Latin

Атай - 24

Общее количество слов 4047
Общее количество уникальных слов составляет 2003
31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
күлө карап, колунан кысып койгон. «Бу мени кайдан тааныйт?» — деп, Жыпар өзүнчө
таң калган. Чынында солдат армияга кетүүдөн мурда деле айылга өтө сейрек
каттагандыктан, жаштарды тааный албай, кайсынысы кимдин баласы; экенин билбей,
айтор баарысы биздин айылдын жаштары го деп ойлочу. Жыпарды да ошентип
болжогон. Ал бул айылдын кызы эмес, башка райондон келген Сейиттин кызы экенин
кийин гана билет...
Ошол учурашуудан кийин Жыпар жаш солдатка экинчи беттешкен жок. Анын үйүнө
каттоону токтотуп, ал турсун, колхоздун көчөсүнө да көп чыкпай калды. Каякка басса
да солдат күлүмсүрөп тиктеп тургансыйт. Кыз үйдөн чыкпаса да, андан
кутулбоочудай жүрөгү түрсүлдөйт, дүрбөлөңдүү жолугушууга даярмын дегендей аны
ичтен сыза күтөт.
Жыпар бүкүдүкү болуп жүргөн учурда Назар уулуна башка бирөөлөр аркылуу кеп
салат... Анын максаты уулун үйлөндүрүү, көздөгөнү — Жыпар эле.
Жыпар деген ким экенин жигит ошондо гана сурамжылайт. Анын Сеит деген
директордун кызы экендигин, онунчу классты жаңы бүткөнүн угат. Бая күнү
учурашууга келген кыздардын кимиси экенин эсине түшүрө албайт. «Барып көр»
дегендерге көнбөйт. «Менде үйлөнүүдөн да орчундуу милдеттер бар... Үйлөнбөй
турган болгондон кийин, жаш кызды жаманатты кылып, ага жолугуша албайм» деп,
бесарман болот. Эгерде жаш солдат кызды көрүү үчүн барып, анан куда түшпөй койсо,
кызды жактырбаптыр деген ушак тарап кетмек.
Бектин этияттыгынан да кыз үчүн пайда чыкпады. Аны жигиттин көргүсү да келбептир
деген ушак тарап кетти. Жыпар таптакыр эле үйдөн чыкпай калды... Анан,
айылдаштары таң каларлык окуя болду — Сеит кечикпей эле, үй-бүлөсү менен башка
жакка көчүп кетти...
«Тилимди албадың, жакшы коңшумдун шагын сындырып, айылдан кубаладың» деп
атасы Бекке таарынат, «Кызына бир жолугушуп, таанышып койсом болмок экен.
Таанышуунун эмнеси жаман эле?» деп жаш солдат арманда калат. Бул жигит үчүн
кечиримсиз чоң өкүнүчкө айланат.
Кечикпей эле Бек Фрунзеге, художниктер Союзуна келет. Атасы ошо бойдон бир нече
жылга чейин уулу менен кабарлашпайт. Бир күнү кемпири менен акылдашат да,
жоголуп кеткен баласын издеп, анын эмне деген киши болгонун билейинчи дейт.
— Ал жаман болгондо да, бирөө бизге жакшы баласын береби. Кулжуңдабай барып
кел! — деп кемпири да кыстайт...
Мына, абышка башын жерге салып, ойго чумуганда өткөндөгү окуялар көз алдына
келди. «Ууздай жаш кызды чанган эме эркек башы менен казан кармап, ушуну
көрмөк».
***
Назар уулун эр жетип, эл катарына кошулса экен деп тилөөчү. Ал үчүн жигит элге
пайдасы тийгендей белдүү кызматчы же илимпоз болушу керек эле. Назар өзү
мансапкор болбогону менен мансапты жаман көрчү эмес. Бирок киши кайсы ишти
болбосун, атаңа ракмат деги
зип аткарып, адамкерчиликтүү, сыпайкерчиликтүү болушун каалоочу. Ал художник
деген атак жана бул ишкө аралашкан кишинин турмушу, адамкерчилиги кандай
болорун биле албай жүргөн. Чынында бул ишти өз ичинен жактырчу эмес. Мындан
көрө уулу тракторист, шофер болушун артык көрөр эле.
Ушул жолу Фрунзеге астыртан келип, Бектин каерде иштеп, кантип жашап жатканын
өз көзү менен көрүп, анын аял баасындагы сайпана киши болуп калганын билди.
Чоочуду. Анын ушул жолдон чыгууга көнбөсүн, кежирлигин билип, аны буга
жеткирбей, жаштайында эле башка окууга бербегенине капаланды.
Уулунан шаардагы туугандарынын адресин сурап алды да, «жеткирип коеюн» деген
сөзгө көнбөй өзү мулжуңдап кетип калды.
Абышканын көңүлүн табуу кыйын эмес. Бирок анын оюндагыны аткаруу кыйын. Бек
атасынын эмнеге капа болгонун түшүндү. Аны сөз менен түшүндүрүүгө, ийиктирүүгө
мүмкүн эмес. «Менин ишимдин жакшы экендигин акыры түшүнөр» деген ой менен
өзүн сооротконсуду.
Назар шаардагы туутандарынан үч күндөн кийин келди. Көрүнүшү мурдагысындай
капалуу эмес. Сөзгө келчүдөй илбериңки... Бекти оң жолго салууга туутандарынын
баарын үндөп көргөн эле. Алар художник болуу ар кимдин колунан келе бербестигин,
сүрөт менен бүткүл дүйнөгө атагы чыккан кишилер болгонун кайракайра айтышып
жатып, чалдын ачуусун араң токтотушкан. «Жакшы художник — элдин сыймыгы»
деген сөздү уккандан кийин гана ал күүлөнүшүн токтоткон.
Назар туугандарынан келгенде уулу үйдө эле. Баягы бүнрүмө шымчан, боз көйнөкчөн
болуп, сүрөткө кадалып турган экен. Ал сүрөт тартып жатабы же өзү сүрөт болуп
жабышып калганбы деп абышка эриксизден серп алды.
— Баланы жүрүштурушунан адаштырып, Ата-энесин капалантып, перинин кызындай
азгыра тургандай сүрөттүн эмне кызыкчылыгы бар? — деген суроо анын көңүлүнө келе
калды. Бирок ал суроого жооп таба албады. Бул суроого кыргыздын өткөн турмушу, ал
турсун, укмуштуу жомоктору да жооп бере албайт. Эгерде Бек уста, мүнүшкөр, саяпкер
болсо, атабабадан келаткан белгилүү кесип болгондугу үчүн баарына макул эле.
Художник деген сөз жана анын боек менен иштеген иши ага чоочун көрүнүп туруп
алды.
Атасынын тамагын жасанып келишин укса да, Бек полотнодон төз чыга албады.
Мунусу ата үчүн адепсиз диктей учурады. «Сүрөтчүлүк жакшы иш эмес экен го деп
ойлоду. Эгерде кызматчы кабинетинде отурганда кирип барса, өзүнөн улуу кишилерди
көргөндө канда~ болбосун, ордунан тура калар эле. А, сүрөтчү уулу өз атасынын
келгенин билсе да, жүрөгү ташка айланган сып, кылчаюуга жарабады.
Назар ызаланып, уулуна коштошпой эле, айылына жөнөп кеткңси келди. Дал ошол
учурда эшик ачылыпг Бектин жолдошу Жума кирип келди. Бул жигиттик абышка
биринчи көргөндүктөн, кайдан жүргөн неме дегенсип жана чоочун кишинин көзүнчө
андап жорукту баштоого батынбады.
Бу жигит Бек курактуу, жыйырманын ичинде, бирок ачык айрым. Эски таанышка
окшоп, абышкага кыйкырып, салам айта кирди:
— Ассалом алейким? Аяш ата күүлүсүзбү? Айыл аман-эсенби?..
Атасы менен жолдошунун сөзү кызыганда гана Бек иштен башын тартты. Сурөттү ары
жылдырып, колубашын жуугандан кийин да, беркилердин жанына келген жок.
Сүрөттүн жанында ойлуу турду.
Бек тигилердин жанына келгенде атасы сатып алган буюмтеримин жыйнап, чемоданга
салып жаткан. Уулу анын кетүүгө камынганын элеген жок. Түштөнүү убагы
болгондуктан гана, чай кайнатууга киришти. Жума ага жардам берип жумурткаларды
кууруй баштады. Качак тамак ортого келгенде абышка ал жигит менен тааныша
баштады:
— Балам, сен да художниксиң го дейм.
— Ооба, ата! Кантип билдиңиз?
— Жүрүшүңөн көрүнүп турбайбы.— Абышка иренжибей, сайпана эркектер менен
бирге өскөнсүп, кадыресе аңгемелешти.— Сүрөтчү болушуңарга тардыгым жок.
Эркектей болуп жүргүлө, сыпайкерчиликти унутпагыла. Баса, уулум сен кайсы
жерликсиң?
— Чоң-Кеминден...
— Оо!.. Силердин ата-бабаңарды укканмын. А, сен казан-аяк кармап калган
турбайсыңбы!
Бек менен досу бул сөз өздөрүнө тийбегенсип, каткырып күлүштү.
— Күлгүлө, балдарым! Силер мени алжыган чал деп ойлосоңор керек. Эркектин
эркектей, үйдүн үйдөй болгону жакшы. Мен силерге ошону түшүндүрө албай жатам,
Мына, менин ата-бабам, манап да, бай да болгон эмес.
Өз оокаты өзүнө тың, өз тизгинин өзү кармаган кишилер болгон. Мен да ошондоймун.
Кудая шүгүр, азыр да бир айыл эл кадырлашат.
— Түшүнөбүз, айтканыңыз ырас, аксакал! — Жума да жай сөзгө кошулду.—
Азыркы шартта өз тамагын өзү бышырып ичүү айып эмес. Ошондой болсо да, биз
убактылуу гана... Үйлөнгөнчө.
— Силер да үйлөнөсүңөрбү?
Эки жигит дагы каткырышты абышка өзү да мурутунан жылмайды.
— Болуптур, эми балдарым, мен кайтайын!
— Азыр элеби?
— Анан эмне кылам? — деди Назар бири-бирин тиктешкен балдарга.
— Мейлиңиз, ата!
Эки жигит аны вокзалга чейин узатып чыгышты. Бек «апама» деп базарлык алып
берүүгө, атасына өз турмушу жана иши жөнүндө эмне ойлогонун айтып берүүгө
жарабады. Ал бая күнү, Назар шаарга келген күнкүдөн да ойлуу жана маңыроо чалыш
көрүндү. Атасы менен салкын коштошту.
***
— Кое турчу! Мени кечирип коер...— деди Бек көчөгө чыгуучудай эшикти көздөй
басып баратып... Үйдө өзүнөн башка эч киши жок эле. Далай убактан бери жалгыз
жашап, өзү менен өзү сүйлөшүп, кеңешүүгө дагдарылган неменин эшигинин алдынан
кайра тартышы биринчи жолу болуп отурганы жок. Анын бир ишке же бир жакка
умтулушу кээде каалоосуна, убадасына жараша болсо, кээде көңүлүнө жараша боло
турган. Көңүлү ишке тартып турганда башка тиричиликтин баарын токтотуп коер эле.
Ушунусу үчүн сөзүнө так эмес, маданияты кем деген жемелерди угуп калучу.
Анын өкүнүчүнө жараша, качан бирөө менен сейилге чыгарда, кыйбас киши мейманга
келгенде же союзда бир жакшы нерселер болордо табына келип, ишке табити тартып
турар эле. Бүгүн да ошондой болду.
Жума ушунча күндөн бери бүгүн кастарлап конокко чакырып калыптыр. Мурда
бирибириникине чакыртпай эле катышчу эмес беле.
Бек жолдошунун көңүлүн оорутпас үчүн өз көңүлүндөгү нерсени баскысы келип,
өзүнөзү күчкө салып, конокко жөнөмөкчү болду эле, коймолжун кара көздүү кыз
эшиктин оозуна келип, «сени чыгарбаймын» дегенсип, кулачын жайып, жолун тосо
калгансыды. Эми токтобоого чамасы калбады. Жума кечирип коер деп ойлоого араң.
үлгүрүп, кайра төркү бөлмөсүнө кирди.
Адамды баамдуу тиктеген чарчы бойлуу, кара тору кыз анын санаасын санга бөлүп,
полотнодон тиктеп турду. Ал сүрөткө окшобой, тек сыр билги кадыркеч селкиге
окшоду. Мени таштап каякка бармак элең, туура кылдың девенсип, мурдагыдан да
жадырап, ыраазылык менен көз жибергенсиди.
Аны азыр жолунан калтырып, убадасынан айныткан ушу кыз эле. Ушу кыздын айынан
алыстан атайылап келген атасынын таарынычын жаза албан, салкын узатты. Ушул
кыздын азгырыгынан башка жумуштарынан алагды болуп, балапандуу чымчыктай
үйүнөн айланчыктап чыкпайт. Ушул кыз таалайына бүткөн махабаттай: жигиттин
эркин бийлеп баратты.
Аны мынчалык азгыргандай сүрөттөгү кыздын эмнеси бар экенин түшүнүү үчүн Бек
аны менен тпктешти да турду.
Кадимки карапайым, ак көңүл, муңайым кыргыз кызы. Жомоктогу сулуулардай
керемети жок. Бирок, кө» карашы терең жана көп сырдуу. Качанкы таанышындай ысык
учурап, сени көп күтүп калдым го, деп жүрөгүн беймаза кылат.
— Өзүм тарткан сүрөткө өзүм ашык болуп калдымбы,— деп ойлойт жаш
художник,— сүрөттү жакшы көрүүгө болот. Бирок... Бул жөн гана сүрөт. Акындар
айткандай лирикалык чыгарма. Ошо гана...
Бек кистисин колуна алды. Ал сүрөт тартып жаткан жок. Кызылча талаасында жүргөн
кызды жандай басып, анын ишине, мүнөзүнө, мамилесине жараша аңгемелешип, улам
имерилип отуруп, бир өскөн курбудай ынак болуп кетти. Анысы — бар болгону сүрөт,
өзү тарткан сүрөт. Ошондой болсо да, жаш художник чарчоону билчү эмес, убакыттын
өткөнүн да сөзбей калчу...
Жума аны дал иш үстүнөн, кызылчачы кыз менен маектешип турган жеринен
жолуктурду. Ал ызалуу эле. Бек анысын байкаган жок. Бакыттын учкунуна мас болгон
боз уланча жолдошунун келишин кубаныч менен гана кабыл алды.
— Кечиргин? Мен бара албай калдым. Көрүп турасың го, колум байлануу... Бүгүн
болбосо эртең...
— Кандай бүгүн болбосо, эртең? Андан бери эртеңдин канчасы өттү!
Жума ага таарынып, беш-алты күндөн бери келбей койгон.
Акырында, жолдошунан кабар болбогондон кийин Жума балким ал ооруп калдыбы,
дагы кандай күнгө дуушар болду деп, чыдабай өзү келген.
— Ошондойбу? — Бек бактылуу күлдү, жолдошунун жемесин дале ачык
түшүнбөдү.
«Буга эмне болгон?» дегенсип, Жума полотного кокусунан бурулду да, бир кызык
дүйнөгө туш болуп, андан чыккысы келбегенсип, тамшанып коюп тура берди.
— Иш жаман эмес экен.— Бек жолдошунун көз карашынан улам кыйытты.
— Ушундай дебейсиңби? — Жума ичиндеги таарынычын унутуп, жаркылдап,
жолдошунун колун кысты.— Башка сөзүм жок, ушуну көр деп мурда эле айтсаң го...
Болуптур эми! Куттуу болсун! Куттуктаймын досум!
— Ыракмат! — Бек анын колун кое берген жок.— Ошондой болсо да мени кечирип
кой.
— Укпайм бу сөзүңдү. Ушу сүрөтүң үчүн күнөөң тоодой болсо да кечер элем.
Болду! — Ал полотнодон көзүн албайт.— Иш деп ушуну айт!
Эмгеги жөнүндө эң биринчи жолу досунан жакшы пикир угушу, ал турсун, ушу
сүрөттүн шарапаты менен таарынычынын жазылышы жаш художникти кубантты. Ал
өзү да эмгеги сая кетпесин сөзген, бирок көргөн кишиге мынчалык жагарын билген
эмес. Досу өтө эле таңдайы такылдап баратышына бир чети ишене албады:
— Койсоң эми, экиленбей! Кыргыз кызы жөнүндө мындан башка сүрөт жок
сыяктанып...
— Мен антип ойлогонум жок. Чуйковдун, Ильинанын кыздары өзүнчө... Бул
өзүнчө... Сен мени достук кылып көтөрө чалып турат деп түшүнбө...
— Ошондо да...
— Олдо сенин карапайымдыгыңай! Мейли, өзүң каалагандай эле болсун. Аның
жаман эмес.— Жума Бек менен моюндашып, Чүй талаасына көз жиберди.
Чүйдүн таяаасы. Чыгыштан таң сөгүлүп, асмандагы чолпон алсырап бараткансыйт.
Анын нуру жердеги кызга оошкондой, ал ажарлуу, сулуу жана кимдпр бирөөнү
сагынгандай, күткөндөй алыска көз жиберет.
Кыз кыялын сөзе билген художниктен эмне качып кутулмак. Бек андай көрүнгөн жок
эле. Ал турсун, кыздар менен жөндөп сүйлөшүүнү билчү эмес. Тарткан сүротүнө
караганда кыз аттуулардын сыры жалаң гана ушу жаш художниктин кистисине бүткөн
сыяктуу.
— Сен куу экенсиң! — Жума аны ийнинен булкту.— Кыздарга калп эле комогой
көрүнчү турбайсыңбы?
Бек көзүнөн жаш чыкканча каткырды. Ал мурда мынчалык ыкшып күлчү эмес.
— Чыныңды айтчы? Мен сени жакшы тааный албай турам. Баягы эле Бексиңби?
Сен буга чейин кайда жүргөнсүң? — Анын сүрөттү ашыра мактап баратышынан
этибарлангандай Бектин күлкүсү тыйылды.
— Эми эле убада бербедиң беле... Жума мурдагысынан да ашып түштү:
— Колуман келсе экилентмек түгүл, асманга көтөрөр элем. Бирок кеп мактоодо
эмес... Кош, эми муну эмне кылайын деп турасың?
— Эмне кылат элем! — Бек ийнин копшоп койду.— Тура берет.
— Кызык экенсиң, тура берчү беле? Мунун орду башка... Бул жерге камап коюуга
акың жок. Камасаң да токтото албайсың.
— Тамашаңды кой! — Бек колун шилтеп, басып кетти.— Менден ким тартып алат
экен?!
Жума соңунан калбады:
— Мындай ишти катып коюуга акыбыз жок. Элге көрек... Биз эл үчүн шптеп
жүрөбүз.
— Элге маанилүү, татыктуу нерсе керек. А, бу менин өзүмдүн гана секетбайым.
Экинчиден, бул менпн пландуу ишиме кирбейт. Союз пландуу иштерди гана талап
кылат.
Жума анын чыны менен тартынып жатканына ишенген эмес. Адатынча жөн эле
карапайымдык кылып жатат деп ойлогон. Ал таптакыр көгөрүп койгонун көргөндө
гана, көзү жетип турган нерсеге макул кыла албаганына өкүнүп, шалдая түштү:
— Ушундай кызык жигитсиң! Өзүм билемчплигпң кээде кишини эзип жиберет да.
Бул жалгыз гана сенпн секетбайың эместигин сага билгизбесемби!
***
Жуманын ою туура чыкты. Сүрөттү союз талап кылды. Эми аны жашырууга болбой
калды. Балким муяу жаратышар, же жаратышпас — Бек үчүн баары бир эле. Бул
сүрөттү бир максатты көздөп тарткан эмес.
Сөз сурөт жөнүндө эле болсо эмне?! Таптакыр күтүлбөгөндөй окуя пайда болду.
Художниктер союзунда председатель менен Калыбек гана отурушкан. Жума сүрөттүн
бетине жабылган чүпүрөктү ачып туруп, алардын алдына кармай берди.
Председатель баштап отурган сөзүн токтотуп, көзүн кыбыңдатып калды.
Отургандардын баарынын көңүлү сүрөткө бурулуп, кеп эмне жөнүндо козголгону ошо
бойдон унутулду. Жапжаңы кара костюмчан, чачын сылап, бутун апкалыштырып, сөзгө
уюп отурган букжугуй Калыбек сүроткө үңүлө тиктеп:
— Азамат! Бул бир кызык иш экен! Куттуктаймын, жолдош Жума!
— Рахмат! — Жума күлдү.— Бирок авторун куттуктацыз! — Ал Бекке көзүн
кысты.
— Эмне? Эмне? — Калыбек Жуманы такмалай берди.— Тамашага чаптырбаңыз.
Бул сиздин иш окшойт го.
Калыбек Бектен мындай ингти күтпөгөн. Бирок Жума оозумурду кыйшайбай ырастап
отурган соң, сөз тамаша болбой чыкканына күңкүлдөй баштады:
— Деги жаштар кызыксыңар! Силерди түшүнүп болбойт. Бул сурөт да ошондой —
бир караганга кызык. Бирок абайлап көрсө,— ал башын чайкады.— Маанилүү деле иш
эмес, жаштык кыял гана...
Калыбектин пикиринин заматта өзгөрүлө калышы таң каларлык болду.
— Сиз эми эле мактабадыңыз беле? — Жума эми аны такмалай баштады.
— Айтпадымбы, бир көргөнгө — деп...
— Түшүнө албайм!
Председатель алардын талашына кошулган жок. Папиросун тартып, сүрөттү тиктеп,
өзүнчө ойго батып отурду. Аңгыча улам бирденэкиден келип отуруп, кабинетке бир
топ художниктер чогулушту. Талаш кызый баштады. Аны кызыткан да Калыбек:
—Реалисттик искусствого сыйышпайт... Фантазия! Турмуш менен
байланышпаган жаштык кыялдын алдамчы элеси.— Ал салмак менен ордунан туруп,
сүрөттүн жанына келди.*— Карагылачы: жомоктогу сулуу кыз. Ага реализмдин
көйнөгүн кнйгизүү үчүн кызылча талаасынын фонун кошуп койгон. Эгерде кызылча
талаасын алып таштаса, бул кыз жомоктогу сулуунун дал өзү болуп чыгат. Жолдоштор,
бизге чыныгы эмгекчи адамдын образы керек. Аны биз атактуу пахтачы, кызылчачы,
малчылардын арасынан гана табабыз. Биз автордун өсүшүн кааласак, туура сындоодон
баш тартпообуз керек. Ансыз жаштарды өстүрө албайбыз!
Дагы бир орус художник талашты андан бетер ырбатты:
— Эмгекти кай бир жолдоштор натуралисттик позицияда түшүнүшөт. Эгерде
колуна кетмен, күрөк карматпаса эле, анын эмгекчи экени көрүнбөйбү? А, мага ушу
кыз жөн эле эмгекчи эмес, эмгекти, элди, жерди сүйгөн жана аны баалай ала турган кыз
экендиги ачык көрүнүп турат. Менин оюмча муну жаш художниктин биринчи
табылгасы катары баалоо керек.
— Хаха! — Калыбек чалкалады.— Жаштыгыңыз эсиңизге түшүп кетсе керек.
Сүрөттүн алдындагы жазууну окуңузчу: «Талаа жылдызы» дейт. Баары жомок.
Бул жазууну болбой жатып Жума жазган эле.
Бек ар кимдин сөзүн кунт коюп тыңшап отуруп, өзүнчө ойго кетти: «бирөөгө жаман,
бирөөгө жакшы көрүнгөн да чыгарма болобу?» Андай болууга мүмкүн эмес. Бириники
гана туура болууга мүмкүн. Бирок азыркы талаштан кимдики туура экендиги ачык
болбоду. Ошентип отурганда Калыбек жаш художникке кайрылды:
— Айтыңызчы, жолдош Назаров! Сүрөттөгү кыз колхозчубу, же студенткабы?
Бек мукактанып калды.
— Сиздин сурооңузду кандай түшүнүүгө болот? — деди Жума чыдай албай.— Сөз
прототип жөнүндөбү?
— Ооба, ошондой десек да болот,— Калыбек жаш художникти талылуу жерден
кармагандай жагалданды.
— Мен кызылча талаасынан дал ушундай кызды көргөмүн.— Бек бир нерсе
эстегендей, ойлуу сүйлөдү...— Бирок анын студентка, колхозчу же кызматчы экенин
билбеймин...
— Кеп ошондо! — Калыбек айланасындагыларга шаңдуу карады.— Бир көргөнүң
ырас. Ал ким болсо ошол болсун, айтор кызылчачы эмес. Мен билсем студентка!
— Аны кайдан билдиңиз?
— Билем. Таанып да турам!
Башкалар күлүштү. Бек Калыбекти тиктеди да калды.
— Жолдоштор! — Акырында председатель сөзгө кошулду.— Мейли, кызылчачы
болсун, мейли, студептка болсун, тип табылган... Менин оюмча сүрөттү көргөзмөгө
коелу. Талашты ошондон кийин уланталы.
— Жаштарды көп алчактатуу жарашпайт. Бир нерсе болсо эле жеңиш, табылга деп
кыйкырып жүрүп, баарын бузуп алар бекенбиз,— деп Калыбек эшпкти карс жаап кетип
калды.
Художниктер арасында Калыбектин сөзүн сүйлөгөндөр да болду. Көпчүлүгү
председателдин сунушуна кошулушту.
«Талаа жылдызы» мынчалык сөз болорун күтпөгөн жана мындай талашка биринчи
дуушар болгон Бек ар кимдин сөзүн кунт коюп угуп, өзүнөн өзү апкаарып отурду. Ал
талашка түшкөнүнө кейиген жок, талаштын эмнеден чыкканына түнгунө албай
убараланды. Баарыдан да Калыбектики өтпөдүбү?
Калыбек Бекти жаман көрүүчү эмес жана бир көздө аны «таланттуу» деп мактагандын
бири да ошол эле. Анын оозунан кескин сын чыгышы бүгүн биринчи жолу. Демек, аны
пикир келишпегендиктен, же көрө албастыктан тыраалады деп шекшинүүгө негиз жок.
Бек карт художниктин пикиринде бир нерсе бар экендигин, болгондо да күчтүү экенин
бүгүн байкады. Андан да «сүрөттөгү кыз студентка болуу керек, аны таанып турам»
дегени таңкалтты. Жалаң ушу сөзү үчүн Калыбектин пикирин четке каккысы келбеди.
Ал турсун, анын сөзү акыйкаттай сөзилди. Мында отурган бардык профессионал
художниктер байкабаган нерсени Калыбектин байкашынын өзү да ойлонто турган
нерсе эле.
— Калыбек туура! — Бек да ордунан турду.— Анын айткандары жөн. Демек мен
анык эмгек адамын таппай калгандырмын... кечиресиздер, сүрөт көргөзмөгө татыктуу
эмес.
— Кечиресиз?! — деди председатель ордунан козголбой.— Бул сүрөт кандайдыр
бир студенткага окшоп калса эле эмгек адамы болбойбу? Сиз, билимдүү кишисиз,
баланын сөзүн сүйлөбөңүз?
— Кеп анда эмес! — деди Бек...— Мен түшүндүрө албайм...
— Сага эмне болду Бек! — Жума күңк этти.— Отур.
***
— Ооба, Калыбек туура! — Бек үйүнө келгенден кийин да өзү менен өзү кеңешип, ушу
пикирден алыстай албады.
Калыбек кантип туура болбосун!
Жай айы. Бек союздун тапшырмасы боюнча Чүй өрөөнүндөгү колхоздорду кыдырып,
алдыңкы адамдардын портретин жазмак болот. Тапшырма айкын. Бирок андай
адамдарды тартуудан да табуу кыйын. Колхоздун жетекчиспнен же эсепчисинен
кимдин эмгек күнү көп экендигин сурап алып, ошонун сүрөтүн тартууга көңүлү
чаппады. Жакшы адам, алдыңкы адам жалаң эсеп менен гана аныкталбайт. Эсепке көп
кызыкпай, көзгө көп илээншен өз алдынча чоң иш бүтүрүп жаткан кингалер азбы?
Андайларды сурамжылап табуудан көрө издеп жүрүп тапкысы келди.
Бектин көңүлүн Чүй талаасы тартып турду. Өзү тоо өрөөнүндө ;туулуп өскөн жигит кең
жер, кооз жер жөнүндө сөз болгондо дайыма Чүйдү эстеп, Чүй өрөөнү менен
сыймыктанаар эле. Бирок Чүпдүн жолу менен өткөнү болбосо, аны кадимкидей аралап
көргөн эмес. Чүй ал үчүн сыртынан ашык болгон кыз сыяктуу эле.
Ал кылкылдаган эгин талаасында, көк жашыл кызылча плантациясында далай
күндөрдү өткөрдү. Кээде ач калат, кээде түшкү эс алуу убагында кызкелиндерге туш
келсе, алар саякатчы жигитти бирге тамак ичүүгө чакырышат. Жигит токмун, ичтим
деген шылтоолорду айтат. «Жалгыз ичкениңизди айтпаңыз» деп, келиндер жаалап
киргенде ал аргасыздан аларга кошулуп отурат. Бирге оокат ичишет, аңгемелешет.
Кызкелиндердин ошондогу шаңкыддаган күлкүлөрү али да кулагында... Ал кээде
сугатчылар менен бирге талаада түнөп калат. Убакыт көңүлдүү өтүүдө. Ага
кишилердин баары эле бирдей, баары эле ишкер сыяктанат. Алардын ичинен бирин
бөлөйүн десе башкалары калчудай. А, баарын сүрөткө тартууга мүмкүн эмес.
Ага Чүй жакшы көргөндүктөн ушундай сөзилген. Бейпил Чүй! Махаббаттуу Чүй!
Бир түнү Бек сугатчылар менен жүрүп, талаада уктап калат. Көзүн ачса таң сөгүлүп,
жылдыздар суюла баштаган... Аба салкын. Бек бир аз чыйрыгып калган. Сугатчылар
көрүнбөйт... Торгонлордун таңшыганы, бөзбелдектин бөзилдегени айлананы жаңыртат.
Талаа учукыйры билинбей мелтирейт. Кыштактардын жылдыздары жыбырайт. Өрөөн
койнуна сыр каткандай бейкут суйсалат. Бек таң нуруна аралаш мелтиреген талааны
аралап жөнөйт.
Үлпүлдөгөн жумшак желден кандайдыр бир назик обон келип жаткансыйт. Бек
айланасына көз чаптырат. Эч ким көрүнбөйт. Жер агарганда те төмөнтөн, кызылча
талаасынан булактаган ак көйнөк көзгө урунат. Таң атпай талаага умтулган бул кандай
жан? Бек сыяктуу «саякатчыбы» же эмгекти сүйгөн ишкер кызбы?
Бек жакындап, анын колундагы кетменин байкайт.
Ал кекжашыл кызылча талаасында жүргөн кыз эмей эле, көлдө сүзгөн аккуу
кейиптенет.
Саякатчы жигит дал бет маңдайына жакындаганда гана ал башын көтөрүп, аны тигиле
карайт. Жигит да учурашуу оюна келбей каткан бойдон турат. Жигиттин анчейин
сейилдеп жүргөнүн сөзгендей кыз кайра жумушуна киришет. Аңгыча туштуштан келин
кыздар кошулуп отуруп, заматта талаа кызылтазыл болот.
Ошол ак көйнөкчөн, талтал кара чачы айдалынан төгүлгөн, жоодураган кызыл тору
кыз, жигиттин элесинде түбөлүккө кала берет. Бул элес түнкүсүн түшүнөн, күндүз көз
астынан кетпейт...
Талаа жылдызынын тарыхы ушундай.
Ал кыз жаш художник менен биринчи жолу кокусунан гана жолукканы менен, ал бир
жерден болбосо, бир жерден көзигип калчу кыргыз кыздарынын бири эле. Ансыз да
кыргыз кызы жөнүндө Бектин эч кимге айтылбаган, жүрөгүнө уюган мудаасы боло
турган. Бул мудаа ага кол жетпестей бийик жана ыйык сөзилчү. Бек Чүй талаасындагы
көздешүүнү, баарынан мурда, ошол мудаасы менен көздешкендей сөзген...
«Талаа жылдызы» художниктер союзунда болду. Көргөзмөгө коюлду. Көрүүчүлөрдүн
да көңүлүн бура баштады. Эми ал Бектин гана жашырын мудаасы болбостон, элдик кыз
болуп баратты. Бирок, Бек ошондой болсо да, жүрөгү сүйгөн ыйык заттын сырын эч
кимге айта албады. Аны өз жүрөгүнө гана сактап, түбөлүккө ыйык нерсе катары алып
жүрүүнү артык көрдү. Бул ыйык сөзимди өз жүрөгүнө жашырууга да чамасы жетпей
баратты.
«Талаа жылдызы» көргөзмөгө коюлгандан кийин, Бек жакшы көргөн жакынынан
бөлүнтөнсүп, үйүнүн ичи аңгырады. Бир нерсеси кемигенсиди. Бек буга түшүнө
албады. Сүрөт билермандарга жакса, элге жакса, художник үчүн андан артык эмне
керек?
Ал кээде көргөзмөгө баруучу болду. Жалгыз максаты «Талаа жылдызын» көрүп коюу.
Ошондо гана жүрөгүн сүрөттөгү кыз бийлеп алганын сөзе баштады. Ал сүрөт эмес эле,
Чүй талаасында таңга маал иш үстүндө жүргөн кыялкеч узга көзмөкөз көздешкенсип,
жүрөгү өзүнөн өзү опколжуйт. Уз да аны сөзгенсип, аягансып, махаббаттуу тиктейт,
эми качан, деп үмүтүн үзбөй жол карагансыйт.
Бектин көңүлү сүрөткө чаппай эле, Чүй талаасын көздөй чабыттай баштады.
Жума ушуну менен үчүнчү жолу чакырып келди. Үчөөндө тең бир гана жооп укту:
«баралбайм». Бу жолу Бек «баралбаймын» деген сөздү мурдагыдан бегирэзк көзеп
айтты.
— Мен сен үчүн... Байкабай жатасың! — Жума колун жүрөгүнө басып, жалбара
сүйлөдү.— Азыр көргөзмөдө да, андйн сырткары да «Талаа жылдызы» жөнүндө гана
сөз. Айрыкча жаштар. Ага кумар болбогон киши жок. Авторун көрсөк дегендер канча?!
Жуманын сөзү ырас. Бул сүрөт көпчүлүктү кызыктырганын, дүүлүктүргөнүн автор өзү
жакшы билбесе да, сүрөт элге жакканын байкаган. Өзү көргөзмөдө бир нече жолу
болгондо «Назаров», «Назаров» деп, өз алдынча кеп кылышканын уккан. Бирок, эч ким
Назаров ким экендигин тааныбайт экен. Аны жанында турса да билишкен эмес.
— Макул, сешга айтканыңдай эле болсун. А мен барганда эмне болмокчу?
Жума столду бир муштады.
— Айтпаса, адамдын ачуусун келтиресиң. Эмгекти эл баалаганын көргөн кишинин
көңүлү эргибейби?! Демине дем кошулбайбы?!
Бек ага этияттык менен гана жооп кайтарды:
— Аның да ырас. Бирок мага эрте... Мен баланча элем, таанышып коелу деп
чоолжуй албайм. Мени пш күтүп турат. Эң шашылыш.
Жума ошондо гана жолдошу жол кийимин кийинип, сур плащын белендеп койгонун
байкады.
— Каякка?
— Чүй талаасы чакырат.
— Баса, сен Чүй менен боорлошуп кеттиң го.— Жума да жай сөзгө өттү.— Мунуң
жакшы. Элге көбүрөөк чыгып туруу сонун.
Бек үндөгөн жок. Ал басмырт жана санаркагандай иреңинен аза түшкөн. Эмне үчүндүр
ушкүрүп койду.
Өмүр чоң нерсе. Чыгармачылыктан башка да, өмүрдө адамды өйдөтөмөн калчай турган
түйшүктөр жок дейсиңби, деген ой жолдошунун көңүлүнө келе калды.
— Кечиргин, Бек! Мен сага ачуураак айтып койдум окшойт. Бирок, сени
сүйгөндүктөн. Байкашымча сенин жүрөгүңдө бир түпөйүл нерсе бар. Дайыма өзүң
менен өзүңсүң. Айт. Сырыңды менден жашырба. Сага жардам бере албасам,
достугумдун кереги ташка тийсин.
Бек муну укканда мурутунан күлүп койду да, көпкө унчукпай отурду. Анан оң колун
жолдошунун ийнине арта:
— Дос ыйык нерсе! Мен бул жөнүндө көп ойлоном! Бирок, жеке гана жүрөккө
тийиштүү нерселер да болуута мүмкүн,— деди.
— Айт. Айтпасаң таарынам! — Жума терс карады.
— Менин оюмча, достук үчүн шарт да, шерт да керексиз. Бир чийимди чийип алып,
ушундан чыксак дос боло албайбыз деп айтуу, туура эмес го дейм. Достукту тсандай
десем... деңиздей терең, тоодой чоң болушу керек. Достук — бүткүл өмүрдүн иши.
— Сен, терең кеттиң.— Жума күлүп, оң карады.— Мен сага айлам түгөнгөндөн
таарынайын дегеним. Аны туура түшүн... Мен, мүмкүн достук жөнүндөгү эски
түшүнүктөрдөн уламдыр, же сени аягандыктандыр, айтор сенин мүңкүрөп турушуңду
көргөндө түтө албайм. Сенин азабыңды кошо тартышкым келип кетет. Эгерде сенин
ишенимиңе кире албагандыктан, батына албай жүрсөм, же батынсам да сага тирек
болууга жарай албай жүрсөм, аным өзүмдүн кемдигим.
Жума өз оюндагыны эми туура айткансыды. Жолдоштукка, достукка чын жүрөгү менен
берилип кандай чоң иш болсо да кошо аткарышууга даяр турган жигиттер болот. Бул
көбүнчө жаштар үчүн мүнөздүү. Бек анын пикирин кубаттап, баш ийкөөдөн башка эч
нерсе айта албады. Мындай чын жүрөгү менен берилген достор кокус бир нерседен
көңүлү калса, дароо иренжип, өзүнөнөзү сууп кетүүгө да мүмкүн. Бек ага өзүнүн
мудалуу сырын ача албай же аны бир нерсе менен жооткотуп алдап коюуга дити
барбай өзүнөнөзү күйгүлтүккө түштү.
— Жума, сени жакшы көрөрүмдү билесиң. Сага чынымды айтам. Мен өзүмдөгү
жүрөк сырымды ыйык сөзер элем. Аны эч кимге, эч качан айта албайм го деп ойлогом.
Мени кыстабай кое турчу. Мага эмне болгонун өзүм да ачык түшүнө албаймын.
Өзүмдүкү аз келгенсип, азырынча сенин ^башыңды да оорутпайын... Мен сыртка
чыгып келейин...
Жума ага эриксизден макул болду.
III
Достор! Булар эмне үчүн жана качан достошкон? Аны ким билсин. Мындай суроо
өздөрүнүн башына да келбөйт. Булардыл достугу биринчи таанышуудан башталган.
Анда экөө тең Фрунзеге келип, художниктер союзуна жаңы гана киришкен. Жума жаш
жагынан улуу, ачык жана өтүмдүү. Бек андан кичүү, түнтүрөөк, чоочун жөжөдөй
болуп, башкаларга кошулбай үрпөйүп жалгыз жүрө турган. Башкаларга байкалбаган
урпөгөй жигит эмне үчүндүр Жумага жылуу учурап, экөөсү таанышат, жөн жай
сурашат. Анан бассатурса бирге жүрүшүп, бирибиринен а,жырабай тургансып
калышат.
Жаштар кээде ашыналыкты, жылуу мамилени деле достук деп санашат. Ал турсун,
көңүлүнө жаккандарга бейтааныш болсо да, сыртынан достошкондор болот. Жума
менен Бек ушундай учурду баштан өткөрүп жатышкан. Чыныгы дос боло алышабы,
өмүр сыноосунан өтүшөбү, аны ойлошпойт.
Бек өзү үчүн кымбат сөзилген сүрөт сырын эч кимге айтпай, ыйык тутам деп ойлогон.
Качан Жума дос жөнүндө кеп салганда ичи элжиреп, сураса ага жанын да бергиси
келип, андан бир нерсени жашыруу кылмыш сыяктанды.
Жума ага бирдемеси өтүп кетпесе да, достук үчүк жашырын эч нерсе жок го деген үмүт
менен аны талылуу жерден кармап отурбайбы. Эгерде Бек арамзаланыпг күңкмыңк
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 25
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов