Latin

Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 1

Общее количество слов 3715
Общее количество уникальных слов составляет 1959
24.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
35.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
42.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхындагы сырларды ичине камтыган бул
баалуу китеп кыргыз тилинде алгач ирет жарык көрүп олтурат.
Снелмандын өзгөчө таасирдүү аракет-эмгектери жашоодон үмүт
этип, жакшы жашоого кызыкдар болгон ар бир адам үчүн абдан
зарыл тажрыйба десек жарашат.
“Лилия гүлдөр өлкөсү” дешкен бүгүнкү өнүккөн Финляндия
мамлекетинин татаал учурларды жеңип чыккан тарыхы мыкты
окуялар аркылуу жеңил тил менен жеткиликтүү берилген.
Мамлекеттик кызматкерлерге, өлкөсүн, үй-бүлөсүн өнүктүргүсү
келгендерге, жашоону жакшыртууну эңсегендерге, патриоттук сезимди сүйгөн ар бир окурманга арналат.
МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ
ЖАШООНУ ОҢДОГОНДОРДУН ОКУЯЛАРЫ
ТАРЫХТАН САБАК АЛУУ
ЭЛ БААТЫРЛАРЫ ЖАНА УЛУТ
СУОМИ ТАРЫХЫ
СНЕЛМАН
АГАРТУУЧУ-МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР
КАЗАРМА - ЭЛДИК МЕКТЕП
ФУТБОЛ
АТА-ЭНЕ ЖАНА БАЛДАРЫ
ЭЛДИК УНИВЕРСИТЕТ
ЗААЛЫМ КАРОКЕП
ЯРВИНЕН, ОКУНЕН ЖАНА ГУЛБЕ КАНТИП «ПАДЫША» БОЛДУ?
АЙЫЛДЫКТАР, ЖУМУШЧУЛАР ЖАНА ӨНӨРПОЗДОР
ЭЛ ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАГАН ДАРЫГЕР
КЕЧИЛ МАК ДОНАЛД
КИТЕПТИН КАДЫРЫ КАНЧАЛЫК?
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
Кириш сөз
ЖАШООНУ ОҢДОГОНДОРДУН
ОКУЯЛАРЫ
1909-1910-жылдары Финляндияны эки жолу кыдыруу
мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон элем. Бул өлкө адамга өзгөчө бир
таасир калтырат. Бөлөк өлкөлөргө эч окшобойт. Адамдары
да башкалардан айырмаланып турат. Биздин пикирлерибиз,
кыймыл аракеттерибиз, жашоого болгон көз карашыбыз жана
мамилелерибиз аларда жок. Кайсыдыр бир башка планетанын
өкүлүндөй сезилишет. Ыйык китепте баяндалгандай, ак лилия
гүлдөрүн эске салат. Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө өзүмдүн
чөнтөк дептеримдеги жазган күндөлүгүмдү жана байкоолорумду 1914-жылы «Съвременна мысл» деген журналга жарыялаган болчумун. Мен анда төмөнкүлөрдү белгилеген элем:
…Финляндиядагы маданияттын мындай жогорулашы Европанын эч жеринде жок. Ал эң жаш өлкөлөрдүн катарына
кирет. Калкы Волга дарыясынан өтүп, Урал тараптан көчүп
келген. Балким байыркы болгарлар менен кошуна же алардын
бир уруусу болгон чыгаар.
Бир кездерде «Эч кимдин бизге зыяны тийбесин, жапа чектирбесин» дешип тынч жерлерди издешиптир. Ансыз деле
алар өздөрүнө таандык табиятына ылайык жоош-момун
христиан адамдар болушкан. Эч ким жашабай турган жана
жашай албай турган бүгүнкү мекенине келип жайгашышкан.
Орусия менен Швеция азыркы Финляндияны ондогон, жүздөгөн жылдар бою табигый бир чеп катары колдонуп келген.
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
Швециялыктар дагы, орусиялыктар дагы Финляндияда чоң
саздар жана өтүүгө мүмкүн болбогон чытырман токойлор көп
болгондугунун айынан согушуу үчүн бири-бирине аскердик
унаа жөнөтө алган эмес.
1808-жылдан баштап биринчи дүйнөлүк согушка чейин
Финляндия орустардын бир облусу болгон. Бирок өздөрүнө
таандык мыйзамдарга ээ болушкан. Бул укук аларга Александр I тарабынан берилген. 1894-жылы Николай II тарабынан
дагы да бекемделген.
…Петербург жана Вибург шаарларынын арасындагы жол
көп дегенде 4 саатка созулат. Петербургда фин улутундагылар
эмгектенген жеке менчик бир фин бекети (вокзал) бар. Бул
бекетке алгачкы кадамды таштаганда эле өзгөчө бир жылуу
сезим пайда болот. Орус бекеттеринде жана кассаларында булардан айырмаланып чаң, кир, иретсиздик дароо байкалып,
кыйкырышуулар, ызы-чуулар тынчыңды алат. Фин бекеттери болсо таптаза, иреттүү жана тынч. Вагондорунда да аябай
чоң айырма бар. Биздегиге окшогон орус вагондору түкүрүк
идиши сыяктуу. Дубалдары сыйрылган, ар түрдүү сөздөр жана
аттар жазылган. Жүргүнчүлөр менен контролерлор арасында
же жүргүнчүлөрдүн өздөрүнүн арасында ар түрдүү түшүнбөстүктөр орун алган. Фин вагондорунда болсо, ар ким өз ордун
билет. Мындай жагымдуу абалды немис вагондорунан гана
кездештирген болчумун. Эч кандай түшүнбөстүк жок, эч ким
вагонго түкүрбөйт, катуу үн менен сүйлөбөйт, чылым чекпейт.
Өрнөктүү тазалык орун алган. Жол акысы арзан болгон үчүнчү класстагы жатуучу жайы бар вагондор да абдан сонун жасалгаланган, таптаза, шейшептер салынган. Сапарда эч ким эч
кимге тоскоолдук жаратпайт. Уктап жатсаң эч ким катуу сүйлөп ойготпойт. Финдер негизи эле сүйлөбөйт, шыбырашат…
Хелсинкфорс шаарында же финдер өздөрү айтышкандай
Хелсинкиде, Вибург шаарында же финче айтканда Випуриде
жана бардык чоң шаарларында көчөлөрдөн миңдеген адамдарды көрүүгө болот. Бирөөлөр келет, дагы бирөөлөр кетишет.
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
Жалгыз жүргөндөр, кошо жүргөндөр, жолугушкандар, токтоп
тургандар жана сүйлөшкөндөрдү көрүшүң мүмкүн. Бирок, бакырып-кыйкырып тынчтыкты бузган эч ким жок. Жөөлөшкөн
көпчүлүктүн үнү да угулбайт. Финляндияда орус маданияты
болбогондугунун биринчи белгиси да ушул. Бул өлкөдө полициялар жана аскер кызматкерлери да кыйкырып сүйлөшпөйт.
Фаэтон ээлери (тиешелүү жүргүнчүлөрдү ташуучу ат арабаны башкарган адам) да жүргүнчүлөрдү кагып-силкмек түгүл,
аларга кайрылган кезде үнүн да бийик чыгарбайт. Жолугуп
калган достор пикир жана сезимдерин бакырып айтышпайт.
Финдер жалгыз гана эркин болгондуктары үчүн эле каалаган
убакытта каалаган ырын ырдап, каалаган музыкасын чалганга
укугубуз бар деп ойлошпойт. Францияда деле жайкы түндөрү
көчө ызы-чуусунан уктай албай чыгасың. «Баткактар өлкөсү»
делген Финляндияда болсо адамдар башкалардын эгемендигине көбүрөөк маани берип урмат кылышат. Ал жерде эгемендүүлүк жана эркиндик жогору бааланат. Бирок алардын
эгемендик түшүнүгү болбогон эле шылтоолор менен башкалардын тынчын алуу маанисин билдирбейт…
*** *** ***
Бекетке келгенде унаадан түшөсүң да, тамактануучу жайга
бет аласың. Европанын бардык жерлеринде ашканалар кандай
экендиги баарына маалым. Тамак-аштын үч-беш эселенген
баада сатылаары белгилүү. Фин ашканасы менен ресторандарында эч нерсе сатылбайт. Ашканасына дасторкон жайылат
да, тамактар ортодогу атайын үстөл үстүнө тизилет. Текчелердин бир четинде ар түрдүү табак, бычак, вилка жана кашыктар
көрүнүп турат. Тамактангысы келген жүргүнчүлөр үстү ачык
коюлган каалаган тамагынан каалашынча тандап алып тамактанышат да, кассага 1 же 1,5 марканы өздөрү барып төлөп
коюп кетишет.
Вибургдагы мейманканада (финче: равинтола) эки апта
бою жашадым. Канча күн жатканым, канча таңкы, канча түш-
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
кү, канча кечки тамак жегеним тууралуу мейманкана өкүлдөрү кабарсыз болчу. Чыгымдарымдын эсебин өзүм чыгарып,
акчасын төлөшүм керек.
Трамвайда билет саткан да, текшерген да эч ким жок. Жол
акыны атайын кутучага таштайсың да каалаган жериңе чейин
бара аласың. Менин таң калуума жооп кылып, финляндиялык
бир мугалим мунун себебин мына мындай түшүндүрдү:
-Жалпы Европада болгондой эле Орусияда дагы калкка
ишенимдин болбогондугу үчүн билет сатылса кондукторду,
адамдардын алган-албагандыгын текшерүү үчүн контролерду койсоң, анда кантролерду ким текшерет? Биз контролерго
эмес, калкыбызга, инсанга ишенебиз…
Бейиштей болгон Азиядан куулган финдер баткактык жана
чытырман токойлорго көчүп келишип, өздөрү бейиштей шарт
жаратып жашап кете алышты. Чынында баткактыктар өлкөсү болгон Суоми биздин түшүнүгүбүздөгү бейишке айланган. Баткактык жана таштак жайларды эң кооз бакча абалына
жеткиришкен. Бул бакчада алар ак лилиялар сыяктуу жандуу,
аруу жана таза. Алардын мындай артыкчылыгы жеке жашоолорунда гана эмес, жалпы коомдук жашоолорунда дагы
көрүнүп турат. Профессор Чупров жазган акыркы саясий-экономикалык жааттагы макалаларынын биринде Финляндия
менен Орусиянын мамлекеттик чыгашалар ортосундагы кызык бир салыштыруу ачыкка чыгат. Бул салыштырууда Финляндия башкаруусунда иреттүүлүк жана тартип, ал эми Орусияда жемкорлук бар экендиги даана чагылдырылган.
Сайма көлүн 59 км. узундуктагы Сайма каналы Фин булуңуна байлап турат. Бул 59 км. аралыктагы каналды куруу үчүн
чоң таштарды омкоруу жана тоолорду кулатып, тешип өтүү
керек болгон. Мунун баарына болгону 13 млн. акча сарпталган. Бул жагдай кызыгууну жана көңүл бурууну жараткандыктан, профессор Чупров темир жолдорду куруудагы чыгашалар
тууралуу изилдөө-салыштыруу жүргүзгөн. Жыйынтыгында 1
км. темир жолу Орусияда 115 000 рублга, Финляндияда болсо,
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
рублга которгондо 36 000 рублга курулгандыгы айкын болгон.
1882-жылы Петербург-Хелсинкфорс жолунда ар бир километрге түшкөн орточо эсеп менен 5431 рубль кирешеге каршы
Фин өкмөтү 2064 рубль чыгаша чыгарган. Або-Тавастгус жолундагы чыгаша ар бир км.ге орто эсеп менен 2878 рубль болсо, киреше бөлүгү кетирген чыгашасын актаган. Бирок ошол
эле жылы Орусиядагы Балтика темир жолунда км. башына
8171 рубль киреше келгени менен, өкмөт 1 млн. 200 000 рубль
чыгаша короткон. Ал эми километр сайын 11 143 рубль киреше алып келген Курск-Харков-Азов жолу үчүн өкмөт 3521
рубль сарптаган.
*** *** ***
Кез-кез Швеция, кез-кез Орусиянын башкаруусунда калган финдер жүздөгөн жылдан бери дипломатия жана аскердик чеберлик жаатында көптөгөн эмгек жумшашкан. Өз
улутун, өз маданиятын жана өз цивилизациясын жаратышкан. Эң алдыңкы орунда мектептерине көңүл бурушкан жана
бурушууда. Финляндияда билим берүү мажбур түрдө жана
акысыз. Ар бир фин жараны окуй жана жаза билет. Ар бир
финляндиялыктын үйүндө китеп текчелер орун алган атайын
бурчтар бар.
Бул китеп текчелеринде алгач өлкө мыйзамдары, окуу
программалары болуп, андан соң маданият, үй башкаруусу,
анан финдер үчүн эң чоң жашоо булагы болгон токойчулук
жана малчылык сыяктуу өзгөчө багыттагы китептер турат.
Чоң борборлордун баарында ачылган бардык китепканалар
элдин кызматына багытталып ачылган. Жакшы уюштурулган
китепканаларда күн бою эч кандай накталай кепилдик талап
кылынбастан үйгө алып кетип окуп келүү үчүн ижарага берилет.
Китепчилердин ишкерлиги өтө кенен болот. Калкы 15
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
000ден аз болгон Вибург шаарында 12 чоң китепкана бар.
Сырткы көргөзмө текчелеринде тизилген бир топ тилдердеги китептер жана искусство чыгармалары ал жерден кандай
гана бийик руханий азык жана өзгөчө баалуулук табуу мүмкүн экенин көрсөтүп турат.
Финляндияда спирт кошулган ичимдиктер ичилбейт. Ансыз деле 1907-жылы кабыл алынган мыйзамда мас абалга
алып келген ар түрдүү ичимдиктин сатылышына тыюу салынган. Орус өкмөтү мамлекеттик буфеттери аркылуу аракты
фин элине жаюу аракетин көргөн. Бирок финдер ал буфеттерге бойкот жарыялап, эч ким бут баспай коюшканда, алар аргасыздыктан жабылууга мажбур болушкан. Балким финдердин спирттик ичимдиктерге каршы болгон мамилелеринен
улам, фин элинин келечегинин жаркын болуусуна айкын жол
ачылгандыр. Европа үчүн «заманбаптыктын шарты» деп эсептелинген бул көчө ахлаксыздыгынан Финляндияда из да жок.
Алардын үй-бүлөлөрүндө да, мектептеринде да, көчөлөрүндө да, бийлигинде да таптаза салттар орун алган.
*** *** ***
Ак лилиялар өлкөсү жөнүндө менин жазган күндөлүгүмдүн жана байкоолорумдун жогорудагы бир кесими Григорий
Петровдун китебине баш сөз болууга жарайт деп ойлодум.
Мен өз байкоолорумда Финляндияда көргөндөрүмдү жазып,
бул өлкөнүн маданий бийиктиктерге кантип жеткенин көрсөткөн элем. Көптөгөн жылдар бою Финляндияда жашаган
Григорий Петров болсо өзүнүн санат тили менен бул өлкөнүн
өнүгүүгө кандай жол аркылуу жеткенин айтып берген. Фин
эли мурда кандай болгонун, анан кандай болуп өзгөргөндүгүн
баяндаган. Мектеп, бюро, казарма, чиркөө сындуу социалдык
факторлор өлкөнүн руханий маданияты үчүн эмнелерди аткара алды?
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
Ал жерде бул факторлор кандайча өз ордуна коюлган жана
эң маанилүүсү Финляндиянын тарыхында жеке инсанга таандык сапаттар кандай роль ойногон? Чыгаан кишилер фин улутун чыгаан бир баатыр улутка айландырган же болбоду дегенде ошонун аракетин көрүшкөн.
Г. Петровдун китеби биздин саясий-социалдык, экономикалык шарттарыбызды эске алып жазылган. Мунун натыйжасында бул китептин баркы дагы да жогорулайт. Бул китеп
жазуучунун кол жазмасынан болгар тилине которулган.
Д. Божков
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
ТАРЫХТАН САБАК АЛУУ
Көптөгөн жылдар мурда Москва мамлекеттик театрынын
дубалдарында капыстан жерпайынан шыбына чейин созулган
жаракалар пайда болду. Ар күнү саны көбөйүп турган бул жаракалар имарат үчүн чоң коркунуч пайда кылган экен. Сахнада ар кайсыл театралдык оюн болуп жаткан учурда имараттын
кулап, көптөгөн көрүүчүлөрдү басып калуу коркунучу жаралган.
Бул балакеттин болуусунан кабатырланган адистер көптөгөн архитектор жана инженерлерди чакырышып, жаракалардын себептерин изилдеп табууну каалашты. Күттүрбөстөн
тиешелүү жумуштарын баштаган адистер биринчи иши катары имаратты бардык жагынан изилдеп чыгышты. Андан кийин имараттын бир канча жерин ачып көрүштү. Москванын
бул чөгө баштаган укмуштай тарыхый имаратынын жерпайы
жыгачтан жасалгандыгын көрүшүп, абдан таң калышты.
Кезегинде мамлекеттик театрды кура башташканда жердин бошоң экендигинен улам калың жыгач казыктар кагылып,
алардын үстүнө кенен ташдубалдар курулган.
Курулуп жаткан кезде бул жерпай жетиштүү деңгээлде бышык деп эсептелип, «көптөгөн жылдар бою чыдайт» деген тыянак чыгарылган. Айтылгандай эле чынында театр имараты
ушул абалы менен көптөгөн жылдар бою тик туруп берди. Анткен менен, жылдар бири-бирин кубалап өткөн сайын убакыт да
өз таасирин көрсөтүп, жерпайда турган такта казыктар чирий
баштады. Албетте казыктардын чириши менен бирге имараттын жерпайы да кыйшайып, дубалдарда жанагы жаракалар
пайда болушу күчөй берди.
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
Мындай жаракалардын пайда болушунун себептерин тапкан инженерлер кулап түшүү коркунучу менен бетме-бет
калган бул тарыхый имаратты кантип куткарууга болоорун
ойлоно башташты. Натыйжада анын жолун да табышты. Бул
мындайча болду. Бурчтарынан баштап имараттын алды чукулуп, чирип калган такта-казыктарынын ордуна гранит таштарын коюу аркылуу толугу менен фундаментти жаңылоого
жетишишти. Ушул жол менен мамлекеттик театрдын бул эски
имараты инженерлердин иш билги оңдоолорунун натыйжасында кулоо коркунучунан оолактап, куттуу имарат абалкы
бекемдигине ээ болду.
Өлкөлөрдүн тарыхы жана улуттардын өмүрү да Москва
мамлекеттик театрынын таштан жасалган ушул имаратына
окшойт. Мамлекеттик иреттин биринчи коюлган жерпайы,
улутту башкаруунун эски усулдары ошол кездер үчүн жетиштүү көрүнгөн болушу мүмкүн. Бирок өткөн жылдар менен
бирге шарттардын жана муктаждыктардын өзгөрүүгө учуроосунан да кача албашыбыз анык. Ушул себеп менен курулуп
жаткан кезде жетерлик деп көрүлгөн негиздер, эски усул-ыкмалар бүгүнкү күндө алсыз жана жеткиликсиз болуп калышы
мүмкүн.
«Жаңы коомдор өздөрү менен бирге жаңы ырларды алып
келет» деген белгилүү бир макал бар. Адам баласы ар дайым
өзгөрүүгө дуушар болот жана токтобостон жаңыланып турат.
Жаңыланган ар бир жаңы муун өзү менен бирге жаңы терминдер, тилектер, муктаждыктар, каалоолор жана арзууларды
алып келет.
Жаңы муундарга аябай эскирип кеткен, муктаждыктарга
жооп бербеген, убактысы өтүп кеткен башкаруу системалары,
усулдары таңууланып колдонула бербеши керек.
Алар үчүн өздөрү жашап жаткан мезгилдин талаптарына
жараша дагы жаңыраак, дагы акылга сыярлык, дагы да адилеттүү, дагы да бекем фундаменттерге таянган башкаруу усулдары колдонулушу абзел. Акылы терең, күчтүү башкаруучуларга
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
ээ болгон өлкөлөрдө бул иштер азыркы күндө ушундай нукта аткарылып жатат. Мындай өлкөлөрдө калктын эң жакшы
түрдө башкарылуусу үчүн силкинүүлөргө жана кыйроолорго
мүмкүнчүлүк берилбей, дагы да көп билим жана дагы да көп
мыкты пикир өнүктүрүлүп, ары жакшы, ары адилеттүү жолдорго багыт алышат.
Өкүнүчтүүсү, кээ бир өлкөлөрдүн башчылары дагы деле тез
арада эл башкаруунун усулу менен билим берүү системасынын оңолуп өнүгүшү зарыл экендигин түшүнүшпөйт же түшүнгүлөрү келбейт.
Өлкөнүн денесинин ал жак-бул жагында жаракалар пайда
болуп, система чөгө баштаган. Кейиштүү жагы өлкөнүн дубалдарында барган сайын кеңейип жана чукурайып бараткан жаракаларга маани да берилбей, көңүлкош мамиле жасалууда.
Мындан улам сырттан караганда абдан бышык жана күчтүү
көрүнгөн мамлекеттик курулуштардын капыстан эбегейсиз жарылып кетүүлөрүнө жана андан да бетер болуп кулап түшүүлөрүнө эч качан таң калбоо керек. Анткени, бул ачуу натыйжа
өтүп бараткан мезгил менен бирге өзүн алмаштырып жаңылабаган улуттардын, өлкөлөрдүн качып кутула алгыс акыбети.
Персия ушинтип кулаган. Ушул сыяктуу эле үч континентке 600
жыл бою бийлик кылган Осмон өлкөсү да, Австрия императору
да өздөрүн жаңылай албай калгандыктары үчүн өмүрү бүткөн.
Улуу Орус империясынын кулоосу, Бисмарктар менен Вилгелмдердин Германиясынын жок болуусу дагы дал ушул себеп
аркылуу амалга ашкан.
Эл оозундагы сөздөргө караганда бир кезде заалым бир
өкүмдардын хан сарайынын дубалында от менен жазылган
ушундай бир сүйлөм көрүнгөн: «Мане текел фарес!»
Ошол кездерде бул сүйлөмдүн маанисин эч ким түшүнгөн
эмес дешет. Кийинчерээк Даниал Неби деген киши бул от менен жазылган жазуунун маанисин мына мындай түшүндүрүп
берген экен:
-Бул жазуулар коркунучтуу бир нерсенин болооруна иша-
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
рат. Эски өлкө жашоо күчүн жана кубатын жоготту. Качып кутулууга мүмкүн болбогон бир түрдө жок болууга мажбур.
Байыркы римдиктердин улуу императорлугу, Альба өкүмдарынын Испаниядагы салтанаты, Луи XVтин Франциядагы
өкүмдарлыгы, Романовдордун Орусиясы, Хохенцоллерлердин
Германиясы, Хабсбургдардын Австриясы да бирдей коркунучтуу натыйжа менен бетме-бет келишти. Тарых алар үчүн да:
«Мане текел фарес!» өкүмүн берди.
Бул ачуу акыйкаттар тууралуу терең маани берип ойлонуңуздар! Эч качан курт-кумурскадай өзүңүздөрдүн кичинекей
маанисиз иштериңиздердин, дарттарыңыздардын жана маселелериңиздердин ылай-баткагына батып, чөгүп кетпеңиздер.
Тескерисинче, өлкөнүн негизги түзүлүшүнүн жаңылануусун,
чириген бөлүктөрүнүн оңдолуусун, улутка эң жакшы түрдө
билим берилүүсүн өзгөчө ойлонуңуздар!..
Сиздер ичинде жашап бир бүтүндү түзгөн улут жана өлкөнүн түбөлүктүүлүгү үчүн аң-сезимиңиздер аркылуу мезгилден жогору көтөрүлүп, жаңы горизонтторго, жаңы-жаңы
максаттарга багыт алыңыздар!
Тарых бир тараптан кээ бир улуттардын жана өлкөлөрдүн
ачуу жана коркунучтуу кулап жок болууларын кара беттерине
жазып жатканда, экинчи тараптан болсо өнүгүү жана алдыга
умтулууларын жазуу үчүн жаркыраган аппак беттерин ачат.
Мына бул нерсе унутулбасын, жаркыраган беттерде жаркырап туруу да, кара беттердин караңгылыгына чөгүү да жеке
инсандардын аракетчилдигинен жана аракетсиздиктеринен
улам болот.
Тарых адам коомун бир короо кой болуудан чыгарып, алардын же мээнеткеч кумурска ордосуна же бал жасаган аарылардын коомуна айлануусуна көп жолу күбө болгон. Ал беттеринин арасында миллиондогон инсандын өнөрпозго айлануу
чараларын, өлкөнүн түзүмдөрүн кандайча күчтөндүрүүгө
мүмкүн экендигин, калкка кантип эң жакшы түрдө билим берилүүсүн бизге көрсөтүп турат.
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
Тарых өткөн чактын күзгүсү десек болот. Бул күзгүгө жакшы карангандар өздөрүн туура байкап, ката-кемчиликтерин
көрүп, алардан сабак алышат. Келечектин жаркын болушуна
ишеничтүү кадамдар менен бет алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Андай болсо, бир колунда тарых жарыгы, экинчи колунда
келечек сүйүүсү болгон улуттар гана дайыма өнүгүүгө татыктуу талапкер.
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
ЭЛ БААТЫРЛАРЫ ЖАНА УЛУТ
Кээ бир өлкөлөр аябагандай коркунучтуу кризистерге кабылышат жана жок болууга чейин дуушар болушат. Ал эми
дагы бир башкалары болсо жашоолорун өнүгүү жолуна багыттап, чиеленген маселелерин философиялык сулуулук жана
кооздук менен тартипке салып, узун өмүрлүү жашай беришет.
Чындыгында өлкөнүн келечеги премьер-министрдин, министрлердин же депутаттардын, жетекчилердин гана жоопкерчиликтеринде эмес, ошол эле учурда улуттун ар бир жаранын тынчсыздандырган, сөзсүз көңүл буруусу керек болгон
олуттуу маселе.
Шаардык, айылдык, билимдүү-билимсиз, башкаруучубашкарылуучу, жаш-кары, аял-эркек – баары, мейли алар
ким болбосун билими менен, балким билек күчү менен жапа
тырмак иштеп, өлкөнүн өнүгүү жолдорунун үстүндө ойлонуп,
чын ыкластан өз салымдарын кошуусу абзел.
Өлкөлөрдүн күчтүүлүгү же алсыздыгы, улуттардын таанылуусу же артта калып жок болуусу, бир гана жетекчилердин
кемчилдигинен, компетентсиздигинен, күчсүздүгүнөн, иш бүтүрө албастыгынан эле эмес. Керек болсо, жетекчилер жакшы
болсун же жаман болсун, мейли эл баатыры, жада калса заалым болсун, алар элдин бир күзгүсү болуп саналат жана элдин
абалын толук чагылдырышат. Алар элдин дал өзүнөн бөлүнүп
чыккан улуттук рухтун бирден нускалары болуп эсептелинет. Калктын көпчүлүк массасы кандай абалда болсо, башкаруучулар да дал ошондой абалда болушат. Мына ошол үчүн
мурдатан бери: «Ар бир улут ылайык болгон абалына жараша башкарылат» деген сөз айтылып келет. Бул сөз бизге бир
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
фабрикадан бирдей буюмдардын өндүрүлүшүн түшүндүрөт.
Фабрика жакшы иштесе буюмдары да сапаттуу болот. Тескери учурда сапатсыз чийки зат колдонулуп, сапатсыз буюмдар
өндүрүлө берет.
Мурдатан бери талаш-тартыш болуп келген философиялык жана тарыхый маселеге бир аз токтоло кетели.
Улуттардын тарыхын ким жана кимдер түзөт? Өлкө, өлкөлөрдүн жана адамзат жашоосундагы эң чоң окуялар кимдер
тарабынан башкарылат? Жеке адамдар, башкача айтканда
англис ойчулу Карлайл айткандай Эл баатырлары болушкан
чыгаандар тарабынанбы? Же болбосо Лев Толстой жактагандай улутту түзгөн бардык жарандар тарабынан башкарылабы?
Карлайл «…Тарыхтагы эл баатырлары» аттуу эмгегинде эл
баатырларынын басып өткөн жолдорун, баатырларга тиешелүү сапаттар жөнүндө жазган. Анын оюнча, улут жуурулган
бир чопо сыяктуу. Эгерде жакшы бир чебер устанын колунан
өтпөсө, анда көрүнүктүү кооз форманы албай калат, тескерисинче жансыз копол бойдон кала берет. Бирок Иса (а. с.), Ибрахим (а. с.), Мухаммед (с. а. в.) сыяктуу инсандарга жөнөтүлгөн
пайгамбарлар же Газали, Сократ, Наполеон сыяктуу ойчулдар же аскер башчылары чыгып жуурулган чопону колдоруна
алышса, ага күтүлгөн кооз форманы бере алышат. Чындыгында айтылып кеткен жогорудагы чеберлер жашап өткөн доордогу коомго, кала берсе бардык адамзатка, изи тарых бою өчпөй келген кооз, сулуу форма беришкен.
Чыңгыз хан Кытайды, Индияны, Иранды жана Орусияны
карамагына алып, Азиянын миллиондогон адамдарын бир
империя астында топтоого жетишкен. Ошондой эле Мартин
Лютер адамдар тарабынан утуру алмаштырыла берип маанисин жоготкон христиан дининде реформа жасаган. Мындай
түзөөчү жол баштоочулардын жанында бузуучулары да бар
эле. Нерондор, Калигулалар байыркы Римди кыйраткандыгы
сыяктуу, Бисмарктардын жана Хохенцоллерлердин жүргүзгөн
туура эмес саясатынын натыйжасында Германия коркунучтуу
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
силкинүүлөргө дуушар болгон.
Кыскасы Карлайлдын ою боюнча, тарыхта улуттарды жана
бардык адамзатты рухий күчтүү, зээндүү жана таланттуу кишилер башкарышкан. Алардын баары эл баатырлары болуп эсептелет.
Ал эми Лев Толстойдун көз карашы болсо, Карлайлдын көз
карашына карама-каршы келет: «Жашоону түзгөн, окуялардын багытын аныктаган фактор жалгыз киши эмес, элдин дал
өзү» деп эсептеген.
Ошол эле учурда Томас Карлайл мындай деген:
«Эл катмары жерде жатып чиригенге жакындап калган саман жыйындысы сыяктуу. Чыгаан (лидер) кишилер менен эл
баатырлары болсо, асмандан жарк деп түшүп саман жыйындысын тутандырган, эл катмарын жандандырган жана кыймылдаткан чагылган сыяктуу»
Лев Толстойдун дагы бир айтуусунда мына мындай:
«Кыялыңызда деңизде сүзүп бара жаткан бир кемени жандандырыңыз. Кеме сүзүп бара жаткан учурда сууда кемеге
жол ачкан сызыктар пайда болот. Кемени тартып бара жаткан суудагы жарылган сызыктар десек туура болобу? Суу агымын пайда кылган кеменин өзү экендиги анык. Пайда болгон
агымды алдына салып кубалаган да кеме. Андай болсо күч кеменин өзүндө. Агым анын натыйжасы».
Толстой: «Бир улутта өнүгүү кыймылы башталганда, ал
элде өзүнөн өзү алга карай жылыш башталат. Ошол эле учурда элдин таламын орундаткан өздөрүнөн ичинен бирөөнү жол
башчы кылып шайлап алышат» деп айтат.
«Согуш жана тынчтык» романынын автору Лев Толстой,
эгерде Томас Карлайлдын «Эл баатыры – чагылган» салыштыруусун кабыл кылган болгондо мындай демек:
«Ооба, лидерлердин ар бири өзүнчө эл баатырлары, алар
чагылган өңдөнөт. Бирок, элдин катмары жуурулган чопо да,
саман жыйындысы да эмес. Ошол чагылганды пайда кылган
улуттун дал өзү. Качан гана булут же булуттар күчтүү кубатта-
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
нууга (зарядга) тойгон болсо, чагылган өзүнөн өзү пайда болот.
Эгерде булутта кубаттануу жок болсо, анда чагылган кайдан?!
Мындайда булут жөн гана буу жыйындысы болуп чогулат. Эл
да мына ушундай. Эгерде эл лидер жана баатырларга ээ болсо,
анда алардан чагылгандар пайда болот, эл ичинде баатырлар
төрөлөт. Эгерде эл катмары муздак буу жыйындысы болсо, эч
бир күч андан чагылган пайда кыла албайт».
Бул эки теория мындай караганда бири-бирине карама
каршы көрүнгөнсүйт. Бирөөсүн тандоо керек.
«Кимисинин айтканы туура: Карлайлдынбы же Толстойдунбу?» деп ойлонсок болот. Анткен менен Карлайл менен Толстойдун көз караштарындагы карама- каршылык ал
сырткы гана көрүнүш. Чындыгында Карлайл менен Толстойдун көз караштары бири-бирине каршы эмес. Тескерисинче,
бири-бирин толуктайт. Бул жерде «Же Карлайл, же Толстой!»
деген пайдасыз. Карлайлдын көз карашы туура. Албетте Толстойдун көз карашы да туура. Ар бири бир бүтүн чындыкты түзүп туруучу эки жартынын бирөөсү. Көз караштар тыйындын
эки тарабы сыяктуу.
Баатыр элдин сезимдерин козгоп алоолондурат. Бирок
ошол баатыр өзү да күч-кубатты, толкунданууну элинен алат.
Мисал катары бир лупаны алалы. Ал белгилүү бир аянтка
таркаган күндүн нурларын бир чекитке топтоп берет. Күндүн
нурларын бир чекитке топтоо менен отун, кагаз, саманга окшогон нерселерди тутандырат; ташты, айнекти жана темирди
ысытат.
Элдин боорунан бөлүнүп чыккан ар бир лидер да ушул лупага окшош болот. Ал элде чогулган жарылууга даяр күчтөрдү жана жакшы сапаттарын өзүндө топтойт. Аны менен болсо
миллиондогон элдин рухун тутантат. Бирок, аба ырайы булуттуу болсо жана күндүн нурларынан куру калса, анда эч бир
лупа бир кардын бүртүкчөсүн да эритүүгө жана жамгырдын
тамчысын ысытууга деле күчү жетпейт.
Швейцария быштагы жалгыз гана бийик тоолордо оттогон
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
уйлардын сүтүнөн жасалат. Түрдүү убактарда элдин ичинен
чыккан жол баштоочулар да ыңгайлашкан шарттарда төрөлөт.
Алар бир элдин ачылаар алдында турган гүлдөрүнүн жагымдуу
жыттары. Наполеон тынчтыкты сүйгөн байыркы Кытайда эмес,
Францияда өскөн. Орусия болсо айтылуу Толстойду өстүрдү.
Ар дайым жана ар жерде бул маселелер ушундай. Германияны биринчи дүйнөлүк согушка дуушар кылган Вилгелм II
эмес. Тескерисинче, немистердин зордукчул руху, согушчул
руху Вилгелмдерде, Бисмарктарда, Хинденбургдарда чагылган. Байыркы Римди Нерондор, Каракалалар талкалаган. Бардык жерде жеке кызыкчылыгын ойлогон Испания Лойоланы,
Германия болсо Крупсту өстүрүшкөн.
«Ар бир улут ылайык болгон абалына жараша башкарылат».
Ооба, ар бир эл башкаруу механизминин башына же күчтүү,
же болбосо кайдыгер, же күчсүз бирөөнү шайлашат. Кайсы
бирин шайлабасын ал элдин ошол убактагы руханий абалын
чагылдырат.
Элдин ичинде топтолгон жакшы нерселер барбы же жокпу?
Жакшы жөрөлгөлөр барбы? Элдин акылы, каалоо-тилектери,
жан дүйнөсү байбы же ууланган абалда чирүүдөбү? Пас, начар
бир жашоо ичинде жок болуп кетүүдөбү?
Бул жерде бардыгыбыздын жашоо мүнөзүбүз жана иштөө
ыкмабыз негизги маселе болуп турат. Биз өз өлкөбүздө эмне
кылуудабыз? Элибиздин келечеги үчүн кандай роль ойноп
жатабыз?
Түштүк деңиздеринде 5-10 бермет аралдары бар. Берметтер, ошол эле заңдардын жыйындысы. Жашоосун жоготуп
өлүк үйүлмөлөр абалына айланышкан. Ошондон улам келечек
үчүн кайсыдыр бир функцияга ээ болушу мүмкүн эмес.
Деңиздердеги кичинекей полиптер өз денелеринен суюктук
чыгарышат жана алар эч кандай байкалбайт деле. Бирок бул
суюктуктардын жыйындысынан бир канча аралчалар пайда
болот. Кала берсе, ал аралчаларды адамдар да колдонсо болот.
Экинчи жактан, түштүк өлкөлөрүндө кумурсканын кээ бир
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
коркунучтуу түрлөрү жашашат. Алар көбөйгөн сайын адамдар
үчүн апаатка негизги себепкер боло баштайт. Айланасындагы
үйлөрдү жана ичиндеги эмеректерди жеп жиберишет. Адамдар бул зыянкечтер пайда болгон жерден көчүп кетүүгө мажбур болушат.
Эми келгиле, өз өлкөбүздүн абалына бир көз жүгүртөлү.
Мамлекетибиздин ичиндеги ишибиз кайсы түргө кирет?
Куруп, өнүктүрүүгөбү же кыйратып жок кылуу түрүнөбү?
Мамлекеттин бактылуу келечеги, калктын каалоосунун
жана ар намысынын натыйжасы экендигинин мисалы катары
кичинекей жана кембагал өлкө болгон эки миллион калкы бар
Финляндияны көрсөтө алабыз.
Европанын чыгышында жайгашкан Финляндиянын климаты өтө татаал. Көбүнчө туман каптап турат. Жаз мезгилинде да
тоң кетпейт. Август айынан баштап эле сууктар башталат. Андагы ландшафт (жер түзүлүшү) да өтө начар. Көптөгөн жерлер
жылаңач гранит таштардан турат. Башка жерлери болсо чукур
жана баткак. Бул өлкөдө кен байлыктар жокко эсе.
Дыйкандык иштери чоң мээнеттер, чоң кыйынчылыктар
менен болот. Эли да эч бир убакта толук эгемен боло алган
эмес. Кез-кез бир кошунасынын, кез-кез экинчи кошунасынын колониясына айланып турган.
Финдер өздөрүн Суом, өздөрү аябай сүйгөн өлкөлөрүн
Суоми дешет. Бул сөз баткак деген маанини билдирет.
Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы
СУОМИ ТАРЫХЫ
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 2
  • Части
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 1
    Общее количество слов 3715
    Общее количество уникальных слов составляет 1959
    24.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    35.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 2
    Общее количество слов 3668
    Общее количество уникальных слов составляет 1896
    25.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 3
    Общее количество слов 3735
    Общее количество уникальных слов составляет 2047
    24.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    34.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 4
    Общее количество слов 3787
    Общее количество уникальных слов составляет 2105
    27.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    37.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 5
    Общее количество слов 3787
    Общее количество уникальных слов составляет 2054
    26.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 6
    Общее количество слов 3754
    Общее количество уникальных слов составляет 2053
    24.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    34.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    40.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бир Өлкөнүн Өнүгүү Тарыхы - 7
    Общее количество слов 2979
    Общее количество уникальных слов составляет 1724
    25.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    36.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов