Latin

Ак баталар - 1

Total number of words is 3724
Total number of unique words is 1893
24.4 of words are in the 2000 most common words
35.8 of words are in the 5000 most common words
42.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ак баталар / А. Акматалиевдин жалпы ред. астында; Баш
сөзүн жазгандар Н. Ыйсаева, М. Өмүрбай уулу; Түзгөндөр: А. Акматалиев, К.
Кырбашев, М. Өмүрбай уулу, Ө. Шаршеналиев. Кырг. Улут. И. А. ж.б. — Б.:
«Шам», 2003. — 400 б. — («Эл адабияты»).
ISBN 9967-10-123-1
«Бул китеп кыргыз элинин руханий маданиятын, философиялык көз
караштарын, улуттук өзгөчөлүктөрүн аныктай турган элдик каада-салттарга
жана баталарга арналды.
Элибиздин аң-сезимине, турмушуна белгилүү мыйзам, норма катары сиңип
калган улуттук каада-салттарыбыз кыргыз баласын төрөлгөндөн баштап өмүрү
өткөнчө коштоп жүрөт. Ал эми ак тилек, таза пейил менен айтылган баталар
келечекке жарык нурун чачып, үй- бүлөнүн түбөлүктүү болушуна ишеним
туудурган.
Сунуш этилген материалдар бүгүнкү күндө актуалдуу проблемалардын бири.
Андыктан каада-салттарды жана баталарды жалпы окурмандарга сунуш
кылабыз.

СӨЗ КУБАТЫ — АК БАТА∗
Бир тилдин баяндоо кубаты анын сөздүк корундагы сөздөрдү санынын көп
болуусу менен гана ченелбей, ал сөздөр маанини адам дилине жеткирүүсү,
мээге кыт кылып куюусу аркылуу өлчөгөнү жөн. Кыргыз тилинде дилине чейин
барып сая турган баян кубатынын бирөө — ак баталар. Ак баталар кыргыз тили
менен жаратканга, ээге, теңирге өзүнүн ички баянын тике айтып, нурдан
жасалган аркан менен карапайым адамдардын дилин жаратканга күрмөп
байлап салганга чейин барып жеткен. Бул кыргыз тилинин кубаты, деминин

Араб арибинен азыркы кыргыз арибине түшүргөн Кеңеш Кырбашев.
көтөрүлгөн эң бийик жери дээр элек. Ак баталар адамдын жүрөгүнө (дилине)
төтө тийип, денени көшүлтүп салышы, тетири батанын (каргыштын) жүрөк
зыркыратып, сөөктөн өтүшү — мына булар сөздүн кубаттуулугун көрсөтүп
турганы эле.
Кыргыздардын ак баталары «жылуу сөздөр» деп аталат да, бул «жылуу
сөздөрдү» айтканда, адамдын дили жумшарып эле калбай, арийне жылан мөйүп
ак сөзгө таазим этип, «жылан ийинден чыгат» деген бек ишенимге чейин барып
жеткен. Кыргыз философиясында (ойчулдугунда) сөздүн кубатына ишенүү,
сөздү курал-жарак катары пайдаланууга болот деген түшүнүк эртеде эле
калыптанган. Кээ бир жаман жорукту мылтыкты көзүнө теңесе да таштабай
тургандар «батамды берейин» деген сөздү укканда нээтинен кайтып, дилин
тазартып алганга курал кылган. Кылычтын мизинен коркпогон жанкечтилер
«тетир батадан» (каргыштан) коркуп, өзүн инсандык кынапка салган.
Кезмети келгенде — дили азар жеп, үмүтү жалбырактай соолуп, «куубаш, куу
этек» атанып, инсандык жамысы зилдеп турган кезде, бүткүл тамыр, жүүндөргө
барып тие турган, аны ийите турган ак бата сөздөрдү батадан бүткөн баланы»
табууга жетишкени, адилагдар, ак эмгектүүлөргө, кадыресе, ата-эне
перзенттеринин убайын, күнү-күчүн көргөндө берген ыраазылык ак баталардын
кубаты какжыраган жерге жаан жааганда өлүм өнгөнгө окшош береке берип,
жарып-жалчып, «жаан менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт» деген макал
аркылуу батанын күчүн корутундулоого алып барган. Мына ушул мааниден
караганда, ак баталар кыргыз ой жүгүртүмүндө дил азыгы, жаздын деми болот
деген наристе түшүнүктүн болгонун көргөзүп тургансыйт.
Кыргызда ак батага болгон ишеним, андагы сөз кубатына чын бүтүү
кылымдардан бери урабай, күкүмдөлбөй, кесек боюнча келе берген. Жоо
майданында жекеме-жеке сайышка чыккан баатырлар алтын- күмүш сыйлыкты
эмес, ак батаны алып чыккан. Күрөш, эр эңиш сыяктуу мөөрөйгө, эл-журт
намысына чыккандар анын мөөрөйүнө алган мүлккө кубаттанбай, чур этип
алакан жайган ак батаны денесине шай көргөн. Эл башчысына болгон
ишенимин, мактоосун кандайдыр бир «шайлоо белети» менен эмес, көөндөн
чыгарып, чогулуп берген ак баталары менен белгилешкен. Кыскартып айтканда,
ак баталардын кыргыз турмушундагы, дилиндеги орду өтө омоктуу болуп
келген. Себеби, кыргыз тилинин сөз кубаты дилине жетип, ак баталарга болгон
өзүнчө ишеним калыптанган.
Ак баталарга мындай ишеним байлоодо кыргыздардын диндик түшүнүгү,
табият карашы башат болуп берген. Кыргыздар ааламдын жаратуучусу эмес, ал
тургай табияттын ар бир мүчөсүнүн эмес, пири болот деп түшүнгөн.
Адамдардын жаратуучусу эмес бүт паламды жаратат, ааламдын башкы бийлиги
анын колунда деп түшүнгөн. Ошого кыргыздар кылымдан бери ар кайсы
доордогу ишенимине жараша адамдардын ээси «жараткан, теңир, көкө теңир,
ээ, эге, алла, кудай» деген аталыштар менен атап келген. Кыргыз ак
баталарында мына ушул ээлерден «бер, бере кор, жалга оңдой көр» деген
сөздөр менен суранып, тилек айтылган. Кыргыздардын түшүнүгүндө адамдын
ушул ээлери гана адамга өмүрдү, ден соолукту, ырыскыны, бакытты, таалайды,
тынчтыкты берет, ушулардын бийлигинин бардыгы адам ээсинин колунда деп
түшүнүлгөн. Ошого ушуларды суранган. Ал эми өлүмдү, кырсыкты, оорчулукту,
таалайсыздыкты да ээлер буйрат деп билип, мына ушулардан сактоону тилеп
жалбарган.
Ал эми кыргыздын дагы бир түшүнүгүндө табияттагы бардык эле заттардын
ээси, пири болот. Алар өздөрүнүн мүчөлөрүн коргоп, калкалоо менен бирге,
жараткандын убайы боюнча алар адамдарга «колдоочу, жөлөөчү, жолдош»
болуп, табиятта коркунучсуз жашоого көмөкчү болот, тилегенди берүүгө,
балаа-казаадан сактоого «колдоочу болот деген түшүнүктүн тамырынын
тереңге кеткенин кыргыз ак баталарынан көрөбүз.
Кыргыз ак баталарында табияттын, кубулуштардын ээлеринен, пирлеринен:
Кыдыр (Кызыр), пир, Баба (Баба дыйкан), аскар тоо, мазар, Умай эне, Кырк
чилтен, Камбар ата, Чолпон ата, Чычаң ата, Заңги баба, Ойсул ата, Үркөр ата,
Кайберендин ээси, Шаймардан, Колдоочу, Дөөтү, Үр, Буудайык, Кумайык,
Сырттан, Алп кара куш, Он сегиз миң аалам сыяктуулар айтылып (кыргызда
табияттын пирлеринен мындан да көп аты бар. Бул жерде аталганы тек ушул
китептеги баталарда кезиккендери), булардан «колдо, даары, жылооло, жолдош
бол, жар бол, жөлөк бол» деген сыяктуу сөздөр менен көмөк, колдоо сураган
өтүнүчү айтылат.
Кыргыз түшүнүгүндө бул табияттын мүчөлөрүнүн пирлери өз мүчөлөрүнө
гана ээ. Аларда бардыгын жарата турган, жайгаштыра турган, бере турган
башкы бийлик жок, тек «колдоого алуу, жолдош-жоро» болууга асыгатат деп
билген. Кадыресе, табияттын ар бир мүчөсүнүн пирлери адам менен олут, орду
чамалаш катары көргөн.
Кыргыз баталарында «колдоочу» катары пайгамбарлардан Мукамбет,
Илияс, Сулайман, Азирет, Батма-Зуура, Нух, Улукман сыяктуулар айтылып,
алар да ар бир нерсенин пири катары айтылат (мисалы, суу башы — Сулайман,
эмчиликтин пири — Улукман).
Кыргыз ак баталарында байыркы ата-бабанын ар- багына табынуу түшүнүгү
боюнча «ата-баба арбагы,
Манас арбагы, арбак» сыяктуулар айтылып, буларга да «колдоочу»
катарында «колдо, жөлө, көтөр, дем бер» деген өтүнүч, тилек айтылат.
Майнаптай айтканда, кыргыз ак баталарындагы түшүнүктө адамдын ээлери
«берүүчү, жалгоочу» болуп, бүткүл бийлик анын ээлеринде деп, андан
жалбарып, жашооруп суранып-тиленилсе, ал эми табияттын, кубулуштардын
пирлери «колдоочу» катары болуп, алардан «көмөк» тилен- ген. Бата тилөөчүгө
(бата алуучуга) бата берүүчү жак мына ушуларды сурап, тилеп берген сөздөр ак
баталар болгон. Ошого ак батаны берүүдө алакан жайган адам канча көп болсо,
аруу-агдар, кадыр-баркы, чоң адамдар берсе бата өтүмдүү болот дегени аны
сурап, тиленгендердин тилек, каалоосун берет дегени эле.
Кыргыз ак баталарында төмөнкүлөрдү суранып, мындай сөздөрдү колдонгон.
1. Өмүр, ден соолук суранган сөздөр — узак өмүр бер, көп жашат, башын
таштан кыл, саламаттык бер, эсен-соолук болсун, жанын аман кыл.
2. Акыл, өмүр суранган сөздөр — акыл бер, кыраандык бер, эс бер, эстүү кыл,
муратка жеткир, өнөрлүү кыл, илим бер, уз кыл, көөдөн бер, тос бер, көсөм кыл.
3. Күч-кубат суранган сөздөр — эрдик бер, эр кыл, эр бол, билектүү кыл,
күчтүү кыл, дем бер, кубат бер.
4. Дөөлөт-ырыскы суранган сөздөр — кенч бер, өрүштү кенен кыл, олжолуу
кыл, кетпес дөөлөт бер, ырыс бер, ырыскылуу кыл, берекет бер, кешик бер,
шыбага бер, доор сүргүз, дүнүйөлүү кыл, даам бер, аштуу кыл.
5. Мартаба, акылак суранган сөздөр — намыстуу кыл, абийир бер, адеп бер,
айлалуу кыл, арлуу кыл, дил бер, дил таза болсун, тилектүү кыл, уят бер, уяттуу
кыл, мейирмандуу кыл, күйүмдүү кыл, ырайым бер, кайрымдуу кыл, адилдик
бер, так бер, сый бер, бак, бакыт бер, кубаныч бер, урмат бер, адамгерчилиң
бер, мартаба бер, таалай бер, аброй бер, атак бер, кең бейил бер, бешене бер,
маңдайлуу кыл, жоомарт кыл, даңк бер, зыйнат бер, нарк бер, канаат бер,
шаттык бер, даражасын көтөр, өркөнүн өстүр, бийлик бер.
6. Ак жолтойлук суранган сөздөр — куттуу кыл, ак жол бер, оң жолго сал,
перзенттүү кыл, уул бер, жолду шыдыр кыл, баш бер, бирлик бер, ынтымак- тык
бер, бейкуттук бер, тынчтык бер, өмүрлүк шерик бер, жубайлуу кыл, дос бер,
жоро бер, жолдош бер.
7. Көрк-келбет суранган сөздөр — сулуу кыл, сулуулук бер, көрк бер,
көрүктүү кыл, келбет бер, ажар ач, айбарлуу кыл, сүрдүү кыл, сымбат бер.
8. Диндик тилек сөздөр — бейиш бер, ыйман бер, акырет бер, аркы дүйнө
бер, топурагын торколуу кыл.
9. «Манастан» тилек кылган сөздөр — Манастын эрлигин бер, Кошойдун
жашын бер, Каныкейдин уздугун бер, Айчүрөктүн сулуулугун бер, Алмамбеттин
акылын бер.
Жогоркулар кыргыз ойчулдугунда, киши жашоосунда болууга тийиштүү
нерселер жана сапаттар болгон да, «аны бер, ушулар болсун» деген. Батадагы
каалоо-тилектердин мазмундары да ушул сөздөргө түйүнүшүп айтылган.
Ал эми кыргыз ак баталарында «болбосун, сактасын» деген тилек айтылып,
мындай сөздөр колдонулган:
1. Ооруу-сыркоодон сактасын деген сөздөр — дарттан, катуулуктан, чочуган
желинден, кезиктен, мээнеттен, сынанаамдан, жабыркоодон, оорудан, онтогон
оорудан сакта.
2. Өлүм-кырсыктан сактасын деген сөздөр — балаадан, бакпай балаадан, ар
балаадан,
мезгилсиз
өлүмдөн,
өлүмдөн,
капылеттен,
казадан,
өрттөн,
жалындаган өрттөн, агыны катуу суудан, капсалаң жуттан, көчкүдөн, жаман
ашуудан, жаза тайып жолдон, татаал жолдон: тайгак кыядан, шайтандын
азгырыгынан, бүлүк салгандан, карандай капсаптан, адашуудан, мүдүрүлүүдөн,
сүрдүгүүдөн кесепеттен, ордон, уруштан, алдамчыдан, уудан, капкандан,
тузактан, кылтактан, жазадан, заардан сакта.
3. Өкүм, кордуктан сакта деген сөздөр — каардан, кандын каарынан,
жалаадан, жаппай жалаадан, жажууланган жалаадан, калбаадан, доочудан,
доодон, кара өзгөйдөн, бүтпөс доодон, дооматтан, өктөгөн өкүмдөн, уяттан,
уятсыздыктан, кадамы катуудан, өйдө-ылдыйдан, кектен, коогадан, жазыктан,
бүгүлүүдөн, аярдан, чуудан сактай көр.
4. Жоо жана жаман жоруктан сактай көр деген сөздөр — наадандан, көзү
сууктан, чууттан, бөрүдөн, уурудан (аңдыган ууру, жашырынган уурудан),
кастан, ач көздөн, дили карадан, ушакчыдан, көрө албастан, кара ниеттен, нээти
жамандан, жоодон, чапкан жоодон, жалаңдаган жоодон, тилсиз жоодон, тийген
жоодон, кулкуну бузуктан, душмандан, ичи жамандан, жаман ойдон, жаман
тукумдан, жакырдан, жезиттен, күнүчүлдөн (сакта, ошондой кылба, жолотпо).
5. Тил-сөздөн сакта деген сөздөр — тилден (жаман тилден), дилинде мөөрү
бардан, кайбат сөздөн, ушак сөздөн, сасык сөздөн, табадан, кер ооздон,
каргыштан, ала ооздон, күңгүрөнгөндөн, күлүп сүйлөгөндөн, тетир батадан
(сакта).
6. Диндик түшүнүк боюнча сакта деген сөздөр — арамдан, арам дүйнөдөн,
арамдыктан, ымансыздыктан, тозоктон, тозоктун отунан (сакта).
Кыргыздын ак баталары жогоруда атап айткан «бер, болсун» деген жана
«болбосун, сакта» деген тилек сөздөрдөн куралган болот. Бул сөздөрдү
карасак, кыргыздардын жашоо турмушунда кандай сааттардын, нарктардын
керектигин, эмнелерди асыл нарктуу баалай турганын, ал эми кандай
жоруктардын, кылыктардын жаман экенин, эмнелердин «болбостугун» каалай
турганын билип алабыз. Кыргызда ак-каранын ажырымы өтө айкын бир жашоо
карашын биле алабыз. Баталардын бизге берген берекеси да мына ошондо
болуп чыгар. Болуп да, кыргыздын ак баталарынан кандай адам болуунун
өлчөм, ченемдери айкын көрүнгөн күзгү сыңары турат. Анданы «бер, берсин,
болсун, жалгасын» деген сапаттар адамдардын дилин тазартууга алып барып,
ошол сапаттар өзүндө болууну (мисалы: ар-намыстуу кыл) көкбөшүп, ошондой
киши болууга далалат жасашат. Ал эми «сактасын, жолобосун, келбесин» деген
нерселерден оолак болууну, андай жоруктарды жоюну (мисалы, чууттан,
ушакчы- дан сакта) күсөгөндөрү батадан билинип турат. Ошондуктан, ак
баталардын наркы анын адам тарбиялоо жагынан бадырайып көрүнөт дээр
элек. Болуп да, бүт эле кыргыздын жөрөлгөлүү турмушуна жуурулуп алган ак
баталар, алып айтсак, баланын ымыркайынан тартып эр жеткенге чейин болгон
салттарында берилүүчү баталар баланын зээнине сиңип, эл берген батадагы
адамдык сапаттарга (жигит болсоң элчил бол, ата-энени сыйла), андагы
нускаларга (жесирлерге жөлөк бол, жетимдерге көмөк бол) өздөрүн тезге
матагандай матап, бата менен тарбия көрүп чоңоюшат. Ошого ак баталардын
наркы анын тарбиялуулугунда деп айтууга болот.
Ак баталардын дагы бир наркы ал адамдарды мураттуулукка, тилектүү,
үмүттүү жашоого алып бара турган мааниге ээ. Ак баталардын деми рухундагы
көңдөй
жерлерди
толтуруп,
топук
алып,
өз
мурат-максатына
жетүүгө
чымыркантууга шык болуп берет. Ошого баталар кыргыз рухунда кылымдардан
бери бек уялап келет. Баталарга болгон ишеними бекип, «жамгыр менен жер
көгөрөт, бата менен эл көгөрөт», «бата — сөздүн атасы», «ботонун куну — бир
жут, батанын куну — миң кут», «баталуу эр арыбас, батасыз эр жарыбас»,
«атаңдан бото калбасын, бата калсын» деген сыяктуу турмушту корутундулаган
макалдарды чыгарышкан.
Ак баталардын наркын көтөргөн дагы бир нерсе, ал кыргыздын сөз
маданиятын алып жүргөн. Ак баталардагы сөздөр, ак тилектер адамдардын
көөнүн жибитип, адамдар арасында мээр төгүүгө, сылык сыпайы сүйлөшүү
маданийлигине пайдасын тийгизип келген. Кыргыздар качан да бири-бири
менен көрүшкөндө жылуу сөз, ак тилек сөздөрдү айтып саламдашкан.
Көрүшкөндөгү салам сөздөр аябай ыйбалуу болуп, ат-салоом алейком десе,
тигил алейкума салам деп алик алган. Саламды алик алуу өтө чоң
адамгерчилик катары каралган. Андан бөлөк (аман-эсен турасыңарбы?
Эли-журт эсенби? Куш келипсиз, сиз менен таанышканга кубанам. Балдарыңар
чоңоюп жатабы? Үй ичи тынчпы? Мал аманбы? Демдүү — тетик жүрдүңөрбү?»
деген сыяктуу мамиле жылыта турган сөздөрдү колдонгон. Ал тургай,
кыргыздар бирөөнүн сөзүн бөлүп, «сөз жырып» кетмейди айып катары билип,
эгер сөз кошууга туура келсе: «кечириңиз, сөзүңүз оозуңузда, алтын
шилекейиңиз оозуңузда, оозуңузга сөз салып койгонума кечириңиз, сөзүңүзгө
аралжы, кечириңиз, сөзүңүздү бөлүп койдум» деген сыяктуу маданий сөздөрдү
колдоно билген. Бул сөздөр ак баталардын каражаты катары урунулуп, бата, ак
тилек сөздөр, жылуу сөздөрдүн наркын көтөрүп, кыргыздардын сөз маданиятын
калыпташтыра алган.
Кыргыздардын ак баталарынын тарыхы эң узун. Тээ Эне-Сайдагы таштын
бетине чегилген эстеликтердин ичинде баталардын өрнөктөрү калган. «Манас»
баштаган эл ооз адабиятында баталар жыш кезигет. Ак баталарды кыргыздын
көсөмдөрү, акылмандары, ырчылары, төкмөлөрү, «оозунда алтын шилекейи
бар» нарк-салтты тутунуп жүргөн адамдар чыгарышкан.
Биздин бул жыйнакка те кыргыз ак баталарынын үлгүлөрүн гана киргизе
алдык. Эгерим сарамжалдуу эмгектенип, ата-бабанын баталарын илгертен
толук чогулткан болсок, нече жүздөгөн томдор түзүлмөк. Бирок азыр айтпай
болбойт, кыргыздарда бата берүү кандайдыр жөнөкөйлөшүп, эки ооз сөздү
куюлуштуруп, жүрөккө жылуу тие турган сөздөр менен бата берүү жок эсе болуп
кетип баратканда, бул жыйнакка бата чогултуу жумушу туш келип калды.
Бардык эле көз көргөн, кулак уккан баталарды чогултууга аракеттенип, ак
баталар кыргыздын орток түлкү деген түшүнүк боюнча, мындан мурда басма
сөздөрдө жарыяланган баталардын бардыгын бул жыйнакка киргиздик. Болуп
да, Кыргызстандан 2002-жылы жарык көргөн Кеңеш Жусупов менен Чоюн
Өмүралиев түзгөн «Ак бата» деген китепчедеги баталар ичинен бизде жокторун
толук алдык. Ооба, алар да биз жарыялаган баталарды ал китепчеге
киргизгендерин китепченин алгы сөзүндө айкын жазышып: «кайсыл бата кимге
тиешелүү деп таандыктап отурбай жалпы бердик» деген ойлоруна биз да
кошулуп, бул жыйнакты түзүп чыктык. Кээ бир баталардын авторлоруна элден
чогултуп басма сөздөрдө жарыялагандардын бул жыйнакка кирген баталары
үчүн чоң рахмат айтамын.
Бул жыйнакка киргизилген баталар жыйнакты түзүүчү жагынан түрлөргө
бөлүнүп чыгылды. Ар бир түргө өзүнчө түшүнүк макалалар жазылып, ак батадан
пайдалануу берекетин ашырууга аракет жасалды.
Соңунда,
ушул
китепти
окугандарга
ушул
ак
баталарда
айтылган
жакшылыктардын бардыгы келсин, ушул ак баталар тийсин деген каалоо айтам!
Кармыштегин Макелен Өмүрбай.
ЗАЛКАР БАТАЛАР
(Түшүнүктөр )
«Залкар баталар» кыргыз ак баталарынын ичинде эң улуусу, өтө касиеттүүсү
болуп, бул баталарды эл туу туткан, ишенген касиеттүү кишилер, пир болуп
тутунгандар берген. Ал адамдарга эл назары түшкөн, бүткүл калк ынанган
болот. Алардын оозунда чын эле «алтын шилекейи» бар, айтканы «эм» болот
деген ишеним бекип алган. Бул залкар батаны берүүчү кишилер да оңой эле,
көрүнгөн жерде бата бере койбогон. Алар демейдеги дасторконго, же
аш-тойлорго бата берип жүрбөй, кандайдыр бир олуттуу окуяларга, эли-журттун
көксөөсүнө атайылап бата беришкен. Залкар баталардын берген ээси (автору)
болот да, алардын дүйнөгө, табиятка болгон түшүнүгү терең, инсанат
турмушунун тажрыйбасына тотуккан, эл акылмандары, көсөмдөрү, залкар
адамдардын айткан сөздөрү курч, тилеги төп, болжолу анык болгондуктан, алар
берген ак тилек — «залкар баталардын көбү эм болгон. Алар айткан акылман ак
тилектер адам рухуна кыт болуп куюла калганда, дароо «боло калгандай»
туюнууга жетишкен. Ошого жөнөкөй адамдардын берген баталарына бакканда,
залкар, улуу касиеттүү (таза, жөндөмдүү) адамдардан «алтын шилекей» алып
калууга ынтызар болуу пайда болгон. Ал тургай дили таза, элге кадырман
адамдар «бөбөктүн оозуна түкүрүп» алтын шилекей чачып, ак батасын берген.
Ошого «алтын шилекейиңизди чачык коюңуз» деген сөз калыпташкан түрү бар.
Чын эле, «залкар баталарды» эл рухун аздектеген, калк ишенимин канык
билген, зили чечен, акылмандар чыгарганы, ал тургай «бата» деген мал ак
тилек менен айтылган бул көркөм адабий тектин улун койгондор да залкар
адамдар болгон деп айтууга болот.
Биз бул алгачкы «ак баталар» жыйнагыбызга төмөндөгүлөрдү залкар
баталардын өрнөгү кылып көргөзүүнү ылайык көрдүк.
«Умай эненин батасы». «Умай» кыргыздардын сыйынуучу пирлеринин бирөө
болуп, ымыркайдын өнүп-өсүүсүнүн ээси деген түшүнүк боюнча Умай энени
улуу тутунуп келген. Умай эненин колу ымыркайга эм-дом болот, бөбөктү
колдойт деген бекем ишеним болгон. Умай энелердин өтө бийиктеги элеси
сүрөттөлүп, адамдардын дилиндеги ыйык ургаачы элестетилип, ургаачы
заттарды, энелерди «Умай» деген сапаттын улуу талабына жетүүгө умтултуп
салган.
«Умай» деген сөз «баланын шериги, жолдошу, ээси, тону» болот, «Умайга
табынса, уул табат» деген макал бар дейт, «түрткү тилдер сөздүгүн» түзгөн
Махмут Кашкарий (караңыз, уйгурча басылмасы, 1-том, 167- бет). Умай эненин
кыргыз аңыздарындагы баланы калкалоо, өнүп-өсүүнүн ээси деген түшүнүк
боюнча, кыргыз залкар баталарынын башы Умай эненин алтын шилекейи менен
чачылган. Бул батада Умай эне өсүмдүктөрдүн, эгинчиликтин, малчылыктын
жана башка табият мүчөлөрүнүн ээлерине (пирлерине) кайрылып, бардыгы
табияттын бардык мүчөсү, бир топ киндиктеш катары туруп, өсүп-өнүгүүгө
тилектеш болууну, табиятты бурчалтпай, тепетеңдикте өнүп-өсүүгө ак тилек
айткан. Биз Умай эненин батасын залкар баталардын башы тутунуп,
көпчүлүктүн
өндүрүш,
жаңы
иш
башында
ийгиликтер
каалаганда
эл
аксакалдарынын оозу менен айтып жүрүүбүзгө тийиш экен. Умай эненин батасы
ушул бирөө гана эмес экени белгилүү, мындан аркы баталарды жыйноо
жүрүшүндө көптөп чогултууларына ишенебиз.
«Баба дыйкан батасы». Баба дыйкан кыргыздын аңыздык түшүнүгү боюнча
эгинчиликтин ээси. Ал үрөөндөн баштап, чечтеген кызылдын, жалпы эле
дандын пири болуп, данды коргоочу, калкалап өстүрүүчү деп каралган.
Кыргыздын аңыздык элесинде Баба дыйкан «боз кептер» болот имиш. Ал
эгинди, кызылды калкалап, эгинчиликке берекет алып келет деген аңыз
айтылат.
Жуңго кыргыздарында (кээ бир жерлерде) ушул күндө кыргыздын кызылын
сузарда эки ырым жасашат: анын бирөө, «Аккуланын акы үчүн» элден мурда
бир күрөк сузуп, кырмандын төрүнө коюп коёт. Бул «Манас» эпосундагы
Манастын буудай эгип, ал буудайга Аккула тайды алмаштырып келген окуясы
менен кандайдыр бир тектик байланышы ырымдык жорук менен сакталып
калганбы? Ал эми дагы бир ырым, кызыл сузганда «кепсен» бермей бар.
Жарды-жалчыга дандан кепсен бөлөт. Ушунун бардыгы Баба дыйканга
байланыштуу түшүндүрүлөт.
«Баба дыйкан батасы» кыргыздын залкар батасынын бирөө болуп, бул
айдоо жерге үрөөн себерде колу берекеттүү, дили таза киши үрөөн себүүнүн эң
алгачкы башталышында, бир ууч үрөөндү сепкенче айтылат. Батанын негизги
мазмуну бул үрөөндөн өнүп чыккан дан жалгыз эле эгүүчүнүн өзү үчүн өнбөй,
дагы табияттагы жан-жаныбарлардын акысы, алардын ырыскысы үчүн өнүү
керектигин айтат. Ырыскы ала турган жан көп болсо, дан да ошончо мол чыксын
дегени. Дагы бир жагынан, кыргыздын табияттагы жан-жаныбарлар менен
ырыскылаш бирге жашоо таанымын ушул батадан байкатып турат.
«Манастагы» баталар. «Манас» эпосу кыргыздын билим китеби. Андагы
бардык маданияттын ичинде кыргыздын ак сөз — бата маданияты, өтө жогору
ченде камтылып бизге жетти. Жалпы кыргыз журтчулугуна белгилүү «Кошойдун
батасы» деп аталган залкар бата баш болгон көптөгөн баталар «Манаста»
айтылат. Батанын өрнөгү боюнча «Манастагы» баталар олуттуу окуяларга
карата айтылган. Андагы бата берген адамдар кыргыздардын рухуна да кыт
болуп куюлгандар болуп, бул жыйнакка «Манастагы» залкар баталардан Жусуп
Мамай айтымындагы Кененимге берген Бакайдын батасы, Бекбачага берилген
баталар, Каныкейдин батасы жана Сагымбай Орозбак уулунун айтымындагы
«Кошойдун батасы» үлгү катары алынды.
«Бакайдын батасы». «Манас» эпосунда Семетей, Бакай, Каныкей, Күлчоро
сыяктуулар Кызыл алп дөөнүн дүмөгү менен Шамырымдын тоосуна камалып
кыйын кезеңде калганда, Манастын төртүнчү урпагы Кененим ат көтөргүс алп
болуп жетилип, эч кандай ата-бабасынын каруу-жарагы менен жабдынбай эле
дөөнү түптүү теректи жулуп алып ошону менен чапкылап, таш менен койгулап
өлтүрөт. Ошондо Бакай бата берген. Андан кийин да пери кыз, эл-журт көп жолу
бата бергени айтылат.
«Манас» жомогунда Манастын бешинчи урпагы Бекбача баатырга эл-журт
көп жолу бата бергени бар.
«Кошойдун батасы». Кыргыз баталарынын эң нарктуусу катары каралат. Бул
Манас баатырдын тукумун улоого, Манастын жолун жолдоочу тарыхый
адамдын дүйнөгө келишине төтө байланыштырып айтылып келет. Бул батанын
берилүү ыңгайы Каныкейдин уздук өнөрүнө, атап айтканда, Кошой баатыр жер
бетинде адам калбай келген «Көкөтөйдүн ашындагы» өтө чоң күрөш
майданында күрөшкө чыгууда ылайыктуу шым табылбай, айласы түгөнүп
турганда, Каныкей жасаган кандагай шым Кошой дөөнү ыраазы кылат. Мына
ошол уздукка ыраазы болгон Кошой алакан жайып, бала көрбөй жүргөн
Каныкейге бата берет. Анда ар улуттан, ар динден болгон майдандагы элдин
баары бирге «оомийин» деп батага кошулушат.
Ошол батадан улам Каныкей Манаска Семетей уулду төрөп берет.
«Манастагы» бул Кошойдун батасы кыргыздардын батага болгон ишенимин ого
бетер бекемдеп турат.
«Манастагы» залкар баталарга Каныкейдин уулу Семетейди Каракандын
элинен өз жергесине аттантар кезде берген батасы да кирет. Ал бата Манас
баатырдын улуу ишин улоочу данакер катары көрүнөт. Майнаптаганда «Манас»
жомогундагы баталар өзүнчө бир топ көлөмдү түзөт. Аны жыйнактап, залкар
баталардын түрүнө коюу мындан аркынын милдети болмок.
«Эне-Сайлык Кыргыз атанын батасы». Бул залкар баталардын ичинен эң
эски баталардын бирөө болууга тийиш. Бул бата көрүнүктүү тарыхчы Бутанаев
жазган «Эне-Сай кыргыздары» деген китептен алынды. Ал китепке ошол
жердеги эл оозунан жазып чогулткан «уламыштар» аркылуу кирген экен.
Батанын берилүү ыңгайы мындай болгон: ошол кездин жоосу кыргыздарды
өз жергесинен сүрүп бөлөк жерге алып жөнөгөндө, жер менен киндиктеш болуп
калган Кыргыз ата балдарын чогултуп туруп бата берип, «өз тоолорубузду
унутпагыла, кайра келгиле» деген мааниде терең батасын берген (Бутанаев
«Эне- Сай кыргыздары» деген китептин 42-бети). Бул бата чыгуу доору жагынан
байыркы баталардын үлгүсү, байыркы тил боюнча сакталып калган түрү болуп
эсептелет. Байыркы батанын ташка чегилген бир кертимин да бул залкар
баталардын ичинде көргөздүк. Максатыбыз биздин бата маданиятыбыздын
башаты тээ баштапкы кезден келе жатат дегендей табыштоо болду.
«Угуз наамадагы» бата». Бул бата «Угуз наама» чыгармасынан алынды.
Жазма
түрүндө
бизге
жеткен
«Угуз
наамадагы»
бата
биздин
залкар
баталарыбыз катары саналат. «Угуз наама» чыгармасы XIII — XIV кылымда
кагаз бетине түшкөн. Азыр бир нече кол жазма нускасы сакталып калган.
Бул батаны берүү ыңгайы: Угуз хакандык такка олтурганда элдин берген
батасы
жана
Угуз
хакан
өзү
баатырларына,
иш
билгилерине
берген
ыраазычылык баталары болуп эсептелет. «Угуз наамадагы» бата биздин
бата-салтыбыздын тээ байыртан эле жүргөнүн, батанын берилиши өз кезинде
бийликти жалпы колдоого алып тургандыгынын бир далили катары көрүнүп
турат. Кадыресе батанын курамын, түзүлүшүн изилдөөдө бул байыркы жазмага
түшкөн батанын мааниси зор.
«Кут
алчу
билимдеги
бата».
Бул
залкар
батанын
үлгүсү
Жусуп
Баласагындын улуу чыгармасынан алынды. «Кут алчу билим» аттуу бул улуу
чыгарма 1069-жылы жазылган болуп, мындай батанын үлгүсү жазма түрүндө
бизге жеткен.
«Махмут Кашкарийдин батасы». Бул залкар бата «Түркү тилдер сөздүгү»
(«Дивани лугатит түрк» 1075 — 1094-жылдары жарык көргөн) аттуу улуу
чыгармадан алынды. Батаны ушул чыгарманы жазган Махмут Кашкарий
китептин кириш сөзүндө жазып, Халифа Мухаммет уулу Абылкасым Абдылла
Муктеди Бийемирилла улукка арнап берген. Батанын салттык түзүлүшү, сөзүнүн
баяндоо күчү, чын эле Махмут өзү айткандай «түркү элдеринин сөзгө
чеберимин...» дегенин ырастап турат. Махмут Кашкарийдин жазган батасынын
бизге келип жетиши, ак баталарыбыздын кайнар булагынын калыпташкан
«оргумасын» элестетип, бата айтуу көркөм сөз өнөрүбүздүн тарыхын ого бетер
таасын көргөзө алат.
«Токтогул ырчынын батасы». Токтогул ырчы (1320 — ?) кыргыздардын XIV
кылымдагы уламыштан бизге Жеткен улуу ырчысы болгон. Бул улуу ырчынын
бизге жеткен чыгармалары көп эмес, бирок нече кылым өткөнүнө карабай, эл
ичинде бир нече ыры сакталып
калганы
шүгүрчүлүк.
Ал
эми
Токтогул
ырчынын
батасы
да
ошол
чыгармаларынын ичинде берилген болуп, XIV кылымда кыргыздын Бердибек
хаканы такка олтурганда куттуктап берген батасын бул залкар баталарыбызга
алтындын күкүмүндөй кылып алдык. Элибиз ичинде «Токтогулдай ырчы,
Толубайдай сынчы бол» деген ылакап сөз Токтогулдун чоң ырчылыгын күбөлөй
алат.
Токтогул ырчынын батасы кыргыздардын бата берүү салты, батаны
чыгаруучулар ырчылардан, чечендерден боло тургандыгынын баш жагын
көрсөтүп берет.
«Арстанбектин батасы». Арстанбек Буйлаш уулу (1824-жылы туулган)
кыргыздардын «булбулу» аталган чоң ырчы болгон. Бул ырчынын бизге жеткен
батасы акындык чыгармачылыгында, атап айтканда, Жеңижок (Өтө) ырчы канат
күүлөп, эл ичине ырчылык улуу жумушун баштаган кезде берген батасы болуп
эсептелет. Арстанбек ырчы кыргыз ак баталарын кандайдыр күчтүү баян
деңгээлине жеткиргенин берген батасынан байкоого болот.
Арстанбектин батасы кыргыз ырчысы кандай болсо боло тургандыгы
жөнүндө талап коюп, «ырчы болсоң сынчы бол» деген сыяктуу ырчылыктын
бийик жерлерин көргөзүп, «ошондой бол» деген баталык баян ыкымын
колдонгон. Андан көркөм өнөрдүн пирлери «Камбаркан» сыяктуулар «колдосун»
деген батанын жөрөлгөлүү курамасы боюнча курч сөздөр менен батанын бийик
бир
чокусун
көрсөтүп
турган.
Ошого
Арстанбектин
батасы
залкар
баталарыбыздын ичинде турууга тийиш.
«Токтогул Сатылган уулунун батасы». (1864 — 1933) Токтогулдун батасы
ушул замандын ырчылары чыгарган бата нускасынын өрнөгү катары каралат.
«Тоо булбулу Токтогул» өмүрүндө жүздөгөн баталарды айтса керек, бирок бизге
жеткени аз болду. Эң жакшы жери Токтогулдун батасы биздин бата
маданиятыбыздын дагы бир түрүн, атап айтканда, айтыш ырларында берилген
батанын өрнөгүн көрсөтө алат. Бул залкар баталар бөлүмүнө кирген
Токтогулдун батасы 1922-жылы Кетмен-Төбөнүн Итагар жайлоосунда өткөн чоң
тойдо Калык ырчы экөө алым сабак ырдашып жаткан ыңгайда берилген.
«Чыңгыз Айтматовдун батасы». Чыңгыз Айтматов (1928-жылы туулган)
заманыбыздын дүйнөгө таанылган жазуучусу, бул улуу жазуучуда кыргыздын
жөрөлгөлүү ак баталарын жогору бийиктикте, элдин руху катары тутунуп келген.
Чыңгыз Айтматовдун баталары өзүнүн чыгармаларында жазма адабияттын
көркөм бүктөмү аркылуу берилген. Алып айтсак, «Ак кеме» повестинде
кыргыздын залкар батасын «Бугу эненин» оозу менен берген. Бул бата кыргыз
ак баталарынын өтө көркөмдүктө, тоо көтөргүс күчтүү баян менен жалпы кыргыз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ак баталар - 2
  • Parts
  • Ак баталар - 1
    Total number of words is 3724
    Total number of unique words is 1893
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 2
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 2017
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 3
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1925
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 4
    Total number of words is 3575
    Total number of unique words is 1805
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 5
    Total number of words is 3719
    Total number of unique words is 1833
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 6
    Total number of words is 3584
    Total number of unique words is 1793
    25.6 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 7
    Total number of words is 3570
    Total number of unique words is 1949
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.5 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 8
    Total number of words is 3662
    Total number of unique words is 2010
    25.6 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 9
    Total number of words is 531
    Total number of unique words is 407
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.