Latin

Атай - 28

Общее количество слов 3917
Общее количество уникальных слов составляет 2110
29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
оңдонуп отуруп, камчыны дагы Бир-эки жолу басып алгандан кийин эшек эсине
келгендей кыдыңкыдың жоргосуна түштү. Мамбеткул аны дал ушул учурда көрүп,
«байкуштун иши оңунда окшойт» деп ойлонду. Бирок эшектин жоргосу баары бир
ээсинин көңүлүн ача албады. Карабек үйүнө капалуу түштү.
Жаш балдардын иши эмне, таттыга кызыгып, «атам дагы сатып келет» — деп, өз
алдынча кужураша баштады. Кызыл жүгүрүктүн азабын тарткан аялы Канчайым
күйөөсүнүн табы жоктугун жакшы түшүндү. Ал соодасы жакшы өткөндө дайыма
жадырап келүүчү эле.
Канчайым сол бутун сүйрөй басып, күйөөсүнүн алдына дасторкон жайып, чай койду.
Дасторкон кадыресе берекелүү: көмөч менен каймак, кант алдында жайнап турду.
Карабек үңкүйүп отуруп, кара чайды узакка чейин ичти.
— Минтип жүрүп, балачаканы бакмак түгүл өзүң да дартка чалынасың го. Эп
менен элдин алдына чыкканыбыз кана? Кайра жарыбай баратабыз. — Канчайым
күйөөсүн карап үшкүрүп койду. — Ушу соодага кызыкканды койсок кантет?
— Ээ, байкуш, мен эле ушуга кызыгып калыптырмынбы? Акча тапсам деген далбас
да.
— Далбастан эч нерсе өнбөйт. Колхозго эле жакшылап иштейличп. Биздей эле
кишилер сонун жашап жатышпайбы?
— Мен активдердин баары менен урушуп, бетим чиркөөлөнүп калды...
— Чиркөөлөнгөн менен колхоздон башка арга жок,— деди аялы.
Карабек дагы бир топко чейин ойлонуп отурду да, бетин жыйрып, кабагын чытып
алды:
— Колхоздо иштөөнүн да жөнү бар. Көрүнгөн жумушка далбастай берген менен
болбойт.
— Кандайча?
— Мен мурдагы айыптарым үчүн колхоздон эң оор жумуш сураймын.
— Андай жумуш жок да. Кыйын иштердин баарын машина аткарат. Сага кайсы...
— Мага чочко багуу да калбайбы?
— Койчу! — Канчайым чочуп кетти.
— Койчумойчусу жок эле мен чочко багам.— Карабек эми чечилип сүйлой
баштады.— Эсиңдеби, мен со-гушта жүргөндө чочконун эти менен жан сактадым.
Силер жийиркенсеңер анын этин жебей эле койгула. Мен аны өзүм эле багам, сен
жанына жолобо.
Канчайымдын көңүлү жибиген жок. Карабек акырында аялынын өзүн айыптай
баштады.
— Чочко жаман болсо, эмне үчүн анын майын тизеңе тартып жүрөсүң. Сопусунган
далай кишилер көкүрөк оорунун азабынан чочконун майын суудан шимирип
жүрүшпөйбү? Дарылыкка жараган май жегенге жарабайбы.
— Мейлиңчи эми, иштесең иште. Колхозубуз менен эле бололучу,— деди
Канчайым...
Эртесинде Карабек чочко фермасында иштөө үчүн колхоздун башкармасына барды.
Арыз чукул каралып, ал фермага алынды.
Башкарма Карабектин абалын эске алып, аванс иретинде эгин жана май бердирди.
Аялына көпчүлүктүн чогулушунан акча бөлүнүп, акысыз путевка сатып берип, ЖалалАбад курортуна жөнөтүштү.
***
Мамбеткул менен атаандашуучулардын беделдүүсү Карабек да ошентип жолдон чыга
берди. Эми көрүнүктүулөрдөн жалгыз Мамбеткул калды. Бир колхоздон бир киши
көзгө түшпөйт эмеспи...
Бир ажатка жарар — деп, белгилүү күлүк боз атты сатып алды. Боз ат район боюнча
алдына ат салбаган күлүк. Эгерде саяпкери келишсе, ал Талас өрөөнү боюнча биринчи
күлүк болушу да этимал...
Мамбеткулда кышка чейин ончакты жандык токтотун алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мамбеткул колхоздун мүчөсү болуп туруп, иштебей коюуга эртедиркечтир тыюу
салынарын жакшы билүүчү. Ошондуктан акчаны көбөйткөндөн кийин мал курап алып,
соодасатыкты токтотмок. Боз атты сатып алышы анын бул максатынын ишке аша
башташы эле. Бирок, өкмөт менен партиянын айыл чарбасы жөнүндөгү кийинки
токтомдору, айрыкча, айыл чарба артелинин Уставын кайра кароо жөнүндөгү чечими
Мамбеткулдун тынчын алды. Уставды жергиликтүү жерлер өздөрүнүн шартына
ылайык оңдошсун деген жери, кээде өзүбүздүн каалообуз боюнча кабыл алынат го
деген үмүткө такайт. Бирок жаңы Уставды кабыл аларда Мамбеткулга мыят
болуучулар өтө аз сыяктанат. Ал Карабектин эски кесипти таштап кетишине өкүнөт,
ага башында эле жардам берип, аны үйрөтпөгөндүгү үчүн өзүнө өзү ачууланат.
Мындай иштерде этияттанмайынча болбойт. Мамбеткул ушул токтом чыккандан бери
колхоздун иштерине көбүрөөк катышып; бригадир Мамбетке көбүрөөк каяша берүүнү
токтото баштады. Эми Мамбет да анын кырына чыгып алды. «Айтпадым беле, колхозго
үстүртөн мүчө болуп алып, өзүнүн жеке иштери менен жүрө берүү болбойт да. Совет
өкмөтүнөн айланса болот. Мына адилеттик» — деп, дайыма бакылдап жүрүүчү болду.
Бир күнү колхоздун жалпы жыйналышы чакырылды. Мамбеткул кокус кол көтөрүүдө
керек болуп калса, пайдасы тиет деген ниет менен аялын да ээрчитип алды.
Колхозчулардын бүгүнкү кыймылы дегеле жандуу: экиэкиден, же топтоп болуп,
огороддун аянты, жеке менчиктеги малдардын саны жөнүндө эле кобурашкан кишилер.
Клубга эл адаттан тышкары көп чогулду.
Чогулушту председатель Иманбай ачты. Иманбай гимнастеркасынын сыртындагы
курду бекем тартып, жакасынын топчусун чыгарып, учууга даярданган бүркүтчө
обдулуп коюп, сүйлөп жатты.
Президиумга парторг Сман, Мамбет жана Карабек шайланды.
Колхоздун жаңы Уставын кабыл алуу боюнча докладды председатель Иманбай жасады.
— Жолдоштор! Өкмөт менен партия айыл чарбасын жогорулатуунун чараларын ар
тараптан көрсөтүп жатат. Бирок, моюнга алуу керек, биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө
карабастан, партиянын ошол чараларын жана көрсөтмөлөрүн аткара албай олтурабыз...
Биздин колхоздо мал чарбасын өстүрүүнүн планы, айрыкча алардын продуктуулугун
көтөрүү жылдан-жылга аткарылбай келе жатат. Малда чыгаша көп... Тоюттар толук
даярдалбайт. Эгиндин түшүмү төмөн.
Иманбай бир топ фактыларга токтолуп өттү.
— Мунун бардыгынын негизги себеби эмнеде? Себеби мына мында. Бизде эмгекти
уюштуруу иши жолго коюлбагандыкта. Муну эч ким тана албайт. Эгерде
колхозчуларыбыздын теңинен көбү баштыгын көтөрүп алып, базарды көздөй чууруп
жүрүшсө иш кантип жакшы болсун. Бирок биз ошондой кишилер менен жетиштүү
түрдө күрөшө албадык. Себеби — алар эмгек минимумун аткарсак болду — деп каяша
беришет. Экинчи жактан, өз малдарынан колу бошобогонун айтсаң, бизге Устав жол
берген — деп коюшат.
Эл арасында кобурсобур үндөр чыкты.
— Тынчтангыла! — деди Сман столдон тура калып.
— Демек — эски Уставды кайра кароо зарыл экендиги биздин колхозубуздун
алабалы негизинде эле көрүнүп турат. Биз жаңы Уставды кабыл алуу менен баарыдан
мурун Мамбеткул сыяктуу базарчыларды тыйып, туура жолго салабыз.
Колхозчулар Мамбеткулду жаңы көргөнсүшүп, жабыла талтеп калышты. Мамбеткул
көп көздөрдөн жалтанып жер карады.
— Мамбеткул колхоздун мүчөсү, ошондуктан ал колхозго аз иштесе да, көп иштесе
да эски Устав боюнча 30 сотых жерге ээ. Эмгек минумун аткарса эле болду. А
Мамбеткул бир бутылка арак менен болсо да 100 эмгек күндү таппай койбойт.
Ошентип ал иштебесе да тиштейт. Малы менен канаттуу куштары да колхоздун
эсебинен багылат.
— Башкарма бул эмне дегениң! — Мамбеткул чыдай албады.— Шаңы токтом мени
колхоздон чыксын дептирби? Законду биз деле билебиз. Өкмөт элдин турмушабалын
бардык жактан жогорулатсын деп жатпайбы!
— Шашпаңыз!—деди Иманбай ага сөөмөйүн сунуп.— Сиздин сурооңузга да
келебиз. Шашпаңыз.— Ал элге кайрылды.— Мамбеткул кара жанын карч уруп, аялы
экөө базар сайын, кээде базар эмес күндөрү деле тоогун, өрдөгүн, айранын, сүтүн,
кымызын, малынын төзегинен бери сатып жүрүп жанын багышат. Андан колхозго
тыйындай пайда жок. Бирок, ал колхоздун пайдасын көрүп жатат. Буга чыдоого
болобу? Албетте болбойт: Бизде Мамбеткулдун жолун жолдоп, колхоздун ишинен
тайсалдаган кишияер аз эмес. Эгерде алар Канымжан, Турусбек, Жүзүбалыга окшоп, ак
ниеттүулүк менен иштесе колхоздун чарбасы жогорулап, өздөрүнүн кирешеси да
көбөйөр эле.
Иманбай жаңы токтомдун маанисин түшүндүрө баштады.
Колхоздун башкармасынын заседаниесинде кабыл алынган жаңы Уставдын долбоорун
Сман окуп берди. Колхозчулар долбоорду көңүл коюп угушту.
Чогулушта көбүнчө өздөрүнө бөлүнөр жердин көлөмү, малдардын саны жөнүндө кызуу
талкуу башталды. Биринчи болуп Карабек сүйлөдү.
— Мен көп сүйлөөнү каалабайм, ток этер жерин айтайын. Бул эң сонун токтом
экен. Биздин караганыбыз, көздөгөнүбүз, максатыбыз — колхоз болгондон кийин,
бардык күчтү ортолук жумуштарга жумшайлы. Мен жеке чарбага кызыгуунун зыянын
өз керт башыман өткөрүп бплдим. Менин оюмча ар бир үйгө 20 сотых жер бөлүнсүн,
колхозго начар иштегендерге 10 сотыхтан ашык берилбесин. Малдан болсо, бир уй
жетишпейби? — Карабек элге кайрылып «жетишпейби?» — деп дагы бир сурады да
ордуна отуруп калды.
Мамбеткул аны сөккүсү келди, бирок дагы ким эмне аптар гкен — деп сабыр кылды.
Жүзүбалы сөз алды. Ал колхоздо жыйырма жылдан бери уй багат.
— Карабек, сен бир нерсени айтпап кеттиң. Жаңы Уставда ар бир эмгекке жараган
эркек 25О, аял 200 эмгек күн тапсын дегенине мен кошуламын. Аны таппагандардын
огороду кыскартылсын. Бизге бир музоолуу уй аздык кылат, дагы бир жылкы
күтүшубүз керек. 10 тубар кой жетиштүү деп ойлойм, ага кошумчаалымчам жок.
Орундардан Жүзүбалыны кубаттаган дабыштар угулду.
— Жолдоштор! Эмгек тартиби жөнүндө көбүрөөк айткыла! — Парторг Сман
ордунан турду.
— Баса, менин бир сөзүм калыптыр—деди Жүзүбалы.
— Айтыңыз.
— Базарга жумасына бир күндөн ашык баруучуларга тыюу салынсын!
— Андай көрсөтмө жок.— Мамбеткул капталдан чыкты.
— Көрсөтмөнү өзүбүз кабыл алабыз.— Мамбет ордунда отуруп жооп берди.— Мен
Жүзүбалыга кошулам.
Колхозчулар, айрыкча базарчылар күбүршыбыр боло түшүштү.
— Жумасына бир күн... бизге аз.— Бир аял туура туштан чыга калды.— Базарсыз
жансактоого мүмкүн эмес.
— Мага сөз бергиле! — Мамбеткул эми гана ордунан козголду.
— Сүйлөңүз.
— Жолдоштор! Жаңы Устав боюнча менчиктүү малдардын санын азайттык. Эми
базарлоону тыйсак, бизге сөзсүз кыйынчылык келет. Ойлогулачы! Биздин колхоз
байлыгы жагынан начар колхоз, алган эмгек акыларыбыз бизди канааттандырбайт.
Ошондуктан, базарлоону тыюуга эч кандай мүмкун эмес...
Эл ушунун сөзүнүн жөнү бар дегенсип, МамбеткулДун айтканын көңүл коюп угушту.
— Болдуңузбу? Отуруңуз! — Сман ага токтолбой жооп берди.— Эгерде
базарчыларыбыз өздөрүнүн керт башына пайдаланган убакытты жана эмгекти колхоз
үчүн жумшаса, биздин ишибиз канчалык илгерилээр эле. Түшүм да ошончолук көп
болуп, силерди канааттандырмак түгүл, керегиңерден ашып калар эле. Алдыңкы
колхозчуларды карап көргүлөчү! Базарга барбаса да, базарчылардын баарынан
оокаттуу турат жана алар эл арасында канчалык кадырлуу!
—' Туура! Туура!
Сөздү Иманбай алды:
— Жолдоштор! Базарчыларга тыюу салынгандан кийин алар бош калышат экен деп
ойлобогула. Биз быйыл 10 гектар жерге коондарбыз, памидор жана бадыраң эктик.
Алар жашылча өстүрүүгө маш эмеспи, мына ушуларды багышсын... Күзүндө алардан
түшкөн акча дагы силерге жумшалат. Колхозго 3 гектар жемиш багын тиктик. Ага да
киши керек. Сүттовар фермасына да мыкты саанчылар жетишпей жатат...
Председателдин сөзү ар бир базарчыны эмес, бардык колхозчуларды ойлонтту.
Добушка койгондо жаңы Уставдын долбоору бир добуштан кабыл алынды. Мамбеткул
кааласа, каалабаса да кол көтөргөндөргө кошулду. Күйөөсүн көрүп, Бурма да колун
созду.
Мамбеткул өмүрүндө кем болгон адам эмес. Эпчилдиги жана камбылдыгы ал үчүн
бактынын булагындай туюлуучу. Өзү күүдөн тайганча башкалар кор болсо да, өзүм кор
болбойм деп ойлонуучу. Бирок азыркы эл кабыл алган, өзү да макул болгон, Устав
мындан ары анын керт башы үчүн эптүүлүгүнүн жана камбылдыгынын жолун бөгодү.
Чиркин Мамбеткул эми кор болор жагына чыкты. Бул ой анын көңүлүн чөктүрдү.
Кулагы кер адамча чыккан үндөрдү укпай мелтиреп отура берди. Мамбеткулдун
тынчсызданганын Мамбет сөзди. Тыным албаган киши бош жүрсө жинди болуп кетер
бекен, буга эми кандай ылайыктуу жумуш табылат. Жумуштун да кичине сыпайыраагы
болсо сонун болот эле — деп ойлоду Мамбет.
Экинчи маселеде уюштуруу иштери каралды.
Кийинки жылдардан бери колхоздо канаттуулар менен чочколор көбөйүүдө. Бирок
алар ушул күнгө чейин уй фермасынын карамагында. Бүгүн канаттуулар менен
чочколорду уйдан бөлүп, өзүнчө ферма уюштуруу маселеси талкууланмак. Мындай
ферманы уюштурууга бардыгы макул болушту.
Иманбай ферма башчысын шайлоого токтолду:
— Мындай кызматка ак ниеттуү жана жеткен чарбачыл адам керек. Кана,
жолдоштор буга кимди ылайык көрөсүңөр?
Мамбет сөз алды.
— Мении оюмча буга Мамбеткул Тыныбеков ылайык. Эгерде ал фермада, өз
чарбасында иштегендей иштесе, биз чочко өстүрүү жагынан район эмес, область
боюнча биринчиликти алабыз.
Кишилер бирде Мамбетти, бирде Мамбеткулду тиктешип, суроолуу карап турушту.
— Маке, бул сунушка сиздин пикириңиз кандай — деди парторг.
Мамбеткул ферма башчылыгын укканда эле жүрөгү болк дей түшкөн. Ал эми менин
күнүм бүттү деп, кайгыга батып отурганда бул кабар аны кайра тирилткендей болду.
Ал актив болуу жөнүндө мурда эле ойлочу эле. Бирок анын оюн эч ким билүүчү эмес.
— Эгерде эл ишенсе, болоюн — деди Мамбеткул акырын гана.
— Мамбеткул жөнүндө эч ким сүйлөбөсө, добушка коелу! — Иманбай
чогулгандарга карады.— Кана, кимдеким Мамбеткул ферма башчысы болсун десе кол
көтөрүшсүн.
Мамбеткул прөзидиум тарапка көз жүгүрттү. Председатель, парторг, Карабек да
колдорун көтөрүшкөн. Айланасындагылардын баары ага ишенгендигин билдирип
турушат. Бир киши да каршы чыккан жок...
— Мамбеткул жашайт! — деди ал өз ичинен күбүрөп.
көңүл тынчыбайт
Баягы соодагерлиги жана сыпаалыгы жагынан таанылуу Мамбеткул чочко баккыч
болуптур деген эки райондун элине желдей тарады. Бул кызматты кай бирөөлөр
чарбачыл киши үчүн ылайык көрүштү, кай бирөөлөрү жактырышпады, эч кандай баа
бербей, жөн эле таңыркагандар да болушту. Мындай алабула пикир Мамбеткулдун өз
үй-бүлөсүнүн ичинен да чыкты.
— Доңузду көргүм да келбейт, ал жөнүндө уккум да келбейт,— деп Бурма
азарманданбөзарман болду.
— Сен кандай түшүнбөгөн катынсың! Мен чочкону бакмак белем, тим эле жонунан
башкарам — деп Мамбеткул бакылдайт.
Бурма күйөөсүнүн сөзүнө соороно тургандай жаш эмес, көптү көргөн, көптү билген,
айылдагы сарамжалдуу аялдардын бири. Үй тиричилик жагы мындаи турсун, сооданы
да Мамбеткулдан кем жүргүзбөйт. Кала берсе кайнага, кайни, абысынажындын
көңүлүн алуу жагынан да мыкты. Элүү жаштын оролуна келсе да, айылдагы
карылардын алдынан кыя баспайт, жолуккан жерден жүгүнгөнүн жазбайт. Кийинки
жылдардан бери, карылыкка баш коеюн дегенби, айтор, кудайга тобо кылып, келме
айтуучу болду. Келмени, сыйынууну, жалынууну жана тиленүүнү жатарда айтат жана
өз башына, же үй-бүлөнү н бирине кыйынчылык түшкөндө көп кайталайт. Бирок
намазды каалабагандыгы же ага чолосу тийбегендиктен экендиги белгисиз.
Ошентип, кудай деген Бурма өзүнүн пайгамбар жашына келген күйөөсүнүн шарият
жолунан чыгып бараткандыгына каршы болбой кое алган жок.
Мамбеткул сыйынуу, жалынууну билбеген бейнамаз. Бирок тамак ичүүнү дайыма
«биссмилла рахман рахимден» баштайт «Оомийин», «аллоакбар» деп да кээде күбүрөп
коет. Бирок аны эмне үчүн айтып жатканын, анын маанисин түшүнбөйт. Ошондой
болсо да адал, арамды ажырата билет, башкача айтканда тамак тандоо жагынан
мусулманчылыкка бекем турат. Мисал үчүн арамдыгы жагынан чочконун, иттин эти
жана арак бирдей. Мамбеткул аны жакшы билсе да, арактан качпайт. Көзи келген
учурда бир стаканды тартып жиберип, «Аллахом дулила — шүгүр» деп жүрө берет.
Мына ушундай адам аялынын шарият жолунан бувулдуң дегенине кайдан ийилсин.
Аны беймаза кылган башка нерсе: аялынын кабагынын ачылбагандыгы. Мамбеткул
кээде өңгүдөңгү сүйлөсө да, киши менен, айрыкча аялы менен катуу урушпайт.
Үйлөнгөндөн бери Мамбеткул Бурмага камчы артылта чапканын айылдаштарынын
бири көрө элек. Аялы же баласынын бири капа болсо, же таарынса, Мамбеткул
алардын көңүлү ачылганча шашат.
Мамбеткулдун беймазалыгын атасы Тыныбектин арбагы ого бетер күчөттү. Тыныбек
өз убагында мекеге барып, ажы болуп кайтып, эшен, молдолор менен чыгышкан,
атактуу адам болгон. Ал киши ашкан таква болсо да, бир кезде бир гана жерден
жаңылган — чычкан түшүп кеткен кымызды «каскак» деп жутуп жиберип, тилоозу жок
жатып калып, араң айыккан. Тыныбектин ушул жоруктары көңүлүнө бекем сиңген
болчу.
Жүрөккө дүпөйүл болгон кайгы башкалар менен ырк кошпогон ичим тап кишилер үчүн
коркунучтуу болот. Мамбеткул канчалык кайраттанган менен бул үрөйдөн кантип
кутулууга акылы жетпеди. Ишенген аялы жакшы кеңеш бермек түгүл үшүн алды. Азыр
ага кара болучу уулу Көсвл дем алып келүү үчүн боз атына минип Суусамырга,
Салыктыкына кеткен. Эгерде Көсөл үйдө болсо, Мамбеткул андан «китепти көп эле
окуп жүрөсүң, айтчы: биздин заманда арбактын кыйыгына калган киши болгон бекен»
деп сурамак. Эми ага ким кеңеш берет. Мындай суроо адатта болбогондон кийин
Мамбеткул эч бир мугалимге же башка билимдүү кишиге батына албады.
Кызматка ыргылжың кароо ишке таасир бербей койгон жок. Мамбеткул ферма башчы
болгондон бери бир айга жакын убакыт өтсө да, чочко багуучулардын жанына барып,
аттан түшпөй кайтып жүрдү. Чочколорду аралап көрмөк түгүл, тике караган жок. Ал
эми фермада өлүмжитим көбөйө берди.
Эски көнүмүштү таштоо жана жаңы адатка үйрөнбөө тынчы жок кишини шалдайтып
таштайт. Мамбеткул баягыдай базарчылыкты да таштаган. Колундагы бээсин сатып
жиберген, арабаны колхозго өткөргөн. Эртеликеч өрдөк менен тооктордун жөжөлөрүн
санап, шымаланып үйүнүн жанында жүрүүнү да койгон. Анын чарбачылык аракеттери
бардык нерсеге кайдыгерлик жана уйку менен алмашылды. Зериккенде гана атка
минип, ферманын жанына бастырып барып, кайра тартат.
Бир күнү күн бешимден ооп калган көзде атына минип, чочко багуучуларды көздөй
илкитип баратты. Үстүндөгү ээси камчыланбаса, теминбесе колхоздун кээ бир аттары
аяктарын санап шилтеп, жөн баспай, жолдун жээгинде чөптү жалмап басат эмеспи.
Ашыкпаган Мамбеткул да эркти атына берип, илкипкалкып отуруп, Карабектин үйүнүн
жанына барып:
— Ким бар? — деп үн салды.
Эч ким чыккан жок. Мамбеткул адатынча чочкокананы көздөй бастырып, бирок ал
жакка карабай, башын тетири буруп өтүп баратканда — Маке! — деген дабыш
кулагына шак дей түштү.
Мамбеткул жалт караса, председатель Иманбай менен Карабек короонун ичинен чыгып
келе жатат. Мамбеткул атынын тизгинин тартканда, аты да оозундагы чөбүн чапнабай,
кулагын тикчийтип коргондон чыккан кишилерди карап калды.
Председателдин иреңи кадимкидей эле сабырлуу, фе масынан качып жүргөн башчыга
ачуулануунун белгис жок, тетирисинче өзү айыптуу кишидей муңайымдуу Карачы,
сенин ордуңа мен жооп берип жүрөм дегенсип Карабек гана аны сурдана тиктеди.
Иманбайдын айыбы мага ишенгендикте, Карабек сенин мага акырая карай турган
жөнүң бар, баарына өзүм күнөөлүүмүн — дегенсип, Мамбеткул аларга түз карай албай
жер тиктеди. Бул убакта председатель менен Карабек эмне десе да жок дебес эле. Бирок
Иманбай анын оюн түшүнгөнсүп, тунжурап тим болду да, атына минди.: Мамбеткул
атасынын каарына калып, айыптуу болго: баладай, башын жерден албай, анын соңунан
ээрчин, отурду.
— Маке — Иманбай артына кылчайды.— Бастырыңыз, тең жүрөлү.
Мамбеткул атын теминип коюп, катарга кошулду.
— Мен силерге башкарма болгонума бир жылдан ашты. Бирок сиз экөөбүз
6Чфибирибизди ат жалын тартып мингенден бери билишебиз...
Иманбай узун сөзгө түштү. Колхоз курулушунан баш. тап, согуш жылдарынын
кыйынчылыктарынан козгоп, колхоздун азыркы абалына токтолду. Анын айтканына
ынабай коюуга болбойт. Ырас, колхоз курулганда жана андан кийинки жылдарда
Мамбеткул бириккен чарбаны өстүрүүгө кайраткерлик менен катышкан жок, же
таптакыр четтеп да калган жок, көпчүлүктүн караанына далдаланып, өз керт башынын
пайдасын көздөп, жансактап келе жатат. Эмне үчүн антти? Мамбеткул председателдин
айтканына макул болсо да, өзүнүн ошондой жүрүшүнүн себебин таба албады.
— Мен сиз менен сырдашайын — деп жүрдүм эле. Мына көзеги келди. Мага
ыймандай сырыңызды жашырбай айтыңызчы, Маке?
— Айткандарыңда калет жок.— Мамбеткул оюндагы сөздөр козголгонго чечиле
түштү.— Бирок, анын себебин билсем, минтип элден бөлүнбөйт элемго. Аны өзүңүз
түшүндүрүп бериңиз.
Чынында бул суроону чечүү Иманбай үчүн да кыйын эле. Ал билими орто, башында
партиялык жана чарбалык кызматта жүргөн кызматчы эле. Колхозго иштегенине бир
жылдан ашык гана убакыт болду. Ошондо да Мамбеткулдун өмүр жолун талдап
олтуруп, мындайча жооп кайтарды.
— Сиз колхоз курула электен мурда эле оокаттуу
орто чарба элеңиз. Коллективдештирүүдөн бир нече жыл өтмөйүнчө кедейдыйкандар
турмуш жагынан сиздин деңгелиңизге жеткен жок. Сиз болсо, бир чети колхозго
сүйөнүп, экинчи жактан сооданын шарапаты менен абалыңызды сактап калдыңыз.
Түшүнүңүзчү,— Иманбай ага тигиле карады.— Мурдагы абалыңызды сактап гана
келдиңиз. Бирок жылдар өткөн сайын колхоз чыңала берди, баягы кедейлердин
арасындагы кайраткерлер сиздин деңгелиңизден кантип ашып кеткенин сиз байкабай
келдиңиз. Көпчүлүк үчүн адал эмгек кылуу алардын турмушун гана оңдоп тим
болбостон, кадырын күчөттү, кээ бири өкмөт менен партия тарабынан сыйланышты,
элдин ишенимине ээ болушуп, депутат болушту. А, сизчи Маке?
Мамбеткул эмне деп жооп берет?
Кайран албан өмүр өткөн экенсиң, деди ал өз ичинен өкүнүп, ушул азырда жыйырма
беш жаш курагымда болор белем! Башкармам, кимдин кандай иштегенин ошондо
көрөр элең. Эми арман кылганда, сага дартымды айтканда кантейин! Оңдолбой турган
жаңылыштык жөнүндө арман кылуунун пайдасы эмне? Андан көрө мындан аркы
жөнүндө ойлоюн. Мамбеткулдун оюна чочко түштү. Председателдин сөзүнүн аягы да
ушуга токтолду.
— Мага үч күнгө уруксат бериңиз, Имаке! Иштей аламбы, жокпу ошондон кийин жооп
берейин.
Иманбайдын максаты: Мамбеткулдун эмне үчүн олкусолку болуп жүргөнүн билүүдө
болучу. Бирок, Мамбеткул аны айткан жок. Себеби, колхозчуларда кээде жакшы
көргөн башкармага да айтпай турган сырлары болот. Андай сырлар иш жүзүндө
өзүнөнөзү чечилет да, сонун сабак болуп калат. Мамбеткулдун сыры: чочко менен
аралашууга арбак кандай карайт деген суроодо эле. Эгерде арбак каршы болбосо,
иштей берүү керек. Арбакты да сынап көрө турган мөзгил жетти.
Мамбеткул таң агарып келатканда эч кимге көрүнбөй үйүнөн аттанып чыкты.
Атасынын мүрзөсү суунун аркы өйүзүндө болучу. Мүрзөгө жетип, куран окуп бүтүп.
— Ээ, арбактар менин ушул ишим жакпаса, мага бир сыр көрсөткүлө деп бата
кылды...— Мени да атама окшотуп бир кырсыкка учураткыла.
Атына мингенден кийин көрөрүмдү сууга чейин эле көрөм го деп күтүп келе жатты.
Сууга да жетти. Балким ушул кереметтүү суудан кадик болор деп, көк иримди
нарыбери кечти. Бирок эч ишаратка учурабады. Жолдо баратканда көзигер...
Ага сыр көрүнбөгөндөн кийин, балким күнөм жетиштүү эместир деп ойлоп,
чочкокананы көздөй бурулду.
Чочко багуучулар кыштактын этегиндеги саздын четинде туруучу. Мамбеткул
Карабектин эшигинин алдына түшүп атын мамыга байлап, чочкокананы көздөй басты.
Анын көөдөнүн бийик көтөрүп, буттарын тейтейте шилтеп, майпаңдап басканына
караганда өз күчүн сөзген өкүм адам деп болжоого болот. Анын турпатында өкүмдүк
да, кайра тартпас эрдик да бар. Башы балбандардыкындай шуштугуй, бирок кабагы
бийик болбогон менен көзүнүн үстүңкү кабыгы томпоюңку келип теңирейген мурдун
сүрдүү көрсөтүп турат.
Мамбеткул чочкоканага жакындаганда кулагына ачуу дабыш угулду. Айланада эч
нерсе көрүнбөйт. Ал чаңырыкты улап ылдамдай басты. Чаңырык чочкоканадан алыс
эмес жерден чыккансыпт. Көрсө, кимдир бирөө чуңкурга кулаган чочкону чыгара албай
убараланып жатыптыр. Ферма башчысы анын Карабек экенин тааныа, аябай
ачууланды:
— Ой, бул эмне? Бул эмне деген зыянкечтик?! Мен сага...
— Ырас келбедиңизби, аксакал! — Карабек кубанчына кыйкыра сүйлөдү.—
Мегелжинди шыйрактан тартыңыз! Төзирээк! Кокуй, батыраак!
Кесирлүү Карабектин кесепетин көрчү! Мамбеткулга чочконун шыйрагынан
тарттыргысы келет. Мамбеткул намыстанат. Бул адепсизди сөгүүгө болор эле. Бирск
чочко өлсө, ага да сөз тийип, ферма башчысы деген наамына шек келбейби. Айла
канча? Башын тетири буруп, чуңкурга оң колун сунду. Алаканына түктүү шыйрак
урунганда, денеси дүр дей түшүп, көздөрүн бекем жумуп, чочкону өкүртүпчаңыртып
сууруп чыкты. Эркиндикке чыккан мегелжин жанынан алыс качканда гана Мамбеткул
көзүн ачты. Ага чейин Карабек да чуңкурдан чыгып, ферма башчысы жумган көзүн
качан ачат деп күтүп отурган болучу.
— Аксакал, сизге ыракмат! Мегелжиндин сообуна калдыңыз.
— Чочкодон да сооп болчу беле! — Мамбеткул башын чайкады.—Аны коюп,
чуңкурду жоготпогонуңа жооп бер?
— Эсинизде барбы, аксакал, былтыр бул жерге силос ачытылбады беле. Анда
чочко сарай башка жерде болучу. Быйыл да бул чуңкурдан кереги тиеби деп тим
койгомун.
— Кереги тийгичилин! Мына, сага кереги тийгени.
— Сиз деле мындан мурун бул чуңкур жөнүндө унчукпагандыгыңыздан кийин, мен
деле бейкут болчумун.
— Ийи, мага жалаа жапкың бар экен го... Эртең бул жерде чуңкурдун томоосу да
калбасын.
Карабек жыгылыштуу кишиче унчукпай калды.
Алар дагы нарылап басышты. Чочкокананын жыты жагымдуу болбосо да, ферма
башчысы таноолорун кыпчып, босогодон биринчи болуп аттады. Кашаалардын ичи өтө
булганч. Жыгач тепшилердеги арпа, сулулар жергө төгүлүпчачылып, чылага аралашып
жатат. Кала берсө кай бир тепшинин ичи да булганган.
— А, мунуң эмне?... Мунуң эмне деймин...
— Кечиресиз, аксакал!..
— Дароо тазала!
— Сиз дагы бир айланып келгенче бардыгын өз ордуна келтирейин.
Карабек ферма башчысынын чочкодон жийиркенчиктигин билип алып, жумушуна
көңүл бурбай, убактысынын көбүн балык уулоого жумшоочу. Бирок, бул жолу
Мамбеткулдун чочкого жана чочко багууга карата болгон мамилесинен улам, Карабек
мындан ары аны бултактата албасына көзү жетти.
— Бардыгы мен кете электе ордуна келсин — деди Мамбеткул ага сөөмөйүн
көзеп.— Эгер мында иштөө колуңан келбесе ачык айт.
— Бул иш менин колуман келбейт экен деп ойлобоңуз.— Карабек иштин мындай
абалда болушунун себебин түшүндүрдү.— Чочко болгондон кийин, ага таза туруунун
кереги эмне, булганч жер жыргап оонап жатышына ылайык эмеспи деп ойлогом...
Анын үстүнө сиз да ушул күнгө чейин мага унчукпагандан кийин, туура кылган
экенмин деп жүргөмүн. Эми көрүп алыңыз...
Алар чочкокананы кыдырып чыгышып, кайрадан мамынын жанына келгендө Карабек
ферма башчысын үйдөн даам ооз тийүүгө чакырды. Анын колунан тамак ичүү
Мамбеткулдун оюна келмек түгүл, түшүнө кире турган жорук эле. Ошондой болсо да,
кичипейил киши карамагындагы адамдын шагын сындырбоо үчүн дароо эле шылтоо
таба койду.
— Рахмат, Карабек! Мен шашып жүрөм.
— Шашсаңыз даяр куурдак бар. Эч болбосо ооз тий¬сеңиз — деп Карабек
каалгасын ачканда Мамбеткул атына минди...
Мамбеткулдун бастырып баратканын көргөн киши сөзсүз таң калар эле. Себеби, тизгин
да камчы да анын сол колунда болучу. Оң колу бош, аны жадаганда чапанына да
тийгизбей зор этияттык менен бара жатты.
Мына, ал өмүрүндө бетбагып карабаган чочкону колу менен кармап, кашааларын
аралады. «Мындан артык кандай кунөө болсун, мага сыр көрүнүүчү болсо, эми кези
келди го» — деп, кайгырып баратты.
Ошентип отуруп, үйүнө жетип калганын билбей калды. Караса боз ат короонун четинде
байланып турат.— Көсөл келген турбайбы. Кубаныч көңүлдөгү дүрбөлөңдү туманды
кууган шамалдай таратты. Эшиктин алдында турган Көсөл, көптөн бери көрбөй
сагынган атасын көздөй чуркап,— Ассалоом алейкум! — деп кош колун сунду.
— Балам колуңду нары тарт! Нары... Мага жолобо!— Ата булганыч колун уулуна
супбады.
Көсөлдүн элепжелеп болгон жүрөгү муздап суу чачылгандай сескене түштү.
Мамбеткул атынан секин түшүп, Бурмага кыйкырды.
— Э, катын! Самын алып чык!
Самынды алып, арыктын боюна майпаңдай басып барды. Оң колун сууга салып,
самынды бир аз көбүртүп туруп, быртыйган манжаларын кыбыратып, алаканын тазалай
баштады. Оң колун каалаганындай тазалангандан кийин гана, аны сол колуна
тийиштирип жуунуга киришти.
— Балам, аткөлүгүң аман-эсен келдиңби! — деди Мамбеткул аарчынып жатып,—
Салыктын малбашы аманбы?
Көсөл ага таңкалгандай аңырая карап жооп берди:
— Бардыгы аман-эсен. Салыкем сизге салам айтты.
— Саламат болсун! Жайлоодо кандай жаңылыктар бар экен?
— Анчалык эле жаңылык жок.— Көсөл көңүлсүз жооп кайтарды.— Эки райондун
малчылары жанаша конушуптур. Оюнтамаша көп. Кээде эки райондун малчылары
биригишип, эңиш, күрөш уюштурат, ат жарыштырат. Кыскасы, тамаша көп...
— Ботом, боз атты жарышка кошкон жоксуңбу?
— Кошпогондочу! Үч жолку байгенин экөөн мен алдым.
— Баарынан ошол жакшы болгон экен! — Мамбеткул абдан кубанды.— Боз ат
эрдин ырысына бүткөн мал.
Баракелде! — Кош, Салык досумдун пейили кандай? Мага саламдуба айткан жокпу?
— Пейли сонун. Сиздин катыңызды окуп чыккандан кийин гана кабагы ачылды.
— Ой, чиркин достукей! — Мамбеткул күрсүнүп койду.
— Сизге саламдуба айтты.
— Бая эле айтпайсыңбы? Эмне дейт?
— Боз атыңызды сурайт.
Мамбеткул таш тиштегендей оозун басып, бир топ минутка чейин унчукпай калды.
— Балким сатсын дегендир...
— Бекер берүүнү сурады. Калыбы ат ага абдан жаккан окшойт.
— Ордуна бир нерсе беремин деп да айткан жокпу?
— Жок. Достугу үчүн сурады.
Бала менен атанын сөзү Бурмага жакпады окшойт:
— Аттан башка сөз оозуңарга кирбей калганбы,— деп сөзгө аралжы боло түштү.—
Курма аман-эсенби? Айдай чоң кыз болуптурбу?
— Курма апам быйыл семириптир. Айдай 10классты отлично бүтүптүр. Быйыл
Фрунзеге окууга барам дейт. Менин да окууга барарымды угуп, Салыкем аялы экөө
кубанып калышты.
— Балам.— Мамбеткул бир аз ойлонуп отуруп баласына бурулду.— Бул атты сага
энчилеп койгом. Энчилүү малды сураган кишиге берүүгө болбойт.
— Мен окууга барам. Мага аттын кереги жок, ата!
— Кеп быякта турбайбы! — Мамбеткул бармагын тиштеди.
Бир жактан арбактын каарынан корккон Мамбеткул эми баласынын окууга кетем деген
сөзүнөн да чочуп калды.
Көсөл быйыл он жылдыкты бүттү. Билим жагы жаман эмес. «Ата балага сынчы»
дегендей, Мамбеткул Көсөлүнүн мүнөзүн, кичипейилдигин, баарынан да
ийменчектигин жактырат. Мамбеткул жылданжылга карып баратат, ал күүдөн тайып,
иштен калар көз да алыс эмес. Ошондо чалкемпир бала менен келиндин колун карайт
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 29
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов