Latin

Балыкооздун Санжырасы - 1

Total number of words is 3770
Total number of unique words is 2000
26.3 of words are in the 2000 most common words
38.6 of words are in the 5000 most common words
46.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
(Отор хан, же арабдар келгенге чейинки кыргыздардын тарыхы)
Кол жазманы көчүрүп, басууга даярдаган жана түшүндүрмө берген Турганбаев
Элебай
Акылбеков Алымбек жана анын уулу Алымбеков Тургунбектер тарабынан
жазылып калган белгилүү манасчы Балыкооздун санжырасы «Отор хан» 2007-ж. чыккан
«Алымбектин санжырасынын» биринчи бөлүгү болуп саналат. Санжырада негизинен
Самарканд шаарын арабдар басып алганга чейинки (б. з. VIII к. башы) Талас, Фергана
өрөөндөрүндө жашап, Сыр-Дарыянын боюн гүлдөткөн кыргыздар, ишенген дини, башка
огуз уруулары менен болгон карым-катнашы, баштарынан нечендеген кыйынчылык
өткөрүп, бирдиктүү хандык түзгөндүгү жана араб халифатынын пайда болушу тууралуу
кыскача маалыматтар айтылат. Санжыра жомок түрүндө жазылган, бирок анын
каармандары же алар катышкан окуялар тууралуу көптөгөн жазма, документалдуу
материалдарга салыштыруу аркылуу баалуу маалыматтарды алууга болот. Санжыра
атайын тарых илимин окуган адистер менен окуучуларга жана жалпы эле кыргыз
тарыхына кызыккандар үчүн сунуш кылынды.
АЛГЫ СӨЗ
Өз тарыхын билбеген, көңүлүнө бекем сактап, муундан-муунга улантып айтып
келбеген бир дагы улут же эл жок. Болгону кээ биринин тарыхы кыска, кээси узак
убакытты камтыйт. Салыштырмалуу гана анын бизге чейин кандай абалда (жазуу же
оозеки жүзүндө) жетиши маанилүү. Эгер ар бир элдин өз тарыхчылары (оозеки түрдө
айтуучу же жазма) болбогондо, б. а. жалаң эле чет элдик тарыхчыларга таянып окулса,
анда ал элдин тарыхы кандай багытка карай өнүгөөрүн элестетүү кыйын. Ошондой оозеки
тарыхчылардын бири Балыкооз (Бекмурат Кумар уулу) болгон. Манаптан Сүтөй менен
Жарбаң. Сүтөйдөн Сарысейит, Эшим, Тугур. Тугурдан Олжотай. Аягы өтө чоң
болгондуктан ушул киши «чоң чарык» атанат. Олжотайдан Тайлак. Тайлактан Ырайымбек,
Көкүл. Ырайымбектен Чиркей (дагы бир белгилүү манасчы Шапак Ырысмендеев ушул
Чиркей тукумунан). Көкүлдөн Курманбек. Курманбектен Кумар. Кумардан Бекмурат
(Балыкооз). Андан Найманбай.
Балыкооз болжол менен 1805/10–1880/90-жылдары өмүр сүргөн. Өзү жөнүндө саруу
уруусунан Ажыбек бий жана анын баласы Нуракты айтып, «Нурак мени менен катар эле»
(тең эле дегени), солто Канайдын уулдары Бошкой менен Бүтөштү айтып, «жашта болсом,
экөө мени сыйлачу», «иним дечү» деп эскерет. Чалдывар айылынын тургуну Сырдыбаев
Кутуш (Куттуксейит) Сарыбай уулунун маалыматы боюнча Бошкой 1805-ж. туулуп, 1887ж дүйнөдөн кайткан. Нурактын кайсыл жылы туулганы тууралуу азырынча так маалымат
жок, бирок анын дагы Бошкой, Бүтөштөн кичүү экенин тактоого болот.
Жаш кезинен атасынан ажырап, 20 жашка келгенде болгону жаман алачыгы менен
бир төөсү болуптур. Бишкек шарынын тургуну Эсенбаев Келдибектин маалыматы боюнча
ал Манасты мындан да жаш кезинен айта баштаган.
...Анжыянга аттанып,
Көкбелдин белин ашкамын,
Атымды байлап арчага,
Эс алып уктап жаткамын.
Уктап жаткан кезимде,
Катуу дүбүрт угулган.
Кадимкидей чуулган;
Манас, Манас, Манас деп,
Кулагыма угулган.
Ошондо мен ойгонуп,
Көзүмдү ачып карасам,
Таң агарып атыптыр –
Түндөгү көргөн түшүмдүн,
Белгилери бар экен.
Акылым нечен бөлүнүп,
Абайлап туруп карасам,
Чоң-чоң аттын такасы,
Калган экен көрүнүп.
Ошондо үйгө кайткамын,
Ырымымды айткамын.
Калайык калкты чогултуп,
Батасын элден алгамын.
Ошондон кийин мен өзүм,
Манас айтып калгамын!
Бирок ал учурда жалаң эле «Манас» айтып оокат кылуу мүмкүн эмес болчу,
ошондуктан көпчүлүктүн кеңешин угуп, адегенде саруудагы Ажыбек датканын колуна
келет. Ал жөнүндө өмүрүнүн аягына чейин өтө жылуу пикирде болгон. Ажыбектин
колунда жүрүп турмушу оңолуп, келинчектүү да болот. Ошол тушта Байтик баатырдын
аты угула баштап, аны менен жакындашып кетет. Ошону менен Ажыбектен уруксаат
алып, Чүйгө көчөт. Бул убакта ал дасыккан манасчы-ырчыга айланган кези экен. Ошентип
анын Чүйгө келиши менен келечектеги кыргыз тарых-адабияты чоң утушка ээ болду десек
болот. Анткени, ал бул жакка келгенден кийин кат-сабаттуу адамдарга жолугуп, анын
санжырасынын кээ бир жери сакталып калышына себеп болду. Өзүнүн кат-сабаты жок,
бирок куйма кулак, укканын унутпаган киши экени белгилүү. Сөздөрү дагы далилдүү,
кулакка угумдуу, тилге жатык болсо керек. Бир жылдары туугандары чакырып, Чүйдөн
Кочкорго келип, бир нече жыл ушул жакта туруп калат. Төрөгелди баатырдын ырчысы
Айтыкенин даңкы чыгып турган убак экен. Эл экөөнү айтыштырып, сынап көрмөк болот.
Айтыке ошондо Балыкооздун күлү бир жерге додо болбой, көчүп жүргөнүнө басым
кылып келип:
Сен шарият жолун сүйлөйсүң,
Же чаар китеп окуп билбейсиң?
Кудайдын сөзүн сүйлөйсүң,
Же куран окуп билбейсиң? –деп, дагы көп нерселерди айтат.
Анда Балыкооз:
Мен Анжиянга барчумун,
Ар кандай буюм алчумун.
Анжиянда молдо бар.
Мечиттерге кирчүмүн,
Шарият айткан сөздөрдү,
Мен да тындап билчүмүн –деп, Айтыкенин ар бир сөзүнө жооп берип, бул дүйнөдө
көчпөгөн киши болбогонун да айтып:
Көчкөндүн несин кеп кылдың?…
Сары-Арканы кыдырып,
Чоң Илени сыдырып
Алтай деген жеринен
Мангыт-муңгут элинен,
Ногой көчкөн болучу!
Жайлоодогу козум деп,
Жаныш, Бообек досум деп,
Өзүңдүн агаң кечөөкү,
Чоңой көчкөн болучу, –деп, акыры Айтыкени жеңип алат.
Балыкооз кыргыздын оозеки тарыхын баштан-аяк жатка билген. Колубуздагы «Отор хан»
качандыр бир кезде «Манас» эпосу менен түздөн-түз байланышта болуп, анда андан
мурунку окуялар тууралуу айтылат. Тилекке каршы, көлөмү канча экени бизге белгисиз
бойдон калмакчы. Анын бизге толук жетпей калышына негизги себептердин бири диндик
көз караш болгон. Муну Балыкооз өзү: «Толуп турган кезегим. Бир күнү Азирет Аалынын
тукумумун деп, Азизкожо деген эшен келди. Хан Ажыбек, Балык балам, ырдап бер эшенге,
Оторкандан баштап, Манаска чейин деди. Соктуруп, жогорку ырларды айтып, Манаска
келип, Манасты айтып, эшендерди кошо айтып,мурунку ырларды жакшы укпай отурду
эле, кийин мусулман дини киргендеги хандарды айтканымда, абдан кулагын салып укту.
Азизкожо эшен, ырчы, сиз мындан кийин мусулман динине кирбеген хандарды – элдерди
айтып жүрүүчү болбо. Мусулман болгон, ислам дини үчүн урушкан, талашкан хандарды –
элдерди айтсаң чоң соопко каласың. Жаның жанаты болосуң. Мухаммед пайгамбар, Азирет
Аалы шери – кудааны кошуп айтсаң деди. Мурунку бутпарас болгон хандарды, элдерди
айтсаң каапыр болосуң, күнөкөр болуп, жаның тозок болады деди эшен. Ошондон кийин
эле коркуп, коюп калбадымбы» деп эскерет. «...Манасты айтканда түп атасы Ороз бий,
анан Оторкан деп, бирден-бирден чууртуп отуруп, Манаска алып келчү элем». Хан
Ажыбек, «балам Бекмурат, эмкиден кийин, түп атасы Ногой хан деп баштай бер Манасты»
деди. «Куру мурунку, бөлөк динде жүргөн аталарды айтып, күнөкөр болбо, өз жаныңды
кыйнап, мусулман динин талашкан хандарды айта бер, сооп болот турбайбы» деди хан
Ажыбек. Ошондон кийин Манасты түп атабыз Ногой бий деп айта берчү болдум. Төштүк
хан, катагандын хан Кошой, Көкөтөй хан, Бокмурун хан, Койош хан, Жүгөрү хан, Үрбү
хан, Жамгырчы хан, Айдар хан, Көкчө хан, Буудайык хан, Музбурчак хан, хан Шырдак,
кыпчактардын эр Табылды жалгызым, кытайлардын кыл муруттуу Кожомжаш, сен
Сарынжы-мен Бөкөй – ушуларды айтып жүрө бердим. Мурунку хандар, элдер – балам
Алымбек – ири-ири болуп, килең-килең болуп айтылат, шаарлуу-жергелүү болуп айтылат.
Мен аз эле билем. Өткөн замандарда эң кызык, узун болуп айтылчу экен.кыргыздын
Найман хандыгы бузулуп, кайта келгени бар. Ногойдун ханы Ормамбет хан конуш чалып,
кайта Эдилге көчкөнүн айтат.кыргызды өз жерине кондуруп, багыш болгонун, оң-сол
болгонун айтат.
Башы Кызылкыя санташтан,
Аягы бетегелүү Койташтан – ак калпактуу кыргыздан.
Каркыра менен Кегенден,
Үчалматы – Сарытокум, Байгара менен Жамбылдан.
Ысык [көл], Чүй, таластык,
Аксы менен чаткалдык, анжияндык, алайлык.
Адигине, Тагайлык – 30 уул, ичкилик,
Карабагыш, чоң багыш,
Бугу, солто, сарыбагыш,
Жедигер, саяк, акбагыш,
Моңолдор, черик, кыпчагы – оң атанат турбайбы.
Саруу, кытай, мундузу,
Кушчу, төбөй, басызы
Сатыкей, каңлы, тейити – ичкилиги кошулуп,
Сол атанат турбайбы, -деп кошкон. Ошондуктан аны атайы чакыртып алышып, күндөптүндөп угушкан. Удаа айтканда үч күндөн, үч айга чейин созуп айтчу экен. Кийинкилер;
«ноопастай болгон чоң адам, сөзү ширин» экенин эскеришет. Тилекке каршы ал айткан
«Манас» ж. б. чоң жана кенже эпостордун варианттары бизге толук жеткен жок, бирок
кезинде андан бир топ манасчылар таалим алганы белгилүү (мис., Ш. Ырысмендеев, өз
уулу Найманбай). Ыр-жомогунун көбүн кыргыз тарыхы менен тыкыс байланыштырып
айтканын көрүүгө болот.
Ошондой болсо дагы жогоруда жазылып калган Балыкооздун санжырасынын
келечеги дагы алдыда деген ойдобуз.
Кол жазма солто уруусунун манабы Алымбектин өз оозунан угуп жүргөн уулу
Тургунбек тарабынан көчүрүлүп, 1947-ж. Кыргыз ССР ИАсынын кол жазмалар фондусуна
(КЖФ) өткөрүлүп, 1981-ж. ага шарттуу түрдө «Кыргыздардын келип чыгышы» деген
аталуу берилген. Алымбек манап бул санжыраны 10 жашынан тарта Балыкооздун угуп,
жаттап калганын эскертет.
Кыргызда аты элге угулуп, көпчүлүккө белгилүү тарыхчы-адабиятчылардан башка,
азырынча аты жалпыга анча белгисиз нечен-нечен атуулдар чыккан. Албетте, учурунда
алар замандаштарына таанымал болуп, саясий болобу, маданий болобу – коомдук
өнүгүүгө өз алынча салым кошуп келишти. Ошондой, өз заманынын билимдүү
адамдарынын бири Акылбеков Алымбек болгон. Ата-теги боюнча Түлөбердиден Канай.
Андан Бошкой. Бошкойдун биринчи аялынан туулган балдарынын бири Акылбек.
Акылбектен Алымбек, Мамбетсыдык, Маматбек, Мамбетнияз, Ырайымбек. Акылбек дагы
өз заманынын алдыңкы адамдарынын бири, динди бекем туткан ажы болуптур. «Жөө
барып-келдим» дечү экен. Туугандарынын эскерүүсүнө караганда Бошкоев Акылбек
1904–5-ж. каза болгон. Архив маалыматтары боюнча Алымбек 1862-ж. туулган.
Алымбектен Ашымбек (1889-ж. туулган), Тургунбек (өз аты Турганбай, 1891-ж. туулган),
Темирбек (1896), Ниязбек (1899), Асанбек (1902), Кемелбек (1913). Асанбектен Ормон.
Темирбек менен Кемелбегинен бала жок. Ниязбектен Анварбек, Шамил, Рауф.
Анварбекти Темирбек багып чоңойтуп, Асанбек Куйбышев шаарында каза болуптур.
Кемелбек адегенде Жалал-Абаддагы советтик-партиялык мектепте окуп, 1930-ж. аягында
Ташкент шаарында окуп жүргөн жеринен НКВДга кызматка алып кетет. Англис, фарсы
тилин билчү дешет. Кийин КГБнын архивинен изделип, Пятигорскде болгону такталган.
Бирок, СССРдин кулашы менен издөө аягына чыкпай калыптыр. Ашымбектен Азизбек.
Тургунбектен Халил, Жамалбек, Нажип, Зариф, Рафик, Рашид, Адамбек.
Алымбек илим-билимдүү (тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу аны окумуштуу
[магрифат] экенин эскертет), калыс киши болгондуктан бир нече жылы Олуя-Ата уезинин
Талкан болуштугунда болуш (1890–1893), бий (1893–1896) болуп иштеген. Билимдүү
болгону үчүн ал замандагы коомдун өнүгүү процессине туура баа берип; «прогрессив
деген жол бар, адам баласы ошол жолго түшпөй, оңолбойт. Бул фантазиялык жол менен
жүрө берсе деги оңолбойт» деген философиялык бүтүм чыгарган. Көп кишилерге
камкордук кылып, акыл-наасат көрсөткөн киши болгону да айтылат. Албетте, өзүлөрү ал
тууралуу эч нерсе айтышпайт, бирок Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында булар турган
айылдан көптөгөн сабаттуу ишмерлердин чыкканы аркылуу баамдасак болот. Алардын
көбү Алымбектерге тууган-туушкан болушкан. Алар белгилүү коомдук ишмерлер –
Төрөкул Жанузаков (Канайдын Байсейитинин тукуму) жана Жумагулов Алымкул
дегендер. Бир чети Төрөкул Алымбектин кызын алган. Төрөкул менен Алымбектин уулу
Ашымбек ошол кездеги кыргыздын эң алдыңкы интеллигентинен болуп саналган. Алар
жөнүндө казак тарыхчысы А. Махаева өзүнүн «Казак-кыргыз саяси байланыстарынын
тарихы» деген эмгегинде көп ирет эскерет. Мисалы, Бүткүлроссиялык съездге шайлоого
кыргыздардын да даяр турушуна жана аларды эне тилинде гезит чыгарууга чакырган
Төрөкул Жанузаков, Касымбек Галымбеков (татар тилинде ушундай берилген) сыяктуу
кыргыз коомдук ишмерлери «Ак калпактуу кыргызга» деген макаласында: «...Россияга
караган бардык калк 160 миллион болсо, съездге 800 өкүл шайланышы керек экен. Анын
ичинде ак калпактуу кыргыздан – эгер саныбыз эки миллионго жетсе – он өкүл
шайланышы керек. Ферганада 13 болуш, Жетисууда 20 болуш, Сыр-Дарыяда 13 болуш
кыргыз бар. Ташкенге кишиңерди жибергиле, ар болуштан бирден-экиден барса болот.
Карала турган маселе көп.Азыр эң керектүүсү – кыргыз тилиндеги газет чыгаруу. Азыр
казак туугандардын мойнуна минип отурабыз»1 деп белгилешкен.
Уулу Ашымбек дагы убагында болуш болуп, 1916-ж. үркүндө ак желек сайып,
талкан элинин көбүн качырбай токтотуп, аман алып калган экен. Билимдүү болушканы
үчүн 1917-ж. революциядан кийин Алымбектин өзү большевиктер партиясынын Пишпек
окружкомунда Агитпромдун бөлүм башчысы, уулу Ашымбек адегенде партиялык
жооптуу кызматтарда, кийинчерээк ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунда инструктор
болуп иштеген.
Совет (жумушчу) өкмөтү билимдүү, таасирлүү, алдыңкы адамдардан катуу
чочуганы жашыруун эмес. Алымбек дагы ошондой кишилердин бири болгондуктан,
тегерегиндегилери андан биринчи кезекте кутулуунун камын көрүшүп, анын жолун
издешкен. Бул жөнүндө жогору жактагы партиялык органдарга Чүй кантонундагы
Калинин болуштугунун Талкан айылында 2 манап – Акылбеков Алымбек жана
Алымбеков Ашымбек экенин (Алымбеков Гашимбек, Касимбек тууралуу 20-к. башында
жарыкка чыккан жергиликтүү гезит-журналдардан көп маалыматтарды табууга болот),
алар өз айлында өтө таасирлүү болгонун, Абдыкерим Сыдыковго (аталаш туугандар –
Бошкойдон Өзүбек, андан Сыдык) жан тартканын, башка туугандары менен бирге 740
кой, 230 жылкы, 88 ири мүйүздүү малдын ээси болушканы тууралуу чагымдар түшүп
турган. Совет өкмөтүнө мындан артык шылтоонун кереги жок эле. Ошону менен 1927-ж.
13-мартта Кыргыз ССРинин ОГПУсу тарабынан «мыйзамсыз Кеңешке кайра шайлоого
жана киши өлтүрүүгө катышкан» деген жалаа жабылып, 1927-ж. 29-июлдагы ОГПУнун
Қазақ-қырғыз саяси байланыстарының тарихы (ХVІІІ ғасырдың екінші жартысы – ХХ
ғасырдың бас кезі). А., 2007. 302-303-б.
Коллегиясынын Өзгөчө Кеңешинин (!) токтому менен 3 жылга кесилип (? киши өлтүргөн
адам 3 жылга кесилген), адегенде Казакстандын Урал губерниясынын Бөкөй уезине
айдалган.
Мөөнөтү аяктаганда ага Казакстан жана Орто Азиянын 6 пунктунда турууга тыюу
салынып, башка, каалаган жер таңдап алып, жашоого «эркиндик» берилип, акырында ал
киши аргасыз Россиянын Пенза ш. турууга уруксаат алат. 1930-жылдары Орда шаарында
кайтыш болуп, сөөгүн уулу Ашымбек барып, көөмп келген. 1989-ж. 16-январдагы СССР
Жогорку Советинин Президимунун Указынын негизинде 1-ноябрь 1991-ж. Кыргыз
Республикасынын Прокурорунун корутундусу менен акталууга жаткан.
Эми Балыкооздун санжырасын атасы Алымбектен угуп жүрүп, эсине алып калган
жалгыз Тургунбек (Турганбай) болсо керек. Бирок, өз сөзүнө караганда анын Жамалбек
деген уулу өтө зээндүү болгону айтылат, ошондуктан чоң атасы Алымбек Балыкооздун
сөздөрүн жазып калууну адегенде Тургунбектин ушул уулуна тапшырган. Тургунбек;
«Жамалбек деген балама окуп жүргөндө айтчу эле, балам, окуп жүрөсүң, ушуну жазып
китеп кыл, боштончулук заманга, кандай сөзгө болсо да дечү эле» деп эскерген. Бирок ал
небереси Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандан кийин, аны кагаз бетине өзү
түшүрүүгө аргасыз болгон.
Кыргыздын өткөн тарыхын изилдөөдө мындай оозеки тарых дагы өз ордун сөзсүз
табууга тийиш. Мисалы, кыргыздын мындай санжыралары менен жакындан тааныш болсо
«түрктөрдүн тарыхына тиешелүү жазма маалыматтардын басымдуу бөлүгү түрк тилинде
жазылбаганын»1 жана «б. з. ч. 201-жылдагы окуяларды (хунндардын падышасы
Маодундун кыргыздардын жерин басып алышы – Т. Э.) камтыган маалыматта кыргыздар
жашаган аймак, ошондой эле алардын кай жерде жайгашканы тууралуу эч нерсе
айтылбаганын»2, «кыргыздар азыркы жашаган жеринде алгач XVI кылымда эскерилгенин,
бирок алардын бул жерге кантип, качан келиши тууралуу маалыматтарды көрүүгө мүмкүн
эместигин»3, «кыргыздардын эсинде Ферганадан ушул аймактарга келген учурлар гана
калганын; бул жүрүш эски журтуна кайтышы экенин же андан мурун дагы ушундай жер
которуулар болгон-болбогонун элдин өзү такыр унутканын жана Фергананы өз мекени
деп эсептеп калышканын»4 белгилеген В. В. Бартольд башка бир жыйынтык чыгарууга
аргасыз болмок.
Түздөн-түз санжырага кайрылсак ал жомок түрүндө жазылган. Албетте, мурунку
санжырачылардын даремети чакталуу болгондуктан алар тарыхты мындан артык жөнгө
сала алышмак эмес. Буга негизинен маалыматтардын жетишсиздиги таасир берет. Башка
бир кемчилиги – аталган санжыра Кыргыз УИАсынын кол жазма фондусуна өткөрүлгөн
боюнча сакталган эмес. Кээ бир дептерлер ордунда жок. Биринчиси 25-беттен башталат.
Мунун толук вариантын акыркы жолу санжыра изилдөөчү С. Закиров пайдаланыптыр.
Мисалы, Балыкооздун санжырасыбы же башкадан алганы белгисиз; «...көп өтпөй Эдил,
Нурадагы ногойлордон Эңеше бойлуу Эр Эшим деген чыгып, казак, кыргызга келет. Ал
хандын тукуму экен – аны казак, кыргыз хан шайлап алышат. Ошондо Эр Эшим кеңешип
иш кылалык деп Сырдын боюна Ташкенден төмөн, Көкдөбө деген жерде кеңешме
чакырат: Ал кеңешме солтодон Чаа, сарыбагыштан Сарысейит, саяктан Түгөл, Түнгатар,
багыштан Көкүм, Саруудан Төңтөрүк, Боркемик, кушчудан Кайназар, кытайдан Кангелди
барган. Эр Эшим эски салтты кайра козгоп, Оторхан, Бараккандардын (атайы
белгиледик) заң-законун калыбына келтирет. Ошондон улам «Эр Эшимдин эски эрежеси»
деген лакап калат. Эр Эшим казак, кыргыздарды баштап Орто Азияны отор кылып алган
Бартольд В. В. Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. /Собр.
Соч. М., 1968. Т. V. С. 19.
Бартольд В. В. Работы по Средней Азии. /Собр. Соч. М., 1963. Т. II. Ч. 1. С. 476.
Бартольд В. В. Работы по Средней Азии. /Собр. Соч. М., 1963. Т. II. Ч. 1. С. 509-510.
Бартольд В. В. Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. /Собр.
Соч. М., 1968. Т. V. С. 221.
калмактарды талкалап кирет. Ал «а» дегенде эле Ташкендеги калмактарды кубалап чыгат.
Ташкен ал кезде он эки капкалуу чоң шаар экен. Алты капкасын казактарга, алты
капкасын кыргыздарга берип, өзүңөр шаарга хан шайлап алгыла дейт. Казактар Улуу
жүздөн чыккан Чанчкулунун кара Байтиги дегенди хан коёт. Кыргыздар акылдашып
отуруп, багыштын Көкүмүн хан шайлашат»1. Демек, бул жомок кыргыз тарыхын баштанаяк камтып, ордунда жок дептерде сөз болжолу ушул окуялар ж. б. арабдар басып
киргенден мурунку огуз уруулары ирандыктардын (документте ерен) кол алдында калган
учурлары жөнүндө жүрүшү мүмкүн деген ой жаралат. Ошондуктан, таанышып жаткан
кишиге түшүнүктүү болсун үчүн баш жагы эскертүү менен Алымбеков Тургунбек жазган
башка дептер (№10 иш) аркылуу толукталды (негизинен аталган дептерлер бир эле
окуяны –арабдар келгенге чейинки кыргыздын тарыхы, Отор хандын [көп жеринде «кан»
деп берилген] эмне себептен айтылып калганын түшүндүрүп жатып, Балыкоозду
эскергенде Байтиктин баянына өтүп кеткендиктен, аны иретке келтирген илимий
кызматкерлер ушул себептен гана бул дептерге башка иш № берип койгон түрү бар).
Эл оозунда сакталып калган оозеки тарыхтын түпкү дареги качандыр бир кезде бир
болгон бир окуянын негизинде жаралганы ачык байкалат. Анча-мынча гана өзгөрүүлөр
болбосо, кийин-кийин ар уруулар аны өздөрүнө энчилеп, акырындап өз тарыхына менчик
кылып карап калышты. Ошондуктан, азыркы мезгилге чейин бул маселе боюнча
бирдиктүү көз караштын жоктугу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай көрүнүш акыркы
кездерде өзгөчө күч алып, ар уруудан чыккан кээ бир азыркы тарыхчылар өз уруусун эң
байыркы элдин башаты катары көрсөтүүгө аракет кылып киришти. Мисалга, алыс барбай
эле өзүбүздү жана айланабыздагы кошуна элди алалы. Анда кыргыздар үчүн бардык
элдин (ал эмес англис, немец, америкалык индеец, япондордун) түпкү теги кыргыз (ал
түгүл майда уруулар – асыктар үчүн асык, катагандар үчүн катаган, төбөйлөр үчүн төбөй
ж. б.), кыпчактар үчүн кыпчак, уйгурлар үчүн уйгур, өзбектер үчүн өзбек болуп чыгат.
Бул жөнүндө көптөгөн тарыхтар жазылып, бир-бирине карама-каршы бир нече көз
караштар сунушталып келет. Бирок, мурунку В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Н. А.
Аристов, С. М. Абрамзон ж. б., кийинкилерден К. К. Петров, Ө. Караев, Ю. С. Худяков
сыяктуу окумуштуулардын изилдөөлөрүн айтпайлы, кыргыз тарыхына кызыккандар
эмнегедир байыркы жана орто кылымдан калган жазма (мис., кытай жана араб-перс)
маалыматтарды бир-бирине салыштырып, тактоого маани бербей калды. Бул маселе
азыркы учурда өтө курч мүнөзгө айланып кетти, псевдотарыхчылар жазган дилетант
тарыхты («фольк хистория»)2 териштирүү үчүн өтө көлөмдүү китептерди жазууга болот.
Эми кыргыз тарых илиминин накта өнүгүү мезгилине карасак, анда ал жалпысынан үч
этапка бөлүнөөрүн көрөбүз. 1) өз алдынча, же таза өнүгүүсү; буга негизинен бардык
манасчылар жана кээ бир санжырачылар (мис., Балыкооз, Бала Айылчы, Акылбеков
Алымбек, Осмонаалы Кыдык уулу) кирет. Кээ бир объективдүү жана субъективдүү
себептерге байланыштуу аталган санжырачылар менен манасчыларга перс, чагатай, орус
ж. б. тилдүү окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн таасири тийген эмес. Территориялык жагынан
бул мезгил негизинен Ала-Тоо жана Алтайга гана байланышып эскерилет;
Улук-улук, улук тоо – аккан суусу тунук тоо,
Ошол тоону жердеген, ойон кыргыз болсун суу.
Ысык-Көл башы Каракол, күн чыгышы Нарынкол.
Ушул тоого орногон, кыргыз журту оң менен сол.
Агып жаткан Нарынкол, көргөндөргө дайын жол,
Музарт бели улук тоо, байыркыдан калган шол.
Түш жагында Кара-Тоо, түн жагында Ала-Тоо.
Дүйнө жүзү суктанган, түрк ордосу улуу тоо.
Оң чекеде чоң Алтай, айагында Гималай,
Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996. 89–90-б.
Кара; Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. Б., 2010. С. 6-7.
Капталында Сарыкол, кайкып жаткан кең Алай,
Алтышаар, Түркстан, Тарбагатай оң түштүк,
Түн багытың Сары-Арка, түш тарабың Хиндустан,
Бир тумшугуң Ала-Тоо, Ташкен, Талас, Кара тоо,
Иле, Чүйдү талашкан, илгертеден далай жоо1.
Бул жагынан алардан калган маалыматтар кыргыз тарыхы үчүн абдан маанилүү
бойдон калмакчы.
2) Орус тилдүү тарыхчылардын (өзгөчө Г. Ф. Миллер, И. Э. Фишер, В. В. Бартольд, Ч.
Ч. Валиханов) таасири тийиши. Буга тарыхчы Б. Солтоноев, санжырачылар Тоголок
Молдо, Талып молдо; кийинки муундагы тарыхчылардан А. Н. Бернштам, К. И. Петров,
С. Г. Кляшторный, А. М. Мокеев, В. П. Мокрынин сыяктуу окумуштуулар кирет. Аталган
тарыхчылар менен санжырачылар негизинен жогорудагы окумуштуулардын көз карашын
улантып, аны бекемдеп келишет, бирок бул тарыхчылардын көз карашы бир кылка эмес.
Эволюциялык мүнөзгө ээ болуп, улам жаңы теориялар менен толукталып жатат.
Территориялык жактан бул этап негизинен Түштүк Сибирге (Алтай, Кыргыз-нор көлү,
Иртыш-Енисей өзөндөрүнүн аралыгы, Минуса ойдуңу ж. б.) байланышкан. Бирок, бул
жерден Ч. Ч. Валихановдун кыргыздар Енисейден келген деген көз карашка күмөн
санаганын эске албай коюуга болбойт: «...элдин өзү андан тап-такыр баш тартса, көчүп
келишин билбесе, эстеринде калбаса жана өзүлөрүнүн мекенин бир ооздон Анжиян
тоолору деп эсептешсе, айласыз кыргыздарды анжияндыкпы дегиң келет. Чынында эле
тоолук (түп нускада «дикокаменные») кыргыздар азыркы жеринде, б. а. Кашкар
тоолорунан Анжиянга чейин эчактан бери жашап келишкен» дейт2.
3) Мусулман (араб, перс, чагатай), кытай жазма маалыматтарынын кененирээк
которулуп, колдонушу жана археологиялык казуулардын жаңы жыйынтыктары менен
кошо кыргыз этносунун нукура өзгөчөлүктөрүнө көңүл бөлүү: Буга тарыхчылардан Ө.
Караев, С. М. Абрамзон, Ю. С. Худяков; санжырачылардан Үсөйүн ажыны атоого болот.
Булар территориялык жактан көбүнчө Тянь-Шандын чыгышы, же Чыгыш Түркстанга
басым жасашкан. Ал эми акыркы мезгилде жүргүзүлгөн көптөгөн көз карандысыз
археологиялык изилдөөлөр мурун чыккан жыйынтыктарды тап-такыр жокко чыгарып
жатат. Мисалы, «А. Н. Бернштам сунуштаган IX к. Тянь-Шандагы аты менен кошо
көмүлгөн сөөк кыргыздарга эмес, түрк тилдүү башка этноско тийиштүү. Андай
каталыктардын кетишине С. В. Киселев, Л. А. Евтюхова жана В. П. Левашовалардын
кыргыздардын аты менен кошо көмүүгө өткөн версиясы себеп болгон. Ал азыр башкача
каралат»3. Бул жерден С. В. Киселёвдун эч кандай түшүндүрмө бербестен Л. А.
Евтюхованын «VII-VIII кылымдар» деген сөзүн бир кылымга жылдырып, «VI-VIII к.» деп
коюшун дагы белгилей кетүүгө туура келет4.
Ал эми Н. А. Аристовдун эмгегинде5 башка маалыматтар аркылуу колубуздагы
Балыкооздун санжырасы бекемделет, болгону бул тарыхчы өз көз карашын так кесе айта
алган эмес. Эгер ал окумуштуу Балыкооздун өзүнөн маалымат алып калганда, кыргыз
тарыхына байланышкан көптөгөн карама-каршы пикирлер өзүнөн-өзү жок болмок эле
демекчибиз. Албетте, аталган жана аталбаган санжырачы, тарыхчы-окумуштуулардын
(тарыхка ышкыбоздорду буларга кошо албайбыз) эмгектери кыргыз тарыхын окупүйрөнүүдө анын ажырагыс бөлүгү болуп саналып, өз алдынча караганда да кандайдыр бир
деңгээлде сөзсүз чоң салым кошуп келгенин танууга болбойт. Ошондой болсо да тарых
КР УИА КЖФ Инв. № 808. 123-б.
Валиханов Ч. Ч. Записки о киргизах. //Собр. Соч. в пяти томах. А.-А., 1985. Т. II. С. 51,
55, 57, 59.
Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000. С. 137–145.
Азбелев П. П. Общество и государство енисейских кыргызов в VII-VIII вв. //Вестник
СПбГУ. 2009. Сер. 12. Вып. 4. С. 85, прим. 8.
Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.
илими эч качан бир жерге токтоп калбайт, изилденип бүтө элек жана изилдөөгө алына
элек дагы көп нерселер бар. Алардын ичинен жогорудагы биринчи этаптагы мезгилге
тиешелүү «Манас» эпосу өзгөчө орун ээлейт. Биздин гана эмес, дүйнөлүк тарых үчүн да
мааниси зор. Эмне дегенде, ал кыргыз эле эмес жалпы Орто Азия элдеринин тарыхынын
узак мезгили жана салт-санаасы, этнографиялык өзгөчөлүктөрү ушул эпосто камтылып,
окуп-үйрөнүүдө да анын ажырагыз бөлүгү болуп эсептелет.
Тарых илиминин милдети болсо ошол элде айтылган тарыхты башка маалыматтарда
сакталып калган кыйыр жана түз факты, далилдерге салыштырып изилдеп, тактап, бир
жыйынтык чыгаруу болуп саналат. Ошондой маанилүү маселелердин бирине кыргыз
элинин чыгышы, калыптанышы жана өнүгүү (генезис) маселелери кирет. Анткени, ал
маселе жалгыз гана кыргыз элин эмес – территориялык жактан бүтүндөй Борбордук Азия
менен Сибирдин түштүк, түштүк-батышын кучагына толук камтып, бир нече улут,
өлкөлөрдүн тарыхына тийешелүү маселеге айланган.
Бирок, кошумча материал-маалыматтарсыз кыргыз тарыхын «Манас» эпосун толук
түрдө изилдеп чыгуу мүмкүн эмес. Мисалы, «Манас» эпосун изилдөөгө алышкан
окумуштуулар да (Э. Абдылдаев, И. Молдобаев ж. б.) кыргыздардын адегенде Алтайга
сүрүлүшүн, жана андан кайра өз жерине көчүшүн, же болбосо эмне үчүн Манас «байыркы
жери» – Енисей эмес, баса белгилейли, тескерисинче батышка – Иле бою, Каркыра, ЫсыкКөл, Соң-Көл, Ат-Башы, Тогуз-Торо, ж. б. сыяктуу канча деген белгилүү, кооз жерлердин
ичинен жалгыз гана Таласка көчүп келди деген суроого жооп таба алышпайт. Мисал
келтирсек, «...ата-бабасынын жери Анжыян, Алайга көчө турган болот. Айдаркан
баштаган казактар Каркыра аркылуу Жылдызга карап, Сарыаркага көчүшөт. Үрбү
баштаган кыпчактар Баркөл, Керкөлдү басып, Чүйдүн башы Кеминге келет. Кошойдун
кеңеши боюнча Манас Таласка келип конот». Эпосто кандайдыр бир кыйын абал болсун,
элдин үмүт-тилеги, ой-пикири эргүү менен даңазаланган өзгөчө ажайып кооз жер
кыргыздардын өлкөсү – Таласты сөзсүз түрдө киндик каны тамган жер деп айтылат.
Ошондуктан «Алтайда туулган Манас элин баштап Таласка келет. Атасы Манас, жери
Талас экенин билген Семетей да Букардан кайтат... »1. Бардык маселенин түйүнү ушул
жерде. Андыктан, кыргыз элинин калыптанып, түзүлүшү канча изилдөөгө алынса дагы
(тескерисинче, изилденбесе деле), жөнөкөй логика аркылуу бул суроого акыры бир күнү
жооп берүүгө туура келет. Колубуздагы Балыкооздун санжырасы азыраак болсо дагы
ушул сыяктуу суроолорго жооп бере алат.
Көңүл бура турган дагы бир нерсе, байыркы кыргыздар кайсыл тилде сүйлөгөнү бизге
али белгисиз2 болсо дагы, В. В. Бартольддун «енисей» теориясы менен таанышкандан
кийин кыргыз тарыхында Енисейди «Ээнсай», «Эне-Сай»3, Минуса (Минусинск) ойдуңун
«Миң-Өзөн»4 (же «Мөңгү-Суу») деп бурмаланган (лингвофрикалык метод) аталышты
колдонуу адатка айланып, орто кылымдагы түрктөр дарыяны (суу, өзөн) «арык» же «укуз»
деши5 эске алынбай калды. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө «сай» – таштак жер6, б. а.
азыркы учурда деле муз доору же селден кийин пайда болгон байыркы суулардын нугун
«сай» деп аташат. Мисалы, Кочкор өрөөнүндөгү байыркы руна жазуусу сакталып калган
жердин аты «Көк-Сай» болгону менен ал жерде эч кандай суу акпайт. Енисей-Орхондон
табылган руна жазууларында (VIII к.) дагы дарыя-суулар «окуз» («укуз») түрүндө кезигет.
кара: Манас энциклопедиясы. Б., 1995. 31-б.
Бартольд В. В. Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. /Соч.
М., , 1968. Т. V. C. 214.
Молдобаев И. Б. Эпос «Манас» как источник по истории государственности кыргызов.
Б., 2004. С. 24; Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас, салт. /Түз. К. Жусупов. Б., 1991. 8-б.
Кыргыз Тарыхы. //Энциклопедия. Б., 2003.
Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балыкооздун Санжырасы - 2
  • Parts
  • Балыкооздун Санжырасы - 1
    Total number of words is 3770
    Total number of unique words is 2000
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.6 of words are in the 5000 most common words
    46.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 2
    Total number of words is 3788
    Total number of unique words is 1926
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.8 of words are in the 5000 most common words
    41.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 3
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1971
    26.5 of words are in the 2000 most common words
    37.8 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 4
    Total number of words is 4095
    Total number of unique words is 1893
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    47.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 5
    Total number of words is 4085
    Total number of unique words is 1845
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 6
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 1748
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 7
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 1880
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 8
    Total number of words is 3890
    Total number of unique words is 1882
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 9
    Total number of words is 3895
    Total number of unique words is 1793
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    35.1 of words are in the 5000 most common words
    41.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балыкооздун Санжырасы - 10
    Total number of words is 3303
    Total number of unique words is 1564
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    37.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.