Latin

Өмүр кызык - 01

Total number of words is 3930
Total number of unique words is 2167
31.1 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
САПАРДАГЫЛАР ҮЧҮН!
— Дагы, куйчу!
— Э, Кид, ашык болуп кетти го дейм? Виски 1 менен спирт аралашканда оңой иш
болбойт, анын үстүнө коньяк да, перцовка да, анан...
— Куй дегенде, куя берсеңчи! Ичкилик камдап жаткан ким, менби же сенби? —
Уюлгуган ала булоонун ара-сынан Мэйлмют Киддин мээримдүү күлүмсүрөгөнү көрүнүп
турду .— Э-э, балам, ушул өлкөдө мен жашагандай жашап көрсөң, анын үстүнө кудайдын
куттуу күнү кемиргениң сүрсүгөн балыктын эти болсо көрөр элем, рождество 2 деген
жылына бир эле жолу болорун дал ошондо гана түшүнөсүң. Ал эми ичкиликсиз
рождество — кымындай алтыны жок кенге окшош!
— Бул сөзүңдө түк калет жок! — деди рождествону майрамдоо үчүн өзүнүн МэйзеМэйдеги участогунан келген Джим Белден. Чоң Джим акыркы эки айдан бери жалаң
бугунун эти менен оокаттанып жатканын баары билише турган. — Баягыда биз бир
жолу Танана уруусуна кандай ичимдик уюштурганыбыз эсиңде барбы? Унуткан
эместирсиң?
— Кантип унутайын! Достор, эгерде бир аз кант кошуп ачытылган ичкиликке мас
болушуп, бири-бири менен кантип мушташканын көрсөңөр, бооруңар катканча
күлмөксүңөр. Бул окуя сен келе электе болгон, — деди Мэйлмют Кид, бул жерде
турганына эки жыл болгон жаш тоо инженери Стэнли Принске кайрылып. — Капырай,
бүткүл өлкө боюнча бир да ак жуумал аял болсочу, ал эми Мэйсондун үйлөнгүсү
келгенин кантейин. Руфинин атасы Танана уруусунун аксакалы болчу, атасы кызын
Мэйсонго бергиси келбеди. Маселе кыйын болчу! Бүт уруу алардын никесине каршы
болду. Иши кылып мен акыркы кадак кантты жумшап жатып, укмуштай күчтүү ичкилик
ачыттым. Ой, сууну бойлоп, суудан өтүп артыбыздан куушту дейсиң!
— Сквонун 3 өзү деги кандай? — деп кызыга сурады Канададан келген узун бойлуу
француз Луи Савой. Бул жорукту анын кулагы мурда эле Кыркынчы Милде чалган болчу.
Аңгеме айтууга устат Мэйлмют Кид отургандарга түндүктөгү Лохинвардын 4 чыныгы
болгон тарыхын ырааттуу баяндады. Анын айткандарын укканда ар бир укмуштуу
окуяны катуу издөөчүнүн жүрөгү кысылып, Түштүктүн күнөстүү жайытына куса
Виски — мас кылуучу күчтүү ичкиликтин бир түрү.
Рождество — христиан дннинде Ыйса пайгамбардын туул- ган күнүнө арналган майрам.
Скво — аял (түндүк америкалык индеецтер ушинтип айтышат).
Лохинвар — Вальтер Скоттун балладасынын каарманы. Башка бирөөгө күйөөгө берген жатканда сүйгөн кызын
уурдап алып чыккан.
болгонун сезе түштү. Анткени биерде суук жана өлүм менен куру бекер күрөшүүдөн
көрө, ал жерде береке бар болчу.
— Муз жылып ага баштаганда биз Юкондон өтүп кеттик, индеецтер болсо, чейрек
саат кечигип калышты. Муз дарыянын бетин бербей кылкылдап агып, алардын жолун
кесип таштады, бизди мына ошол сактап калды. Акыры алар Нуклукайтого жеткен
кезде, биздин жасоолдор алардын алдыларынан тосо чыгып, бөгөт болушту. Ал эми
үйлөнүү тою жөнүндө болсо, бул Рубо поптон сурагыла, анткени алардын никесин ушу
киши кыйган, — деп Кид сөзүн аяктады.
Иезуит 1 оозунан канжасын алып, жооп айтуунун ордуна мээримдүү жылмайып
койгондо, отургандардын баары,— протестанттар 2 да, католиктер 3 да жабыла кол
чабышты.
— Ай, кудай урсун, абдан сонун болуптур! — деп сүйүнгөндөй катуу кыйкырды
кызыктуу окуяга берилип, кыялданып отурган Луи Свой. La petite4 скво! Моп Маson
brove 4! Абдан сонун!
ИЧКИЛИК куюлган калай кружкалар бир айлангандан кийин тынчы жок, чепилдеген
Беттлз ордунан ыргып туруп, өзүнүн сүйгөн ырын созолонтту:
Молдосу менен окуткан,
Генри Бичер биригип.
Мүрөктүн суусун колго алып,
Жатышат чогуу шимирип.
Каргансак болот, туугандар:
Алдатпайбыз кудай бар,
Анткени жатат шишенин,
Ичинде күчтүү шараптар!
Алагүү болуп отургандар үндөрүн көтөрүңкү, чыгарып, ырды сүрөп кетишти:
Анткени жатат шишенин,
Ичинде күчтүү шараптар!
Мэйлмют Кид кайнатып чыгарган күчтүү кошунду ичкиликтин жандандыруучу
жылуулугунун таасиринен отургандар кызып, сөздөрү көбөйүп, ыр, күлкүлүү тамаша
сөздөр, өз баштарынан өткөн кызык окуялар айтылып жатты. Ар кимиси ар кайсы
өлкөдөн келишкендиктен, кезек келген сайын ар кимдин жана отургандардын
саламаттыгы үчүн ичишти. Англичан Принс өз кезегин «Жаңы дүйнөнүн бат жетилүүчү
бөбөгү Сэма-ага» үчүн көтөрдү; янки Беттлз—Англиянын королевасы «аны теңир
жалгашы» үчүн; Француз Савой менен өнөр жайчы немец Майерс болсо ЭльзасЛотарингия үчүн кружкаларын кагыштырышты.
Андан кийин Мэйлмют Кид кружканы колуна кармаган бойдон ордунан туруп,
айнектин ордуна коюлган майланышкан кагаздын бетине калың муз турган бүтүрөйгөн
терезеге көз жиберип:
— Бүгүн түнү жол жүргөндөр үчүн! Оокаты жетишип, иттери күчтүү болуп,
ширеңкелери ным болбос үчүн ичели!
Дал ушул мезгилде алардын кулагына тааныш дабыштардын — камчынын
тарсылдаганы, чанага чегилген иттердин каңкылдап үргөнү жана алачыкка жакындап
Иезуит — католикалык монах жана диний коомдун мүчөсү.
Протестант — христиан дининин өкүлү.
Католик — католик дининин жолун жолдоочу адам.
Жарайсың ишке, Мэйсон!
келе жаткан чананын кыйчылдаганы угулду. Сөз токтолуп, баары кулак түрүп,
жүргүнчүнүн үйгө киришин күтүштү.
— Адегенде иттерин жайлаштырып, анан өзү жөнүндө кам көргөнүнө караганда,
көптү көргөн неме окшойт! — деп Мэйлмют Кид Принске шыбырады. Жаактын
шакылдаганына, иттердин ырылдаганына жана аянычтуу каңкылдаганына караганда
жүргүнчү өз иттерин оокаттандырып, башка иттерди жолотпой кууп жатканын Киддин
тажрыйбалуу кулагы угуп, ошондон улам тигинин сарамжалдуулугун сезди.
Акыр аягында ал эшикти ишенимдүү жана катуу тыкылдатты. Жүргүнчү үйгө кирип
келди, жарыкка көзү чагылышып, улагада бир паска туруп калды, ушул мезгилде
үйдөгүлөрдүн баары аны бутунан тартып башына чейин көз жүгүртүүгө үлгүрүштү.
Жүргүнчү түндүктүн жаныбарларынын терисинен жасалган кийиминде өтө эле
шырыктай, келбет көрүнөт. Бою алты фут 1, кең далылуу, көкүрөгү жайык эле. Сакалмуруту алынган, бети суукка кызарып, кашын жана узун кирпиктерин бубак баскан.
Карышкырдын терисинен жасалган туулга сыяктуу шоңшойгон баш кийиминин
бүчүлүгүн чечип жатканда, караңгы түндө чыга калган аяздын падышасындай көрүндү.
Чолок тонунун сыртынан курчанган кооз кемер курунда илинген эки чоң тапанча жана
аңчынын бычагы, колунда бүктөй кармап, дайыма бирге алып жүргөн узун камчысынан
башка, кийинки жаңы үлгү менен чыгарылган ири калибрлүү мылтык бар. Ал жакын
келгенде, бут шилтегени создугуп, тың сезилгени менен, катуу каржалып-чарчаганы
баарына көрүнүп турду.
«Ой-оо, силер бул жерде абдан көңүлдүүсүңөр го, достор» деп айткан анын жылуу
сөздөрү бир азга өкүм сүрө калган жымжырттыкты таркатып жибергендей болду.
Мэйлмют Кид ошол замат барып кол кармашып көрүштү. Алар мурда кезигишпесе да,
бири-бирин имиш-имиштен улам сыртынан билише турган. Коноктун кайда жана эмне
үчүн баратканын айтып берүүгө чамасын келтиришпестен эле, аны ар бири менен
тааныштырып чыгышты да, бир кружка ичкиликти дем алдырбай туруп көтөртүп
жиберишти.
— Чанага сегиз ит чеккен үч кишинин бул жерден өткөнүнө көп болдубу? — деп
сурады ал.
— Эки күн өттү. Сиз ошолорду кууп баратасызбы?
— Ооба, ошол чанадагы иттер да меники. Каратып туруп кууп кетишпедиби, жүзү
каралар! Мен жолду эки күнгө кыскарттым, эмки өрүүн алган жеринде сөзсүз жетемин.
— Кызыл чеке болбой эле тынышабыз деп ойлойсузбу? — деп сурап калды Белден,
Мэйлмют Кид кофе кайнатып жана бир тилим чочконун майы менен бир кесим бугунун
этин кууруп бүткөнчө сөздү созуу үчүн.
Жүргүнчү унчукпастан тапанчаларын, маанилүү түрдө чапкылап койду.
— Доусондон качан чыктыңыз эле?
— Саат он экиде.
— Кечээби? — деп сурады Белден, анын жообуна эч шектенбестен.
— Жок, бүгүн.
Буга баары таң калышып, күбүр-шыбыр боло түштү. Чынында да таң кала тургандай
болчу: он эки саатта муздуу дарыянын үстү менен жетимиш беш миль басып өтүү оңойолтоң эмес да!
Аңгеме балалык кездерин эске салуунун тегерегинде болуп көп узабай жалпы түргө
өттү. Жаш жигит аздыр-көптүр оокатын жеп бүткөнчө, Мэйлмют Кид анын иреңинен
мүнөзүн окуп жаткансып, ыкласын коё тиктеди. Жаш жигиттин өңүнө тамга салган оор
эмгек менен жокчулуктун катаал тагы даана көрүнүп турса да, анын жагымдуу, ачыкайрым жана ак көңүл иреңи бат эле Киддин купулуна толо түштү. Мээримдүү, шайыр,
фут — узундуктун өлчөмү. Бир фут 30,5 сантиметрге барабар.
көгүш көздөрүнөн кээде, асыресе, талаш-тартышта от жанып, сүрдүү, ажардуу болуп
көрүнүүгө жөндөмдүү экени сезилип турду. Балкыйган жаагы жана чарчы
келген ээги анын туруктуу жана эч кимге баш ийбеген мүнөзүн көрсөтүп турат. Ошону
менен бирге, анын кабылан-кебетесинде кандайдыр бир өзүнчө назик, жумшак мүнөз
бар эле.
— Ошентип кемпирим экөөбүз баш кошуп да калдык, — деди Белден өзүнүн сүйүүсү
жөнүндөгү кызык аңгемени аяктай жаздап. — «Мына биз кошулуп калдык», — деди кыз
атасына жетип барып. Атасы болсо ага ачууланып: «Жоголгула, көзүмө көрүнбөй!»— деп
айкырды. Бир аздан кийин кайта мага карап: — «Кана, Джим, таза кийимиңди чечкин —
түшкө чейин бир узун тилке жерди айдап салалы» — дегеничи. Анан: «Сэл, сен идишаякты жуугун» — деп аны жекиримиш болгону менен бышактап ыйлап, эңкейип
өпкөндөй болду. Мен кубанып кеттим. Бирок, ал сезе коюп, кайта: — «Бол, Джим, тез
кыймылда» — деп кыйкырып жиберди. Чымылдаган бойдон кампаны карай сыздым.
— Штатта балдарыңыз калды беле? — деп сурады жүргүнчү.
— Жок, Сэл бир да бала төрөп бербестен каза болуп калбадыбы. Мына ошондон
кийин мен быякка келдим.
Белден канжасынын өчүп калганын байкабай соргулап, кайра сөзгө аралашты:
— Өзүңүз үйлөндүңүз беле, тууган?
Тигил жооп берүүнүн ордуна чөнтөк саатын ичке кайыш боосунан бошотуп,
капкагын ачып туруп Белденге сунду. Джим чырактын билигин азыраак көтөрүп, жарык
кылып, капкактын ич жагын бир топко кадала тиктеп турду да, жактыргандай башын
ийкегилеп саатты Луи Савойго берди. Луи «эх, аттигиниң» деп бир нече жолу кайталап
жатып, акыры саатты Принске сунду. Саатты ала коёр менен анын бүткөн боюн
калтырак басып, көзүнөн назик мээрим жаадырай баштаганын бардыгы сезишти. Саат
колдон колго өтүп жатты. Анын капкагынын ич жагында мына бу өзү сыяктуу
эркектерге тымпыгый жана асылгыч жаракөр кылыгы менен жагууга жөндөмдүү
аялдын эмчектеги баланы көтөрүп турган сүрөтү чапталган болчу.
Ушул ажайып сонун нерсени көрүүгө али кезек жете электердин кызыккандан чыйпыйы чыгып, зорго чыдаса, көргөндөр унчугушпай шылкыйып, өткөн-кеткендерин
эстеп, ойго чөмүлүштү. Аң улоодо, суу ташкындаганда дайыма арттарынан акмалап
жүргөн ачкачылыктан да, каражамадан да, өлүмдөн да булардын корко турган
кебетелери жок. Бирок, азыркы балалуу дайынсыз аялдын сөлөкөтү алардын өздөрүн
аялдар менен балдарга теңеп койду.
— Ушу кезге чейин чүрпөмдү өз көзүм менен бир да жолу көрө элекмин. Тек гана
аялымдын каты аркылуу эркек балалуу болгонумду жана ал эки жашка чыкканын
билем, — деди жүргүнчү саатты кайра алып жатып. Ал бир мүнөтчө сүрөттү телмире
тиктеп туруп, андан кийин сааттын капкагын шарт жаап, тескери бурулуп кетти.
Канчалык кадиктенгени менен мончоктоп аккан көз жашын отургандардан жашыра
алган жок.
Мэйлмют Кид аны койкага ээрчитип келип, жатып эс алгын деди.
— Мени дал саат төрттө ойготуп койгула, сөзсүз ойготкула! — деп айтар менен
жүргүнчү ошол замат уйкуга кетти.
— Азамат эмес бекен! — деп дароо эле баа бере салды Принс. — Ит чана менен
жетимиш беш миль жол баскандан кийин, үч саат уктап, кайта жолго чыгыш — айтканга
гана оңой. Бул ким, Кид?
— Джек Уэстондэйл. Анын бул жерде жүргөнүнө үч жылдай болду. Кара жерди
каңтара ок иштейт, бирок шордуунун башы кырсыктан арылбай койду. Мен ушул кезге
чейин мунун өзү менен беттешип жолугушкан эмесмин, бирок бул жөнүндө Ситка Чарли
мага айтып берген.
— Чүрөктөй сулуу жаш аялынан ажырап солкулдаган кырчындай кезин мына ушул
кыртышы сыртына бүтүп, бир жылы экиге татыган жерде өткөзүү кыйын эмегенде оңой
эмес байкушка.
— Биерде тим эле өзүнүн өжөрлүгүнөн жүрөт. Анткени эки жолу мыкты иштеп таап,
экөөндө тең сызга отуруп калды.
Бул аңгемени Беттлздин бакылдаган кыйкырыгы бузуп жиберди. Сүрөттөн улам
пайда болгон толкундаганы басаңдап, катаал жылдарда жабыркаткан эмгек. менен
жокчулуктун салдарын куунак отуруу жууп кетип жаткансыды. Жалгыз гана Мэйлмют
Кид жалпы оюн-тамашага анча көңүл бурбай, тынчсызданып, дембе-дем саатына карайт.
Акыры, мээлейин жана кемчет тумагын кийип, акырын үйдөн чыгып, азык-түлүк,
эмеректер сакталуучу бөлмөдө бирдемелерди аңтарып-теңкерип жатты...
Акыры чыдай албай жүргүнчүнү белгиленген убакыттан чейрек саат мурун ойготту.
Анын буттары кыймылга келбей селейип карышып калгандыктан, колдон келишинче
ушалап араңдан зорго ийкемге келтиришти. Кыйналып-кысталып жатып өйдө туруп,
темтеңдеп эшикке чыкты. Сыртта иттер чанага чегилип, бардыгы жөнөөгө даярдалып
калган болчу. Жолуң болсун, кууганыңа жет деп Уэстондэйлге тилектеш экендигин
билдиришти. Рубо поп жүргүнчүгө шашып-бушуп бата берип, үйгө чуркап кирди.
Чынында да жетимиш төрт градус1 суукта баш кийимсиз жана мээлейсиз эшикте
туруунун көп анча жыргалчылыгы жок эле!
Мэйлмют Кид Уэстондэйлди жолго чейин узатып бирге барып, чын жүрөктөн колун
кысып туруп:
— Чанаңызга жүз кадак балыктын уругун салып койдум. Иттер үчүн ал жүз элүү
кадак балыктын ордуна түтөт. Мүмкүн сиз Пеллиден иттерге азык табылат деп ойлогон
чыгарсыз, аерде жем жагы өтө катаал, — деди.
Уэстондэйл селт этип кетти да көздөрү жалжылдай түштү, бирок Киддин сөзүн
бөлбөй укту.
— Беш-Бармактын этегинен бери жактан сиз өзүңүзгө да, иттериңизге да оозго салар
оокат таппайсыз. Ага чейин кенен-чонон эки жүз миль келет. Отуз-Миль дарыясынын
айрыктарынан сак болуңуз жана кандай болбосун Ле-Барж көлүнөн жогорураак чендеги
чоң канал менен жүрүңүз, мына ошондо жолду алда канча кыскартасыз.
— Сиз кантип билдиңиз? Имиш-имиш сөздөр менден мурун жетип калдыбы?
— Мен эчтеке билбеймин жана билгим да келбейт. Сиз кууп бараткан чана деги
сиздики эмес да: Ситка Чарли аны ал адамдарга өткөн жазда жалпак отуруп, жай
сүйлөшүп эле өз баасына саткан болчу. Ошондой болсо да сиздин ак ниеттүү адам
экениңизди ал мага -айткан, мен ага ар дайым ишенем; сиз мага жагып калдыңыз. Ал
турмак мен аялыңызды жана... Көрдүм да,
— о, кокуй десе, көзгө күч келтирип эмне кереги бар! — деп Кид сөзүн бүтүрө элек
жатып мээлейин чечип, койнунан бир баштык алтынды сууруп чыкты.
— Жок, мен буга муктаж эмесмин! — Бетинен ылдый аккан көз жашы муз болуп
тоңгон Уэстондэйл калчылдап Мэйлмют Киддин колун кысты.
— Андай болсо иттерди аяба, жүрбөй калганын таштап кете бер. Баасы канча болсо
да акчанын көзүнө карабай, башкасын сатып ала бериңиз. Итти Беш-Бармактан, КичинеБалыктан жана Хутилинквадан сатып алууга болот. Анан бутуңузду кургак сактаңыз.
Эгерде сууктун градусу элүү жетиден төмөндөсө тынбай эле жүрүп отуруңуз. Бирок
азыраак күн жылуу тартканда токтоп, от жагып, байпактарыңызды которуп алыңыз, —
деп Мэйлмют коштошоордо акыл-насаатын айтты.
Чейрек саатка жетпей коңгуроонун үнү жаңы коноктордун келгендигин баяндады.
Эшик ачылып, сырттан ит айдагыч эки метисти1 ээрчитип, падышанын түндүк-батыш
атчан полициясынын офицери кирди. Уэстондэйл сыяктуу үчөө тең курал-жарактуу, өтө
Температура бардык жерде Фаренгейт боюнча берилди.
чарчап-чаалыккандары сыртынан байкалып турду. Метистер ушул жерде туулупөскөндүктөн азаптуу жол жүргөндө кыйналышпаптыр. Ал эми жаш офицердин
кыймылдаарга шайманы калган эмес. Жалаң гана ушул расадагы адамдарга тийиштүү
болгон кара көктүгү куугунду улантууга мажбур кылып жатты. Демек ара жолдо алдан
тайып, кулап түшмөйүнчө, айтканынан кайтпай тургандыгы белгилүү болчу.
— Уэстондэйл качан жүрүп кетти? — деп сурады ал. — Же ал бул жерге токтогон
жокпу?
Бул артык баш берилген суроо болду, анткени чананын изи өзү эле бардыгын айтып
турган.
Мэйлмют Кид менен Белден бири-бирине карашып, иштин жайын түшүнүшкөндөн
кийин, Кид:
— Бир топ эле убакыт болуп калды, — деп тайсалдатып жооп берди.
— Досум, сен, кыйшаңдатпай чыныңды айт, — деди офицер эскерткен сыяктуу.
— Кебетеси, ал сизге эң керек окшойт! Эмне Доусондо бир балакет кылган го?
— Гарри Мак-Фарлэндди кырк миңге сызга отургузуп кетпедиби. Тынч океан
компаниясынын Сиэтлдеги агентинен алтынды чекке айырбаштап алыптыр, эгерде аны
кармап калбасак, ал жыргап гана акчаны чек боюнча алып алат. Ал качан жүрүп кетти?
Мэйлмют Кидге окшоп, бардыгы эчтеке көрбөгөн-билбегендей боло калышты, жаш
полисмен алардын көңүл кош карап турганын көрдү.
Офицер Принске кайрылып суроосун кайталады. Тигил өзүнүн жердешинин ачыкайрым, сүрдүү иреңине тике карап туруп, калп айтууну туура таппаса да, жолдун абалы
жөнүндө дайынсыз бирдемени күңкүлдөп айткансыды.
Ушул учурда офицер Рубо попту көрө койду. Поптун калп айтууга дити дааган жок.
— Кеткенине чейрек саат болду, бирок өзү да, иттери да, бул жерде төрт саат өрүүндөдү,
— деди ал.
— Кеткенине чейрек саат болсо, дагы дем алып, күчтөнүп алса! О, жараткан!
Офицер чарчаганынан жана капаланганынан эсинен тана жаздап, теңселе түштү,
Доусондон берки он саат жол жүргөн аралык жана таптакыр жүрө албай калган иттер
жөнүндө бирдемелерди түшүнүксүз күңкүлдөдү.
Мэйлмют Кид бир кружка ичкилик жуткузуп жибергенден кийин офицер чана
айдагычтарды чакыруу үчүн эшикти карай жөнөдү. Бирок жылуу жатып, эс алуу үмүтү
өтө оолуктургандыктан тигилер караманча кашайып, тил алышпады, Кид тигилер
сүйлөшкөн жергиликтүү француз тилин түшүнгөндүктөн, алардын кебине алдыртан
кулагын салды.
Метистер иттердин таптакыр алсырагандыгын, Бабетта менен Сивашты биринчи эле
милде атып таштоого туура келе тургандыгын, башкаларынын дале ал экөөнөн
артыкчылыгы жок экенин, жалпысынан алганда өздөрү да дем алса жаман болбой
тургандыгын айтып, безеленип карганып жатышты.
— Мага беш ит убактысынча кайрылыша турасыңарбы? — деп сурады офицер
Мэйлмют Кидге кайрылып.
Кид унчукпай башын чайкады.
— Мен сизге капитан Констэнтайндын наамына беш миңге чек жазып беремин.
Керек болгондо чек жазып берүүгө укугум бар, мынакей документим.
Баягы эле үнсүз, тескери жоопту алды.
— Андай болсо азыр иттериңди королеванын атынан бекер алып кете беремин!
Кид шылдыңдаган сыяктуу жылмайып, өзүнүн ар түркүн бай курал-жабдыктарын
башы менен жаңсап карап койгондо, англичан каршылык көрсөтүүгө өзүнүн
чабалдыгын сезип, кайтадан эшикти карай жөнөдү. Чана айдагычтар дагы
тарткынчыкташып, кыйыктанышты эле, офицер аларды аялсыңар жана коркоксуңар
деп сөгүнүп-кагынып коё берди. Ачуусу келгендиктен улуу метистин кара тору бети
кызарып, ордунан шарт тура калды да, эң алдыңкы итти кубалап отуруп, зордуктуруп,
анан карга тээп таштай тургандыгын начальнигине тайманбастан ачык айтты.
Жаш офицер бардык күчүн жыйнап, куру кайрат кылымыш болуп эшикке шарт
жөнөдү. Буга бардыгы түшүнүштү жана анын туруктуулугун баалашты. Кантсе да, анын
кыйналып тургандыгы иреңинен байкалып турду.
Суукка чыйрыгып кардын үстүндө бүрүшүп жаткан иттерди тургузууга такыр
мүмкүнчүлүк болбоду. Шордуу айбандар камчынын ачуусуна чыдабай каңкылдап, улупуңшуду. Чегилген иттердин эң алдыңкысы — Бабеттини катардан чыгарып
таштагандан кийин, чана ордунан жылып, жолго чыкты.
— Ой, жүзү кара! Алдамчы!
— Шайтан баскыр!
— Ууру!
— Индеецтен да ашкан акмак тура! — дешип баары тең аябай кыжырланышты.
Анткени ал биринчиден — аларды алдап, акмак кылып кетти. Экинчиден, ак
ниеттүүлүктү — негизги адамкерчиликтин касиети деп эсептеген Түндүктүн үрпадатын бузду.
— Биз ал иттин баласына дагы боорубуз ооруп, жардамдашып жүрбөйбүзбү!
Мындайын мурда билсекчи!
Бардыгы Мэйлмют Кидди жемелүү тиктеп калышты. Ал Бабеттини бапестеп ороп
жаткан бурчтан чыга келип, унчукпастан ичкиликтин калганын кийин ичкендердин
кружкаларына бөлүштүрүп куйду.
— Бүгүнкү суук, балдар, болгондо да тимеле кырчылдаган аяз! — деп ал жактоочу
сөзүн кызык баштады. — Силер бардыгыңар мындай аяздуу түндө жол жүрүп
көргөнсүңөр жана ал кандай экендигин билесиңер. Алдан тайып, жүрбөй калган итти эс
алдыруу кыйын экени да белгилүү! Силер окуянын бир жагын гана уктуңар. Ушу кезге
чейин Уэстондэйлден ак жана адилет адам биз менен бир аяктан оокат ичип,
коюндашып бир төшөктө жата элек. Өткөн күздө ал бардык кырк миң акчасын
борбордогу соода ишканасына өзүнүн наамынан өткөрүп коюуга Джо Кастреллден
берип жиберет. Эмдигиче сөзсүз миллионер болот болчу. Ал эми Кастреллдин эмне
кылганын билесиңерби? Уэстондэйл Серклде калып, каражама менен ооруган шеригине
каралашып жатканда, Кастрелл акең Мак-Фарлэнд менен кумар ойной кетип, бүт
уттуруп коёт. Экинчи күнү анын өлүгү күрөндүнүн алдынан табылат. Шордуу Джектин
кышында аялына жана алиге көрө элек уулуна баруу тилеги таш кабат?.. Байкап
көргүлөчү, Джек ашык да эмес, кем да эмес, өзүнүн шериги уттурган гана кырк миңди
алган. Ал кетип калды. Эми силер эмне демекчисиңер?
Кид отургандарга бир сыйра көз жүгүртүп чыгып, алардын иреңдеринин
жумшарганын сезгенден кийин кружканы өйдө көтөрдү.
— Бүгүн түнү сапар чеккен адам үчүн ичели! Анын оокаты түгөнбөсүн, иттери
чарчабасын жана ширеңкелери ным болбосун. Жараткан ага жардам берип, бардык
жагынан иши оңолсун ээ...
— Ал эми королдун полициясы маскара болсун! — деп анын сөзүн коштоп кетти
Беттлз, бошогон кружкалардын шаңгыраган жаңырыгына кошул-ташыл болуп.
КЫРКЫНЧЫ МИЛДЕ
Чоң Джим Белден «сууда калкыган муз —» кызыктуу окуя экенин көңүлүндө эч
кандай кири жок эле айта салганы эмнеге алып келерин өзү да билген эмес. Ага жооп
катары суунун түбүнөн тоңгон муз — андан да кызык окуя экендиги жөнүндө айтып
жаткан Лон Мак-Фэйндин оюна да эчтеке кирип чыкпаган болчу; эч кандай муз суунун
түбүндө тоңбостугу, бул анчейин гана балдарды мокочо менен коркуткан сыяктуу
ороскел иш экендигин айтып талаша кеткенде Беттлздин да оюна эч нерсе келген эмес.
— Бул жерде ушунча жыл бирге жашагандан кийинки сенин мага айтып жатканың
ушулбу! — деп Лон чаңыра кетти. — Экөөбүз бир казандан канча жолу оокаттанбадык!
— Бул чындыкка сыяр иш эмес, — деп талаша берди Беттлз, — билсең, музга
караганда суу жылуураак келет...
— Эгерде музду талкаласа, суудан айырмасы аз.
— Тоңбогондон кийин суу муздан жылуурак да. Сен болсо музду суунун түбүндө
тоңот дейсиң!
— Мен суунун түбүндө тоңгон муз жөнүндө, Дэвид, суунун түбүндө тоңгон муз
жөнүндө гана айтып жатам. Суунун агымы менен сүзүп баратсаң, суу айнектей көгүш
тартып жалтырап турат, андан кийин эле кокусунан күндү булут каптаган сыяктуу
суунун бетине шырык муздар калкып чыгат; көз ачып жумганча суунун тиги жээги
менен бу жээгине чейин, кайрылыштан-кайрылышка чейин жер бети биринчи кар
чүмкөгөнсүп, апапак боло түшөт. Сен мындайды учураттың беле?
— Ананчы, кайыктын үстүндө калак эшип баратып көзүм илинип кеткенде аны
далай жолу учураткам. Бирок, мен көргөн шырык муздар суунун түп жагынан калкып
чыкпастан, ар дайым кандайдыр бир туш тараптан, куйган суудан агып келчү.
— Сен аны өңүндө бир да жолу көргөн жоксуңбу?
— Жок. Сен да көргөн жоксуң. Мунун баары чындыкка жанашпай турган нерсе. Ким
да болсо сага ушуну айтат!
Беттлз мешти тегеректеп отургандардын баарына кайрылды, бирок эч кимиси ага
жооп кайтарган жок жана Лон Мак-Фэйн экөөнүн өз ара кер-мур айтышы улана берди.
— Чындыкка жанашабы же жанашпайбы, айтор менин сага айтып жатканым — бул
чындык. Бул көрүнүштү былтыр күзүндө биз Ситка Чарли экөөбүз Форта Довериянын
ылдый жагындагы босогодон сүзүп баратканда байкадык. Накта күз мезгили болчу,
алтындай саргыч жалбырактуу дарактарга жана солкулдаган байтеректерге күндүн
нуру түшүп, жалтылдайт, суунун бетинде майда толкундар жыбырайт; түндүк жактан
болсо кыштын көгүлтүр мунарыгы бүлбүлдөп көрүнгөнсүйт. Анын кандай болорун сен
өзүң деле жакшы билесиң го: өзөндүн кырка жээгин шырык муз каптай баштап,
айлампа, ирим жерлерде кадимкидей келки муздар айланып турат; аба да кандайдыр
жанга жагымдуу жана таза: ал абадан жуткан сайын сен өзүңдү жаңы күч кошулгандай
сезесиң. Мына ошондо, досум, дүйнө жүзү тарып, селсаяктык сени алга айдайт.
О-о, кайсы сөзгө түшүп кеттим.
Ошентип, кээ бир айлампа жерлердеги бирин-серин музду эсептебегенде, келки
муздун Эч кандай белгисин байкабастан, калакты күрөй бердик. Бир убакта индеец
калагын өйдө көтөрүп: «Лон Мак-Фэйн! Төмөн жакты карачы! Бул жөнүндө кулагым
чалган, бирок өз көзүм менен көрөт экем деп эч ойлогон эмесмин!» — деп кыйкырды.
Ал жерлерде мен да, Ситка Чарли да жашабагандыгыбызды сен жакшы билесиң,
ошондуктан мындай көрүнүш бизге укмуштуудай кызык көрүндү. Биз калакты күрөөнү
токтотуп, кайыкты суунун агымы менен коё бердик да, өзүбүз кайыктын эки жагына
эңкейип, жылтылдаган сууну тиктедик. Менин баягы бермет издегендер менен өткөргөн
күндөрүм кылт эсиме түштү. Ошондо мен деңиздин түбүнөн гүл бакчага окшогон шуру
таштарды көргөмүн. Биз суунун түбүндө тоңгон музду көрдүк: суунун түбүндөгү
таштарды келке муздар жаап, ак шуруларга окшоп калыптыр.
Бирок, эң кызыгы али алдыда болчу. Босогону айланып сүзүп өткөнүбүзчө, кайыктын
айланасындагы суу сүттөй апапак майда тегерек шырык муз болуп калды. Жазында
майда ак балыктар суунун үстүнө жабалактап сүзүп чыкканда же өзөндө жамгыр
жааганда мына ушундай боло турган. Суунун түбүндө тоңгон муздар жогору жакка
калкып чыгып жатты. Оң жакты да, сол жакты да, айтор, көз көргөн жактын баарын
майда тегерек шырык муз каптап алды. Калакка желимдей жабышкан коюу боткодо
кайык алга араңдан зорго калкамандайт. Мен ал босоголордон шырык муз каптаганга
чейин да, андан кийин да далай жолу сүзүп өттүм, бирок мындай укмушту эч качан
көргөн эмесмин. Бул көрүнүш өмүр бою менин эсимде калды.
— Сүйлөй бер! — деди Беттлз көңүлкош. — Сенин ушу кайдагы жокту айтканыңа
мени ишенет деп турасыңбы? Байкашымда, сенин көзүң да, тилиң да жайында эмес
окшойт. Ошол күнү эртең менен көзүң менен тилиңди куюн даарып кетсе керек?
— Өз көзүм менен көргөм да; Ситка Чарли ушуерде болсо, ал далилдеп, күбө болот
эле.
— Болгон ишти тана албайсың. Адегенде абдан алыс турган суу тоңот деш бул
табигый нерсе эмес.
— Бирок, мен өз көзүм...
— Жетет! Эмне эле сен аны уламдан-улам кайталап калдың — деди Беттлз аны
ынандыргысы келип.
Бирок, Лон Мак-Фэйндин кельттик кырс мүнөзүнө тийип ачуусу келе түштү:
— Сен эмне, мага ишенгиң келбейби?!
— Эгерде сен айтканыңдан кайтпай кежеңдей берсең — ишенбейм; баарыдан мурда
мен жаратылышка жана болгон ишке гана ишенем.
— Демек, сен мени калп айтты дегиң келип туратко? — деп Лон жекире сүйлөдү. —
Сен андан көрө өзүңдүн сиваш аялыңдан сурап көр. Менин чын же калп айтканымды ал
айтып берсин.
Беттлз ачуусуна чыдабай кыжыры кайнап, туталанып кетти. Ирланд байкабастан
анын намысына тийип алды. Анткени Беттлздин аялынын энеси индианка, атасы аң
терилери менен соода кылган орус болчу. Ал аялы менен Нулатодогу православиелик 1
миссияда никелешкен, Юконду ылдый бойлоп жүргөндө мындан миң милдей ыраак
келет. Демек, анын аялы ата-теги жагынан жергиликтүү сиваш аялдардан алда канча
жогору турат. Бул түндүктөгү укмуштуу окуя издеген адамга гана түшүнүктүү,
айырмалуулугу билинер-билинбес, кылдат нерсе эле.
Православие—христиан дининин бир түрү.
— Ооба, ошондой деп түшүнө бер, — деп ал чечкиндүү түрдө ырастады. Андан кийин
Лон Мак-Фэйн аны көз ачып жумганча жерге көтөрүп урду, мештин тегерегинде
отургандар орундарынан ыргып туруп, алты-жети киши ошол замат
чатакташкандардын ортосуна түшө калышты.
Беттлз эрдиндеги канды аарчып өйдө турду.
— Мушташуу жаңылык эмес. Бул үчүн мен сени менен эсептеше албайт деп
турасыңбы?
— Өмүрүмдө мени эч ким эч качан калп деп айткан эмес, — деп Лон салабаттуураак
сүйлөдү. — Өзүң каалаган жол менен менден өч алууга сага көмөктөшпөсөм эле жерге
кирип кетейин.
— Сеники баягы эле 38—55?
Лон башын ийкеди.
— Андан көрө өзүңө жарактуураак калибр таап ал. Менин тапанчам сенин бир
жериңе тийсе жаңгактай тешик калтырат.
— Мен үчүн убара болбой эле кой! Анткени менен тапанчамдын огунун учу жумшак,
бирок тешип өтүп, чыккан жерин ородой эшип кетет. Мен сени менен качан беттешүүгө
татыктуу болом? Менимче, муздагы суу алгычтын жээги ылайыктуу жер.
— Тандаган жериң жаман эмес. Туура саат бирде ошоерге кел, мен да көп күттүрбөйм.
Экөө тең мээлейин кийип, жолдошторунун акидей асылганына көңүл бурушпастан,
Кыркынчы Милдин күзөт бөлмөсүнөн чыгып кетишти. Чатак бир болор-болбостон
чыккансыды, бирок мүнөзү кырс жана оюна келгенин бербеген өжөр адамдардын майдачуйда чыр-чатактары чоң жаңжалга айланып кетет. Анын үстүнө, ал кездерде алтын
чыгуучу катмарларды кышында иштетүүнү эч ким билчү эмес, андыктан Кыркынчы
Милде жашагандар арктикалык узакка созулган кышта үйлөрүнө камалып жатып,
опкоктуктан жана аргасыз бекерчиликтен улам буулугуп, кулк-мүнөзү аябай бузулууга
жана күзүндө балчелектер балга толуп кеткен кездеги аарылардай ачуулуу болуп
калышат.
Ал убакта Түндүк Өлкөдө укукка негизделген мамлекеттик сот иштери жөнгө салына
элек болчу. Королдун аттуу полициясы да келечекте боло турган иш эле. Кимде-кимдин
өзүнө тийиштүү иши болуп калса, чатактын салмагын өзү өлчөп, жазаны өзү берчү. Экөө
биргелешип, бирөөгө каршы озбодорчулук кылуунун зарылдыгы анда-санда гана
учурайт, ал эми сегизинчи осуятты бузуу учуру Кыркынчы Милдин лагеринин бардык
күңүрт тарыхында эч качан болгон эмес.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Өмүр кызык - 02
  • Parts
  • Өмүр кызык - 01
    Total number of words is 3930
    Total number of unique words is 2167
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 02
    Total number of words is 3981
    Total number of unique words is 2144
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 03
    Total number of words is 4102
    Total number of unique words is 2013
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 04
    Total number of words is 3960
    Total number of unique words is 1949
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 05
    Total number of words is 3990
    Total number of unique words is 1978
    29.9 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 06
    Total number of words is 4007
    Total number of unique words is 2034
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 07
    Total number of words is 4137
    Total number of unique words is 1847
    33.3 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 08
    Total number of words is 4034
    Total number of unique words is 1968
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 09
    Total number of words is 4043
    Total number of unique words is 1926
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 10
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1956
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 11
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2013
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 12
    Total number of words is 3942
    Total number of unique words is 1976
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 13
    Total number of words is 4076
    Total number of unique words is 2105
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Өмүр кызык - 14
    Total number of words is 3271
    Total number of unique words is 1844
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.