Latin

Мезгил жана Алыкул - 01

Total number of words is 3760
Total number of unique words is 2312
25.7 of words are in the 2000 most common words
37.6 of words are in the 5000 most common words
44.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
I Бөлүм
ТАЛАНТКА ТААЗИМ
Алыкул деп, Алыкул атын салт кылган бар
Не билет ал жөнүндө жаш муундар.
Суусаган таттуу лира ширесине
Умсуна тамшанышат окурмандар.
1950-жылдын декабры. Ызгаардуу кыштын алгачкы айынын он экисинде, оттой
жанар кези отуз бешинде бул дүйнөдөгү өмүр сапары мезгилсиз үзүлгөн дагы бир уулун
жоктой Жер томсорду. Күн да анын жүзүн анча жылыта албаганына уялгансып, АлаТоонун чокуларын жошодой кызыл нурга бөлөп, ошол кечте ого бетер муздак батты...
Акындын түбөлүк сапары ушул учурдан поэтикалык Акбозаттын дүбүртү менен
коштоло баштады.
Көрсө, Алыкул өзүнүн «таш идишке куюлган бактысынан» баарыбызга поэзиянын
куту, кудурет-даремети менен көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрдү дайыма чачып туруу үчүн
Толубай сынчыдан бешбетер жанын үрөп, ар чыгармасына саяпкерлик мамиле жасаган
экен.
Же алган жардан, же перзенттен жолу болбой калган Алыкулдун тагдыры ошол эки
көзү эле эмес көкүрөгү да бейзирек, беймаза хандын кур намысынан улам көзү оюлган
Толубай сынчынын тагдырына үндөшүп тургансыйт. Ооба десең, жары менен баласы
жеке турмушуна эки көз болуп бергенде, балким, Акбозаты ээсин мынчалык эрте ыңжыңсыз жакка алып кетпейт беле... Же тескерисинче жашоонун күнүмдүк майдабаратына басылган акындын таланты жүрө-жүрө ташыркап калат беле...
Бирок эмне десек да:
Мейли эми көрбөгөн жан аман болсун
Жаштарда Толубай деген арман болсун.
Сынчы эле, о чиркин деп айтып калар,
Толубай, арт жагында заман болсун,
дегендей, Алыкулдун поэзия өмүрү чындыгында эле далайлардын шыгына шык кошкон
шам чырак, оту өчпөгөн рух коломто экени кайсы заманда болсун айтыла берери
төгүнсүз.
Замандан заманга алчактап, болот такасын мезгилдин закымына кайрап дагы далай
кылым карытар кыргыз поэзиясынын Акбозунун ээси жөнүндө сөз кылуу кандай
сыймыктуу болсо, ошончолук эле деңгээлде жооптуу. Ал жөнүндө айтуу оңой да,
опурталдуу да. Оңою ошол көркөм дүйнөсүнө чыгармаларынан улам аралашасың,
билесиң. Татаалдыгы жеке турмушундагы жана инсандык мүнөзүндөгү бири-бирине
сыйышпас көрүнүштөрдөн, ооруудан улам ого бетер чиеленишип калган катаал
тагдыры. Бирок дал ушундай жашоосуна карабастан жаалдана ыр жазган, болгондо да
сай-сөөгүңө, аң-сезимиңе жеткире, улам окуган сайын кайра-кайра ой жаратчу
деңгээлге чыгара жазган акындын адамдык да, сүрөткерлик да мээнетине, дал
турмушунун өзүндөй көктүгүнө, өжөрдүгүнө баа бербей койбойсуң.
Адабиятыбыздын залкар өкүлү жөнүндө өз деңгээлине жараша кеп кылуу канчалык
мүшкүлдүү экени эч кимди талашка чыгарбас. Эгерде Ш. Үмөталиев, Т. Сыдыкбеков, К.
Артыкбаев, А. Садыков, Р. Кыдырбаева, К. Жусупов жана К. Бобуловдун жасагандарын
айтпаган күндө да нечендеген, түркүн багыттагы макалалар менен илимий эмгектерди
эске ала турган болсок бул иштин парасаты дароо сезилет.
Ушундай опол тоо сыңар милдетти бир чети шердене, экинчиден жүрөкзаада боло
моюнга алуу кантсе да көп нерсеге үйрөттү, бир топ кызык нерселерге туш кылды.
Ошентип, аларды окурман менен бөлүшүү үчүн ушул документалдык баян жаралды.
Анын негизине А. Осмоновдун жеке турмушуна, чыгармачылыгына, курдаштарына
байланышкан документтер, сүрөттөр, каттар, архи[вди]к материалдар жана эскерүүлөр
алынган. Аларды толуктоо үчүн мурда-кийин жарык көргөн китеп, журналдардан да
тийиштүү нерселер кошумчаланды.
Машакаттуу эмгектин башталышына себепкер нерсе акындын чыгармачылыгына
окурман катары кумарлануу, сүрөткердин талыбаган, арыбаган мээнеткеч да,
табышмактуу да дүйнөсүнө арналган эмгек жасоо ниети болду. Эн башкысы Алыкулдун
Ата Журтту аздектеген асыл ой-сезимдери.
***
Кыш ызгаары бурганактап, ой-тоого думана алгыс күмүш чача, жаз маалына жол
бергиси келбегендей... Жердин нымшып, балкый боюн жаза турган убагын утуру
жолоткусу жок кыш, байчекейдин эми кылтыйган башынан аяздуу шапалагын ары-бери
зуулдата аны ызалап, ыйлаткансыйт.
Буга карабай табият жазы өз мыйзамын аста, секин, ободогу күндүн ырашкер
нуруна коштой акырындап өрөөндөн өрөөнгө орнотуп келатты.
Кыштан кийинки жан жыргатар убакка падышалык бийликтин убайым санаасы
менен жеткен 1915жылдын март айында Осмон уулу Алыкул жарык дүйнөгө келди.
Табияттын жазы жана Нооруз менен кошо жарык дүйнөгө келген ушул ымыркайдын
кийин кыргыз поэзиясына жаздын жылуу илебиндей жаңылык киргизгени үндөшүп
тургансыйт. Кош чыгып, дыйкандар дың бузуп, малчылар «Жер жарылып чөп, желин
айрылып сүт чык» деп ак батасынан үмүт кылып, дамбырташ уруп турган чакта КараБалтанын Каптал-Арыгындагы карапайым, кара таман адамдын тилеги кабыл болду.
Барылдап түшкөн баланын үнү канчалык мээрим тартуулаганы, жүрөктү опкоолжута
кубантканы менен жашоо турмуш запкысынан улам өздөрүн алиге кул сезишкен жана
жакшылыктан үмүт үзбөгөн Осмон менен Алтын чүрпөсүнө Алыкул деп ысым коюшту.
Ошентип, Алыкулдун атасынын досу Касым кийин чоң тонго ороп алып, асмандан
көргөзө турган жылдызы жанды. Шооласы анча жаркырап жана элек ушул жылдыздын
жүзүн сур булут басып, ата-энеси ошол булут арасына сүңгүй, кайып боло кайрылбай,
үч бир тууган жетим калды.
Ата-эне мээрими жана көз жашынан ошентип эрте ажыраган Алыкул 1925-жылдан
баштап Токмоктогу №2 балдар үйүндө тарбияланып, туубаса да тутунган энеси Грунья
Савельевна менен 1929-жылы коштошту. Ошондо үй жанына келген Бозаттын көзүн
карап туруп ыйлаган бул боорукер аял келечекке кимди атказганын туйду бекен? Же
отряддын тын барабанчысы кетип жатканына эле кейигендир? Эмнеси болсо да ал көз
жаш тегин төгүлбөптүр.
Ошентип, кайрылгыс балалыгын Токмокко калтырган Алыкул Фрунзе шаарына
келип, педтехникумга кирет.
Балдар үйүндө орус тилин чала-чарпыт үйрөнгөндүктөн жана өзүнүн зиректигинен
бул окуу жайындагы белдүү окуучулардын катарында болот. Кызыктуу китептердин
көптүгү анын рух дүйнөсүнүн ажатын ача кереметтей дем берет. Мурда тааныбай,
бүшүркөп жүргөн орус жазуучулардын ким экенин алардын чыгармаларынан улам
баамдап, ал турмак алардын шаасын «жарым кашык деңизиме чөктүрөм дегенчелик»
тең ата болуп, таймашкысы да келип, өзүн эр санады.
Ошентип, балалыгы деле кала элегин туйса да ал сезимин балалыкка санабай элдин
оозеки чыгармачылыгын «Манас» баштаган орошон үлгүлөрү менен кошо, кыргыз
жазма адабиятынын пайдубалын коюп жаткандардын алгачкы саамалыктарын үйрөнүп,
дээриндеги бүлбүл жанган ойлордун ордосуна от жагып, туюм-сезим элегинен өткөрүү
зарылдыгы жан дүйнөсүн жайына койбойт. Ушундай чайналуу, кыжаалаттануу менен
үйрөнүүнүн үзүрү катары алгачкы жыйнактары: «Тандагы ырлар» (1935-ж.)
«Жылдыздуу жаштык» (1937-ж.) «Чолпонстан» (1937-ж.) нурун чачты. Мындагы
ырлардын көпчүлүгү төкмө акындардыкындай жамакка жакын жазылып, көбүнчө
карандай уйкаштыкты кубалагандыктан купулуна толбоду. Улам кийин аларды өзү
жазганына уялып, эл алдында жазганып, күлүк учкан заманынын талабына жооп
берерлик иштей албай каламбы деп ичтен түтөй ойчул, унчукпас, түнт болуп кетти.
Педтехникумда окуп жүргөндө курдаштарына көрсөтпөй жазып жүргөндө эле атаэнеден эрте айрылган тагдырынын оор экендигин, жанга күйөр жакын туугандарынын
да жоктугун туйган учуру «...сөөгүм сага буюрбайт» деген ыр саптарын түптөгөн
окшобойбу.
Алыкулдун жетим, ата-теги батрак экендигин Кайынды айыл советинен 1932-жылы
27-февралда алган № 429 күбөлүк, ошол эле жылы 19-февралда Каптал Арык чарба
артелинен алган № 16 справка ырастайт. (Борбордук архивде № 658 делодо № 2)
***
Илешип алган оорусу окууга кедергисин тийгизе баштаганда 1933-ж. педтехникумду
таштап...«айылга кетсемби деп» арсар ойдо, ара жолдо турду. Ошондо А. Токомбаев,
Ж. Бөкөнбаев, М. Элебаев, Т. Үмөталиев сыяктуу калемгерлер ага болбогон жерден иш
табышып, шаарда калуусуна көмөктөшкөнү жаш уландын үзүлгөнүн улады.
Р. Шүкүрбеков, М. Алыбаев, С. Керимбаев, К.Орозалиев, Ш. Жамансариев, Ж.
Камчыбеков, А. Айдаркулов, Н. Макешев, К. Каракеев өңдүү курдаштары, курсташтары
педагогикалык окуу жайды бүткөнүнө кубанган Алыкулдун аларга арнап жазган,
«Кубанам, бирок айыбым бар» ырынан мисал келтирсек окуусун бүтпөй калганына
ынанабыз:
Силер менен бирге бүтөт элем го,
Кубанычта бирге жүрөт элем го.
Педагогдун бири болуп калдым деп
Мен ташкындап дагы күлөт элем го.
Ошол педтехникумдагы өспүрүм кезинде эле зирек көкүрөгүнө уялаган улуу таланты
чыгармачылыктын түйшүктүү сапарына биротоло салганын Алыкул өзү да туйбай
калган. Айтмакчы, анын алгачкы далили деп «Кош, Кычан» аттуу чыгармасын алсак
болот. Өзүнүн патриот замандашынын тап күрөшүндөгү күжүрмөндүүлүгүнө төп келе
жазылган бул ырды кызыл жагоочондордун нечен мууну жан дилинен бериле көркөм
окушту. Коомдук түзүлүш өзгөргөн менен ал эрдик жана чыгарма унутулбас. К.
Жакыповдун 1933жылдагы эрдигине эң биринчи коомдук мааниде баа берип, образын
адабиятта алгач кештелеген Алыкул ошондо он сегиз жашта эле.
Анын мындай арымын байкагандар колдон келген жардамдарын беришкени
жогоруда айтылбадыбы. Буга Алыкулдун «Жазуучулук баяны» жана Жоомарт
Бөкөнбаевдин 1936-жылы ага жазган каты күбө.
Алыкул Осмонов 1935-жылдын 15-мартында Советтик жазуучулар союзунун
мүчөлүгүнө кандидаттыкка кабыл алынат. Жаш талантты дагы далай нерселерге
шыктандырган ошол № 220 жазуучулук күбөнаама Кыргыз ССР илимдер
академиясынын кол жазмалар фондусунда сакталуу. Он беш жашында башталган
чыгармачылык чыйырынын алгачкы беш жылы ушундай жыйынтыктар менен бүткөнгө
чыйралган Алыкул турмуштук да сүрөткердик да жаны баскычка көтөрүлдү.
Бул мезгил көңүл чөгөт сезимге чулганган чыгармаларынан тартып, «Жолборс
терисин кийген баатыр» менен алпурушкан деңгээлге чейин жеткен убагы. Буга
көбүнчө махабаттын ууздай сезимине алгач ирет учурашы жана жаштык сүйүүсүнө
арзыган Айдайга жетпей калышы себепкер болгондой. Айтмакчы, булар туурасында көп
түркүн божомол кептер айтылат. Алардын биринде элдин ошол кездеги каада-салтына
ылайык, кызды ата-энесинин кудалап бериши эки жагына тең кедерги болгону
баяндалат. Кедерги болгону ошол да жигити кызына жетпей, ата-эненин көңүлүнөн кыя
өтө албаган кыз төрөттөн кийин көз жумуп, «он гүлүнүн бир гүлү ачылбай» кетсе.
Ал эми айрым замандаштарынын айтканы боюнча Алыкул менен Айдай жөн гана
курдаштык жылуу мамиледе болгон. Акындын анык сүйгөнү «А» аттуу бөлөк кызды бир
чоң кызматтагы адам ала качып кеткени айтылат.
Бирок турмуш чиркин бардыгын таразалап, кадак чени менен өлчөп-ченеп, турат
шекилдүү. Анткени, алгачкы жыйнактары менен удаалай эле башталган атактуу
котормосунун 1940-жылы китеп болуп чыгышы, Алыкулду эл арасына тааныткан
чыгармачылык мээнетинин үзүр берекеси катары сезилди.
Натыйжада, кыргыз жергесинде Автандил, Тариэл, Батма, Нестан, Тинатин деген
ысымдар ошол күндөн ушул кезге дейре коюлуп келет. Ш. Руставелинин чыгармасын
ошондон бери кыргыз тилинде алты ирет басылып чыгышынын өзү эле Алыкулдун
талант дараметинин далили эмеспи.
Жыйырмадагы курагында жазуучулукка кандидат болуп кабыл алынган Алыкул
1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өтөт. №5155 жазуучулук
күбөлүктүн жаштыгына карабастан мүлдө кыргызга кыйла эмгек сиңиргени үчүн «Ардак
белгиси» ордени (№ 6877) менен сыйланган акынга тапшырылышы адилет эле.
Айтмакчы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 31-январындагы
Указы менен А.Осмонов менен кошо А.Үсөнбаев «Эмгек Кызыл Туу» ордени, ал эми
К.Акиев, Ж. Турусбековдор болсо «Ардак белгиси» ордени менен сыйланышкан.
(«Кызыл Кыргызстан» 5/Н, 1939-ж.). Бул сыйлык кыргыз таланттарына көп улуттуу
совет адабиятынын И.Абашидзе, А.Толстой, А.Барто, А.Гайдар, Л.Кассиль өндүү
өкүлдөрү менен бирге берилиши адабиятыбыздын алгачкы сыймыгы. Кыргыз Совет
адабиятынын өкүлдөрү 1939-жылы 17-февралда Москвада кеңири коомчулук менен
чыгармачыл жолугушуу өткөргөн. Ага катышкандар: Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев,
Жусуп Турусбеков, Абдрасул Токтомушев, Темиркул Үмөталиев, Ясыр Шиваза, Төлөн
Шамшиев, Кубанычбек Маликов, Саякбай Каралаев, Атай Огонбаев. Алыкул да
Москвага барган. Бирок ооруп калганына байланыштуу кечеге катышкан эмес. Ырын
А.Тарковский окуп берген. Айтмакчы, авторлор адегенде кыргызча окушса,
котормочулар орус тилинде кайталашыптыр. Төкмөлөр жана манасчы С.Каралаев,
комузчу Атай аябай таасирленткени, «Ажал ордуна», «Алтын кыз» операларынан
үзүндү көрсөтүлгөнү жазылган. («Литературная газета», 1939, 20\Н).
Алыкулдун сыйланышы анын котормочулугунун бааланышы эле. Муну туура
баамдап, туйган акын чыгармачылыкка ого бетер сынаакы мамиле жасап, өзүнө
талапты дагы күчөткөн.
Акын отузунчу жылдарда чет өлкөлөрдө болуп жаткан революциянын
катышуучуларына жардамдашууну өзүнүн атуулдук парзы деп эсептегендиктен 1937жылы 10-августта МОПРга (Революциянын күрөшүүчүлөрүнө жардам көрсөтүүчү эл
аралык уюм) мүчө болуп өткөн. 1948-жылы сентябрь айында алган профсоюздук
билетинде эмгек стажы 1938-жылдан, башкача айтканда Кыргыз Совет жазуучулар
Союзунда жооптуу секретарь болуп иштеген убагынан баштап эсептелген.
Ошентип, өспүрүмдүк кези менен боз улан маалынан соң: «Көбүктөнгөн күлүк аттай
аркырап, жыйырма беш жетип келди чапкылап», деп Алыкул 1940жылы 1-январда
жазгандай, анын адабий турмуштагы ээлеген орду аныкталып, чыгармачылык чыйыры
дагы дааналана түшкөнү менен жеке турмушунун күлү додо боло элек эле. Ошондон
уламбы, же келечегин туйгандыктанбы ырын:
Кош бол, кош бол уурдалган жылдарым!
Кайкып учкан лачын куштай чактарым...
Артың өкүнүч, алдың кызык койнуңда
Аз жашадым, дагы азыраак жашармын деп бүтүргөн.
Таланттуу акын менен Москва театралдык институтун бүтүргөн жаш адис Зейнеп
Сооронбаева чыгармачыл, интелигенттик үй-бүлөгө биригип, очокторунан от булата
башташат. Бул 1941-жылдын алааматы башталган учур эле. Алыкул далай ой
тилектерге шерденип, дагы күрдөөлдүү эмгектенүүгө киришет. Ал эми жаш жубайы да
театр таануу ишине аралашып, ошол жылдары кыргыз сахналарында коюлуп жаткан
бир канча спектаклдерге рецензияларды жазып, орус тилиндеги газеталарга
жарыялайт. Театр тарыхын изилдөөчүлөр бул макалаларды булак катары
пайдаланарында шек жок.
Эл башына оор күн, мүшкүл түшкөн кезде байланган экөөнүн куш боосу бек
болбоду. Мунун бирден бир себеби согуштун кесепети болсо, акындын ойчулдугу, түнт
мүнөзү, кичине кезден сүзөктөп келаткан учук дарты жана экөөнүн турмушун көрө
албай ортого от таштагандардын болушу да ырктын кетишине шарт түзгөн көрүнөт.
Ким билет?
Менде айып жок... төмөнсүбөйм эч кимге, Андай болсо «күнөө өзүңдө деп билбе,
деген саптарын окуп ой жүгүртсөк, бир аз гана кечиримдүүлүк же түшүнүшүү болгондо
экөөнүн турмушундагы «кенедей нерсе кемеге айланып» кетпес беле...
Үй-бүлөлүк турмушунун бактысыз болгонуна багынбаган акындын руханий
эрдигинен жаралган анык мээнети «Махабат» жыйнагы болду. Бул жыйнак акын
Алыкулдун жүзүн жаңыча тааныткан жана түшүнбөгөндөр менен көрө албастардын
ичин күйгүзүп, дайынсыз акаарат кеп угузган.
«МАХАБАТ» МААНИСИЗ БЕЛЕ?
Ж. Самагановдун «Советтик, Кыргызстан» журналындагы (1948-ж. № 1) «Бир
чыгармага арналган үч макала тууралу» макаласында А. Осмоновдун «Махабат»
жыйнагына карата айтылган ошол кездеги көз караштар жөнүндө кенен-кесири кеп
козголот.
Окурман журтун таңдантканы, нааразы кылганы жана табышмактай туюлганы да М.
Алыбаевдин 1946жылдагы «Кызыл Кыргызстан» газетасынын 15-ноябрдагы санына
басылган «Мааниси жок «Махабат» аттуу макаласы. Булардын себеби А. Осмонов менен
педтехкикумда бирге окуган, чыгармачылыктын түмөн түйшүгүн өз башынан деле
өткөрүп жүргөн М. Алыбаевдин бул жыйнакты жамандап, бир жактуу гана жазганында
эмес, эч кандай эрежеге сыйбас маанайда калемдешин келекелөөгө чейин
жеткендигинде. Окуп жүрүшкөндө коюн-колтук алышып, тамактарын бөлө ичишип
чоңойгон курдаштардын бири-бирине мынчалык кыр көрсөтө, чектен чыгышына кандай
жагдай түрткү болгонун чечмелөө кыйын.
Бирок ушул чуулгандуу макаласын жазууга М. Алыбаев мурдатан эле даярдык көрүп
жүргөнбү деген ойду «Ленинчил жаш» газетасына 1946-жылы 27-октябрда жарыялаган
«Толкун» фельетону ырастайт. Аталган фельетонунда автор акын, жазуучулардын
чыгармачылыктагы мүчүлүштүктөрү жөнүндө айтып келип: «А биздин кээ бир лириктер
болсо ээн түн, элден алыс, тынчтык жерде олтуруп алышып:
«Бул кандай ысыгы жок кансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт», деп жалгыз жүрүп жазганды каалашат
экен», деген каймана кыялда А. Осмоновго өз саптары менен сыр көргөзгөнү сезилип
турат.
А балким, буга 1938-жылдын 10-январында даярдалган буйруктун долбоорундагы
жазуучулар бирлигинин кызматкерлери ишке өз убагында келбей жатканы, айрымдары,
мисалы М. Алыбаев кызматка эч кандай себеби жок эле үч күнү чыкпай койгондугу,
катуу сөгүш алганы жана анын жүрүш турушун башкармада талкуулоо керектиги
жазылганы себеп болгондур. Анткени, буйрукка бирликтин ошол кездеги жооптуу
катчысы А. Осмонов кол койгон. Т.Үмөталиевдин айтканына караганда Алыкул бул
кызматта коомдук башталышта иштечү экен.
Эки акынды тең жакшы билген, алар менен бирге окуган С. Керимбаевдин ою
боюнча М. Алыбаевдин минтип жазышына Алыкулдун жеке турмушу себеп болгондой.
Жаштык сүйүүсүнөн да, үй-бүлөлүк жагынан да жолу болбогон татаал тагдырына
карабастан бардыгынан махабатты жогору койгон Алыкулдун жан дүйнөсүнө, канчалык
көңүл чөгөт абалда калганына карабай турмушка болгон ишенимин сактап калган
өжөрдүгүнө түшүнбөгөн курдашы Мидин анын махабатын «маанисиз» деп баалаган.
Ушундай ой жоруулар болгону менен деле М. Алыбаевдин мынчалык аша, кетишин
эч ким так жана даана айта албас. Кантсе да бул макала өз мезгилинин, болбосо
авторунун же аны «айдактагандардын» утурумдук кызыкчылыгын көздөгөндүгү айкын.
Ал эми узакка узабас ушундай материалды жарыкка чыгарууга жол берген редакция
кызматкерлери эмнени болжогонун билүү мүмкүндүгү азыр закым катары.
Ушундан улам Лев Толстойдун «Күндөлүгүнөн» мисал келтирүү менен оюбузду
ырастасак. Адабият чөйрөсүндөгү ишмерлердин алабармандыгы кээде өтө эле ыксыз
болуп кетери туурасында улуу жазуучу минтип жазган: «Алардын колу менен залкар
жазуучулар талантсыздарга, ойчулдары ойсуздарга жана акылмандары келесоолорго
айланат». Кандай калетсиз айтылган.
СССР эл художниги Гапар Айтиевдин жубайы Гарифанын айткандарына караганда
эки акындын пикир келишпестигинен улам да «Махабат» маанисиз болуп калгандай:
Алыкулдун Зейнепке үйлөнгөнү жакшы эсимде. Жазуучуларды бүт чакырып жакшы
эле той кылган. Ошо тойдо Мидин мас болуп алып, Алыкул менен Зейнеп отурган
столду килейген таш менен уруп, баарын чачып, чакчелекей, түшүргөн. Мидин бул
кылыкты атайылап эле жасаган экен. «Ал эмне кылганын?» деп эртеси сурасам,
«Ошону көрүш керек болчу» деп койду. Эмне балээси бар экенин билбейм, Алыкул
менен Мидин бири-бирин жактырышчу эмес. Мүнөз жагынан да экөө таптакыр эки
башка адамдар эле.
Алыкул биздин үйгө көп келчү. Бирок кең-кесири маектешип деле отура алчу эмес.
Оорусу бар эмес беле. Ошонусунан кысынып, кайра тез эле жөнөп калчу. «Силердин
жаш балдарыңар бар, а менин оорум болсо...» деп, «отур» дегенге болчу эмес. Тамак
ичсе, «жөн кой» дегенге болбой күйгүзүп, идишин өзү жууп, анан кетет. Ушинтип,
ооруну бирөөгө жугузуп албайын деп аябай этиеттенип, сактанып эле жүрчү. Зейнеп
менен ажырашкандан кийин бой жашап калды. Мен кээде: «Аялдар жөнүндө дегеле
кыйын жазасыз. Минтип жүрбөй бирөөнү таап, үйлөнүп албайсызбы. Ден-соолугуңузга
да жакшы. Чыгармачылыгыңызга дагы жардам болот» деп калсам, «Эми мага үйлөнүш
кайда. Үйлөнөм деп дагы бир соо кишиге оору жугузуп, убалына калайынбы» деп коет.
Кийин Алыкулдун оорусу катуулап калган маалда кайдандыр эжелери пайда болуп,
«мага калат, мага калат» дешип, Алыкул өзү сатып алган үйдүн кайгайын кылып
киришиптир. «Ушундай адамдар дагы бар экен. Алыкул менен иштери жок эле, анын
үйүн талашып атышат. «Ой, айланайындар, үйдү силерден талашкан эч ким жок.
Алыкулду тынч коюп турбайсыңарбы дедим» деп Гапар бир жолу кейип келген.
(«Асаба» 16/Х1.1999)
**А
Согуштан кийинки убакта 300 беттен турган дагы төрт жыйнагы, котормолорунан
А.С.Пушкиндин «Евгений Онегин» жана В. Шекспирдин «Отеллосу» жарык көрдү. Бул
котормолору «Он экинчи түндүн» уландылары катары туюлат. Демек, ал заманага
жыпар төгүп калганга ашыгып, дагы канча жашоосу калганына көзү жетпегенине
карабай мезгилден тизгин талаша эмгектенген.
Ушинтип көп сапардан тапкан беренелерин ак кагазга түшүрүш үчүн Ысык-Көлгө
жем издеген барчын сымал улам барып, күнөөсү жок толкундары, балалыкты
элестеткен ак куулары менен сырдашат.
Бирок ошентсе да сүйгөн калаасы Фрунзеде өз үйү өлөң төшөгү жоктугун ойлогон
жана «кайрадан нике байлап, түтүн чыгарсаң ден соолугуңа деле жакшы болбос беле,
артына да туяк калсын» дегендердин кебине кээде муюп, көбүнчөсү жок деп ичтен
тынган Алыкул 1948-жылы үй сатып алат.
«Үйүм сонун, ойдогудай кең турам, ырыскымдан ыраазылык сөз угам» деп
башталган «Менин үйүм» аттуу ырында бир убакта коломтосуна жылынган жокчулукту,
дале болсо сүзөктөп, дене боюн шалдыратып келаткан учук ооруну баяндап, эми үйүмө
тынчтык өмүр толсун деп үмүт кылат. Өзүнүн түнт, ойчул бир мүнөздүгүнөн улам
ушундай абалга келдимби деген кыязда ырын мындайча бүтүргөн:
Тынчтык өмүр сен белемсиң?
Мен ар убак сууңду ичип кулпургам!
Кел бери, мен жалгыз: аял, баласыз,
Аял менен ыркым келбес, мен урган!
Мейли сокур, дөдөй бала туусаң да,
Антым ушул: өлгөнүмчө сени менен бир турам...
Бирок аягына эмне үчүн көп нокот коюлуп калганы белгисиз. Балким жалгыз жанын
соройтпой, боор толгой айткандардын сөзүнө муюп, үйлөнсөм деген ниетте болгондур.
Мындай түкшүмөлдү Алыкулга Ысык-Көлдүн «Бирлик» колхозунда жашоочу
Черикчиев Курманбайдын 1949-жылы 2-3 мартта жазган каты ырастайт. Бул катта аты
белгисиз бир кыздын жайын Алыкулдун өтүнүчү боюнча К.Черикчиев барып, атаэнесинен, ыраакы кишилерден сураштырып билип -«Эми ары-бери сүйлөшүп бересиңби
десем куп макул деди. Биздин көңүлүбүз ошондой кишиге беребиз. Эми муну кайсы
маселе менен аларыбызды билбейбиз. Ал кыргызчасы менен айтат» деп жазылган.
Ушул эле жылдын 26-апрелинде Алыкулга жазылган Асабыякундун катындагы:
«Мен барып кенешеликпи? Барсам мен кыз тууралу барам» деген саптар
божомолубузду актагансыйт.
Бирок акындын айылдаштарынын айткандарына караганда ал үйлөнүү жөнүндө эч
ойлогон да эмес. Алыкулду койнуна ороп алып чыгып, көрсөтүп бир жылдызды колу
менен:
«Таанып ал, тээтиги сеники уулум, Карачы жазылыгын, сулуулугун. Билип жүр, сен
батканда кошо батат, Сөзү ушул бизден дагы мурункунун! деп айткан Касым
аксакалдын кызы Нуршаа апанын минтип айтканын эшиткеним бар: Үйлөнсөң артыңда
туяк калар, тукумуңду улар, алар атынды өчүрбөс, дешип, карылар Алыкулга кенеш
беришкенде: Огожосу болбосо он балалуу деле атанын ысымы, баркы бул дүйнөгө
калбайт. Анын үстүнө дартыман тартынам. Үйлөнүп дагы кимдин убалына калайын.
Артымда калса ырларым, жазгандарым калар. Ошолор атымды, баркымды өчүрбөс,
дегени күнү бүгүнкүдөй эсте.
Ырас эле, айрым акындардын жазгандарын эл эмес, кара чечекей балдары окубай
калганын көрүп, билип жүрөбүз. Ал эми Алыкулдун ырларын кимдер гана окубайт.
Окуганда да, улам жаны ой учугун улап, дагы кызыга окуйт.
«Ачылган сыр» деп атайын бир дептерге 44 куплет ыр жана:
Зарп кылып, сыя ордуна кочкул канды,
Сизге арнап, тартуу кылам ак кагазды!
Изине көз жүгүртүп эскерерсиз,
Күнөөлүү... элеси алыс... мендей жанды!
деп жазылган бетачары бар каттын ээсине акын жооп бергени же бербегени белгисиз.
А балким:
Сүйдүм сени, сүйүү эрки бар чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
Жакындатпа жаш колуңду карматпа, - деп
«Сүйдүм сени» деген ырында 1945-жылы 21-декабрда жазганы жообудур. Каттын ээси
ким? Алыкулдун лирасына ашык болуп жүргөн бул кызды 1945жылы согуштан майып
болуп келген жигит сүйлөшпөй ала качып кетет. Жыл айланбай ырктары бузулат. Жаш
келин окууну көздөп борборго келет. Ошондо өткөн учурларын эске сала сырын төгүп
акынга 1949жылы кат жазууга батынган.
Алыкул азыркы Сокулук-10 чолок (буйтка) көчөсүнө 1941-жылы салынып, бирок
курулуп бүтпөгөн үйдү 1948-жылы май айында сатып алат да, аны А.Жамшидов дегенге
батирликке таштап, көлдөн келгенче толук бүтүрүп берүүсүн сүйлөшөт. Батирде
октябрь айына чейин турган А.Жамшидов эски акча менен 11 мин 700 сомдук иш
жасайт. Экөөнүн ортосунда 1948жылы 27-октябрда түзүлгөн макулдашуу боюнча
Алыкул бул акчаны март айынын акырына чейин төлөп бермекчи болот. Азыркы күндө
шаардын дал ортосунда турган үй ошол кезде А.Жамшидов иштеген жерге ыраак
болгондуктан, ал батирден баш тарткан экен. Эгер кокус акча убагында төлөнбөй калса
дагы бир жолу макулдукка келе тургандыктарын баяндаган келишимге Курманбаев
күбө өткөн. Бул адам Алыкул менен көбүнчө турмуш, жашоо жаатынан алакасы
болгондордон, тактап айтканда жогоруда кеп болгон белгисиз кыз тууралу кат
жазышкандардан.
Ошентип, Алыкул толук курулган очогуна Сырга эжесин, Болотбек жээнин
каралашсын деп көчүрүп келет. Короо-жай өздөрүнө кенендик кылганбы же машина
сатып алуу үчүн калем акыга кошумча каражат керек болгондуктанбы, короонун
жартысын Алыкул 1949-жылы 27-октябрда А.Аржевкинага сатат.
Мурдагы В.И.Ленин атындагы станок куруу заводуна танапташ турган ушул үй
акынды жумушчу табынын турмушу менен жакындан таанышууга шарт түзгөн.
«Жумушчунун мүнөзү», «ФЗОдогу иниме», «Маляр», «Завод көрдүм», «Плотник»,
«Дубалчы» жана «Жумушчу» деген ырларында ыр менен эмгексиз бул турмуштун бир
ирмеми өтпөсүн, жумушчу калк каруусун тынчтыкка жумшаса, акын аны даңазалап
алтын канат ырына кошуп, бул жашоонун жаны катары жар саларын жазган.
Жумушчунун сыпатын мынчалык таасын сүрөттөп көрсөтүү ооматы ар кимге эле келе
бербес.
Аксакал жазуучубуз Т.Сыдыкбеков кайсы бир катында «Көк жоргоң жайындабы?»
деп эскерген «Победаны» Алыкул 1950-жылы сатып алат. «Кыймылдаткычынын
№34516, шассиси 003870, кузову-8824 болгон «Победа» машинасынын заводдук
паспортун Осмонов Алыкулдун наамына, 3-октябрдагы жүз жетинчи эсеп боюнча
тезинен салгыла» деген телеграмманы Алма-Ата шаарындагы автотрактор сатуучу
атайын дүкөнгө Т.Майтукин 17-октябрда кол коюп жөнөтүптүр.
«Бири кем дүнүйө» деген кеп ушул тагдырдан улам айтылып калганбы деп да ойлоп
кетесиң. Анткени, өмүр бою турмушунан өксүп, бир ыптасы оюлгандай таризде
жашаган акын дал ушул абалына баш бербей көктүк менен мээнеттене тапкан үзүр
жыргалын эми көрөрдө үйүн бир эжесине, «Көк жоргону» бир эжесине талаштырып оо
дүйнөгө кете бергени маалым. «Тууган колунда болсо көрө албайт, жок болсо асырай
албайт» деген кептин бекер эмесин Алыкулдун жээни Болотбек Сыдыгалиевдин жазган
арноо, эскерме ырлары ырастайт. Бул ырлар бир тууган таякесинин дүйнөдөн өткөнүнө
жана жерге коюлганына жыйырма күнчө боло электе туугандары жасаган жорукка
түтөп, жазылган. Алардан үзүндү окусак ошол аяздуу күндөр денеңди ичиркентсе,
Алыкул ойлордон ойго батып, түпсүз-сансыз, шам чырактын кашында жалгыз отуруп ыр
жазган кенен-жарык үйүнүн үшү кеткени, түбөлүк досу да, жары да, перзенти да болгон
калеминин сыясы катып, өчпөс из калтырган кагаздары козголбой калганы үзүл-кесил
элестей түшөт.
Эмесе, таякесинен таалим алып, келечекте ардеме-бирдеме чиймелегенге куштар
болуп жүргөн, ал кезде курагы 16-17 деги Болотбектин ырларына, жок ырлары эмес,
көкүрөктөн чыккан ошондогу ыйына, көздөн аккан жашына боор толгоп көрөлү:
Эр жигиттин убалы
Эргибей калды туягы.
Артында калса бир туяк
Аты чыгат эле го бир убак
29.ХII. 50-ж.
Алыкулдун жээни мен Болотбек, өз чыгарма. Таякеме арналган жана туугандарга
нааразылык ыр.
Али турат эсимде
Туугандардын кылыгы
Тикеңерден көмөм деп
Сарынын уулу айтканы.
30.ХII.1950.
Калбыр өпкө, жез канат
Көзү жумулуп баратат.
Курдаштарга кеп айтпай
Айласыз кетти жалдырап.
31. XII. 50-ж.
Ооба, эми бой тартып, жетилип келаткан жаш адамдын ушундай кырдаалда башаламан
жазгандарында көп нерселердин түйүнү катылган.
Өңгөсүн айтпаганда да, таякесинин жараткан чыгармалары кыргыз поэзиясынын
жез канат, Акбозатына айланарын баамдаганы байкалат.
Ошентип, кыска өмүрүндө мүлдө милдетти аркалаган Алыкул Осмон уулунун экинчи
жашоосу өзү айткандай чыгармаларында улана баштады.
Чыгармаларынын өмүрү дагы өктөм болор беле, эгерде дагы бир маселе такталып
изилденгенде. Акындын көзү өткөндөн алты жылдан кийин гана кол жазмалары
академиянын фондусуна тапшырылганын инвентардык эсеп-кысаптардын жазуулары
аныктап турат. Бирок ушунча жыл аралыгында аларды ким сактап, ким «карактап»,
акыры кантип өткөргөнү дайындуу жазылбаган. Ушуну тактоодо жана акындын жаркын
элесине тийиштүү деңгээлдеги ар кандай иштерде демилгелүүлүктү Сарынын уулу,
эжекелери жана жээни Болотбек учурунда көрсөтүшпөгөнү да өкүнөрлүк. «Победаны»
айтпаганда да, конушун сакташканда адабий мурасын жайылтуу, үйрөнүү шарты кыйла
оңой болмок.
Бул кенемтени толуктоо үчүн Алыкул акындын күйөрмандары, ылым санаган
жолдоштору жана адабиятчылар кыйла эмгек жасашкан. Эмки кеп оролу ошолор
жөнүндө.
II Б ө л ү м
БИЛГЕН БИЛЕР, БИЛБЕГЕНГЕ НЕ ЧАРА...
Ошентип, көзү барында анчалык барк алынбай калган акындын кадыры өзүнүн
поэзиялык мурасынын аркасы менен кайрадан көтөрүлдү.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил жана Алыкул - 02
  • Parts
  • Мезгил жана Алыкул - 01
    Total number of words is 3760
    Total number of unique words is 2312
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.6 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 02
    Total number of words is 3607
    Total number of unique words is 2069
    21.8 of words are in the 2000 most common words
    32.6 of words are in the 5000 most common words
    39.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 03
    Total number of words is 3621
    Total number of unique words is 2245
    22.0 of words are in the 2000 most common words
    34.5 of words are in the 5000 most common words
    41.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 04
    Total number of words is 3820
    Total number of unique words is 2341
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    41.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 05
    Total number of words is 3713
    Total number of unique words is 2285
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.1 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 06
    Total number of words is 3757
    Total number of unique words is 2299
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.1 of words are in the 5000 most common words
    41.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 07
    Total number of words is 3759
    Total number of unique words is 2115
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 08
    Total number of words is 3815
    Total number of unique words is 2203
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 09
    Total number of words is 3745
    Total number of unique words is 2344
    23.6 of words are in the 2000 most common words
    34.3 of words are in the 5000 most common words
    41.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 10
    Total number of words is 3583
    Total number of unique words is 2348
    22.5 of words are in the 2000 most common words
    33.2 of words are in the 5000 most common words
    39.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 11
    Total number of words is 3645
    Total number of unique words is 2114
    25.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    42.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 12
    Total number of words is 3909
    Total number of unique words is 2210
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 13
    Total number of words is 3940
    Total number of unique words is 2179
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 14
    Total number of words is 3720
    Total number of unique words is 2239
    26.8 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 15
    Total number of words is 3869
    Total number of unique words is 2392
    18.2 of words are in the 2000 most common words
    25.4 of words are in the 5000 most common words
    29.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил жана Алыкул - 16
    Total number of words is 2742
    Total number of unique words is 1697
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    33.9 of words are in the 5000 most common words
    39.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.