Latin

Болот, Асан, Жамал - 1

Total number of words is 3759
Total number of unique words is 2308
28.2 of words are in the 2000 most common words
39.5 of words are in the 5000 most common words
46.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
АЙТЫЛЫП БҮТПӨГӨН АРЗУУ ЖОМОГУ
Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын басымдуу көпчүлүгү ыр түрүндө айтылат. Бир
болгон маанилүү окуя эл эсинде терең сакталып, алгач аңыз сөз, легенда түрүңдө айтылып
жүрүп олтуруп акыры акындар тарабынан ырга эпоско, дастанга айланып тынган фактыларды
кыргыз фольклорунун четинен тапса болот. Ал тема мейли элдик баатырларга арналсын, мейли
жеке адам тагдырына же бүтүндөй бир элдин башынан өткөргөн тарыхый окуяга арналбасын,
баардыгына мүнөздүү бирдей жалпылык – алардын алгач кара сөз түрүндө айтылып, бара-бара
ыр формасына айланып кетиши. Ырас, кара сөз же ошол эле окуя ыр түрүндө параллел
айтылып жүргөн учурлардын фактысы да кыргыз фольклорунан кезигет (м. «Эр Төштүк»). Мына
ушундай элдик чыгармачылыктын табиятына мүнөздүү болгон кара сөздөн ырга айланган
чыгарманын дагы бир мисалы катарына биз алдыда азын оолак сөз кылалы деп турган «Болот»
жомогу да кошулат. Жыйноочу бул вариантты негедир «жомок» деп атаган экен. Буга караганда
чыгарма алгач кара сөз түрүндө жашап келиши да толук ыктымал. Ал эми кара сөз түрүндөгү
жомоктун үлгүлөрүнө Пушкин, Алыкул сыяктуу чоң акындардан өйдө кайрылып, алардын
айрымдарын ырга айлантып салышкан эмеспи. Албетте, бардык акындардан Пушкин менен
Алыкулдун бийиктигин талап кылышы жөндүү болбос. «Аалыбек алына жараша» дегендей
талант дараметтерине ылайык элдик сюжеттерди кайрадан иштеп чыккандарга да
ыраазычылык билдирип, топук кылганыбыз оң. Болбогондо, канча чыгармалар профессионал
адабият өнүккөндө, айтылбай да, жазылбай да калмак. Бул жагынан жазгыч акындардын,
жаратуучулардын жалпы кыргыз адабиятында ала элек баасы, татыктуу орду бар. Сөзсүз, элдик
мурасты бир жанрдан экинчи бир жанрдын тили менен сүйлөтүп коюу менен жазгыч акындар
ал чыгарманы өз энчисине биротоло басып алышпайт, авторлук укукту эл менен бөлүшөт.
Негизги окуяга улам бир талант өз доорунун шартына, талабына ылайык ар кандай ыкма менен
кайрыла беришине эч ким тыюу сала албайт. «Жомок» демекчи бул жанрдагы чыгармалардын
айрымдары ыр түрүндө деле айтылган. Алсак, «эпос», термин адабиятыбызга келе электе
«Манасты» кыргыздар «жомок» деп аташкан.
Демек, «Болот» чыгармасын «жомок» деп аталышынан оркойгон ката издешке деле
болбойт. Ошондой болсо да, чыгарманын мазмундук, формалык, көлөмдүк белгилери Чыгыш
дастандарын эске салып, жанрдык түрү боюнча «дастан» деп атоого ой оодарат. Жогоруда
белгиленгендей, чыгарманын сюжети мурда эл арасында айтылып жүрүп, кийинчерээк жазгыч
акын тарабынан ырга айландырылып кагазга түшүрүлгөн. Муну чыгарманын өзүнөн — алыска
сапар тартып бараткан жүргүнчүлөргө Курман аттуу ырчы «жол жомогу» катары айтып
бергендигинен эле байкаса болот. Жолдо, Акбейит деген жерде Болоттун атасы, уста
Нурбайдын сөөгү коюлган экен. Сөз учугу ошол Нурбай устадан уланып, анын уулу Болот
баатырдын жеңиштүү иштери менен аяктайт. Демек, ушул текстти жазган адам Курман
ырчыдан сюжеттин негизги өзөгүн илип калып, кийинчерээк кагазга ыр кылып жазып чыккан.
Чыгарманын ыр түзүлүшү биздеги салттык 7—8 муундуу ыр формасында эмес, Чыгыш
поэзиясынын таасиринде 10—11 муундуу ыр жолдору менен жазылган. Алты саптан турган
туруктуу строфаларга бөлүштүрүлүп, ар бири бирдей рифмага баш ийдирилген. Мына ушул
сапаттарды жазгыч акындар көбүрөөк пайдаланып жүргөндүктөн, бул чыгарма да андан чет
калбай, «Эр Төштүк», «Жаныш, Байыш» сыяктуу чыгармалардан кескин айырмаланып турат.
Ошондуктан, «Болот» дастанын жазгыч акын тарабынан кайрадан иштелип чыккан элдик
чыгарманын бир үлгүсү деп кароого болот. Ушул жерден жазгыч акындар туурасында бир аз сөз
кылып, чегинүү жасай кетсек. Жазгыч акындарды шарттуу түрдө казалчылар жана дастанчылар
деп экиге бөлүп карашка болот. Акындардын бул эки түрү экөө тең төкмөчүлүк өнөрдөн
көрөңгөлөнүп, экөө тең чыгармаларын кагаз бетине түшүрүү жагынан окшоштукка ээ болушса
да өзгөчөлүктөрү бар. Казалчылардын чыгармаларын толук бойдон анын өз төл чыгармасы
катары (фольклордук салттуулуктун рамкасында) тартынбай айтууга болсо, дастанчылардыкы
бир кыйла татаалыраак. Алардын чыгармаларынын сюжеттик өзөгүн негизинен эл ичинде
мурдатадан айтылып келе жаткан кара сөз түрүндө же кээде ыр аралаштырылып айтылган
тарыхый аңыз сөздөр, санжыралар, легенда-уламыштар, толук калыптанып бүтө элек эпостор
же элдик тарыхый поэмалар Экинчиден көпчүлүк учурда андай чыгармалар көркөм каражат
катары элдик эпикалык оозеки чыгармалардын арсеналын (сюжет куруу, мотив, туруктуу
формула каармандардын портрети, троптун түрлөрү) кеңири пайдаланылат. Мына ушундай
көрүнүш жөнүндө В. Ц. Проп минтип жазат: «Сказка имеет свою специфику свою особую
поэтику и прелесть, распевание и сказки в форме былины есть нарушение художественных
норм героической эпической поэзии, вырабатывающихся народом в течение столетий»
(Русский героический эпос. М. 1958, с. 544). Мына ушундан улам, ырда чыгарманын формасы
менен мазмундун органикалык биримдиги бузулгандыгы, тышкы форма мазмундан
абстракциялангандыгын байкоого болот Бирок, муну менен дастанчы акындардын
чыгармачылыгын жокко чыгарууга болбойт. Алар белгилүү бир доордун туундусу катары өз
алдынча уникалдуу. Элдик эпикалык чыгармалардын стадиалдык өнүгүш этаптарын, пайда
болуу доору, андан аркы эволюциялык өнүгүшү, акырында өчүү абалына туш болушун
белгилөөдө кызыктуу материалдарды бере алат.
Мына ушул өңүттөн алганда да «Болот» дастанынын илим үчүн пайда келтирүүчү
жактары бар. Чыгарманын сюжетинде Чыгыш поэзиясынын таасири өз изин калтыргандыгын
эскерген элек. Хан, бектердин элге карата болгон чексиз бийлиги, кожо, эшен, молдолордун
коомдогу позициясы, алык-салык, отурукташкан эл турмушу сыяктуу көрүнүштөрдөн улам,
ошондой ойду айтууга мүмкүндүк берет. Дастандын тексттеринде «Кандай эрди кор кылбады
махабат» — делип, андан соң Фархат Мажнун, Жусуп, Тариэл, Автандилдердин аттарынын
эскерилиши да биздин жогорудагы оюбузду дагы бир жолу бекемдей алат. Деги эле элдик
чыгармалар — жомок, эпос, дастандарда коңшулаш элдердин фольклордук чыгармаларындагы
сюжеттерди, мотивдерди эске түшүргөн учурлар арбын эле кездешет. Себеби, андай
чыгармалар бир эле учурда, бир эле акын тарабынан жарала койбойт. Поэма дастан эпостордун
жаралышы, өнүгүшү өтө татаал процесс болуп, узак эволюциялык жолду басып өтөт. Бирок
кыйла өзгөрүүлөргө учурайт, кээде жанаша жашаган элдердин экономикалык, маданий
байланыштарынын таасири аркасында, элдик оозеки чыгармачылыктары бири-экинчисине
түздөн-түз таасир этишип, мазмундук жана тематикалык жактан бирин-бири байытып турушу
законченемдүү көрүнүш. «Болот» дастаны менен Чыгыш элдеринин көркөм мурастарынын
үндөштүк көрүнүштөрү мына ушундай себептер менен түшүндүрүлмөкчү. Дастандын негизги
каармандары — Болот менен Нурайым. Буларды коштогон тагдырлаш, максатташ достору —
Калдар, Нурилла, Бекчеке, Акседеп. Ушул үч тагдыр, үч махабат, үч баатыр, үч сулуу туурасында
сөз болот, чыгармада. Жубайлар баш кошконго чейинки тоскоолдуктар, алардын көргөн азаптозоктору «баатырлык үйлөнүү салтынын алкагында кызыктуу баяндар аркылуу айтылат.
Адаттагыдай эле залим, ачкөз, хандар — Добулбай, Дөөлөтбек анын уулу балбан — баатыр
Бөкчөлөр алиги сулуу кыздарды тартып алуу аракеттерин жасашат. Драмалуу окуялардан
түзүлгөн курч сюжеттик линия улам өнүгүп, дастандын кызыктуулугун арттырат. Окуянын
финалы жомоктук ыкма менен б. а. ашык жарлар тилеген тилегине, максаттарына жетишип,
жыргап-куунап жатып калышат.
Дастандын тексттин жазгыч акын Токтоболот Ошбаев элүүнчү жылдарда жазып, кол
жазмалар фондусуна тапшырган. Андыктан, тексттеги кездешкен «машина», «мотор», «пакет»,
«порум», «магнит» сыяктуу сөздөрдүн колдонулушу законченемдүү көрүнүш. Ал эми негизги
сюжет алда канча илгерки экендиги талаш туудурбайт. Чыгарманын көркөм сапаты мактаарлык
деңгээлде эмес. Жалпы окурмандарга көндүм болуп калган Калыктын, Алымкулдун айткан эпос,
дастандарына окшошпойт. Акындыкты атайы адистик кылбаган, бир аз «кой жоргосу» бар,
«бир айылдын ырчысы» тарабынан ишке ашырылгандыгы көрүнүп турат. Логикалык жактан
чаташуулар, кожогой уйкаштыктар кескин бүтүм чыгара салуу сыяктуу мүчүлүштүктөр кездешет.
Ошондой болсо да, эл башынан өткөргөн турмушту, ашыктык сезим мамилелерин,
этнографиялык материалдарды жана коомдук-социалдык абалдын өткөндөгү тарыхынан кабар
берүүчү, таанытуучулук мааниси бар чыгарма катары баалоого болот. Мындан сырткары бул
чыгармадан тилчи илимпоздорго — диалектология, фонетика, лексикология илими үчүн
кызыктуу фактылык материалдар табылат. Мына ушул жагдайлар эске алынып түзүүчүлөр
тарабынан азыркы орфографиянын таламдарына баш ийдирилбей, түп нусканын
оригиналдуулугун сактоо аракети жасалды.
М. Мукасов,
филология илимдеринин кандидаты
БОЛОТ (Т. ОШБАЕВДИН АЙТУУСУНДА)
I
Таш-Көмүр, Кетмен-Төбө капчыгайы,
Сурданып жатчуле кышы жайы.
Авыла, Домбуранын зоолорунан,
Канаттуу куш өталбай кеткен жайы.
Ак зоодон салт ат, эшек араң өтүп,
Далай жан сууга кеткен чыкпай дайны.
***
Өйүзү келин тырмак — кемпир тырмак
Зоосуна жол салынган шаты улап.
Өткөөл жок капчыгайда мындан башка,
Жүрчүле жолоочулар бирден чубап.
Бул жолдон соо-саламат барып келсе,
Өпкө чаап, садага деп түлөө кылмак.
***
Өлүмдөн тирилгендей болуучуле,
Капчыгай канды аябай соруучуле.
Шатынын дал түбүнө келишкенде,
Сыйынып аксарбашыл соючуле.
Ташынан бут тайгылып кулап түшүп
Далайлар балыкка жем болчуле.
***
Жайында бир чөп өнбөй капчыгайда
Кышында кар-борошо уруп сайга,
Өтүптүр бизге чейин далай кылым,
Табалбай жол салууга эч бир айла,
Падыша, хандар кылбай камкордукту.
Кузгундар тарп талашып тойгон майга.
***
Жол татаал элге жетпей кийим-кечек
Кийгени чанач чокой, тери-терсек.
Байлардын сый кийими тепме чепкен,
Соору өтүк, таар көйнөк, сурп элечек,
Шаарга бул жол менен эл жөнөсө,
Кайгылуу узатчыле келин-кесек.
***
Келишип тилек менен күтүүчүле
Саргарып санаа менен бүтүүчүле.
Дайынсыз кеткен бойдон дарек чыкпай,
Далайын шам чырагы өчүүчүле.
Зоо көчүп, көп учурда мөңгү басып
Көзү ачык бул дүйнөдөн көтүүчүле.
***
Капчыгай муң кайгынын күүсүн чалып
Бабырган отурчуле үнүн салып.
Зоолорун эчки, теке эркин ээлеп
Кадуулап картаң жору канат кагып.
Куу түлкү суусар жойлой жылгаларын
Башында кар жатуучу учуп чаңып.
***
Арманын айта берсем капчыгайдын,
Таштары уясыле чакчыгайдын.
Дит багып мерген чыкпай зоолоруна
Мекени болуп келген кайгы зардын.
Кара жол капталың эл машинеде
Капчыгай эли жоктур эч, арманың.
***
Кезинде өталбаптыр качкын Болот
Ал кезде эл болгон бейм тегиз конок.
Береги аска зоонун арасына
Жечүкен келген жанды чөөлөр тороп.
Сопойтуп жалгыз жарым өткөнчө
Буумачтар алуучукен атын тоноп.
***
Нурайым Болот экөө жол табалбай
Куш белди ашкан экен зарлай-зарлай.
Артынан куугунчулар тинтип издеп
Калыптыр эки жашты кармай албай.
Ал кезде Кетмен-Төбө, Үч-Теректи,
Жатчукен жалгыз ээлеп хан Добулбай.
***
Изи жок бүгүн балдар ал замандын
Каары жок кан соруучу залымдардын.
Жыгачы топон болуп учуп кеткен
Асылган Нурбай зергер кандуу дардын.
Ал үчүн бул капчыгай бүгүн шаңдуу
Ырына кулак салып мендей чалдын.
***
Мен дагы далай жолу эшек мингем
Эшегим зоодо калып жөө да жүргөм.
Ал күндөр артта калды унутулду
Куттуктайм ук капчыгай машинеден.
Сенин да каткан чериң жазылгандыр
Ырдаса кубанычтуу мендейлерден.
***
Бооруңа алтын кемер курчагандай
Кара жол капталыңа нур чалгандай.
Төбөсү көк тиреген аскаларың
Күү кошуп машинеге үн салгандай.
Алдында мелтиреген терең Нарын
Кубанып туйлап агат сайга сыйбай.
***
Капчыгай кубана бер көрккө шаңга
Өсөсүң дагы гүлдөп алга-алга.
Большевик жеңбей турган чеп жок деген
Атабыз улуу Сталин партияга.
Паровоз чимирилер зоолоруңдан
Камсыз бол күжүрмөндүү калкың барда.
***
Бооруңду шыбап салат сыймум менен
Бөөндөй тар өзөнүң болду кенен.
Сайларың бекет-бекет базар болот,
Келечек өсүшүңө болбойт ченем.
Эл үчүн таалай келет сени өрдөп
Техника өсүп өөрчүп өтө терең.
***
Козголгус ширелишти эмгекчи элиң
Ан үчүн бактысы мол келечегиң.
Бүт жерди гүлдөтүүнүн осуятын
Калтырып кеткен элге улуу Ленин.
Ильичтин шамы күйүп тоолорунда
Шаңданып төбөң көккө тийди сенин.
***
Эсиңдеби калбай калды өткөн чагың
Курулган жаңылыктын көрүп баарын.
Жомоктой кары тарых мурункуңду
Сүйлөсө ишеналбайт жаш балдарың.
Сен гүлдө өлкөм өссүн карт капчыгай,
Мактасын ырга кошуп мендей чалың.
***
Болотбек таалайыңды көрбөй кетти.
Добулбай жетектеген соң азап чекти.
Аттиңай Нурайым кыз азыр болсо,
Муңканып кечет беле жалын өрттү.
Бир шактан тең ачылган эгиз гүлдөй
Жаркырап турбас беле бозой-селки.
***
Деп кана машинеде Курман ырчы
Койнуна сыйбай келет кубанычы.
Нөшөрдөй куюлушкан ырлар менен
Карыя келечекке болду сынчы.
Толкундап жүргүнчүлөр дүрүлдөшүп
Курманды кубатташты дешип «чынчы».
***
Ошентип басылганда Курман ырдап
Ыр менен өткөн чактын бетин тырмап.
Бир жигит карыяны тиктеп калды
Болотбек, Нурайымдар ким? — деп сурап.
Жоопту жүргүнчүлөр күткөн сындуу
Дабышсыз боло калды салып кулак.
***
Карсылдап күлдү дагы Курман авам
Бул суроо дурус суроо,— деди,— балам.
Бүгүн бул жолду көрүп элестетет
Тозоктой элди өрттөгөн өткөн заман.
Айтайын жообун күтсөң жомоктотуп
Эл үчүн эмне кылган падыша, хан.
***
Айт, ава, кандай жомок, угалы деп
Биз дагы кулак салып отурдук тек.
Карыя бир терең сыр ойлогонсуп
Кол сермеп бизге карап баштады кеп.
«Уккула кызыксаңар Болотбекти
Булардын окуясы кыска эмес көп.
***
Деди да алыс-алыс өтө алыс
Өткөнгө көңүл буруп абайлайбыз.
Эч ким жок ошол чакты анык билген
Ичинде бирге жашап болгон тааныш.
Билбейбиз жалган чынын силер да биз
Асман жер ачык билсе болсун калыс.
***
Тетиги катар дөбө сандык колдо
Таалайын элдин байлап малган шорго.
Тетиги Акбейитке дарды куруп
Каардап күнөөсүздү салган орго.
Колунан уу куюлуп ырайымсыз
Далайды кескилеген байлап торго.
***
Биринде кылымдардын болуп өткөн
Добулбай деген текир хан бар экен.
Кумсарып ажыдаарча элди арбап
Зордуктап канды аябай соргон экен.
Айыпсыз өлгөн элдин мүрзөлөрүн
Ошондо Акбейит деп койгон экен.
***
Ал залим элге аёосуз салык салат
Казынага эл байлыгын тартып алат.
Өзүңө жетишээрлик оокат артпай
Жыл сайын эл жылаңач малсыз калат.
Добулбай элди кыйнап жата берет
Эл үчүн эки чака каржы кылбайт.
***
Жардылар жайлоо көрбөй чөлдө калат
Жай ичи эмгек кылып эгин багат.
Бирок да карды тоё нан жебестен
Эмгеги күздө кетет бүт талаалап.
Калп эле чыгымыңды төлөгөм деп,
Залимдер эл бийлери талап алат.
***
Хан жумшайт дагы келет беш-төрт адам,
Эл үчүн ырайымсыз өңчөй наадан.
Келет де кеңеш кылат бийлер менен
Чыгымды чогултууга бер деп жардам.
Кимдерге канча чыгым келгендигин
Билишпейт Букарадан бир да адам.
***
Көбөйөт беш эсеге келген чыгым,
Тапкан соң залим бийлер мунун ыгын
Дагы бар өткөн жылкы карызың деп
Күбүшөт баштан аяк элдин сырын.
Өзгөчө жардыларга салмактуураак
Ат болот ачууланса жалгыз тыйын.
***
Кош жүздүү кошоматчы бирге барат
Ушактап далайларга жалаа жабат.
Сөзүнө сөз кайырса ачынгандар
Жонунан кайыш тилип ханга апарат.
Добулбай акыйкатын текшербестен
Дарга асат же бутуна чидээр салат.
***
Жигиттер тез төлө деп жарат башты
Жыйнашат элден алтын каухар ташты.
Мүлкү жок жардыларды «алтын тап» деп
Жонунда ойной берет уулуу камчы.
Көрсөткөн убагында табалбаса
Мык кагып таманына жулат чачты.
***
Аргасыз бий сөзүнө баары макул
Төлөшөт хан чыгымын өңчөй жакыр.
Бийлери насивелеш ханы менен
Байларга чыгым түшпөй калат такыр.
Жардылар бир пул үчүн башын сатып
Кууларга кул болушат келип акыр.
***
Түнөрөт элдин ичи чоң тополоң
Бардыгын тинтип сууруп алат колдон.
Кампада эгин калбай, жайытта мал
Бокчодон өтүп кетет чыгымга тон.
Ошентип элдин мүлкүн тартып алып,
Бийлердин башы адашат олжолордон.
***
Добулбай шунтип сорду элдин канын
Шордуу эл көтөрүштү хан салмагын.
Шорголоп күнөөсү жок кыпкызыл кан
Айталбай ага берет армандарын.
Эл кетет оокат үчүн сандалышып,
Канкорлор кайдан берсин жардамдарын.
***
Ал кезде арасында бир хан элдин
Болуптур жалгыз уста Нурбай деген.
Ал уста кетмен, күрөк, орок жасайт,
Кенинен казып келип Темиркендин1
Көрүгүн өзү басып, өзү ширеп
Кыздар да комуз алып ушул жерден.
***
11 Темиркен – жердин аты.
Ал зергер дагы жасап бычак, өгөө
Турчу экен тынбай иштеп терге, чөмө,
Дүкөнү тиги жайык Улукенде1
Устанын турган жери Кочкор-Дөбө2.
Эл дайым бул дөбөдөн кетмен алып,
Ошондо аталыптыр Кетмен-Төбө.
***
Бир күнү бул дүкөнгө бийлер келип,
Зергердин кылып жаткан ишин көрүп.
Темирден калам, кагаз жасап бергин.
Чыгымды эсептейли чийип, терип,
Кагазы катуу болбой жумшак болсун,
Колумдан эл таң калсын көңүл бөлүп.
***
Дегенде эл шылдыңдап буга күлүп,
Бийлер да ызаланып калды туруп.
Дейт Нурбай, «Кетмен болот, орок болот
Темирден кагаз кылсаң калат сынып.
Ошондо каардуу бий тура калат
Тилимди кайтардың деп намыс кылып.
***
Бергин деп хан чыгымын азыр төгүп,
Кутулгун ат башындай дилде берип.
Жок десең жонуң тилип, кайыш алам,
Сөөгүңдү сактап жатсын тиги Акбейит.
Темирчи көө колуңду барбайтпастан,
Тез төлө башың бурсаң кылам шейит.
***
Нурбайга сөз угулду уудан ачуу
Кер-муру сөз айтышты болду кычы.
Бийлердин желдеттери түшө калып,
Тытылды Нурбай дырдай калбай бүчү.
Чидерлеп колу-бутун айдап кетти,
Кайгылуу кала берди улуу-кичүү.
***
Желдеттер алып келди Добулбайга
Бөлөнүп тура берди Нурбай канга.
Бий айтат бул темирчи мойнун буру
Чыгымды төлөбөймүн залим ханга.
Деген соң сизге алып келдик
Колдонуң өзүң билип жаза чалга.
11 Улукен – жердин аты.
22 Кочкор-Дөбө – жердин аты.
***
Муну угуп устага хан ызырынып
Койчудай өнөрчүнүн баарын кырып.
Нурбайды жеп ийчүдөй жектей басып
Добулбай жакын келди кылыч сууруп,
Күнөөсүн кечириңиз таксыр хан деп
Жүгүндү отурган эл кол куушуруп.
***
Устадан айып өтсө кечириңиз,
Ачылсын дагы гүлдөп бүчүрүңүз.
Чыгымга өз кубаты жеталбаса
Төлөйлү жок дебейли эч бирибиз.
Дыйкандар куралы жок калбасакен,
Эл үчүн бул устаны сиз бериңиз.
***
Дешкенде бий күшүлдөп ханга карап
Каркадил турган окшоп элди марап.
— О, таксыр бул устанын айыбы чоң
Аёосуз кылыш керек буга санат.
Кетменин элге сатып алтын алып
Көрсөтпөй жыйып коюп жок деп танат.
***
Кечирсең мындайлардын күнөөлөрүн
Кылчактап тилин алсаң жүдөөлөрдүн.
Калбастан бийлериңдин кадыр-пары
Келтеги эртең тийип бирөөлөрдүн.
Жакшылар калышпайбы сизди аразда
Ойлосоң бул устага бергин өлүм.
***
Дегенде хан желдетке кашын керди
Желдеттер күтүлбөгөн өлүм берди.
Кескилеп корго малып отко кактап
Көлкүлдөп акты каны карап жерди.
Нурбайда Акбейитте калган экен
Кубанып желдет бийлер жазып черди.
***
Болотбек жетим калды, кемпир жесир,
Эл коркуп сүйлөй албай бийге кесир.
Устасыз кетмен, күрөк чулду болду,
Табылбайт чөп орууга ийри темир.
Ал кезде катташпайт шаар менен
Жол бербей айланада катар сеңир.
***
Кош айдайт тишсиз жыгач амач менен
Амачта болгон эмес элге кенен.
Дыйкандар жарым теше жер багалбай
Азап бар, рахат жок кайгы терең.
Залимдер салык үчүн элди кыйнап
Ал заман бир калыпта өтө берген.
***
Каптаган жөө тумандай элди кайгы
Сур булут жашыргансып аппак айды.
Сандалган жардыларды зекип матап,
Бийлери жактачуле сасык байды.
Жашынан Болот өстү кайгы тартып
Жек көрүп райымсыз бийди ханды.
***
Ал кезде эл ууктай маталыптыр
Жаш эмес эки көздөн кан агыптыр.
Нурбайды туткун кылган тетиги түз
Ошондо «Кансалык» деп аталыптыр.
Өчүрбөй ал замандан бул заманга
Бул элдин жүрөгүнө катталыптыр.
***
— Ошентип, элди азаптап хандар күлөт
Качырап кыш аязы өкүм сүрөт.
Асманга кар учуруп борошолоп,
Күүлдөп бет бактырбай бороон жүрөт.
Жатышат далай шордуу тоңуп өлүп
Кырсыктуу, каардуу кыш ажал күрөп.
***
Мөлтүрөп бубак чырмап терек талды,
Бардык жер келгин куштан болгон жарды.
Айлана кар мелтирейт кара жер жок
Ой тоого көрк кылгансып аппак зарды.
Жер бетин кыйгач тиктеп таарынгансып
Нуру жок жерди ысытчу күндүн жайкы.
***
Жүдөгөн оокат таппай элдин баары
Каргашат ач көз бийди Добулбайды.
Журт үчүн тыным болбой күндө чыгым,
Элде жок отун, суу, чөп кыштын камы.
Элестейт басса-турса өлүм сүрдүү
Көрүнбөйт элге таалай күткөн багы.
***
Дейт Болот эл наамынан бир адамды
Сынайлы элчи кылып залим ханды.
Ал көнсө элдин күткөн талабына
Биз бекер жектебейли бийди-байды.
Кайрылса карыптарга кийим-кечек
Жана да ачкаларга ак буудайды.
***
Эгинин көккө берсе кийимин чөпкө
Хандыктын касиети тийсе көпкө.
Ойлосо элди кырып ачкалыктан
Кеталбас жалгыз өзү чыгып төшкө.
Эл камын каны жесе таалай берип,
Андай хан оролмокчу алкыш көрккө.
***
Деди да кагаз жазып Добулбайга
Болор деп ачкалыкка хандан арга.
Жиберди көптү көргөн бир карыны,
Берсин деп элге карыз данын данга.
Оокатсыз элдин көбү солуп жатат
Жеталбай бир сындырым арпа нанга.
***
Чал келип ал кагазды ханга берип
Тизелей кол куушуруп турду чөгүп.
Добулбай окуп чыгып күлүп койду
Чиренип капшытына бутун керип.
Эликтеп элчи чалды шылдың кылып,
Эл мага кайтарганбы эгин берип.
***
Дегенде чал кейиштүү тиктеп жерди
О, таксыр сизге мени эл жиберди.
Чекесин үч чекеге көккө берип
Сактап кал ач өлүмдөн ханым элди.
Арпага буудай алгын, машка күрүч
Элиңди ансыз таксыр ажал жеди.
***
Дегенде хан увазир ха-ха-ха-ха,
Каткырып чалды тилдеп кылды капа.
Калк үчүн казына жыйып койгонум жок,
Өзүмкү кампадагы эгин мата.
Мен барып жан алгычтан доолаймынбы,
Карызга дан алгандар өлүп калса.
***
Ошондо чал жөнөдү жолго түшүп
Шум ажал элди тооруп басты шишик.
Далай жан мүдүрүлөт, жаны чыгат
Байлардан кайыр сурап жүрүп илкип.
Акыры байдан, бийден, молдо, эшенден
Эл дагы түңүлүштү жадап бүтүп.
***
Биринде көп күндөрдүн кайгы муңдуу
Үйүнө Болотбектин эл чогулду.
Күбүрөп күндүз эмес түн ичинде
Сүйлөшөт сөзү бар бейм өтө сырдуу.
Ажалдан ханды кантип сактайбыз деп
Келгендер Болотбекке айтып турду.
***
Болотбек жооп берди мына мындай
Эл болду ач-жылаңач баары дырдай.
Эл үчүн мүмкүнчүлүк элден өнбөйт
Эл байкуш тегиз баары турат журдай.
Бийлердин, хандын эгин казыналары
Эл үчүн болуп калды пайдасыздай.
***
Добулбай элден алды далай алтын,
Жана да жакут, жавар, каухар ташын.
Акыры эл кырылып өлүп жатса
Ханыбыз өзү жыргап бакты башын.
Калк үчүн камкордукту эч ойлобойт
Мазактайт элдин аккан кандуу жашын.
***
Калың эл бир ооз болсо таалай качпайт
Бирдиктүү элге эч качан душман батпайт.
Акыры иш жүзүнө ашпай койбойт
Жалпы эл күчтүү болсо жалгыз максат.
Эл үчүн эрлер күчүн аябаса
Ал эрди атактантып кылым мактайт.
***
Биз неге ат тизгинин чоёалбайбыз
Биз неге бийлерге тең болалбайбыз.
Көрсөтүп элдин күчүн ханга-бийге,
Биз неге салык бербей коёалбайбыз.
Таалайга колду курап талпынбасак
Ачкадан кырылабыз, тоёалбайбыз.
***
Бул ишти аткарбадык алып колго
Тумчугуп жата бердик тикен торго.
Бул заман ырыскыны элге бербейт,
Залимдер таштап койбойт даңгыр жолго.
Кудай бир падыша хан баары бир деп
Калп эле алдап жүрөт эшен молдо.
***
Алардын ырас болсо айткан сөзү
Жараткан чын бар болсо кудай өзү.
Ырыскы, бак-таалайды өзү берсе
Кырылган элди неге көрбөйт көзү.
Же кудай курдашыбы залимдердин
Эл үчүн ырайымсыз уу мүнөзү.
***
Бийлерди ханды кудай сүйө берсе
Азапты муңду элге үйө берсе.
Молдонун үгүтүнө моюн сунуп
Айыпсыз эл жалынга күйө берсе.
Хандардан адилеттик көралбаса
Мүмкүн жок ошол кудай деген нерсе.
***
Бийлерге көнө берүү туура эмес,
Биз деле туулганбыз буга теңдеш.
Хандарга кыя салып жүргөн менен
Залимдер таалайды арнап элге бербейт.
Бийлерге ханга каршы күчтү чыңап,
Биз барсак эшенчил хан элди жеңбейт.
***
Уккандар таба алышпай бөлөк акыл
Бийлерди чаап алууга болду макул.
Баш кошуп биригишти жүздөй жигит,
Башчысы ушулардын Болот баатыр.
Калың эл ханга карап ызырынып,
Найза алып тулпар тандап минип жатыр.
***
Колу жок Добулбайдын куруп койгон,
Мас болгон дүнүйөгө ал бир ойрон.
Ойлобойт кокусунан келчү жоону,
Болгону ор каздырат салган коргон.
Пикирсиз күнү-түнү ичет да жейт,
Эриксе дарга барып адам сойгон.
***
Бир күнү күлүңдөйт асман ачык
Жашынган мөлтүр жылдыз кыбыңдашып,
Куралдуу жүз жигитти Болот баштап
Келишти Добулбайды орой басып.
Залимдер шарап ичип, шапар кылып
Ордодо олтурушкан ыр-ырдашып.
***
Болоттор сандык — колго салып айгай
Киргенде хандар чыкты зарлай-зарлай.
Беттешип келген эрлер булар менен
Жарылды келтек тийип далай маңдай.
Болотбек ханды көрүп качырганда
Бекинди морго кирип ал Добулбай.
***
Кан кусуп сегиз киши өлүп жаткан
Ичинде баш увазир аты Шатман.
Көө болгон Добулбайды мордон көрүп,
Табалап күлүп турду жашыл асман.
Болотбек казынаны талатам деп
Каардуу тура берди түшпөй атчан.
***
Ошондо хан жиберди арачысын
Чатакты тындырууга жарачусун.
Урушпай не тилесе менден алып
Болотбек берсин мага бир ачуусун.
Беттешип өткөн-кеткен малы, мүлкү
Бар болсо алсын деди бүт акысын.
***
Болотбек муну эшитип арачыдан
Ага айтты элдин муңун болбой чыдам.
Элдеги кут береке кайда кетти,
Добулбай жооп берсин анан тынам.
Бүт элдин бак-таалайын бир коргонго
Бу залим камап койсо кантип тынам.
***
Ханыңда сыпат барбы элди бакчу,
Тең чечип, тегиз карап элге жакчу.
Жок залим жалгыз өзү жыргоо үчүн
Айыпсыз далай жанды дарга асты.
Жойлотуп желдеттерге элдин ичин
Акыры ач калтырып самтыратты.
***
Добулбай бүт адамга бирдей болбой
Тилине ушакчынын кирбей койбой.
Ары жок бийлерине азгырылып
Ай сайын салык салып көзү тойбой.
Хан эмес элге жеткен ажал болду
Жабышкан букарага ачуу шордой.
***
Ханыңыз бизге таттуу болом дептир
Айтып бар биз дагмес дөдөй текир.
Эшекче элди кажап кыйнабастан
Казынадан оокат берсин кенен кесир.
Жок десе элден артык данын сүйсө
Эл дагы өзү билет басат тетир.
***
Салыкты төлөбөйт деп уста Нурбай
Балкасын эл багына нуска кылбай.
Ток адам ач кадырын билбегендей
Же залим дыйкан үчүн курал курбай.
Эл сүйгөн зергер үчүн жооп берсин
Таажы так бийлигине мыктысынбай.
***
Дегенде келген элчи кайра салды
Болоттун сөзүн айтып ханга барды.
Ал ач көз аргасыздан макул болуп
Эгин көп алсын келип жакыр-жарды.
Болотбек чыр-чатаксыз келүүң экен
Түшүнтүп эл тараптан айтып жайды.
***
Хан коркуп Болотбекке ат мингизип,
Түшүрүп кол куушуруп, тон кийгизип.
Атаңдын кунун кечкин, башым тартуу
Жүрбөгүн мени жектеп, ич күйгүзүп.
Деди да кунга төлөп элүү жылкы
Жаркытты келгендерди бүт күлгүзүп.
***
Ошентип анткор хан кабак ачып
Болотту сыйлап жатты өтө шашып.
Эл үчүн эсепсиз көп эгин берди
Ажалга кысылган эл кетти ташып.
Кымбаттуу маталарын аршин менен
Бөлүшүп эл кийинди көңүл ачып.
***
Олжону хандан алып элге келди
Айрыкча карыптарга артык берди.
Жетиштүү оокат, кийим, мүлк алышып,
Эл куунап алкап жатты Болот шерди.
Жетерлик кек алгансып Добулбайдан
Кубанып көңүл өсүп жазды черди.
***
Карыптар оокаттанды кийим кийип,
Пайдасы Болотбектин элге тийип.
Мал күттү, үй жасашты, казан кайнап
Эрлерди элдик таалай күндөй сүйүп.
Добулбай аргасыздан мүлкүн берип,
Буулугуп, туталанды ичи күйүп.
***
Ушинтип хандан кетти эсепсиз мүлк
Бийлер да салалбады элге бүлүк.
Сүйөнүп Болотбекке эл чыңалып
Бийлерге каяша айтып көтөрбөй жүк.
Ушактап жем тапчулар шагы сынып
Бардыгы эл алдында болушту түнт.
***
Аңгыча кыш өзгөрүп жазга айланды
Толкуду мөңгү суусу сайлардагы.
Кыш менен сенек болуп ченде жаткан
Гүлдөргө булбул конуп сайрандады.
Тоюнуп ачтык ичип, ойноо балдар
Көпөлөк кубалашып тайраңдады.
***
Калың гүл барган сайын безеп жерди
Чолоосуз кызыл жашыл түргө келди.
Башаттар шылдыр назик добушуна
Күү кылын ышкырыгын кошот желди.
Болотбек элди сактап залимдерден
Калкалап карыптарды бага берди.
***
Ан үчүн атактанды Болотбек деп
Ар жерде аны мактап, эл кылат кеп.
Эл эмес хан увазир бийлер айтат
Олжодон Болот чыгып калдык четтеп.
Бул сөздү хандын кызы күндө угуп
Болотбек кандай эр деп ойлонот көп.
***
Көрүүгө кыз ашыгат Болотбекти
Жалындуу жаш жүрөгү чартып көктү.
Кайда деп айдан барып тиктегенсийт
Бардыгы бүт көрүнүп жердин бети.
Элеси кансалыкта куш кондуруп
Ак кууга шилтегенсийт Болот көркү.
***
Чоң зергер атасынын мүрзөсүндө
Тургансыйт шерден күчтүү сур көзүндө.
Атамдын кегин хандан аламын деп
Айбаттуу келаткансыйт эр кезеңде.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Болот, Асан, Жамал - 2
  • Parts
  • Болот, Асан, Жамал - 1
    Total number of words is 3759
    Total number of unique words is 2308
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 2
    Total number of words is 3869
    Total number of unique words is 2097
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 3
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 2133
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 4
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2215
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 5
    Total number of words is 3811
    Total number of unique words is 2157
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 6
    Total number of words is 3876
    Total number of unique words is 2079
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 7
    Total number of words is 3821
    Total number of unique words is 2202
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 8
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 2016
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 9
    Total number of words is 3741
    Total number of unique words is 2163
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 10
    Total number of words is 1624
    Total number of unique words is 1117
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.