Latin

Бала Айылчы санжырасы - 1

Общее количество слов 4035
Общее количество уникальных слов составляет 1794
30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
48.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Биздин доордун VI - VII кылымдарында Арабия жарым аралында күчтүү Араб
халифаты түзүлүп христиан динин катуу кармап турган мезгилде Куреш
тукумунан Абдул- муталифтин уулу Абдулладан Мукамбет деген бала 571
жылы 12-апрелде дүйнөгө келет. Ал 40 жашында пай-гамбар болуп араб
кафырларына каршы согуш ачып, ислам динин тараткан. Ал бай жесир аял
Хадичага үйлөнгөн. Ал аялдын кербен тартып жүргөн 6000 төөсү болгон.
Арабдын тең байлыгы ошол аялдын колунда болгон. Арабдар Мухамбетти
куугунтукка ала баштаганда, ал Мекледен Лидинага качып, Лидина
тоосундагы Стам тукумунан чыккан Аке шаага барып ислам динине киргизет.
Аке шаанын түпкү теги — Түрк. Ошол кезде үстөмдүк кылып турган Стам
тукумунан. Аке шаа Амир Аиса баатырды башчы кылып көп аскерди Мухамбет
байгамбарга берип, ислам дини үчүн араб халифаты Абдужайылга каршы
согушка жиберет. Медина шаарынын жанында түрк жана арабдардын
ортосунда катуу согуш болуп, бул согушта Амир Аиса баатыр өлөт.
Мухамбеттин тиши сынат. Согуш бир нече жылга созулат. Акыры Мухамбет
жеңип чыгып, араб Мекке-Мединаны бошотуп ислам халифатын орнотуп, өзү
ага халиф болот. Элге ислам дини тарайт. Мухамбет 63 жаш курагында
дүйнөдөн кайтат. Мухамбеттен кийин Умар, андан кийин Осмон, андан кийин
Сыдык, андан кийин Аалы халиф болуп турат. Ислам динин бир нече
өлкөлөрге таратат.
Аке шаа өлгөндөн кийин ордуна баласы Ырса шаа бийликке келгенде Түрктүн
Стам уруусу начарлай баштаган. Түрк менен арабдын ортосунда согуш
токтогон эмес. Ырсанын ордуна Кабурхан болгон. Бирок арабдардын кысымы
күчөй берген. Улам чабуул коюп, түрктөрдү Чыгышка четтеткен. Кабурхандан
кийин анын уулу Аселхан арабдын кысымы менен Дарденел кысыгы аркылуу
Чыгышка көчүп чыкты. Улам Чыгышка сүрүлдү. Узундун тукуму түштүк
Европадан батыш Сибирге чейинки аралыкты жердеген көп эл (тарыхта
половцы) менен түрктөр батыша албай улам көчүп олтуруп Энисей суусунун
башкы агымына чейин жетет. Энисейди жердеп калышат. XII—XIII
кылымдарда монгол-татар уруусунан Чынгыз хан чыгып дүйнө жүзүн бүт
каратат. Ошондо баягы түрк тукумунан чыккан кыргыз эли Энисей боюн
таштап, түштүк-батышка карай сүрүлөт. Ошол көчтөн калган кыргыздын
тукумунан азыркы Кемеров областынын Таштогол районунда жашап калган
«тоолук шордуулар» 15 миң чамалуу эл — ошол кыргыздын тукумдарынан.
Андан башка хакастар, тува (төбө), алтайлык кыргыздар. Алтайлыктар ошол
кыргыздардан калган. «Тоолук шордуулар» деп аталганынын себеби, ошончо
элде адалдуудан жалгыз өгүз калат. Капчыгай бойлоп келе жатышып өгүзүн
өлтүрүп, үстүндө минип келе жаткан кызын сууга агызып ийишет. «Өгүз
өлгөн», «Кыз аккан» деген жерлери бар. Аселхандан — Дамил, Дамилден —
Мааке, Маакеден — Шумтал, Шумталдан — Пашидил, Пашидилден —
Аналхан, Аналхандан — Боргун, Боргундан — Кабурхан, Кабурхандан —
Жетимиш, Жетимиштен — Атан бий, Атан бийден — Мары бий, Мары бийден
— Каселдин бий, Каселдин бийден — Арслан хан туулду. Бул адамдар эл
бийлеген, атагы чыккан адамдар болуп, эл оозунда аты калган. Булардын
көптөгөн тууган-туушкандары карапайым эл болуп, аттары сакталган жок.
XIII кылымда монгол-татар жортуулу башталаардан 5 кылым мурунку
мезгилдеги ата-бабалар ушулар. Алардын 14-15 гана белгилүү, калганы
белгисиз. Так болбосо да жогорудагы тизмедегилер ошол беш кылымдын
ичиндеги ата-бабалар деп болжолдонот.
Арсланхандан: Абалхан, Асанхан, Кыпчак деген үч уул болот. Кыпчактын
тукуму кыргыз-кыпчак аталып түштүк, Алай тарапты жердеп калган.
Асанхандан — Жамгырчы тукуму. Булар кебез өлкөсү деп аталып, Орто
Азиянын чыгыш түштүгүндө туруп, кийин өзбектерге сиңип кеткен.
Абалхандан: Калы бий, Жаныбек хан, Мангети деген үч уулу болгон. Калы
бийден — Сабыр, Сабырдан — Шекер, Шекерден — Сары, Сарыдан Касы, Ак
уул, Куу уул деген үч уул туулган. Касынын баласы жок. Бул үч бир тууган
энчи бөлүшкөндө Куу уул чатак чыгарып, энчини экиге гана бөлдүргөн: Касы
менен Ак уул бир энчи, Куу уул экинчи энчини алган. Малды, жерди, элди
экиге бөлүп оң жагы Касы менен Ак уулга, сол жагы Куу уулга тийген.
Кыргыздын оң жана сол деп эки топко бөлүнүп калуусу ошондон калган дейт.
Солго: Кушчу, Саруу, Басыз, Жетиген, Агынай, Алакчын, Кытай, Мундуз кирет.
Ак уулдан — Дамил. Дамилден — Долон бий туулат. Долон бийдин Адигине,
Тагай, Миңгуш деген үч уулу, Наалы деген кызы болот. Алды менен сөздү
Наалыдан баштайлы. Мында санжырачылар боюнча эки башка баяндалып
келген.
Жанчар уулу Рыскулбектин айтуусу
Наалы айыкпаган жара ооруга чалдыгып, аны эч бир табып айыктыра албай
койгондо, Дөр деген кытай элчиси айыктырган экен. Наалы оорусунан
айыккандан кийин бир туугандарына:
— Менин денемди эч бир жан көргөн жок эле. Кытай да болсо Дөр көрдү.
Оорумду айыктырды. Ошондуктан мени ушул Дөргө бергиле,— деп суранат.
Бир туугандары Наалынын суроосун канааттандырып Дөргө берет. Бирок
Наалы төрөбөй койгондон кийин, өзүнүн күңү Моголду Дөргө алып берген.
Ошол күң Моголдон төрөлгөн балдарды жалаң атасы эмес энеси Моголду,
Дөрдү кошуп атап, тукуму Моңолдор деп аталып калган экен Дейт.
Бала Айылчынын айтуусу
Ал кезде жети атасын билбеген кишиге кыз берүүчү эмес экен. Наалыга
ылайыктуу күйөөнүн жоктугунан 26 жашка чейин олтуруп калат. Ошол убакта
Кебез Опол жеринен Асанхандын тукуму Жамгырчы хандын Көкө, Дайыр
деген эки уулу Адигине бийдин айлына качып келишет. Алар күчтүү баатыр
жигиттер болушкан. Адигине жеринде бир аз тургандан кийин, Наалыга
жуучу жиберишет, Адигине бий алардын жети атасын сураштырып, билгенден
кийин Наалыны Дайыр мырзага берет. Наалыны алгандан кийин Дайыр атка
минип жортуулга чыга баштайт. Көкө болсо «Наалыны мага бербей, Дайырга
берди» — деп Адигине бийге таарынып, Ак Мечит, Казалы деген жерге көчүп
кетет. Көкө көчүнүн алдына көк атка көк туу сайып баргандыктан «көк ат, көк
туу аргыны» деп аталып, тукуму казактарга аралашып кетти. Дайыр
мырзанын Куукула деген аты, Таманак деген ити бар экен. Дайыр Куукуланы
минип, Таманакты ээрчитип Памир тоосуна аркар, кулжа, карышкыр
алдырып, сейил куруп, аңчылык кылып жүрүүчү экен. Адигине бий элин бүт
чакырып, Кашкарга аттанууга кол курайт. Күйөө баласы Дайырдын
Куукуласын сурап минет. Наалы эже көп мал сойдуруп, күл азык камдатып
берет.
Адигине, Тагай экөө кол баштап, бир нече күн жол жүрүп, Кашкарга жетип
элин чабат. Болгон чоң согуштан кийин, Кашкар эли качып, бир канча
аралыкка сүрүлүп ташталат. Бир жаш бала бешиги менен жолдо калыптыр.
Тагай менен Адигине ал баланы бир жигитке «аман-эсен элге жеткиресиң»
деп тапшырышат. Жоодон көп олжо, мал, кыз-келиндерди туткундап алышат.
Бир нече күн жол жүрүп элге келишет. Адигине бий олжону элге бөлүп берип,
баягы жаш баланы Наалыга берди. Ал кезде Наалынын өз баласы жок болучу.
Эл чогулуп, чоң той берип, баланын атын Сырдыбешик койду. Баланы Наалы
багып, бала кылып алгандан кийин өзү да эркек уулдуу болду. Анын атын
Асан койду. Сырдыбешик деген бала чоңоюп, аял алып андан Коңурат, Черик
деген эки уул төрөлдү. Алар чоңоюп тукуму көбөйгөндөн кийин, акыры тегине
тартып, чыгышка жылышып кетип, Коңурат, Черик деген элди түзүп
Какшаалды мекен кылып калышты.
Дайырдан Асан жалгыз. Асандын тукумунан Самансур бүт кыргыз элине хан
болуптур. Самансурдан — Бекдөөлөт, Аденбек деген эки бала. Бекдөөлөттөн
— Куусөөк, Куусөөктөн — Кыйры, Кичи кыйры. Кыйрынын тукуму Коңуратка
кошулуп кеткен. Кичи кыйрыдан — Аден, Бөгөнөк. Аденден — Туума,
Бөгөнөктөн — Ала, Каржал, Кайып, Кара, Сумел, Тайлак, Тама деген жети
бала болот. Кара, Сумел, Тайлак, Тама төртөө биригип, Тууманын колунун
беш манжасын кесип ташташат. Ошондуктан ал Чолок Туума баатыр аталып,
өзүнө ыдык көрсөткөн туугандарын куугунтукка алат. Туума баатырдын
тукуму Дайыр-Асан эки ата моңолдор аталып, Ат-Башыны мекендеп турушат.
Тууманын каарына чыдабай Кара, Сумел, Тайлак, Тамааны тукуму төрт ата
моңолдор аталды. Алар бүт кыргыз жерине тарап кеткен. Мына ушундай
болуп, моңолдор деген уруу, эки ата (Дайыр-Асан) жана төрт ата болуп экиге
бөлүнүп калган.
Эмики сөз Адигине менен Тагай жөнүндө баяндалат.
Адигине бийдин он бир баласы болгон. Алардын ичинен атактуусу жана
баатыры Жорубаргы, Масжору, Сарт, Мырзаке, Далычы дегендер болгон.
Тагайдан — Богорстон, Койлон, Кылжыр деген үч бала. Ошол убакта Адигине
менен Тагай энчи бөлүшө элек мезгилде бир чоң ат чабыш болуп. Коңурат
менен Чериктин аты чыгып келе жатканда атты «табанак» деп сүрөөгө
алышкан. Турган эл «табанак» деген иттин аты, ошондуктан иттин аты менен
ураан чакырууга болбойт деп тыйып койушкан. Дайыр күйөө бала болсо да,
Сырдыбешиктин балдарынын атынын чыгышына Адигине бий намыстанган
эле.
Адигине менен Тагай энчи бөлүү тоюн өткөрүп, кыргыздын салты боюнча
малды, жерди, элди экиге бөлгөн. Оштун кара дарыясын чек кылып, күн
батыш жагын Адигине бий, күн чыгыш жагын Тагай бий алган. Энчи
бөлүшкөндө эки жаат болуп, ордо атышат. Бул адет эле. Ошондуктан эки бир
тууган 20дан 40 киши чыгарып, калыска Алайдын беги Наабайтыга киши
жиберет. Адигине бий өзүнө Алайдан чыккан атактуу ордочу Биримбашты
кошуп алат. Калыс Наабайты келип, ат калчашууда кезек Тагай тарапка тийип
калып, оюн Тагай тараптын пайдасына аяктайт. Экинчи кезек Адигине
тарапка берилип, ордо бузуп, Биримбаш тооруп ичке киргенде жолтой
(абалак) хан ордосуна жатып калды. Турган эл «ордо бузулду» деп чуу салды.
Наабаты бычак жүгүртүп, томпойдун козголгонун көрмөксөн болуп коёт.
Тагайдын ордо бузулду дегенине болбой Адигине Биримбашка чертүүнү
буюрду. Тагай Биримбашты түртүп жиберет. Мына ошондон чатак башталып,
эки жаат болуп чабыша кетишет. Тууган, көпчүлүк арага түшүшүп, чатакты
араңдан зорго токтотушат. Ат чаптырып алдырган Наабаты калыстыкка
жараган жок, эки бир тууган өз-өз эли менен тарап кетишти. Ошентип, өлөөрөлгөнчө эки бир туугандын ортосунда айыгышкан душмандык пайда болуп,
бири-бирин көрүшкөн эмес. Балдарынын ортосунда душмандык кала берген.
«Оюндан от чыгат» деген макал ошондон калган.
Тагай өз элине бий болуп калган. Башы Ат-Башы, батышы Наманген, аягы
Кетмен-Төбө, Чаткалга жеткен. Соода-сатыкты Кокон, Букара, калмак
хандары менен жакшы жүргүзүп турганда, Адигине бий Тагайды жамандап,
чагым салып, душмандык кылып соода жүргүзүүгө жолтоо болду. Ошондуктан
Тагай бийге соода-сатык кылууга кыйын болгон. Ар кайсы хандарга барса
соода кылууга жол бербей коёт. Эгер жол берсе ошол хандын колунда үч
айдан бир нече жылга чейин туруп калууга аргасыз болгон. Тагай көп мал
менен Кокон хандыгына соода кылыш үчүн ак үйлүү болуп өзү барып, анда
бир жыл туруп калат. Ошол жердин хан ордосунан бир кыз алып, белгиленген
мөөнөт аяктап элине кетмек болот. Алган аялынын боюнда бар эле. Ал аял
Тагай менен кошо кетүүгө макул болбой коёт. Тагай өзү кетүүгө туура келет.
«Эркек төрөсөң атын Карачоро кой. Менин
жөн жайымды сураса жашырбай айтып бергин да, колуна мобул кестикти
тапшыр» — деп белгисин кайырып өзү жүрүп кетет.
Тагайдын өзбек аялы эркек төрөп, атын Карачоро койду. Тагай кайрылып
барган жок. Карачоро чоңоюп, балбан бала болот. Хан ортосундагы балдар
менен чатакташа кетсе, «Сен тентиген кулсуң» деп катуу сөз угуп энесине
келип, «менин атам барбы же кулмунбу чынын айт» дейт. Энеси: «Сен кул
эмессиң. Атаң кыргыз, Тагай бий, атыңды Карачоро кой деген, мобул кестикти
сага бер деп таштап кеткен» — дейт. Карачоро кестикти алып атасын издеп
чыгат. Ал Кокондон чыгып жол жүрүп келе жатса, жолдон бир бала жолугат.
Алар сүйлөшүп жөн сурашууга өтөт. «Мен Карачоро деген баламын. Уругум
кыргыз экен. Тагай бий деген атамы издеп бара жатам дейт. Сен ким деген
болосуң?» деп сурайт. «Мен бир селсаяк жетиммин, батар жерим да, дээр
кишим да жок» дейт. «Анда сен мага жолдош бол, экөөбүз бирге менин атам
Тагай бийди издеп табалы» дейт.
Бала макул болуп, экөө кошулуп жол жүрөт. Бир канча күн жол жүрүп,
жолдон дагы бир жетимди өзүлөрүнө кошуп алып, үчөө болуп калышат. Алар
Кетмен-Төбөгө келип, сураштырып олтуруп Тагай бийдин айлын табышат. Бир
жылкычыдан сурашса, ал Тагай бийдин жылкычысы экен, жөн жайын
билгенден кийин, сүйүнчүлөп чаап барат. Тагай бий ууга чыгып кетип, үйүндө
жок экен, байбичеси жылкычыга мындай деп буйрук берет: «Балдарды алып
кел, алар менен кошо бир боз бээ ала келгин» дейт. Жылкычы үйүрдөн бир
семиз боз бээни алып келет. Байбиченин айтуусу боюнча бээни мууздатып,
терисин сыйырбай жылуу кезинде ичин жардырып. ичеги кардын алып
таштап, үч баланы бээнин ичине олтургузуп баштарын чыгарып коюп,
көкүрөгүн ачып, эмчегин чыгарганда, улгайып калгандыгына карабай
байбиченин эмчеги ийип кетет. Оң эмчегин бирөөнө, сол эмчегин бирөөнө
тозгондо экөө ээмп жиберген. Үчүнчүсү эмбей койгон. Аңгыча Тагай бий
келип калып, балдардын жөн жайын сураштырат. Карачоро «Менин атым
Карачоро, атам Тагай деген кыргыз экен. Ошону издеп келдим, калтырган
белгиси мына» - деп, Тагай бий. таштап кеткен кестикти тапшырат. Калган
эки бала өзүлөрү жөнүндө эч кандай түшүнүк бере албайт. Ошондо Карачоро
«булар селсаяк балдар экен. Мен жолдош кылып ээрчитип келдим» - дейт.
Кичүүсү менин азыгымды көтөрүп келди дейт. Тагайдын байбичеси: «Бий
булар ак боз бээнин ичинде олтуруп менин ак сүтүмдү эмди, туубасам да
тутунган балдарым болуп
калды. Той даяр, эми биздин алты уулубуз бар» дейт. Эл той жеп бүткөндөн
кийин «Тагайдын алты уулу кут болсун»- деп бата берет. Тагайдын ошентип
алты уулу болот. Алар: Богорстон, Койлон, Кылжыр, Саяк, Азык, Карачоро.
Ага чейин балдарынын көптүгүнө сүйөнүп, үстөмдүк кылып келген Адигине
бийдин душмандыгынан Тагай бир топ запкы көрүп келген. Богорстон менен
Саяк, Кылжыр менен Азык, Койлон менен Карачоро энчилеш болуп калышты.
Богорстон Саякка, Кылжыр Азыкка, Койлон Карачорого энчи бөлүп,
үйлөндүрүп чыгарышат. Карачоро менен Саяк балбан, баатыр болуп
чыгышты. Богорстон баш болуп Адигине балдарынын үстөмдүгүнө каршы
чыгып, аларды өз жерине кууп жиберишет.
Эл тынчып соода, сатык жакшырды. Тагай бийдин балдары сарттар, Кашкар,
калмактар менен соода сатык иштерин жакшыртышты. Жылдар өтүп балдар
чоңойду. Койлондун уулу Жедигер Карачоро менен энчилеш болуп,
Чоробайыр аталып кеткенине ич күйдүлүк кылып, аздан болсо да нааразылык
чыгарып жүрдү. Чоро өз курбалдашы Кылжыр уулу Сарыбагыш менен жакшы
мамиледе эле. Ал экөө дос болучу. Чатак уламдан-улам күчөй берип, иниси
Жедигердин катуу сөзүнө намыз кылып Чоро Коконго кайра кетип калды. Эл
арасында: «Эмчектеш Саяк менен Азык калып, аталаш Чоро кетти» деген
лакап калды. Жедигер менен Чоронун ортосундагы чатакты басып,
элдештирүү үчүн көп иш жүргүзүлгөн. Эл арага түшкөн. Бирок Жедигер
өзүнүн тентиген «сарт» деген сөзү үчүн, агасынан кечирим суроодон баш
тарткан. Ошондуктан Чоро кетип калды. Эл оозунда: «Атаңдын көрү Жедигер,
тил албай жүрүп Карачородон айрылып бокту жедиңер» деген лакап калган
экен.
Карачоронун энеси баласы кетип калгандан кийин Кокон хандыгындагы
белгилүү адам Көкүм-Сээр деген адамга тийген экен. Андан эркек төрөп
Тууганбар деген ат койгон. Бул Карачоронун жатындашы бир тууганы бар
дегени. Карачоро 20 күн жол жүрүп энесин, энелеш бир тууганын, өгөй
атасын тапкан. Кокон эли Карачоронун келишине арнап чоң той берген. Ошол
кезде Көкүм-Сээр уулу Тууганбар менен Карачоронун жардамы менен Кокон
хандыгынан кол үзүп, Ташкенди бөлүп алып ага бек болгон. Ташкенди Жакып
(Манастын атасы) курган деген кеп бар. Көкүмхандан Сейит, Куттук,
Сулайман деген үч уул болгон. Карачоро менен Туугандын тукуму багыш
аталып, бул кезде башы Намангенден аягы Чаткалга чейин жердеп турушат.
Багыш тукуму үч башка болуп, Көкүмдүн тукуму — Чоң багыш. Карачоронун
тукуму — Сарыбагыш, Туугандын тукуму — Кара багыш деп аталат. Карачоро
өзүнүн тукумун сарыбагыш деп атаганы, өзүнүн курбалдаш жакшы көргөн
досу Кылжырдын уулу Сарыбагышты урматтаганы деп божомолдошот.
Койлондун тукуму Кара дарыянын күн чыгыш жагын ээлеп, Жедигер деген ат
менен Адигине эли менен чектеш турат. Жедигер тил албай Чоронун кетип
калышына себепчи болгону үчүн, Тагайдын калган балдары аны жектешкен.
Ошондуктан Адигине тукумуна жакындашып чектеш туруп калышты.
Саяктан: Жортуулчу, Байболот, Каба деген үч уул болгон. Байболот баатыр
атанып кол баштап жүргөн адам болгон. Байболоттон: Түңкатар, Өйдөчекти
эки уул. Түнкатардан Нарбото бий деген атактуу баатыр уул болгон. Андан
Рыскулбек туулган. Рыскулбектен: Акмат, Дыйкан, Атакан, Минбай,
Эгемберди, Бактыяр деген алты уул болгон. Өйдөчекти тукумунан Сыдык хан
эл бийлеп жакшы чыккан. Анын тукуму азыр Түнкатар тукумуна аралашып
кетип, Кетмен-Төбөнү жердеп турат. Кабадан: Кайдулла, Шыкмамат,
Садыркан деген үч уул. Каба Тогуз-Торону жердейт. Жортуулчунун тукуму
жөнүндө маалымат жок.
Богорстон атасы Тагайдын ордуна бий болуп калган. Анын бийлиги
мезгилинде Кокон, калмак, Кашкар хандары менен соода-сатык жүргүзүп,
ынтымактуу турушкан. Богорстондон: Эштек, Кезөр деген эки уул.
Богорстондун тушунда жана анын балдарынын тушунда да Адигине балдары
менен көп жолу чатакташып туруучу. Кылжырдан — Сарыбагыш деген баласы
эл бийлеген жакшылардан болгон. Сарыбагыштан — Орозбек, Дөөлөс деген
эки уул. Орозбектен — Мырзакул, Арык деген эки бала туулган.
Мырзакулдан — Алымсейит, Тынымсейит деген эки уул болгон. Алымсейит
Каракол тоосунан бир кыз таап алган. Анын башында эки мүйүзү бар имиш.
Ал кызды Алымсейит өзү алды. Андан Жаманкул туулду. Жаманкулдан:
Кыдык, Белек эки уул. Бул күндө «Бугу, Белек» аталып, Ысык-Көлдөн Кулжага
чейин жердеп турат. Дөөлөстөн — Каратоко, Манап, Жантай, Тастар деген
төрт уул болгон. Каратокодон Тогузбай, андан Сарысейит, андан Үчүкө,
Түлкү, Кудаян деген үч уул. Үчүкөдөн — Маматкул, Мадылбек, Карамураттар
калат. Манаптан: Темир, Болот деген эки бала болот. Тогуз бийден Эсенгул,
андан Ныязбек, Кубат, Абдырахман, Куттук, Сейит, Карасарт, Шоорук деген
жети уул. Түлкүдөн — Тынай жалгыз калат. Тынайдан — Атаке, Сатыбалды,
Сокур. Атакеден — алты уул. Анын Карабек деген баласынан Жантай, андан
Шабдан. Атыккан чоң кадырлуу адам болгон. Орус элине «Полковник
Шабдан» атыккан. Ал Мекеге, Мединага барып, түрк аскерлерине жардамга
9000 сом алтын акча бергендиги үчүн, Түрк падышасы: «Кыргыз элинин
баатыры Шабдан ажы — Пуварон хан» деген атак берип, чоң сый менен
узаткан. Ошондуктан эл аны Шабдан баатыр деп атап калышат. Атаке
тукумунан Сооронбай Худаяр хандын Пишпек уездине жиберген өкүлүнүн
жардамчысы болуп көп жыл иштеген.
Кылжырдын тукуму жалпысынан сарыбагыш аталып калды. Саяктын уулу
Байболот баатыр башчылык кылган кыргыз тукуму көп кол менен Орол
казагына, татардын Казан шаарына каршы Кетмен-Төбөдөн аттанышат. Алар
бир сууга жеткенде суунун ары жагынан бир кишини көрүп, суудан өтүп, ал
кишиден жөн сурашат. Ал жигиттин колунда китеби бар экен. Аты Шакир,
улуту ногой, өзү молдо экен. Аны орус падышасы аскерге ала турган болгондо
качып чыккандыгы жөнүндө айтып берет. Ал кыргыз колуна шаарга каршы
барбоого кеңеш берет. Себеби ал жерге жакшы куралданган орус аскери бар
экендигин айтат. Байболот аны өзү менен кошо алып келип үй-жай курап
берип, молдо кылып алат. Анын көзү көк болгондуктан Чекир молдо деп
аташат. Чекирден Даңгыт, андан Кудайберди, Куртка, Түгөл деген үч уул
туулат. Кудайбердиден — Кулжыгач, Балта, Багыш. Кулжыгачтан — Көйкө,
Жолке, Итемген, Сүтемген. Багыштан Аккабак, Терекбай. Балтадан — Ыман,
Чоро. Түгөлдөн — Курманкожо жалгыз. Курманкожонун биринчи аялынан —
Каракучкач, Төлөк, Катаган. Экинчи аялынан: Сокучу, Байталчы, Көкмээ,
Жусуп болуп 7 уул. Чекир молдонун тукуму саяк уруусуна кошулуп, жалпы
жонунан саяк уруусу түзүлдү. Ошондуктан саяк уруусу көпчүлүккө ээ болуп,
саяк тукумуна көрсөтүлгөн жерден тышкары да кыргыздын башка
тукумдарына көрсөтүлгөн жерге тарап, сиңип кетишти. Эштек атасы
Богорстондун ордуна бий болду. Адигине балдары менен чатак
көбөйгөндүктөн, ал жерге тура албай, Эштек бий өз эли менен Кашкар
тарапка көчүп кетти. Койлон тукуму Намангенге кала берди. Эштек бий
Кашкарга барып бир аз тургандан кийин, Кашкар эли Эштек бийди улуу бек
кылып шайлады. Эштек бий бек болуп, бир канча жыл эл сурап турду. Эштек
бийдин бир канча балдары болгон. Элге чечек оорусу каптап көп өлдү. Эштек
бийдин балдарынан жалгыз Солто калды. Эштек бий улуу-кичүү элди
чакырып, ордуна башка бек шайлады, эл менен ыразылашып, кайра Анжианга
көчүп келди. Ал Анжианды, Кетмен-Төбө тоосун мекендеп турду. Ошол кезде
Кокон ханына айыптуу болуп калып, бир жигит Эштекке качып келди. Ал
жигит багыш уруусунан экен, аты Кайдоол эле. Эштек аны жигит кылып алды.
Кайдоол балбан да, баатыр да жигит эле. Ал Эштектин күрөң атын минип,
баатырлык жортуулдарды уюштура баштады. Саруу уруусунан Балта, Түктө
деген эки жигит келип Кайдоолго кошулду. Кытай уругунан Кабыке баатыр да
келди. Эштек бий бул баатырлар менен кеңешип туруп көп кол курап,
Түркестанга, Көкө аргынга каршы жүрүшкө аттанды.
Көкө аргын да кол курап Ак мечит жеринде эки кол беттешет. Кыргыздар
тараптан эрөөлгө Кайдоол баатыр чыгат. Сайышта ок тийип жыгылып, жөө
калат. Көрсө жекеге чыккан баатырдын атын атып өлтүрүү көкөлөргө өнөкөт
экен. Көкө тараптан баатыры жөө калган Кайдоол баатырга качырып найза
саймак болот, бирок аны Кайдоолго жеткирбей карала ат минген Кадыке
(Каптагай болуп жүрбөсүн) баатыр капталдан качырып, ыргыта сайып кетет.
Ата расмиси боюнча жекеме жеке сайышууга башка кишилер жолтоо болбойт.
Атты атып өлтүрүп, расмини Көкө тарап бузду. Эштек бий баатырларга дем
берип, катуу кыйкырык салып элди бүт жоону көздөй бет алдырат. Алар
туруштук бере албай качты. Эл оозунда: «Кадыке, Түйтө, Балта кабыландай
качырды, Эштек бий эшектей бакырды» деген макал калды. Ошол урушта
кыргыздар Ак-Чий жактан көп олжо, мал, туткундарды алып келди. Эштек
бийге бир аял чыгарып коюп калган олжону теңдеп бөлүп кетишти. Ошол
аялдан бир эркек бала төрөлүп атын Төлөк деп коюшту. Төлөк деген уруу
ошол баланын тукуму.
Эштек бийге бир бала келди. Анын жөн жайын сураштырса, багыш уруусунан
экен, аты Урмат болучу. Кайдоол баатыр менин тууганым болот экен деп
колуна алып, атын Суумурун деп өзгөртүп койду. Мындай кылып өзгөртүүнүн
себеби, ал кезде уруулар арасында «Биздин баланы алып койдуңар, кайтарып
бергиле, болбосо чабышабыз» деп чатак чыгаруучу.
Кайдоолдон Малтабар, Дүйшөн, Тогузак, Чымчык, Түлкүчөк деген балдар
болгон. Алардын тукуму жалпы жонунан Суумурун аталып, оңго таандык
болуп калды.
Эштек баатырларын баштап барып Иле дарыясынан түп, Чөлөк-Чарында
жаткан Кысай дегенди чапты. Көп олжо-буйла менен кайтып келет. Эштек
бийге дагы бир аял чыгарып беришет. Ошол аялдан дагы бир бала төрөлүп
атын Жоочалыш коюшат. Анын балдары Жоочалыш уруусу болуп калды.
Эми Эштек бий Кайдоол, Балта, Түйтө, Кадыке баатырларды баштап барып
Кашкарды чапты. Азык-түлүгүн ак-буура төөгө артып алышкан экен. АтБашыга барганда ак-бууранын таманы кетип, ашууда калды. Ошол ашуу «АкБуура» ашуусу деп аталат. Бир нече күндөн кийин Кашкарга жетип элин
чапты. Кайдоол жол баштап жүргөн Ат-Башыга түшчү ашуудан бир жигит
жолукту. Ачка болуп, өз атынын соорусунан эт кесип жеп келе жаткан. Ал
«Алай тараптан качып келе жатам. Бир байды өлтүрдүм, жакшы жер болсо
жигит болом» — дейт. Кайдоол аны Эштекке ээрчитип барат. Жигиттин аты
Ардай, өзү адигине уруусунун Далычы дегендин балдарынан экен. Эштек
анын атын өзгөртүп Ак-Буура деп коёт. Ак-Буура баатыр жигит болгон.
Дагы аттанып келе жатышса жолдон бир жигит жолукту. Ал да Адигине
тукумунан экен, эр өлтүрүп качып келе жатыптыр. Анын аты Мамаке экен. АкБуура өзүнө тууган кылып алды. Улуу баласы өлүп келини жесир эле, келинин
алып берди. Атын өзгөртүп атын Асылбаш деп койду. Кийин Асылбаш атанды.
Асылбаштан Дорбо, Нышаан баатыр атанып, Токтор ажы, орустарга
кызматташ болгон Адыл бий чыкты. Асылбаш уруусу негизинен Кара-Моло
деген жерди жердешип турушат. Асылбаш Ак-Буура тууган деген ошондон
калган.
Солто атасы Эштектин ордуна бий болуп калды. Ал эл ичиндеги баатырларга
кадырлуу болду. Ал кезде Чүйдү калмактар жердеп турушкан. Кытай калмак
ынтымактуу турушкан. ХIХ-ХХ кылымда моңгол-татар үстөмдүгү жоюлуп,
Алтын ордо бузулуп, орустар аларды чыгышты көздөй сүрө баштаган мезгил
эле. Солто бий Бухар, Кокон хандарына барып «Биз мусулманбыз, калмактар
кастык кылса бири-бирибизге жардамдашалы» дейт. Андан келип Солто бий
бүт жылкыга тамга бастырат, тамга ай тамга болгон. Солтодон — Күнтуу,
Култуу, Чаа. Балдарын Санчы-сынчыга сынаткан экен. Санчы-сынчы Күнтууну
карап: «Жигити баатыр, кызы сулуу, аты күлүк болот. Бирок, тукуму анча
өспөйт» деген. Култууну карап туруп: «мындан бир нече орточо бай чыгат. Эл
жамынчысы болот. Бирок тукуму өспөйт» деген. Чаа көп ооруп, бечел, итий
экен, көрсөткүсү келбейт. Башка балам жок деп жашырганда боз үйдүн
кырчоосун кармап араң басып келе жаткан Чааны көрүп Сынчынын көзү
балага түшөт. Баланын атын сурайт. Чаа деген балам ушул дейт. Анда сынчы
баланын бетинен сылап: «Бул чоң курсак Чаа бий деп аталат. Мындан
карачаар жолборс ээрчиткен баатыр туулат. Кашка кабылан чыгат. Ат
качырбас боз айгыр чыгат. Акадил-жалпооч, ак көрпө туулат. Туучунак
туулат. Андан ары кери тартып, тосоңку түшүп, ыбыр-жыбырга аралашып
кетти. Көзүм жетпей калды» деди. Карачаар жолборс дегени Түлөберди
баатыр, Кашка кабыланы — Бөрүбай баатыр, Ат качырбас боз айгыры —
Жангарач, Акадил-жалпооч дегени — Эшкожо, Канай, Ак көрпөсү — Жайыл,
Акадил-жалпоочу — Байтик, Туучунагы — Чолпонкул деп айтышат.
Күнтуудан — Токбай, Караменде, Торубелдүү, Кулболду, Жонболду,
Дандыбай, Кайгана деген 7 уул.
Култуудан Чылпак жалгыз.
Чылпактан Карагул, Карамырза, булардын тукуму Күнтуу жана Култуу аталып
калган аз эл.
Чаа атасы Солтонун ордуна бий болду. Биринчи аялынан - Каракчы, Талкан,
экинчи аялынан — Тата жалгыз. Тата Каракчы менен энчилеш.
Чаанын аялы саруу тукумунан чыккан Курмандын карындашы эле. 60 жашка
барганда Кочкорго мал күздөтүп барып калат. Ал кезде Кочкордон Нарынга
чейин сол тукумунан базыстар ээлеп турушкан. Чаа бүркүт салып аңчылык
кылып жүрсө бир базыс жигит келип: бир жигит кармап алдык, жанында бир
келин менен бир кыз бар экен, дейт. Кармалган жигитти келин, кызы менен
Чаага алып келишет. Базыстардан да бир нече киши келип калат. Жигиттен
жөн сурашат. «Мен кичине кезимде калмактар кармап алып кетиптир. Эми
чоңоюп жигит болгондо элге качып келмек болуп жүрдүм эле. Бул келин-кыз
менин кожоюнум калмак байдыкы. Келинди төркүнүңө алып барам деп кыз
экөөнү ээрчитип чыгып, күндүн бүркөөсүнөн пайдаланып адаштырып алып
келе жатам» дейт. Жигит Курмандын тууганы болуп чыгат. Талкан ошондо
17—18 каштагы курагы эле. Анын кайны саруу Көбөлөк бийдин кызы Чачыкан
эле. Эл чогулуп калмак келинди жактырды.
аябай сулуу экен. Келинди Талканга алып беришет. Аты Урумчий экен.
Урумкан деп ат коюшат. Ошол Урумкандан Байболот, Делдең, Багыш, Чыгыш
деген төрт уул туулат. Экинчи аялы эки жылдан кийин тийип, аңдан
Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан. Баягы жигиттен Мааке деген эл тарайт.
Чаа бий Чүйдүн суусунан арык чаптырып, эгин эктирген экен. Азыркы Ак10
Бешимдеги Чоң-Арык ушул күнгө чейин Чаа арыгы деп аталат. Чаа өлгөндө
Ысык-Атага, анын суусунун күн чыгыш жагына күмбөз тургузган.
Талкан атасы Чаанын ордуна бий болуп калды. Талкан бий Кокон, Букара,
калмак хандары менен жакшы мамиледе турду. Кокон ханы Талкан бийге
«Токбайрак» деген наам берди. Балдары чоңоюп алардын ичинен көбүнчө
Байболот, Коңурбай, Кошой үчөө баатыр аталышып турган кезде, Чүй жерин
Коңтаажынын каратып калган кез эле. Ал мурун Байболотту Талкан бийден
сурап алып, бүт калмак кыргызга ак үйлүү кылып, эл суратып койгон.
Коңтаажы хандын небереси үйлөнүп чоң той берет. Ошол тойдо кыргыз-казак
бир жаат, калмак езүнчө жаат болуп күрөшкө түшүшет. Калмак тараптан
Чыкык аттуу төрөсү чыгат. Кыргыз-казактан Байболот чыгат. Күрөштө
Чыкыкты Байболот жыгып башынан аттап кетти. Ага ызаланган Коңтаажы
Байболотту камчы менен чаап жиберет. Байболот кайрылып туруп аттан алып
ыргытат. Калмактар «аттан оодара тарттың» деп уруш кылат. Коңтаажы
хандын кытай аялынан туулган Амирзаада датканын жээни Суну баш болгон
калмактардын бир тобу Байболотко болушат. Бул болсо Коңтаажынын эки
баласынын бийлик үчүн жекерлөөшүсүн ачыкка чыгарганы. Ошондуктан уруш
узакка созулбай, бирок казак-кыргызга калмак жоо болуп калат. Талкан бий
баласын чакырып алып: «Калмак менен жоолашып калдык, бул жерден
кетели» дейт. Байболот: «качып кайда бармак элек» деп намыстанат. Талкан
бий казак-кыргызды чакырып кеңеш кылат. Алар түштүк жакка сүрүлүп
көчмөк болушат. Эл Гизарга көчтү. Бугу тукумунун чоңу Белек качпай калат.
Болгон батаны бузду деп Талкан бий Белекке нааразы болду. Талкандын эли
Гизар тоосу, Куляб суусу, аягы Алайга чейин келет.
«Казак кайың сааганда, Кыргыз Гизарга качканда» деген лакап ошондон
калат. Бир аз тургандан кийин чечек оорусу тарап көбү кырылат. Талкан
бийдин сегиз уулунун Байболот баш болуп бешөө өлүп, Кошой, Бакы,
Багышан үчөө калды. Талкан бий кайра Кетмен-Төбөгө көчүп келет.
Калмактын Коңтаажысы Байболоттун ордуна Белекти ак үйлүүгө алып, аны
ээрчитип Талкан бийди чаап алууга барат. Коңтаажы Талкан бийди күнөөлөп:
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Бала Айылчы санжырасы - 2
  • Части
  • Бала Айылчы санжырасы - 1
    Общее количество слов 4035
    Общее количество уникальных слов составляет 1794
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бала Айылчы санжырасы - 2
    Общее количество слов 3931
    Общее количество уникальных слов составляет 1903
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бала Айылчы санжырасы - 3
    Общее количество слов 4031
    Общее количество уникальных слов составляет 1723
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Бала Айылчы санжырасы - 4
    Общее количество слов 1251
    Общее количество уникальных слов составляет 831
    36.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    55.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов