Latin

Атай - 10

Общее количество слов 3925
Общее количество уникальных слов составляет 2231
28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
таанышы болуш керек деп ойлоп, Атайдын жанына басып келип, уялыңкы ылдый
карап турду. Мейман анын көкүлүнөн сылады:
— Мени тааныйсыңбы?
— Жок...
— Сенин кудалашкан жериң бар беле? Ошол...— дегенде кыз бокочо көргөнсүп
бакырып, колун жулуп алган бойдон качып жөнөдү.
— Мына колукту! — Атайдын күлкүсү тыйылды. Аялдын 6—7 жаш төмөндүгү
кичүүлүк кылбайт деген оюнун ойрону чыкты. Бойго жеткен кыз болсо бир жөн,
момпосуйдун кагазына көзү өтүп турган, ойноо баланы колукту деп атоо кулунун ат
жарышка кошом дегендей шылдың экенин жүрөгү сөзди...
Тынарбек меймандарын колдон келишинче жакшы сыйлады. Эртесинде чоң шаткепе
«балдар келсин» деп чоң кайнатасы чакыртып жибериптир. Атай жана Тынарбек болуп
Кудайбергендин үйүнө келишти. Бүгүн болуш мандаш урунуп, жылаңбаштанып
кыпкызыл болуп оттун боюнда шаттуу. Кечээ күнү Ташкенден келген өкүлдүн
текжайын сураштырып, ал эски досунун баласы экенин билип, ары тектүү жерден
чыккан алачтын азаматы болгондуктан, аны чоң сый берип жөнөтүп, белдүү жерден
өзүнө арка тапканына кубанычтуу эле. Букаралар баш көтөрүп турганда кедей болуш
Райымбектин өктөмдүгүнө азыр моюн бербей турган болуп калды. Ташкенден келген
өкүл Кызылбаш менен «бармак басты, көз кысты» кылганын эл да укту.
Ушинтип отурганда сырттан аттын дүбүртү, кобурашкан үндөр угулду. Булар кайдан
жүргөн аттуулар. Кызылбашка келген кишилер аттарын обочо байлоочу эле. Аңгыча
«сен башта», «сен» деген сөздөр угулду.
Эшиктегилер ким экендигин отургандардын баары түшүнүштү. Орозо убагы эле.
Ушундай учурда айылдагы бекерчи балдар жана колунан чоң иш келбес жамакчы
ырчылар айыл аралашып, бирөөлөрдү макташып ырдашып, жарамазан айтышып, анчамынча дүнүйө чогултушчу. Эшикте «сен башта» дешип тургандар ошолор эле.
Болуптур эмесе жүрөгү жок коркоктор! Болушка өзүм тиш салайын!! — деди бири
көнөккө таш салгандай колдурап. Анын Чор экени үнүнөн эле таанылды.
— Чордун үнү бийик, бирок тили чулдур эле. Айтка¬ны анча даана билинбесе да,
дабышы капкаякка кетти:
— Жарамазан! Жарамазан!
— Тиги тобурашкандарды аттан түшүргүлөчү! — Кызылбаштан буйрук чыкканда
Боромбай карап турсунбу, кара тебетеңин баса кийип, кара мурутун жаныпжанып
алып, маалката басып барып «токтот» деди Чорго.
Бу кандай акмак. дегенсип, Чор ормое карап, кара атынын бир кабат үзөнгү боосун созо
теминген бойдон туруп калды.
Тетиги айылдын четин көздөй бастыргыла. Болгула. — Алардын атын алып, ызаат
көрсөтүүнүн ордуна айылдын четине кууп барып, аттарын байлаштырып өздөрүн
жөөжалаң болуштун үстүнө айдап киргизди. Солдойгон беш киши улагада кырка
тартып отуруп калышты.
— Булар суусап калган көрүнөт. Беш чаканы толтуруп келгилечи. —
Кудайбергендин оозунан сөз чыгаар менен бешөөнүн алдына беш чака суу, беш көзеси
менен даяр болду.
Болушту мактап, олжо алабыз деп келген бечаралар, бирибирин тиктеп калышты.
Баарын кылган сен деп, Чорду жаман көзү менен тиктешет. Кызыл чочконун чочколугу
кармаган экен деп ойлоп, эң баш жагында отурган Чор кесени кармаганда: «Калтырбай
ичкиле, жугу калса өз убалыңар өзүңөргө» — деди болуш.
Кудайбергендин айтканы айткан. Аны аткарбаган киши бир кырсыкка туш болорун
бешөө тең жакшы билүүчү. Кудай кылса кантели дегенсишип, бешөө улам биринин
чакасын тиктеп коюшуп, чоң кесени куркулдата жута баштады.
Бул адеттен тышкары жорук алгач Атайга тамашалуу көрүндү. Бирок тиги
байкуштардын ичи сууга чыңалып, энтигишип калганда эмне кыларын билбей, башын
чайкап, сабырсыздана баштады. Андан башкалар үчүн бешөөнүн жоругу айтып
түгөткүс тамаша болду.
Чор берки төртөөнүн ичиндеги улуусу да, албеттүүсү да. «Чочко сени ушуну менен
коркутмак болгон экен го» — деп, ага атаандашып, чакадагы суу жарымынан
төмөндөгөндө аны кош колдоп көтөрүп туруп, калганын бир гана жутуп, отуруп алды.
Калгандары заарканып, ичиркенип жатып, өз энчилерин араң ортолошту.
— Убада — убада. Аткар буларды! — деди Кудайберген жигитине.
Боромбай эшик ачканда шылдың болгон ырчылар жерден араң турушуп, кош кабат
аялдан бетер челкектей басышты. Атка минип, айылдан узаганча болуштун каарына
калбайлы дегенсишип, бешөө тең үн чыгарышкан жок. Чор гана чыдай албай күңк этти:
— Болуш акмак эле да! Тыякта кымызы сабадан ашып турса, бизге уялбай суу берет...
Анын сөзүн Боромбайдын кулагы чалып, аларга жал караганда, бешөө тең аттын оозун
кое беришти. Өчөңдөгөн байкуштарды мыкты аттуу жигит куткарбас эле. Бирок
катйырыгы менен гана кубалаганына ыраазы болуп артына тартты.
Кудайберген кымызын аяганы үчүн аларга суу ичирген жери жок, кутуруп башка
чыгып баратышкан букараларды эсине келтирүү үчүн бул жорукту атайлап иштеген
эле...
Кайын журту чоң сый менен жөнөтсө да, Атайдык көңүлү чөгүңкү кайтты. Колуктунун
кичинекейлиги жана чоң кайнатасынын жоругу анын көңүлүндөгү таттуу кыялдын
даамын бузду. Эч кимге карасанатайлыгы жок Алымкул төкмөнү батырбагандыгы үчүн
элге ушак боло баштаган Кызылбаш ачуусу келген күнү мени да ушинтип маскаралайт
го деп ойлоду. Бирок ал мындай кордукка чыдоодон көрө өлүп тынар эле.
Куданын сыйын жана колукту жөнүндөгү үмүтү куюн менен учкансып көңүлүнөн
дайынсыз жоголуп, жүрөгү сыздай баштады. Жүрөк эмнени эңсейт? Жигит ошону
издегиси келди. Колукту күтүү, чоң жерден жек жаат табуу жаштык өмүргө арзыбай
турган далбас экени, баарынан тазасы жана күчтүүсү махаббат экендиги кайнатасына
каттагандан кийин ачык боло баштады. Эми жалгыз гана көңүлгө шоогу, үмүтү Седеп
сыяктанды. Бирок жолунда камандай бөгөп турган Тыныбек бар, анын үстүнө жаш
каман Мамат кошулду. Бул максатка Султаналы да каршы. Эгерде ушул ой ачыкка
чыкса Кудайбергендин да каарына калмак. Кыскасы, ал зоокалуу туюкка капталды.
Ушундай туюкта кичине гана шоола байкалат. Ал шоола — Седеп. Бирок анын көңүлү
эмнеде?
Атай бир топ күнгө чейин өз үйүнө гана имерчиктен калды. Колунда комузу, же
черткен күүсү, же иштеген иши жок, сороюп жалгыз. Балдар менен торпок минип
жарышып, бейкут оюнун ойноп жүрүүчү убагы өткөн.
Ата-энеси баланын басмырттаганын, кандайдыр бир ой менен алышканын этибар
алышкан жок. Боз уландык учур башталганда кишилер андайларды: «Мурдунан көбө
баштады» деп коюшат. Кайсы бирөөлөр Атайдын мүнөзүнүн өзгөрүлө калышыа
чоңойгондук, көбөйүн деген¬дик деп да баалашты. Ырас, кээ бир жаштар ушу куракка
жеткенде чоңдорго ээрчип, аларды туурап; кээси чылым тартып, кээси насвай ата
баштайт, ичкиликтен ооз тийип көрүшөт.
Бирок Атайдын уландык курагы анын жүрөгүндө жаңы сөзимдин жаралышы менен
башталды.
КҮЙДҮМ ЧОК
Момпосуйдун кагазын тирмийе тиктеген, кызыл көйнөкчөн, чачтары сексегей кыз
далай күнгө чейин Атайдын элесинен кетпеди. Ойногону куурчак, кызыкканы
момпосуй, жазыксыз наристе бала бирөөгө бармактайынан башы байланып, колукту
болгону менен иши эмне?!. Ал ушу кибиреген колуктусу экөөнүн биринчи жолугушун
эстеген сайын күлөт. Ага үйлөнмөк түгүл, экинчи жолу жолугушуудан арданат.
Колуктунун чоңкичинеси жок, бешиктеги ымыркай, а түгүл, курсакта жатышкан
көзинде деле аталарынын убада, шертине жараша кудалыкка байланып калат эмеспи.
Бытыкый кыздан качып, аны колукту деп атоодон намыстанганы менен, батадубанын
чынжырынан бошоно алабы. Шарияттын жолу менен тагылган бу кереметтүү
чынжырдын бир учу Кызылбашта, бир учу Султаналыда. Ушуну эстегенде Атай
кичинекей кыздан кутулбоочудай коркот, тагдырына ызаланат.
Баарыдан да айыл ичинде «Атай колуктусуна күйөөчүлөп келиптир» деген сөз уялтты.
Теңтуштары «колуктуң кандай экен?», «Деги тили чыгыптырбы?», «Тебетей менен
урсаң жыгылбайбы» — деп тамашалашат. «Кандай экенин билбейм, айтор
момпосуйдун түрлөрүн ажыратып калыптыр» — деген жооп менен жолдошторунун
шылдыңынан кутулат.
Атайдын колуктусуна күйөөчүлөп барышы Тыныбектин айлына ^кетпеди дейсиңби.
Ошол тарапты жүрөгү дегдеп жүргөн боз улан Маматтын үйүнө барууга батынбай,
өзүнөн өзү корунуп, үйүнөн алыстабай калды.
Атайдын жүрүшүнүн өзгөрүшүн Ата-энеси «колуктусун жактырып, Тыныбектин
кызынан баш тартканы» — деп түшүнүштү. Ал балакатка жеткени колго тийбей, Субан
абышка да чандачанда жолутуша турган. Абышканын көзүнө боз улан туура эле
Абдыракмандай көрүнүп баратты. Тагдыры да ошонукундай башталгансыды. Субан
аны менен этияттанып мамиле кылып, көбүнчө ти¬лек тилеп тим болот. Күүнү кээде
гана угат. Атай башкаларга көңүл бурбай, эртели-кеч өзү менен өзү алышып, жалгыз
теректин айланасынан алыстабайт. Кээде комузун чертет. Комуздан мурдагыдай
күүлөр куюлбастан, кыңгыркыңгыр эткен бирер-жарым кайрыктар чертилип,
кайталанып, анан дымып калат. Анан унчукпай, жыгачка сүйөнүп ойлонуп турганын
же анда сайраган канаттуу куш менен сырдашкансып отурганын көрөсүң.
Боз уландын көңүлү уйгу-туйгу, эки көзү Тыныбектин айлында. Айрыкча эрте менен
кечинде оокатка да, тиричиликке да карабай, кашаттын кырына чыгып, ошол айылды
тиктегени тиктеген.
Кундуз тебетайды керилте кийген, ак көйнөгү булактаган кыз күнүнө эки маал — эртең
менен жана кечинде колуна кош чака алып, сууга жөнөйт. Башка убакта энелеринин
биринин же Мамат агасынын үйүнөн чыкпайт. Зоотбек байкесиникине эмне үчүндүр
башпакпайт.
Атай анын жүрүштурушун Маматтыкына биринчи жолу баргандан кийин гана
байкады. Мурун анын кантип жашап, убакытты эмне менен өткөргөнүн капарына алчу
бекен?
Седеп башкаларга окшоп, шаркыраган өзөндөн сууну сузуп алып, кайра тартпайт.
Чакаларын жээкке коюп, ак көбүктүү көк иримди узакка тиктейт, шарга таш ыргытып
ойнойт... Балким ошо учурда ал сууга келгенин да унутуп коер. Бир оокумда жайыктын
четине келип, колун жууп, кашкайган тунук тоо суусунан кош уучтап жутат.
Ушул учурда жолугушуу, кандай сонун! Бирок кыз иңир киргенге калчу эмес. Жарыкта
элдин көзүнчө бойго жеткен кыздын жанына барууга мүмкүн эмес.
Суусуну канган аккуудай болуп, ак көйнөгүн булактаткан кыз чакаларын көтөрүп,
кайра үйүн көздөй жол тартат. Мына ушул учурда «мени көрөр бекен, караанын
ээрчигенимди сөзер бекен?» — дегенсип, боз улан катуу чебелектейт.
Атай колуктусуна жолугуп келгенден кийин аккуудай булактаган караан көрүнбөй
калды. Эртең менен да, кечке маал да Тыныбектин айылы менен суунун ортосундагы
жол, өзөндүн жээги бош калгансып аңгырайт. Эртеси да ошондой эле көңүл чөгөрлүк
көрүнүш.
«Баарына өзүм айыптуумун, тырмактай кызга күйөөлөп барганча сууга агып
кетсемчи,— деп кайгырат боз улан. — Көңүлүмдүн суудай тунуктугун, Кызылбаштын
үйүнө жөн эле барганымды кантип түшүндүрөр экем?..»
Жаңыдан туулган айга окшоп кыз үчүнчү күнү гана көзгө урунду. Атайдын кубанганын
айтпа — көөдөй түндө капилеттен чагылган жарык нурга көз болгондой, өзүн чексиз
бактылуу сөзди. Балким күтүүдөн чарчабаган жана жалкпаган жаш жигиттин пейилин
кыз да сынагандыр. Адаттан тышкары, кыз сууга үч жолу барып келди.
Боз уландын жүрөгү элепжелеп, кашаттын кырында туруп ырдагысы, кыйкыргысы
келет. Дүнүйө батып бараткан күндүн мээримине, күүнүн ыргагына мемиреп,
кайдандыр тереңдеп кубулжуган ыр чыккансыйт. Жаш жигиттин колундагы комуз да
ошо кереметтүү ырга ээрчийт. Анын комузунун кылы жүрөк менен туташкансып, назик
жана көңүл ташкынындай оргуган күү созулат.
— Бул кандай күү? — Ал кайрыкты кайталайт. Дагы... Дагы...
— Күү! Жаңы күү! — Жаш комузчу сүйүнөт. Асман алоолонуп, күн батып
бараткан.
Короонун жанында тирчилик кылып жүрүшкөн Ата-энеси баланын делбеленишине
күлкүлөрү келип турушкан.
Атай кашаттын кырынан чуркап түштү.
— Иш жайында! — Султаналы аялына көзүн кысты. — Бала кандай чечимге келер
экен? — деп, үч күндөн бери көзүм ошондо. Адамдын бир нерседен бир нерсеге
бурулушу оңойбу? Мындай учурда кээ бир жеңил немелер жинди болуп кетишет...
Аккыз күйөөсүнүн сөзүн эп көрүп, «Бир нерседен бир нерсеге» дегенин «Тыныбектин
кызынан өз колуктусуна оогону» деп түшүндү...
Атай бүгүн өзгөчө шат, өзгөчө шайыр. Кыларга иш таппай, атасына жардам берип,
үйдүн тегерегин шыпырышат, жыгач отундарды жарат... Тынбайт. Таңдын төз эле
атышын күтөт. Бирок түн кыйла узарып калган эле.
Эртең эле Маматтын үйүнө бармак. Колукту, Кызылбаш менен атасынын кудалыгы
эми ал үчүн бөгөт да, коркунучтуу да сөзилбейт. Седепти көрмөйүнчө, аны менен
сүйлөшмөйүнчө жаны жай албайт, минтип кашаттын кырында кароол карап турууга
мындан ары чыдабайт.
***
Тыныбектин келин, кызы саздагы айылдан узаган сайын өздөрүн желеден бошогон
кулундай эркин сөзишип, токойду көздөй катарлаша басып баратышты.
Айланасында өзү теңдүү кыздар жок, Ата-энесинин катаалдыгы менен айылдагы
кембагалдардын жаштарына кошула албаган Седеп кээде токойго же суу боюна барып,
көңүлүн алагды кылар эле. Токойго жөнөрдө ээрчитери Уулжан. Мындай мүмкүнчүлүк
Мамат үйдө жокто гана болот.
— Ээ, кыз! — Жеңеси аны карысынан чымчып,— эмне эле суз болуп баратасың?
Седеп колун тартып албады жана жооп бербеди, токойду тйктеп, ойлуу.
— Бойго да жетип калдың. Буюрса, жеңкетайлыгыңа тунам го.
Ал тыягынан, быягынан чалса да, кайын сиңдисин сүйлөтө албады. Анын
көңүлүндөгүнү табууга дараметсиздигин сөзгенден кийин жеңеси ыктай басып,
кыңылдап ырдоого киришти.
Тектирге теке камалат, Текенин жүнү сабалат. Теңтупгум, Зыйнат, сен кетсең,
Телмирип көздөн жаш агат.
Седеп жалт бурулду:
— Ии, жеңе! Сонун ырдайт турбайсызбы? Созо түшүңүз...
Бая эле ушинтпей — деп Уулжан ырын улантты:
Курбу-курбу, курбу саз Куушуп ойнойт өрдөк каз. Курдашым, Зыйнат, сен кетсең,
Куюлуп агат көздөн жаш.
Атакең салган ак коргон, Айланасы бак болгон. Айлуу түнгө көрк берип, Ак Зыйнат
үйдөн козголгон.
Уулжан ырын бүтүп, эми эмне дейсиң дегенсип, кайын сиңдисине бурулду.
— Абдыракмандын ушу ыры ар дайым көңүлүмдө... Зыйнат эженин андан
ажыраганын эстесем, чыдай албай, көңүлүмдү башка нерсеге бурууга шашам.
— Зыйнат эже менен Абдыракманды ким эстебейт дейсиң. Бактысы, насиби
болбосо, кантишет эле. — Жеңеси жооткото сүйлөдү. — Анын үстүнө Атай чечек «Ак
Зыйнатты» түрлөнтүп ырдап эле ого бетер дүңүлдөтпөдүбү.
— Атай «Ак Зыйнатты» ырдайт бекен?
— Ырдаганда кандай! Бая күнү биздин үйдө таң атканча уктаганыбыз жок...
Седеп анын өнөрүн кулагы чалганы менен ырын да, күүсүн да өз кулагы менен уга элек
болучу.
Мына алар күзгү токойго киришти. Бой тирешкен ак теректер шуудурашып,
жалбырактар сапырылып түшүн турган учур экен.
Седеп жаздан бери токойго келе элек болучу. Жайкысын жайлоодо. Тоодон көчүп
келишкенден кийин үйдөн чыгууга жеңесинин колу бошобойт, дайыма мейман күтүү
менен убара.
Калдыраган жалбырактарды шатырата басышып, суусунун жээгине келип токтошту.
Талас суусу жайкы көрүнүшүнө караганда кыйла бөксөргөн, көк иримдүү шардын
тунуктугу ушунчалык — түбүндөгү таштар даана көрүнүп жатты. Жылаңач билегин
сууга матырып, шар менен ойноп, башы айлан көчөк болуп отурган кыз бетине муздак
суу чачылганда, аптыга тура калды.
— Хаха! — Суу чачышууга даяр турган жеңесин көрүп, качып жөнөдү.
— Токто. Тийсем эмне болоюн...— Уулжан токойду аралап бараткан кыздын
соңунан чуркады. Седеп теректентерекке жашынып, караанын үздү.
— Күкүк! Күкүк! Таап ал!
Уулжан айланасын алаңдап тиктеп, токтой калды. Анын үнү улам бир тарабынан
жаңыргансыйт. Жеңесинин башы айланды.
— Кыз кайдасың? Үнүңдү чыгар. Адашам...
Келин бет алды, теректерди аралап кете берди. Бир маалда «күкүк» соңунан сайрайт.
Артына бурулуп издей баштаганда кайра башка жагынан үн салат. Издебейин десе, кыз
окус адашып, же токойдо каңгып жүргөн бирөөлөргө олжо болуп, шермендем чыгабы
— деп чоочулайт.
Седептин караанынан ажыраган жеңеси кучак жеткис жоон теректин жапалак бутагына
сүйөнүп тура калып кыйкырды:
— Таппадым... келе бер! Жооп жок.
— Ушу да оюнбу? Кетем. Мына кеттим. — Аны коркутайын дегенсип, жалбырактарды
шатыратып басып баратып тура калды. Каягыман чыга калып чочутар экен дегенсип,
жүрөгү дик-дик. Элечеги чокусун басып алкашалка тердеп, кежигеси уюп баратат. Ал
элечегин акырын алып, жанына койду. Жылаңбаш жүргөнүн токойдон ким көрмөк эле.
Башы сергип, денеси чыйрала баштады. Ошентип отурганда жанындагы бадалдан
шырпырып эткен дабыш чыкты. Уулжан ордунан секин туруп, бадалды көздөй аралап
жөнөгөндө, бир нерсе шарт этип, бадал шытыраганда бакырып жиберди... Бул
таманынын алдынан учуп чыккан кыргоол экен. Келин артына кайрылганда алдынан
тапыраган дүбүрт угулуп, көзү алайып токтой калды.
Каяктандыр качып чыккан элик элечектин жанына келгенде кишинин жытын алгандай
так түйүлө кайрылып, майда бадалдардан аша секирип, көздөн кайым болду. Өмүрүндө
элик менен көзигишпеген Уулжан дагы бир нерсе чыга калчудай элеңдеп, элечегине
араң жетип, кайын сиңдисине кыйкырайын десе, үнү чыкпай теректин түбүндө отура
берди. Ал токойду аралап жүргөндө бырпырап учкан кыргоолду, булт этип секирип
жөнөгөн коендорду көп көргөн, бирок азыркыдай коркунучтуу абалда калган эмес...
Седеп бадалдардын далдаасынан жеңесин байкап жүргөн. Каягынан басып келсе да,
жалбырактардын калдыраган дабышынан улам шек берип койчудай, ошондуктан,
жеңеси мындайраак издеп чыкканда, элечегин бекитип, анан өзү келип, жылаңбаш
Уулжанга «элечегиң кайда?» демек.
Жеңеси элечегинен алыстаган жок. Кыз аны элечегин бекитүүдөн түңүлгөндөн кийин
жалгыз өзү суу боюнкөздөй басты. Жыгачтын башында отурушкан бактектер
канаттарын бапыратышып, туштушунан уча качышат, бутактан бутакка тынымсыз
учуп конгон королулар гана айланчыктап алыс кетишпейт. Булбулдун тили катып,
чыйыпчыйып эткен кадимки боз чымчыкка айланган.
Кээде алдынан сереңдеген коендор көрүнүп, туштушунан кызыл короздун үн салганы
угулат.
Токой көркүнөн ажырабай эле жаңы түргө кирип, тиричилиги да жаңырган. Көңүлү
черге айланган кыз шуудураган жыгачтар менен сырдашууга дилгирленип, токойго
тереңдеп баратат. Анын муңайым көз карашында, суудай тунук көңүлүндө эмне ой
бар? Мүнөзү токтоо кайын сиңдисинин эмне үчүн чуйулунан шайыр болуп, кээде обу
жок оюнкараак жоруктарды башташкан башкалар түгүл, эң жакын жеңеси да аңдабады.
Уулжан анын максатын, ойпикирин билчү эмес. Муну кыз бечаралар өздөрү да билбей
калышат, жаңыдан көзү ачылып, өмүрдүн кубанычын сөзип келатканда бирөөгө башы
байланып, күтүлбөгөн түрлүү окуяларга көз болушат да, пайда болгон жаңы сөзим ошо
бойдон жок болот.
Седеп жеңесин адаштырып, токойдо жалгыз калганын ойлогондо, эмне үчүндүр иреңи
суз тартты. Күрүлдөгөн өзөнгө келип такалганда бул жерге кайдан келгенин
түшүнбөгөндөй, элеңдеп эки жагын каранды, мындан ары жол жок, же сууну кечип
өйүзгө, же артка кайрылуу керек. Каякка барат? Деги издегени эмне? Кыз ойлонуп
турбастан, секин сыңар тизелеп отуруп, тынымсыз кубалашкан ак чамбыл агымды
тиктеди. Агым анын издегенин таап бермек түгүл, өзүн кайыкка мингизгенсип,
зымыратып алып жөнөдү. Баратат... Башын көтөрсө, баягы эле жеринде отурганын
көрдү.
«Чиркинай!» — Ал тизесинин үстүнө жумуру салааларын айкалыштыра төшөп, жаагын
коюп, кыялдын кемесине кайрадан отурду... Ушул токой, ушул суу анын эрмеги,
сырдашы, муңдашы. Көңүлү уйгутуйгу болгондо жеңеси менен келип, анын башын маң
кылып, өзү чери жазылып, кадимкидей сергий түшүүчү. Ушул жерде туулуп калганына
кубанат, эми ушу жерден ажырабагай элем деп тилейт.
Убакыт өтүп жатты. Башын көтөрүп, эки жагын карады. Жеңесинин кыйкырыгы бирде
алыстан, бирде жакындан угулат: «Балакетиңди алайын, кыз! Үнүңдү эле чыгарып
койчу?».
Седеп жымыйып күлдү да, тебетейинин кырына кыстарылган темир комузду алып кага
баштады.
Акын куштар сайрабай шаанисинен ажыраган токой мукамдуу күүгө чайпалгансыды.
Ал «Ак Зыйнаттын» муңу эле.
Жеңеси менен кайын сиңдиси жашынмак ойноп жүргөндө аларды сыртынан дагы
бирөө акмалаган. Уулжандын айланасынан учуп чыгышкан кыргоолдор, үрккөн элик,
булаң эткен коендор эмнеден чоочушканын ойлошсо, токойдо үчүнчү бирөө жүргөнүнө
шектенишпейт эле.
Кыздан анча алыс эмес жерде кара көрпө тебетайчан, кара күрмөсүнүн сыртынан
күмүш кемер курчанган жаш жигит жоон теректин түбүндө жашынып турду. Ал
жашынган менен комузунун капкагы ачык эле көрүнөт. Темир комуз каккан кыз аны
эмне үчүндүр байкаган жок. Бул Атай эле.
Маматтын үйүнө келип, Алымбайдан башканы таплай калып:
— Эч ким жокпу? — деп сураган.
— Алымбай кытмырланган:
— Сага ким керек эле?
— Мамат.
Алымбай каткырган:
— Маматты эмне кылмак элең? Жеңеси менен кыз тиги жакта! — Токойду карап,
башын экчеп койгон.
Атай ага ыракмат айтып, токтобой бери келген. Жолдо келатып, комузду үйгө
таштабаганына өкүнгөн, токойдо кыз менен жашырын сүйлөшө турган болгон соң,
анын пайдасы кайсы?
Ал токойго Тыныбектин келин, кыздары менен удаа келип, алдрдын сүйлөшкөнүнө,
жашынмак ойногонуна — баарына,л баарына күбө болсо да, кызды эркине коюпг анын
жоругун таң кала жактырып, сыртынан аңдып жүрдү. Кыздарды мындай болот экен деп
ойлочу эмес. Баарынан да темир комуз кагып, «Ак Зыйнатты» сыздатканына таң калды.
Боз улан курагына жетип, келин, кыздар менен аралашып, тойлордо ырдап, кыз оюн
жана башка тамашаларга катышып, кыздар жөнүндө өзүнүн ойлогон ою, тилегин
элестеткен мүдөөсу болсо да, Седеп аны үчүн жаңы дүйнөнү ачкансыды. Ушундай
сөзимге көңүлү эргиген жашты эми эч нерсе токтото албоочудай.
Темир комуз басылганда Атайдын комузуна тил кирди. «Ак Зыйнаттын» зары токойду
кайрадан термелтти.
Кыз шашкалаң ордунан турду. Тааныш күү, мурунку угуп жүргөндөрүнөн да мукамдуу,
кереметтүү. Мындай күүнү Атай гана чертипга мүмкүн деген ойго келгенде жүрөгү
байлоодогу күлүктөй туйлады. Ушунча токойдун ичи куурулуп, качууга жана
жашырынууга карарган бута табылбагансыды. Эмне кыларын билбей, терекке сүйөнө
ылдый карап турду.
Комуз күүсү улам жакындап, дал жанына келгенде токтолду. Седеп башын көтөрүп,
бетмаңдайында турган Атайды көрдү.
Жолугуута жана сүйлөшүүгө бел байлап, сөзүн камдай келген жаш жигит да эмне
айтаарын билбей, апкаарыды.
— Седеп! Седеп!..
Кыз аны күткөн, көрүшүүнү самаган. Бирок келет деп ойлогон эмес. Анан эмне үчүн
жана кантип келгенин түшүнгүсү келгендей боз уландын дидарына дагы бир жолу
карады. Атай өзү тубаса ушундайбы же махаббатка чалынгандыктанбы, кол жеткис
таалайын зарыгып жүрүп таап, башыаа ^сылыч кармаса да, андан ажырабоочудай.
Кыздын жүрөгү опурталдуу согот.
Жаш жигит аны сөзгендей, чын көңүлүндөгүнү ачык айтты:
— Мага ишенип кой, Седеп! Мен сени сүйөм.
Седептин көзү ирмеле түштү. Ага окшоп, оюндагыны ачыкка чыгарууга чамасы
жетпей, токойдон арга издегендей, жалбырактарды шуудуратып, илкий кадам шилтеди.
Жаш жигит аны жандай басты.
Бой жетип, толгон чатышкан суроолор пайда болуп, жүрөгү ашыктык отуна чалынган
кыз, Атай колуктусуна барып келгенден бери, эмне жөнүндө гана ойлободу. Төрт үйдүн
ортосундагы эрке, көзгө басар сүймөнчүктүн мурунку зеригип, жалгызсырап жүргөн
учуру кийинки үчтөрт күндүн ортосундагы убайымы менен салыштырганда эч нерсеге
арзыбай, жалгыздыктын жана бакытсыздыктын анык кайгысы башына келди. Эгер ушу
кайгылуу сөзим каптаган бойдон кетпей койсо кантмек? Тилекке жараша, кубаныч
менен бакыттын жышаанасы да таштаган жок. Акырында булардын кайсынысы кетип,
кайсынысы кыздын энчисине айланмак?
Седепке бакыт мунарыктап гана элестенет. «Бир жолу жолугушкан жигитке, ким
экенин, кандай экенин ачык билбей туруп, азгырылдымбы?» деп, махаббаттын
кереметине да таң калат, азгырган жигиттин ким экенин көргүсү, билгиси келет. Ансыз
жаны жай албоочудай. Мындай максаттын аткарылышы кыздар үчүн кыялда же
түшүндө гана боло турган нерсе. Бирок кыздын жүрөгү аны менен жолугуучудай
опколжуйт.
Үмүт кызды алдаган жок. Экинчи жолку көрүшүү, өзүнө, бир өзүнө арналуу сөздү угуу
менен махаббатын чындап тапканына толук ишенди. Өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу
адамдай сөзди. «Мындай бакыт адамдын таалайына кантип сыяр экен?» — деген ойго
кетти. Ал сүйүү жана турмуш куруу өзүнүн энелери менен атасынын же Мамат менен
Уулжандын жашоосундай, жөнөкөй эле тирчилик, күн өткөрүү деп ойлочу. Азыр
махаббат да, емүр да киши сөзү менен айтып бере албай турган бийик жана ыйык
нерсеге окшоду...
Бадалдан бадалды аралап жүрүп чарчаган Уулжан комуздун кү\тсүн кулагы чалганда
бир шумдуктуу окуянын болушуна шектенип, акыркы күчүн жыйнап, ошол күү чыккан
тарапка чуркаган. Кол кармашып, жанаша басып баратышкан эки жаштын бири
колуктулуу Атай, экинчиси кайын сиңдиси экенин көргөндө, ачууланып бакырууга алы
жок, жыгачка таянып, энтигип, солуктап ТУРДУ. Демин жыйганда, «булар далайдан
бери соо эмес окшойт байкап көрөйүнчү» — деп аялдык кытмырлыкка жеңилип,
соңунан ээрчиди.
Эки жаш кол кармашып, каякка жана эмне үчүн баратышат — аны ким билсин?
Башаягы билинбеген ушу токой өзүнүн нечен түрлүү жыгачтары, бадалдары, чытырман
түнттөрү жана анда жашаган ар түрдүү айбанаттары менен турмуштун элесин берип,
алар өздөрүн турмуштун табышмактуу жолунда кол кармашып, бирге бараткандай
сөзишет. Аларды ээрчийм, аңдыйм — деп убараланган Уулжан акырында үн салды:
— Ай, кыз!
Алар артына кылчактап, токтой калышты. Уулжанга көңүл бурушкан жок.
Атай дале суроолуу тиктейт.
— Мен сага ишенемин,— деди кыз.
— Андай болсо эмнеден күмөн санайсың. Чынын айтайын, мен сага түшүнө албай
турам.
— Мен өзүмө...— Седеп акырында жүрөгүндөгү коболоңдуу коркунучту
эскертти.— Экөөбүз бирибирибиз үчүн жаралган окшойбуз. Бирок...
— Эмнеси бирок? Ачыгын айт?
— Түшүмөн чоочуйм. Экөөбүздөн башканын баары бизге каршыдай... Экөөбүздүн
алыбыз эмнеге жетет?
Атай эркектик намысына келе түштү:
— Азыр заман башка. Сен түшүнбөптүрсүң. Каалаганыбыздай жашай алабыз.
Мындан ары мөгдөгөнүңдү кой. Убаданы аткаруу үчүн ант берем! Апкел колуңду?
Седеп «ишенем» деди, колун бербеди. Келечек дагы кандай болот, жигиттин антка
калганы жаман болчу эле — деп ойлоду. Кокус бир каргаша чыгып, антты аткара албай
калса намыстуу жигиттер өз жанын кыюудан кайра тартпайт. Антпесе аны ант урат.
Кыздын көңүлүндө ушул ой бар эле.
Уулжан алардын акыркы сөздөрүн угуп, бетин чойду:
— Колуктусу бар неме менен эзилишип калган тура. Элге билинсе шерменде
болдук.— Ал мыкчыңдап басып келип, кайын сиңдисин жетелеп жөнөдү.
Мамат марттыгы жана дасторконунун берекелүүлүгү менен эл оозуна илине баштады.
Улуу, кичүүлөр анын меймандостугун айрыкча белгилеп, сыйлай турган болушту.
Жаш мырза дүйнөсүн көп көрүп, аны чачкысы келгендиктен ошенткен жок, анын өз
максаты бар. Элди алуу керек эле. Көп кишилер аны түшүнүшпөйт, дүйнө¬нун
кадырын билбеген жагп бала катары эсептешет, шылдыңдашат. Мамат баарына кайыл.
Салбар катындан төрөлгөн Байтик баатыр жаш көзинде көпкүлөң туугандарына тең
болбой, шылдың болуп жүргөндө марттыгы, адамгерчилиги жана эрдиги менен
таанылган экен. Кызылбаш Кудайберген да атасынын жылкысын багып жүрүп,
марттыгы менен эл алып, болуштукка жеткен.
Мамат ошолордун изине түшүп, жигиттерин жакшы кийинтип, жолдошторун сыйлап
жана көбөйтө баштаган. Колу ачыктыгы, кең пейилдиги айылга билинди. Бирок
азырынча эрдиги билине элек.
Жаш мырзанын үйүндө толо мейман жигиттер. Алардын арасында Тоймат бийдин
баласы Чырым менен Атай бар. Чырым бекер оокат менен тамашага кызыгып, анын
үйүнөн кетпейт. Атай болсо Седеп үчүн имерчиктейт. Кишилер жыйнала баштаганда
кыз алардын арасында отура албай, өз үйүнө кетет да, сүйгөнү аны менен сүйлөшмөк
түгүл, толук көрө албай калат.
Кой деген тилди албай уулунун Маматтыкына үйүр болушунан Султаналы чындап
шектене баштаган... Ар кандай имиш айыл ичине тарап, кыз менен жигиттин мамилеси
жөнүндөгү ушакайың Тыныбектин кулагына да жеткен. Кишилер чогулганда Седептин
кетип калышы да ошондон. Баары эле аны менен Атайдын көз карашын аңдыгансыйт.
Мамат жолдбштору менен отурганда үйдүн алдынан бир атчан шартылдата бастырып
өттү. Жаш мырзаны көзүнө илбей, кайрылып келип салам айтпай өткөн кишиге үй
ээсинин ачуусу келди. Эшикте эт бышырып жүргөн Алымбайга кайрылды:
— Бу мага салам айтпай айылды аралап бараткан ким?
— Эсенбек.
— Кармагыла!
Мырзадан буйрук болгондон кийин Чырым жанында жаткан тегерек калпагын кийүүгө
үлгүрбөй, жылаңбаш эшикке атып ^ыкты.
«Кудай ур, болуштун секретарын кармап, бир балаага калып жүрбөйлү» — деген ой
Чырымдын көкүрөгүнө түйүлүп, талканга какалгансып, оозун басып туруп калды.
— Болуштун секретарына ушунуң батынабы? — Үйдөн Уулжандын шыңкылдаган
күлкүсү угулду.
— Эсиңер ооп калдыбы? — Намысына келе түшкөн
Мамат үй ичинен жемеледи.— Илгери Кызылбаш солтонун чоң манабынын
күйөөчүлөп бараткан баласын салам айтпай өткөнү үчүн карматыл алып, кыштын күнү
кардын үстүнө отургузуп койгон экен. Булар кедей болуштун секретарынан коркушат.
Өлгүлө, бу көрөкчө!
Мырзанын сөзүн закон катары көргөн Алымбай Эсенбекке кыйкырды:
— Эй, бери кайрыл! — Чакырып алмайынча аныкууп кармай турган даяр ат да жок.
Ак калпакчан, кара палыо кийген жигит: «Жумуш менен чакырышкандыр» — деп
ойлоп, бейкапар кайрылып келди: «Болору болду» — деп ойлоду Чырым кайраттанып,
эми мен катышсам да, катышпасам да сөз тиет...
— Аттан түш! — Чырым ушундай дегенде, Алымбай аны тизгиндеп алды:
— Быякта мырза отурса, салам айтпай өткөнүң уят эмеспи! Айыпка жыгыласың!
— Силер соосуңарбы? — Эсенбек мыскылдуу күлдү.— Кайсы доордо жашап
турганыңарды билбейсиңерби?
— Тигини, күлүп коет.— Алымбай жерде жаткан баканды бир колуна алганда,
секретарь чатактын ырбоосун күтпөй, аттан түштү.
— Менин атым керек болуп калдыбы?
— Какшыктап коет! — Чырым ага сөөмөйүн көзеди.— Былжырабай жолуңа түш!
Алымбайдын баканы көтөрүлгөндө Эсенбек аргасыздан жөө басып жөнөдү.
— Ырас кылдыңар! — Эрдигине мактанган Мамат каткырды.— Атын байлап
койгула. Айыбы үчүн союп алабыз. Мындан ары атасын тааный жүрсүн!
Салт боюнча айыптуу киши беркинин алдына түпгүп, тартуу тартышы керек эле.
Мамат ошону ойлоп, атты сойдурууну кечиктирди. Болжогондой эле, бир оокумда, топ
атчан киши келди. Араларыада Тыныбек менен эски старчын Шадыбек бар.
«Кайрандар атамды арага салышкан экен! Бардыгы жалыныпжалбарышса, Эсенбектин
күнөөсүн кечем» — деп ойлоду Мамат.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 11
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов