Latin

Ата Конуш - 1

Total number of words is 4151
Total number of unique words is 2054
31.1 of words are in the 2000 most common words
42.5 of words are in the 5000 most common words
48.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
23.11.2010
2010 жылы 7 апрель окуясында каза болгон баатырлардын жаркын элесине арналат.
Ата Конуш
Айлананы боз туман каптап, күндүн көзү көрүнбөй, жамгыр себелеп жатты. Айылдын четинде жолдун
бетиндеги көрүстөн тарапта бир караан кичинекей эстелик таштын маңдайында катып калган сымал
олтурду. Бул караан жашы кырк бештерди чамалап калган Айжамалдын карааны эле.
Өңү өчүп бараткан эски жоолугунун астынан саамай чачтары куудай болуп мезгилинен эрте агарган,
көзүнүн алдын, беттерин бырыш баскан, чүкөдөй болуп бүрүшүп отурган бул аялды көргөндөр 45 жашта
деп айтпастыр.
Ал калтыраган арык колдору менен эстелик бетиндеги жазууну кудум наристе баланы киринткендей болуп
эң бир аяр, эң бир кылдат сылагылап жатты. Эстелик бетинде болсо: “Азат уулу Эгемен
31 август 1991ж.
7 апрель 2010ж.” – деген жазуулар бастырылган эле.
Ушул тапта Айжамал денени ичиркенткен жаздын суугун дагы, себелеп төгүп жаткан жамгырды да
сезбестен, эриндери алсыз ачылып өз алдынча бир нерселерди айтып күбүрөнгөндөй болду. Ким билет,
ушул тапта бозоргон боз бейиттин жанында туруп, жандай көргөн уулунун кайсы кыял-жоругун эстеп
жатты болду экен?
Көзүнөн аккан тамчы жаштар жаандын майда тамчыларына аралаш жерге сиңип жок болуп жатты. Он
гүлүнүн бири ачыла электе ок жеп, ойрон болгон уулу Эгемендин жаркылдаган элеси көз алдына тартылып,
эненин оюу алда-кайда чабыттап, өткөн өмүрү көз алдына тартылды.
***
Райондун борборундагы аянтка эл жык толуп, көчөлөр кызыл-тазыл желектер менен кооздолуп , шаңдуу ыркүүлөр чыгып, чоң майрамдык салтанат өтүп жатты. Жайдын акыркы күнү болсо да күн мемиреп тийип
аянттагы элге мээрим төгүп жаткандай сезилет. Колуна гүл көтөргөн окуучулар, жарашыктуу кийинген
улан-кыздар, ак элечек кийген апалар, ак калпакчан аталар бул майрамдын көркүнө көрк кошуп тургансыйт.
Баардыгынын жүзүндө кубаныч, бул күндөн алар көп жакшылыктарды күтүп жаткансыйт. Ушул калың
элдин ичинде ай-күнүнө жетип турган кош бойлуу Айжамал жубайы Азат экөө да бар эле.
Ооба, ошол күнү Айжамалдан өткөн бактылуу киши болбогондур. “Дүйнөдөгү эң сулуу аял – бул кош
бойлуу аял,” – деп бекеринен айтылбаса керек. Көкүрөктүн астынан ылдый кенен кылып тигилген кочкул
кызыл көйнөгү ансыз да ажарлуу Айжамалдын келбетине жарашып, көргөн жанды суктандырып турду.
- Айжамал, карасаң биздин наристебиз жарык дүйнөгө чыгам деп жатабы, ичиңден төмпөйүп билинип атат.
Кабатырланып, өзүнө жалооруй тиктеп турган Азаттын үнүн угуп, ичинен бүлк- бүлк этип кыймылдап аткан
наристенин демин сезип Айжамал күйөсүнө эркелей үн катты:
- А эгерде мен бүгүн төрөп калсам, атын “Майрамбек” же “Майрамкүл” коёбузбу?
Азат бир саамга ойлоно түштү.
- Жок, “Майрамбек” же “Майрамкүл” дегидей бул жөн эле майрам эмес, өзгөчө майрам, элибиздин
эгемендүүлүгүнүн майрамы болуп атпайбы. Ошон үчүн, эгер эркек төрөсөң “Эгемен”, кыз төрөсөң
“Эркинай” коёлу.
- Эгемен дейсиңби?
Айжамалга биринчи бул ат өөн угулуп каткырып жиберди да кайра күлкүсүн тык токтотту.
- Чын эле жакшы ат болчудай. Андан көрө аман-эсен төрөсөм экен.
Ал күнү экөө аянтта майрамдык салтанатты көрүп, көпкө колтукташкан бойдон басып жүрүштү.
Күндүн нурлары кызарып батып, уясына жашынаар мезгилде чындап эле Айжамалдын толгоосу башталып,
ошол күнү алар уулдуу болушту.
- Мамашалар, балдарыңарды эмизгиле, - деген үндөн Айжамал ойгонуп кетти. Маңдайында бала көтөргөн
ак халатчан сүйкүмдүү кыз күлүп турган экен. Кичинекей ымыркайды колуна алып жатып, тулку-бою
көлкүлдөп эрип жаткандай болуп, алгачкы жолу энелик мээримди, энелик сезимди туйду. Кызыл эт
наристесинин жытын жыттап, бооруна кысып –
- Кичинекей Эгеменим, менин! Элдик уул болсоң экен деп жаш эне жалбарып жатты баласына. “Карасаң,
кабагы, кашы, мурду да кырдачынан келип как эле Азаттын өзүнө окшош болчудай,” – деп Айжамал ичинен
ыраазы болуп, уулунун кебетесин күйөсүнө окшоштуруп, аман-эсен эки колун бооруна алганына жетине
албай сүйүнүп жатты.
Арадан бир жума өттү. Кайнежеси Бермет менен Азат экөө келип Айжамалды төрөт үйүнөн чыгарып
келишти.
- Кана, уулумду эми жакындан көрөйүнчү, терезеден эле көрүп кетип аттым эле – деп баланы көргөнчө
шашты Азат. Түшүрүп жиберчүдөй болуп, бек кучактап, бир баласын карап, бир ушул баланы тогуз ай
көтөрүп толгонуп жүрүп төрөп берген жубайына карап, көңүлү куунак болуп, маңдайы жарыла кубанганын
жашыра албады.
- Ушу сенин ушинтип уулдуу болгонуңду көрбөй, же үйлөнгөнүңдү көрбөй апам менен атам биринин
артынан бири кете бербедиби. Ушундай жакшылыкты көрүп, бапырап жентек берип маңдайыбызда отурса
эмне? Небересин колуна алып, өздөрү ат коюп, эмне деген кубанычка батат эле? Жок дегенде экөөнүн бирөө
болсочу?
Бермет өксүп ыйлап жиберди. Азат эжесин кучактап, бооруна кысты.
- Ыйлабачы эже, экөөбүз ыйлап бүттүк го. Мындан аркы жашообузда жакшылык болсунчу деп тилейличи.
Андан көрө, кошуна-колоңдорду чакырып, Меккеге барып келген Акмат ажыга азан чакыртып атын
койдуралы. Кандай дейсиң? Менин таянарым жалгыз өзүңсүң, анан сен минтип бырылдап ыйласаң эмне
болот?
- Бир чети кубанып, бир чети эреркеп кеттим окшойт. Мен конок камын көрөйүн. Ыйлагандан пайда жок, –
деп чыйрала түштү Бермет.
Арыдан-бери мурдатан алып койгон азык-түлүктөрүн алып чыгып, ак дасторконду жайып, бат эле
дасторкондун үстү дүр-дүйүмгө толуп чыкты. Келген эл, анын ичинде Акмат ажы балага батасын берди:
- Негизи мусулманчылыкта балага жети күнгө чейин азан чакырылып ат койулат, бүгүн туура эле жети күн
болуптур, “жетинин бири кыдыр” дейт, ушул келген элдин батасы тийип, Эгемен элдик уул болсун.
Ыймандуу, намыскөй, ата-энесине кайрымдуу бала болсун. Оомиин!
Баары жапырт алакан жайып, балага ак тилек каалоолорун айтып келген коноктор да тарады.
***
Күндөр-күнгө алмашылып, убакыт учкан куштай зымырап өтүп жатты. Баланы оорутпай чоңойтсом экен,
мынакей үн чыгарып күлүп калды, мына эми отуруп калды, “кас” туруп калды, деп бала менен ушаланып
жүрүп Айжамал бир жылдын кандай болуп өтүп кеткенин да сезбеди.
- Айжамал, батыраак келчи! – деп кыйкырган Азаттын үнүн угуп Айжамал жасап жаткан тамагын таштай
салып, күйөөсү телевизор көрүп отурган бөлмөгө кирсе, уулу Эгемен өз алдынча акырын там-туң этип
кадам шилтеп аткан экен. Ага удаалаш эле телевизордон да диктор: - “Биздин мамлекетибиз бүгүн
Эгемендүүлүгүнүн бир жылдыгын салтанаттуу майрамдап, бир жашка толгон баладай кас-кас туруп,
эртеңки келечекке ишенимдүү кадам таштайт деген ишеничтебиз!” – деген сөздөрдү айтып Кыргыз элин
майрамы менен куттуктап жатты.
Беш –алты кадам шилтеп анан жыгылчудай болуп бойун токтотуп туруп калган Эгеменди Азат көтөрө
калды да: “Айжамал, тамагын быштыбы? Балам экөөбүздүн курсагыбыз ачты, сен бүгүн бизге деги тамак
бересиңби?” – деп тамашалады.
- Уулубуз бирге чыгып атса, анын үстүнө бүгүн майрам күнү болсо, мен деле кантейин, өзгөчө дасторкон
даярдасам деген эле аракет да, - деп Айжамал күйөөсүнө күлүмсүрөй карады.
- Оо, кудай буйурса, Эгеменибиз бүгүн кадам шилтеди, билинбей эле бир жыл өттү, анан билинбей эле
чоңойуп мектепке барат, анан аскерге барып, чоң жигит болот, анан кыздырдын баары биздин Эгемендин
артынан чуркашат го, сен менин артыман чуркагандай болуп? – Азат аялына тийише сүйлөдү.
- Ооба, сен чуркабай элеби?!
Экөө бир-бирин тамашалашып күлүп жатышып кошунасы Жыпардын кирип келгенин да байкашкан жок.
- Аа ий, ай качан көрсөм эле каткырып күлүп, бир-бириңди жаңы көргөндөй болуп аябай эле ынаксыңар да.
“Казан-аяк деле кагышат” дейт, деги экөөңөр кээде үй-бүлөчө урушкан күнүңөр болобу.
- Келиңиз, келиңиз. Жыпар эже майрамыңыз менен! Ырас келбедиңизби, менин да тамагым даяр болуп
калды, чогу биз менен тамактанып кетиңиз. Келдибек байке үйдөбү, чакырып келе коёюн, - деп Айжамал
тура жөнөдү.
- Келдибек кара жерге кирсин, таң атпай эле мас болуп алган, жатат үйдө. Эртеден бери чатак салып атып,
аны эптеп араң уктаттык. Анан кичине алаксыйынчы деп силер жакка бастым.
Жыпар өз арманын айтып, албууттана сүйлөп жатты. Дасторкон үстүндө отуруп, ал Азат менен
Айжамалдын ынтымактуу жашап жатканына сыртынан билгизбеген менен ичинен көз артып турду.
“Карасаң, мунун күйөөсү ичимдикти оозуна албайт, ата-энесинен калган бирин-экин малды улаштырып,
көбөйткөндүн аракетин жасап атат. Чоң окууну бүтпөсө да устачылык кылганды билет. Айжамал да өз
оокатына тың, үй-жайын таза кармап, маңдайы жарык келин. Түшкө чейин эле майрамдык дасторкон жасап
жиберген тура,” – деген ойлор келип жатты да, эсине бир нерсе келе калгандай болуп: “Ии баса, 31-август
силердин уулдун да туулган күнү эмес беле. Эсиңе жара чыккырдыкы десе, таптакыр унутуп койуптурмун.
Кичинекей болсо да оюнчук көтөрүп келсем жакшы болбойт беле,” – деп Жыпар өзүн ыңгайсыз сезип кетти.
- Эчтеке эмес, эже, бүгүн туулган күнүн өзүбүзчө эле белгилейли деп чечтик. Бүгүн уулубуз туура бирге
чыгып атат. Кудай буйурса бир жумадан кийин 7-сентябрда тушоо той берсекпи деп атабыз. Төрөлгөндө да
аты азан чакырылып, 7-сентябрда койулган. “7” деген сан биздин балабыз үчүн бактылуу сан болсун деп,
кичине төлгө кылып атабыз. Биротоло тушоо тойдо эле алып бериңиз оюнчукту, - деп Азат астында отурган
Эгемендин бетинен өөп жетине албай турду. Быйтыйган колдору менен атасынын мурутун сылап ойноп
отурган бир жашар баланы 18 жылдан кийин, апрелдин жетисинде бул өмүр менен кош айтышат деп анда эч
кимдин оюна келбегендир. “7” деген сан Эгемен үчүн каргашалуу сан болуп калаарын анда ким ойлоптур.
“Той болоор, тойдун эртеси да болоор” дегендей Азат менен Айжамал ата-бабадан келеаткан жөрөлгөнү
жасап уулунун тушоосун кесип өздөрүнун жакын –санаалаштарына кичинекей той беришти. “Жетим өз
киндигин өзү кесет” деген сөздүн да чындыгы бардай, Азат менен Айжамал экөөндө тең экөөнү колдонбуттан алып колдоп кетчү төркүн да тууган да жок. Азаттын эжеси Бермет бар болгону менен көп деле
инисине каралаша албайт. Анткени күйөөсу Темир кара мүртөс, мерезирээк адам, кабагы ачылып көп киши
менен сүйлөшө бербейт. Өздөрү элдин алды болуп жакшы турушса дагы, дүйнөну көрүнө ала кетчүдөй
болуп, акчанын кулу болуп калгандай. Күйөөсүнүн сырын түшүнгөн Бермет деле анын оюу менен болуп,
баарына моюн сунган. Же мени көтөрө турган ата-энем болбосо, жалгыз иним Азаттын колунан эмне келет
эле, “таш түшкөн жеринде оор” дейби, айтор өзүнүн оюн деле күйөөсүнө ачык айта албайт.
Ал эми Айжамалдын каранган-карманган жалгыз таэнеси Азат менен Айжамал баш кошкондон кийин эле
көп узабай каза болгон. Айжамал өзүнүн апасын сүрөттөн гана көргөн, таэнесинин айтканы боюнча апасы
Чүй тарапка турмушка чыккан экен. Биринчи Айжамалды төрөп, андан кийин удаа эле экинчи жылы да
бойунда болуп, төрөтү катуу болуп, “аялдын бир ажалы төрөттөн” деп айтылгандай, төрөттөн көз жумуптур.
Төрөгөн уул баласы да чарчап калган экен. Айчолпондой кызынан ажыраган таэнеси “кичинекей
Айжамалды мен эле багып чоңойтойун” деген оюн айтса күйө баласы деле каршы болбоптур. “Башында ай
сайын каттап, келип-кетип турчу, андан кийин эле такыр дайыны билинбей кетти,” – деп таэнеси эскерип
калчу эле. Аны укканда Айжамал “ушул күнгө чейин кызым бар эле” деп бир эскерип келип койбогонуна
атасына ичинен таарынып калчу. Таэнесинин көзү өткөндөн кийин таякелери деле көп катышпай калышты.
“Мени жарык дүйнөгө жараткан атам мен жөнүндө кабар алгысы келбегенден кийин, таякелериме эмнеге
таарынат элем. Ар кимдин өз жашоосу өзүнчө өтө берет тура. Андан көрө күйөөм менен ынтымактуу
жашап, очор-бачар болсом экен, көп бала төрөсөм экен, мага окшоп жалгыз болбой, балдарым бир-бирине
караан-бутак болсо экен,” – деп кыялданчу Айжамал.
***
Күн артынан күн агылып, ай артынан ай жаңырып, арадан үч жыл өттү. Бул мезгилдин аралыгында
Айжамал өзү кыялында ойлогондой болуп, Эгемендин артынан эки кыздуу болушту. Биринин атын Айзада,
экинчисинин атын Нурзада койушту. Нурзада төрөлгөндө Эгемен төрткө, Айзада болсо экиге жаңы эле
толгон эле. Эгемен абдан жароокер бала болду. Кичинекей болсо да кишинин оюн айттырбай сезип,
колунан келбесе да тырмалап жардам бергенге аракет кылчу.
Эгемендин кичинекей кезиндеги жоруктарын эстегенде Азат менен Айжамал дайым күлүп калышаар эле.
Ооба, ал күнү Нурзаданы жаңы төрөп, төрөт үйүнөн чыгып келип үйдө Айжамал аны эмизип отурган.
Аңгыча эле кичинекей кызы ээмп атып эле, “бырт-бырт” эттирип атты. Биротоло эмизип бүтүп карайын деп
Айжамал да отура берди. Бир маалда эле Эгемен келип, жеңинен тарткылайт, караса кумган көтөрүп
келиптир. “Быйтылдатып атпайбы, жуубайсыңбы!” – деп коёт.
- Акылыңан сенин, ушул балам багат го бизди, - деп Айжамал баласынын кылыгына анда абдан ыраазы
болгон.
Нурзада төрөлгөнү Азаттын үйүндө дагы бир ыңаалаган наристенин үнү угулуп, жаш жубайлардын түйшүгү
мурдагыдан да көбөйгөнсүй түштү. Баланын жыты кандай керемет! Канча уйкудан калып, канча чарчаса да,
Айжамал балдарынын күлкүсүнөн, жытынан кубат алып, таңдын атканынан күндүн батканы бат сезилип,
энелик бактысы чексиз болуп жүрдү. Азат болсо үй-бүлөсүнө мурдагыдан да камкор мамиле кылып, эртеден
кечке устачылык менен алек болот дагы, кечинде бошогондо Эгеменди эркелетип, эки кызын бооруна
кысып көтөрүп, Айжамалга да кол кабыш кылып жардамын аябайт. Ошентип жүрүп, Нурзада бир айга
толгондо катуу ооруп калды, эти ысып, жөткүрүп жөтөлө баштады.
- Эгемен менен Айзаданы бир жашка чейин оорутпай чоңойттум эле, эмне болуп оорутуп алдым, - деп
Айжамал күйпөлөктөп жатты.
- Мен Бурул эжени чакырып келейин, ийне сайдырып же дары беребизби кеңеш сурабасак болбойт го.
Ымтырап жаткан кызын бир карап алып, Азат эшикке жөнөдү.
Бурул эже айылдын дарыгери, чоң киши ооруйбу, же кичине бала ооруйбу, баарын эле өзү карап, дары
жазып берет, дарыны да өзү сатат. Айылдагылардын деле көбүнүн иштеген жумушу жок, ооруп калышса
“көз догдур, кулак догдур” деп ар бир догдурга өзүнчө көрүнгөндөй деле шарттары жок. Бурул эженин
берген дарыларын ичип Кудайдын көзү түз болуп, жакшы айыгып кетишет. Дары-дармек жардам
бербегендери шаардан дарыланып келишчү.
Эшик “кыйч” деп ачылып Бурул эже анын артынан Азат кирип келди.
- Суук тийип калган тура, жылуулап кармап, кашык менен кайнак сууну көбүрөөк ичиргиле. Анан бул
дарыларды берсеңер бат эле жакшы болуп кетет. Көп санааркабагыла, Кудай сактасын – Бурул эже
жооткотуп, сүйлөп, сумкадан алып чыгып дарыларын берип кетти.
Үч маал дарысын берип, догдурдун айтканын жасап, Айжамал Азат экөө кызын карап эле чебеленип
жатышты. Күндө эртең жакшы болуп калар деген үмүт менен жүрүшүп бир жума өтүп кетти. Нурзаданын
абалы күндөн-күнгө оорлой баштады.
- Дарылар такыр жардам берген жок, карачы, бүгүн таптакыр эле ымтырап көзүн ачпай калыптыр, эмизейин
десем энтигип, эмгенге да алы жок. Азат, эмне кылабыз? – Айжамал букулдап ыйлап кирди.
- Борборго алып барбасак болбойт, мен азыр таксиге сүйлөшүп келейин. Ыйлабачы, Айжамал, андан көрө
баланын ороо-чулгоосун камдап даяр тур. Биз келгиче Эгемен менен Айзаданы Жыпар эжеге сүйлөшсөң
карап турсун.
Шаарга жеткиче Айжамалдын оюу онго, санаасы санга бөлүндү. “Эмнеге үйгө кармап туруп алдым,
эртерээк эле шаардык ооруканага алып барганга аракет кылсак эмне, балабызды зыян кылып албагай элек.
Айылда калган эки балам эмне болот, экөө тең кичине да, кечинде “Ата, апалап” ыйлап уктабай Жыпар
эженин да азабын колуна берет го. Андан көрө, Келдибек байке соо келсе экен кечинде, ал ичип алып келип
бакылдаса, балдарымдын жүрөгү түшпөгөй эле.
Балдар ооруканасынын кабылдамасында көзүнүн үстүн көгөртүп боёп алган, ак жуумал татынакай келин
отурган экен.
- Сиздер айылдан келдиңиздерби? Вы должны были прийти с направлением. Есть у вас направление? – деп
жарым-жартылай орусча сүйлөп Азатка карады.
- Биз аны билген жокпуз. Кызыбыздын акыбалы начар, көзүн ачпай эле алсырап калганынан шашып эле
биякка жөнөбөдүкпү.
- А свидетельство о рождении ребёнка тоже не имеется да?
- Жок, ал деле ойго келбептир карындаш айланайын, кызымды тезирээк жайгаштырчы, мен кайра эле
айылга чаап барып, направлениесин да, метиркесин да апкеле калайын.
- Вот, начинается, айланайын-майланайын, такыр түшүнбөйсүңөр, у нас тоже есть свои правила, мен кабыл
ала албайм, я ничего не знаю.
Сөзгө Айжамал аралашты:
- Чоң кыз, бир жакшылык кылып койуңузчу, биз тезирээк догдурга көрүнүп керетүү ийнесин сайдырбасак,
кызыбыздан айрылып калчудайбыз. А тийиштүү кагаздарынын баарын сөзсүз даярдап беребиз. Ишениңиз
бизге! – Айжамал ыйлап жиберди.
- Ничем не могу помочь. Кто следующий?
Бул келиндин кеп укчу түрү жок, үнү кескин чыкты. Азат шалдая түштү.
- Иним, биякка келсең – деген үндү угуп, артын карады.
Жашы элүүлөрдү чамалап калган кара тору, көзү бакырайган киши кол жаңсады.
- Акчаң барбы, иним? Сен муну менен антип сүйлөшпөй эле чакырып туруп халатынын чөнтөгүнө акча
салып койсоң эле иштин бүткөнү. Тийиштүү жерге жаткырат.
- Коюңузчу, байке? Акчаны албай мени колго түртүп, уят кылсачы?
- Ха-ха-ха, - тигил киши каткырып жиберди, – сен эмне, тоодон түшкөнсүңбү? Азыр иштин баары акча
менен бүтүп калган, “Пулуң болсо кулуң болом” деген заман азыр. Уялып атсаң, мен ортого түшүп берейин.
- Жок, байке уялган деле жокмун. Кызым үчүн баарына даярмын. Бул келиндин аты ким?
- Аты “Гүлбүбү”. Бирок азыр “Гүлбүбү, Гүлнар” аттуунун баары эле Гуля болуп алган. Гуля буга шоколад
алып жеп койчу деп эле чөнтөгүнө салып кой. Анан унутпа, кызыңды дарылаган дарыгерди өзүнчө ыраазы
кыласың. Ошондо жакшы карайт. Аялым, анан неберем көп ооруп далайды көргөн үчүн айтып атам. Мени
туура түшүн.
- Рахмат, байке!
Азат тигил кишинин айтканын жасады. Чөнтөгүнө акча түшкөндө сурданып аткан Гулянын өңү өзгөрүп,
жумшак сүйлөп баштады.
- Мен азыр сиздерди Гүлбарчын Исаевна деген жогорку категориядагы врач эжеге жиберем. Она у нас врач
с большим стажем. Бат эле жакшы болуп кетесиздер!
Дарыгер жазып берген дарыларды алганы келип Азаттын үрөйү учту: “Эмне деген кымбат дарылар, катуу
ооруп келген киши акчасы жок болсо, жөн эле ажалдан мурун өлчүдөй тура.” Азат бушайман болуп жатты.
Айжамал тыңыса кызыма жентек берсем деп сары майдай сактап, анча-мынча устачылык кылып чогултуп
жүргөн миң сомуна эчтеке келбейт турбайбы. Айылда болсо миң сомум бар дегенчелик кылып, көңүлү ток
жүрбөдү беле?
Азаттын акчасы эки күнгө жеткидей эле дарыга жетти. Шаша-буша дарыларды Айжамалга жеткирип берди
да:
- Буларды азырынча сайдырып тур. Мен дагы азыр дары алып келип берем – деп башка сөз айтпастан көзүн
ала качты да чыгып кетти.
Азат ооруканадан түз эле бет алдыны көздөй шашыла басып баратты. Кайсы тарапка багыт алганын өзү да
түшүнгөн жок. “Акчаны кайдан табам” деген гана ой мээсин жеп жатты. Кичинекей кызынын кер сары
болуп кыйналган өңү, Айжамалдын: “Эптеп бир айла кыла көр, Азат,” – деген үмүттүү көз карашы гана көз
алдына тартылып турду.
“Айылга барып, уюмду сатсам, бирок аны ким алат, айылда деле азыр акча табыш кыйын, мен аны саткыча
эки-үч күн өтүп кетет, акчаны шаардан издеш керек. Шаарда ким бар? Же тууган жок, же тааныш жок.” деп ойлонуп келе атып Азаттын оюна классташы Бектур келе калды.
Ооба, өткөндө классташтар он жылдыкка чогулганда Азат классташтарына бир козусун союп коноктободу
беле? Ошондо Бектур дарегин таштаган, ал шаарда өзүнчө дүкөн ачып иштетип атканын айтып мактанган.
Азат төш чөнтөгүнө кол салып блокнотун сууруп чыкты. “Кудай жалгап, блокнотум жанымда тура.”
Блокноттогу дарек боюнча Бектурдун үйүн бат эле таап барды. Кирпичтен салынган заңгыраган эки кабат
үйдүн жанына келип, кызыл дарбазанын коңгуроосун басты. Дарбазанын эшигин кичинекей кыз ачты.
Босогону аттаганда эле кобур-собур үндөр чыгып, бака-шака түшүп, үйдө коноктор бар экени билинди.
Бектур Азат менен учурашты да:
- Ниетиң түзүк экен, үйдө конокторум бар, жүрү чогуу отур! – деди.
- Жок, Бектур мен шашылышмын, келген жумушумду айтып алып эле ушу жерден нан ооз тийип алып кете
берейин.
- Ошондой да болмок беле, мен темир тулпарлуу болдум, жакшы санаалаш өңчөй бизнесмен досторум
менен ошону майлап отурабыз. Кирбесең болбойт. – Бектур бакылдап кызуу экен, болбой түрткүлөп
Азатты конок үйгө кийирди.
Үйдүн ички жасалгасын, дасторкондун үстүндөгү дүйүм тамактарды, Бектурдун шаардык аяштарын көрүп,
Азат сүрдөй түшүп, коомай гана четки бош орундукка көчүк басты.
- Бул менин айылдан келген классташым. Аты Азат. Мектепте биздин класста эң жакшы окуган бала болчу.
Баарыбыз Азаттын артына отуруп алып, дептерин көчүрчүбүз. Эжейлердин баары Азатты жакшы көрчү.
Мени болсо: “Мамбеталиев, сен бул түрүң менен алыс бара албайсың, сабак окубайсың, киши болбойсуң!” –
деп урушушчу. Кудайга шүгүр, киши болуп эле ушул даражага жеттим.
Коноктор уу-дуу болуп күлүп жатышты. Баары орто кызуу болуп калган экен, биринен-бири сөз талашып,
көбүнчө орусча сүйлөп жатышты. Азаттын эси ооп отурду: “Ооруканада деле, дарыкана да деле, автобуста,
жада калса бул Бектурдун үйүндө да кыргыздар эмне болгон, кыргыз менен кыргыз эмнеге орусча
сүйлөшөт? Эне тилинде сүйлөгөн уят болуп калганбы? Кечөө эле айылда чүкө ойноп чогуу чоңойгон Бектур
деле орусча сүйлөп калыптыр да.”
Ал астына куюлган бир чыны чайды бат-бат ууртап түгөтүп кеткенче шашты. Үйгө киргенде эле Бектурдун
аялы Динаранын кабагы бүркөлүп, “бул кайдан келип калды” дегендей жактырбаган түр көргөзгөн. Азаттын
үстүндөгү жупуну кийиминен аяштарынан уялгансып, текебер менменсиген көз караш менен карап турду.
Азаттын үйүнөн бир кезде сыйын көрүп кетсе да ал-жайын сураганга жараган жок. Аңгыча коноктордун
бирөө ордунан туруп:
- Бектур, дөөтүң кут болсун! Сеникиндей жакшы машинага көрүндүктү момундай кылып доллар менен
бериш керек! – деп 100 доллардык акчаны сунду.
Азат доллар акчаны өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. “Ии, эми ырас Бектурдан акча чыгат экен” деп ичинен
сүйүнүп кетти.
Бектур эшикке узатып чыкканда, келген максатын түшүндүрдү эле, эми эле бакылдап күлүп-жайнап аткан
классташы үтүрөйө түштү.
- Азат, мага кошумчага түшүп аткан акчаларды мен кайра эле эртең керектейм. Машина алам деп бир аз
карыз болуп калдым, ошону беришим керек. А дүкөндөнүмдөн түшкөн акчаны кайра эле дүкөнгө жумшап
турам, антпесе болбойт. Таарынба, досум! – деди Бектур.
Шагы сынып, шаабайы сууп эмне кылаарын билбей делдирей түшкөн Азатты көрүп Бектур:
- Коё турсаң, азыр бир айласын табалы? Бул жерде бир кошуна эже бар, үстөккө акча берет. Эгер сен макул
болсоң, мен ошол эжеден сурап берейин, - деди.
- Үстөгүң кандай? – Азат суроолуу карады.
- Үстүнө акча кошуп бересиң, мисалы 1000 сом алсаң, үстүнө дагы 200 сом кошулат. Сага канча керек эле?
- “Балаңдын дарты өтүшүп кеткен, өпкөсүнө катуу суук тийген, бир же эки ай дарылайбыз, көп күчтүү
дарылар куюлат,” – деди догдур. Мага бир он миңдей керек болот го. Дарылар аябай кымбат экен.
Бектур өзүнүн үйүнүн маңдайындагы үйгө кирип тез эле чыкты:
- Мынакей, сен сураган акча. Бир айдын ичинде бергидей бол. Антпесе үстөгүңдүн үстүнө дагы акча
кошулат.
Колуна акчаны алып жатып Азат сүйүнүп кетти:
- Мен буюрса айга деле жеткирбей берем. Рахмат, Бектур, бул жакшылыгыңды эч качан унутпастырмын.
Акчаны бекер таап алгандай болуп кубанган Азаттын жонунан тер кетти,-ал ичинен Бектурга абдан ыраазы
болуп жатты: “Өзү ортого түшүп, акча алып бергенине рахмат, болбосо бул чоң шаарда мени ким таанып,
ким мага акча берет эле. Тезирээк барып, дарыларды алайын”-деп ойлоп Азат дарылардын аттары жазылган
кагазын чөнтөгүнөн издеди да, курткасын шашып атып кийбей чыкканын эстеди. Улагадагы бөлмөгө
курткасын илип кирбеди беле, Азат кайра артын көздөй жөнөдү. Дарбазаны Бектур ачык бойдон эле
калтырыптыр. Оозгу бөлмөгө баш баккан Азат, Бектурдун аялы менен сүйлөшүп жатканын кулагы чалып
калды.
- Зачем он приходил сюда? Деньги что ли просил?
- Ооба, кызы ооруп атыптыр. Мен арткы кошунанын үйүнөн сурап берейин демиш болпуп, өзүбүздүн эле
акчадан 10 миң сом бардим. Үстөгү менен кошуп бересин дедим. Эмне бир айда 10 миң сомуңа өзүнөн-өзү
эки миң сом кошулуп калса жаманбы экөөбүзгө? – Бектур корстон болуп каткырды.
Азыр эле кубанып тердеп чыккан Азаттын үстүнө бирөө бир чака суу куюп ийгендей болуп ичиркенип
кетти, акырын курткасын алып шашыла чыга жөнөдү.
Ар дайым түз жүрүп, калп айтканды жаман көргөн Азат эс-мас болуп баратты. “Оо, Кудай адамдар эмне
мынча эки жуз, кошоматчы, калпычы болуп бараткан? Карызга бере албайм, соодада достук жок дейт, үстөк
кошуп бер деп ачык деле айтса болмок да? Бул эмне деген шумдук? Бүгүн аябай оор күн болду го?
Мейличи, эмне болсо да Нурзадам айыгып кетсе бул күн деле бир жаман түшүмдөй болуп унутулаар”
Ар кайсы ойду ойлоп, бушайман болгон Азат ооруканага кантип жеткенин да сезбей калды. Кызына
керектүү дарылардын баарын алып, Айжамалга тапшырып айылга сапар тартты.
“Ата” деп астынан тосуп чуркап чыккан Эгемендин бетинен өөп, кызы Айзаданы так көтөрүп ала койгон
Азат балдарынын кубанып аталаган үнүнө балкып, бир күн кечке көргөн ызасын, жол жүрүп кыйналып
талыкшыган денесинин оор болуп турганын, деги койчу бардык кыйынчылыктарын бир азга болсо да унута
түшкөндөй болду.
Бала тили бал да, экөө чурулдап улам бирдемелерди айтып, атасына эркелеп жатышты.
- Ай, коё турсаңар кичине, атаңар чай ичип алсын ,жол жүрүп келди, Азат, чайга кара- деди Жыпар.
Сүттөп куюлган булоологон ысык чайды, көмөч казанга бышкан нанды көргөндө Азат курсагынын ачканын
эми билди.
- Шаардын догдурлары эмне дешти? Көпкө жатып калчудайбы? Деги жакшы карашат бекен? Жыпар үстүүстүнө суроо жаадырып жатты.
- Бир айдан ашык жатып калчудай болуп атат, өпкөсүнө суук тийип өтүшүп кетиптир. Дарылар да кымбат
экен. Эртең уйду мал базарга алып чыгып, сатып, тыйын-тыпыр камдабасам болбой калды. Сизге чоң
рахмат, Жыпар эже эки балабызды, мал-жанды карап турганыңызга. “Жакшы кошуна туугандан артык”
деген сөз деле ушундай убакта айтылса керек.
- Эчтеке эмес, мындай да бир-бирибизге каралашпасак, анда эмнебиз кошуна? Кичинекей кызыбыз жакшы
болуп кетсе эле болду, олжобуз эле ошол. Эртен мал базарга барган атсаң балдарды биздикине эле коётур.
Сен келгиче карап берем, - деп Жыпар оозун жыя электе эле тыштан Келдибек кирип келди.
Адатынча дагы кызуу экен.
- Оо, Азатым келип калган тура. Чүрпөң жакшыбы деги айланайын?
Келдибек орто кызуу болсо да ал-жайды сурап жан-алы калган жок.
- Азатбай, мени кечирип кой, сен өзүң ичпеген жигитсиң. Мен деле ичпей эле коёюн дейм, кайра эле болбой
ичип алам балакет баскырды. Анын үстүнө айылдагы эркектер баарыбыз эле жумуш жок эртеден-кечке
эрмегибиз карта, анан бир-бирибизди тоорумай.
- Анан тоорушканда көргөзбөй бир чака картошканы аракка алмаштырмай да ээ?- деп Жыпар Келдибектин
сөзүн ортодон бузуп какшыктай сүйлөдү.
- Болдучу, байбиче ачууланбачы, андан көрө менден каткан акча-тыйындан болсо Азатка берсенчи, кайра
шаарга барганда Айжамалга чай-чамек ала барсын.
- “ Жок, эчтекенин кереги жок убара болбогулачы “- деген Азаттын сөзүн укпастан, Жыпар ордунан туруп
идиш-аяк койгон үкөктүн ичинен чайнекти алып чыкты. Чайнектин ичинде жүз аарчыга оролгон, бүктөлгөн
кагазды ачты эле, анын ичинде болгону 200 сомдук бир кагаз бар экен.
- Оо-ой, менин байбичем жөн эле бул 200 сомду жомоктогу Кащейдин жүрөгүн каткандай эле каткан тура.
Үкөк-үкөктүн ичинде чайнек, чайнектин ичинде- жүз аарчы, жүз аарчынын ичинде кагаз- кагаздын ичинде
анан акча.
- Антип катпасам сен таап аласын да- деп Жыпар да күлүп жиберди.
- Мен эми сенин каткан жериңди, билип алдым- деди Келдибек.
- Мен эмкиде өзгөртүп башка жакка катам. Дагы ушул акчанын болуп калганы жакшы болбодубу?
- Ушундай эле сарамжалдуу байбичем бар да- деп Келдибек бажалактап акчаны Азатка сунду. Оокат-жайы
жупуну болуп жашашса да, берерге ашын таппай, бир тууган ага-жеңесиндей болуп өнтөлөп, акыркы
акчасын каткан жеринен алып чыгып, эч жакшылык аянбай турган бул кошуналарынын пейилин көрүп,
Азат шаарда чөнтөгүндө тутамдап акча салып журуп да пейили тарып калган Бектур менен Динаранын
жүздөрүн элестетип салыштырып отурду.
Эртеси Азат таң куланөөк салганда эле туруп алып, уюна кошуп койлорун да саткандын камын көрө
баштады. Тилекке каршы, бешинчи күн дегенде араңдап атып өзү сураган баадан арзан өткөрүп, колуна
тийген акчаны алып шаарга жөнөдү. Биринчи эле барып Бектурга карызын берип кутулууну ойлоду да,
кайра кызынан санаасы тынбай оорукананы көздөй багыт алды.
Оорукананын босогосун аттаганда эле Гүлбарчын Исаевна алдынан күтүп турган немедей эле тосуп алды.
- Саламатсызбы, эже? Кызым кантип калды?
- Кызың жакшы кудай буюрса, күндөн-күнгө жакшы жылыш болуп жатат. Ал эми аялын болсо...ал өзү
ооруп калды. Бул катты күйөөмө келсе берип коюңуз деди эле- деп дарыгер аял катты сунду.
“ Азат, кызыбыз катуу ооругандан баштап эмчекти такыр эме албай атпады беле, сен кеткенден кийин эле
эмчегим ооруй баштады. Сүтүн саасам да болбойт. Эки күндөн бери этим ысып такыр колдорум көтөрүлбөй
калды. Сени күтүп атып бүгүн операцияга кирүүгө аргасыз макул болдум. Күйөөм келгенде операцияга
кеткен бардык чыгымдарды төлөп берет дедим. Башка айла калбады. Сен эми Нурзаданы жакшы карасаңдеп жазыптыр Айжамал.
Азат дегдеңдеп шашкан бойдон хирургия бөлүмүн көздөй чуркады. “ Мына, тагдырдын тамашасы, бечелге
жөтөлдүн кереги эмне “ дегендей, карасан эми кызымдын ооруганы аз келгенсип, Айжамалда ноокастап
калганын. “Какаганга муштаган” деген ушул да. Эми эмне болот?- деген ойлорго чөмүлгөн Азат,
Айжамалды операция кылган дарыгерге жолукту.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ата Конуш - 2
  • Parts
  • Ата Конуш - 1
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2054
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 2
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 2017
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    52.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 3
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2084
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    52.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 4
    Total number of words is 4141
    Total number of unique words is 1972
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 5
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2004
    33.2 of words are in the 2000 most common words
    45.6 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 6
    Total number of words is 4103
    Total number of unique words is 1927
    32.7 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 7
    Total number of words is 4206
    Total number of unique words is 1987
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    46.3 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ата Конуш - 8
    Total number of words is 3488
    Total number of unique words is 1783
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    46.4 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.