Latin

Атай - 20

Общее количество слов 3939
Общее количество уникальных слов составляет 2204
28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
кордой албайт.— Прокурордон сөз чыкканда чыкыроонго чыйрыгып турган
милиционердин маңдайынан муздак тер чыгып: «Кечиресиз» — деди Атайга карап.—
Жоробаев кайда жүрөт? Сөз, ушакчы менен болсун!
Милиционер Атайдан кечирим сураганда эле иштин жайын түшүнгон Кестикбай элдин
ичине спңип кеткен.
— Жок. Качса керек,— деген үндөр угулду. Амалкөйлүктөн пайдаланууга болот,
бирок амалкөй
лүк менен жашоого мүмкүн эмес. Ар кандай амалкөй киши башкаларды алдадым деп
кампайганы менен амалы өз башына жетип, келечеги өксөгөнүн эртедиркечтир
түшүнөт.
Кестикбай митаамдыкка сыйынганы: бир көзде малын будамайлап, атасын качырып
жүрүп, аны кулак болуудан сактаган. Аны менен тең Керимбай болуш эмне болду?
Ошолордун баары акылсыздык кылышты деп ойлоочу, болбосо, жанын коргоп калбайт
беле. Амалкөйлүктүн опосуздугун Кестикбай өз башынан биринчи жолу өткөрдү жана
ошону менен амалы да тамам болгонун сөзди. Ал үчүн жашоонун мааниси кеткенсиди.
— Кайсы жеринен жаңылдым — деп ойлойт бышмыгый.— Атайдын качып келгени
ырас. Андайды ар ким кармоого акылуу. Канчалык азгырдым. Айтышууну каалагандай
уюштуруу үчүн айылдагы жигиттерге канча челек бозо алып бердим. Бирок ал
уятсыздар Атайдын ырын да кубатташып кетпедиби?
Ойлоп көрсө, укмуштай акыл менен иштелген иши тетирисинен чыкты. Мунун себеби
эмне? Аны Кестикбай түшүнө албай, айлына армандуу кайтты...
***
Сапардан кайткан Атай Кара-Суунун башына келгенде Седептин айлын көрүп, шыр
бастырып кете албай апталаада кылчактап туруп калды. Чыйыр жол эки ача: бири белес
ашып, Чычкан тарабына түшөт, экинчиси жогорку айылга бурулат. Ачакей жолго
келип кылчактап турушунун себеби, акыркы илмекайып жолугушунда Седеп: «Мындан
ары мени издеп келбе, бирок өмүр бою тилектеш курбу болуп кала берели» — деп
суранган. Барайын дейт, аны жаманатты кыламбы деп чочуйт, бир көрбөй жанынан
өтүп кетүүгө жүрөгү чыдабайт. Акырында эркти атына берди: жол ачасына туруп алып,
чү демек да, ат каякка бурулса ошо тарапка бармак. Башын салып үргүлөп турган көк
бээ чү дегенде эле жол тандоону ойлонбой, чети көрүнүп турган айылды көздөй
бурулду.
— Жаша! — Атай кыйкырып ийди.— Сага ыраазымын! Жакшы мал ээсинин оюн
түшүнүп турат.
Ал эң мурун башка үйгө түшүүнү туура тапты. Седепке кантип учурашуунун амалын
ошол жерден ойлоо керек. Эгерде ал «мага эмне үчүн келдиң? Убада кана?» десе,
күнөөнү көк бээге оодара салмак.
Өткөн базарда ушу колхоздун председатели конокко чакырган болчу. Шарт
болбогондуктан, Атай Торкенге өтүп кеткен. Азыр Седептин шылтоосу үчүн
башкарманын үйүнө кайрылды.
Кыштактын башы чендеги чоңураак там үй ошонуку экенин жолоочу сурап билди.
Тилекке жараша үй ээси үйүндө жок экен. Ошондо да аялы меймандостук кылып чай
кайнатып ийди.
— Кожоюнуң каякка кетти эле?
— Токомо учурашам деп.
— Током Аксыдан келиптирби?
— Ооба.
Атай кошо жөнөөчүдөй обдулуп, кайра токтоду. Седептин кабарын билүү керек эле.
— Кестикбай деген кишинин үйү ушул айылдабы? — Ооба.— Жыйырма бештин
курагындагы кызыл чырай, нур жүздүү келин Атайды тааныбаса да, тегин конок
көрүнбөйт, көзү шок экен, күйөөм келгенче башка үйгө тура турсун дегенсип, анын
сөзүн жиреп кетти.— Ал бизге коңшу, жанаша.
— Аялы мага карындаш болот, биздин туугандын кызы.
— Тумарбы?
— Жок.
— Кумарбы?
— Жок,— Атай таңыркады,— анын канча аялы бар деги?
— Экөө... Сиз карындашыңыздын атын унутуп койгонсуз го... Кичүүсү Таластын
кызы, каеринен экенин билбейм, аты Тумар.
— Тумар аттуу карындашым жок.
— Аял тамактын камы менен оозгу бөлмөгө кеткенде Атай жөн отуруудан зеригип,
белиндеги комузун чечип, акырын дыңгыратып отурду. Кызыл чырай келин аны карап
койду да, мунун ким экенин билейинчи деп коңшусунун кичи аялынын үйүнө кирди.
— Биздин үйдө чоочун конок отурат. Күйөөмдү издеп келиптир. Кестикбайдын
аялы карындашым дейт.
— Аты ким? Иреңи кандай? — Тумар элеңдей түштү.
— Атын билбеймин... Башында суусар тебетей, кара ичикчен, жалаңдаган кызыл
чырай жигит...
Тумар дегенибиз Седептин дал өзү эле. Тыныбектин суроосу боюнча Жоробай
келининин атын өзгөртүп алган. Коңшусунун сөзүнөн улам Седеп чоочун жигиттин
Атай экенин билди. Убадага тура алган эмес экен. Эми биздин үйгө кирип келип, бир
чоң жаңжал чыгарбасын деп, ал коңшусуна ээрчий чыкты;
— Барып көрбөсөм, кайдан билем?
Седеп кирип келгенде Атай шашылганынан ордунан тура калды.
— Аман-эсен келдиңби? — деп Седеп кол сунду. Атай унчукпай анын колун
эрдине такады.
— Карындашыңыздын атын эми эстедиңизби? — Келин кубанычтуу сүйлөдү.
Мейман күлүмсүрөп башын ийкеди.
— Эмесе, чайды алып келейин.— Ал чыгар менен Седеп шыбырады:
— Бекер келипсиң, күйөөм колуңа өлүүдөн тартынбайт. Башкарма сени
чакырганын угуп, бычагын кайрап жүрөт. Кокус, жаман оюң жок деле, биздин
босогону аттаганыңды көрсө, иштин бүткөнү.
— Көрүнбөй урулган бычактан көрүнөөсү кыйын дейсиңби? Ансыз деле
жаралуумун.
— Аны зске салбачы!
Аңгыча алдыларына дасторкон коюлду. Атай Седептен көзүн албайт. Баягыда иреңин
жакшы көрө албай армаыда кетти эле. Оо, ал көп өзгөргөн. Ак¬чыл жүзү кер сары,
маңкайган маңдайын мөзгилсиз бырыш каптай баштаган. Жаракөрлүк жок, суз. Анын
назик кыялын муңайымдуу көз карашы түбөлүккө жашыргансыйт.
— Сен махаббат үчүн аянган жоксуң... Дайыма мени аяйсың. Акырында
каргашалуу күйөөң мага дагы бир жолу ор казганда да, боорукерлик колуңду бердиң...
Уыутпаймын... мындан ары менден чочуба. Мага турмуш өзү үйрөттү... Андан көрө
өзүңө кара, сен мөзгилсиз солуган гүлдөй болбо. Азыр теңдиктин заманы. Оюңду ачык
айт. Мен өлгөнчө сен үчүн кызмат кылууга даярмын...
Ооба, Атайдын жетилгенин ал да даана көрдү. Дегендей эле жигит болгон. Анын
кыйындыгы — эл кишиси. Арсыз Кестикбай катылам деп катыгын жеди. Седеп мындан
ары Атайдын тагдыры үчүн чочуунун кажетсиздигин сөзди.
— Мага эч нерсенин кереги жок. Керек учурда сага кайрылармын. Көңүлүңдө
болсун.
— Мен качан болсо да даярмын.
Ал комузун толгойтолгой «Күйдүм чокту» сыздатты.
Келин меймандын Атай экенин ошондо гана тааныды.
«Күйдүм чок» менен курбусунун көз жашынын ортосунда кандайдыр бир ыйык
байланыш бар экендигин жүрөгү сөзген келиндин көңүлүнө аламат түштү.
Бул коштошуу ыры эле...
***
Атай устаты менен жолугушууга шашылды.
Атай менен Абдыраман чоң акынды сурамжылап жүрүшүп, аны райондун прокурору
Курман Жумалиевдин үйүнөн табышты. Мейманда Токтогул күрмөчөн, топучан болуп,
адатынча төр жакта чукчуюп, мандаш урунуп отурган экен.
— Ассаломалейким? — деп жолдо отургандарды тепсей колун жайып, шашыла келе
жаткан суусар тебетей жигитти көргөндө ал жер таянбай тура калып, кучагын тосту...
Алар сагынышкан ата менен баладай кучакташты.
Токтогул шакиртине өзүнүн жанынан орун берди. Абдыраман үчүнчү болуп отурду.
Бир топ жылдан бери бет алышып жолугуша албай, сыртынан угушуп жүргөн Токтогул
Атайдын баралына келген чымыр денесин, ителгинин чеңгелиндей катуу ко¬лун
байкагандан кийин, көңүлү тына түштү. Ырчы менен комузчуда табигый шыктан
тышкары балбандык күч, баатырдык кайрат болуу керек. Ошондо гана талбай чуркаган
күлүкчө арышын арбыта алат. Токтогул өзү чоң жыйыпдарда күрөшкө түшпөгөн менен
жекече кармаштарда далысы жерге тийген жан эмес. Анын кара күчүн сырдакана
кишилер жакшы билүүчү. Сибирдин суугун, ачкалыкты, кабырганы кайыштырган оор
түйшүктү, акырында качкандагы жол азабын ансыз көтөрө албайт эле... Мындай
эргиген күч, кайнаган кайрат Тойкожо сурнайчыда да болгон. Ал чоң топтун алдына
түшүп, ОлуяАтадан баштап Меркиге чейин атчан жүрүп, сурнайын оозунан түшүрбөй
тартып барган.
Токтогулдан башкалар жаш комузчунун колдорунун күчүнө баа беришкен жок. Таң
атканча чаалыгып койбой тамаша кылып берүү ырчы менен күүчүнүн чыгармаларынын
көптүгүнө жана сөзмөрлүгүнө гана байланыштуу деп ойлошсо керек.
Үй ээси чолок мурун, кызылдуу, семиз жигит олчойгон денеси менен ийкемдүү кызмат
кыла албаса да, отурган жигиттер менен аялынын жанын жай алдырган жок:
— Чай? Дасторконду жаңырткыла! Куурдак! Бозо... Агынан...
Ардактуу меймандын үстүнө саламчылар кошулуп, үйгө киши жык толду.
Токтогул менен Атай жайланышып отургандан кийин эле сөзгө киришкен, тамаша
токтоп, баары кепке кулак түрүшкөн.
— Балам, таластыктар куубаса, Кетмен-Төбөгө келмек эмес экенсиң го...
Чогулгандар күлүп калышты. Токтогул сөз тизмегин башка жакка бурду:
Айдыралы менен жолугушуп жүргөнүң жакшы. Өнөрпоз карыялардын акыркысы ошол
Айдакең. Улууларды сыйла, сен да бир көзде карыйсың... Жантакпай дүйнөдөн
кайттыбы?
— Ооба.
— Ошо бечара жакшылык көрбөй, КеңКолдун бир бурчунда далдаланып жүрүп
өтүп кетти. Ал элди, эл аны билбей калды. Совет чыгып, эл теңдик алганда ал карып,
көр оозуна барып калган эле, иши кылып силердин оозуңардан жылуу сөз укканы
жакшы болуптур!
Комузчулар чай ичишип, жай аңгемелешип отурганда бери жактагылар арасында
шыбыш башталды:
— — Комузчулардын камбаркандары баш кошупшан экен, бүгүн тамашага баталы!
Аңыраңдабай кое тур, буларды чертиштирсең, тамашаны ошондо көрөсүң!
— Мээң бар, таап айттың.
— Андан көрө чертишер бекен? Шыбыр басыла түштү.
— Курманды ортого салалы. Током да, Атай да анын сөзүн сыйлайт.
— Курмандын жаман адаты бар: айтышууну, эрегишип чертишүүнү каалабайт.
Сөздүн акырында, арага райондук мекеменин биринин жетекчиси кара сур жигитти
салууга макул болушту.
Адатта эл күлүктү жарышта, жоргону салышта, балбанды күрөштө, баатырды сайышта
сынайт. Мындай мөөрөй албетте чоң сын. Бирок акындардын айтышуусун аттын
жарышы менен теңештирүүгө болбойт, жаңы замандын шартында айтышуунун
мааниси мурдагыдан да өзгөрдү. Мурда ырчылар кармашууда бирибирин кордоп гана
тим болбостон, өз тарабын мактап, айтышкан тараптын мыктыларын жана бүткүл
уруусун шылдыңдоочу. Айтышуу көп убактарда бирибири менен эрегишкен
манаптарга кызмат кылып, уруучулук жикти ого бетер ажыратуучу. Токтогул мындай
айтышууга илгертен каршы. Ал акындар бирибиринин абийирин кетирбей, элди
жумшак сөз менен күлдүрүшүн каалай турган. Ошону үчүн Эшмамбет экөө сакалдын
жайын талашып, элди күлдүрүшкөн...
Ал шакирттерин ынтымактуулукка жана чыгармачылык жактан ыкташууга үндөгөн.
Насыятын айтып тим болбостон, Коргол, Калык, Алымкул менен нечен жолу чоң
жыйындарда алым сабак ырдашып, айтышуунун жаңы түрлөрүнө каныктырган.
Бирок Токтогулдун ушул асыл өрнөгү бүткүл эл түгүл, ырчы менен комузчулар
арасында да толук жайылтылган эмес. Бута бирденбир себеп — алардын азырынча
уюшпагандыгы жана бытырандылыгы...
Бул үйдө чогулган кишилер да чоң акындын асыл оюн түшүнүшпөй, устаты менен
шакиртин кармаштырып коюп, кумардан чыксак деп жүткүнүшүп отурбайбы.
Башкалар сөз баштай албады. Үй ээсинин айтышууну каалабаганын билгендер сөздү
чеченсинген кара сур жигитке дайындашкан.
— Токо! Биз сиздин карааныңызды көрүп, шаңкылдаган үнүңүздү угууга кумарбыз.
Бир жактан, бу иниңиз да келип калган экен. Тамаша кылып бериңиздер? Айта жүрүүгө
жакшы. Бу иним чочубасын, атагы жаман эмес... Күч атасын тааныбайт дейт.
Сөздүн каякка кеткени баарына ачык болду.
Токтогул чокчогой ак сакалын сылап коюп, айтыштырууга дилгир жигитти карады.
— Ата менен баланын күрөшкө түшкөнүн көрдүң беле?
— Жок...
— Имесе, бизди эмне үчүн шыкактадың?
— Жөн эле байкашып көрсүн деп...
Үй ээси мойнуна чейин кызарып, сөзгө аралжы болду:
— Кечириңиз, Токо! Булардын минтип айтарын билгеним жок.
Башкалар «айтышса болот эле» дегенсишип, арманда калышты.
Чогулгандардын насаа болгонсушуп, нымтыраганын түшүнгөн Токтогул:
— Бизди күрөштүрбөсөң деле силерди зериктирбөөгө жарайбыз,— деди баарына
көз чаптырып.— Кана Атай балам, жоргоңду салдырчы!
Атай чапанын чечип таштап, колуна комузун алып, «Тогуз кайрыкты» тарсылдата
баштады. Баары угушту, сынашты, мүүн табууну ойлошту. Күү Токтогул черткендей
угулат, кемчилиги каеринде экенин ажырата алышпады.
Комузчу өзүнүн «Саадак кактысын» черте баштады. Бул жаңы күүнү азырынча
чычкандыктар гана билишчү. Алар «жакшы экен» деп коюшкан. Элге жакканы эң
жакшы, бирок жаш авторго мындай туюк мактоодон көрө эмнеси жакшы экендигин
аныктай турган калыс сөз зарыл эле. Бүгүн ал Токтогулга учурашайын жана ушул
күүмдү сынатайын деген үмүт менен мында келген болучу.
«Саадак кактыны» сыноонун кыйын экендиги да ырас. Ал кайрымы аз, кыска күү
болгону менен анын тереңдеп күңгүрөнгөн үнү, жаштыктын отундай жалтжалт эткен
жалынын жана көңүлгө тутууга мүмкүнчүлүк бербеген кандайдыр бир жаңы ыргагы
бар. Муну Токтогул гана баамдады.
Эл ичинде чоң акындар жана чоң комузчулар көп. Күүнүн эмнеси артык, же каеринен
өксүй турганын ошолор гана сынайт. Угуучулар көңүлүнө жакканына, же жакпаганына
карап, жалпы баа беришет, ошону үчүн эл арасында кадимкидей күү сыноочулар жок.
Ал түгүл, чоп чеберлердин бир катары өз мансабын ойлоп, экинчи бир өнөрпоздун
чыгармасы жакшы болсо да мактабайт.
«Саадак какты» чертилип бүттү. Баары жымжырт. Токтогул отургандарга бир сыйра
көз жүгүртүп чыгып, араларында өздөрүнөн башка комузчу жок экенин байкады. Эл
даанышман акын эмнени ойлоп калганын түшүнүшпөй, бирок анын сөзүн кандай
болбосун угууну каалай тургансышып, үндөбөй телмирип отура беришти.
«Саадак какты» Токтогулга башка күүлөрдөн өзгөчөлүгү менен жакты. Мындай жаңы
ыргакты ал Атайдан мурда бир жолу уккан. Ага «Жаңы камбаркан» деп Жантакпай ат
коюп бергени да эсиңде эле. «Жаңы камбаркан» жаш комузчунун жаңы колу, келечеги
сыяктуу угулган. Ал жалаң ушул күүсү менен даңктанып кала бермек. Эгерде аны
улантса, кыргыздын комузунун тарыхына жаңы барактар кошулмак... «Саадак
кактыны» укканда Токтогул жигиттин өнөрү артканын, жолу уланып, чалгыны
жетилген шумкарча чабытка чыкканын туйду. Анын жүрөгү толкуп, жаңы күүлөр
жаңырып жаткандай кулагы дүңгүрөдү.
Токтогул таттуу кыялдан күч менен бөлүнгөндөй чалкалай түшүп башын көтөрүп,
кулагын делбейтип отурган Атайга мудаасын айтты:
— Балам, өз жолуңду тааптырсың. Мындан ары сенден кадигим жок. Ырас, көрө
электериң бар, билелектериң бар! Көзүң каныккан сайын өнөрүңдү өркүндөтө бересиң!
Ичи буулугуп отурган кишилер Токтогулдун оозунан сөз чыккандан кийин гана демин
алышып, жанданып калышты.
Устатынын кээ бир сөзүн түшүнө албаса да, Атай ага чексиз ыраазы болду. Баягы
жылы Жантакпай бир күүсүн «Жаңы камбаркан» деп атагандан бери анын
чыгармачылыгы кандай жолдо баратканын бир да киши айта алган эмес. «Өз жолуңду
тааптырсың» деген сөзү менен Токтогул камбыл атага окшоп, анын багытын белгилеп
койду. Атай үчүн мындан артык сыноонун, мактоонун, баанын кереги жок эле.
Токтогулдун кээ бир сөзүн башкалар да түшүнө алышпады.
Ал мындан төрт жыл мурда Фрунзе шаарына чакыртылып барып, Москвадан келген
Затеевич деген музыковедге күүлөрүн жаздырганда ал жерден Мураталы, Карамолдо
жана башка комузчулар менен жолугушкан, күүлөрүн уккан. Ошол жолугушуудан
кийин Токтогул кыргыз күүлөрүн байытып жаткан залкарлар ар кайсы жерде көп
экенин билет. Эгерде көлдүктөр менен илгертен эле катнашып жүрсө, өнөрдү бирибиринен үйрөнүшсө, кыргыз күүсү азыркыдан да күчтүү болмок. Эх, заман, илгери эл
быт-чыт болуп бөлүнүп бири-бири менен эрегишкен манаптар өнөрпоздорду баш
коштурбай жүрүп, күү да түрдүү жол менен кеткен экен... Азыр Токтогул карып калды,
эгерде Сибирдин азабы болбосо, балким, дагы нечен жылга муңбас эле... Анын Атайга
көрө элегиң көп дегени бекеринен эмес эле.
— Балам, аманчылык болсо Пронзага барарсың. Өнөрпоздор топтолушуптур дейт.
Тамашаны ошол жерден көрөсүң. Бирок сенден сурарым ушул жолуңдан айныба.
Токтогул көлдүк комузчулар менен таанышкандан кийин Мураталы менен
Карамолдонун күүлөрүнүн жакындыгын билген. Аларга салыштырганда Атайдын
күүлөрү Токтогулдукуна жакын эле. Ушул минутада Токтогул өз өмүрү үчүн
сыймыктангандай сакалын сылады. Ал алы келишинче элге байлыгын чачты, нечен
жаштарды тарбиялады. Өз колу менен өстүргөн акындардын ичинен: Калык менен
Алымкулга, комузчулардан Атайга ишеними толук.
Аңгыча меймандардын алдындагы дасторкон жаңыртылды.
— Чайга караңыздар,— деди Курман.
Токтогул бир чыныны түгөтпөй алдына койду, ага күү, ыр керек эле. Аны туурап,
бардыгы чай ичүүнү токтотушту.
— Балам! Биздин элде «Күйдүм чок» деген бир ыр бар, аны ар кайсы жерден угуп
калам, Таластан да кулагым чалды эле. Ушуну өз оозуңан бир уксам деп жүрчү элем!
— Токтогул боз күрмөсүнүн топчусуы чыгарып, чекесинин терин сүртүндү. Көзү
китирейип беттеринин чогу албырып турду. Жанаарак Атайлар келгенде сакалмуруту
үрпөйүп, бети кубарып, жүдөңкү көрүндү эле: жол жүргөндүктүн таасириби, же
чыйрыгып отурабы деп шакирти күмөн санаган. Үй ысып тамаша башталгандан кийин
анын иреңи дароо өзгөрүлүп, тердей баштаганынан улам, карыянын ден соолугу .таза
эместиги сөзилип ТУРДУ Анын иреңин тиктеп турган Атай акындын суроосу боюнча
«Күйдүм чокту» баштады...
— Мен уккан ыр ушу беле, башка беле? Анын суроосуна Атай да таңыркады:
— Айтор, менин билгеним ушул.
Токтогул күлүп ийди:
— Башкалардан укканым чоктон алган тамызгы экен, сенден укканым «чоктун»
анык өзү. Балам, бул сонун обон экен. Муну ырдоо үчүн өзгөчө үн керек, өзгөчө үндүү
болуш үчүн өзгөчө жаралуу керек.
— Баракелде! — Көйнөкчөн болуп желпинип отурган Курман башын ийкеди.—
Илгери, «эр кадырын эр билет» дечү экен. Анысын кайдан билдик, бирок өнөрпоздук
кадырын өнөрпоз билери анык экен. Биз көңүлүбүзгө жакканын жакшы, жакпаганын
жаман деп коебуз, бирок эмне үчүн жагат, эмне үчүн жакпайт, аны аныктай албайбыз.
— Эл кыйын болот, Курман балам! — деди Токтогул анын сөзүн бөлүп.— Бири
бирибизди кадырлаган менен бизди эл кадырлабаса, баабыз тыйынга арзыбайт... Мен
Атайды жөн эле мактайын деп отурганым жок... Ушундай ырлар элге эң керек...
— Ырас айтасыз! — дешти отургандар.
Эл чоң акындардын ырларын жогору баалашат. Алардын чыгармаларын өз оозунан
болбосо да, үйрөнүп алган ырчылардан угушуп отуруп, жаттап да алышат. Ал эми эл
ичинде ошондой эле сүйкүмдүү не бир жүрөк козгогон күйгөн, секетбай, арман ырлар,
терме, насыяттар бар. Ырдын бул түрүнүн да артыкча мааниси бар, ансыз жаштар
жашай албайт жана айыл көркүнө чыкпайт. Атайдын лирикалык ырлары, айрыкча
«Күйдүм чок» менен «Ой жеңеси» ошондой канаттуу ырлардан.
Эки өнөрпоздун оозун тиктешип уйкулары келбей отургандардын оюн билгенсип,
Курман чөнтөк саатын сууруп чыкты:
— Туугандар! Саат бешке жакындаптыр, эс алышсын, Током сапардан жаңы эле
кайтты эле, кыйнай бербейли.
— Бу кишилер өздөрү да эс алышсын! — деди Атай алардан мурда устатын аяса да.
Чогулгандар кыйылышып туруп, кош айтышып, жайжайына тарай. баштады.
Меймандар эшикке чыгышты.
Ай калкылдап батып баратат. Ак мамыкка оронгон жер да, тоо да уйкуда. Кыштак
жымжырт. Токтогул ичигин желбегей жамынып, айга моюн созгон бийик тоо жакка көз
жиберип, ойго баткансып үнсүз.
Токтогул да көзинде чалкайган асмандын көркү болгон алтын айга окшоп, ушул
зыңгыраган бийик тоону нечен жолу ашып, Кетмен-Төбөсүнө кайрадан жарк этип
көрүнө калчу эле. Өмүр өтүп баратат. Кайрат кадимки¬дей болгону менен
карылыктанбы, же оорунун залдарыбы, бойдон кубат кеткенсийт. Мындан ары ушу
аркайган тоонун ээр белдей белесин канча жолу ашарын ким билет. Бул чоң суроо.
Бирок ал өткөн өмүрүнө кейибейт, анткени, өзү өтсө да артында тасмадай таасын изи
калат. Бул изи — ыры, күүлөрү жана балапандай бапестеген шакирттери. Фрунзеге
барганыка, эл өкмөтүн көрүп, бир катар күүлөрүн нотага алдырып, кагаз бетине
калтырганына чоң каниет кылат. Фрунзе! Фрунзе! Чабылыпчачылып жүрүп,
азаттыктын таңында баш кошкон элдин борбору. Кыргыздын баш кошконун, кадыресе
эл болгонун жана өсүүгө кулач жайганын ал Фрунзеге барганда жакшы түшүнгөн.
Ошону үчүнбү, айтор камыш менен жабылган кара кирпич там үйлөрдөн турган
каланы сүйдү да калды. Жылдар өтөр, Фрунзе көз мелжиген бийик үйлүү чоң шаар
болуп, эл заманынын сайрашында дуулар. Мен аны көрөмбү, жокпу, бирок тиги Атай
баламдын көрөрү шексиз деп ойлойт, карт акын. Балким, ал Фрунзенин өзүнө барып
жашаар, баш кошушуп жаткан ырчы, комузчулардын катарында болор. Токтогул
ичигин кымтыланып, Атайга бурулду.
— Сен Пронзада болдуң беле?
— Жок. Кичинекей калаа дешет го, ыраспы?
— Ким айтат? — Ал кыжырлана жооп кайтарды. — Кичине, чоң деген эмне?
Кичине болсо, бүткүл Кыргызстандагы элдин борбору болобу, биздин көзгө басарлык
сыймыгыбызга ушундайча кароого жарайбы, жолуң болгур!
Фрунзе шаары жөнүндө Атай көбүнчө соодагерлерден угуучу. Уккан кебине маани
бербей, оозуна келгенин калжыраганы үчүн устатынын алдында уяттуу болду. Сөзүн
оңдоого да чамасы келбеди.
Бирок Токтогулдун Фрунзе шаары жөнүндөгү сөзү өмүрүндө унутулбай тургансып
жүрөгүнө тамгаланды. Фрунзе жөнүндө ошондон кийин гана терең ойлоно турган
болду.
Кайран киши жаш калааны бир эле көргөндө ушунчалык таасирлентен экен. Эгерде
колхоздор чыңдалып, өнөр жайлар өсүп, маданият гүлдөп турган көзде туш келсе
кантмек эле!
Тегерек ай тоого жарымына чейин жашырынып калса да, дүйнөнү кыйбагансып,
кылчактап, акыркы жарыгып балбылдатып кош айтышууда. Токтогул артына чукул
бурулду:
— Кана балам, үйгө кирели!
САГЫНГАН АЙЫЛ
Баягы Көк-Кашат өзүнүн мекени, Кетмен-Төбөгө жөнөөрдө эгин талаасына айланган
берекелүү жери элине кайрылып келген уулуна бир башкача, улам өзгөрүлүп бараткан
замандын белгисиндей жаңы жана шаңдуу учурады. Мүмкүн сагынган айлы кусадар
болгон кишиге ошондой көрүнүп жаткандыр. Атай күн сайын бош убактысында
кашаттын кырына чыгып, туулган жерине көз чаптырып, Абдыракман жылкы
жуушаткан талааны, Ак Зыйнаттын көз жашы тамчылап, Седеп баскан жерлерди көз
алдына злестетет. Бирок ошол көкөйдү кескен унутулгус элес бытчыт болуп, ырааттуу
узун кыштак салынган Көк-Кашат көз астына тартылат. Үчтөрт үйдөн куралган, ак
коргондуу Кожокенин айлы жок, Тыныбектин жайытынан из да калбаган. Ойдо, тоодо
бытырапды жашаган ондогон майда айылдар баш кошуп, «баланчанын», «түкүнчөнүн
айлы» деген наам жоголуп, Көк-Кашат өзүнчө бир колхоз.
Башка жакта жүрүп, өзү сүйгөн жана өмүрү менен ажырагыс айлынын өзгөргөнүн
биринчи жолу көргөн Атай алгачкы күндөрдө өз көзүнө ишене албады. Айылдар бир
көзде бирикмек түгүл, жаатташып, бирибири менен чабышып, иттер да башка жактын
кишилерин жолотушчу эмес. Эми баягыдай жаат талашып, чуу көтөрүшкөндөр жок,
көчөгө үйрөнүшкөн иттер да ары-бери өткөн кишилерге үрүп чыгышпайт.
Бул көрүнүш Атай үчүн чоң жаңылык эле.
Бирок анын толкундаган көңүлүн айнытып, көзүнө өөн учураган нерсе да болбой
койгон жок. Ушунча кишилердин ичинен бөлүнүп, көчөгө түшпөй, эски журтунда
жалгыз үй калган Султаналы тынчын алды. Эски журтунда калган экинчи үй —
Тыныбектин жесирлерине таңгалган жок, там салууга алардын чамалары Жок чыгар.
«Атама эмне болду? Ушунчалык карып болуп калдыбы» деп да ойлоду. Бир күнү үйдө
ээндетип атасынан көчөгө эмне үчүн түшпөгөнүн сурады. «Чогурашып жашоо орус
менен өзбекке жарашат, кыргыз өпкөсү кысылбай кыргызча эле жашаганы жакшы» —
деп туюк жооп кайтарды абышка. Атасынын бул сөзү аны көпкө ойлонтту.
Атай бүгүн да эртең менен кашаттын кырында колун да комузу жок, ушу жөнүндө
ойлонуп турду (комуз болсо, кишилер жанына жыйылып калышат). Ойлонбо турган
жорукпу? Өз учурунда ушул аймактагы кишилердин эң байы Тыныбек болсо, дүнүйө
жана мансап күтпөгөнүнө карабастан, баарынын тыңы жана кадырлуусу болуп жүргөн
Султаналы азыр өз катарынан калып, өзүмчүлүгү жана өз башынын камын ойлошу
анын түбүне жеткен өңдөндү. Болбосо, андан картаңдар, андан жармачтар деле эл
менен. Жадаганда Субан бечара да күйөө баласы Мамыр менен бир түтүн болуп,
кыштакка там салып алышкан.
Султаналы өзү эски ордунда калганы менен, иниси Тууганбайды көчөгө кошконуна
караганда замандын агымы каякка оогонун боолголоп, анын эл менен жашашына
кыянаттык кылбаган. Өзү эмне үчүн эл арасына кошулбайт? Эски конушунда таштап
кете албай тургандай эмне бар? Кырчада турган Атай атабабасынын конушунан көзгө
урунарлык, көңүлгө толорлук, эч нерсени таба албады. Көзүнө ысык учураган —
жалгыз гана бака терек — бейкут балалыктын, азаптуу махаббаттын жана түйшүктүү
чыгармачылыктын күбөсү. Мүмкүн атасынын да ушу бака терекке, эски короого,
бабалары басып өткөн топуракка байланган ыйык жана кыйбас эскерүүлөрү бардыр.
Султаналы башта кандай болсо, ошондой көрүнсө да анын комузга жана уулуна болгон
мамилесинде кандайдыр бир өзгөрүү байкалат. Мурда ырды, күүнү анча каалабаган
киши бир айга жакын убактан бери Субанга кошулуп, Атайдын үйүнөн кетпейт.
Учурашууга келишкен кишилер менен кошо мейман болушуп, бир нече жолу
кайталанган күүлөр менен сөздөрдү угуудан тажабайт.
Эл биринен бири угуп, Атайдын ыр менен күүсүнөн башка да, Кетмен-Төбөгө
баратканда жолдо көргөндөрүн, Седепке жолугушун, бозодогу тамашаны,
Чыйрымбайдын келини менен айтышууну, Кестикбайдын жоруктарын жана Токтогул
менен жолуккандарын кайракайра сурашат. Атай улам жаңы келген кишилерге
ушуларды кайра башынан түшүп айта берүүдөн өзү жадады.
Султаналы карып, мурункудай тирчилик кыла албагандыктан, күү менен аңгемени
анчейин эрмек көрүп, убакытты өткөрүп жүргөн жок. Күүдөн жана айтылган кептөн
улам уулунун кандайча чоң комузчу болгонун, бөтөн элде кантип жашаганын
баамдайт. Көп аңгеменин ичинен айрыкча Кестикбайдын жоруктары көп ойлонтот.
Кестикбай жана анын атасы
Жоробайдын кесепетинен
Абдыракман кырчынында кыйылды, Субан жинди боло жаздады, Седеп менен
Атайдын жаш өмүрү өксүдү, Султаналы өзү канча жылы азапка түшүп, уулу менен
араздашты. Анысы аз келгенсип, Кестикбай Кетмен-Төбөдөн да Атайга караниеттигин
уланткан. «Бу жүзү кара бизге каршыга тургандай эмне жамандыгыбызды көрдү?» —
деп, абышка тагдырдын опосуздугу жөнүндө ойлойт жана өзү канчалык акылдуу болсо
да, башка түшкөн кырсыктын себебин табууга жарабай, уулу турмуштун түйшүктүү
сырын чечүүгө жана күрөшүүгө жөндөмдүү чыкканына таң калат. Ошону үчүн ал
уулуна үйрүлүп түшүп, аны көбүрөөк жана тереңирээк түшүнгүсү келет.
Бир айга жакын убакыттан бери Көк-Кашат гана эмес, жакын айылдардан бери сүйгөн
комузчусу менен учурашпаган киши калган жок. А түгүл, Таластын баш-аягындагы
жолдоштору, жакындары жана ышкыбоздордон бери келишип, жүз көрүшүп,
амандашты. Келгендерди күтүүгө жана сыйлоого айылдагы жигиттер жана келиндер
бүт жардамдашты. Эгерде саламдашууга келгендер союшун жана башка сыйларын ала
келишпеген болсо, Атай түгүл, атасы жана жакын туугандары келгендерди күтүү менен
жакырланып бүтмөк. Тууган элин өлгүчө сагынган комузчу алардан сыйын да, өнөрүн
да аяган жок.
Мына азыр дөңчөдө туруп, ал «мага учурашпаган ким калды экен?» — деп ойлоду.
Тыныбектин жесирлери менен Чырымдан башка эч кимди эсине түшүрө албады.
Байдын жесирлери да, Чырым да беттери күйүп, ага саламдашууга батына албай
жүрүшкөн.
Байдын жесирлеринин келген-келбегени көңүлгө алчу нерсе эмес. Чырымдын
тартынчыктаганы бекеринен эмес өңдөнөт. Эгерде ал Атай өзүнүн жана Маматтын
айыпка эмне үчүн жыгылганын жаңы түшүнгөн учурда көзиксе, Чырымдын күнөөсүн
кечирбөөчүдөй ачуулуу эле. Барабара ал Чырымды унуткан. Айылга кайтарда «Эми
мени менен кантип жүз көрүшөр экен» — деген суроо менен гана эстеген. Эгерде
Чырым алгачкы күндөрдө көптүн шары менен аралаша келип, саламдашса,
сагындырган көп туугандын ичинде анын кыянатчылыгы бастырылып калат эле. Ал
кечиккен сайын жүзү каралыгы эске түшүп, шекти ырбатып баратты.
Атай кашаттын кырынан түшүп келгенде, Султаналы менен Субан аны үйүндө күтүп
отурушкан эле.
— Ассаломалейким! — Атай кепке тойбогон эки абышканы көргөндө эриксизден
күлдү.
— Ээ, балам, бизге таң калба! — кыраакы атасы анын күлүшүнүн себебин байкап,
каадасынча олуттуу сүйлөдү. — Сени менен сүйлөшө турган сөз көп.
— Ооба, десең,— Субан аны коштоп кетти,— опур-топур менен кенен сүйлөшө
албадык.
Сурооңорго жооп берүүгө даярмын дегенсип, Атай алардын төмөн жагына келип
отурду. Сөздү Султаналы баштады:
— Ңалам, сен Кетмен-Төбөдөн башка жакты араладыңбы?
— Ооба, Аксыда, Ош тарабында болдум. Алайга жеткеним жок.
— Ийи, аяктагы туугандар кандай экен? Жеңижок, Ниязалы менен жолуктуңбу?
Түндүк ачык. Меймандан жаңы гана арылган боз үйдүн ичи шыпырылып, тазаланган.
Акшайым бүгүш гана колу бошоп, айыл-ападагылардын үй-жайын, үй-бүлөсүн көрүү
үчүн кызын ээрчитип, айылдап кетишкен. Абышкалар эркин аңгемелешүүт үчүн
ылайыктуу учурду тандашкан экен.
Атай аларга түштүктө деле ушул жердегидей колхоз, совхоз уюшулуп, айылдар
кыштакташып атканын айтып берди.
— Түштүктөгү туугандардын турмушунун бир өзгөчөлүгү — капкачан эле
отурукташканы. Баарынын тамташы, жемиш багы бар. Мен Аксы тарабында, Ош
шаарында болдум. Сиздер сураган кишилер менен да учураштым.
Абышкалар жомокко ынтаалуу жаш балдардан бетер кепке кунт коюп, былк этпей
отурушту. Анын түштүктө болгонун кулактары чалган, бирок кай жерин көрүп, ким
менен учурашканын угушкан эмес. Жеңижок менен Ныязалы жөнүндө билүү аларга
баарынан кызык эле.
— Жеңижок атабыз картайып калган экен.
— Кайран киши! — деп Субан күрсүнүп койду.
— Бир жолдошум экөөбүз үйүнө капысынан кирдик. Аялы бир жакка кетсе керек,
капшытында жайлуу салынган төшөктүн үстүндө комузун кыңгыратып отурган экен.
Салам айтсак, алик алып, төр жакты көрсөттү. Биз туруп калдык. Аңгыча жанымдагы
жолдошум «бу келгөн жигит — Атай, Таластан» дегенде, ал комузун жерге таштап,
жер таянып тура калып, мага кучагын жайды... Экөөбүз көпкө кучакташып
учураштык...
Эки күнү жылдырбай үйүнөн конок кылды. Таластын эли, акындары, комузчулары
жөнүндө сурады. Көбүнчө эски ырчыларды билет экен. Эсенаман менен Чондунун
өлгөнүн угуптур. Эки кишинин тагдырына айрыкча кайгырды: бири Жантакбай таятам,
экинчиси Эсенамандын кызы Ырыскүл. Жантакбайдын шору — кыйын шартка туш
болуп, өнөрү элге билинбей калышы, Ырыскүлдүн шору — эркек болуп туулбаганы —
деди.
— Туура айтат! — Демейде чыдамкай Султаналы да сөзгө аралжы боло калды. —
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 21
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов