Latin

Чыгыш же чоң бийлер баяны - 01

Total number of words is 3827
Total number of unique words is 2254
30.0 of words are in the 2000 most common words
42.8 of words are in the 5000 most common words
50.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
(XVII–XVIII кылымдан алынган тарыхый роман-хроника)
Роман-хроника кыргыздын башына түшкөн эң оор мезгил – XVII–XVIII кылымдарды
кучагына алат. Калмактар, алардын күч алышы, кыргыздын Анжиянга сүрүлүшү, Кокон
хандыгын түптөп, кийин кайрадан чогулуп Кетмен-Төбө – Таласка келиши, Жуңгар
хандыгынын жоюлушу, туулуп-өскөн жерин кайра калыбына келтирүү, Ферганадан
Чыгыш Түркстанга – Таластан Илеге чейинки кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара
маселелеринин кандайча чечилиши сыяктуу тарыхый окуялар баяндалат. Окуялар
хроника түрүндө берилип, бизге жеткен архив, башка оозеки же жазуу жүзүндө
маалыматтарга таянуу менен, сөз чачылган элин жыйып, азыркы деңгээлге жеткирген
кыргыз элинин баатыр, бийлеринин өмүр-баяны тууралуу жүрөт. Роман ата-бабалар жана
жалпы эле кыргыз тарыхына кызыккандар үчүн сунуш кылынат.
Сүрөтчүсү Бектуров А.Ш.
Атанын чыныгы уулдары, бир туугандар – Каниметов Абдылда менен Абдырайдын
жаркын элесине арналат.
«Атаң өлсө мейли, атаңды көргөн өлбөсүн!»
(Кыргыз эл макалы)
Автордон
Тарыхтын адамзатка баш ийбеген агымы уламдан улам алдыга карай зымырап,
ата-бабаларыбыздын өмүрү өткөн илгерки заман улам бизден алыстагандан алыстап
барат. Бирөөлөр «өткөн-өттү», «кеткен-кетти» дейт.
Мейли, өтсүн-кетсин, ата-бабаларыбыздын атын унуталы, бирок тарых эч качан эч
кимди унутпайт. Биз унуткан күндө да алардын өмүрү башка, кошуна элдердин жазма,
оозеки баяндарында калат. Колубуздагы тарыхый роман-хроника ошондой учурлардын
бири жөнүндө. Анткени нечендеген доорду карыткан элдин ордун аныктаганга жетишсек
(алардын тарыхтагы ордун жокко чыгаруу эч мүмкүн эмес) да, тарых пиринин өзү күбө
болуп келгенине карабай, ошол эл менен чогуу жашап өткөн элдик баатырлардын өмүрү
көпчүлүктөн көмүскөлөнүп, өзүнчө жашап жүрдү. Айтса бирин-эки гана киши айтты.
Азыр көп нерсе өзгөрүлүүдө. Тарыхтагы бөксө жерлер толукталып, ар кимдин эмгегине
жараша өз-өз ордуна коюу аракети башталды. Ал тургай, «көз карандылыктан» кутулган
бир аз жылдын ичинде эле андай инсандардын айрымдарынын сүрөтү кагаз акчанын
бетинен, экинчилери окуу китеп беттеринен орун алууга үлгүрдү. Заңгыраган эстеликтер
тургузулуп, атагы алыска кетип, дүңгүрөгөн тойлор берилип, ар ким азыр өз
бабаларынын өңүн жазбай тааный турган учур келди.
…Сөз XVII–XVIII кылымдарда жашап өткөн ата-балдар Маматкул, Болот жана
Эсенкул жөнүндө болмокчу. Алар ким болгону жана ошол замандагы элибиздин башына
туш келген оор тагдырларды баяндаган тарыхый чыгармалар жазыла элек, изилдөөлөр да
жокко эсе. Бул өкүнтөт. Себеби, азыркы Кыргыз мамлекетинин пайдубалы так ушул
адамдардын саясий ишмерлиги менен түптөлүп, өзгөчө кыргыз элинин азыркы, жаңы
тарыхынын жаралышына чоң эмгек сиңирген.
Тирүүчүлүктө жасалган иштин баары тарых болгондуктан, ата-бабалардын арбагы
көрүстөндө эмес, көкүрөктө жүргөнү дурус. Ошондуктан тирүүсүндө дөөлөткө муктаж
эместер, дүйнөдөн кайткандан кийин деле артындагы эстеликке анча муктаж болушпайт,
алардын ар бири тирүү кезинде эле өздөрүнө эстелик орнотуп алышкан. Деги эле, XVIII
кылымдагы кыргыз элинин баштан өткөн тарыхынан кичинеден кабар берген жалгыз
Белек Солтоноев болду. Бирок тилекке каршы, ал да баянын аягына чыга албады. Чыга
алмак эмес. Анткени, ал кездеги тарыхтын бардык басып өткөн жолу жалаң тап күрөшүнө
(кул менен бий, кедей менен феодал, жумушчу менен капиталист) байланышып, автордун
өмүрүнө да ошол саясий турмуштун кесепети тийди. Ошондукутан, колуңуздагы хроника
ал кишинин аягына чыгып, ачык жаза албай калгандарынын жөндүү уландысы катары
жаралды. Айрым так эмес жерлери такталып, анын колу жетип пайдалана албай калган
нускалар менен толуктап, азыраак кошумчаларды киргиздик.
Элибиздин өткөн тарыхын салыштыруу жолу аркылуу карасак, анда ал кандайдыр
бир көрүнбөгөн жаратылыштын мыйзамына баш ийген болуп чыгат. Демек, адамзат
өзүнүн өнүгүү жолунда бирдей тарыхый окуяларды баштан өткөргөн. Болгону бир
мезгилде бир эл өнүгүүнүн коомдук, экономикалык себептерине байланыштуу алдыга
тезирээк кетсе, экинчилери убактылуу артта калат. Мисалы, 1865-жылдары батыштын
тарыхчы-археологдору Кичи Азияда казууларды жүргүзүп (бул учурда тескерисинче
Орто Азиядагы тарыхый эстеликтерди бүлдүрүү башталган), бүт дүйнө жүзүндө уламыш
жана миф катары саналып келген биздин замандан мурунку XII кылымдагы Троя шаарын
тапкан. Ушуну менен ал күнгө чейинки, же тээ байыркы топон суудан бери айтылып
келген уламыштар чындыкка айлана баштады. Ошентип, өткөн бир жарым кылымдын
ичинде көптөгөн миф, уламыштардын бир тобу тарыхта болгону далилденип бүттү жана
дагы көбү далилденүү үстүндө. Аларды иретке салуунун улам жаңы ыкмалары табылып
жаткандыктан, керек болсо уламыштардын өзүн тарыхый башат катары карала баштады.
Ал эмес орто кылымда жазылган Абул-Гази, Рашид ад-Дин жана Мухаммед
Хайдар Дулаттын жазып калтыргандары да оозеки тарыхтардын жыйындысы экенин эч
ким тана албайт. Өзүбүздүн эпосубуз «Манастын» да, адегенде эле ыр түрүндө
жаралганына ким ишенет? Ал – кадимки эле оозеки тарыхыбыздын курандысы. Болгону
таланттуу адамдар тарабынан качандыр бир кезде эпоско айланган, бирок келечекте
өзүнүн негизги орду – оозеки тарыхыбызга тиешелүү историография катары сөзсүз өз
ордун актайт. Батыш муну эчак түшүнгөн.
Батышка салыштырмалуу биздин тарыхый илим азырынча жаңыдан гана бутунан
туруп келе жатат. Келечекте бизде да уламыш-санжыра болуп айтылып жүргөн көп
нерселер илимий жактан такталып, дагы жаңы ачылыштар болоруна үмүт кылып,
ишенүүбүз керек.
Дагы бир эске ала турган нерсе, түздөн-түз айтылып келген санжыралар да
кемчиликтен кур эмес. Тарыхый инсандардын атына жамынып, кээ бир авторлордун
жекече мүдөөсүн канааттандырышы күнүмдүк көрүнүшкө айланып баратат. Негизинен
тарыхый фактыларга таянган изилдөө, же көркөм адабиятта да тарыхый окуяларды
бурмалоого жол берилбеши керек. Себеби, мындай чыгармалар элди иренжитип, көркөм
адабият түгүл, тарыхка кош көңүл мамиле жасоого түрткү берет. Өткөн тарыхыбыздын
бааланбай калганы – алакандай кыргыз эли нечен кылымдан бери жерин көздүн
карегиндей сактап келгенине карабай, күндөлүк турмушта «ар ким бир коктудан чыга
калгандарын «баатыр» дей беришет» деген жөнү жок сөздү пайдаланып калдык.
Канчалаган күчтүү хандыктардын (Алтан, Жуңгар, Кокон, ж. б.) жоюлуп кетишин
унуттук. Өз алдынча мамлекет болуп таанылгандан кийин мындай абал өзгөчө Орто
Азиянын кээ бир элинин көйгөйлүү маселесине айланды. Мисалы, Абылай хандын өмүртаржымалын изилдөөгө алган тарыхчы-окумуштуулар В. А. Моисеев менен Р. Б.
Сулейманов Ильяс Есенберлиндин «Кочевники» («Көчмөндөр») деген трилогиясы так
эмес, орой кемчиликтери жыш, чындыкка коошпой, ойдон чыгарылган окуяларды өтө көп
кошконун өткөн кылымда эле белгилешкен. Жакшыбы-жаманбы, өткөндү сыйласак,
тарыхый инсандар катышкан чыгармалар ойдон чыгарылбай, бирөөгө кандайдыр баа
берүүдөн мурун, ал инсан катышкан окуялар толук изилденип, жарык көргөн
материалдар талдоого алынып, болуп өткөн окуялардын негизинде жазылышы абзел эле.
Анткени кандай жазылган күнү да, качандыр бир убакта ал фактылар толугу менен жарык
көрөт.
Баян башталаардын алдында эскерте турган бир нерсе – кээде азыркы учурда
болуп жаткан жаңы маселелер да, аны изилдеп жаткан автордун колуна толук тийиши
мүмкүн эместиги. Демек, мындан үч кылым мурун болуп өткөн бардык окуяларды толук
жана так камтыйм деген аша чапкандык болуп кетерин эске алып, баянда негизги
басымды ошол каармандарыбыз жашап өткөн заманга жасоого туура келди. Ошол
заманга тиешеси бар, учурда жарык көргөн кол жазмалар менен котормолор кеңири
колдонулду. Бирок төгүнгө чыкпай турган кынтыксыз далил эсепте гана кезигет,
ошондуктан автор өзүн тигил же бул санжырачылардын же тарыхчылардын ойлоруна
толук кошулуп, алардын жеке көз карашын толук колдоону өзүнө милдет деп эсептеген
жок. Мисалы, тотемдик ишенимге байланыштуу бирөөнү кайберен эмизип, аман алып
калса, экинчиси да ошону кайталайт. Кимисин кимиси ээрчип айтканы белгисиз. Балким
баары тең бир гана окуянын негизинде жаралып, же ар биринде чындык бар болушу
мүмкүн. Эки-үч кылымдан бери заманына ыңгайлаштырылып кээде түзөлүп, кээде
бузулуп ооздон-оозго, укумдан-тукумга өтүп айтылып келе жаткан окуяларды тактап,
алардын баарын бири-бири менен, кээ бирөөлөрүн кагазда калган так кабарларга
салыштырып, күмөн болгон жерлерден башка изилдөөчүлөдүн эмгектери менен
текшерип, кыскасы тарыхтын майда элегинен өткөрүп сунуштадык.
Ата-бабалардан калган улуу сөздү улантуучулар – манасчылар болду. Баянда
айтылган окуялардын көбү ошолордуку. Аларды бизге жеткиргендер Ы. Абдырахманов,
Т. Алымбеков, К. Эсенбаев, М. Байгаринов ж. б. сыяктуу санжырачылар. Аларга таянып,
аттары эчак уламышка айланып кеткен адамдарга бир жолу окурманыбызды бетме-бет
кездештирип коёлу дедик. Бирок элдик санжыраларга кошулуу менен бирге автор тигил,
же бул тарыхый окуяларды башка далилдер менен толуктап, ал окуяларды өз алдынча
түшүндүрүүгө аракет жасаганын жашырган жок. Каармандардын өмүрүн окурманга ушул
себептер менен сунуш кылдык. Мындан тышкары чектен чыккан уламыштарды иргеп,
аларды эчак өткөн окуяларга тек гана күбө болуп берүүгө чакырып, аракеттин көбү ошого
жасалды. Калганын окурманга тапшырабыз. Баары мына ушул баяндын ичинде. Дагы
бир эскерте турган нерсе, алдыбыздагы окуяларга тиешеси бар болгон кээ бир фактылар
газета-журналдарга жарыяланып кеткендиктен, аларды кайра кайталоону негизсиз деп
чечтик.
Ойдон чыгарылган окуяларды киргизген жокпуз.
Мындан башка, автор өзүнө айтылган калыс сындардын баарын туура кабыл алып,
аны менен бирге өзүнүн көз карашын окурмандарга далилдеп берүүгө даяр экенин
билдирет.
Эмесе баштадык!...
Баянды аягынан баштайлы
Анда биз баян кыла турган Маматкул менен Болоттун жарык дүйнөдөн өткөнүнө
туура бир кылымдан ашык убакыт өтүп кеткен учур. Болжол менен дээрлик эки муундун
өмүрү дегендик. XIX кылымдын орто ченинде илгерки Абылай хандын тукуму Кенесары
кыргызга катылам деп, шейит болуп кеткенден кийин деле ошол кездеги шартка жараша
казак-кыргыз ортосу биротоло сууп кеткен жок. Орустар арага түшүп, жараштырып
койду. Ошентсе да, өткөн өч-кеткен кектин тагы оңой менен кетпейт экен, кез-кез, шарты
келе калган жерлерде ар кимдер тарабынан эскериле калат. Ошондой окуялардын бири
казактын ак таңдай акыны Сүйүнбай менен кыргыз акыны Арстанбектин айтышы болду.
...Чоң атасы Күсөп Жээнкул уулу, өз атасы Аруун казактын атактуу дастанчылар
экен, ошолордон таалим алган элге таанылган акын Сүйүнбай адегенде Катаган акынды1
жеңип, элдин оозуна алынган. Кийинчерээк:
Акын болуп жыйырмамда желдей болдум,
Отузумда аскары бийик белдей болдум,
Отузду ашып, кыркыма келгени соң,
Каптаган жердин жүзүн селдей болдум, -деп, өзү издеп барып, Улуу
жүздөгү албандардын ага султаны Тезекке жолугат. Бир жагынан хан тукуму, экинчиден
орус бийлигине таянып турса, бирөөнүн сөзүн угуп эмес, жөн-жай кишилерди эшигине
жолотпой турган чагы экен. Сүйүнбай бастырып келип аттан түшүп жатса, Тезек
султандын түндө барып, жолу болбой кайткан эки уурусун катуу жемелеп, айкырык
салып жатыптыр. Босогону аттаганда эле:
…Келген элем хан Тезек көрөйүн деп,
Пайгамбардын саламын берейин деп.
Аттандырган эки ууруң жолу болбой,
Капаланып турмысың өлөйүн деп, -деп, Тезектин өзүн ушунча элге
башчы-төрө болуп жүрүп ууру жана зордукчу экенин тайманбай бетине айтып келип:
…Хан Тезек карасыңбы, төрөсүңбү,
Жебесең ууру этин өлөсүңбү!?
Жетим менен жесирдин акысын жеп,
Барганда акыретке бересиңби!?
Албан, дуулат, чапырашты эл эмеспи,
Эл деген чалкып жаткан көл эмеспи!?
Катагандын атасы кыргыздардын сол уругунан болуп, илгерки Абылайдын көп
чабуулунун биринде казактарга туткунга кетип, ошол жакта калган.
Көл толкуса көбүгү кетер басып,
Бетиндеги көбүгү төрө эмеспи.
Төрөсү шайтан болсо, көп – периште,
Бир шайтанды каккан да пири эмеспи!? -деп, султанды
жайлайт.
Ошентип казак-кыргыз билермандары Катаган менен Тезекти жеңип, даңкы күчөгөн
Сүйүнбайды эми ыгын таап, Арстанбек менен айтыштырмак болушат. Акыры, Иледен
кайра көчүп келгенден кийин Ормон хандын карындашы, Жантайдын келининин
(Ысактын аялы) ашын Ысык-Көлдүн башына белгилеп, Тезекке да кабар берилет:
…Тезек төрө1 бийлерин кашына алып,
Калтырбай ала келсин чечен, ырчы, акындарын!
...Төгөрөктүн төрт бурчунан келген эл, арасында кыргыздан Жантайдын өзү баш –
жез чочмор Менде, Төрөкелди, Боромбай, Жангарач, Балбай, Медетбек чечен,
казактардан Тезек султан, Рүстөм, Адамсат, Сыпатай баатыр сыяктуулар. Сексенден
ашкан Бөлтүрүк чечен бар, ошолордун баары ушул эки акындын айтышына күбө болду.
Катаганды жеңип, байгесине Мейиз деген сулуу кыз алган Сүйүнбай баштаганда эле
Арстанбекти теңине алгысы келбей; «кыргыз-казакта мага тең келе турган акын али
туула элек, айтышпай ак жыгылып бер, арнаган мөрөйүңөр болсо, мага бере бергиле, боз
үйү менен күң кошуп» дейт. Анда Арстанбек анын сөзүнө жараша:
…Мактанбагын казагым,
Сенин жайың белгилүү.
Болосуң азыр мазагымТүбүң моңгол-калмактан.
Жылкысын кууп жылгадан,
Коюн айдап кыркадан,
Каада-салтты сактабай,
Кыз-келин көрсө көз артып,
Олжого тунуп алам деп,
Абылайың катылды.
Колго түшүп басынды.., -дейт, Сүйүнбайдын илгерки Абылайдай
болуп, олжого тунуп калгысы келгенин чукуп. Сүйүкеңдин күүлөнүп калган кези, ал дагы
токтобой:

Тезек менен Ормондун уулу Сейилкан кан куда болушкан.
…Абылай хандын чапканы,
Далайдын калган эсинде.
Басынтмак болгон казакты..,
Коёндой кууп качырган,
Кашкарды көздөй ашырган,
Эсенкулдай манапты.
Садырдын шорун кайнаткан,
Жайылыңды жайраткан,
Атакеңди бүктүрүп,
Казактын колун ууктуруп,
Миң кыргызды айдаткан..,
Көзүңдү сенин жайнаткан! -деп, эскини козгоп, аягында экөө
токтоно албай, катуу кетишти. Кененсары султандын куну кайра козголо турган болуп
калды дешет. Ошондо аягы чыр болуп кетпесин деген аттуу-баштуулар «койгула» деп,
экөөнүн айтышын токтотуп, мөрөйдү тең бөлүп беришет. Мунусу өзүнчө болсун...
Арадан дагы 50–60 жыл өттү. XX кылымдын башы. Ал кезде Шабдан баатырдын
атагы жалгыз кыргыз элинин ичинде эмес, бүт коңшу калкты аралап кеткен учур.
Күндөрдүн биринде Мекеге барып, зыраят кылууга камынып калат. Мындай кабар эл
арасына тез тарап – «ак жол каалап, учурашып коёлу, Мекеден аман-эсен кайтып келсе
батасы тийет!» деп, толгон-токой эл келип, учурашып узатышат. Ошолордун ичинде
кадимки Калмырза ырчы дагы бар, ал:
…Ак боз бээни сойсо да,
Атын Шабдан койсо да,
Асили туулбас сендей эр!
Аман барып-аман кел! -деп коштошот.
Ошентип баатыр ат алмаштырып – төө минип, айлап-айлап жол жүрүп, ата-бабасы
көрбөгөн Стамбулдан баштап, мусулман маданиятын көрүп, түрк падышасынын мактоо
кагазына татыктуу болуп, Медина-Мекени аралап, ажы атанып, аман-эсен өз жерине
кайтып келет. Келсе, кайра баягыдан дагы көп эл чогулуп, амандык сурашып, учурашып
турат. Ошол учурашкандардын арасында Шабданга башынан жакын дос, тээ Чүй
суусунун төмөнкү алабынан Тойчубектин уулу Байсейит баатыр бир күнү бир топ
казактары менен учурашканы келиптир. Эми Шабдандын жайы белгилүү, жүзүнөн
мээрим төгүлүп, бир сүйлөшө калган кишини оңой менен кетирбей, арбап алган сыйкыр
мамилеси бар эле дешет, анан, келген элдин баары учурашып болуп, тамагын жегенден
кийин келген эл ордунан козголо баштайт, алдыга келген даамга бата кылынып, кайта
турган убакыт келгенде. Алардын ичинде Кочкор өрөөнүнөн келип, Шабдан менен
учурашып, анын жанына эки-үч күнгө конок болуп калган сарыбагыштын чоңчарык
уругунан Кудаяр уулу Эсенбай деген болот. Бул киши бир көргөнүн унутпаган, баарын
байкагыч, кыраакы, уккан сөздөрүн көңүлүнө бекем түйүп алган зирек киши экен. Ошол
карап олтурса, баягы кетүүгө даярданып калган казактар кобурашып:
– Енди, Сабден баатырга учурасып болдук кой, турсаңшы, кайта турган убакыт
болду, аттаналы! -десе, жанындагы жолдошу:
– Атайы келдик эле, шыдай турсаңшы карагым, азга отуруп сөз тыңшайлы? -деп,
кеткиси келбейт.
Анын кеткиси келбей турганына экинчисинин ачуусу келип:
– Ау, баурум ай, биздин аулубуздагы өткендеги шыр али жабыла элек гой, мурда
он басы эдим, эми элүү басы кылып дайындап салса, осы шырды жапкын деген төренин
буйругун орундабасам, анан менин сорум куруйду, -деп тыбырчылап, беркисин көндүрө
албай жатат.
Алардын эмне сыры бар экенин Байсейит баатыр жакшы билсе керек, башын
ийкегилеп:
– Сөзүң болсо тартынбай, сүйлөй отурсаңчы карагым? -дейт.
Анда булардын кобур-собуруна кулагын тосуп отурган Эсенбай бир кезде элүү
башымын деп жаткан казакка карап:
– Ээ, казагым! Жолдошуңа сөз бере кет. Шабдан баатырга бирдеме дечү кебетеси
бар. Чымыны бар неме окшойт, тартынбай баатырга арнаган сөзү болсо айтып калсын,
олтурган эл дагы уксун, -дегенде, эл макул болуп, жаалап жиберет.
Көзүн таба айтыптыр, тигил казак чын эле акын экен, шак эле койнунан
домбурасын сууруп чыгып, Шабданга карап төгүп жиберет. Казакты билесиз, кызыгына
түшүп алса оңой менен токтобой, домбурасын узакка чертип, арасында анда-санда бир
сүйлөм кошуп коюп, кечке айдата берет. Бул жолу да тиги казактын акыны токтобой
далайга төгүп, Шабдандын тээ илгерки ата-бабаларын түгөл козгоп бүтөт.
Анын оозунан төгүлгөн ыр аябай узак, тилекке каршы бизге толугу менен жетпей
калды. Ошондо казактын оңдонуп, Шабданга карата ырдап турганы:
...Түп атасы Тугур менен Сарысеит,
О тустагы адамдардын баары бейит!
Содан кийин атасы Үчүкө, Түлкү болгон,
Бир кыз атып, калайыкка күлкү болгон!
Содан соң Маматкул менен Тынай жүргөн,
Калайыкка далай жаксы кыла жүргөн!
Кейинги Темир менен Болат экен,
Кыргызга дем-таяныш болар экен.
Одан соң Атаке менен Эсенкулду,
Енди катын туумайды андей уулду!.. -деп, баарын кошуп,
далайларды айтып, узартып отуруп, тээ бир топто барып араң токтойт.
Ошончо айтылган сөздөрдүн ичинен тигил казак акындын Үчүкө менен Түлкүнүн
өлүмү жөнүндөгү жалгыз сөзүнө териге түшсө керек, ээрди жука бир тапан ортодон:
– Эй, казагым сен ырдасаң Шабдандын өзүн ырда! Мактасаң өзүн макта! Эмне,
Шабдан баатырдын эрдиги ошол ата-бабаларынан кем бекен? -деп, бир тиет.
Анда казак домбурасынын кулагын кайра толгоп жатып, камырабай:
– Ойбай, онау макау кыргыз не дейди, ондай көкелериң болмаганда сен сүйтип
биздин касымыста отурмак белең?! Керек болса, осы өлгениңдин сүегин өз конысына
енди Эсенкул менен Атакенин тусында көмп бастадыңар гой? Анен кантип айтпай аккоёмуз?!– деп, баягы кыргыздын оозун басат.
Кийин-кийин Эсенбай ушул аңгемени айткан сайын, кайра-кайра:
– Туура айтылса, атадан калган кун чечилет. Ичинде кыргыздын канча атактуу,
канча чечени отурган, бирөө дагы баш көтөрүп, жооп тапканга жараган жок, -деп айтып
жүрүп өттү.
…Окурманым! Мурунку менен кийинкисин кошсок, көп болсо бир аш бышым
убакыт ичинде айтылып калган сөз. Бирок ал акындардын сөөктөн өтүп, чучукка
жеткирген мындай сөздөрүнүн көбүндө калет жок. Кичине эле бир дем менен айтылган
ушул сөздөрдүн ичинде канча деген өмүр жатат. Ал ата-бабалардын элесин алардан
кийин эч ким дааналап сүрөттөп бере элек.
...Улам ар кайсы жеринен чукуласаң, сөздүн асылы илгерки чалдардан чыкчу. Жай
отуруп, жөнөкөй, жатык тилге салып, өткөндөн кеп баштаса, кап-кайдагы саясат өзүнөнөзү чечилет.
Уккандарын унутпаган ошол чалдар аңгеме айтаарында:
– Ээ, балдар! Кайсынысын айталы? Казак бизден күчтүүлүк кылат. Бирок калмак
каптаганда орустардын арасына кире качып, жанын эптеп арачалап калышпадыбы. Аз
кыргызды карабайсыңбы? Канча жыл ойротко түттү. Эми оруска түтүп жатат. Мындан
артык баатырдык болобу? -деп, өткөндөн эскерип беришчү.
…Эмесе, биз дагы окурман менен чогуу отуруп, кайра барактап, башынан баштап
ошол казак акындары жана кыргыз аксакалдары айткан илгерки окуялардын канчасы чын,
канчасы калп экенин талдап көрөлү!!!
Баяндын башына эми келдик
XVII кылымдын экинчи жарымында Борбордук Азия чөлкөмүндө дээрлик аздыркөптүр тынчтык орноп, бул жердеги көпчүлүк көчмөн уруулар күнүмдүк тиричиликке
алек болуп калган кез. Бир-бирине кошуна отурган уруулардын майда-чүйдө гана
кагылыштары болбосо, жалпы жагдай дурустай сезилет. Бирок, мындай абал чыныгы
ааламаттын алдындагы көз боёмо, алдамчы көрүнүш эле. Жакындан баштап азыркы
бейкутчулуктан эчтеке калбайт, ошондуктан мындай, убактылуу бейкутчулукту
пайдаланып, ошол Борбордук Азияда жашап жаткан көчмөндөрдөн кыскача кабар ала
кетели...
Борбордук Азиянын басымдуу бөлүгү тоолор. Батышынан Алай жана Каратегин
чыгышка карай акырын бийиктеп отуруп, Иле суусунун башына жакын кайра бөксөлөп,
аны кечип өтсөк кайрадан көтөрүлө баштайт. Түштүк-чыгышы Тибет, Гиндукуш;
чыгышы Алтай – Сибирь. Түштүгүнөн Тарым дарыясы, түндүгүнөн Чүй суусунун
төмөнкү агымындагы Моюнкум, Бетпак-Талаадан ары шамалы кум айдаган ээн
чөлгө айланат. Индостан жарым аралынан келе турган жаандуу муссонду Гималай –
Тибет – Каракорум; Персия булуңунан башталган нымдуу аптапты Памир –
Каратегин тоолору; Сибирдин кычыраган каардуу суугуна Каракум менен
Кызылкумдун шамалы бөгөт кылып, жаратылыштын өзү тарабынан ушул жердеги
адамдардын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Аты аталган жерлердин
аралыгы кээде Улуу-Тоо, көбүнчө Ала-Тоо деп, аралаш атала берет.
... Улук-улук, улук тоо!
Аккан суусу тунук тоо,
Ошол тоону жердеген, оён кыргыз болсун соо.
Ысык-Көл башы Каракол, күн чыгышы Нарынкол.
Ушул тоого орногон, кыргыз журту оң менен сол.
Агып жаткан Нарынкол, көргөндөргө дайын жол,
Музарт бели улук тоо, байыркыдан калган ошол тоо.
Түш жагында Кара-Тоо, түн жагында Ала-Тоо.
Дүйнө жүзү суктанган, түрк ордосу Улуу тоо.
Оң чекеде чоң Алтай, аягында Гималай,
Капталында Сарыкол, кайкып жаткан кең Алай,
Алтышаар, Түркстан, Тарбагатай – оң түштүк,
Түн багытың Сары-Арка, түш тарабың Хиндустан,
Бир тумшугуң Ала-Тоо, Ташкент, Талас, Кара-Тоо,
Иле-Чүйдү талашкан, илгертеден бери далай жоо.
Аму-Дарыя, Сыр-Дарыя агып жаткан көп дарыя.
Бир жылгаңыз кен Талас, жердеп келген эр Манас.
Бир бутагың Зарафшан, атагы зор Самаркан,
Талкалаган Искендер, талап кеткен Чыңгыз кан.
Ордо кылган Темирлан, оодарылган шум жалган.
Амир Темир заманы, артыкча канга бойлогон,
Бир аягы Фаргана, жериң артык Жыргалаң,
Текес, Күнөс, Агыйас, Иле сууга аралаш.
Түп атаңыз Угуз кан, Кытай, Афган, Хиндустан,
Араб, фарси, көп түрктөр алымына тургузкан...
Тээ илгерки Жакыптын уулу хан Манастан мурун эле кыш түшкөндө түштүктө –
Кашкар менен Жаркентти, түндүгүндө Иле – Чүй – Сыр-Дарыянын жээктерин кыштап,
жайкысын ошол Ала-Тоонун койнун аралап, кыргыз деген элдин оң жана сол уруулары
мекен кылып келет. Эмесе, азыркы баяныбыздын башын Манастан кийинки окуяларга
тиешелүү, ошол жерлердин бири – Тарым суусунун жээгин мекендеген жүргөн бир урук
эл менен баштайбыз. Тарыхтын чыныгы күбөлөрү ушулар.
Урматтуу окурман! Жалпы адамзаттын тарыхына көңүл бөлсөк, аялзат
катышпаган бир да окуя болуп өткөн эмес. Буга Адам Ата менен Обо эненин өзү күбө.
Бардык окуянын талуу жери аялзат. Эмесе, биз да ал салтты бузбай, баяныбыздын талуу
жерине ошол аялдын бирөөнү кошобуз. Ал – болгондо да, ошол мезгилдеги көчмөн
элдин далайын тамшандырып өткөн аялдардын мырзасы!
...Ала-Тоонун
мөнгүлөрүнөн
куралып,
Борбордук
Азиянын
нечен
өрөөн,
капчыгайын жарып чыккан Сары-Жаз менен Ак-Сай суулары кошулуп, Какшаал
тоолорун өтүп, түзгө чыкканда чоң дарыяга айланып, Тарым өрөөнүнөн Жаркент суусуна
кошулат. Анан аягы барып, Такла-Макан чөлүнө жеткенде кумга сиңип жок болот. Ошол
Какшаал дарыясы жайлап агып калганда, ага Кум-Арык деген кичирээк суу кошулуп,
ушул эки суунун аралыгы «Арал» деп аталат. Азыр ал жерге шаар орногон. Ошол Аралга
кыштап, кээде Марал-Башыга чейин түшүп, жайкысын Сапарбай жайлоосун жайлап
келген нойгут деген эл болгон. Нойгут уруусу негизи кыргыздын Куу уулунан, түбү
илгерки Ороздуга такалып, анын Булганчы деген баласынан ушул нойгут уруусу менен
кошо эштек, тейит, базыс, кыпчактар тарайт. Кийин нойгуттар1 ээн жерге көнүп, башка
туугандарынан улам алыстап отуруп, эч кимге кошулбай, өздөрүнчө күн өткөрүп
калышат. Алардын мындай бейкутчулук шартына илгерки Эреше хандын тукуму, Абд
Рахимдин тун уулу Абдылда хан себеп болду. Ал кээде кыргыздарга таянып, кээде
согушуп, жарашканда Ак-Сууга Куртка бийди, Котонго Сатым бийдин уулу Алдаярга,
Бөгүрдү Черикчи бий, Кашкарды Койсары бийге бийлетип, хандык жүргүздү. Башка
жерлерге салыштырмалуу бул чөлкөм бейкут болуп, Чыгыш Түркстандагы2 кыргыздар өз
оюнча көчүп-конуп, күн өткөрүп жатышты.
Ошол нойгут элинин башында Көгөн деген байы туруп, малын карап жан багып,
жайдыр-кыштыр бейпилдикте күн көрүп жүрөт, бийлик менен иши жок. Байдын жеке
өзүндө миңден ашык жылкы болуп, бирок кыргыз «бири кем дүйнө» дейт –зайыбы эркек
төрөбөйт. Бүбү-бакшыларга көрүнүп, мазарларга сыйынса да даба болбой, кыз артынан
кыз тууп, айласы кеткенде ырым кылып, «кийинкиси жаңылып, эркек болсун» деген ойдо
жетинчи кызынын атын Жаңыл деп коюшат. Тагдырдан айланып өтүүгө адам баласынын
мүнкүнчүлүгү болбойт экен, сегизинчи жолу кыз төрөлгөндө, айласы куруган Көгөн бай
ага Эбирэшим деген эркек ысым бериптир. Байбичеси экөө эркектик мүнөздү ушул
кызынан күтөт. Бирок, ал кызынан мурун туулган Жаңыл бутунан туруп, тушоосу
кесилгенден тартып, жүк бурчуна отуруп куурчак ойнобой, багалектен алышып, балдар
менен күрөшүп жүрүп чоңойду. Он эки-он үч жашында бойго жетет, ошентип бул кызга
тентек мүнөздү кошо ала келиптир, эркекче өстүргөн турмуш. Кийин андай мүнөз аны эр
сыяктуу теске салып түздөп, жашы он бешке жеткенде эл ичинде «мырза» атанат. Ушул
кезде жаа тартып, саадак атуу жагынан анын алдынан эр чыкпады.
Мырза аталып, жанына баатыр жигиттерден жыйнап, катылгандардын катыгын
берип, эриккенде жумалап салбурууңга аттанып баштайт. Бат эле он жетиге толуп,
аялзатына тиешелүү каада-салтка моюн сунбай өткөргөн өмүрү эми аны кара сур, узун
шыйрак, шамдагайлыгы эркектен ашык, кең далы кыз кылып чыгарат. Ал кезде алган
аялың бир жагынан баатыр, экинчи жагынан атагы алыска кетип турса, анан андай кызды
ала турган күйөөгө мындан ашкан мансап жок кез. Жаңыл бойго жеткенден баштап,
Көгөн байдын үйүнө ат тезегин кургатпаган жуучулар тынбай каттап, «сөйкө сала» турган
күйөөлөр күндөн-күнгө көбөйөт. Мансапка көнсө, адамдан түрдүүлөр чыгат, ошо кезде
Котон менен Кашкарда «бек» наамына жетип калган Үлбүрчөк, Бургуй жана Турсун
дегендер; «сөйкө салып, бекер чыгым болбой, өзү даяр кызды чаап алалы» деп келишет.

Азыр алар өзүлөрүн уйгурбуз деп эсептешет.

Кичи Букар деп да атала берет.
Мындай адат кыргыздын канында, алардын жолун тоскон Жаңыл Мырза ошондо
Турсундун өзүн жекеге чакырып, көзүнө эч ким көрүнбөй, тунарып турган немени атматы менен кошо көмөлөтө сайып, талпагын ташка жаят. Ошону менен тийишкендер
токтоду.
Бирок, жаратылыштын жазмышынан эч ким качып кутула элек, ушул окуядан
кийин Жаңыл Мырза да өзүнүн ургаачылыгына баш ийип, эртеңки тагдырын ойлоп, эгер
өзүнө жарашкан кабылан жүрөк баатырлардан бирөө кезиксе, элине чындап калканыч
болуп бере ала турган болсо, анда ошол баатырга барууга бел байлап калат.
Ушул арада Жаманкул баатыр Жаңыл Мырзанын Иленин башы – Үч-Маралга
чейин келип аң уулап жүргөнүн угуп, бул кыздын мырзалыгын да, баатырдыгын да өз
көзү менен көрмөккө, атайлап издеп чыгат. Аны Үч-Маралдан таап, адегенде сынамакка
тозотко отургузуп, өзү аны көздөй кийиктерди шыкап, бир чети аңчылыктын кызыгына
батыптыр. Бир топ күн жүрүп, аркар кууп, кулжа атып, тайгандарга карышкыр, түлкү
алдырышат. Издеп келген максатын да унутпай, Жаңылдын сүйлөгөн сөзү, баскан-турган
кыймылынан кынтык издеп, сыр билгизбей ичинен сынына толтуруп, анын кереметине
ыраазы болот.
Жашы жыйырмадан өтүп бара жатса дагы али турмушка чыга элек Жаңылдын
суналган бою, баскан-турганына курал-жарагы ого бетер көрк берип турган кези. Ал
түгүл аялзатына ылайык келбеген жоокерчилик кыймыл кичине олдоксон көрсөткөнү
менен ат үстүнө отурган шаңына шаң кошуп, жанында жүргөн адамдарды кадимкидей
сүрдөтүп калган учур экен. Мунун баарын кыя кетирбей, сынынан өткөрүп, купулуна
толтуруп, ай өткөрбөй, эл ылдыйлап көчөөр маалда Жаманкул кайра Көгөн байдын
айылына түшөт. Мунун себеби бар экен. Көрсө, ал дагы Жаңыл Мырзаны өзүнөн үч ата
өткөн тууганы – Сарысейиттин экинчи уулу Түлкүгө ылайыктап, ошонун эбин келтире
албай жүрүптүр. Сарысейиттин улуу баласы казак акыны айтып турган Үчүкө эле.
Баяндын башын ушул инсандар баштайт, ошондуктан алардын ата-тегинен
азыраак кабар берели. Сүрүштүрөсөң эле кыргыздын баары бир тууган – анын
сыңарындай, Тагайдынн бир уулу Кылжыр. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөсбакты – эки
уул. Орозбакты улуусу. Кылжырдын өз аты Сарыбагыш. Каада боюнча ата урааны улуу
баласына калат. Бирок атасынын атын чакырып, «сарыбагыш» болуп аталган кичүү уулу
Дөөлөсбакты болду. Дөөлөсбактыдан Манап. Манаптан Сүтөй. Сүтөйдөн Сарысейит.
Орозбактынын бир баласы Мырзакул. Андан Алымсейит, Тынымсейит. Сүтөй
менен Мырзакул балдарынын атын атайлап, ушундай уйкаштырып койгон имиш.
Алымсейиттен Жаманкул, Бапа. «Бугу энеге» байланыштуу бул экөөнүн тукуму кийин
«бугу эли» болуп аталды. Мүйүздүү эне Бапага өз сиңдиси Олуят деген кызды,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Чыгыш же чоң бийлер баяны - 02
  • Parts
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 01
    Total number of words is 3827
    Total number of unique words is 2254
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 02
    Total number of words is 3929
    Total number of unique words is 2246
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.5 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 03
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 2174
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 04
    Total number of words is 3928
    Total number of unique words is 2181
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 05
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2175
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    52.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 06
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2268
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 07
    Total number of words is 3998
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 08
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2305
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    46.9 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 09
    Total number of words is 3885
    Total number of unique words is 2253
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 10
    Total number of words is 3933
    Total number of unique words is 2180
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 11
    Total number of words is 3803
    Total number of unique words is 2163
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 12
    Total number of words is 3848
    Total number of unique words is 2178
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 13
    Total number of words is 3868
    Total number of unique words is 2145
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 14
    Total number of words is 3921
    Total number of unique words is 2181
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 15
    Total number of words is 3940
    Total number of unique words is 2102
    32.2 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    52.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 16
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2184
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    45.2 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 17
    Total number of words is 3235
    Total number of unique words is 1918
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.4 of words are in the 5000 most common words
    54.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.