Latin

Айта бар менин кебимди... - 01

Total number of words is 3734
Total number of unique words is 2300
23.0 of words are in the 2000 most common words
33.2 of words are in the 5000 most common words
39.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
I
“Азыркынын
алабармандаган
балдары
ойду-келди
аралаштырып, ала-була урунган төл сөздөр, чампан тилдүү балдары
тантып айткан, күндө кужурап айтылып-делип аткан көп сөздөр
сыңары эле, ал замандарда, оболку-оболку аталардын санжыргалуу
заманында “ар” деген сөз да башкачараак мааниде айтылчу
окшобойбу!? Жан-дүйнөң менен чогуу бүтөлүп-жаралгансып
каныңа сиңген, эжели эси-дартыңдан түшпөгөн, тилге келгенинде
тереңирээк мааниде айтылып, кулакка курчураак угулган, айтор,
жүүнү бошто чыйралткан, мүңкүрөөгө жол бербеген, мүңкүрөйүн
десең да мүңкүрөтпөгөн, анан да кара башыңды эмес, калың
журтуңду ойлоого түрткөн, ошол элиңдин кымындай болсо да
таламын талашууга шыкактап-шыктандырган касиети болгон
окшобойбу!? Күүлөп турган күчү болгон окшобойбу!? Анан эле
байкатпастан ким өзгөртүп жиберди аны, качан өзгөрүп кетти,
көңүлдү көкөлөткөн, канат бүтүргөн касиети кайда качты? Белгисиз.
Дагы канча өзгөрөт, акыр замандарда кайсы мааниде айтылып калат
- албетте, урунуудан калбаса - болжоп болбойт, акеси...”
Калаанын Кызыл-Аскер ыптасындагы, ызылдап-күрүлдөгөн
машинеси тынымсыз чубурган кан жолдун боюндагы шыйпыр
чатырлуу, тегереги темир торлуу сыракананын көлөкөлүү бурчунда
июлдун саратан ысыгынан корголоп, чоң банкедеги муздак сырадан
- “Арпа” анысы - кере жутуп, кыпчый кармаган тамекисин дембедем кере соруп, – чылым аттуунун эң арзаны “Беломорканал” анысы
– оозу-мурдунан көк түтүнүн бурулдата үйлөп коюп, мойнун созо
төбөсүнөн өйдө, эски чий калпагынын кырынан өткөрө үйлөп коюп,
сокоюп жалгыз отурган философия илимдеринин кандидаты, өзү
айткандай “качанкы кандидаты” Турар Атаев адатынча ушинтип
ойлонду. “А...” гезитинин алтынчы бетиндеги алакандын отундай
жерге басылган кабарды, көзгө араң илешкен майда тамгалар менен
жыбырата терилген алты сап кабарды жаңы эле окуп болгон жаны
арданганынан эки бүктөлүү гезитти барскандай колунун сырты
менен ары итерип койду. Эңги-деңги ой арасында “ар” дегенди
ичинен бир нече мертебе кайталап айтып, утур-утур кайрып айтып,
баамдаса, арына келе албай отурду. Ансайын сырага күчүн чыгарып,
үч литрлик банкени капортосунан ылдыйлатты да:
- Арсыздар...! – деп сүйлөнүп, аягын богооз сөгүнүп коё берди.
- Ошол жерде өзүм болгондобу!
Ышталган балыкты сыйрып, күңсүгөн жыт ургансыгандан, ири
алды мурдуна жакын такады. Чала ышталганбы, чала
кургатылганбы, башы чирип, жумуру боорундагы сулп эти сасып
кеткенби, жүрөк айнытат. Куйрук жагынан кургак эт издеди
ырымга. Чукулап, тиштегилеп тим болду. Мурдун чүйрүп:
-дурайындар, курттатып жиберишкенби, балык кургатканды
да билишпейт! Анан алдап сатышканга уста! – деди.
Отуз сомдук балык эле, доолагысы келди тыйынын,
кайтарылган акысына догурунуп дагы бир чоң банке сыра алайын
деди.
Мындайда, сыра уулаган жоролоштору да көрүнбөй калат
кашайып, бирде-жарым таанышы көрүнөбү дегенчелик башын
созуп, жан-жагына элеңдей каранды. Оюндагысын бөлүшкүсү
келгенден каранды. Сыракананы жандай өткөн, ырымга жалатылган
асфальттуу кыртышы үбөлөнүп-талкаланган кууш жолдо кимиси
кендир кап көтөрүнө, кимиси кытайдын чакмактуу чаарала сумкесин
бөктөрүнө жорто басып, көр тирлигинин убарасында базарга же
базардан шашкан жолоочулар (азыркынын тили менен айтканда “бизнестүүлөр”. Дегеним, бул кылымда кыргыздын бир өнөрү
чыккан “бизнес” деген, бөртө жүгүрүп тыйын өндүргөндү кесип
кылганды айтышат, соодагерчиликти бөөсүндөй көргөн көчмөндүү
ата-бабалардын үч уктаса түшүнө кирбеген бир өнөр, ошонун көзүн
тапканды “бизнестүүлөр” деп коюшат), өткөн-кеткенди кыйшая
тиктей, колдорун шымынын эки чөнтөгүнө тыгып, ары-бери
каалгый баскан бекерпоздор (ким жазганын, качан, кантип жазганын
ким билсин, айтор, багы тайкы байкуштардын маңдайына
жазылганы ушул окшойт го, аларды “бизнеси жоктор”, “бизнестен
кур жалак калгандар” деп коюшат), жугунду аңдыган жолбун ит эле
болбосо, сыракана ээн эле. Сөгүнгөнүн жалгыз-ак сыра челектин
түбүндө отурган сатуучу жигит укту. “Алжыган чал!” деп койду ал
далысын салган тейинде.
“Баса, жалгыз бекен же жандаган кыргыздары бар бекен?..”
деп бүшүркөдү Турар Атаев. Гезитти кайра алып, курчу кете
баштаган көзүн жүлжүйтүп, үңүлө барактады. Ал туурасында ыпым
сөз тапкан жок. “Кыязы, арачы түшөр жоро-жолдошу деле болбосо
керек бечаранын...” деп боолголоду.
- Бу президенти - жеткен акмак, шовинист тура! – деп
күңкүлдөдү. - Бөркүмдөй көрүп турам, ушунун баары ошол көзү
жаман каапырдын жеке тукуругунун натыйжасы!
“Кайсы президент?” деп сатуучу аңкайды.
- Орустар дагы бир кыргызды союп салышыптыр! – деди
Турар Атаев тик бакпаган сатуучуга эки-үч үстөлдөн ашыра карап. –
Кутурган жүнбаштар (гезитте: “такырбаштар” деп айтылыптыр)
кыргыздын дагы бир баласын Мос-скванын көчөсүндө, каламандын
чак түшүндө бычактап, койчо мууздап өлтүрүшүптүр! Чагымда,
ушуну менен алтынчы кыргыз...
- Ээ, ошондой бекен? – деп, тигил тек сөз уламакка үн
катты.
Сыранын бочкесин кайтарган жигит жоронун арасында
авторитеттүү саналган кишинин сөзүн жоопсуз калтырганды
ылайык таппагандан гана ырымга үн катты. “Бул киши жөнөкөй
киши эмес, жигиттин гүлү кезинде кыйын жүрүп, кең Фрунзенин
көчөлөрүндө орустун балдары менен төбөлөшкөн, чоңдор менен
кармашкан! Илим жактаган!” деген аңызды жорого чогулгандардын
оозунан далай укканы бар эле.
Анын “күңк” эткен кайдыгер жообу Турар Атаевди түңүлттү.
“Намысы жоктордон экен го!” деп, мурчуя башын бурса, чала
ышталган балыктын жытын илген тумшугун созуп, жук-жубур
аңдыган жолбун иттин көзүнө көзү чагылышты. Көзү төртөө
өңдөнгөн ит (балким, багылуу кезинде аны “Төрткөз” деп
чакырышкандыр) куйругун шыйпаңдатып, экөө тиктешип калды.
“Чып!” деди Турар Атаев. Иттин чыккысы жок, кайра тирмейе
тиктейт. Кишидей жалдырап тиктейт. Тили гана жок, айнектей
көздөрүн жылтыратып, сүйлөп ийчүдөй тиктейт. Мойнун күйшөпкүйшөп, кыңшылап койсо, “Эй, киши, ууртамга сыра талашып
жаттым беле, эмне жамандык кылдым саган? Алдыңдагы балыктан
тең бөлүш” деп, жалооруй тиктегендей туюлду. Бузулган балыкка
көзүн агытып, шапалактай салаңдаган кызыл тилин чыгарып, шалп
эте кыйгачынан жаланып койсо, “кардым ачты” деп жалангандай
туюлду. Ит менен тиктешип, ит менен арбашсаң, анан да “качанкы
философ” болсоң, деңге мас жанга ошондой ой келет экен да,
тыйынын доолаганга кайыл Турар Атаев балыкты жолбундун
алдына ыргыта берди. “Сасык балыкты сен же!” деди. “Талп” этип
тумшугунун алдына түшүп, чаңга оонаган кургак балыкты азуусуна
сала жара чайнап, үзүлгөн башын сугунуп атканын карап:
“Кыргызым алтынчы кишиге азайып атса, жолбун иттер көбөйдү!”
деди. Банкени көтөрүнө туруп келип, толтура сыра куйдурду. Кайра
бурчка барып отурду да кере шимирди. Утур кере шимирет, арына
келчүдөн бетер шимирет. Арпанын бурак жыты мурунду өрдөгөн
муздак сыра ичин кызытып, эсин эңгиретти, капкайдагы ойлорду
ойготту, бу саам курчураак ойготуп, курчураак козгоду. Айлананын
ызы-чуусу карыш алыстап, тегереги тиешеси жок чимирилгендей
туюлду.
(Бу илим жактаган кишинин бир жаман адаты болот тура, бир
ойго сүңгүп алса, ийне-жибине чейин териштирмейин, себеп-жөнүн
тактамайын тынчыбайт. Жакын билгендери ошон үчүн айтат да,
“Абайласаңчы, Турар! Мээңе кан куюлуп кетпесин, анча эмне
жаныңа күч келип?” деп).
Ошондо Турар Атаев кырк жылдан бери калаада турса да,
кадимден элеттик Турар болуп толгонду, кадимки Асан-Кайгынын
жосунуна салып толгонду. Илгерки окумуштуулук өмүрүндө,
окууну бүтүп, “ойчулдардын академиги болчу элем” деп октолуп,
Фрунзеде кала берчү өмүрүндө такай суктанып келчү, эскинин
калдыгы деген жалаага, элеттин калдыгы деген кекээрге көгөрүп
моюн бербей, кезинде Маркс илимине такап, илимий доклад жүрчү
жерде доклад жүзүндө, акыйнек айтышчу жерде оозеки жүзүндө
көшөрүп жактап келчү качанкы ойчул, тоо-талаанын, ошол тооталаанын боорун байырлаган эртекидеги көчмөндүү журттун ойчулу
Асан-Кайгынын жосунуна салып толгонду.
“Жара тартылган кардынан оргуштап аккан, кыя кыркылган
кокосунан түтүктөп аккан ысык канына капталынан чыланып,
үшүнө келалбай үстөмөнүнөн чыланып, жат жердин топурагында
оонап жатып, киндик каны тамган журттан айчалык алыс, жайнаган
агайын-туугандан жылчалык алыс, өгөйлөгөн жайда далбас уруп,
туйлап жатып, өбөккө келбей өзөрүп, томолонуп жатып, жаны эмне
деп чырылдады экен бечаранын? Өпкө-боору жанчылып, акырексүймүлчөгү быркырап, деми кирбей кекиреги киркиреп, киртейипкараңгылаган көзү сүзүлүп баратканда, “ү” дээрине үн калбай,
далбастаган жаны үзүлүп баратканда кимди сөктү экен акыркы ирет
ал бечара? Кимге наалып, кимди сөктү экен? Кара курсактын
айынан жер түбүнө боздуруп, кайнаган орустун арасына азгырып
келген жазмышын каарып алдыбы, жутамыш турмушка туш кылган
тагдырын каарып алдыбы? Калкынын канын чапкенедей соргон
журт башыларын сөктүбү же канжарын жалаңдатып кашында
турган, суук элеси карегине уюп, катып бараткан такырбаш орусту
сөктүбү? Тирүүчүлүктөн үмүтү үзүлөөр ирмемде, чөөдөй
талагандардын колунан жакшылык болбосунан күдөрүн үзөөр
ирмемде, кайра ойгонгус, кансыраткан уйкуга чөгөөр ирмемде, ой
тереңинде белендеген акыркы сөзүн кимге багыштады?!”.
Ушул саптар келди оюна козголуп. Кайсы-бир, кайсы-бир
жылдары, жазуучу эмес, ары жок жазмакер атыгып жүрчүсүндө, кыз
талаштын айынан колуна жорголото калем алып, чыгармачыл
эрөөлгө түшчүсүндө чиймелеген аңгеме сөрөйү бар эле, ошондогу
саптар келди оюна. Ушул ойлорго чөмүлгөндө жону бүкчүйүп, өңү
түктүйүп отурду Турар Атаевдин. Орус жеринде союлуп өлгөн алты
кыргыздын азасын жалгыз тарткансып, алтоонун айтылбай калган,
айта албай калган акыркы сөзүн, армандуу сөзүн жалгыз
жандырчудан бетер үңкүйүп отурду. Сол колуна кыстарган
тамекиси түбүнө чейин жылжып күйүп, эки эличе бозоргон күл
болгонунда түлөп түшкөнсүп, түбүнөн күбүлүп калды эле, “Бү!” деп
сапырылта үйлөп салды. Жана бир чылым алып тутандырды. Ушуну
менен канчанчысын тутандырып жатканын байкаган жок.
Кайсы-бир ойчул чулусунан айткан дешет, а чынында жарты
токоччолук тыйын аңдып, күнү түшкөн Ош базарын котолоптегеректеген ар бир экинчи кишинин оозунан күндө угат ал сөздү,
вагондорго тирелип-шыкалып, кудай айткан шыбагасын издемекке
туш-тарапка тентип бараткандардан угат ал сөздү, ошолордун ой
учугун улады:
- Жарыкчылыкка жаратаарын жаратып коюп, бирок тең
жаратпай, биринен-бирин кем жаратып, бирине-бирин тепсетип,
жер түбүнө талаалата тентитип койгон, кара жанын какшатып
койгон кудай...
Турар Атаев тып токтоду. “Койчу ошону!” деди таарынычы
бардай. “Андан көрө!” деди. Арстанбекти эстеп, Арстанбек болуп
козголду.
“Кул” дегенге намыстанды. “Жети атасын билбегендер “кул”
атыкчу эле илгеркиде, азыр жети атасын билип туруп, кул болгондор
чыкты, капырай! Жаманатты болчу журт эмес элек!” деп түтөдү.
Ушул көз ирмемде Арстанбек болуп кубулду. Кыргыз - казактын
мурунку замандагы кайсы-бир тобунда экейден 1 келген
Сүйүнбайдын оозун жап кылчудагы, эбин билбей, элди көзгө илбей
сүйлөгөн Сүйүмбайдын жалаяктай оозун кум куйгандай жапчудагы
Арстанбектин айбаты бар эмеспи, ошол айбат келди Турарга. “Ары
жок маңка казак, агарбай жүргөн жакасынын агарып калганына,
акчасыз жүрүп, акчалуу болуп калганына, курсагынын бир
тойгонуна корстон манкурт казак! Бу жарыктык Айтматов
манкурттун образын казактан тапканы тегин жерден эместир!” деп
сөгүндү. “Оң жагыбыздан орус – жоо десек, андан калышпай казак
кошо жоо тура!” деп, кайраштырып отурду. “Кой, Туке! Сабыр кыл,
бир тууган калыкпыз! Илгертен жайлоодо малы бир, жакада
жаздыгы бир боордошпуз!” деп, абалтан дайындуу сөздү айтып ким
тыймак эле азыр, шардана айтып жатпагандан кийин, жумуру баш
чимирилткен чеги жок, түбү жок ой-санаасын ким окуп коюптур,
ээн-эркин сөгүп отурду. Мына ушинтип, бирде Асан Кайгыдай
Казак уруусу.
толгонуп, бирде Арстанбектей түтөп отурду. Бир туруп Асан Кайгы
кептенип, бир туруп Арстанбек кептенип, толгонуп отурду.
“Жүүнү бош, жүдөгөн кыргыз өлдүбү, бөөдө кырсыкка
чалынып өрт кыргыз өлүп алдыбы?” деген ой кетти.
Турар Атаевдин маңдайына келген кишисинен, жашы-карысы
болобу, “тегиң кайсы?” деп сураган дагы бир адаты бар. Абалкы
адаты, аталардан үйрөнгөн адаты. Тек сүрүштүрмөй деп коёт.
Сүрүштүрүп отуруп тек-жайын тактап, таап алса компоюп калат.
Түптүү жерден таап алса, бүттү, “Аа, баатыр, баланча баатырдын
урпагы турбайсыңбы, түкүнчө баатырдын тукуму турбайсыңбы!”
деп, сынай карап калат, аңырайса ата-жотосуна чейин санап берет.
“Билип жүр!” деп коёт. Өзүнчө эле азыркынын санжырачысы.
Тааныбаган кишиси жоктой жүрөт, эбак көзү өткөн кишилерди да,
тирүүлөрдү да аралаш түгөлдөп, тааныгандай жүрөт. Гезиттен
окуйбу, сыналгыданбы же бир топ жыйындан көрөбү, айтор, тааныш
ат жолукса болду, “Ормондордун тукумунан, Жайылдардын
тукумунан, Белек болот, Балбай болот” деп, эсебин оңой эле алып
коёт. “Кайдан билесиң анын баарын?” дегенге, “ошонун да окуусу
барбы?” деп, корс этип коёт. Коммунисттер койдура албай койгон
качанкы адаты.
Азыр Турар Атаевди кудайым бир сактады, алиги өлүп алчу
жигиттин тегин билбей калганы абийир болду ушул саам. Бу бир
ууч кыргыз баласынын тек-жаатын жеткире билгениң, ата-жотосуна
чейин санжырасын так билгениң да бир азап экен, өз башыңа өзүң
үйгөн арылгыс шор экен, өлүп алчу жигиттин тегин укканда өңгүрөп
өкүрүп жиберет беле!?. “Адыгиненин балдары азганынан базарчы
болуп кетти, колтукка найза толгогон Тагайдын балдары таруудай
чачырап, күрөк-шыпыргы көтөрүнүп, көчө шыпырып калды, арманай!“ деп, кейип-кепчип калчу адаты бар эле, алдындагы банкени
азыр жерге бир уруп, айкырып алат беле!?
Турар Атаев сырадан чоң жутуп, жеңилдеп алды.
Ээ, уят менен сыйытты ушу Турарга эле берип койгонсуп, уятсыйытты ушунчанын ичинен Турар эле билип койгонсуп, “арнамыс” деп жүрүп эмне гана кылган жок турмушунда. Өзү
айткандай киши гана өлтүргөн жок, же болбосочу, киши баласы
элестеткендин баарын жасады. Жакалашчу жерден жакалашты,
сөгүшчү жерден сөгүштү, кудайым муштумду берип койгон экен
ченебей, төбөлөшчү жерден эчен-эчен төбөлөштү. Далайдын
сазайын карматты го колуна! Агезде билегине ишенген жаш чагы
эмес беле. “Илим жактайм” деген ой жок,
урунуп-беринип
турмуштан ордун издеген кезеги эле. Кийин жогорку
билимдүүлөрдүн катарына кошулмакка университетти бүтүрүп,
илим жактап, интеллигентке окшоп калганда (илим жактаган
кишинин жүрүм-туруму ошондой болот тура), чоң-чоң жыйыны
болобу, көчөдөгү талаш-тартышы болобу, жаакташчу өнөр тапкан,
жаакташчу жерден далай-далай жаакташты, эзели тим калган жок.
Университетте жаакташты, троллейбус-автобуста кызыл-чеке
жаакташты, “Эй! Жүнбаш!” деп Фрунзенин мончолорунда
жакалашып, жаакташты...
Ушунун баарын чечилип бир айтайын, төгүлүп бир сүйлөйүн
десе, кулагын төшөп угарга гана киши жок мындайда, чиркиндики!
Өзү айткандай, “ардуу бирөө жок”, чиркиндики!
Арына уудай тийген суук кабардын күүсү менен, сыранын
канды кызыткан күчү менен козголуп алган ойлору чубалып келе
берди, келе берди...
Турар Атаев жаңы жандырган тамекисин маашырлана соруп,
көк түтүндү оозу-мурдунан бурулдата узун үйлөп коё берди бир
окуяны эстегенде. Күлгүн жаштын үч жылын кирзе өтүкчөн
өткөрчүдө, солдатта жүрчүдө мушташка түшкөн, ошону эстеди. Бир
белорусту кызыл-ала кылып сабаган, белчесинен чечинип алып
сабаган, ошону эстеди. Белорусту кызыл муштум дешет экен,
“кызыл муштумдан келгенди көрөйүн, сен – Белорустун, мен – АлаТоонун бир кычыгынын кулуну” деп мушташка түшкөн. Турар
сабады. “Запомни, салага! Я - потомок Чингиз-хана!” деп койгон
аягында. Өзү деле түшүнүп-түшүнбөйт эмнеге антип айтканын.
Өзүнүн жетинчи атасы Чынгышты айтпай, каяктагы Чынгыз ханды
айткан.
Турар Атаев эрксиз билинер-билинбей ууртунан жылмайып,
сырадан ууртады. Кайран кезең! “Абасы атыр жыттуу, аскар
чокулуу Ала–Тоонун Арал деген айылында жашап, эмгектенип
жаткан атам Атай менен апам Бурулканга жайы добулдуу, кышы
бороон-чапкындуу Сибирьдин Красноярск шаарында Советтик
Армиянын катарында аскердик ыйык милдетин өтөп жаткан жоокер
уулуңар Турардан ысык салам!” деп баштап, аягында “кыргыздан экөөбүз” деп кыстарып, кат жазаар эле анда.
“Эч кимге алдырган эмесмин десем өтүрүк болор. Машаяк
белем, жеңилген учурум да болгон, - деди Турар Атаев. - Жеңилмек
турсун, жек көрүндү болгом...”. Ошондон тарта өзү да жек көрө
баштаган...
Ал сырадан жана бир мертебе кулкулдата жутуп, үстүңкү
ээрдине конгон ак көбүктү сүртүнө, ууртун кымтыды. Жазы кабак
тушунан салаасын салды да, артка кайрылган, тармалынын изи
алигиче жана элек ак чачтарын тарап койду.
“Макоо болуптурмун” деди. Ал оюнда ошондогу, жыйырма
тогуз жаштагы Турар Атаевди жекирип алды. Ошондогу Турар
Атаев көз алдына жүүнү бош, акылы толо элек, алдап койсо
жоошуган аңкоо болуп элестеди. Каруусунун кара күчүнө гана
ишенген кеңкелес элестеди.
- Мунун баарын эмнеге эстеп отурам азыр!? – деп күбүрөндү
Турар.
“Азыркынын бокмурундарына өрнөк болсун, ушунун баарын
китеп кылып жазсамбы!” деген ой кетти эргиген жанга бир туруп.
Кайра көөнү айныды: “Афганчы белем? Ким окуйт эле аны?”. Китеп
жазып көргөн жок беле кезинде? Ал учурда колхоздун мүлкүнө суук
колун салды деп айгак чыгып, жалган-чындан жамандап, кара
чечекей жатындашын да какшатып таштаганды, согуштагы эрин
күтпөй, качып кеткен жеңил ойлуу шуркуяларды (“эркек көрсө
ээрчип кетсе – шуркуя эмей эмине?” деген сөзү бар Атаевдин,
жаалданып алганда андан орой айтат), үй бетин көрбөй, колхоздун
төлү үчүн жанын садага чапканы калган чабандарды, алардын
артынан жабыла жүргөн сакманчыларды, саан менен таң атырып,
саан менен кеч киргизген саанчыларды жазгандар макталчу эмес
беле! Партиянын айдагы астында аларың да арбап алгыдай кыйын
жазышчу, окуп отурсаң кыргыздын койлору жалкы төл бербей
калган ал заманда, жалаң эгиздеп төлдөп, алды үч эмден жазчу эмес,
чабандары болсо койчо маарап, кой тилинде сүйлөгөнү калгандай
таасир калчу. Ким билет, Советтер Союзу дагы беш-он жылы бүтүн
турганда, эргулдарың аны да ойлоп табышмак беле балким... (Ушул
жерден
ага:
“Кутмандуу
күнүңүздөр
менен
урматтуу
радиоугуучулар! Фрунзеден сүйлөйбүз” деп башталчу кыргыз
радиосунун берүүлөрү эске түштү, койлордун жабырап
маараганынан бери уктуруп турчу эмес беле, туут маалында
кудайдын куттуу күнү угулчу кыргыз радиосунун баяндамалары
болор эле, дубалдагы мыкка илинүү радионун кулагын бурасаң эле
радиокабарчынын микрофонун талашып жатышкансып малыш
койлоруң да бир маарап берчү ал заманда. Бүтүн Кыргызстан маарап
жатып калчу эле).
Касымбеков Касымбеков башы менен куугунтукталып
жаткан ал чакта Турарга окшогондорго ким коюптур!? Сокулуктук
Ногой аксакалдын санжырасын кошуп жазгандагы аңгемесинин кол
жазмасы басмакананы кой, Жазуучулар Союзундагы көп
секциялардын бириндеги талкуудан – баамында, баштооч
жазуучулар менен иштешүү секциясы болсо керек эле - өтпөй
калбады беле! Жазганды кой, айта коём деп оозу күйүп, партия
менен комсомолдун тепкисин жебеди беле!? “Партияда жокмун”
деп какшаганына карабай, кашайгырлар партияда барлардан жаман
сөгүшкөн. “Жазаң аз тийип калды” дедиби, баканооздук менен
оокаты өткөн мансапкор бирөө жогору жакка жагынып, тоголок
арыз айдап жибериптир андан ары, алиги үч тамганын 2 эрмегине
айланган, кызылчоктору аңгемелешүүгө чакыра берип жүдөтүшүп,
аңгеме жазгыс кылышкан экинчи. Улутчулдуктан жалкыталы
дешкенби. Уламачыл Ногойдун өзү деле өмүрүндө анчалык сөгүү
укпаса керек, ага чейинкилер, ага үйрөткөндөр деле анчалык сөгүү
укпаса керек, баарын жыйыштырып Турар уккан. Ошондогу тоголок
арызчыл бир жасакердин азабы-ы!
Ушул ой келгенде Турар Атаевдин ичи туз куйгандай тыз
этип, кейип алды.
- Тилине кирип, неге ээрчидим? Эмнеден корктум ! – деп
жемеледи өзүн. – Коркпой эле койсом болмок! Катуу туруп,
кармашсам болмок! Акыр түбү утмак экенбиз...
Кыжыры кайнап, ачуулуу жаны ошондогу, отуз беш
жылчалык мурунку Турар Атаевди оюнда чоң колу менен “дүк”
эттире көкүрөккө дагы бир ирет уруп алды. Алтымыш бештен ашса
да азыркы Турар Атаев андагы Турар Атаевден алдуурак экен, оң
муштумун шиледи эле, отуз жаштагы Турар Атаевдин тумшугуна
таамай тийип, оозу-мурду канжалап, эки аягына араң-араң
таканчыктап, солдоюп туруп калды. Маңдайкы эки тишин ыргыта
койду оюнда. Оозу-мурдун кыйшайта койду оюнда. Ошондогу
Турар Атаевдин суракчысынан бетер, “сол ишиңдин сообу ушул”
деп, кулачын керип туруп сол муштумун шиледи эле, олбурлуу
десең олбурлуу, далылуу десең далылуу, көмүрдөй кара чачтуу
(үксөйүп тармалдуу эле), бийик маңдай, чап жаак отуз жашар Турар
Атаев каршылык көрсөтүүгө алы жетпей, башын буруп ойт берүүгө
дарманы жетпей, үнсүз-сөзсүз эки бүктөлүп отуруп калды. “Эркиң
бош кандай акмак болгонсуң!” деп, үстүнөн үйрүлө кыйкырып
койду оюнда. Ушинтип бир Атаев эки Атаев болуп, бири - жаш
Атаев, экинчиси – кары Атаев болуп кармашып, кызарып-татарып
отурду. Бир Атаев эки Атаев болуп арбашып, арманы көкүрөгүн
ачыштырып, көзүнө жаш толо жаздады.
“Мени тепкилегендер азыр Акүйдүн алтынчы-жетинчи
кабатында
отурушат,
желдеткичке
желпинип,
тегеренме
отургучтарына чалкалап, бийик терезелеринен
Ала-Арчанын
тоолорун, чокусун ак чалган шаңкайган аскар тоолорду тиктеп
отурушат! Көкүйдү билип отурушат, көк терезелеринен БозБөлтөктү тиктеп отурушат! Боз-Бөлтөктү билип тиктешеби?!” деп
обдулду. Сол капталына кыңкайып, шымынын оң чөнтөгүнөн
кадимки бышкан кирпичтин жарымынчалык келген колтелефонун
(“NOKIA” деген жазуусу бар бирок) сууруп чыкты да кимдирбирөөнүн номурун эстей албай кабагын түйүп, кармалап туруп
КГБ.
калды. Жаттагыдай болду эле, канча эле? “0772 31-...-...” деп, андан
аркысын таба албай туталанды. Жазгандай болду эле, каякта эле?
Жамбаш чөнтөгүнө кыстарылуу, кырлары кетилген эски блокнотун
cууруп алып аңтарды. Бүктөөсү сөгүлүп, бириндегени калган
блокнотунун улам бир бетин аяр барактап, үстү-үстүнө чийилип
оңдолгон, жол-жол саптарга үңүлөт. Кыйшыгынан жазылган,
ирээтин бузуп туурасынан жазылган, бирде бадырайта жазылган,
бирде чычкан жоргологонсуп майда, эки саптын арасына кыпчылта
жазылган эски досторунун аттары көзгө урунат дароо. Оң
сөөмөйүнүн учуна ”түү!” эте түкүрүнүп, улам бир бетин барактайт,
эбак көзү өткөн теңтуштарынын ысымдары учурайт. Качанкы
блокнот, качанкы ысымдар, качанкы даректер...
- Бул катарымдын көзү өтүп кеткен... Мунум кабылан эле,
кап, көзү өткөн... Сыянын күчүн! Блокноттун бетинен өчпөй дале
жүргөнүн кара, бул да өткөн... Кайран досум, мунум он жыл мурун
өлгөн! - деп күбүрөнө, утур бир бетин барактап, чакмак беттүү эски
блокнотун барактаган сайын эски номурларды шыкаалап, оо дүйнө
салган, эбак казанак ичинде эки кулач жерди кучактап жаткан он
чакты тентушунун атын да таап алды. Тапкан сайын бейиши
болгурлардын бейитин кошо түгөлдөп коёт:
- Баланчанын сөөгү айылына коюлган. Түкүнчөнүн сөөгү
андан он чакырым алыстагы жердин астында, ал да айылына
коюлган. Бул бечаранын сөөгү Күнтууда калды. Гмм... Ала-Арчага
көмүлсө эле жандары бейишке чыга тургансып, кызматы өткөнүөтпөгөнү деле Ала-Арчадан жай талашып жатканда Зулпуюп
бечаранын сөөгү ардакталбай калды. Бир дөбөгө чогулгансып,
Фрунзенин көчөлөрүндө далай жүрдүк эле, кыбыланы баштана чым
жазданган сөөктөрү эми көрүнгөн бейитте жатат!
Ушинтип улам бир бетин барактап, бириндеген досторун
тактап, эчак өлгөндөн блокнотуна телефону түгүл, эч качан атыжөнү жазылбаган Зулпуевди ичинен аяды:
- Кудай ургандай атеист неме эле, кантти экен? “Улуу
сюжетти” издеген кайраным!
Анан:
- Бир жерине чиймелегендей өңдөндүм эле, түлөөң каткыр
“төртүнчү секретардыкы” жок го! - деп күңкүлдөдү.
Баары-жоктун бары жазылып, издегени жок, кашайып. Бир
оокумда эстеди, эгемендүүлүктү ушул алып бергенсип,
көйрөңдөнгөн неменин номуру да көйрөң, - 31-08-91 эмеспи,
эгемендүүлүктүн күнү эмеспи, “31-август, 1991-жыл” дегени
эмеспи! Ошон үчүн жазган эмес блокнотуна.
Чалып, кулагына такады. Тыңшаса, кеткен чырылдагы башкача.
Элдики жөн чырылдаса, мунукунан гимндин кайрыгы угулат экен
артка. “Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен
барабар” деген жери бар го, оркестр ошол жерин түркүн аспаптар
менен үйлөп ойноткон жери бар го, так ошол жеринен баштап
угулат экен. Бир укканда “Ордуман атып турсамбы?” деген ой келет.
Эки мүнөттүк абанын толугу менен жаздырып алганбы, Турар Атаев
кол телефонун тажабай эки мүнөттөн ашыра кармаса, гимн эки
мүнөттөн ашыра ойноду, бирок телефондун кулагы ачылып, ээси
жооп берген жок. Ошол “сволучту” бир каарып алсам деди эле,
атаганат! “Алло” деген үнүн уксам, ашатып бир сөгүп алсам деди
эле, атаганат!
- Черт побери3, Акүйдө отурса эмне экен! - деди орус
тилдүүлөр менен акыйнек айтышчудагы эски адатына салып.
Туталанган тейде башын бурду. Тигинде, чала бүткөн кирпич
үйлөрдөн берегидеги жол боюна кыркалекей өскөн теректер урунду
көзүнө. Тааныш теректер эле, бирок негедир сөңгөктөрү
кыйшайгансып, көлөкөсү тетири көрүндү. Шаарга алгач келгенден
бери, шаар астанасын алгач аттагандан бери көзүнө көнүмүш болгон
теректер эле. Сөңгөктөрүнүн кыйшайганын! Айылды, тууган айылы
Аралды эске салган кайран теректердин аралары суюлуп, картайып
баратышкан экен. Алышка суу жыгылбай, куурап калганы бар экен.
“Илгери-илгери замандарда, биз жаш жүргөн чактарда узун өскөн
теректер болор эле, күмүш жалбырактуу болор эле, айдарым желге
шуудурап шоокумдуу болор эле, шоокуму моокумду кандыраар эле,
узун теректердин узун тийген көлөкөсү, калың өскөн теректердин
калың тийген көлөкөсү болор эле. Көлөкөлөп отурчу элек, ал кезекте
сыраны теректин көлөкөсүндө шимирчү элек. Кудай уруп, терегиң
кыйшык өскөн, өзөгүнөн кыйшыйып өскөн, көлөкөсү тетири тийген
заман келгенби? Көлөкөсү тетири тийген заман!?” – деп таңданды
масая түшкөн Турар Атаев: “Же акылым тетири айланып, тетири
көрүп жатамбы? Же тегерегимди тетири баамдап жатамбы?..”.
II
Кылда курбуусунда “Автовокзал” деген жазуусу шоңшойгон,
– так ошол жылы Фрунзе жаңы вокзалдуу болгон – эки кабат
имараттын асфальт жалатылган короосуна түш абыдан маалда кирип
барган көк автобус капталдата жай имерилип, көлөкөлөй токтогондо
ар кошкон жолоочунун арасында көк чемодандуу, айры калпактуу
кыргыз жигит кошо түштү.
Аскерден кайтчусунда орусту көргөн каадалуу кишидей
жанына бир чемодан күткөн эле, эки сыйра кийим-кечегине, дагы
Шайтан алгыр!
эки күндүк күл азыгына ичи толу, жүккуржуну да ошол, күлазык
куржуну да ошол көк чемоданын колтуктаган Турар четтей басып,
саамга турду. Жүк ташыган чүмкөмө машинеден машинеге
жармашып, ой-талаанын баарын айлана Жамбылга жетип, ал жерден
автобуска учкашып үч күн бою тынбай жол жүргөн неме акыры
таманы жерге тийип, боюна кан чуркап, мойну-башы жазылганына
жеңилдеп алды.
“Фрунзелеп келет, кыргыз баласы уюктаган абат жайга келет”
деген ушундай болот экен тоолук кыргызга, өгөй сезилген жок.
Чоктой балбылдаган оттору байкала элек, бирок вокзалдагы кыймыл
көзгө бир эсе жылуу көрүндү, бир эсе кымгуут көрүндү. Кере кулач
тамгалары карк темирден гана ийилген курбуудагы жазууну жана
бир мертебе чалкалай карап алды. “Автовокзал! Кыргыз ССРинин
булуң-бурчунан, Нарын, Ысык-Көл деген итапкан жерлеринен бери
кыйма-чийме каттаган жолдор, коңшу казак менен өзбекке кетчү кан
жолдор келип түйүлгөн жер турбайбы!” деди оюнда. “Тогуз жолдун
тоому турбайбы!” деди быйыл эле тургузулуп бүткөн вокзалдын
имаратынан көзүн албай.
Бара турган жери анык болбогондон кийин ашыгып аткан
киши жок, калаага келгендеги, калаа менен таанышчудагы
жөрөлгөсүн жасап, кайруусун маңдайына түшүрө кийген калпагын
көк желкеге түртүп салып, көк чемоданын көтөрүнө басып,
вокзалдын имаратын бир айланды. Архитектура жайын түшүнгөн
кишиден бетер ичи-тышын аңтара көз чаптырды. Имараттын бийик
керегесин, төрт кабат үйдүн шыбын тиреген түркүктөрүн сонуркай
карап, жомоктогу, кадимки эле кыргыздын жомогундагы алты
капкалуу, жети капкалуу шаарлар эсине түштү. “Куруучу болсомбу!
Куруучулукка тапшырсамбы документтерди!” деп, оюу бузулду
калааны аралабай жатып. Ашканасы бар экен ичкериде, чыгдан
тарапта экен анысы, оту каланган казанында аш бышып жатканбы,
не бир түркүн даамдын, аскерде жок, айылында жок тамак-аштын
чүйгүн жыты каңылжырды кытыгылап, шилекейди агызат. (Пиязга
шыкалып, майга сызгырта бышырылган “пирожки”, “котлет”, анан
да “чүчпара-пельмен” дегени экен, кийин билсе). “Буфет” дегени бар
экен, ал жагынан стакан-бөтөлкөлөрдүн кагышканы, орус
катындардын шарактап каткырганы угулат.
Имараттын ичи-сырты, жака-бели баягы армияда, “Лениндик
бөлмөдө” көргөндөгүдөй ураандар жазылган кызыл-тазыл көрнөкжарнактар менен жасалгаланган. Бир айырмасы – ырымга
кыргызчасы да бар, дагы бир айырмасы кыргыз өң тартылган,
көбүнесе кыз-жигит тартылган сүрөттөр көзгө учурайт. Коммунизм
заманынын жарчылары учурайт.
Шам-шум этип алуудан мурун, кыркалекей өскөн теректердин
көлөкөсүн бойлой вокзалдын күн чыгышы, какшыган таштуу сайга
жанаша турган жагына басып келди. Аныгында даараткана издеп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Айта бар менин кебимди... - 02
  • Parts
  • Айта бар менин кебимди... - 01
    Total number of words is 3734
    Total number of unique words is 2300
    23.0 of words are in the 2000 most common words
    33.2 of words are in the 5000 most common words
    39.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 02
    Total number of words is 3801
    Total number of unique words is 2259
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 03
    Total number of words is 3734
    Total number of unique words is 2300
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.3 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 04
    Total number of words is 3749
    Total number of unique words is 2208
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    38.6 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 05
    Total number of words is 3698
    Total number of unique words is 2125
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 06
    Total number of words is 3748
    Total number of unique words is 2233
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.7 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 07
    Total number of words is 3649
    Total number of unique words is 2371
    23.2 of words are in the 2000 most common words
    33.2 of words are in the 5000 most common words
    39.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 08
    Total number of words is 3791
    Total number of unique words is 2225
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    35.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 09
    Total number of words is 3797
    Total number of unique words is 2336
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    35.4 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 10
    Total number of words is 3714
    Total number of unique words is 2362
    22.2 of words are in the 2000 most common words
    32.4 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 11
    Total number of words is 3746
    Total number of unique words is 2391
    22.4 of words are in the 2000 most common words
    33.6 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Айта бар менин кебимди... - 12
    Total number of words is 855
    Total number of unique words is 651
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    41.4 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.