Latin

Атай - 08

Общее количество слов 4025
Общее количество уникальных слов составляет 2330
28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
көзүнчө шерменде кылып, мындан ары эч ким законду бузгус кылмак болот. Жанкороз
заңкайган чоң киши экен. Аны стулга стургузушканда, оордугуна чыдабай орундуктун
баары качырап сына берет. Акыры издетип жүрүшүп, болуштун өзүнө окшош олчойгон
чоң кресло алып келип, отургузушкандан кийин кресло кычырап барып сынбай калат.
Оёз погондорун жаркылдатып, анын бет алдында отуруп, бир гана суроо берет:
— Сени чектен чыккан бузук дешет. Ушул ыраспы? Эл жарданышып Жанкороз
менен оёздун оозун тик
тешет.
Жанкороз тартынбай жооп кайтарат:
— Эгер элдин айтканына ишенгиң келсе, мени «бузук» дешет, а сени «торгойдон
келген мужук» дешет.
Тилмеч төкпөйчачпай сөздү бир тилден бир тилге которуп турат.
Оёз сөзгө сынат. Анткени ал торгой казактары тараптан келген чиновник, теги төмөнкү
катмардан эле.
— Бар, кете бер! — дейт да оёз жолуна түшөт. Ошондон кийин болуштун
залимдиги ого бетер күчөйт. Бирок кечикпей улукка кайрадан суралат. Бул жолу татар
оёз сурайт. Ал чыканактай гана кичинекей киши экен. Мурда улукту сөзгө жыгып
текебери күчөп калган неме, буларды экинчи жолу мага жологус кылайын дейт да,
оёзго катуу сүйлөйт:
— Торгойдон келген мужук беттеше албаган Жанкорозду чыканактай болгон татар
сурайт имишпи? — Жанкороз кээрдүү сөзү аз келгенсип, оёзду төшкө чоң муштум
менен шилтейт. Эпейген оёз үчтөрт ала салып кетет, Жаалап турган куралдуу солдаттар
болуштун колун артына байлашып, айдап кетишет. Ал он жылга кесилип, Сибирге
айдалат...
Россия менен кошулганга чейин кыргыздын манап¬тары башкарып турган хандарга
жана алардын өкүлдөрүнө көзинде тийиштик кылбай койгон эмес. Бирок айыбын
төлөп, кутулуп кетүүчү. Жанкороз да оёзду ургандыгы үчүн көп болсо айыпка
жыгылып, чыгымын төлөп, кутулуп кетем деп ойлогон.
Жанкороздун окуясынан кийин Таластын манаптары падышалык бийликтин өкүлдөрү
менен экинчи жолу тамашалашпай турган болот. Мына ошондойлордун бири— ушу
Кудайберген.
Ушу кырдаалдын баары Кызылбаштын көңүлүндө эле. Бирок ал жөнүндө айтууну
туура көргөн жок. Анын ою башкада.
Бүгүнкү сөз элге жайылбай койбойт. Балким улуктарга да жетер. Бул үйдө падышага
кыяпат боло турган сөз чыгышы коркунучтуу. Тетирисинче, элди тартипке
чакыргандыгы жөнүндө сөз тараганы пайдалуу. Эгерде, шарт өзгөрсө, дагы ылайыгына
жараша иш кылар.
— «Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес». Ага катылган соо калбайт.
Азырынча кажыкужу жок, жайжайыңарга тарагыла... Күбүршыбырды токтоткула...
Айылдагы терсаяктарды теске салып, чыгымга калбаска бүтүрүп жибергиле... Биздин
иштер ишибиз ушул. Калганын көрө жатарбыз.
Карыялар унчугушпай угушту. Тоймат шылк дей түштү. Болуш менин сөзүмдү колдойт
— деп ойлогон эле, анткени — аны абдан кадырлачу, сөзүн кайтаруучу эмес. Бүгүн
Тойматтан башка кишиге төрө чайдан татырбаганы бекеринен болгон жок. Бирок азыр
урматтуу бийдин шагын эмне үчүн сындырды?
Баятан бери сөзгө катышпаган Шадыбек чыгым дегенде жандана калды:
— Эл бербей жатат. Кантип төздетебиз?
— Шадыбек, сен эң мурун өз алкымыңды тый! Бая күнү пристав келгендеги менин
чыгымымдын үстүнө ар бир түтүндөн кошумча акча жыйнапсың! Акмак! Азыр жан
кулактын учунда турганда кулкунуңа этият болбосоң, биринчи ок сенин чыкыйыңа
кадалат. Уктуңбу? Бар. Жөнө.
Меймандар ордунан козголушканда Кызылбаш «аксакал куру кетпеңиз» деп
Тойматтын үстүнө чепкен жапты. Сөзүн коштобогону менен тигилердин көзүнчө
болуштан сый алгандыгы үчүн бийдин көңүлү да көтөрүлө түштү.
***
Айыл жымжырт. Жылдагыдай ат жарыш, көкбөрү тартуу, кыдырышып кымыз ичип,
күпүлдөшкөндөр жок. Ар кайсы жерде биринсерин кишилердин күбүршыбырына
караганда айылда коболоң бар.
Кызылбаш болуштун үйүнө да эч ким катташпайт.
Букар килем тартылган капшытта калыңдыгы тпзеден ашкан каткат төшөктүн үстүндө,
ак шейшептүү жука шайы жууркан жамынып жаткан болуш баш жагындагы күмүш
баканга илинген чаар ала жолборс терисинин жерге үч бүктөлүп, чубалжыган узун
куйругун сылап ойлуу. Саргыч муруттары майланышып, таноолору дердейип,
бадырайган кой көзүнөн от чачырайт. Минтип жатуу болуш үчүн адат. Үй ичинде не
бир кымбат баалуу буюмдардын ичинен жалгыз гана жолборс терисин ардактайт. Аны
дайыма баш жагына илдирип коюучу.
Кызылбаштын төшөктө жатканына бешинчи күн. Бирок анын оору, же соо экенин эч
ким билбейт. Ал өзү оорумун деп айтпаса, «эмне үчүн жатасың» деп ким сурай алат.
Ошону үчүн кишилер ага иш боюнча да, көңүлүн сурап да келе алышпайт.
Ал жашыраак күнүндө кызыл жүгүрүк менен ооруп айыккан экен. Андан бери күн
бүркөлсө тула бою туташып, буту-колун аялдарына ушалатууга адат алган. Бул адаты
Бурулканга үйлөнгөндөн бери ого бетер күчөгөн. Бирок азыркы жатышынын себебин
башкалар түгүл, Бурулкан да билбейт. Оорусу катуу болсо табыпка түшөр эле, болбосо
төшөккө мынчалык байланчу эмес.
Эмне үчүн жатканын Кызылбаш өзү гана билет. Үч күн мурда Шадыбектин
букаралардан өлөрчө тепки жегенин уккан. Айылдын ээн баштары кечээ күнү дагы эки
старчынды көк ала койдой союптур. Чыгым да, салык да жыйналбай калды...
Болуш оёзго киши жиберип, болгон абалдарды билдирип турду. Оёз «элге катуу чара
көрбөсүн, салыктарды да кыстабай кое турсун» деп туюк жооп кайтарган. Жыйырма
жылдан бери элди былкылдатпай кармаган Кудайбергендин жана асманга колу жеткен
падыша өкмөтүнүн бийлиги колдо турганда букаралардын эсирип, башка чыгып
кетиши ал үчүн жаман белги эле. Өзү атка минип жигиттерин шаймашай ээрчитип
чыгып, ач айкырык салып, эсиргендерди эсине келтирейин десе, оёз келдирин кести.
Коркок оёздун сөзүнө түкүрүп, өз
билгенин кыла берейин десе, кыжыры кайнап турган эл мени да «старчындардын
кебетесине келтиреби» деп чочулайт. Эгерде үйдө жата берсе болушка үйүн кайтарттык
деген ушак тароого да мүмкүн. Айласы түгөнгөн Кудайберген эски оорусун бел кылып,
сырын айтпай жата турду.
Сопсоо киши төшөктө жатса, ойго эмне келбейт? Германиядан жеңилип, элдин
козголоңунан коркуп, алактаган ак падышаны көз алдына элестетет... Ал тактыдан
кулайт. Колуна найза, кылыч кармаган эл падышаны тоголотконуна алымсынбай, оёз,
пристав, болуш жана старчындарды кууп келатышат. Кызылбаш «көзүм жамандык
көрбөсүн» деп жолборстун куйругун бетине далдалай койду да, оор үшкүрдү.
Үшкүрүүнү билбеген күйөөсүнүн оорусу жүрөгүндө экендигин сергек токол сөзди.
Мындай дарт ушалоо менен чыгабы. Ал ордунан туруп, күмүш самоорду кайнатып,
төрө чайдан демдеди.
— Кудая шүгүр,— болуш баш көтөрүп, ичигин жамынып отурду.— Кудайдын
сүйгөн пендесин киши кор кыла алабы? Элге сыр алдырбоо керек...
Даамдуу кызыл чай анын көңүлүн ачып, денесинин курушун тараткансыды. Ушул
учурда өтүгүн тарпылдатып, кийими да, иреңи да чаң болгон бирөө кирип келди. Аны
Кызылбаш өтүгүнүн дабышынан гана зорго тааныды. Жигиттин кара чапаны менен
тебетейи бопбоз, иреңи көрдөн чыккандай купкуу, маңдайынан жана жаагынан аккан
терлери суусу кургаган сайдай кашкайып калган. Көзү карышкырдыкындай кыпкызыл.
Бул Боромбай эле.
— Ассаломалейкум? — Ал колун бооруна алып чөгөлөп отура калды.
Валейкум ассалоом!
Жол азабынан кыйналып, сүлдөрү гана калган жигиттин кебетесинен улам болуш
чочугандай акырын гана сурады.— Жакшылыктын жьппааны барбы?
— Жок! Рарыбагыш козголуптур... Чабыш болуп солдаттар жеңди. Эл үрктү. Кытайга...
Солто аман.
— Ажап болуптур! Аксарбашыл...— Кудайберген кудайга тобо кыла баштады.—
Жигиттер, жигиттер!
Сырттан эки жигит энтелешип чуркап киришти.
— Ат токугула. Баарыңар мени ээрчигиле!
Ооруп жаткан болуш чайга карабай, шашылып кийимин кийип, керегедеги камчысын
көздөй басканда чаалыгып, эси эңги-деңги болуп отурган Боромбай анын эмнеге
кубанганын түшүнө албай, чапталыщкан көздөрүн ачуу үчүн аракеттенип, кирпиктерин
төз-төз ирмей баштады. Бирок желим менен батталышкандай кирпиктери анын эркинен
күчтүүрөк болду. Жабыла аттанышкан болуш жана жигиттеринин дүбүртү ага
солдаттардан качып бараткан кыргыздарды элестетти... Боромбайдын көздөрү
жумулуп, араа менен кыйылган теректен бетер салмак менен кыйшайып барып кулап
калды.
— Байкуш ий, өлгөнү калган экен го...
БурУлкан аны кийизге жеткирүү үчүн эки колтуктан алып тартканда жигит ордунан
козголбоду. Ошондо да башына жаздык коюп, үстүнө чапан жапты да, күйөөсү кеткен
тарапка көз жүгүрттү. Жигитжалаңын ээрчиткен Кудайберген карамагындагы
айылдарга барып, старчындарды жазалаган ээнбаштарды жигиттерине кердирип коюп
сабатып, элге жарлык таратты:
— Кимде ким болуш менен падышанын буйругун аткарбаса, үй мүлкү таланып, өзү
Сибирге айдалат. Журт, оң кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да уккула...
Уюшпаган чачкынды букаралар топ жигиттүү Кудайбергенге катыла алышпады.
Башка болуштар түгүл, падышанын төрөлөрү да бугуп калган көзде Кызылбаштын атка
минип, айкырып чыгышын көргөн кишилердин бир катарлары «бул ушундай жолборс
жүрөк, муну менен эрегишип болбойт» — дешип кеп кыла башташты.
***
— Пенде башка түшкөнүн көтөрүү керек. Эмне кылам десе кудайдын өз эрки.
Мунусуна тобо.— Бостектин үстүнө чөк түшүп, колун бооруна алып отурган Субан
өзүнчө күбүрөй баштады. Жалгыз уулу Абдыракман өлгөндөн бери карыянын көңүлүн
комуз жана тынчы жоктугу гана күйүттөн алагды кылды. Жайыкышы дебей Султаналы
менен кошо жарышып иштеп жүрүп, эки-үч жылдын ичинде саан уй, үч эчки күттү.
Баарыдан да эгинге тоюнду. Абдыракмандан кийин тирүүлүктөн үмүтү үзүлгөн киши
али да эл катарында кыбырап жүргөнүнө тобо кылбай кантсин.
Зуура көтөрүп келген отунун эшикке коюп, күрмөсүнүн чөпчарын күбүп жатканда үйдө
үргүлөп отурган Субан көзүн ачып алды да: «Кандай жаның жай таппаган кишисиң» —
деп айтабы деген ой менен сакалын көкүрөгүнө тиреп үргүлөй баштады.
Аялы эринин жосунуна кубанган жок. Мыйыгынан күлдү: «Мунусу да жакшы».
Бечара Субан кара жанын карч уруп жалчы болуп жүрүп, жандын рахаты жөнүндө
билбей калган окшойт. Аялынын» бөзилдегенине болбой ушул убакка чейин өз үйүнүн
төрүнө отура албайт, капшытта же улагада, калың төшөнбөй бир кабат кийиздин
үстүндө гана чөк түшүп отурганы отурган. Эгерде Зуура болбосо, байкуш чал жашоо
кандай экенин билбей жалчылыктын кесепети менен дүйнөдөн арманда өтмөк.
Ар бир кишиге, анын ичинде малайга да жашоо керек экендигин Субан
Абдыракмандын өлүмүнөн кийин, айрыкча, өз алдынча тиричилик кылгандан кийин
түшүнө баштады. Буга себепчи аялы. Аялынын өзүн да, сөзүн да сыйлагысы келип,
ошону үчүн үргүлөп отурат.
Зууранын көзүнө чалы бир туруп алжыгансып, бир туруп баласындай ысык көрүнөт.
Аксакалы жайкалып турса да, куулукшумдукту билбейт, аны сакалдуу бала деп атаса
да болор эле. Бирок өмүрүнүн ичинде чалы менен тамашалашып көрбөгөн Зуура
антүүдөн ийменет.
— Арманым чоң. Артыңда тукум болор туягың Жок. Кантейин! Бирок өзүм тирүү,
он эки мүчөм соо болсо, сени кор кылбасмын, эркек баланын жоктугун билгизбесмин
дегенсип, ал үргүлөгөн күйөөсүн жалооруй тиктеп туруп, коломтого төзек калай
баштаганда эшик жактан шатыраган калың дүбүрт чыкты. Өнө бою жылкыда өскөн
Субан көзүн ачып, алаңдап калды.
Калың дүбүрт дал үйдүн түбүнө келип токтогондо ууктары карсылдап, үзүк, туурдук
сыйрылып, керегелер качырай баштады.
— Чап!
— Сыйры!
Субан эшикке чуркап чыга бергенде көк союл башына тийип телпектей учуп түштү.
Эси чыккандан эмне кыларын билбей кудайлап, үйдүн ичинде арыбери чуркай берди.
Зууранын чыңырганын угуп, Султаналы балачакасы менен чуркап келип, арага
түшмөкчү болгондо, Шадыбек старчындын камчысы аны тилге келтирди. Баканын ала
чуркап, Шадыбекти чапмак болгон Атайды бир жигит артынан барып аты менен
койдуруп өттү. Анын колундагы бакан Шадыбекке жетпей, аттын соорусуна тийди,
Атай өзү жерге катуу жыгылып, тура албай калды. Аккыз жерде жаткан баланы
камчыдан коргоо үчүн бакырып барып кучактай калды. Атай апасынын кучагында
ыйлап жатып, маңдайы канга жуулса да, бетинен түгү чыгып, айбаттуу отурушкан
Субан менен атасын көрүп, өзүнүн ыйлаганына намыстанды: кичинекей балага окшоп
шолоктобоо үчүн көз жашын жеңи менен сүртүнүп, башын көтөрдү.
Боз үй бир заматта жер менен жексен болду. Союл кармашкан бир топ жигит үйдүн
ичитышын артынып, өңөрүшүп, эшиктеги малдарды айдаган бойдон жөнөштү.
Субандын үй-бүлөсү как талаада калды.
— Катуудан казан, жумшактан күл калсын.— Шадыбектин үнү гана угулуп жатты.
Ооба, казаны менен күлдөн башка эч нерсе калган жок. Бирок казан да эки бөлүнгөн.
Булар Кызылбаштын сөзү менен ээликкен Тыныбек байдын жигиттери эле.
Бай эрк талашкан малайдан өчүн ушинтип алды. Намыскөй Султаналы бактысы жок
тууганын талаага калтырбоо үчүн ар кимден кийиз, кереге, уук кураштырып ошол эле
күнү Субанга алачык жасап берди. Бир сыйра кийиз, төшөнчү жана идишти өзү кошту.
Субандын ырысына анын ороодогу эгинин байдын жигиттери билбей калышты. Быйыл
кургакчылык болуп, элдин башына кыйынчылык түшүп турганда эгиндин шарапаты
менен ал тентибей, өз журтунда калды.
Эгерде байдын жигиттери Субандын малын таштап, ороодогу он чакты бут эгинин
алып көтсе, кыйын болот эле...
Султаналы намысы үчүн туталанды. Айбан Тыныбек атасынын ашында Султаналынын
кылган кызматын билбеди. Анысы аз келгенсип, бүгүн жигиттерине сабатты.
Алсыздарга жардам болор киши кыргыз эмес, орус арасынан да табылбоочудай.
Николайдын иниси Анатолийди кечээ күнү полиция камакка алыптыр. Николай да
коркконунан үйдөн чыкпай калыптыр.
Беш канат кенен үйдө жашоого көнүп калышкан Субандын үй-бүлөсү эшигинен
жөргөлөп кире турган алачыкка корголошту. Субан чөк түшүп, ойго чөмүүдө. Аялы
менен кызы көздөрү шишигенче ыйлашып, баштары ооруп, улутунупулутунуп отуруп
калышкан.
Айылдаштары бир сыйра келишип, мүлк-сүлк чогултуп беришкенден кийин аяктары
тыйылган. Минтип журтунда көз жашын төгүп калган жалгыз Субан эмес... Ал эми
Султаналыга окшоп камчы жеп, тил угуп, ыза болгондор толуп жатат. Бирөөгө кайрат
айтып, кеңеш бере албай ар ким өз алдынча дал...
Түндүгү туюк, эшиги ачык алачыктын ичи күүгүмдөнүп баратты. Адатта Субандын
бүлөсү бул убакта үйдө отурушуучу эмес. Чал менен кичинекей кызы мал менен
убараланышып, Зуура сүт бышырып, кечки оокаттын камылхасын көрүүчү. Тагдыр
аларды ошол түйшүктөн арылтып, ар кимисинин буту-колун байлап отургузуп койду.
Бактысыз өмүрдү эскерткенсип батып бараткан күн Зууранын жүрөгүн туйлатты. Ал
өзүнүн кубанычсыз секелек учурун, биринчи күйөөсүнүн тилегин, акырында Субанга
кошулуп байдан башын куткарышып, максатка жеттик го деген ишенимдери жөнүндө
ойлонуп отурган. Жок, ал тилегине али жетпептир. Мындан ары да жакшылык болору
бүдөмүк. Мурда керт баштарынын боштондугу, өз алдынча жашоону алдыларына
максат кылып коюп, азаптозокту тоотушпай турмуш менен күрөшүп келишкен эле.
Азыр көз алдына тутар максаты да түгөнүп, жээги көрүнбөгөн терең көлгө чөгүп
бараткандай сөзишти.
Зуура муңга батып калган абышкасын көрүп зээни кейиди. Жалгыз баласынан ажырап,
өмүрүндө кордуктан башканы көрбөгөн абышкасын аяды, «тирүү болсом
жалгыздыгыңды билгизбесмин» деген антын эстеп, кайраттанды. Күрмөсүн
топчуланып, көйнөгүнүн жеңин түрүнүп, жепирейген эшиктен жөрмөлөп чыкты.
Соо калган үйлөрдөн түтүн булап, кишилер чурулдаган малдарын кайрып жүрүшөт.
— Биз башкалардан кем белек? — Зуура да тиричиликке киришти.
Тыныбек байдын жигиттери бүгүн үймүлктү талаганда кетмен менен күрөктү
байкашпаганбы, же аны буюм катары эсептешпегенби, айтор, калтырышып кетиптир.
Эң зарыл буюм ушулар. Зуура дароо кемеге казып, от жакты. Аккыз алып келип берген
ундан камыр жууруп, нан жасады. Кызы чай кайнатты.
Субан башын көтөргөндө толукшуган алтын ай күлмүңдөп нурун чачын турган эле. Бет
маңдай жагынан алоолонгон от көрүндү. Дүйнө караңгылап, очогунан ажырап
калгансыган кишиге бул жакшылыктын белгиси катары сөзилди. Кемеге менен от
кайдан пайда болду? Ушул укмуш көрүнүштөрдөн аялынын сөөлөтү ашкере
бөлүнгөнсүйт. Эгер Зуура болбосо дүйнө ага караңгыланып, жаркыраган оту да өчүп
калчудай.
Эркек башы менен кайгыга алдырып койгонун байкап Субан намысына келди. Бул
үйдүн ээси менмин го, башка түшкөн кыйынчылыкты мен көтөрүп, катынбаламды
багышым керек эле го... Ал кайраттанымыш болду, бирок аялына өтө ишенип, ага
сүйөнүп калганын мойнуна алды. Тиричилик ушундай: эрдикатын эришаркак болбосо
жашоо кыйын...
Субан менен Зуурада байдан башын куткарышып, өз алдынча жашоодон башка чоң
тилек жок эле. Ошол тилек орундалып, эл катарына кошулушкан. Бирок бактылуу
турмуш көз ачыпжумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти. Жалгыз ал эмес,
далайлар жабыр тартышпадыбы... Аларды зордук менен кордуктай эч ким коргой
албады. Арага кийлигишмек болгон Султаналы менен баласына да таяк тийип, кыңк эте
албай туруп беришти. Үйү таланбаганы болбосо ушул учурда Султаналынын Субандан
кандай артыкчылыгы бар? Зкөө да алсыздыгын билишти.
Үйү таланганга чейин Субан кудайдан кийин эле Султаналыга ишенчү. Султаналы ага
канча жолу жардам берип, эл катарына кошту. Бирок бай менен болуштун каарына
туруштук бере албады. Ошондон кийин Султаналы тиричиликте жардамы болгону
менен өмүрүнө калканыч боло албасын Субан баамдады.
Бүгүнкү таланган, чабылган жана жөн эле көк келтекке жанчылуу менен жазаланган
букаралардан улам Субан менен Зуура кырсык көптүн башына келгенин көрүштү.
Болбосо алар мээнеттен качкандыгы, же бекер оокат издегендиги, же бирөөгө кыянат
кылгандыгы үчүн кордук көрүшкөн жок. Башкаларга окшоп ак ниеттүү жана адал
мээнеттүү болсо да акыйкаттын жоктугунан жазаланышты. Алар жалпы букаралар
жакшылык көрүшмөйүнчө жалгыз бири жарыбай тургандыгын элес-булас түшүнүштү.
Бирок жалпы кембагалдар жакшылыкка жетеби? Бул суроо түпсүз жана учукыйырсыз.
Азыркы абалдан, Султаналы өзүнчө тыянак чыгарды, Он эки мүчөсү түгөл, үйү
үстүндө, аты астында болсо, ал эч убакта кор болбоймун деп ойлоочу. Тыныбектин
кыянаттыгын билсе да тууган кыйышпайт, алыс кетише албайт деп ойлоочу. Бирок ден
соолук, мүлк жана тууганчылыгы менен тилегенине жетмек түгүл, бүгүн ит кордугун
тартты... Киши кишидей болуп эркин жашоо үчүн дагы башка нерселер зарыл
сыяктанды. Бул кандай зарылдыктар? Ал үчүн өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болор
таяныч керек эле. Эгерде ошондо таяныч тапса эч кимге намыс бербей, теңдикке жетем
го дейт.
Жазалангандардын арасында Мыктыбек да бар. Ал башкалардан көбүрөөк жабыр
көрдү. Балбан жигитке кеги кайнаган Шадыбек анын колу, бутун таңдырып, көйнөкчөн
көмкөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды...
Болуштун жазасынан кийин падышалык бийликтин «элди жоошутуу чаралары»
башталды. Айыл арасында солдат алууга буйрук болуп жана падышага каршы сөз
айтышкан кишилерди камакка алышты. Ордунан турбай калган Мыктыбекти атка
өңөртүп, түрмөгө алып жөнөштү.
Элдин паанайы түшүп турган убакта тагдырына ызалуу Султаналы өзүнө жана
баласына аттай арка, тоодой медер издеп, Кызылбашка куда түштү. Болушта Атайга
берер кыз жок эле, бирок Султаналы келинге зар болбой, жекжаатка зар экендигин
сөзип, кабырга туугандарынын бир кызынын башын байлады. Эми мага Тыныбек
болсун, Шадыбеги болсун, эрегишип көрсүнчү» деп Султаналы тың сүйлөй баштады.
Мүмкүн бул кудалыктан анын душмандары аздап жалтангандыр. Баласы экөөнүн
тагдыры ушуну менен чечилип калдыбы, же дагы да башка түшөр кыйынчылыктар
барбы, аны болжоо кыйын болсо да, камбыл атанын көңүлү тынгансыды.
«Атай Кызылбаштын кызын алмак болуптур» — деген сөз элге дүңк этти.
Боюн түзөп, кимдин ким экенин байкай баштаган боз улан эмне үчүндүр колуктулуу
болгонуна маани берген жок, анысы өзү теңдүүбү, сулуубу, сертпи — аны да билбеди.
Субан, Султаналылардын зулумдардан кордук көргөнү, Мыктыбек менен бир катар
жигиттердин камалышы, эл ичиндеги кайгы анын көңүлүнө бекем орногон эле.
***
Таң менен кошо ойгонгон Аккыз көзүн ачар менен жууркандын жакасын каптаган
бубакты көрүп, чыйрыга түштү. Боз үй жабуусунан бери агарып, Султаналынын
оозунан чыккан деми Тыныбектин морунан чыккан түтүндөй бурулдайт. Атай
чүмкөнүп уктап жатат.
— Капырай, суук кантер экен? — Аккыз малдын алдындагы чөбүн жаңыртып, уйларын
сааш үчүн ичиркенгенине карабай төшөктөн турганда ашкана жактан чыйпылдаган
үндөр угулду. Чычканбы? Быйыл бул оңбогурлар эпсиз көбөйдү. Чыйпылдашкандар
чычкан эмес экен. Коломто менен ашкананын ортосунда сороңдошуп секирип, бирдеме
оттоп жүргөн таргыл чымчыктарды көрдү.
— Жут чымчык. Ий байкуштар, баш калкалар жер табалбай үйгө кирип келишкен
экен ээ.
Чилденин чыкыраган суугун биринчи сөзүүчүлөр ушул чымчыктар. Көпчүлүгү суукка
туруштук бербей кырылып калат да, тирүүлөрү сарайларга жана үйлөргө кирип
келишет. Суукка боштугу үчүн кишилер аларды жут чымчык деп аташат.
Колдо өскөн канаттуулардан бетер үйдүн ичинде өз эркинче жүрүшкөн жут
чымчыктарды Аккыз бир топко чейин карап турду...
Эшиктеги көрүнүштөр мындан да үрөйлүү. Асман чайыттай. Айталааны ак кар
чүмкөгөн. Шамал жок. Бирок чилденин суук тили бетибашты зыркырата жалап турат.
Үйдүн бет маңдайындагы дөбөдө отурган кузгундар кишиден чочуп да койбойт, бир
нерсе күткөнсүп, ормое карашат. Тээ төмөнкү жол алдында калдаңдаган жорулар,
карга, кузгундар толуп жүрүшөт. Аккыз ошол тарапты узакка тиктеди. Жол боюнча
малдын өлүгүнөн көрө кайырчылардын өлүгү көп учуроочу эле.
Аккыз кайгырып турганда жонуна таңылчак көтөрүп, колуна таяк кармаган чоң киши
айылдан узап чыгып, ошол азаптуу жолго бет алды. Бул Мыктыбек балбан эле.
Жоомарт эрдин колун кескен жокчулук балабакыралуу немени алсыз бечарадай
кыйнады. Кызылбаштын каарына калгандан бери ага эч ким каралашпайт. Мыктыбек
жалгыз атын сатып, бир аз акчасына талкан сатыа алып, аны балачакасына калтырып,
өзү жүгөрү алып келүү үчүн Кетмен-Төбөнү көздөй бараткан. Жолго жалгыз жана
жөөжалаң чыкты. Ишенгени күчү менен таягы.
Айылдардын көрүнүшү быйыл бөтөнчө: каерде болбосун, кайырчылар жана аларды
аңдыган каргакузгундар.
— Кудай артын өзүң оңдой көр! — Аккыз чакасын көтөрүп сарайга кирди...
Күн чыга Султаналынын үй-бүлөсү тегиз турушуп, эртең мененки чайга жаңы гана
отурушканда эшиктен орто жашаган аял эски чапанынын жакасын кымтылана албай,
элечегин кыйшайта оронгон калыбында кирип келип, жыгылып кетчүдөй ыргалып,
керегеге сүйөнө калды.
— Олда бечарай! — Бет сөөктөрү оркоюп, көзү ичине тарткан карып аялды Аккыз
колтуктан сүйөп, оттун боюна олтургузду. Анын оозу карышып сүйлөй албай, отко
алаканын, маасычан бутун кактап, денесине жылуу киргенден кийин гана тили
күрмөөгө жарады.
— Бери дасторконго жакын отур...— Анын алдына чай коюшту. Аял оозуна чыны
алып барганча Атай көз ирмеген жок.
— Ээрчиген балаңыз кайда? Аял укмаксан болду.
Баланын кайда экендиги бардыгы үчүн түшүнүктүү... Оор тынчтык ийинден
баскансыды.
Бир аз күн мурда бул аялдын кыякчы абышкасы боло турган. Алар бирөөнүн үйүнө
келишкенде абышкасы эски жыгачтан эптеп койгон кыягын киндигине такап, күү тарта
баштоочу. Аспабы алгылыктуу болбогону менен күүсү уккулуктуу эле. Абышка кирип
келери менен эки көзү ашканадан өтүп, кыягын тартатарта денеси солкулдап кыялдын
бешигинде термелүүчү. Анысына караганда чоң өнөрлүү болуу керек эле.
Абышка жок болсо да кыяктын муңдуу дабышы Атайдын кулагында жаңырып турду.
Ал күү эмес эле муңдуу тилекке окшоду...
Оттун табы жана ысык чай суукка кайыккан ачка аялды жандандырды.
Аккыз муну кантсек дегенсип күйөөсүн суроолуу карады. Султаналы ойлуу, жооп
кайтаруунун ордуна кызыл чокту тиктейт. Аял кайырдуу адамдарга батасын берип, жер
таяна турмак болгондо Аккыз аны токтотту:
— Каякка барасың?
Каякка барарын өзү да билбеген аял алсыз ээгин көтөрүп койду. Бет алган жакка кете
бермек.
— Ишенген жериңиз болбосо, биздин үйдө жүрө бериңиз.
Кишиден мындай сөз күтпөгөн жесир уккан кулагына ишене албады.
— Кааласаң биздин үйдө кала бер,— деди Аккыз экинчи жолу кайталап.
Кайырчы аял укканына эми гана ишенгендей магдырап отуруп калды.
Султаналы каршы болгон жок.
— Бая күнү эле ушинтпей! — Атай сууп калган чайын жутту.
Кече эле күлкү, тамаша жана күүдөн башканы билбеген Атай өзүнө түшүнүксүз,
түйшүктүү суроолорго башын айлантат. Турмуш мурда эле ушундай беле? Же
турмуштун кыйынчылыгы быйыл өзгөчө күчөдүбү? Мурда да ыйлагандар болчу эле,
бирок кургакчылык, каатчылык, ачарчылык күч алганына караганда, турмуш барган
сайын кыйындаганы сөзилет. Эл мөгдөп турган убакта Жантакпайдын күүлөрү
көңүлүнө көбүрөөк келет.
Кең-Колдун бир бурчунда жатып алып, турмуштун зарын тарткан чалдын күүлөрү
азыркы кайгынын баянындай туюлат.
1916-жылдын жайындагы кургакчылык — эгин өнбөй, чөп куурап кетиши, кыштын
каардуулугу жана малдын өлүмү менен элге ачарчылык кириши ушундайча башталган.
Миңдеген кыргыздар, казактар тентирешип, ач бел, куу жолдо, карга менен кузгунга
жем болушкан...
КОЛУКТУ
Тыныбек бай токолунун үйүндө, ооруганы же соо экени билинбей эшикке чыкпай
чепкенин чүмкөнүп жатканына бир топ күн болду. Анын эмне үчүн жатканы менен эч
кимдин иши жок. Бир убакта бай токолунун үйүнө ушинтип имерчиктеп калганда
берки аялдары чычалашып, күйүнүшүп калар эле. Азыр алар да унчугушпайт.
Андай болсо байга эмне болду? Малы дале баягыдай жер жайнайт, аны баккандар —
жалчылары. Аты астында, үйү үстүндө, багы башында.
Ооба, ошондой. Бай ушинтип ойлойт. Антейин десе, эмне үчүн кече чак түштө, умурай
журттун көзүнчө Султаналыга намысын алдырып айылга шылдың болду?
Султаналы атчан бастырып келип, байдын жайылып жаткан малдарынын арасынан
музоолуу уюн торпогу менен кошуп айдап кетти. Байдын жалчысы Алымбайдын
каяшасына «Субандын ую үчүн барымта» деп бир ооз гана жооп кайтарды. Алымбай
ошо замат кожоюнуна чаап келип, болгон ишти билдирди. Тыныбек жигит-желеңин
жыйноо жана Султаналыны жазалоонун ордуна башын шылкыйтып отуруп калды.
Бай ошол бойдон токолунун үйүндө, көрпөчөсүн төшөнүп, чапанын жазданып, кара
чепкендин астында ойго чумуйт. Башынан багы тайып баратканын баамдайт. Коркот.
Өмүрүндө каяша сүйлөбөгөн Султаналы башына чыкты. Кыңк этишпеген кедейлер
теңтуш. Заман өзгөрүлүп баратат. «Акыр заман» деген ушулбу деп ойлойт Тыныбек.
Султаналыны кутурткан экинчи нерсе — кудасы Кызылбапгган деми. Ал болуштуктан
калганы менен эл арасында дагы эле таасирлүү. Тыныбек кап-каяктагы чоңдор менен
жекжаат болгончо айылдагы Кызылбаш өңдүү манаптарды колго албаганына арманда.
Тиги, кедей болущ Райымбек да Султаналынын сөзүн сүйлөйт.
Бай өз өмүрүндө биринчи жолу шагы сынып, намысын алдырып, башкага кор болгону
ушу. «Өлөйүн дейт — жан таттуу, кирейин дейт — жер катуу» дегендей, айласы
түгөнгөн.
Жабыккан жаныма сеп болор бекен деп, токолунун үйүнө келип коргологон. Айсалкын
өзүнүн жаштыгы, сулуулугу жана кылыгы менен кары күйөөсүн кээде көңүл чөгүүдөн
сактап калчу эле. Бу жолу андан да арга жок.
Жупуну турмуш, үнөмдүү жашоого токолун өзү үйрөткөн Тыныбек андан эмнени
күтөт? Айсалкын күйөөсүнүн жанына отуруп, башын укаламыш болот. Териси калың,
майлуу башка келиндин назик жана күчсүз колунун даремети жетпейт. Жаш токол
айранга талкан чалып, же каймакка аралаштырып берет, кымыз сунат. Бай алдына
келгендин баарын жейт да, ныксырап уктап, коңурук тартат. Уйкусу канганда дагы
беймазаланат.
Эки ортодо токол убара. Күйөөсү эс алып жатканын, оорусу же кайгысы бар экенин
түшүнө албайт. Ал уктаганда гана тынчыйт. Ойгонуп, ооналактап, тынчы кете
баштаганда улам бир тамактын башын кураштырып отуруп чарчайт. Күйөөсү кандай
оокат болсо да «жок» дебейт жана оңой менен тойбойт.
Арадан бир топ күн өттү. Тыныбек түнкүсүн да оокат ичүүчү болду.
Күндүз, түнү тыным албай Айсалкын жүдөдү. Малайларды улуу абысындары, токолго
эрегишкенсип жиберишпейт. От жагуу, оокат бышыруу, үйдү жыйноо, жалгыз өзүнүн
мойнунда.
Күйөөгө жаштайынан тийип, байдын колуна туш келип, күйөө деген эмне, турмуш
деген эмне экенин байкабай жүргөн Айсалкын күйөөсү үйдөн чыкпагандан бери андан
жадап бүттү. Ал турсун, күйөөсүнөн иренжип, аны ичинен жек көрө баштады. Өзүнүн
бакытсыз экенин, турмушка чыгуу жана жашоо мындай болбосун сөзе баштады. Бирок
башка арга жок экендигин ойлонуп, заманасы куурулду...
Көзүн чоң ачып алган Тыныбек келинчегинин ыйлап отурганын көрдү. «Байкушум
менин абалымды түшүнүп боору ачыган экен» деп ага ичи жылыды.
— Эркем! — Бай ыңгыранып, тамшанып койду. Айсалкын жанындагы көнөктөгү
кымыздан толтура
кесе куюп, ага сунду. Бай башын көтөрүп, бир жутуу менен кесени көмкөрүп койду.
— Эркем! Күн кайсы убак?
— Бешим. Жел жүрүп калыптыр.
— Алымбайга айтчы: Тоймат бийди чакырып келсин.
— Өх! — Күйөөсүнүн тирүүлүк ишаратына токол эс ала түштү. Боюн керип,
көзүнүн жашын сүртүнүп, эшикке жөнөдү.
***
Тоймат бий баягы дөбөдө карыялардын арасында отурган эле.
Дөбөгө мурдагыдай тандалган кишилер гана чогулбастан, айыл ичиндеги
аксакалдардын каалаганы келип отуруп, кепке-сөзгө аралашчу болгон.
Азыр мында бийлик кылган Айтыке. Атабек анын төмөн жагына отуруп алып,
«сиздики туура» — деп Айтыкени жактап калган. Абышкалардын ичинен бул жерге
басып келбегени — жалгыз Субан.
Тоймат белин бүкчүйтүп, топко капталын салып, көңүлсүз. Бирок кулагы кепте. Ал
азыр заман кандайча өзгөрүлгөнүн түшүнө албай отурат. Падыша тактан куласа, дагы
бири анын ордун ээлеш керек эле. Эзелден берки салт алдын үстүн болуп, падыша
алтын тактысы менен кошо кулап, бийлик жалпы кедей-кембагалдарга келиши
акылына сыйбайт. Кызылбаш менен Тыныбектер турганда «оозуң кайсы?» десе,
мурдун көрсөтүшкөн шордуулар элди кайсы кебетеси менен, кантип башкарышмак.
«Кум жыйылып таш болбойт, кул жыйылып баш болбойт» — дегендей, алар көп узабай
урап түшмөк. Тоймат бий ошону күтөт. Дөңгө келип, өзүнө тең эмес томаяктардын
арасында сөзгө кулак түрүп отурушунун себеби да ошондо. Айылда, Талас ичинде
жана жалпы эле эл арасында болгон жаңылык мына ушул жерден угулат.
Убакыт өтүп баратат. Тоймат бийдин ойдогусундай болбой кедей болуш Райымбек
бийликтен түшпөйт. Кудайберген кайрадан качан тизгин кармары белгисиз. Мынаана,
баары өз ордуна келет деп үмүттөнгөн бийдин тилеги аткарыларыаткарылбасы
күмөнгөр. Тоймат ушу какыраган, топураган томаяктар өз оокатын өткөрүшө албай
жүрүп, бийликтин үдөөсүнө кантип чыгып жатканына түшүнө албайт.
Дөңдө отургандардын сөзү, талашы да тереңдөөдө.
Жакшылыктын кечи жок дейт. Тоймат эртеңкиден үмүт үзбөй зериккенде дөңгө көлип,
эл ичиндеги жаңылыктарды угат. Бирок өзү аңгемеге көп катышпайт. Кээде кулагына
жакпаган сөздөр айтылса да, укмаксан болот.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 09
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов