Latin

Атай - 03

Общее количество слов 4007
Общее количество уникальных слов составляет 2169
29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
ушул. Баатыр караңгыда баратып, чакмагын колунан түшүрүп, таппай калган экен».
Караңгыда табылбаган таштын көлөмү койдон чоң экенин болжоп, таң калды. Мына
өрөөн экиге бөлүндү. Алар созулган өзөндүн оозуна келишти.
Ушул КеңКол өрөөнүнүн ичинде салаалап келип кошулган канча майда өзөн бар.
— Бу катарлашы Чачыкей өзөнү, мындан кийинки Терек.— Апасы ылаалап
бараткан тору атынын жүрүшүн акырындатып, жердин жайын баяндады.— Бул оң кол
жактагы биз бара турган Обо деген жер. Семетейдин тулпарынын жайыты экен. Бир
күнү Семетей мобереги Теректин башындагы чокуга чыгып, Обо жактагы жигиттерине:
«Ат барбы?»—деп кыйкырат. Күлчоро: «Ооба»— деп жооп бергенде, экөөнүн үнү
бирибирине угулган экен... Ошондон кийин тулпар оттогон өзөн Обо атыгып калган.
— Чачыкей Семетейдин биринчи аялы, ал ушу өзөндүн боюнда турчу экен.
Семетей экинчи аялдыкка Айчүрөктү алып келгенде Чачыкей бул жерден кетип, те
жогорку жылгага барып, жалгыз үй болуп, чочоюп отуруп калган экен. Ошондон кийин
ал жер Чочой аталып калган... Андан ары Бакайдын башкы суусу... Ээ, балам, булардын
эмнесин сурайсың. Аккыз маңдайындагы терин сүртүп койду.— Чачыкей байкуш
ошондой болуптур.
— Коркпойбу?
— Айласы канча?
— Анан андайлар азыр жокпу?
— Бар.—Аккыз өзүң көрөсүң дегенсип, туюк жооп кайтарды. Апасы менен баласы
бул жолдорду нечен жолу басып өтүшкен. Баары тааныш эле. Андан ары бирибирине
кеп салбай, ар ким өз кыялы менен алышып жүрүп отурушту. Жайкы чилденин
чыйылдаган күнүнө чыдабай тору ат алкашалка тердеп, тааныш жол менев аяңдап аяк
шилтеп келатты.
Алар тескейи бийик өзөндү бойлоп келип, бир колотко бурулушту. Те алды жактагы
кызыл таштын урчугундагы коргон Аккыздын атасы Жантакпайдын турагы эле,
Коргондун жанында эски боз үй бар. Жантакпай, жай, кыш дебей ушул коргондун
түбүндө жалгыз отурчу.
Короонун тегереги атайлап кол менен тегизделгенсип такырайып, топурагы сыртына
чыгып жатат. Дубалдын жанындагы жампаларды, чабылган көңдү көрүп, ал уйлуу
экенин түшүнөсүң.
Атай таятам эмне үчүн жалгыз уй отурат деген ойго келди. Мурда нечен жолу
келцпкетип жүрсө да, мындай суроо көңүлүнө келчү эмес. Балким, күйөөсүнө
таарынып, бир өрөөндү жалгыз өзү маанек кылган Чачыкейдин жомогу көңүлүнө
уюгандыктан, ушу суроого келген чыгар.
Жантакпайдын өмүрү башкалар үчүн да табышмактуу.
Жолдон өткөн жолоочулар колоттун өлөңдүү сазын, камышын, жайыты мол
күңгөйтескейин көрүшүп, бу киши уйлардын шартына карай өрүш алган экен дец
ойлошот. Бңрок Жантакпайды билгендерге анын мал үчүн келбегендиги белгилүү.
Ал бул жерге жаңы келгенде жалгыз саан уйдан башка малы жок эле. Анын эмне үчүн
жалгыз отурушун эч ким билчү эмес.
Жантакпайды эл укмуштай комузчу деп угушат. Бирок анын комузчулугун билгендер
аз, көбү даңкын гана угушат. Комузга дилгир адамдар күү угуу үчүн ага нечен
келишип, жакшы конок болушкан, бирок ал эч кимисин күү менен сыйлап көргөн жан
эмес. Кийинчерээк эл андаң чертип бериңиз деп суроону да койгон.
Жантакпай элден обочолонгондон бери күүсүн эки гана кишиге атайын чертип берген.
Ал убакта жалгыз уйлуу көзи. Бир түнү уурулар келип, анын уюн көз көрүнөө чечип
баратканын көрүшөт, Жарактуу эки жигитке жалгыз чалдын алы кайдан жетсин.
Айласы кеткен Жаңтакпай эшикке чыгып, үйдүн түбүнө отура калып, күүсүн кайрый
баштаганда уурулардын бири токтойт:
~ Капырай, сонун күү экен!
Экинчиси: «Таң атып кетет» — деп жолдошун шаштырат. Бирок экөө тең күүгө барган
сайын кызыгып отуруп таңдын атканын билбей калышат. Жер аппак болгондо: — Бали,
өнөрүңө, баракелде! Уюңду өзүңө таштадык,— деп ыраазы болгон уурулар тоого
чыгып кет.
Ошондон кийин Жантакпайдын даңкы ого бетер күчөйт. Айыл арасындагы
кумарпосторду ким тыят, кээ бирөөлөр ышкысына чыдабай, түш ченде анын короосуна
далдаланып келип, укмуштуудай күү тыңшашканын айтып жүрүшөт. Анткени ал күндө
эки маал — эртең менен, түштө гана чертет. Бул адетин эч качан бузбайт.
Жантакпайдын күүсүн өзү, кемпири жана ала мойнок ити гана угат. Ити да комузга
кайдыгер эмес. Жантакпай ала мойнокту күүсү менен чакырып алганын Аккыз да
көргөн.
Атайдын таятасы дал ушундай киши.
Алар үйгө жакындаганда комуздун кубулжуган дабышы чыкты. Аккыз аттын тизгинин
тартып, күүгө кулагын тосту. Атай демин албай көзүн кыбыңдатып, рахаттын бешигине
термеле баштады. Бул эмне деген шумдук? Комуз кол менен чертилбей, торгойдон
бетер бөзенип сайроодо. Аңгыча кыргын тийген чиркейлер торунун таноосуна өрдөп
кеткен белем, ат тыбырчылап, бышкырып жибергенде, үйдүн артында көлөкөлөп
жаткан аяа мойнок ит тура калып, үрүп жиберди. Торгойдун дабышы басылды.— Кап!
— Энеси менен баласы чиркейлерге ачууланышып, атты жемелешип, катарлаша
теминишти.— Чү! Чү!
Жепирейген элечеги бар, бүкчүгүй кемпир эшикке чыга калып, келе жаткандарды
таанып, чалын сүйүнчүлөгөнсүдү:
— Кызың! Жээниң!
Кепич, маасычан, ак топулуу чал көйнөгүнүн жеңин түрүнгөн калыбында үйдөн чыгып,
утурлай басты. Анын шымаланганына караганда чын ыкласы менен комуз черткени
сөзилет.
Чалдын кубанганы ушунчалык: бети бырыштырышка толуп, иреңи кандай экени
билинбей, курчу кайта элек көздөрү гана жалтырап турду. Элден бөлүнүп, ээн жерде
отурушкан жалгыз үй абышка, кемпир жакындары эмес, деле келген чоочун
меймандарга да кубанышчу. Мейман келгенде алар элге аралашкандай сөзишчү. Ошого
караганда Жантакпайды минтип жалгыз отурууга кандайдыр бир купуя күч аргасыз
кылганын түшүнүү кыйын эмес.
Алар кызы менен жээнин кучак жайып тосушуп, үйгө киргизишти. Биринчи
Султаналынын алжайын, анан башкалардын аман-түгөлүн сурашты. Көбүнчө кемпири
сүйлөөдө. Жантакпай күлүңдөгөнүн жазбай суроолорго да, жоопторго да кулак
салууда. Эки көзү меймандарда.
Анын карашында түбөлүк канбас сагыныч, өкүнүч сүйүү бар.
Жөн-жай сурашып, бир топко отуруп калышты. Алгачкы көрүшүүдө берилчү суроолор,
айтылчу келимкетим сөздөр аяктагансыды. Абышка да угарын угуп, билерин билип
бүткөнсүп, өз алдынча тунжурап отуруп калды. Элдин 9-жайы кандай? Айылда эмне
жаңылыктар бар? Бул жөнүндө кызыкпады. Эми анын иреңи суз тартып, жылмаюусу
тарап, өрөпкүгөн көңүлү кадимкидей калыбына келгенде бетинин бырышы анчалык
көп эместиги байкалды.
Жантакпай жулма сакалын сылап, байбичесине үн катты:
— Отура беребизби? Мен эчкини алып келейин.
— Тим эле койгула! Биз бөлөк-бөтөн киши белек?!
— Аккыз атасынын мал союшуна каршы болду. Ага ата, энеси көнбөдү.
Жантакпай эчкиге кетти.
Керегеде илинип турган комуз баланын көз кумарын ырбатууда. «Мунун башка кол
кармабай турган эмне касиети бар? Башка киши билбей турган заттан жаралганбы?»
Атай азыркы курагынан кичирээк көзинде таятасынын үйүнө катышып жүргөндө күүнү
эркин угар эле. Жантакпай өз төрүндө мандаш урунуп, үргүлөгөнсүп көзүн сүзө
черткенде Атай жанында тыңшап отурчу, кээде тапшырмасын унутпоо үчүн эшикке
чыгып, башка бирөө жокпу дегенсип үйдүн айланасын карап чыгуучу. Таятасы
кызыган көзде бүткүл денеси күүгө кошо термелип, көзү жумулуп калуучу. Мындайда
ал өзү этияттанууну унутуп, кароолчусу да эч ким менен иши болбой оозун ачып отура
берчү. Атай эсине кирип, комузду өзү Да черте баштаганда таятасы аны кароолчу
кылмак түгүл, анын көзүнчө чертпей турган болгон.
Арманда калбай, бу комуздун эмне керемети бар экенин билүү үчүн Атай аны кармап
көрүүгө чымырканды. Колу урунганда жүрөгү түрсүлдөдү. Кимдир бирөө эшик жерди
дүкүлдөтүп жүгүрүп келаткансыды. Колун тартып алды. Келе жаткан эч ким жок.
Апасы менен таянеси эшикте кемегенин жанында сүйлөшүп отурушкан.
Экинчи жолу умтулганда кереметтүү комуз колуна келди. Ары-бери оодарып,
кармалап, бетине жакын алып келип тиктеди. Кадимки эле, өрүктөн жасалган, үч кыл
комуз. Киши кызыгарлык алтын же күмүш чегелери, эюм-чийими жок Баланын кызыгы
тарай түштү. «Мунун есин элден жашырат?» — деп, кылдарын анчейин дың¬гыратып
көрдү. Толгоосу жанбаган кылдар тил киргендей шаңгырай түштү. Бала ошондо гана
таң калды.
Күлүктү табына келтирген саяпкер, кушту кыраан кылган мүнүшкөр сыяктуу комузга
кадимкидей тил киргизген даанышман устаттар болот. Алардын аспабы күлүк аттай
болуп дайыма табында. Балким, сыр билбеген адамдын колуна тийсе бир паста айныр
эле.
Комуздун жаны ичегиден жасалган кылдын сапатында гана эмес. Кеп — аны урунууда
жана сактай билүүдө. Колу машыккан чеберлердин буроосу жана кайруусу өзүнө гана
белгилүү, комуздун бир калыпта шаңкылдап турушунун себеби да ошондо. Кокус аны
башка бирөө чертсе, күүнүн ыргагы өзгөрүлүп калат, ошондуктан ээси комузга чоочун
кол тийгенин сурабай эле билип коет.
Атай күүгө кызыкканы менен азырынча комуздун жана чеберчиликтин сырын биле
элек болучу.
Жантакпайдын ыйык комузун көргөндөр бар, бирок ага колу тийгендер жок. Мындай
учур мындан ары көзигеби?! Көңүлгө таберик болгон ушу комузду, кантсе да, чертип
көргүсү келди. Жүрөгү опкоолжуду. Колуна тиери менен эле, андан кандайдыр бир
жаңырык чыкты. Кылдары толголуу экен. Ал эМй черте бер. Бирок толголуу кылдар
кандай чертсе да эч бир күүгө келбеди. Комуз, илгерки Каратөлөк саятчынын
Буудайыгына окшоп, эркке көнбөдү. Канчалык убараланса да тилин таппады. Бул эмне
деген керемет буроо?
— Тентек десе! Абышка билсе, бул үйдү экинчи көргүс болосуң! — Кайдан жана
кантип келгени билинбеген таянеси баланын колунан комузду жулуп алып, анын
илинип турган ордун издеп, буйдала түштү. Эгер ордунан жаңылса абышканын
каарына калмак. Жантакпайдын ачуусун таратуу эч кимисинин колунан келмек эмес.
Оюна ар нерсе түшүп, эчен күнү, эчен түнү беймаза болуп, өзүнөн өзү кыйналып,
акырында шайманы кетмек. Ошо бойдон далай күнгө алына келе албай катуу оорудан
жаңыдан баш көтөргөнсүп, шалдайып жүрмөк. Байбичеси ошону эстеп, карбаластап,
өмүрүндө катуу айтпаган, сүйкүмдүү жээнин какты.
*
Жантакпайдын эч кимдикине окшобогон өмүрү, тиричилиги Кең-Кол тоолорунун
бүгүнкү жомогу, бүгүнкү табышмагы. Кишилерге ал өздөрү менен замандаш катары
көрүнбөй, кандайдыр башка дүйнөдөн адашып келген жолоочудай туюлар эле.
Элден качып, турмуштун жыргалчылыгынан бөзип, ушу ээн тоону пааналаган комузчу
чын эле жалгыздыкты сүйөт экен деп ойлоюн десең, ал андасанда нарыбери өткөн
жолоочулар үйүнө тийип өткөндө капкачанкы кыйышпас досу менен көрүшкөнсүп,
кубанып, колдо болгон даамдуу оокатын дасторконго жайнатчу. Айтор күүдөн
башкасын аячу эмес.
Ал эми кызы, жээни же күйөө баласы Султаналы учурашууга келгенде жетине албай,
жанын берүүдөн да тартынбастай агылыптөгүлө турган. Бирок аларды да күүсү менен
сыйлачу эмес.
Бул жолу Жантакпай жакшы көргөн кызы менен жээни келген күнү түштөн кийин,
жайыттагы эчкисин алып, үйүнө келер менен, жадырап-жайнаган кубанычы бүтүп,
кабагын салып калды.
Мындай болорун кексе чал Атай аттан түшүп, көчүгүн жерге кое электе эле билген.
Баланын оттуу көзү шек берип койгон. Комузду байбичеси ордунан жаңылбай илсе да,
аны кыңгыратып көрүп, чоочун кол тийгенин дароо баамдаган...
Бирок ал кыйкырбады, ачууланбады. Ушу кызы менен жээнинен башка жакыны,
сагына турганы, өзүнө да киши экенин сөздирип жана калк менен кээде аралаштырып
турган булардан башка эч кимиси жоктугу гана сабыр берди. Чыдады. Ичинен
туталанып, сыр билгизбөө үчүн кепкесөзгө кошулбай тымпыйды да калды.
Арадан эки-үч күн өттү. Жантакпай кабагын ачпайт. Кызы менен жээни эмне үчүн
келгенин сурабайт, качан кайтышары менен да иши жоктой.
Анын эмне үчүн тырчыганы өжөрлүгү кармап, көшөрүп отурушунан белгилүү болду.
Эми аны сооротуу, көңүлүн ачуу эч кимдин колунан келмек эмес.
Аккыздын максатынын жарымы гана орундалды, Атайдын түнкүсун чоочуганы
басылып, уйкусу тынчыды, бирок таятасы менен сүйлөшүп, күү үйрөнөм деген тилеги
аткарылбачудай. Атасынын сырын жакшы түшүнгөн Аккызга баласын ээрчитип, өз
үйүнө жөнөп кетүүдөн ашка арга жок эле. Ага Атай көнбөдү. «Таятамдын черткенин
көрмөйүнчө кетпейм», деп, ал андан бетер көшөрдү.
Капырая, кантем эми? — Аккыз энесине даттанууашк^ГаСЬ1э ^0ЛДУ — Таятасы
менен жээни биринен бири ашкан өжөр экен. Эми кандай айла болот?
— Эр тайын тартат деген ошол. Кемпир жообун тамашага чаптырса да, ичинен
бушайман. — Азыр да эч нерсе эмес. Аңгеме силер кеткенден кийин башталат. Абышка
капасына чыдабай өлүп кетеби? — деп корком.
Ошондой болууга да мүмкүн. Аккыз акыры оюн бир жерге токтотуп, энесине кеңеш
салды:
— Мынча болору болду. Эми атама ачык сүйлөшөлү. Тилегибизди ачык айталы.
Жарылса да, чечилсе да биздин көзүбүзчө болсун.
«Эмнеси болсо да, биздин көзүбүзчө болсун» деген жери кемпирге жагып калды.
Алар кечки оокаттан кийин Жантакпайды ортого алышты. Сөздү кызы баштады:
— Ата! Биз сизге чоң үмүт менен келдик эле. Аны жашырганыбыз болбос. Тентек
жээниңиз сиздин черткениңизди көрүп, күү үйрөнсөм деген тилекте. Жалгыз
жээниңизден өнөрүңүздү аябаңыз. Сизден мындан башка сурарыбыз да, тилерибиз да
жок:
Абышка кызынан ушундай сөз чыгарын мурда эле сөзип, ага жообу камдалуудай былк
этпеди. Учурдан пайдаланып, байбичеси да сөзгө кошулду. Эми ал сүйлөбөсө да,
сүйлөсө да күнөөлүү эле: V
— Атайдан аяп, кимге чертесиң? Төрүңдөн көрүң какын. Же комузуңду көрүңө
алып кетесиңби?
Маселе ачык коюлду. Комуз жөнүндө кымындай шек билинсе, жаанын огу тийгендей
секирген Жантакпай ачык жана тайманбай айтылган сөздү сабырдуулук менен тыңшап
отурду. Тырчыганы басылып, ойго түштү. Кемпири менен кызы андан жооп
күтүшкөндөй телмиришет.
Атай үйдүн тышында тыңшап отурган эле.
Жантакпай ордунан туруп, комузун алды. Аны ойлуу тиктеп, дагы да кыйлага тура
берди. «Чындап ак көңүлү кармадыбы?» дешип, тигилер жымың этишти. Бирок абышка
үйүнөн чыгып, өзөндү бойлоп, жогору көздөй аяңдап жөнөдү. Аны токтотууга
аракеттенүү жана каякка барарын суроо пайдасыз. Бу кежир чал дайыма өз билгенин
иштейт, бирөөдөн кеңеш сурабайт да, бирөөнүн акылын укпайт. Катындар
жалдырашып отуруп калышты.
~ : Абышка белин бөкчөйтүп, өр таянып майпаңдап басып баратты. Көзүн жерден
албайт. Эки жагыңа карабайт/ Дүйнөдө ал кызыгарлык эч нерсе калбагансып,
кастарлаган ыйык, кол тийгис нерсесин сугалак көздөрдөн далдалоого кең дүйнөдөн
кенедей орун табылбагансып, арман-асирети козголуп, эгерде тиги дүйнөнүн эшиги
ачыла калса, кылчактабай түптүз кетчүдөй ызалуу баратты.
Абышканын кебетесинен жана жүрүшүнөн бир шумдук күткөндөй үйдүн тышында
жашынып турган Атай соңунан ээрчиди. Анын комузга берилгендиги, таятасына
дилгирлиги ушунчалык — эгерде ал жердин ачыгына кирсе кошо кетмек. Бирок
абышканын өрү калган көкүрөгү, муундары бошогон буттары алыска жибере турган
баштанбады. Өзөндүн башына жеткенде эле каруусу кетип, энтигип басыгы
акырындады. Ээр белдей кайкаңга көтөрулгөнчө иреңи кара көк болуп, күшүлдөпбышылдап жүрбөй калды. Бир көзде терс кыялы кармаганда, ич күптүсүн чыгаралбай
Кең-Кол тоолорун керели-кечке тыным албай аралап чыгар эле. «Карылыктын тушоосу
түшкөн экен» — деп ойлоду бир нече жылдан бери тоо аралабай калган Жантакпай.
Ушу кайкаңда татынакай көк майсандуу тегиз жер, анда күн батышты көздөй аккан
булагы бар. Кээде ушу жерге келип эс алып, комузун каалаганча чертип, кумардан
чыгар эле.
Мына, ээр белдей белес. Батышты көздөй аккан шылдыр булак. Ушул жерге жетүү аны
үчүн кымбатка турду.
Күүдөн тая элек көзде ал күн батышты бет алып отурууну жаман көрө турган. Башына
бакытсыздык түшүп, кудайдан тилек тилегендер, курмандыкка мал чалгандар, беш
убак намас окугандар гана күн батышка бет алышчу. Ал күн батышты көздөй аккан
булакты да жактырчу эмес. Эрегиши бүтпөгөн тагдыр анын карып калган чагында,
жакын жерде чыгышты көздөй аккан булакка туш кылбаганын карачы. Жантакпай
алгач ушу булакка көнө албай жүрдү.
Азыр болсо, бу тетири аккан булак терс мүнөздүү комузчу үчүн атайын жаралганын,
өмүрү да күн батышка бет алып калганын биротоло түшүндү. Тагдырына ыраазы
болду. Бул анын тагдырга биринчи жолку ыраазылыгы эле.
Иңир коюулап, ымырт жабылды. Асмандан жылдыздар көрүнүп, иймек ай тоо үстүнө
илингенсип турду.
Тоонун абасы өзгөрүп, сыдырым жел согот. Абышка Демин жыйып каруусуна кире
баштады. Булак менен сырдашкансып, өз алдынча кыялга батып отурду...
Ай нуруна чагылышкан тунук булактын шылдыраган агымы тили чыга элек баланын
былдыраганындай сүйкүмдүү жана жылаажындуу угулат да, колдон түшүп, ташка
урунган күмүш сындуу шыңгыраган бойдон шагылга житип жоголгондо жүрөк зырп
этет. Бул жүрөктү кытыгылаган назик күү барган сайын ачык сөзилип, ээликкен
көңүлдөн эриксиз кайталанып чертилет. Ошондуктан сөзими курч комузчу булактын
жанында отурганын унутуп, өзү чырымтал өмүрдү сыбызгысын тарткан сыяктанат.
Жантакпай дүйнөнү талак кылам дегени менен булактай оргуган өмүрдү сөзип жана
анын башкалардын кулагына жетпес сонун күүсүн угуп, моокусу канып, турмушту ого
бетер сүйүүчү. Ошону үчүн Жантакпай элден бөлүнүп, бир колотко камалганына
карабастан, уйларын багып, кемпири менен ала мойногунун жанында эркин доорон
сүргөнүнө кээде сыймыктануучу.
Атайдын тунук сөзимине Обонун түнкү көрүнүшү, ай нуруна жаркыраган булактын
көркү жана таятасын коргошундай балкыткан кереметтүү күчтүн ортосунда кандайдыр
байланыш бар экендиги таасир берди.
«Дагы канчалык отурар экен?» деп ойлойт бала. Ал канча отурса отура бермек, жатса
жатмак, турса турмак, ага ошонун баары кызык, табылгыс нерсе.
Бир маалда комуздун күүсү угулду. Таятасы комуздун кулагын толгобой туруп черте
баштады. «Баягы толгоосу ушу экен го» деп ойлоду Атай.
Күү кандайдыр эркин жана мукамдуу чыгып, дароо эле муңга айлана баштады. Ал
бирде өмүрдү мактаган армандуу булбулга, бирде чежиречи торгойго, бирде жетим
калган ботонун боздогонуна окшойт. Аба да, тоо менен булак да муңга толуп, чертип
отурган киши жана арт жагында угуп отурган Атай да илеби чыкпай, көлгө тумчугуп
бараткансыйт. Бул эмне деген турмуш? Эмне деген дүйнө? Атайдын сөзимине дүйнө
жана жашоо биринчи жолу ушундай азаптуу, коркунучтуу сөзилди.
Жантакпайдын «Арман күүчү ушул», «Ойрумалуу кыядан, жалгыз чыктым уядан» деп
башталат. Ооба, ал бир убакта атадан жалгыз болгонуна арман кылган. Анан замана да
аны жалгызсыратат...
Күүнүн мазмуну ушу. Күү бүтөр менен Атай терең улутунду. Камырабай эркин
отурган абышка бөйрөккө бирөө сайып калгансып Солт этип, артына кылчайды. Атай
да өзүнөн өзү чоочуп, эрбеңдеп тура калганда, абышка жин же албарстыга туш
Келгенсиң аптыгып, козголууга чамасы жетпеди.
— Таята! — Бала шашкалактады. — Мен... Атай!
Өх! — Жантакпайдан ошондо гана дем чыкты. — Жаным да калсачы, шумпай! Кайдан
жүрөсүң? .
Бая эле келгем.
— Бая эле?! — Абыщканын башы шылк этти. «Мындан кутулбайт экенмин го» —
деп ойлоду.
Кээнинин комузга кызыкканын мурда эле билчү. «Чертет экен» деген сөздөрдү да
кулагы чалган. Бирок маани бербеген. Ал турсун, «мен комузчумун» — деп төшүн уруп
топто чертип жүргөндөрдүн көбүн жактырчу эмес. Атайды да ошолордун бири болор
деп болжогон.
Өзү үйдө жокто ээн баштык кылганы үчүн жээнин жек көрүп калган. Ошону үчүн кызы
менен байбичесинин суроосуна кыжырланган. Анысы аз келгенсип, бу шумпай
аркасынан кошо келип, күүсүн угуп койгонун көр. Жантакпайдын ачуусу келе түштү:
— Сага эмне керек?
— Күү...
— Күүнү эмне кылат экенсиң! Колуңан келе турган жумушка талпынсаңчы?!
— Колуман келет, таята.
— Эмне?
— Күү.
— Эшек! Эшек отко айдаса, каякка качарын билесиңби? — Абышка мыскылдуу
сүйлөдү.
— Мен эшек эмесмин. Мага күү үйрөтүңүз, таята?
— Ансыз да ачуум келип турат, — Жантакпай ага комузун сунду. — Ме, черт.
Эгерде черте албасаң, кулагыңды үзүп алам.
Мунусу опузасы эмес. Жалаң Жантакпай эмес, чоң комузчулардын баары күүдөн
жаңылган комузчуну өлөрчө жек көрүшөт. Аны уруп жиберүүгө да мүмкүн.
Түнкү тоо: караңгыдык менен кокту-колот, капчыгай жана жылгалуу бийик беттер
ширелишип, киши өзүн кандайдыр бир чуңкурга түшүп же туюкка капталгандай сөзет.
Чаңкайган асмандан бүлбүл шоола чачкан кичинекей ичке ай гана дүйнөнүн бурчунда
турганыңды жана тирүүлүгүңдү күбөлөгөнсүйт.
Башка күн буйрубагансып, ушу үрөйлүү түндө, эл-журттан обочодо эки караан атайын
аңдышып келишкенсип, бет маңдайлаша отурушкан. Кичинекейи чоң караандын
көңүлүндө эмнеси бар экенин билбейт. Ал эми кичинекейинин оюнда эмне бар экенин
чоң караан кап-качан сөзип, аны соңунан илештирбей бир жолу кутулуу үчүн ачыкча
сүйлөшкүсү келип отурат. Ошону үчүн ал арааңдуу, өзүнө-өзү ишенимдүү.
Кичинекейдин мындан аркы өмүрү, тагдыры, чоң караандын бир ооз сөзүнө жараша
чечилмек.
Абышка сөз баштоого ашыкпады. Сүйлөшпөй туруп эле, ушу бала жөнүндө ойлогон
ою бар эле. Балким ошондойдур...
Бала чакта комузга, ырга, усталыкка жана башка өнөргө ким кызыкпайт. Бара-бара
кызыгы тараганда балдардын көпчүлүгү аны таштап, тагдырдын буйруган жолу менен
кете беришет. «Балким, жээним да ошондой делбелердин бири болбосун» деп ойлойт
абышка. Атайдын комузду өз алдынча толгоп, адегенде эле, «Ак Зыйнатты» созолонто
чертишинен улам, «чымыны» бар экенин болжоду. Минтип, үйрөнгөнүн жакшы
аткарып, ыры жана аны коштогон күүсү менен айыл арасына эрмек болгон шайырлар
бар. Алардан чоң күү, чоң чыгарма үмүт этүүгө болбойт. Атайды ошондойлордун
катарына кошулууга мүмкүн деп, алымсынбагандай суроо таштады:
— Болгон өнөрүң ушубу?
Бала аны күттүргөн жок. Комуздун кулагын шашылбай, таамайлап толгоп, өзү сүйгөн
«Арсар күүнү» кайрыды.
Ныязалынын «Арсар күүсү» — кыргыздын ири күүлөрүнөн. Аны дал өзүндөй чертүү
ар бир комузчунун колунан келе бербейт. Залкар күүнү жараткандар жана көркүнө
чыгара чертүүчүлөр деп Жантакпай тааныгандар: Токтогул, Аксынын Ниязалысы,
солтонун Тайтекеси, сарыбагыштын Мураталысы. Азыркы жаштардан маркум
Абдыракманды жактыра баштаган эле...
Баланы теңине албай, Талас ичинде өзүнө теңдеш комузчу болбойт — деген текебердүү
ишенимине биротоло берилген карт комузчу «Арсар күүнү» укканда, шамал тийген
байтеректей ордунан козголуп барып, кайра былк этпей калды. Атай анысын байкаган
жок. «Арсар күүнү» карт комузчунун көңүлүн өзүнө буруу же жагынуу үчүн эмес, аны
каалагандыгы, сүйгөндүгү үчүн гана чертти. Баланын өнөрү болжолунан ашып
түшкөнү күтүлбөгөн окуя эле, ал ойлонууга аргасыз болду. Оюн тыянактай албай
күбүрөдү:
— Ниязалыны көрө элек турбайсыңбы?
«Аны кантип билип койду?» — Атай таятасынын сурабай билген кыраакылыгына
ыраазы болду.
— Бул күүнү Абдыракмандан үйрөнүпсүң,— деди Жантакпай сөзүн жаңыртып.
Аны да таап сүйлөдү. Баарыжоктун баарын айттырбай билген абышка дагы эмне дээр
экен дегенсип, баланын жүрөгү туйлай баштады. Анын кереметтүүлүгүнөн чочуду.
— Кайран Абдыракман! Жубарымбек кетти...— Ал ушкүрүп койду. — Бирок
жаштайынан өлгөнү деле
дурус.
— Эмне дейсиз, таята? — Бала уккан кулагына ишенбей. — Жаштайынан өлгөнү
жаман болду дейсизби?
— Кулагың жокпу! — Абышка кага сүйлөдү. Кылайган иймекей ай тоого
далдаланды. Айлана эми
кадимкидей караңгылап, абышка менен бала бири-биринин караанын гана ажыратып
калышты. Бирок эч кимиси ордунан жылбады.
Абышка бул учурда өзүнүн өмүрү жөнүндө ойго чумуган. Жээни болсо, андан жылуу
сөз күтүүдө. Керек болсо, түн жарымы эмес, таң атканча тирмийип отура бермек.
Жантакпай бир убакта Атайга окшоп күйүп-жанган бала эле. Комуз дегенде ичкен
ашын таштап, үйүнөн бөзип, комузчуларды , ээрчип апталап же айлап башка айылда
жүрчү. Ошентип, бармактайынан бирөөлөргө жаман көрүнүп, бирөөлөрдүн кызматын
кылып, көзү менен кошо тең айланып жүрүп комузчу болуп чыккан. Антпесе, көздөгөн
максатына жетпейт эле.
Бет маңдайындагы каргадай баланы да мага окшотуп тагдырдын таш боор жазасы,
бакытсыздык күтүп тургаң экен — деп ойлойт.
— Балам! — Эми анын илеби жумшарыңкы чыкты. — Мынча келген экенсиң,
экөөбүз эркекче бетке айтып, ачык сүйлөшөлү. Макулсуңбу?
— Макулмун.
— Сен комузчу болууну каалайсыңбы?
— Каалайм.
— Менин суроомо ачык жооп бер: Эмне үчүн?
— Билбейм.
— Ырасын айттың. Билбегениң чын. Эмесе билип ал: комузчу болсоң оңбойсуң.
Түшүндүңбү?
— Жок.
— Комузчу болсоң, корсуң, багың байланат же болбосо ар-намысынан, абийириңен
ажырап, бирөөгө көз каранды болосуң. Тыягың да, быягың да туюк. Эми түшүндүңбү?
— Жок.
Жооптор ачуусун келтирдибй, тажаттыбы, айтор ал унчукпай калды. «Менин сөзүмө
нааразы болуц, таятам үйүнө басып кетпегей эле» — деп, бала чебеленет. Бирок
абышка албууттанбады. Мурункудаң да жай сөз катты:
— Атаңдын малы көппү? ^
— Аз.
— Кедей турбайсыңарбы? Кедейден чыккан өнөрпөз өз башына өзү ээ болбойт. Эми
түшүндүңбү?
— Түшүндүм.
— Түшүнсөң сага комузчулуктун эмне кереги бар?
— Керек...— деди бала ишенимдүү.
Абышка кайрадан унчукпай калды. Узакка тымпыйып отура берди.
Шантакпайдын өмүрүндөгү кээ бир окуяларды эл биле турган. Бирок аны элден
бөлүнүп, жалгыздашынын жана күүсүн башкалардан жашырышынын сырын эч ким
таасир билчү эмес.
Бир көзде ал комузчулукту кадимкидей өздөштүрүп, айыл арасына таанылып калганда
ушу кемпири кырчындай кыз. Жантакпай ага ашык болот. Кыз да аны сүйөт. Өзүндө
ишенимдүү белдүү туугай болбогондуктан, караманча жетим Жантакпай өз айлындагы
күүгө ынак, бир сөзмөр абышканы жуучулукка жумшайт. Абышка жигиттин өнөрүн
кадырлаганы үчүн гана жуучулукка макул болот. Болбосо, үйүндө адалдан түгү жок
жигитке орточу түшкөн киши чекеси ысыбасы белгилүү эле...
Кыздын атасы макул болот, калың талап кылат. Абышка менен Жантакпай акылдашат
да, алар жетелеген малы же түйүп алган акчасы жок, ошол үйгө жетелешип кирип
барышат.
Үйдүн ээси мал союп, кыз айттыргандарды сыйлайт. Алардын калыңын күтүп отуруп
калышканда Жантакпай комузун чертип кирет.
Жигиттин күүсүнүн биринен бири кооз, биринен бири сонун. Айылдагылар бүт
чогулушат. Күү таң атканча басылбайт. Үй ээси да ышкыбоз киши экен, угуудан
тажабайт. Бир катар кишилер отурган жеринде уктап калышат. Көпчүлүгү отура
беришет. Жантакпай күн чыкканча чертет.
Ошондо бир күүнү экинчи кайталабайт. Эл ыраазы болуп, жигитке бата беришет.
Анын өнөрү купулуна толгон үй ээси ыраааылыгына чыдабай элдин көзүнчө жуучуга
ачык жооп берет: «Кечтим калыңдан!»
Ошентип, Жантакпай калыңсыз үйлөнөт.
Муну айылдаштары жакшы билишет. Ал өзү да комуздан көргөн пайдам ушу деп айта
жүрөт. Бирок, өнөрүнүн азабын көп тартат.
Бир тамашада Кызылбаш Кудайберген аны өзүнүн комузчусу менен чертиштирет.
Байгөни Кызылбаш өзү
белгилейт: жеңгени жеңилгенинин атын алмак болот. Кантакпайда ат болбогондуктан,
мындай дейт: «Болуптур! Мен жеңилсем, экинчи комуз кармабай турган болоюн».
Болуш аны мазактайт:
— Сенин комуз кармаган-кармабаганың кимге зарыл. Ат тап. Таппасаң, айлыңдын
бирөөнүн атын жыгып алабыз.
Берки комузчу сөзгө аралжы болот:
— Болуш! Жантакпайдын шартына мен макулмун.
— А, шоруң кургур! «Эшекти отко айдаса, ыпласка качат» деген ушул, өзүң бил. —
Кудайберген Кызылбаш өз комузчусуна нааразы болот. — Мага силердин
чертишкениңер керек.
Чынында Жантакпайдын шартынан чоң байге жок эле. Аны комузчулар гана жакшы
түшүнөт.
Берки комузчу чабалыракпы же Жантакпайды аядыбы, жеңилет, Атын тартат.
Жантакпай анын атын албайт. Өзүнө калтырат. Бирок ошо жеңилиш менен ал
комузчунун күнү бүтөт. Болушка шылдың болуп, куулат. Элдин бетин карай албай,
комузун таштайт. Ал эми комузчу үчүн комузун таштоо өлүм менен барабар. Ал
арманда жүрүп, аз жылдарда дүйнөдөн кайтат.
Жантакпайдын атагы чыгып, Талас ичинде андан өткөн комузчу табылбай турганын
билген Кызылбаш аны өз колуна алат. Болушка баарыдан мурда «Кызылбаштын
комузчусу» деген сөз калышы керек эле. Жантакпай жанында жүргөндө башка
манаптардын комузчулары анын четине жолой алабы?
Талас ичинде Кызылбаш менен теңтайлаш, мансад талашкан манаптар бар. Байлык
жактан да, башкаларга таасирдүүлүгү жактан да алар бири-биринен калышпайт. Бирок
алардын биринде да, эл араласа манаптын шаанисине шаани кошуп, атагын асманга
чыгарып, ээрчип жүрчү белгилүү ырчылары же комузчулары жок.
Бул жөнүндө Кызылбаш Кудайберген көп ойлоноор эле. Мындай мүчүлүш Таласта
өнөрпоздор жоктуктан эмес, бул өрөөндүн билермандары аларды күтө билбей жана
кадырына жете албагандыктан эле. Жаактууга жай бербес Жеңижок ырчыны
кичинекейинде Аксыга куушкан. Эшмамбетти бир эчкини карышкырга жедиргени үчүн
Кетмен-Төбөгө качырышкан. Кийин алар акын болуп, элге таанылганда да айылга
чакырып, кастарлап алып жүрүүгө жарактуу билерман болгон жок. Кайран
Эсенаман өз тизгинин эч кимге бербей, оң менен солду кыдырып жүрүп, дүйнөдөн
өттү. Анын кадырын билген да жан болбоду.
Таластын манаптарынын эчактан келаткан жаман адатын оңдоо үчүн Кызылбашка учур
келди. Эми ал комузчунун ким экенин жана өзүнүн ким экенин оң менен солго, түндүк
менен түштүккө таанытуу керек эле.
Ошентип жүргөндө Ташкент шаарында губернатор Сыр-Дарыя областы боюнча чоң
жыйын чакырат. Жыйынга өңчөй гана болуштар жана атактуу байлар барат.
Учур күтүп жүргөн Кызылбаш жыйынга Жантакпайды ээрчитип барат.
Жыйын башталуудан мурда эле Таластан келген комузчунун атагы дүңгүрөп, ар түрлүү
жактан келген билермандар аны черттирип көрүшөт. Кабар губернаторго да жетет.
Губернатор комузчуну да, анын ээсин да өзүнө чакыртат. Кызылбаш мына ушуну күтүп
жүргөн. Башка манаптар ойоздун эшигин тырмалап жүргөндө ал түз эле генерал
губернаторго мейманга чакырылышыңың өзү чоң бедел, башкалар көз арта турган
сыймык. Балким губернатор ага чен берер же болбосо дагы жогорку кызматка көтөрөр.
Жалаң Кызылбаш эмес, башка болуштар да «мунун иши оңунан чыкты» — деп кеп
кылышат,
Бул чакыруудан корккон жалгыз гана Жантакпай. Ал чарчап чаалыккан эле. Күнүтүнү
дебей, чертип, манаптардын биринен бирине барып, көңүл ачып жүрүп, кээде ачка
калып, комузунун кылы түтпөй, тырмагына күч келип жүргөн көз.
Кызылбаш менен Жантакпай генерал-губернатордун рөзидеңциясында күнү-түнү
болушту. Ал жерден Кызылбаш жалгыз өзү чыкты. Жантакпайга эмне болгонун жана
алар губернатордон эмне сый көргөнүн эч ким билбеди. Сурагандарга Кызылбаш жооп
бербеди.
Жантакпай губернатордун рөзиденциясынан экинчи күн дегенде качып кеткени кийин
билинди. Анын комузунун кылдары түгөнүп бүтүп, оң колунун тырмагы канталап,
чертүүгө келбей калган. Сага убал болду, эс ал деп айтууга эч ким чыкпады.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Атай - 04
  • Части
  • Атай - 01
    Общее количество слов 3988
    Общее количество уникальных слов составляет 2335
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 02
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2310
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 2169
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 04
    Общее количество слов 4040
    Общее количество уникальных слов составляет 2261
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 05
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 06
    Общее количество слов 3945
    Общее количество уникальных слов составляет 2172
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 07
    Общее количество слов 4017
    Общее количество уникальных слов составляет 2331
    30.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 08
    Общее количество слов 4025
    Общее количество уникальных слов составляет 2330
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 09
    Общее количество слов 3903
    Общее количество уникальных слов составляет 2184
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 10
    Общее количество слов 3925
    Общее количество уникальных слов составляет 2231
    28.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 11
    Общее количество слов 3901
    Общее количество уникальных слов составляет 2142
    30.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 12
    Общее количество слов 3803
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 13
    Общее количество слов 3820
    Общее количество уникальных слов составляет 2144
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 14
    Общее количество слов 3859
    Общее количество уникальных слов составляет 2264
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 15
    Общее количество слов 3978
    Общее количество уникальных слов составляет 2233
    29.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 16
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2311
    27.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 17
    Общее количество слов 3985
    Общее количество уникальных слов составляет 2360
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 18
    Общее количество слов 3950
    Общее количество уникальных слов составляет 2190
    29.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 19
    Общее количество слов 4029
    Общее количество уникальных слов составляет 2314
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 20
    Общее количество слов 3939
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    28.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 21
    Общее количество слов 3850
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 22
    Общее количество слов 3844
    Общее количество уникальных слов составляет 2135
    30.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 23
    Общее количество слов 3912
    Общее количество уникальных слов составляет 2163
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 24
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2003
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 25
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    30.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 26
    Общее количество слов 4091
    Общее количество уникальных слов составляет 2166
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 27
    Общее количество слов 4051
    Общее количество уникальных слов составляет 2255
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 28
    Общее количество слов 3917
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    29.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 29
    Общее количество слов 4012
    Общее количество уникальных слов составляет 2185
    31.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 30
    Общее количество слов 4010
    Общее количество уникальных слов составляет 2112
    30.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 31
    Общее количество слов 3933
    Общее количество уникальных слов составляет 2191
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 32
    Общее количество слов 3956
    Общее количество уникальных слов составляет 2208
    29.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 33
    Общее количество слов 3983
    Общее количество уникальных слов составляет 2204
    29.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Атай - 34
    Общее количество слов 2899
    Общее количество уникальных слов составляет 1600
    32.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов