Latin

Атай - 12

Общее количество слов 3803
Общее количество уникальных слов составляет 2123
28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
кынына кирбейби? Райымбек көп болсо, оёздук жерге даттанып барар. Анда
Кудайбергендин сөзүн сүйлөөчү киши да табылды. Эски казак досунун бир тууганы
оёзду чоюп тургандардын бири, ага паранын күчү менен таанышып алган. Тааныштык
менен пара күчүндө турганда Кудайберген душманына басынабы?
— ЭДырзага сый көргөзгүлөчү! — Кудайберген Боромбайга кашын кагып койду.
— Мырза туруңуз! — Жигит болушка кекээрдүү карады.
Бир балээ чыгарын түшүнгөн абышкалар бүжүрөштү. Жаалына келип турган
Кудайберген: «Бир ачууңузду берип коюңуз» — дегенге көнөр эмес.
Райымбек жалтанган жок:
— Кудайбергениңди сыйлай бер, кысталак! Көзүңдү ач! — деди Боромбайга.
Да бир жигит элди аралап келип, Райымбекти жакадан тартканда, болуш аны колго
коюп жиберди. Жигит Райымбек болушту отурган жеринде басып калды. Дагы эки-үч
жигит опуртопурга кошулуп, дөбөдөн чаң чыкты. Кудайберген баш болуп,
карыялардын баары тура качышты.
Муштумдар карсылдап, өтүктөр күрскүрс тийгенде Райымбек дем тартпай жатып
калды. Бети башы көпкөк, куйкасы менен чекесинен жошулган кызыл кан топуракка
тама баштады.
— Иттин баласы, жата турсун! — Кудайберген үйүн көздөй алчаңдай басканда,
чалдар жайжайына тарады.
Ушундай окуя чыгарын сөзип, айылдын четинен акмалап турган Эсенбек милицияны
көздөй чапты...
Кудайберген мыкты аттарды токутуп, жанына жигиттерин ээрчитип, акчаны мол алып,
ОлуяАтаны көздөй жөнөгөнү жатканда үч солдат ээрчиткен Эсенбек ат тердете жетип
келишти. Солдаттын бири эшиктин алдын күзөтүп турду. Экөө мылтыктарын көзешип
үйгө кирип барышты.
— Аттиң, камынтпай бастыңар! — Кудайберген тутамындагы акчаны жерге бир
урду. Эр өлтүрткөндө да кылы кыйшайбаган манап кокусунан кармалгансып, мудасын
уулдарына дайындай албай калды.
— Олуя-Атага барышсын! — Аялы ушуну гана укту, калганы түшүнүктүү эле.
Кудайбергендин катын-баласы чуркурап кала бер¬ди. Солдаттар аны ортого алып,
Акчийди көздөй жөнөштү.
Эсенбек ошол айылдагы жардылардын жардамы менен Райымбекти атка өңөрүшүп,
доктурга алып барышты.
Кудайбергендин окуясы Таластын башаягына дүңк дей түштү. Бир катарлары анын
көзеги келди, эми өкмөттүн капканынан бошобойт дешти. «Эр неме паранын күчү
менен бошоп кетет» — дегендер да болду. Иши кылып, ал камалгандан кийин калган
карышкырлардын жаагы карышып, эл ичи тынчый түшкөн.
Кечикпей бул ишти сот карай баштады.
Айылдагылар болуштун үйүнүн жанына топтолушкан. Ортодогу чоң столдо судья жана
заседателдер отурушат. Бет маңдай жакта жасакер Аалы уулу Кудайберген. Бирок анын
кебетесинде жасакерсинүү жок, сүлөөсүн тебетейди алчыланта кийип, кимдин көз
карашы кандай болду экен дегенсип, тегерегиндегилерди үңүлө карайт. Анын тузун
татып, кошомат кылып жүргөн кишилердин кээси баш ийкешип салам айтышып, кээси
ага арка боло албагандыгы үчүн тике карай алышпайт.
Ачык сотко Тыныбек, Султаналы, Субан, Атай да келишкен. Кудайберген чынжырлуу
жолборс болсо да, Тыныбек менен Султаналыга кыр көрсөтүп, жонун салат.
«Шашпагыла, аман-эсен бошонсом силерге көрсөтөрмүн» — дейт анын жышанасы.
Бул соттон Кудайберген гана эмес, анын тилектештеринин баары үмүттүү. Сот
кушчунун каймасар, уруусунан чыккан Чолпонбай уулу Кожокул деген киши
Кудайберген менен кабырга тууган.
Эски болуштун иши ырбаган соң, анын балдары Олуя-Атадагы чоңунун оозун майлап,
кушчудагы туугандарынын алдына да барышкан. Муну Кудайберген түрмөдө жатып
угуп, көңүлү тынык.
Башында приставда тилмеч болуп жүрүп, Совет бийлиги орноонун алдында
болыневиктер партиясынын катарына кирип, юридикалык билими болгондуктан,
судьялык кызмалчса көтөрүлгөн Чолпонбай уулу кантип эле адилеттик кылбасын деп
ишенгендер андан бетер көп. Айтор, эки анжы болуп турган кишинин баары судьянын
коюу кара кашы былк эткенин өткөрбөй баамдашат.
Судья палыосунун топчусун чыгарып, күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн сууруп чыккан
күмүш чынжырлуу саатын тиктеп туруп, кулагына тыңшаганда, өмүр бою саат көрө
электер күбүршыбыр сүйлөшүп калышты.
— Сотту баштайбыз.— Судья тебетейин алып коюп ордунан турду. Заседателдер да
жылаңбаштанды.— Айыпкер Аалы уулу Кудайберген!
Кызылбаш өзүн эркинде жүргөндөи тутуп, мойнун толгой мурчуя карады.
— Тебетейиңизди алыңыз! Туруңуз! Сиз революциячыл сот алдында турасыз.—
Судья сабырлуу көрүнсө да сөзү, эски болушка токмоктой тийди.
Аалы уулу тебетейин башынан алып, силкип коюп, ыңгыраңып ордунан турду.
Судья анкеталык маалыматтарды сурай баштады. Бурч жакта отурган секретарь
шыпылдатып жазып жатты.
Кожокул каймасар уруусунан чыкса да, эски болуштун каяшасын майтарышы элге
Совет сотунун тартибинин күчтүүлүгүн көргөздү.
Сот ырайымдуу болсо, Кудайбергенди жактапбыз деп убада беришкен күбө чалдар
эмитен эле ыргылжың болуп калышты.
Болуш, секретарь өңчөй кедей тобу менен кошулуп, көпчүлүк болуп олтурушту.
Кудайбергендин уруктууганы, жекжааты өзүнчө топ. Тыныбек, Султаналыга
окщогондор ортодо.
Сурак башталды. Кызылбаш башын жалтыратып сөздөрүн жаттап алгандай
зыркыратты:
— Райымбек болуш мага элдин көзүнчө озунуп камчы чапты. Бу кордукка чыдабай
балдар аны эсине келтирүү үчүн төпөштөп коюшту. Мен өзүм арачалабасам, анын
колкосун сууруп алышмак... Эгер акыйкат сот болсоң, чатакты баштап, мага камчы
чапкандыгы үчүн Райымбекти кошо сотто, болбосо, экөөбүздү тең куткар...
Топ ичинде отургаң Тоймат баарыдан мурда совет ооту кандай болоруң байкоо үчүн
келген. Кызылбаштын сөзү жүйөөлү угулду: «Баракелде, законду жаттап алгаи экен» —
деп ойлоду. Эгер илгерки заман болуп, соттукту Тоймат өзү жүргүзүп жатса,
Кудайбергенди ушу жообу үчүи күңөөлүү болсо да куткармак. А, тиги советтин соту
эмне дээр экен?
— Болуштун сизге камчы чапканын эмне менен далилдейсиз? — Кожокул судья
акырын сүйлөдү.— Бети-башыңыздын бир жеринде камчынын изи жок го.
Чертип койсо жарылып кетчүдөй чытырап турган Кудайбергендин аймандай кебетесин
көрүшүп, отургандардын бир катары күлүп калышты.
Судья Райымбекке кайрылды:
— Сиз камчы тийгиздиңизби?
— Камчымды көтөргөн да жокмун. Судья күбө чалдарга карады:
— Аалы уулу Кудайбергендин башына камчы тийгенин силер көрдүңөрбү?
Кудайберген акшыя караганда чалдар үнсүз жер тиктешти.
«Далилиң барбы?» — деп судья суроо бергенде далюь дин эмне кереги бар — деп
ойлоп отурган Тоймат бий окуянын заматта күтүлбөгөндөй багытка кетиши ушу
суроодон башталганына таң калды...
Элдин баары өкүмдү күтүп калышты. Иш эмне менен бүтөөрү соттун сурагында эле
белгилүү болду. Бирок Кудайберген тарабындагылар: «Кожокул тууганчылыкты, арбак,
кудайды сыйлар» — дешип, жакшылык күтүштү.
Өкүм окулуп: «Аалы уулу Кудайберген түрмөгө кесилет»,— деген сөзгө келгенде анын
балачакасы чур дей түштү... Кедейлер чогулган жаккы чоң топтон «туура», «сооп
болот» деген үндөр угулду.
Болушту аяган Тоймат бий бетинин бырышына токтолгон ысык жашты жеңи менен
сүртүп, өзүнчө сүйлөндү: «Соттун адилдигине баракелде!»
Эгерде Кудайберген аман-эсен акталса, Райымбектин кысымынан кутулабыз го дешип
өз алдыларынча ойго батып отурушкан Султаналы менен Тыпыбек: — «Кудай уруп,
чындап сөөк болобузбу» — дегенсишип үтүрөйүп бири-бирин тиктешти. Алар эски
болуштун кесилишине кайгырбастан, өздөрү кыйын абалда калганына кайгырышты.
Солдаттар Кудайбергенди арабага отургузуп алып жөнөштү.
Кудайберген тебетейин баса кийип, эч ким менен коштошпой, эки жакка мойнун
бурбай бет алдын тиктеп, түнөрүп отура берди. Ушунча дүнүйөнү чачса да,
жолдошторуна жана туугандарына сыйынса да, ощонун баары эч нерсеге арзыбай
калганына башы маң... «Мен билген, мен жашаган дүйнө мындай эмес эле,
заманымдын өткөнү ушулбу?» — деп ойлоп баратты...
Тынар менен Бурулкан гана көз жашын төгө жандай бастырышты. Эски болуш «менин
элим» деп жүргөн калдайган кушчу, саруу аны ээрчимек түгүл, коштошкон да жок.
***
Атай аргымак моюн карагер быштысын сугаруу үчүн арыктын боюна жетелеп келди.
Карагер кулактарын тикчийтип, шуудураган камышты кошкура тиктеп туруп, суута
мойнун созду. Шимирген сайын алкымы бүлкүлдөп кулактарынын түбү балкбалк этет.
Эртең мененки капталдата тийген күн быштынын кундуз жүнүн жылтылдатат. Семиз
багылбаса да, азыйына жете элек неменин соорусу тегизделбесе да, сыны жана жүрүшү
көзгө толумдуу.
Карагер — Атайдын энчилүү малы. «Ат жалын тартып минип, жигит катарына
кошулуп калдың» — деп Султаналы аны уулуна кунан көзинде энчилеп берген. Дос,
душмандын көзүнө жаңы тилек баланын жарашыктуу кийими, жакшы ат минип,
сыпайкерчиликтүү болушу керек. Атасынын көп кеңештеринин ичинен жакшы ат
менен жарашыктуу кийими гана анын кулагына кирген.
Аргымак чалыш мал тай, кунанында байкалбайт экен, быштысына толгондон бери төз
сынайып, көзгө толо баштады.
Боюн жазып, кулактарын тикчийтип оозунан суусун чуурутуп, алыска карап калган
карагердин көкүлүн сылап турган Атай карккурк эткен дабыш угуп, чалкалап асманды
тиктеди. Каркыра, турналар желесин тартып, ысык жакты көздөй бет алышкан экен.
Келгиндер кайткан убак да өзүнчө кызык. Саргайган талаанын үстүнөн бөдөнө,
торгойдун үнү угулбай, кылаңгыр булуттуу асмандан сапырылган күйкөлөр, сапсап
болуп учушкан сарала каздар каркылдашып өтүп жатышат. Жаратылыш тынчтыкты
сүйгөндөй сумсайып, келгиндерди көңүлсүз узатат.
«Жаныбарым! — Атай суута канган атын азанатып үйүн көздөй жетеледи!—Биздин
тиричилик ушулжерде».
Аттын кадырын жакындан бери билген Атай аны канатындай баалай турган. Чоң
жарышка кошпогону менен карагер кууганына жетет да, качса кутулат. Эл аралап, жер
таанып жээлигип жүргөн балага башка бирөө өз атын береби?
Бүгүн карагер чоң кызматка жарамак. Түн кире ал Седепти ала качууга убадалашкан.
Султаналы менен Тыныбектин айлынын ортосу жакын болсо да, каргаша болуп куугун
чыкса, чү дегенде караанын үзүүчү курч ат керек. Атайдын ишенгени карагер. Үйгө
жетип алсаг болуш да ушул жерде болуп, Тыныбектин ит терисин башына каптап
туруп айлына жибермек.
Иш оңуна келсе айла жок. Райымбек болуш менен Эсенбек кийлигишпесе, Султаналы
менен Тыныбек тирүү турганда ал Седепке жетер беле. Кудайбергендин түрмөгө
кесилишинен кийин экөөнүн аталары да Райымбек болуштун эркинен чыга албай
калышкан. Бирок экөөнүн пикири али эки башка. Тыныбек: «Келин алчу кишинин
тилеги ак болсо, алдыма жыгылып, мени менен элдешпейби. Анып нээти таза эмес».
Султаналынын ою: «Сасыган байга сөөк болгум келбейт Атай кааласа, анын кызын
тартып алсын».
Атай жүрөгү элепжелеп болуп, түнкү болучу окуяга эртең мененки чайды ичүүдөн
мурда камынууда.
— Ушул тентектин көксөгөнүн алып берип, аталык карызыман кутулсам экен.
Туубасам да тутунгандай болдум эле! — деп Султаналынын пейли чечилип, короосун
тазалап жүргөн.
— Султаке,— деген үн чыкты.
Болуштун секретары «түшүп, чай ич» деп Атайдын суранганына көнбөй атчан турган
экен.
— Ээ, балам! Эртең мененки насипти таштаба! — Султаналы да аны чайга
чакырды.
Булардын камылгасын байкап, Эсенбек күтүлбөгөн кабар угузду.
— Кечиктиңер, Султаке! Тыныбек кызын качырып жибериптир.
— Эмне? Койчу.
— Ии, ботом!
Султаналы менен аялы чочуп кетишти. Атай атынын тартмасын тартууга шайманы
келбей, ээрге башын жөлөп калды.
— Чынбы? — Аккыз атчандын жанына чукул келди.
— Мен сиздерге тамаша айтчы белем! — Эсенбек атынын башын бурду.
Атай үйгө кирип комузун алып чыкты да, карагерди минип, болуштун үйүн көздөй
чапты.
Райымбек менен Эсенбек да үйдүн жанында Атайды күткөндөй атчан турушкан.
— Жүр уулум! — Болуш эки жигитти ээрчитип, Тыныбектикине дселди.
Алымбай алардын атын алып, байдын чоң өргөөсүнө киргизди. Үчөө тең салам айтпай,
төрдү тепсей отуруныу. Байбиченин көзү шишиген, меймандар келгенде жер таяна араң
туруп, жылып бараткан сабага окшоп, эшикке чыгып кетти. Байдын ортончу аялы,
токолу жана Мамат аялы менен тымтырс отуруп калышты. Меймандар киргенде эле
өбөктөп отурган Тыныбек жерден башын көтөргөн жок.
— Бай! — Райымбектин дабышы кулагына чак эт. кенде, Тыныбек башын кандай
көтөргөнүн билбей калды.— Кыз кайда?
— Кыз курусун, качып кетиптир? — деп Бурулча ыйлап жиберди.
— Өзү качыптырбы?
Эч ким жоп кайтарган жок.
— Кимге качыптыр?
Кьщ тирүү болсо, табылар, бирок митаам Тыныбек аны алыс жакка аттандырган болуу
керек — деген ой болуштун көңүлүндө эле.
— Бай, убадаң ушул беле? — деди ал акырында.
— Мен убададан качканым жок! — Тыныбек комузду тырмалап күйүт тартып
отурган баланы көрүп, үшкүрүп койду.— Султаналы алдыма келбесе, кызымды ага
өзүм жеткирип беремби?
Байдын сөзүндө да чындык бар дегенсип, Райымбек да тим болду.
Кыздын качышы алдыртан бүткөн иш эмей элег тагдырдын жазмышындай, Атайдын
шорундай сөзилип, баары муңдуу тынчтыкка баш ийгендей телмиришти. Атай дал
ушуну сөзди. «Седеп ушундай болорун сөзип, менин антымды уккусу келбеген экен»
— деп ойлоду. Анын антка учурабасын дегени го... Кайран кыз! Кишилерден көзүн ала
качып, керегенин башын карады эле, чийдин учуна илинген темир комуз көрүндү.
Жүрөгү зыр этти. «Күйдүм чокту» кагып, ыйлап отурган Седеп көз алдына келди.
Седеп жана темир комуздун күүсүнөн башка нерсе көзүнө да көрүнбөй, кулагына да
угулбай калды. Эриксизден Атайдын өз колдору да кыймылга келип, комуздан
муңканган дабыш чыкты:
Күйдүм гана күйдүм — ай, күйдүм чок. Күйөйүн десем түтун жок. Жүрөгүмдүн — ой
башында Кантейин, ай жүгөрүдөй бүтүн жок!..
Дайынсыз жоголгон кыздын күйүтүн азыр гана түшүнгөнсүп, Тыаыбек катын, баласы
менен шолоктоп отуруп угушту. Кайраттуу Райымбектин да мууну бошоп, сөз айтууга
чамасы келбей баратты...
Ыр бүткөндөн кийин Атай шолоктоп ыйлагандардын ортосунда отурганын көрүп;
эмнегедир иренжигендей эшикке чуркады Райымбек болуш менен Эсенбек
камчыларын сүйрөй анын соңунан түштү.
Ыр басылган менен Тыныбектин үйүнө толо түшкөн муң ошо бойдон кала берди.
ЖАЗ
Жаз быйыл эрте келип, күн таптуу, айылдын жанындагы дөбөгө абышкалар
жылдагыдан эртерээк чогулушкан. Тоймат бий болсо, чекир көзүн сүзүлтүп, кеп
тыңшаганы же үргүлөгөнү белгисиз, кээде гана оң жак көзүн жылтыратып ачып-жумуп
коет. Башкалар анын эмне кылып отурганын көңүлгө албаганы менен, баарынын ойсанаасы эмнеде, аңгеме эмне жөнүндө болгонун ал байкап отурат.
Кыштан бери ар кимиси эки-үч түтүндөн болуп бөлүнүшүп, коктуколот, жылганын
жыбыттарына малга каралап конуш ээлешип, андасанда мейман үстүндө гана
жолутушпаса, бирибири менен көрүшпөй калышкан кишилер бүгүн биринчи баш
кошушуп отурганда сыпайкерчиликтүү жакшы сөздөрдөн гана кеп кылууну каалашат.
Дөбөгө биринчи болуп Тоймат бий келген. Аны көргөн абышкалар биринин соңунан
бири чубашкан. Алысыраак жердегилери атчан келишип, аттарын дөбөнүн түбүнө
байлаштырып коюшкан.
Кыштын кандай өткөнү ушу чогулушкан абышкалардын кебетесинен элө сөзилгенсийт.
Баягы күз мөзгилиндеги чатырашып, кызара бөрткөн кишилер кыштай жүк ташыган
өгүздөй болуп арышкан жана азышкан, жаак сөөктөрү уркуюп, бапыйган сакалдары
гана өзгөрбөй калган.
Күн таптуу. Абышкалар күн нуруна мемирешип, кыштын катаалдыгы, баштан өткөн
азаптозок заматта ойдон чыккансыйт. Алар анымуну чукулап, сөздү кызыткылары
келишет. Бирок аны эмнеден баштоону биле алышпай, бирибирин тиктеп коюшат.
Ошонун баарын байкап отурган Тоймат бий тамагын жасап, ордунан копшолду. Баары
анын оозун тиктешти.
— Ии, Султаналы Анжияндан келиптир дейт. Эмне билгени бар экен? — Анын чекир
көзү Айтыкеге урунду.
Айтыкө Султаналы менен тууган жана акылдаш эле. Бий жаңылык уккусу келгенин
билдиргени менен, экинчи жагыпан Султаналы жана анын таламдаштарынын
жарасынын оозун чукуп алгансыды. Отургандар «кайран карт карышкыр» дешип, өз
ичтеринен бийдин чукуп сүйлөгөнүн жактырьппты.
Чымчыкей суроого кандай жооп болор экен дегенсишип, эми Айтыкени карап
калышты. Чоң сакал абышка жоопко шашылбады, чөнтөгүнөн мүйүз чакчасын сууруп
чыгып, насыбайдан бир чымчымды эрининин алдына таштап коюп, кумары
канбагандай отура берди. Анын маалкатышына чыдай албай, бир катар абышкалардын
чыйпыйы чыгат. Бирок айла канча. Бийдин суроосуна башкалар жооп бере алмак эмес.
Седеп жоголгондон кийин Султаналы менен Тыныбектин үй-бүлөсүнөн тынчтык
кеткен. Райымбек болуш, милиция, прокурор Тыныбекти, уулдарын жана аялдарын
суракка алганын токтото элек. «Кызыңарды каякка саттыңар?»—деп сурашат. «Эч
жакка» деп жооп кайтарат бай. «Андай болсо, өлтүрүп, өлүгүн жашыргансыңар,
мойнуңарга алгыла» деп кыйнашат. Беркилер «анткенибиз жок» — деп, зыркырашып
карганышат.
— Андай болсо, Седеп кайда?
— Билбейбиз.
— Эмнеси болсо да, силер колдуу болду.
Ушуну менен сурактын, тергөөнүн башталганына бир жылдан ашуун убакыт өттү.
Тыныбектер ачыгын айтышпайт, тергөөчүлөр аларды текшерүүдөн жадашпайт.
Седептин анык жоголгонуна көзү жеткенден кийин Атай атасына таарынып, айылдан
качмай болгон. Анысын угуп калып, энеси менен Субан ыйлашкан, «эгер сен качсаң,
муунуп өлөм» — деп энеси карганган. Седептин тагдырынын кайгылуу болушу үчүн
Аккызда кымындай күнөө болбогондуктан, жана аны атасынан артык көргөндүктөн
Атай ал оюнан кайткан. Атасына таарынып, энесинен айрылуу кыйын эле. Бирок
Султаналынын үйүндө да тынчтык жок, ырк кетип, ынтымак бузулган.
Намыстуу Султаналы ыйлабайт, муңбайт, эмне болуп кеткенин салкын кандуулук
менен ойлонот. Ал ар нерсени акылга салып өлчөп, анан иштеп, эч качан жаңылчу
эмес. «Бу жолу мага эмне болду?» — деп өзүн өзү текшерет: бардыгы өз ирети менен.
Уулун кыя албай жана кедей болуш Райымбекти кадырлап, Кызылбаш менен
кудалыкты бузууга убада берди; Тыныбек акмактын алдына бара албайм, уулум керек
болсо, Седепти өзү ала качсын деп, өзү чатак чыгарбоого убада бөрди. Бул акылга
Райымбек да, баласы да — баары макул эмес беле?!
Тыныбек да өз алына жараша баарын акыл менен иштеген. Бирок ал да аягы мындай
болуп, балаага башы малынаарын билбеген. Мындан оор иштерди деле башынан
өткөргөн эле. «Бу жолу каеримен жаңылдым?» —деп ал да ойлонот. Эгер текшерүү
менен тергөө дагы бир аз улантылып, аны опузалап, түрмөгө эки-үч күн отургузса, окуя
ачылмак...
Султаналы кыз жоголгондон бери тыным алган жок. Талас ичин мындай кой, башка
тараптарга да барып келди. Ага эрегишкен бирөө кышында сөз таратты: «Седеп
Анжиянда экен».
Аны уккандан кийин Султаналы акчаны мол камдап, ОлуяАтага чейин атчан, андан
ары поёзд менен кетип, кечөө күнү гана кайрылып келген. Анжиянда тааныш
соодагерлери жана достору бар неме аркалыктан келин алган өзбектерден сураштырып
да кыздын дайынын таппады.
Тоймат бийдин кытмыр суроосу жана Айтыкенин жоопко буйдалышынын жөнү
ушундай болучу.
Айтыке, насыбайын түкүрүп, оозун арчынып, шашпай сөз узатты:
— Аман-эсен келиптир. Анжиянда кыш жумшак өтүптүр. Биз сыяктуу абышкалары
кыштан топучан чыгыптыр. Андагы жаңылык деле биздегидей: бай, манаптар
бийликтен куулуп, кара таман өзбектер бийликке келиптир.
— Ой, тобо! — Атабек жакасын карманды.— Советтин бийлиги Анжиянга да
жетиптирби?
Чымчыкей суроого аткыгандай берилген жооп башкалардын моокун кандырды, ага бий
да тырчыган жок.
— Сенден эмне кабар бар? — Тоймат эми Атабекке карады.
— Кызылбаш түрмөдөн бошонуп келиптир. Дагы бир жарым жыл жатмак экен,
кантип кутулганын билбейм.
— Ошону үчүн Кудайберген да.— Тоймат кампайып койду.
Бул кабарды жаңы уккандар дүүлүгүштү. Бай, манаптар бир жагынан куулса, кайра бир
жагынан имерилип келишип, тирелишип турган учур. Ошону үчүн отургандардын бир
катары бай болсун, кедейдин башкаруучулары болсун, эч кимиси жөнүндө өз пикирин
ачык айтышпайт/
— Дагы эмне укканыңар бар?
Бийдин бул жолку суроосу жалпыга карата айтылса да, эч ким үн катпады.
— Эмесе, менден уккула.— Бий оңдонуп отуруп, ар бир сөзүн салмак менен айта
баштады.— Таластын башынан кадимки Айнабай болуштун туутаны оёзго бапгчы
болуптур, орто ченде Үсөндүн тукумдары бийлөөдө, өрөөндүн этегинен болсо чоң
болуштун окумуштуу баласы бар. Бизде Кызылбаш. Бай, манаптын баарын алдынүстүн
кылдык дейсиңер, аларга тең келген кимиңер бар?
— Бий ашыкпаңыз? — Айтыке да жоопту чукулунан кайрыды.— Бардыгы
акырындык менен... Саналуу гана кишиңер калды...
Дөңдө акырындык менен башталган сөз кызып, аягы талашка айланды. Сөздү кызыткан
Тоймат бий менен Айтыке чоң сакал. Айтыке сөзмөрлүккө салып, оңой менен
жеңидбей турган болгон соң бий ичке каткан акыркы оюн айтты:
— Силер андай эле мыкты болсоңор, Тыныбектин кызын эмнеге алдырдыңар.
Султаналы, Атай, тиги жылаңаяк болушуңар Райымбек баш болуп как талаада
калдыңар!
Эски бий өзү бийликтен кеткенден бери жыйналышта болсун, же өздөрүнчө ушинтип
кобурашып отурушкан жерде болсун, мынчалык ачык, мынчалык каардуу сүйлөй элек
болучу.
Упгу учурда жогору жактан карагер жоргону чайпалткан бирөө келатканын көрүшүп,
сөздү токтотушуп, аны карап калышты. Шаша келатканына караганда кандайдыр бир
кабар айтчудай, же эмне кыларын билбеген көпкүлөң жигит, же ат сууткан саяпкер. Ал
жакындаганда гана Атай экенин таанышты.
— Бу жигит эмнеге шашып калган? — Тоймат бий дагы кытмырлана суроо
таштады.
— Ассалоом алейкум! — деди атчан жигит.
— Алейкима Ассалоом!
Атай токтолбой абышкалардын дал түбүнөн өтө берди.
— Ии, жөнү бар экен.— Тоймат бий бир көзүн кысып.— Атасынын кабарын
угайын деп ашыгып келаткан турбайбы, үйүнө токтобогон бөчара. Кантсин, мында
жазык жок. Баарын кылган Султаналы куу мурут!
Бул айтканыңыз туура дегенсишип, абышкалар баш ийкешти.
Жалаң булар эмес, айылдагылардын ; баары «Атай үйүнөн кетет го, канчага чыдайт
эле!» — деп кеп кылышчу.
Айтыке берилген суроодон буйтап, «Анжиянда да бай, манаптар бийликтен кулап» —
деп какшыктаганы менен, Тоймат бий Султаналынын тумшуту ташка тийгенин жакшы
билет. Ал турсун, Анжиянга да бирөөнүн шылдыңы менен барганын уккан.
Седептен түңүлбөй, атасы каякка кетсе саргая жол карап жүргөн Атай «жок» деген
жоопту укканда кантер экен дегенсишип, абышкалар Султаналынын үй жагын акмалап
отурушту.
Султаналы да бекер отурган эмес. Ушу жолку сапарында «эң акыркы издешим,
табылса, табылганы, табылбаса — мындан ары биротоло жоголгону» деп шерт кылып
аттанган. Ал кыздан бир жолу түңүлдү. Бирок аны уулуна кантип айтат, айткан күндө
да, бу каргашалуу окуянын аягы эмне болот? Баланы алдоо, жалынуужалбаруу
керекли? Же сооротуунун дагы башка жолдорун табуу керекпи?
Кайраты таштай, өмүрүндө эки сүйлөп же жалыныпжалбарууну билбеген Султаналы
уулу менен бетмебет отуруп, ачык сүйлөшкүсү келди.
Атай аттан түшүп, үйүнө киргенде Ата-энеси, Тууганбай балачакасы менен жана Субан
абышка отурган экен. Баарынын кабагы салыңкы.
Ал «салоом алейкум!» деди да, отурарын же кайра чыгып кетерин билбей, олкусолку
болуп туруп калды.
— Алейкимаассалом! — Субан барпалаңдап — кел! Быякка өт!
Атай, токтолбой турган жолоочуга окшоп, камчысын керегеге илбей, Субандын
жанына отурду.
— Төрт көзүбүз түгөл отурабыз.— Султаналы күтүлбөгөн жерден сөз баштады.—
«Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат» дегендей, ачыгын сүйлөшөлү. Таппадым.
Анжиянда андай неме жок. Башка жакта да жок.— Ал уулун карап койду.— Колуман
келгенин аяганым жок, бар күчүмдү жумшадым. Буйругу жок нерсе ушундай болот.
Эми андан түңүл, балам! Тагдыр менен эрегише албайсың!
— Эх, таш боор тагдыр! — Субан үшкүрүндү. Атай мурутунан жылмайып, ордунан
турду.
— Кагылайын, каякка барасың? — Апасы кошо туруп, аны кучактай калды.
— Издейм. Өзүм издейм — деди Атай.
— Кое бер.— Султаналы аялына ачууланды.— Өзү түңүлмөйүнчө. бирөөнүн
айтканы жарабайт.— Ал алакан жайып:
— Бар уулум, бет алдыңан жалгасын! Оомийин! — Ал бата кылып бүтүп, көзүн
ачканда баласы үйдө жок эле. Отургандардын баарынан жаш кылгырат. Аккыз эси ооп
жыгылды.
Карагер жоргону минип, төмөн көздөй кайкайып жөнөгөн жигитти көрүп, дөңдө
отурган абышкалар да үрөйлөнүштү.
— Анын эмнесине таңгаласыңар? — Тоймат чежирени чече сүйлөдү.— Султаналы
уулунан ажыраганы ушул. Ушундай болмок. Биздин Таластын элине өнөрпоз
токтобосу атабабадан калган салт.
***
Качуу! Каякка качам? Эмне үчүн качам? Бул суроолор Атайды көптөн бери эрмектеп
жүрсө да, тобокел — деп атка мингенге чейин акылы бир жерге токтолбогонуна
өкүндү. Чын эле элимден качып баратамбы? Элден көңүлүм калгандай эмне болду? Бул
суроого жооп таба албады. Элден качканым жок, сүйгөнүмдү издеп баратам. Каякка?
Баса, каякка? Бир жылдан ашык убакыттан бери ою бир жерге токтолбогонуна
ачууланды.
Эми анымунуну ойлонуп отурууга убакыт жок. Туугандары чууруп эшикке чыгышып,
дөңдөгү абышкалар да букжуюшуп тиктеп калышты.
Атасы айткандай «бет алган жакка» тобокел деп кете берди. Акыл, балким жол жүрүп
баратканда ойго келер, же Седептин кабарын угармын, ал табылбасаи.. Анда эмне
болом? Башка элге сиңип кетемби?
Атай кетип баратат жана каякка барарын ойлонуп баратат. Алыска аттансам кереги
тиер — деп чогулткан тыйыны, же айдаган малы жок.
Ал жүрүп отуруп, бешимге жетпей Талас кантонунун борборуна келди. Нарыбери
жүргөн атчандар көп. «Чогулуш», «Кантондук аткаруу комитетинин жаңы
председатели шайланат экен» деген сыяктуу сөздөр чыгат. Тааныштары жолугушса
токтото калып сурашат:
— Ой, сени башка жакка кетти дешти эле го?
— Кетсем, сенин жаныңда турат белем?
— А балким, кайрылып келгендирсиң.
— Кеткен киши кайрылып келчү беле? — дейт Атай тамашага чаптырып: — Ой,
эмне баарыңар эле дүрбүп ушул жерде жүрөсүңөр?
— Чоң чогулуш. Кантондук аткаруу комитетинин төрагасы шайланат экен?
— Ким? — Бул жаңылык Атайды да кызыктырат: — Чогулушуңарга мен да
катышсам болобу?
— Мандатың барбы?
— Мандат дегениң эмне?
— Мандатың болбосо, убара болбой кете бер.
— Эмесе, кош бол, көрүшөбүзбү, жокпу?!
— Ой, каякка?
— Сен айткан жакка.
Атчан карагер жоргону теминип, топтон бөлүнүн чыгат.
Аңгыча кыйкырык чыгат:
— Атай! Ой, Атаай!
Кызыл желек тагылган чоң имарат жактан энтелеп чуркап келаткан Эсенбекти көрүп ал
кайрылып келет.
— Кайда жүрөсүң? Бир жумадан бери таппайбыз. Атай мурчуюп, анын сөзүнө
жооп бербейт, атын туура
тартып, кетүүгө камынат:
— Эмнеге чакырдың? Айт. Жолуман калбайын.
— Каякка бармаксың?
— Кетип баратам. Кайра айланып көрүшкөнчө аман-эсен бол! Менден өткөн
кемчиликтер болсо, кечирип кой... Жолугуп калганың жакшы болду... Кана, апкел
колуңду!
— Кое тур, анан кечиришип алабыз. Азыр экөөбүз чойгулашып отурууга убакыт
жок. Чогулуш башталып калды. Атыңан түш!
Ал тарткынчыктайт:
— Мандатым жок.
— Сен эмне делегат белең, мандат менен киргендей. Көп сүйлөбөй аттан түш.
Ал атын зым карагайга байлап, Эсенбектин соңунан ээрчип, чоң залга кирди. Эл толо.
Алар арт жактагы бош орундуктарга отурушту.
Атайдын көзү прөзидиум тарапта. Өңчөй чачтуу кишилердин арасында башын
мадырайтып Райымбек. Аны көрүп бир чети кубанып, бир чети күлкүсү келип,
Эсенбекке шыбырады:
— Тиги, биздин мадырайган болуш чоңдордун арасына кантип отуруп калды?
— Акырын. Ал Кантисполкомдун төрагасы болуп шайланды.
Атайдын оттуу көздөрү жайнай түштү:
— Баракелде! Эми ал байлардын, манаптардын сазайын берет... Тамаша башталат
турбайбы!
Жолуман калам деп ашыккан Атай чыгып сүйлөгөн кишилердин сөзүнө кызыгып отура
берди. Бардыгы эле тап душмандарды жоготобуз, кедейлердин турмушун оңдойбуз,
жаңы турмуш курабыз деп шаңдуу сүйлөшөт. Алардын айткандарынын баары туура
болсо, Таласка бейиш орногондой. Ушундай сонун сөздөргө муюп отурган жигитти
Эсенбек капталга түрттү:
— Сени Райымбек аксакал өзү издеткен? Каякка жоголдуң дейм!
— Аксакал өзүбү? — деди Атай ишенбегендей.
— Ооба, чогулуштан кийин аксакалга өзүм жолуктурам.
Жүрөгү эленжелеп болгон Атай «шашып турам, жолуман калбайын» деп айтпады.
— Азыр иштей турган жумуштар көп. — Эсенбек сөздү таамайлап, шыбырай
сүйлөдү. — Тап күрөшү курчуп турган учур. Бай менен манаптарга ар тараптан
чабуулга өтөбүз. Сен да биз менен алдыңкы катарда болушуң керек.
Атай аргасыз күңкүлдөйт:
— Менин башка жумуштарым бар. Тияктан келгенден кийин...
— Революциянын ишин эртеңкиге калтырууга болбойт. — Эсенбек ачууланып
катуулай сүйлөдү. — Антсек биз тап душмандарына мүмкүндүк берип, социализмдин
курулушуна бөгөт болобуз. Душмандар менен опноого болбойт.
Жанында отурган кишилер «акырын», «бакылдабагыла» деп эскертишти. Прөзидиум
тарабындагылар да алардып бакылдаганына көңүл буруп калышты.
— Түшүндүңбү? — деди Эсенбек ызырынып. — Биз аларды жер бетинен жексен
кылмайынча...
— Толук түшүндүм. — Атай комузун сыйпалап, ойлонуп отуруп калды.
— Булар чогулуштан чыккандан кийин эле кызыл тууну булгадап, өрөөндү каптап
жөнөшөбү? Буларга кедейлер кошулуп, шатырашып жөнөшсө, жер солкулдар эле.
Чогулуштан кийин алар кызыл тууну булгалап жапырт аттанышпастан, ар кимиси ар
жакка тарап кетишти. Эсенбек Атайды ээрчитип, кантондук аткаруу комитетинин
төрагасынып кабинетине алып келди. Райымбектин жанында жогору жактан келишңен
дагы эки кипш бар экен.
— Ой, бала сен кайда сенделип жүрөсүң! Быякта иш кычап атса! — Райымбек ага
ырайымдуу карап, жанындагы жолдошторго тааныштырды:
— Атай деген жигит ушул.
— Султаналынын уулу деп Эсенбек кошумчалады.
— Кайсы Султаналыны айтасың? — Райымбек айкыра сүйлөсө да, сөзүнүн аягын
жумшартты:
— Атай Огонбайдын уулу. Огонбай деген бир уйдан ашык мал күтпөгөн анык
пролетар. Султаналы болсо, Огонбайдын агасы, орто дыйкан. Саясы жагынан
олкусолку, кедейлерге да болушат. Кызылбаш манапка да жан тартат.— Ал Атайды
далыга чапкылап. — Сен мындан кийин, өз фамилияңды колдон. Сен чыныгы кедейдин
тгукумусуң. в— Анан Эсенбекке буйрук берди. — Анкетин Огонбай уулу Атай деп
толтур.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 13
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов