Latin

Ажымурат - 1

Общее количество слов 3968
Общее количество уникальных слов составляет 2175
31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Талаа аралап үйгө келаткам. Жайдын так ортосу эле. Чөп чабылып бүтүп, эл кара
буудайга орок салууга камынып жаткан.
Жылдын бул мезгилинде кооз гүлдүү ар уруу өсүмдүктөр болот: кызыл, ак, мала
кызыл түстүү, жыты буруксуган үлпүлдөк коён беде; аппак гүлү көз жоосун алган,
ортосунда сапсары өзөгү бар кермек таттуу ис тараткан чатыр гүл; асел жыттуу сары
кычы; кызгалдак тектеш шыңга бой кызгылтым жана акчыл коңгуроо гүлдөр; сойломо
буурчактар; сары, кызыл, мала кызыл, кызгылт көгүш, адемий төө жалбырактар;
жагымдуу жыты билинербилинбес сезилген мала кызыл түктүү бака жалбырак; күн
нурунан жаш чагында чымкый көк болуп көрүнгөн, ал эми кеч киргенде жана куурай
баштаган маалында көгүлтүр-кызгылтым түскө боёлгон козу уйгактар; жыпар жыты
аңкыган, жулса заматта солуп калчу назик гүлдүү чымылдык.
Мен шундай ар уруу гүлдөрдөн бир тесте терип алып, үйгө келатканымда, бир
аңгектин ичине өскөн барпагай, адамдын көз жоосун алган, карап эле тургандай
ажайып күрөң кызыл гүлдүү бир түп төө уйгакты көрдүм, биздин жерде бул өсүмдүктү
«татарин» деп коёт, чөп чапкан маалында чалгычылар апы кандай болбосун чаппай
таштап кетүүгө аракеттенишет, непаам байкоостон чабыып калса, тикени колго
кирбесин деп, чөптүн арасынан алып таштайт. Мен ошол төө уйгакты үзүп алып,
колумдагы гүлдөргө кошуп койгум келди. Анан аңгекке түштүм да, гүлгө жабышып,
магдырап, көшүп уйкуга кирген сапсагай жапан аарыны учуруп жиберип, гүлдү үзө
баштадым. Бул мен үчүн өтө кыйын болду: колумду жүзаарчым менен ороп алсам да,
уйгактын сабагы туш-тушунан сайгылап жатты, алтургай катуулугун да айтпа,
тарамдалган сабагын талдап жулам деп беш мүнөттөй убара тарттым. Акыры, гүлдү
араң үзүп алганымда, уйгактын сабагы жулмаланып, гүлдүн өзү мурунку көркөм түрүнөн
ажырап, солгун тартып калды. Мындан башка да, ал гүл көзгө серт, көрксүз көрүнүп,
назик гүлдөргө коошу келбей туруп алды. Өз ордунда келишимдүү турган гүлдү бөөдө
курутканыма өкүнүп, таштап салдым. «Баса жашоо дегендин өзүндө тирешер күч,
кажырлуу кайрат бар болот бейм,— деп ойлодум гүлдү үзгөндө жумшаган аракетимди
эстеп. — Мунун да бүткүл айбаты менен коргонуп, өлсө да оңой менен багынып
бербегенин карабайсыңбы».
Жол жаңы айдалган кара топурактуу шүдүгөрдү кыркып үйгө алып барат. Топурагы
борпоң жол менен бараттым. Айдоо жер помещиктики эле, шүдүгөрдүн бул четинен
тигил четине көз жетпейт, жолдун өйүз-бүйүзүнөн да, алдыдагы адыр жактан да көзгө
эчтеме илинбейт, тек гана текши каңтарылып алигиче тырмоо тийбеген кара сур
шүдүгөр жатат. Жер жакшы айдалгандыктан, бир түп өсүмдүк да, бир тал чөп да жок,
теребел текши капкара. Ушуну көрүп: «Ай, ушу адам дегениң ырайымсыз, бүлүндүргүч
жан болот белем,— дедим ичимен. — Өз жанын сакташ үчүн албан-албан жандыкты,
болгон-бүткөн өсүмдүктү курутуп тынганын көр»,— ушуну ойлоп, кыбыр эткен жан
калды бекен деп, тунжураган капкара талаага эрксиз көз чаптырдым. Бет алдымда,
жолдун оң жак өйүзүндө бир түп бадал караят. Жанына барсам, бадал дегеним эми эле
өзүм гүлүн бөөдөдөн-бөөдө үзүп таштап салган жанагыдай уйгак болуп чыкты.
Бул уйгактын үч бутагы бар экен. Бири түбүнөн үзүлүп түшүнгүр да, дүмүрү чорт
кыйылып, чолтоюп калыптыр. Калган эки бутагында бир-бирден гүл бар экен. Ал гүлдөр
бир кездери кыпкызыл болуп жайнап турса, эми ыраңы качып карайып калыптыр. Бир
сабагы бел ортосунан сынып, учундагы гүлү баткакка булгана салацдап турса, экинчи
гүлү баткакка канчалык батса да, дале моюн бербей серейип турат. Уйгакты араба
дөңгөлөгү былчырата басып кеткен окшойт, ошентсе да жаны бек неме жыгылып
калбай, кыйшая башын кетөрүп турган экен. Кудум этинен эт кесип алып, ичеги-кардын
аңтарып таштап, эки колун жулуп, эки кезүн оюп салган сымалданат. Ошондо да ал
жашоосун улантып, тегерегиндеги өсүмдүк аттуу уруктуугандарын кайсаган адамга
багынбаптыр.
«Эмне деген кайрат, эмне деген кубат!—деп ойлодум мен. — Адам баласы баарын
жеңип, миң-миллион чөптү мойсоп салса да, мунун дале моюн сунбай чыдап турганын
кара».
Ошондо, илгери Кавказда болгон бир окуя эсиме түштү, анын бир даарысын өзүм
көргөм, бир даарысын көргөндөрдөн уккам, калганын оюман чыгаргам. Эсиме түшүп,
көңулүмө уюган ошол окуя мындай эле.
I
Бул окуя 1851-жылдын аяк ченинде болгон эле.
Ноябрь айынын кара ызгаар кечинде Ажымурат чечендердин тезек жыттуу түтүнү
буудактап турган Махкет деген жоокер айлына атчан келип түштү.
Азанчынын кыраатын чыгара айткан азаны жаңы гана басылган, тезек түтүнүнүн
жыты сиңген тоонун салкын абасынан, аарынын уюгундай болуп бири-бирине
жармашкан жыш үйлөргө тарап кетип жаткан уйлардын мөөрөгөнү, кой-эчкинин
маараганы, аларга аралаш өз ара кермур айтыша кеткен эркек кишилердин корулдаган
жоон үндөрү, ылдыйкы булак жактан чыккан аялдар менен балдардын кобур-собур
үндөрү даана угулуп турду.
Ажымурат — Шамилдин эрдиги менен атагы чыккан найыбы эле, бир жакка
аттанганда ал найыптык белгисин тагынып, шайланган шайдоот он чакты мурутун
ээрчитип алчу. Эми болсо бирөө-жарым таанып калбасын деп, жамынгычтуу
кементайын жамынып алыптыр, мылтыгы гана сороёт, жанына ээрчиткен бир гана
муруту бар. Жолдон жолуккан кишилерге өткүр кара көзүн кадап сактана карап өтөт.
Айылдын орто ченине келгенде, Ажымурат аянтка барчу көчөгө түшпөй, кууш көчөгө
тизгин ийип, солго бурулду. Жар ташка жабыштыра салынган экинчи үйгө жеткенде,
токтой калып эки жагын каранды, бастырмадан эч ким көрүнбөйт, үйдүн үстүндөгү жаңы
мордун түбүндө тон жамынып бирөө жатат. Ажымурат аны камчысынын сабы менен
акырын түртүп, таңдайын шык эткизди, Ошондо тондун астынан жыртык бешманттуу,
топучан бир чал тура келди. Чалдын кирпиксиз көзү шоролонуп, кызарып кеткен; ал
көзүн ымдагылап, араң ачты. Ажымурат демейкисиндей: «Ассалоомалейкум»,— деп
салам берди да, бетин ачты.
Кызыл ээк чал Ажымуратты тааныган соң: — Алейкима ассалам,— деп үн катты.
Анан ал каруусуз ичке бутарын калтырата, жыгач такалуу кепичин шашпай кийип,
Курушкан тондун жеңине колун сойлотту да, тамга сүйөлүү шаты менен кетенчиктеп
төмөн түшө баштады. Чал кийинип жатып да, түшүп келатып да, күнгө күйүп карайган,
ипичке мойнун бураңдата башын чайкап, тамшануу менен болду. Жерге түшкөн соң, ал
меймандостук ызаат менен Ажымураттын атын тизгиндеп, үзөңгүсүн кармады. Ошондо
Ажымураттын шайдоот, тың муруту атынан лып секирип түшүп, чалды нары түртө
ордуна өзү турду.
Ажымурат аттан түштү да, сылтый басып, бастырманы көздөй аяңдады. Алдынан он
беш жашар бала чыга келип, жолоочуларга оттой жанган карагат көзү менен таң кала
карап калды.
— Жүгүр мечитке, атаңды чакыр,— деди чал балага, анан өзү Ажымураттан озунуп,
кычырата үйдүн эшигин ачты. Ажымурат үйгө кирип келгенде, ички эшиктен орто
жаштагы бураң бел, арык аял чыкты, кийгени сары көйнөк, кызыл бешмант, көк чалбар;
колтуктаган жаздыгы бар.
— Кош келипсиз,— деди аял, анан эңкейип төргө мейманга арнап мамыгын төшөдү.
— Балдарыңыздын убайын көрүңүз,— деп жооп кайтарды Ажымурат. Анан
кементайын, мылтыгын, кылычын алып, чалга карматты.
Чал мылтык менен кылычты үй ээсинин куралына жанаша, жылма шыбалган ак
дубалда турган кош чаранын ортосундагы мыкка этиет илип койду.
Ажымурат белиндеги тапанчасын оңдоп, чапанын кумтуланды да, аял төшөгөн
мамыкка келип отурду. Чал анын каршысына чокчоюп, көзүн жүлжүйтө, алаканын
жайды. Ажымурат да ушинтти. Экөө дуба окуп болду да, колдору менен беттерин
сыйпады.
— Эмне кабар бар? — деп сурады Ажымурат тиги чалдан.
— Эч кабар жок,— деди чал Ажымураттын омуроосун нурсуз кызыл көзү менен
тиктей карап. — Мен бал челекте турам, балама жолугайын деп бүгүн эле келгем.
Кабарды ошо билет.
Ажымурат чалдын көргөн-билгенин айткысы келбей отурганын баамдап, башын
акырын ийкеп койду да, андап ары сураган жок.
— Эч кандай жакшы кабар жок,— деп баштады чал. Болгон жаңылык ушу, коён
бүткөндүн баары бүркүттөрдү кантип кууйбуз деп кеңеш куруп жатат. Бүркүттөр болсо,
биринен соң бири илип алып кетип жатат. Өткөн жумада орус иттер мечектеги чөптү
өрттөп кетишти, жер соргурлар,— деп ызалуу кырылдады чал.
Үйгө Ажымураттын муруту кирди. Кажырлуу буту менен чоң-чоң аттап келип, ал да
Ажымуратча кементайын, мылтыгын, кылычын алып, аларды да жанагы мыкка илип
койду.
— Бул ким? — деп сурады чал Ажымураттан жигитти нускап.
— Менин мурутум,— деди Ажымурат. —Аты Элдар.
— Жакшы,— деди да, чал Элдарга Ажымураттын жанындагы кийизди көрсөттү.
Элдар малдаш урунуп отурду да, сүйлөп жаткан чалдын жүзүн татынакай кой көзү
менен үнсүз тиктеди. Чалдын айтып отурганы бул: өткөн жумада жигиттери эки
солдатты кармап алыптыр, бирин өлтүрүп, экинчисин Веденодогу Шамилге жөнөтүптүр.
Ажымурат аңгемени көңүл кош угуп отурду, кез-кез эшик жакты карап коюп, сырттан
угулган дабышка кулагын түрөт. Бастырманын астынан дабыш угулуп, кычырап эшик
ачылды да, үй ээси кирип келди.
Үй ээси Садо кырктарга чамалап калган, чокчо сакал, салаңкы мурун киши эле.
Анын көзү да жанагы он беш жашар баланын көзүндөй капкара болгону менен ойноктоп
турбайт экен, баласы да аны менен бирге келип, босого жакка эпейди. Эшик алдына
кепичин чечип, көөнөргөн папагын кара чачы алынбай өсүп кеткен башынан желкесине
карай түртүп койду да, үй ээси Ажымураттын алды на келип жүгүнүп отура кетти.
Тигил чал сыяктанып ал дагы үргүлөп отуруп алакап жайды. Бата кылып бетин
сыйпады, ошондон кийин гана сөз баштады. Анын айтуунча, Шамил жарлык кылып,
Ажымуратты же өлүү, же тирүү кармап келгиле дептир. Шамилдин чабармандары ушул
арадан кечээ күнү гана аттанып кетишиптир. Эл Шамилдин каарынан коркот, ошон үчүн
сак болуу керек.
— Көзүм тирүү кезинде, үйүмдөгү коногума эч ким тие албайт. А тиги түздө кандай
болот? Ойлонуу керек,— деди Садо.
Ажымурат анын кебин ыклас менен угуп, жактыра башын ийкеп отурду. Садо сөзүн
бүтүргөндө, ал деди:
- Жарайт. Эми орустарга кат жеткирчү киши табуу керек. Менин мурутум барат, тек
ага жол көрсөтөр киши керек.
— Иним Батаны жиберем,— деди Садо. —Батаны чакыр, - деди ал баласына карап.
Элпек бала серпилгендей учуп турду да, колун булгалай үйдөн шып чыгып кетти.
Арадан он мүнөт өтөр-өтпөй жанына бирөөнү ээрчитип жетип келди. Ал чечен күнгө
капкара болуп күйгөн, тарамыштай тырышкан кортогой киши экен, сары бешманты
айлада жок самтырап, жеңинде тамтык жок; бутуна кийгени шыпырылган эски кара
байпак. Ажымурат аны менен кыскача амандашты да, ашык сөз айтпай, салган жерден:
— Менин мурутумду орустарга баштап алып бара аласыңбы? — деп сурады.
— Болот,— деп Бата токтолбой көңүлдүү жооп кайтарды. Баары болот. Менден
бөлөк бир да чечен жол таба албайт. Кай бирөөлөр куру убада берет да, эчтеме
бүтүрбөй кайтат. Мен баарын тындырам.
— Жарайт,— деди Ажымурат. —Акысына үч теңге аласың,— деп ал үч манжасын
көрсөттү.
Бата түшүндүм дегендей башын ийкеди. Бирок акчага кызыкпаганын, Ажымуратты
сыйлагандыгы үчүн кызмат кыларын айтты. Орустарды Ажымураттын кандай кырганын
тоолуктардын баары билет эмеспи...
—Жарайт,— деди Ажымурат. — Жиптин узуну, кептин кыскасы жакшы.
— Куп, унчукпаймын,—деди Бата.
— Аргун суусу имерилген жерде ирим бар эле го, ошонун тушундагы токойдун
ичинде эки үймөк чөп турат. Билесинби?
— Билем.
— Ошо жерде мени күтүп турган салт аттуу уч жигитим бар,—деди Ажымурат.
— Айя1 — деп башын ийкеди Бата.
— Хан Магоманы сура. Иштээр ишти да, сүйлөөр сөздү да Хан Магома билет. Аны
орустардын чоңу князь Боронцовго ээрчитип бар. Жарайбы?
— Алпарамын.
— Алпар да, кайта ээрчитип кел. Жарайбы?
— Жарайт.
— Баргандан кийин токойго кайтасың. Мен да ошо жерде болом.
— Баарын жасайм,— деп Бата ордунан турду да, кол куушуруп чыгып кетти.
Бата чыгып кеткенден кийин Ажымурат үй ээсине.
— Гехага дагы бир киши жиберүү керек. Гехада ал мындай кылсын,— деп Ажымурат
көкүрөгүндөгү тизилген октордун бирине колун узатып баратты эле, үйгө кирип келаткан
эки аялды көрө коюп, колун шарт тартып алып, унчукпай калды.
Ооба» (ногойчо.)
Тиги келгендердин бири жана мамык төшөгөн Садонун орто жаштагы арык аялы
эле. Экинчиси — кызыл чалбарчан, күмүш тыйын көкүрөгүнө толо кадалган көк
бешмантчан жаш кыз. Аркасына түшүп турган чолок, жоон, кайраттуу кара чачынын
учуна бир сомдук күмүш теңге тагылган. Карагаттай көзү атасы менен инисинин көзүнө
окшоп капкара, ууздай аруу иреңинде байсалдуу болууга аракеттенгендиктин белгиси
болсо да, көзүндө ойнооктук бар. Кыз меймандарды караган да жок, жалгыз гана
алардын алдында адеп сактап, сызылып жүрдү.
Садонун аялы жапыз тегерек үстөл көтөрүп келди. Үстөлдүн үстүндө — чай,
боорсок, жупка, эжигей, каттама нан, бал. Кыздын колунда — илеген, кумган, сүлгү.
Кызыл маасылуу аялдар жыла басып, меймандардын алдына дасторкон жайганча,
Садо менен Ажымурат үнсүз отурушту. Элдар тиги аялдар үйдө жүргөндө, өз бутуна
кой көздөрүн кадап, каккан казыктан бетер былк этпеди. Аялдар үйдөн чыгып, жумшак
дабыштары таптакыр басылган кезде гана Элдар эркин дем алды. Ажымурат
бешмантынын төшүндөгү бүрмөнүн биринен ок алып, анын ичинен түтүктөй оролгон
катты чыгарды.
— Уулума берсин,— деди ал катты көрсөтүп.
— Жообун кимге алып келет? — деп сурады Садо.
— Сага алып келсин, сен мага жеткизесиң.
— Куп болот,— деп Садо катты төш чөнтөгүнө салып койду. Андан соң кумганды
колуна алып, илегенди Ажымураттын алдына жылдырды. Ажымурат бешмантынын
жеңин булчуңдуу ак билегинен жогору түрүп, Садо кумгандан куйган муздак мөлтүр
сууга колун тосту. Анан таза түктүү сүлгү менен колун сүртүп, тамакка карады. Элдар
да ошентти. Меймандар тамак жеп отурган кезде, чогуу отурган Садо үйүнө келип конок
болгону үчүн аларга бир нече ирет алкыш айтты. Босогодо эпейген бала да карагат
көзүн Ажымураттан айырбай күлмүңдөп, атасынын сөзүн ырастагансып отурду.
Бир сутка бою наар татпаса да, Ажымурат нан менен эжигейден аз жеди, андан соң
канжарынын кынабынан бакисин алып, нанга бал сүйкөдү.
— Биздин балыбыз жакшы. Быйыл балы көп жыл болду. Ары жакшы, ары мол,—
деп чал Ажымураттын бал жегенине ыраазы болгонун билдирди.
— Ыракмат,— деп Ажымурат эми тамактан баш көтөрдү.
Элдардын дагы жегиси келди эле, бирок муршидинин кийин боло бергенин көрүп,
дасторкондон нары жылды да, Ажымуратка кумган менен илеген алып келди.
Ажымуратты коноктойм деп өз башына балээ тилеп алышы мүмкүн экенин Садо
билчү, анткени Шамил менен Ажымурат өч болушкандан бери чечен жеринин жалпы
калкына: «өлүм жазасына дуушар болом дебесе, Ажымуратка эч ким сый көрсөтпөсүн»
деп жар салынган эле. Айыл адамдары Ажымураттын ушунда отурганын капылет
билип калып, аны кармап берүүнү талап кылышы мүмкүн экенин да Садо билчү.
Бирок ал мындан оңтойсузданган жок, кайра кубанып отурду. Садо өз өмүрүнө
коркунуч келген күндө да, мейманын коргоону парызым деп билди. Ушундай эрдик
аракетин чын ниеттен сыймык тутуп, өзүнө өзү жарпы жазылды.
— Менин үйүмдө отурганыңда, менин кара башым аман турганда, сага эч ким
кастык кыла албайт,—деди ал дагы да Ажымуратка.
Ажымурат анын жайнаган көзүнө байымдап карап, айтып отурганы акыйкат, чын сөз
экенин түшүндү да, бир аз салтанаттуу түрдө:
— Өмүрүң өсүп, бак даарысын сага,— деди.
Садо коногунун жакшы тилегине алкышын билдирип, унчукпастан колун көкүрөгүнө
басты.
Үйдүн терезе капкактарын жаап, мешке от жаккандан кийин Садо айрыкча
шаттанып, элөөрүгөн абалда конок үйүнөн чыгып, бала-чакасы турчу бөлмөгө барды.
Аялдар дале уктабастан, төркү үйдөгү коркунучтуу конок тууралу кеп салып отурушкан
экен.
II
Так ошол түнү Ажымурат конгон айылдан он беш чакырым жердеги Воздвижен
сепилинен Чахгери дарбазасының сыртына бет алып унтер-офицер баштаган үч
солдат чыкты. Солдаттардын кийгени чолок тон, папах, бүктөлгөн шинелдерин
ийиндерине арта ташташкан, буттарында кончу тизеден ашкан чоң өтүк, ошол кезде
Кавказ солдаттары ушундай өтүк кийишчү. Мылтык асынган солдаттар адегенде жол
менен жүрүп, андан кийин беш жүз кадам илгерилеп барып, жолдон оңго бурулду.
Өтүктөрү менен куураган жалбырактарды шуудуратып, жыйырма кадам жер
басышкандан кийин караңгыда дүмүрөйүп көрүнгөн сынган чынардын жанына келип
токтошту. Ушул чынардын түбүнө дайыма күзөт коюлчу.
Солдаттар токой аралап келе жатышканда дарактардын кылда учтары менен
зыргыган жарык жылдыздар эми токтой калган сыяктуу шопойгон жылаңач бутактардын
арасынан жымың-жымың этип жатышты.
— Ырас кургак тура,— деди унтер-офицер Панов найзалуу узун мылтыгын ийнинен
алып жатып, анан аны кылдырттата даракка жөлөй салды. Жанындагы үч солдат да
ушундай кылышты.
— Айттым го жоготуп жиберипмин деп,— деди Панов ачуулуу үн менен. — Же
унутуп калдым, же жолдон түшүрүп салдым.
— Эмне издеп жатасың? — деп сурады солдаттардын бири көтөрүңкү, көңүлдүү
добуш менен.
— Канжамды издеп жатам, кайда житип кеткен?
— Сабы бар беле? — деп сурады жанагы солдат.
— Сабы — мынакей.
— Түз эле жерге иреттесек кантет?
— Болбойт го.
— Аны жасоо опоңой.
Күзөттө чылым тартууга уруксат берилчү эмес. Бирок бул күзөт күзөт деле эмес эле.
Бул жерге күзөт коюлгандыгынын себеби — тоолуктар капысынан замбиректерин
сүйрөп алып келип, мурдакыдай сепилди аткылабасын дегендик эле. Панов тамеки
тартпай отурууну жөн көрбөдү да, тамашакөй солдаттын айтканын макул тапты.
Тамашакөй солдат чөнтөгүнөн бакисин чыгарып, жерди чукуй баштады. Чуңкур казып,
ичин тазалап, ага канжанын сабын орнотту, андан соң чуңкурга тамеки салып, аны
таптады, ошентип заматта канжа даяр болду да калды. Ширеңке чакканда,
көмкөрөсүнөн жаткан солдаттын жазы жаагы заматта жарык боло калды. Солдат канжа
сабын соргондо Пановдун мурдуна тутанган тамекинин жагымдуу жыты келди.
— Иреттедиңби? — деди ал өйдө боло берип,
— Иреттебегендечи.
— Жигит экенсиң, Авдеев! Баракелде, азаматым! Кана?
Авдеев оозунан түтүндү бурулдата, оодарылып түшүп, Пановго орун берди.
Панов көмкөрөсүнөн жата калып, канжанын сабын жеңи менен сүрттү да, тамекини
соро баштады.
Тамеки тартып болгон соң, солдаттар аңгеме-дүкөн курууга киришти.
Бир солдат эрине сүйлөп:
— Ротный дагы да сандыкка кол салды дешет, утулуп калса керек,— деди.
— Кайрып берет,— деди Панов.
— Албетте, жакшы офицер да,— деп коштоду Авдеев.
— Эмнеси жакшы,— деди жанагы сөз баштаган солдат тунжурап,— менин оюмча
бүткүл рота болуп ага: алгандан кийин, канча алганыңды жана качан берериңди айт
дешибиз керек.
— Ротанын калыстыгы билет,— деди Панов канжадан оозун бошотуп.
— Албетте, татуулуктан жакшы нерсе жок,— деп ырастады Авдеев.
— Сулу сатып алуу керек, жазга карата жаңы өтүк да керек, акчаны ал керектеп
койсо эмне болмок... — деди нааразы солдат.
— Ротанын каалоосу билет дедим го,— деди Панов дагы да. — Бербей кетип калган
жери жок, алса кайтарат.
Ошол кездери Кавказда ар бир рота өзүнөн шайлаган адамдары аркылуу өз
чарбачылыгын өзү башкарчу. Киши башына казынадан алты сом элүү тыйындан акча
чыгарып, өзүн өзү азык-түлүк менен камсыз кылып турчу: капуста эгип, чөп чаап, араба
күтүп, аттарын семиз бакчу. Ал эми ротанын акчасы сандыкта сакталып, анын ачкычын
ротанын командири кармачу. Көп учурда ротанын командири сандыктан карызга акча
алып турчу. Азыр да ошондой болду, солдаттардын айтып отурганы ушул жөнүндө эле.
Капалуу солдат Никитин ротанын командиринен акчаны талап кылуу керек десе, Панов
менен Авдеев андай кылуунун кереги жок дешти.
Пановдон кийин Никитин да тамеки тартты, андан сон астына шинелин төшөп,
даракка жөлөндү. Солдаттар жым болушту. Тек жел терметкен дарактардын шуудуру
гана угулат. Бир маалда ушул бир кылка шуудурдун арасынан чөөлөрдүн чуулдап,
улуганы, кыңшылап, каңкылдаганы угулду.
— Обон салып жатканын карачы оңбогурлардын,— деди Авдеев.
— Бети кыйшык экен деп сени шылдыңдаганы да алардын,— деди чыйылдак үндүү
төртүнчү солдат.
Теребел кайрадан жымжырт боло түштү. Тек желдин илеби менен жыгач бутактары
шуудурап турду, термелген дарактардын арасынан жымың каккан жылдыздар бир
көрүнүп, бир өчөт.
Бир маалда көңүлдүү Авдеев Пановго карап:
— Кандай, Антоныч, сенин зериккен кезиң болобу? — деп сурады.
— Эмнеге зеригем? —деди Панов көңүл кош.
— Кээде мен ушундай бир зеригем дейсиң, тим эле жарылып кете жаздайм.
— Койсоңчу! — деди Панов.
— Баягыда акчамды ичкиликке жумшабадымбы, ошонун баары зеригүүнүн кесепети.
Ичимди ит тырмап, бук болгонумду айтпа. Ошондо арак ичип, өлөрчө мас болоюнчу
дедим.
— Арак мурдакыдан бетер жабыктырып жибермейи бар.
— Аның ырас, бирок айлаң канча?
— Баса, эмнеге капаланып жүрөсүң?
— Менби? Үйдү сагынгандан капаланам да.
— Эмне, турмушуңар жакшы беле?
— Бай дегендей бай эмеспиз, бирок турмушубуз түзүк болчу. Жакшы турчубуз.
Андан ары Авдеев өзүнүн эчен ирет айткан аңгемесин кайрадан ошол Пановго
баяндай баштады.
— Мен агамдын ордуна суранып келгем,—деди Авдеев,— анын кызыл чие жаш
балдары бар! Мен болсом жаңы үйлөнгөн адаммын. Энем суранып туруп алды.
Ошондо барса барайын, менин жакшылыгымды унутпас дедим. Төрөбүзгө бардым. Ал
өзү жакшы киши эле, ал мага «баракелде, бара кой» деди. Ошентип, агамдын ордуна
келгендеги кербезим.
— Ие, мунуң абдан жакшы болгон,— деди Панов.
Бирок ишенсең, Антоныч, эми катуу капа болуп жүрөм. Капа болгонум, агамдын ордуна
келгениме өкүнөмүн. Тиги болсо дооран сүрүп жыргап жүрөт, мен болсом азап тартып
кыйналып жүрөм минтип. Ойлогон сайын куса боло берем. Башка түшкөн соң кантесиң.
Авдеев бир аз үнсүз отурду да:
— Дагы чылым тартсак кантет? — деди.
— Тартсак тарталы, ыңгайла!
Бирок чылым чегүүнүн учуру келбеди. Авдеев өйдө боло берип, канжаны жанагы
чуңкурга орнотом дегенче болбой, желдин шуудуру менен кошо жол боюнан келаткан
бирөөнүн дүбүртү угулду. Панов мылтыгын ала коюп, Никитинди буту менен
түрткүлөдү. Никитин шинелин ала учуп турду. Үчүнчү солдат Бондаренко да тура
калды.
— Мен бир жакшы түш көрүп жаткан элем, жигиттер...
Ушинтип айтып келатканда Бондаренкону Авдеев бир нукуду. Ошондо кулактарын
түрүп, солдаттардын баары жым боло калды. Өтүк эмес, жеңил бут кийим кийген
бирөөлөр жакындап келатты. Караңгыда жалбырак менен куу чырпыктардын кычыры
айкын угулат. Андан соң чечен тилинде шапылдап сүйлөгөндөрдүн кобур-собуру
кулакка келди. Үнү угулганы мындай турсун, эми солдаттар дарак арасынан караңдаган
эки караанды даана көрүштү. Караандын бири аласа, экинчиси бийигирээк. Кош караан
солдаттардын тушуна келгенде, мылтыгын кезенген Панов өзүнүн эки жолдошу менен
бирге жолго чыкты.
— Ким бул? — деп добуштады ал.
— Бейпил чечен,—деп үн катты жапалдаш бойлуусу. Бул Бата эле. — Мылтык жок,
кылыч жок,— деди ал тула боюн көрсөтүп. — Князь керек.
Узун бойлуусу унчукпастан жолдошунун жанында турду. Анын да куралы жок эле.
— Чалгынчы го. Полковойго барабыз дейт,— деп түшүндүрдү Панов жолдошторуна.
— Князь Воронцов катуу керек, чоң жумуш керек,— деди Бата.
— Макул, макул, алып барабыз,— деди Панов. Андан соң Авдеевге карап айтты: —
Анда эмесе Бондаренко экөөң ээрчитип алып баргыла. Дежурга өткөзүп берип, кайтып
келгиле. Байка, сак бол. Алдыңа салып айда, антпесе бул такыр баштарды билесиң го,
шылуун келишет.
— А мына бучу? — деп Авдеев найзалуу мылтыгын көрсөтүп, бышып алуу
ишаратын көрсөттү. — Минтип бышып алсам жаны чыгар.
— Бышып алсаң, мунун эмнеси калат,— деди Бондаренко. — Кана, кеттик.
Чалгынчыларды айдаган солдаттардын дабышы басылган учурда, Панов менен
Никитин өз орундарына кайтып барышты.
— Түн катып шайтан айдап жүрөбү буларды! — деди Никитин.
— Керек болгон үчүн жүрүшөт да,—-деди Панов. Андан соң түрүлгөн шинелин
жазып, үстүнө кийди да: —Түн суук болуп кетти бейм,— деп даракка сүйөнүп отура
кетти.
Эки сааттан кийин Авдеев менен Бондаренко кайтып келишти.
— Кандай, тапшырдыңарбы? —деп сурады Панов.
— Тапшырдык. Полковойдун үй ичи али жата элек экен. Түз эле ошоякка алып
бардык. Ал эми жанагы такыр баштарың ушундай жакшы жигиттер экен,— деп сөзүн
улады Авдеев. — Кудай урсун! Мен алар менен кадимкидей сүйлөшө кеттим.
— Албетте, сүйлөшө кетүү сенин адатың го,— деди Никитин нааразы маанайда.
— Чын айтам, кудум орустар сыяктуу. Биринин аялы бар экен. «Маржаң бар?» —
деймин. «Бар», дейт. «Баранчыгың бар?» — деймин. «Бар», «Көппү?» «Экөө»,— дейт.
Ушундай жакшы сүйлөшүп кеттик. Жакшы жигиттер экен.
— Эмнеси жакшы,— деди Никитин,— жекеме-жеке кездешип көр, ичеги-кардыңды
аңтарсын.
— Көп узабай таң атат го,— деди Панов.
— Ооба, жылдыздар да өчө баштады,—деди Авдеев отуруп баратып.
Солдаттар кайрадан жым болушту.
III
Казармалар менен солдат үйлөрүнүн терезелерин караңгы тартканына бир далай
убакыт болгон, бирок сепилдеги эң жакшы үйлөрдүн биринин терезелери дале
жапжарык эле. Бул үйдө туруучу Кура полкунун командири, башкы командачынын
баласы, флигель-адъютант князь Семен Михайлович Воронцов эле. Кавказдагы ушул
кичине сепилде Воронцов аялы — Петербургдун атактуу сулуусу Марья Васильевна
менен бирге шаанилүү жашап турчу. Буга чейин мында эч ким булардай жакшы турган
эместир. Воронцовго, айрыкча аялына өздөрүнүн турмушу жупуну көрүнчү, ал турсун,
тарчылыкта турабыз деп эсептешчү. Ал эми мындагылар булардын бөтөнчө
салтанаттуу турмушуна таң калышар эле.
Азыр, түнкү саат он экиде, ылгый килем төшөлгөн кең мейманканада үй ээлери өз
коноктору менен чогуу тегерек үстөлдө карта ойноп отурушту. Оюнчулардын бири —
өзүнүн флигель-адъютанттык белгилерин тагынган үй ээси, ат жаак, ак саргыл
полковник Воронцов; анын шериги — Петербург университетинин кандидаты үрпөк чач,
түнт жигит, муну Воронцова айым биринчи эринен тапкан кичинекей уулун окутуу үчүн
атайын чакыртып алдырган болучу. Аларга каршы ойноочу эки офицер: бири —
гвардиядан рота командирлигине которулган жайык бет, кызыл жүздүү Полторацкий,
экинчиси — сулууча келген өңү суз полк адъютанты, ал түптүз отурат. Бакыраң көз,
болук денелүү сулуу айым Марья Васильевна Полторацкийдин жанына отуруп алып,
кринолинин жигиттин тизесине тийгизе, анын картасына кароо менен алек. Аялдын сөзү
да, көз карашы менен күлкүсү да, ар бир кыймылы да, атыр жыты да Полторацкийди
балкытып, аялдын жакындыгын сезүүдөн башканын баарын унуттуруп салган
шекилдүү, ошондуктан ал оюн учурунда кайра-кайра жаңылышып, адъютанттын
кыжырын келтире берди.
Полторацкий тузду таштаган кезде, адъютант:
— Жок, мындай ойноого болбойт! Дагы да тузду өлтүрүп алдың,— деп
кызыраңдады.
Полторацкий кудум жаңы ойногон кишиче капкара көздөрүн бажырайта, ажарданып,
нааразы адъютантка таңдана карады.
— Жаңылыштыгын кечирип коюңуз,— деди Марья Васильевна күлүмсүрөп. Андан
кийин Полторацкийге карап: — Мына, айттым эле го сизге,— деди.
— Сиздин айтканыңыз таптакыр бул эмес,— деп жылмайды Полторацкий.
— Ошондойбу? — деп аял да күлүмсүрөдү. Анын ушул жылуу илеби Полторацкийди
мурункудан бетер балкытып, кубанычка кенелтти. Ал шаттыктан албыра түшүп,
картаны ала койду да, аралаштыра баштады.
— Аралаштыра турган сен эмессиң,— деди адъютант каарданып, андан соң
картадан кутулганга шашкансып, жүзүктүү ак манчалары менен картаны тез-тез тарата
баштады.
Мейманканага княздын камердинери кирип келип, дежурдун чакыртканын
кабарлады.
— Кечириңиздер, мырзалар,— деди Воронцов. — Марья, сен менин ордума ойно.
— Макулсуңарбы? — деп шыңга бойлуу айым шып этип ордунан тура келди да,
жибек кийими шуудурап, бактылуу чырай менен нурлана күлүмсүрөп, күйөөсүнүн
ордуна барды.
— Мен ар дайым баарына макулмун,— деди адъютант. Эми өзүнө каршы, карта
оюнун таптакыр чала билген айымдын ойноруна анын көңүлү толгондой боло түштү. Ал
эми Полторацкий колдорун жайып күлүмсүрөп гана тим болду.
Князь мейманканага кайтып келгенде, оюн бүтө жаздап калган эле. Ал өтө
көңүлдөнүп, толкунданып келди.
Мен силерге бир сунуш киргизем, кандай көрөсүңөр?
— Кандай сунуш?
— Шампан ичели.
— Мен дайым даярмын,—деди Полторацкий.
— Андай болсо, эң жакшы,— деди адъютайт.
— Василий, алып кел быякка,— деди князь.
— Сени эмнеге чакырыптыр? — деп сурады Марья Васильевна.
— Дежур, андан башка дагы бир киши бар экен.
— Ким? Эмне дейт? — деп шашыла сурады Марья Васильевна.
— Айта албаймын,—деди Воронцов ийнин куушуруп коюп.
— Айтпасаң, аны көрө жатарбыз,— деди айым.
Шампан алып келинди. Меймандар бир стакандан ичишти да, оюнду бүтүрүп, эсеп
айрышкандан кийин коштошо башташты.
— Эртең токойго баруучу сиздин ротабы? — деп сурады князь Полторацкийден.
— Менин ротам. Эмне болду?
— Анда эмесе, эртең сиз менен кездешебиз,— деди князь саал күлүмсүрөп.
— Абдан жакшы,— деди Полторацкий, бирок княздын эмне айтканын ал жөндүү
түшүнгөн жок, анын көкөйүн кескен бир гана ой — Марья Васильевнанын аппак болук
колун кысып коштошуу эле.
Марья Васильевна ар дайымкы адатынча Полторацкийдин колун кысып гана койгон
жок, катуу силкти. Оюн учурунда картаны туура эмес жүрүп, ката кетиргенин ага дагы
бир ирет эскертип, айым жымыйып күлдү, бул күлкүсү Полторацкийге көңүлүн
ташкындатып, жүрөгүн жылыткан терең сырдуу ишарат болуп көрүндү.
Полторацкий үйүнө айрыкча шаттанып кайтты. Мындай жаркын көңүлдү өзү сыяктуу
жогорку коомдо өсүп, тарбия алган, айлар бою аскердик окчун турмушта өмүр еткөрүп,
андан кийин өзүнүн мурдакы коомунан келген аялды, аял болгондо да Воронцова өңдүү
айымды кайрадан жолуктурган адамдар гана түшүнө билет.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Ажымурат - 2
  • Части
  • Ажымурат - 1
    Общее количество слов 3968
    Общее количество уникальных слов составляет 2175
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 2
    Общее количество слов 3932
    Общее количество уникальных слов составляет 2025
    32.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 3
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2065
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 4
    Общее количество слов 3949
    Общее количество уникальных слов составляет 1963
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 5
    Общее количество слов 4008
    Общее количество уникальных слов составляет 2041
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 6
    Общее количество слов 3992
    Общее количество уникальных слов составляет 2153
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 7
    Общее количество слов 3986
    Общее количество уникальных слов составляет 1979
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 8
    Общее количество слов 4014
    Общее количество уникальных слов составляет 2087
    31.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Ажымурат - 9
    Общее количество слов 2823
    Общее количество уникальных слов составляет 1537
    35.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    53.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов