Latin

Атай - 29

Общее количество слов 4012
Общее количество уникальных слов составляет 2185
31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
эмеспи. Эгерде балаң адамкерчиликтүү, келиниң ыймандуу болсо — ырысың. Эгерде,
андай болбосо бир катар карыялар кор болуп калганын Мамбеткул өз көзү менен
көргөн. Көсөл 1-класска киргенден бери Мамбеткулдун ойлогону ушул: Ар нерсени өз
убагында иштеп калуу керек. Көсөл жаш, тил алгыч, аны ушундайында үйгө үйүр
кылып, өз колу менен үйлөндүрүп, келинди айылдын тартибине, Ата-энени сыйлоого
көндүрүү керек. Бала шаарга окуу кууп колдон бир чыкса, кайра анын кайрылып келип
айылга иштээри күмөн. Өзүнө окшогон бир билимдүү кызга үйлөнсө, андай немө Атаэнени сыйламак түгүл, кошо айтышып, сыртын салса кантесиң. Анда өлгөнүм деп
ойлоп, Мамбеткул баланы кандай болбосун, айылга алып калуунун айласын издейт.
«Эненин көңүлү балада, баланын көңүлү талаада» деген ушул. Бирок, айланып алыс
уча элек кушту үндөп калууга болот. Аракетиңден калба Мамбеткул. Эгерде учкан
кушту бир жолу колуңан чыгарсаң кайра айланып келери илме кайып иш. Мамбеткул
эми уулунун бутуна үйлөндүрүү менен тушоо салууну көздөйт. Бирок муну башка
бирөө аркылуу иштөө керек.
Айылда Ашым деген дукөнчү бар. Ал отуздан ашып калган жигит, өзүнүн эптүүлүгү,
амалкөйлүгү, жагышкерлиги менен карыга курдаш, жашка сырдаш, тергөө
органдарына иштегендер менен кадимкидей жолдош. Кокус айылда эки киши урушса,
төз гана биринин тарабына өтүп алып, экинчисин жерине жеткирүүгө да чебер. Эгерде
бирөөнүн иши тергөө органдарына жетип калса, анын чечилишине себеп болууга да
жарайт. Бирок ошол кызматын бошко жибербейт, аракетин «куру аякка бата жүрбөйт»
деген макалдан баштайт.
Мамбеткул магазинге келип, Ашымга арачылык жөнүндө кеп баштады. Мындай ажат
ачар иштен ал тартынсынбы.
— Бул жакшы максат. Бирок,— деди Ашым аны көзүнүн асты менен тиктеп,—
жаш балдарды өзунган талабынан токтотуудан көрө эңишке аккан сууну өрдү карай
буруу оңой.
— Сен жаштардын талабын токтотпо! — Мамбеткул каткырып, колун жаңсап
койду.— Талабын окуудан буруп келип, үйлөнүүгө имерип кой!
— Ошонун өзү кыйын да, аксакал!
Ашым эмне үчүн эле «кыйын» деп, кылчактап турганын Мамбеткул түшүндү.
— Сенин мээнетиңди да унутпаспыз. Эгерде ушул ишти баштасаң, куда башы өзүң
болосуң, абийри сага калат. Башка майдачуйданы айтпай эле коеюн.
— Волуптур, Маке! Көсөл үчүн болбосо да, сиз үчүн бир кызмат кылып коеюн...
Ашым өзү да арачы болууга, жаңжалга аралашууга, ишн кылып «бир кызыктын
ичинде» жүрүүгө кумар болгондуктан, кечикпей аракеттенди. Көсөлдүн шаар жакка
барарын угуп, ошол күнү өзү да шаарга жөнөдү. Шаарга киргенден кийин, башка көчө
менен айланып өтүп, байкамаксан болупН Көсөлдүн алдынан чыга калды.
— Саламатсызбы! — деди Көсөл озунуп.
— Саламатчылык! Ой, сен кайдан келе жатасың?
— Үйдөн эле.
— Мына пейли жакшы кишилер ушинтип, күтүлбөгөн жерден көздешет!.. Эмне
жумуш менен бара жаттың эле?
— Почтого... Айыл чарба институтуна арыз жаздым эле... Ошонун жообун алайын
деп келе жатам. Довостребованиядан...
— Довостребование эмес эле, айылдын адреси менен эле жазбадыңбы? — Менин
окууга кетишимди атам эмне үчүндүр каалабайт. Ошон үчүн... Билесиз го, атам укса
урушат.— Көсөл жер карады.
«Байкуш баланын ийменчиктиги ай» — деп ойлоп, бирок анын окуусу менен иши жок
кишиче кыңылдап ырдап,— мен да почтого барат элем — деп койду.
Алар Ленин көчөсүн аралап жүрүп отурушту. Ашым жолдо катар ар кандай
анекдотторду айтып аны күлдүрүп, анан жогорку билимдүүлөр көбөйгөндөн бери
илимдин кадыры кетти деп кошумчалап койду. Паркка жакындашканда Ашым атынын
башын бурду.
— Бери бастыр. Кайрыла кетели. Эмнеге ашыгат элек?
Көсөл ага каршы болгон жок. Алар дубалдын түбүнө аттарын байлаштырып коюп,
паркка киришти. Дарактар көпкөк болуп гүлдөп турган көз. Парктын ичинде жайкалган
көк чөп, кулпурган ар түрдүү гүлдөр, бий аянты, оюншоок орундары... Ашымдын
көңүлү ресторанда гана болучу.
Күн чайттай ачык. Парктын ичи көлөкө болсо да, үлц эткен жел жок, үп болуп турат.
Алардын тушундагы жайкы ресторандан пиво сатуучунун насосунун шакылдаган
дабышы кулактын тынчын алат.
— Ох, күндүн ысыгыай! — деп койду Ашым тамшанып.
— Суусадыңызбы? Жүр, кичине пиво ичели.— Көсөл айтып сөзүн жыйганча,
Ашым ресторанды көздөй бурулду.
Көсөл бир графин пиво заказ кылды. Ашым, мен да кур калбайын деп эки стакан вино
алдырды...
— Мен ичкилик иччи эмес элем.— Көсөл винодон баш тартты.
— Вино ичкиликке кошулбайт. Сенин орто мектепти бүтүшүңдүн урматына.
— Мейли эмесе кичинекей ичип коеюн.
Алар кайрадан аттанышып, почтага келишти. Көсөл институттун жообун алды. Ашым
бир нече конверт сатып алып, «жумушум бар эле» — деп байланыш бөлүмүнүн
начальнигине кирип чыкты. Эгер минтпесем «бул эмне үчүн мени тооруп калган» —
деп Көсөл шектенбесин деген амалы эле.
Көсөлдүн мингени боз ат, Ашымдыкы — жээрде, экөө тең эл оозуна илинген күлүктөр.
Баланын көңүлүн көтөрүү үчүн шаардын четине жеткенде Ашым:
— Кана, күлүктөрдү бир байкашып көрөлү — деди. Чү дегенде эле боз ат моюнча
узады. Бир аздан кийин жээрде бута атымдай артта калды.
— Токто! — Ашым соңунан кыйкырды.— Токто, мен жеңилдим...
Күн ысыкта кара терге чөмүлгөн аттардын тизгинин тартышып, эки жигит катарлай
бастырышты.
— Чиркин ой, боз аттын канаты барбы деймин! Анын жигит аты! Ушундай атым
болсо, арманым болбос эле — деди Ашым.
Атынын күлүктүгүн мурда эле көрүп жүргөн Көсөлдун көңүлү көтөрүлө түштү.
— Ат алынча бар — деп, жалын сылап койду.
— Жакшы ат, жароокер аял — эр жигиттин өмүр шериги.— Ашым ага обдулуп
коюп сөзгө киришти.— Көсөл, сага бир агалык кеңешимди айтайын. Мына, сен
айылдагы өсүп келе жаткан боз балдардын алдыңкысысың. Мен сендейимде бир
балалуу болгом. Бирок, сен «атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны» деген кайран
макалдын кадырын бпле элексиң. Ойло, эстүү бол! Өмүрдүн өз көзинде гүлдөп калуу
керек. Үйлөн. Сендей жакын көргөн иниме аялды чекеге чертип жүрүп тандап берем.
— Мен окууга барамын...
— «Жүгүргөн албайт, буйруган алат» дейт. Окугандын баары эле илимпоз,
инженер боло бербейт. Болсо да баары эле жыргап калыптырбы? Андан көрө бактың
бслсо баары болот. Сага колхоз жаманбы? Секретарь, ферма башчы, орунбасар,
толгонтолгон орун бар. Эгерде багың болсо баатыр деген наам менен депутаттык
сеники, андай атак билимге берилбейт, бактылуу кишилерге берилет.
Ашым канча азгырса да, аны окуудан айныта албады. Эми жаштык, ашыктык
жөнүндөгү темага өттү. Ошентип келип, айылдагы кыздардын ичинен сүйгөнүң барбы
деген суроого такап, оң жооп алалбады. Акырында деги, бүткүл Талас өрөөнү боюнча
көңүлүңө жаккан кыз барбы деп сурады. Ооба, Көсөлдүн жүрөгүнө чок салган селки
жок эмес эле. Турмушта ашкере сулуу селки, алдына ат салбас күлүк, адамды таң
калтырган өнөрпос аз бекен, аларды көргөн жан суктанат, кумар болот. Бирок ошонун
баарына көңүлдү ээликтирип, кол сунууга болобу? Мындай суроо Көсөлдүн жүрөгүнө
Салыктын үйүнө баргандан бери, ачык айтканда АГгдай менен көздешкенден берн
орноп калган. Бул эмне? Сурообу, ашыктыкпы? Суроо да, ашыктык да беймазалыгы
жагынан окшош эмеспи. Мурда мухаббат эмне экендигин өз башынан өткөрбөгөн боз
улан биринчи жүрөк сырын башкаларга айта албай, ыйык нерсе катары көңүлүнө
сактаган. Ашымдын азыркы суроосу анын катылган сырын чукуп алды. Минтип
эзилишип сырдашып отурган кишиден оюңду кантип жашырасың. Бирок аны кантип
түшүндүрүү керек.
Көсөлгө кандайдыр бир ой түшүп калгандыгын Ашым сөзди:
— Айт, садага. Менден жашырба. Эгерде сени жакшы көрбөсөм, сага кызмат
кылып, мага эмненин азабы? Эч болбогондо өзүң ашык болгон моймол көздүн атын эле
айтып койсоң...
— Айдай!! — Көсөлдүн оозунан кыздын аты менен . кошо, жүрөгүн беймаза
кылган суроо — ыйык сөзимдин илеби сүрүлө чыкты. Суроо деп эсептегени
мухаббаттын чалмасы экендигин, ошол чалмага чатышын калган боз уланды сууруп
чыккан Ашым болгондугун Көсөл эми билди.
— Сонун ат экен! — Ашым тамшанды.— Өзү да атындай көйкашка чыгар! Баса ал
кайда? Дүйнө жүзүндо Айдай аттуу кыз бар экендигин уккан эмесмин.
— Бар. Күндүн чыгышында...
— Салыктып айлындабы?
— Ооба.
— Кимдин кызы?
— Сен атаган кишинин...
— Болду эмесе, колуңа тийди дей бер. Атасы менен атаң дос, өзү менен сен... Мен
болсом арачы. Жыргал!— Ашым атын теминип койду.
— Андай болбойт. Ишениңиз Ашыке, менин сөзүмдү бир гана сиз билиңиз.
— Эмне үчүн? Мына кызык. Айдай эрге тийбегендө дүйнөдөн так өтмөк бекен?
Айтсаң, так өтөм дедиби?
— Аны сураганым жок.
— Баласың! — Кыздар арамза болот, сүйүц турса ачык айткандан айбыгып
унчукпайт, же калп эле жок деп жооп берет. Шигит болсоң, жок дегенде жоопту уккан
сайын өрчүй бер, жеңиш сеники!
— Эч нерсе чыкпайт.
— Мөн сага түшүнө албадым. Ашым наалыды — деги ошонун кыз экендигине, кыз
болсо да, он эки мүчөсү соо экендигине ишенесиңби жана аны каалайсыңбы? Сен мени
кур делбелентпей оболу ошону айтчы?
— Мен аны өзүм да түшүнбөймүн. Билесиз го, менин атам менен анын атасы
көптөн бери дос болушса да, экөөнөн башка үй-бүлөбүз ушул убакка чейин
бирбирибиздикине катташа элек. Мен бая күнү жайлоого Салыкемдикине кымыз ичип
дем алып келүү үчүн баргам.— Көсөл Суусамырга жеткенде Салыктын айлындагылар
эки райондун малчыларынын оюнтамашасына кеткендигин угуп, өзү да ошол жакка
жөнөгөнүн айтып берет.— Эл көп чогулуптур. Карылар, жаш жигиттер, келинкыздар
өздөрүнчө, топтоп болушуп, атчан тегерек тартып турушат. Мен атымдын башын
кызкелиндер тарапка бурдум.
— Азаматсың — деди Ашым.
— Барганым барган, бирок кызкелиндердин арасына кошула албадым, эл
сыгылышып турган экен. Элдин баарынын көзү эңишип жаткан эки азаматта, меники—
кызкелиндер жакта. Аларга мурда мынчалык кызыкчу эмесмин, бу жолу мага эмне
болгонун билбеймин. Көзүм бир жерге токтобойт, кимдир бирөөнү издегенде тегерете
караймын. Баары да татынакай — кыздары да, келиндери да. Бир маалда аркы четте
турган кара тукаба бешмантчан, кызыл жоолукту кайра тартып буунган, тамылжыган
кара көз кызга көзүм урунду да, ошону селейип тиктеп калдым. Аты да, өзү да
келишкен. Алдындагысы күмүш ээр токум токулган сымбаттуу тору кашка ат, кыздын
колундагы камчысынан бери жаркыраган оймочийме менен кооздолгон. Ырас, мындай
эскиче жасалга менен жасалган келинкыздар аз эмес болчу. Бирок бул кыз эмне
үчүндүр көңүлүмдү буруп койду. Бир маалда кимдир бирөө жеңимден тартканда гана
чочуп жаныма селт карасам, Салыкем турат. Биз учураштык. Эңиштин кандайча
бүткөнүн билбеймин. Салыкем мени ээрчитип, элди аралады. Менин мингеним ушул
боз ат болучу. Бир топ кишилер мөни, көбүнчө алдымдагы атты тиктеп калышты.
Баягы кыз да мага токтолуп көз чаптырды, ошондо жүрөгумдүн туйлаганын көр.
Көсөл андан кийин кимдер менен жолукканын айтты.
— Баягы кызга жолуктуңбу? Ким экенин билдиңби?
— Жок, ошол бойдон көрбөй калдым.
— Эркек эмес экенсиң.— Ашым ээринин кашын камчынын сабы менен бир
чапты.— Андан ажырагандан кийин Салыктын кызына туш болгон экенсиң го.
— Жок. Салыкем экөөбүз үйгө келгенден кийин гана ошол кыз Салыкемдин кызы
экенин билдим.
— Кудайдын жалгаганы — ай! Сонун болгон экен!— Ашымдын көңүлү эми гана
тынчыды.
Көсөл кыз менен болгон мамилесин айта баштады.
— Экөөбүз биринчи жолу учурашканда эле кыз «окууңду кандай бүттүң» деп
сурады.
— Оо, ал сага сыртынан ашык болгон турбайбы, болбосо, сени кайдан билет эле.
— Андай эмес, аларда биздин үй-бүлөнү н сүрөтү бар экен. Айдай мени
оюнтамашанын убагында эле тааныптыр.
— Демек — оюнда эле сен анын көңүлүнө толуп калган экенсиң. Охо, андай болсо
кыйын кыз экен! — Алар айылга жетип келгендиктен, Ашым атынын башын тартты.—
Менин ичим бышып кетти. Айтчы, өптүңбү?
— Жок.
— Эмчегинен кармап тамашаладыңбы?
— Жок.
— Жигит эмес экенсиң.— Ашым нааразы боло түштү,— деги эмне деп
сүйлөштүңөр? Сен алам — деп, ал тием — деп айттыбы?
— Биздин сөзүбүздүн тыянагы: экөөбүз тең окууга баруу жөнүндө убадалаштык —
деди Көсөл.
— Балалыгың башыңан чоң экен. Кыз шаарга барса, сенден дароо эле айныйт. Анда
инженер, техник, окумуштуулардан сага жол тиеби? Хахаха!
— Сиз менй шылдыңдайсыз...
— Мен сен үчүн кам көрөм. Эгерде ошол кызга ашык болгонуң ырас болсо, аны
колдон чыгарбоо керек.
Көсөл унчукпай, ойлонуп калды...
Мамбеткул Ашым алып келген жаңылыкты кубаныч менен укту.
— Уулуңуз менен Айдай абдан сүйүшүп калыптыр. Кыздан кала турган көрүнбөйт
— деди Ашым өз пикирин кошумчалап.
«Экөөбүз тең окууга бара турган болдук» деп,/боз атты Салыкка ыйгарып калышынын
себеби — ошол экен го деп, Мамбеткул да ойлонуп калды.— Үйлөндүрүү керек.
Баштаган ишти аягына чыгармайынча жаным жай албайт — деди Ашым.
Мамбеткул жооп кайтарган жок.
— Калыңым жетпейт — деп чочуп турасызбы?
— Кеп, калыңда эмес — деди Мамбеткул кеп эмнедө экендигин ачык айткан жок.
Мамбеткул ойлонуп калган себеби — Айдайды мурда көрүп жүрсө, ага назар салбаган
экен. Ал бир секелектеген эрке кыз көрүндү эле, кокус ийне сайганды билбеген чоркок
болсо, кемпир экөөбүздун шорубуз — деген ой көңүлүнө келе калды.
Силер дагы жаңы бүлө алууну каалайсыңарбы же ушундай оюбуз бар, буга эмне
дейсиң деп, мага жөн эле кеңеш салганыңарбы? — Ашым тырчый туштү.
— Шашпа, Ашымым! Эмне кылуу керек экендигин сага өзүм айтам. Азырынча,
соодаңды жүргүзүп, камырабай жата бер.— Мамбеткул колун чөнтөгүнө салып, жүз
сомдукту сууруп чыкты.— Ме, бул суусунга...— коюңузчу аксакал! Мен башка белем?
— Ашым анткорлонуп, колун сунду...
«Бала — баланын иши чала» дейт, келин болуучу кызды эң мурун өзүм кадимкидей
сынап көрөйүнчү деген ой менен Мамбеткул жайлоого бармак болду. Мамбеткулдун
оюн Көсөл да, Ашым да билген жок.
жайлоодо
Башынан мөңгү кетпес кырка тоодон энчисин бөлүп, көк жашыл тарткан жайыкты
көздөй куюлушуп түшкөн эгиз төрдүн бири-бири менен кошулууга ынтызар болуп,
чамынып аккан сууларынын чатындагы айыл — Салыктын айлы. Бул жер көбүргөнү
аралаш чыккан көк бетегеси ак саргыл тарткан түркүн гүлдөрү жана малга жагымдуу
дүйүм чөптөрү менен ар качан малчыларды дегдетет. Конушу тегиз, жайыты кенен,
абасы салкын атактуу Муз-Төр ушул.
Күн чыга ар бир үйдөн суйдаң көгүш түтүн булай баштады. Келин кыздар керилтип
желе тартып болгончо малчылар кулунтайын чурулдатып жылкыларын айдап айылга
киришти. Эртең мененки шүүдүрүмдө шымын тизесине чейин түрүнгөн жаш балдар
жылкыларды желеге ийришип, кулун кармашуу үчүн нарыбери жүгүрүшөт. Бир аздан
кийин кулундар желеге тизилип, жылкылар өз-өз үйүрүнө бөлүнүп, өзүнө энчиленген
жердин айланасына жаймажай жайыла баштаганда тоо ичи кайрадан мемиреди.
Эми ар бир үйдөн сабага бышылган пишкектин дабышы күпүлдөп, көңүлдүү
кобурашкан үндөр, шаттуу күлкүлөр угулду. Малчылар жана жайлоого дем алууга
келген кишилер кыдырышып кымыз ичүүгө киришти.
Кишилердин баары айылдын ортосундагы ак үйдө. Төрдө отурган жапалдаш бойлуу,
уурттары буртуйган күлүңдөгөн тегерек көздүү, жээрде сакал, муруттары чычайган
кызыл киши — үй ээси Салык. Ал башкалардан жашы жагынан да, кызматы жагынан
да улуу болгондуктан, өзүнүн жана коңшуларынын үйлөрүнүн да төрүн ээлеши адат
сыяктуу. Анын ылдый жагындагы кыйкыра сүйлөп, кээде санын чаап каткырып
отурган кара сакал — жылкычы Кадыркул. Ага катар отуруп алып, улам кеседеги
кымызды тиктеп коюп, күрүлдөгөн коңур үнүн эркин чыгарып, сүйлөп жаткан, толмоч
кызыл жигит — зоотехник Базарбек. Башкалары Базарбектин сөзүнө күлбөсө да,
Кадыркулдун кубанычтуу кыйкырыгына жана каткырыгына токтоо бербей дуу күлүп
калышат.
Салыктын аялы Курма оттун боюна отуруп алыпг кара чайды ууртап коюп, кымыз
ичкен кишилердин күүлдөгүнө кызыгуу менен карайт. Бул отуруш жайлоочулар үчүн
адат окшосо да, күндө эч болбосо, бир жаңылык жөнүндө сөз болоруна каныккан
Айдай чоң көнөчөктөгү кымызды бошогон кеселерге мелтилдете куюп, «иче бергиле,
сүйлөй бергиле» дегенсип отургандарга чын пейили менен ийилип сунат. Ал эңкейген
сайын талталдап өргөн кундуз чачы кызылдуу аппак жаагын жаба бергенде, аны утуру
сол колу менен далысынан арта кайрып коет.
Бүгүнкү сөз Талас району менен Буденный районунун жайлоочуларынын ат жарышы
жөнүндө. Жарышта буденныйлыктардын тандалган күлүктөрү байгеге илинбей
калганы кымызга кызыган кишилерди намыстантат. Жеңилүүнүн оебебин ар кимиси ар
түрдүү себеп менен түшүндүрүшөт. Бири «Кадыркул саяпкер, сур күлүктү суутуусуна
жеткирбеген экен» десе, экинчиси, «биздө күлүк ат жок» дейт. Базарбек болсо, бул
колхоздо тукуму жагынан күлүк жылкылар көп экендигин, бирок аларды азыр семиз
чабуунун зыяндуулугун, чоң жарышты Октябрь майрамына чейин кое туруу керек
экендигине малчыларды ишендирүү үчүн убара. Ал күзүндө мелдешти уюштуруп,
байгеге өз чөнтөгүмдөн миң сом коем десе,
Кадыркул аябай кубанып — бали, жигит экенсиң! — деп кыйкырат.
Малчылардын сөздөрү шаардан жаңы келген студент Бекенге гана өзгөчө туюлат. Ал
ким сүйлөсө, күлсө, кымызды дем албай жутса ошону карайт. Башкалардын колунда
кесе болсо, Бекендин колунда — чай пияла. Ал быйыл айыл чарба институтунун
4курсунда окуйт. Базарбек болсо, ал институтту быйыл жаңы бүтүп, колхоздо зотехник
болуп иштеп жатат. Экөө институттун алгачкы жылдарынан бери бири-бири менен дос
болгондуктан, Базарбек аны быйылкы жайды бирге өткөрүү үчүн чакырып алган.
Бекенге жайлоонун салкындыгы сууктай сезилет. Кымызды көп ичүү өзүнчө
түйшүктөй көрүнөт.
Айдай алдыртан көз жүгүртүп, Бекендин таңыркоосун байкап акырын гана жылмайып
коет.
Ушунча кишилердин ичинде сөзгө да, күлкүгө да кошулбай, күчүн кымыз ичүүгө
жумшап, ойлуу отурган — Салык. Анын көзү кеседе болгон менен, кулагы элде.
Отургандардын сөзү түгүл, көз караштарынан бери байкайт.
Буденныйлыктардын жеңилиши баарыдан да Салыкка катуу тийди. Ал ат чабабыз деп
күүлөнгөн жылкычыларды да, аларга уруксат бербеген зоотехникти да жактырбайт.
«Кайран гана боз ат! — дейт ал ичинен, ээрдин кесе тиштеп,— боз ат колума тийсе,
таластыктарды көрөр элем...»
Боз атты ойлогондо Мамбеткул эсине түшөт. Ал эмне үчүн жооп бербейт? Же атын
ыраа көрбөйбү? — деген суроолор менен ого бетер беймаза болот, капаланат. Кээде
кесесин жерге коюп, оор үшкүрөт. Бул кайгысын башкалар байкап калдыбы дегенсип,
айланасындагыларды карайт. Бирөөнүн ички дарты менен алардын иши барбы?
Баарынын ой пикири жарышта. Жалгыз гана ыйманы ысык студент бала алардын
күүлөнүшүнө кошула албай, ыңгайсызданып отурат. Айдай эмне үчүндүр баланы көп
тикгейт. Бул эмнеси! Байкаган кишилер сөз кылышпайбы? Салык кызынын көңүлүн
буруу үчүн тамагын жасап жөтөлүп, аны акырая карайт. Бирок анын көз карашы
Айдайга таасир бербейт.
Китпилер ордунан козголо баштады. Салык мейман баланын көзүнчө тымпыйып
отурууну орунсуз көрүп, сөзгө кошулат.
— Шашпагыла! Бизге да көзек келер...
— Туура айтасыз — деген үндөр угулат.
— Кана жигит! Кымызды көтөрүшөлү.— Салык көздөрүн күлүңдөтүп, эң
ырайымдуу кебетеси менен Бекенге кайрылат.— Кана, кары киши менен дем албастан
ичишип көрчү!
Бекен ага башын ийип коюп, чыныны оозуна кармайт. Чалдан калба дегенсип, Айдай
бакырая тиктейт. Бекен намысына чыдабай чай чыныны араңдан зорго жутуп, Салыкты
карап, анын кесеси бая эле бошоп калганын көрүп, кызарып кетти.
— Эч нерсе эмес. Көнүп кетесиң — Салык аны сооротуп койду.
Элдпн акыры болуп, Базарбек менен Бекен кетишти.
Салык үйүндө ээн калгандан кийин жарыштын ызасына чыдабай үйүнө бүк түшүп
жатып калды. Боз ат^ аны биринчиден күлүктүгү менен кызыктырса, экинчиден, камчы
салдырбас ыкчамдыгы жана жанга тынчтыгы менен биротоло арбап салды. Анын
күндүр-түндүр ойлогону — боз ат.
Жайлоонун шааниси жана Салыктын жеке өзүнө таандык көнүмүшү гана аны
кайгынын көлүнөн пробкадай калкытып чыгарат.
Салык бармактайынан мал менен өсүп, беш бармак менен кымызга аябай көнгөн адам.
Башына кандай гана ой, же кайгы түшпөсүн, апетити бир калыпта турат. Эртең менен
турганда жылытмага тоюп алып, жылкыларды аралап көргөнчө тамагы боюна сиңип,
суусай баштайт. Ошондо гана малчылар менен чогуу отуруп, чоң ичикти кымтыланып,
тебетейин баса кийип, отту чоң жактырып коюп кымыз ичишет. Бою ымшып,
чекесинен чыпчып тер чыкканда, колуна тийген кесени токтотуп турбай, биринин
артынан бирин бошото берет. Мындай учурда ал күнүнө эч болбогондо кырк кесе
кымызды кебелбей ичип, эртең мененки жылытма, түшкү куурдак жегенине
карабастан, кечки тамакка кадыресе кошулат.
Карыялар «аш турган жерде дарт турбайт» деп айтышат. Бул ырас. Салыктын
тажрыйбасына караганда аш турган жерге дарт түгүл, кайгы да турбайт. Кимдеким
куру кайгыдан качам десе, кандай гана шартта болбосун, тамактан өксү болбосун жана
мүмкүн болушунча көбүрөөк ичишсин.
Айдай быйыл 10классты бүттү. Эмки максаты Фрунзеге окууга бармак. Өзү эс
тартканы атасы жылкы фермага башчы болуп, дайыма мал менен жүрүп, мал көзүнө
ысык көрүнүп калганбы, айтор ал кийин ВУЗду бүткөндөн кийин мал чарбасында
иштөөнү эңсейт. Анын ою — ветврач болуу.
Кызга мал чарбасынын адистигин Базарбек да даныма мактап келген. Эми Бекен
келгенден бери Айдай өзүнүн оюна биротоло бекем болду. Кээде апасынын колу бош
болбогондо Айдай бээ саап, Бекен кулундарды салат. Ошондо, же үйдө эч ким жокто
кыз студенттен Фрунзе жөнүндө, жогорку окуу жайлары жөнүндө көп сурайт. Ал
кинолорго, театрларга да кызыгат...
Айдай менен Бекендин мамилеси Салык менен Курмага да белгилүү болду. «Курма —
чалдын куйкасы качан курушар экен» деп күтүп жүрдү. Анткени — үйүнө
имерчиктеген боз балдар көңүлүнө толбосо, Салык алардан оңой эле кутулуучу. Бирок
бул жолу чалдын куйкасы тырышкан жок.
Ал Базарбек менен Бекенди күн аралата конокко чакырып турат. Аларга төшөнчү
салынуу, дасторкон жайылуу.
— Ушундай да берекелүү, ак көңүл киши болобу — деп, Бекен ага аябай ыраазы
болот.
— Токто! — Базарбек ээгин көтөрүп күлүп коет.— Бул кишинин сырын
айылдаштары жакшы билишет. Ал каалаган кишисине гана жакшы.
— Ошонусу жаманбы? — Бекен ага моюн бербей Салыкты мактай берет...
Барабара Бекен алардын үйүнө чакыртпай эле келе турган болду. Анын кыз менен
сүйлөшүшү, бээ саадыртышы, биригип гүл териши эч кимге ээн учурабады. Экөөнүн
жолуккандагы биринчи сөзү:
— Сен окууга барасыңбы?
— Сен мени ала барасыңбы?
Зкөөнүн ооздорунан «ообадан» башка жооп угулбайт. Кыздын окууга кетишине Атаэне да макул болушту. Ал түгүл камылга башталды. Салык акча топтоого киришти.
Курма кийимкечелерин камдай баштады.
Бирок, жайлоодогу таттуу мамиле көп кечикпей эле өзгөрүлдү. Бул Мамбеткулдун
келишинен башталды.
Жаңы гана кеч кирген. Салык адатынча үйүнө Базарбек менен Бекенди конокко
чакырып, ынак кымыз менен сыйлап, от боюнда отурушкан. Бир маалда сырттан аттын
дүбүртү, анан.
— Ким бар? — деген дабыш угулду.
Салык жакасын карманып, ордунан тура калды.
— Оо, кудай! Макемдин үнүбү?
Үйдөн Салыктын дабышы чыкканда Мамбеткул аттан учуп түшүп, үйгө кирди.
— Салыке!
— Маке!
О, чиркан, кадыры сиңишкен достор үчүн сагынышуу кандай кыйын! Экөө эшик
алдынан беттеше түшкөндө бирибирине кучагып жайып, кол кармашпай эле
кучакташып, уйпаланган сакалдарынын түбүнөн жытташып, эзилишип туруп калышты.
Мамбеткулдун көзүнөн чууруган жаш Салыктын мойнуна шорголоду. Салык андан кем
калсынбы! Бир жактан боз ат эсине түшүп, эчкирипэчкирип жиберди. Буларга эмне
болгон деп Базарбек менен Бекен элеңдеп ордунан тура калышты.
— Койгула, жарыктыктар! — Базарбек эпсиз баржайган күчтүү колдору менен
экөөн эки жака дагдаңдатып бөлүп койду.— Жакшылыкка ыйлаган жарабайт.
Алар дароо көздөрүнүн жаштарын суртүнүп, отту тегеректеп отурушту. Мамбеткул
ошондон кийин гана башкалар менен учурашты...
Мейманга аталып бир кара козу союлду. Үйгв Кадыркулду да чакырышты.
Чоң казанда эт боркулдап кайнап жатат. Мамбеткул кымызды ичеиче кызый баштады.
Салык жакадагы жаңылыктарды, Мамбеткул андан тоодогу тамашаларды сурай берип,
башкаларга сүйлөө үчүн көзек жетпеди. Бирок, алар өздөрү сөзгө катышпаса да, эки
достун аңгемесин кызыгып угуп отурушту.
Курма алыскы айылдагы бир тууганынын үйүнө айылдап кеткендиктен үй
тиричиликтин баарын Айдай аткарды. Мамбеткулдун кулагы, көзү Айдайдан бурулган
жок.
Кыз тамактарды меймандардын алдына ирети менен тарта баштады: алгач бал кымыз,
анын соңунан жаш эттен куурулган майлуу куурдак. Аңгыча керчөө даяр болду.
Кечикпей эт да бышты. Айдай эң мурун куйрук менен боорду чыгарып, кыя кести да,
туздуу чык аралаштырып, меймандардын алдына койду.
— Кана алыңыз?
— Алыңыз?
Мамбеткул даамдуу оокатты бурдап жатып, кызга өз ичинен абдан ыраазы болду:
«Капырая, азыркы кыздардын ичинен үйоокатынын жайын ушунчалык билген кыз
чыгат экен го!»
Тамак желип бүткөндөн кийин ардактуу меймандан башкалары үйлөрүнө тарашты.
Салык досу экөө ээн калышты.
Ар бир нерсенин чечилиши көңүлгө байланьпптуу Муну Салык абдан жакшы билет. Ал
эми көңүлгө жа шы тамак жана чын ыкласы менен сыйлоо жагат. Мам беткулдун
бүгүнкү дилберлиги, терисине батпай кубаныч туу отурушу Салыктын күткөн
максатынын орундалыш үчүн табылгыс шарт. Кана, Салыке, темирди кызуусунда сок!
— Маке, сага катуу таарындым эле.— Салык сөзү башка жактан баштап алып,
өкүнүп, аны төзирээк бү түүгө ашыкты.— Бирок, бул келишиңизге жүрөгүм элеп
желеп, бир жакшы сөз укчудай делбеленем.
— Мен ушундай дээриңди билдим эле. Экөө бир аз отургандан кийин атты кое
берүү үчү
эшикке чыгышты.
Ай көтөрүлүп калган. Асман ачык. Мамыда байланып турган боз атты көргөндө Салык
жым дей түштү. Жанына барып, мойнунан сылап, каткан терлерин кырды Мамбеткул
аттын ээрин алганда, досу мамыдан чылбьц ды чечип, жетелеп жөнөдү... Атты үйдөн
обочороок жөк телеп барып, тушап кое беришип, кош аяктап секирии коюп, оттоп
бараткан күлүктү ээрчий карап турушту. Мамбеткул «ээ, жаныбарым, бир ажатка
жарар бекенсиң» деген ниетте, Салык «канткенде колго тиесиң» деген үмүттө болду.
Алар үйгө киришкенде төшөк даяр эле. Бирок жатууну эч кимиси каалаган жок. Ар
бири ички дартын айткысы келет. Бирок аны эмнеден баштоо керек? сөздү дагы; болсо,
Салык баштады:
— Маке, биздей кыйышпас дос табылбас, ээ?
— Ооба. Табыларына көзүм жетпейт.
— Менин максатым,— Салык көтөрүлө сүйлөдү.— Ушул достугубузду мындан
ары күчөтсөк.
— Туура айтасың Салыке! Сен тим эле менин ичиме кирип-чыккансып сүйлөйсүң.
Анык достордун пейиля ушундай болот.— Шылтоо таба албай турган Мамбеткул сөзүн
чууртту,— Биздин атыбызды неберелерибиз жана чөбүрөлөрүбүз сыймык жана урмат
менен эстей тургандай болсок!
— Ой, атаганат, десеңчи! — деди Салык күрсүнүп,— Ага жетер күн кайда? Бирок
биз ошол атакка жетебиз; Сөзсүз жетебиз.
Ошол атакка жетүү үчүн бирине боз ат, бирине кудалык шарт сыяктуу. Ошону үчүн
сөздүн көзеги келгенде экөө тең өз тилегин айтууга ашыгышты.
— Салыке, мен сизге ыймандай сырымды айтайын...
— Жок, мен айтайын.
— Мен...
Айдан тиги экөөнүн сөзүнө кызыгып, отту ичкеретип коюп, от богонда отура берди.
Биринчи сүйлөөнүн көзеги Салыкка тийди.
— Менин саламымды уулуңдан уккандырсың. Көсөл кагылайындын
адамгерчилигине ыраазы болдум. Туура эле өзүңдү тартыптыр.
Кудалык жөнүндө оозу батынбай отурган Мамбеткул баласынын Салыкка жакканын
укканда кубанып, аны ого бетер мактады. Бирок Салыктын саламдубасы жөнүндө ооз
ачпайт.
— Саламыңызды унутпаймын. Атама айтып барам деп, кайракайра убада берди
эле. Мындай кичи пейил болорбу,— деп Салык ат жөнүндө дагы бир жолу
түкшүмөлдөдү. Бирок, Мамбеткул чалдырбай тургансыды. Эгер ага сөздүн кезеги
тийсе эле, атын куткарып калчудай кейпи бар. Кой, сөздүн ачыгына көчпөсө болбойт.
— Оо, асыл досум! Бир атыңа тең боло аламбы? — Ал чөк түшүп көзүн
жалдыратты.
— Ат кеппи! — Мамбеткул да чөк түшүп, ага мойнун ийди.— Руксат болсо, мен да
өз ниетимди билдирсем...
— Эң мурун ат жөнүндө болсун! — деди Салык алдын ала эскертип.
— Ат түгүл башым тартуу.
— Эмесе мудатыңды айт! — Салыктын көңүлү эми гана тынды.
— Кыйышпас дос элек, Салыке! Эми камыржумур куда бололу?
Салыктын башы шылк дей түштү. Айдайдын тулку бою бөзгектей титиреп, сыртка
чыкты. Анын иреңи бозоруп, атасынан кандай жооп чыгарын күтүп, демин ичине алып,
үйгө сүйөнө туруп калды.
Кудалык деген сөз досуна катуу тийгенип Мамбеткул түшүндү. Ошондуктан аны
жоошутуу үчүн акырын шыбырады.
— Чочубай эле кой. Бул сыр эч кимге айтылбайт. Бизди кудалык үчүн эч ким
күнөөлөй албайт. Себеби — балдар бири-бирине көңүлдүү экен, сүйдү тийди деп
коебуз. Эгерде калыңына ат алды деген сөздөн чочусаң, анын амалын да табалы. Ат
менде тура берсин кийин аларсың...
Салык менен Мамбеткулдун шыбыры өтө акырын болгондуктан, сыртка угулган жок.
Алардын сөзу Айдайга
табышмак болуп калды.
Мамбеткул дүйнө жүзүн үч айланып чыкса да, Айдай сыяктуу келинге жетпесине шек
санаган жок. Салык менен өзү дос, Көсөлдүн каалаганы да жалгыз Айдай бол~ гондон
кийин, карап туруунун кереги эмне, келннди кечиктирбей үйгө киргизуү керек.
Болбосо ал окууга жөнөп кетүү керек же бойго жетип турган кызды башка бирөө ача
качып кетсе, айла эмне болот? Мамбеткул жайлоодон түшөр менен эң мурда магазинге
келди. Ашым аны кубанычтуу тосуп алды.
— Жарыктык, Маке! Көрүнбөй канда жүрөсүз?
— Ээ, балам, тиричилик да...— Мамбеткул кайда бол I гонун жана эмне иш
бүтүрүп келгенин Ашымга айткан жок.— Келинди качан алып келесиңер же Көсөл
экөөңөр «алма быш, оозума түш» — деп отура бересиңерби?
— Сизден уруксат болсо эле биз учабыз? Маке, сибир жакшы кабар менен
келгенсиз го. Кана айтыңызчы: бүгүн аттаналыбы, же эртеңби?
— Бүгүн...
— Мына, сиз ушундай алтын кишисиз. Тоюңуз даярбы? Шашып калып жүрбөйлү...
— Шашпайбыз.— Мамбеткул жадыраган көз карашы менен жооп берди.— Сен
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 30
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов