Latin

Атай - 01

Общее количество слов 3988
Общее количество уникальных слов составляет 2335
27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
ЗАРЫКТЫРГАН ҮМҮТ
Мобу, жүк тактайдай тептегиз болуп, кырка тарткан жепирекей дөңсөөнүн алдындагы
алакандай жайык Көк-Кашат деп аталат. Мунун дарегин балким ушул айылдан башка
жактагылар билишпес. Мындай көз жаздымында калып, учуру келгенде гана эске
алынчу жайлар дүйнөдө мол го. Ага бет маңдайлаш күңгөй тарапта, атактуу КеңКолдун оозундагы дарбазадай кызыл таш, айкөл Манастын күмбөзү тарыхтын
күбөсүнө окшоп, бул кай жер экенин өзү эле айкындайт.
Өрөөндүн ортосунда күкүктөп агып жаткан чоң сууну бойлой өскөн чытырман токой
да арстандын жалына окшоп дүпүйүп, баатырдын жеринин элесин көз алдыга тартат.
Күңгөй-тескей жактары ажыдаардын азуусундай арсак тоолор менен курчалган кең
мейкин чыгыштан батышты көздөй тасырайып созулуп жатат.
Бул жер эзелден кең Талас деп аталат.
Кең Талас жомокко бай. Жада калса, тепкедей кашаттын да купуя сыры бар экенине
ким шектенет? Ушул жерди жарып өткөн арык суусунун бирде алабармандап
шаркырап, бирде жылаажындуу шылдырап агышына кулак салгылачы... Кыялды
окторулган агымына ээрчитип, далай жерге сүрөп барын таштайт.
Бул туура арыктын башы Талас суусунан бурулган.
Анын арыктын кырынан аша чаап, кара кочкул тартып атырылып агышы көрөңгөсүнүн
күчүнөн.
Ой-тоонун баары суу каптагандай көлбүп, какшып калган эски арыктардын нугу ылай
аралаш кумга, какыр-чикир агындыларга шиленип, чуңкурлар майда-майда
көлчүктөргө айланганына караганда түнү менен кара жамгыр төгүп, күн таңга жуук
гана ачылгандай. Жаратылыштын ушул алааматы тынч жаткан чоң өзөндү ээлендирип,
ташкындатып жиберген. Эми ал кирген буурадай чамынып, теректерди түбү менен
агызып, казандай таштарды калдыратып, эпсиз күрүлдөйт. Өйүз-бүйүздөгүлөр бирибири менен каттай алышпай калган. Бирин-серин көпүрөлөр капкачан жуулуп кеткен.
Анткени менен жаңы чымыраган көктүн суусуну канып, кубат алгандай бой жазып,
кадыресе жабалактай түшкөн. Арыктын боюндагы ак теректер чайырлуу бүрчүктөрүн
жарып чыккан көк мончокторуна сыймыктанышып, жаңырып, кайра жашарган
өмүрлөрүнө мас болгондой бой тиреше теңселишет.
Белсене келген сулуу жаз бейкут айылдарга да өз таасирин тийгизди.
Ушул эле кашаттагы чачкын айыл Тыныбек байдыкы.
Күн көтөрүлүп калган.
Түнкү жамгыр айылга өз белгисин калтырган. Ийненин көзүндөй жылчыгы жок ак
өргөөлөр эч нерсени сезбегендей даңкайышат. Ал эми ышка жана күндүн табына
чирип, сансыз тешик болуп, жабуусунан жылдыз саналган үйлөрдүн бүлөлөрү таң
атканча уйку көрбөй, жаандан кийин тыным албай, шөмтүрөгөн төшөнчүлөрдү жана
кийимдерди күнгө жаюу менен алек. Очоктор суута толуп, кемегелер көлчүккө
айланып, көп кишилер алиге эртең мененки тамагын ичише элек.
Түнкү жамгырдын таасири ошону менен гана бүтпөгөндөй.
Малчы менен жалчы аттуулардын баары өзүнө тиешелүү малдарын айылдын четине
түгөлдөшүп коюп, жылкычылардын соңунан, тоону көздөй самсып кетип жатышат.
Айылдын орто чениндеги дөбөдө чогулушкан топ киши тарп аңдыган жорудан бетер
моюндарын созушуп, нары-бери чапкан малчыларды тиктешип, суз отурушу да
бекеринен эместей.
Бүт айыл боюнча Тыныбектин көрөр-көзү Айсалкын токолдун өргөөсүнө гана кыймыл
кире элек. Түндүгү ачылуу, бирок эшиги желп этпейт. Балким, сулуунун уйкусу
канбаган чыгар. Жо-жок. Бул магдыроо бүгүн бай эрке токолунун үйүнө түнөгөндүктүн
белгиси эле.
Тыштагы дүрбөлөң өргөөгө жетпеди. Тыныбек таттуу уйкуда жатканда аны жылуу
төшөгүнөн ким козгойт? «Бакпай балааңдан сакта» — дешип, жалчылары алыстан эле
жүрөктөрү титиреп, өз алдынча күбүрөшөт.
Бай жайчылык убакта токолунун төшөгүндө түшкө чейин уктаса да, байбичеси менен
ортончу катынынан башкалар тардык кылбас эле. Бирок бүгүнкү карайлаткан түндө
байдын бир үйүр жылкысы малайы менен кошулуп дайынсыз жоголуп отурса, анын
үстүнө Кетмен-Төбөлүк жек-жааттары аттанганы жатышса, айылдаштары чебелектебей
кантишсин?
Бул кордуктан улам берки эки катыны өзгөчө ачуулу. Бирок, алар каарын отун алып,
мал баккан жалчылардан гана чыгарууда. Байбичеси элүүдөн ашып, кудая шүгүр деп,
балпайып от боюна отуруп калгандыктан, күйөөсүн анчалык талашпайт, жөн эле
намысынан өлүп баратат. Ортончу катыны Бурулча өзүн кара торунун сулуусумун деп
ишенген, толмочунан келген, антсе да сымбатынан ажырабаган, өңүнө да, тегине да
сыйынган өткүр жана тилдүү неме. Кыргыздан чыккан кыйын аялдарды уламадан улап,
көргөндөрүн, билгендерин териштире келгенде, өзүн жалгыз гана Каныкейге теңейт.
Мунун да жөнү бар. Бурулча колунан көөрү төгүлгөн уз болбосо да, сарамжалы
айтарлык — эл ичиндеги өнөрлүү келин-кыздарды чогултуп, ишин бүтүрүп алууга
ыктуу. Манас, баатыр башы менен Каныкейдин үстүнө нике жаңыртпагандан кийин
Тыныбекке окшогон сасыган бай үч катын алышына нааразы. Кээде кептин кезеги
келип калганда Бурулча ушул оюн эрине тайманбай айтат. Бирок Тыныбек өзүн
кудуреттүү адамдардын ичиндеги сын-саптуусумун деп далилдеп, «жети катын алгым
келсе ким токтотот» дегенде Бурулча токолго ызырынуудан башка арга калбайт.
Бурулчанын туталанганы ушунчалык — Айсалкын токолдун өргөөсүнө буркулдап
кирип келди. Минтип кирип келиши жосунга сыябы, аны үчүн эринин каарына калабы
— ушул учурда капарында жок. Эки көзү сол капшытта, керегенин кап ортосуна чейин
кат-кат болуп салынган жумшак төшөктө. Бурулчанын сурданган иреңинде, алайган
көзүндө «топон салган кара каптай болгон чочко, итирейген жаман токолуң менен
моюндашып жаткандырсың ээ!» — деген кээр бар.
Уйкусу чала кангансып, назданып, боюн түзөп, төшөгүнүн четинде ич көйнөкчөн
отурган токол — жаш келин Айсалкын эч нерсе менен иши жоктой, ал турсун, улуу
күндөшүн да киши келдиби, ит келдиби — дегенсип, билмексен болуп, өз алдынча
керилип-чоюлат. Күйөөсү өз жаздыгынан жылып келип, жаш катынынын жылуусу
тарай элек жаздыгына жаагын жөлөп мемирөөдө. Бурулчанын күйбөгөн жери күл
болду.
— Итирейген өлүгүңдү көрөйүн! — Ал ызалыктын, ачуунун, өкүнүчтүн чогуна
бышып-күйүп, Айсалкынга чукул келип, карысынын жумшак этинен аткып алып, үнүн
басаңдатуу үчүн кызыл өңгөчүнөн сүйлөдү. — Тиги өлүгүңдү өлгөндүн үстүнө көмгөн
кылбай ордунан козгобойсуңбу?
Айсалкын бакырып ийе жаздап, колун тартып алды.
— Өзүңдүн жаның жокпу? Козгоп көр! — Күйөөсүнө жөлөнгөн токол күндөшүнүн
кээрине кээр менен жооп кайтарды.
— Тигини! Жарыбаган гана өлүгүңдү көрөйүн! Сени минтип эле...
Ал жерде жаткан кыпчыкейди алууга умтулганда баятан бери күндөш катындар
кантээр экен дегенсип, каракүчкө уктамыш болуп жаткан Тыныбек көрөркөзүн аяп,
чукуранымыш болгондо Бурулча диртилдеп токтой калды.
Эки катын бири-бирин жеп жиберишчүдөй тиктешти да турду. Катындарынын
күнүлөштүк жоруктарын көргөндө мооку канып, чери жазылчу бай дагы эмне болор
экен дегенсип, кайрадан мемиреди. Ал минтип жатканда ашык үн чыгарып, уйкуну
бузууга батына турган ким? Бурулчанын кыпчыкейди кармаган бойдон селейгенине
табасы кангансып, Айсалкындын жүзүндө салкын жылмаюу пайда болду. Бурулчанын
таноолору кыпчылып, намысы үчүн өлүмгө башын байлагысы келди. Аны токол да
түшүндү. Ага улуу күндөшүнүн ушинтип безгек болгонсуп титиреши, өз акылын
токтото албай ачууга жеңдирип, чатак чыгарып, эринен өлөрчө таяк жеши керек эле,
— Кыпчыкейге келдиң беле? — Айсалкын шыңк этти. — Ала кой, керек болсо.
Ансыз да өзүн күч менен токтотуп турган Бурулча кыпчыкейди кош колдой кармап,
аны төбөгө салмакчы болуп обдулганда, байкап жаткан Тыныбек жаздыктан башын
көтөрдү. Тамаша көрүү үчүн дагы бир көз ирмем сулк жатса, жакшы көргөн токолунан
ажырап калууга мүмкүн эле.
Эки катын тең көнүмүш боюнча сыр бербөө үчүн, башкача айтканда, жаңжалды
баштабагансып көрүнүү үчүн жер каран, тымпыйышып калышты. Мындайда кимиси
шек чыгарса, токмок ошонун төбөсүндө ойной турган. Бирок бу жолу Бурулча айыптуу
экенин жашырууга алсыздык кылса да, Тыныбек өз адатын карматып, чекилик
кылганын тапкысы келгендей жасакерсинген эки катынды алмак-салмак тиктейт. Мына
анын алагыр көзү ортончу катынына такалды. Тирүүлөй союлаарын түшүнгөн
Бурулчанын колунан кыпчыкей түшүп, эрин тиктеди. Анын көз карашында айбыгуу,
жалооруу, боорукерлик күтүү жок, ачуунун жана өкүнүчтүн кээри бар эле. Өмүрүндө
эрине тике карабаган Бурулчанын азыркы көрүнүшү аны таңкалтты, күндөштүктүн
азабынан улам ушунчалык адепсиздикке түшкөн экен — деп ойлоду. Демек аны эч
убакта болуп көрбөгөндөй жазалоо керек. Бай ашыкпады.
— Кош, эмне келдиң? — Тыныбек кереге тараптагы камчы менен ноктону
издегендей көз жүгүртө сүйлөдү.
— Бай! — Бурулча өңгөчүн тартып жашып кетти. — Бир үйүр жылкы жок...
— Дили башкага оогон Тыныбектин кулагы сөздү чала укту? — Эмне дедиң?
Жылкы керекпи? Энчи доолап жүрөсүңбү?
Ал аялынын бышактаганын көрдү.
— Бир үйүр жылкы жок...
Бу жолу уккан кулагына ишене албады.
— Эмне деп күңкүлдөйсүң, канчык? Жылкы жок дейсиңби? — Ал жаңылыш уккан
элем деп тиледи.
— Ооба. Жибек жалдын үйүрү жок.
Тыныбек эстен тангандай эки катынын элеңдей карап, отуруп калды. Угулган сөздүн
биринен бири катуу тийип, кантээрин билбей, айласы түгөнүп баратты.
Бир маалда отурган байдын айкырыгы чыкты:
— Алымбай!
Жалаңдаган жаш жигит, бакырыкты күтүп тургандай үйгө шып кирип келди. Үмүтүн
дале үзө албагандай бай андан сурана үн катты:
— Жылкы аманбы?
Жигит шыдыр жооп бере албай карбаластады.
— Камчы! — Бай ордуңан турду.
Алымбай керегеде илинген кызыл табылгы саптуу бөрү тил камчыны алып берди.
— Мына сага! — Камчы жигиттин башына, жонуна ойноду. Кезек Бурулчага
келди... Анан көрөр-көзгө жетти. Ал жаалына келгенде кимиси жакыны, кимиси алысы
түгүл, кимиси малайы, кимиси аялы экенин да эске албады. Баары тегиз жазаланды.
Камчы баарыдан да ич көйнөкчөн Айсалкынга көбүрөөк өттү.
Тыштагыларга камчынын тарсылдаганы, катындардын чыңырыгы угулуп турду. Бир
маалда бай көйнөк, дамбалчан эшикке чыгып, жыңайлак бутуна кепичин салган бойдон
атка минди...
Дөңдө отурган кишилер Тыныбекти көргөндө козголуп калышты. Бай аларга караган да
жок.
Ооба, жер тоборсуй баштаганда биерге Тоймат бий Атабекти ээрчите келген. Жулма
сакал Тоймат белин бүкүрөйтүп, чокчоюп отурганда анын көзүнүн чекири өзгөчө
таасын көрүнчү. Бир аздан кийин аларга чоң сакал Айтыке кошулду. Дөбөгө үстөмдүк
кылган ушул эки чал. Калгандары аларды жандоочулар, жөн эле сөз тыңшап, кулактын
курчун кандыруу үчүн келишкен карыялар. Бүгүн чалдардын арасында чоочун үч киши
отурушат. Алар саяк Дыйканбай манаптын тууганы Борош менен анын жолдоштору.
Борош тектүү жерден чыгып, өзү да Талас элине жээн болгондуктан, Тоймат бийдин оң
жагынан орун алган.
Кимдин ким экендиги отурушунан эле байкалып турат. Төбө жагында Тоймат бий
менен Борош, алардан төмөнүрөөк берки эки мейман. Калган айыл кишилери аларды
курчап отурушат.
Күндө аксакалдар айыл арасындагы жана Талас ичиндеги жаңылыктарды козгошчу,
алыска каттаган кишилерди ушул жерге чакыртып алып, башка элдердеги нарк
жөнүндө, аш жана той жөнүндөгү кабарларды угушчу. Бүгүн кадырлуу меймандардын
келишине байланыштуу Кетмен-Төбө менен Таластын жаңылыктарын сурашты. Кепке
коноктор ынтаалуу, бирок айылдын ээлери эмнегедир, алагды болуп, аңгемеге
ынтаасыз катышкандыктан сөз кызыган жок. Демейде сөзмөр Тойчу бий эрдин
жаланып жамбаштап жата калып, тынч ала албай отурат. Ал сөзгө кызыганда гана
көчүгү жай алат. Меймандар менен сөз жалгаштырган жалгыз гана Айтыке чоң сакал.
Меймандарды ал сөзү гана эмес, эртеден бери ордунан козголуп койбой, бир калыпта
отурушу менен да ыраазы кылууда.
Кара жоргого камчы урган, ак көйнөк, ак дамбалчан киши Субандын самтыраган боз
үйүнүн жанына жеткенде гана токтолду.
— Субан! А, сумурай, кайдасың? Өлүүсүңбү, тирүүсүңбү?
Эски күрмөсүнүн этек, жеңин түрүнүп, жылаңаяк буттары ылай болгон, маңдайы кууш
аял эшикке чыга калып, акырын жооп берди.
— Таңында аттанып кеткен...— Аял жылаңаяктыгына, жүн жоолугу мойнуна
кетип, жылаңбаш жүргөнүн байкап, үйгө кире качууга ыңгайланганда байдын өкүмдүү
дабышы аны селейтти.
— Абдыракман жубарымбек кайда? Көзүмө көрсөтчү!
— Түндөгү бойдон жок... Дайынсыз...
Ачуулуу үндү угуп, апамды урганы жатабы дегенсип, эшикке чуркап чыккан
кичинекей кыз Тыныбектин алагыр көзүнөн коркуп, апасынын аркасына далдаланып,
ийинден башбактаган чычканча башын кылтыйтып карап коет.
— Силер тоюнуп калган экенсиңер! Кутурган экенсиңер! — Шашпагыла,
көзүңөрдү ачармын...
Тыныбек кара жоргону ыргыштаткан бойдон тоону көздөй жөнөдү. Жибек жалдын
үйүрү жок дегенде ачуусу кайнап, жылаңач буттары үзөңгүгө согулганын да капарына
албады. Жорго чимириктей учуп жөнөгөндө чепкендин этектери желге далбалактап, ак
дамбалы булактап, дөңдөгү отурган кишилер түгүл, бүткүл айылдагыларга өөн
көрүндү.
Миң жылкылуу адам бир үйүрү жоголгонго меймандардын көзүнчө итетайы тутулуп,
жоо тийгенсип, дамбалчан чабышынан уялышты. Ар иштин жайын билген Тоймат
анын жоругун жымсалдатып актоого аргасыз болду.
— Кудайдын кылганы экен...— Ал оңдонуп отуруп, чокчо сакалын сылап койду. —
Жибек жал жоголот деген кимдин оюна келиптир. Тыныбектин башка жылкыларынын
баары бир тең, ушул айгыры бир тең... Жаныбар жылкынын камбар атасы эле.
Тыныбектин жоругуна ачык эле жылмайышып отурган меймандарга бийдин сөзү
таасир этти бейм, анда жөнү бар дегенсишип, бири-бирин тиктешип, унчукпай
калышты.
— Андай болсо, жай эле түшүндүрүп койсо, баарыбыз издешип чыкпайт белек? —
деп Борош сөздүн аягын тамашага чаптырды.
Миң жылкы, үч миң койлуу Тыныбек байга түшкөн бүлүк бүткүл айылды дүрбөлөңгө
салды. Туштушта жар чакыртып жана тымызын суроо салып, шектүү ууруларды
көзөмөлдөп, жок издеген эле кишилер. Малдын изи сууй электе табуу керек эле.
Ошондуктанбы, айтор Жибек жалдын үйүрү жоголууга эмне себеп болгонун ойлошкон
жок, ошол күнү жылкы кайтарып, жыга чабылган Абдыракманды — Субандын
жалгызын эстеп да коюпшады. Бул окуя кокусунан болгон нерсе эместигин, байда ала
албай жүргөн өчү же кечпес кеги бар гана кишинин ушундай мыкачылыкка бара
турганын жалгыз Тоймат божомолдоду. Бирок ал да болжолун шардана кыла албады.
Эрегишкен кишинин ким экенин билбей же байдын кеңеш сураганын күтпөй сөз
айтуудан этияттанды. Ал окуянын бир жагына чыгышын күттү.
***
Арадан эки аптадай убакыт өттү. Өрөөндүн баш-аягында изделбеген жер, кабар
айтылбаган эл калбады, Жоголгон мал табылбаганы мындай турсун, анын дарегин
билген киши чыкпады. Ошондо гана мал кантип жоголгонун, анан жылкычы жөнүндө
эстешти. Сурай-сурай Абдыракмандын киши колдуу болуп, үйүндө катуу ооруп
жатканын угушту. Жарактуу уурулар кай тараптан келип, кай тарапка багыт алганын
Абдыракман кантип, байкабасын, балким түнкү кармашта бирер-жарымын таанып
калгандыр.
Эки жумадан бери Субандын үйүнө жакын санаалаш кишилер гана катташып, төшөктө
жаткан оорулуу баланын көңүлүн сурашчу. Абдырахман эч кимисине жооп берчү эмес.
Алар турсун, ата-энеси да анын бир ооз сөзүн угууга зар.
Эки-үч күндөн бери Субан той бергенсип, эшиги тынбайт. «Абыштын ден соолугу
жакшыбы?» деп жобурагандардан кулак тунат. «Кудайга шүгүр!», «жакшы» деп жооп
берет энеси. Капшытта жаткан оору жигит кээде кыңкыстап, денесинин ысыгына
чыдабай далбасалайт, төшөнчүсүн ачынып, кээде булдуруктап жөөлүйт. Ага караганда
баланын абалы анча деле жакшы эмес. Келген кишилер байа эмне биле турганын
сурамжылашат. Ар бир ушундай суроо Субан менен Зуурага бычактай тиет. Субан
кыжырланып, башын чайкайт, Зуура көз жашы менен жооп кайтарат. Кайгылуу үйбүлөнүн кебетесин көргөн кишилер тим болушат да, үйлөрүнө жөнөшөт.
Эл ичинде эмиштер, ушак-айыңдар да пайда болду. «Жоголгон малга Абдыракман өзү
шерик дейт. Байга эрегиши бар экен. Болбосо эмне үчүн унчукпайт? Бирөө тилин кесип
алыптырбы! Мындай имиш байга да жетти.
Жибек жалдын күйүтүнө чыдабай нечен күндөн бери долуланып, ачуусу тарабай, эч
ким менен ачылып сүйлөшпөй жүргөн Тыныбек жылкычысы менен ооз-мооз
сүйлөшкүсү келди.
Үйдө Субан да бар эле. Ал жок издөөдөн түңүлгөндөн бери гана үйүнө байыр ала
баштады. Жаратылыштын ысык-суугуна, турмуштун азап-тозогуна бышкан абышка
нечен күндөн берки тыным албай, санаасы санга бөлүнгөн азапка майтарылган жок.
Эсдарты: эми кожоюнга эмне жооп берем? Алгач баласынын оорусуна да анча маани
берген эмес. Уурулар менен чабышуу жана ар кандай оорулардын канчасын баштан
өткөрбөдү.
Бирок бул жолку окуя башкачараак окшоду. Ууру көктөн түшкөндөй тымызын келип,
тымызын жоголду. Абдыракмандын дарты аты табылбаган, дарысы жок, оор кеселге
айланды. Уулум өзү эле айыгып кетет деп, көңүлү бир-ыңтай жүргөн абышка, анын күн
санап төмөндөп баратканын билгенде катуу шашты, далбасалады. Айылдагы
табыптарды, бакшы менен молдолорду чакырды» Алардын ар кимиси оору менен
сүйлөшө албай, өз ырымын жасамыш болуп, аракеттеринен эч нерсе чыкпасын
түшүнүшкөн соң жайжайына кетишти.
Өмүрүндө эсдартында малдан башка эч нерсе жок Субанга бүлүк түштү. Баламын
жаны калар бекен деп зарлаганда сакалынан жашы чууруп, баккан малын, жоголгон
бир үйүр жылкыны таптакыр унутту. Байга эмне жооп берери да көңүлүнөн көтөрүлдү.
Эшикке кирип-чыккандын ортосунда «Бала кандай?» дейт аялына. Зуура жашылданган
көзүн баласы жакка бурат. Ал жакта тилсиз, сулк жаткан Абдыракман.
Субан баласынын бут жагына чөгөлөп отура калып, камчысын мойнуна салып,
алаканын жайып, тилегин айтты:
— О, кудай! Мен сенден өмүрүмдө эч нерсе сураганым жок: ден соолукту да, байлыкты
да, дөөлөттү да... Аны азыр да сурабайм. Сенден сурарым бирөө гана: жалгыз баламдын
жанын аман калтыра, гөр? Мен сенин кулуңмун, көзүм өткөнчө кулуң болом, тиги
дүйнөдө, да кулуң болом...
Анын үнү каргылданып, жасакерленип, уккан кишинин муунун бошотчудай. Аялы да
алакан жайып, анын жанына отура калды.
Ушул учурда сырттан аттын дүбүртү утулду. Топураган добуштар үйгө кирди. Дүйнө,
эртеңки тиричилик эстен чыгып, жалгыз баласынын өмүрүн тилеп турган эрди-катын
башка эч нерсеге көңүл бурушпады. Көздөрүнөн аккан жаш беттен ылдый салалоодо...
Келгендер Тыныбек бай менен Тоймат бий эле. Ардактуу адамдарды көздөрүнө
илбегендерге Тыныбектин ачуусу келип, камчысын кармалады эле, бий анысын
жактырбагансып кашын үрпөйтүп, төргө өтүп отурду. Бай да аны ээрчий, жанына
барып, мандаш урунду.
Субан менен Зуура «оомийин!» — деп, бата кылып, баш көтөргөндө гана асмандан
түшө калгансып, төрдө отурушкан кадырлуу кишилерди көрүштү. Зуура шашылып
турду. «Менин көзүмө эмне көрүндү? Буларды кудай өзү жибердиби?» — дегенсип,
Субан аларга жалдырады да калды.
— Куу сакал, тааныбай турасыңбы? — Ташыбек аны мыскылдуу карады.
— Оо, байым тура! Өзү. Өзү. — Субан ордунан туруп, колун бооруна алды. —
Ассалоомалейким!
Муруттары түктүйүп, кыжыры келип турган байдан мурда озунуп, Тоймат тамагын
жасап:
— Алейкимаассалам! Кандай, уулуң жакшыбы?
— Кудайга шүгүр!
Мындай шаани ого бетер Тыныбектин кыжырын келтирди.
— Ай, куу сакал! Балаң эмне дейт? Айтпайсыңбы? Абышка шылк этип ылдый
карады, байдын сөзү анын
жаралуу жерине таамай тийди.
— Балаң Жибек жалды кай тараптагы шериктерине узаттым дейт? Мага ошону айт.
Мага ошо керек.
Чай кайнатмак болуп, толтура суу куюлган бастекти көтөрүп турган Зуура отура калды.
Булар мынча эмне тымпыйышат. Ооз ачпаса эле менден кутулуп кетишмекпи — деген
ой менен Тыныбек төшөктө кыймылсыз жаткан оорунун жанына келди:
— Ай, бала!
Оору былк этпеди. Ал жанагыдан каардуу чаңырды: «Ой, кулагың барбы?» Анда да
жооп болбогон соң, жуурканды камчысынын сабы менен кайрыды, эми камчы анын
ээгине такалды:
— Көзүңү ач, жоону сайып келип, доомат кылгансыбай!
«Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» дегендей, сулк жаткан немеге
кыймыл кирди. Көздөрү ачылды. Бирок ал бетмаңдайында ким турганын жана эмне
дегенин биле албады. Чоң кара тебетейчен дөө аскадан ылдый баштанып тургансып
көрүндү...
Бала көзүн ачканга ата-эне жетине албай аксарбашыл айтышты. Акжолтойлорум деп,
эки мейманга жалбарышты. Бай менен жаш жылкычы тиктешип калышты. Аска да,
төбөсүнөн ылдыйланган киши да жоголуп, эми оорунун бет маңдайында Тыныбек
турду. Абдыракман анан жанындагыларга көз жүгүртүп, баарын бир баштан абайлап
карап чыкты. Жаңы дүйнөнү, жакын кишилерди көргөнсүп, анын алсыз көз карашы
кубанычтын нурлары менен бажыраят.
— Жылкы кайда? — деген үндү укту. Түшүнө албады. Тыныбек да аны менен
арбашып турууну каалабады:
— Тилиң байланып калганбы? Жибек жал кана дейм? Ачуулуу күпүлдөгөн дабыш,
Тыныбек, Жибек жал деген сөздөрдү туйганда оорулуу жигиттин кабагы чытылып,
көөдөнү керилип барып, анан көзү жумулду. Зуура бакырып ийди...
Байдын анан кийинки кыйкырыктары, каары, камчысы менен түрткүлөгөнү, чөгөлөй
калып, ооруну жулкулаганы тилге киргизе албады, Бала кайрадан жөөлүй баштады.
— Томаяк! Кески! Кара жолтой...— Байдын жер чапчыган букадай бакырыгын
угуп, жинди болгондой жулкунганын көргөндө Зууранын ыйы өзүнөн өзү басылды. Бир
алетте жаткан баланын жүрөгү чыкпагай эле дегенсип коркту.
Тыныбектин ачуусу жаман экенин, анын каарына калган киши оңбосун бардыгы
билишчү. Бирок өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан кишиге да мынчалык
ырайымсыздык кылары, тургандардын эч кимисинин оюна келген эмес. Анын иреңи
кара көк тартып, көзүнүн чаары чыгып, кутургандай ажаанданып баратты. Кабагын
чүрчүйтүп коюп, көз кырын салган бий анын ачуусу өзүнчө тарабасын түшүнгөн соң
ордунан турду:
— Сабыр кыл, бай! — Сөзү талаага кетти. Ал жулкунган немени билектен тартып
өзүнө каратты. — Сабыр керек...
— Эмне сабыр? Кокуй оой, эмненин башын оорутасың! Мен күйүп
баратпаймынбы? Жибек жалым! Кайран гана асылым!..
— Жибек жал табылат...
— Табылат? — Тыныбек азга тына калды.
— Буйруса табылат.
— Катыгүн ой, мен сени билет экен десем. Тыныбек кайрадан бакырды. — Мен
буларды кырам!
Жибек жалдын артынан жоготом.
Аны бий дагы да өзүнө каратып:
— Табылат.
— Табылат?
— Ооба, сөзсүз табылат.
— Оозуңа май! Аксарбашыл! — Тыныбек бакырыгын токтотуп, оор үшкүрүндү.
Ушул учурдан пайдаланып бий аны эшикти көздөй жетеледи. Сонун эшик ачты. Субан
бүжүрөп, аларды аткарганча шашты.
***
Бай менен бий аттанышып кеткенден кийин, баласынын абалы оор болсо да, эрдикатын бир балаадан кутулгансып, жеңилденишти. Май биликти үлпүлдөтүшүп, таң
атканча кирпик какпай уулунун жанында отурушту.
Абдыракман таңында гана тынчып, уйкуга көшүлдү...
Күн эбак көтөрүлгөн.
Оорунун көңүлүн сурайлы — деп келген кишилер тегиз уктап жаткан үй-бүлөнү
көрүшөт. Абдыракман баягы калыбында. Кыз чапанчан чачын сербейтип бир бурчта.
Субан менен Зуура кийимчен, оорулу баланын аяк жагына куланышкан.
Кишилердин киргенинен чыкканы бат болуп, унчукпай келип, унчукпай кетишет.
Үйдүн тегерегинде айланчыктап жүргөн буттары ичке, иймейген кызылдуу бала
кишилердин жүрүшүнө жана тиги боз үйдүн көрүнүшүнө таң калгандай, тышта көпкө
турду. Үйгө шыр кирип баруудан ийменди. Ийменген себеби — оорулуу үйгө баланын
киргенин жактырышпайт. Элдин аягы суюлган кезде бала акырын басып келип, эшикти
ачты.
Боз үйдүн ичи жарык эле. Өңчөй кийимчен жаткан кишилерге түшүнө албады. Тиктеп
тура берди. Бир убакта төшөгүндө чалкалап жаткан Абдыракман көзүн ачты. Бир
нерсени эстегендей бери жагына башын кыйшайтып, көз чаптырды. Анан кыңкыстап
жатып күч менен башын көтөрдү. Бир нерсени издегенсиди. Анын көзүнө бала урунду.
Абдыракман аны көпкө тиктеп турду. Иреңинде жылмаюу пайда болду. Балада «мени
куубайт экен го» деген ишеним пайда болуп, босогону аттап үйгө кирди.
Абдыракмандын алсыз үнү чыкты:
— Эшикти... түрчү!
Бала боз үйдүн эшигин түрүп, улагада тура берди. Жазгы гүл жыттуу салкын желдин
илеби келди. Субандын үйү тектирчеде эле. Өрөөндүн бир бети суй кайып көрүнүп
турду. Мал жайылган жашыл талаа. Көк жашыл токой.
Абдыракман талааны ойлуу тиктеп турду да, анан балага төргө өт дегендей белги
берди. Беркилер дале уйкуда.
Үйдүн ичинде кийим-кече, казан-аяк — баары чачылган. Абдыракмандын тушунда
керегеге илинген комуз гана баштагыдай. Бирок ал да далай күндөн бери чертилбей
калган. Баланын көзү комуздан өтүп баратты.
Баятан бери баланын көз карашын байкап жаткан Абдыракман кереге тарапка ээк
кагып, көзүн кысып койду. Бала ордунан чуркап туруп, комузду алып, ээсине сунду.
Абдыракман кош колдоп жер таянып, башын көтөрүп, калтыраган колуна комузун
алды. Буроого шайманы жетпей тиштенип, чертмек болду.
Колу анын эркине көнбөдү, титирейт, эпке келбей, жыгачтан жасалгансып шалкылдайт.
Ал төшөгүнүн үстүндө бир аз калчылдап отурду да, комузду балага түртүп, төшөгүнө
кайра жыгылды. Бала да мелтиреп олтура берди.
— Чертпейсиңби? — Өкүнүчтүү үн угулганда гана бала комузду колго алды.
Дыңгыратып көрүп, комуздун кулагын башкача толгой баштады. Комуз анын эркине
көндү, колдору да эп менен шилтенгенин Абдыракман байкап жатты...
Комуздан чыккан күү ажайып көрүнүштү көз алдыга тартты. Көбүктөнгөн тоо суусу.
Керкейген көк серке сакалын сеңселтип, көзүн тикирейтип, атырылган ак көбүктү
тиктеп тура калганда калың кой жээкке шыкала түшөт. Ошондо койчу айтат:
Ай, көк серке жаныбар, Сен кечпеген суу барбы, Сен чыкпаган зоо барбы,
Кыйыктанбай жол башта!
Серке тура берет. Койчу жемелей баштайт:
Сени улагыңда сойбой, Сорпоңду ичип тойбой. Арам өлгөн көк серке, Териңди талпак
кылып койбой!
Серке акырында «тиги өйүздүн кекиреси жайнап, бетегеси буралып турган экен,
кечиксең куру каласың» дегенде гана башын ийсеңдетип, калың койду баштап, сууну
шатырата кечип жөнөйт.
Бул шаттуу жана тамашалуу күү. Муну укканда оорулуу жигит жылмайды.
— Кежир серке! Келесоо серке! — ойлойт Абдыракман — Бактыңын босогосуна
келип токтолгуң бар... Босогону аттоо керек эле. Аттадың... А мен сендей да боло
албадым. Мен өйүздө калдым...
Күүнүн дабышы менен үй-бүлө бүт ойгонгон. Субан менен Зуура уккан кулагы менен
көргөн көзүнө ишене алышпады. Кубанычынан бакыргылары, баласына жалынгылары
келишти. Бирок ашык үн чыгаруудан, кыймылдоодон чочушту. Азыр бул үйдө күүдөн
башканын баары ашык эле.
Күү токтолгондо гана Субан менен Зуура баш көтөрүштү. Жакаларын кармап, кудайга
тобо кылышты. Энеси Абдыракманга обдулду:
— Садагаң болоюнум! Берекем!
Көзү ачык магдырап жаткан баладан үн болбоду. Анын көңүлүн айнытып албайын
дегенсип, эне унчукпай калды. Комуз черткен бала эмне кыларын билбей, ал да
момуюп отурат. Бир маалда Абдыракмандан үн чыкты:
— Черт!
Баланын колундагы комуздун кылдары жүрөктү сайгылап дирилдей баштады.
Бул убакта бирин-сериндеп келген кишилер үйгө толуп калган эле.
Ыры менен кошулуп чертилчү бу күү жалгыз гана Тыныбектин айлы эмес, бүт Талас
өрөөнүнө белгилүү боло баштаган. Ырдын аты аталбаганы менен, чалынган күүдөн
армандуу жаштын боздогону угулат:
Кең Каракол четинди
Керкимдин мизи кетилди.
Керилип барып бир өпсөм
Ак Зыйнат, кебөзден аппак бетиңди.
Көчкөндө миндиң сур атты,
Көркөмгө миндиң кула атты.
Көрөр күнүм бар бекен
Көңүлдөш сулуу Зыйнатты?
Карагер минсең чаң жетпейт,
Карасам сага жан жетпейт.
Кайындашып алууга
Кантейин, калыңыңа мал жетпейт.
Карача каймал жетелеп,
Калбаны өрдөп көчөсүң.
Кара көзүм жайнатып,
Ак Зыйнат, каякка таштап кетесиң...
Жакшы ыр, жакшы күү кулактын курчун кандырат, көңүлдүн жарпын жазып, өмүрдү
шаттандырат. Отургандардын көңүлү азыр ушундай эле. Бардыгы «Ак Зыйнатты»
ышкылуу боз балдардын оозунан угуп кумары канып, «Субандын уулу өлбөсө, жакшы
ырчы болот» экен деп коюшчу. Боз балдар жаштыктын оту чалдыкканда күйгөн менен
секетпайды ушинтип сызгырылтат эмеспи. Бирок бул ырды эч кимиси Абдыракмандын
өз оозунан угушпаган. Ал эл арасында далай күүлөрдү чертип, ырларды таңшытса да,
өз ашыгына арнаган жүрөк сырын элдин көзүнчө аткаруудан айбыгып, жылкыда
жүргөндө курбуларынын арасында кусалыгын тартуу үчүн созолонтчу.
Мына ошол ыр, ошол күү. Бул ашыктыктын, кусалыктан гана чыккан ыр эмес,
автордун бүткүл өмүрү, жаштыгы, максаты, келечеги ушунда эле...
Абдыракман ушул эле айылдагы Кожокенин кызы Зыйнатка ашык болот. Бул айылдан
ага ашык болбогон жигит аз эле. Зыйнат ошол жигитердин ичинен жалгыз гана
Абдыракманды сүйө турган.
Абдыракмандын ырынан кийин Кожокенин кызы Ак Зыйнат атыгып кеткен.
Кыздын сулуулугу жана атагынын алыска кетиши өзү үчүн да, башкалар үчүн да
кымбатка турду.
Бойго жеткен кызды бир балаага учурай электе, аман-эсен колго алуу үчүн кайындап
койгон жери Кожокени кыса баштады. Кыздын атасынын абалы кыйындайт: бир
жактан сүйгөн кызын ыйлаткысы келбейт, экинчи жактан, кудалыктын антын буза
албайт. Ары ойлоп, бери ойлоп, акыры Субанга сөз салат: «Балдардын тилегине
каргаша болбоо үчүн, кудай алдында күнөөмдү мойнума алып, кудам менен болгон
батамды бузайын. Эгер сен да менчилеп балдардын тилегин орундатууга даяр болсоң,
кызымдын башын ачып ал».
Баталашуу, кудалашуунун гүлдөп турган шартында Кожокенин мындай чечимге
келиши чоң эрдик эле. Аны шарият жактан да, кудалар жактан да жаманчылык күтүп
турган. Ошондой болсо да, Абдыракманды жана эки жаштын махаббатын билишкен
кишилер Кожокеге ыраазы болушкан. Айрыкча жаштар «кайната ушундай болсун» —
дешип тамшанышкан.
Эмки кеп Субанда эле. Бул кабар аны сүйүндүрөт жана күйүндүрөт. Сүйүнгөнү —
Кожокенин чоң адамкерчилиги, эрдиги, күйүнгөнү — кудалуу кыздын башын ачуу
үчүн, башкасын айтпаганда, элүүдөй ири кара ке¬рек эле. Аны кайдан табат? Субандын
кудурети, баш-аягын чогултканда, үч каралык. Же ага жардам берер тууганы, белдүү
жек-жааты жок. Өзүнүн аялы Зуураны да Тыныбек байдын шарапаты менен алган.
Анын мурунку күйөөсү дүйнөдөн кайтканда, аркасында калган жесирге ээ болор эч
кимиси болбогон соң, Тыныбек адал кызматың үчүн аны Субанга никелеп койгон.
Зуура менен Субандын алдында да бир мудалуу, асыл максат бар эле. Эптеп мал
жыйып, эл катарына кошулганда байдан боштондук сурап, өз алдынча жан сактоого
өтүшмөк. Бул максат Зууранын мурунку күйөөсүнөн калган ыйык осуят эле. Ал
тилегине жетпей өлдү. «Эми биз тилегибизге жеткей элек» деп, эрди-катын ак эткенден
так этишчү.
Мына ошентип жүргөндө Ак Зыйнаттын тамашасы башталды. Субан менен аялынын
акылы айран. Ал бүктүшүп калды.
Абдыракман менен Зыйнат, бүтүн айылдаштары да Субандын жообун чыдамсыздык
менен күтүшөт. Бирок кыздын кайын-журту аны күтпөдү. Калган-каткан калыңын
күтүрөтүп айдап келип, Кожокенин айласын кетирди. Субандан оң жооп болбогон соң
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 02
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов