Latin

Эй, бу Куйручук - 01

Общее количество слов 3779
Общее количество уникальных слов составляет 2296
28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Куйручуктуy ысымы кыргыз элине атактуу куудул катары белгилүү. Ал эми бул китепке а
кишинин куудулдугуна айкалышкан акылмандык, олуялык касиет-сыпаттары, акындык,
чечендик таланты жана башка артыкчылыктары жөнүндөгү элдик баяндар камтылды.
Азыркы оомал-төкмөлүү учурда китеп чыгаруу иши кыйындады. Журтка руханий гүлазык
өп-чап жеткен кезең. Ошондой болсо дагы элдин эртенин ойлонгон эр-азамат уулдар
элдин өзүнөн чыгат экен. Кыргыз улут маданиятынын келечек-кенчине кең караган,
намыска жараган ушу китептин сүрөөнчүсү, Эркинбек мырзага чоң ыраазылык! Китепти
сүрөгөндү Куйручук ата сүрөсүн, арбагы колдосун!
Китептин жаратманы.
© «Шам» басмасы 1997
КИТЕП ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
...байыртадан бери алпка, жоокерге күч берген куудулдук күлкүнү Көкөтөйлөр,
Куйручуктар улады. Куйручук күлкүсү тек элдирселдир кеп, серең-сураң кыймылы менен
кишини кытыгылабады. Кенен ойлонулуп, өз мезгилиндеги коом түзүлүшүн, кишилердеги
кем-кемтикти, терс жоруктарды сын кароолуна алды. Калайыктын оюн айтты. Бейбечералардын, алсыздардын муң-зарын бөлүштү. Каражемсөө атка минерлердин,
алдамчы сүткорлордун, чала молдо дин бузарлардын, акынсынып ыр касиетин
качыргандардын, куудулсунуп айыл арасында ит кубалагандардын чекелерине тийген ок
болушту кеменгер Көкөтөйлөр, асыл Куйручуктар.
Куйручуктун иштеген жоругу, айткан кеби, кыймыларакети калктын дилинде тек
куудулдук гана эмес, акылмандык касиетке ээ болуп келген.
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ.
Бу китеп Куйручук жөнүндө. Демек, сөз оролу да Куйручук туурасында болмогу ийги.
Адам уулунун ашкан ашуу, баскан жолуна серп салсак, асан чакыргандагы өз аты
өзгөрүп, жамы журт ысым берген адамдар кездешет. Албетте, мындай урмат-сыйга жөн
салды эле пенделер арзый бербеси айдан ачык. Демек, ушунун соңунда «элдин уулу,
«элдик киши» сыяктуу түшүнүктөр баш багып тургансыйт. Ошолордун бири Куйручук.
Өз аты Кудайберген.
Куйручуктай кыргыздын кыйырына таңкы чолпондой таанылган, оо дегенде оозунан
сабак-сабак ыр чыккан, узун сөздүн учугун чубаса, албан түрлүү сыр чыккан, күлкүсү
күндү батырган, тамашасы таңды атырган ак таңдай ырчылар, чебер ойлуу чечендер,
жорго сөздүү жомокчулар, куйкум кептүү куудулдар элибизде арбын. Деген менен
Куйручуктай көрөңгөсү ар кыл түстө көбүрүп-жабырган, көп кырдуу, төгөрөгү төп, төрт
аягы тең жорго таланттарды санай келсең беш салааң жумулбайт, Ал киши не бир
асылдуу сапаттарга эгедер экен. Куудул десең куудул, чечен десең чечен, акын десең
акын, айтканы айткандай келген, дегени дегендей болгон олуя да тура!
Мына ушундай өлчөмсүз өнөр, касиеттерди өзүнүн өң» .боюна батыра алган
Куйручукка таң калбай коё албайсың!
Элибиздин соңку мууну Куйручукту куудул катары гана билип келди. Ыраматылык
Касымалы Бектеновдун «Куйручук» деген китеби эки ирет жарык көргөн. Жер жамандап
барбасын! А кишинин жазгандарынан Куйручуктун өзү, эл сүйгөн сөзү, калк ичиндеги
кадырбаркы, башка чамачаркы дааналанып көрүнбөй калган. Кукең тек гана
«купшундаган куудул», «байманаптарды шылдыңдоочу» катары көрүнөт. .Кээде,
жомоктогу Алдар-Көсөгө да окшоп кетет. Чыныгы куудул, акылман Куйручук кыйла эле
бурмаланган. Куйручук менен аралашып, чогуу жүргөн адамдардын аты-жөнү ачык
жазылбаган. Албетте, буга ошол кездеги компартиялык идеологиянын ооздугу, чектеген
эрежелери да себепкер болгондугу айкын.
Дагы бир айта кетүүчү кеп. Куйручук атайылап куудулданайын, элге куудул
көрүнөйүн дебеген. Анын жашоо-турмуштагы жөндүү жорук-жосундары гана күлкүгө
алынып, аңыз болгон. Ушул себептүү калк а кишини куудул да санаган.
Кыргыз элинде Көкөтөй, Жоошбай, Бекназар деген белгилүү куудулдардын өткөнүң
билебиз. Булар Куйручукка өздөрүнүн куйкумдуу кептери, сөз тапкычтыктары жана
күлкүлүү жоруктары жагынан окшошо алышат.
Бирок, Куйручукту алардан айырмалап, бийиктетип турган сапаттары жогортодо
айтылган шык, жөндөмдөрү, ошол эле кезде бийлик ээлери менен жамы калктын
урматына бирдей татыгандыгы. Мындай чоң абройго Куйручуктун кара кылды как жарган
калыстыгы, акылмандыгы көтөрмөлөгөн. Ал ошол кезендин саясатынан алып караганда
уруулар арасындагы элчилик милдеттерди да аткарган. Дайыма акыйкаттыкты туу тутуп,
эл арасындагы талаш-тартыштарды эпке келтирген.
...Куйручукту акын дедик. Эмесе, мунусуна да токтоло кетүү жөндүр. Ал Суусамырда
чоң ырчы Найманбай менен беттешип, аны жеңет. Тер-Жайлак жайлоосунда өткөрүлгөн
ашта атактуу Токтогул баш болгон Эшмамбет, Курман, Коргол ырчылардын баарын
бириктирип жеке өзү сөзгө жыгат. Ал кезде азыркыдай ажылдашпай орундуу кепке моюн
сунуп калышчу турбайбы. Чүйдө кара жаак Калмырза менен беттешип, экөө катуу
кармашын улантканда, ортого калыстар чыгып, аларды токтотуп, «эптүү сөз
Куйручуктуку» дешет. Кыргыздар он алтынчы жылы Кытайга качып барганда өзүн акын,
чечен санаган Түк баш манаптын соболуна ыры менен жооп берип, эл алдында башын
шылкыйтат.
Ырас, ал акындыкты кесип тутуп, колуна комуз алып; эл аралап ырдаган эмес.
Ошентсе да ылайыгы келген учурларда чоң ырчылардын денгээлинде ырдай алган; А
чыны, аны акын көрсөтүп турган касиет — Кукендин ченде жок чечендигинен улам
эмеспи.
«Куйручук Манасты, көбүнчө Семетейди эң бир сонун кынаптап, куюлуштуруп, кара
сөз түрүндө айтаар эле. Аттиң! Кагазга түшпөй калганы да!» — деп тамшанган карыялар
азыр да бар.
Кайран гана киши! Олуялыгы, сынчылыгы жөнүндө айтып өттүк. Кукеңдин сөзү эм
болуп, оорулуу киши айыкчу экен. Бала көрбөй зарлаганга батасын берсе, кабыл болчу
дешет. Ошондой эле адамдардын тагдыр, келечегин алдын-ала жаңылбай айта алыптыр.
Жарыктык, ооруп-сыркабай эле өзүнүн да өлөөрүн билиптир. Ал бул сапаттары жагынан
Санчы сынчы, Калыгул олуя, Садыр аке, Кыдыр аке, Сыдык акелерге окшошот. Тээ
илгеркидеги батасы журтту байыткан Бакай бабабыздын кудурет-касирети оошкондордун
бири — Куйручук турбайбы!
Китепке жазуучулардан тартып, калк ичиндеги сөз билги, куйма кулак адамдардын
Куйручук туурасында уккан, билгендери топтоштурулду. Мурда кагазга жазылбаган,
басмадан басылбаган баяндар арбын. Басма сөздөн изделип, иргелип. чогултулгандары да
бар. Бу — чачылганды жыйноого жасаган аракет болду. Куйручук ар кыл адамдын
кебинде, ар кайсы китеп, гезит бетинде кала берсе, анда Куйручук болбой калбайбы...
Улам жүрө унут болбойбу. Ал эми улуу адам жөнүндөгү улама кептердин бир китепке
бириккени оң эмеспи, окурман!
Эми окурмандар эске алуучу кээ жагдайларды айта кетели. Баяндарда айрым ысымдар
арбын кездешет. Алар — Байзак, Көкүмбай, Мырзабек жумгалдык эл бийлеген кишилер,
Канаат кочкорлук, Касымалы Ак-Талаалык, Чолпонкул чүйлүк, Түркмөн суусамырлык
манаптар. Ал эми Шабдандын ысымы жамыга белгилүү.
Жогортодо аталгандардан Байзак жөнүндө саал кеп козгогонубуз жөндүү. Элдин
айтымына караганда Байзак Куйручуктун келечегин көрө билип, анын эл ичиндеги
кадырбаркынын жогорулашына түрткү болот. Эл аралатып, жол көргөзөт. Байзак өзү
заманындагы зобололуу адам экен. Акылгөй, калыс жан болуптур. Кыргыз — кытай,
кыргыз — казак чек араларын аныктоочу топту башкарыптыр. Чоң топ-жыйындарда
Шабдан менен бирге Оң менен Солдун маселелерин чечүүгө катышыптыр. Орусиядан чен
алыптыр. Атактуу Калмырза ырчы Байзакка төмөндөгүдөй учурашып ырдайт:
Манастын суусун Кытайдан,
Талашкан Байзак аманбы?
Кыргыздын каны Шабданга,
Жанашкан Байзак аманбы?
Хан Шабданга катарлаш,
Олтурган Байзак аманбы.
Ызаат кылып сөздөр,
Кол сунган Байзак аманбы?
Кытайдан чекти бөлгөндө,
Чен келген Байзак аманбы.
Кыргыздын ханы Шабданга,
Тең келген Байзак аманбы?
Бейзак туурасында буларды айтканбыз, баяндарда анын ысымы көп учурайт.
Окурмандар «Бу ким, ким болгон?» деп отурбай, анын жөнүн азыноолак билип. алсын
дегенибиз. Байзакты замандаштары «баатыр», «ажы» деп да аташкан. Ошондуктан ушул
эки аталыш тең жолуга берет.
Окурмандар эске алуучу эң негизги жагдай бу — Куйручук жөнүндөгү улама, айтым
кептер эл ичинде кандай айтылса, ошондой, ыксыз бурбай-тербей берүү го аракет
жасалды. Ашкере сөз жасап кошууга, көркөм фантазияларды көбүрөөк жамоого
ниеттенбедик. Эл билген, эл сүйгөн Куйручук кайра элге өз баанаркы менен көрүнсүн
дедик. «Акыңды билем десең жерине бар, чеченди билем десең элине бар» деген. Анын
сыңары баяндардын басымдуу көпчүлүгү Куйручуктун мекени — Жумгалдан жыйналды.
Китепте бирин-экин окуясы окшош баяндар бар. Анткени, ар ким өз чаркына, укканбилгенине жараша кеп салат эмеспи. Ушул жагдай дагы эске алынды.
Китептин даярдалышына жардамдарын берип, кеп-сөздөрүн аябаган адамдар,
авторлош болгондор тууралуу кыскача маалыматтар китеп аягындагы «Түшүнүктөргө»
камтылды.
Эркалы ӨСКӨНАЛЫ уулу,
китептин жаратманы
КУЙРУЧУК АТКА КОНГОНУ
Анда Куйручуктун бала чагы. Жолоочулап келе жатып Байзак баатырдын айлына
(Жумгалдагы азыркы Кайырма) туш болуп калат. Байзак баатыр адатынча бирин-эки айыл
аксакалдарын чогултуп кызуу маек куруп дөңчөдө отурган экен. Атын четкерээк тушап,
олтургандарга салам айтып Кудайберген да тигилердин катарына көчүк басат. Аксакалдар
кызуу кепте, ортодо кымыз куюлуп ирети менен сунулуп турду эле, аңгыча тамак бышып
калгандыгын билдирип колдорго суу куюлуп, сорпого удаа алдыга эт да тартылат.
Баарына бирден устукан тийип, дасторкон үстүндөгү жашыраактары эт туурай баштайт.
Эт туурагандарга кошулган Кудайберген арачолодо эт жегенге да үлгүрүп, эт туурап да
башкалардан мурда бүтөт. Туураган эт алдыларына келгенде андан бир аз алат. Куюлган
сорпосун ичип, колун жалап элден мурда табактан чыга берет. Аны көрүп калган Байзак
баатыр дагы жесин дегенчелик кылып:
— Туураган эттен алсаң боло, ал дагы?—десе;
— Шумкар бир тойгон соң, экинчи кайрылып кол салбайт,— деп жооп берген экен
Кудайберген. Жаш баланын көзгө сайгандай курч айтылган бул жообуна ыраазы болот
Байзак баатыр.
— Атаңдын көрү — ээй... Береги Курмучуктун сүйлөп турганын карабайсыңарбы, бул
тегин уул болбойт,— деп Кудайбергендин ушул сөзү үчүн ат мингизип, өзүнүн эски
чепкенин жаап: — Мындан ары келип тур, Курмучук балам,— деп узаткан экен.
Кийин Кудайберген адамдын оюна келбеген ар түркүн күйгүлтүк, куйкумдуу кылыкжоруктары аркылуу Байзак атагандай «Курмучук» эмес, Куйручук аталып
кетет. Ошентип, Куйручук деген аттын келип чыгышына түздөн-түз Байзак баатыр
себепчи болгон.
«Куйручук бала кезинде ашкере тентектигинен улам «шумбала», «куйругу жок»
атыккан. Ошол «куйругу жок» ылакап атынан бара-бара Куйручук аталып кеткен» —
деген да элде кептер бар.
ЖАЗУУЧУЛАР АРАСЫНДА*
Күндөрдүн биринде Куйручук келиптир. Кукем эртең биздин Союзда болот деген сөз
тарады. Кукемдин бул келиши — атайы кездешүү деле эмес, кадимки Кукемче келиш. Өзү
*
Т. Сыдыкбековдун «Күлкү жана өмүр» китебинен. Кыскартылып алынды.
доо койгон акындары кандай кишилер экен. Баш терилери оң, өздөрү салабаттуу, сөз
казынасын ачкан кадимки акылмандарданбы? Не баягы эки сөздү эптеген, эбин таппай
кепшеген жамакчыларданбы? Ошо «АКЫН» атанган эргулдарды өз көзүм көрсүнчү деп
келгени бизге да сезилди. Себеби, эзил Кукем башкаларчылап ийменбеди. Бөлбүрөп
чочулабады. Өз чөйрөсүн таап, өз дүйнөсүн ачып: көксөгөнүнө жетип, көңүлү көтөрүлгөн
кишиче жарпы жазыла, пейлин төктү.
Анан Кукем жаркын жүзү менен өзүнө арбай берип, акылман кеби куйкумдуу
айтылган сайын черим жарылды. Каткырыгым жаңырды. Өкүнүч жашым, каткырык
жашын улады — каткырык жашы өкүнүч жашымды чыгарды. Бир менден эмес, бул
укмуш жаш курбулардын көздөрүнөн да тамды.
Жоомарт келбетине жарашыктуу тармал чачын тармалданта саксайып кол жоолук
алып, күлүп жатып көзүн сүртүндү:
— Кайран кишиде кишидеги укмуш касиеттердин гүлү топтолгон тура,— деди өзүнчө
эле кобурап. Анын бурап күлгөндүгүн байкаганы байкады. Байкабагандары каткырып
жатышты. Кубанычбек санын чаап мүлжүңдөдү:
— Бул балаңыз кандай? — деп акындардын бирин көрсөттү.
— Кандай болсун... —деди Куйручук. — Куюлуштура меселдетип, тигил акындын
сырт көрүнүшү менен анын ички дүйнөсүн атайылап, далайдан бери изилдеп жүргөн
кишиче бир карашында ага мүнөздүү баа бере:
— Сөзүн сыйласа, бу балам жамакчы, өзүн сыйлабаса аракчы тура. Эминесин
айтайын...
Бу жолу күлкү анча үйдү жаңырткан жок. Мен күлгөн болуп Куйручуктун
көрөгөчтүгүнө ичимен таң калдым. Чынын айтсам мени эмине дээр экен деп сактандым.
Көрөрү менен кишиге мынчалык таамай баа берүүгө ар кимдин чактысы жетпейт дечи.
Өмүр бою бирге өсүп, бири-бирин жеткилең тааный албагандар канча. Деле кишини бир
көргөнүндө мүнөздөө, кантсе да акылман көрөгөчтүн баамы баамдар нерсе го.
Азыр көрөр замат Куйручук аке ар бирибизге таамай ат коюшу: тек болжоп айткан кеп
эмес — ар бир акындын сырт көрүнүшүндөгү бир өзүнө таандык өзгөчөлүгү, анын ички
дүйнөсүнө, акыл-эсине, кыялына, шыгына төп келген таамай аныктама. Чечен сез менен
жамактап Куйручук акенин куюлуштура айтышы, кароолго дал тийген октой болушу бир
эсе болсо, ал «октун» кишидеги жеке сапатты таамай ачышы эки эсе болгондугу күлкүнүн
жаагын айырды. Себеби, бири-бирибизди кыйла жакшы билишкен биз, ошо жакшы
билишип туруп эле бири-бирибизге мындай таамай мүнөздөмө бере алчу эмеспиз. Көрсө:
чымчыкты касапчы сойгондой, киши дүйнөсүн көрөгөч акылман көрөт тура!
Жана Кубанычбек эшиктен жапылдап кирери менен эле Куйручук ага одурая карап өзү
бизден сурады:
— Бу арабанын четки тындай жулкунган кайсы бала?
Касымаалы арсактап күлүп жооп берди:
— Малик уулу Кубанычбек деген акын балаңыз ушу!
— Ээ... — деди Куйручук аке, эбакыны эсине салгансып:—Жыгырма сегизинчи жылы
Суусамырга Жайлоо Советине чыканактай кара бала келди деген эле. Бу замандын алпы
Каба уулу Кожомкул анда төрага болучу деди эле. Ичкериден келген мейман деп ошо алп
Кожомкул ушу баланы үйүнө чакырып жетилген кара козу союп, чаначка кымыз чайкатып
сый эткенде... бу бала эки чанач кымызды эки ирмеп жутуп, бир козунун этин үч сугунуп,
майланышкан уурттарын колунун сырты менен жанып:
— Берген этиң ушул элеби?! — деп бошой калган чоң жыгач табакты тегеретип
жибергенде... коркконунан өңү саруулап эси оой түшкөн Кожомкул алп араң сурады
деген:
бул чыканактай кара балаңардын ата-энеси тирүүбү? —деп. Ээ бул баламды акын
дедиң сен. Ооба, ооба. Акындын акылы тилинин учунда. Хихи... бир осол жагы: карды
катуу тойгондо ал ырдаймын деп ырдай албай энтигип алчу эле. Кепти кепке улай албай
мертигип калчу эле. Ээ, кымыз ичип, эт жеште Кожомкул алптын жүрөгүн түшүргөн бала
кеп даанасын эптеште кандай болду экен чамаң?..
Демейде, сынчы Өмүркул Жакишев айткандай: «Жаактууга жай бербес, жайдак атка
бой бербес» Кубанычбек Куйручук акеге жооп айталбай, сары ооз балапанча ооз ачып
акактагансыды, күлүп.
Каткырыктан дубал титирегенсин жатты.
Баса: арабанын четки атындай жулкунуу акын Кубанычбектин жекече мүнөзүн
укмуштай так элестеткенин көргүлө. Биз кийин жалгыз жүрүп ал аныктаманы
эстегенибизде кадимкидей күлөбүз.
Кубанычбекке удаа үйгө Жоомарт кирди. Ага да одурая карап Куйручук өзү сурады:
— Чөккөн кара бууранын тизесиндей бапыйтып өз чачын өзү тебетей этип, кийип
алган бу — кайсы бала?
— Бөкөнбай уулу Жоомарт акын деген балаңыз — деди Кубанычбек жапылдап. — Бу
балаңыздын өнөрү ушундай, чачын тармалдатып, саксайтып башына кийип алат!
— Ээ, чунагым, өтүрүк айтпа: «тармалдатып» деп. Энеси жорго кулундаган кулундун
— жорголугу ошончо: — ал жорго кулак жапырып сүлкүлдөгөндө арткы туягы
алдыңкыдан карыш сөөм ашык сермеле, соорусуна суу токтойт. Энеси күлүк кулундаган
күлүк аркар аяк, тайган төш келип, марага жакындаган сайын көкүлүн күнгө карай
сермейт. Кош аягы эликче каргыйт. Энеси — күлүк болсун деп төрөгөн бала эки тизгин,
бир чылбырды кулуна алганда, кандуу ооз карышкыр болуп эки ийинин кажыйт. Алы
келсе элдин, алы келсе айлынын, алсыз болсо, өз үй-бүлөсүнүн тынчын алат. Кара-өзгөй
шум, кара жемсөө зулум атанат. Ак жүзүн көргөн карарып кетет.
Бу баламдын несин сурайсың. Энесинен тармал төрөлүптүр. Акын дедиң— акындыгы
— нак! Айтса тили так. Жазса каламы өткүр. Эбелекти талаадан кубалаганчалык
желденмеси өзүнө кесир этпесе, бу — тармал балама кудайым чоң өнөрүн бериптир.
Өмурү болсо, өргө чабар кези алдыда!
Адегенде катуу чыккан күлкү тып басылды. Биз жакшы билген Жоомартка берилген
мүнөздөмө калетсиз таамаи айтылды. Чынында эле жашынан өткүр чыккан Жоомарт акын
бир аз алабармандыгы, калдастыгы, шашмалыгы ага дайыма «аяк тосуп» тургандай
сезилчү мага. Жоомарт ушул шашмалыгын ченемдеп токтоо тартса, анын
жаратылышындагы эрдиги эки эсе күч алаар эле деп ойлоочумун мен да.
Куйручук акенин Жоомарт акынга берген мүнөздөмөсү мени аябай таң калтырды.
Себеби, Жоомарттын шашмалыгы мага эч жагычу эмес. Жада калса, ал бирге тамак ичип
отурганыбызда башкалар алдына келген ашты жаңы эле иче баштаганда Жоомарт аяк
бошотуп тура жөнөйт.
— Ой кайда ашыгасың саксайып — десең:
— Силерчилеп эле бышылдап олтурмак белем. Иш калды тиякта — дейт.
— «Иш калды». Киши тамак ичкиче анын иши да күтө турат эмеспи. Жоомарт аны
укпайт. Кайсактап, эки жагына карай сала шуулдап жөнөйт.
Жоомарттын ушул ашыкмалыгы — азыр Куйручуктун: «Эбелекти талаадан
кубалаганчалык шашмалыгы өзүнө кесир этпесе...» деп айтышына төп келди го.
Туура алты жылдан кийин ошо шашмалыгынын кесепети тийип, машинеде күндө өзү
отуруп жүргөн ордуна өзү олтурбастан ортодогу Аманкул Куттубаевдин ордуна озунуп
отурушу машинеде кулаганда, кайран акын анын алдына басылып өмүрү үзүлдү...
Машине кулап Жоомарт каза тааптыр деген кабарды Райкан Шүкүрбековдон угар
замат баягыдагы Куйручук акылмандын элеси көз алдыма келди: «Өмүрү болсо»... деген
эле. Көрсө, ал акылман кайран Жоомарттын өмүрү кыска болоорун сезген белем!
Сөзсүз сезгендир, анын өмүрүнүн кыскалыгын Жоомарттын калдастак мүнөзүнөн улам
Куйручуктуң баамчыл акылы гана байкаган экен. Акыл ченеми — акылга сыя элек
эмеспи.
Кантсе да баарыбыздан кийин Мукай кирди күңгүрөнө, саал күлүндөй.
Куйручук Мукайга тике карады. Үндөбөдү. Жоомарт жаак терин кол жоолугу менен
сүртүн: — Бу балаңызды кандай дейсиз? — деп сурап койду.
— Э, кандай деймин. Өңүнө жараша ичи бар экен — деп койду Куйручук тек.
Бу жолу эч кимибиз күлбөдүк. Кичинесинен жетим өсүп, өзүнөн кичүү ини,
карындаштарынын түйшүгүн көп тарткан Мукай ойчул, баамчыл. Адабиятка баарыбыздан
эрте түшүнгөн, китепти баарыбыздан көп окуган, ары акын, ары жазуучу Мукайды
чынында эле бир көрөр замат так баалаш кыйын болчу. Бети чаар, иреңи суук өңдөнүп
туруп, ойлуу жылмайышында өзүнчө сүйкүм жылдыздуулук бар. Күңгүрөнгөн
ойчулдуктун көзгө урунаар-урунбас сүйкүм көлөкөсү чаарды чайып турат.
Ошондон улам: «Өңүнө жараша ичи бар экен» дегенди Кукем оң мааниде — ойчул,
акылман киши дегени экенин не бир көргөн көзгө өңүндөгү чаарды көрө коюп: «Өңү чаар
— ичи да чаар» дегени экенин эч бирибиз: «Ачык айтыңыз» деп сурай албадык.
Кукем да күңгүрөндү. Мукай да күңгүрөндү. Жаратылышы эки башка бул эки адамдын
күңгүрөнүштөрү бизге табышмак бойдон калды...
Эске алар жагдай: киши аргандай көрүнүштөрдүн тереңдигин, мазмундуулугун анча
эске тутпай тек мүнөздүү, кызыктуу учурларды супсак эскерип калары да, мага ошол
жолу сезилди. Ага, биз кийинки жылдары тек Куйручуктун Кубанычбекти — «арабанын
четки атындай жулкунуп» дегенин, Жоомартты: — «Чачын чөккөн кара бууранын
тизесиндей саксайтып...» — дегенин гана эске тутуп, андан башка эчен бир кишини ойго
салар, кишиге таалим-сабак болор кеп-сөзүн кармай албашыбыз күбө болот.
Келген акын-жазуучулардын бардыгына Куйручук өз сынын берип, күлкү канат
күүлөгөн сайын Касымаалы Жантөшев чеченсип, улам туурадан чыгып, Кукемдин өзүнө
тийишкенсип жатты. Ага кайран киши камырабады. Тек укмаксанга салып коёт да, кебин
улайт. Маалмаал кана Жоомарт күйкөлөктөп: — Кукеме тийишпеңизчи, Касыке...—деп
коёт. Касымаалы аны тоотпойт. Мурунду ышкырта тартып айылда бирге өскөн
курбусунан бетер Куйручукка сүйкөнөт: чеченсип, куудулсунуп, куйкум сүйлөп,
Куйручук менен айтышкысы келет. Ушинткен Касымаалыны жактырбадыбы, не аны
тоготподубу, сактандыбы? Айталбаймын. Азырынча Куйручук ага эч сын айтпады. Тек
аны байкамаксан болот. Кепти меселдете айтат. Каш-кабагы түктүйө, сакал, муруту
чачырай түшкөнү — болумушка,
дүйнөгө, өмүргө, ой жүгүртүп дайым ойдун көлүндө тереңдеп сүзгөндүгүнүн күбөсү
экени байкалат.
Мен мурда келгендиктен эртеден бери Кукемдин оң жагында, диванда олтурган элем.
Тек жыргап ачыкжаркын: күлүп олтурганым болбосо, оозумдан анча Кеп чыкпады.
Касымаалынын жаакташканы мага да осол көрүндү. Бирок, Жоомартчылап ага ачык
айталбадым. Билбеймин. Балким, бул менин мүнөзүмдөгү кемтигимдир: кишиге
тыңсынып жаакташуу, кеп-сөз талашуу менде анча боло бербейт. Бирөө осолдук кетирсе,
аны көрмөксөн калуу, уялтпоо: «Өзү сезип, өзү байкаар» деген ойдо калуу, курулай
айтыш-тартыштарда тек өзүм менен өзүм болуп, өз оюма алагдыланып олтура берүүм бар.
Сын берүүчүлөргө Кукем сынын айтып күлкү сээлдепзалча тымый калды эле, ошол эле
Касымаалы артисттенип кепти тактап айтып мени көрсөттү:
— Куке, мабу жаныңызда унчукпай олтурган балаңыз жөнүндө эмне айтасыз? Жанагы
«Кең-Суу» китебин жазган ушу...
Куйручук жүзүн мага бурду да меселдетти:
— Э бу баламдын несин сурайсың. Ачык кабак, жайык төш азаматтын жаркыны.
Жамандык келбес колунан, жакшылык кетпес оюнан, ою тунук турбайбы. Бет алганын
бөктөрөр деми күчтүү турбайбы. Унчукпаса, төп сүйлөр кеби күчтүү турбайбы! Бу
баланын несин сурайсың!
Бу жолу эч ким күлбөдү. Замандаштар тым-тым болушту. Билбеймин. Аларга
Куйручуктун мага айткан сыны ашыкча сезилгенин, неанчейин айтылган кеп болгонун.
Ошол бир айтылган бойдон мага берилген бул сынды эч ким эскербеди. Ошол жолу
жонумдан тер кетип, кандайдыр бир осолдук сезип жымкалганым боюнча өзүм да ушул
кырк үч жылдан бери эч эскербедим. Тек: «Кукемдин берген сыны төп келер бекен» деп
ошондон ушул кезге дейре өзүмдү сынаганым сынаган.
Касымаалы, Мукай, Кубанычбектен башкаларыбыз бойдокпуз. Тигил үчөө Куйручукту
үйлөрүнө чакыралбады. Турмуш кыйла оор мезгил, ошентсе да бир кишини киши
болгондо да Кудайберген — Куйручук сыяктуу акылман куудулду өз төрүндө меймандап,
эсил киши менен чер жазыша маектешүү — ал кишинин жакшылыгын алуу баа жеткис
белек болучу. Жөн белек эмес: замандар бою калктын акылмандыгын сактап, өнүктүрүп
келаткан баа жеткис руханий белек!
Айрыкча, кеп-сөздү өзүнө курал эткен акын, жазуучу үчүн бул издеп табылгыс
жолугушууну биздин үйлүу-жайлуу курбуларыбыз пайдалана албады.
Жоомарт, Алыкул, Касымаалы, мен — төртөөбүз ал күнү Куйручукту базардагы
ашпозго баштап барып меймандадык. Өз үйүбүз болбогон менен колдон келишинче
сыйыбыз сыйдай болду. Манты, лагман, пало алынды.
Жоомарттын калдастыгынын пайдасы ушул сыйда көрүндү. Аны биз толуктап,
жарпыбыз жазылып кенен отурдук. Ичимдик аттуу болгон жок. Аны Куйручук каалабады.
Аш төрөсү — мантуу, пайгамбар жеген күрүч, анан мынабу кесмеси узун жарыктык
лагманды ачуу аралаштырып адал тамакты макрөөлөбөйлү... Башыңар жаш балдарым. Ат
мертигип аксайт, азамат жутунуп аксайт. Ынсапырыс төрөйт. Кишини ит этчү ачкөздүк
менен арамдык. Ачкөз менен арамдын колунан келичү иш — жамандык?!
Өнөрлүү — жамандыкты өзүнө үйүр этсе, ошо өз өнөрүн өлтүрөт. Өнөрү өлгөндөн
кийин ал өзү тээ Кызарттын белинде күнгө күйүп курумушу. Анын куну жок — өңү өчөт,
өзү өлөт...
Заман силердики. Башыңар — жаш. Үмүтүңөр — алда! Токтогул айткандай, өнөрлүү
болсоң, өргө чап, балдар! Эки аяктап басып, киши атын алып жүрүшүп ит болгондор аз
эмес...
Куйручук ушул насыят кебин айтып жатканда Касымаалы ага өз лакабын улап
туурадан кошулганын токтотподу. Адатынча үндү кырааттап, артисттенип бирде орундуу
айтса, бирде осолураак айтып куудулданды. Анда-санда гана Жоомарт күлүп:
— Касыке, Кукеме тийишпеңизчи — деп коёт. Ага Касымаалы көнбөйт.
Бир кезде Куйручук Касымаалыга одурая карады.
— Ушу сени энең кандай күнү төрөдү экен?.. Эчэчтекеден элес албагаң Касымаалы
мактана кетти:
— Мени энем орок оруп жүрүп эле талаада төрөп, өзү киндигимди кесип, өзү этегине
ороп үйгө келген экен!
Куйручук тек күлгөнсүдү, тек кобурап койду:
— Олда сенин энендин сабасынын кеңдиги ай?! — деп.
Кеп айтамын деп айталбай Касымаалы оозун ачкан күйүндө акактап калды. Жоомарт
күйкөлөктөдү:
— Мына, ушуну укмаксыз, Касыке. Кукем менен айтышпа дебедим беле...
Биз тек күлгөнсүдүк. Күлкүбүз — күлкүгө окшободу. Касыкемдин осолдугу бизге да
доо кетиргендей болду. Балким ошону сездиби? Алдындагы аштан ашыкпай ала отуруп
Куйручук кеп салды:
— Айланайын зайыпзат асыл го! Үйүндүн күнү, балдардын энеси. Жаркын жүзү күлө
караганда алдыңа жылуу илеби тиет. Терс карап уйкуда жатканыңда эки далыңдын
ортосуна башын катып, бышбыш ал да уктап жатса, жылуу деми саа кубат берет. Бу —
эрдикатын эки жуп, бири-бирисиз күн көрө алабы? О, кыйын кезде зайып эркексиз күн
көрө алат. Эркек жөн кезде да зайыпсыз темтейип калат. Бу айланайын зайып зат — адам
баласынын ЭНЕСИ эмеспи!
Ушу кебинен кийин тамакка бата этип, биз Кукемди узаттык.
КУДАЙ БЕРГЕН*
Чынчынына келгенде кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна кеңири таанымал
Куйручук — кыргыздын сүймөнчүгү, ардагы. «Куудул атым — Куйручук, Кудайберген өз
атым» деп өзү жардаган. Ырас, куудул атагы алты дубан Ала-Тоо аймагына түгөл
маалымдалып, кыргыздын касиетин, сыймыгын көтөргөн.
Кунручук! Төрт тарабынан төп келип, «жигитке жетимиш өнөр аздык кадат» деген
макалды аркалаган артык талант. Жаралгандан итий оорусу, бечел азабы, энеден жетим,
аларга кошулташыл көр турмуштун жабырын тартып, жан багуунун жолун издеп,
жаштайынан айлаамалдуу тапкычтыгы, муң бас тайманбастыгы, азапкордукка
чыдамкайлыгы, акыры жеңип чыккан эпчил азаматтыгы аркасында чыңалып бой жетет.
Саран байларды, дүйүнөпоз соодагерлерди илме кайып амалдар менен таш каптырып,
тамакаш,
буюмкийимдерин
тоноп,
өзү
сыяктуу
ачжыланач
томояктарды
тоюнтупкийинтет. Ошентип, жардыжалчылардын, эзилген көпчүлүк букаранын
калканчына айланат, кадырбаркы көтөрүлөт. Токмоктогу өзбек, кыргыз соодагер,
байларына жалданып, малын айдашып Анжыян, Букарды аралап, өспүрүм чагынан шаар,
элет жаатындагы дөөлөт менен жардылык, кызыл кулактык менен момундук, зулумдук
менен көз карандылык эришаркак жашаарын баамдайт. Салтанат, кайгы, аштой, кыз
узатуу, жаштардын оюндарындагы кыйла каада, жөрөлгөлөргө катышып, сөөлөттүү
акылман, санжыргалуу ырчы, жомокчу, комузчу, чоорчу, кыякчы, көз боочу, дарчыларды
куштарлана тыңдап таасирденет. Эңиш, сайыш, күрөшкө чыгып, эл намысына жараган
балбандардын күч таймашына, ыкмаларына көз айрыбай ыкласы түшөт.
Табиятынан зээндүү, ички кудурети күчтүү (али чети оюла элек), толукшуган жигит
Куйручук дал жогоркудай көптүн абийирин коргогон эразаматтардан болууга шерденет.
Кара жанын карч уруп, адамдык сезиминдеги, боюндагы жабык сырды четинен
өнүктүрүп, чубап чыга баштайт. Тили жатык акындыкты, «Манас» баштаган дастандардан
да чолуп, жеке кыргыз эмес, өзбек, казакча өлөңдөр менен ашуулардан,
тамашамыскылдардан айта баштап, комуз, домбура, дутар кылдарын коштотуп топту
аралап, калайыктын жарп жазарына айланат.
Чукугандай таамай чечендиги, чынчыл сөздөрү, даанышман кыраакылыгы, элдин
таламын талашкан калыстыгы артып, бара-бара чоң топторго аралашат. Кызыл тебетей эл
башы аталган барктуу манаптарды жыйын учурунда тайманбай беттеп, башкалар даабаган
жүйөлүү, кептүн кыбасын кандырган акылман сөздөрү аркылуу ийине келтирип, саяк
Байзак, сарбагыш Шабдан манаптардын алкоосу менен «мындан ары Куйручуктун
айтканы эки делбесин» жардыгы аркасында сыймыгы көтөрүлүп, даңазасы оңсолго
тарайт. Ажат ачар калысы катары Байзак баатыр, Көкүмбай манап, ыктуу учурда Шабдан
төрө шыноорлотуп, тамаша шыгына канып, кээде өзүлөрү да мазактоосун көтөрүп,
Куйручукту аттаптондоп кадырлашат. Көп далилдин ичинен сөзүн, тамашасын анча алик
албай, тоңдоосун тарткан Шабданга сыр көргөзүп, акыры чочутуп, тон жамынып ат
минген, сапарчылоого кошо жүргөн учурундагы нөшөрлүү, чагылгандуу жолдогу
жоболоңун келтирели. «Жаан басылганча береги айылга кайрылалы баатыр» — дегенине
Шабдан болбойт. Шөмтүрөп үшүгөн Куйручук амал ойлоп алдыга чабат. Чагылган
чартчурт жаркылдаганда атынан сулк кулайт. Шабдан эки жигитин чаптырат. Алар башын
көтөргөндө Куйручук араңжан кыңылдайт.
Баатырга угузгула. Тилимди албай убалыма калып, каныма забым болду. Мага
чагылгандын огу тийди. Балдарым жетим калды. — Шалк этип эстен танат.
Шабданга жигиттери керезин угузушат. Баатыр кейип, бөктөрүнчөктөгү нооту
чепкенин чечтирип «өлүктү» ороп, анылга өңөртүп келет. Жапакеч мырза «атпай
кыргызга маалым куудул Куйручукту ээрчитип жүрүп өлтүрүптүр», кайрандын
«таңтамашасынан айрылдык» — деп жаманатты болуудан чочулап, кара ашына мал
сойдуруп, башка үйгө «өлүгүн» койдуруп, Жумгалга кабар жөнөтөрдө акмалагандарды
*
Ш. Бейшеналиев. «Кыргыз маданияты» гезитинен.
үркүтүп, нооту чепкенди жайкалта кийип, «тирилип» сыртка чыгат. Анын опуртмалуу
тамашасына элейген элге кошула Шабдан башын чайкап ыкшып күлөт.
— Тентек, мени аябай коркутпадыңбы?! Ушинтип да мазактайсыңбы?
Анда Куйручук мурутунан жылмая:
— Э, Баатыр! Калайыккалктын бакиси сизден коркот. Сиз менден бир жолу корксоңуз
не болмокчу?
— Тентек мындан кийин мени мазактабай жүрчү. Мени коркутканыңды эч кимге атпа.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 02
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов