Latin

Атай - 11

Общее количество слов 3901
Общее количество уникальных слов составляет 2142
30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Арачылар эмне үчүндүр түзүн уйрө киришти. Чырым качып жоголду.
— Акмак! Бул эмне жоругуң! — Тыныбек камчысын бостекке бир чапты,—
Башкаң келишип, ушунуң калдыбы?
— Ата, абайлай суйлөңүз! — Мактоо угам деп отурган: Мамат ызаланып, оозун
чормойтту.— Эмне үчүн мага салам бербей айлымды аралап өтөт. Мен анын атын союп
алам.
Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек уулуна жооп берүүнүн ордуна
жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды:
— Бар, атын жетелеп алып бар!
Алымбай колун бооруна алып, ордунан турарда:
Алып барба дейм! — Атасынан кагуу жеп, ыза
ланган мырзанын көзү жашка толду. Алымбай мырзасынын ырайына карап отуруп
калды. Бирок ачуулуу Тыныбек Шадыбекке карап ээк кагып койду.
Шадыбек Маматтын дартын билеби, байдын буйругун орундап, Эсенбектин атын
коштоп, үйдөн узай берди.
— Намысы жоктор... Душманды б»ашка чыгардыңар! Тыныбек баласынын намыс
чакырган сөзүнө түкүрүп,
эшикке чыкты... Булардын жоругуна келин да түшүнө албай күйөөсүн жалооруй
караганда, Маматтын муунжүүнү бошоп, төшөккө үстөмөнүнөн түшүп, жаш балача
өксүйөксүй ыйлады.
Үйдө отурушкан меймандар астыртан күлүштү да, тарап кетишти. Кайнап турган эт
ошо бойдон желбей калды.
Атай Маматтын меймандостугуна жана адамгерчилигине ишенчү эмес. Аны менен
жолдош болсо, чоң уятка кала турган. Кол үзүшөйүн десе, Седеп менен жолугушууга
мүмкүндүк берген ушул үй гана...
Ушул окуядан кийин Мамат салам айтпай өтүп бараткандарды айыптоого көңүлдөнбөй
калды. Эрдигинен жана жолдошторду көбөйтүп, аларды сыйлай берген менен эч бири
жардам бере албасын көрүп, конок чакырууну азайтты. Бирок мансаптан түңүлгөн жок.
Ага жетүүнүн жолун таба албай, бактытаалайынан жана кудайдан күттү.
Анын жанында калган кыйышпас жолдошу Тоймат биидин уулу Чырым жана малайы
Алымбай.
Ал убакытты куш салуу, мергенчилик кылуу менен өткөрө башт^ады.
Атайдын жакындай баштаганын Мамат ойго албаган менен Тыпыбек, Султаналы ойго
алып, ар кимиси өзүнчө жыйынтыкка келди.
Замандын өзгөрүп, өзү алдан тайып баратканын эки уулунан көрө Тыныбек жакшы
түшүнөт. Мындай шартта баягысынча айылды каалаганындай башкарып, өз бийлигин
жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Андан көрө жакырдан чыккан чоңдор менен мамилени
бузбай, а түгүл түбү бирге тууган Султаналыга окшогон тоң моюндар менен илажы
болсо жарашуу жакшы.
Байдын оюнда көп нерсе болсо да, аны аткарууга шарт жок. Султаналынын алдына
барып «элдешели» деп жазакерсинүүгө намыс кылат. Жараштыруучулар табылбайт.
Ал кысталып жүргөн учурда Атайдын Седепке имерилиши эрегишкен эки кишиге
данакер боло тургансыды. Султаналы менен Кызылбаштын куда экенине карабастан,
эки жаштын мамилесине атасы тоскоол болбоду. Атай да Абдыракманга окшогон көк
экендигин, ашыктыкка чалынган жигит акыры атасын көндүрө турганын Тыныбек
алдын ала ойлоду. Анын үстүнө тууган кишилер кетишип каякка барышмак? Балким
Султаналы да жакындашуу үчүн ылайыктуу учур таппай жүргөндүр.
Өз оюна өзү кунт койгон Тыныбек акыркы күндөрдө сары оорудан айыгып, кишилер
менен аралашып, калыбына келе баштады. Мына ал көңүлү куунак, төрүнүн төбөсүндө
букжуюп отуруп, байбичесине карк этет:
— Ээ, байбиче!
— Эмне болду? Жаныңда эле отурам го...— Байбичеси анын жоругуна күлөт.
— Кызың канчада?
— Ии, ботом! Кызыңдын канчада экенин ушу убакка чейин билбейсиңби?
— Эсимде жок, жоо алгырдыкы!
— Жылы улуу. Эсептей бер.
Жашты сүрүштүрүү айылдагы кишилердин баарынын колунан келе бербейт. Бай антип
башын оорутуп көргөн жан эмес.
Байбиче өзү эсептей баштады:
— Мына! Улуудан улуу он үч, жылан он төрт, жылкы он беш. Азыр кой жыл, он
алтыга чыгат. Ушунун эмнеси кыйын! — Байбиче эсепчилигине мактанып калды.
Байдын башка аялдары жаш эсептегенди билчү эмес.
Өз оюнда жаш деп жүргөн кызынын кара далы болуп калганын Тыныбек эми билип
отурат. «Баланчанын кызы эр албай атасынын төрүндө карыптыр» — деген сөз жаман.
Кудасы болсо, бере салып, бир милдеттен кутулуу жакшы. Седептин башы ачык. Кээ
бир жуучу түшкөндөргө Тыныбек макул болбой койгон. Бирөөлөр теги жагынан
мыкты, күйөөнүн керт башы келишпейт, күйөөсү келишсе, текжайы төмөн. Ошентип,
Седеп атасынын төрүндө отуруп калган.
— Кызың бойго жетти.— Абышканы иренжитпейин— дегенсип Манат байбиче
сөздү жылмалап сүйлөдү,— Кудай бактысын ачсын!
— А, кудай, бактысын ача гөр! — Бай да тилек кылды.
Султаналынын үй-бүлөсү эки жаштын ортосундагы мамилеге башкача карашты. Атай
Маматтын үйүнө эмне үчүн үйүр болгондугу түгүл, токойго барып жүрүшүнөн да
кабардар. «Көп болсо Тыныбек жаманатты болор, баламын эч нерсеси коробойт»,—
деп ичтен тынып жүргөн Султаналы иштин ырбап баратканын түшүндү. Анын үстүнө
кече күнү Кызылбаш да какшыктаган: «Тыныбек байдын этегин кармайын деген
экенсиң». Ыза болгон Султаналы: «Эсиң барда этегиңди жап» — деп, Атайга катуу
зекиген. Бирок ал кечетен бери Маматтын үйүндө. Уулунун жүрүшү анын ачуусун ого
бетер келтирген.
Атай чоң шашкеде кайтты. Николай досуна араба жасатуу үчүн АкЧийге жөнөгөнү
турган Султаналы аттанар алдында Атайды тергөөгө алды:
— Каякка жоголдуң?
— Маматта...
— Маматсаматың менен. Булардан алиге көңүлүң кала элекпи? Намыс дегенди
билесиңби?
Атай үнсүз.
— Мындан кийин ошол иттердин айлына басканыңды көрөйүн! Кыз эле көргүң
келсе, кайнатаңдын айлына бар!
Султаналы буркулдап атына минди. Унчукпай калуу менен иш бүтөбү. Сөз мынчалык
чыккандан кийин Атай өз оюн ачык айтууну туура көрдү.
— Ата, убара болбоңуз. Мен Кызылбаштын кызын албайм.
— Эмне? — Султаналы атын теминип койгондо тору ат баланы тепсеп кете жаздап,
жер чапчып турду.
Атайдын жүрөгү болк этти, бирок оюндагысын жашырууга болбой калды:
— Кудалыкты кечтим!
— Ийи, Тыныбекке эмитен бала болуп калган турбайсыңбы? Жогол, Мамат,
Тыныбегиң менен кошо жогол! — Султаналы бөрү тил камчыны шилтегенде, Атайдын
жону кайыш тилингендей зыркырап, үйгө кире качты...
Иш ушуну менен бүтүп калса жакшы болот эле. Султаналы ачууланган бойдон
Тыныбектин айлын көздөй катуулап баратты. Тыныбекке эмне айтканын Атай уккан
жок, бирок тилеги таш капканын туйду...
Султаналы эшиктен үн салганда кымыз ичип отурган бай:
— Аттан түшүргүлө, суусун ичсин,— деди. Байдын күткөнү жакшылык эле.
— Ээ, Тыныбек! — Султаналы бакылдап катуу сүйлөдү.— Сен, акмак, менин
баламдын кудасы бар экендигин билбейсиңби? Же анын башын имерип алгың барбы,
уятсыз! Болду, ушундайыңда абийириңди жап...
Тыныбектин көзеси колунан түшүп, кымызы этегине төгүлүп, эмне дээрин билбей
тишин кычырата берди. Султаналынын үнү алыстап, аттын дүбүртү угулбай калганча
эсине келбеди.
— Кудай! — деди ал акырында бакырып.— Бул эмне деген кордук! Мындан көрө
өлгөнүм жакшы... Өлгөнүм! Кайда жүрөт, уятсыз кызың?
Султаналынын каардуу сөздөрүн жана Тыныбектин бакырыгын Седеп гана эмес,
Мамат менен Уулжан да угушуп, бугуп калышкан.
Тыныбектин айылы бүлүккө түштү. Уруш, бакырык. Үч аял тең эринен таяк жеди.
Ошондо да байдын ачуусу басылган жок.
Бул кабар Атайга түшкө жакын жетти. Уулжан Алымбай аркылуу болгон ишти толук
айтып жибериптир: «Султаналы баарыбызды шерменде кылды. Атам арынан өлө
жаздап, ачуусун аялдарынан чыгарууда... Баарын кылган силер деп Мамат экөөбүздү
күнөөлөп, эшикке чыгарбап койду. Кыз азыр өлүү менен тирүүнүн ортосунда... Атай
мындан ары биздин көзүбүзгө көрүнбөстөн, анын да өлгөнү, биздин да өлгөнүбуз...»
Абал кыйындады. Баары эч нерсе ^мес, ызалуу Седеп кантээр экен? Атайды толгонткон
суроо ушул.
Атай баягы жалгыз теректин түбүн пааналап калган. Арман айтары да, угары да комуз.
Ага боор тарткан Субан абышка менен Аккыздын колунан эч нерсе келбеди.
Султаналыны убададан тайдыруу Талас суусун тетйри агызуу — деп айтты акырында
апасы. Чертет, кайгырат. Ойлонот. Кашаттын кырына чыгат. Кыздын карааны үзүлгөн.
Эч болбогондо анын барыжогун, өлүүтирүүсүн билүүгө зар болду.
Ал атасынын мынчалык кара өзгөйлүгүн, бет алган жагынан кайтпасын билчү эмес.
Баласынын зарын тыңшабап, иштин баарын чаңдатып, Седеп менен Тыныбекти эл
караг.ыс кылды. Тыныбек эми Атай үчүн күнөөлүү көрүнбөй калды. Бардыгын
бүлдүргөн — жалгыз гана Султаналы. Тыныбектен өткөн таш боор, мээримсиз
бол¬гону үчүн ал атасынан көңүлү сууду, ичинен жек көрө баштады. Эшмамбетке
окшоп, үйүнөн, айлынан бөзип, кулак уккус жакка качкысы келди. Седепти кыйбайт.
Атасы жокто гана үйүнө кирет, өлбөс үчүн наар татат. Кээде Субандын үйүнө, кээде
башканыкына түнөйт. Көрүнгөнгө жалдырап жүрүп, акырында «Седеп тирүү» деген
кабар угуп, бир аз тынчыды.
Жигиттин башы маң. Эгерде Тыныбек кыйшаңдаса, аны менен өлгөнчө күрөшмөк.
Совет өкмөтү, кедей болушу сөзсүз аны жактамак. Өз атасы сөзгө келбеген соңг эми
аны менен күрөшүүнүн жөнүн таппады. «Атасы менен жоо болуптур» деген сөздүн өзү
эле жексур. Султаналы өз атасы болсо да бир жөн. «Өгөйлүк кылып, атасы менен
кармашты» деп сөз кылышары шексиз. Баарынан ушунусу жаман.
Күндөр өтүп жатты.
Бака теректин жалбырагы күүлүп бүтүп, арбайыпсарбайып, көркүнөн ажыраган. Анын
түбүндө комузун кыңгыратып отурган жигиттин кызыл чырай иреңинин каны качып,
күзгү жыгачтай саргара баштаган. Ушул жерден кетпейт. Чакыргандарга да барбайт.
Жакындан бери Тыныбектин койчусу Мамыр ушул тарапка көбүрөөк каттай баштаган.
Сырт жактан келип, жаш комузчунун абалын көрүп, жанына отура тургаң Мамыр гана.
Калгандары окуя эмне менен бүтөр экен— деп, аны алыстан байкашат.
Мамыр Субандын кызына кылчактап келип жүргөнүн Атай да түгпүндү. Бир күнү
экөөнүн ортосунда күтүлбөгөндөй аңгеме башталды.
— Сенин арманың барбы? — Сөздү Атай баштады... Койчу үшкүрдү:
— Арманым чоң!
— Кара ташыңа арман кыласыңбы? Заман азыр кедейдики. Башың бош, каалаган
жагыңа кете бересиң. Сага эрегишкен, касташкан эч ким жок.
Койчу да тартынбады:
— Сенин арманың барбы?
— АрманыМ чоң! )
— Кара ташка арман кыласыңбы? Жетимдик дегенди билгениң жок. Бирөөгө малай
болгонуң жок. Атың ал: дыңда, комузуң колуңда.
Атай күлдү:
Сага ошондой көрүнөт. Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу. Мындан
көрө сенин ордуңда болсом, бактылуу элем.
Мамыр да күлдү:
— Менин жолум ачык. Бирок колуман эмне келет? Менин сөзүм кимге өтөт?
— Сен эмнеге арманда болгонуңа түшүнбөйм. Субан чоң атамдын кызына ашык
болуп, ошого жете албай жатканыңабы?
— Ошо оңойбу?
— Жигит эмес экенсиң! — Комузчу аны далыга чык эткизди.— Сонун экөөңдүн
кымылдашыңа караганда бир ооз гана сөз керек. Ал колуңан келбесе, Субан чоң атама
мен эле айтайын.
— Оозуңан айланайын! — Мамыр ага жалынды.— Өмүрүмдө сага кул болуп жүрүп
өтөйүн.
— Мага кулдуктун кереги жок.
— Аа, билем.— Мамыр санын чаап күлүп,— Седепке бир ооз сүйлөшө албай
күйүпжанып жүрөсүң го. Аны мага кое бер.
— Оозуңдан айланайын! Сага кулуң болоюн.
— Мага кулдун кереги жок! Экөө тең каткырышты...
Эки жигит бака теректин түбүнөн бөлүнүшүп, бири Субандын үйү, бири Тыныбектин
айылын көздөй кетти.
Бүгүн Тыныбектин үйүнө Кетмен-Төбөдөн бир топ конок келген. Бай менен байбиче
коноктор менен кошо отурушат, түйшүк жалчылардын мойнунда. Алымбай кой союп,
Мамыр отун жарып, от жагуу менен күйпөлөктөп жүрөт. Самоор кайнатып, нан
бышырып, меймандарта чай беришкен аялэркектер башка.
Тыныбектин конокту шаңдуу күтүшүнө Мамырга өзүнүн жүрөк сыры шаңдуу.
Алымбай эшиктен көрүнө калганда, бир ооз сөзүн айтып калгысы келет, бирок ал
алактап токтобойт: «Ыя, эмне?» — деп коюп өтө берет.
Этти Тыныбектин ортончу жана кичи аялынын үйүндө бышырышты, Мамыр бир
казанга ээ болуп, Бурулчанын үйүндө.
Чоң үйдө отурган меймандардын кебинен кур калгысы келбеген Бурулча кирипчыгып
бир жерге байыстабайт. Чоң үйдөн чыкпайын десе, Седеп жалгыз калат, аны өзүнчө
калтыруу баары үчүн коркунуч, кыздын жанынан жылбайын десе, кептен куру калат.
Седептин иреңи жөздей катып, бурчта. Апасынын сөзүнө, башкага да жооп бербейт,
тек санаасы менен гана эрмектешкендей.
Атай менен Седептин аңгемесин билген Мамыр кызга боору ачыгандай «дүнүйө» деп
койду.
Тамакашты текшерип, ар бир үйгө кирип, кызматкерлерге буйрук берип жүргөн
Алымбай ортончу үйгө келгенде Мамыр аны этектен алды:
— Токтосоңчу!
эмне үйлөнө тургансып делоеленип калгансың!
Же мени тсноңа чакырууга келдиң беле! — Андан жадаганеып Алымбай тумшугунан
тийди.
— Жакында үйлөнөм. Азыр Атай мага жуучу болуп, Субакемдин төрүндө отурат.
Сага атайын ушуну айта^гыа десем...
Атай деген сөз чыкканда Алымбай эрдин кымтып, кыздын көзүнчө аны айтпа
дегенсиди:
— Жакшы болуптур! Тилегиңе жет! — Чайчы жигит башка сөзгө келбей жүрүп
кетти.
— Сага корогон кайран сөз! — деп үйлөнүүнүн маанисин түшүнбөгөн Алымбайга
нааразы болгон Мамыр от боюнда кала берди.
«Атай» деген сөз угулганда Седеп селт эте түшкөн. Мамырдын үйлөнүү дегенин гана
утуп, кеп эмне жөнүндө болгонун аңдабады. Ал оттун жанына келип, жакшы күйбөй
бырыксыган суу жыгачты ичкертимиш болуп, малайга көз салды да, анын жасанып
алышынан улам ушул үйлөнөт экен го деп болжоду. Мамыр Субанга бала болорун,
Субан менен Атайдын мамилеси өтө жакындыгын Седеп да уккан. Малай жигиттен
шектенбей сөздүн четин чыгарды:
— Атай кайда?
— Үйдө...— Мамыр мукактанды.— Азыр Субакемдин
үйүндө.
— Унуттубу?
— Унуткан, унутпаганын билбейм, айтор, «Күйдүм чок» деген күүнү чертип эле
кереликечке сыздап жүрөт. Сенден кабар алып кел — деп, менден суранды.
Кыз Мамырга жакындап келип, анын кулагына жылуу илебин тийгизе шыбырады:
— Бүгүн мен ушул үйдө болом... Мындан башка күндөрү ал менин караанымды
көрө албайт... Уктуңбу? — деди да, кыз бзүнүн ордуна барып отурду.
Атай жөнүндө бир ооз сөз гана айтылса да, кыздын иреңине нур жүгүрө түшкөнүн
Мамыр көрдү:
— Казан кайнадыбы? — деп жекире кирген ортончу апасын Седеп сөзгө алды:
— Келгендер кимдер?
Кудай буга берген го деп, кыздын сөзгө келгенине кубанган Бурулча жалынып
жиберди:
— Садагаң болоюн! Сага жаным курман! Муну ичип жиберчи! — Ал майга
кайнатылган куруту бар кесени суна койду.
Седеп эки-үч дем алып жутту да, кесени апасына узатты.
— Кимдер экен?
— Кетмен-Төбөлүк саяктын манаптары, атаңдын эски досу баласы менен...
— Эмнеге келишиптир.
— Билбейм, айтор, «кеңеш өкматы, Анжиян, соода» деген эле сөздөр...
Мамыр оокатты бышырып болгондон кийин, кешиккүшүк күтпөй Султаналынын үйүн
көздөй чуркады. Өзү Атайдын жаңылыгын угуп, Атайга Седептин саламын айтмак. Бул
эки кабар теңдеши жок кубаныч эмеспи.
Султаналынын үй-бүлөсү оокатты жаңы гана жеп болушуп, колдорун жууп жатышкан
экен.
Аңыраңдап кирип келип, энтелеп туруп калган Мамырды көрүп, баары күлүп калышты.
— Сүйүнчүңдү чыгар! — деди Аккыз,— тилегиң орундалды.
— Башым даяр! — Мамыр чөгөлөп отура калып, мойнун созду.
— Болду. Болду. Ыраазыбыз.
— Атаке, бери кел! — Мамыр эшикке башын шилтеди.
— Барчы! Жуучу болгонуңду өз оозунан уккусу келип турат.— Аккыз балдарынын
артынан күлүп калды.
— Сүйүнчүмдү бер? — Эшикке чыгар менен Мамыр Атайды кучактады.
— Эмненин сүйүнчүсү? Сенде бир жакшылыктын жышаанасы бар...
— Седеп... Седеп менен сүйлөштүм...
Атай анын оозун алаканы менен баса калып, үйдөн обочо жетелеп барды:
— Качан? Кантип? Эмне деди?
— Субакемден жооп алып келишиңди күтө албай сандалып Алымбайдыкына
барып, ушул ишке туш болбодумбу! Тыныбектикинде бүгүн чоң меймандар бар экен.
Баары конок күтүү менен алек. Кызы ортончу үйүндө экен. Мен отун жарып, тамак
бышырышып...
— Сенин отунуңду кое турчу! Седеп эмне дейт?
— Унуттубу дейт... Мындан башка күндөрдө менин караанымды көрө албайт дейт.
Атай эки жагына кулак түрдү. Казыктын түбүндөгү күрөң уйдун бышылдаганы,
үйдөгүлөрдүн кобураганынан
башка дабыш жок. Тоо башынан ай кылтыйып чыга калды. Жарыкта көзгө чалынбайлы
дегенсип Атай жолдошун жетелеп дагы ары кетти. Эми уйдун бышылдап дем алганы
жана боз үйдөгү кобур да угулбай калды.
— Седептин иреңи кандай? Сөздү кантип сүйлөдү? Мамыр көргөндөрүн жана
уккандарын айтты...
Кыз күнүтүнү кайтарылуу эле. Түнкүсүн эшиктин каалгасы ичинен кош кулпу менен
бекилип, босогонун түбүндө балтасын жазданып, Тыныбек өзү жатып жүргөн. Кыздын
төшөгү апасынын жанына салынуучу. Мупун баарын Алымбай менен Маана аркылуу
билишкен.
Тилеги бүгүн орундалуучудай Атай Мамырдын колун кысты:
— Сураганың сеники! Эми Тыныбектин үйүнө жетүүнүн амалын тап. Иттери
Тыныбектин өзүнөн да ажаан.
— Байдын иттерин күчүк көзинде өзүм чоңойткомун... Эки жигит айылга
жакындаганда арсылдаган бир топ
ит жарып салчудай качырып келатышты. Атай Мамырдын артына корголоду.
— Кантет? Майтике, Актөш!
Тааныш үндү угушканда иттердин жаагы сынып, чамгарактаган куйруктарын
бултактатып туруп калышты. Алар бир кыйынчылыктан өтүштү, бирок ай шыкаалап
турганда айылга ачыгыраак барбастан, нары жакка өтүп, сай жактан киришмек болду.
Атай сайдын четиндеги чырканактын түбүнө жатып, ортончу үйгө кирип бараткан
жолдошун көз ирмебей карап турду. Жабылган эшик качан ачылаар экен... Анын көзү
талып, убакыт учуп жаткансыды... Бир оокумда эшик жалп этип, кимдир бирөө чыкты.
Атайдын жүрөгү түкүлдөп, иттерге көрүнүп калбоо үчүн чырканактын арасын
акмалады. Шөлбүрөгөн чоң чапандуу, тебетейчен караан эркек, же кыз экени ачык
билинбейт. Чырканакты көздөй түз баспастан кыйгачтап келатат.
«Тыныбектин өзү, же даарат алганы жүргөн мейманбы?»
Ал чырканактын тушунан өтүп барып, сайдын кашатына токтоду/
«Ушул сандалган неме да жолто болду!» — деди Атай кыжырланып.
Жигит кейип турганда «Күйдүм чок» кулагына зыңылдай түштү. Ал кайдан угулганын
билүү үчүн тегеренип кетти. Абайласа темир комуздун үнү сайда турган чоң чапандан
чыгууда. Атай ашыккан бойдон чырканакты шатырата аралап, сай ылдый чуркады...
Мамыр кыз бөтөн көзгө чалынбагай эле деп титиреп турганда темир комуздун
чыккынчы дабышы чыкканда ал ичи оорудай тыбырчылады. Жакшы жери эшикте эч
ким жок экен, үйдөгүлөр кобурсобур, күлкү менен укпай калышты.
— Эмнеси болсо да төз кайткай эле! — Мамыр өзүнүн үйлөнүшүн ойлобой эле,
ушул жерден аман-эсен кетүүнү ойлоп отурду. Кокус шек билинсе, Атай менен? кыз
түгүл, Мамыр да бул жерден тирүү кайтары күмөн.
Аларды аңдый турган кишилер бар экендигин эки жаш ойлободубу, же баарына
кайылбы, айтор, бири-биринен бөлүнүшө албады... Экөөнүн бети тең жашка жуулган.
Эриксиз ачуу жаштын баары жалгыз Седептикиби, же өзүнөн да кошумчасы барбы,
аны жигит абайлаган жок.
— Сени бир көрүп өлсөм арманым жок,— деп тиледим эле. Ыраазымын...
Каалашса, эми менин колу-бутумду таңып ыргытышсын!
— — Антпечи! Сени менден бөлө алышпайт.
Атаке, куру сооротуунун пайдасы кайсы? — Ал кабыргасын кайыштырган
кучактан бошонуп, анын сүрөтүн тартып калчудай көзү талыганча тиктеди.
— Мен да бала эмесмин.— Атай ага колун сунду.— Бер дейм колуңду! Азыр заман
башка... Экөөбүздүн аталарыбыз да, Кызылбаш да кыңк эте албайт.
Седеп бу жолу да колун берген жок.
— Шерттешпей эле колуңдамын... Сенин оюңду түшүнүп турам. Бирок...
— Бер дейм колуңду!
— Жанымды ал!
Ушул сөздөн кийин Атай кол алышууну суроону токтотту...
Мамыр үйгө кирипчыга берип жедеп бүттү. Кыздыв жанына эмдигиче эки-үч жолу
келип кете турган. Бурулчанын аягы тыйылганына да ишене албады. Балким, бир
нерсени иштеп калгандыр. Барып билүү керек: эгерде Бурулча жөн эле олтурган болсо,
Мамыр кызды Атайдын кучагынан сууруп алып, үйүнө жетелеп келмей болду.
Мамыр чоң үйгө жакындаганда эле үнү салмактуу жана жай чыккан ыр угулду.
Байыш дубана ак урганын айтып жатат. Агасы Жаныш жанында жашып турат дейт.
«ЖанышБайышты» Мамыр да элдирселдир уккан эле. Болжолу аяктап калыптыр. Ал
чуркаган бойдон сайдыа жанына жетти:
— Бүткүлө! Тарагыла! Бурулча азыр келет! Сөзүнүн жайын түшүндүрбөй Мамыр
майпаңдап ортончу үйдү көздөй чуркады.
— Кош, Атайжан!
— Кишини муңайтпачы!.. Кабарды эртең эле угасың! Алар чырканактын жанына
чейин басып келишип,
дагы туруп калышты. Бул учурда Бурулча да чоң үйдөн чыгып калган эле. Мамыр эми
эмне кыларын билбей үйдүн жанына отурган калыбында чотун жыгачка какылдата
ургулап, какала жөтөлдү. Бурулча аны капарына албай үйгө башбагып алып, кайра
чыкты:
— Көр болгур, кыз кайда?
Мамырдын чоту жаза чабылып, өтүгүнө тийди. «Өлдүңөр» дегенсип, ал чырканак
жакты карады. Анын көз карашы аялга «тигине» дегендей туюлду.
Чырканактын жанынан бир караан бөлүнүп чыкты. Бурулча кишинин баары барып
жүрчү тараптан шектөнбейт эле, дагы бир караан булаң этип сайга киргенин курч көзү
чалып калып:
— Оңбогур, тиги ким? — деди Мамырды желкеден алып.
— Кайсы?
— Суук баштын анткорлугун кара! — Аны түртүп жиберип, кыйкырмакчы болуп,
оозун ачып барып, өзүн өзү токтотту. Чуу көтөрүлүп, кыздын бирөө менен болгону
шардана болсо, анын азабын Бурулча өзү тартмак.— Ыр укпай эле куруп калсамчы!
Өлдүмөлдүм!
Ортончу катын жинденип турганда Мамыр качыа чыгып, Атайдын жолун тосту.
***
Болуштун секретары Эсенбек сур жоргосун чайпалтып, Тыныбектин айлын аралап өтүп
баратты. Эшиктө нооту чепкен жамынып, суусар тебетейин бир көзүнө түшүрө кийип
чиренип турган Мамат аны көрмөксөн болуп бурула бергенде.
— Ассалоомалейкум! — деди Эсенбек өтүп баратып. Мамат алик албай, ал өткөнчө
чиренген бойдон турду. Эсенбек тексиздин кебетесин карабайсыңбы: башында кийиз
калпак, күрмөсү шайтан териден, бар абийирин жапканы — алдындагы сур жорго.
Ошону үчүн Мамат аны өзүнө теңеген жок.
Райымбек болуш беш канат боз үйүнүн капшытында, бир кабат көлдөлөңдүн үстүндө
мандаш урунуп отурган.
Анын төмөн жагында секретары отуруучу кичинекей жазуу столу. Катарлаш жыйылган
жүктүн алдындагы кооз сандыктан башка үйдө көзгө көрүнөрлүк жасалга жок. Бирок
кийимдер ала баканга илинүү, идишаяктары аяк капка салынган, төшөлгөн кийиз менен
шырдамалдар таптаза, үй ичи көзгө жылуу учурайт.
Ишке келген Эсенбек болуш менен учурашкандан кийин чапанын чечинип, стулга
отуруп, папкасын ачты.
Райымбек жанында чөк түшүп, арызын айтып отурган кур шымдуу эки кишиге
кайрылды:
— Бара бергиле, акыңарды Кудайбергенден өзүм өндүрүп берем!
— Кудай жалгасын! — Даттуулар алкоосун айтышып, ыраазы болуп кетишти.
Совет бийлиги орносо да, Кызылбаш тизгин талашканын койбоду. Азыр бир болуш
элди баштагыдай башкарбаса да, өз айлын өзү бийлейт, доону, чатакты болушка
акылдашпай, өзү бүтүрөт. Эл арасында «Райымбек тексиздик кылып, Кудайбергенден
коркот» — деген ушактар тараган. Эски манаптар менен чечкиндүү күрөшүү керек эле.
Райымбек ушу жөнүндө ойлоп отурганда Эсенбек аралжы болду:
— Аксакал! Акылдаша турган сөз бар.
— Айт! — Райымбек чөнтөгүнөн сууруп чыккан сайма баштыкчанын бүктөөсүн
жазып, тамекиден чымчып алып, орой баштады. Анын кызылдуу иреңи, куш
тумшугуна бап келген капкара сакалы сүйлөгөн сайын селкилдеп турду. Ал өзү кедей
болсо да тың чыгып, мүчөсү, иреңи жагынан да көзгө көрүнүктүү экенин Эсенбек
дайыма ойлоп калучу. Болуш чылымын чегип, жогору жактан келген кызматчыларга
окшоп, бутун айкалыштырып отурушу да жаш жигитке ылайыктуу көрүндү.
— Өкүматтын адилеттик жана аялдар теңдиги жөнүндөгү заңын аткарышыбыз
керек! — Эсенбек сабаты жок болушка бир иш жөнүндө айтуудан мурда анын саясий
жагын түшүндүрө турган.— Оёздон келген чоңдор ушуну бизге катуу дайындабады
беле! Жанагы кишилер доолорун өндүрө албаганы эркиндик заңынан пайдалана
албагандыгы. Бул бир. Кечээ күнү Султаналынын уулу Атай сизге даттанып келиптир.
Сиз тышта болуп, датын мага айтып кетти. Анын колуктусун Тыныбек өкүмзордукка
салып, бербей жатыптыр, калыңга сатканы жүрөт окшойт. Бул эки. Ушулардын баарын
жөнгө салмайынча биз Ленин атанын айтканын орундатпаган болобуз.
Секретарь сөзүнүн акырына чыкканча Райымбектин каны кайнап, чылымын удааудаа
соруп, коломтого ыргытып ийди:
— Көңтөрүш жолу бай, манаптарды теске салып коет... Кызылбаш менен Тыныбек
Никелейден мыкты дейсиңби?!
Оозунан ушундай сөз чыкканда Райымбек темирдей чыңалып, оттон кайра тартчу эмес.
Эгерде кыңк эткен бай болсо: «Сенин ишенген Никелейиң жок» — деп кыйкырганда,
душман мойнуна укурук түшкөн азоодой калтырап туруп берчү.
— Чакырт азыр, Тыныбекти!
— Куп болот! — Эсенбек болуштун чабарманын байга жөнөтүп жиберип, кайра
келип кагаздарын жаза баштады.
— Ассалоомалейкум!
— Алейкимасалам!
Мурдун таңырайтып, сес көрсөтө кирген Тыныбек кылычтай жалаңдап турган
Райымбектен мизи кайтып, бөжүрөп кол алышып, төргө барып отурду.
— Бай, кызыңды калыңга сатканы жүрөсүңбү?
— Жок. Бул ушак, болуш аке...
— Эмесе, эмне үчүн каалаганына бербейсиң?
— Каалаганын мен кайдан билем?
— Атайды билбейсиңби?
Тыныбек камчысын бүктөй кармап, тетири карады.
— Бай, жооп бериңиз?—деди болуш бир аздан кийин. Бай бир жагынан
намысынан, бир жагынан закондон
өпкөсү кысылып, айласыздан чынын айтты:
— Султаналы эл караган бетимди жер каратты. Аны өзүң да уккандырсың...
Кызыңды тыйып ал деп, бетиме көө сүрткөн кишиге эмне дейм? Калыс болсоң, кара
кылды как жарган калыс болбойсуңбу? Бай, бай деп мен байкушту ак жерден айыптай
бересиңби?
Тыныбектин сөзүнүн чындыгы Райымбекти жумшартты:
— Султаналы макул болсо эле, сен убада бересиңби?
— Кол куушуруп алдыма түшсүн! Бооруман чыккан баламды колуна кармата берчү
буюмдай көрбөсүн!
— Сөз ушундай! — Райымбек акыркы сөзүн айтты.— Султаналы экөөң тең
кыңкылдабай туруп, эки баланы кошосуңар! Мен мындан башканы билбейм...
Бай бирдеме айтууга озунду эле, болуш анын сөзүн бөлүп кетти:
— Султаналы менен да сүйлөшөбүз. Сөз бүттү, бай!
Кызылбаштын колунда да мйнтип баладай ойноп көр^өгөн Тыпыбек: «Кудай Райымбек
томаяктын канын ууртар күнгө жеткирер бекен» — деп ызырынып кетти...
Чабарман Султаналыны да чакырып келди.
Султаналы менен болуштун сөзү жайыраак чыкты.
— Болуш аке! Силер да байды жек көрөсүңөр, мен болсо Тыныбекке башынан
каршымын... душманым менен кантип гана жекжаат бол дейсиңер?
— Анан ким мөнен жек жаатташууну каалайсыз?
— Баламдын колуктусу бар.
— Ким?
— Алым...
— Кызылбаш дебейсизби? — Райымбек аны тигиле карады.— Кызылбаш Совет
өкматына дос бекен? Сиз менен катындарча кажылдашпайлы. Куда деген сөзүңүздү
коюңуз... Керек болсо берген калыңыңызды кайтарып беребиз. Баланын каалаганын
алып бериңиз.
— Тыныбекти кантем!
— Кантериңизди өзүңүз билиңиз. Кызын келин кылып алсаңыз болду.
— Кудайберген менен ак батам бар эле. Кудай өзү кечирсин!..— Султаналы келме
келтирди.— Бирок сасыган байдын алдына кол куушуруп бара албайм. Анын кызынан
башка кыз дүйнө жүзүнөн табылбаса, балам өзү каалаган жарын өзү ала качып албай
жаны жокпу? Мындай ишке мени копшогула.
Райымбек да, Эсөнбек да анын оюна макул болушту.
Эсенбек болуштун ар бир сөзүн ынтаасы менен угуп, келген кишилер менен кантип
сүйлөшкөнүнөн бери байкап отурду.
— Кандай, уулум, дурус иш болду го...
— Революциячыл иш ушундай болуу керек, аксакал!
— Эми Кудайберген менен сүйлөшүп көрөйүн! Булар Совет өкмөтү эмне экенин
жакшы түшүнүшпөй жүрөт. Райымбек буттарып жыйнап, мандаш урунуп отурду. Ал ак
жаздыкка чыканактап, же чалкалап жатып, чылым чегүүчү эмес. Мурун кандай жупуну
болсо, болуш болгондон кийин да ошол жүрүшүн өзгөрткөн жок.
Райымбек Кудайбергенге да шумкарча тиймек. Мурдунан эшек курту түшө элөк манап
намысына чыдабай болушка кордук көрсөтүшү да мүмкүн.
— Аксакал, жалгыз барбаңыз. Мени ээрчийин, же башка жолдош алыңыз,— деди
Эсенбек.
Жигит коштотуп жүрүүнү каалабаган Райымбек секретардын сөзүнө көнгөн жок.
— Сен мындагы жумуштарды бүтүр. Өзүм эле барам.— Ал жалгыз жүрүп кетти.
Райымбек келгенде Кызылбаш үйүнүн жанындагы дөбөдө карыялардын аңгемесин
тыңшап, чыканактап отурган. Сөз Шабдандын кайрымдуулугу, Байтиктин эрдиктери
жөнүндө жүрүп жаткан. «Мен да өз учурумда далайды иштедим, менин эрдиктеримди
да кийинки карыялар ушинтип кеп кылышар бекен» — деген ой Кызылбаштын
көңүлүндө эле.
Жаңы болуш салам айтканда карыялар алик алышты. Кудайберген тексиз немени
теңине албагансып, ордунан козголгон жок. Четте отурган бир жигит болуштун; атын
алып, карыялар ага Кызылбаштын төмөн жагынан орун беришти. Райымбек манаптын
аяк жагына отурбастан, бетмаңдайынан жай алды.
— Сүйлөй бер — деди Кызылбаш сөзмөр абышкага. Абышка тамагын жасап коюп,
сөзгө киришти:
— Балбай Төрөгелдинин бутун үч жолу сындырат... Балбай төртүнчү жолу келип:
«Ийи, бутуңуз кандай? Бери кылыңызчы, көрөйүн» — дегенде Төрөгелди: «Баатыр
кудая шүгүр» — деп, бутун ала качып жалтактап калган экен. Колго түшкөн жаралуу
баатырдын жүрегү өлгөн экен деп, Балбай аны азоо букага мингизип, атчан эки
жигитке айдатып айлына жөнөтөт...
Кудайберген: «Эрегишкен душманды дал ушундай кылуу керек» — дегенсип
кампайды.
— Аксакал, сизге иш менен келдим эле! — Райымбектин сөзү Кызылбаштын оюн
ылайлантты. Муруту түктүйүп, аны акшыя карады. Адатта Кудайберген «жайыңды
айт» демейинче келген киши аны сөзгө алчу эмөс. Жаңы болуштун бул жоругу ага
башка чапкандай туюлду.
— Жумушуң болсо, айта бер! — Ал жактырбагандай ныгырыла сүйлөдү.
— Жума менен Ысанын акысын али бербептирсиз. Төңкөрүш законун билесиз...
Жардыжалчынын тамаи акы, маңдай терин жешке болбойт!
— Токтот сөзүңдү! — Элдин көзүнчө тергөө түшкөнүнө кыжыры кайнаган
Кудайберген башын көтөрүп алды.— Мени ким деп ойлойсуң? Өзүң кимсиң, арсыз?!
— Тек сүрүштүрүүчү Никелейиң жер астында. Аны коюп, жардыжалчынын
акысын бергин, Кызылбаш!
Кудайберген мурутунан жылмайып койду. Көптөн бери Райымбек менен эрегишкени,
андан өч алуунун көзеги келбей жүргөнү эсине келе калды. Кедей болушту көк ала
койдой сойдуруп, Төрөгелдиге окшотуп жүрөгүн өлтүрсө, башка жарды, жалчы
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 12
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов