Latin

Атай - 07

Общее количество слов 4017
Общее количество уникальных слов составляет 2331
30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
алды. Кары адамдын чайга суусуну кансын жана отургандар бөөдө жалдырашпасын
деп ойлогонун Токтогул дароо түшүндү:
— Мени картаң текедей калжактатпай өнөрүңдү бая эле көрсөтпөйсүңбү!
Жаш жигит ырын жазгы кара жамгырдай төктү. Анын ыры, обону калк менен
учурашуудан башталды. Адатта бул милдетти Токтогул аткаруучу эле. Ырдын
күтүлбөгөн багытка кетишине ал ич тарлык кылган жок, эмне айтар экен, деп
сабырдуулук менен тыңшады.
Шакирти туугандарына бир ооз ысык саламын айтты да, тек устатынын өнөрүн
баяндоого өттү. Токтогул чоң жорго экендигин, өзү куйрук-жалы жетиле элек тай
экендигин айтты. Акындын келиши менен тоо элине береке кирди, жүргөн жери тойтамаша.
Алымкулдун шаңкылдаган ачык жана сүйкүмдүү дабышы, орундуу сөздөрү
отургандарга абдан жакты. Токтогул баланын көптөн бери оюн бийлеген сырын, таза
жүрөгүн жана эл үчүн күйүп жанганын тилинен гана эмес, үнүнөн да сөзди.
Жаш ырчы баянынын акырына чыкканча кишилер үйдүн сыртын да курчап калышты.
Көзек Токтогулга келди.
— Бу киши да ырын учурашуудан баштар бекен? — деп ойлошту кээ бирөөлөр.
Андай болуп чыккан жок. Токтогул бирөөнүн жосунун кайталамак түгүл, өзүнүн
айткан ырын да экипчи кайталоочу эмес. Комузду колуна алар менен «Ак куу» деген
күүсүнүн жайын түшүндүрө баштады.
— Ак куу мойнун созуп, канаттарын сермеп, минтип учкан экен. Көл... Ак куу сүзүп
жүрөт. Таранат. Мергендин мылтык сунганы...
Комузчу ак куунун учканын, сууда сүзгөнүн жанатаранганын күү менен жана колунун
кыймылы менен сүрөттөдү. Ошондо сыртта тургандар эшик талашып, бири-биринин
үстүнө чыгышып, бирок нары тур, бери тур деп кажылдашпай, «төө бастынын»
алдында калгандары ынтыгышып жата беришти. Эшикке жетпегендери туурдукту
макилери менен тилишип, кичинекей жылчык чыгарышып, шыкаалап жатышты.
— Мылтык тарс этет, ок тийбейт, ак куу кулкулдап учуп жөнөйт...
Күү аякталган көзде эшиктин алды опур-топур боло түштү:
— Тур!
— Бастың...
— Ии, кокуй, колум.
Кимдир бирөө бир баланы ачуусу менен ыргытты эле, ал отурган кишилердин башынан
ашып келип, коломтого жетпей жыгылды. Бирөө аны көтөрүп ала койду. Баланын бир
жак чекеси сыйрылып жана топурак болгон. Ал чекеси менен жумушу жок, эшикке
чыгарып жиберишпесе эле болду дегенсип, аксакалдар тарапка элеңдеп карайт.
Көңүлдөрү көтөрүлүп, күлүүгө ыроо таппай отурушкандар жапырт каткырышты.
Токтогул да ага күлө карады.
— Ой, Атайсыңбы? — Капшыт жакта отурган Субан маңдайынан чымчым тер
чыккан баланы чакырып алып, жанына отургузду.
Мени эшикке чыгарып жиберишеби деп жалтанган Атай чоң атасынын жанына
келгенде көңүлү бир жаңсыл болду.
Баланын тамашасы унутулуп, баары Токтогулдун колуна тигилишти. Бет маңдай жакта
отурган Султаналы гана Атайды акшыя карады.
Атай жана жер сүзүп жатып Токтогулду караганда акындын көзүнө көзү чагылыша
түшкөн. Чоң атасынын жанына келгенден кийин да акын аны эркелеткендей күлө
карады. Атай үчүн анын ырдаганы бир тең, ага көңүл бурганы бир тең эле.
Токтогулдун комуз кармашы, чертиши да башкараак.
Бирок да күүсү тааныш — «Мырза кербөз». Муну Абдыракман маркум, Эркесары, дагы
башкалар да черте турган. Бирок бул өз ээсинин колунан өзгөчө утулду. Эмне үчүн
андай?
Таманы жаңы кызыган күлүкчө Токтогулдун өнөрү барган сайын арбыды. Эми сыртта
эмне болуп жатканына эч ким назар салбай, жалдырап гана отуруп калышты. Улам
эшикке чыгып туурдукка асылгандарды акырын жемелеп келип турган Кожоке өзү да
көзүн сүзүп, терең ойго батты. Боз үйдүн туурдугу калбырга айланып, ар бир тешиктен
жыбыраган көздөр жайнап турду. Муну сырдакана Алымкул гана байкады.
Бир аздан кийин күүнүн мукамы да, кайрымы да өзгөрдү. Мемирешип тыңшап отурган
кишилер да жандана баштады. Бул эмне деген күү? Токтогулдун манчалары тийсе,
тийбесе да үч кыл сүйлөп жатат. Балким комузчу жансыз кылдарды колу менен эмес,
дили менен сүйлөткөн чыгар. Ана, Токтогулдун башындагы кара топу чыракты чарк
айланган парбанадан бетер анын башын тегеренип ойной баштады. Көзү, уурту,
кулагы, бети — кыскасы бүткүл денеси кыймылга келди. Ичи толо чаначты булуккан
өңдүү улам бир жак ныптасын көздөй булт эткен сайын үйдүн ичинен да, тышынан да
күлкү жаңырат.
— Колунун сөөгү жок окшойт.
— Колунан садага!
— Кем болбосун!
Комуздун дабышы токтолуп, күлкүлөр тыйылганы менен алкоодон кулак тунат.
Токтогул күнү-түнү сайраса да талыгып койчу эмес. Карылыкка баш койгону, айрыкча
Сибирге айдалып барып келгени курчу кайтыңкырап калганын Алымкул сөзүүчү.
Устатын аяп, анын кубатын көп зарп кылбоо үчүн өз убагында эс алдырып,
тыныктырып, анын ордуна элге өзү эрмек боло калучу. Тамашаны сүйгөн Токтогул
чарчаганын билбей, дагы да сайрай бербеси үчүн шакирти отургандарга мындай деди:
— Агайиндер, ылаажы болсо эшикке чыгып шамалдап келсек.
***
Кожокенин үйүнө чакырылгандар да, чакырылбагандар да келишкен. Ырчы жүргөн
жердеги каада ушундай болгондуктан, бул эч кимге эрээн көрүнбөйт. Бирок чоң бай
менен манаптын үйүнө карапайым кишилер батынбас эле. Кожокенин эшигин кеңири
ачкан — анын орто чарбалыгы, карапайымдыгы жана меймандостугу.
Жайында Абдыракмандын кыркына келишкен жалаң төш жатакчылардын көпчүлүгү
ушул жерде. Мында таң каларлык эч нерсе деле жок. Бирок Токтогул ошолордун кайсы
бири менен тааныш экендигине Атай абдан таң калды.
Токтогул Отунчуну көргөндө: «Тегирмениң күүсүндөбү, бакжагай?» — деп учурашты.
Узун кара сакалдуу чалга: «Үйлөндүңбү Арзыбай?» — деди.
Узун сакал карыя катын алууга калыңы жетпей жүрүп, мурдагы жылы гана никелүү
болуп, бир балалуу болгондугун Токтогулга айтып берди.
Меймандар үйгө киришкенден кийин Токтогул комузун колуна алып, Талас жери, анын
эли жөнүндө ырдады.
Талас — Манастын мекени, кыргыздын берекелүү асыл жери. Эли кең пейилдүү. Бул
баатырдын, чечендин жана алтын жаак, жөз таңдай акындын конушу — деп капкачантан берки белгилүү адамдарды санап чыкты. Атай көп кишилердин ичинен Кокон
ханы тарабынан өлтүрүлгөн Бүргө баатырды, Жеңижок, Чоңду жана Эшмамбет
ырчыны өзгөчө эскерди. Бүргө капкачан Кокон ханынын карасанатайлыгынан өлгөн
баатыр. Чоңду менен Эсенаман дүйнөдөн кайткан. Жеңижок менен Эшмамбет өз
элинен качкан. «Эгерде Талас эли кенен болсо, тиги эки акын эмне үчүн качышкан?» —
деп ойлойт Атай...
Токтогул Талас жөнүндөгү ырын бүткөндөн кийин колго суу куюлуп, меймандардын
алдына дасторкон жайылып, табак тартылды. Боз үйдүн туурдугунан жалтыраган
көздөр ошондо гана жоголуп, эшиктин алды да кишиден тазаланды.
Үйдө меймандар жана аксакал адамдар гана калышты. Атайды чоң атасы жибербей
отургузуп койду.
— Алгыла! Алгыла! — дегенде Атайдын эки көзү Токтогулга кадалды. Ал кандай
жиликти аларын билүү да балага кызык.
Токтогул жамбаш алып, жумшак этин макиси менен кичинеден кесип, майдалап чайнай
баштады. Алымкулдун колунда кашка жилик. Атайдын өзүнө омуртка тийди. Ал
меймандарды тиктөөнү токтотуп, омурткасы менен эпмектеше баштаганда:
— Ай, балам! — деген Токтогулдун дабышы чыкты. Атай кимге айтат дегенсип эки
жагын карады.
— Сага айтып жатам.— Токтогул ага баш ийкеп, жамбашын сунду.
Атай ордунан лып тура калып, төргө умтулду.
— Ме, балам! Алып кой. Жамбаш көргөн сайын мени эстеп жүрөрсүң.—
Устуканын берип жатып, ырчы эмне үчүндүр аны тиктеп калды.— Токточу, балам!
Көзүң жылуу учурайт.
— Бул Султаналынын баласы эмеспи! — Алымкул жооп берди.— Баягы күнү
ашта...
— Ооба, ооба. Эми эстедим. Мени полициядан сактап калгандардын бири сен эмес
белең! О, тирмийген көзүңдөн ананайын... Сендей баланы өстүргөн атаңа ракмат! Атың
ким?
— Атай.
— Атай! Атың да жакшы экен. Бери отура кой. Мындан ары мен да сени унутпай
турган болдум.
Токтогулдун көзүнө илингенине кубанган бала ушундай сөздү укканда эмне дээрин
билбей кысталып калды. Көргөндөрдүн баары кубанышты. Султаналы баласы эс
тарткандан бери ага биринчи жолу ыраазы болгону ушул.
Атай ордуна келгенден кийин да жамбашты же мүлжүбөй, же койбой тамылжып отура
берди. Аны эртеден бери баамдаган Токтогул ушул бала тегин көрүнбөйт, комузга
дилгирлигине караганда чымыны бардыр дегенсип ойлонду.
Тамак желип бүтүп, колго суу куюлгандан кийин Токтогул комузун алып, балага
кайрылды:
— Балам, келчи бери!
Атай ырчынын жанына барып, коомайланып отура калды.
— Чертчи.— Ал комузун балага кармата берди. Токтогулдун комузу колуна
тийгенде баланын жүрөгү кабынан чыкчудай туйлады. Анын аптыкканын сөзген карт
ырчы тамашалуу сөз баштады:
— Менин комузум деле жаман эмес. Элдикине окшотуп өрүктөн эле жасап
алгамын. Кылын да өзүм чыйраткам. Комузум жорго, башы элпек, каякка айдасаң кете
берет.
Бала жүрөгүн басып, Токтогулдун «Чайкамасын» чертти. Жөн гана черткен жок.
Бытыңдаган манчалары кыркалакей кыдырып, асем менен чертти. Бир гана айыбы
башындагы тебетейи менен курсагынын кыймылдабаганы болду.
Баладан мынчалык өнөр чыгарын күтпөгөн Токтогул аны комуз менен кошо кучактап,
бетинен өптү.
— Анык комузчу быякта жаткан турбайбы! Баса, айтам да, Талас ушундай жер! Мунун
асылы чөбүндөбү, же суусундабы?
Үйдө олтурган кишилер да комузчу баланы биринчи жолу гана көрүп отургансып
таңыркашты, Токтогулдан бетер алкашты. Субан көзүнөн аккан жашка ээ боло албай
бышактай баштады. Султаналы: «Бул жиндиде кеп бар экен го» — деп уулунун
өнөрүнө көтөрүлө түштү.
— Биз кээде колдо бар алтындын баркын билбейбиз.— Токтогул маңдай терин жүз
аарчысы менен сүртүп, олтургандарга тегерете көз жүгүрттү.— Мен Беш-Таштан ашып
түшкөн күндөн бери айлыңарда жаңы өспүрүм балдар барбы? — деп сурамжылап
жүрөм. Бу бала жөнүндө ооз ачкан киши болсочу! Жалаң эле Атай дейсиңби, араңарда
дагы бардыр... Кайсы бири таанылар. Таанылбай жүрүп өтүп кеткени да болор. Турмуш
ушундай. Багы бар азаматтар шарданшарга урунуп жүрүп, акыры сыртка калкып чыгар,
багы жок ташка согулуп, же бир кемерге кептелер.
— Ырас айтасың, асыл Током! — Субан көз жашын салаалатып уңулдап жиберди.
— Бу аксакал күйүттүү киши го? — деп сурады Токтогул.
Отургандар жаш көзинде дүйнөдөн кайткан Абдыракман комузчунун жайын
түшүндүрдү.
— Сиздин уулуңуз кабарымда бар,— Токтогул баягыдай жадырабастан тиштенген
калыбында сүйлөй берди.— Кайрат кылыңыз! Заман ушинтип кала бербес. Мен
Сибирде жүргөндө орус жолдошторуман не бир сонун сөздөрдү укчу элем... Ток этер
жерин айтсам, эркиндик заман, теңдик заман бизге да келет. Муну көптү көргөн
билимдүү жана акылман орустар айткан. Аларга игденүү керек. Менин көзүмдү ачып,
падышанын торунан куткарган да ошолор. Өзүңөр көрдүңөр, бая күнү мени
полициядан куткаргандар ким эле?
— Орустар.
— Биз кыргыздар, орус калкын жакшы түшүнө элекпиз. Капыр менен мусулманды
гана жонунан ажыратабыз. Ошо мусулман деп бой салгандарыбыз далай жолу азапка
салып, капыр деп жийиркенгендерибиз бизге канча жакшылык кылып жатат. Алардын
арасында эл үчүн, азаттык үчүн жанын курман кылууга даяр эрлер бар экендигин өз
көзүм менен көрдүм. Силер да көрөрсүңөр.
Мен буга ишенемин. Сибирдеги акылман туткундардын айткан белгилери келип
жатат...
Токтогул мындан ашык сөздөрдү айткан жок. Өмүр бою жакшылыкка зар болгондор
үчүн ушунун өзү да чоң канимет эле.
Султаналы өзүн бир башкача сөзди, комуздун баркын ойлой баштады. Баласын
каардап, дагы башка жакка жиберип, молдолукка окутам деген оюнан кайра тартты.
Атайга жол ачылды.
Ушул күнгө чейин Николай тамырынан башка орусту жактырбай жүрсө, азыр жалпы
орус калкы жөнүндө жакшы пикирге келди. Бирок жаңы заман кандай болоруна жана
анын белгилерине көзү жетпеди.
Жалаң Султаналы эмес, башкалары да чоң ырчынын акыркы сөзүн түкшүмөлдөөгө
чабалдык кылышты. Балким, турмуш оңолуп, малыбыз көбөйүп, курсагыбыз тоер деген
кыял менен гана курсант болушту.
Арадан жылдар өттү. Тетирисинче турмуш начарлап, элдин башына коболоң түшө
баштады.
ДҮРБӨЛӨҢДҮҮ МЕЗГИЛ
Чаңкайган асманды боз чалып, дүйнө жүзү түнөрүңкү. Күндүз бешимге чейин үлп
эткен жел жок, аптап демиктире каптап турат да, бешимден кийин керимсел согот.
Тушарга чыкпаган талаа чөбү тамыр жайып, боюн жаза албай эрбейип, тамчы сууга зар
болгондой сарганып бүрүшүп калышкан. Жер каксоо, кичине жел урса жолдон да,
талаадан да чаң чыгат.
Адам менен мал үрөйлүү. Жылда жайдын үзүрүн көрүшүп дуулдап жатышкан
айылдарда быйыл кандайдыр шаанишөкөт жок, кишилер кургакчылык, согуш жана
солдатка чакырылган балдар жөнүндө гана сөз кылышат. Бардыгы эмне кабар бар, бир
шумдук чыкпоочудайбы дешип, сырттан келген жолоочулардын жана узун
кулактардын оозун тиктешет. Калк арасында күбүр-шыбыр, ушак-айың көп.
Бул күндөрдө күнүмдүк оокаттын зарын тарткан кембагалдар гана эмес, телегейи тегиз,
боору бүтүн, ток пейил адамдардын башына да ой түшкөн. Элдин үрөйүн учурган:
кургакчылыктын жана солдатка алынган балдардын коболоңу.
Ырас, айыл кишилери кээде чогулушат. Баягыдай тамаша курбай, түлөөгө мал союшуп,
кудайдан жакгаылык күтүшөт. Бардыгынын тилегени жакшылык... Эгерде жамгыр
жаап, көк кайра жанданса, солдатка кеткен балдар кайра кайрылса, кудай тилектин
бергени дешет.
Түгөнбөгөн чыгым жана зомбулуктан жабыр тартышып, анын үстүнө балдарынан
ажырагандан кийин кыжыры кайнаган букаралар азыр октон да, оттон да кайтпоочудай
көзенишип жүрүшөт. Акыры көр оозуна такалып турган немелер өмүр үчүн
кармашууга даяр„ Кыжыры кайнаган букараларды ээрчитер киши жок, динчилер күйткүйт деп коюшуп, тумшугун жакаларына катышат; билермандар заманга карамакаршы
туруу үчүн алсыз экендигин сөзгендей эмне үчүндүр кылчакташат. Эл эңгиреп турган
көз.
Ушундай, туюкталып турган шартта айкын жол тапкан азаматтар жок, каякка барарын
билбей карбаластаган эл, кандайдыр бир шумдуктун болорун сөзип, кулак түрүп
турушат, бирок шумдук кайдан чыгарын, жана качан болорун билишпейт.
— Эл кантээр экен?
Бул суроо ар бир кыргыздын жүрөгүн өйүйт. Байлар малынан айрылуудан,
билермандар мартабасынан кагылуудан, букаралар өз башына ээ боло албай
калгандыгынан коркуп ушул суроого такалышат.
Ырас, жалпы умурай журттун амандыгын тилеп жана ал жөнүндө кам көрүүчүлөр да
бар. Өзүн илгеркилердин Бакайы болбосо да кийинки Шабдан баатырдын Баякесиндей
деп эсептеген Тоймат бий акыркы күндөрдөн бери чындап эле тынчы кете баштады.
Түнүнкүсүн уйкусу бөлүндү болуп, күндүз ойдон башы көтөрүлбөй, керсары неме азыр
сакалынан бетер купкуу болуп, чекирейген көзү эле өзгөрүлбөй калды.
Тоймат элдин башына түшкөн кайгыдан мурда, ушундай оор күндөрдө аларга акыл
таап бере албагандыгы үчүн намыстанат, арданат. Көптү көргөн даанышман кыргыз
кайдасың? Сен, бир көзде Бакай өңдүү акылманды берип, Манаска жол көргөздүң. Сен,
бир көзде Шабданбай баатырга Баякедей жолдош кошуп, экөөнүн да мартабасын
көтөрдүң,— деп ойлойт Тоймат. Ошол даанышман аксакалдар кайда? Кыргыз
касиеттүү эл эле, Манастын арбагы тирүү дечи эле, эгер ошонуң ырас болсо, мен
бечарага кубат берип, акылыма акыл кошкула...
Торгой менен тең ойгонгон Тоймат чепкенин желбегей жамынып, дөңгө чыгып отурат.
Эрте мененки чайга да барган жок. Кудайдан, арбактан тилек тилеп, ак эткенден так
этет. Тилектин чети да кылайбайт.
Жүрөктүн үшүн алар эмиштер күндөн күнгө күч алууда.
— Ак падыша германдан жеңилиптир дейт. Падышанын башынан сыймык
кетиптир... Орустардын карамагындагы калктар бөлүнүп чыга баштаптыр. Чүй боору
менен Көл балдарыбыздан айрылып өлгөнчө, чогуу өлгөнүбүз жакшы,— деп кол курап
жатышат дейт. Аксы, Кетмен-Төбө тарабы тынч экен...— Ушул өңдүү эле каңырыштар.
Кыргыздар бир тарабы баш көтөрүп, бир тарабы камырабаган кандай эл? Таластыктар
каягына кошулмак? Бул суроонун үстүнө кургакчылыктын азабы кошулуп, бийдин
башы маң... Турмуштун жышаанасы жакшы эмес. Ал айланасына көз чаптырат...
Дүйнөнүн суру учкан... жер бетин мунарык баскан. Талаа гана томсорбогон тоонун
күңгөйтескейи да саргайган. Булбул таңшып отуруучу дарактардан сагызгандардын
шакылыктаганы угулат. Кара башыңа көрүнгөн бабырган түн ичинде дал короонун
кырына келип сайрачу болду. Тоймат аны таш менен уруп учуруп, нээти жаман
шүмшүктүн тилеги өрттөнсүн үчүн артынан чок ыргытат. Тигини карасаң, демейде ач
бел, куу жондо жүрүүчү кузгундар куркулдашып, айылга үйүр боло баштады. Жорулар
көбөйдү. Түгөт алган чычкандар так түштө куйругун чычайтып көтөрүшүп алып,
төрдүн төбөсүнөн чуркап өтүшөт. «Жакшы эмес. Жакшы эмес... Куда өзү оңдобосо,
адамдын колунан келбечүүдөй балаа босогодон башбактагансыйт».
Ушул дөңдө отуруп алып, эл тагдырын чечип, өткөндүн тарыхын жат билүүчү
даанышман карыя өмүрүндө азыркы учурдагыдай шумдуктарды көрбөгөн жана
мынчалык башы каткан эмес. Эгер андай болбосо акыл кимден чыкмак? Ал жанына
келген карыялардан жаңы кабарларды гана угат, башка сөз сурабайт. Өзү да аларга кеп
айтпайт. Белин бүкчүйтүп, чекир көзүн ачыпжумуп, көзерип отурганы отурган...
Дөңсөөнүн жанына атчан бастырып келген жигит бийдин каптал жагынан салам айтты.
Чал уктап отургансып жооп берген жок.
— Бий! Кудайберген болуш сизди кечке конокко чакырат! Келбей койбоңуз!
Жигиттин акыркы сөзүн гана кулагы чалгандай Тоймат мойнун буруп, аны эмне деп
калжырап турасың дегенсип делдейе карады.
— Болуш сизди конокко чакырды. Аттаныңыз.
Бийдин кеңкелес кебетесине күлкүсү келген жигит атынын башын чукулунан имерди.
***
Кең-Колдун сол жак тарабындагы боз чыбырдын этегинде отурган калың айыл
Кудайберген болуштун айылы. Бул жер анын кыштоосу гана. Кең-Колдун ичитышында болуштун энчисиндеги мындай кыштоолор, жайлоолор жана күзгү оторлор
толуп жатат.
Болуш Талас өрөөнүндө гана эмес, кыргыз менен казактын далай жерине даңктуу.
Анын бир башында эки аты бар: өз ысмы Кудайберген, элдин койгон аты Кызылбаш.
Эмне үчүн эки атка конгон? Таласта Кудайберген аттуу көп, бирок алардын ичинде
болушу экөө гана. Кудайберген десе, уккандар кайсынысы жөнүндө сөз болуп
жатканын ачык билбей буйдалып калышчу экен. Бир күнү кокустуктун шарапаты
менен эки болуш Олуя Атаны көздөй бирге жол жүрүп калышат (Экөө каршы
болушкан, бирге жүрүшчү эмес). Аларга казактын билермандары жолдош болуп, ар
кимиси менен таанышкандан кийин:
— Мынасы Кызылбас Кудайберген, анысы Карабас Кудайберген экен гой — дейт.
Ошондон кийин болуштардын бири Кызылбаш, экинчиси Карабаш аталып калат.
Таластан тышкары элдер көбүнчө аны Кызылбаш деген ат менен гана таанышат.
Кызылбаш мансапты гана көздөгөн болуш эмес, дүнүйөнү маңдайына туткан бай,
өмүрүн жыргал менен өткөрүүнү каалаган кадимки эле киши, жана тиги дүйнөдөн
үмүтү чоң дааткан мусулман. Атап айтканда, жыйырма жылдан бери болуштукту
бербеген «түшпөс хан», үч миң койдун, миң жылкынын ээси, үч катындын эри жана
беш убак намасын жазбаган пенде.
Болуш күндөлүк жумуштарынын барын аткаргандан кийин, бешим намасын окуп
отурат. Бүгүн Беш-Таштын болушу Дөөт саламдашууга келген экен. Байкуш карып
жана арыа калыптыр. Көзинде ал Кызылбаш менен текөөрлөшүп жүргөн кара көктүн
бири эле. Кийин амалдуу Кызылбаш Дөөттүн таянган тоосун өзүнө ыктатып алып,
эрегишкен болушту басынтып, намызына жетет... Эми Дөөт карыган көзинде катыны
өлүп, жардыланып, кадыресе жүдөптүр. Ошону көрүп отуруп, ажатчыл Кызыл¬баш өз
жигити Боронбайдын аялын Дөөткө аялдыкка кошуп берип, үйүнөн чыгарды.
Дөөт калыңы жок, сулуу аялга жеткенине кубанды. Боронбай менен Канымбүбү
томсорушту. Болуш Дөөттү катындуу кылуу менен бирге, аны жана ошол болуштун
элин сөзгө сындырык кылдым го дегенсип көңүлү көтөрүңкү.
Мындай зордук далайдан бери кайталанып келаткандыктан, ага эч ким каршы чыга
албайт жана антүүгө ал кайда?!
Кызылбаштын бул дүйнөдөн арманы жок, каалаганы колунда, мартабасы бийик. Анын
тилегени эле — тиги дүйнөнүн бейиши. Намас окуганы жана кудайга сыйынганынын
себеби ушунда.
Бул дүйнөдөн көңүлү тынык жүргөн болуш кийинки убактардан бери эл ичиндеги
дүрбөлөңдү, турмуштун берекеси кетип баратканын көрүп, өзү да кооптоно турган
болду. Бул дүйнөнүн жыргалынан да ажыратпоону кудайдан сурай баштады.
Эрке жана сергек токол күйөөсүнүн көңүлүнүн басмырланганын байкап, мындай
учурда кымбат баалуу памил чайдан күмүш самоорго кайнатып, алтын чайнекке
демдей турган. Чайдын шыбаасыбы же сулуу токолдун ыкласы мененби, айтор
болуштун денеси жайылып, мурду барбайып кадимкидей калыбына келер зле.
Кызылбаш намасын аяктап, алакан жайып, дубасын күбүрөп жатканда эшик ачылып,
Тоймат бий кирип келди. Бурулкан «жогору чыгыңыз» деп төр жакты көргөздү. Бий
сыйлуу орунга отуруп, расим боюнча өзү да алакан жайды, дуба кылды.
— Оо, жараткан жалгыз, менден өткөн күнөө болсо кечир! Мен эч кимге деле
кыянаттык кылгым келбейт. Мүнөзүм жаман, өзүмдү өзүм токтото албайм... Аллатаала,
аны өзүң жакшы билесиң. Сенден сурарым: күнөөмдү кеч, тиги чын дүйнөдө мени
шерменде кылба? Бул дүйнөдө да, ырыскымы кемитпе: Оомийин! — Кызылбаш
ушинткенде, кыргактуу элечек кийип, жоодурагап жаш келиндин жумуру билегине,
аппак тамагына сугу түшкөнсүп, тикирейе караган Тоймат да «оомийин» деп бата
кылды. Кыргактуу ак элечек, кырчындай жаш келиндин мөлтүрөгөн кара көзүнө, анан
калса, куюп койгондой жарашып турат. Кемпири карып, өзү да күүдөн тайып бараткан
Тоймат малдуурак жана алдуурак көзинде токол алууну ойлонбогонуна өкүнгөндөй
үшкүрүп койду.
— Ассалом алейкум! — Кызылбаш жайнамасын бүк¬төп, коногун көздөй басканда
Тоймат ордунан тура колун сунду.
— Ува — алейкумасалам!
— Отуруңуз. Отуруңуз! — Бийди төргө чыгарып, үй ээси анын төмөн жагынан
орун алды. Чай карып кетпесин үчүн чайнекти белендеп, намастын бүтүшүн күтүп
отурган Бурулкан күмүш жагдандын оозун ачып, жалтыраган кутуну сууруп чыкты.
Бул эмне дегенсип, меймандын көзү аялдын колунда. Кутудагы чай экен.
— О, жоо алгыр! Чайды мынча эмне барктайт — деп ойлоду бий.
Чай борк-борк кайнаганда үйдүн ичи жыпардай буркураган сонун жытка толо түштү...
Меймандын астына түрдүү татты жана жемиш аралаш коюлган берекелүү дасторкон
жайылды. Чайды чоюлжутан Бурулкан өзү куюп, билериктерин шалдыратып, алтын
шакектерин жаркыратып, чыныны кош колдоп сунтанда Тоймат сунулган колду тиктеп
тургусу келди, буруксуган жыпар жыт же чайдан же келинден чыкканы билинбей
каңшарын жарып жиберди.
— Кудай таалам, берчү кишисине баарын берет экен го — деп койду өзүнчө, чыны
алдына коюлганда.
— Кана, алыңыз! — Кызылбаш дасторконго чакырды. Тоймат чайды биринчи
көргөнсүп, секин ууртап, тамшанды. Ооба, мындай даамды оозуна алганы ушу гана.
— Болуш, мунуң эмне деген чай?
— Ээй, аксакал! Төрө чай деген ушул. Памил чай деп да коюшат. Муну мен өзүңө
окшогон көңүлүм сүйгөн кишилерге гана ооз тийгизем. Мындай чай оңой менен
табылбайт. Кокондо бир өзүбек досум бар. Жылына кырк кунан кой айдатып, ошо
досум аркылуу Кытайдан алдырам...
— Бали! Бий тамшанды! — Аш, ичкен оозго жарашат.— Ал сөзүнүн аягына чыккан
жок. Бирок анын эмне айтарын болуш сурабай эле түшүндү.
Бул тегеректеги байлары болсун, манаптары болсун, дүнүйө жыябыз — деп итче
ыркырашып жүрүп, жашоонун жайын ойлонушпайт. Тыныбек байдын сыйынган
оокаты — жүгөрүнүн дүмбүлү... Аш жасоого уста аялдар менен эркектер, даамдуу
оокаттар ар качан жалгыз гана Кызылбаштыкынан үзүлбөйт. Бийдин кулак кагыш
кылганы упгул эле...
Намастан жана дубадан кийин кудай тилегин кабыл алганы же албаганын билбесе да,
Кызылбаш өзүнүн иштеген күнөөлөрүн унутуп койду. Ал азыр мартабасына чиренип,
көтөрүлө сүйлөп коюп отурду. Бирок алдыда ушунчалык күчтүү болуштун колунан
келе бербес иштер бар эле. Ошол тууралуу акылдашуу керек. Кызылбаш ушу максат
менен бүгүн үйүнө айыл аксакалдарын чакырган. Элдин түрүн байкап келүү үчүы бир
катар жигиттерин Таластын аягына чейин чаптырган. Кош, муну билүү менен эмне
бүтмөкчү. Кеп, Чүй тарапта. Кишини ошол жакка жиберүүнүн зарылдыгы эсине түштү.
— Ай! — Болуш улагада отурган жигитке карады.— Барып Боромбайды чакырып
келчи!
— Куп болот!
Алар чай ичип бүткөнчө кара көрпө тебетей, кара күрмө, кара өтүк кийген борбогой
мурун, кара сур жигит кабагы салыңкы келип, салам айтты.
Боромбайдын кара кийингени — кеткен катынына аза күткөнү эмес, өзүнүн адаты. Ал
төмөн жакка чөгөлөп отура калганда, Кызылбаш жоон үнү менен өкүм сүйлөдү:
— Сен эмнеге шылкыйып калгансың! Туубаган катындан улактуу эчки жакшы...
Көтөр башыңды!
Канымбүбүнүн келгенине үч эле жыл болгон. Анын туубай турганын ким билсин!
Баланы кечигип көтөрөр... Бирок Боромбай каяша айткан жок:
— Болуш, эрк өзүңдө. Буйрук сизден, аткармай бизден.
Кызылбаш ага ыраазы болгондой бир аз жумшара түштү да, тапшырмасын дайындай
баштады:
— Сарбагыштарга чейин тийип кайт... Чоңдоруна жолук. Элдин түрүн байка... Төз
кел...
Болуштун максаты эмне экенин кыраакы жигит жакшы билет. Чүй тарабындагы элдин
пикирин билермандардын оозунан гана эмес, көпчүлүктүн түрүнөн байкоо керек эле.
Баарыдан да алардын падышага каршы чыгары ачуу менен айтылган сөзбү же алар
чындап козголушабы — ошонун жөнүн түшүнүү зарыл.
— Кут болот.— Боромбай башын ийип, кулдук кылып, эшикке чыгып кетти...
Бир аздан кийин үйгө Тыныбек бай, Шадыбек старчын, алардын соңунан Кең-Колдун
жана барактын аксакалдары келишти.
***
Тамактан кийин ак сакалдарын жайкашкан олчойгон карыялардын кээси кош жаздыкка
чыканактап, кээси жүккө жөлөнүшүп керилипчоюлуп ойлуу отурушту. Кел¬генден
бери чөкө түшкөнүн жаспай, каккан казыктай болуп, бир ордунан козголбогон Тоймат
бий.
От боюнда аюу талпактын үстүндө чалкалап, аялына бутун ушалатып жаткан
Кудайберген устара менен таза алдырган мадырайган кызыл башын ак жаздыктан
көтөрүп, мандаш урунуп отурганда, Бурулкан илбериңки тура калып, эрине кылкарадан
чепкенин жаап, чыгып кетти.
— Аксакалдар! — Болуш тамагын жасаганда бардыгы жабыла орундарынан
козголушуп, анын оозун карашты.— Жылдын түрүн өзүңөр көрүп отурасыңар. Андан
да элдин түрү жаман. Ушак-айыңга караганда Чүй, Ысык-Көл, Нарын тарабындагылар
ак падышага каршы көтөрүлгөнү турат дешет. Дейт, дейт көбөйүүдө. Ар кандай сөздөр
Талас ичине да таралды. Кокус журт башына коболоң келсе, биз эмне кылмакчыбыз?
Силер менен бүгүн ушу тууралуу акылдашмакчыбыз.
Бардыгы сенин оюң кандай дегенсишип бири-бирин тиктешет. Алардын ичинде жашы
жана кийиминин жупунулугу жагынан көзгө урунбаганы Тыныбек гана. Бирок анын
баарынан бай, баарынан акылдуумун деген ою бар. Башкалардын жообун күтпөй
Тыныбек кара сакалын селкилдетип сөзгө киришти:
— Ээленгендер өз билгенин кылышсын! Жумушубуз эмне? Бизди бирөө
кыйнабаса, жайыбыздан сүрбөсө, падыша менен сүбөлөшө турган кандай жөнүбүз
бар?.. Быягына да, тыягына да кошулбайбыз...
— Туура айтасың! — ак сакалы көкүрөгүн жаап турган кара сур чал күркүрөгөн
дабышын чыгарып, кымкап чепкенин кымтыланып койду.
Тойматтын чекир көзү чакчая түштү. Булар кайда жүргөн үй күчүктөр? Элдин башына
күн түшсө, кара жанын далдалаган кишиден кай жакшылык чыксын — деген ой менен
үрпөйгөн кашы бириндей түштү:
— Мындайда ар ким керт башын калкаласа, элден эл калабы? Ошону ойлогула.
Кудай берген жанды кудай алат. Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу!
— деди ал демите сүйлөп.
Андан кийинкилердин кайсы бири Тыныбекке, кайсы бири Тойматка кошулушту.
— Бирөөлөр өлөт,— деп биз да ажалга башыбызды кармап берелиби? Болбогон
сөз.— Тыныбек букжуйган мойнун толгоп, колун шилтеди.
«Ооба десең», «туура айтат» деген сүрөөлөр угулду. Элдин тагдыры кылдын учуна
илинип турганда жанбактылардын кесири тиеби деп чоочулаган бий отургандар¬ды
эсине келтирүү үчүн күчүн үрөп чечендикке салыпт далай сөздөрдү айтты. Бирок анын
сөзү көбүнүн кулагына түшкөн жок. Ал түгүл, «сеники туура», «меники туура» деген
талаш чыгып, бирок эч кимиси өз оюнун тууралыгып аныктап түшүндүрө албай, арбак
кудайга сүйөнүшүп, теске көнбөгөндөрүн жемелейбиз деп уруш чыгып кете жаздап
барып токтошту. Болуш жер карап отура берди. Качан гана аксакалдар айтышуудан
чарчашып, бирибирине таарынышып, мурчуюшуп отуруп калганда тамагын жасады.
Тигилерге караганда азыркы кырдаалдын жайын Кудайберген жакшы билүүчү. Анын
жигиттери, алыстан келген меймандар, акырында, тамыр пристав Колесников өзү да
бир топ нерсенин жайын түшүндүргөн. Падышанын күчтүүлүгүн жана кыргыз элинин
бириге албасын, ал өзү да жакшы түшүнүүчү. Кечээ Кененсары, Норузбай кол салганда
баш кошо албаган кыргыз, бүгүн чалдыкуйду болуп, туштушка бөлүнүп кеткенде
кошулабы? Башканы коюп, ушу алакандай Талас элин ким бириктире алат? Эл балким
баш кошууга көнөр эле. Бирок аны ким баш коштурат? Жогору жактан эки
Кудайберген, орто ченден эки Үзөн (бала Үзөн, чоң Үзөн), төмөнтөн Ыймамбек,
Ташкаранын ар кимиси мен башчы болсом деп жутунушат. Башканы коюп, ушу
отурган Кызылбаш көзү тирүүсүндө өлүп баратканда тизгинин эч кимге бергиси жок.
Андан көрө өлгөнүн артык көрөт.
Талас ушундай ала болгондон кийин, кыргыздын башка уруулары бириге албасы ага
бештен белгилүү. Жалаң эле Кызылбаштын өзү Кетмен-Төбөлүк еаяк менен ыркы жок,
Сарбагышка таарынчы бар, солто менен гана таттуу эле алардын атактуу болушунун
уулун салам айтпай айылдын жанынан өтүп баратканы үчүн кыштын чилдесинде кар
үстүнө отургузуп койгондон бери, солто менен да араз.
Бул бир жагы. Экинчиден падыша өкмөтү менен тийиштик кылуу жагынан да Таластын
манаптары унутулгус сабак алышкан. Бир көзде, кыргыздар Россиянын составына
кирип, тоо эли мамлекеттик бийлик, закон кандай болорун жакшы түшүнө элек көзде
биринчи жолу болуш шайлоо башталат. Ал көзде Таластын ири манабынын бири
Сатылган датка болгон. Сатылган байлыгы, каардуулугу жана куулугу менен
таанылган. «Оруска болуш болгондор динден чыгат экен» деп, башка манаптарды
коркутуп, болуштукка өзү шайланат да, элге салык, чыгымды көп чыгарып, муну
бербесеңер чочко кайтартат — деп баарын коркугат. Өзүмчүлүктүн амалы менен өз
уруусу бүт бай болот. Ошондон кпйин башка манаптар алданганын билипшп,
болуштукту талаша башташат...
Кийинчерээк, Жанкороз деген болуш даңкы таш жарып чыгат. Падышалык бийлик
эмне экенине баа бербей кайратына ишенип өз билгенин кылат. Чыгым салуу, кун
төлөтүүн^ өз бетинче жүргүзөт; молдо, дубана, кожолордун элден жыйнагандарын
тартып алат... Анын законду ою келгендей бузгандыгы жөнүндө оёзго арыз түшөт...
Жанкороз калың элдин көзүнчө оёздун алдында суралат. Анткени оёз аны көпчүлүктүн
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 08
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов