Latin

Атай - 06

Общее количество слов 3945
Общее количество уникальных слов составляет 2172
29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
жаш ырчыны сыртынан таанып алды. Алар менен бирге отурбаса да улагадан, же үйдүн
сыртынан шыкаалап таанышканына эле ыраазы.
Калың элдин арасында колуна комуз кармаган кишилер да жайнап жүрүшөт. Алардын
элге таанымалы да, белгисизи да бар. Ошончо өнөрпоздордон сурнайчы абышка менен
ырчы бала гана жарчылыкка тандалды.
Сурнайдын дабышы басылганда боз баланын колундагы комузга тил кирди, бирок күү
арткы адамдарга угулбады. Шаңшыган барчындай жаш жигиттин шаңкылдаган обону,
ширин сөздөрү гана күүлдөгөн топтун дабышын сурнайдан бетер басып, миңдеген
берметтей чачылган сөздөрүн талаага жибербөө үчүн кулак тоскон көпчүлүк болуштун
жардыгын угушту.
Жарлыкта: баарыңар айылдан чыгып, кашаттын үстүнө чогулгула, азыр тамаша
башталат деп кабарланды.
Тирелишип тургандар аттуу, жөө болушуп кашатты көздөй чубап жөнөштү. Аңгыча
«Токтогул», «Токтогул»
деген үндөр угулду. Элдин дабышы күрү-күүгө айланып «Токтогул» деген сөз алыска
кетти.
Көпчүлүктүн көңүлү ары Беш-Таш тараптан чыккан беш-алты кишиге бурулду.
Алардын арасында белгилүү бай, же болуш болбогондуктан, аш башкаруучулар
чакырылбай келаткан Токтогулду тосуп чыгууну каалашкан жок. Бирок аны менен
учурашууга жана караанын көрүүгө кумарлуу эл бүт бойдон утурлай бастырышты.
Билермандар элден ажырашып жалгыз калыша турган болгондо өздөрү да акынга
утурлай бастырууга аргасын болушту.
Чурулдаган калк Токтогулду курчап калышты. Жанына жеткендер кол алышып
учурашты, бир катары баш ийкешип, акындын дидарын көрүшкөнгө эле ыраазы
болушту. Алдыңкы кишилердин далдаасында калышкан кээ бир азаматтар биз да анын
иреңин көрүп калсак дегенсишип, үзөнгүгө тура калышат. Токтогул аларга
бирдемелерди айткансыды. Алдыңкылар дуу күлүшүп, арткылары өздөрүнчө
жылмайышты. Бул жолугушууда акын ырдар эле, бирок бир жакка бет алган элдин
кыймылын байкап, аларды токтоткусу келген жок.
Кудайберген болуш суунун агымына окшоп бет алган жагын каптаган калкты
Токтогулдан бөлүп алуу үчүн топту жөөлөп кирүүгө кудурети жетпегенден кийин
Тойкожого сурнай тарттырып, элдин күүлдөгүн басып, топту ачкандан кийин гана
жигиттерине буйрук кылды:
— Ырчыны үйгө түшүрүп, чай бергиле!
Токтогул тигилген үйлөргө жөнөгөндө эл кашатты көздөй бет алды.
Субан жарданышкан калың атчандардын орто ченинде эле. Эпилдеп теминип, алга
жүткүнсө да, атынын тумшугу батар жылчык табылбады. Атайдын ичи бышыпкетти:
— Чү, дебейсизби, Токтогулду көрөбүз.— Ал чоң атасынын мойнун кучактап, колу
менен аны сакалдан акырын булкуп койду. — Артка кайрылыңыз.
— Кантет, тентек? — Кишилер шыкалып калгандыктан, Субан атынын башын
артына бура албады. Карыя кыймылдын суюлушун күттү. Артка бурула албаганы
менен токтоп туруп, качан гана жөөлөшкөн атчандар сейректегенде, атынын башын
артка кайырды.
***
Токтогул келгенден кийин баягы кагыраган ырчылар элдин арасына житип-житип
жоголушту. Комуз кармагандан Алымкул гана калды. Кабыргасы каржайган кара
атынын капталына жаз-күз жалбырак төшөп, кышында ачык ичмек токуган Чор ырчы
гана бир кабат үзөнгүсүн чирене теминип, аны-муну айтып, топтон-топко өз алдынча
жарчы болуп жүрөт.
— Чокем жарайт! — дешип, тааныгандар күлүп калышат.
Чор элдин күлкүсү менен иши жок, эски таар бешмантынын сыртынан ак кайыш курун
кынжыйта курчаный, кара калпагын баса кийип, чү деп атына камчы басат. Кара ат
куйругун шыйпаңдатып текирең менен жөнөгөндө эпсиз чоң неме учуу үчүн күүлөнүп
чуркаган жорудан бетер калдактайт.
— Бул кара дөөнүн тун баласына окшогон Чорбу? — деп сурады Токтогул
жанындагылардан.
— Ошол, ошол.
Чоңдордун арасына батпай, же жарчылыкка жетпей, эмне кыларын билбей жүргөн Чор
Токтогулду издеп жүрүп таап салам айтты:
— Ассаломалейкум! Асыл Током, аманбы? Илегилектей арбайган кара неменин
жүрүшүнө кы
зыгып, тамашалагысы келип турган Токтогул анын саламын алик алып, сөзгө имерди.
— Ботом, чагайдын чак түшүндө үйүрүнөн адашкан айгырдай аңкилдейсиң да.
Чукул келген Чор айтылган сөздүн оюн чынын ажырата албай, томоголуу бүркүтчө
ормоюп калды:
Ой, сен мени тааныбайсыңбы? Кушчудан чыккан Чор ырчы мен болом.
Карап тургандар ак көңүл ырчынын сөзүнө жана жоругуна дуу күлүштү. Аштын
тамашасы башталганча элге эрмек болуп тургусу келген Токтогул чөнтөгүнөн бир
сомдук сөлкөбайды сууруп чыкты:
— Ме! Ырчы экениң анык болсо мени мактачы. Чор чымчык алган аксарыча
сөлкөбайды чеңгелдей
кармап койнуна катып алды да, тамагын жасап, заңкылдап кое берди:
Бир бутуңда байпак бар, Бир бутуңда шакшак бар. Токтогул, энең өлүп какшап кал!
Бул ырды уккандардын баары каткырышканда, Токтогул ызаланымыш болуп Чорду
көздөй жулунду:
— Митаам десе! Мени алдагысы бар. Бергин акчамды! Бер дегенде бер!
Токтогул жемин серпип түшүүчү шумкардай чеңгелин камдап келатканын көргөн Чор:
«Бул кудай урган тамашаны билбейт экен го» — деп, элди аралап өчүрөңдөп качып
жөнөдү. «Бер эле, бер» — деп Токтогул артынан сая түштү. Күлбөгөн киши жок.
Ошончо жыйындын каткырыгына жана кыйкырыгына сүрдөп, кара терге чөмүлгөн Чор
акыры атынан түшө качып, калдалаңдап жөө кишилердин арасына кирди...
Субан ар ким менен койгулашып отуруп Токтогулга жакындаган. Атай адегенде эле
акындын бырышы жок аймаңдай ачык паанайын, буурул сакалын жана куудулданып
сүйлөп, тегерегиндегилерди тынымсыз күлдүрүп жатканын байкады.
Аңгыча Кызылбаштын бир жигити Токтогулдун бет маңдайына келип үн салды:
— Төмөнтөн чоң болуш келе жатат. Ырчылар тосуп чыккыла!
Жигит Токтогул барат го деп ойлосо керек. — Оо, Чор, кайдасың? — Алымкул
үзөнгүгө тура калып, эки жагын карады.
— Мындамын. — Жөө кишилердин арасынан Чордун кара калпагы жана куркуйган
мойну бөлүнүп турган экен.
— Чоң болушту тососуңбу?
— Тососуңбу, дейт тура. — Чор арышын арбаңдатып барып кара атка минип,
топтон суурулуп чыкты:
— Тососуңбу дейт. Мен кандай гана тиш салар экенмин!
— Деги азамат! — Токтогул эмне үчүндүр анын баратышынан кооптонду. — Бу
капыр ушу кебетеси менен соо ырдабай бир балээни баштайт го.
Анын сырын жакшы билген Алымкул:
— Ырды кандай баштаганынан белгилүү болот,— деди.
Аркарлар оттойт кыркырда Амандашам ыр менен,
— деп б&штаса оңуна кеткени, антип баштабаса бир балээ чыгараары ырас. Өзү
дөөпөрөс болгону менен эр жүрөк киши, башына кылыч кармаса да сөзүнөн кайтпайт.
Токтогул Таласка далай жолу келген. Бул өрөөндүн ырчыкомузчуларын беш колундай
билчү. Чорду да мурда эле таанычу, бирок мындай чоң жыйында көздештириши ушул.
Ырчылык чоң өнөр. Эки-үч күү кайрып, эки-үч ооз сөздүн башын кошуп айткандын
баары ырчы эмес. Адамдын жүрөгүн элжиретип, сөзимин козгоп, акылына акыл кошуп,
ой туудурган азаматтар анык ырчылар. Талас эзелден ошондой ырчыларды көп берерин
Токтогул жакшы билчү. Аз жылдар мурда көзү өткөн Эсенаман менен Чоңду,
замандаштары Эшмамбет менен Жеңижокту, ал өтө жогору баалай турган. Жаштардын
ичинен көбүнчө ушул Алымкул менен Эсенамандын уулу Кыдыралыдан үмүтү чоң.
Т*Ьктогул Таласка келип, жаңы талап жаштарды жолуктурган сайын олжонун олжосун
тапкансып кубанчу. Аларды өзү ээрчитип, балапандай машыктырып жүрүп, анан
кетүүчү. Ошондой сүйкүмдүү шакиртинин бири жанындагы комуз кармап турган кара
көз жигит Алымкул.
Чоң акын БешТашты ашып түшөөрү менен эле: «Өспүрүмдөрдөн көзгө көрүнүп келе
жаткан ким бар?» — деп сураган. Бирок, ынанарлык жооп уккан эмес...
Эки ырчынын сөзүн угушуп, айланадагы калың атчандар Чорду акмалап байкап
турушту. Чорду ээрчип чоң болуштун алдынан тосуп чыккан, суусар тебетейчен жаш
бала Тыныбектин уулу Зоотбек.
Төмөнтөн келаткан жоон топ атчандар жакындаганда Чор атынын үзөнгүсүн чирене
теминип, колдураган бийик үнүн чыгарып, ырдаганы бери жактагы элге угулуп турду.
— Оо, төмөнтөн келген чоң болуш! Төбөңдөн урган, чоң доңуз!..
«Чорду кудай урду» — дешти беркилер. Чор жаңылып кетсе керек, эми анысын оңдойт
го дешип турганда, анын үнү улантылды:
— Сенин Жай жайлооң күз болсун! Тукумуң өсүп түз болсун!
Анын тайманбай айткан кээрдүү сөзүн угушуп, бери жактагы калың эл дүүлүгүп
калышты. Кадырлуу меймандардын ичинде сүлөөсүн ичик кийип, көк жорго минип
теңселген чоң болуш атынын тпзгинин бура тартты:
— Бир итин менин алдыман чыгарып, каптырайын дешкен экен. Кеттик!..
— Эмне болду? Мен сөздөн жаңылдымбы — деп Чор Зоотбекке карады.
Сөздүн жайын түшүнбөгөн жоош бала «сени атама айтам» — дегенден башка жооп
кайтарган жок.
— Тиги Чор итти аякка жиберген ким? — Кызылбаш айкырык салды.
Ким жибергенин эч ким айткан жок. Ондогон атчан¬дар төмөнтөн келген чоң
болуштун артынан барышып, жыгылыштуу болушуп, кечирим сурап жатышып, аларды
араң кайрышты.
— Чор анык азамат экен! — деди Токтогул. — Бул байкуш жалтанбастыгынан
жарыбай жүргөн турбайбы.
Жана Токтогул Чорду кууп жүргөндө Атай аны жамандыгы үчүн урганы жүргөн экен
деп ойлогон эле. Чоң ырчынын азыркы сөзүн укканда Чокем оңой эмес турбайбы деген
ойго келди.
Кудайберген менен Тыныбек баш болушуп бир болуш элдин билермандары жаңы
келген меймандардан кечирим сурашып жүргөндө Чор чоң ишке жарагансып, кара
атын кайкалатып жаймажаи кайра келди.
— Ой, шордуу, азыр бекин! — Боору ооругандар кыйкырышты. — Жазаңды гана
колуңа беришет.
Ал элдин арасына киргенче Тыныбектин бир жигити качырып келип чоң келтек менен
салып кеткенде, Чор аттын үстүнөн учуп түштү...
Четте тургандар анын башын жөлөшүп, эс алгандан кийин атка мингизип коюшту.
***
Ашка чакырылгандардын арасында бир катар улуттардан келген меймандар бар.
Казактардын башындагы жапырайган тебетейлери, өзбектердин топулары менен узун
чапандары эле бөлүнүп турбаса, жергиликтүү салтты, жолжосунду билүү жагынан
кыргыздардан айырмалары жок, сөздү талаша сүйлөшүп, калың додонун кайнаган
жеринде жүрүшөт, кайсы бирөөлөрү күлүктөрү менен балбандарын ала келишкен. Бир
катар орустар элдин кайнаган жеринде. Ал эми арабанын үстүндөгү үч орус эмне
үчүндүр коомайлашкансып, элдин чет жагында өзүнчө сүйлөшүп отурушат.
Араларында көөнөргөн орусча бешмант жана шапке кийген кыргыз жигит бар.
Орус-орус дешкени менен тоолуктар орустардын да ар кандайы болорун билип
калышкан.
Арабага туурасынан коюлган калкандын чет жагында бутун айкалыштырып отурган
чычагай мурут Николай — Султаналынын тамыры. Анда бирин-серин мал бар, жери
мол. Эки-үч жылдын ичинде чарбам чар тараптан дүркүрөп өсөт деген үмүттө.
Кийиминин түрүнө карап, эл аны жөн эле орус деп коюшкан. Ал ашка чакырыпган
эмес. Бир айдан бери Тыныбектин айлында чоң Камылганын даңкын угушканда
Россиядан келишкен эки иниси: «Кара кыргыздардын турмушу жана салты менен
таанышабыз» — дешип, агасын тойго чакыртпай келтиришкен. Алар эң мурун
Султаналынын үйүнө түшүп анан бери кайрылышкан. Николайдын жанындагы иниси
Петр студенттик форма менен отургандыктан, кыргызда аны жаш төрө экен деп
коюшту. Анын ары жагында жалаң баштанган куйкул чачтуу, жайык төш, жупу
жигитти агасы сыяктуу карапайым неме го деп бол жошту.
Эл болжогондой эле Анатолийдин билеги жоон, колу катуу, көзү өткүр, сакалмуруту
сапсайып өсүп кеткен Ал жумушчу. Тиги кичүү инисинин иреңи эмне үчүндү купкуу,
чачы үлпүлдөп эң эле назик колдорунун манжалары ичке. Ал жаш төрө эмес, жогорку
музыкалык курсту бүтүп, консерваторияга экстерно экзамен тапшырууга даярданып
жүргөн жаш музыкант.
Бир көзде элеттиктер көрүнгөн орустун баарын төрө, же улук экен деп жүрүшкөн.
Бирибири менен аралаша баштагандан кийин гана кимисинин кандай экенин айра
алышты. Кээ бирөөлөр Султаналыга окшоп орустан тамыр күтүштү. Базары,
соодасатыгы гана бир болбостон, тиричиликте да алышберишке үйрөнө башташты.
Николай Таласка көчүп келгенине үч жылга жакын убакыт болгон. Ал алгачкы
келгендерден эмес, турмуштун азабынан өзүнчө келген дыйкан. Ушул үч жылдын
ичинде ал кыргыздардын турмушу менен кадыресе таач нышты. Анатолий менен Петр
болсо Россиянын чет жакаларындагы мындай булуңбурчтарды биринчи көрүшү:
Кыргыз сыяктуу элдердин турмушу жөнүндө китептерден жана айтылган ушактардан
гана билишчү. Алардын кабарына караганда кыргыздар караңгы, эч кандай маданияты
жок жапайы эл. Цивилизациялашкан Европа аларды таш арасындагы «жапайы кыргыз»
«кара кыргыз» деп кемсинтип аташуучу. Бирок музыкант менен, жумушчу жигит орус
саякатчыларынын китептери жанф агасынын каттарынан улам кыргыздар жапайы эл
эместигин, алардын да эзелден келаткан улуттук маданиятьа жана салты бар экендиги
жөнүндө элесбулас түшүнүктө эле.
Аларга бүгүнкү чоң жыйын чоң таасир берди. Музыка менен башкарылып жаткан
кыймыл эки агасына караганда Петрге өзгөчө көрүндү. Чуулдашкан калың элкичинекей
трубанын мелодиясына баш ийишинен улам кыргыздын музыканы сүйгөндүгүн жана
аны урматтаганын байкады/ Боло турган ар бир тамашаны кара атка минген чыкчыйган
жигит шаңдуу ыры менен жарыялап турушу да ылайыктуу. Бул жакшы салт эмеспи.
Азыр күрөш башталат. — Тилмеч Эсенбек эки тараптан чыгышкан сары жаргак
шымчан эки жигитти көрсөттү. — Тетиги ийни бир кулач, жалаяк ооз жигит
Мыктыбек, берки үйлөгөн чаначтай семиз кишини күрөшкө салуу үчүн алыстан атайын
алып келишкен.
Күрөш орустар үчүн белгилүү болсо да, эки азаматтын булкушуп, силкишип, торой
чалышканын көргөндө: «Силердин күрөшүңөр башкача экен» — дешти. Акыры
Мыктыбек бука моюн балбанды таптак көтөрүп туруп чапканда эти оор неме жерге күч
менен күрс этип, ордунан туралбай эси ооп калды.
Эңиш алар үчүн жаңылык эле.
Жаргак шымчан, көөдөндөрү жыпжылаңач эки жигит аттарын туйлатышып, ач
билектен алып тартышканда аттар ордунан жыла алышпай ыкшалышып, «тарт эле,
тарт» деген үндөр чыкты. Эңишкендер гана эмес, карап тургандар да ыкыс беришип,
алга жутунганда, аш башкаргандар алардын атын башка чапкылашып, кайра артка
чегиндиришет.
Эр сайышка келгенде мындайды биринчи көрүшкөн орустар түгүл, кызыл кыргынга
аралашууга көнгөн карт карышкырлар да жүрөктөрү шуулдап, эмне болор экен
дегенсишип, сабырсызданышты.
Башаягы бир чакырымдай жерге жыйналган элдин эки четинде турган эки атчанга
найзалары тапшырылганда алар «оомийин» деп алакан жайышты, ар биринин өз
тарабы «жолуң болсун, олла акбар» дешип, чурулдап бата беришти. Аңгыча сурнайдын
жүрөктү зырпылдаткан сыбызгы үнү чыкты. Тойкожонун бир жак уурту чоюлгандан
чоюлуп эки көзүнүн кызарып кетиши анын кызыганынын белгиси эле. Эл бүкүтүкү.
Аттар да чуркай тургансып, кулактарын тикчийтишип, куйруктарын көтөрүшкөн.
— Бул кандай күчтүү мелодия? — Петрдин суроосуна Эсенбек жооп таба албады.
Эр сайышта тартылуучу «Ажы күү» деген ушул.
Найзаларын мелтирете кармашкан эки баатыр атка камчы урушту.
Жүрөктөрү элепжелеп болуп турушкан Петр менен Анатолий найзакерлердин
кимисинин кандай экенин байкай алышпады, экөө да алп сыяктуу көрүндү. Күн чыгыш
жактан чыкканы ак боз атын туйлатып, камчыны басыпбасып алып, найзасынын
сабын колтугуна кыса кармап, жаанын огундай зымырап келатат. Бул Арыкбай баатыр.
Күн батыштан бет алып чыкканы өз күчүнө өзү ишенгендей кара айгырын текиреңп
менен кое берип, душмандын талуу жерин болжогондой үңүлө тиктейт. Бул Ажыбай
баатыр. Экөө тең далай сайышты башынан өткөрүшүп, аттан түшүшпөгөн адис
найзакерлер.
Арыкбай баатыр табына келген шумкардай күүлөнгөн. Тойкожонун «Ажы күүсүн»
укканда каны капнап, денеси чымырап, оттон да тартынчы эмес. Анын мындай
өзгөчөдүгүн баатыр менен сырдаш кишилер жакшы билишчү.
Ажыбай күүсүү менен иши жок, кара күчүнө гана ишенет.
Эки баатырдын качырышын тиктеген элдин көбү алар бирибирине жетишип, найзалар
карскурс эткенде көздөрүн жумуп жиберишти.
Ажыбайдын найзасы тең бөлүнүп, өзү аттын соорусунан ала салып барып чаңга оонап
калган...
— Ужас! — иреңи кубарган Петр калчылдап башын чайкады. — Это слишком...
Арыкбай баатыр атын ойнотуп, найзасын булгалактатып, кайра артына жөнөгөндө
жаатка бөлүнгөн эл жаагын унутуп коюшуп, бүт бойдон алкоосун айтып чуулдашты.
Найзачылардын экинчи тобуна Теке баатыр менен Бука баатыр түштү. Алар үч
кайталап беттешип бирибирин түшүрө алышпады. Найзалар күп эткенде экөө тең
чалкалап барып оңолуп, аттар тура калышат. Анатолий менен агасы сабырдуу болсо да
көздөрү тикирепишип, эмне болор экен дегенсишет. Петр бирде кабагын чытып, бирде
куба иреңи ого бетер кумсарып терс карап кетет. Ал найза адамга кандайча тийгенин
көрүү үчүн канчалык кайраттанса да, көзүн жумуп жибергенин гана бир билет.
Төртүнчү жолу беттешип өткөндө, Теке эски адатына салып, атын моюнга чапкылап,
чукулунан кайрылды да, Буканын соңунан түштү. Бука артынан келаткан душманын
сөзип, тизгинин карыштыра тартып, атынын башын имере бергенде, такыр колтугуна
найза тийип, телпектей учуп түштү.
Текенин ыктуулугу ушундай эле. Каршы жаат чычаласа да, мөөрөйүн алдырып
коюшту.
Эр сайыштын артынан байге көкбөрү башталды.
Петр ушунча тамашанын ичинен эр сайышты гана каалаган жок. Калгандарын
таңыркоо жана кызыгуу менен карады.
Жөн убакта биригишпей уруу-уруу болуп, талашыптартышып, чабышып жана бирибиринин үстүнөн падыша өкмөтүнө арызданышкан чогол эл мындай чоң жыйында
тартип бузушпай, тамашага дили менен берилип, аны ынтаа менен өткөрүшү бекеринен
эмес. Бул алардын салтты сыйлаганы жана зарыл убакта ынтымакка келүүгө жана баш
кошууга жөндөмдүүлүгү. Анатолий менен Петр чогулган элдин кыймылынан мына
ушуну түшүндү.
Анатолий Шулгин бул жакка эл көрүү үчүн келген эмес, Петроградда жумушчу
кыймылына катышкандыгы үчүн полиция тарабынан кармаларда дем алууга келаткан
иниси Петрге кошулуп, ушул жакты көздөй качкан. Бирок, бу келиши ага өтө пайдалуу
көрүндү. Оңуту келе калса, жумушчу табы түп көтөрө чыкса, Россиянын дыйкандары
гана эмес, тоо элдери да козголууга мүмкүн экендигин сөзе баштады. Майда
уруучулдук жана феодалдыкпатриархалдык мамилелер өкүм сүрүп турган злдердин
эмгекчилери бириге албайт деген жоромолдор негизсиз экендигин түшүндү. Бирок
кыргыз эмгекчилери менен байланышуунун жолу ал үчүн белгисиз эле. Кыргыздардан
сабаттуу жана прогрессивдүү адамдарды тапса Шулыин алар менен байланышууга,
караңгы элге болышевиктер партиясынын идеясын жайылтууга токтолбостон
киришүүнү өз алдына максат кылып койду.
Мындай адамдар барбы? Эсенбек менен Султаналынын айтууна караганда бул жерде
прогресс жана революция деген сөздү түшүнгөн кишилер оңой менен табылбайт.
Жөнөкөйлөтүп жаңы турмушту курууга, күрөшүүгө даяр кедейлер барбы деген суроого
көп деп жооп беришет.
Ушул жерде отуруп Анатолий Шулгин бир ойго келди. Петроградга кайра кетпей эле
ушул жерде калып, мугалимдик кызмат сурап, өз ишин жүргүзө бергиси келди.
Эртеден бери элдин көңүлүн буруп, топ ичинен бөлүнүп турган Токтогул Анатолий
менен Петрдин көзүнө алда кандай көрүндү. Акынды Эсенбек болуштар менен
кармашып, Сибирге айдалып барып качып келген деп түшүндүрдү.
Тамашаны эркин өткөрүп жаткан эл эмне үчүндүр карышкыр көргөн жылкыча дүргүй
түштү. Кыштак жактан келаткан коңгуроолуу тачанкадагы төрөлөрдү жана ага
ээрчишкен аттуу солдаттарды көргөндө көкбөрүчүлөрдөн башкалар дүүлүгүштү.
Куралдуу кишилер ашка мейман болуу үчүн кела¬тышпаганы белгилүү. Токтогул да
ушу жөнүндө ойлонду. Ал Сибирден качып келгенден кийин дагы бир жол; камалып,
элдин талабы менен кутулса да, падышалы бийликтер ага ишенимсиз киши катары
карашчу. Ал нечен жолу суралып чыккан.
Коңгуроолуу тачанка элдин жанына келип токтогонда мундирин жаркыраткан полиция
офицери Кызылбаш менен Тыныбекти бөлүп чакырып алып:
Токтогулду тапкыла,— деп ыңгыранып буйрук берди. Солдаттар эч кимди качырбоо
үчүн беш атарларын белендешип, элдин эки четин тосуп алышты.
Кызылбаш Шадыбек старчынды жанына чакырып алып, кылычын жалаңдаткан эки
солдатка кошуп берди:
— Элди кырка тизип коюп, Токтогулду таап бер.
— Куп болот.
Токтогул солдаттардын келишин күтпөстөн аттан секирип түшүп, өбөктөп элди аралай
жөнөдү. «Ал мында жүрөт» — деген үн эч кимдин оозунан чыккан жок.
Бош калган аттан солдаттар шектенбесин үчүн Алымкул аны бирөөгө мингизгиси
келип, эки жагын карады. Чалга учкашкан бала көзүнө уруна калды. Алымкул баланы
карап, бери кел дегенсип башын ийкеди. Атай чоң атасынын артынан түшүп, эми эле
Токтогул минип турган тору атка ээ болуп калды. Бир аздан кийин Шадыбек менен
солдаттар Алымкулдун жанына келип токтой калышты. Солдаттын бири жаш ырчынын
колундагы комуздан шектенгенсиди:
— Сен Токтогул?
Алымкул колу менен жаңсап Токтогул ортон кол экендигин, өзү чыпалак экендигин
түшүндүрдү.
— Ал каякка качты? Сенин жаныңда турбайт беле?— старчын Алымкулга жүзүн
үйрүдү.
— Бая эле кетип калган! — Жанында турган кишилер да жапырт күбө өтүштү.
Субанга Шадыбек мурдагысынан да суук көрүндү.
Токтогул чөптүн арасынан жөргөлөгөн бөдөнөдөн бетер калың элге калкаланып,
өбөктөп качып баратат. Ар кимди жөөлөп бара жаткан акынды эл арга тапса, этектери
менен далдалап калсак деп тилешет. Солдаттар анын соңунан жылчык калтырбай
тинтип келатышат.
Мени полициянын куугунунан Сибирдин токою да куткарды эле, эми ушунча журт
куткара албайбы деп ойлойт акын. Колго түшпөсүнө ишенет. Бирок дагы нарылап
барганда бир четин тосуп турган солдаттар байкап калууга мүмкүн. Токтогул аны
билген жок.
Акынга боору ооруп турган Анатолий ал жанынан өтө бергенде:
«Токтогул, бери бас!» — деди орусча.
Орустардын ырайымдуулугун сөзген акын алардын аркасына далдаланып, арабанын
ичине жата калды. Анатолий анын үстүнө кашектен таштап койду.
Полиценскийлер калың элди нечен жолу аралашты. Далай убакыт өттү. Акырында
Кызылбаш зиркилдеди:
— Элди бекер кармабагыла! Токтогул капкачан кетип калган окшойт?.. Азыр ат
келет...
Офицер букжуйган Тыныбекти үңүрөйө тиктеди:
— Шайтан,— ал жерге түкүрүнүп, тачанкесине отурду да жөнөп кетти. Атчан
солдаттар чочоңдошуп артынан ээрчип алышты...
Кече күнү «Беш-Ташка Токтогул келиптир» — деген кабарды укканда Тыныбек
полицияга жашырын кабар жиберген. Акындын элдин чогуу жеринде жүрүшү
падышалык бийлик үчүн коркунучтуу деп эсептеген полиция аны бүгүн кармап
кетишмек.
Опузалап жана коркутуп жүрүшүп, улуу акынды топтон жана элден четтетип,
эмгекчилерди анын таасиринен сактап калышмак.
Тыныбек полицияны кече күнү келип, Токтогулду ашка жеткирбей кармайт деп күткөн.
Акын бүгүн кармалса, ашка катышкан элдин көңүлү иренжимек жана алар байдын өзүн
да жек көрүшмөк. Тыныбек ушуну ойлоп Токтогулду өзү издешкен жок. Башка убакта
болсо, Рыскулбектин балдарынын көңүлү үчүн аны мойнунан байлап берүүдөн да
тартынбайт эле.
Бай полициянын офицеринен бекер жеме укпаганын Кызылбаш да түшүндү.
Солдаттар кетери менен Токтогул арабадан түшүп, анда отурган төрт кишини
кучактады.
— Ракмат, бир боорлорум!
Токтогулду куткарып калгандыгы үчүн арабадагы жигиттер өздөрү да кубанышты.
Калың элдин далайы чубап келишип, орустарга алкыш айтып жатышты:
— Ракмат, көп жашагыла, кем болбогула!
— Жакшы адамдар турбайбы.
Падышалык чиновниктердин жана орус кулактарынын азабынан жалпы эле орустарды
жаман көрүшүп жүргөн бир катар караңгы кишилердин көздөрү ачыла түштү.
***
Аш бүттү. Тыныбектин көңүлү тынып, айылга тынч тык кирди. Ар ким өз оокаты
менен алышкан кадимки дей күндөлүк турмуш кайрадан башталды.
Аш бүткөнү менен Талас өрөөнүндө тамаша улан берди. Токтогул ырчы кай жерде
болсо, ыр менен күү ошол жерде, топурашкан элди да ошол жерден көрөсүң. Калктын
мүдөөсүн ойлогон даанышман киши үчүн чаңкап тургандардын суусунун кандыруу,
алардын кубанычы менен кубанып, кайгысына ортоктош болуп, көңүлүн куштар
кылуудан жогору нерсе барбы. Токтогул бир жакка аттанганда ушундай максатты
көздөп, алдыда күтүп турган элдин урматын сөзип жана өзү да ошо менен
сыймыктануучу. Даанышмандар түгүл, чабал ырчы, чоркок уста, асыресе тайкы
болуштар да элди өз оозуна каратууну ойлойт. Андайлар журттун таламын көздөбөй,
мансапты эңсейт, ошол үчүн башканы көрө албаган ич тарлыкка, атаандашууга жана
наадандыкка өтүп кетишет.
Эл ыдыраган сайын башкаруучулар андан бетер майдаланып, мурдагы залимдиктин
үстүнө паракорлук, алдамчылык, арыздашууну кошо үйрөнүшүп, зулумдук күчөп,
букаралар кимдин ким экенин ачык түшүнүүдө. Ушу көзде бекке, болушка жана байга
мурдагыдай ишенген жана алардан ажалындай корккон кедейлер жок. Эки жүздүү
башкаруучулардан жалтанышканы болбосо, аларды жек көрүшөт. Калк үчүн —
көпчүлүккө маанек болор кишилер өтө керек боло баштады. Бирок андай азаматтар
бөлүнүп чыга элек жана андайларды таанууга букараларда да чама жок. Ушундай
шартта жалпы журттун көңүлүнө шоок жакшы ырчы менен комузчуларды эл төбөсүнө
көтөрүшөт.
Токтогул Талас элине ушундай кырдаалда келди. Атактуу ырчынын тайманбастыгы,
сүргүндөн качып келип, падышанын жардыгына моюн бербей, эл аралап ырдашы анын
зоболосун ого бетер жогору көтөрдү.
Таластыктардын чоң ырчыны сүйгөндүгү ушунчалык: болуштардын арасында
байланышы болбосо да, анын кайсы айылда жүргөнүн, башка жердегилер үзгүлтүксүз
угуп турушту. Ал Тыныбектин ашынан кийин Таластын башындагы Каракол болушу
тарапка өтүп кеткен. Өрөөндүн башынан кирип, аягына чыгайын деп ойлосо керек.
Жанына ээрчиткени — өзүнүн шакирти Алымкул ырчы. Кең-Кол болушундагылар бир
жумадан бери: «Током Кыржыда экен», «Жетигенге конуптур». «Каймасарлар эки күнү
меймандашат имиш» — деген кабарларды алып турушту. Акырында биз жакка
кайрылыптыр деген сөз угулду.
— Кимдин үйүнө түшөр экен?
Токтогул Кең-Кол тарапка кайрылганы ырас. Бирок кимдин үйүнө коноору белгисиз.
Ал Сибирден качып келгенден бери атактуу байлар жана болуштар аны атайлап
чакыруудан айбыгып калышты. Ал эми кедейлер сый көрсөтүү үчүн чакырууга
кудуретсиз. Муну Токтогул өзү да жакшы билет. Ал конок болор үйдү издеген жок,
тамашаны сүйгөн элди издеп чыккан. Тамашаны ким сүйбөсүн. Токтогулдун келген
жерине эл чогулат жана айлында жүргөн атактуу ырчыны байлар кээде өз намысы үчүн
да аргасыздан конокко чакырышат.
Токтогулдун ойлогону ордунан чыкты. Эки болуш элдин чек арасын бөлгөн Калбанын
сайынын четинде жол карап турушкан эки атчан жигитти көргөндө ал шакиртине
карап, тигилер эмне үчүн турганын байкадыңбы дегенсип, ээгин көтөрүп койду.
— Тыныбектин айлындагы жигиттер го, байдын кумары тарабаган окшойт.—
Алымкул кыткылыктады.
— Бая күнү сынык мүйүз кара өгүзүн ыйлап жатып араң берди эле, же ошонун
акысын доолайын дегенби?
— Жубарымбек шашпа! Кимдин акысы кимде экенин ага көрсөтөбүз.
Ырчылар жакындаганда эки жигит утурлай бастырып салам айтышты. Токтогул алар
менен учураптты. Алымкул тизгинин жыя кармап, уялчаак жигиттердин кантип
учурашканын абайлап күдүп турду. Тосуп чыкканрар муруттары жаңыдан көөлөнгөн,
жаш уландар экен. Башындагы ак калпактарынан башка кийимдери боз төбөл, минген
аттары өздөрүнүкү эмес окшойт: биринин үзөнгүсү узун, экинчиси бостектен көрпөчө
салынган. Кебетесине караганда байдын, же болуштун жигиттери эмес, бирөөнүн
жумшоосу менен табылган атка минип келишкен кичи пейил боз уландар. Токтогул
билмексен болуп аларды сөзгө алды:
— Балдар, кимди күтүп турасыңар?
— Токтогулду...
Жигиттин бири күткөнүбүз силер болуп жүрбөгүлө? — деген кыязда жолоочуларды
суроолуу тиктеди.
— Андай немени тааныбайбыз.— Токтогул атын чү деп бастырганда Алымкул
балдарга күлө карап устатын ээрчий жөнөдү.
Балдар өз ара кажылдашып калды:
— Ой, Током ушул эмес беле? Сени эмнеге карабасты? Бая күнү ашта көргөн жок
белең?
— Каяктан көрөм? Киши көп болуп жанына чендей албай койгомун. Кокуй, андай
болсо артынан чабабыз.
— Уят! Уят! — Балдардын экинчиси абдан катуу кейиди.— Жана эле сизди күтүп
турабыз, деп айтпай.
Эки жаштын талашын угушуп жолоочулар күлүп баратышты. Аңгыча балдардын бири:
«Акыры уят болорун болдук, жүр чакыралы» — деп жолоочулардын соңунан кууп
жетти.
— Токо, айып бизде... Сиздерди бай чакырат.
— Кайсы бай?
— Кожоке.
— А, Кожоке болсо баралы! — Жолоочулар аттын башын айылга бурушту.
Талас өрөөнүндө Токтогулдун тааныштары, достамырлары өтө көп. Ал Кожокени да
биле турган. Кожеке элүү кой, он чакты жылкылуу адам. Мынча мал байлыкка
татыбаса да, айылдагылар аны кадырлап бай деп аташчу.
— Баса, бул жерде мени конокко чакыра турган белгилүү бай жок эле,— деди
Токтогул...
Баланчаныкына ырчы келиптир, десе айылда киши калбай баары түп көтөрө ошол үйдө
болору кыргыз үчүн расим. Жабалактаган коңшуларына үй ээси да кайыл. Токтогул
келди деген сөздү укканда ким карап турсун.
Кожоке меймандарына чай берүүдөн мурда эле эшиктен салам айтышып келип жаткан
кишилердин сакалдуулары жогору чыгышып, жаштары улага жакка шыкалууда.
Комузга жалдырашкан көздөрдү көрүп турушуп, коноктор чайды кенен иче алышпады.
Аксакалдын суусуну кансын дегенсип, Алымкул өз чынысын көмкөрүп коюп, бир кесе
айранды шимирип ийип, колуна комузун алганда отургандар кубанычтуу кобурашып
калышты.
Бул жаш ырчыны жердештери төкмө деп аташа баштаган. Азыр анын атагы бул
өрөөнгө гана эмес, кыргыздын башка тараптарына да жайылууда.
Үйдө чогулгандар өздөрүнөн чыккан ырчы баланын чоң акынга шакирт болуп, ага
ээрчип, эл аралап жүрүшүнө кубанычтуу. Алар атабаладай ынак ырчылардын сөзүн
гана аңдыбастан, сыпатын, кыял-жоругун да кызыгуу менен баамдашат.
Токтогул төрдө жумшак төшөктүн үстүндө чепкенин чечинип, күрмөчөн болуп,
мандаш урунуп, эркин отурат.
Устара менен алгандан кийинки чымыраган чачтары кыроодон бетер аппак болуп,
башындагы кара топуну көркүнө чыгаргансыйт. Ырчы менен тааныш кишилер кайран
булбулду карылык тооруп калганын көгала сакалынан да байкашты. Бирок туурда
отурган турумтайдай кууш ийни, чымыр денеси, муңбаган кичирээк кой көзү,
дымактуулугу жана шайырлыгы куду жаш күнүндөгүдөй. Үй толгон кишинин ичинен
сүйлөп жана баарын күлдүрүп отурган Токтогул гана.
Алымкул жылаңбаш, чийбаркыт күрмөсүнүн сыртынан күмүш кемерин курчанып, өзү
да күмүш сыяктуу жаркырап, күлүп, устатынын төмөн жагында. Аны сүйгөнү жана
урматтаганы ушунчалык: ашык сөз айтпайт, бирок Токтогулдун ар бир кыймылын
байкап, көзектүү жерде анын сөзүн сүрөп кетип, өзү да эл менен кошо чын пейили
менен кыткылыктап күлөт. Акындын жанында жүргөндө андан жооп болмоюнча
ырдабайт жана комузду да кармабайт.
Азыркы отурушта Алымкул эмне үчүндүр устатынан жооп күтпөстөн, колуна комузун
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 07
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов