Latin

Атай - 27

Общее количество слов 4051
Общее количество уникальных слов составляет 2255
27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Бул чоң иштин, чоң турмуштун башталышы гана. Эне сөзү кулагына уюган Жыпар
берекелүү Чүй коонун кенен ачууга көмөкчү болор бекем деп, айыл чарба институтуна,
агрономия факультетине кирген болучу...
Мына, самаган окуусун бүтөрдө, жайкы дем алышта Чүйүнө кайрылып келди. Бул жолу
учурашуу үчүн, сагынганын жазып, дем алуу үчүн гана эмес, андан кеңеш угуу үчүн да
келди. Биринчи жолу дүйнөнү көргөзүп, эне ордуна эне болуп, эне сүтүн эмизип,
турмуштун кең жолуна багыт берген асыл Чүй турганда башка кимден кеңеш сурамак.
Жыпар Чүй энесине биринчи жолу гана кайрылып отурганы жок.
Ал махаббаттын отуна биринчи жолу чалынып, биринчи жолу жүрөгү күйүттүү
болгондо, Ата-энеси кошо кайгырганда, алардын кайгысын таратып, Жыпарды
көкүлүнөн сылап, маңдайынан өөп, окууга аттандырган ушу Чүй эмес беле... Чүйдү
арка кылып, Чүй үчүн, Чүйдүн келечегин ойлоп, Чүйгө кызмат кылуу үчүн окууга
келген.
Жыпар бир байлам ак жоолугун оң колуна желпилдете бийик кармап, Чүй энесине
кулдук кылды. Күңгүрөн¬гөн дарыянын күрпүлдөгөн агымы анын сөзүн угууга макул
болгонсуп, жыбылжып ага баштагансыды. Кыз сууга колубетин чайынып, анан
көйнөгүн чечинип, шыгыраган майда кумдун үстүнө сууга баштанып жатты. Суунун
шары менен кыз жүрөгүнүн дүпүлдөп согушу бирибирин тыцшап, каңдайдыр тереңде
маектешип жаткансыды.
Жер мээримин төккөндөй, анын боорун ысытып, суунун мээлүүн илеби саамайын
сылап, көңүлүн сергите баштады. Боюна кубат кирип, өмүрү дал ушул дарыядай
ташкындагансып туюлду.
Жыпар тура калып, дарыяга боюн таштады. Чабакча сүңгүп, кумары тараганча кулач
уруп, күн бата сайдан чыкты.
Алтын табактай жалтылдаган күн мунарыктаган булаңгыр булутту манаттай кызартып,
жердин колтугуна кирип баратты.
Батышчыгышына көз жетпей бир жагы кыргыздын керме тоосуна такалып, бир жагы
казактын чөлүнө созулуп, асманга окшоп чалкалаган Чүй өрөөнү бир сонун. Жыпар
дүйнөнүн кеңдигин, турмуштун түпсүздүгүн ушул Чүйдөн гана сөзе алат.
Кыргызстандын башка жерлеринен күндүн чыкканы, батканы билинбей, курчалган
тоолор кысып жибергенсийт.
Жыпар жээкте ак көйнөкчөн, бир байлам ак жоолугун желбиретип те алыска,
кызарыптатарып, кыйынчылык менен батып бараткан күнгө тиктеп тура берди.
***
Күн батты. Чалгыларын жаркылдаткан жигиттер, айрытырмоочторун ийиндерине
жөлөй кармаган келиндер көк жашыл кыштакты көздөй чубашып жөнөштү. Ээн калган
кең талаадан торгойлордун таңшыганы, бөдөнөнүн бытпылдыгы башталды.
Адамдын кыймылы жалгыз гана чоң жолдон арылбады. Машиналар оңду солду
зымырап, тынымсыз өтүп жатышат.
Түн коюуланып, жылдыз толгондо кыштактын тушуна келип токтогон автобустан сур
плащын колтуктаган жаш жигит түштү. Бул автобустун акыркы рейси эле. Андан
кийин да жолдон жаркылдаган шоолалар атылып, күрүлдөгөн дабыштар басылган жок.
Жигит жол боюндагы же жакын жерлердеги кыштактарды көздөй тараган бөксө
жолдорго түшпөстөн, бытпылдыктап үнүн улап, түнкү ыракатка термелген жайык
талааны аралап баратты.
Кылайган жарым ай тосто эңкейип калган. Айлана күүгүмдөнүп, асман менен
теңтайлашкан кыргыз тоосунун карааны гана капкайдан көрүнөт.
Талаадан кыбыр эткен жан учурабайт. Кээде гана чоочуп ойгонгон канаттуулар пырр
этип, мурдунун алдынан уча качканда селт этет. Бул тааныш Бек эле.
Бул жолку сапары анын баштагы сапарларына окшобойт. Мурда каерде болбосун,
мейли Чүй талаасын аралап жүрсүн, өзүн бир жактан келген саякатчыдай же жок
издеген жолоочудай сөзчү. Бу жолу эмне үчүндүр» өзү туулуп өскөн жерине же
кайнатасынын айлына күйөөчүлөп келгендей Чүй талаасы ага ысык көрүнүп, кучагын
кенен ачкансыйт.
Жигит чөбү тизени жаба берген арыктын жээгин бойлоп, бутту серпий таштап, теңселе
басып, сейилге чыккандай рахаттанат. Тоо жактан соккон салкын жел жумшак
чачтарын уйпалап, көңүлүн коштойт. Ал кээде ышкырып коет, талааны ойготуп, обон
салгысы келет. Бирок, көнөккө таш салгандай колдураган үнүнөн ардангансып,
болорболбос күңкүлдөп, обонду ичинен гана чолок кайрыйт. Бек тоолуу айылдын уулу.
Бирок Чүй өрөөнүн биринчи жолу аралаганда эле, анын көз мелжиген талаасы, тоо
суусундай элирип аккан дарыясы ал үчүн өмүрдүн жаңы мейкинин ачып берген.
Бийик тоо, шар суу, ачык талаа менен киндиктеш жигит шаардан чыкпай тура алчу
эмес.
Ошондон болсо да, Чүйгө бу жолку келишине себепчи болгон Жыпар.
Кыялында гана жашаган кыздын дареги жерден табылып, аны менен биринчи жолу
бетмебет таанышканча жаш художник болжолдуу жердин баарын бир нече жолу
кыдырып, жаны жай тапкан эмес. Кокус көрүшүп калса, жүрөгүм жарылып кетпес
бекен деп да ойлочу. Аны менен табышпай томсоргокчо, табышкандан кийин
жүрөгүнүн жарылганына кайыл эле.
Бирок биринчи жолку жолугушуу анчалык романтикалуу болгон жок. Ал турсун,
Жыпарды жакшы тааный албай «Талаа жылдызына» анча окшото албай, бир чети
күнүркөп турган Жумадан тартынып, кадимки эле күндөлүк тиричиликтин окуясына
аралашкансып турду. Жыпар баягы жылы, Бек армиядан кайтканда көңүлүнө так
салган кыз болуп чыкканда башындагы кыял андан бетер бытчыты чыкты.
Далай жылдан бери кыялын кытыгылаган кыш ушу Жыпар экенин жүрөгү сөзди. Бирок
ал купуя жолугушуп жүргөн учурда эмне үчүн башкараак көрүнгөнүн түшүнө албады.
Мүмкүн убакыт өткөн сайын өзгөргөндүр.
Бек кыялындагы кыз менен студентка Жыпардын кимисине ооп түшөрүн билбей,
асманга асылгансып турганда вокзалдын жанындагы жолугушуу аны эсине келтирди.
Жыпар бу жолу издеген жылдызы жерге түшө калгандай болуп көрүндү. Ал Мажнунчө
эси ооп турганы, анан жин азгырып кеткендей таман алдынан таппай калганы,
издеши... Акыркы оң карашпаган Калыбектикине барып, кыздын айлына кетишин
угушу — ушунун баары айтып түгөткүс окуя эле.
Бек Жыпардын айлы кайсы кыштакта, үйү көчөнүн кайсы жеринде экенине чейин
сурап алган. Бирок ал жакка бара албай, чабытын тоскон ылаачынга окшоп, талааны
көздөй кайкып чыкты.
Бир убакта ага ушу кызылча талаасынан биринчи жолу көздешпеди беле. Ошондо эч
нерсе жок, жөн эле Чүй мейкинин аралагысы келгендиктен кыдырып жүргөн.
Жолугушуу эсинде каларын, күйгүлтүккө түшөөрүн кайдан билиптир. Кийин дагы бир
жолугар бекенмин деп атайын келип зарлап жүргөндө таш боор кыз бир көрүнбөй
койбодубу.
Бек анда белгисиз кызды кызылча талаасында иштеген колхозчу экен деп ойлогон.
Андан башкага жорууга да мүмкүн эмес эле. Ал студентка экенин билгенден бери аны
таң ата электе кызылча талаасында эмне үчүн жалгыз жүргөнүн түшүнө албады.
Эмнеси болсо да, Жыпар ошо күнкү көрүнүшүнө караганда талаага зоок үчүн гана
чыккан адамга окшобогон.
Ай батты. Чымыраган салкын жел чыйрыктыра баштады. Бек сур плащын кийип,
кызылча аянтынын четиндеги боз дөбөгө келип отурду...
Караңгылык коюуланып барып, чыгыштан сары жылдыз жаркырады. Асман бетиндеги
жылтылдаган сансыз жылдыздар суюлуп, таң куланөөк таштады. Түнкү тынчтыкка
мемиреген талаага кыймыл кирди. Туштуштан сары чымчыктар чандачанда
«чийрилиттилеп» коюп тына калса, торгойлор үстүүстүнө бөзеленип, жаагын жанышат.
Алыстан, эгин талаасы жактан бирибирин чакырышкан бөдөнөлөрдүн бытпылдыгы
угулат.
Бешик ырына термелген балага окшоп Бек мемиреп баратып, көзүн чоң ачып алды. Таң
аппак аткан.
Асмандын сүрөтү түшкөн толкуну жок деңиздей бир жери көгөрүп, бир жери бозомук
тартса, бир чети кызгылтым болуп турган Чүй өрөөнүнүн кеңдиги, кооздугу жана
шаңдуулугу таңында гана ачылат. Калган убакта Чүйдү көргөнүң да, көрбөгөнүң да
бир.
Бек таңга, сулуу Чүйгө таазим кылды.
Таңкы сыдырым жел сыбызгыдай созолонгон обонду талаага тарата баштады. Мындай
дабышты талаадан биринчи уккан жаш художник айланасына көз жүгүртө баштады.
5Кызылча талаасынын бир четинде ак көйнөгү булактаган бирөө келе жатканын
алыстан көрүп, жүрөгү зырп этти. Эл ичинде ак көйнөктүү селкилер азбы деген кадик
аны токтото албады. Жүрөгү туйлаган жигит ошол ак көйнөкчөндү көздөй утурлай
басты.
Эки караандын аралыгы улам кыскарууда. Бирок анын байкашынча жол узарып, экөө
тең бир орундан жылбай туруп алгандай сезилет.
Ак көйнөкчөн Жыпар эле. Ал Бекти талаадан жолуктурам деп ойлобогон. Аны баягыда
вокзалдын жанынан жолуккандагыдай чачтарын сеңселтип, калдалактап шашып
келаткан жүрүшүнөн тааныганда аягы шилтөөгөкелбеди. Качууга да, жашырынууга да
болбой калды. Ушунчалык кең Чүйдөн далдаланар жер чыкпады. Жыпар өзү да кача
албасына көзү жетти. Тек, жүрөгү дүкүлдөп, анын келишин күтүп турду. Келгенде
кантип учурашарын, эмне деп айтаарын да билбеди.
Жакшы жери: Бек сөзгө келбеди. Андан көзүн айырбай келип, эки ийнинен куушура
кармап турду да, «ушу сенсиңби, ырас эле табыштыкпы» дегенсип тиктеше калды.
Жыпардын бети албырып, кирпиктери майыша түштү. Жигит ошондо гана аны имере
тартып бооруна кысты...
Эки жаш жадырашып бири-бирин тиктешкенде күн да жаркырап турган эле. Бек үнүн
акырын чыгарды:
— Мен сени өмүр бою издедим... «Ишенем» дегенсиди кыздын көз карашы.
— Биринчи жолу карааныңды ушул жерден чалындырдым.
— А мен сени андан мурун эле тапкам... Анда сен армияда элең.
— Армияда?
— Ооба... Анын тарыхы узун... «Ишенем» дегенсиди Бектин көз карашы.
Жыпар талаага эмне үчүн чыгаарын кыскача түшүндүрүү үчүн аны сөзгө алды:
— Биринчи жолу ушул жерден көрдүм дегениң ырас. Андан мурда мени көргөндөй
болгонуң жок... Мен ошондо жаштардын Бүткүл дүйнөлүк фестивалынан, Вена
шаарынан жаңы гана кайтып келгенмин... Туулуп өскөн мекениңдин кадыры алыста,
бөтөн жерде жүргөндө өзгөчө билинет экен. Мен меймандос шаарда, дүйнөлүк зор
окуянын катышуучусу болуп жүрсөм да, берекелүү бейпил Чүйүмдү сагынганымай!
Өмүрдө туулган жер менен коштошуудан оор кайгы, туулган жер менен учурашуудан
зор кубаныч барбы! Мен туулган жерден ажыроонун кайгысын Жусуптун «Ажал
ордуна» драмасынан, кыргыздар каңырыгы түтөп, ЫсыкКөл менен кош айтышып
турганын биринчи көргөндө эле сөзгем. Андай кордук башка келбесин! Мен бар
болгону чет өлкөгө мейманга жөнөп, мекешшен убактылуу гана сапарга аттанганмын.
Ошондо да, Чүй көзүмөн учпадыбы!
Ал фестивалдан кайтып, айлына келгенден кийин таңында туулган жери менен
учурашып турганда жаш художникке жолуккан. Бек кыздын жүрөгү козголуп, денеси
балкып турган бир гана учурду илип алып, анын таасири менен өзү да делбеленип,
башынан эмне окуяларды өткөрбөдү. Кыздын бактылуу учурунда көзигишкени үчүн
Бек өзүн да бактылуу сөзди. Мындай учурлар өмүрдө көзиге бербес...
— Бу жолу да, жүрөгүм бук болуп, эмне кыларымды билбей тынчым кеткенде
Чүйүмө кайрылып келдим... Мен Чүйдү көрбөсөм тура албайм...
— Мен да...— Бек аны колдон алды. — Ракмат! Сага баары үчүн, бардыгы үчүн,
туулган жериңди сүйгөнүң үчүн, Чүй менен учурашып турганда жолукканың үчүн
ракмат! Бул биздин бактыбызга... Сен менин жылдызымсың!
ЖАРАШУУ
шаардын түбүндөгү кыштак
Талас шаарынын түбүндө үйлөрү өңчөй чатырчалуу Жана бак-дарактуу бир кыштак
бар. Кыштак колхоз талаасынын чет жактарына караганда шаардын өзүнө жакын.
Ошондуктанбы, айтор күн сайын колхозчулардын Көпчүлүгү талаада болушса, үчтөн
бири шаардын базарында болушат, айрымдары бир күндө эки жагына төң үлгүрүшөт.
Ал эми, жекшемби күнү бул колхоздон издеген кишиңди таба албайсың.
Бул кыштак базарчылык жактан бүткүл Талас өрөөнүнө белгилүү. Бирок
базарчылардын баары бирдей эмес. Базардын үзүрүн көрүп, соодага мантыккан киши
экөө гана: Мамбеткул менен Карабек.
Мамбеткул колхоздун жумушуна карылык кылган менен, 93 ишине келгенде али
кайраттуу. Кээде чоң курсагын кур менен бекем тартынып эки багалегин тизесине
чейин түрүп, огородун сугарып жүргөнүн көрсөң, бирде колундагы тепшиге салынган
жемди тоокторуна чачып, эринбей өзү казган көлчүккө өрдөктөрүн айдап барып,
алардын каркылдап сууда сүзгөнүн кыялданып карап отурганын көрөсүң.
Мамбеткулдун бекер отурганын эч учурата албайсың. Сарайы бирөө болгону менен
атканасы башка, уйканасы өзүнчө, тооктору менен өрдөктөрүнүн түнөгү да атайын
жасалган. Анын аялы Бурма да өзүндөй сарамжалдуу неме.
Мамбеткул революциядан мурда эле тың жашап келген. Ал убакта анчалык бай
болбогону менен колунан бирин-серин мал үзүлгөн эмес. «Малы аздын кунары аз» деп,
Мамбеткул кемкарчын соодагерлик менен толтуруп, айылдын билермандарына теңтуш
болгон. Ырас анда майда алыпсатарлык табылгалары бай соодагерлердин тогуздан
бирине жетпей, аны кейитер эле. Совет бийлигинен баштап байлар жана чоң
соодагерлер жолдон шыпырылып, Мамбеткулдар эт менен челдин ортосунда байкалбай
кала берди. Колхоздошкондон бери иши андан бетер оңолду. Аздыр көптүр иштемиш
болуп, эл менен тең эмгек алат. Экинчи жактан соодасын жүргүзө берет. Бирок ал
соодагер эмес, өз буюмдарын гана сатат жана товарлары көзгө анчалык урунбай турган
майда нерселер: май, сүт, өрдөк, каз, тоок, жумуртка, көң. Мындай буюмдарды сатууга
эч ким тыюу салбайт. Айылдаштарына ал али да кадырлуу: улуудуркичүүдүр — баары
аны Маке деп аташат, же Салыктын досу деп коюшат. Салыктын досу десе,
өрөөндөгүлөрдүн баары сөз Мамбеткул жөнүндө болуп жатканын айкын түшүнүшөт.
Бул — албетте зкөөндө өздөрүнүн башка достору жоктуктан эмес. Мамбеткул менен
Салыктын оту жанып турганда башка достор күндүз күндүн нуруна жутулган
жылдыздардан бетер көзгө илинбей калышат.
Карабек андай адам эмес. Мамбеткулга салыштыргаңда кичүү, арыкчырай жана
албеттүү, аялы да өзүндөй катмал жана мээнеткеч. Бирок, бечара Канчайым кызыл
жугүрүктүн азабын тартканга 3 жылга жакын убакыт болду. Аялдын оорусу жашаелмет
үй-бүлө үчүн чоң кырсык. Үйдүн тиричилиги менен да алагды болгон, бир кишинин
иштеп тапканы балачаканы багууга кайдан жетишсин. Мурда эле соодага кызыгып
жүргөн Карабек кошумча каражат табуу үчүн базарга ыктайт. Эгерде колхоздун
жетекчилери Карабекке:
— Сен да бузулдуң деп айтышса, ал.
— Орус менен өзбек бузулбаган, мен бузуламынбы — деп жооп берүүчү.
— Шаарга барчы: алма, өрүк, мейиз, коон, дарбыз, памидор, пияз, сабиз сатып
олтургандын баары эле орус менен өзбектер. Биздин кыргыз жылына Бир-эки жолу мал
сатышып, тим болушат. А, өзбектердин соодасы токтобойт. Мен да ошолорду
ээрчиймин.
Ырас эле Карабек короосундагы 30 сотых жерине бүт жашылча эгет. Жаздын аягынан
тартып, кар бир жааганга чейин базарга жашылча сатуу менен убара.
Карабектин мал сатуудан жалккан жайы да бар эле. Анын соодасынын башы мындай
болот: бир күнү жалгыз уюнун торпогун базарга чыгарат. Торпок токтоосуз өтөт, эми
анын акчасын кантип урунтуу керек? Дагы бир ошондой эле торпокту арзаныраак
алып, акчасынын артканын жумшайын деп ойлосо, эч ким сатылар торпогунун баасын
төмөндөтпөйт. Коңур күз убагы болучу. Балдарына, өзүнө кышкы кийим керек эле.
Карабек тобокел деп акчасына кийим алат. Ошентип торпоктун аягына чыгат. Бирок
сооданын сырын тапкысы келет. Ойлоп отуруп, жалгыз уюн союп, касап болгусу келет.
Канчайымга «ушундан бир нерсе чыкчудай» — деп, кеңеш салат. Аялы ага макул
болот... Карабек халат тартынып, уйдун этин сата баштайт. Эт өтө акырындык менен
өтөт. Карабек акчасынын улам көбөйүп баратканына сүйүнүп, «бул жагын жумшай
турайын» — дөп, аялына кыжымы палыо, шалы жоолук алат. Эти сатылып бүткөндө,
акчасын санаса мид сомго жетпейт. Эми эмне кылуу керек? «Эч болбосо уюңдун ордун
тургузуп кой» деп, аялы көңеш берет. Карабек 450 сомго ургаачы музоо алат. Эми
калган акча мөнен сооданы кантип жүргүзөрүн билбей, базарды аралап жүрүп, пияз
менен сабиз сатып отурган өзбекке көздешип, ага суктангандай жанына тура калат.
— Алыңыз! Жуда жакшы сабиз! Плов жасасаңыз Жуда саз болады.
— Эмне үчүн жуда жакшы? Башка жактан келгенби?
— Ооба, Ташкенттин өзүнөн... Кана, арманда калба... Сабиз зарыл болбосо да,
сатуучунун ыкласына ыраазы болгон Карабек бир килограммасын тарттырып алды.
— Аксакал, сиз дайым эле жашылча сатып отурасыз. Оокатыңыз кантип өтөт? —
деп сурайт Карабек лыпылдаган шайыр чалга карап.
— Кары адам мындан башка жумушка жарабайт. Балдарым иштейт. Мага, кудага
шүгүр, ушунун акчасыям жетет — дейт.
— Сиз абдан акылдуу карыя экенсиз! — деп Карабек үйүнө жөнөйт. — Кептин
баары жашылча сатууда турбайбы. Билдим, билдим. Эгер мага соодадан тапканым
жетишпесе, колхоздон алган эмгегим менен толуктаймын.
Ошентип, Карабек да кийинки жылы жашылча өстүрүүгө киришет. Акчасын чогултуп
бир кара эшек сатып алат. Бир уйдан башка көлүгү жок. Карабектин алган эшеги
бактысына жараша ылдам болуп чыкты. Жашылчаларын куржундун эки көзүнө салып,
эшегине артып, топулдата бастырып базарга каттап турат.
***
Уучуусу жок колхоз кыштагында күн бата бададан кайткан уйлардын мөөрөшү,
койэчкилердин маарашы менен кыймыл күчөдү. Курсагын көтөрө албай, ныксырап
баскан уйлар качан гана өз короолорунун тушуна жетмейинче же бадачынын шапалагы
соорусуна тиймейинче нарыбери өткөн машиналарга жол беришпей шоферлердин
ачуусуна тийип ыңгыранышат. Аттарына бирбир боо чөп байланып алышып, чалгы
чабуудан кайтышкан кишилерди жана кечке маал короосун көздөй айдалып келе
жаткан жылкыларды көрүшүп, жол боюнда жүргөн эшиктр үстүүстүнө бакырышат.
Койэчкилерди тосо чыгышкан кичинекей балдар «карма», «бери айда», «башка короого
кетти» дешип кыйкырышканда чуу үстүнө чуу кошулат.
Малдар өз короолоруна тегиз кирген көзде кыштак кайра баштагыдай тынчый түшөт.
Мамбеткулдун үйү кыштактын баш жагында болгондуктан, биринчи болуп ынтыгып
кирип келген күрөң уй эки жагын каранып, өңгүрөп мөөрөп жиберди. Бул убакта
Мамбеткул балачакасы менен бирге короонун ичинде турган. Карала чыт көйнөктүн
үстүнөн саймалуу белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган
кетик тиш сары аял Бурма уюн казыкка байлап, ал¬дына бир тутам чөп салып коюп,
аны орсок саай баштады. Көйнөк, ыштанчан болуп, жалаңаяк бутуна галош салган
Мамбеткул баласы Көсөлгө кошулуп, өрдөк кармашып жүрөт. Майпаңдаган семиз
өрдөктөр катуу кача албаса да, балчаңдаган кыска буттары менен арымсыз чуркоодон
күйүккөн Мамбеткул энтигип, ийини менен дем алат. Өрдөктөн бешөө кармалды.
Тоокторду иңирде түнөгүнөн кармамак болушту. Күн батса да, үлп эткен жел жок, үй
да, сырт да дем болуп турду. Бурма эшиктин алдындагы супага кийиз төшөдү. Көсөл
эки колуна эки чака алып, короонун ичине, үйдүн эшигинин алдына суу сээп, бир
сыйра шыпырып чыкты. Анан күрөң бээни огороддун четине алып барып аркандады.
Мамбеткул менен аялы Көсөлдү жалгыз бала деп аяшпай, жашынан тиричилик кылууга
үйрөтүштү. Мына эми ал атасы бир жакка кетсе, анын жоктугун билгизбей,
жумуштарынын баарын жайгарып коет. Көсөл чоңойгондон бери Мамбеткул үй
тиричиликтеринен бошоюн деп калды. Мал багуу, отун-суу даярдоону баласы деле
даярдап коет.
— Эртең эми соода шыр болгой эле — деп Мамбеткул супанын үстүндө кыйшайып
жатканда дарбазанын сыртынан бригадир Мамбеттин кыйкырыгы угулду. Көсөл
дарбазаны ачты.
— Ассалоом алейкум!
— Алейкиме салам! — Мамбеткул башын көтөрдү. — Аттан түш! Мейман болуп
кет.
— Иш шашылыш, Маке! Сизге жумуштап келдим.
— Ии, эмне болуп кетти? Айта бер!
— Иш шашылыш! Бир-эки күнгө чөп чабышыңыз же чөп жыйнашыңыз.
— Бир-эки күндөн кийин барайын — деди Мамбеткул. Эртең ал базарга түшмөк.
— Сиздин зарылдыгыңыз эртең, бүрсүгүнү гана... Бир жолго базарды токтотуп
койсоңуз эч нерсе болбос,. Радионун кабарына караганда келе жаткан жума
жаанчачындуу болдт экен. Ансыз да малга жетишпеген тоюткорубузду чиритип
албайлы!
— Эч ылаажым жок! Капа болбо, Мамбетим!
— Капа болбо дейт тура! Колхоздун иши үчүн кантип капа болбоймун.
— Капа болсоң да ылаажым жок. Убадам боюнча бүрсүгүнү барайын.
Мамбет аны эч көндүрө албагандан кийин ачууланды.
— Качанга чейин колхоздун ишинен качып, сооданы кууп жүрөр экенсиз? Сиз
менен башкача сүйлөшпөсө болбойт.
— Сүйлөшө кой! Мен даяр. Азыктүлүк сатууга эч ким тоскоолдук кыла албайт.
Законду биз да билебиз.
— Закон колхозго салкын карагандарга жол бербейт. Угуп коюңуз! Карабек
экөөңөрдүкү мага өтүп болду. — Мамбеттин күпүлдөгөн үнү алыстай баштады...
Мамбеткул орунуна келип жаңы эле кыйшайганда, дарбазанып сыртынан дагы бир
атчандын дубүртү угулду.
— Ачнагыла — деди Мамбеткул уулуна. — Бригадир башкарманы ээрчитип келген
го. Эгерде мени сураса, үйдө жок деп койгула.
— Ким бар? — деди дарбазанын сыртындагы киши үнүн созуп.
— Эч ким жок. — Көсөл атасы айткандай жооп берди.
— Эч ким жок болсо, сен кайдан жооп берип турасың. Хаха! Мени тааныган
жоксуңбу?
— Кокуй, ачкыла! — Мамбеткул ордунан тура калды. Көсөл жүгүрүп чыгып,
дарбазаны ачканда короонун пчине кымыздын жыты буркурай түштү. Бул келген
Салык досу эле.
Салык четки райондун колхозунун биринде жылкы фермасынын башчысы болуп
иштөөчу.
Мамбеткул утурлап барып, эки колун сунуп учурашып, досун аттан сүйөп түшүрдү.
Досум кымыз алып келгенби деген ой менен, атынын жанжагына көз жүгүртүп, көзүнө
чанач урундура албай, Салыктын денесине сиңген жытка гана үмүткөр болгонун
түшүндү.
Жайдыркыштыр салкын абага көнгөн СаЛык сырт кийимдерин чечинип, желпингенине
болбой ысуулап баратты. Анын сырын билген Мамбеткул бир чылапчын муздак суу
алдырды. Салык өтүгүн да чечип, жылаңаяк бутун сууга салып, көйнөгүнүн топчусун
чечип, мадырайган башын калпагы менен желпип отуруп гана бир аз сергигенден
кийин:
— Кандай, тегиз аман-эсен жатасыңарбы? — деди досуна карап.
— Шүгүр. Өзүңөр тегиз — аман-эсенсиңерби? Бурма кайнаган самоорду алыа
келип, дасторконду
жайганча, Салык бутун суудан тарткан жок.
Салык досунукуна көп эле каттайт. Бирок дайыма эртең базар деген күнү гана келет.
Бул адаттан эч бир жаңылбайт. Мунун да жөнү бар. Ал шаардан алыстыгы мындай
турсун, райондун борборунан да окчун колхоздо жашайт. Жайдыркыштыр жылкы
менен жүргөндүк¬төн, кант, чай, кийимкече алуу үчүн районго келгенче шаардын
өзүнө эле бир жолу чыгынган пайдалуу. Алгачкы күнү досу ага бир семиз тоок же
өрдөк соет. Дайыма малдын этин жеп жүргөн кишиге куштун эти кандай таттуу!
Эртесинде досу экөө базарга бир түшүшөт. Кайтарда да ушул үйдөн аттанат. Ырас,
анда Мамбеткул досу үчүн бир самоор чай, же беш кесе бозо жана бир боо чөптөн
ашык нерсеге чыгым болбойт.
А, Салык досун андан кем күтөт бекен? Мамбеткул аныкына сейрек барат. Бирок,
барган сайын бир козунун же улактын башы турганы. Мейман достуктун белгиси мал
союу деп эсептелгендиктен, Мамбеткул ага абдан ыраазы болот. Бир нече айда бир
келген досу үчүн жандык союу Салык үчүн да кымбат эмес. Анын үстүнө союшун
Мамбеткулдун келер учурунда даярдап жүрөт.
Кымызга көнүп калган Салык узак жолдо талыкшып, абдан суусагандыктан, бир
самоор чайдын көбүн жалаң өзү түгөтту. Суусуну канмайынча көп сүйлөгөн жок жана
суроолорго да жартылуу жооп кайтарбады.
Салыктын айлы бүрсүгүнү алыскы жайлоого — Суусамырга көчмөк. Ал эми
Суусамырга барган айыл эки ай өтмөйүнчө жакага кайрылбайт. Ага чейин Салык да
шаарга каттай албай калмак. Ошондуктан, зртең шаарга түшүп, керектүүлөрүн сатып
алып, досу менен коштошуп кетмек. Бул оюн Салык чайдан кийин, жаймажай отуруп
алып, айтып берди...
Көк бетине жылдыз жайнап, сыдырым шамал жүргөндө гана Салык кадимкидей
чыйрала баштады.
...Бешбармак желип бүткөндөн кийин мейман өзүнүн суроосу боюнча тышта жатты.
Мамбеткул досун жалгыз калтырбоо үчүн Көсөлдүн төшөгүн да анын жанына
салдырды.
Чарчап келип, катуу уктаган Салыктын уйкусун таң алдында үстөкөбосток кыйкырган
короздордун үндөрү уйгутуйгу кылды. Бир маалда Салыктын башы жагындагы
ящиктин астынан куру калгансып, дагы бир короз үн салды. Салыктын уйкусу
таптакыр качты. Ордунан туруп, сары кашканын алдындагы чөптү жаңыртып, даарат
алып, намаз окуй баштады.
— Алло акбар! — Салык үнүн созо баштаганда ящиктин алдындагы короз:
— Кукурукуук — деди.
— Аа беймаза! — Салык корозго ачууланам деп, намазын бузуп, кайра башынан
түштү. Аңгыча сарайдын оозунан чыккан өрдөктөр майпаңдап ээрчише басып,
Са¬лыктын жанына келип, «жем бербейсиңби?» дегенсишип, анын жайдамасын
чокулай баштады. Кайсы бири аны багалектен тартып, мокок тумшуктарын жылаңач
бутка кашып, кытыгысын келтирди.
— Чүшш! Абаччагарлар! — Салык алардан тажагандан кийин жайдамасын колтуктап
алып, огород жакка кетти...
Бир аздан кийин Мамбеткул менен Бурма турушуп, Көсөлдү ©йготушту. Бурма уюн
саады. Мамбеткул бээсин жалгыз аттык арабасына кошту. Көсөл самоор койду.
Көчөнүн ичи уйлардын дабышы менен чууга толду. Көсөл күрөң уйду бадага кошуп,
кайра үйгө киргенде, бардыгы чай ичишип отурган эле...
Арабага бир ящик тоок, бир ящик өрдөк салынды. Бурманын колундагы корзинкада
эмне бар экендиги белгисиз. Мамбеткул бир чанач кымызды кошо салып, үстүн көк
беде менен жаап койду. «Түндө мен суусаганда бул кымыздан эмне үчүн мага
беришкен жок» деп ойлоду Салык чаначты тиктеп. Эртең базар деген күнү кымызды
мейманга бермек түгүл, Мамбеткул өзү да ичпен тургандыгын Салык кайдан билсин?
Күн нуру тоо башына жаңы гана чачыраганда Мамбеткулдун калдыраган жалгыз аттык
арабасы короодон чыкты. Арабада Салык менен Бурма да бар.
Бүгүнкү базардын алды биз болобуз го — деп ойлоду Салык. — Бирок, короодон
чыккандан кийин аттуу, жөө болуп шаарды көздөй чубашкан кишилерге туш келип,
бул кыштактын кишилери деги бирибиринен калышпайт экен го деп таңгалды.
Чынында да ошондой эле. Базарчылардын кай бирлери кампайган куржундарын атка
же эшекке арта салып алышкан, кээсинин көтөргөн баштыктары бар, кай бирөөлөрү
колдоруна узун чыбык алышып, биринсерин малды айдап баратышат. Чөнтөгүндө бир
тыйын акчасы болбосо да, кадырын салып жакын кишилерден карызга акча алам го
деген үмүттүүлөр жана соодасатык менен иши жок, жөн эле базардын тамашасын
көрүп келүү үчүн элдин шары менен кошо дарбып келе жаткандар да жок эмес.
Жалгыз аттык араба жөө кишилерди басып өтүп, улам элдин алдына чыгууда. Салык
улам алдына туш келгендерге көз жиберип, «капырая, баары тойго бара тургансып,
жасанып алышканын көр» деп таңыркап коет. Базардын жолуна маш болгон күрөң бээ
жележортуп келатса да, алдыда кыдыңдап жорголоп бараткан көк эшекке жетпеди.
Бул жөн эшекке окшобойт, жонуна салынган куржундун үстүнө жоруча коңкоюп
отурган ээсин болжолдуу жерге баарыдан мурда алып бармайынча мудаасына
жетпестигин жакшы билүүчүдөй кыдыңдайт.
— Бу көк тулпарчан кимиңер? — деди Салык ага таңкалгандай. — Кебетеси
кыргыздай, жүргөн жүрүшүнө караганда уйгурдай...
— Ой, ал Карабек деген бечара. — Мамбеткул манчыркап жооп берди. — Соодага
кызыгып, бирок иштин жайын билбей, же койбой, убара болуп жүргөн неме да.
Көк эшекчен биринчи болуп базарга кирди. Мамбеткул арабасын базардын
сыртындагы аянтка токтотуп, эң мурун чаначты түшүрдү. Аны күтүп турган кара тору
келинге тооктор менен өрдөктөрдү санап берди. Бурма колуна кесесин алып, кымызды
өзү сатты. Базарга кымыз көп түшүптүр. Бирок кишилерге башынан бери белгилүү
болгондуктан, Бурманын кымызын бир заматта талап кетишти. Алып барган малы да
кечикпей эле сатылды. Антипминтип базар тараганча кара тору келин канаттууларды
бүт сатып, акчасын Мамбеткулга өткөрдү. Бул бозокор аял эле. Жайында иши токтоп
калганда Мамбеткулдун соодасатыгына жардам берип, анысына анчамынча акы
алуучу.
Алар соодасын бүтүргөнчө Салык магазиндерди бир сыйра аралап, үй-бүлөсүнө
кинимкече, кант, чай алып, жашылча базарга кайрылды. Бирок, анда ридиска, пияз,
сабизден башка эч нерсе жок эле. Бир бурчта алдына пияздарды жайып коюп, баягы
көк эшектин ээси турат. Болжолу анын буюму өтпөй жаткан окшойт. Салык ага көз
жүгүртүп, арабанын жанына келет. Мамбеткул да, Бурма да соодаларын бүтүрүп даяр
турушкан. Алар арабага түшүп жөнөгөндө, Карабек соодасы шар өткөн бактылууларды
суктана карап, шалдая түштү...
Бүгүн Мамбеткулдун олжосу жаман болгон жок. Беш өрдөгү менен беш тоогу 75 сом
болду. Эки литр сары май менен бир чанач кымыздан 200 сомго жакын акча түштү,
ошентип бир базардагы табылгасы 375 сомго жетти. Мындай сооданы базар сайын
жүргүзсө да, кээде табылгасы 150—200 сомдон ашпай калат. Бул жекшемби күнкү
аракеттери гана. Демейде Мамбеткул менен Бурма көзектешип, күн арылата шаарга
келип, ар бир жолу 5 литр сүт, же ошончолук айран жана 20—30 тукум сатышат.
Мындан түшкөн акча болжол менен 30—35 сомдон кемибейт, ошондо айына 450 сомго
жакын киреше алышат. Бардыгын кошуп келгенде айына 1500 сомго жакын киреше
табышат. Бирок, сооданын кызуу мөзгили сүтмай сатуу жагынан 5—6 ай, канаттуулар
боюнча 8— 9 айга гана созулат.
Соодадан түшкөн акчалар Мамбеткулдун ичкенжегенине, кийимкечесине жетмек
түгүл, канаттууларын, күрөң уй менен бээнин тоютун камсыз кылуудан да артып калат.
Мындан тышкары, колхоздон алган эмгек акысы үй-бүлөнү И нанын толук камсыз
кылат. Ар жылы күзүндө Мамбеткул торпок менен жабагыны (анын ую да, бээси да эч
убакта кысыр калбайт) сатып акчасын соодадан арткан запастарга кошуп, сберкассага
салып коет. Бирок, анын сберкассадагы акчасынын саны канча экендигин эч ким
билбейт...
Салык досунун сыйына туйтунуп, алар менен кучакташып коштошуп, айлына кайтты.
***
Карабек элдин акыры болуп базардан чыкты. Алып барган ридиска менен пияздарынын
жарымынын көбү өтпөй калды. Ал базарга эртең келе албайт. Ошондуктан сатылбай
калганынын баары бөөдө бүкөмбара болот. Бүгүнкү түшкөн 30 сомдой акчасы эмне
болмок? Ал бир килограмма кант, балдарына момпосуй жана 2—3 тоголок чай алды.
Кечке курсагы ач кесерип туруп, базардан кайтарда бир кесе айран ичип, бир токоч
жеди. Узун күндө чөпкө курсагы тойбогон көк эшек да көңүлсүз басып, үргүлөп келе
жатты.
— Мен эмне деген кишимин, деп ойлойт Карабек, же колхозчулуктан же
соодасатыктан жарыбадым. Эмне үчүн Мамбеткулдай эптүү болуп жаралбадым?!
Карабек колхоздо да, соодасатыкта да Мамбеткулдан көп иштейт. Бирок тапканы андан
беш эсе аз. Эмне үчүн андай? Тагдыр ушундай болобу?
Ал салбырап көчөгө киргенде Мамбеткул чери жазылып, көйнөгүнүн жеңдерин түрүп,
күнгө күйгөн кыпкызыл башын мадырайтып, коргонунун сыртында арыкка көз
жүгүртүп турган. Арыктагы сууда өрдөктүн балапандары чыйпчыйп этип, нарыбери
сүзүп жүрүшкөн болучу. Карабек аны көргөндө сыр билгизбөө үчүн калпагын
чыкчырылта кийип, эшекке камчы чаап, тыпылдата теминип калды. Бирок ачкалыктан
кежигеси кержейген көк эшек, кежирлигин карматып, башын чулгуп, мөңкүпмөңкүп
алсырап араң эле келе жаткан ээсин жыгып кете жаздады... Карабек өзүнө да,
кесепеттүү эшекке да, балким ага күлүп турган Мамбеткулга да ачууланды. Зэргө
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 28
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов