Latin

Атай - 22

Общее количество слов 3844
Общее количество уникальных слов составляет 2135
30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
болуп чыкты. Фрунзеден оң жооп келди. Эми атасы менен акылдашуу керек эле.
Султаналы бака теректин көлөкөсүндө жеңил кийимчен, маасысын чечип, салкындап
отурган эле. Жанында Аккыз менен солдогой Бектен. Ал бою өскүлөң, көзү алаңдап,
жандын коркогу, жоош. Эгерде ак көңүлдүгү жана тил алчаактыгы болбосо, андай
немени Султаналы жанына жолотпос эле. Абышка баарыдан да анын тил алчактыгын
жактырат. Өткөн жылы Бектен айылдагы бирөөнүн кызына көңүлү түшүп, үйлөнмөк
болгсндо, абышка «шашпа, агаң келсин» — деп токтотуп коет. Агасы келгенче кыз
башка жигитке турмушка чыгат.
Бектен жакын күндөн бери кызматын кылымыш болуп, Султаналы чоң атасынын
үйүндө. Анын эмне үчүн айланчыктаганы баарына белгилүү. Кимдин кызын сунуш
кылышса, ошого макул дей турган, айтор колуктусунун он эки мүчөсү соо,
кебетекешпири иренжиткендей болбосо.
Султаналы Бектенге жооп берүүнү кечиктирүүдө. Анын катын алганы түгүл, өзүнүн
башы маң.
Артисттер Таластын көкүрөк жагындагы айылдарда. Жакында Кетмен-Төбөгө
жөнөшмөк... Абышка көлекөдө салкындагысы келбей эле, ошол жөнүндө ойлонуп
отурган.
Аңгыча салам айтып, Атай келди. Атасы алик алып, уулуна өзүнүн жанынан орун
берди да, аялына карады:
— Бектен экөөңөр бара тургулачы.
Алар боз үйгө кирип кетишти. Бектен менин үйлөнүүмдү макулдашат го деген таттуу
үмүттө. Аккыз эмне үчүндүр бушайман.
— Ата! — Ал тунжурап отуруудан кийин сөз баштады. — Мен жөнүндө
уккандырсыз... Ак батаңызды алганы келдим.
Султаналы жооп берүүгө ашыкпады. Көчө жакты эмне үчүндүр узакка тиктеди.
Балким, сен кетсең, мен ошондо анык жалгыз калам го деп ойлонгондур.
— Уккам. — Бир окумда сөздү күтүлбөгөн жерден баштады. — Балам, кудайдын
мунусуна шүгүр, каякка барсаң жолуң ачык. Эми сенден көңүлүм тынык... Канча
жылдардан бери сенин камыңды келечегиңди ойлоп азабыңды тарттым. Анын баары
алыс калды...
— Айтканыңыз ырас. Аны эч качан унутпайм ата!
— Бирок, ойлоно турган бир иш калды.
Султаналы аны сынагандай кыязда суроолу карады. Сөз эмне жөнүндө болгонун Атай
дароо түшүнө албады.
— Мен картайдым, балам. Башкага билинбегени менен карылыкка төз алдырдым...
— Түшүнөм. Ал жөнүндө мен да ойлоп жүрөм.
— Кош, эмнени ойлодуң? — деди Султаналы кызыккандан.
— Көзүм тирүү турганда апам экөөңөр кор болбойсуңар.
— Аны өзүм деле билем. — Ал мурутунан жылмайды. — Менин айтайын дегеним
башка.
Кызык киши дагы эмнени табышмак кылат — деп Атай сөзгө кунт койду.
— Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Ошо жөнүндө сүйлөшөлү. Мындан
аркыбыз кандай болору алланын иши. Ошондо да пендечилик, бул дүйнө менен
коштошор учур жөнүндө ойлоном.
Атай дале түшүнбөдү.
— Тирүүмдө жакшы жүрдүм, катарыман калганым жок. Эми абийирим башта
турганда өлсөм, Атайдын атасы деп калдайган Талас эли урмат менен кош айтышса...
Атасы өлүмүнүн камын азыртан ойлогонун уулу эми түшүндү. Мындай кишиге ачык
жооп айтмайынча көңүлү тынбасы анык.
— Ата! — деди Атай колун бооруна алып. — Сиз үчүн күчүмдү жана колдо болгон
байлыгымды аябайм. Өзүңүз айткандай, Таластын башаягына бүт кабар беребиз...
— Ыраазымын. — Султаналы алаканын жайып, уулуна батасын берди. — Ак
жолуң ачылсын! Катарыңдын алды бол! Алла таала, кубатыңа кубат кошуп, өркөнүң
өссүн! Оомийин!
Абышка мууну бошоп, мунажаттуу күбүрөп, чын дили менен тилегин айтып, алаканын
жайып, көпкө турду... Анын карылыкка чындап моюн сунтаны, кудайга сыйынып жана
уулуна сүйөнүп жашай турган гана өмүрү калганын Атай ушу минуталардын ичинде
сөзди. Өлгөндөгүсүнөн да, тирүүсүндө көңүлүн ыраазы кылуу керек эле.
Байкуш абышка, Атай бутун талкалаткан учурдан тартып, кандай мээнеттерди баштан
кечирбеди. Айтканынын калети жок. Анын карызынан кутулуу үчүн көп, көп нерселер
керек.
Атай да узак сапарга жөнөр алдындагы сөздөрүн табыштай баштады.
— Эртең үйгө уста келет. Кыштактын этегинен сизгө там салып берет. Акысын
макулдаштык.
— Тамдын кереги эмне? Өзүң кетип баратсаң...
— Сизге кереги болбосо, апам турбайбы... Бектен бар... «Ат айланып казыгын
табат» дегендей, мүмкүн мен да келип калармын...
Алыска чапчыган план карынын көңүлүнө жетти. Ырас эле, «мен көз жумсам,
кемпирим жалгыз, талаада калабы? Менден башкаларга жансактоо керек эмеспи!» —
деп өзүн ичинен жемеледи.
Тамдын акысына берилүүчү акча, өз керегине жумшалчу каражаттарды жана калган
малды Атай бүт бойдон атасынын колуна өткөрүп берди.
«Адал балам. — Султаналы кубанганынан толкундады. — Мен кээде өгөйлүк кылат го
— деп, кудайга күнөкөр болгон экенмин. Өмүрү узун болсун».
ӨМҮР БАРАКТАРЫ
Чоң бөлмөнүн ичи күбүр шыбыр. Алдыларына дептер жайып коюшуп, колдоруна
калам алышып, ооздорун күбүрөтүшкөн өңчөй сакалдуу окуучулар. Булардын ичинде
сыйда мурут койгон Атай да отурат. Алардын көпчүлүгү жайылган дептери менен
убараланыпгеа, азчылыгы тапшырманы жыйыштырып, кызык аңгемеге түшүшкөн.
Жанаша бөлмөлөрдөн музыканын жаңырыктары, тапыраган дабыштар угулат.
Отургандар ага көңүл бурушпай өз иштери менен... Кагаз бетиндеги тапшырманы
урунуштуруп окуудан жаңылгандары жана жадагандары дептерин жыйып коюп, аңгеме
дүкөнүн кургандардын тобуна кошулууда...
Коридорду оң баскан катуу дабыш угулганда алдыңкы катардагылар «келатат» дешти.
Жыйын тарап, ар ким калдалактап өз-өз ордун ээлеп, тынчый калышты. Чачы сеңселген
кубакай жигит кирер менен окуучуларга көз чаптырып «саламатсыздарбы!» деди.
Окуучулар коодурашып жапырт салам айтышты.
Мугалим илбериңки отуруп, жашыл папкасын ачты. Бөлмөдөгү сакалмурутун
кырдырган кишилерден жана көсөлөрдөн да мугалимдин жаш экендигине, жаш болсо
да, баш экенине кайыл болгондой баары анын оозун карашат. Азыр кай жерде болсо
ушу көрүнүш — маданиятты таратуучулар жаштар.
Алар мугалимин эски көнүмүш боюнча сабакта молдоке дешет, окуудан тышкары
убакта көбүнчө Жаныбек деп атынан аташат.
Жаныбек тизме чакырган жок. Муруттары айбалтанын сабындай болгон класскомду
тиктеди да өзүнчө күлдү. «Ким жок?» — деп сураса эле «баары жайында, молдоке» деп
орДунан лып тура калмак. Окуучулар түгөлдүгү алаканга салгандай ачык көрүнүп
турбайбы?
Терөзенин түбүндө отурган Мураталы, анын жанында тартибинен «эң жакшы» деген
баадан төмөндөбөгөн чолок мурун Карамолдо. Шаршен мугалимдин айтуусу боюнча эң
алдында отургандыктан, кимди күлдүрүүнүн учурун таба албай кыйшалактап, тынчый
албай отурат.
Дайыма шайыр мүнөз артисттер сабак башталарда эмне үчүндүр сабыры суз тартып
калышчу. «Кантесиңер, силердин сабатыңарды жаш убагыңарда ача албаган эски
заманыңарга таарынгыла! — деп Жаныбек нечен жолу эскерткен,— албетте жашы
улгайган учурда окуу кыйын. Окубай койсоңор андан да чоң кыйынчылыкка
учурайсыңар».
Бир тобу сабакка көңүлсүз. Ошондойлордун ичинен көрүнүктүүлөрү Атай менен
Шаршен. Экөө бирге отурса, өздөрү да окубай, башкаларга да мүмкүнчүлүк беришчү
эмес... Атай арткы катарга бөлүнгөнү сабак тынч өтө турган болду. Сабак баштоонун
алдында Шаршен мугалимге алдыртан карап, колун көтөрдү.
— Эмне дейсиз?
— Соболум бар, молдоке! — Ал столунан ныгырыла туруп, оор салмак менен
сүйлөдү. — Биз окууну бүтөр күн болобу? Же класстан класска көчпөсөк, же курс
бүттү деген документ албасак, бул кандай окуу болот? Мен ушуну биле албай жүрөм,
молдоке!
— Сабакты ошону үчүн окуй албай жүрөсүңбү? — дешти отургандар.
— Ошону үчүн! — деп жооп берди Шаршен оозумурду кыйшайбай.
— Отуруңуз! — Жаныбек ортого чыкты. — Окуу мөөнөтү өз колун;арда, жакшы
окусаңар быйыл бүтөсүңөр, илеңсалаң жүрө берсеңер ким билсин?
Сабатсыздыгыңарды жойсоңор — документ ошол. Же сельсоветтин справкасы керекпи
сиздерге?
— Ой, молдоке! — Муруну эдирейген, кер мурут акын туурадан чыкты. — Кээ бирибиз
кат жазууну үйрөнүп калдык. Бизди эмне үчүн бошотпойсуңар?
— Бөлүнгөндү бөрү жейт. Чогуу эле бошойбуз — деди Шаршен.
— Али эрте. Шашпаңыз...— Мугалим тынчтангыла дегенсип, колун жаңсады. —
Эмесе сабакка кирели. Жолдоштор, мен сиздерге дагы эскертейин... Сабатсыздыкты
жоюу бүткүл элдик жумуш. Партиянын бул саясатына бүткүл дүйнө таң калып турган
убак...
Балким, артисттерге билимдин кереги эмне деп мурдун чүйрүгөндөр бардыр... Совет
эли жаңы турмушту, социализмди куруп жатат. Жаңы турмушту куруу үчүн ар бир
киши жаңыча тарбияланган, билимдүү жана адис болуулары керек. Караңгылыктын
туткунунда калган кишилер элдин алдыңкы катарында бара албайт. Мына силер
артистсиңер! Жаңы турмушту куруудагы силердин үлүшүңөр эмнеде?
— Ийи, ошону айтыңыз?
— Силер жакшынакай ырыңар жана күүңөр менен элди жаңыча тарбиялоого
жардам бересиңер... Силер да элге тарбиячысыңар. Сабатыңар болбосо, газета-журнал
окубасаңар, күндөлүк агымдан артта калсаңар, элге кантип тарбиячы болосуңар?!
Отургандарда үн жок. Атай да тынч отуруп калды. Анын театрга келгенине бир жылдан
ашкан. Күү менен ыр жагына ыраазы, бирок нота менен ликбөзге көңүлсүз эле. Кээде
жаны ачынган мугалим азыркыга окшоп, билимдин маанисин жетерине жеткире
айтканда гана моюн сунат. Бирок анысы узакка созулбайт.
Артисттер арасында сабатсыздыкты жоюу ишпнин башталганына эки жыл болот.
Окуунун созулушуна артисттер, же окутуучуну күнөөлүү деп кесе айтууга мүмкүн
эмес. Алгач аларга мектеп мугалимдерин жиберишкен. Концертке даярдыктар жана
элге чыгуулар окууну көп өксүттү. Окутуучуну артисттердин өз арасынан тандаганда
гана иш илгерилей баштаган.
Тиги досканын жанында турган кубакай жигиттин өзү да артист. Ооба артист. Мындай
билимдүү жаш артисттер да көп. Алар атайын театралдык окуу жайын бүтпөй эле,
ушул эле Фрунзе шаарындагы педтехникумду бүтүрүшкөндөр. Буга таң калууга
болбойт. Фрунзенин педтехникуму жалаң гана агартуу кызматчыларын эмес,
республиканып партиялык, советтик жана маданий кызматкерлеринин бир нече муунун
тарбиялоодо.
Педтехникум жаштарга билим берди, арымын ачты. Алардын эмнеге жөндөмдүү
экендигин турмуш өзү көрсөтүп, барына өз ордун таап берүүдө.
Жаныбектин мугалимдик адистиги жана артисттердин сырын түшүнө билгендиги ишин
көп жеңилдетти. Жалаң «Алиппени» үйрөтүү, кат таанытуу менен максат
орундалбасын ал жакшы түшүнөт. Артисттерди кандай болбосун, билимге абдан
кызыктыруу керек эле. Ушул максат менен ал жакшы ырлар, кабарлар жана өкмөттүн
токтомдору чыккан газеталарды алып келип, сабактын аягында окуп берүүчү.
Жаңылыктардын күн сайын боло турганына каныккан артисттер Жаныбек колуна
газета алганда тим боло калышчу.
— Газетада бир жакшы ыр бар экен. — Мугалим сабактан кийин төзирээк кетүүгө
шашылды. — Убакыт өтүп кетти. Келерки сабактарда окуп беремин. Кошуңуздар!
— Ой, иним! Антпей эле окуп берсең?
— Кулакка кирбесе, өзүбүз деле укпайбыз. Сизди кармабайбыз...
— Окуп бербей турган болсоң, бизге эмнесин айттың? — Туштуштан чуулдак
башталды.
— Болуптур! — Жаныбек күлүп, газетаны жазды.— «Эсимде» деген ыр бар экен.
Жайдын толук көзинде Адырлуу тоонун бетинде Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн
Жайдары селки эсимде...
Жаныбек окуй берди. Белмөнүн ичи тынч. Чоң кишилер сабакка көңүл бөлгөнде
ушинтип, жымжырт болуп угушат. Мындай учурлар көп кайталанчу эмес. Бирок бул
жолку газета окуу башка сабактардын баарынан кызык, эсте каларлык окуя катары
өттү.
Мугалим газетаны ачып, «Эсимде» дегенде эле баары кулак түрүп калышкан. Ырдын
акырына чыкканча ошо калыбынан жасышпады.
Атай бутунун башы менен секин басып келип, алдыңкы столдун жанында тикесинен
тик туруп тыңшады. Ырдын ыргагына жараша башы кошо кыймылга келип, анда санда
эрини күбүрөп, акыр жагында кыялга чумугандай былк этпей калды. Ыр окулуп
бүткөндөн кийин деле ошентип тура берди.
— Кандай экен? — деди Жаныбек окуп болуп.
— Айтканыңдай эле бар экен,— деген үндөр чыкты. Атай гана кыялга баткан
калыбында, козголбойт да сүйлөбөйт.
— Молдоке! Бул ырды ким жазыптыр? Өзүңдүкү эмеспи? — Капталдан бирөө
озунуп суроо таштады. Сыягы баары ошону билүүнү каалагандай жооп күтүштү. Окуу
аяктап калса да, кетүүгө шашылышпады.
— Акын Жусуп Турусбеков... Окуучулар эми өз ара кобурашты:
— Анын колунан келет.
— Канча айткан менен, билимдүүнүн иши билимдүү да...
Китеп, кагаздар шытырап, окуучулар кетүүгө камынышты.
Баятан бери Атайдын жоругуна кызыгып турган мугалим, ага жылмая карады:
— Болуптур эмесе, коштошолу. Жакшы баргыла!
— Кош!
— Кош!
Атай ордунан туруп калышкан жолдошторун байкап, шашылгандай унчукту:
— Иним, садагасы, ушу кезитиңди мага берчи?
— Окуй албагандан кийин сизге газетанын кереги эмне? деди мугалим аны бүктөп,
папкасына салып. Анын сөзү тамаша эмес, чындап айтылганын отургандардын баары
түшүндү. Бул жорук эмне менен бүтөр экен дегенсишип, токтоп турушту.
Атай мурункудан өктөмдөй баштады:
— Молдоке! Ушуну окуй албасам, мени окуудан чыгарып ташта! Убадамды
бердим.
— Кол алышкыла! — Шаршен арага түшө калды.— Биз күбө болобуз.
Мындай окуяны күтпөгөн мугалим чоң папкасын ачып, газетаны сууруп чыгып, Атайга
орчундуу документ тапшырчудай сунду:
— Мына, алыңыз! Экөө кол алышты.
— Сен куу экенсиң, Атай! — Шаршен күлдү.— Эптеп эле окуудан чыга албай
жүрдүң эле, шылтоо оңой табылды.
Шаршендин сөзүнө каткырышты. Мураталы аксакал гана сакалын жайкалтып,
сабырлуу тиктеп турду.
Күлкүдөн улам мугалим шектенбесин дегенсип, Атай убадасын дагы да бекемдеди:
— Убада деген убада. Эртеңки сабакта ушу ырды окуп берем.— Мугалимге окшоп,
анын сөзү да ишенимдүү, чечкиндүү.
Күлкүлөр тыйылып, бирок эмне болуп кеткенин дароо түпгүнүшө албай, дале тарап
кетишпей мугалимдин айланасында имерчиктеп турушту.
— Жакшы иш болду.— Ошончо кишилердин ичинен жалгыз гана Мураталы бир
нерсени сөзгендей, азыркы жоруктун кандайдыр бир купуя сыры жана мааниси бар
сыяктуу ыраазылыгын билдирип, башын ийкеп койду.
— Көрөбүз аксакал! — Тургандардын бири Мураталыны сөзгө тарткысы
келгенсип, тийиштире кеп салды.
— Сиз бул ишке аралашпаңыз... Кепке калып жүрбөңүз?!
Мураталы аны менен айтышып отурууну каалабагандай, тургандар менен кош
айтышты да, ордунан козголду. Бала кыял, тамашакөй Атайдын сөзүнө ишенерин же
ишенбесин билишпей илең салаң болуп турган жолдоштору, Мураталы аксакал тегин
жеринен айткан жок го деген ой менен үйлөрүнө тарашты.
Бүгүнкү окуя Жаныбекке бөтөнчө учурады. Окууга көңүлү жок Атайдын газетага
делбелениши, жолдошторунун күлкүсү, Мураталы карыянын билермандык сөзү
ойлонто турган иш эле. Жаш мугалим таңдын атышын, окуянын чечилишин
чыдамсыздык менен күтөт...
***
Айылда туулуп, айылда өскөн Акшайым адегенде шаардын турмушуна көнө албай
жүрдү. Колуңда чарбаң болбосо, караганың — магазин, эмне керек болсо, баарын
сатып аласың; магазинде болсо го жакшы, болбосо, жаймада тамак-аш, кийим-кече,
отун-суу бирде арзан, бирде кымбат. Шаардын шартын, соода жайын жакшы билбеген
киши көп убакта издегенин таппайт же алдатат. Өнөбою үй-тиричилиги, баржок менен
иши болбогон Атайды майда тиричиликке тартпаган Акшайым бул жерде айылдагыдан
көп убарачылык көздешсе да, көнүмүшүн таштабады.
Жакшы жери: аларга адегенде квартира тийбей бир жылча ар кайсы кишилердин
үйүндө чогуу жашап турушту. Эки үй-бүлө тең келим-кетимге, отур-топурга көнгөн
кыргыз болгондугу үчүн гана бирге жашоого чыдашты. Мына ошол убактын ичинде
Акшайым шаарда кантип жашоо керектигин үй ээси аялдан үйрөнүп калды.
Алардын өзүнө кийинчерээк эки бөлмөлүү, ашканалуу квартира тийгенде Акшайым
шаарга кадимкидей көнүп калган көз эле. Күйөөсү анын жаңы тиричиликке кантип
үйрөнүп, башынан кандай кыйынчылыктар өткөнүн билчү эмес. Ал жөнүндө аялы да
айтпай турган. Үйдү кандай кармоо керек, мейманды күтүү — анын баары
Акшайымдын каалоосу боюнча. Атай үйтиричилигине кийлигишчү эмес.
Акшайым күйөөсүнүн упгул кемчилигин билчү, бирок аны оңдоо үчүн аракеттенмек
түгүл, ушунусун жакшы көрчү.
Жаңы квартирага киргенде Атай «Суусамырды жайлагансып калдым» — деп кубанган.
Ырас эле, жашаган жериң кенен болсо, өзүң да кенелесиң. Тыштагы отун-сотун
сакталчу бөлмөнүн бир жагынан ал өзүнө комуз чаба турган устакана жасап, эми
биротоло өз конушун ээлегендей сөзди.
Шаарга келгени булардын турмушуна кирген өзгөрүүлөр да ылдамдады. Эмне
болгонун ал күйөөсүнүн иреңинен эле сөзет. Атай кубанычты, кайгыны же көңүлү бир
нерсеге оолукканды эч качан жашыра алчу эмес. Жашырууга аракеттенген сайын анын
көңүлүндөгү катылган нерсе ого бетер даана байкалчу.
Бүгүн да ошондой болду. Театрдан жаңы эле кайткан Атайдын көңүлү көтөрүңкү эле.
Оокатка да карабайт, кепке, сөзгө да келбейт, бир орунга токтоно албайт. Аялы аны
байкамаксан, өз тиричилиги менен. Ушундайда, көңүлү уйгу-туйгу болуп, акылы бир
жерге токтобой турганда ал суроо берген кишини жаман көрчү. Унчукпай, өз эркине
койсоң, бир маалда олжолуу балача кымыңдап өзү эле сөзгө келчү.
Атай столуна келип, сүйөнүп отурду да, койнунан бүктөлүү газетаны сууруп чыкты.
Жанжагына карады.
— Шакин! — ал столдо жайылып турган газетаны жанына келген аялына көргөздү.
Аялы эң мурун сүрөттөргө көз жүгүртүп, көңүл бура турган нерсе таппады.
— Муну кара! Ырды! — деди Атай сөөмөйү менен көрсөтүп.
Аялы түшүнгөн жок.
— Сеникиби? — деп сурады.
— Жок...— Атай күлүп ийди.— Таптың. Меники десең да болот.
Аялы дале түшүнбөдү.
— Шакин! — Ал ордунан туруп, терөзенин текчесинде жыйылып турган
китептерди, журналдарды аңтара баштады.— Кийин билесиң...
Аялынын иреңинен да аны билүүгө ашыгуу сөзилбеди.
— Ээ, Шакин, баягы жок да...— деди ал бир баалуу буюмунан ажырагандай.
— Кайсы «баягы?»
— Баягычы, «Алиппе»...
Кымбат нерсесинен ажыраган экен деп чоочуган аялы:
— Аны эмне кылмак элең, кызың ойноп жүргөн.
— Эмне дейт? — Бул сөздү ал биринчи жолу уккансып, селт этти. Саада ошо китеп
менен ойногонун өзү далай жолу көрбөдү беле.— Анте көрбө. Ал мага керек... Ээ,
Саада, кайдасың?
— Эшикте балдар менен ойноп жүрөт. Аны жайына кой. Эгерде мешке от тамызгы
болбосо, бир жерде жаткандыр.
Экөө тең шашылып, «Алиппени» издей баштады. Шкаф, шырдамалдардын алдын,
керебеттердин астын бир нече жолу тинтишип, акыры мештин оозундагы чаканын
түбүнөн табышты.
— Өх! — деди Атай китептин бетин сүртүп,— бул табылбаса, эртең өлдүм эле...
Эми, Шакин, мени өз жөнүмө кой. Кызың келсе, оокатыңарды ичип, жата бергиле.
Ал китепти алып, төркү бөлмөгө кирди. «Алиппе». Алгачкы беттеринде бажырайган
түрдүү тамгалар. Атай анын көпчүлүгүн жатка билчү. Билбегендери да бар эле. Азыр
ошолорго келип такалганда аялына кыйкырды. Акшайым бир көзде күйөөсүнө
кошулуп окуп тамгаларды андан мурда бүт жаттап, бирок күйөөсү ары жылбагандан
кийин, ал да арылоону токтоткон. Азыр келип, күйөөсүнө билбеген ариптерди үйрөтүп
коюп, аркы бөлмөгө кетти. Арипти жаттоо кыйын эмес. Адатта чатак урунуштуруп,
эжелеп окуудан башталчу. «Ат. Атка така как». «Улак. Улакта эки кулак» — деген
жазуулар жана алардын сүрөттөрү бар. Мугалим ушуну баштаганда эле Атай, Шаршен
болушуп, күлүп калышар эле.
— Атка така как, улакта эки кулак.
— Молдоке, үч кулактуу улак болобу — деп Шаршен ого бетер күлдүрөр эле.
Мугалим кээде ыза болуп, урушуп, же кетип калчу.
Азыр Атай эрдин күбүрөтүп, «Ат. Атка така как», «Улак. Улакта эки кулак» деп эжелеп
окуй баштады. Эмне үчүндүр күлкүсү келбейт. Башта эмне үчүн каткырганын түшүнө
албайт. Атты ат, улакты улак дейт да, анын эмнеси күлкү...
Түн бироокум. Уйкусу качкан Акшайымдын кулагы төркү бөлмөдө... Өмүрүндө
китепке көңүл салбаган киши чилистен болчудай столунан жылбайт. Бирдемелерди
күбүрөп окуганы угулат. Ал күйөөсүнүн жорутуна таң калат. «Билгенимен билбегеним
көп экен» — деп ойлойт.
Андан башканы күтсө да, мындай иш баштаары түшүнө да кирбеген. Газетадагы ыр
менен анын окууга ынтаа коюшунун ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин
гана божомолдоду. Ошол ырды окуй албаганына арманда болуп жатты. Кечээ эле
ариптерди андан начар билген күйөөсү бүгүн гана бүт күчүн үрөп, жан аябай киришип,
билим алуунун жолун таба турган кейиптенет. Мүмкүн комузчулуктун шарапаты
тийгендир. Кандай гана татаал күү болбосун, ал көңүлүнө жетсе, бир заматта үйрөнүп,
өзүнө кайта чертип бере турган.
Шаарга келгени небир мыкты комузчулар жана чоң билимдүү адамдар менен
таанышып, көп нерселерди билип, күйөөсүнүн өркүнү өсүп, мартабасы артылып
баратканын байкап, ичинен кубануучу, сыймыктануучу. Кадимки Токтогул, Мураталы,
Карамолдо менен тааныш, кыргыз күүлөрүнүн билерманы болгон бир чоң жазүучу
Атайды өз үйүнө үч түнү черттирип, «комузчулардып тулпар туягы» деп баа
бергенинен улам аны комузчулуктун кылда чокусуна жеткен экен— деген пейилде
калган. Бирок күйөөсү улам бир жаңы күүнүн соңунан түшүп, кээде ушинтип уктабай
чыкчу. Анысы аз келгенсип, төрт кылдуу, беш кылдуу, биринин турпаты
экинчисиникине окшобогон комуздарды жасап, өз алдынча черте турган. Жаңы иштери
жөнүндө Мураталы карыя жана комузчу уста Чаке менен гана акылдашчу.
— Тыным таппаган киши! — деп койду Акшайым.
Төркү бөлмөнүн жарыгы өчөр эмес. Кээде күбүрөгөн үн, кээде акырын кыңылдаган
обондун кайрыктары учкайучкай кайрылгансыйт. Анан кайрадан жымжырттык өкүм
сүрөт.
Ырчы кыялында учуп жүрдү...
Көк шиберлүү чалкайган жайлоо. Кызылтазыл гүлгө толгон жайык бет. Сайрандап
кубалашып ойноп жүргөн кыз, жигит. Ошол жайлоо, ошол гүлдөр... Бирок кыз да,
жигит да эски замандын адамдарына бейтааныш, бүгүнкү күндүн жаштары. Булар ким?
Биз картайдыкпы? Бүгүнкү жаштар башкабы — деп ойлоп, ырчы аларга серп салат.
Жок, жок. Ошол жайлоо, ошол гүлдөр... Ыр жандуу улан Атайдын өзү болуп чыгат,
жанындагысы өзүнүн махаббаты, тагдырлашы.
***
Жаныбек жалгыз бөлмөлүү үйүнө кайтып келип, кийимин которуштуруп, бир кишилик
керебетине чалкалап эс алып жатты. Терөзесинин ачык форточкасынан күзгү мээлүүн
аба кирип турду. «Окшошконго мушташкан» болуп терөзенин түбүндө жалгыз стол,
жалгыз отургуч, бурчта жалгыз тумбочка жана этажерка. Идишаягы да бирден.
Жаныбек жыйырмадан жаңы гана ашкан. Педтехникумду бүткөндөн кийин мугалим
болбой, театрга киргенине таң калган сыяктуу турмуштан улам күтүлбөгөн нерселер
учурап, кээде башы катып, кээде шаттанып, айтор, бир нерсеге илээшкенеийт.
Каалга такылдады. Жаныбек эшик жакты элейип тиктеп турду да, ким келгенин
эстегендей үн чыгарды:
— Капсалаң! Кир!
Ак шымчан, чачын кирпинин ийнесиндей түктүйткөн чарчы бойлуу, чапжаак жигит
эшиктен күлө кирди:
— Мен экенимди кантип билдиң?
— Ушинтип эле.— Анткени үйүнө Капсалаңдан башка киши баш бакчу эмес—
Кел! — Жаныбек коңшусуна отургучун бошотуп берип, өзү керебетине барып
отурду.— Сүйлө. Эмне жаңылык бар?
Капсалаң ага жаңылык айтуу үчүн эмес, жаңылык угуу үчүн келген.
— Коомдук тамак трестинде эмне жаңылык болсун?! Тамактын сапатын өзүң
столовойлордон көрүп жүрөсүң го.— Капсалаң столдун үстүндөгү ак баракка жазылган
«күз» деген куплетти окуду...— Ыр жазайын деп отурган экенсиң. Акындардын
турмушу жакшы. Иштеген жеринен айлык алышат, анан калем акысын... А, сен
артисттерди окуткандыгың үчүн да аласың го. Силерде арман жок!
Жаныбек күлдү.
— Эмнеге күлөсүң? Жашырбай эле кой, мен билем. Силердин үзүрүңөрдү хан да
көргөн эмес.
— Хан биздин түйшүгүбүздү да көргөн эмес.
— Болбогон сөз! Силерде эмненин түйшүгү? Акча каламыңардын учунан чууруп
турат.
Капсалаң ак шымынын чөнтөгүнө колун салып, бутун тактайга тыкылдатып койду.
Коңшу турушканына алты айга жакын убакыт болсо да, экөөнүн таанышып, ашына
болушканына бир айга толо элек.
Аз убакыттын ичинде эле Капсалаң искусствого өтө кызыккандыгын көрсөттү. Ал
тааныбаган артист менен жазуучу жок. Баарын сыртынан тааныйт. Театр менен киного
үзбөй барып жүрүп, колуктуну да ошол жерден таап, үйлөнгөнүн да айтып берген. Бир
айдын ичинде Жаныбекти үч жолу конокко чакырды. Жаныбек ар бир он күндүн
ичинде Капсалаңдын үйүнө стол, стулдар, ар түрдүү сүрөттөр жана буюмдар
кошулганын байкаган. Акыркы барышында жаңы килем тартылганын көрдү.
Ал эми Жаныбектин үйү калыбынан өзгөрүлбөйт. Акчасы каякка кетип жатканын
болжоого болбойт. Ага жашоонун жайын түшүндүргүсү келсе да, айтууга оозу барбай
жүргөн Капсалаң бүгүн чечкиндүүлүк кылды:
— Досум, керебетиңе минип отурганча дагы бир стул алып койбойсуңбу? Акчаң
жетишпесе мен карызга берип турайын. Минтип отурушуң маданияттуулукка жатпайт.
— Мага мурда эки стулдун зарылдыгы жок эле. Эми сыныңды мойнума алам...
— Билбегенин билгендерден үйрөнүп туруу жакшы! — Капсалаң тамагын жасады.
Ал Жаныбектен искусство жана адабият жөнүндө көп нерселерди сурагандыгы үчүн
кээде өзүнө нааразы болор эле. Намыстанар эле. Бирок коңшусу аны түшүнбөгөндүгү
үчүн кемсинтчү эмес. Капсалаң искусстводон болбосо аны башка нерседен жеңермин
деп, көзегин күтүп жүргөн. Мына бүгүн Жаныбекти маданияттуу жашоону
билбегендиги үчүн уяткарды. Дагы маданияттын өкүлү имиш!
Эки жигит узакка чейин сүйлөшүп отурушту. Сөз Жаныбектин көңүлүн алагды кылып,
ал эмне үчүндүр өзүн жеңил сөзип калды. Кечки тамактан кийин, көчөдө бир аз басып
келип, төшөгүнө жатып, тарс катып уктады...
Эртеңки сабак Атайдын ыр окуусу менен башталды. Ал топучан ордунан туруп,
газетанын ар басылган бетин ачып, жай урунуштуруп окуй берди...
Агарып тоодон таң аткан, Суюлуп жылдыз бараткан. Калды го бекен эсимде
Кыйышпай күлө карашкан.
Ал буйдалбай окуду. Окуганына эч ким күмөн кыла албады. Угуучуларды «ал кантип
окуду?» деген суроо кызыктыра баштады. Жаттап алганбы? Аны сыноо үчүн башка
ырды оку деп сунуш кылгылары келишти. Бирок газетага жармаша калып, өткөндөгү
бир окуя эсине түшкөнсүп, үнү дирилдеп, бети нурланып турган Атайдын ыкласыпа эч
ким шек келтирүүгө даабады. Айтор, ушул ырды жаттаган болсо да, ага ыракмат
дегенсип, мугалим беш койду.
— Ыракмат иним! — Атай маңдайынан чыккан терди суртүндү.— Ата сакал
чыкканча эч бир молдодон жылуу сөз укканым жок эле. Сен да мени жаман көрчү элең.
Ушул көзитти мага бергендигиң үчүн сага дагы, дагы ыракмат! — Ал газетаны бүктөп
пиджагынын ички чөнтөгүнө салды.
— Ой, көзитин кайрып бербейсиңби? — деди Шаршен.
— Мага керек... Иним, капа болбойсуңбу? — Атай мугалимден райым күткөнсүдү.
— Алыңыз. Окуп жүрүңүз? — деди Жаныбек.
— Ой, тобо, мен Атайдын бир күндө молдо болгонуна таң калам! Өзү көрбөгөн
киши буга кантип ишенсин? Мутакем билген экен! — деди бири.
Баары жабыла Мураталыны карашты. Мураталы ак топусун колуна алып, жабыла
тиктегендерге жүгүнүп койду эле, зал каткырыкка жаңырды.
— Мутаке, сиз кантип билдиңиз?
— Эмнени?
— Айтсаңыз эми!
— Эмнени айтам? Силер кызыксыңар! Эмнени билдиңер. Мен эч нерсени биле
элекмин.
— Жолдоштор! — Жаныбек столду тыкылдатты.— Эмесе сабакты уланталы.—
Мугалим сөздү токтоткону менен Мураталынын туюк сүйлөшүндө кеп бар дегенсип,
аны тикчие карайт. Абышка сакалын сылап коюп, столдун алдынан чыгып жаткан үндү
тыңшагансып, бир жагына ыктап, өзүнчө мемиреп отурат. Мүмкүн кулагына ушул ырга
чыгарылган күү, же обон жаңырып тургандыр. Бардыгы жайланышып, мугалим доскеге
эсеп жазарда ойлуу отурган Мутакең өзүнчө күңгүрөндү:
— Мен эч нерсени биле элекмин.
Жусуптун ыры жана Атайдын жоругу ушуну менең токтолгон жок. Окуучулар да,
мугалим да ыңгайы келе калса, анын окууну кандай өздөштүргөнүн аныктап билгилери
келищет.
Танапис убагында кимдир бирөө мен бир сонун ыр таптым деп газетасын ачты.
Папиросту буркуратышып, же эрдинин алдын насыбай менен томпойтушкан
окуучулар: «Кана, кана» — дешип, аны курчап калышты.
— Ачык окусаңар?
— Какем окусун!
— Жок, Чакем жакшы окуйт.
— Токтогулачы! — Шаршен жолдошунун колунан газетаны жулуп алып, көзүн
кысып койду.— Атайдан жакшы окуй турганыбыз жок.
— Туура,— дешип баары көз кысышты. Атай колуна газетаны алып эжелей
баштады:
Өнөр, билим, техника, өзгөчө өсүүп бааратат. Зыым аркыллуу абыдан. Дүнүйөгө сөзүн
таратат.
— Айтпадым беле Атакем зырылдатат!
— Бул ырдын эмнесин мактайсыңар? — Атай газетаны төрт бүктөп, ээсине
кайтарып берди:
— Өзүң жаттап алып, ырдап жүр!
Ушундан кийин Атайдын китеп окуй ала турганына эч ким шектенбей калды.
Эшиктен келе жаткан Мураталыга бири шыбырады:
— Атай чын эле окуй алат экен.
Мураталы сөзгө кунт койбой басып кетти: — Мен ага таң калбайм...
Эшик жакта папирос тартып турган Жаныбек: «Мутакемдин эмне билгени бар» —
дегенсип, аны ээрчий карап калды. Сураса сөзсүз: «Мен эч нерсени биле албайм» —
деп жооп берчүдөй.
Окуянын түйүнү Жаныбекке бир нече күн өткөндөн кийин чечиле баштады.
***
Коллектив концерт берүүгө даярданган. Кимдин эмне аткарары Жаныбекке белгилүү.
Жаш композитор Малдыбаев концерт сайын бир жаңы ыры менен чыгуучу эле.
Композитор Петр Федорович кыргыз күүлөрүн оркестрлештирүүгө андан бетер катуу
киришкен.
Ал эми Мураталынын кыягы Молдоке менен Атайдын күүлөрү, Мусанын обондору
анын кулагына жат эле.
Бир топ күндөн бери артисттер «Ажал ордуна», «Карачач», «Жапалак Жатпасов» жана
башка постановкаларды коюшуп, музыкалык конңертке жол тийбей калган. Борбордун
калкы акындардын үнү менен күүлөрүн, жаңы ырларды сагынышканбы, айтор,
театрдын ичи кишилерге жык толгон. Жаныбек администраторго кадырын салып
жатып, Капсалаңга билет таптырып берди.
— Сен болбосоң, бүгүн театрга кире албайт элем,— деди Капсалаң башын чайкап.
Эл өз орундарына отурушкан. Зал караңгыланъш барып, сахнанын көшөгөсү ачылды.
Концерт «Манастан» башталды.
Ылаачындай томолок киши улкунуп-жулкунуп «Тайторуну» байгеге жиберип жатканда
Капсалаң Жаныбекке шыбырады:
— «Манасты» эмне үчүн жазышпайт?
— Жазып жатышат.
— Китеби качан чыгат?
— Тиш! — деп артта отурган киши ышкыра сүйлөдү... Оркестр чыкты. Мурду
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 23
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов