында болор эле. Анан да кечинде башкалар менен чогуу кетип
калбастан, күн батканча иштечү.
Мүдүр аны көрүп:
- Агай, дагы эле отурасызбы,- деди. - Өзүңүздү эч аябайсыз... Ишиңиз
болсо эртеңкиге калтыралы.
Музаффер бей кары кызматкердин канчалык сый көрсө да көтөрүлбөгөн
адам экенин билгендиктен, ага башкача мамиле жасачу. Азыр да адатынча
сыйлап ордунан туруп, жанына отургузду да, сигарет берди.
Али Риза бей бир нече сааттан бери даярдаган сөздөрүн дароо унутуп
калды.
Эси эңгиреп турду. Буга карабастан сөзсүз сүйлөшүш керек деп
кыпылдап, бир нерселерди сүйлөмүш болуп жатты.
Музаффер бей анын эмне деп, эмнени айткысы келип атканын дароо
аңдай алган жок. Алдындагы конверттин четине бир цифраларды жазганча
күлүмсүрөп аны тыңдап отурду. Бирок бир аздан кийин сөздүн каякка
баратканын аңдап, дароо жыйрыла түштү, түрү да өзгөрө баштады.
Чал аны кызарып-татарып уялат го деп ойлогон. Ал болсо тескерисинче
кагылыша турган адамдай болуп, Али Риза бейди теше тиктеп, ушундан улам
бечара чал эмне кыларын таптакыр билбей калды.
Бир чети жүрөгү сыздап кайгырып, бир чети таң калып турганы менен
дароо аңдады: маңдайындагы адам канча жылдан бери ойлоп жүргөндөй неме
эмес экен; буга чейинки жылуу мамиле аккан суу менен чыккан чөптөн башкага
зыяны жок бир момун чал деп эсептелгендигинен улам болгон турбайбы.
Ооба, бул коркунучтуу алдануу эле. Байкуш чал маңдайындагы аскага
алыстан кыйкырып, андан келген жагымдуу жооптордун өзүнүн жумшак, назик
добушунун жаңырыгы эле экенин аңдабай жүрүптүр. Эми болсо ал асканы колу
менен кармап көрүп, анын эмнеден экенин туйду.
Утулганына шек жок эле.
Музаффер өз ишине, жашоосу менен пайдасына башкалардын
киришүүсүнө жол бере турган адамдардан эмес экен. Али Риза бей муну
аңдаган соң чыдай албай, айлампага кирип кетип, андан чыга албай жаткан
сыяктуу бир эле дайранын ичинде чабалактап жатты.
Мүдүр бир аз күтүп туруп, сөздү чорт кести:
- Түшүндүм, уруксат берсеңиз, мен да бир аз сүйлөйүн,- деди. - Сизди
урматтаганымдан, жакшы көргөнүмдөн шек санабассыз. Сиз өтө асыл, бул
кылымда, бул дүйнөдө табылбай тургандай башка бир инсансыз. Жалган
айтпайм, Лемандын окуясы туура. Бул иш болбошу керек эле! Мен да каалаган
жок элем. Бирок эмне кылалы, болду. Андай деген менен ишенип коюңуз, бул
иш сиз ойлогондой абдан өзгөчө бир нерсе эмес. Менин түшүнгөнүм боюнча,
сиз мени бул кызга үйлөн дегени турасыз. Ачык айтайын, бул мүмкүн эмес.
Анткени Леман ханымды биринчи жолдон чыгарган киши мен эмесмин.
Бул сөз Али Риза бейге камчы менен башка чапкандай тийди. Чал ордунан
обдулуп:
- Бейэфенди уулум… күнөө болот… Леман кандай болгондо да бармактай
бир кичинекей кыз да… ,- деп бир нерсе айтмак болду. Бирок Музаффер
кайрадан анын сөзүн жырып, чалдын маңыроолугуна күлдү:
- Бейфенди, ишенсеңиз, мен сизге жалган айткан жокмун. Леман сиз
ойлогондой аруу кыз эмес… Баары менен жүрө берчү. Кааласаңыз, муну сизге
далилдеп да берем. Ал турсун баланын атасы экенимден да шегим бар болчу.
Бирок ар кандай себептерден улам, балким, кызмат ордумдан уламбы, аталык
башкаларга эмес, мага ылайык көрүлүптүр. Ах, Али Риза бей, дүйнө сиз
ойлогондой болсо кана!
Мүдүрдүн жубатканына карабастан Али Риза бей калтырап-титиреп
ордунан турду:
- Эми бул бечара кызга эч нерсе кыла албайсызбы? Муну абийириңиздин
бар экенине али ишенгеним үчүн сурап турам.
- Ага акча жагынан гана жардам бере алам. Муну анын өзү менен да
сүйлөштүм.
- Ошол элеби?
- Азыркы заманда адамга акчалай жардамдан жакшыраак көмөк болушу
мүмкүнбү?
Жаш жигит муну бир аз боору ооругандай, какшыктагандай айтты. Бирок
түрүн дароо кайра өзгөртүп, олуттуу сурады:
- Агайымсыз, сыйлагандыктан, сизди бир аз атам катары көрөм. Мен да
сизден бир нерсе сурайын. Сиз менин ушундай бир кызга үйлөнүшүмдү ылайык
көрөр белеңиз? Бир аз мурун мага айтканыңыздай, мен да сиздин
абийириңиздин бар экенине, адамгерчилигиңизге ишенип ушуну сурап жатам.
Сиз бир атасыз. Менин кылганымды уулуңуз кылса, ага да ушуну сунуш кылат
белеңиз? Леман сыяктуу этеги жаман жерден жыртылган бир кызды келин деп
үйүңүзгө киргизер белеңиз?
Али Риза бей селейип туруп калды. Бир аз көзүн жуумп ойлоно калды.
Чын эле, өз уулу ушул ишти кылса, Леман сыяктуу шектүү кызды периштедей
балдарына кошуп, келиним дээр беле?
Чал жок десе, доосу дароо жокко чыкмак. Бирок буга карабастан ансыз
деле үмүтсүз болуп бараткан дооматтан чындыкты артык көрүп, уялгандай түр
менен:
- Туура, киргизбес элем,- деди
Мүдүр аны талуу жеринен кармаганына ыраазы болуп, эми бут серпкис
кылып байламак болду:
- Андай болсо мен да сиздин бир окуучуңуз, балаңызмын да?
Өзү каалаган жоопту уккусу келип, чалдын көзүн тиктеп турду.
Бирок Али Риза бей жаалдана өжөрлөнүп башын салды:
- Уулум ушундай иш кылса, өзүм билмекмин. Балалыктан кечип, жүзүн
экинчи карамак эмесмин.
- Али Риза бей, бир аз чындыкка келели. Бул кыз бир оңтоюн таап туруп
мага турмушка чыккысы келип жүргөн. Болгон жок, бирок буга карабастан ага
мүмкүн болушунча жардам берем. Айлыгы көбөйөт, өзүнчө да бир акча берем.
Өзү да, апасы да турмуштун кыйынчылыгынан кутулат.
Мүдүр Али Риза бейдин жанына келди. Ийининен сылап, көңүлүн алганга
аракет кылды:
- Мынча аруу адамсыз, мындай болгон болбойт... Чын дилиңизден капа
болдуңуз го.
Чал көзүн жерден албастан кайгылуу жылмайды:
- Капа болуп турам. Абдан капамын. Бирок сиз ойлогондой кыз үчүн эмес,
өз балдарыма зээним кейип турат.
- Балдарыңызгабы? Алардын кандай байланышы бар?
- Анткени бул окуядан улам сизден кол үзгөнгө мажбурмун. Балдар,
балким, ач калар...
Музаффер бей мунун жөн эле кежирлик, куру опуза эмес экенин дароо
аңдады. Бирок түшүнбөгөндөй, ишенбегендей түр көрсөттү:
- Эмне деп жатасыз, жарыктык, мен сизге эмне кылдым? Менден эмне
жамандык көрдүңүз?
Али Риза бей өзгөргүс чечим чыгаргандай, бир аз мурункудай эмес, абдан
ырааты менен айтты:
- Тескерисинче, сизден көп жакшылык көрдүм. Башыма мүшкүл түшүп
турганда, жардам бердиңиз. Дайыма урмат менен сылык-сыпаа мамиле
кылдыңыз. Бул үчүн сизге терең ыраазымын. Бирок бул окуядан кийин мында
кантип калам? Бир аз мурунку сөздөрүмү эстеңизчи. Уулум ушундай бир иш
кылса, балалыктан кечип, экинчи жүзүн карабас элем дебедимби. Сиз да менин
бир баламсыз. Демек, сизден да кечүүгө мажбурмун. Сиз бул жерге мен себеп
болуп келип калган бир кызга кол салдыңыз. Мен сизге кыз алып келип берген
кишидей болуп калдым. Чындык мындай болбогону менен муну элдин баарына
кантип айтып түшүндүрөсүз? Лемандын апасы сыяктуу эле менин, менин
балдарымдын да бул жерден жеген наны эми таза нан болбос.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Куштар кеткенде - 2
  • Части
  • Куштар кеткенде - 1
    Общее количество слов 4147
    Общее количество уникальных слов составляет 1925
    33.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Куштар кеткенде - 2
    Общее количество слов 4140
    Общее количество уникальных слов составляет 1975
    33.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Куштар кеткенде - 3
    Общее количество слов 4158
    Общее количество уникальных слов составляет 1932
    33.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Куштар кеткенде - 4
    Общее количество слов 4110
    Общее количество уникальных слов составляет 2038
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Куштар кеткенде - 5
    Общее количество слов 4154
    Общее количество уникальных слов составляет 2012
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Куштар кеткенде - 6
    Общее количество слов 4177
    Общее количество уникальных слов составляет 1875
    34.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    52.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Куштар кеткенде - 7
    Общее количество слов 2877
    Общее количество уникальных слов составляет 1426
    36.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    54.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов