Latin

Атай - 26

Общее количество слов 4091
Общее количество уникальных слов составляет 2166
30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Жыпар жөздеси менен эжесинин ушу жоругуна таң калат жана кызык көрөт.
Жемиш багы ошентип, Калыбек менен аялынын мамилеси үчүн да өзүнчө жаңылык
болгон. Бирок ал да, аялы да короого гүл өстүрүүнү ойлошкон эмес. Ушул кемчиликти
Жыпар толтурду. «Канча айткан менен агроном эмессиңби, ошонуң жакшы, сенин эжең
окубаса делв бак тигүүнү баштаган ошол» деп, жөздеси кеп кылар эле.
Гүл өнгөн көзде Калыбектин короосу бейиш болот да калат. Анын баарын ордуорду
менен өстүрүп, жаңы сорт жемиш бутактарын кыйыштырып, жыгачка түр берген
Жыпар. Шагы ийилген бакта жүргөн сулуу кызды гүлү ачылган бутакка конгон
булбулга салыштыруу Калыбекка абдан жага турган. Жакындан бери ушул тема
боюнча «Шахтагы булбул» деген этюдду иштей баштаган.
Жыпар анын жашоосуна көрк, чыгармасына тема болду. Балдызынын айынан ага далай
жигит жүгүнүп турушат. Ал акыры теңин таппай койбойт. Бирок ал кетсе, Калыбектин
турмушунун көркү өчпөс бекен. «Эси болсо, мени менен эжесин сыйласа, жазгысын
келип, бакка бир убак каралашып турар. Буюрса, Жумадай жигит жуп болсо, колдон
чыкпас...»
— Баса, иттин баласы, эмнеге качып кетти экен? — Ал шлангдан чууруган сууну
ээрчий карап,— Женичка, жанагы курбуңду каякка жоготтуң?
Жыпар гүлдөн башын көтөрбөй:
— Өзү эле жоголо албай жүргөн неме болсо керек. Калыбек бөйрөгүн таяна
каткырды.
— Ай, тек, тек! Антчү эмес. Ал жакшы жигит.
— Андан жакшы киши болбойбу?
— Хаха! — Жөздеси мурдун ушалап койду. — Катуу кетчү эмес. Силер
таарынышып калган белемсиңер.
— Таарынар кишиге таарынуу керек да.
Калыбек азилдешүүгө, чаргытып сүйлөөгө жок эле. Иш жөнүндө талаш болгондо эч
кимге жемин жедирчү эмес. Өндүрүштүк чогулуштарда, айрыкча чыгарманы талдоодо
башкаларга сөз берчү эмес. Анын үстүнө жаш кыз менен акиек антышууну эп көрбөдү.
Жума эртесинде же аркы күнү келип, баштагыдай аралашып жүрө берсе, бүгүнкү
качканы этибар алынбайт эле. Ал ошо бойдон Калыбектин короосун көргөн жок. Ага
союздан жолугуп, «сага эмне болгон, үйгө жүр» деп чакырса, «колум бошобойт»,
анамына деп кылчактайт. Калыбек кишинин сөзүнө бат ишенчү эле. Чын эле колу
бошобой жүргөн экен деп ойлоп, бир топ убакыт өткөндөн кийин, анын жоктугуна да
көнүп, үйүнө чакырбай калды.
Эмки көңүлүн алек кылган балдызы.
Кыздын бой жетиши Ата-эне үчүн бир жагынан кубаныч, бир жагынан дүрбөлөңдүү.
Жөздеси менен эжеси, Жыпарга, ата ордуна ата, эне ордуна эне болушкан кишилер.
Аларга ишенип, анын өз Ата-энеси шаарда скуп жүргөн кызынын тагдыры жөнүндө
камырашпайт.
Калыбек менен аялы бой жетип калган Жыпардын тагдыры үчүн өздөрүн эки эсе
жооптуу сөзишсе да, көңүлдөрү тынч эле. Ал институттун акыркы курсуна көчкөндөн
бери гана алардын башына ой түшүп, кыздын жүрүшүнө этият боло баштады.
Калыбекти биринчи чочуткан — Бектин сүрөтү. Эгер сүрөттөгү кыз анын балдызына
жөн окшош болсо эч нерсе эмес, ушул адамдын кадырын билбес, келесоо чалыш
жигитке балдызым азгырылып калбасын деп жүрөгү түшкөн. Ким жакшы, ким жаман,
ага жуп болууга ким ылайыктуу экендигин, айрыкча андайды жаш художниктердин
арасынан тандоону менден артык билмек беле деп ойлой турган Калыбек.
Бек Калыбекке жакпайт. Андан артык себептин кереги эмне?
Бектин сүрөтүн жаратпай коюу колунан келбегени менен, аны балдызынан бөлүп
салышы негизги максаты болгондуктан, Калыбек өзүнүн бекемдигине ток пейил эле.
Ата-эненин, күйөрман кшнилердин акылы, камкордугу ушу болот.
Балдызы Жумага барса, түгөйүн тапмак. Бирок адамдын кадырын билбес жаш кыз аны
жактырбады. Бекер кылды. Калыбек балдызын «мындан артык күйөө таппайсың» деп
жемелеп, аны эпке келтирүүгө батынбады, өзүн алдыңкы катардагы интеллигенттердин
бири деп эсептеген неме кокус балдызын көндүрө албаса, эл алдында уят болуп
каларын сөзди.
Бирок Калыбектин каалаган кишисин балдызы чанганы менен, Женянын каалаган
кишисин жөздеси жуутпай койду. Кармашуу бирме бир жеңиш менен аяктады. Эми
алдыда мамлекеттик зкзамен бар эле. Ушундай чоң сыноонун алдында балдызынын
башка ой менен алагды болбой, бир өңчөй китеби менен эрмектешкени ылайык.
Сүйүүнүн, күйүунун кол бош убактагысы жакшы. Калыбек өзү үчүн да, балдызы үчүн
да ыраазы.
***
«Сулууну сүйбөй коюу — өзү күнөө».
Акындын ушу ыры Жума үчүн гана чыгарылгандай туюлар эле. Сулуудан жүрөгү
суугандан кийин, ырдан да көңүлү калды. Сулуу да, сүйүү да ырга окшободу..
Ата-эненин маңдайында эркелеп чоңоюп, өмүрүндө муңбаган жигитке турмуш, сүйүү,
достук эмне үчүндүр мурда оюна келбегендей сөзиле баштады. Турмуш ушув¬дай
болобу же ал чыныгы издегендерине туш келбей, ушу көргөндөрүнүн баары кокусунан
учураган немелерби?
Ал махаббаты үчүн кайгырганы жок, ызаланды. Катуу ызаланды.
Эгерде Женя аны жөн эле сүйө албаймын деп тим болсо, анча кейибейт эле, «сага досуң
үчүн гана ык салып жүрдүм» дегени намысына бычактай тийди. Ал Женяны өлүпталып
сүйүп, убакытын, бүт өмүрүн ошого багыштап, башкалардан кечип жүргөндө, Женя
бар болгону Бектин көңүлү үчүн гана анын жанына жолотуп жүрдүм дегенине кантип
чыдайт. Болбосо, жигит мынчалык күйгүлтүккө түшө элек көзинде эле ошентип чынын
айтпайбы? Ай, кыздарай, кай кордугуңарды айтайын!
Жума кыздын фотосүрөтүн тытыптытып ыргытып, башын мыкчып отуруп калды.
Бир Женя деп жүрүп, досунан ажыраганына кайгырды. Ал үчүн чоң кайгы ушу болду.
Бул үчүн өзү гана айыптуу. Бекте кылдай жазык жок.
Ал Бектин алдына барып кечирим сурап ыйлагысы келди. Ал досунун жаңылыштыгын
кечеби? Кечет. Ал боорукер, кечиримдүү жигит. Андан башка, Жума кандай чоң күнөө
кылса да, кечпей койбой турган сонун кабарды уга элек.
Женя менен Бектин ортосунда кандайдыр бир мамиле бар экендигин Жума мурда эле
сөзген. Бирок, анын күчү канчалык экенин байкай албаган, ал турсун, экөөнүн
ортосундагы сөзим тутанбай өчкөн от сыяктуу көрүнгөн. Женяга ашык болуп калган
Жума тиги экөөнүн ортосундагы от кайра тутанышынан чочуп, ошонун айынан
досунан оолактай баштаган.
Бирок ал алданганын кеч түшүндү.
Эми Жума менен Женянын ортосунда сүйүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.
Бирок Женянын журөгү Бекте экенин анык билди. Бектин сүрөтүнүн сыры да ушу
кыздын тагдыры менен байланыштуу экени белгилүү болду. Муну Бек гана ачык
билбейт.
Эгер досунун сары санаага түшүп, таппай жүргөнүн таап берсе, Бек анын бардык
күнөөсүн кечип, достугу ого бетер бекемдемек.
Жума досун сүйүнчүлөөгө бир нече жолу умтулду, бирок эмне үчүндүр бара албады,
анын бетин тиктөөдөн айбыкты.
Ошентип жүргөндө анын үйүнө Бек өзү келди. Ал азыңкы экен. Жумага мурункудай
эле чын пейли менен
мамиле кылды. Катташпай аралары сууп баратканына өкүндү. Жума күцкмыңк этип,
ачык жооп бере албады. Баштагы ачыктыгы, шайырлыгы, өтүмдүүлүгү кайда? Ал
Бектин алдында өзүнөзү түшүнө албады.
«Мен куруюн, күнөөлүмүн» деп арманын төккүсү келип барып, кайра үшкүрүнүп
токтой калып отурду.
Бек ал сырын ачса, ачпаса да кечирет, аны өзүнөн кубалабайт. Бирок, ал Бек менен
эмне үчүндүр келечекке кол кармашып, бирге бара албай тургансыды. Бек кандайдыр
өзү менен өзү болгон, түшүнүксүз киши сыяктанды. Мындай киши менен бир жүрүү,
дос болуу оор. Киши бирөөгө түшүнө албай анын артынан көлөкөсүндөй ээрчип жүрүп
дос боло албайт, катар жүрүп, түшүнүшүп, биринин кемчилигин бири толуктап жүрүп
достошот.
Жума ушундай ойго келди. Бектин алдында кылмышкер сыяктанып, башын жерге
салып олтурушуна арданды. Ордунан туруп, колун артына алып, бөлмөнүн ичинде
ачуулуу аркытерки басып:
— Мага акыл үйрөткөнү келдиңби? — деди Бекке,— Сага менден эмне керек?
Бек оозунан сөзү түшүп, селее калды:
— Мен түшүнө албайм, Жума!
— Мен да түшүнө албайм. Бирибирибизди түшүнүшө албагандан кийин башка
сөздүн кереги эмне?.. Бирок сен жөнүндө жаман пикирим жок. Мага өз бетимче
ойлонууга мүмкүндүк берчи?
— Болуптур. Аныңа макулмун. Бирок мага эмне үчүн ачууланасың? — деди ал
сабырлуу.
— Сен жакшы художниксиң. Бирок, мага окшогон таалайсызсың. Кеп, жалгыз гана
талантта, эмгекте окшобойт. Таалайда...
— Сага мына эми макул эмесмин! Экөөбүздүн жолубуз эки башка турбайбы!
— Таалайың кем! Эгер таалайлуу болсоң, балким мөнин бир ооз кабарым менен
багың ачылмак! Мүмкүн, аля да уккуң келер,.. Эгер намыс кылбасаң...
— Хаха! — Бек адаттан тышкары катуу каткырды да, коштошуу сөзүн айтты. —
Менин таалайым сенин бир ооз сөзүңдө эместигин көрөрсүң.
— Көрүшөбүз! — деди Жума соңунан.
Жыпар үйүндө. Анан кайда болмок эле? Окуу китептери, адабий китептери жана башка
кошумча материалдары колунда турганда, кечкурун шаардын китепканаларына барчу
эмес. Күндөлүк окууга, семинарларга, экзамендерге даярданууну өзүнүн ээн
бөлмөсүндө, же бактын көлөкөсүңдө өткөрө турган. Беш жылдан бери ушунусу ушу.
Режим түзүп, андай жүр, мындай жүр дедиртип убара кылбай, сыртта да, үйдө да
балдызынын бир калыпта зымпыйып жүргөнүнө Калыбек тобо кылар эле. Анык
жүрүштурушунун татынакайлыгы тарбиясынын жакшысынан дээрлик. Кокус, бой
жеткенине карабай, шайкелең: болуп, үйгө токтобосо, окуусуна жетишпесе, башкалар,
айрыкча кыздын Ата-энеси «тарбиялай албаптыр», «ишенгенибиз силер болсоңор» деп
айыпты Калыбек менен аялына оодарышмак.
Мына эми, алдыда мамлекеттик экзамен. Кудайым, окуудан башканы оюна салбаган
адептүү балдызым акыркы сындан өтөөрдө кылтыңдап, бир нерсе тийиптирби деп
ойлойт жөздеси.
Башкаларга кадимкисиндей көрүнгөнү менен, Жыпардын жүрөгүнүн тереңинде
кандайдыр бир сабырсыздык менен татынакай үмүттүн тартышуусу бар эле. Ушул
сөзим күч алгандан күч алып, кыздын беш жылдан берки көнүмүш болгон өмүр
чыйырын чатыштырып, сары алтындай сабырын закым кылып учурду.
Эмне болуп кетти? Жүрөгү алып учуп, кыялы эмнегедир азгырылып, бирок акылы «тек,
тек, сабыр эт» деп бир жагынан шыбырайт. Бир калыптагы бейкут көңүлү аламатка
түшүшү эски дартын козгоочудай аны ойдон ойго кубалады. Далай түндөр уйкусуз,
беймазалуу өтүп, күндүзү бир жерге токтоно албай же бир нерсе бүтуртпөдү.
Жыпар мен эмне болуп баратам, баягы эле менминбв же өзгөрүлүп калганмынбы
дегенсип, чоң күзгүнүн алдына келди.
Ал баягы эле Жыпар болсо да, беш жыл мурдагы көңүлүнө чаң жуга элек, үмүт менен
кубанычтан башканы билбеген оюнкараак кыз эмес эле. Андан берки окуялар, башынан
өткөндөрү, кыз болсо да, кыз дүйнөсүнөн жандап өтүп бараткан өмүр жолу маңдайына
билинербилинбес из түшүрүп, бакыт нуру жанган көздөрү коймолжум тартып, сыр
жашыргансыйт.
— Сен мени тааныбай турасыңбы? — деди ага өзүнүн сүрөтү. — Мен кыйналдым,
убакытка уттурдум, бирок өмүрүмдү, келечегимди сактап калдым. Сени ойлонот,
түтяүнөт, акылына келет деп качанкыга күтөм?
— Жаным, сеники туура! Сен айткан өмүр, келечек мен үчүн артта калгандай
сөзилип, аны ойлоодон коркчу элем. Эми анте албайм.
Кыз өмүрү — адам турмушундагы гүл ачылган маалдай, жылт этип өтчү бир учур. Кыз
өмүрүн сөзүү, баалап жана сактай билүү — турмушту сүйүү жана кадырлоо.
Жыпар ал учурдан өтүп баратканын аргасыздан мойнуна алды. Анда орто мектепте
окуп жүргөн, атасы мектептин директору. Жыпар оюнкараак, шайкелең эле. Ата-
энелери, коңшулары «эмне үчүн кызга окшоп, өз боюна каранбайт» дешкени менен,
өзүнө жупуну кийим деле жарашканын, канчалык жөнөкөй жүрсө, ошончолук көңүлү
тетик болоорун биле турган. «Чоңоюп эле калды, жигит тандаар курагында кичинекей
балдарга теңтуш» деп жемелешкен учурда, ал жигиттерди да байкап жүргөн.
Анда Бек армияда эле. Үйдө анын окуган китептери, жазган конспектилери,
фотокарточкалары жана өзү тарткан сүрөттөрү бар. Бош убагында Бектин архивдерин
аңтарууну жакшы көрүчү. Жыпардын сүрөт искусствосуна кызыгуусу, художниктер
менен композиторлордун өмүрү жөнүндөгү китептерди окуудан башталат. Ага айрыкча
«Паганини», «Жан Кристоф» жана Минченковдун «Эскерүүлөрү» жагар эле. Ошол
китептер Бектин өзү жөнүндө да ойлонтчу.
Бир күнү алардын үйүнүн төркү бөлмөсүнөн жаш солдаттын атасы Назардын
портретин көрдү. Назар сүрөттө кара көрпө тебетейчен болуп, кара муруту чыйрыйып,
көзүнүн кыйыгы менен кимдир бирөөнү тиктеп турган. Ал өзү билгенин бербеген,
айтканынан кайтпаган, каардуу кишидей сөзилди. Жыпарга ал башкаларга катуу
айтпаган, балдарга жүрөгүн чапкан жумшак карыяга юкшогон.
Бул эмнеси? Жаш солдат атасынын мүнөзүн жакшы билбейби деп ойлогон. Назар жаш
көзинде турмуштан көп жабыр чегип, каардуу болуп калганын, али да чындаса, өз
билгенин иштей турганын Жыпар портрет менен таанышуудан кийин гана байкай
баштаган.
Ага чейин Бекти солдат катары гана көз алдына келтирчү. Мурда көргөнүн дал өзүндөй
келтирген кишилер гана художник деп эсептей турган. Ал өзү байкабаганды
портреттен байкагандан кийин — художник ушундай кылдат болот турбайбы?! — деп
калган.
Сүрөт искусствосу менен кабардар болгондон кийин, ал фото сүрөттөргө анчалык
көңүл бөлбөй калды. Бектин толгон карточкаларын бир баштан оодарып чыгып, анын
өзүн көргөндөй алымсынбай, өзүнчө эле «мындай болууга тийиш эмес» деди.
Жаш художник менен сыртынан таанышуу, ага эч кандай" милдет артпаса да, кыз анын
турмушуна анчейин гана кызыкпастан, жаш кыялы алда кайда алып учурар эле. Анын
кандай жигит экенин өзү менен жүз алышып таанышууда билбесе, портрети аркылуу
түшүнмөк болуп жүрдү.
Жыпар Назар карыянын үйүнө сүрөт көрүүнү каалаган мейман катары барбастан, өз
кызындай аралашып жүрө турган. Ошону үчүн, аны Назар менен байбичеси жакшы
көрүшүп, өз ара «келин кылып алсак» деп кеп кылышчу.
Мына ошо Бек армиядан келатканда Жыпар почтальондон биринчи угуп, эки үйдүн
ортосунда таманы жерге тийбей тызылдап, ар кимден сүйүнчү сураган. Уккандын
баары кубанышкан. Бирок Жыпардай жүрөгү жарыла жаздаганы жоктур.
Көңүлдөрү делбеленген Ата-энелери, кудай жалгап, анын мынча эмне бызтыз
түшкөнүн аңдашпады...
Пилоткасын бир жагына оодук кийген жаш солдат машинадан буту жерге тие электе
таламайга түштү. Ал кишинин баары менен кучакташып көрүштү. Жалгыз гана Жыпар
менен анчейин кол алышты. Кыз эгер мурда аны менен тааныш болсо, кучакташып
өбүшүүгө даяр эле. Солдат жөн гана колун берип жатып, бажырайып терең тиктей
калганы гана анын кусасын таратты. Антмейинче жүрөгү алып учуп турган шайкелең
кыздын илеби сууй түшөт беле.
Армиядан кайткан балдар менен учурашканда кубанбаган кишилер болобу. Азыр алар
ажалдын оозунан келбесе да, согуш мөзгилинде үшү кетип, жол карап журөкзаада
болгон кишилер, армиядан кайткандар менен али да толкундануу менен учурашат.
Көпчүлүктүн уучуусу Жыпарга да таасир кылды. Ал элдин шары менен жүрөгүн
кыскан ысык демин чыгарып алды.
Үйүнө кайткандан кийин гана өзүнүн жоругун эстеп, анча эмне энтеледим — деп,
өзүнөзү жемеледи. «Шайкелеңдеген кандай кыз деп ойлоп калды бекен?»
Жыпар жаш солдаттан да, Ата-энелеринен да эмне учүндүр уялып, эшикке көп чыкпай,
чыкса да, ага кездешүүдөн качып жүрдү. Бирок, каякка качса да солдат келип, таап алат
деп күттү.
Бек аны биринчи көргөндө эле айылдагы жаңы өспүрүм кыздардын бири го деп
ойлогон. Узак жылдар окууда жүрүп, анан армияга кетип, айылдагы кийинки өскөн
жаш муундардын көбүн таанычу эмес. Ошо бойдон көрүнбөгөн соң ал кызды таптакыр
унутуп койгон. Жыпар аны билген жок. Күттү. «Мен аны сүйүп калдымбы» деп чочуду.
Бирок, ошол чочуу да көңүлүнө жагып турду.
— Ооба, мен махаббатка өтө эрте, мезгилсиз чалындым. Айыбым ушу гапа...
Элге таберик болуп, үйдөн-үйгө кыдырып жүргөн жаш солдат сен Жыпардын үйүнө
эмне үчүн кайрылбайсың? Же эң акырына сактадыңбы?
Кыз бир күнү сууга баратып, жээкти жалгыз өзү бойлоп, колун артына алып, ойлуу
жүргөн солдатты көрүп, үйүнө качмакчы болду да, кайра жүрөгү чыдабай өзөндүн
боюна келди. Чакаларга суу толтуруп, жээкке койду. Солдат өзөндүн боюндагы кызды
көрсө да, суунун түбүнө бир нерсесин түшүрүп ийгенсип, башын суудан көтөрбөдү.
Жыпар аны күткөнүн билдирбөө үчүн чакадагы сууну төгүп, идишин жууптазаламыш
болуп, кыйлага чейин отурган...
Акырында Назар менен байбичесинин келин алуу жөнүндө уулуна салган акылы,
Бектин чанышы элге дүңк дей түштү. Жыпардын Ата-энеси уятынан элди карай албай
калышты. Жыпарчы?
Биринчи махаббаттан көңүл калуу кандай болоорун башынан өткөргөндөр гана билет.
Атасынын башка жерге оошу, Жыпардын шаарга келип, жаңы шартка туш болушу гана
кызды кусалыктан сактады. Бул сөздүн четин Калыбек да уккан эле. Анын Бекке
тырышып жүрүшү да ушундан. ,
Жыпардын элден обочолонуп, башкаларга текебердүү кыз болуп көрүнүшү
бекериненби?! Жигит тандоо жана махаббат ал үчүн өткөн өмүр сыяктуу сөзиле турган.
Ал күзгүдөгү муңайымдуу көздөн өмүрдүн ушул жазууларын окуду...
— Сен эмнеге муңаясың? — дейт күзгүдөгү Жыпар. — Сен махаббатыңды
жоготконуң жок...
Ооба, анын жаралуу жүрөгү кайрадан козголбодубу. Оюнда эч нерсе жок, Чүй
талаасында жүргөндө кылайып аткан таңды жарып чыккансып, Бек дагы туш келди.
Ошондо жаралуу жүрөгүнүн туйлашы ай! Бул кубанычпы, кайгыбы, түшүнө албай,
махаббаты аны атайын издеп келгенсип, кучагына боюн таштоочудай телмирип турду...
Бек анда да күйгүлтүк түшүрүп кетти... «Мен киммин?», «Таалайым кем жаралган
бечара кызмынбы» деп ал убайым тартып ооруп, бир ай курортто жүрүп гана
эсишжыйнады.
«Таалайсыз» деген суук ой анын мойнуна оролгон жылан болду.
Ошентип жүргөндө таалайына «Талаа жылдызы» чыкты. Бу сурөттөн Жыпар өзүн
көрдү. Өзү менен таанышты. Таалайлуу экенин, махаббаттан айрылбаганын ушу
сүрөттөн билди.
Кереметтүү сүрөт анын узүлгөн үмүтүн улап, жаралуу жүрөгүнө даба болду. Кыз
өмүрүнүн ууз махаббаты, саналуу түндөр, айыпсыз көз жаштары текке кетпеген экен.
Жыпар шайкелең курагы кайрылып келип, жаш солдат менен кайрадан жашынмак
ойной баштагандай сезет.
Ооба, алар кайрадан жашынмак ойноого киришти. Бек анданмындан бир көрүнүп
коюп, бекинип жүрдү. Эми солдатым, өзүң да узакка бекине албассың, махаббаттын
сыйкырлуу жиби сени да чырмаган белем. Сенин махаббатың, Жыпарды кыя
албастыгың, алышкан колуң, антышкан антың — баары да «Талаа жылдызында».
Жыпар үчүн эми ал сүйөбү, жокпу деп өз алдынча кайгыруу, андан жооп күтүүнүн
зарылдыгы жок. Ал таалайын тапкан кыз.
Бирок Бек ошону түшүндүбү? Сөзсүз түшүндү. Башында армиядан кайтканда калың
элдин уучуусу менен биринчи көрүшкөнүн мүмкүн унутуп, Жыпарды эстей албай
«каерден көрдүм эле» деп адашып жүргөндүр. Аны бая күнү Жума үчөө жолуккан күнү
өзү ачык айтпадыбы? «Мен Жыпармын» дегенде ок тийгендей темтеңдей түшкөнүн
Жыпар гана сезди. Жума байкаган да жок. Мындайда кыз жүрөгү кандай кылдат!
Ошо жолугушууда Жыпар таалайын тапканына анык ишенди. Эми ал экөөнүн ортосун
жакындаштыруу үчүн орточу да, үчүнчү бирөө да ашык. Тагдырдын зомбулугунан
жалккан кыз ага чейин Бекти көз алдынан жоготпоо үчүн, аны даректеп туруу үчүн
досу го деп Жума менен жакындашкан. Жуманы сүйбөсүмдү, менин дартым Бекте
экенин Жума өзү сезгендир деп ойлогон. Жок, Жыпар мында жаңылышты. Жума аны
башкача түшүндү... Балким Бек да...
Жок. Бек андай эмес, майда сезимге алдыруучу жигит эмес. Ал менин Бегим!
— Ооба, сен андан жаңылганың жок. Ал сенин Бегиң — деди күзгүдөгү жароокер.
Жыпар күзгүгө тирмийди. Акчыл бети ажарланып, узун кирпиктүү кара көздөрү
жоодурап, бактынын кучагында балкып турганын көрдү. Ал иреңинен таалай нуру
жайнап турарын байкай элек болучу. Мүмкүн, бир көзде, омүрдү баамдай элек
курагыпда — орто мектепте окуп жүргөн учурда ушундайдыр.
Азыркы Жыпар, таалайы жайнап, махаббаттын күүсүп чалган Жыпар, «Талаа
жылдызынын» дал өзү эле. Буга чейинки кебетесиндө сүрөт экөөнүн сырткы
окшоштугу гана бар эле.
— Бек! Садагасы Бек! Жаным Бек! Сен мени жакшылап тааный албай жүрүп,
менин ким экенимди, кандай жан экенимди кайдан билдиң? Сенин жүрөгүң ушунчалык
кылдат, кистиң ушунчалык кереметтүүбү?
Жыпардын көзүнөн жаш чыбырчыктады. Бул бакыттын, махаббаттын тамчылары эле...
Калыбектин багынан булбулдун таңшыганы угулду. Бек мени үндөп жатабы деп
Жыпар элеңдеп, эшикке жүгүрүп чыкты.
Бактын сансыз жалбырагынын арасында кимдир бирөө менен жашынмак ойногонсуган
акын куш үнүн безелентип, ашыгын күткөндөй, сагынгандай куулжутуп сайроодо.
Бактын көлөкөсүндө жөздеси сүрөт тартып отурат. Болжолу «шахтагы булбулу» менен
алек. Эжеси эски жыгачка жөлөнө китеп окуп отурат.
Үйдөн жүгүрүп чыккан кыз тряляля деп чимириле жөздесинин жанына жетти.
— Ту, кантесиң! Бала болуп кетесиңби? Булбулду качырасың — деди Калыбек
чекесин тырыштырын.
— Атайылап келген булбул болсо качпайт. Кокусунан конгон болсо, уча берсин!
Булбул учкан жок. Жездеси аргасыздан күлдү:
— Сен мындай эмес элең. Акыркы окуу жылында күчөдүң. — Ал кистисин коюп,
бажырайган кызга карады. Балдызы азыр эмне үчүндүр шаарга келген «Талаа
жылдызы» боло калганын айтып жибере жаздап, араң токтоду. — Ушунуң жакшы... Аз
гана убакыт калды. Экэаменден башканы ойлонбой, көцүлүң тетик жүргө»! жакшы.
— Траляля! — Балдызы чимирилген бойдон дарбазага жетти.
— Хаха! Кудай урсун, бала болуп баратат! — Калыбек соңунан башын чайкады.
Жыпар өзбекче тигилген кызыл шайы көйнөкчөн көчөгө чыкты. Каякка барат? Аны
менен жумушу жок, дүйнөнү аралап, дүйнө жүзүн көрүп, өзү да дүйнөгө көрүнгүсү
келет.
Ал сабыры суз болуп, художниктер союзу жактан шалкыйып келаткан Жумага
жолукту. Жыпардан биротоло үмүт үзгөндөй жерден башын көтөрбөй жанынан өтө
берерде, кыз аны колдон алды:
— Саламатсызбы?
Жума «дагы эмне шойкон баштайт» деген кадик менен токтой калып, учурашты эле,
Жыпар аны аңкайтып коюп басып кетти...
Далай жылдан бери махаббаттын зарын тартып, үй туткуну болгон кыз капастан
чыгып, кең мейкинде канатын желдетип, эргип учкан кептердей көңүлү сергип
шайдоот баратты. Бир убакта вокзал тараптан, калың элдин арасында Бек менен
тиктешип калган экен... Жигиттин көзү чанагынан чыгып, жемин көргөн куштай
талпынганы турат. Жыпар элдин арасына жашырынып, дал Бек турган жерге жеткенде,
ал алактап, кызды мурунку ордунан издей баштады. Жыпар бош турган автобуска
отуруп, сыртынан акмалайт. Ал кызыл көйнөк аял көрсө эле чуркап барып, бет алдына
чыгат да, алаңдап эки жагын карайт. Бечаранын бетибашынан тер буурчактайт...
Вокзалдын айланасын эки-үч сыйра арытып бүткөндөн кийин скверге түшүп, төмөн
көздөй чуркады.
Чуркасын, издесин! Саргара күтүү, издөө, убаралануу эки кишиге тең!
Демейде ашыкпаган Бекке, оор басырыктуу Бекке азыр эмне болду? Мынчалык кара
терге чөмүлүп, желпилдеген тармал чачтары саксайып, элдүү көчөдө энтелеп
чуркашына караганда мурда көзүңө кыз көрүнчү эмес беле? Балким Жыпар үчүн деп
актанарсың. Ошо Жыпарды да беш көкүл курагынан бери көрүп келатасың го.
Бек азыр мындай суроолор жөнүндө ойлонууга, башкаларга жооп берүүгө чолосу жок,
жашынмак ойномуш болуп, чындап жашырынып бараткан курбусунун соңунан сая
түшкөн. Канча жылдардан берки мудалуу тилеги, сыйкырдай азгырган жолугушуулар,
башына түшкөн түпсүз суроолордун баары азыр бир гана Жыпарга айланып, ошончо
убакыттан бери издегенин азыр гана тапкандай, эми аны колдон чыгарбоочудай
ашыгат.
Кочөдөн нарыбери өтүп жөөлөшкөн кишилер, дал тумшугунун алдынан жылуу илебин
чачып өткөн машивалар, аны бир нерсесин ууруга алдырып кууп жүргөн немеби — деп
жабалактаган көздөр да ага байкалбайт. Бир маалда дал бетмаңдайынан
милиционердин ышкырыгы угулду. Бек токтободу. Ышкырык дагы кайталанып,
милиционер колун чыкыйына алып, жолун торой тура калды:
— Гражданин, сизге эмне болду?
Бек ошондо гана энтигип, демин алалбай токтой калды. Артына кылчайса далай жерге
келген. Жыпар түз эле алдына түшүп алып, кача бериптирби?
— Демиңизди жыйыңыз? Сизге эмне болду?
— Эч нерсе! — Жигит башын чайкап, чылпылдаган көйнөгүн желпинип,
скамейканы көздөй басты. Милиционер аңкыйып туруп калды.
Бул жер «Ала-Тоонун» алды эле. Бек ийнинен дем алып, башынан көк булоосу булап
турса да, көзү кинотеатрдын алдында чогулган жаштарда. Булактаган ак көйнөк, көк
көйнөк, кызыл көйнөк, жашыл көйнөктөр.., Ту, дүйнөдө кыздар канчалык көп. Ушуга
чейин кыздардын жазгы гүлдөй жер жайнаганын, алардын соңунан жүргөн өзү сыяктуу
жигиттердин андан да көп экенин биринчи жолу байкагансыды. Ал кинотеатрларга
жаңы фильмдерди, пьесаларды көрүү максаты менен гана келер эле.
Анын көзү өзбекче тигилген кызыл көйнөктөрдө. Тигинде дал ошондой кийинген эки
кыз басып келатышат. Алардын Жыпар эместигин караанынан эле тааныды. Билет
кассасынын тушунда көзек күтүп турган сапка арык чырай, чачын артына өргөн орто
бойлуу кыз кошулду. Мүчөсү да, кийими да Жыпардыкындай.
Бек аны көрөрү менен ордунан козголуп, сырттан тооруй басканда, дагы бир жигит
келип, ошо кыздын ордуна туруп, аны менен шыңкылдашып сүйлөшө баштады. Бектин
жүрөгу зырпылдап, ачуусу кайнап, ошол жигитти эки чайнап, бир жуткусу келип
баратты.
Ал жигит Жума болуп чыкты. «Бул эмне үчүн мени менен араздашып жүрөт десе, арам
ойлуу турбайбы; мен буга көргөзөм» деп жакындай бергенде далысын салып турган
кыз бери бурулду. Башка кыз. Бек токтоп, кайра артына кайрылганча аны Жума да
байкап, «кургурум сен да чабытка чыккан экенсиң, башынан эле ушинтпей» дегенсип,
күлүп койду. Анын ишараты Бекке жакпадьь Ал ушул жерден төзирээк кетүүгө
ашыкты.
— Эч нерсе эмес. Көнүп кетесиң — деп артынан Жума күңк этти.
Бек колу алдында турган махаббатынан адашып калганы үчүн өзүн өзү катуу жемелеп
баратты. Бир көзде, анын дайынын биле электе, «дарегин эле билсем, көккө чыгып же
деңиздин түбүнө түшүп кетсе да табам» деп шерттенер эле. Ошо шерти оюна түшкөн
сайын кыжыры кайнайт.,. Дагы жигит имиш!
Ал кыялындагы кызга, сүрөттөгү кызга ашык болуп гана өз алдынча муңайып, жакшы
тилек, таттуу үмүткө көлбүп, мына табам, ана табам деп сооронуп жүргөн экен. Кыялы
чындыкка айланып, Жыпар болуп чыга келгенде ал мындан ары үмүт менен сооронууга
болбой турганын, аны тапмайынча өмүрүнүн кызыгы болбосун, жашай албасын сезип
баратты.
Мени көрүп, издегенимди биле тура эмне үчүн качат деп таарынмакчы болот. Бирок
аны кайра аяп кетет...
Күн батып, көчөлөрдөн электр жарыгы жаркырай баштаган. Кыбыладан мээлүүн жел
жүрүп, Бек сергий баштады. Убакыт өткөн сайын демин жыйнап, жүрөгүн басып,
акылына келе баштады.
Жыпар каякка кетмек эле? Анын турагы жездеси Калыбектин үйү эмеспи? Ооба, ошо.
Бирок жөздеси курган киши го. Эч нерсе эмес. Калыбек эмне десе ошо десин, менин
ишим балдызы менен.
Ал Калыбектин үйүн сыртынан билчү, бирок ага кирип көрбөгөн. Дарбазанын тушуна
келип, тыкылдатты.
— Азыр! — Калыбектин үнү угулуп, анан дарбаза ачылды. — Кириңиз.
Келген киши Бек экенин ал короого киргенден кийин гана таанып, андан ары
ээрчиткиси келбей, дал турган жеринен кайрымак болду:
— Кош, бейубак жүргөн экенсиң?
— Ооба, бейубак. Иш менен. Жыпарга...— Ал токтоо жана ишенимдүү сүйлөдү.
— Жыпарга? — Калыбек кабагын түйдү.
— Ооба, Жыпарга!
— Менин үйүм кыз менен жигит жолугушуу үчүн салынбаганын билерсиз дейм.
— Мен жолугушууга келгеним жок. Мен аны сүйөм, Калыбек. Сиз түшүнүңүз?
— Гм, жалгыз сиздин сөзүңүз сүйүшүүгө жатпайт го.
— Жыпар мени сүйөрсүйбөсү да сизге белгилүү болушу керек. — Калыбек менен
мындан башкача сүйлөшүүгө болбосу үчүн гана катуулап сүйлөдү.
Калыбектин да ушу жөнундө шеги бар эле. Жыпар дайыма сөз боло калганда «Талаа
жылдызын» мактап, Бектин тарабына өтүп алар эле. Жөздеси жактаган бойдоктордун
бирине да көңүл бурчу эмес. Ал Бекти оолактатуу менен гана балдызынан бөлүп, анын
ортосунда аны дагы бир жигит илип кетер деп оплочу. Бектин азыркы сөзүнөн чындап
чочуду. Бирок сыр алдырбады.
— Мен аны биле албайт экенмин. Билүүнү да каалабайм. Жыпар азыр жок. Айлына
дем алууга кеткен. — Ал калп айтты. Балдызы үйүндө эле. Эртең кетүүгө камынып
жаткан.
— Кечиресиз? — Бек шарт бурулду.
— Сиз да кечиресиз. — Калыбек дарбазаны карс жаап, илгичин салды.
VI
Көк ирим дарыя шарпылдап, ак көбүгүн чачыратып, кумдуу жээкти жалмалап,
чамынып агат. Токтоо бербес, жинди кыял тоо суусу кылымдардан бери жээктерди
жемирип, шагыраган кум менен таштарды шилегенин койбой өз агынын өзү тороп,
кайра жаңы жол ача берип, кыйла жерди какыраган сайга айлантып жиберген.
Дарыя улам төмөндөп, учу кыйры жок казак жерине тереңдемейинче бугу чыгып,
күүсүнөн жанбайт...
Сайдын жээктери көпкөк. Андан ары сары алтын буусун бүрккөндөй калкылдаган эгин
жайлары, көк асман менен өңдөшкөн кызылча талаалары, чабындылар.
Дарыя алыстаган сайын жер каксоо тартып, үрпөйгөн сары талаанын лепилдеген жылуу
жели күчөй баштайт. Жай ортолоп калган. Илгери бу маалда суу тартылып, дарыя
бөксөрө турган, ошондо да буурукканын чыгара албай таштанташка урунуп, мөңкүп
агар эле. Орто-Токой көрөңгүсүн толтургандан бери дарыя үчүн жаз менен жайдын, суу
кирүү менен тартылуунун айырмасы жуулуп баратат. .
Жыпар ушу Чүй дарыясынын боюнда туулган.
Илгери энелер жаңы төрөлгөн балдарды ырыскешиктүү болсун үчүн ырымдап, май, сүт
менен оозантчу экен. Жыпар ак төөнүн карды жарылып турган убакта төрөлсө да, чоң
энеси дарыядан бир чыны таза суу сузуп келип, «өмүрүң дарыядай болсун» деп ошону
менен оозандырыптыр. Чоң энесинин ырымы кыздын эсинөн чыкчу эмес. Маркум
капкачан дүйнөдөн өтсө да, дарыяны көр¬гөн сайын, туулуп өскөн жерин ойлогон
сайын, колуна чыны толо таза суу кармаган кемпир көз алдына келе калат.
Жыпар эненин ак мамасын соруудан мурда биринчи Чүй суусунун даамын таткан.
Анын туулуп өскөн жери менен суусуна ынактыгынан улам сенин Ата-энең «Чүй» деп
тамашалашчу.
Ал убакта Жыпардын чоң атасы да тирүү. Эл малыжанын бириктирип, кыштакташып,
жаңы турмуш курууга киришкен мезгилде чоң атасы менен чоң энеси боз үйдөн
ажырабай биринсерин малы менен жазы, күзү Чүй жээгин бойлоп, өрүш алып көчүп
конуп жүрүшчү. Согуштун алдыңкы жылы өз атасы шаарда окууда жүргөн, кош кабат
апасы төрөрдө кайнатасынын колунда экен.
Кийинчерээк чоң энесинин «киши жер менен көгөрөт. Чүйүмдөй касиеттүү жер барбы?
Чүйдөн жарыбаган киши деле өмүрүндө жарыбайт» дегени күнү бүгүнкүдөй эсинде.
Чоң энеси айткандай, эмгекчи кыргыз жерге укуктуу болуп, аны кантип пайдаланууну
үйрөнгөндөн бери байтеректей тамыр жайып, көгөрө баштады. Дарыянын башындагы
суу токтоткуч, өрөөндөгү чоң канал кубарган өрөөнгө кан тамырларын жайды.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 27
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов