Latin

Атай - 14

Общее количество слов 3859
Общее количество уникальных слов составляет 2264
28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Эсенбек жаңы кошулган манаптардын даңкын уккан, бирок өздөрүн мурун көргөн
эмес. Алардын баары Эсенбектин ким экенин, уругун жана каякка баратканын сурашат.
Бирок өздөрүнүкүн айтышпайт. Алар жигитке шектүү караганда, Кызылбаш аларды
сооротуп коет:
— Өзүбүздүн бала!
Кызылбаштын сөзүнөн кийин гана жолдон кошулган манаптар оң карап калышты.
Поёздге түшүп көрбөгөн манаптар менен Пишпекке чейин бирге баруу Эсенбек үчүн
унутулгус тамаша болду. ОлуяАтага чейин эки топ болушуп, бирибири менен оң
сүйлөшпөй чиренишип турган. Качан поёздге отурганда: «О, кудай Пишпекке жеткенче
кара букалар сүзүшүп, кырсыкка учурабагай элек» — деп, баары келмелерин
айтышкан. Жүрөжүрө келмени токтотушуп, эшикке, же башка жакка кирип чыгарда
Эсенбекти жаш балача туткактап калышты. Ооздорунан «садага», «иним», «балам»
деген гана сөздөр чыгат. Эсенбектин окууга баратканын жана Пишпекти нечен жолу
көрүп, Кыробкомдо иштеген бир топ кызматчыларды тааный турганын сурап
билишкенден кийин баардыгы аны алпештеп калышты.
— Иним, биздин жаныбыздан чыкпачы! Сен кетсең эле бир нерсебиз кемигенсип
коолдоп калат экенбиз. — Кызылбаш бышырылган этти кыя кесип алдыга коюп,
жигитти тиги топко жибербеди.
— Балам, кайда жүрөсүң? — деп бир маалда курсагын челкейтип Карабаш келди.
— Сени күтүп калдык.
— Эсенбек биздин бала, башка жакка барбайт!
— Энчиңерге басып алдыңар беле? Эсенбекке биздин да, силердйн да тиешеңер
жок, ал Советтин баласы, Таластын кулуну, баарыбызга тең жигит. — Карабаштын
баркылдагы вагондун башаягына угулуп турду. — Өзүң айтчы балам, же булардын
ыктыярына өтүп кеттиң беле? Андай болсо, мен жөнүмдү табайын.
— Мен баарыңарга теңмин. — Эсенбек жылмайды. — Артыңыздан барам.
Эки тарап аны сүйгөндүктөн эмес, баштарына күн түшкөндүктөн, арга болор бекен деп
талашып жатышкан. Иоёздде да эч нерсе эмес, кеп анын Пишпекке жеткенден кийинки
кызматында эле. Ал Таластын манаптарын областтын чоңдоруна тааныштырып койсо
болгону, улагага бир жетсе, төргө өздөрү эле чыгып алышмак. Ошондуктан, Эсенбекти
мурдараак пайдаланып калуу үчүн аракеттенишет. Жигит кызыгар бекен дегенсишип:
«Окууңду бүтүп, Таласка кайтканыңда тор жоргону мингизем», «кызыл оозду»,
«алдыңа тартам» дешип, аны сөз менен байытышууда.
Эсенбек алардын марттыгына кубанган да жок, манап экен деп боюн ала качкан да жок.
Чиренип турган немелер ОлуяАтадан чыккандан кийин мусапыр болуп калышкан,
бирок жай сөзгө келгенде ойтоонун башын чалып, дале баягы митаамдыгын кылышат.
Алардын жоругун Эсенбек жакшы түшүнүүчү. Ар кимиси бир аттан оозанышканда:
«Булар мени айылда жүргөнүмдө эмне үчүн көрбөй калышты экен?» — деп ойлоду. Ат
эмес, бир ууч талканга зар болгон учурлар анын башынан көп өткөн эле. Эсенбек азыр
ошо жөнүндө ойлонуп баратты.
Атадан жетим калат. Апасы иштин көзүн таппаган жесир бол^уп, алар Бир-эки жылдын
ичинде эле биринсерин малдарын барымта карматып, ууруга алдырып, чыгымга төлөп
жана эгин менен кийимге алмашып, жалгыз уйга такалышат. Аштык түгөнот. Байлар
түгүл, туугандары да каралашпайт. Ошондо атасынын орус тамыры эсине түшүп, он
эки жашар Эсенбек колуна кичинекей баштыгын алып, АкЧийдеги таанышынын үйүнө
келет.
Атасы ошол орус дыйканы менен кыйын учурда тамыр болгон экен.
Атасына учкашып барып алма жегени, Мишанын аялы ага күнкарама жана картошка
беришин эстеп, башына кыйынчылык түшкөн бала эски тамырдын үйүнө барат.
Ал Эсенбектин атасынын өлгөнүн укпаган экен. — «Жаль. Сенден чоң бала барбы?» —
деп сурайт. Бир үйдө жесир аял менен жаш бала гана калганын түшүнгөндөн кийин өзү
бир кап эгин, эки кап картошканы арабасына салып алып, Эсенбекти дал үйүнө
жеткизип келет..
Мишанын буудайы менен картөшкөсү аларга жаздан күзгө чейин оокат болот.
Кийинчерээк Мишанын жардамы менен ал орустардын бадачысы болуп жүрүп,
Николайга жана анын инилерине таанышат. Апасы такыр жылы өлөт... Октябрь таңы
атат. Эсенбек орусча окуйт. Анан кедей болушка секретарь болот, элдин катарына
кошулат.
Совет өкмөтү окутуп, тарбиялап, киши катарына кошулганда манаптардын көзүнө
чалынып, азыр аларга «бала» болушу жүрөгүн жибитеби?
Алар Пишпекке келип токтошкондон кийин: «Эсенбек балабыз биз менен барат» —
дешип эки топ дагы кажылдашып калды.
— Жаңжалыңарды койгула! Кажылдашпагыла! Мында өкмөт бар. Тынч отургула! —
Эсенбек алардын чатагын басып, эки топту эки жерге отургузат. Алар бактын
түбүндөгү көк чөпкө чапандарын төшөнүшүп чалкалашып жатышат. — Мен азыр
келем!
Кызылбаш кошулган топ областтык мекеменин биринде иштеген Эсен уулу деген
таластык кызматчыга жолукмак, Карабаш кошулган топ Абыл уулу аттуу чүйлүк
кызматчы башында турган мекемеге барышмак, анткени, ал Карабашка таяке экен.
Муну алар жолдо келатканда эле Эсенбекке айтышкан.
Эсенбектин жалгыз кеткени — керектүү кишилердин бар, жогун билүү. Отургандар да
аны түшүнүшөт.
Кыргыз областынын жетекчилери манаптарды кабыл алабы, жокпу, жигитти
кызыктырган суроо ушул эле. Эмне үчүндүр эки кызматчы тең «кабыл алабыз» деп бир
убакытты белгилешти. «Бул эмнеси» — деп таңгалган Эсенбек манаптарды извощикке
отургузуп, борборго алып келди.
Чоң мекемеге киргенде эки топ эки бөлүнүшүп, тийиштүү бөлмөлөргө кайрылышты.
Карабаштарды Абыл уулунун үстүнө кийрип коюп, Эсөнбек өзү Кызылбаштарга
кошулду.
Кенен бөлмөнүн төр жагында отурган гимнастеркачан, чачы типтии, тегерек кара
көздөрү, эрди^жука жигит ордунан тура калды:
— Келгиле!
Чоюлган манаптар салам айтышып, анын алды жагына маңдай тескей отурушту.
— Кош келипеиңер?
— Учурашалы — деп эле келдик. — Кызылбаш бөйрөгүн таянып, чалкалай түшүп
кеп баштады. — Кыргыздын өзүнчө облус болуп, өз бийлиги өзүнө тийиши жана
өзөгүбүздү жарып чыккан өз кулундарыбыздын эл башкарышына жетине албай,
кудайга тобо кылабыз. Кубанычка чыдабай, учурашып, көз көрсөтөлү деп алдыңарга
келип олтурабыз. Биз силердин гана амандыгыңарды тилейбиз, мартабаңарга мас
болуп, белибиз тоодой болуп турган көз...
— Кудай силерге кубат берсин! — Дагы бири Кызылбашты сүрөп кетти.. — Бизге
ыйман берсин!.. Балам, биз да мүңгүрөп, үйдөн чыкпай калган киши эмеспиз.
Айкырыпкыйкырып атыңарды сүрөөгө жарайбыз. «Карынын сөзүн капка сакта, өлүгүн
апта сакта» — дегендей, керек болгондо, акыл табышуудан да качпайбыз. — Ал сөзүн
токтотуп, кызматчынын оозун тиктеди.
— Бир чоң максат менен көлген окшойсуздар! Айткыла, аКылдашып көрөлү! —
Төрдөгү жигиттин оозунан жылуу сөз чыкканда, дагы бири жиреп кетти:
— Элдйн тагдырын сиздер чечесиздер. Пишпек, Ташкен, Маскөө — ал жагын биз
билбейбиз. Бирок Талас тарабын бизге кое бергиле. Элди тим эле былк эткизбей
кармайбыз. «Иниси жакшы болсо, аганын ырысы» — деген ушул... Ушул отурган
чалдар силерди эч качан уятка калтырбайбыз...
— Башка айтаарыңар барбы? — деди Эсен уулу.
— Айта берсе сөз табылат. Калганын дагы сүйлөшөрбүз,— манаптар бирибирине
көз кысышты.
Кызылбаш койнунан көк баштыкты сууруп чыгып, Эсен уулунун алдына койду:
— Ордуңду куттуктаганыбыз! Аз болсо, көптөй көр, кагылайын!
Жооптуу кызматчы баштыкка толо акчаны стол үстүнөн козгогон жок. Коңгуроосун
шыңгыр эткизди. Оозгу бөлмөдө отурган жигит келгенде: «Жолдош Абыл уулун
чакырып койчу» — деди.
Бир аздан кийин коңкогой мурун акжуумал кызматчы Карабаш баштаган манаптарды
тоо текедей шагыратып ээрчитип кирди. Эки топ капысынан жолугушуудан жана
жашырын баштыктардын стол үстүнө жанаша коюлушунан алакташты.
Аңгыча орто жашаган бир кызматчы кирди.
— Мына, биздин туугандар балдар үйлөрү үчүн жардам чогултуп келишиптир.
Эсептеп туруп, акт түзгүлө да, Наркомпроско өткөрүп бергиле,— деди Эсен уулу эки
баштыкты түртүп.
Алиги кызматчы эки баштыктагы акчаны колтуктап, эшикке чыгып кетти.
Эки кызматчы шаа мүйүздөргө көз жүгүртүп чыгышты. Эсен уулу кеп баштады:
— Силер менен тууганча сүйлөшөлүбү, же закон боюнча сүйлөшөлүбү?
— Кагылайын, тууганча эле сүйлөшөлү! Биз законду түшүнбөгөн караңгы
кишилербиз...
— Айткан сөзүңөр, этек алдынан сунган параңар Совет өкмөтүнүн саясатына
карамакаршы. Ушуну үчүн силерди азыр эле жайыңарга тапшырсак сооп болор эле.
Мүмкүн түшүнбөгөндүк кылгандырсыңар. — Ал ордунан туруп, колундагы каламды
столго тыкылдата сүйлөдү. — Мындан ары түшүнүп жүргүлө. Совет өкмөтүн сатып
алууга болбойт. Туугандык жана параны унуткула... Таласты ким башкарат, башка
жерлерди ким башкарат, ага силердин тиешеңер жок. Айлыңардан чыкпай, өкмөттүн
ишине кийлигишпей, элдин ичин бузбай соо жүргүлө. Эгерде соо жүрбөсөңөр, өз
убалыңар, өзүңөрдө... Сурооңор барбы?
Беркилер шалдайып отуруп калышты.
— Эмесе, эч жакка кайрылбай айлыңарга жөнөгүлө. Эгер бир мекеменин алдына
темселеп барып калсаңар, таарынбагыла. Бул менин туугандык сөзүм!
— Таякеңердин айтаары деле ушул! — деди Абыл уулу бир ооз гана.
Салтты мыкты билишкен билермандар «кош» деп айтууга жарабай, жөнөп баратканда,
тууган менен жээн «кошкула» дешти.
Эми аларга Эсенбек керек болбой калды. Бирок аз да болсо, жолдоштошуп калдык эле
деп, Эсенбек тумшуктары ташка тийген жердештерин станцияга жеткирип барды.
Таластын манаптары ошондон кийин топтошуп алып, тууган, жекжаат жана дос издеп,
Пишпекке чабууну токтотушту. «Кудай берсең, ушул жерден бер» — дешип, ач
карышкырга окшоп, өз айылдарын гана аңдып калышты.
БЫТПЫЛДЫК
Атай болуштукта алты ай иштегенден кийин жадай баштады. Бүтпөгөн арыздарды
текшерүү, доо өндүрүү, мамлекетае эгин топтоо — убактыларынын барын ушута кетип,
комуз чертүүгө, көңүл ачууга чоло тийбеди. Конокторго, аш, тойлорго да бара албайт,
барган күндө да, баягыдай элге тамаша куруп бере албайт. «Болуш», «болуш» дешип,
атын баккан бирөө, барган жерде колтуктап аттан түшүрүп, кетерде колтуктап
аткарышат. Дайыма төрдө — каркайган абышкалардын же жогору жактан келген
зыңкыйган убакилердин катарында. Мындай жерлерде илгерки нускалуу сөздөр жана
азыркы көздеги саясат, эл турмушу жөнүндө гана кеп болот.
Ал барына көнсө да, комуздан колу үзүлүүгө көнбөдү. «Дагы бир аз иштөө.
Чатактарды, жумуштарды жайгаш тыргандан кийин колум бошоор» деп ойлойт. Бир
чатак чечилсе, экинчиси башталат. Жумуштун соңунан жумуш чыгат. Анын үстүнө
Эсенбек окууга кеткенден кийин секретарга да жарыбады. Башка билимдүү киши
табылбагандыктан, убактысынча деп эски мэлдону секретарлыкка дайындашкан. Ал
революция, жаңы закон жөнүнде билбейт. Өнөрү эле: катты катыра жазат жана
токтолбой окуйт. Эски адатын карматып, кээ бир официалдуу кагаздарды жазганда
«бисмилла» деп баштаган экен — кантондук жерден эки жолу эскертүү алды. Үчүнчү
кайталаса, катуу чара колдонмок. Ошондуктан жаңы секретарь өзү бүтүргөн
документтерди этияттык менен текшерип, ашык сөздөр табылса, сызып таштоочу.
Жаңы секретарда андан башка кемчилик жок. Дува окуу, оорууларга дем салууларды
токтоткон.
Атай бул жооптуу жумушка көнө албасына көзү жеткен соң, кантондун жетекчилерине
«мени кызматтан бошоткула» деп даттанды. Алар болуштун датын тыңшашпады.
«Жашсың, ататегиң кедейдыйкан. Бай манаптар менен күрөшүп, өз табыңдын таламын
туура коргоп жатасың. Мындан артык эмне кылышың керек?» — деп кайра анын өзүнө
асылышты.
— Мен комузчумун. Өз табыма эрмек болоюн! — дейт Атай да жанталашып.
— Азыр тамашаны уга турган учур эмес. Социализмдп орнотмоюнча кое тур!
— Социализм качан орнойт?
Кантондун жетекчилери такалып жооп бере албай: — Шашпа, жигит. Баары болот —
деп коюшту.
Атай акыркы жоопко алымсынбады. Айлына келгенден кийин сагынган комузун
колуна алды. Кээ күнү жумушта, кээде чакырган жакка, аштойго, оюнтамашаларга
кетип, бир нече күндөн кийин кайтат. Болуш жокто секретарь да өз билгенин иштейт.
«Чаар дербиш», «Софу Алдияр», пайгамбардын тарыхы ж. б. чогулткан китептерин
кыраат менен окуй берет. Тоймат, Айтыке, Атабек жана башка абышкалар «анык
секретарь сен экенсиң» депЫп, аны мактап, керели кечке эски жомокторду окутуп
угушат. Бош убактарында айыл активдери да секретарга келишип, биринин үстүнөн
бири арыз жаздырышат.
Ошентип, айылда кажыкужу, талаштартыш кайрадан көбөйдү. Болуш менен
секретардын үстүнөн да жогөру жакка тоголок кат түшүптүр.
Кантондон текшерүү келип, арыз далилденип, «саясий кыраакылыкты мокоткондугу
үчүн» болуш менен секретарды кызматынан бошотушту.
Атай ошол түнү эрте жатып, кеч ойгонду. Күн чоң шашке. Түндүк ачылуу. Асман
көпкөк болуп чаңкаят. Тышта самоордун шарактап кайнаганы, жумшак баскан
келиндин күмүш чачпагынын шыңгыры угулат. Ушу дабыш ага бөтөнчө жагымдуу,
кумарын ырбатып, качанкы өткөн окуяларды эске салат.
Ал жылаажындуу дабыш кайдан чыкканын билгиси келип, төшөгүнөн көйнөк, штанчан
тура калып, эшиктин босогосунан шыкаалады. Ак жибек көйнөк, кара макмалдан
чыптама кийген, кош өрүм колоң чачы согончогуна жеткен, бели кындай перизат
самоордун жанында турган экен. Анын жүрөгү зырп этти. Ким экенин ачык биле албай,
ким болсо да, жүрөгүнө уялаш экенин сөзгендей, босогого тырмышты да турду.
Перизат самоордун капкагын ачып, чакадагы суудан толтурду да, үй тарапка жалт
карады. Анын ажарлуу ак бетиндеги нокоттой меңди көргөндө жигит каткырды...
Айымкан капалуу эле. Күйөөсүнүн эмнеге каткырганын билүү үчүн боз үйгө шаша
кирип, анын көйнөкштанчан арбайып турушунан ийменип, бетин басып, чарк
имерилди. Ал келин атка конгону менен эркекке көзү үйрөнүшө элек, күйөөсүнүн
жорукжосунун, оюнтамашасын анча биле элек болучу. Анын тумшукка чаптырган
торпоктой чарк имерилишине күйөөсү ого бетер каткырды. Акырында келин эшикке
чыга качып, жаңыланган самоор суусу кайра кайнаганда гана үйгө кирди.
Атай күлкүсүнө чыдабай жуурканынын үстүнө күп этип кулап түпгүп, дале ооналактап
жатты. Каткырыгы басылса да, эки ныптасы солуктап, жакшы дем алалбай чалкасынан
оодарылды.
Ушу чамгарактын ар жагынан көрүнгөн алакандай асман түпсүз жана чексиз... Турмуш
да Атайга ошондой сөзилди. Адам колу бир жерге байланбагандай болуп, өзүн кенен
жана эркин сөзмейинче, ишинен да, жашоосунан да ырахат тапмайынча өмүр текке
кетерине түшүндү. Бала күнүндө молдодон бир жолу кол үзгөнсүп, кызмат менен да
биротоло коштошуу, мындан ары башына кылыч кармаса да, комуздан ажырабаска
чаңкайган асманга ант берди. Мына өз үйү, өлөң төшөгү. Ал үйдүн ичине көз жүгүрттү.
Төшөнчү орун керегеге тирелет. Капшытта ар түрлүү кийим, күмүш чабылган
ээртокум, күмүш бакан. Капшытка букар килем, саймалуу туш кийиз. Ал башка
бирөөнүн үйүнө түнөдүмбү дегенсип, кооз буюмдарга чоочуркоо менен тиктейт.
Атайга үй көтөрүшкөндө жасалганын бир катарынсарамжалдуу Аккыз берген, бир
катары келиндин төркүнүнөн келген (Кызылбаштын карамагындагы кыздайкедей
болуп көрүнбөсүн — деп, Бурулкан да бир топ асыл буюм кошкон), калганын Айымкан
өз колу менен иштеген. «Келин болсо, ушундай болсун!» дешип, айылдагылардын
баары аны аябай макташкан. «Колунан көөрү төгүлгөн ургачыга жолукту, бактысы бар
экен» — деп, Атайга да суктанышкан.
Бирок анын баарын үйдүн кожоюну билчү эмес. Жаңы эле күйөөгө тийип, башы быша
элек Айымкан да үйдө эмне байлык бар, эмне жок жана өзү эмне бүтүрүи жүргөнүн
күйөөсүнө айтчу эмес.
Эки жаш баш кошушкандан бери биринчи жолу меймансыз, өздөрүнчө чайга отурушу
ушу. Күйөөсү кандайдыр бир кубанычтын толкунунда. Жубайынын ажарлуу бети суз,
иймекей кашы түнөрүп, көз карашында кайгынын салйагы бар.
Атай анын эмне үчүн кайгырганын, ал турсун, көңүлүндө күптүсү бар экенин да сөзген
жок. Жөн эле жаш келиндердин кыялынын демейдеги чыртылдактарынын бири деп
болжоду.
Айымкандын көз карашы дагы эле суроолуу. Күйөөсүнүн жанагы каткырыгы
окусунанбы деп ойлоюн десе, ал дале көңүлүндө кыпындай кири жок, жымыңдап
кубанычтуу. «Эмнеге күлөсүң?» деп кээрдөөгө оозу барбады, экөөнүн мамилеси ысык
көзи, кермур айтышып көнө элек.
Атайдын ага кызыга караганы — жубайы күндөн күнгө көзүнө сулуу да, ысык да
көрүнүүдө. Азыркы сыртын салып, кыңыры отурушу да анын сулуулугуна
жарашкансыйт.
— Сиз эмнеге күлөсүз? — Айымкан буулугуп отуруп, көңүлүндөгүнү бурк эткизди
да, кайра өз сөзүнөн чочугандай элеңдеди. Бирок күйөөсү аны эрен көрбөдү.
— Жөн эле.
Келин үчүн сөзгө жол ачылгансып, шыр кепке кирди: ь — Сиз чын эле бошоп
калдыңызбы?
— Чын эле,— деди Атай жымыйып.
— Ушу күлө турган ишпи? — Айымкандын көз жашы кылгырды. — Уят, намыс
эмеспи, эл эмне дешет?
Атайдын күлкүсү тыйылып, келинчеги эмнеге түнөрүп отурганын эми түшүндү.
Аялдар ушундай жашык жана боорукер келет эмеспи.
— Мен өзүм да кутула албай жүргөм. Болуштук менин ишим эмес.
— Эми кандайча жансактоо болот? Кимдин колун карайбыз? Эл кыдырып, дүйнө
чогултасызбы?
Бул оор суроо эле. Атай анын салмагына майыша түшүп, унчукпай отуруп калды.
Айымкан кичинекейинен Кызылбаштын аялдарынын колунда жүрүп, дүнүйөлүү,
дөөлөттүү кишилер кандай жашашат жана колунда малы, койнунда пулу жоктор аларга
кандайча көз каранды болорун ажырата билчү. Айрым ырчылар кээде эски
болуштукуна келип, аны күнүтүнү макташып, аздыркөптүр сый алышканын да көргөн.
— Сиз өзүңүз бошондуңузбу? — деди Айымкан оюна бир нерсе түшө калгандай.
— Өзүм арыздангам. Анын үстүнө кошумча үстүмөн арыз жазышыптыр.
Анын болуштуктан эмне үчүн бошогонун өзүнө караганда келинчеги жакшы билчү.
Кызылбаш анын төркүндөрү аркылуу «Атай менин ыркыман чыкпай жүрсүн» деп бир
нече жолу айттырган. Айымкан Кызылбаштын саламын айтканда күйөөсү тыңшабай да
койгон. Ага карабастан, Кызылбаш «балам менен дос кылам» деп жаш болушту үйүнө
да чакырды. Атай анда да барбай койгон. «Мунун шиши толду, жакында кызматынан
бошойт» — деп Кызылбаш күрпүлдөгөнүн да угушкан. Ушунун баарын жаш келин
көңүлүнө түйүп жүргөн.
Атай ошолорду угуп туруп, кенебегенин келинчеги күчүнө ишенгенинен деп түшүнгөн.
Күткөнү тескерисин
дей чыкканга мурункудан катуу кайгырды. Көз жашы басылбай, самоордун жанында
шолоктой берди.
Сырттан аттын дүбүртү, басып келаткан кишинин дабышы угулганда Айымкан жашын
сүртүндү.
— Ассаломалейким! — Кызылбаштын жигити Боромбай кирип келди.
— Алейкимасалам! Жогору өт. Чайга кара. Эски болуштун жигити нандан ооз
тийип:
— Шашылышмын. Сизди болуш чакырат, ошону айтайын — деп келдим.
— Барсаң боло? — дегенсип, жаш келиндин көзү жалооругансыйт.
— Бара албайм.
— Анда мен кайтайын! — Боромбай ордунан турду.—Айыке, аиаңдын оорусу
катуу. Төзирээк бар. Сени келсин дешти.
Айымкан эмне дээрин билбей алдастап калды. Анткени төркүнүнө каттай элек болучу.
Биринчи жолу төркүнгө баруу үчүн атайын даярдык керек. Анын үстүно Боромбайды
кожоюн дайыма бүлүнө турган ишке жумшачу. Ага ишенүү кыйын.
— Өз айлыңа баруудан, апаңды көрүүдөн коркуп турасыңбы? — Боромбай
тийиштире сүйлөдү.
— Эмнеге коркот? Кете бер. Өзүнчө барат,— деди Атай.
Бул кабарды угуп, Султаналы да дүрбөп калды. Боромбайга ишенбейли — десе, апасы
оору экени ырас, Аккыс кече эле каттап келген. Бирок «кызымды жибергиле» деп
айтышкан эмес.
Ары чоюп, бери чоюп отурушуп, Аккызды кошупг Айымканды төркүнүнө жиберишти.
Ошо бойдон Айымкан төркүнүндө кармалып калды. Күндө «эртең», «анамына» дешип,
арадан үч айга жакын убакыт өттү. Акырында Кызылбаш Султаналыга орточу
жиберди: «Келин керек болсо, Атай менин алдыма жыгылсын».
Иш ырбады. Атай анын алдына түшпөдү. Кызылбаштан коркуп, төркүнү кызды
жибербей койду. Айымкан өзү да эски болуш менен Ата-энесинин эркинен чыга
албады, «ушулардын батасын алмайынча экөөбүз көгөрбөйбүз» — дегенден башка
сөзгө келбейт.
Кечикпей эле «Айымканды кантондо иштеген бир чоңго күйөөгө бериптир» деген ушак
угулду. Ушак чын болуп чыкты.
Ошентип, Атай биринчи үйлөнгөн аялынын ким экенин жана кандай экенин жакшы
баамдай албай калды.
«Кызылбаш эр экен, намысына жетти — Атайды кызматынан бошоттуруп, анысы аз
келгенсип, аялын тартып алып, башка бирөөгө берди» дешип, эл сөз кылышты.
***
Достун каны башка, жаны бир. Эл достукту жогору баайап, «жан аяшкан дос болбойт»
— дейт. Достошуунун жолу да көп. Бирөөлөр бала чактан, бирөөлөрдүкү бир максат
үчүн бирге талпынышуудан, же башка түшкөн жакшылык, же кыйынчылык учурдан
башталат. Адатта дос күтпөгөн киши болбойт, бирск анын өтөсүнө чыгуу баарынын эле
колунан келе бербейт.
Мамат менен Чырым экөө достугу эмнеден башталганын жана анын келечеги жөнүндө
ойлонушчу эмес. Качан гана кагырашкан жорожолдоштордун баары жсголуп, эки дос
өздөрү гана таттуу бойдон калышканда экөө тең бирибирине ыраазы болушту. Достук
жөнүндө ойлонушту. Улаш күчүктөй моюндашып чоңойгон курбуларды мөзгил
ушунчалык Жытыгыштырган экен. Бири жокто экинчиси коолдой турган абалга
жетишиптир. Чырым жокто Уулжан да бир немеси кемигенсип калчу.
Көнүмүш катары билинбей өтүп жаткан мөзгилдин суук белгиси эми байкала баштады.
Маматтын жер жайнаган малы жутка учурагандай азайып, көбүрүпжабырган
мартабасы бөксөрдү. Күнүнө мейман канча жолу келсе, ошончо союлуучу малдын
чаркы копшолду, бирок мырза өзүн баралына толгондой сөзип, айылдын тегерегиндеги
эттүү койлорду ээсинен суратпай, карматып алып сое баштады.
Алардын бирин да сиңирген жок, козусуна козу, коюна кою барымтага кетип турду.
«Биздин элден уят кетти: илгерки элдер жакшылардын союшун өздөрү камдап берип,
колунан чыкканын доолачу эмес экен» — деп Мамат байлоодогу кушуна окшоп
күүлөнөт:
— Эл баштар курагыма жетейин! Али жаш болсом керек. Шашпагыла! Шашпагыла!
Мейман үзүлүп, шааншөкөттүн кунары кетип, кабак бүркөөнү билбеген мырза
көбүрөөк кыжырдана баштагандан бери Чырым экөөнүн ортосундагы таттуулуктун
даамы да азаюуда. Мейман келбесе койсун! Мырзанын өзунө жакшы оокат менен
оюнкүлкүнүн керектиги мурункудай эле.
Мырзанын турмушундагы өзгөрүш аялы, Чырым, Алымбайга башкача таасир
калтырууда. Алардын үмүтүн үзбөй турган ишеним: «эрдин насиби элден» — деген
акылман сөз.
М^ырза күндөгүсүндөй: башында ак жаздык, чалкалап жаткан. Чырым жомок айтып
отурган. Ал билген кыргыз жомогунан айтылбаганы калган жок, акырында аиылга
келген молдолорду ээрчип жүрүп, «Чаар дербиш», «Миң бир түндү» да үйрөнгөн.
Уулжан Шахразаданын окуясынын аягына жете албай жомокчуга бетмаңдайлаш
тамшанып отурганда чоюлуп жаткан Мамат жомокту бөлүп кетти:
— Мага жаш шорпо керек! Мал сойгулачы! Улагада өтүгүн көктөп отурган
Алымбай ашканада
тирелип турган сүр этти карап алды:
— Мырза, малыңыз аз. Абайлаңыз.
— Эй, сенин акылдуулугуң өтүп бүттү. Насипти кудай өзү жеткирет. Жалгыз аттуу
Төлөбай деле жегеничкени элден болуп, Таласты канча жылы бийледи?
— Ал башка убак! — Жомогу үзүлгөнүнө өкүнүчтүү Чырым малайдын сөзүн
жөнөттү.
— Төлөбай үчүн башка убак. Азыр менин убагым. Ар ким өз убагында дуулайт.
Бул үйдөгүлөр мырзанын сөзүн кайтарып көрбөгөндүктөн, талашууну нарылаткан жок.
Жыл өткөн сайын эринин сөзүнүн байсалсыздыгын байкап, катылып каршы чыкпаса
да, аны жылуу сөзү менен башка жолго буруунун таалимин тапкан Уулжан кашын
кагып, шаңк этти:
— Ий, илбесиндин этин сагынганым, ай! Койдун этинин эмнеси таңсык —
ашканада толуп туру!
— Жеңем туура айтат,— деди Чырым. Алымбай андан бетер кыйкырды:
— Буйруса, куш салып кумардан бир чыгалы!
— Аттарды токугула эмесе! — Канаттарын таранып, коңгурросун шыңгыратып
отурган кушту жаңы эстегенсип, Мамиордунан козголду. — Ту, жата берип, ныксырап
калыпмын.
Алымбай керегедеги жүгөндөрдү алып, саздагы аттарга кетти. Чырым: «Менин атым
жок, апам төркүнүнө минип кетти» — деп жамбаштап жатып алды.
— Мейлиң! — Мырза анын үйдө калышына каршы болгон жок. Өзү кумардан
чыгып, аялы илбесиндин шорпосуна канса, башканын кереги эмне?! Чырымды жомок
айтып берип эрмек болуу үчүн аялынын жанына калтырып, кушун кондуруп, аңга
кетти. Аңчылар кетер менен жомок да бүттү.
— Атың жогу ыраспы? — Көптөн бери көз карашы бузулуп жүргөн жомокчу
жигитке келин күлө багып карады.
— Атымды кудай алды дейсиңби?! Жүргөндүр бир жерде.
Келин кыткылыктап:
— Ал эмнең? Калп айтчу эмес элең?
— Куш салууну эмне үчүндүр каалабай калдым. Деги тамашага шыгым жоголду.
Бир гана...
— Эмне, бир гана?
— Бир гана сени көргүм келет... Сени менен отургум...
— Апий, койчу, уят эмеспи! — Келин чач мончогун шарактатып, эшиктин астына
басып барып, мойнун созуп, эки жагын карады. — Маматка кара санайсыңбы? Эл сен
экөөңдү тууган, тууган ичинде дос дешет.
— Эл айта берет... Мага сен болсоң жетишет...
— Маматчы? Анын тузуна кара санайсыңбы? Чырым сөзгө такалган жок:
— Жашчылык деген кыйын экен, жеңеке! Абдыракмандын өлүмүн, Атайдын нечен
жылы тентип жүрүшүн билбейсиңби?
Жигиттин көңүлү чындап карарганын түшүнгөн келин алдыкийнин тазалай баштады.
Ал жигиттердин сөз салганын биринчи жолу угуп отурганы жок. Кээде көңүлү
азгырылса да, өзүн өзү кармай билчү. Бирок көптөн бери сырын сыртына чыгарышпай,
ичтен сызышып жүргөн Чырым менен бети ачылышып, сөз улам тереңдеп баратты:
— Ак нике деген кыйын болот. Менин апам өмүрүндө ала жипти аттабаган саакы киши
экен. Илгери ок аттап түшүрүптүр. Эл али аваз кылышат, ыраматылык ошондой жакшы
киши эле. Мен андай боло албасмын. Бирок абийир керек, ак никелүү эримди кантип
карайм! Оң жагымда ал турса, сол жагымда сен турсаң, акырым эмне болот? Кой каран
күн аныңды!
— Эч кимге билдирбейбиз! Бир мен, бир сен гана... Кудай урсун, жеңеке, сен
дегенде уктай албай чыгам...
— Койчу! Койчу! — Алмадай кызыл бетине Чырымдын оозу жармашып,
уйпаланышып калганда да Уулжандын «койчукойчу!» — деген сөзү кайталана берди...
Мөзгил кайсы убак экендигин алар байкашкан жок. Ачык түндүктөн бир нерсе кылаң
этип, аңгыча болбой конгуроосун шаңгыраткан куш чамгаракка коно калып, моюн
жүнүн үрпөйтүп, ормое караганда айкалышып жаткан келин менен жигит бүркүттүн
чеңгелин көргөн сагызгандай жер менен жер болуп жабышып, эки жакка томолонушту.
Уулжандын жүрөгү оозуна тыгылып, уйпаланган чачын жыя албай, жоолугун
тетирисинен салынып, Чырым тура чуркайм деп шымына чалынып жыгылып,
коломтодогу күлгө кулагына чейин бата түштү.
— Бегимий! Бетим! — Келин чачын саксайтып, бетин чойгулап тура берди. Чырым
бетибашын чалабула сүртүнүп эшикке чуркады.
Эртеден бери ээсине кызмат кылса да, бир жерипе чаң жукпай, саңоор жүнү самсаалап,
зыпыйып отургап куш үйдөн уча качкысы келгендей мойнун соксоңдотуп, куйругун
көтөрө шарт эткизгенде заңынын чачырандысы Уулжандын маңдайына тийди.
— Бетим! Бетим! Ушуну көрмөкмүн. Көрмөкмүн... Мага чала!
Алактаган Чырым Маматтын атынын туягын кучактап зар ыйлоо үчүн эшикке
чыкканда мырза алыста, те токойдун бери четинде келатканын көрүп, «өх!» — деди да,
кудайга ыраазылыгын билдирип, үйгө кирди:
— Эсиңди жый: чачыңды оңдоп, жоолугуңду түз салын. Мамат алыста келатат.
Алыста...
— Өзүң оңдон! Ий, бетим,— деп келин тегеренип кетти.
Чырым оңдонуп, бетибашын тазалагандан кийин, эшикке жаймажай чыгып, колуна
жем алып кушту чакырды. Куш үндөккө келген жок.
Мамат канжыгасын илбесинге толтуруп, кубанычтуу:
— Уулжан! Уул...
Анын чачы таралуу, жоолугу оң, кыскасы эри аттанганда кандай болсо, азыр ошондой.
Бирок аттын тыягынан бир нерсени көрүп тургансып, башын көтөрбөйт.
— Мына, кекилик! Мына, кыргоол! Алымбайда коен бар. Быякты кара! — Аялы
канжыгадагы олжону чечип бүткөнчө Мамат бажылдап сүйлөй берди. — Бүгүн бир
шорпо жасА. Чырым үчөөбүз бир жыргайлы!
— Сонун экен! Семиз кекилик турбайбы? — Чырым чечилген кекиликтерди
кармалап көрбөй эле мактап жатат.
— Калп айтасың! Азыр анча семире элек! — Алымбайдын какшыгын да этибар
албады.
— Жакшы кекиликтер экен!
Аңдан кайтканда жадырап тосуп алчу аялынын нымтырап жер карашын Мамат
байкаган жок. Алымбай өзүн¬чө «кеп бар» деп койду да, кушту чакырып алып, ү
кирди.
Аңчылар жай алып отурушкандан кийин Чырым:
— Апам айылдан кайткандыр. Кетейин. Атты отк койбосом...
— Уулжан экөөң үчүн атайын аңчылыкка барды Кой, мунуң болбойт. Ат ачтан
өлмөк беле? — деди, Мамат асылып.
— Калп айтат! — От жагып олтурган Алымбай туурадан чыкты. — Аты токойдо эле
жүрү.
Ушу сөздү укканда келиндин башы эки тизесинин ортосуна кире түштү. Чырым
кайсалактады:
— Ошондойбу? Көрдүңбү? Апам келип, өзү кое берген го...
— Атты отко коюнун эмнесиң сөз кыласыңар? — Маматтын көңүлү кыргоолдо. —
Шорпоңун жайын айта бергиле! Үчөөбүз тең жыргайлы...
Дагы бир кысталыштан жаны калганына шүгүрчүлүк кылып, келин башын көтөрдү. От
алоолонуп, казан боркулдап, Чырымдын сөзү түзөлүп, кадыресе кепке кошулуп кетти.
Алымбай да аларды аңдыгаңып коюп, от жагуу менен алек. Баары өз жайыңа келди.
Уурулуктун изи жашырылды. Бир дасторкондун тегерегинде бир туугандай
ынтымактуу отурушуп, бир табактан аш ичишти. Бирок Уулжан беймаза: бир көзү
никелүү эринде, бир көзү никесиз эринде. «Койчу, ал кантип эле эрим болсун» — деп,
жаман ойду көңүлүнөн кубалайын десе, никеленбегени эле болбосо, аялы болгону
айгине. Өмүр жолу эки ачаланды. «Ачык жана жашырын эки эрим болсо, көөдөндөгү
жаным да чыркырап экиге бөлүнөбү, же бирөө бойдон кала береби?» Ушул ой
Уулжандын жүрөгүн мыжыгып отурганда Мамат ага ачакей сөөктү сунду:
— Кармачы! — Эки ачекей сөөктүн бир учун тандоо керек. Демейде күйөөсү
ушинтсе, ал эки учундагыларың кимдер деп аныктап алып, анан тобокел деп бирин
кармамак. Азыр булар ким деп сураса эле, айыбы чукулуп калчудай жүрөгү дүкүлдөп,
сөөктүн оң жаккы учуна сөөмөйүн тийгизди.
— Хаха! — Мамат арсалактады.— Мени жакшы көрөт экен!
Тамашаны баштап, күлкүнүн уюткусун табуучу Уулжан күйөөсүнө шек бербөө үчүн
анткорлоно күлдү:
— Анан эмне? Аял күйөөсүн гана жакшы көрөт. Кайраным, кашкайып туруп,
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 15
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов