Latin

Атай - 25

Общее количество слов 4012
Общее количество уникальных слов составляет 2062
30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
этип буйтактаса, Жума таарынмак. Алардын жаңыдан башталган достугу дал
жалгашкан жеринен үзүлмөк.
Экөө тең өз ара кыйышпас сөзимде жүрүшкөндөн бери мынчалык ачык суйлөшкөн
эмес. Достук жөнүнде» биринчи жолу ооздон чыккан илеп жаштык шертин мөөр
сыяктуу бекемдеди.
Бек Семетейдин тайбуурулун минген Күлчорого окшоп күүлөнүп, Чүй талаасын
чалууга кетти. Жума өмүрдүн бир жаңылыгын ачкансып, жакшы тилек менен калды.
Бардык жакшы нерсе досу менен гана болчудай. Ага жакпаган же аны жактырбагандын
баары Жумага жек көрүнүүчүдөй.
Ошондо анын оюна биринчи болуп Калыбек келе калды.
Ооба, Калыбекти Жума башынан жактырчу эмес, бир жеринен иренжий турган. Эми
андан жөн гана иренжибестен, достукту коргош үчүн, аны менен өлбөгөн жерде калып
күрөшкүсү келди. Ошондой учурду күттү. Аны менен нечен жолугушса да, кармашуу
үчүн шарт келбеди.
Ошо караниет Калыбек ага бир күнү жолдун аркы четинен көрүндү. Бири батыш, бири
чыгыш тарапка бараткан экен. «Карасаң, бул ушундай кайчылаш жүрөт» деп Жума
кекенди. Атайын анын жанына өтүп барып, урушууга шылтоо табылбады. Эгерде
кокусунан көзигишсе, башка иш эле. Бирок анын оюн түшүнгөнсүп, Калыбек колун
булгалады.
— Жума! Жумаш!
Анын үнү кулагына шиш менен сайгандай угулду. Урушууга Даярданып, Жума жаагын
тырыштырып, тиштенпп турду. Бирок Калыбектин кебетесинде сернишүү учүн
кайрылуунун белгиси жок:
— Мен сени издеп жүрөм, Жума! — Ал барбалактап сүйлөдү.
Өзүнөн улуу кишини эч себепсиз жемелөөгө дити барбай жана аны менен сүйлөшкүсү
келбегендей жаш художник моюн толгоду:
— Мен союзга баратам.
— Союзда киши жок.— Ал Жуманы быртыгый колу менен колтуктап алды.— Жүр,
биздин үйгө. Аңгемелешебиз.
Анын үйүнө чакырышы өлүп тирилдим дегендей эле таңгаларлык угулду. Экөөнүн
ортосундагы иренжүү да ушундан чыккан. Калыбектин бардык аракети — аны уйүнө
келтирбөө эле. Жума анын үйүн көргүсү келгендиктен умтулчу эмес... Үй деген сөз
жигиттин солкулугун жеңди.
Кокус, Калыбектикине барса, Бек эмне дейт? Эмне демек эле. Ал деле Калыбек менен
душман эмес. Көп болсо, иш боюнча бир жолу кермур айтышкандыр. Калыбектин
кыянатчылыгын дагы аныктап билүү керек. Балким кандайдыр бир түшүнбөстүк менен
бизди кодулап жүргөндүр. Мүмкүн ошол жөнүндө сүйлөшүүгө чакыргандыр деген
ойлор келе берди.
— Эмнеге ойлонуп калдың? Кеттик,— деди Калыбек. Жума ойлуу кошо басты. Ал
мурда Калыбектин үйүндө эки жолу болгон. Алгачкысында, экөөнүн мамилеси жакшы
көзинде аны жакшы сыйлашкан. Акыркы жолу. «биз мейманга бараткан элек» деп, аны
сыпайыкерчилик менен дарбазанын оозунан кайрып жиберишкен. Калыбектин
мамилеси бузулушу ачык айтканда, ошондон башталган.
Калыбек мүнөзү бир калыпта турбаган кызык киши. Кээде жакшы художник, апенди
чалыш ак көңүл киши; кээде терсаяк, жаткан өзүмчул жана залим. Көңүлү жакканын
асманга чыгара көкөлөтөт, жактырбаганын жер¬дин жети катар түбүнө киргизгиси
келет... Ага иштин жөнүн түшүндүрө албайсың. Эгерде жакшы көңүлү кармаса, кызыл
кыргын болгон кишиси менен өзү эле моюндашып жүргөнүн көрөсүң. Ошон үчүн
сырын билген кишилер аны менен анчалык эрегишпейт.
Жума анын сырын анча билчү эмес. Ал өзү үчүн, Бек үчүн аны менен элдешпейт беле,
Калыбекке балдызы үчүн гана ийикти.
Анын балдызы... көп кыздын ичинен Жума ошону сүйө турган. Сүйгөнү кыздын өзүнө
түгүл, жөздесине, эжесине да маалим. Бирок, сүйгөнүн эч кимисине ачык айта элек
болучу. Кыз ага жеткирбей: же жакшы сүйлөшпөй, же биротоло түңулдүрбөй
буйтактатып жүргөн. Ичтен сүйүү азабы жаш жигитти кыйнаган. Анын ортосуна
Калыбек каргашадай болуп кошула калып, Жуманы үйүнөн четтетип койгон. Ал эми
кыз менен жолугушууга, ага чалма салууга бул үйдөн башка ыңгайлуу жер жок эле.
Балдызы башка чакырган жакка барчу эмес. «Эх, Калыбектен башканын балдызы болор
белең, менин багыма ушунун туш келгенин карачы» — деп өзүнчө наалый турган.
Үйгө дегенде Жуманын үзүлүп түшкөн себеби ушунда.
Алар күрөң дарбазалуу короого киришти. Ушул жерде Калыбектин менчик үйү, аздап
жемиш багы бар. Ала жаздан коңур күзгө чейин анын тиричилиги короосунда өтөт.
Күндүзү бакка карайт, көлөкөлөп сүрөт тартат, китеп окуйт, түнүндө сөөрүдө уктайт.
Көңүлү тарткан кишилерди ушул жерде кабыл алат.
Короо жай Жуманын көзүнө ысык көрүнөр эле.
Алар дарбазадан киргенде кир жайып жүргөн кыз бурула калды.
— Женя! — Калыбек ага карап колун булгалады...— Бери кел. Таанышып койгула.
Биздин таланттуу жаш художник...
Чаар чыт көйнөкчөн Женя жеңил гана басып келип, ийилип кол алышты. Аттарын
аташкан жок.
— Ой, силер башынан таанышсыңар го? — Калыбек делдее карады.
Жума кызарып кетти. Женя «тааныш эмегенде» деп басып кетти.
— Молодец! — Калыбек анын соңунан күлдү.
Үй ээси жаш художниктин сөөрүдөгү столго алып келди.
Бир маалда Женя келип, столдун үстүндө чүмкөлгөн
акты сыйрып алганда жемиш жайнай түштү. Алма, өрүк, алча...
— Алып отуруңуз, жигит? Өз корообуздуку! — Калыбек алчадан оозуна салды.—
Сиз отура туруңуз, мен чечинип келейин.
Качан Женя же аялы келип, столдун бетин ачмайынча Калыбек дасторконго киришчү
эмес. Алардын бири келип, дасторконго жемишти жайнатканда, ушунун баары
өзүбүздүкү деп көтөрүлүп калар эле.
— Жакшы. Жакшы,— деди Жума.
Калыбек жеңил тапочкасын кийип, ак тор майкечен, курсагын чердейтип кайра келди.
— Иним, сен да чечинип отур. Өз үйүңдөй көрө бер.
— Калыбек Сарыкеевич! Мага көйнөкчөн отурганым жакшы. Менден кам
санабаңыз?!
— Эркинче отурсун дейм да. Кааласаң, бутуңду муздак суу менен жууп ал.
Тердегендирсиң?
— Анча деле тердегеним жок.— Жума бет аарчысы менен чекесин сүртүндү.
— Иним, жаман көрбө! Мен өзүм деген кишилерге жөнөкөй мамиле кылам,
алардан жанымды аягым келбейт.
Анысы ырас эле. Бирок мен буга каеримен жактым. Качантан бери өз киши болгом. Же
балдызы тараптан ишарат болгонбу деп, Женяга сер салды. Анын мамилеси
мурункудай эле кайдыгер. Жалгыз гана Калыбек түшүнүксүз бөйпөктөйт.
— Иним, сага эшигим ачык. Келип тур. Мени сыйлабаган, сөзүмдү укпаган
кишилер чениме жолой албайт.
Бул сөз Бекке тийиштүү экенин Жума дароо түшүндү. Эмне кылсам? Биринбири
жактырбаган эки киши менен кантип достошом? Же Калыбек менен, же Бек менен.
Анда Женя?..
Жума өмүргө таандык кандай суроого туш келбесин, көз алдына Женя келе калат да,
башы маң болот. Ошентип отурганда «Талаа жылдызы» жөнүндө сөз козголду.
Калыбек анькжокко чыгарды. Женя коргой баштады.
— Мына, калыс кишинин пикирин угалы,— деп, жөздеси кургур жабышып алганы.
Эгер ал калыстыгын айтса, Калыбек бычаксыз мууздалганы турат. Аны балдызынын
алдында сындырбоо үчүн:
— Калыбек Сарыкеевичтин пикиринде да негиз бар,— деп сүйөмөлөдү Жума.
— Айтпадым беле. Бул жигит түшүнөт. Таланттуу. Мен ушундай жаштарды
жактырам,— деди Калыбек.
Женя мен өз пикиримде турам деп тим болду.
Калыбек чоң жеңишке ээ болгонсуп, жадырапжайнап, өзүн жана Жуманы көтөрө чалып
сүйлөй баштады.
Женя жедеп ордунан туруп кете турган болгондо Калыбек «жаштар, мен эс алайын,
силер талашты өзүңөрчө уланткыла» деди.
Сен кандайсың дегенсиди жигиттин көз карашы кызга.
— Андан көрө, биз сүрөт көргөзмөсүнө барсак.— Женя жөздесинен макулдук
сурагандай тиктеди.
— Эң сонун акыл! — Мен да ошону күткөм дегенсип Калыбек шаттанды.
Жума бу кызга ынтызар болгондон бери мындай бактылуу учурга туш болуп көрбөгөн.
Чакырууга көнбөгөн кыз минтип өзү чакырып отурушу анын ыкластуулуту эмеспи
деген үмүт жүрөгүн туйлатты.
Женя жигиттер менен жакындашуудан эмне үчүндүр тартынчы эле. Өзү балдардан
окчун өсүп калганбы же жигиттер жөнүндө башкача ойдобу, айтор анда кандайдыр бир
обочолонуу бар эле. «Саксынган байкуш» деп бирөөлөр анысын жактырчу эмес. Ушул
мүнөзү үчүн «текеберлүү кыз», «сендейлердин далайын көргөнбүз» дешип, кээ бир
жигиттер аны «тузакка» илиндирүү үчүн кекенише турган.
Жума башкаларга окшоп Женяга кекенчү эмес. Аны ичтен сүйүп, кусадар болуп,
үмүтүн үзбөй жүрө берер эле.
Мына ошол Женя соорусунан өткөн колоң чачын булактатып, анын колтугунда
баратты. Кокусунан гана бирге баскансып боюн ала качпай, ага эски курбусундай
ыктап, сөз талашып, көңүлү куунак.
«Саргара сактасаң, кызара бөртөсүң» деген ушул экен. Мындан үмүтүмдү үзбөгөнүм
жакшы болуптур, сүйүүнүн күчү деген ушул болуу керек деп ойлойт Жума, бактысына
ыраазы болуп.
Алар художниктер Союзунун көргөзмөсүнө жеткенде гана сөз токтолду. Залды жай
гана аралашты.
— Бул Чуйковдун индиялык этюддары го...
— Ооба.
— Айтиевдин соңку эмгектерин көрөлүчү?
Алар «Түш маалы» менен «Эл акындарынын» жанында сөз чыгарышпай ар кимиси өз
кыялы менен алышып, узакка турушту.
— Сиз түштүктө болдуңуз беле? — деп сурады Жума.
— Болгомун.
— Анда жакшы...
— Бирок мобу акындардын бир катарын ушу сүрөттөн гана көрүп отурам...
Алар сүрөт искусствосу жөнүндө талаш чыгарышкан жок, бирин-серин суроо-жооп
менен гана чектелишти. Жигит кыздын искусствого өтө ынак экенин сөзип, аны
мурдагыдан бетер жактырды.
Женя талаш «Талаа жылдызынан» башталат го деп күткөн. Профессионал художник
мүмкүн мен сөзбеген кемчиликтерин байкаганы үчүн жөздемди колдогон чыгар деп
ойлоп калган. Ошондо да аны менен кармашып көрүүгө, өз пикирин далилдөөгө даяр
эле.
Женя «Талаа жылдызына» көп токтолду. Кана, бул жөнүндө айтып көрүңүзчү дегенсип,
жаш художникке суроолуу карады:
— Жакшы сүрөт. Мен бул сүрөттөн кынтык таба албайм.
Бул сүрөт жөнүндө Жуманын жообу эки түрлүү чыккандыктан, кыз этияттанып калды.
— Сиз «Жылдыздын» авторун тааныйсызбы?
— Тааныйм. Ал менин досум.
— Анда абдан жакшы тааныйт турбайсызбы?
— Эмне болуптур? — деди Жума шектенгендей.
— Жөн эле... Сиз аны менен дос болгондон кийин, экөөңөр бирибириңерди жакшы
билесиңер го дегеним.
— Албетте...
— Бул сүрөттүн тарыхын, кандайча пайда болгонун айтып берсеңиз жакшы болор
эле.
— Кечиресиз, мен аны сурай элекмин. Жакында гана бүттү.
— Сиздер көптөн бери доссуздарбы?
Жума түкшүмөл суроолорго этияттана калды:
— Ага мынча эмне кызыктыңыз?
— Бул сүрөткө азыр кызыкпаган киши барбы?! Ооба, бул сүрөт көптөрдү
кызыктырууда. Женянын
кызыгуусу да башкалардыкындайбы? Жүрөгү кургур бир нерсени сөзгөнсип, жигит
анын өзүнө суроо берө баштады:
— Сиз Бекти тааныйсызбы?
— Тааныш эмеспиз.
— Аны көрө элексизби?
— Көргөм...
Жуманын жүрөгү шуу дей түштү. Досум... Досуман жанымды да аябайм деген неменин
ичи тарып, кандайдыр күнүркөө сөзими пайда болду. Кыз аны менен бирге басууну
каалабан эле, сүрөттү көргүсү жана түшүнгүсү келип, аны эрмек кылуу үчүн ээрчитип
келгендей туюлду.
— Бек мени билбес— Женянын акыркы сөзү гана аны эс алдырды.— Ошондой
болсо да, ушул сүрөтү үчүн менден чоң ракмат айтып коюңуз?
Кыз менен жигит салкын коштошту. Калыбектин бөйпөктөшү жана кыздын бүгүнкү
жоругу —баары табышмакка айланды.
— Келип туруңуз? — деди Женя короосуна кирип баратып.
Жумага анын кылчайып карап күлүп койгону, «келип турунуз» деген бир ооз сөзү эле
жетиштүү болду.

 
***
Бек союз тарабынан жиберилбестен, өзүнчө суранып кеткен командировкадан бир
жумадан кийин кайтты. Мүмкүн өзүнүн жекече жумушу бардыр же айылга чыгып дем
алып келейин дегендир сыяктуу болжол менен анын сапарына эч ким кызыккан жок.
Башкалар турсун, Жума да анын эмне зарылдыгы болгонун түшүнбөдү. Анын колунда
колтуктаган сур плащы жана досум ооз тийсин деген бир корзинка ак алмасы бар эле.
Анын бозомук жүзү талаанын ысыгына, ачык абасына кара чүйкүл тартып, эриндери
туурулган. Үлпүлдөгөн жумшак чачы, бир калыптагы токтоолугу гана ичинде эмне бар
экенин, кыйналганын чоочун көздөн далдаалагансыйт.
Бек эң мурун өз үйүнө барбастан, досунун үйүнө кайрылды. Аңгыраган ээн үйү, тилсиз
керебети тургандыр да. Ага бирин-бири түшүнө турган тилектеш киши менен
сүйлөшүү керек эле. Жүрөктү өйкөгөн ойду тең бөлүшүү менен жүгү жеңилдеп,
санаасы тынчый турган.
Андай кишиси — Жума. Бир жуманын ичинде ал досун кадимкидей сагынды. Мурун
командировкада, башка жактарда айлап жүрсө да, жолдошторунун эч кимисин
мынчалык сагынчу эмес. Ал досун көргүсү келди. Ал үчүн тандап жүрүп Чүйдүн ак
алмаларын арнап алды.
Бек келгенде Жума жок, үйү ачык экен. Мүмкүн ал кошуналарыныкынын бирине
заматка кире койгондур деп ойлоду. Күттү. Убакыт өтүп жатты. Чыдамкай Бек үчүн ар
бир минута созулуп бараткансыды. Бир саат, эки саат... Ошондо гана тыкан досу эмне
үчүндүр эшигин бекитүүнү унутканын, аны ана келет, мына келет деп отуруп,
убакытты уттурганын билди. Мынча болду, эми аны акыр аягына чейин күтөйүн, эч
болбосо, эшиги ачык калганын эстесе да, келер деп ойлоду.
Ал зеригип, үйдүн ичинде нарыбери басып жүрүп, жазуу столунун үстүнөн кичинекей
сүрөт көрдү. Эңкейип караса кыз....
Зериккен кишиге сүрөт карап отуруудан артык эрмек барбы, анын үстүнө кыздын
сүрөтү болсо...
Бек сүрөттү колуна ала коюп, тиктешип калды. Жүрөгү болк этти. Иреңи жылуу
учурайт, көз карашы...
— Ошобу? Ал кайдан! Окшошураак неме го. Баса бу ким? Жуманын сүйгөнүбү,
курбусубу, карындашыбы?
Бектин издегени ошондой кыз эле. Ал болсо, болбосо да, жоготкон жоктун изине
түшкөнсүдү. Өзү менен өзү алышып отуруп, убакыттын кандай өткөнүн жана досунун
кирип келгенин билбей калды.
Жума үйүнүн эшигин кулптабаганын кайра келатканда гана эстеп, баарынан ажырадым
го дегенсип, төбө чачы дүркүрөп, дардалактап чуркаган. Жакындаганда квартирасынын
терөзелери жарык болуп турганын көрүп, андан бетер чочуду. Кирип келгенде үйүндө
Бек отурганын көрүп, кубанганынан бакырып ийди:
— Бекиш!
Эки дос кучакташып, өбүшүп учурашты.
Бектин сакалмуруту өскөн, жүдөө. Жума таптаза кырынып, жуунуп, жеңи чолок ак
көйнөк кийген. Баштагысынан да шат. Ал Калыбек, анын аялы жана балдызы болуп,
жаңы гана кинодон кайтышкан. Женя баягы бойдон «Талаа жылдызы» жана анын
автору жөнүндө сөз жаңырткан жок. Аңгеме экөөнүн гана ортосунда болуп, кыздын
мамилеси жакшыра баштагандыктан, Жума жетинчи асманда жүргөн убагы эле.
Бек ак алмаларын тарелкага салып, досунун алдына койду. Калыбектин үйүнөн
жемишке тойгон Жума ак алмаларга караган жок.
— Кандай барып келдиң? Талаа сонун бекен? — деди. Досу талааяа
кызыккандыктан саякат үчүн барган
эмес. Анын издегени бар эле. Бул жөнүндө ага ачык айтпаса да, досу бир четин уккан.
Бирок азыркы суроосу сөз жөнөтүү үчүн анчейин гана айтылгансыды.
Бек командировкага чыгарда «Талаа жылдызына» байланыштуу кандайдыр сыры бар
экенин, аны кийин айтып бере турганын эскертпеди беле! Ал Жуманын эсинде эле.
Бирок, Жума эң мурун өз жүрөгүн чыдатпай бараткан укмуштай жаңылык жөнүндө
айтууга ашыкты.
— Бекиш, мен бир кыз менен тааныштым. Тагыраак айтканда, мурунтан тааныш
элем... Жакында гана кадимкидей тааныштым.
— О, сонун болгон турбайбы? А ким?
— «Сулууну сүйбөй коюу — өзү күнөө» деген экен акын. Сага ушул ыр жагабы?
— Мүмкүн жакшы ыр чыгар. Бирок мен ага түшүнө> албаймын.
— Көрмөйүнчө түшүнө албайсың! Сулуунун керемети ошондо!
Жума стол тарапты тиктегенде Бек озунуп барып, кичинекей сүрөттү алып келип,
ортого койду.
— Ушу! — Жума кубанычтуу, сүрөттү колуна алды.— Кандай экен? Мындайды
сүйбөй коюу— өзү күнөө!
— Жакшы кыз болуу керек.
— Баса, ал сага «Талаа жылдызы» үчүн чоң ракмат айтып коюуну сураган эле. Бер
колуңду! Ушу кыздын атынан куттуктаймын!
— Ракмат! Экөөңөргө тең ракмат! Мага түшүндүрчү, бу кайдан жүргөн кыз?
— Ана, сен да кызыга баштадың. Женя! Аты да жакшы. Балким таанырсың,
Калыбектин балдызы.
Бек далысын күушөп койду.
— Аны көрдүң беле? — деди Жума.
Бек ойлонду. «Талаа жылдызын» художниктер союзуна алып келгенде Калыбек ал
сүрөттү эң мурун «Жуманыкы экен» деп, жылуу пикир айтып, качан Бектики экенин
билгенде ал пикиринен айнышы, бул сүрөттөгү колхозчу кыз эмес эле; студентка, мен
аны билем деши анын эсине келе калды. Фотокарточкадагы кыз абайлап караган
кишиге «Талаа жылдызындагы» кызга кайсы бир жеринен окшош эле. Ырас, экөөнүн
курагы эки башка, кебетеси, чачынын өрүмү да башка, бирок көз карашы бирдей.
Мүмкүн, ал Чүй талаасынан жолуктурган кыз ушудур.
— Эмнеге ойлонуп калдың? Айтсаң? Жашырбасаң?— Жуманын иреңи кубарып,
суроосун эки-үч кайталады.
— Аны каерден көргөнүм эсимде жок.— Бек акырын үн чыгарды. Жуманын
ыйманы саман болуп бараткандыктан, Бек андан көбүрөөк нерсени, өзүнүн башынан
өткөнүн, «Талаа жылдызынын» тарыхын айтып бере албады. Жума өзү да көңүлү
уйгутуйгу болуп, аңгемелешүүгө ыкласы болбой калды. Сөз үзүлдү. Эки жигит эки
жерде үнсүз, сабыры суз отурушат.
Бир маалда Бек козголду.
— Кош, жакшы жат!
— Жакшы бар!
Жума аны кайдыгер узатып койду.
IV
Турмушта эмнелер болбойт. Бек өз өмүрүндө башынан канчаны өткөрбөдү. Анын
баары артта. Көңүлүндө бир гана тамгаланып калганы: өз иши ар качан чү дегенден
шыдыр кетпейт; кандай нерсени баштабасын, бир кидиргимейинче аягына чыга албайт.
Алгач, мындай учурларда «бул менин бакытсыздыгыманбы» деп кооптонуп жургөн.
Бирок таалайым ушу экен деп ындыны өччү эмес, күндөлүк нерсе ал үчүн учурдагы
окуп жаткан сабагындай көрүнүп, эртеңкиси үчүн кам көрүп, эртеңки үчүн гана
жашагандай ишенимде эле.
Бактылуулук жана бакытсыздык шарттуу гана түшүнүк. Кырсыкка туш келбей, иши
өзүнөнөзү жөнөп турса, андайларды бактылуу; кырсык чалып, иши кыйшаңдаса
андайларды бактысыз дешет.
Бактысыздык ар кимдин башына түшүүгө мүмкүн, бирок, киши андан бакытсыз
болбойт, аны көтөрө албай майышса, жеңилсе гана бакытсыз.
Кайсы бирөөлөр бакытты кимдин ким экенин ылгабай бирөөдөн бирөөгө учуп-конуп
жүргөн куш катары көрүшөт. Ооба, бакыт кушу бирөөнүн башына кокусунан конуп
калууга да мүмкүн, бирок андай бакыттын өмүрү кыска, арты өкүнүчтүү.
Биз жаңыча турмуш куруп, жаңыча жашап жатабыз.
Жаңы турмуш, жаңыча жашоо деген сөз кирпич куюп, жаңы үй салуу же кийим
алмаштыруу эмес. Үй салуу, кийим алмаштыруу эскинин да колунан келет. Турмуш
бышкан кирпич, курулуш материалы, даяр үй да эмес; турмуш анын өзүнүн улуу
сынчысы, түгөнбөс окуусу; турмуш ар нерсени өз эбине келтирүүчү чебер уста, ашкан
айлакер; турмуш деген биз өзүбүз.
Мына ушулардын баарын ойлоп келип, Бек баарыдан да турмуштун чеберчилигине,
эптүүлүгүнө жана айлакерлигине ыраазы. Кандай чебер, эптүү, айлакер бол: жокту бар,
барды жок кыла албайсың, турмуш болмушунан ашыра албайсың. Турмуш алдатпайт.
Эбин табам, алдайм дегендер өзүн-өзү гана алдаганын акырында түшүнөт.
Бек дипломду алды менен жогорку окуу жайынан алганы менен, жетилүү аттестатын
турмуш ага кийинчерээк тапшырды.
Ал чыгармачылыкка жана азырынча оңунан чыга элек махаббат түйшүгүнө ушу көз
карашта караган. Анын азыркы бир гана ишенгени достук. Достон жаңылганым жок,
бул жагынан ишим оңуна кетти деген ишеничте эле. Досу үчүн сыймыктанып, эми
тоону томкорчудай сөзчү.
Жума менен акыркы сүйлөшүүдөн кийин, достук да оңой менен кол жетерлик жерде
эместигин билди. Алдыда тагдырдын түрдүү сыноолору турду.
Бирок, башкаларга караганда күнүгө коюн колтук алышып, бир жүргөн Жума менен
түшүнүшүү жеңил болуш керек эле. Алар эркекче сүйлөшсө эле сөз бүтмөк. Бирок
Жуманын махаббатка экиленген көңүлү төзирээк түшүнүшүүгө, жайынча сүйлөшүүгө
мүмкүндүк бербеди. Эгерде Бектин издегени Женя болуп чыкса, достуктун тагдыры
эмне болмокчу? Бул коркунучтуу суроо. Бул жөнүндө ойлоого да даай албады.
Досу экөөнүн чиеленишкен мамилеси Бектин башынан кетпеди.
Жума анын үйүнө келүүнү, жолугушууну токтотту. Каалабаган немеге барып, көңүлүн
оорутпайын деп, Бек да аны издеп барбады. Алар союздан гана жолугушат. Бек бир
нерсе айтууга кылчактаса, тиги байкамаксан болуп, басып кетет.
Бек өзүн жалгыз сөзе баштады. Бул досунан ажыроонун белгисиби. Калыбектен башка
художниктер, көрүүчүлөр анын тарабында болсо да, бир кымбат нерсесин жоготуп,
анын орду толбоочудай мүңкүрөй баштады.
Ал кандай кыйынчылыкка чыдаса да, туюк пикирде калууга чыдай алчу эмес. Иштин
ачыгын жакшы көрчү. Тирүү туруп, «Талаа жылдызын» таппай койбоймун деп
жүргөндө Калыбектин каңкуусуу, Жуманын жоругу кошулуп, табышмактын түйүнү
чиеленди.
Жума качкан менен, Бек четте тура албады. Досу менен сүйлөшүү, сырдашуу керек эле.
Ушул максат менен ал союзга келди. Жума союздан да, үйүнөн да табылбады. Ал
Калыбектин адресин сурап алып, анын үйүнө барды. «Үйдө менден башка киши жок»
деп аялынан жооп уккандан кийин да Бек кайткан жок.
Жуманы күн батардын алдында көгүш көйнөк кийген арык чырай кыз менен бараткан
жеринен жолуктур-ду. Досу адатынча байкамаксан болуп, бурула берди. Кыз түз
келаткан жигиттен буйтабастан, жүрүшүн акырындатты.
— Ошол! — деди Бектин жүрөгү кызды көрөр менен.— Бирок ал өзүн бекем
кармап, сыр билгизбөөгө тырышты.
— Саламатсызбы!
— Жакшысызбы? — Женя колун сунду.
Бек андан көзүн айырбай тура берди. Женя узун кирпиктерин ирмеп, бети албыра
түштү.
Аңгыча «И, Бек быякта белең?» демиш болуп, Жума жанына келди. Досу ага караган
жок.
— Эмнеге туруп калдык. Чогуу басалы,— кыз бири-бирин илбирсче аңдышкан
жигиттердин оюн бөлүп ийди.
— Абдан жакшы болот — дешти алар.
Жума ортого түшүп, Бек четтеп басып калды. Бирок четте баратышса да, сөз Бек менен
кыздын ортосунда гана айтылууда:
— Сиздин сүрөтүңүз мага ушунчалык жагат... Билбейм кантип түшүндүрөрүмдү.
— Сиздин куттуктоо саламыңызды уктум. Ракмат!
— Сиз бул сүрөттү көпкө ойлоп, көп иштеген чыгарсыз?
— Көптөн бери ойдогу нерсе. Бирок анчалык узак иштегеним жок... Сиз, Калыбек
Сарыкеевичтин балдызы болосузбу?
— Ооба.
Өзү ортодо баратса да, сөздөн четтеп калган Жума кыз менен ээн калуу үчүн:
— Киного кирели, жолдоштор! — Ошентсем, Бек кетет — деп ойлоду.
— Кинодо эмне бар.— Эмне кылуу керектигин Женя чечти.— Аңгемелеше туралы.
Сиздер болсо, жакшы дос экенсиздер. Күндө көрүшөсүздөр. Дайым эле минтип
учурашып турууга менде убакыт жок.
Жума желкесин кашып, тим болду.
Алар аны-муну сүйлөшүп, көчөдө кыйла жүрүштү. Бек кантип ортого кирип, Жума
кантип четке чыкканын билбей калышты.
Кыз экөөнүн мамилеси жакындап, досунун дүрдүйө баштаганын көрүп, Бек иштин
аныгына чыкканча өзү бөөдө өрөпкүбөө үчүн жана тиги экөөнүн ортосуна жик салууга
себепкер болбоо үчүн, сөздү көп созбоого аракеттенди. Бирок кептин ыңгайы келбеди.
«Талаа жылдызындагы» кыз менен Женя эмне үчүн окшош экендигин,
Женянын ким экендигин кылдаттык менен билүү керек эле.
— Сиз менин көзүмө кандаидыр тааныш көрүнөсүз. Каерден көргөнүмдү такыр
эстей албадым,— деди Бек акырында.
— Кишиге киши окшой берет.— Жума эми гана кепке кошулду.
— Мүмкүн.— Женя анын сөзүн жокко чыгарган жок.— Бирок сиз мени менен чала
таанышсыз.
Эки жигит тең токтоп, анын оозун тиктешти.
— Биз биринчи көрүшкөндөн бери далай жыл өттү. Анда мен секелек кыз элем.
Сиз армиядан жаңы гана келгенсиз... Эми эстедиңизби?
Бек башын чайкады.
— Мен Жыпармын.
— Жыпар?
— Ооба. Жөздем мени Женя атыктырып ийди. Жолдошторум да Женя дешет.
Алиги айылдагы мектептин директору жана анын он жылдыкты бүткөн Жыпар деген
кызы анын эсине кылт этти. Анда Жыпарды абайлап тааныган эмес. Олдоксондук
кылып, аларды чангансып, уяттуу болуп калдым деп, өзүнчө кайгырып жүрүүчү. Мына
ошол Жыпар! «Тоо тоого кошулбайт, киши кишиге кошулат» деген ушул.
— Кечириңиз? — Жигиттин кечирим сурашынын себеби кыз экөөнө гана белгилүү.
Жума болсо, анын Женянын алдында айыптуулугун башка мааниде түшүндү.— Мен
сизге жолукпасам, арманда кетет элем. Көптөн көп кечирим сурайм.
— Эч нерсе эмес. Сиз эч кандай айыптуу эмессиз. Андай ойлобоңуз.
Бек чындыктын бир учу табылышына төбөсү көккө жеткендей болду. «Калыбек
ошондогу окуяны туура эмес түшүнүп, ошону кектеп жүрсө керек. Бектин Калыбекке
мындан башка жазыгы кайсы? Мен кызылча талаасынан да ушу Женянын өзүнө
көзиктимби же мунун өзүнө окшош эже, сиңдиси барбы? Же Женяга окшош дагы
бирөөгө көзиктимби?» Ал бир көзде чыгармачылыктан башканы ойлобой, өз
турмушуна, кыздарга кайдыгер карашы кандайча азапка салганын өмүрүндө
унутпастай болуп, өзүнөзү жемелеп турду. Ал турсун, Сеиттин директорлугунан башка
эмнеси бар экендигин, адамгерчилигин, кошуналыкка кандайлыгын да элебеген экен.
Арына келип араң турса да, ошондо көңүлүнө келбеген суроолорду азыр бере баштады.
— Женичка, сиздер биздин айылда жүргөндө үйүңөрдөн сизден башка бала
көрүнчү эмес беле?
— Ооба. Мен жалгыз элем. Былтыр гана инилүү болдум.
— Боосу бек болсун! Атамдар да укса кубанышат. Аксакал, азыр кайда?
— Өзүбүздүн эле айылда. Чүйдө...
Ушуну менен суроолору да тамам болду. «Сизди Чүйдүн талаасынан да көзиктирдим
беле?» деп сурагпка оозу барбады. Татынакай эстүү кыздын алдында ошончолук
маңыроо, кеңкелестигин ашкерелегенче кызылча талаасында жолугушкан селкини
өмүр бою издеп, дубана болуп жер көзип жүрүү артык окшоду. Ошондо гана кыздын
махаббатына татыктуу болмок.
Аны досунун эмне үчүн кыртыштап калышы, мамилесинин өзгөрүшү да таң калтырды.
Менин кечиримсиз кемчилигимди таптыбы же Женяны менден кызгандыбы? Ошондой
болгон күндө да достуктан кете турган жөнү жок эле го. Балким дагы ойлонор, өзүнөзү
кармап, акылына келер, ал жеңилдик кылды деп, менин да жинденишим жарабайт деп
ойлоду Бек.
Ал азыркы кампаниядан өзүн ашык баш сөзе баштады да, чукул бурулуп, алар менен
кош айтышты.
Жумага Калыбектин эшиги ачык, бирок Женянын жүрөгүнө жол ачылбады.
Жайкы экзамен аяктаган. Студенттер айыл чарба жумуштарына жөнөшмөк. Жума ушул
жайдан үмүткөр.
Үмүттүн да мөзгили, чеги болууга тийиш. Барган сайын ушул ой анын көңүлүнө
бекемдей берди. Үмүткө алданып, акырында бармагын жара чайнагысы келбеди.
Мурда андан «жок» деген жоопту угуудан качса, азыр жоопту кандай болсо да,
төзирээк уккусу келе турган болду.
Ал базардан тандап туруп, гүл дестенин эң коозун жана кымбатын сатып алып, эшиги
ачык, меймандос үйдү көздөй жөнөдү. Үй-бүлөлөр бактын көлөкөсүндө сүйлөшүп
отурган экен. Болжолу алар да Женяны экзамендн ийгиликтүү тапшырышы менен
куттукташса керек. Эми алдыда мамлекеттик экзамен гана калган.
Жуманы көргөндө Калыбек курсагын чедирейтип, ордунан тура калды:
— Мына, пейлн жакшы жолдоштор ушундайда билинет!
Жума түз эле Женянын жанына келди:
— Экзаменди мыкты бүтүшүңүз менен!
— Ракмат! — Женя кооз гүл дестени колунан таштабастан, көпкө айландыра
тиктеп турду. Белек кызга жакты дешип, беркилер ошого эле ыраазы.
Бир аз кобурашкандан кийин Калыбек бакты аралап кетти. Аялы тамак бышыруу
менен. Женя баягы бойдон гүлдү колунан таштабай ойлуу.
— Мен сизге мындан баалуу, өмүрдө унутулбай турган нерсе белек кылсам дейм!
Кыз ошондо гана колундагы гүлдестени тегерек жапыс столдун үстүнө коюп, аны
тиктей калды.
— Ооба, ошентсем деп тилейм.
— Эгер мен ага татысам — деди кыз.
— Ананчы! Андан көрө ошондой белек берүүгө татыктуу болсом!
Женя болор-болбос жылмайды:
— Кеп белекте эмес...
Жума адамзаттан мындай мээримсиздикти жана каардуу жоопту уга элек болучу.
Махаббат үчүн, келечек үчүн гана араң чыдады. Менин жүрөгүмдөгү күйүттү билсе
балким минтпес зле, дагы да ачыгыраак сүйлөшөйүн деп үмүттөндү.
— Женичка, менин жүрөгүмдө эмне бар экени бир өзүмө гана белгилүү. Эгер аны
сөзген болсоңуз... Билбейм... Кантээр элеңиз. Бир сиз деп жүрүп, менин кырчындай
өмүрүм өтүп баратат. Бир сиз деп жүрүп, мен эң кымбат кишилеримен, досуман
ажырап калдым...— Анын дабышы калтыраңкырап барып, көмөкөйү буулугуп, үнү
чыкпай калды. Көздөрү жашылданып турду.
Женя акырын үшкүрүндү. Анын жүрөгүндөгү күйүт, санаа Жуманыкынан кем эместиги
ушу үшкүрүктөн гана сөзилди. Бирок кыз чыйрак сүйлөдү:
— Экөөбүз арманыбызды айтышканда канттик? Андан кымындай жеңилдик жок...
Мен сизди Бектин кыйышпас досу деп гана ойлоп... Бирок, сиз өтө жеңилдик
кылгансыз. Достуктан кетише турган жөнүңүз жок. Мүмкүн менин бул сөзүм сизге оор
тиер, оор тийсе да сиздеги достук сөзим күчтүү болсо көтөрөөрсүз...
Андан кийинки сөз Жуманын кулагына угулган жок, жансерек болуп отуруп калганын
гана бир билди. Женя жанынан туруп кетиптир. Ары жактан Калыбектин күлкүсү
угулат...
Жума дарбазалуу короодон уурудан бетер жашырын чыгып, артына эки-үч кылчайды.
Дарбаза ачык бойдон. Калыбек кол булгалап чакыргансыйт. Сөйрүдөгү столдун бети
түрдүү жемишке, оокатка толгон. Бирок анын баары Жумага буюрбаса керек.
— Кошйула! Баарыңар кош болгула!
Калыбек Жуманын жашырын кетип калышын түшүнө албады. Зарыл жумушу барбы же
бирөөгө таарындыбы, эмнеси болсо да, Женя билүүгө тийиш. Балдызы бакта ар түрдүү
гүлдөрдү шланг менен сугарып жүргөн.
Ушу кыз короонун, үйдүн коркү сыяктуу.
Калыбек ушул үйдө турганына жыйырма жылдан ашык убакыт өттү. Ошондогу эки
бака терек он жыл бою көбөйбөстөн жапырайып эле тура бердп. Аны ким жана качан
тиккени белгисиз. Кийинчерээк аялы башкаларды көрүп, күйөөсүнүн тынчын алганда
гана ал жемиш жыгачтарын тигүүгө киришкен. Бак жетилип, мөмө байлаганча
«кайдагы түйшүктүү немени таптың, белен жемишти эле сатып албай, акчаны аяп» деп,
аялынын кулак мээсин жеген. Бак бой көтөрүп, шагы ийиле баштаганда ал аялына
экинчи кыяпат айтпасмын деп ант берген. Антына турду. Бирок тиричиликте
кыжыңкужуң чыкпай коебу. Анын үстүнө Калыбектин ачуусу тумшугунун учунда,
отко май тийгендей дүрт дей түшмөсү бар. Кандай дирт десе да, анты эсине түшүп,
барбайган мурдун кызарта мыкчыйт. Качан колун тумшугунан алганда мурдунун үстү
кызарып канталап турат да, бир аз нымшып барып, ачуусу да тарап, «бапбиче,
ойлонушуп иштейли» деп жалпалактайт.
Күйөөсүн антынан тайдырбоо үчүнбү, же өзүнүн жумшактыгынанбы, аялы чатакты
ырбатпастан, ыркка төз көнүп, «сиз этияттап жүрүңүзчү» деп, анын нымшып турган
барбагай мурдун таза жүз аарчысы менен акырын сүртөт. Ушундай учурда Калыбектин
эт жүрөгү эзилип, байбичесинии алдында жасакерленип, терс кыялдыгын мындан ары
карматпоо үчүн аракеттенет.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 26
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов