LatinElke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.
Балдар фольклору - 23
Totaal aantal woorden is 4124
Totaal aantal unieke woorden is 1859
35.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden
49.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden
56.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
айтканы чын экен» деп, кетенчиктеп барып отуруп калган экен. Вазир досу
«айуй» дегенге көнбөстөн, баланы канга айдап жөнөмөк болду. Үйдөн чыга элек
жатса, баягы миң дилде берген бай келип, «дилдемди бергин» деп жакадан алып,
мен да канга барчумун» деп ээрчип алды. Ошентип төртөө канга барышат. Кан
вазирдин сөзүн угуп отуруп баладан: «Байбачаны өлтүргөнүң чынбы?» деп
сурады.
Бала болгон окуяны башынан аягына чейин айтып келип: «Ошол байбачаны
чакыртсаңыз эле, сөздүн калп, чынына көзүңүз жетет» деди. Кан баягы өлдү
деген байбачаны чакыртты эле, сопсоо, салам айтып кирип келди. Ал эми аялы
айткан чуңкурду каздырса, эчкинин башы чыкты. Кан байдын карыз дилдесин
кечип, вазир менен аялды кууп жиберди да баягы баланы өзүнө баш вазир кылып
дайындады.
Арадан ай өтпөй, кандын аялы өлүп, бир жаш кызга үйлөндү. Аялдын балага
көзү түшүп калып, аркы-беркиден сөз салды эле ал: «Атам туз арамы кылба
дебеди беле» деп, анын алдоосуна көнбөй койду. Анда аял баладан өч алмак
Байбача — фарсы тилинен, бача-бала, демек байдын уулу дегенди түшүндүрөт.
болуп: «Таксыр каным, ушул вазириңдин көзүндө оту, сөзүндө мурчу бар мага сөз
айтып жүрөт, акыры өзүңө зыян кылбасын» деп чагым салат. Кан аялдын сөзүнө
ишенип, аны өлтүрмөк болот да, наабайчысын чакырып: «Эртең менен
үрөң-бараңда биздин үйдөн ким барса да дандырга салып ий» деп, буйрук берет.
Эртеси кан баланы «наабайчыга барып нан алып кел» дейт. Бала эчтекеден
капары жок келе жатса, саардан бир үйдөн түтүн булап, бир кемпир түндүк
тартып жол карап туруптур. Кемпир баланы көрүп сүйүнүп: «Балам, бүгүн күнгө
жума, жалгыз балам өлдү эле, ошого куран окуп, даам сыза кет» деди. Бала
отурайын десе, нандан кечигип кала турган. Кандын каарынан коркот,
отурбайын десе, кемпирдин көңүлүн кыйбайт. Ошондо атасынын: «Эртеңки ашка
күйсөң күй, кечки ашка күйбө» деген сөзүн эстеп, макул болуп, кемпирди ээрчий
үйгө кирет. Кандын аялы бала нанга кеткенден кийин «өлөр алдында
бир көрүп, табалап калайын» деп артынан кошо чыгат. Наабайчы «Кан айткан
киши ушул экен» деп дандырга салып, өрттөп жиберет.
Бала антип-минтип тамак ичип, куран окуганча күн шашке болуп калат. Андан
чыгып шашкан бойдон наабайчыга келип, нанды алып канга келет. Кан анын
аман-эсен келгенин көрүп, аябай таң калып, «көз көрүнө өлүмдөн аман калган
адам бекер адам эместир» деп, сөздүн чынын айтып, аялын чакыртса аялы жок
болуп чыкты. Бала болгон иштин жагдайын канга төкпөй-чачпай айтып берип:
«Атам туз арамы кылба» деди эле, «туз арамы кылган жокмун» деди, кан балага
аябай ыраазы болуп, өзүнүн кылган ишине уялып калды.
Күндөрдүн биринде эл арасына «Мисир шаарына соода кылууга барган киши,
алып барган мал-мүлкүн жакшы соодалап келет имиш» деген сөз тарады. Бул
кабар канга да жетет. Кан бир чети жер көрмөк, бир чети соода кылмак болуп,
жанына баягы вазир баланы, жигиттерин алып, Мисир шаарын көздөй жөнөп
калат. Ой менен, чөл менен жүрүп отурушат, бирок суу жок, мал да, жан да суудан
аябай тукулжурап, чаалыгып чаңкашат. Акыры жүрүп отуруп, чөлдөгү бир
кудукка келишет.
Суу алмак болуп кудукка түшкөндөрдүн башы жок, тулку бою эле чыгат. Муну
көрүп кандын жигиттери дүрбөлөңгө түшүп калат. Бала тобокелге бел байлап
«кудукка мен түшөм» деди. Кан кыйылып жатып макул болду. Ал кудукка түшүп
суу сузуп алайын десе, кудуктун түбүндө отурган эки аялдын бири: «Сууну
алчудан мурда биздин табышмагыбызды чечип бер» деди. Бала: «Талашыңар
эмне?» деп караса, бирөөнүн алдында бака, бирөөнүн алдында жылан жатат.
Бирөө жыланды түртүп коюп, ийрилип жатып калса эле жалынып жалбарып
калат. Экинчиси бакага үйрүлүп түшөт. Аңгыча аялдын экинчиси: «Жылан менин
балам, бака мунун баласы. Экөөнүн кайсынысы жакшы?» деди.
Бала ойлонуп туруп: «Атам калыстыгыңдан жанба» дебеди беле», деди да: «Ар
кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» деген экен.
Ошондо эки аялдын тең жарпы жазылып: «Оп бали, сөзүң сөз эмес бекен, бая
эле ушинтип айтышпайбы?» деп кудуктан суу алууга уруксат бериптир.
Бала сууну алып, аман-эсен кудуктан чыгып келет. Андан жүрүп отурушуп,
Мисир шаарына барышып, бир пулун эки эсе пулдап кайра тартышат. Элге
келгенден кийин кан: «Сен кан болууга ылайык калыс экенсиң» деп балага
кандыгынан түшүп берген экен.
СУЛАЙМАН БАЙ
Илгери Сулайман аттуу байдын маңдайына кармаган жалгыз уулу болуптур.
Ал уулуна «андай бол, мындай бол» деп, акыл насаатты ар дайым көп айтуучу
экен. Сулайман бай өзүнүн уулунун жакшы киши болушун каалайт. Бирок, уулу
атасынын сөзүн сөз ордуна көрбөй, кулак какпай жүрүп бой тартат. Күндөрдүн
биринде атасы чакырып алып: «Балам, мен болсом карып баратам, өлөрүм калды,
өсөрүм калган жок. Сенин жалгыз жүргөнүң болбойт. Жашың жетти, эл-журттан
карап жүрүп, менин көзүмдүн барында колукту алгын. Бирок жаштык кылып
өңү-түсүнө кызыкпагын, балам. Пейлине карап, акыл-эсине карап алгын. Атанын
сөзүн эске алып жүргөн жакшы болот» деди. Баласы атасынын сөзүн укмаксан
болду. Өзүнө киши теңебей, эл тааныбай, тулпар ойнотуп, чаң ызгытып, көөп
жүрдү. Бул убакта бир келиндин сулуулугуна кызыгып, өзүнөн бир нече жаш
улуураак жубанды алды. Атасы: «Балам, эми ат тердетип алыстан алдың, айткан
сөзүмдү укпадың, алдыңкы турмушуңдун кандай болооруна көзүм жетпейт.
«Атанын тилин албаган бала дүйнөдө карыпчылыкты көп көрөт» деп, илгерки
карыялар айтчу экен. Артың кайрылуу болсо болду» деп атасы тим болду. Бир
күнү Сулайман бай ооруп калат. Өзүнүн өлөрүн билип, келинин кашына
чакыртып алып, балама эч жамандык кылбас деген ой менен келинине: «Сага
айта турган аманат сөзүм көп, балам болсо жаш калды. Мен өлсөм жакшы менен
да жаман менен да жүрөр. Ошону менен кагылып, өз оокатын өзү кылууга жарар,
жер астында жети казынам бар. Балам аркы-беркини көрүп кагылганда алып
оокат кыларсыңар» деп, казынасынын ачкычтарын келинине берди.
Атасы өлгөндөн кийин, баласы жаман менен дагы, жакшы менен дагы жүрдү.
«Ай-кой» деген киши болбоду, арак ичти, кумар ойноду, эки жылдын ичинде
атасынан калган малын, дүнүйөсүн түгөтүп бүттү. Аялы казына жөнүндө
күйөөсүнө билгизген жок. Колундагы акчасы, малы түгөнгөндөн кийин, күндө
бир шылтоо таап уруша берди. Башка күйөөгө чыгып, казынаны бүт бойдон өзүнө
калтыргысы келип, бир күнү күйөөсүнө айтты: «Малды болсо түгөттүң, эми эптеп
жан сактоо үчүн короо-жайды саткын» деди. Күйөөсү короону сатууга макул
болду. Аялы дагы амалын таап: «Башка кишиге сатсак, арзан алышат. Сен барып
Байбатча деген кишини конокко чакырып келгин. Ошого айтсак, короону
кымбатка сатып алат, бай киши эмеспи» деди. Күйөөсү Байбатчаны чакырып
келип коноктой баштады. Аялы күйөөсүн мас кылууга аракеттенип, аракты куюп
суна берди. Күйөөсү мындан шек алып, мас болумуш болуп жатып калды.
Аялы Байбатчага: «Биздин короону күйөөмө саттырганы жатам. Анын
баасынан качпай сатып алыңыз, ичинде жети казына бар. Күйөөм билбейт,
ачкычтары менде» деди. Байбатча: «Казынаны ачып көрсөткүн» деди.
Аялы колуна чырак алып, Байбатчаны ээрчитип, казынанын оозун ачып
көрсөтө баштады. Күйөөсү артынан аңдып барып, казынаны көрүп, ошондо
атасынын айткан сөзүн эстеген экен. «Ушул үчүн атам мени акыл-эсине карап ал
деген экен го? » Эгер акылдуу аял болсо, менин кедей болгон убагымда жамандык
кылбайт эле» деп, кайра келип, ордуна жатып калды. Аял менен Байбатча үйгө
кирип кеңеше башташты. Байбатча аялга мындай деди: «Сен короону күйөөңө
саттырткын, мен сатып алайын, анан күйөөңөн чыгып мага тийгин». Аял буга
макул болду. Сөздү бүтүрүп, Байбатча үйүнө кайтты. Эртеси аялы: «Короону
саталы, Байбатча алмак болду, эми баасын коёлу» деди. Күйөөсү сыр билгизбей
короону сатмак болду. Мунун кабарын билген карыя адамдар баасын ашырып
алмак болуп жатты. Эң аягында Байбатча он миңге чыгарып, акчасын санап
берди. «Кире турган короо жай таап алып, короону бошотуп берейин» деп, бала
бир ай мөөнөт сурады. Байбатча көңүлү жай болуп, балага бир ай мөөнөт берди.
Эки-үч күн өткөндөн кийин аялы уруш чыгарды: «Короодон дагы айрылдык,
малдан дагы айрылдык. Эмки көргөн оокат кандай болот? Мен тура албайм,
кетемин» деди. Күйөөсү: «Кетсең кете кой, жолуң болсун» деп, коё берди. Бала
атасынын акыреттик досуна барып: «Атамдан калган казынаны ташып алайын»
деп, эки жүз төө сурады. Аяш атасы эки жүз төө берди, бул казынадагы алтын,
күмүштүн баарын ташып алды. Казынанын ичин суу менен чириген саманга
толтуруп, Байбатчага: «Короо-жайыңыз бошоду», деп айтты да, өзү аяш
атасыныкына көчүп кетти.
Аял бир айдан кийин Байбатчага тийип, үйүнө көчүп келишти. Байбатча
короодогу казынага таянып, колундагы болгон малы менен акчасынын
түгөнүшүнө шашылды. Көңүлү жай болуп жатып да туруп да, арак-бозону иче
берди. Кумар ойноп чөнтөгүндөгү акчасын түгөттү. Байбатча «менин байлыгым
түгөнбөс байлык» деп, кумарга уттуруп, чачынан көп карыздар болду. Байбатча
бир күнү алтын алып, карыздарына бермек болуп, казынага кирди. Казынанын
ичинде чирик саман, суу көңдөн башка эчтеке жок экенин көрүп, күйбөгөн жери
күл болду: «Элге-журтка шерменде кылдың, мени алдап, малымдан ажыраттың»
деп, аялды чачтан алып тепкиледи. Байбатча баланын үстүнөн арыз кылып канга
барды. Кан үчөөн чакырып сурап олтуруп: «Соода кылганда короону
соодалашкансыңар, эми короосунун ичинде казынасы жок дейсиңер» деп,
Байбатча менен аялды сөгүп кетирди. Байбатча аялынын чачын кыркып,
байталга сүйрөтүп, төркүнүнө жеткирди.
Балага аяш атасы өзүнүн жалгыз кызын алып берип, үйүнө кийирип, экөөн
бала кылып алды. Бир жылдан кийин бала кайын атасынан шаарга барып, соода
кылып келүүнү сураган соң, барууга уруксат берип, кербен башчыларынан он
чактысын чакырып, «биринчи кудайга аманат» деп тапшырып жиберди. Бала жүз
төөнүн булун 1 алып, кербен башчылары менен бирге шаарга жүрүп кетти.
Булар нечен күн, нечен түн суусуз, чөпсүз жүрүштү. Бир убакта кербендер:
«Мындан жарым күндүк жерден бир ак өргөө көрүнөт, андан бир кемпир чыгып,
бизди конгула дейт, биз конбойлу» дешти.
Баягы үйдүн тушуна келгенде кербендер айткандай кемпир алдынан чыгып:
«Бүгүн конуп унааларыңарды тыныктырып кетиңиздер» деп шапылдады. Кербен
башчылар тил албастан кете беришти. Бала алардын сөзүнө карабастан конуп
калды. Кемпирдин буту-бутуна тийбестен жүгүрүп, төөлөрүн чөгөрүп,
унаалардын жүгүн түшүрүп, коюн союп, чайын кайнатып, кызматын кылып,
сыйлай баштады. Намаз шам болгондо, кемпир бир шам менен мышыгын колуна
кармап келип: «Менин ушул мышыгым таң атканча шамды кармап отурат» деди.
Бала ал сөзгө ишенген жок. Кемпир «эгерде ушул мышыгым таң атканча шамды
кармап чыкса, жүз төө булуңузду бересизби? Кармап чыга албаса мен жүз төөнүн
булу менен берейин» дегенде, бала сүйүнүп, кемпир менен мелдешти. Кемпир
мышыкка шамды карматып коюп отурду. Таң атканча мышык талбастан шамды
кармап чыкты. Эртеси убадасы менен кемпир жүз төөнү булу менен алып калды.
Бала жалгыз аты менен кербен башчылардын артынан жүрүп олтуруп, шаарга
жетти. Кербендер соодасын бүтүрүшүп, үйгө кайра кетмекчи болду. Бала
кетпеске ойлоду: «Жүз төөнүн булун уттуруп жиберип, кантип атамдын жүзүн
Булун — акчасын.
көрөмүн, андан көрө барбаймын» деп, калып калды. Кербендер өз элин көздөй
жол тартышты. Кербендер элине жеткенде баланын атасына баштан-аяк
көргөндөрүнүн баарын айтышты. Атасы малга кайгырбастан, баланын өзүнүн
келбегендигине көп капаланды. Бала баягы шаарда жүрүп, кийерге кийими жок,
ичерге тамагы жок болгондуктан, ашпозчуга малай болду.
Күндөр өтүп, ай жылга айланды. Бир күнү баланын колуктусу атасынан: «Мен
шаарга барып соода кылып келейин» деп, жүз төөнүн булун сурады. Атасы
жалгыз кызына айласыздан «барсаң баргын» деп жооп берди. Колуктусунун
багып жүргөн бир чычканы болуптур. Ошол чычкан менен жүз төөнүн булун
алып, эркекче кийинип, белине кылычты байланып, күлкүсү шаңк этип, маңдайы
жарк этип, кербендер менен жүрүп кетти.
Бир нече күндүк жолго баргандан кийин баягы кемпирдин үйүнө кез болду.
Ошондо кербендер конбостон жүрүп кетишти. Баланын колуктусу жигиттери
менен конуп калды. Кемпир кубанып, мурункудан бетер барбалактап кызматын
кылып жүрдү. Тамак-аш ичип болгон соң кемпир баягы мышык менен шамын
алып келди. Келин: «Мунуңуз эмне энеке?» деп сурай калды.
«Бул мышыгым, мына бул шамды таң атканча кармап олтурат деди. Келин:
«Капыр кемпир, мышык кантип таң атканча шамды кармап олтурсун» деди. Анда
кемпир: «Ушул мышыгым шамды таң атканча кармап чыкса, эмне бересиң» деди.
Келин: «Кармап чыкса жүз төөмдү пулу менен берейин, кармап чыга албаса, сиз
жүз төөнү булу менен бересизби?» деди. Кемпир бул сөзгө кубанып «ичимдеги
оюмду тапты» деп мелдешип, шамды мышыкка карматып койду. Жарым түн
болгондо, кемпирге көрсөтпөстөн чычканды коё берди. Мышык чычканды
көргөндө, көзү кызарып, шамды таштап чычканды көздөй чуркады, чычкан
үйдөн чыга качты. Мышык эшиктин түбүнөн чычканды аңдып отурду. Келин
кемпирге карап: «Мышыгың кайда, шамың кайда? Алдынан чычкан качса
артынан кууп барып, эшиктин түбүнөн аңдып карап отурат» деди. Кемпир булу
менен жүз төөсүн уттуруп жиберди.
Келин шаарга келип, булун сатты, эки жүз төөнүн булу, төрт жүз төөнүн булу
болду. Ошондо атка минип, күйөөсүн издеп, көчөнү кыдырып келе жатса, күйөөсү
бир ашпоздун эшигинде от жагып олтурган экен. Келин күйөөсүн карап туруп,
көзүнөн тааныды. Күйөөсүн чакырып, беш сомдук алтын берип «Менин жаткан
жерим тетиги чоң алтын сарай, ошого кечинде мантуу алып баргын» деп кете
берди. Күйөөсү аялын кайдан таанысын, кеч киргенде убадасы менен мантуу
алып келип үйгө кирбестен эшикти ачып туруп, колун сунуп мантууну берди.
Колуктусу: «Үйгө кирсин» деп, буйрук кылган соң, айласыздан үйгө кирип,
жыртык чапанынын этеги менен тизесин жаап, бүрүшүп олтурду. Колуктусу аны
өзүнүн жанына олтургузуп, тамакты бирге жеп: «Эртең дагы алып келгин» деди.
Күйөөсү эртеси кечинде дагы алып келди. Колуктусу бала менен бирге тамакты
жеп олтуруп: «Сен кайдан келген баласың? Бул жердин адамы эмессиң го?» деп
сураганда бала башынан өткөргөндөрүнүн бардыгын сүйлөп өттү.
— Аялың барбы?
— Балам, аялым бар эле.
— Аялыңды жакшы көрүүчү белең?
— Жакшы эле көрүүчү элем, бирок, айла канча.
— Колуктуңду жакшы көрсөң эмне үчүн барбайсың?
— Кантип барамын? деп бала мукактанды.
Колуктусу балага карап:
— Сага сооп кылып, жүз төөнүн булун берейин, барасыңбы? деди.
— Барар элем, анан барганда кандай кылып төлөп беремин, мурункудан
бешбетер ошондо шерменде болбоймунбу? — деди.
Колуктусу: «Элиңе баргын, булумду албаймын, кудай үчүн берейин» деди.
«Андай болсо макул» деп, бала кожоюнунан бошотууну сурады. Кожоюну:
«Мойнуңа түшкөн булуңду төлөмөйүнчө жибербейм» деди.
Колуктусу күйөөсүнүн кожоюнуна барып, чыгымдарынын баарын төлөп,
чыгарып алды. Андан кийин балага өзүн таанытты. Күйөөсүн мончого түшүрүп,
атты мингизип, тонду кийгизип, экөө төрт жүз төөнүн булу менен үйүн көздөй
жол тартты. Жолдо малды жалдаган жигиттерге айдатып, өздөрү алдыга түшүп,
кабагы ачык, карды ток, байлыгы көп болуп, өз үйүнө олжосу менен келип
түшүштү.
Кыз атасына: «Балаңыз соода кылып, эки жүз төөнүн булу менен келмекчи
болуп жаткан кезде, үстүнөн чыктым» деди. Атасы балдарынын келгенине
сүйүнүп, кубанычы көлдөй балкып, майдай калкып, жатып калды. Бир убакта
кайыр тилеп жүргөн бир дубана аял келди. Караса баланын мурунку аялы экен.
Бала: «Менден кайтпаса, кудайдан кайтсын» деп, аялга бир сыйра кийим жана
бир айлык оокатын берип, жолуна кайтарды.
Өзүнүн кийинки аялы менен кабагы ачык, тийген күндөй, ачылган кызыл
гүлдөй болуп өмүр сүрүп жатып калышыптыр.
АЛЫМКУЛ ТҮШЧҮ
Илгери Өмүрзак аттуу кан казынасын уурдатып элине мындай деп жар салат:
«Ууруну ким таба турган болсо малымдын теңин берем, таппасаңар баарыңарды
күнөөгө тартам». Элдин айласы кетип, кандын каарынан коркуп, «Алымкул
түшчү деген киши таап берет» деп бир кишини көрсөтүшөт. Алымкул айылдан
алыс үй тиктирип, таап бермекке кырк күн убакыт алды. Кан кырк күнгө чейин
кырк кой союп, Алымкулду бакмак болду. Алымкул: «Баары бир кан өлтүрөт,
андан көрө кырк күнүм бүткөнгө чейин койду союп жеп жыргап жата берейин»
деп, кырк өрүк алып баштыкка салды. Бир күн өткөндө бир өрүктөн жеп коюп,
кырк күндү эсептеп жата берди.
Кандын казынасын алган кырк ууру экен. Кырк УУРУ: «Кан казынамды
уурдаган ууруну таптырам» деп, түшчү Алымкулга үй тиктирип койду. «Алымкул
эмне түш көрүп жаткан экен, бирибиз аңдып келели» деп, бир уурусун жиберди.
Ууру келип, үйдүн артынан тыңшап турду. Алымкул түн киргенде жатмакчы
болуп баягы өрүктүн бирин алып туруп: «Кырк элең бирөөң келдиң деп, жеп
жатып алды. Үйдүн артында тыңшап турган ууру Алымкулдун сөзүн угуп, коркуп
кетти. Ал ууру жолдошторуна барып «кокуй биздин өлөрүбүз калыптыр, мен
барсам: «Кырк элең, бирөөң келдиң» деп, жатып алды» деди. Эртеси дагы бир
ууруну тыңшоого жиберди. Алымкул уурунун тыңшаганын кайдан билсин: «Эки
күнүм бүтүп кетти» деп коркуп, өрүктүн бирин алып туруп «Кырк элең экөөң
келдиң» деп экинчисин жеди.
Ууру: «Келгенимди билип койду» деп, жолдошторуна айтты. Үчүнчү күнү
уурулар бир чолок уурусун жиберди. Алымкул жатарында өрүгүнөн бирди алса,
курт жеген өрүк колуна тийиптир: «Кырк элең, үчөөң келдиң, келгенде да,
майрыгың келдиң» деди. Эшикте турган чолок ууру коркуп: «Билерин деги билип
алыптыр, мен качканымда деле кармабайбы, баары бир канга айтып өлтүртөт,
андан көрө өзүм айтайын» деп, салам айтып кирип келди. Алымкул сыр
билгизбей, «келгин» деди. Ууру: «Түшчү аке, менин эмне келгенимди билип
тургандырсыз?» деди. Алымкул: «Билип турам, билбегенде анан» деди.
Чолок ууру: «Кандын казынасын биз уурдаган элек, мурунку күндөрдө экөө
келгенде ал экөөн билип койдуңуз, бүгүн мен келдим эле, мени дагы билип:
«Кырк элең үчөөң келдиң, келгенде дагы майрыгың келдиң» дедиңиз. Эми
бизден эмне алсаңыз дагы канга бизди айта көрбөңүз, жаныбызды алып
калыңыз, уурдаган буюмдарды жардын түбүнө көмгөнбүз, эчтекесин
коротконубуз жок» деди.
Алымкул ичинен сүйүнүп: «Ээ, болуптур, балдар, бүгүн келбесеңер, эртең
канга айтмакчы элем, келгениңер жакшы болду. Силерди мен сактап калайын,
бирок, экинчи бул кандын казынасынан жана айлынан бир жапырык чамынды
дагы уурдабагыла, кандын казынасынан уурдаган буюмга кол тийгизбестен,
өзүңөр суунун ары жагына өтүп, бул элден кеткиле. Эгер экинчи жолу айылдан
чычкак улак жоголсо дагы силерди башыңарды канга кармап берем» деди.
Ууру сүйүнгөн бойдон жолдошторуна барып, түнү менен кырк ууру башка
жакка качып кетишти. Экинчи бул айылдан ууру кылбаска ант беришти.
Алымкул: «Өлүмдөн калдым» деп, уурулар оңой жерден табылганына сүйүндү.
Кырк күнгө чейин кандын коюн жеп, чайын ичип жата берди. Кырк күн бүткөндө
эрте туруп канга салам айтып кирип келди: «Каным, казынаңыз бүт бойдон
жардын түбүндө жатат, барып каздырып алыңыз. Казынаңызды кырк ууру
уурдаган экен. Алар суудан өтө качышты. Эми табалбайсыз. Бирок мындан кийин
айлыңыздын чычкан улагын да ууру албайт» деди.
Кан жардын түбүнөн дүнүйөсүн каздырып ташытып алды. Алымкулга
убадасы менен малынын теңин бөлүп берди. Арадан көп күн өтпөй жылкычылар
бир бээ жок дешип келди. Кан Алымкул түшчүгө айтты. Алымкул түш көрөм деп
жатты. Ошол мезгилде бир жылкычы бээнин суу жээгинде кулундаганын
түшчүгө айтып келди. Эртеси Алымкул канга: «Каным, бээңиз бооз экен, сууга
жылкыларды сугарганы барганда ичинде жүргөн экен, суунун боюнда кулундап
калса керек» деди. Кан жылкычысын сууга жиберсе бээси суунун боюнда кулунун
ээрчитип жүргөн экен.
Эки-үч күндөн кийин кан ойлонуп олтуруп, Алымкулду сынамакчы болду. Топ
чымындарды кармайын деп эки жолу колун жумду эле, чымын эки ирет да учуп
кетти. Үчүнчү жолу кармап алып, Алымкулга алып келди да, «Алымкул, менин
колумда эмне бар? Эгер тапкыч болсоң тапчы? деди. Алымкул эми чындап өлгөн
экенмин, деп коркуп, өзүнүн абалын түшүндүрүп канга кыскача мындай деди:
«Биринчи жолу кутулду, экинчи жолу кутулду, байкуш чымын жан үчүнчү жолу
тутулду» деди. Кан колумдагы чымынды айткан экен деп ойлоп калды. Алымкул
түшчү айткан сөзүнүн дал келгенине сүйүндү. Кан Алымкулду «Чын олуя экен»
деп, таң калды.
Бир күнү кан Алымкулду ээрчитип мончого келди. Алымкул канткенде кандан
кутуларын билбей амал ойлоду. Бир убакта кан суу көтөрүп келе жатканда
Алымкул жинди болумуш болуп, канды жетелеген бойдон кышкы суукта эшикке
алып чыкты. Чыгып келе жатканда кандын башы мончонун босогосуна катуу
тийди. Эскилиги жетип араң турган мончонун төбөсү оюлуп жерге күр дей түштү.
Кан эшикке чыгып «Бали Алымкулум, сен болбосоң, мончо мени басып калмакчы
экен да, сен төбөсү түшөөрүн билип, эшикке алып чыккан экенсиң го» деди. Анда
Алымкул: Мен ошону билип, сизди майып болуп калбасын деп, алып
чыкпадымбы» деди. Кан ыраазы болуп: «Бир ажалдан алып калдың, эми башың
азат» деп, Алымкулду бошотуптур. Алымкул айла менен кандан кутулганына
сүйүнүп, өз оокатын өзү кылып туруп калган экен.
УБАДАГА БЕК ЖИГИТ
Илгери, илгери өткөн заманда үч бир тууган болгон экен. Алар ата-энеден
эрте ажырап, көрүнгөн байдын жумушун жасап, эптеп күн көрүшөт экен.
Бир күнү байдын чөбүн чаап, аябай чарчап көлөкөдө отурушса, жакын эле
жерге топ кара чыйырчыктар келип конуп калат. Биринен бири озуп оттоп
жаткан кара чыйырчыктарга карап бир туугандардын эң улуусу:
— Ой, чиркин, ушундай жер жайнаган малым болсо, өмүр бою бир да кишини
иренжитпей, кенен өмүр сүрүп өтөөр элем, — дейт, кичинекей чокчо сакалын
сылап.
Анда ортончусу туруп:
— Эгер менин ушундай короо-короо коюм болсо, өзүбүз сыяктуу
кедей-кембагалдарга каралашып, үйгө мейман келсе, кой союп, аларды ар дайым
сыйлап, алардан алкыш алып кана жүрөт элем, — деп тилек кылат.
Алардын эң кичүүсү үндөбөй отурган соң: «Ал эми сенин ушунча малың болсо
эмне кылат элең?» — деп сурап калышат эки агасы. «Менби, менин мынча малым
болбой эле эл катарлуу азын оолак, бир аз туягым, үстүмдө үй, жанымда
акыл-эстүү жарым болсо, мен дагы эч кимди иренжитпей өмүр сүрөр элем» деп
жооп берет. Алар ушундай таттуу кыялга батып, ойлоп жатышканда
маңдайларына келип калган ак сакалдуу карыяны байкабай калышат. Сакалы
тизесине түшкөн алиги карыянын кайдан чыга калганын билишпей үчөө тең
орундарынан атып турушат. Ошондо карыя туруп:
— Менин атым Убада. Силердин сүйлөгөн сөзүңөрдү жанатан бери угуп
турдум. Эгерде силер айткан сөзүңөргө турсаңар, мен силердин тилегиңерди
орундаймын! — дейт ак таягын көтөрүп.
— Биздин тилегибизди орундатсаңыз, айткан сөзүбүздө турабыз — дешти үч
бир тууган.
— Эмесе силердин тилегиңерди мен орундайын. Сен экөөң мал дедиңер,
тээтиги көрүнгөн дөбөнүн ары жагында эки короо кой жайылып жүрөт. Бир
короосу өңчөй ак, экинчи короо кой кара түстүү. Барып бириң карасын, бириң
агын алгыла, — деп күнгө чагылышкан таягын силкип-силкип алды. Экөө
чуркаган бойдон карыянын көрсөткөн жерине келишет. Келишсе, чын эле эки
короо кой жайылып жүрөт. Экөө койлорду айдап өздөрүнчө кетишет.
Карыя таягын дагы силкип туруп, эң кичүүсүнө карап:
— Эми сен тээтиги түтүн чыккан жерге бар. Үй десең, тилеген үйүң, өмүрлүк
жарың, азын-оолак малың ошол жерде. Бар эми, тилеген тилегиңе жет, — деп ак
сакалын сылап коюп көздөн кайым болду.
Ушул күндөн баштап, үч бир туугандын турмуштары оңолуп, өз тилектерине
жетип, жашап калышат.
Күндөр жылып, айлар оошуп, жылдар өтөт. Бир күнү баякы карыя Убада
жанына Пейил менен Бакытты ээрчитип: «Ошол жигиттердин барып сынап
көрөлүк, айткан сөздөрүн орундаар бекен?» деп жолго чыгышат. Алай-дүлөй
бороон болуп жатканда алды менен улуусунун үйүнө келишет.
— Биз кудайы конок болобуз, бороон өпкөдөн өтүп баратат — отуңа
жылынып, муздаган сөөгүбүздү жылытып чыгалык, үйгө кирүүгө уруксат эт, —
дейт келген карыялар үндөрү дирилдеп.
Малына ээ боло албай убара болгон бай:
— Ушундай кым-куутта, койлор суука чыдабай кырылып жатканда, конок
эмес кудай болсоңор да кеткиле, — деп кыйкырат.
Сакалдарына муз тоңуп калтыраган карыялар ал үйдөн чыгып, ортончу
байдыкына келет. Ал дагы ачууланып, аларды үйгө кийирбей кубалап жиберет.
Булардын түрүн көрүп, кичүүсүнүн үйүнө жөнөштү. Аларды көрүп жан алы
калбай үргөн иттин үнүнөн атып чыккан үй ээси конокторду колтуктап үйгө
киргизип, аттарын отко коёт. Коноктордун суу болгон кийимдерин чечип, башка
жылуу кийим кийгизип, суу кийимдерин кургатып, тамак ашын берип аябай,
жакшылап сыйлайт.
Эртеси коноктор жолго жөнөрдө Убада туруп: «Балам, урмат сыйыңа чоң
ыракмат. «Өлүмдөн уят катуу» дегендей болоттон бек жигит экенсиң. Аз
дөөлөткө мас болуп, эл менен иши жок, тиги агаларыңа окшобойсуң. Ар дайым
ушундай айткан сөзүңдө тур, өркөнүң өссүн!» дейт таягын силкип. Баягы
жигиттин кашына бакыт да, пейил да кайра оролуп түбөлүккө бактылуу болуп
жашап калган экен.
КАНДЫН КЫЗЫ
Телегейи тегиз, бары жокко бийлик кылып турган бир атактуу кан болот.
Анын бир акылдуу кызы болот. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, кыз атасына «жакшы
болмок миң күндө да, жаман болмок бир күндө» дейт. Анда эч кимдин айтканына
көнбөгөн, өз билгенин бербеген кан ачууланат. Кантип эле миң күн жакшы болуп
жүрүп, бир күндө жаман болуп калсын. Андай кыйын экенсиң, сени баягы «туурук
таманга» берейин, ошону миң күндө жакшы кылып алчы, — дейт да, өмүрүндө
жакшылык көрбөгөн, айткан сөзгө көнбөгөн, жыңайлак жүрүп, эти күйүп «туурук
таман» аталган, бир бечарага кызын берип жиберет. Кыз ага кайгырбастан,
күлүп-жайнап «туурук тамандын» үйүнө барат. Короонун ортосунда чалдыбары
чыккан бир там турат. Тегерегине чөп-куурайлар өскөн, өмүрүндө
шыпырылбаган, көрсө көңүл айныган ушундай жаман там.
Кыз келер менен: «Мен сиздин кабарыңызды алда качан билем, атайы сиз
менен бирге тиричилик кылууга келдим. Өлбөсөк турмушту улап кетербиз. Мен
үй ичиндеги кызматты кылайын, сиз сырттагы кызматты кылыңыз. Менин да
алып келген эчтекем жок, убакыт өткөрбөй жумушка киришели. Сиз барып бир
көтөрүп отун алыңыз да, базарга алып барып сатып, келишинче ун жана бир-эки
татым туз алып келиңиз» дейт. Анда «туурук таман» таң калган бойдон айтканын
аткарууга жөнөп кетет. Ал жөнөп кеткенден кийин чалдыбардын
жыртык-тешигине кесек коюп, ылай менен шыбап бүтөйт. Үй ичин абдан тазалап,
шыпырып, чөптөн оруп келип кийиз ордуна салат. Эшиктин алдын дагы
айнектей кылып тазалап коёт.
Үйдү тазалагандан кийин короодон куурай жыйнап, от жагып суу ысытып
даярдап турат.
Күн батар ченде айткандарын аткарып «Туурук таман» келет. Аны сууга
киринтип, чачын алдырып, «туурук таманды» аябай тазалайт. Алып келген
унунан жакшылап оокат жасайт. Эртеси күнү дагы отунга жиберет.
Анда дагы көбүрөөк отун сатып, тамактын артканына жибек, ийне ала кел деп
тапшырат. Андан кийинки күнү кездеме ала кел деп тапшырат. Кийинки күнү
отун алып келгенче, жоолук, кол жоолук сайып коёт. Анан аларды саттырып
күндөн-күнгө оокаттары оңолуп, тыңый беришет. Үй турмушун оңоп алгандан
кийин, жоолук сайган акчасынан арткан акчаларын жыйнап жүрүп, бир күнү
«туурук таманга» мындай деген тапшырма берип базарга жиберет: «Базарга
барсаң бир чолок куйрук боз куш, бир чолок куйрук көк ат жолугат. Экөөн тең
сураганын берип алып кел» дейт. «Туурук таман» кыздын айтканындай кылат да,
куш менен атты алып келет. Кыз аларды таптап кулпунтуп коёт. Шумкар илгир,
тулпар жорго болот.
«Туурук таман» куш салып, сайрандай баштайт. Күндөрдүн биринде «туурук
таман» туруп мындай дейт:
«Сен үй тиричилигин курсаң, мен сырттан аракет кылып дүнүйө тапсам
болбойбу» дейт. Анда кыз: «Жакшы болот, жол азыгыңды камдайын, калаадан
чыккан кербендерге кошул, атыңды минип, кушуңду кондуруп алып ошолор
конгон жерге кон. Жолдогу чөлдө бир кудук бар, ал «барса келбес кудук» деп
аталат. Андан суу алып чыгууга эч ким макул болбойт. Мен алып чыгам дегин
дагы, аркан байлатып алып түш. Түбүнө жеткен кезде эки ургаачы, бир эркек:
«Ким сулуу» деп талашып жаткан болот. Анда: «Суу берсеңер, мен чечип берем»
деп айткын. Алар макул болушат. «Сулуу, сулуу эмес, сүйгөн сулуу, ар кимдин
алганы өзүнө сулуу» деп айткын».
Ошентип айтсаң алар суу беришет. Сууну кербендерге берсең алар жүктөгөн
мүлктөрүнөн берет да, соода кылып келесиң.
«Туурук таман» аялынын айтканындай кылат. Ал сууну ал алып чыкканда
кербендер таң калышат. Анткени ал кудукка түшкөн киши кайра чыкпасын
билүүчү эле. Жигиттин эсен чыгып жана аларды суу менен камсыз
кылгандыгына өтө ыраазы болгондуктан, ал жүз төөлүү кербендер ортодон үч
төөнү жүктөрү менен жигитке беришет. Жигит кербендер менен барып, соода,
кылат, дагы аябаган көп байлык менен үйүнө кайтат.
Ошентип байып алышкандан кийин, калаадан издеп жүрүп, эң биринчи
усталарды таап, так падышанын үйүндөй жай салдырып, ар бир үйдүн эшигинин
алдына: «Жакшы болмок миң күндө, жаман болмок
бир күндө» деген сөздү жаздырат. Камылгасы бүткөндөн кийин, аялы күйөөсүн
падышанын уу кыла турган жерине жиберет да, мындай деген тапшырма берет.
— Падыша жолукканда атың менен кушуңа кызыгат да сурайт, аларыңды
бербе, өзүң конокко чакыр. Ал сенден мурун чакыра турган болсо «тон жакасынан
кийилет» сиз кан болгондуктан биринчи мен чакыруум керек деп айт. Бир жарым
болуп келиңиз де.
Жигит ууга чыкканда аялынын айтканынын баары туура келет. Кан менен
жолугушканда аялы айткандардын бардыгын аткарат. Кан терең ойго түшөт,

You have read 1 text from Kirgizisch literature.
Volgende - Балдар фольклору - 24
- Onderdelen
- Балдар фольклору - 01Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 3686Totaal aantal unieke woorden is 187123.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden35.0 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden41.7 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 02Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 3707Totaal aantal unieke woorden is 194624.2 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden36.4 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden43.3 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 03Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4283Totaal aantal unieke woorden is 231524.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden38.0 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden45.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 04Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4183Totaal aantal unieke woorden is 219826.3 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden39.0 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden46.8 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 05Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4433Totaal aantal unieke woorden is 167431.8 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden43.4 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden49.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 06Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4523Totaal aantal unieke woorden is 182533.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden46.2 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden52.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 07Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4200Totaal aantal unieke woorden is 198034.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden47.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden54.1 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 08Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4165Totaal aantal unieke woorden is 175335.1 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden47.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden54.8 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 09Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4107Totaal aantal unieke woorden is 172736.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden50.3 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden56.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 10Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4222Totaal aantal unieke woorden is 167936.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden49.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden55.2 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 11Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4276Totaal aantal unieke woorden is 169839.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden54.7 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden61.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 12Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4231Totaal aantal unieke woorden is 184837.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden51.7 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden58.1 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 13Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4215Totaal aantal unieke woorden is 171438.3 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden51.9 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden57.3 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 14Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4174Totaal aantal unieke woorden is 181435.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden48.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden55.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 15Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4330Totaal aantal unieke woorden is 163539.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden52.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden58.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 16Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4178Totaal aantal unieke woorden is 180238.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden53.5 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden59.8 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 17Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4287Totaal aantal unieke woorden is 170138.8 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden52.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden59.8 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 18Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4111Totaal aantal unieke woorden is 190234.4 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden47.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden53.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 19Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4155Totaal aantal unieke woorden is 185036.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden50.3 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden55.7 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 20Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4187Totaal aantal unieke woorden is 173737.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden52.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden58.7 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 21Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4177Totaal aantal unieke woorden is 184535.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden49.2 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden54.6 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 22Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4209Totaal aantal unieke woorden is 171037.2 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden51.6 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden56.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 23Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4124Totaal aantal unieke woorden is 185935.6 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden49.8 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden56.5 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 24Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4159Totaal aantal unieke woorden is 182735.3 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden48.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden53.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 25Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4118Totaal aantal unieke woorden is 167236.7 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden49.7 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden55.1 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 26Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4159Totaal aantal unieke woorden is 178737.8 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden52.1 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden57.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 27Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 4074Totaal aantal unieke woorden is 175737.5 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden50.9 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden56.9 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden
- Балдар фольклору - 28Elke regel vertegenwoordigt het percentage woorden per 1000 meest voorkomende woorden.Totaal aantal woorden is 1928Totaal aantal unieke woorden is 109933.8 van de woorden behoren tot de 2000 meest voorkomende woorden46.2 van de woorden behoren tot de 5000 meest voorkomende woorden51.4 van de woorden behoren tot de 8000 meest voorkomende woorden