Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 02

Totaal aantal woorden is 3647
Totaal aantal unieke woorden is 2230
25.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
37.5 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
44.1 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
Талаасында согуштун
Окопто далай жаткамын.
Көргөмүн күндүн батканын.
Көргөмүн таңдын атканын.
Чагылгандай жаштарды
Чабуулга канча баштадым.
Тогузунчу май десе,
Көрөмүн жоонун качканын.
Карабай бир да арт жагын,
Тепсешип жолдун таштарын.
Суворов ашкан тоолордон
Мен өзүм канча ашкамын.
Карпаттан ары өткөмүн,
Алп тоолор артта калышкан.
Бомбалар бузган кепедей
Кыйраган кезде кагышкан,
Ойлогом кыргыз жергесин
Ой жетпеген алыстан...


Ийилбести ийгенбиз,
Билбеген ишти билгенбиз.
Аскасына Алп тоонун
Атыбызды чийгенбиз.
Ажыдаар менмин дегенге
Атылган октой тийгенбиз.
Теңирсинген тажаалды
Эльбадан ары сүргөнбүз.
Кас душман көздөн жаш төгүп,
Биз жаркылдап күлгөнбүз.
Жарыялап жеңишти,
Берлинге желек илгенбиз.
Москва салют бергенде
Далай жүрөк болк эткен,
Жер тургай, асман солк эткен.
Дүбүртүбүз дүң болгон,
Кутулуп дүйнө желдеттен,
Кол- жетпеске кол жеткен.


Көк темир туулга кийгенбиз
Качырып жоого киргенбиз.
Замбирек түзөп, ок атып,
Күн-түнү тынбай жүргөн иш—
Он миң жыл айтсам түгөнбөс
Жомогум болду бул жеңиш.


Тогузунчу май бүгүн,
Тоолорум нурга бай бүгүн.
Тоң моюн бизден жеңилип,
Тоголонгон кайгы күн.
Жыгылбасты жыккан күн,
Жергуйга башын тыккан күн.
Ийилбести биз ийип,
Кабарын дүйнө уккан күн.
Желмогуз бизден качкан күн,
Жазгы бак гүлүн ачкан күн.
Желбиреп туусу Лениндин,
Жеңүүчү шаңдуу баскан күн.
Тогузунчу май бүгүн,
Төрт тарабым шай бүгүн.
Сары санаа ойдо жок,
Салтанатка бай бүгүн.

ТҮБӨЛҮК ОТТОЙ

Кеттиң эле майданга ушул жерден,
Кубат коюп атыңды, өмүр берген.
Кайсы тоонун бүркүтү дебедиби,
Кызыл кыргын чабуулда сени көргөн!
Ажал камдап адамга кутурганды,
Алуу үчүн ааламды жутунганды,
Отко таштап наристе баланы да,
Ар-намыстан ажырап, бузулганды...
Күйгүзүүчү чок болуп чачылгансың,
Каарданган жолборстой качыргансың.
Баатырсынган фашисттин башын жулган,
Жазайылдын огундай атылгансың!
Курбалдашым согушка бирге кирген,
Тозок отун бир кечип, бирге жүргөн.
Карап турган ажыдаардан жалтанбастан,
Найза сунуп качырган, кайра сүргөн!
Эркиндигин сүйүктүү Мекениңдин,
Бак-таалайын балдардын, бүт элиңдин
Сактап, өзүн жашоодон кечтиң эле,
Бирок тирүү экенсиң, бүгүн көрдүм.
Атың Чолпон жылдыздай өчпөй калды,
Эр атагың түбөлүк оттой жанды! —
Кылымдарга жомоктоп айтып турмак
Бул окуу журт өзүңдүн атыңдагы!
Эне-атаңа чоң алкыш сыймыктанган!
Эл-журтуна чоң алкыш урматтаган!
Укум-тукум жадырап өнүп-өссүн
Ушул ыйык жергеңде күн батпаган!

БИЗДИН ДОСТУК

(Полковник Ысманкулов Осмоналыга)
Таанышканбыз ок ызылдап учкан жерде,
Бомба түшүп жаткан кезде кутман жерге,
Окоп казып канча жолу батып терге,
Кан кечиште душманды биз уткан жерде.
Жаткан кезде эки тарап бычакташып,
Достошконбуз кол кармашып, кучакташып.
— Мен көз жумуп, сен үйүңө аман кайтсаң,
Күн жарк этсе караңгы түн узак качып...
Айтып баргын менин сүйгөн жалжалыма:
Арман кылбай жаштай жесир калганына,
Сыймыктансын, ырын созсун баатырлыктын!
Атасынын жөнүн айтсын балдарына!—
Дешпедикпи чабуулга турар кезде,
Ура-а-лаган үндү майдан угар кезде.
Найзаларды жоо төшүнө сунар кезде,
Же жыгылып, же душманды жыгар кезде.
Жоо жеңилип, биз согуштан кайттык аман,
Жерди көрдүк күн нурунан жаркыраган!
Колдорубуз кан майданда биз кармашкан
Турат эрдей эч бир жоодон тартынбаган.
Кармашкан кол ушул күнгө эстеликтей,
Келе жатат ажырашпай, эстен кетпей.
Жашоо, өмүр узак жолун бастык бирге,
Жаман учур артта калды бизге жетпей,

ТЫНЧ БОЛСУН ДҮЙНӨ

Билбеймин, сага, адамзат,
Кандай жашоо жарашат,
Келечегин балдарыңдын,
Билалбай оюм адашат.
Нейтрон бомба ким үчүн?
Кең дүйнө тарып баратат...
Кырылса калбай тирүү жан,
Алтынды кимдер талашат?
Ким жашайт анан бул жерде?
Нью-Йорк калат кимдерге?
Көпөлөк, булбул жок болсо,
Ким конот сулуу гүлдөргө?
Ак чөлмөк ойнун ким курат
Ай чалкыган түндөрдө?
Кулак салсаң болбойбу
Каргылданган үндөргө...


Мен неге дөөрүп жатамын?
Мынчалык кимге капамын?
Адамзат эмес ырбаткан
Ай-ааламдын чатагын.
Ач көз бизнес, сүткор бай
Ажалдуу курал атагын
Айлантып жаткан долларга,
Жыргалдай сезип азабын.
Адамзат, сага айтаарым:
Кайдигер карап жатпагын,
Коңулга башың катпагын,
Күрөштөн коркуп качпагын.
Тынчтык чебин сактагын,
Тынчтык ишин жактагын.
Ажыдаар түспөл согушка
Үй эшигин ачпагын.
Банкирдин тилин албагын,
Сөзүнө кулак салбагын.
Каргышың, каарың өрттөсүн
Капитализм чарбагын.
Согушту камдап жаткандын
Тартып ал колдон канжарын.
Жоготуп бардык бомбасын,
Кетирип бүтүр аргасын.
Ширенкесин согуштун
Тарткыдай күчү калбасын.


Көр казсаң каз, өзүн да ага жатасың.
Башканы атсаң — өзүңө согуш ачасың.
Ок ышкырса жерден, көктөн, деңизден
Өз башыңды кай үңкүргө катасың?
Уруу үчүн жаман көргөн кишиңди
Таш көтөрсөң өз бутуңду жанчасың.
Чок ыргытсаң короосуна коңшунун
Жок кыласың өз багыңдын алчасын.
Эң жакшысы — эч кимге кара санаба,
Кең болсун дүйнө, тынч болсун дүйнө сага да.
Бардыгы мол, аңкыган ак гүл ачылган
Бейпил турмуш энчи болсун мага да.

МЕН ГАНА

Бүгүн майрам, салтанат,
Элге толгон чар тарап.
Сөз кылат өткөн согушту,
Сүрүнөн коркок жалтанат.
Күү жаңырат бактарда,
Көңүлдүү бардык жактарда.
Ветерандар тынчтыкты
Каалашат бүткүл жаштарга.
— Биздер жеткен жеңиштин
Бүт түшүмүн, жемишин
Бергенбиз дешет балдарга,
Уланта турган эл ишин.
Мен гана үйдө олтурам,
Жаман экен ооруган.
Айыксам ушул оорудан,
Ажал ачкөз тооруган. —
Уят болуп шүмшүймөк,
Кошулуп куунак жаштарга
Жүрмөкмүн жарап басканга
Гүл аңкыган бактарда.
Мен гана үйдө олтурам,
Ойлоп өткөн жылдарды,
Замбирек созгон ырларды,
Фашистти чилдей кырганды...

АЛБЫРАТ

Эсте турат Альп тоолорун ашканым,
Нөшөр куйган түндө да жол басканым.
Көрбөдүмбү чет учу жок дүйнөнүн
Токойлорун, тоо сууларын, таштарын.
Ала-Тоомдун булутсуз ачык асманын,
Алтын күнү алтын нур шоола чачканын,
Алмашпаймын, алмашпаймын эч качан
Бардык жыргал байлыгына башканын.
Менин жергем кандай укмуш, караңдар!
Суусу дары. Айыгат илдет жараңар.
Токой кайда токоюндай Аркыттын?
Көл кайда бар Ысык-Көлгө барабар?
Көк тиреген тоодо сонун турмуш бар,
Карап ага суктанышат жылдыздар.
«Жылдызым» деп сулууларга ыр жазат
Атка минип кой жайышкан кыргыздар.
Ал кыргыздар бак-таалайдын төрүндө,
Ала-Тоодой сыймык сезим көңүлдө.
Кубанычы эркиндиктин албырат
Кымызындай бөртүп турган өңүндө...

КЕЛГЕН ТААЛАЙ

Бирөөлөрдүн колдоосуна
Муктаж болгон жан эмесмин.
Сүйөнүп баскан жолдошуна,
Жигит да бар, ал эмесмин.
Өз күчүмө ишенемин,
Мени баккан өз эмгегим
Алтын болуп агып келет
Таман акы, маңдай терим.
Тамырын жерге терең жайган,
Көрүнгөн шаңдуу алда кайдан —
Байтеректин дал өзүмүн,
Жердин күчүн ээлеп алган.
Эч бир шамал козгой албайт,
Жыгалбайт жана күчтүү бороон.
Жулалбайт жана ысык чалбайт,
Туруктуумун түптүү тоодон!
Эмгек, эмгек... Чыдамкайлык
Келген таалай, кетпес байлык.
УУЛУМА

Эдиреңдеп кирип келди эшиктен,
Кызыл жагоо тагыныптыр моюнга.
Айткан чыгар бет алдынан кезиккен:
«Азаматым, болсун Ленин оюңда!»
Болбосо да Ленин өңдүү акылман,
Туура болсун, чынчыл болсун Лениндей!
Эл тилегин көрүп, сезип жакындан
Элге кызмат кыла билсин эринбей.
Болбосо да Ленин өңдүү алп адам,
Күрөштөрдө миллионго күчү тең.
Жигит болсун кыйындыктан качпаган,
Камкор болсун, айкөл болсун ичи кең!
Болбосо да Лениндей жол көргөзгөн,
Жүрсүн уулум түз жолунда Лениндин?
Ишмер болсун ар-намыстуу эрге тең,
Ишти сүйгөн уулу болсун элинин!
Болбосо да Лениндей кол башкарган,
Чынчыл болсун, ошол дагы жакшы да.
Калыс болуп Ленин ишин жактаган,
Жүрө билсин Ленин туусу астында!

ҮМҮТ

Бүгүн жокту эртең болот дегейбиз,
Бүгүн бөксө, эртен толот дегейбиз.
Кээ бир жактан кемчиликтер бар туруп,
Пейлибиз ток, анчейин кайгы жебейбиз.
«Болот» деген ишенимге биз байбыз,
«Болбойт» деген сар-санаага кедейбиз.
Ошондуктан улам алга өтөбүз,
Бир орунда турбай, алга кетебиз.
Бөгөттөрдү түртүп салып жолдон чет,
Жакшылыктан жакшылыкка жетебиз.
Үмүт, ооба, үмүт менен ар качан
Күн чак түштөй жарык биздин кечебиз!

ОРУС

Баатыр жок артык орустан,
Бечерага болушкан!
Опол тоодой түптүү да
Орустан дос жолуккан.
Тууган жок жакшы орустан,
Туюкта калсаң жол ачкан.
Кыйналганга карашкан,
Кор кылбайт сени жанашсаң.
Акылга конок берген эл,
Алдыга арыш керген эл.
Жакшылыкка жол коюп,
Жамандыкты жеңген эл.
Эркин заман жараткан
Эл тура учкул канатчан,
Ленин чыгып орустан,
Биздин жерге таң аткан!
Калыстык менен чындык сөз
Качан болсо оруста
Кошулган күнү оруска
Күн тийген биздин конушка.
Акылы тунук булактай,
Алыңды билет суратпай.
Кезиксең эски ынактай,
Кыйын түндө чыдамкай...
Өнөр жок орус билбеген,
Ал жүргөн жер гүлдөгөн.
Кадырдаш болсоң оруска.
Күйөт отуң күйбөгөн!

КУТМАНЫМ

Орошон кыргыз — кутманым,
Ойногонун утканым.
Көз алдыма келтирем
Көтөрүп кымыз жутканын...
Элим кыргыз — кутманым,
Эңишкенди жыкканым.
Катуу кармаш, күрөштө
Коё бербейт тутканын...
Калкым кыргыз — кутманым
Кас душманын жыкканым.
Каары катуу бүркүттөй
Кармаганын тытканым...
Эркин кыргыз — кутманым,
Эргип бийик учканым.
Тутуму бир элдерден
Тууган ыркын бузбагын!
Ойчул кыргыз — кутманым,
Орундуу сөздү укканым.
Айкөл орус аганын
Айтканынан чыкпагын!

ЖЕҢГЕНБИЗ

Илгери өткөн заманда
Токтогул качан жыргады?
Жакшылык көрбөй бир дагы,
Жеңижок зарлап ырдады:
«Колубуздан мал кетти,
Койнубуздан жар кетти.
Багалбай катын, баласын,
Бечарадан ал кетти».
Ал заман өттү, кайрылбайт,
Оокат деп эч ким кайгырбайт.
Маңдайынан тер төккөн
Бай турмуштан айрылбайт.
Ушундай биздин жөрөлгө,
Бак гүлдөйт ар бир өрөөндө.
Эсепсиз көп завод, кен
Кол жетти түркүн өнөргө.
Малга да бай жергебиз,
Данга да бай жергебиз.
Коммунисттер кол баштап,
Жокчулук итти жеңгенбиз.

СЕН БАР ҮЧҮН

Ата Мекен! Сага кандай баа жетсин!
Бүт ааламдын бардык алмаз, берметин.
Жыйнасак да, анын баары бир гана
Ала-Тоонун көргөзө албайт келбетин.
Сен бар үчүн эркин басып жүрүү бар,
Сен бар, үчүн көңүл ачып күлүү бар.
Сен бар үчүн жүрөк согот көөдөндө,
Сен бар үчүн жаркын өмүр сүрүү бар.
Сен бар үчүн жалын чачып күйүү бар,
Сен бар үчүн жаштык сезим сүйүү бар.
Сен бар үчүн уясы бар шумкардын,
Мендейдин да баш калкалаар үйү бар.
Карааныңдан кагылайын, Мекеним!
Коргоп сени кыйын жолдун неченин
Көрдүм көптү. Ошолорду ойлосом:
Көлдөй толкуп, жашоо күүсүн чертемин!

ЖЫРГАЛ ТУРМУШ ДАСТАНЫ
Эсиңде барбы, Темиркул
Кайгылуу кыргыз асманы?
Муз тиштеп борчук таштарды,
Кары кыш ызгаар чачканы?
Ач калган ата өз кызын
Бир баштык унга сатканы?
Көрдүңбү бүгүн, Темиркул,
Трактор айдап жериңди,
Тап-таза үрөн себилди.
Дыйкандар ташып эгинди,
Батыралбай кампага
Жатпайбы жазып чериңди.
Токчулук басып үйлөрдү,
Жокчулук элден жеңилди.
Азыркы балдар бактылуу,
Каткырык салып күлүшөт,
Кайгысыз өмүр сүрүшөт,
Эсиришип жүрүшөт
Тапканын ата-эненин
Чачканды жакшы билишет.
«Жок» деген сөздү укпаган
Гүлдөрдөн тандап гүл үзөт.
Чыкпасын эстен, Темиркул, —
Октябрь таңы атканы.
Тумчуккан кыргыз жаштары
Бой керип эркин басканы.
Лениндин күнү астында
Таалайын кыргыз тапканы.
Суктантат тыштан келгенди
Сен тиккен жемиш бактары!
Сен көрүп жүргөн бул заман
Жыргал турмуш дастаны!

ЖАША, ТЫНЧТЫК

Мен согушту каалабаймын,
Каалабаймын өрттү мен.
«Өрттөнбөсүн, кыйрабасын
Гүлдөп турган кең мекен!»
Ушул менин бардык оюм, тилегим,
Согуш курсун, согушту мен билемин.
Тынч эмгекти таштап барып,
Минаметту сүйрөгөм.
Бомба түшүп аба жарып,
Талаа койбой күйбөгөн
Согуш жүрүп жаткан жерге түнөдүм,
Колдон түшпөй сабы кыска күрөгүм.
Ок мөндүрдөй түшсө көктөн,
Үмүт үзбөй өмүрдөн,
Канды кечкем, кан да төккөм,
Жеңиш жакка жүгүргөм.
Ойдон кетпейт ошондогу күрөгүм,
Аны менен бир өңдөнүп жүрөгүм.
Ойдон кетпейт, көз алдымда
Жоо кырылган согуштар.
Али турат кулагымда
Жер жарылган добуштар.
Ал кармашта биз жеңгенбиз, курбулар,
Дайым бизге катылган жоо кырылар.
Ошондо да согуш отун
Жан алгычтан жек көрөм.
Тынчтык эмгек токтобосун,
Эл жыргалын эп көрөм.
Эмгек кылган эл талаада жайнасын,
Заводдордо болот сүттөй кайнасын.
Жарышкандан биздер чыктык,
Күрөшкөндү биз жыктык.
Жаша, жеңиш! Жаша, тынчтык!
Жаша, достук, сылыктык!
Ушул менин бардык оюм, тилегим.
Тынчтык менен бир өңдөнөт жүрөгүм.

БУЛБУЛ МЕКЕН

Түнөдүм Ош шаарына жайдын күнү,
Уйкумду тартып алып, көңүлүмдү
Ээледи тыным билбес булбул үнү,
Кубултат ышкырыгы түркүн күүнү.
Ай жарык, электири андан жарык,
Ыр таңшып жаркырак түн кулак салып.
Бак ичи, арык бою биз жаткан жер,
Атырын чачат көп гүл курчап алып.
Бактыга мас болгонбу булбул чечен,
Бурады күү сонунун алда нечен.
Жаштыктын, сулуулуктун, кишиликтин
Ырларын таңшытпайбы угам десең.
Тыңшадым эрип боюм, толкуп жүрөк
Бир башка көңүл чалкып, көңүл күлөт.
Ансайын кытыгылайт кубулжуп үн,
Байгеден чыгарчудай мени сүрөп.
Чоң арык, байыркы арык суусу мелт-калт
Мелтиреп таң калтырат, ойду тартат.
Анткени булбул билген ыр аттарын
Эсептейт кумду шилеп, кумду чайкап.
Жанаша керебетте жаткан багбан
Ойгонуп, мукам үндү тыңшап калган.
— Кандайча уккулуктуу, жагымдуу бул? —
Сөз салдым сурабасты сурап андан...
— Дүйнөдө акындар көп, — деди багбан, —
Булбулдай багбан ишин үнгө салган
Бири жок... Чын сөз ушул — бири да жок,
«Бар» деген арын сатып айтат жалган.
Булбул дос байыртадан багбан менен,
Үн алган багбандардын эмгегинен.
Уйкашы ырларынын, өзүм билем,
Багымдын сан-миң түркүн гүлдөрүнөн.
Гүл ирен бак ичине түшкөн күндөн,
Ырчы куш ошол замат келип көргөн.
Ат койгон ылайыктап ар бирине,
Мукам үн, ыр уйкашы гүлдөн өнгөн.
Албайбы аны бакка мурун келген,
Кечиккен карыз алмакчы аны кимден?
Дүйнөдөн өтөт акын сурап бүтпөй
Ыры көп гүл аттарын булбул билген.
Ош гүлзар, Ош жемиш бак, булбул мекен,
Ырлардын толкуп ташкан көлүнө тең.
Көп келсем, бак карасам, пахта терсем,
Мага да бир аз ыр, күү берер бекен?!

АРКЫТ

Али турат эсимде
Бала кезде жүргөнүм,
Кыз сүйө элек кезимде
Ушул жерди сүйгөмүн:
Кол менен жасап койгондой
Кооз бурчу дүйнөнүн!
Жаңгак турат мен көргөн
Баягыдай көк тиреп,
Көлү турат көгөргөн
Күзгүдөн тунук мелтиреп,
Кытыгылап кыялды,
Ырдагымды келтирет.
Мөлтүрөп бышкан алчасы
Кыздар тизген шурудай.
Карайт мени канчасы
Кылыктанган сулуудай.
Суктантпаса сулуулук,
Ыр чыгабы курулай.
Алмуруту эзилет
Семиз койдун этиндей,
Ар кыл алма кезигет
Сулуулардын бетиндей:
Чачыла болуп чачылган,
Кыз тою түшкөн кезиндей.
Орноптур токой совхозу,
Бапестеп баккан жыгачты.
Ыктуу экен жумушчу,
Жыгачка жыгач улашты.
Бирин миңге арттырып,
Байлыкка байлык курашты.
Мурункудан Аркытым
Миң эсе сулуу көрүндү
Күлгөндөй сүйгөн жаркыным,
Күндүн нуру төгүлдү.
Шаттык ырын койчу ырдап
Көтөрүптүр көңүлдү.
Кулагында кыздардын
Күйгөндөй каухар сыргасы,
Бутагында алманын
Балбылдап жанат курдашы, —
Ал электр чырагы,
Коммунизм сырдашы.
Али турат эсимде
Бала кезде жүргөнүм,
Кыз сүйө элек кезимде
Аркытты мен сүйгөмүн.
Кол менен жасап койгондой
Кооз бурчун дүйнөнүн.

АРАВАН

Көрүштүм тооң менен асмандаган,
Өбүштүм күнүң менен жаркыраган,
Сүйлөштүм сууң менен шаркыраган,
Араван!
Араван!
Араван!
Көрүштүм тооң менен сагынганда
Жер менен биринчи ирет көрүшкөндөй.
Өбүштүм күнүң менен барынан да,
Кыз менен биринчи ирет өбүшкөндөй!
Сүйлөштүм сууң менен алышып үн,
Биринчи сулуу менен сырдашкандай!
Угамын түрсүлдөшүн жүрөгүңдүн,
Башынан канык болгон курдаш жандай!
Дос болдум тооң менен асмандаган,
Күнүнө ашык болдум жаркыраган,
Ырдаштым сууң менен шаркыраган,
Араван!
Араван!
Араван!
Дос болдум тооң менен бир башкача,
Бул тоодон менин каным жаралгандай,
Күнүңө махабатым кандай таза,
Жүрөгүм жарык нурун жамынгандай!
Ырдаштым сууң менен Керме тоону,
Лермонтов Кавказ тоосун ырдагандай.
Макташтым ак алтындуу кенен коону,
Некрасов орус жерин мактагандай!
Ырдаштым эркин эмгек кылган элди,
Эл эркин эңсеп Пушкин ыр жазгандай.
Макташтым кечке пахта тергендерди,
Теримчи кыздарыңды Турсункандай.
Анаров көң чачканда пахтасына,
Мен эктим катарына ыр чигитин:
Жазылып даңктын ардак тактасына
Пахтага поэзия катар өссүн!
Бул жерде иштегенмин мен бир кезде,
Түзгөмүн көп колхозду колум менен.
Мынакей, эми карап эл ишине,
Суктанам, ыр ойлоймун... болсун терең.
Көрүштүм элиң менен пахта тапкан,
Кармадым балбан колун кетмен чапкан,
Сүйлөштүм кыздар менен жаркылдашкан,
Араван!
Араван!
Араван!

ЫСЫК-КӨЛ ЖЕРГЕСИ

Маңдай-тескей чокулар ак калпакчан,
Ортосунда айдың көл чалкып жаткан.
Чалкыган бул толтура ырыс-кешик
Толук турар түбөлүк чарпылбастан.
Көрсөм кыргыз кеңдигин карап туруп,
Калкагар чоң күзгүдөн таза, тунук.
Бара жатсам астымдан тосо чыгып,
Бакыт сулуу тургансыйт кымыз сунуп.
Көрөм кыргыз жергесин калдайган кең,
Кыялымда ааламга бир өзү тең.
Бардык кубат жергемде, элестетем:
Максат — ак куу, мен — шумкар, куусам жетем.
Кээде толкуйт түрүлүп, өркөчтөнүп,
Кээде тыптынч тургандай ыкка көнүп.
Мүнөт сайын жаратат бөтөнчөлүк,
Мүнөт сайын өзгөрүү турат өнүп...
Карай берем көл үстүн көзүмдү албай,
Көрбөгөнсүп эч качан көлдү мындай.
Жел козгобой мелтиреп жатат кээде
Жигит ырын тыңшаган жаш сулуудай.
Кумар болбос менчелик эч бир ашык,
Жан эс алат жээгинде жүрсөм басып.
Жыргай түшөм кайыкка отурганда,
Бетти тосом толкунга черди жазып.
Кетким келбей кылчактайм эл жатарда,
Чөмүлгөнү барамын таң атарда.
Көл желпиген жагымдуу салкын аба
Кан жөткүргөн дарттууга табат арга.
Ээлеп ойду бир жолу алганыбы,
Каным менен биригип калганыбы.
Ысык-Көлдү кызганып турчу болдум
Кызгангандай жан бирге жалжалымды.
Кызганамын чын эле ач көз жоодон,
Жүрөк калкан найзага, төшүм коргон,
Өмүр жетсе түбөлүк болуп сакчы,
Күзөтүндө турмакмын ушул бойдон.
Маңдай-тескей чокулар ак калпакчан,
Ортосунда айдың көл чалкып жаткан.
Арнайт элем күч жетсе бир чоң дастан
Мактоо ырын чогултуп бардык жактан.

КАНДАЙЧА

(Аркытка )
Жерге кирсин хандардын таажылары,
Көргөнсүймүн оп тарткыч ажыдаарды.
Аркыт, сени теңебейм таажыга мен,
Азыркы журт ошону сагынабы...
Сени болсо бир көргөн кайра баштан
«Көрсөм ээ» деп ойлонор жадабастан.
Атыр чачып, гүл ачкан көз алдымда
Сен бир жомок, башкача кызык дастан.
Теңештирбейм сени мен дейилдеге,
Бул кандайча кырс мүнөз пейил дебе.
Жылтыраган бий тону сага теңби,
Бизге, кийин балага, чебиреге.
Жат угулат «дейилде», «таажы» дешсе,
Ошондуктан кайрадан салам эске:
Сен асмандын күн нуру, бактын багы,
Ким теңесин алтынды сары жезге.
Бактылуунун тоюндай чыкпас эстен
Дүйүм жемиш чачылган дасторкон сен.
Кыялындай жыргалды ойлогондун
Кылымдарга тура бер кебелбестен.
Шаркыраган суулардын үнү кандай,
Карагым бар оюнду көзүмдү албай.
Бой эритет булбулдун таңшыганы,
Жүрөк кылын козгогон бир күч бардай.
Жерге кирсин таажысы падышанын...
Жаңгагыңды жактырам, анын шагын
Журт куруткан желдеттин кан жыттанган
Кийимине кандайча алмашамын!
ЖАКШЫНА

Атың кандай жакшына,
Чолпон-Ата! Чолпон-Ата!
Кыргыз элдин бактына
Жаралгандай башкача.
Эй, башкача, башкача,
Жарашат акын мактаса.
Ырдайт беле жакпаса,
Кумардан чыкпайт айтпаса.
Кумуң майда жакшына
Тегирменден чыккандай.
Мамык төшөк астымда,
Карай албайм кызганбай.
Эй, кызганбай, кызганбай,
Кумуңду таштап, кеткен жай.
Киши жоктур эч кандай,
Сүйбөгөн сени душмандай.
Көлүң сулуу жакшына
Жерге бүткөн чолпондой.
Көргөн киши жактыра
Сүйүп колун созгондой.
Эй, созгондой, созгондой,
Ордунан эч бир козголбой
Жаткан көл, бүгүн токтолбой
Сүйгөндүн жолун тоскондой...
Абаң мынча жакшына,
Бак уланбас бактыма
Сени менен дос болбой.
Эй, дос болбой, дос болбой
Сайрамак беле боз торгой.
Ыр артынан озгондой
Куунак эл кайда достордой.
Чолпон-Ата, Чолпон-Ата,
Сергиттиң ойду жыргата,
Кечкурун көл толкундаса
Көңүл эргийт, качат капа.

КӨРБӨГӨМ

(САРЫ-ЧЕЛЕК КӨЛҮНӨ СУКТАНЫП)
Жээгиңден карап турам өйүзүңдү
Ээлеген колхоз малы өрүшүңдү.
Дүйнөнүн кыдырсам да тең жармысын
Көрбөгөм көлдү сендей келишимдүү.
Курчаган айланаңды тоолор бийик,
Бийиктен карайт сени таргыл кийик.
Ыр жазат сен жөнүндө көк кагазга,
Аркайган кош мүйүздүү асман чийип.
Эсимде ар бир ташың, ар бир аскаң,
Эсимде: тигил турган борчук таштан
Бир ирик кулаганда — бир короо кой
Бүт ыргып сага түшкөн, жайын тапкан.
Түбүндө жакын агам жатат көптөн
Жыгылган ат жубам деп, сага чөккөн.
Билемин, неге мынча көгүлтүрсүң?
Кезинде аз болбогон көз жаш төккөн...
Жээгиңде карап турам үстүңдү мен,
Калтырган кайсы сулуу күзгүсүң сен...
Көрүнөт миң түркүн өң, тартсам сүрөт
Сурабайм боёкторду түк эч кимден.
Көгүлтүр, жашыл, анан агыш тартып
Кубулуп жатышыңды көөхар чачып,
Жылаңач аскалардын арасынан
Карашат карагайлар, болгонбу ашык?
Карасам, бардыгын тең көрөм сенден:
Карагай, кайың, четин көчүп жерден
Түбүңдөн табышканбы жайлуу конуш?
Дапдайын жыбырашат: «сана бирден!»
Башымды көтөрсөм мен — турат аска,
Эңкейсем — турат аска, эмес башка...
Кыйкырсам кош жаңырык угам үндү,
Жеткирет сөздү бузбай таштан ташка.
«Чоң ата» — десем дароо «чоң ата» деп
Чоң аска жооп кайтарат келекелеп.
Түбүң да «чоң ата» деп күңгүрөнөт
Же сенин тереңиңде барбы чүңөт?
Эңкейсем тоёт кардым көрүп балык.
Кармабай тосмо коюп же тор салып,
Заматта эсептедим он чактысын
Шашпастан калпак менен сузуп алып...
Көтөрсөм башымды өйдө, көңүлдү ачып
Жээктериң карайт мени жымыңдашып.
Жел жүрсө бардык чөбүң бүркөт жыпар,
Ким билет, кетсин дейби жан жыргатып.
Сылады жибек кол жел беттеримден,
Мемиреп ырахатка чөккөнүмдөн,
Жыгылып гүл үстүнө жаткым келип,
Кайрадан бала күнүм эстедим мен.
Эсимде не болгону мурун мында,
Эсимде ар бир колот, ар бир жылга.
Чоң атам узануучу ар күн кечке
Тээ тиги кайың, талдуу булуңунда.
Чарыкчан, үстү жүдөө, таар кийип
Отурчу уук жасап, түндүк ийип.
Эс алчу бактылуудай акысына
Гүл жыттуу салкын таза аба тийип.
Күү тыңшап булактардын шыңгырынан,
Ыр укчу созолонгон ойдон, кырдан.
Гүл өпчү аппак узун сакалынан,
Күн өпчү бутактардын жылчыгынан.
Бир туруп өтө терең ойго батам:
Чын эле бактылуу го менин атам
Бул өңдүү көл четинде, гүл ичинде
Жашаган, кыйналса да жардылыктан.
Эл мага мүрзө казса ушул жайдан
Ичимде калбас эле эч бир арман:
Жатмакмын алма жыттап, жыргап тыңшап
Күүлөрдү күкүк таңшып, булбул чалган.
Карасам, көз жиберсем айланаңа:
Толуптур мал бакканга каптал, жылга.
Кандырдым суусунумду кымызына,
Жыргалын канат берди ырларыма.
Кыялым учту көккө, чыкты күнгө,
Бүт дүйнө кулак салсын биздин үнгө:
«Чогултуп жер жүзүнүн сулуулугун
Табийгат берген — деймин,— бир өзүңө!»
Жергемдин сулуу кызы, мактан, мактан!
Ай өпсүн, жылдыз өпсүн ак тамактан.
Ааламдын саякатчы уландары
Келишер көрүү үчүн бардык жактан.
Жээгиңден карап турам өйүзүңдү
Мал баккан элге толгон өрүшүңдү.
Атайын бүт жер жүзүн кыдырсам да
Көрбөсмүн көлдү сендей келишимдүү.

ТОО АЛМАСЫ

Жыты сонун тоонун кызыл алмасы,
Кимдер үзүп, кимдер сени албады?
Сугу түшүп, шилекейи куюлуп,
Бышырбастан кимдер тамга салбады...
Тарады күн, агарды тан, чыкты күн,
Күткөн селки сенин эгең биз бүгүн!
Жаз айында сен гүл ачып турганда
Бутагына конот булбул мукам үн.
Түбүн сайран, желпип согот салкын жел,
Жаным жыргап ыракатка берилем.
Тунук таза суу шылдырап арыкта,
Сергип боюм ыр жазамын эми мен.
Эркин тоонун таттуу кызыл алмасы,
Эски кайгы көңүлүмдө калбады:
Эркин тоонун эркин, сулуу кыздары,
Ийип шагың, бышканыңды тандады!

ЖЫЛДЫЗДУУ ТҮНДӨ
Сайрашат куштар,
Жымыңдашат жылдыздар.
Ырдашат кыздар,
Ыр бар жерде турмуш бар!
Шактагы куштар
Не жөнүндө ырдашат?
Бактагы кыздар
Не жөнүндө сурашат?
Жаз күнү куштар,
Гүлдү мактап ырдашат.
Бой жеткен кыздар
Жигит жөнүн сырдашат.
Сайрашат куштар
Гүлдөргө күн тийгенде.
Жадырайт кыздар
Жигит бирге жүргөндө.
Булбулдар гүлдү
Солбосо деп ырдашат.
Сулуулар өңдү
Оңбосо деп сырдашат.
Какшаткан карт кыш
Жетпесе деп ырдашат.
Жигиттер алыс
Кетпесе деп сырдашат!
Гүлдөргө көк муз
Тоңбосо деп тилешет,
Кан аккан согуш
Болбосо деп тилешет.

КОНСТИТУЦИЯГА

Укугум сага жазылган,
Эркиндик мөөрү басылган.
Менин жашоо законум,
Жайкы күндөй ачылган!
Укук бар эмгек кылууга,
Бейпил турмуш курууга,
Тоолордун кашка сууларын
Багына элдин бурууга.
Укук бар алга барууга,
Окууга, билим алууга.
Ай-жылдызды аралап,
Ааламга чалгын чалууга.
Көк ирим деңиз жээгинде,
Абанын таза жеринде.
Арасында гүлзардын
Эс алып эркин жүрүүгө.
Укук бар менде. Билемин,
Үйлөргө төшөп килемин.
Октябрь таңы атканда,
Орундалган тилегим.
Кең дүйнө, бери карагын, —
Түк батпас күндөй заманым.
Тоодон чоң таалай үстүндө
Түбөлүк оттой жанамын!
Таңгалткан четтен келгенди,
Тамшанткан башка элдерди,
Ленин ою күн болуп,
Жарык нур төккөн жергемди,
Жергем толгон алтынды,
Алтынга эге калкымды,
Негизги закон көргөзгөн,
Тартипте жашоо салтымды.
Жетишинче алымдын,
Жалынын чачып жанымдын,
Жакшы көрүү торуна,
Мен түбөлүк чалындым.
Жалтанбай жоодон катылган,
Тартынбай октон атылган,
Айбыгып, сүрдөп, чочубай
Ажыдаардан оозу ачылган, —
Эл бийлигин колдоймун,
Күзөттө туруп коргоймун.
Ал үчүн миң күү толгоймун.

ДАГЫ ЖАҢЫ ЗОР ИШКЕ

Менин сөзүм уккула, жолдошторум!
Көп жыл болду мүчөсү комсомолдун,
Көп жыл бою аткардым чечимдерин,
Көп жыл бою комсомол менин ордум.
Мүчө болгом айлыбыздан мен биринчи,
Уюштургам ячейканы эң биринчи,
Ойлогомун комсомолдун тапшырмасы
Элдин жүгүн көтөргөн эрдин иши!
Сатпай, бербей эгинин жашырганды,
Малын айдап Кытайга ашырганды,
Армияга жөнөтпөй боз уланды,
Басмачыга кошул деп качырганды,—
Жаман көргөм мал жеген карышкырдай,
Турмак белек биз аны алыс куубай.
Жер үстүнөн тазалап жоготконбуз
Адырларды чаңдатып жарыштырбай.
Эң биринчи колхозду уюштурган,
Ортолуктун алмасын кыйыштырган,
Кош чыгарып, дың бузуп, орок тартып
Ак кайрактын тушумун жыйыштырган;
Молдолордун үгүтүн жүргүзбөстөн,
Бай-манаптын кесирин тийгизбестен,
Жерди бөлүп, кедейге шайман берип,
Араванга биринчи чигит эккен;
Кызылчага толтуруп мейкин Чүйдү,
Аппак кантка карк кылган ар бир үйдү.
Комсомолчу азамат кыз, боз улан
Ар бир үйдө чырактай жанып күйдү.
Кызыл-Кыя тааныган комсомолду,
Суусамырга баруучу жол оңолду.
Чоң Чүй канал, Кадамжай баарын куруп,
Болтурганбыз тарыхта болбогонду!
Майданында согуштун канча жүрдүк,
Желмогуздай жутунган жоону сүрдүк.
Бир кылымда бүтүүчү албан ишти,
Биз ойлодук жумуштай тогуз күндүк.
Менин сөзүм уккула, жаш досторум!
Уул, кызы Фрунзеге окшоштордун,
Канга бөлөп Мекенди жоо келгенде
Коркуп качпай мылтыкчан жол тоскондун.
Чүрпөлөрү Лениндин эл ишенген!
Көрүп турам мелдеште жеңишиңен,
Алга карай арышты керишиңен,
Партияга рапортту беришиңен...
Айныбастан салтыңан дал ушундай,—
Көп иштерди дагы да бүтүрөсүң,
Дагы жаңы зор ишке күтүнөсүң,
Капитализм жүрөгүн түшүрөсүң!

АК ЗЫЙНАТ
— Күмүш нур чачып күн чыгат.
Күндөн мурун ким турат?
— Күн сайын эрте ойгонгон
Күндөй сулуу Ак Зыйнат!
— Неге уктабайт Ак Зыйнат?
— Түн бою пахта ачылат,
Теңтушун күткөн сулуудай
Теримчини чакырат.
Теримчи кыз Ак Зыйнат
Терүүгө пахта ашыгат,
Арасында пахтанын
Антташкан бозой барчылап.
— Кызарып сулуу күн батат.
Ким талаада түн катат?
— Ал дагы биздин Ак Зыйнат.
Апасын жол каратат.
Жанындай сүйгөн жумушун
Жалжылдаган сулуусуң.
Жанына барсаң пахтанын
Жайкы гүлдөй турушуң!
Тере бер, Зыйнат, пахтаны
Мактасын булбул шактагы.
Ачылып турган гозодой
Алкымыңдын аппагы!

БАКТЫЛУУМУН

О, мен кандай бактылуумун! —
Кереги не айттыруунун,
Кереги не ал жөнүндө,
Баардык ырды жат кылуунун?
Күн көзүн албай тикийген,
You have read 1 text from Kirgizisch literature.
Volgende - Ырлар Жана Поэмалар - 03
  • Onderdelen
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Totaal aantal woorden is 3662
    Totaal aantal unieke woorden is 2287
    26.9 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    38.2 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    44.7 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Totaal aantal woorden is 3647
    Totaal aantal unieke woorden is 2230
    25.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    37.5 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    44.1 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Totaal aantal woorden is 3719
    Totaal aantal unieke woorden is 2251
    26.2 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    38.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    45.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Totaal aantal woorden is 3615
    Totaal aantal unieke woorden is 2279
    25.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    38.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    45.2 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Totaal aantal woorden is 3733
    Totaal aantal unieke woorden is 2198
    27.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    40.5 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    48.0 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Totaal aantal woorden is 3602
    Totaal aantal unieke woorden is 2180
    23.1 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    35.3 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    42.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Totaal aantal woorden is 3653
    Totaal aantal unieke woorden is 2245
    27.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    39.7 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    46.2 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Totaal aantal woorden is 3774
    Totaal aantal unieke woorden is 2268
    29.1 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    40.3 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    46.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Totaal aantal woorden is 3825
    Totaal aantal unieke woorden is 2292
    31.9 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    44.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    51.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Totaal aantal woorden is 3871
    Totaal aantal unieke woorden is 2229
    31.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    45.0 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    52.2 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Totaal aantal woorden is 3852
    Totaal aantal unieke woorden is 2162
    31.3 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    44.3 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    50.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Totaal aantal woorden is 3813
    Totaal aantal unieke woorden is 2203
    31.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    45.9 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    53.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Totaal aantal woorden is 711
    Totaal aantal unieke woorden is 563
    44.9 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    55.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    59.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.