Latin

Жер-суу Аттарынын Сыры - 10

Total number of words is 1282
Total number of unique words is 737
30.5 of words are in the 2000 most common words
40.6 of words are in the 5000 most common words
46.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
өтүп кеткендигин көрсөтөт. Ошондуктан түшүндүрүүлөрдө, орус тилине которууда бийик
(бийиктик), аска (аскалуу) терминдери өгүз (эгиз) сөзүнүн бир синоними болууга тийиш.
Мына ошондо гана биз ушул күнгө чейинки өкүм сүрүп келген баш аламандыктан,
жаңылыштыктан кутулуп, Жети-Өгүздү — «Семь быков» деп которуп түшүндүрүү
бербестен, «Семь скал» түрүндө, ары айкын, ары так жана туура котормосун берген
болобуз.
ТОРУ-АЙГЫР ЖАНА БАШКА ТОПОНИМДЕР
Тору-Айгыр. Тору-Айгыр топониминин этимологиясы жөнүндөгү эл арасына
кеңири таралган легенда чындыкка жакындашпайт. Бул легенданын бардык варианттары
акыры келип эле айгыр деген сөз менен байланыштырылат. Бир байдын (хандын,
кедейдин) атактуу тору айгыры болот да, аны Ысык-Көлдүн экинчи өйүзүндөгү (КоңурӨлөң чендеги) кудаларга кыздын калыңы үчүн беришет. Бирок тору айгыр ал жерден
качып чыгып, тушаган тушоосу менен көлдөн сүзүп өтүп, азыркы Тору-Айгыр кыштагы
турган жерден чыгат да, андан жогорулап жүрүп отуруп, Тору-Айгыр ашуусунун
аймагындагы өз үйүрүнө барып кошулат. Ошол себептүү кыштак да, ашуунун бели да
Тору-Айгыр аталып калат.
Бул легенда улам бир айтуучу тарабынан өзгөртүлүп отурат. Ал түгүл, бул атактуу
тору айгыр кедейдики болуп, аны Алымкул деген бай уурдатып кеткенде, көлдүн аркы
өйүзүнөн 15—20 км аралыктан сүзүп, кайрадан үйүрүнө келип кошулгандыгы да айтылат.
Ушул фактынын өзү эле анын жасалма экендигин, ойдон чыгарылгандыгын көрсөтөт. Бул
легенда Тору-Айгырга гана тиешелүү. Составында айгыр компоненти болгон Айгыр-Булак,
Боз-Айгыр, Көк-Айгыр сыяктуу башка топонимдерге келгенде эч ким кандайдыр бир
жүйөлүү түшүндүрүү бере албайт, айгыр өлгөнбү, же бир айгырдын үйүрү ушул жерде
болгонбу, деген сыяктуу гана күмөндүү божомолдорду айтышат. Бирок составында ушул
сөз болгон топонимдерге лингвистикалык талдоо жүргүзгөн учурда айгыр менен айрык
(айрыг) бирдей эле маанидеги топоним түзүүчү сөздөр экендиги ачык көрүнөт. Ал эми
айрык (айрыг) формасынын айгыр түрүнө өтүп кетишин сөз жасоонун метатезалык жолу
деп кароо керек жана мындай жол байыртан бери эле бар болуп, бир кыйла көп учурайт
деп айтууга толук негиздер бар. Буга өз мезгилинде, XI кылымда эле, Махмуд Кашгари да
айрыкча көңүл бурган. Мисалы, Махмуд Кашгари бугдай (буудай) деген сөздү
барсагандыктар тыбыштарын алмаштырып, будгай деп айтыша тургандыктарын көрсөтөт
да, «Барсагандык эмесмин деген кишиге ушу сөздү айттырып сынашат» (123, III, 258), деп
айрыкча белгилеп кетет. (Барсаган деп көпчүлүк адабияттарда Жети-Өгүз районундагы
азыркы Барскоон селосу турган жер эсептелип жүрөт). Учурдан пайдаланып, ушул буудай
деген сөздүн түрк урууларынын ичинде ар башка колдонулгандыгы жазуучу Т.
Касымбековдун «Сынган кылыч» аттуу романында бир кыйла таамай сүрөттөлгөндүгүн
айта кетмекчибиз. Анда будгай формасы жөнүндө сөз болбогону менен, ар кайсы уруунун
өкүлдөрү тарабынан бугдай, буудай, бийдай түрүндөгү колдонулушу бир топ чебер
көрсөтүлгөн. Сөз формасынын жасалышынын ушул метатезалык көрүнүшү азыркы кыргыз
тилинде да кыйла өлчөмдө, көбүнчө диалектизм түрүндө сакталып калган. Факт
катарында жанаша турган тыбыштары гана оолашкан: алаксы-аласкы, бөксө-бөскө,
кешпир-кепшир, мыкчы-мычкы сыяктуу жөнөкөй метатезаларды жана тыбыштары ар
түркүн аттамактап, өзгөрүлүп алмашылган: күмөн-күнөм, кыргый-кыйгыр, мыйыкмыкый,
наалат-лаанат,
нөөмөтмөөнөт,
таңсык-таңкыс,
жаналгыч-жалаңгыч,
телегейтегелей, топурак-(топрак) — турпак (торпок, торпак) сыяктуу татаал
метатезаларды келтирмекчибиз.
Көрүнүп тургандай, метатеза фактысы кыргыз тилинде бир топ кеңири таралган.
Айрыг (расщелина, развилина) формасынын айгыр түрүндө колдонулушу да мына
ошондой метатезалардын, болгондо да бир кыйла байыркы, узак убактан берки
колдонулуп жана сакталып келе жаткан татаал формаларынын биринен болуп саналат.
Ушул маанидеги айгыр компоненти составында болгон Айгыр-Булак, Бала-Көк-Айгыр, БозАйгыр, Көк-Айгыр, Тору-Айгыр топонимдерин көрсөтүүгө болот.
Тору-Айгыр топониминин биринчи компоненти тору жөнүндө да ушул жерде
токтоло кетүүнү ылайык деп табабыз. Бул сөз эл оозунда көбүнчө тор формасында
айтылат, жазуу жүзүндө да ошондой берилген учурлары көп, Биздин оюбузча да негизги
формасы ушул — тор. Тору — аягына үндүү кошулуп айтылган гана формасы, мындай
үндүү кошуп алуу учурлары айрыкча р тыбышы менен бүткөн сөздөрдө көп кездешет.
Ошентип тор деген сөз азыркы күндөгү адабий тилибизде тору түрүндө кабыл
алынып кеткен да, өңдү-түстү, көбүнесе жылкынын өңүн билдирүүчү тору деген сөз менен
чаташтырылып, формасы жагынан айырмасы жок сыяктуу эсептелүү менен бирге,
семантикалык жагынан да бир эле сөз катарында каралып кеткен. Анын үстүнө бул
компонент айгыр деген омоним сөз менен айкалыша келгендиктен, жылкынын өңү
жөнүндө сөз болуп жаткан экен деп ойлоп, анын өңдү билдирүүдөн башка мааниси бар
экендиги ойго да келген эмес.
Ал эми тор – малдын түсүн билдирүүдөн башка кенен, кеңири, жазы, жайык
маанилеринде да колдонула тургандыгы белгилүү. Мисалы, эл акыны Аалы
Токомбаевдин:
Кандай акын бул жерди
Бүт сүрөттөп айта алат!
Жибек желге тор талаа
Ойку-кайкы чайпалат;
Ыксыраган эгиндер.
Зумуруддай байкалат — деген ыр саптарындагы тор талаа — кенен, кеңири, жайык
талааны билдире тургандыгы талашсыз (Чыгармалар, II том, 141-бет). Элдин ооз эки
речинде да,— кеңири, ойлогонунан чоңураак жер, аянт болуп калган учурда: «—Тим эле
тор талаа турбайбы!» деп айткандарын угууга болот.
Чындыгында Тору-Айгыр топоними бир кыйла кенен келген белдин, айрыктын,
ашуунун атын билдирүү менен бирге, селонун, суунун аттары да ошондон улам келип
чыккан. Жогоруда аталган составында айгыр компоненти болгон топонимдер да
этимологиялык жагынан ушул мааниде каралууга тийиш. Бирок биз малды билдирүү
маанисиндеги айгыр компоненти катышкан топонимдердин болушун да таптакыр жокко
чыгарбайбыз. Мисалы, Айгыр-Жал топоними жердин, ачыгыраак айтканда кырдын,
жондун айгырдын жалы сыяктанып кеткен окшоштугуна карай аталып калышы мүмкүн.
Канткен менен да айгыр компоненти катышкан топонимдердин көпчүлүгү басымдуу
түрдө айрыкты же ээр сыяктанып ажырап кеткен кайкаңды билдирүү маанисинде
колдонулат. Ошондуктан Боз-Айгыр, Кок-Айгыр, Тору-Айгыр, Айгыр-Булак, Бала-КөкАйгыр, Айгыр-Төр топонимдериндеги айгыр компоненти мына ушул маанилерге ылайык
чечмелениши керек.
Сын-Таш. Сын-Таш — Жумгал районундагы жердин жана Чүй районундагы селонун
аты. Чуй районундагы белгилүү «Сын-Таш» колхозу да ушул селонун наамыннан улам
коюлган. Бул топоним басма сөздөрдө кай бир учурларда Сан-Таш түрүндө бузулуп
берилип жүрөт. Натыйжада Ысык-Көл өрөөнүндөгү Сан-Таш топоними менен чаташтыруу
пайда болот. Бирок жергиликтүү элден мындай чаташтырууну уга албадык. Топонимдин
экинчи компоненти — таш эч кандай талашты туудурбайт. Биринчи компоненти да
кыргыз тилинде бар, бирок анчалык активдүү колдонулбагандыктан жана топонимикалык
мааниси да бир кыйла күңүрт тартып кеткендиктен, кайрадан эске түшүрүүнү талап кылат.
Сын — бир катар түрк тилдеринде, анын ичинде кыргыз тилинде да, дене келбетин
көрсөтүп, тулку, турпат, фигура жана кыр арка, скелет маанисинде колдонулат. Жалпы
эле денеге карата колдонулган ушул сөз тоо кыркасын, кырка жонду билдирүүгө да, тулку
бойду элестеткен түспөлдү билдирүүгө да өткөн. Сын — дене түзүлүшү, тулку бой деген
сөз экендиги жана ошондон улам көрдү, мүрзөнү билдирип калгандыгы өз учурунда
Махмуд Кашгари тарабынан да көрсөтүлүп кеткен (123, III, 152). «Сындын» тулку бойду
билдирген маанисин кыргыз тилинен ушул күндө да жолуктурабыз. Мисалы, Барпынын:
Карышам сыным туташып,
Кайкайган ташка корголоп,—
деген саптарында сын — бүткөн бойду, тулкуну билдирет. Эл оозунда «сын сөөгү калуу»
же «сын сөөк болуп калуу» деп айтылганда абдан арыктап, сөөгү эле калгандыгы, скелети
эле калгандыгы түшүнүлөт. К. К. Юдахиндин сөздүгүндө «сындын» бул маанилери ачык-
айкын белгиленет. Сын — жогорудагы маанилер менен бирге мүрзө үстүнө коюлган соку
ташты, моло ташты билдире тургандыгы, бул айрым элдерде сын таш деп да айтылышы
жана тоо кыркасын билдирген топонимикалык мааниси В. В. Радлов тарабынан
көрсөтүлүп кеткен (184, IV, 629). Бул сөздүн тоо кыркасы (горный хребет) жана узундук
(длина) маанилери хакас тилинде бар экендиги байкалат (241, 207). «Сын — грива,
вершина горы» (основное значение «стан человека, хребет») деп, бул сөздүн дагы бир
топонимикалык мааниси Сибирде бар экендиги М. А. Абдрахманов менен А. А. Бонюхов
тарабынан белгиленген (250, 1, 168).
Тарыхый жагынан алганда сын таштар эбегейсиз кеңири территориям таралган.
Мындай таштарды атактуу географ В. В. Сапожников Алтайдан, Монголиядан көрсө,
академик А. И. Соболевский Россиянин түштүк жана орто бөлүктөрүндө учурай
тургандыгын айтат.
Жыйынтыктап айтканда, Чүй районундагы жана Жумгал районундагы Сын-Таш
топонимдери ошол жердеги сын таштардан, балбан таштардан улам аталып калган.
Жерге-Тал. Ак-Сай, Нарын, Талас, Чаткал өрөөндөрүндөгү жана Гүлчө дарыясынын
бассейниндеги суулардын, жерлердин аттары. Ак-Талаа, Тянь-Шань жана Талас
райондорунда Жерге-Тал аттуу селолор бар. Азыр абдан сейректенип кетсе да, Түп
районунун Сары-Камыш селосунун түндүк-чыгыш тарабындагы суу жакалай чыккан талы
бар жер жергиликтүү эл тарабынан Жерге-Тал деп, ал эми селонун өзүндөгү 7—8 кырка
дөбө Жерге-Дөбө деп аталат. Бул топонимдердин составындагы биринчи компонент —
жерге азыркы кыргыз тилинде активдүү колдонулбайт, элдин оозеки чыгармаларында
жана кээ бир сөз айкалыштарында гана кездешет. Ошондуктан көпчүлүк калың масса үчүн
жерге деген сөздүн катарды, кырканы билдирген шааниси кеңири белгилүү эмес, бирок
К. К. Юдахиндин сөздүгүндө ачык көрсөтүлүп, тиешелүү мисалдар келтирилген. Ушул
сөздүн негизинде жергелей, жергелеш деген сөздөр келип чыгып, алар кыркалай,
кыркаар, катарлаш деген маанини бере тургандыгы адабий чыгармалардан да кездешет:
Жергелей талды сыдырды, Жердин үстүн кыдырды (Семетей). Жергелеш конуп конушка,
Балдарым, журттун көөнүн оорутпа («Сейтек»).
Аталган топонимдер анын составындагы сөздөрдүн маанисине толук дал келишип,
кырка тал, катар тал, кылкалай өскөн тал деген түшүнүктөрдү берет.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 1
    Total number of words is 3572
    Total number of unique words is 1555
    24.8 of words are in the 2000 most common words
    36.0 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 2
    Total number of words is 3491
    Total number of unique words is 1490
    22.9 of words are in the 2000 most common words
    33.0 of words are in the 5000 most common words
    39.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 3
    Total number of words is 3576
    Total number of unique words is 1634
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.3 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 4
    Total number of words is 3529
    Total number of unique words is 1682
    17.4 of words are in the 2000 most common words
    26.2 of words are in the 5000 most common words
    31.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 5
    Total number of words is 3702
    Total number of unique words is 1476
    21.2 of words are in the 2000 most common words
    29.8 of words are in the 5000 most common words
    34.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 6
    Total number of words is 3743
    Total number of unique words is 1666
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    36.7 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 7
    Total number of words is 3586
    Total number of unique words is 1627
    21.9 of words are in the 2000 most common words
    32.0 of words are in the 5000 most common words
    37.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 8
    Total number of words is 3827
    Total number of unique words is 1941
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 9
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1723
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 10
    Total number of words is 1282
    Total number of unique words is 737
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    40.6 of words are in the 5000 most common words
    46.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.