Latin

Атай - 09

Общее количество слов 3903
Общее количество уникальных слов составляет 2184
28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
— Төңкөрүш деген эмне? — Мыктыбек көптү билген
Айтыкеге суроо менен кайрылганда бардыгы тынчтана түштү.
Ошону билбейсиңби? — Айтыке сакалын сылап
койду. — Төңкөрүш деген төңкөрүп салуу — заманды алдын үстү кылуу. Ошондой эле
болбодубу: — Кызылбаш, Тыныбекке окшогондор алдында калып, кара таман кедейлер
алардын төбөсүнө чыкты.
Туура! — чалдар күлүп калышты.
Тойматтын кыжыры кайнады, чекир көзүн Айтыкеге кадады.
Былжыраган сөз! «Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат» — дегендей, оозуңа келгенди
оттойсуң. Кызылбаш тирүү болсо эч кимди төбөсүнө чыгарбайт. Байсыз оокатыңар
өтөбү? Оокат байдан, ажал кудайдан. Томаяктар бийлесе да оокаттары байлардан.
— Туура айтасыз. — Айтыке сылапсылап дагы чымчып өттү. — Байларыңыз
сыйлаганынан берип жатыптырбы? Коркконунан берип жатышат. Мурунку заман
болсо, ченине жолотушат беле? Төбөсүнө чыгарганы ошол эмеспи!
— А да болсо кудайдын амыры. — Тоймат кызыл кекиртектигине салды. — Мал
менен дүнүйө кимге оошпогон! Ошо да сөзбү!
Тыныбектин жигити келип, талаш токтолду.
— Бий! Сизди бай чакырып жатат,— деди жигит ат үстүнөн.
Тоймат бийликтен калса да, көнүп калган кишилер бий деп аташса, ыйманы кубат таап
калат. Таламайга түшүп, көңүлү бузулуп отурган неме жигиттин сөзүн уккандан кийин
байдын үйүн көздөй басты.
Бай конок болуп кетүү үчүн гана чакырбаганы белгилүү. Кысталышта ал бийден акыл
сурап туруучу эле.
Тыныбектин үй-бүлөсү конок күтүүдөн башка учурда тиричилик менен иши жок,
жайжайында отурчу. Азыр бай эмне үчүндүр эки жагын кылчаккылчак каранып, өз
алдынча беймазаланат. Күрп болгон улардай олчойгон байбиче күйөөсү менен бийдин
оозун жалжал тиктейт.
— Заман оңолор бекен, бий аке? — Манат эринен мурда озунуп, сөзгө киришти. —
Байлар камалат экен деген сөз бар... Кудай сактай гөр ай!
Тыныбектин кабагы салыңкы. Бийдин укканы да ушундай. Алардын көңүлүн
соороторлук жоопту кайдан табат, замандын акыры кандай болоруна өзүнүн да көзү
жетпегенин айтса, булар ого бетер мүңкүрөшө турган. Кайрат айтуудан башка даба
жок.
— Ушак сөз... Бай болбосо, ушу томаяктардын оокаты өтөбү? Сааны кимден?
Байдан. Азыгы кимден? Байдан. Унаасы кимден? Байдан...
— Ылайым эле ошондой болсун! — Манат кудайга сыйынып, келме айтты.
Тойматтын алдына чоң көнөк кымыз коюлду. Иче иче сөз кызыганда Тыныбек сырын
чыгара баштады:
— Ким камалат, ким жашайт, аны ким билсин, кудайдын каалоосундай болор.
Сизден сурар акылым башка. Дүнүйөм түгөл, башымда дөөлөтүм турганда эки балага
энчисин бөлүп берсем дейм... алдыда кандай замандар болот... Аталык карызыман
кутулайын деген ак ниетим бар...
— Кудай тилегиңди берсин? — Тоймат күбүрөп бата кылды...— Ошенткениң
жакшы. Баланын энчисин берүү — карыз... Атанын балага карызы: төрөлгөндө жакшы
ат коюу, өнөр үйрөтүү, үйлөнтүү, төртүнчүсү — энчисин берүү. А, бала болсо, Атаэненин карызынан өлгөнчө кутулбайт.
Ушул сөздөн улам Тыныбек балдарымдын карызынан куп кутулат экенмин деген ойго
келди. Улуу баласынын аты Зоотбек, эр болор бекен деп атын тандап койгон, бирок
анысы малдан башканы билбеген момун чыгып калды. Кичүүсү Мамат — сүйгүнчүгү
жана ишеничи; заман кыйчалыштабаса чоң манап болуп, эл башкармак, али да кишиге
жемин жегизбей турган азамат болот го деп үмүттөнөт. Эки баласына тең өнөр, билим
үйрөтө албады. Кыргызга өнөрдүн кереги деле жок, мал багууну же эл башкарууну
билсе жетишет. Ал да өнөр. Балдарын үйлөндүрдү, карызынан да кутулду, экөөнүн
аялы тең тектүү жерден.
Тыныбек бай эмиш-эмиш сөздөн улам келечегинен кооптуу. Баштагысындай болуп,
бир айылды каалаганындай башкарып, көңүлүнө жакпагандарды каалашынча
жазалоодон калды. Балким өкмөт малды алып коер. Байларды жоготор. Баары колдо
турганда балдарынын көңүлүн ыраазы кылып, акыркы аталык карыздан кутулуу керек
эле.
Тыныбек бий менен бир акылга келгенден кийин эки уулун чакыртып алып, карызынан
кутуларын айтты.
Мал менен өлүү дүйнө үчкө бөлүндү. Үчүнчү бөлүгү байдын өзүндө калды. Анда
балдарынан жана аялдарынан жашырып катып жүргөн кымбат баалуу буюмдары бар
эле. «Алдыда дагы кандай замандар болот?» — деп, аны жашырын бойдон калтырды.
Тыныбектин балдарына энчи бөлүп беришин уккандар эп көрүштү. Кайсы бирлери аны
«ата ушундай болсун» —
деп макташты.
Бул кабар өз теңдигине жетип, кеткенден кегин алып, айылдын кадырман
карыяларынан боло баштаган Султаналыга жаккан жок. Анткени Султаналы жалгыз
уулу Атайга энчи бөлүп бермек түгүл, ушул күнгө чейин үйлөндүрө элек болучу. Аны
менен тең Мамат азыр үйлүү жайлуу, миң кой, үч жүздөн ашуун каранын ээси.
«Сасыган бай, бу жолу да менден озуп кетти» — деп ойлойт Султаналы. — Кантейин,
тагдыр ушундай болсо, Тыныбек менен эрегишип, Кызылбаш менен куда болдум,
байдан өчүмдү алдым. Бирок экинчи жактан жеңилдим: уулумдун колуктусу жаш, эми
Кызылбаштын башын аттап, башка куда күтүүгө болбой, өз колумду өзүм байладым.
Турмуш акылга, айлага көнбөйт окшойт го».
Мүмкүн кичинекей кызга кудалашканы үчүн Атай да нааразыдыр.
Маматтын үйлөнүшү жана Тыныбектин балдарына энчи бөлүп бериши Атайдын
капарына да келген жок. Айылда кыз узатып, келин алгандар көп. Мамат
ошондойлордун бири да.
Бою өскүлөң тартып, муруту көөлөнүп, оттуу кара көздөрү дайыма күлмүңдөгөн боз
улан Атайды кызыктырган ыр менен күү, тамаша. Мындай нерсе аш менен тойдо,
жаштардын кайнаган жеринде. Оюнтамашага өзү теңдүү балдардан мурда аралашса да,
үйлөнүү жагынан алардан кеч калышынын себеби да ушунда.
Бир убакта үйдүн жанындагы бака теректин түбүнөн жана Субан абышканын жанынан
алыс жылбаган бала азыр үйгө токтобойт. Чакыруудан колу бошобойт. Кээде аптасына
жоголуп кетет.
Тыныбектиы атасынын ашында Токтогулга жолуккандан бери Султаналы уулунун
өнөрпоз болушуна каршы чыгууну токтоткон. Ага кам көрүп, үйүнө чоң ырчы,
комузчуларды чакырат, баласынын өнөрү өсүшүнө көмөкчү.
Султаналы уулунун кандайча чоңойгонун элес албай калды. Анын үстүнө падыша
тактысынан кулап, анан Коренский чыгып, падышанын соңунан жоголуп, заман
өзгөрүп, убакыт да төз-төз өтүп бараткандай сөзилет... Ушу башаламан жылдардын
ичинде баласы татынакай ырчы жана комузчу болуп чыга келди.
Карт ата эми анын келечеги жөнүндө ойлойт. Атай элге кадырлуу чоң комузчу болор
бекен же жоронун тегерегинен кетпеген майда өнөрпоз болуп калар бекен? Чертүү,
үнүнүн келишимдүүлүгү жагынан, кең пейилдүүлүгүнөн кадиги жок. Атасын
чоочуткан: уулу эр жетсе да, токтолбогону, дүнүйөнүн көзүнө карабаганы, жан-сактоо
жайын ойлобогону...
Атай төмөнкү айылда бир жума жүрүп, үйүнө кайрылып келгенде Султаналынын шеги
дагы бир жолу ырасталды. Анын ат кошчусу болуп жүргөн, куудул сымал көсөө киши
үйгө кирер менен Атайды мактады:
— Султаке! Ушундай баланы өстүргөнүңүз үчүн сизге миң мертебе ракмат.
Арыкбайдын үйлөнүү тоюнда балаңыз өнөрүнүн дарамети үчүн бир кунан өгүз
беришти. Шыралга сурагандар алка жакадан алганда балаңыз: «мына, өзүңөр бөлүп
алгыла» — деп чыга берди. Бул өгүздү тогуз козуга алмаштырып, тогуз киши олжолуу
болдук. Бала ушундай болсун!
Султаналы мурутун чыйратып, аны алая карады:
— Анын эмнеси эрдик?
— Жолборс алганына кубанбайт, чалганына кубанат. — Көсөө киши кудуңдап деле
кубанычы тарабай отурду.
Султаналы каарданып:
— Жаш баланы өңчөй арам тамактар курчап алган турбайсыңарбы? Сен, көсөө,
баягы жылы Дөөт болушка жигит болдуң, анан Кызылбаштын жугундусун ичтиң, эми
менин уулума жабыштыңбы? Жогол азыр!
Көсөөнүн күлкүсү тыйылды. Бирок ал чоочуган да, уялган да жок. Кагуу менен
сөгүүнүн далайын башынан өткөрүп, көндүм болгон неме шашпай ордунан турду.
Андан көрө Атай аны үчүн кызарыптатарып жер карады. Жеменин бир чети анын өзүнө
да тийгенсиди.
Көсөө киши кеткенден кийин Султаналы ачуусун баса албай, кабагын үңүрөйтүп,
көпкө отуруп калды. Эч ким үн чыгарбайт. Мындайда ал бир нерсе десе эле, оозунан
заардуу сөздөр чубамак. Атайдын кайда болгонун, эмнелерди көргөнүн Аккыз да сурай
албады.
Аккыз көз карашы менен уулуна учурашып, жөн жай сурашкансыды. Уулу иреңи
албырып, көзү жайнап турат. Мунусу сапардан кубанычтуу кайтканы. Энесин
жалдырап көп тиктейт. Анысы — сагынганы. Чепкенинин оң ныптасы томпоет. Жигит
ошо тарабын көргөзүп, көз кысат. Сага белек ала келдим дегени. Аккыз да «бери
сууруп чык» дегендей баш ийкеди.
Чепкендин алдына катылган нерсе көйнөктүк карала шайы экен. Аккыз аны жазып,
боюна ченей баштаганда гана Султаналы көңүл бурду. Ормоюп шайыны тиктеди.
«Олжосун талаага чачып жиберсе, мында кайдан насип болсун» деп отурган ата, анын
ырымга бир нерсе ала келгенине каниеттенди.
Ушул учурда үйгө Мамат мырзанын жигити Алымбай келди.
— Ассалоом алеикум!
— Валейкима салам! Жогору чык! — деди Султаналы. Алымбай Атайдын төмөн
жагына отурду.
Султаке!.. Мамат мырза уулуңузду конокко чакырат. Башында Тыныбекке
жигит болуп, далайды башынан өткөрүп, сыпайкерчиликти байкап калган Алымбай
адегенде эле Султаналыга кайрылды. Эгерде түздөн-түз Атайга кайрылса, Тыныбек
тукумун жек көргөн Султаналы уулун жибермек эмес. Алымбай кылдаттык кылып,
Мамат мырзанын сөзүн түзөп айтты. Мамат Атайды конокко чакырбастан, «келип мага
эрмек болуп берсин» деп чакырган.
Жигиттин сылыктыгына карыянын ичи жылый түштү:
— Жигитке кымыз куйгулачы!
Султаналы уулуна барып кел дегенсип, баш ийкеп, бирок сүрдүү карап руксат берди.
Мунусу «Эсиңди жыйып жүр» деген белгиси эле.
***
Чоң Саздын бир четине Мамат мырзанын аппак өргөөсү тигилген. Анын жанында
чакан аппак үй. Бул Алымбай малайдыкы.
Тыныбек балдарына энчи бөлүштүргөндө Мамат менен келинчеги жаш болгону үчүн,
аларга кызмат кылууга Алымбайды кошо берген. Зоотбек болсо, «өз жансактоомду
өзүм аткарам» деп малайдан баш тартып, энчисиндеги жылкысын да өзү багууга
киришкен. Койлорду багуучу башка.
Жаш мырза жашоону өзү билгениндей өткөрө баштады. Атасындай зыкым жана
дүнүйөкор эмес. Берекеси төгүлгөн март. Үйүнө бир киши келсе да, беш киши келсе да
кой соет.
Малайына да карамдуу. «Жаш мырзанын жалчысы самтырап жүрөт» деп айтышпас
үчүн Алымбай менен Маананын үйүн жаңыртып, кийим-кечесин да жаңылаган.
Өмүрүндө биринчи жолу үстү-башы жаңырып, жакшы үйгө жетишкендиги үчүн
Алымбай менен Маана мырзанын кызматынан баш тартышар эмес. ;
Чоң шашке болуп калган. Эл капкачан тиричиликке; киришкен. Малай токойго барып,
өгүзгө отунду сылаа артылып келип, жагууга белендөөдө. Маана мырзанын түндүгүн
ачып, самоор койгон. Кайнаган самоор нечен бөксөрүп, нечен толтурулду.
Бир маалда шайы жууркандын шуудураганы, «ах!» деп эстеген назик үн угулду.
— Күн жабыктан ылдыйлап калган тура! — Келин козголду бейм, колоң чачка
тагылган күмүш чачпак шарактай түштү.
— Уйкумду качырдың, кап! — Мамат оодарылып көзүн ачты. — Күн чыккан го.
— Антпей эле чоң шашке...
Мырза жаздыктан башын көтөрүп, көзүн ушалап, көйнөкчөн отура берди.
— Маасым кайда?
— Шымымды алып берчи! — Күрмөм...
Мурдараак кийинген келинчеги анын кийимин бирден чубап бере баштады.
Мамат эс тартканы өз кийимин өзү кийинип көргөн эмес, бала күнүндө апасы кийинтсе,
азыр бул милдет аялынын мойнунда.
Мырза желең чепкенин желбегей жамынып, ак калпакты алчыланта кийип, салмактана
басканы менен жетиле элек балапан мүчөсү, жылдыздуу кебетеси анын али өспүрүм
курагынан өтө электигин айгинелегенсийт. Чынында ал бала күнүндөгүсүнөн көп
өзгөрбөгөн: денесн толмоч, шишимик нөз, боз улан болгон.
Согончогуна жеткен калың чачы эле жеткилең көрүнбөсө, тараз бойлуу, арыкчырай
Уулжандын ажардуу иреңи жана жалтанчаак көзүнө караганда ал да он төрт, он беш
жаштан ашпаган. Алар эшикке чыгышканда Алымбай менен аялы ийилип салам
айтышты. Уулжан эмне үчүндүр кызарыптатарып терс бурулуп кетти. Мамат
мурчуюмуш болуп алик алды.
Ээлери үйгө киргенче Маана төшөнчүлөрдү жыйнап үйдү шыпырып, тазалап койду.
Алар эртең мененки чайга жаңы гана отурушканда Мамат менен Седеп келишти.
— Келгиле! — Баары орундарынан турушту. Уулжан кайып энени урматтап
жүгүндү.
Теңир жалгасын! — Манат ызааттуу келинине батасын берди — Алганың менен тең
кары! — Ал төргө отурду, бир жагында уулу, бир жагын
Кайын энеси келгенден кийин Уулжан чайнек менен Маматты алдына жылдырып,
чайды өзү куя баштады. Кийинки жылдардын ичинде Маматтын карындашы Седеп да
тал чыбыктай боюн түзөп, көзгө көрүнө түшкөн. Иреңи апасыныкындай кызыл тору,
тулку бою сындуу, оймолжун көз карашында мудалуу ой жана жароокерлик касиет
жашырылгандай муңайым. Ал келер менен экеңесине ыктап, кулагына бирдеме
шыбырады эле, экөө да токтоно албай бырс күлүштү. Иреңи жана мүнөзү жагынан
караганда экөө жашташ жана ынак курбу сымал.
Кыз доору — өмүрдүн жарашыгы, оюн-күлкүнүн, таттуу кыял жана таза сөзимдин
доору. Бирок бечаралар боолуу куштай болуп, атанын төрүнөн карыш жыла албай,
күлкүдөн мооку канбай, таттуу кыялдын маанисин ача албай эртелеп эрге кетишет.
Анда да жарпы жазылары күмөн. Кызыл гүлдөй буралып турган чагында айылдаш,
коңшулаш курбулары болсо да жакшы. Болбосо, жеңеге күнү түшөт. Эгерде жеңеси
жакшы болсо бир жөн, кишилиги болбосо, арманы атасынын төрүнөн башталат.
Седептин Уулжандан башка сырдашар жана муңдашар курбусу да, жеңеси да
болбогондуктан, ушул үйгө көбүрөөк имерчиктейт. Уулжан кожоюну жокто айылдагы
кыз-келиндерди чогултуп баштаң таңышат, өздөрүнчө ырдашат, жаштык жана
махаббат жөнүндө сүйлөшөт.
— Кыз, чайга кара! — Жеңеси анын алдына чыны жылдырды. Седеп нандан ооз
тийип, чыныны кайра анын өзүнө узатып, кулагына шыбырады:
— Чайды орозосун жаңы ачкандар ичишсин... Капырая, байкем экөөңөр кантип
табыштыңар?
— Күйөөгө тийгенден кийин сенин уйкучу болбогонуңду көрөрмүн.
Кыз сөзүң суук дегенсип, кыйгачынан карап, жеңесин чымчыпалганда, байбйче
алардын оюнун жактырбагандай эринин кымтыды.
Мамат ысык нанга бал каймактан илип жеп, чайдан шорулдата ууртайт. Күндө бир
маал келип, акыл айтууну апасынын «эрте тургула», «үйүңөрдү жакшы күткүлө»,
«опур-топурду көп жолотпогула» деген сөзүн уккусу келбегендей мурчуят. Баласынын
сиркеси суу көтөрбөй турганын байкаган байбиче кулак кагыш кылды:
— Күн чыкканга калбай туруп жүр, балам! Антпесең, кудай тааланын насибинен
куру каласыңар.
Эрте турайын десе күйөөсү болбосуна көзү жеткен келин кайын энесине убада бере
албай кысталууда. Муну Мамат түшүнүп, мурдунан күңк этти:
— Апа, мен азыр бала эмесмин, чоңоюп калбадымбы, өзүңөр аял алып бердиңер.
Энчимди да бөлүп бердиңер. Мен каалагандай жашайм. Атам экөөңөргө окшоп,
малчыларга аралашып, майда тиричилик менен убара болгубуз келбейт. Биз жыргал
доорон сүрөбүз. Мындан кийин кулактын кужурун албаңыз.
Байбиче терикти. Аны кичине дейин десе, үйлүү-жайлуу, короо-короо койдун, үйүрүйүр жылкынын ээси. Катуу айтса кадыры калып, шагы сынар.
— Кудай өзүң шерменде кыла көрбө! — Байбиче жакасын карманды. — Келиниме
ыйман бербесе, уулуман кайыр жок. Кудай өзүң оңдой көр...
Жаш үй ээси менен чоң байбиче бири-бирин жактырышпай мурчуюшкан соң келин
менен кыз да күлкүсүн тыйып, дагы эмне болуп кетер экен дегенсишип, элеңдешет.
Седеп үчүн эркин отуруп, кенен сүйлөшүп, көңүл ача турган жери ушу агасынын гана
үйү. Башка жакка барбайт, барса да тиричилик, мейман күтүү менен эле алагды болгон
бүлөлөргө көзигип, кеткенче шашат. Бүгүн бул жер да көңүлүндөгүдөй болбоду.
Кыздын иреңи суз тартып, коймолжун кара көзү сүзүлүп жер карап калды. Жеңесинин
шыбыры, жароокерленгени анын көңүл кирин жууй албады.
Апасы менен байкесинин араздашканы кыздын демейдеги көңүл чөктүсүн козгоп
кетти. Анын сырын билген Уулжан кайын энеси менен күйөөсүнө ачууланды, бирок
ачык аларга эч нерсе айта албай өз ичинен кошо кейиди.
— Ассалоомалейкум! — эшиктен кирип келген жигиттин саламы түнөрүп отурган
бүлөнүн көңүлүн заматта алагды кылды.
— Алейкума салам! Жогору өт! — деп Мамат ордунан тура калды. Уулжан төргө
көлдөлөң төшөдү.
«Дагы бир коногу келди го» деп Манат байбиче жактырбагандай күбүрөдү.
— Алымбай! Ээ, Алымбай, козу алып кел! — Мырзанын мурду эдирейип кубанып,
үйүнө бүгүн биринчи болуп келген мейманга дасторкону берекелүүлүгүн көрсөткүсү
келди.
Келген мейман Атай эле. Үстүндө кара чийбаркыттан сыртынан күмүш кемер
курчалган. Башында шырымал кара көрпө тебетей. Комузун кучактай төргө отургаңда
сол колунун аты жогундагы күмүш шакеги жаржылдап көзгө урунду. Атай менен
Мамат кичинекейинен бирге ойноп, бирге өскөн курбу болгону менен эс тарта
баштаганы аталарынын пикир келишпегендигинин таасири менен өз ара катташпай,
кимиси кандайча чоңойгонун баамдабай калышкан. Мамат аны көргөндө «оо, чоң
жигит болгон экен» — деп болжоп, кийиминин жана шакегинин ага жарашып
турганына кызыкты.
Атай болсо, бул үйдөгүлөрдүн эмне үчүн үтүрөйүшүп отурганын, байбиченин
кыртышы сүйбөгөнүн этибар албады. Жаш мырзанын жасалгага толгон үйүнө: күмүш
бакандарга илинген кымбат баалуу аң терилерге, ар түрдүү кооз кийимдерге, аттын
жабдыктарына, кереге менен тең жыйылган жүккө назар салбай, оттуу көздөрүн үйдө
отурган кишилерге бир сыйра жүгүрттү. Ал да Тыныбектин бүлөлөрү менен көп
убактан бери аралаша элек болучу.
Анын көз карашы байбичеге токтолгон жок. Маматтын эртелеп үйлөнүшүнө таң
калгандай аны бир аз тиктеп турду. Уулжандын баамчылдыгын көз карашынан
байкады. Капшыт тарапта кере карыш кундуз тебетей кийген кызды көргөндө аны
тааныбагандай кадала тиктеди.
Атай Седепти кичинекейинде да сейрек учурата турган. Анын кандай кыз экени,
өңүтүсү да эсинде калбаптыр. Көңүлдүн түпкүрүндө уюган муз жаткандай коймолжун
кара көзү менен муңайым тиктеген кыз башка жактан адашып келип, туш болгондой
туюлду.
— Седепти тааныбай турасыңбы? — деди байбиче бир жак ууртун жыйрып.
Атай ыңгайсызданып, жооп кайтара албай калды.
— Сени ырчы болду, чертмекчи болду деп уктук. — Байбиче деле болсо кээрдүү.—
Кана, өнөрүңдү көрсөтчү.
Кыз апасынын кээрдүүлүгүнө нааразы болгондой эринин тиштенди. Ага антпе
дегендей ишарат берди. Байбиче ага көнбөдү:
— Кана, эмнеге мелтиреп отуруп калдың? Апасынын кыртышы сүйбөгөнүн
байкаган Мамат да,
ачуусун араң эле басып отурду. Алар Атайды таарынып, кетип калар бекен — деп
чоочушту.
Атай таарынган да, тартынган да жок. Оюна бир нер¬се түшкөндөй көздөрү жайнап,
комузун толгойтолгой экиленте кол ойнотуп, так секирген бир жандыкты туурагандай
күү чертти.
— Мунуң эмне? — Манат байбиче баягы калыбында сурады.
— Ээ, байбиче, «тебенээк ат, сүзөнөөк уй» деген күү упгул.
Келин менен кыз бырс күлүштү. Мамат бир нерсени түшүндүбү же күүнүн атына
күлкүсү келдиби, айтор каткырды. Олчойгон байбиче үйүн көздөй жөнөдү:
— Жүр, кызым!
Седеп кеткиси келбегендей кыйылды.
— Кыз мында калсын? — Келини туруп эшик ачып, ийменгендей акырын сүйлөдү.
— Мен анан өзүм жеткирип коем.
— Жүр деймЬӨңчөй бакшылардын арасында сага эмне бар?! — Байбиченин
чындап ачууланганын көргөн Седеп аргасыздан ордунан козголду.
«Олда менин шоктутум ай!» деп, Атай кемпирдин ачуусуна тийгенине өкүндү. Седеп
тура бергенде анын суусар тебетейинин кыруусуна кыстарылган темир комуз көзгө
урунду. Айылдагы келинкыздардын көпчүлүгү, комуз кагышкандыктан, Атай ага анча
маани берген жок, кетишине гана өкүндү.
Аңгыча Алымбай үйгө козуну жетелей кирип, бата сурады.
— Кемпирдин кеткени жакшы болду! — деди Мамат кудуңдап,— өзүбүз ээнэркин
жыргайлы!
***
Седеп менен Мамат Тыныбектин ортончу аялынан. Зоотбек улуу аялынан. Бирок
алардын баары Манат байбиченин колунда өсүп, тарбиялангандыктан, аны апа дешет,
Бурулча менен Айсалкынды жеңе деп аташат.
Седеп ортончу апасынын үйүнө барбайт. Манат байбиченин «өз энесин тапты» деген
кээринен корКот. Бири бирин түшүнө тургандай, жакынсынтып токол апасынын үйүнө
баруучу. Экөөнүн ортосунда алтыжети жаш гана айырма бар. Бирок күйөөгө он үч
жашында тийип, жаштык өмүр кандай болорун, кыздын сөзими кантип жетилерин
билбей калган Айсалкын ага эч нерсе айтып бере алчу эмес.
Тыныбек байбичесинин үйүндө эле. Мамат Атайды мейманга чакырганын угуп, «көңүл
ачканы жакшы» деп койду бирок козу сойгонун туура көрбөдү. «Минтип жүрсө,
малдан айрылып, как талаада калат го» деди оройлоно.
Айтсам болбойт. — Байбичеси дале кыжырланат.— Билбейм, кандай киши болорун?
Эрте туруп жүргүлө десем уялбай өзүмө каяша айтат. «Мени менен ишиңер бол
болбосун» дейт.
Ошенттиби? — Бай кайталап сурады.
Ишеничи, үмүтү ушул баласында болуп жүргөн Тыныбек беймазалана түшүп, кайра
сабыр кылды: «жаш эмеспи, курчтук кылып жаткандыр. Токтолгондо мыкты киши
болот. Байтик баатыр менен Кызылбаш ушуга окшоп, жаштайынан агыл-төгүл, шок
чыгышкан экен».
Седеп Ата-энесинин күңкүлдөгөнүн уккусу келбей кичи апасынын үйүнө кетти.
Айсалкын адатынча сайма сайып отурган экен. Бош убактысын дайыма сайма менен
өткөрө турган. Калган убагын абышкасына кызмат кылуу менен... Анын кубанганын же
кайгырганын Седеп эч убакта байкоочу эмес. Балким кубаныч менен кайгыга сайма
саюудан чолосу тийбегендир.
— Кыз, кел! — Айсалкын башын көтөрүп күлө карады.
Седеп унчукпай басып келди да, анын колундагы сайманы жулуп алып, ыргытып ийди:
— Деги мунсуз жашай аласыңбы?
Айсалкын «ортобузду бир укмуш ушак аралаган экен» деп коркконунан иреңи
кубарды. Дагы эмне дээр экен дегенсип, кооптонуп турду.
Ачуулуу кыздын оозунан башка кеп чыкпаган соң башын көтөрүп, аны жалтаңдагандай
көз кыйыгы менен карады.
Седеп каткырып ийди.
— Эх, жаным ай! Боорум ката жаздады! — Седеп ичин басып, кыткылыктай берди.
— Өх, мынчалык катуу күлгөн жок элем, ыйлабагай элем... Сендей да жан болобу? —
Ал Айсалкын менен «сен» деп сүйлөшө турган.
— Анан кантем! Жаным калган жок...
— Айыбым үчүн комуз кагып берейин!
Седеп кичи апасынын бетмаңдайына отуруп, тебетейинин кырындагы темир комузун
алып, шуулдата кага баштады.
Ансалкын тыңшап отура берди. Темир комуздун бирде муңдуу, бирде шаңдуу чыккан
үнү узакка созулду...
— Ээ, берекем! Кайдан жүрүп комузчу болуп кеткенсиң? Жүрөктү титиретесиң да?
Анын комуз какканын Айсалкын да, башка энелери да далай уккан. Андайларды укпай
жүрүшүптүрбү?!. Бүгүнкү комуз кагышы мурункулардын бирине да окшободу. Кыздын
көңүлү буулутуп, кыялы ээлигип, жанын коерго жер таппагандай учуру экен. Анын
мынчалык ачыктыгын, шайырлыгын жана жароокерлигин да жеңеси байкабай жүргөн.
«Кыз бойго жетип калган экен» — деп ойлоду Айсалкын.
Седеп бул түнү кичи энесинин үйүнө түнөдү. Ал тышка чыккан сайын Маматтын
чырагы өчпөгөнүн, кээде, жел ошол тараптан соккон сайын күүнүн, же обондун
жаңырыгын кулагы чалат. Кичи апасы менен кыз бир төшөктө жатышты. Тыныбек
башка аялдарына түнөгөндө Айсалкын Маматты же Седепти өз үйүнө чакырып келчү.
Бул жолу Седеп чакырткан жок.
***
Атай чийбаркут күрмөсүн тазалап, тебетейин силкип, күзгүнүн алдында сыланып
турду. Бала бир жылдан бери боюбашына каранып калган эле. Айрыкча жакындан бери
күзгүгө үйүр боло баштады. Үйдө отурушкан ата-энеси уулдун эр жетип калганына
кубанышып, астыртан серп салышат.
Ал кийимин кийинип, курун курчанып, комузун колуна алганда Султаналынын үнү
чыкты:
— Дагы каякка? Атай токтолуп калды.
— Эшикке чыгарбайсыңбы уулуңду? — Аккыз анын кысылганын сөзип, сөзгө
аралжы болду.
— Каякка барарын өз оозунан укчу? — деди Султаналы кытмырланып.
— Каякка?
— Маматка.
Султаналы бекер жеринен чебердебегенин Аккыз ошондо түшүндү. Тыныбектер менен
катташпаган Атай жакын күндөрдөн бери Маматтын үйүнө эки-үч жолу барды. Жаш
мырзанын дасторконуна кызыкпаганы белгилүү эле. Тыныбектин кызы бойго жетип
калганын алар да билишчү. Атай ошо кызга имерчиктешинен аябай чоочушту.
Тыныбекти чочкодой көргөн немелер анын үй-бүлөлөрүн да жактырышчу эмес.
— Балам, отурчу! — Уулу улагадагы ээрдин үстүнөн жай алды. — Жаңылбасам,
ушу сен сасыган байдын кызына имерчиктеп жүрөт окшойсуң? Чынбы? Сөздүн ачыгы
жакшы...
— Жок. — Атай буйдалган жок. — Жөн эле, Мамат менен тамалашалып. Кызык
жигит болуптур. — Ал Тыныбектин кызына ашык болгону жок, аны көргүсү,
сүйлөшкүсү келчү. Бирок эки-үч жолу көзигишсе да, агасы менен жеңесинин көзүнчө
сүйлөшүүнүн эбин таппаган. Анысын атасынан жашырды. «Кыз менен сүйлөшкөнүмдө
атамдын жумушу кайсы?» — деп ойлоду.
— Андай болсо, Маматка барба. Анын акмактыгына
кызыкпасаң, башка, кызыктыра турган эч нерсеси жок.
Абышканын чукугандай сүйлөгөнүнө Атай күлдү.
— Эшикке чыгып, ойной бер каралдым! Маматтыкына барбасаң эле болгону! —
Аккыз баланын шагы сынбасын дегенсип, аяп кетти.
— Эшикке чыгып, ойной бергендей, бала беле?! — атасы мурчуя калды. — Сен эми
жигитсиң! Атыңа мин, жаныңа жигит ээрчитип, кайындарыңа барып учурашып кел.
— Эми акылын таптың — деди Аккыз күйөөсүнө... Күйөө балдар аттанаарда
Султаналы аларга бир семиз
бээ жетелетти:
— Кайнатаңдын союшуна...
***
Атай биринчи жолу кайындап келишинде Кызылбаштын уулу Тынарбектин үйүнө
түшкөн эле. Кудайберген аны ошол жерден көрүп, жаңы күүсүн уккан. Бу жолу аны
болуштун каалоосу боюнча чоң үйгө түшүрүштү.
Кудайберген жеңилденип, бутун сунганда бети табылгынын чогундай ак саргыл келин
анын төмөн жагына илбериңки отуруп, бутун ушалай баштады. Атай менен күйөө
жолдош болуп келген бакыракай жигит болуштун жоругуна таң калышты. Алар
Кызылбаштын каардуулугун, көп сөздү жактырбасын угушкан. Аттанарда: «Ашык
сүйлөбөгүлө, өзүңөрдү жакшы кармагыла» — деп, Султаналы абдан
дайындагандыктан, демин ичине алышып, тымпыйып отурушат. Колуктусун көрүп,
көксөсүн суутайын деген максаты болбосо, келчү жер эмес экен.
Күйөө менен күйөө жолдош үндү ичке катуудан жарыла турган болушса да, аргасыздан
тынч отурушат. Качан гана болуш чалкалап жатканда төрдө отурган балдар эркин баш
көтөрүшүп, үй ичине көз жүгүртүпгүп, атүгүл, эрке токолго серп салышты.
Бурулкан балдардын эмне үчүн сабырсызданганын байкап, аларга боору ачыгандай
жалт карап коюп отурган. Бул көз карашы балдардын эркин байлоо, буттун оорусунан
да күчтүү дегендей туюлууда.
Атай менен жигити картаң болуш менен келинчегин салыштыра баштады. Келин
күйөөсүнөн кеминде эки эсе жаш экендиги байкалды.
Ушул салыштыруу Атайды өзүнүн колуктусу жөнүндө да ойлонтту. Угушуна караганда
ал быйыл сегиз, тогуз жашта, Атайдан 6—7 жаш кичүү. Теңтуш эле болчудай. Кудая
шүгүр деп ичинен күбүрөп, Бурулканды карап күлүп койду. Токол, күйөө баланын эмне
күлгөнүн түшүндүбү, же түшүнгөн жокпу, аны билгизген жок, бир аз ойлонгонсуп
отурду. Атай көп убактарда келин-кызды көз ымдашы, же жылмаюусу менен күлдүрүп
эрмектөөчү эле. Бирок Бурулкан жеңе андай окшободу. Эрине эңкейип күбүрөдү:
— Чоң уул келди бекен?
Атай менен жолдошу сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүшкөн жок.
— Келген чыгар. Чакыртчы! — деди күйөөсү. Бурулкан эшикке чыгып келип,
кайрадан эринин тизесин укалай баштады.
— Ассалоомалейкум! — Кирип келишкен Тынарбек менен Боромбай болушка
салам айтышып, балдар менен кол алышып учурашып отургандан кийин: «Бүгүн
мырзалар биздин үйдө болушсун» — деди Тынарбек:
— Атасы уруксат берди.
Чоң кишинин үстүндө жаштардып кысылганын Бурулкандын түшүнгөнүнө жана ал
оюн күйөөсүнө билдирип койгонуна балдар ичинен ыракмат айтышты.
Тынардын үйүнө Атай Маматтыкында отургандай өзүн кенен жана эркин сөзди.
Черткиси жана ырдагысы келет. Бирок комузу жок. «Кайныңа барганда
алабармандабай жакшы конок болуп, зымпыйып гана отургулй» — деп, Султаналы
комузун бербей койгон эле. Эми Атайдын эрмеги Тынарбектин аялы болду.
— Жеңе, көңүлүңүз тынчпы? — Мындай туюк суроого жооп таба албай жеңеси
кызара түшкөн.
— Биздин колукту чоңоюп жатабы? — деди Тынарбек эшикке кирип-чыгып
жүргөн учурда.
— Чоңоюп жатат. — Багалчак бойлуу, сурма көз келин күлүп жиберди.
— Эмне үчүн күлөсүз? — Атай жармашып алды. —
Деги күйөө деген сөзгө тили так келеби? Келин кыткылыктап ийди:
— Сүйлөгөндү жакшы эле билет. Быйыл ондо.
— Оо, тебетей менен урса жыгылбай турган болуп калыптыр го. — Атай
чөнтөгүнөн атыр, самынды сууруп чыкты. — Жоодураган көзүңөн айнанайын жеңетай,
колуктумду бир эле көрсөтүп койчу! Болду, сенден башка сурарым жок. Жеңелик
карызың ошо гана.
Келин кыйылып турду:
— Күйөөң чакырып жатат десем, өлсө да жолобой калсын.
Бечаранын ак көңүлдүгүн жана куулукшумдугу жогун түшүнгөн Атай аны
какшыктаган жок, жеңелик кеңешти ага өзү үйрөтүп берди:
— Биздин үйгө кирип чыкчы, кыз? Эл каттап жүргөн өкүматтар келди, көрүп кал,—
десең жүгүрүп келет.
— Макул! — Шылтоо ойдогудай табылды.
Ал чыгып кеткенден кийин Атай менен жолдошу жеңенин комсоолугуна
каткырышты...
Кечикпей эле эшиктен дабыш угулду.
— Сыр билгизбөө керек,— деди жолдошу,— сен чөнтөгүңөн кагаз алымыш бол.
Колукту деген сөздүн күчүн ай! Атайдын жүрөгү түрсүлдөп, шашыпбушуп
коюнкончун аңтарып жатып, чөнтөгүнөн момпосуй оролгон кооз кагаздан башка нерсе
таба албай, ошону тиктемиш болуп калды.
Эшик ачылды. Чачтары сербейген кызыл чыт көйнөкчөн, жылаңаяк кыз жеңесине
сүйөнүп, эшиктин алдына токтой калды. Жүрөгү жарыла жаздап турган Атай боюн
токтотуу үчүн башын кагаздан көтөрбөй отура берди. Жолдошу тамагын жасады:
— Жогору чыгып отур.
Кыз жеңесинин төмөн жагына сыңар тизелеп отурду эки көзү момпосуйдун кагазында.
Элди каттай турган кагаз ушундай болобу деп таңыркаганы, же мунусу момпосуй
оролгон кагаздай экен деп алымсынбаганы белгисиз» Атай башын акырын гана
көтөрүп, жылаңаяк сексейген кичинекей колуктусун көрүп, эмне үчүндүр күлүп койду.
Кыз бутунун жылаңаяктыгына уялгансып, көйнөгүнүн этегин чое жаап, төмөн карады.
— Сен кимдин кызысың? — деп сурады Атай.
— Алымдын...— Кыз үнүн акырын гана чыгарды.
— Оо, айнанайын, чоңоюп калган турбайсыңбы? Келчи бери?..
Кыз таякесин көргөнсүп, ордунан тура калды. Агалары жана алыстагы таякеси бир
жактан келгенде аны ушинтип чакырышчу. Балким, бул өкмөттөр атамдардын
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 10
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов