Latin

Атай - 34

Общее количество слов 2899
Общее количество уникальных слов составляет 1600
32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
унутуп, эмне болуп баратканын түшүнө албай жатты.
Ал азыркы учурга чейин кыз зкүрөгүн тыңшап да, аны менен сырдашып да көргөн жан
эмес. Кыздарды сыртынан эле билем деп ойлой турган (анда биле тургандай эмне
болмок эле). Анын байкоосунда ушул Маша далайды башынан өткөрүп, балким бир
эки эрден чыккан бийкечтерден болуу керек эле. Солдаттар болсун, баары менен ачык
сүйлөшкөнү, эч нерседен ыйбаа кылбаганы ага ушундай таасир калтырчу. Азыр болсо,
ошол эле Маша жаш өмүрүн согушка зарп кылып, сыртынан ачык көрүнгөнү менен,
терең сырлуу, жолдоштукка бекем жана махаббаты тунук, карапайым орус кызы экени
жүрөгүнөн сөзилип турду. Мындай кызды ал эч жерде жолуктура элек болучу.
— Эх, Маша! Садагасы, Маша! Экөөбүз кандай күнгө туш болдук! Сени эмне үчүн
азыр гана таанып отурам? Кечээ, эч болбосо, бүгүн түштөн мурда кайда глең?..
Маша кечээ да, бүгүн да, түштөн мурда да, Сүйүн менен бир бөлүктө болучу. Алар
биринчи корүшүп, бирге кызмат кылгандан бери алты ай убакыт өтпөдүбү? Бирок анда
бул кыз анын көзүнө башкача көрүнчү. Ал бар болгону медсестра эле. Армияда
медсестра жана врач кыздар аз бекен. Машаны ошолордун бири деп кое турган.
Сүйүн алаканын кыздын көкүрөгүнөн алгысы келбей калды. Аз да болсо, анын
катарында жата турууну, эркелетүүнү каалады. Бир кереметтүү күчтөн кубат алгансып,
ийкемге келген колун жылдырып, анын көкүрөгүн сыламак болду. Канчалык
этияттанса да сөөмөйү кыздын тирсийген көкүрөгүнө барып урунду.
Маша чочуп ойгонду. Киши кыйналганда чырм эткенге не жетсин! Чарчаганы
басылып, бою жеңилдей түшкөн. Бир чырм эткен уйку менен бир жутум суунун
кадырын сапарда жүргөн киши гана билет.
Бул убакта ай кылайып чыга калган эле. Маша башын көтөрүп жарадарга үңүлдү:
— Акыбалың кандай, жоокер?
— Жакшы.
Медсестра анын жообуна ишене албай:
— Чын айтчы, кандайсың? Жаратың оңой эмес көрүндү эле.
Анда баягыдай эле жооп чыкты:
— Жакшымын.
Ал эмне үчүн антип жооп берди, чын эле айыктыбы, же кыздын көңүлүн улайын
дедиби, же кыргыздар өлгөнү жатса деле көңүлүн сурагандарга «жакшымын» деп айтчу
адатын карматтыбы? Эмнеси болсо да Маша анын жообуна ынанды. Убакытты
өткөрбөй, жоокердин жаратын ырбатпай санитардык бөлүктү таап алуу керек эле.
Медсестра ордунан туруп, эңкейип, анын колунан тартты. Жарадар башын көтөрүп,
чымырканганда жараты чыдатпай бакыртып ийди.
— Айтпадым беле?! — Маша аны кылдаттык менен жөлөп отургузду. Сүйүндүн
таңылган жараттары сыздата баштады. Суу көздөн учат. Кыздын сыйкырлуу жүрөгү,
өзүнүн делбелениши эмне үчүндүр ойго келбей калды. Бардыгы заматта
өзгөрүлгөнсүдү. Бири жарадар солдат, экинчиси медсестра... Экөөнүн ортосунда башка
эч нерсе калбагансыды.
Медсестранын абалы деле жыргарлык эмес. Курсагы ачып, суусагандан тили оозуна
батпай турат.
Экөөнүн ортосунда бир баштыкча, бир фляжка гана калганын көрүштү. Баштык бош
экен. Фляжканын түбүндө гана суу шылдыршылдыр этет. Экөөнүн көзү да ошо бир
ууртам сууда. Фляжканын капкагын ачып, оозуна жакындатып бараткан Маша жарадар
солдаттын тамшанганын байкап токтоло калды. Анын кебетеси ушу бир ууртам суудан
жаным калар эле дегендей белгини тапты. Адатта жарадарга суу ичирүүгө болбойт. Ал
эми «ичпе, оозуңду гана чайка!» — дегенге анын көнбөсү белгилүү. Суудан көзү каткан
жарадарлар мындай учурда өлөрунө карабай колуна тийгенди жутуп коет.
Маша аны жалжылдап карайт. Бул көз караштан: сен ичүүгө болбойт, мен ичейин,
ансыз сени самаган жерге кантип көтөрүп жеткирем деген ниети сөзилет. Мейлиң,
бирок көзүм көрбөсүн дегенсип солдат тетири карайт, көзүн жумат. Эми бүттү го деп
бери бурулганда фляжка кыздын калтыраган колунда, оозуна дале жетпей турганын
көрөт.
Кызды мынчалык сабырдуу жана чыдамкай болот деп ойлобогон жоокер ага ыраазы
болуп, чын пейлинде сууну ичип жиберсе экен деп күттү. Ыйба кылып турабы деп
шектенип, ыраазылыгын да билдирди:
— Ич! Иче гой, Маша!
Медсестра болсо, өзүнчө ойго чумуган. «Мындайда жарадарлар башканын
өлгөнтирилгенине карабастан, сууну колдон талашчу эле. Бу жигит эркектик намысын
ойлоп, кыздан суу талашуудан ыйбаа кылгандыр. Анысына ыракмат! Жакшы үйбүлөдө тарбияланган окшойт... Мен анын суроосун орундатсамбы? Окус бизге мындан
ары суу табылбаса, же адашсак, бечара бир тамчы суу¬сунга жетпей арманда кетип
жүрбөсүн. Менин деним соо, дагы узакка чыдай алам...»
Солдат! — кыз фляжканы ага сунду.— Мен соомун, чыдай алам. Бир жут. Эч болбосо,
оозуңду чайка.
Жигит башын чайкады... Кыз колу талыганда гана фляжканын, оозун бекитип, жанына
байланды.
Экөө тең тунжурашат. Мындайда сөз да табылбайт. Эч болбогондо бир нерселер
жөнүндө сүйлөшүп, көңүлдү алагды кылуу керек эле.
— Солдат! бир нерсе айтсаң боло! Жарым жылдан бери экөөбүздүн бүгүн
көздешкенибизди кара!!.
Эмне айтуу керек? Жигит ойлонуп калды. Ушул арада медсестра чөнтөгүнөн блокноту
менен каламын алып чыкты.
Туулган жериңдин адресин айтчы!
Ал солдаттын адресин алып, өзүнүкүн ага жазып берди. Анын колунан чыккан кагаз
Сүйүнгө адрес эмес эле, жигит менен кыздын ортосунда жазылчу ашыктык каттай
сөзилди. Ал үчүн кыздар менен алышкан биринчи кат ушу болучу.
— Сүйүн!—Маша аны атынан атай баштады.—Апаң менен атаң билимдүү
кишилерби?
— Апам сабатсыз, атам лекпести бүткөн. Мени менен кат жазышып турат.
— Өзүң орто мектепти качан бүттүң?
Сүйүн бир аз мукактанды. Окуган классынын төмөндүгүнөн арданганы жок, Машадан
кичүү болуп көрүнөмбү деп чоочуду. Жакшы жери — кыз жооп күтпөгөндөй суроосун
улады.
— Кыздар менен кат алышып турасыңбы?
— Жок.
— Эмне үчүн? — Машанын күлүмсүрөгөнү айлуу түндө ачык билинди.
Жылмаюу иреңине жарашкансып, ал мурункусунан да татынакай көрүндү. Дагы күлө
түшкөй эле.
— Мүмкүн, ошондойдур,— деди ал жука эрдин чое сүйлөп.— Сенд калп антууну
билбеген жигит окшойсуң. Сага окшогон жигиттерди аз көргөм. Сен эмнеге
мелтпрейсиң?
Сүйлөө керектигин ал өзү да билип турган. Ал тургай бир топ нерсе жөнүндө сурагысы
бар. Эмне үчүндүр батынбай каймана аңгемеге түштү:
— Илгери менин чоң атам бир бутунан жарадар болгондо аттан түшпөй ошо
жарадар бутун канжыгасына таңып алып, урушту уланта берген экен...
— Анык баатыр турбайбы!—Кыз сөзгө ынтаа коюп.— Кыргыздар ким менен
согушчу экен?
— Илгери, илгери калмактар менен.
— Чоң атаңдар дагы кимдер менен согушкан?
— Өз ара...
— Граждандык согушпу?
— Уруу арасындагы согуш...
— Бабаң да согушту бекен?
— Бабам да, анын бабасы да. Маша күрсүнүп койду:
— Тарыхта согушту көрбөгөн муундар болду бекен? Сүйүн ийнин куушуруп тим
болду.
***
Алар кайрадан жолго чыгышты. Жарадарды медсестра солдойтуп жонуна көтөрүп
алган. Жаратына күч келбесин үчүн кыздын мойнуна ылдый асып койгон эки колу
анын тирсийген төшүнө жабышып баратат. Кыз кадам таштаган сайын жарадардын
тумшугу анын жумшак чачына бата түшөт, мурдуна кандайдыр бир жагымдуу жыт
келет. Жүрөгү элепжелеп болуп кайрадан тынчы кете баштады. Маша эч нерсе менен
иши жоктой кадимкисинче басып баратат.
— Маша! — деди Сүйүн чиренип,— токточу?
— Эмне болду! Жаратың ооруттубу?
— Жок.
Медсестра басып баратып түкшүмөлдөп койду:
— Анан эмне болду?
— Жөн эле, токто дейм!
— Тентектик кылба, жоокер! Убакыт кымбат!
— Маша дейм! Токто! — Сүйүн чиренип, аны ийнинен булкту.— Ташта мени...
Буга эмне болуп кетти дегенсип, медсестра токтой калып, аны акырындап жерге
отургузду.
Сүйүн эт бетинен кулап, жер кучактай жыгылды. Медсестра дал болуп анын жанында
унчукпай кыйла отуруп калды. Акырында солдат өзү сөзгө келди.
— Түшүнөсүңбү, мен эркекмин! Солдатмын. Мен сага көтөртүп жүрө албайм.
— Ошондой де.— Маша жылмайып койду.— Мен эмне болду деп чоочудум эле.—
А сен түшүнөсүңбү жарадар экениңди?
— Бул эч нерсе эмес. Мени ташта. Санитарлык бөлүктөр өзү келип алып кетишсин!
— Сен эмне деп жатканыңды билесиңби?
— Билем. Болду мен эч жакка барбайм.— Ал көмкөрөсүнөн оңдонуп жатып алды.
Талашуунун пайдасыздыгын түшүнүп, Маша анын жанында окуя кандайча бүтөрүн
билгиси келип, ойлуу жатты. Жаралуу неме албууттанып кандай чечимге барбасын,
баары бир оюнан айныбады.
Сүйүн болсо күтүлбөгөн учурда жараланганына, кандайдыр бир купуя сезим
козголгонуна жана өмүрүндө биринчи жолу ыкласы түшкөн кызга көрсөткөн
тагдырдын шылдыңына ызаланып, кайгырып, баарынан кечкиси келип көшөрүп жатты.
Балким, санитарлык бөлүктөр же болбосо биздикилердин чалгынчылары жолугушуп
калар. Болбосо бу көрөкчө өлгөнү жакшы.
Убакыт өз жумушун иштей баштады. Ызасы, ачуусу басылып, кызды бөөдө
кыйнаганына кейиди. «Менин азабымдан ал ачка болуп, же душмандын колуна
түшпөгөй эле» — деп чочуп башын көтөрдү.
— Солдат! — дейт медсестра жай гана.— Жолду уланталы. Убакыт кымбат.
Сүйүн шылкыйып жер карайт, адатынча кыйкырбайт. Медсестра аны колдон тартып,
аркасын тосот...
Ай кыйла көтөрүлгөн. Жүгү мурункудан оор тартып, медсестра илкипкалкып кетип
баратты.
Экөө тең унчугушпайт. Өзүбүздүн арткы бөлүктөргө, санчастка ана жетебиз, мына
жетебиз деген үмүткө жетеленген немелер акыркы күчү түгөнгөнчө алга озунушат...
Бир оокумда медсестра жаткан жеринен козголбой калды. Анын жанында соолуп
жарадар жатты. Бир көргөн кишиге алардын кимиси жарадар, кимиси соо экенин
ажыратуу кыйын.
Сүйүн адатынча медсестраны сөзгө албай, эч нерсе сурабай тынч жатты. Маша бу жолу
уктабады, анда санда үшкүрүп коюп, ойлуу, кең асманды тиктеп жатты.
Анын ойгоо экенин билсе да жанындагы жолдошу сөзгө албады. Сөз Машадан чыкты:
— Биз каякка баратабыз? Байкайсыңбы?
— Санчастка.— Бейкапар жооп берди жигит.
— Санчастка али жете элекпиз деп ойлойсуңбу?
— Антип деле ойлогонум жок. Кыздын үнү кооптуу угулду:
— Биз адашкан окшойбуз. Арткы бөлүк мынчалык алыс болбоого тийиш эле.
Экөөбүз ачык сүйлөшөлү: чын эле адашкан болсок коркоор белең?
— Ооба.
— Колго тушуп кетебиз деп коркосуңбу? — кыз суроосун кайталады.— Эмнеден
коркосуң?
— Мен үчүн экиячи бирөөнүн азапка түшүшүнөн. Күтүлбөгөн жооп медсестраны
ойлонтту. Дайыма баладай көрүнүучү солдаттын оозунан жетилгендиктин белгисин
билдирүүчү сөздү биринчи жолу угушу болучу. Ал башын көтөрүп, эки колун тизесине
айкалыштырып, анын маңдайына жакын отурду. Жигит аны чынында эле бир башкача
жалжылдап тиктеп жаткан эле.
«Бул кыз мага мынча эмне айланчыктайт?» — Мени санчастка жеткирем деп, башына
балаа үйгөнүн билип турса да, эмне үчүн капаланбайт. Бардык солдаттарга ушундай
карайбы? Же мага өзгөчө мамиле кылганыбы? Андай болушу да мүмкүн».—Сүйүн
өзү да ага башкача, мурда болуп көрбөгөндөй мамилө кыла баштабадыбы. Балким бул
кыз аны от арасынан бекер жеринен сууруп чыкпагандыр. Эч болбосо, фронттун кызыл
жалынынан эмне үчүн алып чыкканын билгиси келди.
— Маша, сенден бир сөз сурагым келет. Айтасыңбы?
— Балким, айтпасмын... Оболу сурооңу айтчы? — деди кыз токтолбоп.
— Мени согуш талаасынан эмне үчүн алып чыктың? Эмне үчүн өз башыңды азапка
байладың?
— Жарадарды ташуу милдетим. Мунун эмнесин сурайсың?
— Жашырып жатасың. Жарадарды ташый турган убакыт жок болучу.
— Кандай десем... Сен да солдат, мен да солдат. Экөөбүз тең командирдин
буйругун аткарабыз.
— Демек, лейтенант Савельевдин буйругу экен да.
— Ооба, дал ошонун.
Жарадардын оозу бүлкүлдөп, кээде гана «менин командирим!» деген сөзү угула калат...
Ал согуш талаасынан кетишин Машанын гана демилгеси деп ойлоп, жана анын андан
берки тарткан азабынан улам ушу кыздын мага кылган мамилесинде кандайдыр бир
купуя сыр барбы деп болжогон. Ошондой үмүткө кубанып, шерденип анын айтканын
угуп' келаткан, эми кыздын мамилесинде аскердик карызды өтөөдөн башка нерсе
болбогон соң ысык деми сууп, эч нерсеге көңүлү келбей калды.
Жаш солдаттын көңүлү чөгө түшкөнүн Маша да байкады. Анын көңүлүн улоого
убакыт да жок, шайманы да жок.
Маша сөздү чукулунан чечкиндүү айтты:
— Жигит, башыңды көтөр! Колуңду бер! Анын башы да, колу да көтөрүлбөдү.
— Солдат, башыңды көтөр! — Медсестра жанагыдан тың сүйлөдү.— Экөөбүз
талашууга убакыт жок.
— Маша! деди солдат муңайымдуу.— Сага чоң ыракмат! Менин кебимди ук!
— Айта кой. Убакытты коротпо!
— Маша! Өзүң басалбай жүрүп, мени көтөрүп каякка темселейсиң? Мени таштап,
биздикилерди изде. Мага анан келесиңер... Мен абдан ойлодум. Мындан бапгка арга
жок.
— Айтарың ушубу?
Мен чыным менен айтып жатам. Ойлонгун. Анан кеч болуп калат.
— Эх, солдат! Мен ойлонбоптурмунбу? Мен каякка барам, каяктан издейм? Биз
адаштык. Бир бөлүнүшсөк, экинчи көрүшпөсүбүздү өзүң деле билип турасың. Экөөбүз
болсо да, жалгыз кетсем да ушу. Мындайда жалгыздык жаман. Эмнеси болсо да чогуу
көрөбүз.
— Суранамын: мени таштап, тобокел деп издеп көр?
— Мындай сөз экинчи оозуңдан чыкпасын. Экинчи жолу ошентип айтсаң
таарынам. Кана, колуңду сун. Мойнумду кучакта.
Ал энесине талпынган, буту баса элек кичинекей балача колдорун сунду.
Маша аны кайрадан жонуна көтөрүп алды.
«Уят, ай? Менин солдат болгонум, эл коргогонум ушубу?» — Сүйүн кайгырып
баратты.
Аңгыча түнкү тынчтык бузула баштады. Ар кайсы жерден атылган ар түрдүү ракеталар
асманды жаркыратат. Моторлордун күрүлдөгөнү бирде чыгыштан батышка, бирде
батыштан чыгышка карай өтөт.
Алар асмандагы алтын казыкты тиктешет да, бара жаткан багытынан адашпаганын
аныкташат.
Ооба алар адашкан жок. Бул баш айланткан согуштун багыты өзү бузулуп, кээде
биздикилер батыш жагында калып, душман чыгыш жагынан кармашкан учурлары да
көбөйүүдө.
Эрбеңдеген караан кетип баратат. Медсестранын жонунда жаш солдат, жамбаштагы
булактаган фляжкадан суу шылдыршылдыр этет. Бул дабыш угулган сайын ичээр
суубуз бар дегенсип, экөө тең каниеттенишет.
Төбөдө алтын казык жаркырайт.
күтүлбөгөн жолугушуу
Түш чен. Аксакалдын тыныгуу убагы. Ал тыныкпай эле оокаттанып отурган.
Жумуш күнү ортосундагы бир саат убакытты өзөк жалгоого жана аны менен бир
учурда дем алууга пайдалануу көнүмүшкө айланганы үчүн гана тыныгуу убагы деген
жалпы түшүнүктөн чыга албай жүрөбүз. Бул туура эмес, оокаттануу жана тыныгуу эки
башка нерсе. Оокаттануунун өзү жумуш. Ыгын билбеген киши тамактануу учурунда
эле чарчайт. Көп жесе кеселге чалдыгат, аз жесе ачка калат. Ал эми шашыпбушуп
тамактанып, ошо бойдон карбаластап жумушка кирген киши жинигүүгө мүмкүн.
Аксакал кызматчы, жөн гана кызматчы эмес, мекеме башчысы. Жумушу мол, андан да
жоопкерчилиги күчтүү. Ишинин жеңилдигине же оордугуна, жоопкерчилиги көп же
аздыгына карабастан, кызматчылар үчүн оокаттануу менен дем алууну айкын чектөө
зарыл. Жакшы жери, аксакалдын кызмат абалын сыйлашып жана убактысын
майдачүйдө нерселерге коротпоо үчүн түшкү оокатты оздорү кабинетине жеткирип
беришет.
Сөздүн кыскасы, аксакал түштөнүп отурат. Столдо салат, биринчи, экинчи жана
үчүнчү. Кең бөлмөнүн ичи салкын. Ачык форточкадан таза аба кирип турат.
Дал ушул учурда кимдир бирөө жанына келгендей болду. Отурду. Эгерде ал тейлөөчү
кызматкер болсо, табактарды ооштуруп, ал бошобосо жолтоо болбоо үчүн капкачан
кетмек. Түштөнчү убагында башка бирөө минтип, бейадептик кылып, качырып кирчү
эмес эле. Эмнеси болсо да, аксакал вилканы тарелкага жөлөп коюп, колун ак салфетка
менен сүртүп, бейубак келген клиентке кабыл алуу шааниси боюнча сылыктык менен
бурулду.
Жанаша столдо көзүн жалжылдатып күтүп отурган Тыйын чычкан экен. Кадимки эле
тыйын чычкандын өзү.
Мына, кызык! Аксакал ушу куттуу мекемеге башчы болуп келгени далай кишилерди
кабыл алды, далай кызык жолугушууларды башынан өткөрдү. Бирок анын баары эреже
катары эң мурун секретарь же жардамчысы аркылуу качан жана кайсы убакта кабыл
алынары жөнүндө алдын ала макулдашчу эле. А бу сыпайкерчиликти билбеген макулук
эрежени бузганы аз келгенсип, түштөнүп отурганда уурданып киргенин карасаң!
Демейде оюнкараак жана шайдоот неме азыр ордунан козголбой, көздөрүн
жылтыратып, жасакерсинип отуру¬шунан улам аксакал анын даты бар экендигин жана
адепсиздик кылып уурданып киргени үчүн уялганын сезди.
Албетте бу бечара бекеринен келген жок. Анын кишп.терге гана эмес, айбанаттарга да
тиешеси бар экенин билсе керек., Аксакал жаратылышты жана айбанаттарды коргоо
боюнча коомдун башчысы эле. Тыйын чычкан аны кантип билди? Жөн эле ачык
форточкага туш келип, ысык тамактын жытын алганы үчүн гана окусунан келип
жүрбөсүн?
Аксакал бул жөнүндө да ойлоду. Тыйын чычкан окусунан келген клиентке окшободу.
Азыр ушу чоң имараттын жүздөгөн терөзелеринин форточкалары ачык, кеп эле мекөме
башчылары оокаттанып отурушкан. А түгүл, жер төлөдөгү ашкананын терөзелеринпн
баары ачык эле. Эгерде бу бечара эч нерсени түшүнбөгөн макулук болсо, ошолордун
баарына кайрылбастан, эмне үчүн аксакалдын кабинетине түптүз кирет?
Ооба, аны бекеринен келген жок деп эсептейли. Андай болсо, келгендеги максаты
эмне? Албетте, квартира же болбосо кызмат сурап жүргөнү жок, кандайдыр даты
болуш керек.
Аксакал шаарга жаңыдан гана жайланышкан тыйын чычкандар жөнүндө ойлоно
баштады. Шаар бакдарактуу, атайын парктар бар. Анда жаңы жашоочулар үчүн атайын
жасалган үйжайлары, тамактануучу орундары бар. Демек, алар орун жагынан камсыз.
Оокат жагы кандай болду экен? — деген ойго келгенде, баятан бери мейман каадасын
бузбай отурган Тыйын чычкандын быйпыйган таноолору былкылдап, оозунан
балапандын чыйылдаганындай үн угулду.
— Түшүнүктүү! — деди аксакал өзүнчө.— Бечеранын курсагы ач турбайбы! — Анын
максатын кечигип түшүнгөнү жана ага адегенде эле меймандостук көрсөтпөгөнү үчүн,
өзүнүн улуулугуна карабастан, мекеме башчысы андан кечирим сурап, тарелкадагы
күрүчтү, капуста менен сабиз арадашкан салатты меймандын астына жылдырды.
Дасторконго чакыруу ишаратын гана күтүп турган сыпайы мейман аксакалдын жакшы
кабыл алышына, өз табагына чакырышына жана аны менен насиптеш болушуна миң
мертебе ыраазы болуп, оокатты ыраазылык менен жей баштады.
Ушул учурда аксакалдын оюна бир нерсе кылт этти— Тынын чычкан өз курсагынын
айынан гана келбеген бо¬луу керек, шаардын жаңыдан келген жашоочуларын азык
менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган экен!
Ал столунун капталындагы кнопканы басты. Заматта секретарь кыз жетип келип,
тийиштүү буйрукту укту; анын өз бөлмөсүнө барып, аксакалдын жардамчысына
телефон чалды. Шаардагы жаратылышты коргоо коомунун кишилери чейрек сааттын
ичинде кыймылга келтирилди...
Сыпайкерчиликтүү мейман аксакалдын көзүнчө сабизди кечкеете кыртылдатып
отурбастан, ар кайсы даамдан ооз тийип, жакшы күтүлгөнүнө жана чоң кожоюндун
пейлине эле тоюп, ыраазылыгын билдирүү үчүн алдыңкы буттарын бооруна алып, кош
аяктап тура калып анан ызаат кылгандай башын ийип, кош айтышты.
— Жакшы барыңыз! — Аксакал да жылуу коштошту.— Кам санабаңыз! Баары
жайында болот...
Быякта килем төшөлгөн жол турса, Тыйын чычкан форточкадан кирип, форточкадан
чыкканына ачууланбады. Эгерде бу макулук кабыл алуунун эрежеси боюнча эң мурун
секретарга же жардамчысына кайрылса, эмгиче каалаган жерине жетмек эмес. Ага
чейин шаардын жаңы жашоочуларынан далайы ач калып, мүмкүн жумуштун
жыргалчылыгын көрбөй мөзгилсиз мертинишет беле!
Түшкү дем алыш бүтүп, иш башталды. Аксакал учурдагы маселелер менен алагды
болуп кеткен экен, чыйпылдаган дабыш чыкканын кулагы чалып, терөзе жакка карады.
Ойноктогон Тыйын чычканды көрдү. Ал эмне үчүндүр форточкадан секирип
түшпөстөн, терөзенин ары жагында куйругун чамгарактатып, ары-бери ойноктоп, анан
адатынча кош аяктап тура калып, таазим кылды да, жанындагы барпайган арча
жыгачына секирди. Секирбей эле учуп кеткенсиди. Куйругун булактатып, заматта
көздөн кайым болду.
Аксакал анын ишаратынан улам, суроолору канааттандырылганын, мына ошөну үчүн
ыраазылык билдиргенин түшүндү. Саатын карады. Оокатты бир табактан ичкенден бир
эки гана саат өткөн экен. «Ушунча кыска убактын ичинде баары жайына келе калганы
ыраспы?» — деген ою менен өзүнүн орунбасарына телефон чалды:
— Алло! Сиз, шаардагы тыйын чычкандардын абалын тезирээк билип, мени менен
кабарлашыңызчы!
Ал учурдагы маселелерге кайрадан киришти... Бир аздан кнйин орунбасары келди.
Анын тапшырма алганына жарым саат гана болгон.
Орунбасар иштин жагдайын баяндай баштады:
— Акыркы күндөрдө тыйын чычкандар кароосуз калышкан! Шаардагы коомдун
адамдары жана мектеп балдарынын күчү менен алар эки сааттын ичинде оокат менен
толук камсыз кылынды!
— Жакшы! — Аксакал бу кабарды азыр гана уккансыбай сүйлөдү.— Аны билемин.
Мени кыжырланткан нерсе: коомдун мүчөлөрү буга чейин эмне үчүн өз бетинче кам
көрүшкөн эмес?
Суроо албетте кыйын. Ишке салкын караганы үчүн коомдук тиништүү кызматчылар
орунбасардын жемесин угушкан эле.
— Аны ал дейли.— Аксакал маселенин экинчи жагына кызыкты.— Тыйын
чычкандардын адам чыдагыс абалы жөнүндө бизге арыз түшпөптүрбү?
Орунбасар ал маселени заматта тактады. Көрсө, шаардын бир адамы ушул маселе
боюнча аксакалдын кабыл алуусун сурап, секретарга кайрылган экен. Секретарь аны
кабыл алууну сурангандардын тизмесине киргизүү үчүн жардамчыга кайрылса, ал
командировкада экен. Жардамчы командировкадан келип, аны тизмеге киргизишиптир.
Бирок тизме боюнча, Аксакалга кирүү үчүн ага көзек бир айдан кийин жетмек экен.
Ушуну укканда Аксакал ачууланды:
— Тизмеге жазылган кишилерди эмне үчүн этияттап карабайсыңар?! Иши зарыл
кишилерди эмне үчүн кезексиз киргизбейсиңер? Бул эмне деген бюрократтык?
Орунбасар күнөлүү эмес. Баарын кылган жардамчы. Клиенттин жалынганына
карабастан, «Тыйын чычкан эмес, мамлекеттик чоң иштерге чолосу тийбей жатат» —
деп коюптур. Аксакалды аяп, майдачүйдө маселелерди башкаларга оодара салуу же
созуучу адатын карматыптыр.
— А, сиз өзүңүз эмне үчүн кийлигишкениңиз жок?— деди аксакал орунбасарына.
Орунбасар айыбын мойнуна алгандай нымтырап отуруп берди. Лкырында эскертүү
укту:
— Мындан ары этият болуңуз!
Эгерде жаңылышса, жемеге каларын, акырында азыркыдай эскертүү угарына
орунбасар аябай дагдарылган. Анткени ал өз бетинче эч нерсе иштечү эмес.
Көрсөтмөнү так жана убагында аткара турган.

Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов