Latin

Мезгил жана Алыкул - 11

Totaal aantal woorden is 3645
Totaal aantal unieke woorden is 2114
25.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
36.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
42.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
Ушул поэма боюнча киносценарий жазалы деген ой – «мальчишеская мечта» болуп
калды... Бирок, ойлоп отуруп бир нерседен токтодум: «Мырза уул» түштүктөн алынып
жазылган, элдин диалектилик ж.б. көп турмуштук, духовный кичине айырмаларын,
тилин билиш керек.А мен билбейм, Түштүктө болбогом. Барып келүүгө эмес, азыр
курсакка тыйын жок...
Турмушка өкөнөп коюп, «Жеңишбекти» окуй кеттим. «Жеңишбек» Алыкулдун
чолпону. «Жеңишбекти» окуп отурсаң эрте жазда көл жээгиндеги атыр жытка мас
болгондон да аша кетесиң...
«Жеңишбектей» таттуу-рахаттуу аба жок, болсо да аз.
Ошентип, «Жеңишбекти» экранга «чыгаргым» келди.
Бул багытта тажрыйбам жок болсо да бел байладым, ким билет эмне болорун...
Эгер, чебердин колуна түшсө укмуш эле болор эле!
Ошентип, «Жеңишбек» киносценарийин бүгүн баштадым.
Бардык күчтү, албетте, жакшы кылууга жумшайм...
Бирок, билбейм кандай чыгарын.
Ашым Жакыпбек, 1955-жыл. 6-8-ноябрь.
***
Бул ою ишке ашкан-ашпаганын дагы иликтеп көрөрбүз. Ал эми Ашыке кийин
«Кыргызфильм» киностудиясынын Башкы редактору катары көптөгөн тасмалардын
таасирдүү чыгышына зор салым кошкон. Ал эми өзү жазган сценарийлер боюнча
«Айдагы жезкемпир», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» кинолору тартылган.
Демек, Алыкул Ашыкеге сценардык шыктын, Бексултан абага драмалык жанрдын
дүрмөтүн жакканы туюлат.
– Ошол тандалмага рецензия жазып, «Л.Г»га жиберсем жарыялабай коюшту.
Котормону өтө сындасам керек. Чыкпай калганына деле бир чети сүйүнөм. Анткени, ага
шерденип адабият сынчысы болуп кетишим мүмкүн эле. Редакциянын жообун тапканга,
кол жазмаларды аңтарганга чолом жок, дейт Бексултан Жакиев Ашыкенин
күндөлүгүнөн улам уланган кеп тизгинин тарта.
Ооба, Алыкулдун таасирине берилбегендер деле учурашы мүмкүн. Ал эми таалимин
алгандар Алыкулдук ойдон жаңы ой серелерине көтөрүлө алышабы? Кеп ушунда. Ал
эми Алыкулдун согуш темасындагы «Бүкөнтай», «Үлпөт ыры», «Покрышкинге»,
«Майдын түнү», «Чолпонбай», «Жеңиш ыры», «Күлүйпа» сыяктуу бөлөк чыгармалары
да согуштун трагедиялык маңызын ачкан өзүнчө бир түрмөк. Ушулардын туу чокусу же
Ашым Жакыпбек атаган философиялык ой чолпону «Жеңишбек» эмеспи.
Ошентип, Алыкул өзү эл арасынан «Аксаткын менен Мырза уулдай» элдик
чыгармаларды алып чыкса, анын айтылуу «Жолборс терисин кийген баатыр» котормосу
элдик ырларга айланып кеткени да кызыктуу.
Анда эмесе элдик чыгармалардын жыйноочусу, коомдук академик Калмурат
Рыскулов аксакалдын жарыялана элек «Ок аралаган ырлар» козжазмасын барактап
көрөлү. Автор 1928-жылы Алабукада төрөлгөн. 1955-жылы Ош пединститутунун
филология факультетин бүтүрөт. 1948-жылдан бери чыгармачылыктын чыйырында.
«Эл агартуу» отличниги. Ондогон китептердин автору.
Колжазма уруш учурундагы эл турмушун чагылдырган (132 бет) ырлар, кат жана
автордун өзүнө таандык «Өмүр күрөшү» (84 бет) чыгармасынан турат.
1. Ар бир ырдын ээси конкреттүү адам, демек адабий көркөмдөө жана ойдон
кошумчалоо дээрлик жок.
2. Айрым ырлардын жаралышына негиз болгон окуялардын баяндалышы да кызык.
Мисалы, Алыкул Осмоновдун кеңири белгилүү «Жолборс терисин кийген баатыр» (Ш.
Руставели) котормосунун эл арасына терең сиңгенин далилдеген:
Бул турмуш чие шахматтай,
Болбойлу курбум ашмалтай.
Убадага бек тургун –
Убарлуу селки Асматтай.
Пайдаланып шарттан бир,
Пакизалыкты гаптан (кептен) бил.
Тилегине жетишкен,
Тинатин менен Автандил.
Туруктуу жүрсөк бетмаңдай,
Талапты бузбай эч кандай.
Табышабыз түбөлүк –
Тариэл менен Нестандай.
Бул ырлар алыкултануу илимине да баа жеткис булак болмогу ырас.
«ЖОЛБОРС ТЕРИСИН КИЙГЕН БААТЫР» БАЯНЫ
Дасыккан адабиятчылар менен таланттуу котормочулардын далай сынынан, алтымыш
беш миңден ашык окурман баамынан өткөн жана көптөгөн калемгерлердин сөз өнөрүн
өркүндөтүүгө өбөлгө түзгөн Шота Руставелинин айтылуу дастаны Алыкул Осмоновдун
эркин котормосунда 66 жыл ичинде алты ирет басылганы адабияттагы өзгөчө окуя.
Анткени, түп нускадагы эн мыкты чыгармалар деле эле кайра-кайра китеп түрүндө
чыгарылышы чанда көрүнүш.
Алыкул айтылуу котормосун 1938-жылы май айында баштап, 1939-жылдын
апрелинде бүтүрсө, ошол эле жылдын 15-ноябрында латын арибинде терүүгө берилип,
Казан шаарындагы Татполиграфта 23 басма табак көлөмүндө, 10 миң 90 нуска
эсебинде, Кыргызмамбас грифи менен китеп болуп чыккан. «Мамлекет Басмасы» деп
айланта жазылган жазуу ичине чыгып келаткан күн, тоолор жана алчактаган ат минип
турган ак калпакчан кишинин сүрөтү, сол жагын бадырайган буудай башы, он жагын
куш канаты иймекей тарта курчап турган айлампа текче үстүндөгү китеп мукабасы
менен бир бүтүндүккө ширелишип, энтамгалык таасирге жетип турат.
Басууга кол коюлган күнү 1940-жылдын 11-марты. Ар бир басма табагында 48 миң
400 тамга бардыгы жазылганы боюнча алсак, китеп 1113200 тамгадан турат. Ал эми
азыркы эреже боюнча бир басма табак дегенибиз китептин 16 барагы эмеспи. Демек,
368 бетти түзөт. Бирок бул сан китептин чоң, кичине формат көлөмүнө карата да
өзгөрүп кетерин эске алуу шарт.
Биринчи басылышына жооптуу редактор А. Осмонов өзү, жооптуу корректорлор Б.
Ысмайылов, Ж.Солтобаев, чыгышына жооптуу Ж. Жоробаев, техникалык редактору Н.
Гайфуллин.
Котормонун экинчи басылышы 1950-жылы 20июлда терүүгө берилип, ошол эле
жылдын 21-ноябрында басууга кол коюлуптур. Көлөмү 16 басма табак, нускасы 5090.
Котормонун редактору Т. Сыдыкбеков болгон бул китеп 1951-жылы жарык көргөн.
Демек, 1,2 басылыштарына А. Осмоновдун котормочу автор жана редактор катары
катышы бардыгын, бирок ден-соолугуна байланыштуу экинчисине канчалык деңгээлде
катышканын адабий тарыхта эске алыш зарыл.
1956-жылы 15 мин нускада чыккан үчүнчү басылышы 1955-жылдын 10-сентябрында
терүүгө берилсе, 19-ноябрда басууга кол коюлган. Басылманын редактору X.
Аманканов.
1972-жылы «Кыргызстан» басмасында Ш. Абдылдаевдин редакторлугу менен 10
миң нускада чыгарылганы 16-июлда терүүгө берилсе, 12-октябрда басууга кол коюлган.
Көлөмү 16 басма табак.
1975-жылы 19-ноябрда терүүгө, 1976-жылы 19-январда басууга кол коюлуп,
чыгышына жооптуу А.Исакова болгон басылма 20 мин нускада, «Мектеп» басмасында
жарык көргөн. Көлөмү 16 басма табак.
Акыркы, алтынчы басылышы 1982-жылы ушул эле басмада чыгышына Э.Үсөновдун
жооптуулугу менен 15 миң нускада, (300 бет) 16 басма табак көлөмүндө чыгарылган.
Ошентип, биринчи алтынчы басылыштардын көлөм боюнча айырмасы 7 басма табак
экени эмнеде? Башта эскертилгендей китептин форматына жараша болот. Мисалы,
1940-жылдагысы 60x90 1/16, калгандары негизинен 84x108 1/32 форматта. Булар
техникалык жагы деп коёлу.
Ал эми жалпы саны 65 мин 180 нусканы түзгөн котормо чыгарманын маани-маңызы
кандай өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга кез келгени адабият айдыңында көңүлгө
алынбаганы текстология илиминин кемтигидир.
«Жолборс терисин кийген баатырды» жетинчи ирет чыгарып, XXI кылымдагы
кыргыз окурмандарына Алыкул атынан тартуулоо ниетибизге ортоктош болгон акын,
басма ишинин ардагери Байтемир Асаналиев агабыз:
Памирбек максат чоң, ниет зор экен. Бирок, мурда чыгарылгандарына анчалык
зирек мамиле жасалбай, эски басылмалардын барактарын чаптай салып, терүүгө берүү
менен чектелгенин эскертейин. Ошондуктан, алгачкы басылыштарын кийинкилери
менен салыштырууга көңүл бурсаң, дегенинен улам Шота Руставелинин орус тилиндеги
китептерин да пайдалануу менен редакциялоо башталды. Негизинен Н. Заболоцкийдин
1984-жылы «Художественная литература» басмасынан чыгарылган котормосу
колдонулду.
Алыкулдун алгы сөзү
Котормочу катары өз оюн билдирип, китептин авантитулунда: «Кыргызчалаштырып
эркин которгон Алыкул Осмонов» деп жазылгандын чоо-жайын түшүндүргөн, эркин
кетип калышына мисал келтирген чакан кириш сөзү латын арибиндеги алгачкы
басылмада берилген.
Адабият кызыкчылыгын көздөп, акындын ошол сөзүн толугу менен берүүнү эп
көрдүк.
***
Улуу акындын чыгармачылык жолун жана ким экендигин толкутуп жазуу кыйын,
төмөнкүчө гана бир-эки ооз сөз жазууну ылайык таптым. «Жолборс терисин кийген
баатыр» (Vepxic Tgaosani) грузии элинин сүйүктүү ыры 750 жылдан бери ооздон оозго
айтылып, элдин жүрөгүндө сакталып келди. Ашыкчылыктын, досчулуктун,
баатырчылыктын поэмасы грузия элине кайда жүрсө да (согуштарда, дыйкандар
арасында, жумуш маалында, үйлөнүүдө, кайгыр-уу шаттанууда) макал катары
колдонулат.
Жакында болуп өткөн акындын юбилейинен кийин бир тууган улут республикалар
да өз тилдерине которууга киришти, ошонун бири биздин кыргыз жазуучулары да
айрым главаларын которуп, элге тааныштырышты.
Мен үч жылдык ишимде ушул поэманы толугу менен которуу максатын коюп, акыры
ишке ашырдым. Котормо эң эркин которулду, маселен сиздерге төмөнкүн= жазып
окутуп көрөйүн:
Орусчасында:
Уж забыл я ликованье,
арф и звонких лир бряцанье,
И свирели напеванье, той,
чье имя нежно най.
Так в печали безответной вянет
пламень озоцветной
Но в серднечной мгле заветной
молвил он «не унывай».
Котормодо:
Коңур үндүү арфа күүсүн сагындым,
Үнүн кошуп ыр ырдаган жарымдын.
Жаш төгүшкөн ошол салкын түндөгү
Жароокерлүү шерттеринин бардыгын.
Чыда жаным, болот канжар кессе да
Түбү келип сары алтын дейт – сабырдын.
Ушул сыяктуулар.
Орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда чоң айырма (расхождение) бар, бирок
ошондой болсо да мааниси өзгөрбөй сакталат. Поэманын эң бөтөнчөлүгү, афоризм
байлыгын сактоого да тырыштым. Ачык айтканда көп жерлеринде маанисин алып
туруп, өзүмчө кетип калган учурлар да бар. Мындан аркы которуучулар мындай
кемчиликтерден арылуулары шексиз.
Ардактуу окуучулардан, өздөрү тарабынан сезилген кемчиликтерди мага
жазууларын сурайм, мындан аркы басылуулар сайын оңдой берүүгө даярмын.
Шота Руставели жөнүндө жетиштүү башкы сөз жазууга мүмкүндүк болгон жок, ал
тууралу жазылган сын материалдары менен тийиштүү китепканалардан таап алып,
таанышып чыгууңуздарды сурайбыз. (1940жыл. 5-6-беттер)
Алыкулдун алгы сөзү эч оңдоосуз берилди. Орусча тексттен кеткен каталары
оңдолду.
(озоцветный-розоцветный, серднечной-сердечной, рассхождение-расхождение).
Кийинки китептеринде котормочу автордун алгы сөзү берилбейт да, адатка айланып
калган «Басмадан» деген кириш макалада Шота Руставели жана анын ушул чыгармасы
тууралу баяндалат. Кызыгы, бул макала анча-мынча өзгөрүүлөр менен китептин
кийинки чыгарылыштарында кайталанып, жаны ой-пикир айтылбаганына адабиятчылар
назар салар.
Ал эми акын 1944-жылы жазган «Шота Руставелиге» деген ырында авторго болгон
сый, урматын чагылдырган.
ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ
Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат кыргыз аты.
Таарынба, белегимдин көрдүн азын,
Сынагын кандай экен ичин ачкын.
Ал белек: сага тааныш сулуу Нестан,
Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.
Тариэл сен көргөндөй баа жетпес эр,
Автандил жүзү жылуу акылман шер,
Түз талаа, бактуу калаа, тунук суулар...
Баары бар... Тинатин кыз үн салган жер.
Баягы кара үңкүрдө күткөн Асмат,
Батмажан виного мас, күлгөн шат-шат...
Айтылды өз түрүндөй Фридон дос,
Не сулуу, айлуу түндөр күмүштөй ак...
Айбы жок жаш сүйүүнүн кайгылары,
Эң таттуу, эң бир жумшак муну, зары.
Арфа ыры, жанды эриткен коңур үндөр,
Таарынуу, сүйүнүүлөр, баары баары...
Жок күтпөйм, алдын алып айтпа рахмат,
Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.
Арманым ошол сүйүү бул күнгө да,
Кайрадан жаралсачы атаганат!
Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат кыргыз аты.
З/ХII 1944 Койсары
«Миң уккандан бир көргөн»
Дегендей эле улуу, таза, нукура жана ыйбаа махабат жөнүндөгү бул дастанга
сюжеттик сүрөттөр да ар кыл түстө, ыкмада тартылган. Бала кезде окуганда элестеткен
элестер менен айрым үй чатырларын кооздоп турган сүрөттөрү (көбүнчө Тариэл менен
жолборстун кармашыбатканы) гана болбосо, бул алты ирет чыгарылган котормочыгарманы көркөмдөп жасалгалап, сүрөт тартканга кыргыз китебинин художниктери
чыгынбашында не себеп. Балким эмки китеп художниктери жаңы түстөгү сүрөттөрдү
жаратып, Шота менен Алыкулдун каарман элестерин Алатоо арасына аралатар.
Айтмакчы, эки залкардын кыргыз кыйырын аралай чаап баратканын чагылдырган
графикалык эмгек кинорежиссер жана художник С. Ишеновго таандык.
Мына ушул себептерден улам, алты ирет басылган китептин төртөө мурдагы эле
иллюстрациялар менен толукталган. Алардын авторлору советтик жана ага чейинки
мезгилде жашаган башка эл өкүлдөрү.
1976, 1982 жылдардагы басылышында иллюстрация түгүл, авантитулунда Шота
Руставелинин сүрөтү да жок. Мукабалары эч айырмасыз жасалгаланган. Демек,
жогоруда Б. Асаналиев айткан кеп-кенештин чындыгын текст даярдоодон тышкары
сүрөт жасалгалары да ырастады.
Байкалбай калган каталар
Автандил Тариэлди алгач издеп жөнөгөндө Ростеван бата берип, эл менен чогуу
узатканы 1940-жылдагы китепте:
Автандил ошол бойдон житсин ылайым!
О, тагдыр, мындай кулга кылба райым! деп ката (193-бетте) берилсе, 1951жылдагыда:
Автандил сапарында кор болбосун,
0, тагдыр, жолун ачып, бер райым! деп оңдолгон (175-6.).
Мындагы «тагдыр» сөзү «Кудай» же «Алла Таала» түшүнүгүн берип турганы менен
негедир өзгөртүүсүз кала берген. Балким атеизм таасири тийгендир.
Динге байланыштуу окуялар же башка көрүнүштөр чыгарманын түп нускасында көп
экендиги, алардын кыйласы котормонун кыркынчы жылдагы алгачкы басылмасында
дээрлик сакталганы табигый көрүнүш эле.
Бирок, кийинки басылмаларда алар дээрлик сакталбай калган. 1951-жылы
чыкканында атеисттик көзкараштагы оңдоолор изи даана сезилет.
1940-жылдагы:
Ойгонуп, күндө ойгончу убагында,
Жыгылып ак багымдат намазына.
Ростеван отурган жок тактысына,
Эч кимдин датын укпай, абдан капа – деген түрмөгү:
Ойгонду Ростеван кан таң азанда,
Өңү сур, ачуусу курч кыялында.
Бүгүн ал отурган жок тактысына,
Эч кимдин датын укпай, абдан капа – болуп оңдолгону буга күбө.
Дегенде:
«Күнүң өчтү, айын батты»
«Аллалап» жин тийгендей калтырашты.
(1940-192-6.)
Мунун экинчи сабы:
Калың эл өкүнүчтө калтырашты болуп кийин өзгөртүлгөн.
Ал эми Автандилдин арманындагы:
Сурарым Нестаныма угузуп кой,
Сүйүүгө минтип күйүп, жанганымды, деп айтканы эң биринчи басылышында (222-бет)
ката берилсе, кийинкилеринде да оңдолбой калган. Нестаныма эмес Тинатинге дегени
туура.
1940-жылдагы басылманын 124-бетиндеги:
Нестандын баш жагында ачык жаткан,
Шыбырап «бисмиллалап» кураанды алам.
«Акмын» деп жүз кайталап айтсам дагы
Ишенбес кургак сөзгө каргангандан
«Мына бул ак кураандын кусуру урсун,
Калп айтпайм, ишен жаным, ишен маган...» – деген түрмөк 1951-жылдагы китептин
117-бетинде:
Нестандын баш жагында ачык жаткан
Шыбырап касиеттүү китепти алам.
«Акмын» деп жүз кайталап айтсам дагы
Ишенбес кургак сөзгө каргангандан:
«Мына бул касиеттүү китепке ишен!
Калп айтпайм, ишен жаным, ишен маган...» – деп өзгөрүлгөнү кийинки басылыштарда
кала берген.
Түп нуска саналган орус тилиндегисине салыштыралы:
На ковре Коран открытый я заметил
пред царевной,
Взяв Коран, прославил бога я молитвою
душевной.
Я сказал: «Меня, о солнце, ты спалила
речью гневной,
Но послушай, что я скажу о судьбе
моей плачевной». (82-стр.)
Мындай айрым логикалык каталардан тышкары көптөгөн майда-чүйдө, бирок
маанилүү каталар да кетирилген. Мисалы: ат жаратып алыстан эмес– ат чарчатып
алыстан; минутту – ирмемди;
Ок тийип, жаткан кезде кан жүрөктөн– ок тийип, аккан кезде кан жүрөктөн;
Нестанды издегендей иренжүү жок – «иренжүү» эмес туурасы «убайым».
Бар жанга өз кесибин жазган алла,
Кесибин эмес «насибин» делгени туура.
Жаткан эмес – жеткен.
Байып жаткан сарандар да жок эмес.
Мында «сараңдар» ордуна «күң, кул».
Жерди жеңип эмес, жерди кезип.
Автандил менен Тинатиндин баш кошконго чейинки мамилелери ашыктык, сүйүү
жагдайында болгондуктан «жубайым» деген туура эмес (1940-ж. 11бет), «ашыгыма»
делип (7-басылыш. 10-6.) оңдолду. Башка жерлерге да ушундай оңдоолор берилди. М:
Нестан жарга-жанга.
Автандил бар миллион эрлер башчысы.
Оңдолду: Автандил бар түмөн эрлер башчысы.
Байкап турса даңгыраган жол жатат
Мел-мел этет дагы алыс, дагы ары.
Экинчи саптын: Мунарыктап алыстаган дагы алыс, дагы ары – делгени туура.
Деп Автандил тартты аларга сапарын
Оңдолгону: Деп Автандил айтты аларга максатын.
Жеңил сүйлөп болбоюн деп девелги,
Оңдолгону: Кылып албай өзүмө өзүм кедерги.
Кыз буралып алып берди жүгөндү.
Туурасы – тизгинди
Жабыркаган күнөөсүз жаш баланын,
Жүрөгү өлбөс, берер бакыт жардамын (1951.51-6.)
Туурасы:
Жабыркаган күнөөсүз жаш баланын
Жүрөгү өлбөс, кудайым берер жардамын. (1940. 49-6.)
Кызым Нестан өсүп, жетип баратат.
Туурасы: Кызым Нестан бойго жетип келатат.
Биздин ыйга төлөп берет ырахат
Туурасы: Биздин ыйга төгүп турду ырахат.
Коркоктук, чын баатырлык кадимки экен.
Туурасы: Коркоктук, чын баатырлык кимдики экен.
Мен жигит, сүйгөн сулуу ашык жардын, (1951. 83-6.)
Туурасы: Мен жигити сүйгөн сулуу ашык кыздын (7-басылыш. 73-6.)
Жолборстун терилерин кийинген шер
Туурасы: Жолборстун терисин кийген шер.
Ефрат эмес – Ефврат
Тагдырдын кыла жүргөн дабалары эмес табалары.
Бакыт келбейт бак талашпай алладан
Туурасы: Бакыт келбейт буйрук болбой Алладан.
Колдосун бул күчүмдү өз таалайым
Туурасы: Колдоду бул күчүмдү бир кудайым.
Бир саатча тил байланып туруп калды,
Оңдолду: Бир саамга тил байланып туруп калды. (7-басылыш. 268-6.)
Өлбөсөм жүз көрүшөр бир мезгилде,
Жарармын сенин кылган кызматыңа.
Туурасы: Өлбөсөм, бул дүйнө эмес, ал дүйнөдөн,
Жарармын сенин кылган кызматыңа!
Көзүңдүн асыл жигит алабтары
Туурасы: Көзүңдүн асыл жигит караганы.
«Батма сөзүн узарта берди» бөлүмүндөгү:
Күн өчтү. Акыр заман болору ушул,
Жер үстүнө жамандык толору ушул.
Жыргал менен азапты бөлөр күч жок,
Тозоктун кара кушу конору ушул,
Күлкү, оюндан айрылып бардык адам,
Ажал жели зыркырап согору ушул деген экинчи түрмөгү кийинки басылыштарында
алынып салынган. Буга негизи: акыр заман, тозоктун кара кушу, ажал жели деген
түшүнүктөр түрткү болгон десек, төмөнкү ыр саптары эмне үчүн кыскартылганы
белгисиз:
Махабат өжөр таттуу бала тура,
Тагдыр куш мел-мел эткен талаа тура.
Бул дүйнө бир өң эмес, ала тура,
Махабат жүрөктү эзген санаа тура.
Ашыктык алоолонуп күйсө дагы,
Тагдырга мунун баары даба тура! (1940-ж. 78-6. Эн акыркы куплет)
Алыкулдун эркин котормолорунун акын берметиндей туюлган бул түрмөктөрдү окуп
көрөлү:
Махабат бирде уу да, бирде балдай,
Махабат бирде учкул жагалмайдай.
Махабат бирде туткун эркке көнгөн,
Кор болуп, бирөөлөргө алдангандай,
Мен үчүн булуттардын арасына
Кылт этип кирип кеткен кайгылуу Айдай. (1940. 165, 166).
Сүйүүнүн көзүң көрбөс түрлөрү бар.
Сүйүүнүн кулак укпас үндөрү бар.
Сүйүүнүн кыш болсо да жайдан жыргал,
Үзүлбөс башка адамга гүлдөрү бар.
Сүйүүнүн арфаларга бербей турган
Өзүнүн тарта турган күүлөрү бар. (7-басылыш. 94-6.)
Махабат арсыздарга женил элпек,
Оң, солго өз оюндай тегеретмек.
Махабат билгендерге асмандан зор,
Чөл басып, аскар ашып, деңиз кечмек,
Мындайда болоттон бек, баатыр жүрөк
Автандилдей ак дил арстан керек. (7-басылыш. 192-6.)
***
Адабиятка, анын ичинде котормо адабиятка да атеисттик көзкараш-коньюктуранын
катуу коюлганы же чектен ашып кеткени «Автандилдин мечитке сыйынганы» темасы
«Автандилдин сыйынганы» болуп оңдолгону жана 24 сап мааниси 10 сапка орунсуз
сыйдырылганынан улам да айкындалып турат.
Адегенде «ондолгонун» окуп көрөлү:
«Асманды, жерди, сууну жаратканым!
Түрлүү насип ар адамга таратканым.
Колдой көр, эрдик антын колдоор болсоң,
Жолумду ач, артсын менин күч-кубатым.
Жараткан, адам этин жегичтерден,
Дайра, суу жана түнкү жин периден.
Сактай көр, жолумду ач, кенен кылып,
Чыга көр аман алып деңиздерден!
Сүйгөндү сүйгөнүнө жолуктуруп,
Элиме соо-саламат кайра келсем».
1940-жылдагы китепте берилгени:
Башына чымкый кара селде оронуп,
Тулпарын жолго минер токуп болуп.
Мечитке касиети күч ээн келип
Автандил бата кылды, кураан окуп.
Кудайдан төмөнкүнү өтүнүч кылды,
«Сактай көр жанымды» деп колун созуп:
«Асманды, жерди, сууну жаратканым!
Түрлүү ынсап ар адамга таратканым,
Колдой көр бар-бар дигер колдоор болсон!
Өлүмгө жанды байлап баратамын,
Артымдан издеп барар бир тууган жок,
Тагдырым жалгыздыкка армандамын!
Ээ, кудай! Бардык таалай бир өзүндө,
От салдың менин ысык жүрөгүмө.
Ашыктык, ушул жыргал, ырыс-бактым,
Кайра бир жетер бекем сүйгөнүмө?
Жаны өскөн айкалышып эки гүлдү,
Жеткирбей бир бирине, таптай көрбө?
Ээ, кудай! Адам этин жегичтерден,
Дайра, суу жана түнкү жин периден,
Сактай көр! Көкүрөктөгү чымын жанды!
Кырк бир күн, кырк бир түн түлөө берем,
Элиме соо-саламат кайра келсем».
(7-басылышка ушул берилди).
***
1951-жылдагы басылмада «Автандилдин арманы» минтип бүтөт:
Баатырдын ай-ааламга зары жетип,
Айбандар баш ийишти текши келип.
Индилер, грек, орус, ирандыктар,
Баарлыгы өз тилинде алкоо берип.
Мин алаамат шумдукту артка таштап,
Автандил жүрүп кетти сапар чегип.
Бул түрмөк 1940-жылдагы китепте:
Баатырдын бир кудайга зары жетип,
Ыйлады сайдын сансыз таштары эрип.
Ошондо чыдай албай кошо ыйлашты,
Токойдун айбандары чыгып келип...
Мин алаамат шумдукту артка таштап,
Автандил жүрүп кетти сапар чегип – деп берилген. Ал эми жогоркудай ар түркүн
улуттарды кошуп бурмалоого жол болсун, же жасалма «интернационализм» идеясынын
илдетиби...
***
Ай элем – эми өчөмүн айың болбой,
Күн элем – эми өчөмүн нурга оробой!
Жашоодо сүйүү кыйын билгендерге,
Сүйүүдөн айрылган соң, өлүү оңой.
Урматын, денем менен кошо жатат,
Мен өлөм, колун жайып, дуба окуп кой – түрмөгү кыскарылбаса деле болчудай экен.
Нестан кажеттердин сепилинде камоодо жатканда үмүтү үзүлө Батмага жазган
катында, Тариэл хатаваларды жеңгенде тартуулаган жоолугунун айрындысын кошуп
бергенин жазат.
1940-жылдагы басылышта (301-бет) бул учур башкача сүрөттөлгөнү А. Осмоновдун
эркин котормого өтө берилгендигинен болсо керек:
Жибердим белек кылып сары жоолук,
Жаш менен тегерете сайма согуп.
Түшүнсүн Тариэлим бул белгиден,
Саргарып жатканымды туткун болуп.
Күн эмес, минут сайын эсиме алып,
Камыгып, караңгыда кайгы оронуп.
Орусчасында:
Пишешь ты, что знак любови
я послать ему должна
Шлю ему кусок вуали, тяжкой горсти полна.
Та вуаль отбита милым у хатавов и она,
Всюду странствуя со мною, как судьба моя,
черна! (201-стр.)
7-басылышында оңдолгону:
Жибердим белек кылып айрып жоолук,
Бир кезде өз колуңан берген жоолук!
Түшүнсүн Тариэлим бул белгиден
Кайгыда жатканымды туткун болуп
Жок менде мындан башка көңүл басар,
Жатканым караңгыда кайгы оронуп.
Тариэлге Нестан жазган каттын:
Берерим, ушул жаным, кайгы жоолук,
Катып ал, жазган катты окуп болуп.
Бул өзү махабаттын элестери...
Жаш гүлдөр жамгыр жаабай калган соолуп.
Жер, көк да, ай да, күн да, баары каршы
Эмесе, түбөлүккө коштошолук –деген эн соңку түрмөгү эмне үчүн кийинки
басылыштарга киргизилбегени белгисиз.
Сеп болор, жалынып көр жаратканга,
Көз салар карыптардын көз жашына! – деген саптар (1940.304-бет) 1951-жылдагы
басылышта (271-бет):
Сеп болор жалынып көр махабатка,
Аскадай бекем болгун кайратыңа– деп оңдолгону атеисттик көз караштан же
махабатты барктоодон болгонбу?
Ал эми чыгарманын:
Шаркырап, эркин агат алтын булак,
Жээгинде булбул куштар сайрайт, ырдайт.
Жалганда не тилесең, баары даяр,
Жаралып жарык заман, жанга рахат...
Унутуп адамзаттар жамандыкты,
Кой үстүндө боз торгой жумурткалап – деген эң соңку саптарын алып коюшта жана
жогоруда көрсөтүлгөн оош-кыйыштар боюнча иштөөдө котормочу Алыкул Осмонов
редактор Түгөлбай Сыдыкбеков менен иштешкени же редактордун «аракети» эбепкесебеп болгонун алыкултаануу илиминин айдынына эми келибаткан текст изилдөөчү
окумуштуулар аныктап алар деп ойлойбуз.
Мунун бир төтө жана ыңгайлуу жолу «Жолборс терисин кийген баатырдын» 1940жылдагы алгачкы жана кийинки басылыштарын (1951-ж.) Алыкул Осмоновдун жетинчи
басылышына кунт коюп, дагы майда-чуйдасына чейин салыштыруу.
***
Махабатты жана анык достукту данктоодо кыргыз тилннин көркөм ой даражасын,
кудурет күчүн тастыктоодо Алыкулдун «Жолборс терисин кийген баатыр» котормосу
опол тоодой тирек болуп, кыргыз адабиятына ак кызмат өтөгөнү ырас.
Бул котормо чыгарма эне тилибиздин кооздугун, көркөм сөз каситтерин XXI
кылымдагы кыргыз окурмандарына да даана ачып көргөзмөгү анык.
Соңку сөз ордуна
Шота Руставелинин сүйүү дастанын түп нускасында окуй албагандыктан төмөнкү
күмөнсүнүү чечилбеген бойдон калат шекилденет. Орусча котормосунда Тариэлдин
арстан менен жолборсту өлтүргөн себеби бул эки жаныбардын өз ара арзуусу,
ашыктыгы же тикелей, орой айтканда экөөнүн үйүгүшүү аракетинен улам болгону
айтылат. Ушул жерден зоологиялыкпы, биологиялыкпы бир суроо кылт эске түшөт...
Арстан менен жолборстун бири бирине мынчалык жакындашуусу жөнүндөгү маалымат
илим же турмушта деле бардыгын учуратпасак керек эле.
А балким автордун фантазиясы аркылуу Тариэл жана Нестандын азаптуу махабаты
арстан менен жолборстун ойго келбес лирикалуу образына салыштырылгандыр. Эгерде,
ушул оюбуз омоктуу делсе, анда котормочулар тарабына эч доомат жок.
Бирок, А. Осмоновдун вариантына киргизилген редакторлук оңдоону көргөзүүнү эп
көрдүк.
«Тариэл жолборс менен кармашканын айтып баратты» бөлүмүнүн орусчасында:
Я сквозь заросли проехал и на холм
поднялся скоро,
Вижу: лев спешит к тигрице,
полный страсти и задора.
Их веселые забавы были радостны для взора,
Но затем меня смутила непонятная их ссора.
(Ш. Руставели. Витязь в тигровой шкуре. Перевод с грузинского Н. Заболоцкого.
«Художественная литература», 1984., 142 стр.)
Тариэл боор толгогон жаш жолборс да аны түшүнбөй, тырмагын матырганы, аны
өлтүргөндө өзүнүн сүйгөнүн эстегени мындайча сүрөттөлөт:
Ничего не мог я сделать с тварью
той неукротимой,
Я ее ударил оземь, гневом яростным палимый,
И припомнил я внезапно, как я ссорился
с любимой,
И едва в тот миг не умер от тоски невыносимой (там же. 143 стр.)
Эми Алыкулдун эркин которуусуна назар салсак:
Туш келдим бир дөбөгө кырдан ашып,
Келатат бала жолборс жыла басып.
Артынан баатыр арстан чыга калды
Турушту күркүрөшүп жерди чапчып.
Булардын сүйүүсүнө батмак болдум,
Мындайга маашыркаган кайран жаштык. (1951-жылдагы басылма, 190-бет)
1940, 1951-жылдагы басылмаларда Тариэл жолборсту аргасыз өлтүргөндөгүсү:
Жолборстун жини келип чапчып алды,
Канталап денелерим жараланды.
Мойнунан мыткып туруп жерге соктум
Байкуштун ошол замат чыкты жаны
Мындан да жаныма айла болбогон соң
Курдашын мажнун болуп боздоп калды.
Орусчасындагы ой менен дал келтирүү ниетинде акыркы эки сап оңдолду:
Ошондо кокустан элестеп ашыгы,
Курдашың ого бетер боздоп калды. (7-басылыш. 171-бет)
Арстан менен жолборстун жоругун жокко чыгарып, эки жолборстун
«жакындашуусу» деп, бул бөлүмгө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди.
(7-басылыш 170-171-беттер).
Экинчи түрмөктүн:
Келатат бала жолборс жыла басып, Артынан баатыр арстан чыга калды делгени
Келатса жаш жолборс сырдуу басып, Артынан дагы бирөө чыга калды, деп,
Үчүнчү түрмөктүн:
Жаш жолборсу арстанга шыйпалаңдап делгени
Жаш жолборсу беркисине шыйпалаңдап деп,
Төртүнчү түрмөктүн:
Бирок да эркексинип арстаны,
Күркүрөп күчтүүсүнүп үстөм кылат делгени
Бирок да эркексинип беркиниси, Күркүрөп күчтүүсүнүп үстөм кылат деп,
Бешинчи түрмөктүн:
Кыйкырдым: «Арстан, мунуң эрдик эмес, – делгени
Кыйкырдым: «Шерим, мунун эрдик эмес, –деп,
Ушул эле түрмөктүн:
Арстан шер жерге кулап күр дей түштү, делгени
Жолборс шери жерге кулап күр дей түштү, деп өзгөртүлдү.
Заболоцкий Алыкул котормолорундагы ушул окшоштукка муюбай турганымды
Кыргыз эл акыны, айтылуу котормочу Эрнис Турсунов менен бөлүшкөнүмдө, кыйладан
кийин «Сеники туура» деген колдоо жообу менен кубаттаганына рахмат.
Текстологиялык, редакциялык алымча-кошумчалар менен иштөөдө айрым
терминдер же түшүнүктөр да ондоого кириптер болду. Мисалы хан Тинатин эмес,
каныша Тинатин, Хваразмшаа эмес Хорезм шахы, Тариэлдин жарына жазган каты
(1940. 90-6.), оңдолгону Тариэлдин сүйгөнүнө жазган каты (1951. 86-6.) Хан Тинатин
кары устатын чакыртты. (1940. 13-6.) Шах Тинатин кары устатын чакыртты (1951.18-6.)
Каныша Тинатин делгени туура. (7-басылышта) Мындан тышкары 7-басылыштын
аягына түшүндүрмө сөздүк да берилди.
Сентябрь-декабрь, 2005-жыл
VII Бөлүм
Акын жөнүндө сөз
ЗАМАНДАШТАРЫНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНӨН8
Түгөлбай Сыдыкбеков:
Кез-кез маектешип олтурганыбызда Алыкулдун көп көксөгөн тилегинин бири ушул
кыргыз жазуучуларынын катары шыктуу, акыл-эстүү жаштар менен толукталып тез эле
бараандуу болушун көксөчү. Жазуучулук эн ыйык кесип. Жазуучумун деген адам (ал
чын жазуучу болсо), баамчыл, адамга арам санабаган ак пейил, көрөгөч, калыс,
You have read 1 text from Kirgizisch literature.
Volgende - Мезгил жана Алыкул - 12
  • Onderdelen
  • Мезгил жана Алыкул - 01
    Totaal aantal woorden is 3760
    Totaal aantal unieke woorden is 2312
    25.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    37.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    44.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 02
    Totaal aantal woorden is 3607
    Totaal aantal unieke woorden is 2069
    21.8 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    32.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    39.0 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 03
    Totaal aantal woorden is 3621
    Totaal aantal unieke woorden is 2245
    22.0 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    34.5 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    41.3 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 04
    Totaal aantal woorden is 3820
    Totaal aantal unieke woorden is 2341
    24.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    35.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    41.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 05
    Totaal aantal woorden is 3713
    Totaal aantal unieke woorden is 2285
    24.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    36.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    43.3 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 06
    Totaal aantal woorden is 3757
    Totaal aantal unieke woorden is 2299
    25.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    36.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    41.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 07
    Totaal aantal woorden is 3759
    Totaal aantal unieke woorden is 2115
    27.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    39.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    45.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 08
    Totaal aantal woorden is 3815
    Totaal aantal unieke woorden is 2203
    27.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    40.0 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    46.0 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 09
    Totaal aantal woorden is 3745
    Totaal aantal unieke woorden is 2344
    23.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    34.3 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    41.0 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 10
    Totaal aantal woorden is 3583
    Totaal aantal unieke woorden is 2348
    22.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    33.2 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    39.1 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 11
    Totaal aantal woorden is 3645
    Totaal aantal unieke woorden is 2114
    25.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    36.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    42.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 12
    Totaal aantal woorden is 3909
    Totaal aantal unieke woorden is 2210
    29.2 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    42.2 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    49.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 13
    Totaal aantal woorden is 3940
    Totaal aantal unieke woorden is 2179
    29.1 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    41.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    47.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 14
    Totaal aantal woorden is 3720
    Totaal aantal unieke woorden is 2239
    26.8 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    39.0 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    45.0 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 15
    Totaal aantal woorden is 3869
    Totaal aantal unieke woorden is 2392
    18.2 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    25.4 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    29.3 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
  • Мезгил жана Алыкул - 16
    Totaal aantal woorden is 2742
    Totaal aantal unieke woorden is 1697
    23.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
    33.9 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
    39.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
    Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.