Latin

Кабуснаме - 01

Общее количество слов 3775
Общее количество уникальных слов составляет 2009
22.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
32.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
39.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Миң жылдан ашуун убакыт мурда жазылган жана түркүн тилдерде жүздөгөн жолу
басылып чыккан бул китеп бүгүн да өтө баалуу.
«Кабуснаме» мазмуну боюнча философиялык-дидактикалык жана
турмуштук-социалдык чыгарма. «Аалым болуу жеңил, Адам болуу кыйын», деп
айтылат «Кабуснамеде».
Билим, эмгек, сабырдуулук, адептүүлүк жана жеке кызыкчылык-сабатсыздыкка,
жеңил ойлуулукка, адепсиздикке жана жашоонун түркүн азгырыктарына каршы
коюлат. Жакшы менен жамандын ортосундагы түбөлүктүү күрөш бүгүн дагы уланууда.
Кайковустун осуятын Амирбек Азам уулу (Усманов) өтө чеберчилик менен
кыргызчалаткан. Бул китеп мектеп окуучуларынан баштап аалымдарга,
тарбиячылардан тартып ата-энелерге, таалим тарбия иштеринде жалпы эле кыргыз
коомчулугуна пайдалуу багыт берүүчү болот деген ишеничтебиз.
МИҢ ЖЫЛ НУРУ ӨЧПӨГӨН ОСУЯТ
Батыш маданий дөөлөттөрүн суктана үйрөнүп, адабият, музыка көркөм өнөрдө
түгүл өз жүрүм-турумубузда европалыктардын адеп-каадасын үлгү туткан биздин муун
жалпысынан алганда ислам дүйнөсүнүн руханий дөөлөттөрү менен жакшы тааныш
эмес. Ал бир жагынан, совет доорунда мектептерде жана жогорку окуу жайларда
1917-жылга чейинки Борбор Азия, ошондой эле ислам элдеринин көөнө адабий
мурастары кеңири окутулбаганга, экинчи жактан, ал доорго таандык көркөм
мурастардын илимий чөйрө үчүн академиялык басылмалардан аз нускада которулуп
чыкканына жана ислам ренессансы дооруна таандык адабияттардын араб же перс
тилинде жазылганына байланыштуу. Ырас, Фридосинин «Рустам-Дастаны» жана
«Шахнамеси», Низаминин «Лейли Межнуну», азербайжан түрктөрү ээ чыгып жүргөн
«Көруулу» тээ 1950-60-жылдары кыргыз тилинде чыкканы менен кийинки жаш
муундун эсинде жок. Унсуралмаали Кайкавустун 1082-83-жылдары уулуна осуят
катары жазган "Кабуснаме" чыгармасы кыргыз окурмандарына кеңири белгисиз.
Бирок, Тажикстанда окуу жайлардын программасына киргизилип, мажбур окутулган
чыгарма. Мына азыр сунуш кылынып жаткан котормо Тажик совет
энциклопедиясынын башкы илимий редакциясы тарабынан 1991-жылы 100 миң нуска
менен чыккан «Энциклопедия персидско-таджикской прозы. Кабуснаме.
Синдбаднаме. Сказки» деген жыйнактан алып которулду. «Кабуснамени» орусчага
тажик-перс жана түрк тилдеринин жана адабиятынын билерманы Евгений Эдуардович
Бартельс (1890-1957) которгон.
Унсуралмаали Кайкавустун чыгармасынын ар бир бөлүгү ошол доордогу падыша
сарайына жакын ак сөөктөр менен бектерден жана бийлик өкүлдөрүнөн күнүмдүк
турмушта карманууну талап кылган этикасы: бала тарбиялоо, уул үйлөө, конок күтүп,
мейман узатууда кылдат аткарылуучу салт-адаттар; туура тамактанып, шарап ичкендин
жолдору, мончого баруунун тартиби; чавган (азыркы ат минип тенис ойноого окшош)
жана шахмат-нард оюндарын ойноонун, мал-мүлк сатып алууда жана соодада бекем
тутчу эрежелер; дарыгерлик, илимпоздук, аксарайда кызмат өтөөнүн маани-маңызы
жана башка турмуштук зарурарт нерселерге арналат. Бектер жана мыктылар билчү бул
каада-жөрөлгөлөр Унсуралмаалиден кийин Низами, Жами жана башкалардын
чыгармаларында өнүктүрүлөт ( Ага чейин да араб жана перс адабиятында этика
дидактикалык жанр калыптанып калган). Эмгек өзү 44 баптан жана 56 аңгемеден турат.
15бап орусча нускасында жок болгондуктан кыргызча котормосуна кирген жок.
Эмир Унсуралмаали Кайкавус «Кабуснаменин" баш сөзүндө белгилегендей,
чыгарманы уулуна таалим-сабак, осуят-керээз болчу сөздөрүн "картайып, кубаты
качып, улуу жолго жөнөп кетер сааты чукулдап турганда ата парзын кылып, жакшы
көргөн жана туяк басчу уулунун "жакшы атак-даңкка жетүүсүн тилеп жазган.
Унсуралмаали (толук ысмы Унсуралмаали Кайкавус ибн Искандар ибн Кабус ибн
Вушмир ибн Зияр) Каспий деңизинин түштүгүндөгү байыркы гилян уруусунун тектүү
кулуну. Атасы тектүү тукумдан чыгып, кезинде Гилянды паашалык кылган. Энеси
Адилетчил атыккан Нуширван паашанын авылети жана чоң атасы "Марзбаннаме"
дастанын жазган. Ошондуктан, Унсураалмали падыша сарайына жакын чөйрөдө
чоңоюп, ордонун таалим-тарбиясына сугарылган. Ал жашынан мыкты билим алып, өз
доорундагы адабиятты да мыкты билген. Унсуралмаали Каспий жээгинде телчиккени
менен, өмүрүнүн көбү саманиддердин маданий чөйрөсүнө байланышкан. Ушундан
улам, академик Е. Э. Бартельс «Кабуснамени" тилине карай, аны перс адабиятынан
көрө тажик адабиятына жакын деген тыянакка келген. Буга таянып, тажик
илимпоздору да Кайкавустун эмгегин тажик элинин төл чыгармасы деп санашат.
Котормо кыргыз окурмандарына орто кылымга таандык адабий мурас менен
тааныштырып, он кылым мурда ак сөөк башкаруучулар тутунган каада-салттар
жөнүндө кенен маалымат берет деп ишенем. Котормодо, албетте, кемчиликтери жана
мүчүлүштүктөрү болорун мойнума алуу менен, максатым кылымдар шамы өчпөгөн
эмгек менен кыргыз окурмандарын тааныштыруу болгонун айта кетмекчимин.
«Кабуснамени» которууда айткан кеңештери үчүн адабиятчы досторум Абибилла
Пазыловго, Садык Тиллебаевге, түркмөн жазуучусу Худайберди Халлыевге, өзгөчө
китепти редакциялап, басмага даярдап жана бастырып чыгаруу түйшүгүн көтөргөн
редакторлорум эл акыны Шайлообек Дүйшеев жана Сейитбек Жаанбаевге зор
ыраазылыгымды билдирем. Ал эми чыгарманы түшүнүүдө жана которууда тажик
жазуучусу Салим Аюбзаде көп көмөктөшкөнүн жана баалуу кеңештерди бергенин да
белгилей кетээр элем.
Амирбек АЗАМ уулу (Усманов)
АКЫЛМАНДЫКТЫН КЕНЧИ
Уулуңуз урмат-сыйлуу инсан болуусун билгиңиз келсе, турмуштун ар кыл
жагдайында өзүңүздү кандай алып жүргөндү, конокко кантип барганды жана кантип
мейман күткөндү, сооданы кандайча ийгиликтүү жүргүзгөндү же кызматтын бийлик
сересине кантип көтөрүлгөндү, келинди же күйөө баланы кантип тандаганды, сүйүү
ышкысына кумарлануунун жолуну, мончого баруунун жайын же ат тандаганды
билүүнү кааласаңыз, же бир сөз менен айтканда, бу дүйнөдө Сиз билбеген жана
чекеси оюлбаган, Сиз үйрөнө турган жана бактылуу жашоого көмөктөшө алчу илимдин
кени бар десеңиз, анын баары колуңуздагы китепте.
Миң жылдан ашуун убакыт мурда жазылган жана түркүн тилдерде жүздөгөн жолу
басылып чыккан бул китеп бүгүн да өтө баалуу. Болбосо, "Кабуснаме" бир гана
окурманга арналып жазылган эмес беле! Кайковус китепти уулу Геланшахка жашоонун
компасы болсун деген ниетте түбөлүктүү сапарга жөнөр алдындагы жылдары жазган.
Байыркы тажик-перс маданиятында үй-бүлөлүк же үй-бүлөнүн күнүмдүк
керектөөсүнө арналып жазылган китептер кадыресе көрүнүш. Чыгыштын дээрлик
бардык
улуу
адамдары
урпактарга
ар
кандай
формада
жазылган
адабий-философиялык насыяттарды калтырышкан. Урпактар ата-бабалары баштан
кечирген жаңылыштыктарды кайталабасы үчүн алар турмуштук тажрыйбасын жана
келечек жөнүндөгү ой-мүдөөлөрүн өз насыят-керээздеринде айтып кетишкен.
Мындай насыят китептердин саны 1300дөн ашат. Бирок, алардын саналуусу гана
кылымдарды карытып, элдик китеп болуу вазийпасына, же азыркы тил менен
айтканда, "бестселлер" болууга татыган.
Кабуснаме" үй-бүлөнүн алкагынан чыгып, жалпы тажиктердин улуттук дөөлөтүнө,
алтүгүл мүлдө адамзаттын көөнөрбөс маданий мурасына жана сыймыгына айланган
саналуу сербаа китептердин бири. Бул эмгек ондогон жылдардан бери Тажикстандын жогорку жана орто окуу жайларында окулат. Бир нече жыл мурда
инженердик-техникалык жогорку окуу жайларда окутууга сунуш кылынды. Көптөгөн
ата-энелер балдарын тарбиялоодо бул китепти пайдаланышат. "Аалым болуу жеңил,
адам болуу кыйын", деп айтылат "Кабуснамеде".
Бүгүн Батышта "Кабуснаменин" айырым кайрыктарын кайсы бир деңгээлде
кайталаган эсепсиз китептер үзбөй чыгып турат. Ошентип, үй-бүлөлүк китептердин
салты Чыгышта эмес Батышта пайда болду. Батышта чыккан "How to do?" деген
китептен баштап, "Досторду кантип табуу керек?", "Мыкты бармакты жаралатпай
дубалга кантип какса болот?" деген сыяктуу колдонмо китептердин "Кабуснамеден"
айырмасы, алар түрдүү илимий жадыбалдарга, теңдемелерге жана диаграммаларга
жыш. Бирок, мазмун-мааниси ошол эле.
Батышта чыккан китептерде айтылган түшүнүктөр менен кеңештердин баары эле
мусулмандарга ылайык келе бербейт. Анын сыңарындай Унсуралмаали Кайковус
айтып кеткен кээ бир кеңештерди батыштык жана "европалашып калган" окурмандар
кабыл алышпасы анык. Андай жерлер чыгармада көп эмес. Андай болгон учурда да
китепти адамзаттык насил-нарктан карасак, өткөн миң жылда адамдын табияты көп
деле өзгөрбөгөнүн байкайбыз.
"Кабуснаме"
мазмуну
боюнча
философиялык-дидактикалык
жана
турмуштук-социалдык чыгарма. Орто кылымда өткөн автор ишенимдүү мисал ирети
жазган аңгемелерден ошол доордун адамдарына мүнөздүү өзгөчөлүктөр,
адамдардын өз ара мамилеси, коомдогу жүрүм-туруму жана адеп-ахлак нормалары
көз алдыбызга даана тартылып, Кайковус жашаган коом жөнүндө кеңири жана терең
түшүнүк алабыз. Баса, азыркы биз жашап жаткан коом да ошол байыркы нукта
өнүгүүдө.
Чыгармада кайсы бир деңгээлде билим, эмгек, сабырдуулук, адептүүлүк жана жеке
кызыкчылык сабатсыздыкка, жеңил ойлуулукка, адепсиздикке жана жашоонун түркүн
азгырыктарына каршы коюлат. Жакшы менен жамандын ортосундагы түбөлүктүү
күрөш бүгүн да уланууда. Кайковустун осуятынын ачкычы "Артыңда жакшы ишиң, таза
атың калдыбы?" деген суроо. Ага жетүүнүн жолун "Кабуснамеден" окуйсуз.
Салим АЮБЗОД, тажик жазуучусу
КИРИШ СӨЗ
Аалам жаангерлерине даңк жана ыймандуулар акыретте алкоого арзысын, жабыр
көрсөтүүчүлөр гана адилетсиздикке кабылсын, Ал жараткандын эң сарасы жана
асылзаттары: Мухаммед, анын уругу жана сахабалары - буларыдын баарына алкоо
жана тынчтык.
Анан бу китептин түзүүчүсү эмир Унсуралмаали Кай-Кавус ибн Искандар Кабус ибн
Вушмгир ибн Зияр, ыймандуулар өкүмдаринин үммөтү, өз уулу Гиланшахка айтат:
"Уулум, билгин, мен улгайдым, кубатым тайды, карылыкка моюн сундум. Жашоодон
чарчады деген парманды чачтарым жүзүмө чиймелеп тартты жана бул чиймелерди эч
кандай айла-амал өчүрө албасын көрүп турам. Уулум, өз ысымымды жашоодон
чарчагандардын тизмесинде көргөндөн кийин, улуу жолго сапар сал деген парман
мага жеткенче, сага мурас болсун үчүн мезгилди сындаган жана көрөсөн атак даңкка
жетүүнүн амалы жөнүндө китеп калтырайын деп чечтим. Мен муну мезгилдин колу
сени тепсеп салганча, сен менин сөздөрүмө өткүр көздөрүң менен карап, андан пайда
алууң жана эки дүйнөдө тең жакшы даңкка жетүүң үчүн аталык мээрим менен
жасадым. Сенин жүрөгүң бул китепте айтылган насыяттарды укпай койбосун! Мен
ошондо уулдарын сүйгөн аталарга зарурат парызды аткарам. Сен эгер менин
сөздөрүмдөн жакшылыктуу кеңеш издебесең, оролунан пайдаланып, накыл сөздөрдү
уккан жана ага моюн сунган башка адамдар бар.
Азыр ушундай мезгил келди, бир да бала өз атасынын кеңешин укпайт жана боз
уландардын дилиндеги алоологон жалын эч кимди теңине алдырбай, өз билимин
карыялардын билиминен өйдө деп маашырлантканы мага маалым болсо да, аталык
сүйүүм жана мээримим ооз ачпай калуума мүмкүндүк бербеди. Андыктан, өз
табиятыма жараша жашоодон алганымдын баарын өз өзүнчө сөз кылып топтодум да
бул китепте мүмкүн болушунча ылайыктуу жана кыска кылып жаздым. Сен эгер менин
сөзүмө баш ийсең, ошонуң жетиштүү, а жок дечү болсоң, мен аталык парзымды
аткардым. Сүйлөп жаткан адамдын милдети- айтчу сөзүн айтуу, а угарман укпаса, ага
таарынычтын кереги жок деп айтышат эмеспи.
Уулум, адамдардын табияты мындай экен: алар бу дүйнөдөн алганын эң кымбат
адамына калтыруу үчүн жанын карч уруп чебелектешет. Менин бу дүйнөдөн алган
ырыскым - менин сөздөрүм, мен үчүн баарынан кымбаты - сенсиң. Мен улуу жолго
аттанмак болдум жана сен өзүнө корстон болбой, татыксыз иштерди жасабооң үчүн
жана өз уругуңдай таза жашап өтүүң үчүн сага өз шыпагамды берип ийдим.
Уулум, билгин, сенин тегиң жана урууң - улуу жана даңктуу. Сен атаң тараптан да,
энең тараптан да тегиң асылзаада жана алар жахан падышаларына тектеш болот. Чоң
атаң - Шамсалмаали Кабус ибн Вушмгир, Фархадванддын уулу Аргишдин небереси, ал
эми Фархадванддын уулу Аргиш болсо Кай-Хосровдун заманында Гиляндын падышасы
болгон жана чоң атаңдын иштери тууралуу Абулмуйяд Балхи 1 "Шахнаме" деген
эмгегинде эскерет.

Абулмуяд Балхи, Х-к. жашаган перс-тажик акыны, илимпоз. Кара сөз түрүндө
жазылган "Керемет өлкөлөр" же "Дүйнөнүн керемети" жана "Шахманаме" деген
чыгармалардын, Тоорут - Курандын сюжетине жазылган "Жусуп жана Зулайка"
поэмасынын автору (соңку эки чыгарма сакталбай калган). Бизге негизинен лирикалык
мүнөздөгү ырлары жетти.
Падышалыктын эстелиги катары Гилян падышалыгы сенин чон аталарыңа калган.
Сенин чоң энең, менин апам, "Марзбаннаменин" 2 түзүүчүсү Марзбан ибн Рустам ибн
Ширванддын кызы, чоң энеңдин үчүнчү урпагы - падыша Нуширван Адилеттүүнүн бир
тууганы Кайс ибн Каубад болгон, апаң болсо ыймандын жоокери Насираддиндин уулу
султан Махмуд падышанын кызы, таенең - дейлемиттердин падышасы Фирузандын 3
кызы.
Ушинтип, уулум, акыл-эстүү бол, өз уругуңдун баасын билгин, өзүңдү тексиз
бирөөлөргө теңебе. Сенден жакшылыктын жана жолдуу адамдын белгилерин көрсөм
дагы, кайра кайталап айтышым керек: уулум, билгин, мен жүрүп кетчү күн жакын, сен
да көп өтпөй менин артымдан жөнөйсүң; бүгүн сен бу жалган дүйнөдө жашап
жатканыңда, түбөлүктүү дүйнөгө керектүү иш менен алектенишиң жана тарбия
алышың зарыл. Асыресе, бу дүйнө талаа сыяктуу: ага эмне эксең, ошону
оруп-жыйнайсың. Жыйнаган түшүмүңдүн данын да акшагын да талаадан эч ким
албайт, анын баары түбөлүктүү дүйнөдө калат. Бу дүйнөдөгү жакшы адамдар
арстандай ой-максатты көздөйт, ал эми жамандар иттей жүрүп өтөт. Ит илбээсин
кармаса, ошол жайында жейт, арстан олжолуу болсо, аны башка жерге алып барып
жейт. Саятчылык жайың - бул жалган дүйнө, сенин олжоң жакшы иштериң. Ошон үчүн
олжоңду тапчу түбөлүктүү дүйнөдө сага жеңил болуусу үчүн бу жалганда аңчылык
кылуунун зарылдыгы жок. Пенделер үчүн о дүйнөнүн жолу -даңазалуу жана теңдешсиз
Кудайга топук кылуу. Ким Кудайдын жолун жана теңдешсиз эгеме жол издесе, ал от
сыяктуу: сен эгер отту ылдый каратып тутандырсаң да анын жалыны көктү карай
умтулат. Ким Кудай жолуна түшпөсө, ал суу сыяктуу болот: канчалык өйдө көтөрбө, ал
баары бир ылдый карап агат.
Анүчүн, менин кымбаттуум, даңктуу, улуу жаратканга жеткирчү жолду үйрөнгөндү
өзүң үчүн зарурат деп бил, анын атак-даңкы дагы көбөйсүн, анын жакшылыктары
бардык пенделерге жайылсын, анын жолундагы пенденин даражасы өссүн, өзү туура
жолго түшсүн, биздин эгебиз дагы бийиктесин жана даңкталсын; бу жолду басып өткөн
чындыктын эр-жүрөк күрөшчүлөрү жана асылзат жолоочулар сыяктуу толук аң-сезим
менен кылдат аракеттенсин, алар башын бут кылып басышкан, атүгүл жалган,
түбөлүктүү дүйнөгө кол шилтеп, көзгө илбестен жашыруун сырлардын жана
биримдиктин дүйнөсүндө бирден бир жалгызды гана издеп табуу үчүн өмүрлөрүн
тобокелге салышкан, баштарын өлүмгө байлашкан. Бул жолдо алар күйүшкөн жана
чөгүшкөн, өз ыкыласы менен өмүрүрлөрүн курмандыкка чалышкан. Бул ийгиликке
жеткен пенденин кубанычы канчалык улуу. Ал даңкталып, бул даражанын сыйлыгы
жана орду чепкен менен сыйланып даңазаланат.
О, биз табынган түбөлүктүү Кудай, бардык ыймандуу эркектер менен аялдарга
мээримдүү бол, бардык мусулмандарга жана муслималарга ак жолду табууда
жароокерлик кыл. А эгер козголоңчу бечара маани бербей наамалыктан улам эркин
койо берсе жана жолдон чыгып бир нече кадам жасаса, шайтанга жана өкүмдардын
«Мирзбаннаме» дидактикалык чыгарма. Xк. мазандеран диалектинде Марзбан ибн
Рустам ибн Шахрияр ибн Шарвин жазган. Түп нускасы сакталган эмес, бирок жаңы перс
тилиндеги редакцияда чыккан "Равзат-ал-укул" ("Акылмандык багы") китеби бар.
Мухаммадгази Малтави чыгарманы түп нускасынан эки эсеге дээрлик көбөйтүп
жиберген. Экинчи, стили бир кыйла татаал котормонун автору - Саадуддин Варовини.
Фирузан Дейлемдин башкаруучусу, 901-жылы Фаластын жанында Саманид
Исмайылдын аскерлери менен болгон салгылашта курман болгон.
ышкысына моюн сунуп, дидарында жамандык кылса, шариат жана Алла аны, үйүн,
бардык сакабаларын,ыймандуу жана тазаларды алкасын, Мухаммеддин тарикатынан
чыкчу болсо, мээрмандыгы жана айкөлдүгү жагынан теңдешсиз өзүң, береги бактысы
жок алсыз кулуңду адашкан жолунан, чыйыры жок туңгуюктан, ошондой эле бейиштен
куулган жана каргыш урган шайтандан куткар. Берешендин берешени, мээримдүүнүн
мээримдүүсүнүн жакшылыгы үчүн [Жараткан ошол күнгө жеткирсин].
Анан да, уулум, билгин, мен бул насыят китепти жана даңктуу асылзаттыктын
эмгегин кырк төрт бап кылып түздүм. Китеп берекелүү жана даңктуу болот, баарынан
кудуреттүү, жалгыз Алла кааласа, жазуучуга да, окурманга да, жазмакейге да,
угарманга да, бакыт алып келет."
ТЕҢДЕШСИЗ КУДАЙДЫ ТААНУУНУН ЖОЛУ
Уулум, билгин, эмне болсо же болбосо же болушу мүмкүн болсо, анын эмнеден
болгонун адам таанып билбей койбойт; бир гана даңктуу жаратуучуну таанып билүүгө
жол жок. Андан башканын баары таанып билинген. Сен таанып билүүнү токтотконуңда
гана жаратканды таанып биле баштайсың.
Таанып билинчү нерсе оймолонуп-чиймеленип жасалган буюмдай, таанып билүүчү
болсо зергер сыңары. Буюмда оймо чиймелерди элестетүү мүмкүн болбосо, эч бир
зергер аны зергерлеп, оймо-чийме салбайт. Сен көрбөдүңбү, сүрөттү ташка караганда
момго салыш оңой болгондуктан мөөр таштан эмес момдон жасалат. Демек, таанып
билинчү нерсени таанып билүү мүмкүн, а жараткан-жабык. Сен өзүңө сереп сал,
жаратканга сереп салба. Жаратылган нерселерди кара, жаратуучуну таанып бил. Байка,
жаратылган нерсенин узактыгы жаратуучуга кеткен жолду көрсөтпөйт, себеби узактык
убакытка багыңкы, а убакыт өтүп кетме жана өтүп кетменин башталышы менен аягы
болот.
Сен майда бөлүктөн көргөн дүйнөнүн байланышын жакшылык деп ойлобо, өзүңдү
татыктуу карма, анын түйүнү чечилбей калбайт. Жараткандын касиети жана
табериктери жөнүндө ой жүгүрт; жараткандын өзү жөнүндө ойлонбо, асыресе, жолсуз
жерде жолду ким издесе, ал жолдон катуу адашат. Пайгамбар, аны Алла өзү алкасын,
айткандай: Алланын касиеттери жөнүндө ойлонгула, бирок анын маани-маңызын
ойлонбогула. Эгерде биздин жаратуучубуз өз пенделерине эгемдин оозу менен
шариат аркылуу өзүн таанууга, ага барчу жолду таанып билгенге кайрат бербесе, эч
ким жаратканды таануунун жолу жөнүндө бир да сөз айтууга тайманбас эле; анткени
эгемди кандай гана ысым менен атаба, ага кандай касиетти ыйгарба, бул ысым, бул
касиет Кудайдын кереметинен жана өкүмдарлыгынан эмес, сенин алсыздыгыңдан,
жардамга муктаждыгыңдан келип чыгат; сен Кудайды эч качан өзүнө татыктуу кылып
мактай албасаң, аны кантип таанып билмек элең?
Эгер сен чыныгы жалгыз Кудайды кааласаң, билгин, сага мүмкүн болбогондун
баары Ал үчүн чындык. Мисалы, Алланын жалгыздыгы. Ким жараткандын жагыздыгын
мааниси боюнча таанып билсе, ал көп кудайлуулуктан эркин болот. Маани-маңызы
боюнча бирөө - бул даңазалуу Кудай, андан башканын баары экөө. Асыресе, касиети
боюнча экиге бөлүнгөндүн баары тулку дене сыяктуу эки бөлүктөн турат, же сан
сыяктуу экиге бөлүнөт, же бириктиргенде экөө болот, же созулган сызык сыяктуу
формасы боюнча экөө, же акыл жана жан сыяктуу жаралгандан экөө, же жаратылышы
жана формасы жагынан теңделип экөө жаралган, же элемент жана материя сыяктуу
түзүмү боюнча эки заттан турат, же мүмкүнчүлүгү боюнча сапат же сан жагынан бытие
жана небытие болуп экиге бөлүнөт. Карама каршы жана элдешпес сыяктуу болгон
мунун баары Ал эмес. Буга окшоштордун баарына жуптуктун белгилери таандык жана
аларды жалгыз деп айтып болбойт. Маани-маңызы боюнча жалгыз деп бир гана
Эгемди айтуу мүмкүн. Белгилери жуп болгон заттардын баары Кудай эмес. Чыныгы
жалгыз кудайлуулук - бул сенин жүрөгүңдө пайда болгондун баары Кудай эмес экенин,
бирок, Кудай анын баарын жаратуучу, ага тең жана окшош эч нерсе жоктугун таануу
жана билүү. Ал дагы даңкталып урматталсын.
ПАЙГАМБАРДЫ ДАҢКТОО ЖАНА МАКТОО ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, жараткан дүйнөнү өз каалоосуна ылайык жаратты. Ал дүйнөнү жөн
эле жаратып койгон жок, а жаратып туруп, адилеттик жана акылмандык менен
кооздоду, себеби, тирүүлүк жоктон көрө, тартип башаламандыктан көрө, баргерлик
тартыштыктан көрө, сулуулук куниктиктен көрө артык экенин билген. Ал тигини да,
башканы да жарата алмак, ал тигини да, башканы да билген, бирок ал эмне
жакшыраак болсо, ошону жаратты жана өз билимине кыянаттык кылбады. Эмне
адилеттүлүктүн негизинде жашаса, наамалык жана кокустук анын негизи боло албайт.
Ошентип, дүйнөгө акылмандык негиз болду, ал болушунча аны кооз кылып, сүрөтүн
тартты.
Албетте, ал жарыкты күнсүз, жамгырды булутсуз, денени түркүн бөлүксүз бере
алмак, дүйнөгө жылдыздарсыз эле жакшы же жаман таасир эте алмак, бирок иш
акылмандыкты талап кылгандыктан, ал эч нерсени баанайи - себепсиз жаратпады, ага
өбөлгө болчу себептерди жашоонун жана жокчулуктун негизи кылып алды. Анткени,
баана болчу себеп жок болсо, тартип болбойт, а эгер тартип жана даража болбосо,
ирээттүүлүк жок болот, а аракет үчүн иреттүүлүктүн болушу зарурарт.
Ал өбөлгө болчу себептерди бири башкаруучу, экинчиси баш ийүүчү, бири
тамактандыруучу, экинчиси-тамактануучу деп да жараткан жана бул эки жактуулук
теңдешсиз улуу жана даңктуу эгемдин жалгыздыгын далилдейт. Сен өбөлгө болчу
себептерди көрүп, бирок максатты көрбөй тургандыктан, байкагын, себебине маани
бербе жана аны ортодо өбөлгө болчу байланыштан башка бирдеме деп эсептебе,
эсиңде болсун, өбөлгө болчу баанайи - себеп эгем тарабынан жаралган.
Эгер жер мөмө бербесе жана жылдыз адилеттүүлүк бербесе, аларды жароокер деп
санаба, асыресе, жылдыздар адилеттүүлүктүн акыбети жөнүндө жер мөмөлөп түшүм
бергенче эле билишет. Сен сепкен даамдуу данды уулуу данга айлантууга жердин
жөндөмү жетпеген сыяктуу эле жароокер жылдыз ташбоор боло албайт. Анткени, Ал
жерди акылмандык менен кооздогондуктан, кооздолгон нерсе дан бере албайт жана
кооз эмес да боло албайт.
Ошондуктан бу дүйнөгө абай сал, анын кереметтери: өсүмдүктөр, жаныбарлар,
тамак-аш, кийим-кече жана башка түрдүү жакшылыктарын байкап суктан. Мунун
баарын эгем акылмандыктын негизинде жараткан. Ал өзүнүн көөнөрбөс ачылышында
айткан: "Биз асманды, жерди, алардын ортосундагы нерселерди жөн эле жараткан
жокпуз, биз аларды акылмандык жолу менен гана жаратканбыз" (Куран, XI, IV, 38-39).
Теңдешсиз эгем дүйнөдөгү бир да жакшылыгын жөн жаратпаганын билгениңден
кийин, сен түшүнгүн, адилеттүү жакшылыктар менен тирүүлүккө зарыл нан эч кимге
берилбей калса, пайдасыз болмок.
Адилеттүү зарыл нан - бул сенден алуучуларга алар тамактансын деп сенин
бергениң. Демек, ушинтип жаратылган: Ал адамдарды жашоого зарыл нанды жесин
деп жараткан, ал адамдарды жараткандан кийин бардык жакшылыктар аларга
таандык.
Адамдар мамлекеттик түзүлүш жана тартип жок жашай алышат, а адыйы жок не
мамлекеттик түзүлүш не тартип толук болбойт, анткени, өз анын ирети жок, адилетсиз
жеген ар бир тамактануучу нан берүүчүгө алкыш айтканды билбейт. А бул нанды
түркөйлөргө, кайрымы жокторго берүүчүнүн кемчилиги. Берүүчү кемчиликти
билбегендиктен, эгем өз аятында "Ал адамды ал билбеген нерсеге үйрөттү" (Куран, Х1,
1V, 38-39) деп эскертип кеткендей, Ал тамактануучуну таалим-тарбиясыз калтырды.
Эгем адамдарды адилеттүүлүккө, билимге, тириликке зарыл нанды өндүрүүнүн
тартибине берүүчүгө алкыш айтканды үйрөтсүн, дүйнөдө адилеттүүлүк өкүм сүрсүн
деп, аларга пайгамбарларды жөнөттү. Адилеттүүлүктүн туу чокусу - акылмандык,
акылмандыктын туу чокусу - жакшылыкта, жакшылыктын туу чокусу - орозгерлерди
алуучуда, а орозгерлерди алуучунун көрөңгөсү - жол баштоочу пайгамбарлар. Бул
ирээттен эч нерсени алып салуу мүмкүн эмес, болбосо ал чындыкка алып барбайт.
Пайгамбар жол көрсөтүүчүлөрдүн орозгерлерди алуучулардан бир катар
артыкчылыктары бар. Азык-түлүк алуучулар жакшылыкка жетүүсү жана алкоого
татыктуу болуулары үчүн, аларга тамак-аштын жана ырыскынын негизинде өз жол
баштоочуларынын укугун таанууну, өзүнүн азык-түлүк берүүчүсүнө алкыш айтууну
сезип жүрүүнү, анын элчилеринин тууралыгын таанууну, аларды эрчүүнү, Адамдан
баштап Мухаммедге чейинки бардык пайгамбарларды нукура пайгамбарлар деп
эсептөөнү, ал үчүн Кудайды алкоону, динде топук кылууну, жараткан берген
ырыскылар үчүн алкаганды унутпоону, динде көрсөтүлгөндүн баарын жазбай
аткарууну милдет кылып койду.
ЖАКШЫЛЫКТАРДЫ БЕРҮҮЧҮГӨ АЛКЫШ АЙТУУ ЖӨНҮНДӨ
Уулум, билгин, орозгерлерди берүүчүгө ыраазылык айтуу-Ал алкоого татыктуу
болгону үчүн эмес-анын буйругуна ылайык ар бир макулук үчүн милдет, анткени
кимдир бирөө ыраазылык үчүн жанын тартуу кылса, ал баары бир Ал буйругандай
алкыштын миңден бирин да кайтара алган жок.
Ал көптөгөн жакшылыктардын ээси болсо дагы мусулман дининде ыраазылык
билдирүү жана кызмат кылуу беш парызды аткаруу менен чектелет: анын экөө -бардар
адамдарга, а үчөө - бардык адамдарга буйрулган. Анын бири - Кудайдын бар экенин
оозуң менен (сөз жүзүндө) таануу жана жүрөгүң менен ырастоо, экинчиси - беш убак
намаз, үчүнчүсү - отуз күндүк орозо.
Дин таануунун теңдемеси (формуласы) - чыныгы Кудайдан башканын баарын
таануу; намаз окуу чыныгы кызмат кылууну сөз жүзүндө таануунун кемчилигин
далилдейт, ал эми орозо-Кудайдын кудуретин сөз жүзүндө ырастоону чыныгы таануу
болот. Сен "Мен кулуңмун" деп айткан соң, кулдуктун кишенинде болуу зарыл. Сен "Ал
кудай" деп айткан соң, өкүмдардын буйругуна баш ийүүң зарыл. Сен эгер кулдун сага
кызмат кылышын кааласаң, өз өкүмдарыңдан качпа. Эгер качуучу болсоң, өз кулуңдан
баш ийүүнү күтпө, анткени сенин өз кулуңа болгон ырайымың улуу өкүмдардын сага
болгон ырайымынан чоң эмес. Баш ийбеген кул болбо, анткени баш ийбеген кул
өкүмдар болууга умтулат, ал эми өкүмдар болууга умтулган кул эрте өлөт.
Кул кутурса так талашат
Андай кулдан – ордону тазалоо шарт.
Билгин, намаз менен орозо Кудайдын өзүнө таандык жана аларды каза кылбай
аткар, а эгер Кудайга таандык нерседе жаңылыштык кетирсең, бүтүн дүйнөгө орток
нерсе сага тийбей калат. Билгин, намазды биздин шариаттын эгеси диний ибадаттарга
кошот жана мындай деп айткан: Ким намаздан баш тартса, ал дининен биротоло баш
тартканга барабар. Бу дүйнөдө каапыр өлтүрүлүүгө жана уят кылынууга тийиш, ал эми
тиги дүйнөдө ал теңдешсиз улуу Алланын жазасын алат.
Уулум, сактан, жүрөгүн жалчыбаган нерселерге алаксыбасын жана намазды
өткөрүп жиберсем болот дебегин. Эгерде намазды динде буйрулгандай үйрөнбөсөң,
акыл калчап үйрөн, анткени анын пайдасы көп. Биринчиден, кимде ким беш убак
намазды парз кылып окуса, анын денеси жана кийими дайыма таза жүрөт, а тазалык
канткенде да ыпылас жүргөндөн жакшы. Экинчиден, намаз окуп жаткан адам
башкаларды жамандагандан жана текеберчиликтен алыс болот, асыресе, намаздын
мааниси-барына канаат кылуу жана сен табиятыңды канаат кылганга үйрөткөндөн
кийин, денең да табиятыңа моюн сунат. Анан да кимде ким кайсы бир адамдай
болууну кааласа, ал аны менен жолугушуусу зарыл экени даанышмандарга маалым.
Эгер кимде ким бактысыз болууну жана күнөө жасаганды кааласа, ал жаман адамдар
менен мамиле кылат, ким бак-саадат жана ийгилик издесе, бийлик ээсине моюн сунат,
ким бактысыз болгусу келсе, ал бактысыз адамдар менен жүрүшү керек; бардык акыл
эстүү эр кишилердин ырасташынча, исламдын дараметинен өткөн бийлик жана күч
жок, анын буйругундай чыныгы буйрук жок. Демек, дайыма бакубат жана бактылуу
болууну кааласаң, бийлик ээсинин коомун изде жана ага моюн сунуп, бактысыз жана
күнөөлүү болбоо үчүн ага каршылык көрсөтүүнүн жолун издебе.
Уулум, сактан, намазга жеңил ойлуулук менен мамиле кылба, бүгүлүп жана тизе
бүгүп, сүкөт кылуу толук болбосо, мыскылдап күлбө: намазды шылдыңдоо дүйнөнү
жана ишенимди өлүмгө алып баруучу адат.
Дагы да билип ал, уулум, орозо-бул бир жылда бир келүүчү кызмат, андан качуу
пастык болмок. Акыл-эстүү адамдар мындай катачылыкка жол беришпейт, сен да
андан качпа. Бирок, чектен чыгып кетпе, себеби орозо айында чектен ашуулар болбой
койбойт. Сен орозо кармоодо жана орозо бүткөндөн кийин чектен ашып кетпе. Эгер
беш ыймандуу диниятчы орозо тута баштаганын билчү болсоң, сен да аларга кошулуп
орозо карма; алар менен маектешип, акмактардын сөзүн укпа; билгин, теңдешсиз
Кудай сенин ток да ач да болууңа муктаж эмес; орозонун максаты Кудайдын өз
мүлкүндөгү мөөрү жана бул мөөр бүтүндөй денеге: колго, бутка, көзгө, кулакка, тилге,
карынга жана жылаңач бөлүккө урулат. Дененин бөлүктөрүн бузукулуктан жана
жарабаган иштерден кармап туруу үчүн баарына мөөр уруп койуу керек. Ошондо гана
орозонун мөөрүн бузбай сактайсың.
Дагы билип ал, орозо маалындагы улуу иш-өзүңдүн күндүз жечү наныңды түн
мезгилине калтырганың жана күндүз жечү үлүшүңдү муктаждарга бергениң. Ошентип,
сенин эмгегиңден ныпа болот, орозо бул эмгегиңдин пайдасын татыктуу адамдар
көрүүсү үчүн керек. Байка, кызмат кылуунун жалпы дүйнөгө таандык бул үч түрүндө
калпыстыкка жол бербе; демейде, калпыстыкка-бул үч парзды аткаруудагы
калпыстыкка - кечирим жок. Жок. Ал эми баргер адамдарга гана милдет кылынган
кызмат кылуунун эки түрүнө токтолсок, актанганга болчу жагдайда аларды аткарбай
койуу мүмкүн. Бирок, бул жөнүндө узак сөз кылуу керек болгондуктан, эмне зарурат
болсо, ошол жөнүндө гана эскертип айтылды.
КЫЗМАТ КЫЛУУНУ МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ ЖАРАША ЖАКШЫРТУУНУН
ЖОЛУ
Уулум, билгин, теңдешсиз Кудай мал-мүлктүүлөргө жана мустапа 4 пенделерине эки
милдет жүктөгөн, атап айтканда, ажыга баруу жана зекет берүү, ошондой эле кимде
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Кабуснаме - 02
  • Части
  • Кабуснаме - 01
    Общее количество слов 3775
    Общее количество уникальных слов составляет 2009
    22.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    32.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 02
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 1923
    25.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 03
    Общее количество слов 3952
    Общее количество уникальных слов составляет 1942
    26.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 04
    Общее количество слов 4054
    Общее количество уникальных слов составляет 2074
    27.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 05
    Общее количество слов 3996
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    26.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 06
    Общее количество слов 4082
    Общее количество уникальных слов составляет 2008
    26.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 07
    Общее количество слов 4011
    Общее количество уникальных слов составляет 2031
    27.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 08
    Общее количество слов 4000
    Общее количество уникальных слов составляет 2077
    26.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 09
    Общее количество слов 3839
    Общее количество уникальных слов составляет 1960
    24.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    34.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 10
    Общее количество слов 3902
    Общее количество уникальных слов составляет 2099
    23.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    34.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 11
    Общее количество слов 3997
    Общее количество уникальных слов составляет 2026
    26.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 12
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2036
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Кабуснаме - 13
    Общее количество слов 3365
    Общее количество уникальных слов составляет 1726
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов