Latin

Жер-суу Аттарынын Сыры - 1

Общее количество слов 3572
Общее количество уникальных слов составляет 1555
24.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
36.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Китеп эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмүндө топонимиканын жалпы
маселелери жөнүндө сөз болот. Экинчи бөлүмүндө Кыргызстандын
территориясындагы аталышы көпчүлүк үчүн анчалык түшүнүктүү болбогон же
маанисин ачып көрсөтүү зарыл деп эсептелген жер-суу аттарына карата
этимологиялык талдоолор жүргүзүлөт.
Китеп орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына,
студенттерге, мугалимдерге жана жалпы эле топонимика маселелери боюнча
кызыгуучуларга арналат.
I. ТОПОНИМИКАНЫН ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕРИ
ЖЕР-СУУ АТТАРЫ — КЫЛЫМДАРДЫН КҮБӨСҮ
Өз туулган жеринин же жаңыдан таанышып жаткан жеринин аты кандай маани
бере тургандыгын, эмнени билдире тургандыгын билүүгө кызыкпаган адамды табуу
кыйын чыгар. Бирок көпчүлүгүнүн эмне үчүн ошентип аталып калышы айкын белгилүү
болуп, кандайдыр бир талаш-тартышка алып келбесе да, бардык эле жердин, кыштактын,
шаардын, суунун, тоонун, капчыгайдын, ашуунун, жайлоонун аттары мааниси жагынан
толук түшүнүктүү боло бербейт, эмне себептен андай аталып калышы атайын
түшүндүрүүнү талап кылат. Ал эми кээ бирлери ошол түшүнүксүз бойдон кала бериши
мүмкүн. Мындай болуунун толук жүйөлүү себептери да бар. Анткени географиялык аттар
аз убакыттын ичинде гана пайда боло калган эмес. Географиялык аттардын келип
чыгышы, топтолушу узак мезгилди — ондогон же жүздөгөн жылдарды, кээде ондогон
кылымдарды өз ичине алат. Ошол мезгилдин ичиндеги тарыхый окуялар, ал жерде
кандай элдер жашагандыгы, алардын турмуш-тиричилиги, ошол жердин өсүмдүктөрү,
жаныбарлар дүйнөсү, жер бетинин түзүлүшү жана башка өзгөчөлүктөрү менен
байланыштуу болот.
Белгилүү бир жердин, шаардын, суунун кайсы тилде аталышынын, анын түпкү
тегинин, эмне себептүү ошондой деп аталып калышынын, ал ат эмнени билдире
тургандыгынын да чоң мааниси бар. Бир катар элдерде ошол жердин жаратылыш
өзгөчөлүктөрүнө жараша ат берүү негизги орунду ээлесе, экинчи бир элдерде ошол
жерди ким ээликтеп тургандыгына же алгачкы ирет ким ал жерде жашап, ким биринчи
болуп отурукташкандыгына жараша ат коюу көбүрөөк колдонулат. Үчүнчү бир элдерде
диний көз караштарга, табынып-сыйынууга байланыштуу тотемдик, символикалык ат
берүү бөтөнчө күчтүү.
Бирок бул аталыштар узак мезгилдин өтүшүнө, бир элдин ордун экинчи бир элдер
ээлеп оошуп кетишине (миграциясына), же башка бир элдерди каратып алышына, алар
менен аралашып кетишине жана башка себептерге байланыштуу болот. Ошондой эле
айтылыш жагынан бузулуп колдонулуп калышы, же ошол жердин аты гана сакталып
калып, мааниси эмне экендигин улам кийинкилер билбей калышы да мүмкүн. Анын
себеби, белгилүү бир тилде бул же тигил шаардын, кыштактын, тоонун, суунун аталышы
кандайдыр бир маани бергени менен да, башка тилде сүйлөгөн адамдар үчүн, география
үчүн жон гана бир жердин, суунун аты катарында кабыл алынат, же адрести билдирген
жон гана бир энчилүү ат катарында келип чыгат.
Ошондуктан биз көп учурларда шаарлардын, кыштактардын, суулардын атын
атаганда ал эмне деген маани билдире тургандыгына анчалык көңүл бура бербейбиз.
Ошол учурда анын кандай маани бере тургандыгын кошо белгилей отуруунун зарылдыгы
анча байкалбайт.
Дүйнө жүзүндө жер-суу аттары көп. Алар ар бир чоң жана кичине өлкөдө, белгилүү
бир территориянын аймагында кездешет. Айрым географиялык райондордо шаарлар,
кыштактар, кыскасы, калк орношкон пункттар көбүрөөк болсо, экинчи бир райондордо
тоолор, саздар, б. а. жер-суу аттары көбүрөөк учурайт. Көбүнесе алардын канчалык санда
экендиги территориясынын көлөмүнө, калкынын көп же аз экендигине, отурукташкан же
отурукташпагандыгына, тарыхый өнүгүш процессине жана башка көп шарттарга жараша
болот. Бир райондун же бир кичине өрөөндүн аймагында ондогон же бир нече жүз
географиялык аттар болушу мүмкүн. Ал эми областтын же республиканын масштабында
мындай географиялык аталыштар жүздөп же миңдеп саналышы да толук ыктымал.
Азыркы күндө дүйнө жүзүндө канчалык сандагы географиялык аттар бар экендиги
жөнүндө жыйынтыкталган так маалыматтар жок. Бирок айрым өлкөлөр, областтар,
райондор боюнча географиялык аттарды жыйып, топтоштуруп белгилөө, топонимикалык
изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу аракеттер бар жана мындай аракеттер ар бир
территориядагы географиялык аттардын жалпы санын так көрсөтүп, топонимикалык
изилдөөлөрдүн белгилүү бир жыйынтыктоосуна алып келиши мүмкүн.
Мисалы, Швеция территориясы жагынан анчалык чоң мамлекет эмес (450000 кв.
км). Ошондой болсо да бул өлкөдө 12 миллион географиялык аттар бар экендиги
эсептелип чыгарылган (155,9) 1. Үстүбүздөгү кылымдын 60-жылдарынын башына чейин
РСФСРдин территориясында гана 300000 чамалуу селолук элдүү пункттар бар экендиги
белгиленген (46,13). Ал эми белорус окумуштуусу В. Е. Жучкевич Белоруссиянын
территориясындагы 24 920 элдүү пункттун ичинен 19598инин же 78,7 процентинин
мааниси белгилүү экендигин же ачууга боло тургандыгын эсептен изилдеп чыккан.
Албетте, мындай аталыштардын саны кандай объектилерди географиялык аттар
катарында алып эсептегендигине жараша көбөйүп же азайып отурушу мүмкүн. Кыскасы,
жер-суу аттары абдан көп жана алар ото ар түрдүү экендигин эч ким жокко чыгара албайт.
Жер-суу аттары кокусунан эле пайда боло калбайт. Ал коом тарабынан берилет,
коом тарабынан түзүлөт. Ошондуктан жер-суу аттарынын келип чыгышы да коомдун
тарыхына, социалдык-экономикалык өнүгүү шарттарынын деңгээлине жараша болот.
Азыркы күндө ат коюунун негизинен эки түрдүү жолу бар экендиги: стихиялуу түрдө ат
коюла тургандыгы жана официалдуу түрдө ат коюла тургандыгы белгилүү.
Эң алгач жер-суу аттары официалдуу түрдө коюлган эмес, стихиялуу түрдө келип
чыккан. Аталып калышы жагынан эң байыркылардан деп эсептелген көп дарыялардын,
көлдөрдүн, шаарлардын, тоолордун аттарында суу, көл, шаар, тоо деген түшүнүктөрдү
билдирген сөз элементтери кездешет. Мисалы, Днепр, Днестр, Дунай, Дон деген дарыя
аттарын ар бир окуучу география сабагынан улам билет. Окумуштуулардын
болжолдоолоруна караганда бул аттардын бардыгы тең байыркы мезгилдерде ушул
аймактарда жашаган скиф элдери тарабынан коюлган. Дон дарыясы байыркы гректерге
да белгилүү болуп, аны өз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырып Танаис деп атап
алышкан (145,4). Ал эми скифтердин тили болсо индоевропалык тилдердин ичинен иран
тилдеринин тобуна кирет. Азыркы парсы (фарсы), тажик, осетин тилдери да ушул иран
тилдеринин бир тармактарынан болуп эсептелет. Азыркы осетин тилинде «дон» деген сөз
«суу», «озон» деген түшүнүктөрдү билдирет. Бул сөз өз алдынча географиялык ат
катарында Осетияда кездешпейт, бирок Ардон, Гизельдон сыяктуу суулардын аттарында
осетиндер анын «дон» деген бөлүгүн энчилүү ат катарында эсептешпестен «озон»
маанисиндеги жалпы сөз (жалпы ат) катарында түшүнүшөт (211, 45—46).
Ушундай эле көрүнүштү биздин республиканын территориясындагы Чүй, Кемин
сууларынын аттарынан да байкоого болот. Алтайдагы, Түштүк Сибирдеги бир катар
өзөндөрдүн аттарында Чүй, Хем терминдери учурайт. Эгерде бул терминдердин түпкү
тегин жана маанисин сүрүштүрө келсек бул сөздөр суу деген түшүнүктү берип, Чүй, Кемин
сууларынын (өзөндөрүнүн) аттары мына ошол мааниге барып такалат (242, 26; 229, 455).
Алардын мындай маанилери унутулуп калып, бара-бара булар айрым өзөндөрдүн
аттарын билдирген географиялык объект катарында гана кабыл алынып кеткен жана
азыркы күндө да биз аларды белгилүү бир суулардын аттары катарында гана колдонобуз.
Кашаага алынып берилген сандардын биринчиси — китептин аягындагы «Пайдаланылган жана сунуш кылынуучу
адабияттардын» тизмесиндеги катар номерин, экинчиси — кайсы бетте экендигин билдирет Мисалы: (155,9)—”155. Никонов В. А.
Введение в топонимику» деген китептин 9-бетин билдирет. Эгерде катар номерден кийин экинчи болуп рим цифрасы келсе, ал ошол
адабияттын неченчи томунда экендигин көрсөтөт. Мисалы: (30, 1, 399) — «30 Валиханов Ч. Ч. Собрание сочинений, I том» 399-бет.
Стихиялуу мүнөздө келип чыккан аталыштар ат коюунун алгачкы формасы болуп
эсептелүү менен бирге официалдуу түрдөгү атоолорго караганда алда канчалык көп,
мазмуну жагынан ар түркүн жана узак мезгилди өз ичине камтыйт. Ошого жараша
стихиялуу мүнөздө пайда болгон жер-суу аттарынын фонетикалык жагынан өзгөрүлүп
колдонулушу да, улам бир жаңы наамда аталып кетүү мүмкүнчүлүгү да күчтүү болот.
Өзбек окумуштуусу X. Хасанов башы Кыргызстандын территориясынан башталып, аягында
Арал деңизине барып куюучу Сыр-Дарыянын ондон ашуун ар түрдүү ат менен
аталгандыгын (223, 159), Арал деңизинин жыйырмадан ашыгыраак наамы бар экендигин
(223, 159), ал эми Каспий деңизинин ар кандай элдер тарабынан коюлган 70 чамалуу аты
болгондугун (242,5) эсептеп чыккан. Анчалык көп болбосо да, ушундай эле ат коюунун
өзгөргүчтүгүн Ысык-Көлдүн Туз-Көл, Темирту-Нор деген сыяктуу аттар менен
аталгандыгынан да байкоого болот.
Кээ бир учурларда ат коюуга негиз болуп түшкөн фактынын — физикогеографиялык белгинин таптакыр жок болуп кетип, анын эстелиги катарында аты гана
сакталып калган учурлар бир кыйла көп кездешет. Ошондуктан Саздак деп аталган жерде
саздын эч кандай белгиси калбай калгандыгы, Талды-Булак деген жерде бир кездерде
чын эле ошол жерде болгон талдын да, булактын да эч изи калбай, аты гана сакталып
калышы таң каларлык эмес. А түгүл бүтүндөй шаарлар да жер менен жексен болуп
урандыларга айланып, ал жерде шаардын болгондугу тарыхый факт катарында эске
алынып же археологиялык максаттагы казуу иштерин жүргүзүүнүн объектисине айланып
калган учурлар да аз эмес. Мындай топонимдерди изилдөө комплекстүү планда
жүргүзүлүп, тарыхый фактылар менен бирге кошумча маалыматтарды берүүгө, тактоого
жардамчы болот.
Дарыялар, алардын канчалык узак жол баскандыгына жараша бир нече жолу
наамын өзгөртүшү мүмкүн. Мисалы, Чүй суусунун эң башы Каракол суусу, Сөөк
кошулгандан кийин Кочкор, Жоон-Арык кошулгандан кийин Чүй деп аталат (143, 218). Ал
эми географ Ш. Токомбаев болсо, суунун Чүй деген атын Кочкор менен Жоон-Арыктын
кошулушунан эсептебей, бул суунун Боом капчыгайынан чыга бер гендеги Чоң-Кемин
суусу кошулгандан баштап эсептөө туура болот деген пикирин билдирди (218, 119).
Орто Азиядагы эң чоң эки өзөн — Сыр-Дарыя жана Аму-Дарыя жөнүндө да ушуну
айтууга болот. Нарын суусу менен Кара-Дарыя кошулгандан кийин гана бул озон СырДарыя деген наам алып, ушул аты менен бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп отурат. Ал эми
жогору жагында Чоң-Нарын, жана Кичи-Нарын суулары кошулгандан кийин Нарын суусу
аталып, Кара-Дарыя менен кошулганга чейин буга бир канча чоң жана кичине куйма
суулар кошулуп олтурат. Өз кезегинде Кара-Дарыя Тар жана Кара-Кулжа сууларынын
кошулушунан пайда болот. Ошентип, өзөндөрдүн аталышы бир кыйла татаалыраак келет.
Бир катар озондор жолду катар бир канча чоң же кичине куйма суулар кошулгандыгына
карабастан, ошол а деп башталышындагы бир кичирээк суунун аталышы боюнча өз атын
сактап жүрүп отурса, экинчи бирөөлөрү жогоруда көрсөтүлгөндөй таптакыр жаңы наамга
өтүп кетет.
Тоолордун аталышында да өзүнө таандык кызык көрүнүштөр бар. Кыргыздар
тоолорду алардын тоо системалары, массивдери боюнча аташкан эмес. Көбүнчө ошол
өрөөндүн, жайлоонун, белгилүү бир жердин аты боюнча атай беришкен. Бир катар
тоолордун, тоо системаларынын аттары Совет бийлигинин жылдарында гана, картага
түшүрүп, ат берүү зарылдыгынан улам пайда болгон. Мисалы, Кыргызстанда Ала-Тоо
деген аты бар конкреттүү бир тоону көрсөтүп берүү кыйын. Кыргызстандын каалаган
жерине барып, жергиликтүү калктын кимисине болбосун, Ала-Тоо деген кайсы? деп суроо
койсоң, бир да бирөө токтолбой туруп, «тетиги» деп көз учунда асман мелжип ак кар
басып жаткан улуу тоолорду көрсөтө беришет. Энчилүү ат катарында айтылып жүргөн
Ала-Тоо менен жалпы эле ак карлуу бийик тоолорго карата колдонулган улуу тоо деген
сөз бир мазмундагы түшүнүктү, бирдей даражадагы маанини билдирген синоним сөздөр
катарында келип чыгат. Элдин түшүнүгү ошондой. Бул сөздөр мааниси, мазмуну жагынан
бири-бирине барабар. Ал эми бул тоолордун Тянь-Шань деген наамда бүткүл дүйнөгө
белгилүү болуп кетиши жергиликтүү элдердин атоосу боюнча келип чыкпастан, дүйнөлүк
географиялык адабияттардан, картага түшүрүү зарылдыгынан улам пайда болгон. Асман
тоолору же Аслан мелжиген тоолор (Небесные горы) деген түшүнүктү билдирген бул
кытай сөзүнүн негизинде келип чыккан тоо системасынын аты бардык жерде кабыл
алынып кеткенден кийин, илим тарабынан, географиялык адабияттар тарабынан
кайрадан жергиликтүү калкка сиңип, акырындык менен энчилүү ат катарында гана
өздөштүрүлүп кеткен (111, 77—79). Өткөн кылымдын экинчи жарымында улуу орус
окумуштууларынын бири П. П. Семенов-Тянь-Шанский ушул кыргыз тоолорунда болуп,
анын көп сырларын ачып, бүт дүйнөгө тааныткандыгы үчүн урматтоо белгиси катарында
бул тоолордун аты анын фамилиясына кошумчаланып берилген.
Жер-суу аттары бир кыйла өлчөмдө этнонимдердин, б. а. элдердин, уруулардын,
уруктардын наамдары менен да толукталып турат. Мында көбүнчө белгилүү бир эл, уруу,
урук орун алып жайгашкан жерлер, айылдар, элдүү пункттар ошол элдин, уруунун,
уруктун аты менен аталып кала берет. Мисалы, Моңолдор, Саруу, Стамбек, Жетиген мына
ушундай негизде пайда болгон кыштак аттары болуп эсептелет.
Тарыхый маалыматтарга үстүртөн гана көз жүгүртүп караган учурда да азыркы
Кыргызстандын территориясында тили жагынан бири-бирине жакындашпаган же бирибирине жакын тектеш келген ар башка калктар жашагандыгы айкын белгилүү. Алардын
турмуш-тиричилик шарттары, үрп-адаты, дини, маданий деңгээли да ар түрдүү болгон.
Алардын ичинде мал менен бирге көчүп-конуп көчмөн турмушта оокат-тиричилик
өткөргөндөрү да, белгилүү бир даражада отурукташкан турмушта жашагандары да
болгон.
Жоокерчилик замандын коогалаңдуу шарттарына ылайык ар башка тилде сүйлөгөн
элдер да алмашып отурган.
Тарыхый маалыматтарга караганда орто кылымдарда Кыргызстандын
территориясында шаарлар, кыштактар да болгон. Албетте, бул жерде шаар деген
түшүнүктө көп кабаттуу үйлөрү, асфальтталган көчөлөрү бар азыркы мезгилдеги
шаарларды көз алдыда тутпастан, ошол өз дооруна ылайык келген курулуштары,
имараттары бар, калкынын саны жагынан да анчалык көп болбогон аздыр-көптүр шаар
тибиндеги эл орношкон пункттарды көз алдыда тутуу керек.
Байыркы Ош шаарын эсепке албаган күндө да, VI—XII кылымдарда Кыргызстандын
түндүгүндө гана өз доору үчүн бир кыйла ири деп эсептелген жыйырмадан ашуун
шаарлар болгон. Булардын ичинен 18 шаар жалаң гана Чүй өрөөнүндө жайгашкан
(90,124). Бирок бул шаарлардын бири да бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен эмес.
Баскынчылык согуштардын натыйжасында бардык шаарлар, эл орношкон пункттар
кыйратылып, жер менен жексен кылынып, урандыларга айланган. Андан кийин бул
жерлерде көчмөндүү калктар жашап, ар дайым өз ара жоолашып турушунун жана башка
бир катар себептердин натыйжасында шаарлар, кыштактар кайрадан курулбаган бойдон
калган. Окумуштуулардын пикири боюнча азыркы күндөгү Чүй районунун Бурана
эстелигинин айланасында Баласагун аттуу борбор шаар болгон деп эсептелинет. Ушул
Баласагун шаарынан чыккан атактуу акын Юсуп Баласагунский XI кылымдын 70жылдарында «Кутадгу билиг» аттуу атактуу поэмасын жазып калтырып кеткен. Ошондой
эле Сарыг шаары азыркы Чүй районунун Красная речка кыштагына жакын жерде,
Невакет—Орловка кыштагынын жанында, Суяб—Кемин районун Кара-Булак кыштагынын
жанында, Нузкет — Кара-Балтага жакын жерде болгондугу жана Талас өрөөнүндө Атлах,
Хамукат, Шелъджи, Сусы, Куль, Текабкет аттуу шаарлар же чоң кыштактар
жайгашкандыгы окумуштуулар тарабынан аныкталып олтурат. Ал эми бул шаарлардын
аталып калышынын этимологиясын ачуу тарыхый топонимиканын милдетине кирет.
Совет бийлигинин алгачкы жылдарына чейин, асиресе колхоздошуу мезгилине
чейин, кыргыз калкы көчмөндүү турмуш менен күн көрүп келгендиги белгилүү.
Ошондуктан Кыргызстандын территориясында XIX кылымдын акыркы жылдарында
бирин-серин гана чакан шаарлар, бир аз сандагы эл отурукташкан пункттар болбосо,
көптөн бери отурукташкан турмуштагы башка калктар сыяктуу чоң шаарлары, ири
посёлоктору, селолору болбогондугу эч кандай далилдөөнү талап кылбайт.
Кыштактардын көпчүлүгү Ош областынын чегинде жайгашкан. Кыргызстандын түндүк
райондорунда калк отурукташкан пункттар орус посёлоктору болуп, алардын
алгачкылары өткөн кылымдын 70-жылдарынан кийин келип чыккан. Мисалы, Нарын
1869-жылы, Каракол (азыркы Пржевальск шаары) 1869-жылы, бир катар селолор:
Вознесенское 1875-жылы, Чалдыбар 1876-жылы, Дмитриевское (азыркы Талас шаары)—
1877-жылы негизделген.
Бул селолор өзүнүн пайда болушунун алгачкы жылдарында калкынын саны жана
чоңдугу жагынан анчалык белгилүү боло алган эмес. Мисалы, Жети-Суу областынын
статистикалык комитети жарыялаган маалыматта 1896-жылы Пишпек жана Прзкевальск
уезддеринде 26 калк орношкон пункт бар экендиги көрсөтүлүп, алардын эң ирилери
Пишпек шаарынын калкы — 5000 киши, Каракол шаарынын калкы—3978 киши,
Преображенское селосунда (азыркы Түп) —2490 киши, Жергез селосунда —338 киши, АтБашы селосунда —715 киши бар экендиги белгиленген.
Отурукташкан турмуштун көп артыкчылыктарын көргөндөн кийин, XIX кылымдын
80-жылдарында кыргыздар да көчмөндүү турмуштан отурукташкан турмушка өтүүгө
аракет кыла башташкан. Мисалы, 1890-жылдарда орус калкы сыяктанып туруктуу жай
алып өз алдыбызча кыштак болуп отурукташабыз деп 5 уруудан арыз түшкөн. Бирок
буларга отурукташып, кыштак болуп түшүүгө уруксат берилгендигине карабастан, арыз
берген 3 уруунун калкы ар кандай шылтоолор менен өз айткандарынан баш тартышкан.
Бир кыйла кечеңдетишип жүрүшүп, 2 уруунун калкы гана кыштакташып, отурукташып
калышкан. Алар Фрунзе шаарынан 23 км түштүктөгү Таш-Тобо (1900-жылы пайда болгон)
жана Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел селолору.
Ал эми чыныгы жапырт отурукташуу Улуу Октябрь революциясынан кийин гана
ишке ашып, Кыргызстандын ушул күндөгү өнүккөн өнөр жайлуу нечен шаарлары, шаар
тибиндеги посёлоктору, ири селолору пайда болду. 1940-жылдардын баш чендеринде
гана официалдуу маалыматтар боюнча Кыргызстанда 7 шаар болгон. Ал эми 70жылдардын орто ченинде шаарлардын саны жыйырмага жакындап, шаардык типтеги
посёлоктор отуздан аша өскөндүгүн көрөбүз.
Официалдуу түрдө ат коюу коомдук турмуштун кийинки өнүккөн мезгилине туура
келип, алар стихиялуу түрдө келип чыккан аттар сыяктуу узак убакытты өз ичине камтый
албайт жана жалпы саны жагынан да стихиялуу аталыштарга салыштырганда бир кыйла
аздык кылат. Өкмөттүк бийликтер тарабынан ат коюу эмнеге байланыштуу экендиги,
эмнелерге негизделе тургандыгы кыскача баяндалып көрсөтүлөт же атайын белгиленет.
Мындай аттар көбүнчө көчөлөргө, жаңыдан пайда болгон кыштактарга, посёлокторго,
станцияларга, ар кандай элдүү пункттарга берилет же мурдагы аттары өзгөртүлүп, жаңы ат
коюлат. Жаңы ат коюу же жаңыртып ат коюу жөнүндө атайын өкмөттүк чечимдер бар.
Мисалы, шаарларга, калк орношкон пункттарга, колхоздорго ж. б. мамлекеттик жана
коомдук ишмерлердин наамын берүүнү жөнгө салуу жөнүндө СССР Жогорку Советинин
Президиумунун 1957-жылы 11-сентябрдагы Указы, райондордун, шаарлардын, калк
орношкон пункттардын, мекемелердин ж. б. аттарын которуу жана ат коюунун тартиби
жөнүндө СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1964-жылы 25-сентябрдагы Токтому
кабыл алынып,. бул маселелер ошолордун негизинде тартипке келтирилип, жөнгө
салынды.
Кийинки мезгилдерде Советтер Союзунда масштабы жагынан да, эл чарбачылыгын
өнүктүрүүдөгү ролу жагынан да эбегейсиз чоң мааниге ээ болгон социалисттик беш
жылдыктардын зор курулуштары кеңири кулач жайып, мурда адамдын буту баспаган
жерлерде курулуштар, өнөр жай точкалары пайда болуп, жаңы элдүү пункттар,
станциялар келип чыгып, алардын бир катары ири шаарларга айланып өсүп жетилип
жатат. Алардын көпчүлүгү ошол жаңы село, шаар өсүп чыккан жердин аты менен аталса,
экинчи бирөөлөрүнө жаңы мазмундагы аттар коюлуп, алар саны жагынан да жыл өткөн
сайын уламдан-улам көбөйүүдө.
ТОПОНИМИКА — ЖЕР-СУУ АТТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМ
Жер-суу аттары же географиялык аттар деп айтуу менен бирге илимий эмгектерде,
көп адабияттарда алардын аталышын жалпылап көрсөткөн топонимдер деген термин
көбүрөөк колдонула баштады. Ал гректердин «топос» (орун, жер) жана «онома» же
«онима» (ат) деген сөздөрүнөн алынып, жер аттары деген маанини берет.
Топонимдер болсо, топонимика илиминде изилденет. Топонимика термини
азыркы күндө эки мааниде: 1) географиялык энчилүү аттардын жыйындысы катарында
жана 2) географиялык аттарды изилдөөчү илим катарында колдонулуп жүрөт.
Топонимика жана топонимия терминдеринин колдонулушунда да илимий
адабияттарда бир аз баш аламандык бар экендиги байкалат. Ошондуктан бул
терминдердин колдонулушунда чаржайыттыктан кутулуу максатында 1962-жылы
басылып чыккан «Географические названия» деген китепте мындан ары «топонимия —
географиялык аттарды, топонимика — аларды изилдөөнү» билдире турган термин
катарында колдонулсун деп сунуш кылынган (44,4). Эгерде биз буга чейинки бир катар
илимий эмгектерди, макалаларды алып карай турган болсок, топонимика термини
белгилүү бир территориядагы жер-суунун аттарын билдирүү маанисинде басымдуу түрдө
колдонулгандыгын байкайбыз, ушул эле мааниде топонимия терминин да бир топ эле
кездештиребиз. Бирок андан кийинки жарыкка чыккан көп илимий эмгектерде,
макалаларда, изилдөөлөрдө да аталган терминдерди сунуш кылынган мааниде колдонуу
принциби толук аягына чыга сакталды деп айтуу кыйын. Көп учурларда топонимика
термини жогоруда көрсөтүлгөндөй эки түрдүү мааниде колдонула берет.
Жалпы жыйынтыгында, топонимика термининин белгилүү бир территориядагы
географиялык аттарды билдирүү менен бирге, ага таандык топонимикалык изилдөө
жактарын да өз ичине камтыган кеңири мааниси басымдуураак боло баштагандыгын
айрыкча белгилей кетүүгө тийишпиз. Көпчүлүк изилдөөлөрдө топонимия термини санак
түрүндө же топ-тобу менен аталып өтүлүүчү топонимдердин жыйындысын гана билдирип
калат. Мисалы, белгилүү бир территориядагы тоолордун, жайлоолордун, кыштактардын,
шаарлардын, суулардын аттары жалпысынан топонимдер деп атала берет. Айталык,
Ысык-Көл областынын топонимдери дегенде ушул областтын чегиндеги бардык
кыштактардын, шаарлардын, тоолордун, жылгалардын, суулардын жана башка ар кандай
жерлердин аттары эсте тутулат. Ошону менен бирге топонимдердин мындай жалпыланып
айтылышы ошол территориянын топонимиясы деп да аталышы мүмкүн.
Топонимика географиялык аттар жөнүндөгү илим. Топонимикада географиялык
аттардын келип чыгышы, өнүгүшү жана ушул күндөгү абалы изилденет. Топонимдердин
лексикалык составын, семантикалык маанисин, этимологиясын, грамматикалык
түзүлүшүн жана фонетикалык өзгөчөлүктөрүн талдап чыгуу да топонимиканын милдетине
жатат. Мындан тышкары, географиялык аттарды жыйноого, аларды системалаштырууга
жана жазылышын жөнгө салып, иш жүзүндө колдонууга байланыштуу маселелер,
географиялык объектилердин алгачкы аталышы жана андан кийинки өзгөрүшү, жаңы ат
коюу жөнүндөгү маселелер да топонимиканын карамагында болот.
Топонимика — жаш илим. Орус тилиндеги топонимикалык изилдөөлөрдүн
башталышы 1812-жылкы «Санкт-Петербургский вестник» аттуу мезгилдүү басма сөзгө
жарыяланган белгилүү окумуштуу А. X. Востоковдун «Задача любителям этимологии»
аттуу макаласынан тартып эсептелип жүрөт. Ырас, буга чейин да кээ бир топонимдердин
пайда болушу, этимологиясы жөнүндө айрым пикирлер айтылган.
Бирок Россияда топонимикалык атайын изилдөөлөрдүн башталышын А. X.
Востоковдун жогоруда аталган эмгеги пайда болгон мезгилден тартып эсептөө традицияга
айланып кетти. Андан кийин да узак убакыттар бою географиялык аттар лингвисттердин
атайын изилдөөсүнө алынган жок. Бир катар жер-суу аттары тарыхчылардын,
географтардын, саякатчылардын өздөрү кызыккан башка маселелеринин арасында гана
кепке алынып, көбүнчө айрым топонимдердин жергиликтүү элдин тилинде эмнени
билдире тургандыгы кыскача белгиленип келген. Топонимикалык маалыматтарды
топтоштуруп, ошонун негизинде олуттуу пикирлерин айткан окумуштуулардын бири
катарында белгилүү журналист, географ жана этнограф Н. И. Надеждиндин атын атай
кетүүгө болот. Ал географиялык аттардын негизинде славяндардын v таралыш чегине
талдоо жүргүзүп олтуруп, 1837-жылы басылып чыккан бир макаласында: жер дегенибиз
адам баласынын тарыхын жазып тура турган өзүнчө бир китеп экен го, ал тарых жер-суу
аттарынан улам белгилүү болуп турат турбайбы, деп топонимиканын маанисин таасын
көрсөтүп жогору баа берген.
Көп убактарга чейин топонимикалык иликтөөлөр чанда бир адамдардын жеке иши
катарында гана өз бет алдынча жүргүзүлүп келди. Ошондуктан бул же тиги топонимдин
маанисин чечип көрсөтүү ар кимдин өз кесибиндеги жеке көз караштарына
багындырылгандыктан, бир катар жаңылыштыктарга да жол берилип отурду. Ал эми бир
аз сандагы топонимдерди жыйып чогултуп алып, анан ага карата жүргүзүлгөн бирин-экин
изилдөөлөр бир жактуу болуп, жалаң картада белгиленген географиялык аттарга же
жалаң летопистерге таянып жазылган. Кээ бирөөлөрү өзөндөрдүн, суулардын тизмесине
негизделип, үстүртөн жүргүзүлгөн. Ошентип, топонимикалык багыттагы материалдардын
жана изилдөөлөрдүн жалпы абалы жана мүнөзү мына ушундай көрүнүштө болот да 1940
50-жылдардан тартып бир аз жанданат.
Топонимикалык изилдөөлөр Советтер Союзунда айрыкча кийинки 10—15 жылдын
ичинде катуу өнүктү. Уюштуруу маселелери боюнча да бир топ иштер жүргүзүлдү. 1960жылы жана 1962-жылы ономастика, анын ичинде топонимика маселелери боюнча Киев
шаарында биринчи жана экинчи конференциялар, 1962-жылы Москвада топонимиканын
принциптерине жана жогорку окуу жайларында топонимиканы окутууга арналган
кеңешмелер, 1965-жылы Ленинградда СССРдин топонимикасына арналган Бүткүл
союздук конференция болуп өттү. Москвада, Киевде, Томскиде, Свердловскиде,
Вильнюста, Алма-Атада жана башка бир катар шаарларда топонимикалык иштер кеңири
жолго коюлуп, топонимикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн борборуна айланды.
Топонимикалык маселелерди өз ичине камтыган көп сандаган ар түрдүү
адабияттар да негизинен ушул акыркы он жылга туура келет, бул мезгилдин ичинде
бардык мурдагы жылдарга караганда 3—4 эсе көп топонимикалык багыттагы китептер,
жыйнактар басылып чыккан.
Орто Азия республикалары менен Казакстандагы топонимикалык изилдөөлөр да
негизинен ушул акыркы 10—15 жылдын ичинде олуттуу өнүгүүгө ээ болду. Бир катар
диссертациялык эмгектер жакталып, топонимиканын ар түрдүү тармактары боюнча
изилдөөлөр жүргүзүлдү. Аз санда болсо да кийинки бир нече жылдын ичинде түздөн-түз
Кыргызстандын топонимикасына тиешеси бар айрым макалалар басма сөз беттеринде
орун алды. Буга мисал катарында С. Өмүрзаковдун, Б. А. Луниндин, У. Атакановдун, Н. Ц.
Бутенконун, Ш. Үмөталиевдин, Ж. Мукамбаевдин, Б. Ө. Орузбаеванын макалаларын
көрсөтө кетүүгө болот. Бирок ошондой болсо да, Кыргызстандагы топонимикалык
изилдөөлөрдүн башталышын СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
географиялык илимдердин доктору, профессор Э. М. Мурзаевдин 1940-жылы Бүткүл
союздук география коомунун кабарларында (72-том, 3-чыгарылышы) жарыяланган «К
географической номенклатуре киргизов Тянь-Шаня» аттуу көлөмдүү макаласынан тартып
эсептөө толук ылайык келет. Түздөн-түз топонимикалык багыт берген бул алгачкы
макалада Кыргызстандын топонимикасы боюнча изилдөө жүргүзүүнүн тарыхый жана
географиялык жактан мааниси, Кыргызстандын топонимдеринин лексикалык жана
түзүлүш өзгөчөлүктөрү бир катар жүйөлүү фактыларга негизделүү менен ачык-айкын
көрсөтүлгөн. Макалада кыргызча бир кыйла номенклатуралык терминди өз ичине алган
кыскача сөздүкчө келтирилип» айрымдары башка түрк тилдериндеги географиялык
терминдер менен салыштырылып түшүндүрүлгөн. Жер-суу аттарынын түзүлүшү
жөнүндөгү айрым жыйынтыктаган пикирлерин айтып, кыргызча географиялык
номенклатуранын маанилерине жана өзгөчөлүктөрүнө токтолгон. Кыргызстандын
топонимикасына мүнөздүү болгон бир катар өзгөчөлүктөрдү байкап, аларды топтоштуруп
белгилеп көрсөткөн. Мындан башка да Э. М. Мурзаевдин топонимикалык изилдөөлөрдү
жүргүзүүгө арналган жана салыштырма планда карап, түздөн-түз конкреттүү
топонимдерди анализдеп, алардын типтерин, түзүлүштөрүн (структурасын) ачууга
арналган бир топ макалалары өзгөчө Орто Азия республикаларынын анын ичинде
Кыргызстандын топонимдерин изилдөөдө чоң жардам береринде шек жок.
Мындан тышкары анын бир катар эмгектеринде түздөн-түз Кыргызстандын
топонимикасына тиешелүү болгон жана салыштырып кароо үчүн ылайыктуу материалдар
бар. Буга мисал катарында Кыргызстандагы монгол тилдеринин негизинде түзүлгөн
топонимдерди аныктоо жана анын тарыхый жагынан байланышын ачып көрсөтүү
зарылдыгын белгилеген кеңештерин, сунуштарын белгилей кетүүгө болот.
ТОПОНИМИКАНЫН БАШКА ИЛИМДЕР МЕНЕН БОЛГОН
БАЙЛАНЫШЫ
Топонимика башка бир катар илимдер менен да тыгыз байланышкан. Мына ошол
себептүү да бир топ убакытка чейин топонимиканы географиялык илим катарында
көрсөтүү же тарыхый илим катарында көрсөтүү аракеттери болуп келди.
Топонимикалык изилдөөлөрдүн география үчүн чоң мааниси бар экендигин эч ким
жокко чыгарбайт. Чынында да топонимика ошол өлкөнүн, территориянын жаратылышын
чагылдыра тургандыгы, география үчүн мааниси бар бир кыйла олуттуу маалыматтарды
бере тургандыгы анык.
Топонимика коомдун тарыхы менен да тыгыз байланышта экендиги талашсыз.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Жер-суу Аттарынын Сыры - 2
  • Части
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 1
    Общее количество слов 3572
    Общее количество уникальных слов составляет 1555
    24.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 2
    Общее количество слов 3491
    Общее количество уникальных слов составляет 1490
    22.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    33.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 3
    Общее количество слов 3576
    Общее количество уникальных слов составляет 1634
    24.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    35.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    41.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 4
    Общее количество слов 3529
    Общее количество уникальных слов составляет 1682
    17.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    26.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    31.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 5
    Общее количество слов 3702
    Общее количество уникальных слов составляет 1476
    21.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    29.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    34.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 6
    Общее количество слов 3743
    Общее количество уникальных слов составляет 1666
    25.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 7
    Общее количество слов 3586
    Общее количество уникальных слов составляет 1627
    21.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    32.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    37.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 8
    Общее количество слов 3827
    Общее количество уникальных слов составляет 1941
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 9
    Общее количество слов 3686
    Общее количество уникальных слов составляет 1723
    26.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 10
    Общее количество слов 1282
    Общее количество уникальных слов составляет 737
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов