Latin

Атай - 05

Общее количество слов 3933
Общее количество уникальных слов составляет 2230
28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
ага жакыныраак көрүнүчү.
— Аны тааныймын. Бирок үйүнө барган эмесмин. Өзү сонун чертмекчи киши. Куш
салат, саяпкерлиги да бар.
— Охо! — Оторбайды өнөрлүү киши экенин уккан Атай ого бетер таң калды.
— Үйү ушул жерден көрүнөбү?
— Дөңгө чыксак көрүнөт.
Алар үйдүн жанындагы дөңгө жүгүрүп чыгышты. Абдыракман күн батыш тарапка
колун сунду...
— Алдагы ат жалындай дөңчөнүн ары жагындагы сайды көрдүңбү?
— Көрдүм.
— Сайдын төмөн жагындагы эки тереги бар короону, анын жанындагы жалгыз боз
үйдү көрдүңбү?
— Көрдүм.
— Ошол Оторбай молдонун короожайы.— Абдыракман тиктеп турду да,
кубанычтуу кыйкыра баштады.— Тигине, тигине!
— Эмне?
— Тиги теректин бутагына кара ат байланган киши Оторбай болуу керек.
Бая күнү Оторбай кара ат минип жүргөнүн көргөн Атай андан бетер сүйүндү.
— Жүр, барабыз.— Атай аны колдон алды.
— Молдо бизди урат. Ана үйүнө кирди. Азыр окуу башталат,— Абдыракман
кылчактады.
— Ушул жерде туруп, окуу башталар менен качабыз.
— Макул.
Тилекке каршы, окуу башталган жок. Эшенкул эшикке чыгып, дөңдөгү балдарга
кыйкырды:
— Ой келгиле! Молдокем чакырып жатат!
— Кап, маңка сени! — Абдыракман молдо эмес эле, Эшенкул күнөөлүүдөй...
Сабак башталды: балдар тамгаларды жаттоого киришти.
— Токтогула! — Молдо китебин жанына коюп,— я, алла,— деп ордунан туруп
балдардын жанына келип, чөгөлөп отурду.— Бери жакындагыла... тынч... карагыла...
силер тамгаларды жаттап бүттүңөр: Бирок эжелеп окууну үйрөнө албадыңар, эшеклер!
— Ал урунуштуруп окууну дагы бир сыйра түшүндүрдү. «Ал хам дү» деген сөздү окуу
үчүн анын тамгаларын мындайча эжелөө керек: алип лам забар ал; эмин забар хам, ал
хам, дал шеп дү.
Балдар бир сыйра угушкандан кийин өз бетинче окууга киришти. «Лам забар алип!»
Андан кийинки тамгалардын айтылышын унутуп коюшту да, билгендерин кайра
башынан айтып чуулдоого киришти.
«Лам забар алип» дешип кайталай берүүдөн тажап бүтүштү.
Молдо төрдө куран окуп, аялы капшытта ийик ийрип отурат. Эринин көзү китепте,
көңүлү аялында.
«Кудая шүгүр! Аялымдын колунан келбеген өнөр жок экен го?»
Узун саптуу коргошун ийик тегирмендин ташынан бетер чарк айланат, аялдын сол
колунан башына оролгон жүн азайып, чубатылган жагы чыйратылып, ийик¬тин сабына
оролуп отуруп чоң түймөккө айланууда. Колунун өнөрүнө жараша аялдын иреңи да
чырайлуу: кызыл тору, каштары капкара, ууртунун бир жагында нокоттой калы бар.
«Жаман эмес!» — Короз молдо буга да тобо кылат. Олуя-Атадагы молдолордун
зайыптарын кээде көрүп калуучу. Баары каштарына сурма коюшуп, беттерине кал
салып алышкан. Анын баары сулуу көрүнүү үчүн кылган далбас. Кудаанын кудурети
менен Короздун аялынын кашы да, калы да тубаса капкара.
Короз өзү кыргыз болсо да, араб билимин өзбек дамбылдадан үйрөнгөндүктөн, тили
тантырмунтур, кийген кийими алабула: чапаны кыргызча, топусу өзбектики, селдеси
араптыкы. Адаты да чаржайыт: аялына паранжы чүмкөтпөйт, бирок үйүнөн чыгарбайт,
чоң кишилер турган жерге жолотпойт.
Балдарга молдонун аялынын кашы менен калынын эмнеси кызык, окуунун азабын
тартып, эркин сүйлөп, эркин күлө албай бук болушуп араң отурушат.
— Сен болбосоң, биз качып кетет элек,— деп Абдыракман ооз учу менен күбүрөп,
көзүн сүзүлтүп, ариптерди эжелеп окуп жаткан келте мурун боз баланы көк желкеге
бир муштады. Эшенкул «лам забар алипти» так айта албай, «алип» деп, тилин тиштеп
алып, же ыйлай албай, же күлө албай томсорду. Балдар кыт-кыт күлүп, ооздорун
басышты. Молдо башын көтөрүп алды. Балдар оңбой калдыңго дегенсип,
Абдыракманды жал-жал карашат. Айып кимден экени белгилүү болду. Молдо ордунан
туруп келип, Абдыракмандын оң кулагын толгоп алганда, баланын мойну үзүлүп
кетчүдөй кошо буралды: Көздөрүнөн жашы шорголоду. Үн жок...
Молдо ордуна барып отургандан кийин да, Абдыракмандын кулагынын учу бопбоз
болуп каны качып турду.
«Лам забар алип»,— кобуроо кайра жанданды.
Атайдын эки көзү Абдыракмандын кулагында. Бир аздан кийин анын кулагынын учуна
кан жүгүрдү, бирок тарап кетпей, ошол бойдон кыпкызыл болуп туруп калды.
«Эмне үчүн тарабайт? Бир жерге жыйналып калганбы?» — деп Атай колунун учу
менен кызарган жерин чымчып көрдү, Абдыракман «ий» — деп чыңырып ийди.
Абдыракманды ким чыңыртканын молдо байкап калды. Муруттары сербейип ордунан
турду. «Мени да кулактайт го?» — деп Атай коркту. Молдо Арсыкул деген дардайган
чоң кара балага буйрук кылды:
— Керегедеги тай чыбыкты мага алып бер!
Атай керегеде илинип турган кичинекей үч чыбыкты жаңы келгенде эле байкаган,
бирок аны элес албаган. Анын жайын берки балдар жакшы билүүчү. Үч чыбыктын
өздөрүнчө аттары бар. Жоонураагы — бышты чыбык, ортосу — кунан чыбык, ичкеси
— тай чыбык. Чектен чыга бейбаштык кылган балдарды молдо күнөөсүнө жараша
ушул үч чыбыктын бири менен жазалайт. Күнөөсү күчтүүрөккө — бышты чыбык,
жеңилирээгине — тай чыбык.
Арсыкул кичине чыбыкты алып келди да, колун бооруна алып, молдонун алдына тура
калды.
— Тиги баланы көтөрүп тур!
Арсыкул «куп» деди да, Атайды колунан жетелеп, улага жакка алып барып, күрмөсүн
чечтирип, аны аркасына салаңдатып көтөрүп, эки колун өз мойнукан айкалыштырып
кармап турду.
«Бул эмнеси?» — деп таң калып турган Атайдын май куйругуна көк чыбык чыпылдай
түшкөндө бакырып, туйлай баштады. Албеттүү Арсыкул аны жылдырар эмес...
Атайды сабап бүткөндөн кийин улаганын түбүнө тикесинен тик тургузду.
— Жаагыңды бас, кыймылдаба!
Буулуккан Атай бакырыгын баса албай турганда, чыбык жонуна ойноду.
— Болду! Бас!
— Ба,— деп жиберип, Атай өзүн-өзү токтото албайт энтигет, бышактайт.
«Бекер бакырган экемин» — деп, Абдыракман убакытты кайгыруу менен өткөздү...
Окуу бүткөндөн кийин Атай жаткан үйүнө барбастан, Абдыракманды ээрчип, Оторбай
молдонун үйүн карай чуркады. Алардын каякка барарын башка балдар билишкен жок,
Чөңөрдүн суусунун боюна барышабы деп гана болжошту.
Молдонун үйүнүн артындагы кара суудан өтүшкөндөн кийин жаңы дүйнөнүн илеби
келе баштады.
Күн бешимге жакын убак. Асмандын чет-четинде түрмөктөшкөн ак булуттар
каяккадыр тарап жатышкандай, улам азаюуда. Түндүк тараптагы аркайган бийик
тоолордон соккон муздак жел Калбанын шамалына окшоп, кой ыйлаба дегенсип,
эркелете беттен сылайт. Ат жалындай мончого жеткенде кош терек көзгө дайын
көрүндү. Баягы байланган ат жок.
— Оторбай молдо бир жакка кеткен го? — деди Абдыракман мурдун ормойтуп.
Эмнеси болсо да барабыз.— Эптеп эле молдодон
алыс кеткиси келип турган Атай комузчуну кайдан болсо да издөөдөн качар эмес.
Алар үйгө жакындаганда тегерек көз сары аял жууп жаткан кирин таштап, эшиктин
алдында маңмаң үргоп карала дөбөттү кармады:
— Биздин үйгө келатасыңарбы? Төзирээк киргиле! Балдар эшикти ачып алганда,
улагада кушка жем
берип турган шишимек көз кишини көрүп, салам айтышты.
— Ассалмалейким:
— Алейкимасалам! — Ал балдарга караган жок.— Тыякка өткүлө, отургула!
Кушуна жем берип, аны тууруна отургузуп койгондон кийин гана балдарга көз
жүгүрттү. Абдыракманды тааныды. Тигинисин кайдан көрдүм эле дегенсип боолгоп
турду:
— Сен кимдин баласы элең?
— Султаналынын...
— Баса, сен молдо болууга келген мейман бала эмес белең. О, окшошкон
ананайындарым. Отургула.— Ал аялына кыйкырды.— Айым, оо Айым! Балдарга чай
кайнат!
— Биз чай ичпейбиз, деди Атай керегедеги комузду тиктеп.
— Эмесе козу союп берейин...
— Козуну да жебейбиз.
— Мейман берсең тогунан бер дегендөй, бизди кудай жалгаган экен.
— Оторбай шишимик көзүн бүтүйтүп каткырып күлдү. Бирок балдардын эки көзү
комузда экенин байкады. — Эмесе күү чертип коноктоюнбу?
— Ооба, ооба — дешип, экөө тең сүйүнүштү.
— Уй менен төөнүн жарышын? — Атай бул күүнү уккусу келди.
Оторбай жеңилденип отуруп, комузун күүлөй баштады. Күүгө балдар гана эмес
Оторбай өзү да ошончолук кызып, чай кайнап алдыларына дасторкон жайылганча
далайларды аткарды.
— Меймандарыңызга чай ичирип алыңыз? — деди аялы акырында.
— Биз чай ичпейбиз деп убадалашканбыз.— Оторбай комузун жүккө сүйөп коюп,
нандан алды.— Кана бал¬дар, алгыла чайдан. Өзүңөр үчүн эмес, апаңардын көңүлү
үчүн ичип койгула!
Балдар чай ичпейбиз деп жооп бергенден улам, үй ээлери аларды ток экен деп
ойлошкон. Нанды бурдап жешип, пияланы үстү-үстүнө бошотуп баратканы окуудан
чыгар менен бери чуркашканын билгизип турат.
— Кош, балдар, жол болсун! Жумуштап келдиңер беле? Сүйлөй отургула.
— Күү угалы деп келгенбиз.
— Комузду жакшы көргөнүңөргө караганда өзүңөр да чертесиңер го? Кана чертип
көргүлөчү? Мен да угайын?..— Ал комузун Абдыракманга сунду, ал аны Атайга
узатты.— А, жаман арам, сен тим эле ээрчип жүрөм дебейсиңби?
Абдыракман унчуккан жок.
Атай комузду күүлөй баштаганда эле Оторбай анын колунун эптүүлүгүн баамдуу көзү
менен карады.
Баланын сөзими жана кол шилтеши Оторбайды өз алдынча ойго чөмүлттү. Атай кайсы
күүнү чертсе да, Абдыракман маркумга окшоп, колдорун алчылантып, сыбызгыдай
сыздатып, күүнү өз алдынча өзгөртүп жиберет.
— Атың ким? — Карт комузчу анын аты-жөнүн эми гана сураштырды.
— Атай.
— Абдыракман устатың беле?
— Ооба.
— Баракелде! Жакшы үйрөнүпсүң! — Ал аялына карады.— Бу балдар тегин конок
болбой калды. Жылкынын этинен ас. Козу сойбой эле коеюн, балдардын оозуна
козунун этинин даамы татыбайт экен.
Бала коноктор эт жештен баш тартышкан жок «конок койдон жоош, май берсеңер жей
берет» — дегенсишип, тым-тым болуп отурушту.
— Силер отура бергиле — деди да, Оторбай колуна кумганын алып, эшикке чыкты.
— Бул киши эмне үчүн бала окутпайт? — деди Атай жолдошуна шыбырап.
— Мындай бала окутпаган молдолор көп, тиги маңдайда Молдокул деген бар. Ал
чертмекчи. Айылда кат жазып, китеп окуган кишинин баарын эле молдоке дешет.
— Биздин айылда деле ошондой.
Комузду кыңгыратып отурушкан балдар Оторбай молдо намаз окуу үчүн жайнамасын
төшөй баштаганда чертүүнү токтотушуп, унчукпай калышты. Аялы уюн саап, сүтүн
бышырып коюп, анан казан асып, этти толтура салды.
Үйдүн ичине күүгүм кирип, шам жагылды. Оторбай молдо балдарды жанына отургузуп
алып, комуздун жайын үйрөттү.
— Колду жөнү жок тайрактата бергенде болбойт. Жоргонун жүрүшүн келтирүү
үчүн колуңду арбаңдатсаң арыш керген күлүк атка окшоп калбайбы! Ошону билүү
керек. Муңдуу күүнү черткенде комуздун дирилдеген кылынан сөөк сыздап, көздүн
жашы төгүлүп турсун. Ал үчүн өтө кылдат болуу керек.
Оторбай кандайдыр бир муңдуу күүнү черте баштады. Күүдөгү кыздын ыйына
караганда ал «Эдилдин кызынын кошогуна» үндөш. Бирок, кайрылышы жана
сыбызгышы башкача. Комузчу өзү дал айтканындай кылдаттык жана чеберлик менен
чертип жатат.
Эт бышты. Үй ээси бала конокторунун алдына койдун жиликтерин жана жылкынын
карта, чучугун тартты. Өмүрүнүн ичинде өздөрүнө арналган мындай чоң сыйды
көрбөгөн Атай менен Абдыракман аксакалдардан бетер бирден жилик мүлжүшкөнү
үчүн үй ээлерине ыраазы болушту.
— Бүгүн биздин үйгө эле конуп алгыла! Караңгыда убара болбой...— деген сөз
менен алар комузчунун үйүнө конуп калышты.
Экөө бири-бири менен кучакташып, өз үйлөрү сыяктуу эркин сүйлөп, кенен дем алып
жатышып, таттуу уйкуга мемирешти.
Бала коноктор эртең менен молдо намазынын акырына чыгарда гана ойгонушту.
Молдо менен аялынын төшөгү жыйылуу. Аялы үйдө жок. Турсакпы, же жата туралыбы
— дегенсишип, бир азга ойлуу жатышты. Оторбай бата кылып, ордунан турду да,
керегеде илинген комузун алып, эшикке чыкты. Ал кетер менен балдар да турушуп,
кийимдерин кийиништи.
Улага жактагы туурда отурган куш да капкачан ойгонуп, коңгуроосун шыңгыратып,
канат куйругун таранып, суксуң-суксуң этип балдарды айбаттуу карайт.
Алар кийинип жатышканда терек жактан комуздун дабышы угулду.
— «Чайкама!» — деди Атай күүнүн атын.
Балдар эшикке чыкканда Оторбай «жуунуп келгиле» деп суу жакты көрсөттү.
Короонун оозунда байланып турган карала ит чоочун балдарды көрүп арсылдап
жулкуна баштады...
Алар муп-муздак өзөн сууга жуунуп келишкенде чай даяр эле.
...Балдар тамактанып алышып, үй ээлери менен коштошуп, жолго түшүштү.
— Эми каякка барабыз? — Атай Короз молдонун жүзүн көргүсү келбейт.
— Биздикине — деди Абдыракман.
Алар келген издерине түшпөй жогорулап жөнөштү...
Атай качкандан кийин молдону агасы жемеледи: — Балдарды минтип ура берсең, эч
кимди кармаи албай таш жалак каласың, кадырың кетет.
— Антпесе мусулман болбойт, пачагарлар. — Короз ага көнбөдү.
— Сен качан мусулман кылганча бардыгы качып жоголушат. — Агасы инисине
акыл үйрөттү. — Сен эптеп буларга китеп окуп, кат жазганды үйрөтсөңчү. Башканын
кереги эмне?! Чоңойгондо кааласа, өздөрү мусулман болуп алышар.
— Көп урбайын. Бирок бала молдодон коркпосо шайтан болуп кетедилар.
— А мунуң акыл! Бейбаштык кылбас үчүн алдын ала коркутуп коп!
Короз молдо жаш болсо да, эч качан шарияттын жолунан чыгуучу эмес. Анын максаты
балдарга билим гана берүү эмес, аларды дин жолуна берилтүүдө эле. Ал Олуя-Атадан
келерде мечит кармаган чоң дамбылда дал ушинтип осуят айткан.
Динге дили менен берилген Короз китептен окуганына жана дамбылдадан укканына
түшүнсөтүшүнбөсө да бүт ишенүүчү. Айылга келгенден кийин ошо дамбылданы
туурап, айтканынын баарына эл ишенет жана макул болот деп үмүттөнгөн. Үмүтү
талаага кеткен жок. Чоң молдону сейрек учуратышкан эл аны өтө кадырлашты. Садага,
зэкетти, орозонун битирин ага жеткирип турушат. Мындан тышкары арбактарга куран
түшүргөнү, бала окутканы жана ооруларга дем салганы үчүн акы аяшпайт. Оору
адамдын айыккан айыкпаганын жана молдонун айтканы туура, туура эместигин
ылгаган киши жок. Аны ылгоого да мүмкүн эмес эле. Анткени, аиын китеби жана
дубасы араб тилинде. Оозунан чыккан сөзүн башкалар түгүл, өзү да түшүнбөйт.
Молдонун күчү — тилпнин түшүнүксүздүгүндө.
Кайсы бир молдолор аны билишпейт. Окуганын уну¬тушуп, өз билгенин иштей
беришет. Мисалы Оторбай молдо. Ал кумаркечтикке берилип, куш салат, мылтык атат
анысы аз келгенсип, комуз чертет. Ушунусу кудаага жакпай турган иш. Короз молдо
аны шарият жолуна эч түшүрө албады. Акыры ушакайыңдан: «Оторбай молдо көзи
келген жерден күнөөдөн да баш тартпайт экен» — деген кабар угуп, андан биротоло
түңүлгөн. Молдо ошентип отурса оңбогон кеп. «Кайыр, өз күнөөсүн өзү тартканда
билер» — деп ойлойт Короз.
Молдо карапайым адамдар менен мамилелешүүдөн эч кыйналуучу эмес. Азапты бала
окутуудан көрө турган болду. Булар молдо түгүл, шарият менен да эсептешпейт. Бала
окутуунун ушундай кыйынчылыгын алдын ала эскертип, чоң дамбылда мындай деген:
«Чыбык жумша, балага кудайды таанытуучу күч — чыбыкта».
Молдонун осуятын эстеп жана агасынын дайындоосу боюнча бүгүн чыбыктарын
жоонураак жана узунураак кесип, керегедеги эскилеринин ордуна кыстарып койгон.
Иш кыйын жагына айланганын түшүнүшүп, жаңы чыбыкты көргөн балдар тымтым.
Сабак баштала элек болучу. Молдонун келинчеги жеңесинин үйүнө кирген, ал өзү
эшикте даарат алып жүргөн.
— Чыбыкка туш келгенибиз оңбойбуз! — деди Абдыракман баарынан мурда
озунуп. — Бир айла табуу керек.
— Мен таптым. — Атай ордунан турду. Бардыгы кандай амал тапты дегенсип, ага
жабалакташып карашты. Атай керегедеги чыбыктарды эки бүктөп сындырып, молдо
отуруучу ала кийиздин астына бастырып койду.
Туура дегенсишип, бардыгы күлүңдөштү. Эшикте молдонун какырынганын укканда
барактарын тиктешип калышты. Молдо киргенде орундарынан текши турушуп.
— Таксыр! — дешип кол куушурушту. Качан молдо отуруп, бата окуй баштаганда
гана чөгөлөшүп отуруп, алакандарын жайып дуба кылышты.
Окуу ар күнү ушундайча башталуучу.
— Иншаалла, жакында аптекке түшөбүз,— молдо тамагын жасап, бийик жана
каардуу үнү менен балдарды опузалай баштады. — Тентектик — кудаанын жолунан
чыгуу. Адептүүлүк керек. Якшы тыңлаңыздар. Кимде ким мындан ары шайтанга
азгырылып, чекилик кылса мен...— Ал бош калган керегени көрүп, таноолору
дербейип, ачууланды. — Чыбыкты ким алды? Аа, ким дейман?
Жооп жок. Балдар телмирип жер карашат.
— А, шайтан падбак, мойнуңарга минген экен аа? «Менин мойнума кандай шайтан
минди экен?» — де-генсип, Атай башын артына буруп, далысын тиктеди. Эч кандай
шайтан жок, арт жагында коңкогой мурун Арсыкулдун кумсарып отурганын көрдү.
— Айткыла! Ким алды? — Молдо диртилдеди. Айтпасаңар тилиңерди сууруп
аламан.
Балдар өз эрки менен унчукпасына көзү жеткенден кийин Короз молдо Арсыкулга
карады. Бардыгыпын ичинен чоңу да, эстүүсү да, молдону көбүрөөк сыйлап, айтканын
кыңк этпей аткара турганы да ушул бала.
— Арсыкул!
— Лаппай! — Бала ордунан учуп турду.
— Ким алды?
Айтып жибербегей эле,— дешип балдардын үшү учту.
— Билбеймин, таксыр!..
— Ишак, билип туруп билмейман дейсиң! Кудай алдында күнөөлү боласан.
Арсыкул билбеймин деп кутула албасына көзү жетти:
— Таксыр! — деди ал колун куушуруп. — Жана мен окууга келатканда сиздин
үйүңүздөн жымкырылып чыгып бараткан капкара баланы көргөмүн... Тим эле көөдөй
кара бала, төмөнүрөөк суунун жээгине барып, көздөн кайым болду... Мен таң калдым.
«Кудайга тобо» — деп, оозумду ачтым...
— Келме келтирдиңби? — деди молдо өзү да чоочуп...
— Келме келтирдим. Калп айтсам ит болоюн!
— Кудай урсун деп айтың?
— Кудай урсун, таксыр!
Молдо бир аз ойлоно калды. Ал жин, шайтан менен өңүндө көзигишпесе да, аларды
түшүндө көрүчү. Чоң молдолор жана эшендер элге баарыдан мурда жин, шайтандарды
кармашып, аларды кууп, оорулуу кишилерди айыктыргандыгы менен даңкы чыгуучу.
Корозго ушу өнөр гана жетпей жүргөн. Бирок ага көрүнөө келүүдөн жалтанган жин өзү
жокто үйүнө уурданып келип, тийише баштоого мүмкүн. Бул ой Арсыкулдун сөзүн
чындыкка ыйгарды.
— Эй падбак! Бир жин мени менен эрегишип жүрөт. Чыбыктарды ошол ала качкан
экен да?
— Ошолошол. Куду жинге окшош,— деди Арсыкул лыпылдап.
Анын жөнсүз лыпылдашына күлкүсү келген Атай бырс күлүп жиберди.
Молдонун куркуйган мойну узарып, көзүнүн чаары чыккан. Атайды кулактан мыкчый
кармап силккенде, ал Абдыракманга жабыша түштү.
Чык эшикке кызталак, жогол!
Томсоргон бала артына кылчайбай эшикке чыкты.
Жогол!.. Ооба, кетүү керек. Мындан башка арга жок. Ал айылым кайдасың, деп келген
изине түштү...
Жалгыз аяк жолу бар сары талаа менен кетип баратты. Атасы, Субан — үчөө төмөн
жактан бир эчки өңөрүп келишкени, алар баланы таштап, өздөрү кайра кетишкени,
чоочун айылда анын ичи ачышып кала бергени эсинде. Балдар менен жыргап-куунап
ойноп жүргөн учурунда да умтул жол эмне үчүндүр көзүнө ысык көрүнүүчү.
Ошол сүйкүмдүү жол аны кулагынын дуулдап ысыганын басып, ууру иттен бетер
үйдөн куулган ызалыгын кетирип: «Капа болбо, сени каалаган жериңе алпарам» —
дегенсип, баланын алдында тасмадай сызылууда. «Менин жалгыз баратышымды
билесиңерби, балким, түшүңөрдөн көргөн чыгарсыңар?» — деп Ата-энеси жөнүндө ой
жүгүртөт, ат коштоп алдыман чыга калышар беле деп таттуу кыялга батат.
Биринчи жолу өз үйүнөн бөлүнгөн бала үчүн эки ай эки жылдан ашык убакыттай
туюлду. Убакыттын созулушу, биринчиден, сагынуунун белгиси, экинчиден, ушул
кыска мөзгил анын эсине көп эстеликтерди чаптады. Канчалык жаңы окуялар өттү,
канча балдар, канча чоңдор менен таанышты: оюнпоз Абдыракман, ак-көңүл, жана
туруктуу Арсыкул, окууга зээндүү Эшенкул, жайдары комузчу Оторбай аны менен
ажырабай тургансышып,— элеси менен кошо ээрчишип баратты.
Кушчулардын айлы деле өз айлындай шайыр, боорукер, меймандос экендигине ыраазы
болду. Бирок жетим койчуну эмне үчүн мынчалык кыйнашканын түшүнө албады. Эч
болбосо бутуна чокой алып беришип, курсагын тойгузуп коюшпайбы? Аны кыйнаган
ким? Короз молдо жана алардын туугандары. Молдонун агасы мени багамын жана
окутамын деп убараланганча, өзүнүн жетим тууганынын бойаягына карабайбы? Бул
суроону Атай канча ойлосо да чече албады. Андан көрө уккан ырларын, билген
күүлөрүн ойлоо көңүлдүү эле.
Ар кандай күүлөрдүн башын үнгө кошуп, кыңылдап келатып, Абдыракмандын
атасынын короо кайтарып отуруп, түн менен сырдашкансып ырдаган ырын эстеди:
Коюмду жайдым адырга, Жебедим тыштуу кабырга...
Байкуш өзү миң койду алдына салып айдап жүрсө да, семиз эт жебесе керек.
Кушчулардын айылын ойлогондо Короз молдонун элеси гана жүрөгүн селт эткизет.
Андан кордукту көп көрдү, ата менен энесинен да антип катуу таяк жебеген жана ачуу
жеме укпаган.
Каардуу молдо эми артында калды. Атай айлына барат, ага экинчи кайрылып келбейт.
Бала канча жерге келдим дегенсип артына кылчаят: молдонун айлынын карааны жаңы
гана көздөн далдааланган, алдына көз чаптырса, барар жеринен дареги билинбейт. Ал
алдыда баса турган жолун эсине түшүрдү: тиги тумшукту имерилгенден кийин токой,
чоң суу, андан нары түз жол, сай, дагы бир...
Жол узак. Баарынан да түнт токой менен чоң суу коркунучтуу. «Жалгыз кантип
өтөмүн?» — деген суроо көңүлүнө келе калганда жүрөгү зыр дей түштү. Кайра
кетсемби дегенсип, артына кылчайды. Колуна узун чыбык кармаган, коркогой каардуу
молдо көзүнүн чаарын чыгарып, «жогол» дец чыбыгын көзегенсийт. Ал молдодон
биротоло кечип, тааныш жол менен кыңылдап ырдап, сагынган айлын көздөй бара
берди. — Мындан ары үйдөн алыс эч жакка кетпеймин!
Туулуп өскөн жери анын көңүлүн ээликтирет, эргитет, демине дем кошуп, өз бооруна
тарткансыйт.
Узун жол кыскарууда. Кыңылдаган ичке үнү койчунун зары, же жесир аялдын
кошогуна окшоп, кандайдыр күүнүн ыргагына айланды. Божураган сөздөрү бири-бири
менен чатышып, өзгөрүлүп, жаңырып отуруп, Абдыракмандын атасынын ырына окшоп
жылмалана түштү:
Окуп молдо бол деген Атакеме багындым. Сагынбай мени жүр деген Апакемди
сагындым.
«Ыр! — Ээн талаадан алтын тапкансып кубанычтуу кыйкырат. — Ыр!»
Баланын жүрөгүнөн биринчи ыр ушинтип оргуп чыкты. Ыр билгенге ээн жол
коркунучтуу эмес. Ага ыр эрмек жана жолдош.
Атай кушчулардын айлынан ошондой окуяларды көрүп, ал жерден да комузчу менен
комузду жана курбуларын тапты. Бирок молдого окуудан көңүлү сууду. Эми тирүү
турса, молдого бармак змес.
Султаналы болсо аны катыктырып, талаага көндүрүп, билим берүү үчүн андан да
алыска жибермек.
Ата менен баланын ортосундагы мамиле өтө эртелеп курчуй баштады.
Ой, турсаңчы! Турсаңчы! — Кызык уйкудагы баланы кимдир бирөө кулактан
чое тарткандай болду. Ал таттуу уйкудан бөлүнө албай «Койчу, тийбечи» — деп,
чукуранып жатып, көзүн ачты. Кулактан чойгон киши жок эле, эшик жактан кимдир
бирөө турсаңчы деп чакырып жаткансыйт. Абайласа чакырык көмөкөйдөн кайрылган
уккулуктуу үн болуп чыкты. Бул ким?
Үйдүн ичи ала күүгүм. Балким, эшик жарык боло баштагандыр. Укмуштай дабыш азан
айткан сопу эмес, сурнайдын күүсү экендигин ажыратты. Ал канчалык таңшыган санын
тили кулакка тактак угула баштады.
Торгой сайрап таң атты, Тозоку пенде, турсаңчы! Булбул сайрап таң атты, Муңдуу
пенде, турсаңчы!
«Бул ким?» — Атай төшөгүндө жатып, сурнайчынын ким экендигин ойлоно баштады.
Жакында Тыныбек атасынын ашын өткөрмөк. Туштуштан ырчыларды жана
сурнайчыларды чакыртты деген сөз бар эле. Байдын жигити «Бүгүн эртең Тойкожо
келет» — деп айтып жүргөнүн эстеди. Анын уйкусу умачтай ачылды. Бир аздан кийин
апасы ордунан козголду. Балким, кишилердин баары тургандыр. Ошолордун баарын
Тойкожонун кереметтүү сурнайы гана ойготконсуду.
Апасынын соңунан Атай да кийинип, эшикке чыкты.
Таң агарган. Кашаттын жогору жагындагы секиде боз чепкен жамынган ак сакалдуу
киши сурнай тартып туруптур. Малчылар менен намаз окуй турган кишилер жапырт
көтөрүлүшүп, баары да секи жакка карап кулак түрүшкөн. Уйлар көздөрүн сүзүшүп,
койэчкилер бышкырыгын токтотушуп, өз алдынча мемирешкен. Арыктын жээгиндеги
оттоп турган тор ат чирене боюн жазып, мойнун созуп, жолго чыгууга беленденгенсип
куйругун чычайтып заңдап жиберди.
Тойкожо сурнапын тартканда аттар заңдап жиберет деген сөз бар эле.
Табият ойгонду, малга да, жанга да кыймыл кирди.
Чоң сазга тигилген боз үйлөрдүн саны мурдагыдан эки эсе көбөйгөн. Айылды бир
жерге топтоп, жаңы үйлөр тикмейинче ашка келген конокторду батырууга мүмкүн
эмес.
Аш менен той айрым гана кишинин наамына арнал¬ганы менен ага жалпы эл катышат.
Демейде тоо элин бир жерден баш коштуруу кыйын. Ар бир уруулар эмес, майда
уруктар жана айылдар да чогуу отурууга мал жайытынын ыңгайы келбегендиктен,
майда-майда топко бөлүнүшүп, тоо-таштын кокту-колотторуна сиңип кетишет. Качан
гана ушул сыяктуу аш-той, же чоң жыйындарда сансыз булактардан куралган көл
сыяктуу кап-каяктагылары агылып келишип, бир жерден баш кошушат.
Чачкын кыргыздар үчүн ушинтип баш кошуунун өзү чоң нерсе. Өмүрүндө бирин-бири
тааныбаган кишилер ушул жерден көрүшөт, аңгемелешет. Ырчы, комузчу, кыякчы
жана сурнайчыларды эл чогуусу менен табышат. Күрөш, эңиш, оодарыш, эр сайыш,
көкбөрү, ат жарыш сыяктуу тамашалардын баары аш менен тойдо өзгөчө даңктуу
өткөрүлөт. Күчтүүнүн күчтүүсү, баатырдын баатыры, күлүктүн күлүгү сыналат жана
бүт элге таанылат.
Жалпы эл катышканы менен аш менен той бир гана кишинин наамына айтылып калган
сыяктуу мөөрөй алган өнөрпоздор, баатырлар жана күлүктөр да ошол тараптарды
башкарган манаптын, же байдын даңкын көкөлөтөт.
Тыныбектин атасы Малабектин ашына Талас ичинен чакырылбаган белгилүү кишилер
калган жок. Мындан тышкары Кетмен-Төбө, Аксы, Чүй жана коңшулаш казак
айылдарындагы сөөк тамырлары да кабарланган. Ар кайсы жактан келүүчү кадырлуу
конокторго ээрчий келишкен жана көпчүлүктүн коболоңу менен чакырылбай өздөрү
эле келген аттуу-тондуу кишилер да толуп жатат.
Ашка келүүчүлөрдүн эсебин болжоп Тыныбек өз айлын бүт конок күтүүгө даярдаган.
Отун-суу белен. Ундун эсебин алган киши жок. Жалаң малдан: ондогон жылкы жүз кой
союлду. Боло турган тамашанын баарынын байгеси белгиленди. Байгелерге жүздөгөн
кой жана тогуздаган кара малдар коюлду.
Аш Тыныбекке бир жагынан чыгаша, экинчи жактан киреше. Атайын чакыртылган
жакын адамдары «ашыңа кошумчабыз» — дешип айдап келишкен малдар короолорго
сыйбай барат. Бирок мейман күткөн айылдын кишилеринин туугандык чыгымы
толбойт жана алар аш тараганча тыным албай суй жыгылышат.
«Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта» — дешип, бүткүл колпоч уругу Тыныбек
үчүн тикесинен тик туруп, адал кызмат кылууда. Султаналынын бир өзү кушчудан
келген меймандардын бир бөлүгүнүн милдетин мойнуна алып, өз малынан бир бээ, үч
кой сойгон.
Айыл кан сасыды. Шамал кай тараптан соксо, майга бышырылган боорсок менен жаңы
шорпонун жыты өрөөндүн ошол тарабын каптап жөнөйт.
Коногуна келгендер сыйга тунушту. Топураган элди али эртең көрөсүңөр...
«Алыбек алына жараша» дегендей Тыныбектин атасы Малабектин ашы чамалуу.
Таластын баш-аягындагы мартабалуу кишилер жана өрөөндүн тегерегиндеги жакын
адамдар гана чакырылган. Булар үчүн атайын тигилген үйлөр отуздан ашпайт. Эртең
көп болсо беш-алты миң киши чогулар. Бул кийинки кыргыз турмушундагы мүнөздүү
көрүнүш. Мөзгил өткөн сайын той менен аштын чаркы кичирейүүдө.
Тыныбектин «ашыбыздын чаркы кичине болгон жокпу?» деген күңкүлүнө Тоймат бий
жайынча гана жооп берген:
— Кыргызга белгилүү аштардын эң акыркы чоңу жана атактуусу Шабдандын ашы.
Анда жалаң коноктор үчүн эки миң боз үй тигилип, кырк миң киши чогулган. Ырчыдан
жүз элүүсү катышкан. Ал убак өтпөдүбү, бай.
Ага караганда Малабектин ашы тырмактын агындай гана. Ошону ойлогондо Тыныбек
бечара арман кылат. Кантет эле... Шабдандын балдары менен калдайган сарбагышка
алтымыш түтүн колпочтун Тыныбеги теңеле алабы? Шабдандын тукумдары өздөрү бай
жана бүткүл сарыбагыштан кошумча жыйнашкан. Тыныбектин ишенгени керт башы.
Таластагы көп саруу түгүл, ушул бир аталаш колпочтор да жарытылуу кошумча
беришкен жок. Азыр заман башка...
Конокту күтүү түнү менен шаңдуу өттү. Ар бир үйгө кызмат кылуучулар, сөзмөр
аксакалдар жана ырчылар бөлүнгөн. Өз өнөрпоздорун ээрчите келген коноктор да бар.
Ар кайсы жерде өзүнчө тамаша, өзүнчө күлкү...
Эртең мененки чайдан кийин сурнайга көзек келди. Кыймыл өзгөрдү. Үйдөгү кишилер
тышка чубашып, тышта жүргөндөр тымтырс болуп кулак түрүп калышты. Кыжыкыйма
эл толкунсуз тоо көлүндөй мелтирей түштү. Байланышкан аттардын топурашканы,
үйлөрдүн сыртындагы кайнаган самоорлордун боркулдаганы гана болбосо ойногон
балдардын чуусу да басылды.
Алчактаган ак боз ат минип, көк нооту чепкен кийген олчойгон кызыл киши эки
жагына эки кара атчанды ээрчитип, топту жарып бастырып чыкты. Аны
жандоочулардын ак сакалдуусу ууртун булчуйтуп сурнай тартып келе жатат. Бир
жагындагы чыкчыйган жигит комузун секин кармап, карагердин тизгини менен
алышууда.
— Ким? Ким? — деген үндөр чыгат.
— Кудайберген болуш. Кызылбаш.
— Тиги картаңы Тойкожо сурнайчы. Жашы Алымкул төкмө.
Көпчүлүктөн чыккан ушу гана шыбыш биринен бири уланып, тоодон таш кулагандай
жер дүңгүрөп барып басылды.
Калың топко өкүм сүргөн сурнайдын үнү ушу турган элге гана эмес, маңдай-тескейге
бүт угулуп турду.
Айыл кишилеринин ичинен тойдун камын ойлобогон жалгыз гана Субан. Бирок
тамаша башталарда ал да токтоно албады. Көпчүлүктү аралап, баса албай жана издеген
кишилерин көрө албай кейип жүргөн Атайды артына учкаштырды. Бала ага жөн эле
учкашып отурган жок, аттын соорусуна таманын ныктап, тике туруп, абышканын
мойнун кучактап алды.
Атай Кызылбаш болушту мурда эле таанучу. Тойкожо менен ырчы жигитти кечээ гана
көргөн. Ушул эле дейсиңби? Буга чейин меймандар отурган үйлөрдүн баарын кыдырып
чыккан. Ага сөзмөр карыялар, ак жаздыкка чалкалаган биларман манаптарды көрүү
арийне кызык эмес. Издегени ырчы менен комузчу. Үнүн кырылдаткан Сулайман кара
ырчы, өлгөндү күлдүргөн Айдаралы жөргөлөк, «Сары барпысын» ойдолоткон Оторбай
молдо, таң жарчысындай сыбызгы үнү менен элди ойготкон Тойкожо, эч нерсени
капарына албаган «чулдурак» Чор ырчыны, акырында күнү-түнү сайраса жаагы талбас
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 06
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов